Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) I-уюштуруу

сессиясынын отурумунун

ТОКТОМУ

 

    9-январь   2017-жыл                                   № 1/1                                       Өзгөн шаары 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) депутаттарынын

ыйгарым укуктарын бекитүү  жөнүндө

Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XXVII сессиясынын отурумунун

 

ТОКТОМУ                                        

 

  2016-жылдын 26 - ноябры                  № 27/1                                 Өзгөн шаары

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) депутаттарынын жүргүзгөн иштери жөнүндө

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) II сессиясынын отурумунун                                             

ТОКТОМУ   

  9-февраль  2017-жыл                          № 2/1                                       Өзгөн шаары

                                                   

Өзгөн шаардык кеңешинин

Регламентин бекитүү жөнүндө

Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) кезексиз VII сессиясынын отурумунун                             ТОКТОМУ                                    

Кыргыз Республикасы                                  №7-1            «29» -август 2013-жыл

Өзгөн шаары

 

Ачык сессияларды өткөрүү боюнча Өзгөн     шаардык Кеңешинин Жобосун бекитүү тууралуу 

Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) кезексиз XXV сессиясынын отурумунун

 ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасы                               № 25/1                    10-июнь  2016-жыл

Өзгөн шаары

 

Депутаттык комиссия түзүү жөнүндө

 

            Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) кезексиз XXV сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселе боюнча шаардык кеңештин КСДП фракциясынын 2016-жылдын 8-июнундагы отурумунун  №3 протоколунун негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ:

      1. 2016-жылдын 7-июнунда Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттары жана мэриянын кызматкерлери тарабынан Ош шаарында «AKIpress-Ош» маалыматтык-аналитикалык бюросунда өткөн пресс-конференцияда айтылган факттарды текшерип чыгуу үчүн курамы 7 кишиден турган депутаттык комиссия түзүлсүн:

           - C. Джусупов      (КСДП фракциясынан), комиссиянын төрагасы

            - А. Маткабылов (КСДП фракциясынан), орун басары

          -О. Мусаев            (КСДП фракциясынан), комиссия мүчөсү

         - М. Дехканбаева (КСДП фракциясынан), комиссия мүчөсү

         - А. Кахаров        (КСДП фракциясынан), комиссия мүчөсү

         - Э. Абдыкапарова (Ар-Намыс фракциясынан), комиссия мүчөсү

         - Б. Эшназарова      (Ата-Мекен фракциясынан), комиссия мүчөсү

     2. Мыйзамга ылайык тийиштүү маалымат жана материалдар менен өз убагында, толук камсыздоо жагы Өзгөн шаар мэриясына жана шаардагы мекеме-уюмдардын, ишканалардын жетекчилерине милдеттендирилсин.

     3. Комиссия мүчөлөрү текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 2016-жылдын 17-июнуна чейин шаардык кеңешке маалымат берсин.

        4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмдө калтырам.

 

 

 

Төрага                                   А. Насиров

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (V-чакырылышынын) СДПК фракциясынын отурумунун

 

ПРОТОКОЛУ

 

Өзгөн шары                                     № 3                        « 8 » июнь 2016-жыл

 

Катышты: 14 депутат

 

Катышышты: Абдурахманов Х., Насиров А., Мамасадыков А., Курбанов Н., Турдиев Ш., Кахаров А., Дехканбаева М., Ходжахунова А., Масаткасимов С., Мусаев О., Хасанов А., Нишанбаев М., Джусупов С., Бахридинов Н.

 

К/Н  ТАРТИБИ:

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (V-чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз сессиясын чакыруу жөнүндө

 

   Күн тартиби боюнча фракция лидери Х. Абдурахманов отурумду ачып төмөнкүлөрдү билдирди: Урматтуу депутаттар 2016-жылдын 7-июнь күнү Ош шаарында акипресстин конференция залында шаардык кеңештин эки депутаты Д. Абакджанова, А. Мамазаитов жана МММБ департаментинин директорун милдетин аткаруучусу М. Макешов, мэриянын юристи Б. Базарбаев жана С. Дадабаева пресс конференция өткөрүшүп айтылган факттар боюнча фракцияны тааныштырды.

Депутат А. Мамасадыков: биз чындыкты чыгарып коюшубуз керек депутаттык комиссия түзөлү ошол комиссия пресс-конференцияда айтылган факттарды иликтеп текшерип чыксын.

Депутат Х. Абдурахманов: Комиссия түзүү боюнча кезексиз сессия чакыруу керек.

Депутат С. Джусупов: анда эмесе бул маселе боюнча кезексиз сессия чакыралы комиссиякомиссия түзүп баардыгын иликтеп текшерип чыксын.

Депутат А. Мамасадыков: КСДП фракциясы жакшы иштеди, кезексиз сессия чакыралы ким кандай иштегенин элге көрсөтүп коюу керек.

Депутат Х. Абдурахманов: менин сунушум 10-июнь күнү саат 9-00 го кезексиз сессия чакырууну сунуштасак.

Сунуш фракция мүчөлөрү тарабынан бир добуштан кабыл алынды.

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (V-чакырылышынын) КСДП фракциясынын

отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. КР ЖӨӨБ жөнүндөгү мыйзамына ылайык 10-июнь күнү саат 9-00 го Өзгөн шаардык кеңешинин кезексиз сессиясын чакырууну шаардык кеңештен талап кылынсын.

 

        Отурумдун төрагасы:                                      Х. Абдурахманов

 

Отурумдун катчысы:                                      Ш. Турдиев

p class=params-