Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXXV сессиясынын отурумунун 

 

     ТОКТОМУ                                

     2024-жылдын 26–июну             № 35/1                                 Өзгөн шаары

Өзгөн шаарынын 2024-2026-жылдарга карата социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасынын долбоорун бекитүү жөнүндө

 

         Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына жана Өзгөн шаардык кеңешинин 2024-жылга карата бекитилген иш-планына ылайык        Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана финансы боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларынын 2024-жылдын 15-апрелиндеги биргелешкен отурумунун №3 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,

                             

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Өзгөн шаарынын 2024-2026-жылдарга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасынын долбоору шаардык кеңештин депутаттары тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен бекитилсин (программа тиркелет).
  2. Программада белгиленген милдеттерди аткарылышын камсыз кылуу жана Өзгөн шаардык кеңешине маалымат беруу жагы  Өзгөн шаарынын мэри З.Каримовго милдеттендирилсин.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» жана «Бюджет, салык жана финансы боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

                      Төрага                                                        А. Хасанов

 


 

Өзгөн шаардык кеңешинин

2024-жылдын 26-июнундагы

№35/1токтомунун

1- тиркемеси

Өзгөн шаарынын 2021-2026–жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү Программасы

 

Иш-чаралардын аталышы

Каражат булагы

Керектелүүчү каражат млн.сом

 

 

                    Аткаруу мөөнөтү

2021-жыл

2022-жыл

2023-жыл

2024-жыл

2025-жыл

2026-жыл

 

Күтүлүүчү натыйжа  индикатору

Жооптуулар

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

1.1

Шаардык  ички дүң продукцияны 3,0%  кем эмес өстүрүү: анын ичинде

Бюджет,

Өздүк салым, Инвестор

Каржылоого каралган суммада

105,5

105,7

105,9

106,1

106,3

106,5

Өнөр жайы ФКИ;

Өзгөн шаардык мэриясы, экономика бөлүмү

104,1

104,6

104,8

105,3

106,9

107,9

Инвестиция өсүү темпи

104,4

104,5

104,6

104,7

104,8

104,9

Рыноктук  кызматтын өсүү темпи

1.2

Салык базасын кеңейтүү жана салыктык төлөмдөрдүн толук кандуу түшүүсүн калкка кызмат көрсөтүүнүн ыңгайлуулугун камсыз кылуу

Жергиликтүү бюджет

Каржылоого каралган сумма

98175,5

100757,0

139714,2

168208,2

173394,9

175294,9

Салык базасын 3% кем эмес өсүүсү камсыздалат

Өзгөн шаар мэриясы, экономика бөлүмү

1.3

Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн 2 пайызга өстүрүү

Жергиликтүү бюджет

Каржылоого каралган сумма

2,6

4,6

6,6

8,7

10,7

12,7

Шаардын бюджетинин киреше бөлүгү көбөйөт

Өзгөн шаар мэриясы, экономика бөлүмү

 

А. Өнөр жай

1.1

“Өзгөн Дан-Азык” АКнун базасында

-майдаланган жем чыгаруу (гранула) иштетүүчү цех куруу

Жеке ишкер, Инвестор

2500,0 миң сом

 

 

 

 

 

2500,0 миң сом

 

 

 

Бюджеттин кирешеси көбөйөт, жаңы жумушчу орундар түзүлөт

Өзгөн шаар мэриясы “Өзгөн Дан-Азык” АК

 1.2

-күрүчтү кайра иштетүүчү акжуваз куруу;

Инвестор

3000,0 миң сом

 

 

3000,0 миң сом

 

 

 

Жумуш орундары  түзүлөт

Жеке ишкерлер

1.3

“Өзгөн Таза суу” муниципалдык ишканасынын  суу топтоочу (водазабор) “Мазар булак” аталышындагы  таза ичүүчү суу чыгаруучу линияны ишке киргизүү

“Өзгөн таза суу” муниципалдык ишканасы,

Инвестор

 7000,0 миң сом

 

 

 

 

 

7000,0 миң сом

Бюджеттин кирешеси көбөйөт, жаңы жумушчу орундар пайда болот

Өзгөн шаар мэриясы,“Өзгөн таза суу” муниципалдык ишканасы

1.4

Өзгөн шаарынын аймагында металлопластикалык эшик терезелерди жасоочу кичи ишкана ачуу

жеке ишкер

3000,0 миң сом

 

 

 

 

3000,0 миң сом

 

Бюджеттин кирешеси көбөйөт, жаңы жумушчу орундар пайда болот

Өзгөн шаар мэриясы,   жеке ишкер

1.5

Чакан соода түйүндөрүн, тамактануучу жайларды, акы төлөп кызмат көрсөтүүчү, тейлөөчү жайларды, чакан цехтерди ачуу

Жеке ишкерлер

30000,0 миң сом

7500,0 миң сом

7500,0 миң сом

4000,0 миң сом

10000,0 миң сом

10000,0 миң сом

5000,0 миң сом

Бюджеттин кирешеси көбөйөт, жаңы жумушчу орундар түзүлөт

Өзгөн шаар мэриясы,

жеке ишкерлер

 

Бардыгы

 

45500,0 миң сом

7500,0 миң сом

7500,0 миң сом

9500,0

10000,0 миң сом

10000,0 миң сом

220000,0

   
 

Өздүк салым

 

33000,0

7500,0 миң сом

7500,0 миң сом

4000,0

20000,0 миң сом

27000,0 миң сом

30000,0

   
 

Инвестор

 

12500,0

   

5500,0

30000,0

 

7000,0

   

Б. Социалдык обьекттер

2.1

Имам Сарахсийдин күмбөз комплексинин курулушун  аягына чыгаруу

Инвестор, “Дианет” коомдук фонду

17500,0 миң сом

17500,0 м.с

 

 

 

 

 

Туристердин уюшулган келүү агымы жана жергиликтүү бюджеттин киреше көлөмү көбөйөт

Өзгөн шаар мэриясы,

Сырткы инвесторлор

2.2

«Жаңы-Өзгөн» аймагына 500 орундуу жаңы орто мектептин имаратын куруу

Республикалык бюджеттен

65000,0 миң сом

м.с.

м.с.

1000,0

 

100,1

30000,0

34000,0

 

Мектеп жашындагы балдардын билим алуусуна шарт түзүлөт

Өзгөн шаар мэриясы, МММБ департаменти, ШББ

2.3

Ленин атындагы №2 орто мектебин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү

Респ бюджет

15000,0 миң сом

 

 

170,1

 

6000,0 м.с.

7000,0 м.с.

Мектептин имараты заман талабына ылайык оңдоодон өтөт,  окуучулардын билим алуусуна жагымдуу шарт түзүлөт

Өзгөн шаар мэриясы, МММБ департаменти, ШББ

2.4

Өзгөн шаарынын аймагына 3 МЧББ уюмунун имаратын куруу

Жергиликтүү бюджет

 

 

 

 

 

 

 

Өзгөн шаарынын аймагындагы мектепке чейинки курактагы балдар МЧББ уюму менен камсыз болот

Өзгөн шаар мэриясы, ККБ, ШББ

2.5

Жаңы Хаят аймагына 750 орундуу мектеп куруу

Респ бюджет

 

 

 

 

 

 

 

Мектеп жашындагы балдардын билим алуусуна шарт түзүлөт, мектеп менен камсыз болот

Өзгөн шаар мэриясы, ККБ, ШББ

2.6

Ай шооласы, Булбулча МЧББ уюмдарын капиталдык оңдоодон өткөрүү

Респ.бюджет

Долбоорлор аркылуу

Жергиликтүү бюджеттен

 

 

 

 

2278

 

650,0

 

 

 

МЧББУ имараты заман талабына ылайык оңдоодон өтөт,  балдардын тарбия  алуусуна жагымдуу шарт түзүлөт

Өзгөн шаар мэриясы, ККБ, ШББ

2.7

С.Шарипов атындагы №1 орто мектебин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү

Респ бюджет

15000,0 миң сом

 

 

2111,7

 

8000,0

7000,0

 

Мектептин имараты заман талабына ылайык оңдоодон өтөт,  окуучулардын билим алуусуна жагымдуу шарт түзүлөт

Өзгөн шаар мэриясы, МММБ департаменти, ШБББ

2.8

Амир Темур атындагы №5 орто мектебинин аймагына МЧББ

-ТПнын айланас тосмоло

Жерг.бюджет

20000,0 миң сом

10000,0 м.с

10000,0 м.с.

134,0

96,2

5998,8

 

 

 

Өзгөн шаарынын аймагындагы мектепке чейинки курактагы балдар МЧББ уюму менен камсыз болот

Өзгөн шаар мэриясы, МММБ департаменти, ШБББ

2.9

Маданият үйүнүн тегерегиндеги скверди оңдоо

Жергиликтүү бюджет

2500,0 миң сом

2500,0 м.с

 

 

 

 

 

Шаар тургундары эс алганы жагымдуу шарттар түзүлөт

Өзгөн шаардык мэриясы

2.10

А. Темур метебинин долбооруна

 

Мектептердин стол стулдарын өңдөө

Жергиликтүү бюджет

 

Жергиликтуу

1300,0 миң сом

1300,0 м.с.

 

2000,0

544,0

 

2500,0

 

 

 

Мектеп окуучуларына шарт түзүлөт

Өзгөн шаардык мэриясы,

Шаардык билим берүү бөлүмү

2.11

Шаардык билим  берүү бөлүмүнө

Жергиликтүү бюджет

1507,0 миң сом

1507,0 м.с.

 

600,0

15000,0

3075,0

 

 

 

Мектеп жана бала бакчалардын шарттары жакшырат

Шаардык билим  берүү бөлүмү

2.12

Н. Азнабакиев паркын оңдоого

Инвестор аркылуу АРИС уюму

 

 

 

86000,0 м.с.

700,0

 

 

 

Шаар тургундарынын эс алуусу үчүн шарт түзүлөт

Инвесторлор, парктын кызматкерлери

 

Курманжан Датка орто мектебинин аймагына

 

 

 

0,0

8000,0 +5000,0

22000,0

 

 

 

 

 

Жаңы-Турмуш кварталында ленин мектебинин аймагына 100 орундуу бала бакча куруу

 

 

 

0,0

8000,0 +5000,0

22000,0

 

 

 

 

 

Байматов көчөсүндөгү балдар аянтчасын оңдоп түзөө иштерине жана оюн зоок сатып алуу

 

 

 

200,0

0,0

0,0

 

 

 

 

 

Ломоносов атындагы көчөгөо балдар ойноочу аянтча куруу

 

 

 

0,0

800,0

0,0

 

 

 

 

 

Таштак спорт клубун ондоо иштерине

 

 

 

0,0

1350,0

0,0

 

 

 

 

 

Бобур атындагы орто мектебине спорт зал куруу

 

 

 

0,0

3000,0

0,0

 

 

 

 

 

Орто-Коргон стадионун оңдоого

Инвестор аркылуу

АРИС уюму

 

 

 

86000,0 м.с.

 

 

 

Стадион заманбап болуп оңдолот, спортчуларга жакшы шарт түзүлөт

Өзгөн шаардык мэриясы,

Шаардык билим берүү бөлүмү

 

Бардыгы

 

157807,0

62807,0

55000,0

18000,0

7000,0

8000,0

7000,0

 

 

 

Республикалык бюджет

 

30000,0

 

 

8000,0

7000,0

8000,0

7000,0

 

 

 

Жергиликтүү бюджет

 

25307,0

15307,0

10000,0

 

 

 

 

 

 

 

Инвестор

 

    102500,0

47500,0

45000,0

10000,0

 

 

 

 

 

 

В. Инфраструктура жана ирригация тармагын өнүктүрүү

3.1

Шаардын инфраструктурасын жакшыртуу максатында ички  жолдорду асфальттоо.   (2021-2026-жыл ичинде)

 

Респ. Бюджет

 

 

 

48000,0

8000,0

8000,0

 

 

 

 

 

2300,0

 

8000,0

 

8000,0

 

8000,0

 

Шаардын инфраструктурасы жана автотранспорт каттамдарынын шарттары жакшырат

 

МММБ Департамент

3.2

Шаардын аймагындагы ички чарбалык жолдорго жылына

3-4 км жолдорду асфальттоо

Жерг. Бюджет

87100,0

20000,0

15500,0

19600,0

12000,0

10000,0

10000,0

Шаардын инфраструктурасы жана  автотранспорт каттамдарынын шарттары жакшырат

Өзгөн шаар мэриясы, МММБ департаменти

3.3

Шаарды айланып өтө турган жолдун курулушун КРӨнүн программасына киргизүү

Респуб.

Бюджет

100000,0

 

 

50000,0

50000,0

 

 

Шаар аркылуу өткөн Ош-Бишкек трассасында автотыгын азаят, жол коопсуздугунун алдын алат.

КРнын транспорт жана коммуникация министрлиги

3.4

Шаардын ирригациялык тармагын жаңылоо

Жерг. Бюджет

13100,0

800,0

850,0

5200,0

900,0

850,0

900,0

Жолдордун асфальттык катмарынын жамгыр суудан  бузулуусу азаят

Өзгөн шаар мэриясы, МММБ департаменти

3.5

Жаңы калктуу конуштарга электр мамычаларын орнотуу жана шаардын көчөлөрүн түнкү жарыткыч менен камсыздоо

Жерг бюджет

12800,0

800,0

800,0

6000,0

800,0

800,0

800,0

Шаардын инфраструктурасы жакшырып, калкка ыңгайлуу шарт түзүлөт.

Өзгөн шаар мэриясы, МММБ департаменти

3,6

 

Өзгөн-Таза суу МИ Европа өнүктүрүү банкынын ортосундагы долбоорду ишке ашыруу

Инвестор

1111000,0

300000,0

350000,0

461000,0

 

 

 

Калк таза ичимдик суусу менен камсыз болот, канализация курулат

Өзгөн шаар мэриясы, “Өзгөн-Таза суу” МИ

2

Коопсуз шаар долборуна кошулууга (видеокөзөмөл орнотуу)

 

 

 

0,0

2000,0

0,0

 

 

 

 

 

Манас-Ленин атындагы көчөлөрдүн кесилишинен күн батыш карай жолго жөө жүргүнчүлөр жүрүүгө жол ачуу (Тратуар)

 

 

 

0,0

2000,0

0,0

 

 

 

 

 

Өзгөн шаардык милиция бөлүмчөсүнүн кызматчыларына камера планшет

 

 

 

1109,5

0,0

0,0

 

 

 

 

 

10 дана кубалык жана 10 дана 1 кубалык таштанды таштоочу контейнер сатып алуу (мектеп жана бала бакчаларга)

 

 

 

1000,0

0,0

0,0

 

 

 

 

 

КРнын Призидентинин тапшырмасынын негизинде беккари чункурун жасатуу

 

 

 

500,0

0,0

0,0

 

 

 

 

 

Проект смета даярдоого

 

 

 

2000,0

0,0

0,0

 

 

 

 

1.6

Шаардын аймагында 5тен кем эмес көп кабаттуу үйлөрдү куруу

Жеке инвесторлор аркылуу

725000,0 миң сом

 

 

145000,0 миң сом

145000,0 миң сом

145000,0 миң сом

290000,0 миң сом

Эл турак жай м енен камсыз болот

Жеке инвестор

 

Бардыгы

 

1351400,0

329600,0

375150,0

535600,0

71700,0

19650,0

19700,0

 

 

 

Респ. бюджет

 

148000,0

8000,0

8000,0

58000,0

58000,0

8000,0

8000,0

 

 

 

Жерг. бюджет

 

92400,0

21600,0

17150,0

16600,0

13700,0

11650,0

11700,0

 

 

 

Инвестор

 

1111000,0

300000,0

350000,0

461000,0

 

 

 

 

 

 

Г. Туризм тармагы боюнча

4.1

Өзгөн археологиялык музей комплексинин  курулушун  аягына  чыгаруу

Жерг. бюджет

700,0

 

700,0

 

 

 

 

Туристердин уюшулган келүү агымы жана жерг. бюджеттин киреше көлөмү көбөйөт

Өзгөн археологиялык музей комплекси

4.2

Өзгөн археологиялык музей комплексинин аймагына видео көзөмөл орнотуу

Жерг. бюджет

200,0

 

200,0

 

 

 

 

Музей комплексинин аймагында жагымсыз окуялардын алды алынат.

Өзгөн археологиялык музей комплекси

4.3

Өзгөн археологиялык музей комплексинин аймагына таза суу түтүктөрүн орнотуу

Инвестор

400,0

 

 

 

400,0

 

 

Туристтер үчүн шарт түзүлөт, таза суу менен камсыз болот.

Өзгөн-Таза суу МИ,  Өзгөн археологиялык музей комплекси

4.4

Түрдүү сегменттерге (мейманкана, кол өнөрчүлүк боюнча аянтча, конок үйү, сувенирлерди даярдоо, сатыкка даярдоо) эсептелген чакан обьекттердин курулушун кеңейтүү

Инвестор

5000,0

 

1000,0

1000,0

1000,0

1000,0

1000,0

Туристердин уюшулган келүү агымы жана жерг. бюджеттин киреше көлөмү көбөйөт

Өзгөн археологиялык музей комплекси, Ъзгън шаар мэриясы

 

Бардыгы

 

6300,0

 

1900,0

1000,0

1400,0

1000,0

1000,0

 

 

 

Жергиликтүү бюджет

 

900,0

 

900,0

 

 

 

 

 

 

 

Инвестор

 

5400,0

 

1000,0

1000,0

1400,0

1000,0

1000,0

 

 

 

Жыйынтык:

 

Жалпы суммасы

 

1561007,0

399907,0

439550,0

564100,0

84100,0

35650,0

37700,0

 

 

 

Республикалык бюджет

 

178000,0

8000,0

8000,0

66000,0

65000,0

16000,0

15000,0

 

 

 

Жергиликтүү бюджет

 

118607,0

36907,0

28050,0

16600,0

13700,0

11650,0

11700,0

 

 

 

Инвестор

 

1231400,0

347500,0

396000,0

477500,0

1400,0

1000,0

8000,0

 

 

 

Өздүк салым

 

33000,0

7500,0

7500,0

4000,0

4000,0

7000,0

3000,0

 

 

                                       


                                   

 

 


Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXXV сессиясынын отурумунун 

 

     ТОКТОМУ                                

     2024-жылдын 26–июну              № 35/2                            Өзгөн шаары

 

Н.Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын инфраструктурасын жакшыртууда жүргүзүлүп жаткан иштер

 

         Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына жана Өзгөн шаардык кеңешинин 2024-жылга карата бекитилген иш-планына ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын маалыматынын негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

       1.Н.Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын инфраструктурасын жакшыртууда жүргүзүлүп жаткан иштери жөнүндөгү комиссиянын маалыматы эске алынсын.

  1. Комиссиянын сунушунун негизинде аткарылган иштер боюнча шаардык кеңешке маалымат берүү Н.Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын директору Х.Курбановго милдеттендирилсин.
  2. Н.Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын жалпы инфраструктурасын жакшыртуу боюнча атайын иш-чара иштеп чыгып, аткарылган иштер боюнча шаардык кеңешке маалымат берүү жагы Өзгөн шаарынын мэри З.Каримовго тапшырылсын.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

                                Төрага                                             А. Хасанов

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXXV сессиясынын отурумунун 

 

                 ТОКТОМУ                                  

          2024 -жылдын   26 –июну       №35/3                        Өзгөн шаары

Өзгөн жашылдандыруу чарбасы муниципалдык ишканасынын

жүргүзүп жаткан иштери

 

        Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына жана Өзгөн шаардык кеңешинин 2024-жылга карата бекитилген иш-планына ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин “Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын маалыматынын негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

          1.Өзгөн жашылдандыруу чарбасы муниципалдык ишканасынын жүргүзүп жаткан иштери кетирилген кемчиликтерди эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.

  1. Өзгөн жашылдандыруу чарбасы муниципалдык ишканасынын жүргүзүп жаткан иштери боюнча депутаттар тарабынан айтылган сын-пикир, сунуштарды эске алуу жана жол коюлган кемчилдиктерди жоюу боюнча тиешелүү чараларды көрүү Өзгөн шаарынын мэри З.Каримовго тапшырылсын.
  2. «Өзгөн жашылдандыруу чарбасы» муниципалдык ишканасынын директору Н.Акматбек уулуна:

  - Өзгөн шаарынын социалдык–экономикалык жактан өнүгүү программасындагы иштерди толук жана өз убагында аткаруу;

 - көчө тазалоочулардын дислокациясын кайрадан тактап чыгуу;

- шаардын санитардык-гигиеналык абалын жакшыртуу боюнча иш-чара иштеп чыгуу;

 -ишкананын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүү;

  - көчө тазалоочулардын функционалдык милдеттерин аткарылышын дайыма көзөмөлдөө;

- жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерин жүргүзүүдө жаңы технологияларды колдонууну жолго коюу;

 - ишкананын Уставына ылайык алардын функционалдык милдеттерине кирген иштерди толук аткарууга жетишүү милдеттендирилсин.     

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча»  туруктуу комиссиясына тапшырылсын.                 

 

 

                                  Төрага                                                            А. Хасанов

 

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги

XXXV сессиясынын отурумунун 

 

         ТОКТОМУ                   

                           

     2024-жылдын    26 –июну             № 35/4                             Өзгөн шаары

 

Өзгөн шаарындагы А.Темур мектебинин базасында курулган “Айла” бала бакчасынын имаратына кошумча акча  каражатын бөлүп  берүү  жөнүндө

Өзгөн шаардык мэриясынын 2024-жылдын 9-апрелиндеги №01-9/355 сандуу катынын жана Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча»  жана  «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларынын 2024-жылдын 15-апрелиндеги  биргелешкен отурумунун №2 протоколунун негизинде Өзгөн шаардык кеңеши,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.“Өзгөн шаарындагы А.Темур мектебинин базасында курулган “Айла” бала бакчасынын имаратын курууда сарпталган акча каражатынын  айырмасын төлөөнүн каржы булактарын тактоо жагы Өзгөн шаар мэри З.Каримовго милдеттендирилсин.

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» жана  «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларынына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                               А.Хасанов

 

 

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXXV сессиясынын отурумунун 

 

                       ТОКТОМУ                          

          2024 -жылдын   26 –июну           №35/5                     Өзгөн шаары

 

Өзгөн районунун өнүктүрүү фондунун эсебинен акча каражатын алууга

 макулдук берүү жөнүндө

           

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 11-июнундагы №3 отурумунун протоколунун жана Өзгөн шаардык мэриясынын 2024-жылдын 7-июнундагы № 01-9/633 катынын негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши

                                              

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

  1. Өзгөн шаарындагы №7 мектеп гимназиясына мектеп эмеректерин сатып алууга Өзгөн районунун өнүктүрүү фондунун эсебинен 600,0 миң сом акча каражатын алууга макулдук берилсин.
  2. Алынган акча каражатын мыйзамдуу пайдалануу жагы Өзгөн шаардык мэриясына тапшырылсын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

            

 

          Төрага                                                                            А. Хасанов

 

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги

XXXV сессиясынын отурумунун 

 

         ТОКТОМУ                   

                           

     2024-жылдын    26 –июну              № 35/6                           Өзгөн шаары

 

Өзгөн шаарында “Темир бетон чыгаруучу (ЖБИ)” муниципалдык ишканасын ачуу жөнүндө

           

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 65-беренесине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 21-июнундагы отурумунун №5 протоколунун, Өзгөн шаардык мэриясынын 2024-жылдын 20-июнундагы №01-9/697 катынын негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши

                                              

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

 

  1. Өзгөн шаардык мэриясынын алдында Өзгөн “Темир бетон чыгаруучу (ЖБИ)” муниципалдык ишканасын мыйзам чегинде ачууга макулдук берилсин. 
  1. “Өзгөн “Темир бетон чыгаруучу (ЖБИ)” муниципалдык ишканасын ачуу боюнча керектүү иш кагаздарын даярдоо Өзгөн шаардык мэриясына тапшырылсын. 
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

            

 

Төрага                                               А. Хасанов

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXXV сессиясынын отурумунун  

ТОКТОМУ                     

          2024 -жылдын   26 –июну          №35/7                Өзгөн шаары

 

Өзгөн районунун өнүктүрүү фондунун эсебинен акча каражатын алууга

 макулдук берүү жөнүндө

           

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 24-июнундагы отурумунун №4 протоколунун жана Өзгөн шаардык мэриясынын 2024-жылдын 21-июнундагы № 01-9/703 катынын негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши

                                              

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

        1.Өзгөн шаарындагы Айчүрөк кинотеатрын капиталдык ремонттоого Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунан 10 000,0 миң сом акча каражатын алууга макулдук берилсин.

  1. Алынган акча каражатын мыйзамдуу пайдалануу жагы Өзгөн шаардык мэриясына тапшырылсын.

        3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

            

 

          Төрага                                                                            А. Хасанов

 

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXXV сессиясынын отурумунун  

ТОКТОМУ                        

2024 -жылдын    26–июну      №35/8                              Өзгөн шаары

 

Ош облусунун өнүктүрүү фондунун эсебинен акча каражатын алууга

 макулдук берүү жөнүндө

           

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 24-июнундагы №4 отурумунун протоколунун жана Өзгөн шаардык мэриясынын 2024-жылдын 21-июнундагы № 01-9/703 катынын, 2024-жылдын 24-июнундагы № 01-9/714 катынын негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши

                                              

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

        1.Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан “Достук” эс алуу паркын реконструкциялоого Ош облусунун өнүктүрүү фондунун эсебинен 10 000,0 миң сом кча каражатын алууга макулдук берилсин.

  1. Алынган акча каражатын мыйзамдуу пайдалануу жагы Өзгөн шаардык мэриясына тапшырылсын.

        3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

            

 

          Төрага                                                                            А. Хасанов

 

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги

XXXV сессиясынын отурумунун 

 

         ТОКТОМУ

                           

     2024-жылдын    26 –июнь             № 35/9                          Өзгөн шаары

 

Өзгөн шаардык кеңешине бир ТТП кызматкер алууга макулдук берүү жөнүндө.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы  №52 токтомуна ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) “Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча”  туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 27-майындагы  отурумунун №2 протоколунун негизинде Өзгөн шаардык кеңеши, 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 токтомуна ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин аппаратына катчы-иш кагаздарын жүргүзүүчүнүн бир штаттык бирдигин техникалык тейлөө кызматкери катары киргизүүгө макулдук берилсин.
  2. Өзгөн шаардык кеңешинин катчы-иш кагаздарын жүргүзүүчүнүн эмгек акысына жергиликтүү бюджеттин эсебинен ай сайын бир кызматтык маяна өлчөмүндө үстөк кошуп берүүгө макулдук берилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                               А.Хасанов

 

 

 

                                                     

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги

XXXV сессиясынын отурумунун 

 

         ТОКТОМУ

                           

     2024-жылдын     26–июнь          № 35/10                           Өзгөн шаары

 

Өзгөн шаарынын борбордук стадионуна Ормонов Зулпукардын наамын ыйгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамына жана Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген жобого ылайык “Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча” туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 19-июнундагы  отурумунун №7 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

          1.Өзгөн шаарынын борбордук стадионуна Ормонов Зулпукардын наамы ыйгарылсын.

  1. Кадастр жүргүзүү жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшүнө тийиштүү документтерди 5 жумушчу күндүн ичинде жиберүү жагы Өзгөн шаардык мэриясына, шаардын картасына керектелүүчү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы Өзгөн шаарынын шааркуруу жана архитектура башкармалыгынын башчысына милдеттендирилсин.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) “Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча” туруктуу комиссиясынына тапшырылсын.

 

Төрага                                                               А.Хасанов

 

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги

XXXV сессиясынын отурумунун 

 

         ТОКТОМУ                   

                           

     2024-жылдын    26 –июнь             № 35/11                       Өзгөн шаары

 

“Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

Өзгөн шаардык кеңешинин “Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу” жөнүндөгү Жобосуна ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин “Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча” туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 19-июнундагы  отурумунун №7 протоколунун негизинде Өзгөн шаардык кеңеши, 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

  1. Өзгөн шаарынын социалдык–экономикалык жактан өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн Акыбаев Калыбек, Макаев Маматазиз Макаевич, Хасанов Арсланбек Мрахварович, Түркбаев Торогелди Алиевич, Мамасадыкова Бермет Алайбековнага “Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
  2. “Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылган жарандарга “Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылгандыгын тастыктоочу документтерди даярдоо жана салтанаттуу тапшырууну уюштуруу Өзгөн шаардык кеңешинин аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) “Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча” туруктуу комиссиясынына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                               А.Хасанов

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз

XXXI сессиясынын отурумунун 

 

       ТОКТОМУ 

                                           

     2024-жылдын  22–апрели                     № 31/1                                Өзгөн шаары

 

Өзгөн шаарынын административдик аймактык бирдигинин чек арасынын схемалык картасына жана ага тиркелген чек ара баяндамасын кароо жөнүндө

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXIX сессиясынын отурумунун 

 

         ТОКТОМУ      

                                   

     2024-жылдын  12–марты                       № 29/1                             Өзгөн шаары

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 19-февралындагы №10 токтомун эске алуу жана Өзгөн шаардык кеңешинин 2024-жылдын 1-февралындагы № 28/3 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXVIII сессиясынын отурумунун 

                           

ТОКТОМУ

     2024-жылдын    1–февралы              № 28/1                               Өзгөн шаары

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын)

 2024-жылга карата иш-планын бекитүү жөнүндө

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз XXIV сессиясынын отурумунун 

                           

ТОКТОМУ

     2023 -жылдын    4 –октябры                № 24/ 1                                Өзгөн шаары

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө №215 Жарлыгы

 

       Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-июлундагы Элдик Курултай жөнүндө №146 Конституциялык мыйзамына жана Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин жыйналышынын 2023-жылдын 6-сентябрындагы протоколуна ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик  мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика,  депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 28-сентябрындагы отурумунун № 10 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,

p class=params-