Баш-Дөбө айылдык кенешинин VII-чакырылылыштын кезексиз XI-сессиясы

ТОКТОМ №1

 09.03.2024ж.                                                                                                                   Өзгөн шаары

Бишкек-Ош альтернативдүү айланма курулуп жаткан жолго туш келген айыл чарба багытындагы жерлердин категориясын которуу (трасформациялоо) боюнча.

 

Баш-Дөбө айыл өкмөтүндөгү Бишкек-Ош алтернативдик айланма жолдун курулушуна ажыратылып берилген жер тилкелеринин  категориясын өзгөртүп берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  токтому “Кыргызмамжердолборлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 2024-жылдын 2-мартындагы №01-9-634 сандуу корутундусун жана Жер кодексинин 10-ст 3-беренесин 12-ст 2-беренесин негиз кылып Баш-Дөбө айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагынан

  1. Сугат айдоо жер тилкелеринен №989,905,897,887,85,702,232,218,215,200,198,178,173,151,148,143,142,124,116,108,107 контурлардан бардыгы болуп 18,22га.
  2. Кайрак айдоо жер тилкелеринен №928,839,701 контурлардан бардыгы болуп 2,52га.
  3. Бактардан №987,986,850,846,108, контурдан 2,31га.
  4. Жайыт жерлерден №985,926,906,861,931,719,190,187,144,133,106,контурлардан бардыгы болуп 6,37га.
  5. Огород жерлерден №988 контурдан 0,14га, 110 контурдан 0,44га бардыгы 0,58га
  6. Айыл өкмөттүн аймагындагы ички арыктар №925 контурдан 0,06га.
  7. Башка жерлер №85 контурдан 0,06га.
  8. Жолдор №927,820,103 контурлардан 0,58га.
  9. Токойлу жерлер №719,141,138,136 контурлардан 2,27га.
  10. Чөп сактоочу (сенохранилиша) жерден №718 контурдан 0,55га.
  11. Күнөскана №699 контурдан 0,81га.
  12. Курулуштун о-рдундагы жерлер №695,694 контурлардан 0,58га.
  13. Кысыр аңыз жерлерден №137 контурдан 0,08га.
  14. Саздактуу жерлерден №109 контурдан 0,33га.
  15. Суу фондусунун жерлери 3,93га.

Жалпысынан 39,25га жер аянтары Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жана башка жерлер” категориясына которуу (трансформациялоого) макулдук берилсин.

  1. Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушуна 18,22га сугат айдоо үлүштүк жер тилкеси, мамлекеттик фондусунун “730,783 контурдан, 2,52га кайрак айдоо жер тилкелери №76,1135,1113 контурундагы сугат, кайрак айдоо жер тилкелеринен жана 1994-жылы жер реформасы башталып атуударга үлүштүк сугат, кайрак айдоо жер аянттарынан үлүш катары берилген контурлардан фонд катары пайдаланган жер аянттарынан бөлүнүп берилсин.
  2. “Жер ресурстар кызматынын” Өзгөн райондук филиалынан жана шаар куруу жана архитектуура башкармалыгынан жер тилкелерин трансформациялоо боюнча тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы суралсын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер агрардык жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

Баш-Дөбө айылдык кеңештин

төрагасы:                                                                                                          М. Тагайкулов.

 

 

 

 

 

 

 

Баш-Дөбө  айылдык   кеңешинин VII чакырылган  кезексиз XII-сессиясынын

 

ТОКТОМ №5

19.04.2024ж                                                                                                                                       Өзгөн   шаары   

   Курулуп жаткан Бишкек-Ош альтернативдүү айланма жолго туш келген “Суу фондусунун  жерлер” багытындагы жерлердин категориясын которуу (трасформациялоо) жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн шаарынын айланасында айланма автомобиль жолун куруу жана тейлөө боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу жөнүндө” Жарлыгына ылайык  Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагынан өтүүчү  Бишкек-Ош альтернативдик айланма жолдун курулушуна ажыратылып берилген жер тилкелеринин  категориясын которуп  берүү боюнча  карап, “Кыргызмамжердолборлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын   2024-жылдын 11-апрелиндеги №01-9/568 сандуу катын угуп, Баш-Дөбө айылдык кенеши  

ТОКТОМ КЫЛАТ

            1..Бишкек-Ош альтернативдик  жолдун курулушу үчүн   Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагынан Кара-Дарыя суусунун жээгинен   суу фондусунун жерлеринен    13,2га жер аянтары “Суу фондусунун  жерлер” категориясынан  “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жана башка жерлер” категориясына которууга  (трансформациялоого) макулдук берилсин. 

                                                                    

2.“Жер ресурстар кызматынын” Өзгөн райондук филиалынан тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы суралсын.

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер агрардык жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

                                                                                           

Баш-Дөбө айылдык кеңештин

                                   төрагасы:                                                                    М. Тагайкулов.

 

Баш-Дөбө айылдык кенешинин VII-чакырылылыштын кезексиз VIII-сессиясы

ТОКТОМ № 9

08.04.2023ж.                                                                                                                           Өзгөн шаары

Баш-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Кенеш айылынын атын өзгөртүү жөнүндө.

 

Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кенеш айылындагы Чайканасында 2023-жылдын 21-мартында Кенеш айылынын атын “Карабагыш” айылы деп өзгөртүү боюнча

Баш-Дөбө  айылдык  Кеңешинин VI чакырылган XVI   кезексиз сессиясынын

  ТОКТОМУ №16-4             

 

Өзгөн шаары                                                                                   28-июнь 2019-жыл

 

Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан     №928 контурдагы  мамлекеттик  фондусунун  кайрак  айдоо  жерин трансформациялоо жөнүндө

        Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындапгы жашаган  тургундардын турак жай куруу маселесин чечүү  максатында Баш-Дөбө айылдык кенешинин Кашка-Терек айылынын депутаттарынын  сунушун  жана  Баш-Дөбө айылдык кенешинин  2019-жылдын 28-июнунда кабыл алынган №16-4 токтомунун  жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы  №169 сандуу токтому менен бекитилген жер участокторун  которуунун (трансформациялоонун) тартиби жөнүндөгү жобонун негизинде   Баш-Дөбө айылдык кеңеши

 Баш-Дөбө айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXIII кезектеги сессиясынын

ТОКТОМУ № 23-2

«18-ноябрь 2016 – жыл.                                                        Өзгөн шаары 

 

Баш-Дөбө айыл аймагындагы “Калктуу конуштардын жерлери”категориясындагы 9,0 га жер аянтынын багытын өзгөртүү жөнүндө 

Баш-Дөбө айылдык Кеңешинин VI чакырылган кезексиз XXIV-сессиясынын

ТОКТОМ № 27-6

  Өзгөн шаары              26-декабрь  2020-жыл                     

                                                                 

           “CASSA-1000” долбоорун ишке ашыруу үчүн жер участокторун “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан жана Суу фондусунун категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө.

p class=params-