Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз XXIV сессиясынын отурумунун 

                           

ТОКТОМУ

     2023 -жылдын    4 –октябры                № 24/ 1                                Өзгөн шаары

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө №215 Жарлыгы

 

       Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-июлундагы Элдик Курултай жөнүндө №146 Конституциялык мыйзамына жана Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин жыйналышынын 2023-жылдын 6-сентябрындагы протоколуна ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик  мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика,  депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 28-сентябрындагы отурумунун № 10 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Өзгөн шаарында өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 1-тиркемеге,  жыйындарды жана жыйналыштарды өткөрүү графиги 2-тиркемеге, өкүлчүлүк нормасы 3-тиркемеге, МАБ тардан өкүлчүлүктүү жыйынга өкүлдөрдү шайлоо боюнча квота 4-тиркемеге ылайык бекитилсин
  2. Өзгөн шаарында жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйындары 17 МАБтарда өткөрүлсүн. Жыйындарга тиешелүү МАБта жашаган тургундардан 50 дөн кем эмес жарандардын катышуусун камсыз кылуу жагы МАБ башчыларына милдеттендирилсин. Өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө жооптуу шаардык кеңештин депутаттарынын тизмеси 5-тиркемеге ылайык бекитилсин.
  3. Өзгөн шаарында өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүү күнү 2023-жылдын 18-ноябрына саат 10-00 гө белгиленсин жана Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өткөрүү сунушталсын.
  4. Өзгөн шаарында өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү иштерине көмөк көрсөтүү жана сарпталуучу  каражаттарды мыйзам чегинде каржылоо жагы  Өзгөн шаарынын мэри Д.Моңолдоровго тапшырылсын.
  5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика,  депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

                              Төрага                                                                А. Хасанов

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин 2023-жылдын

 4-сентябрындагы кезексиз XXIV сессиясынын №24/ 1 токтомунун

1- тиркемеси

 

Өзгөн шаарында өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча  жумушчу топтун курамы

                        Комиссиянын төрагасы:

     1.А.Хасанов – Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы,

                       Комиссиянын катчысы:

2.Д.Турдахунов– Өзгөн шаардык кеңешинин жооптуу катчысы

           Комиссия мүчөлөрү:

  1. Н.Ташбаева - Өзгөн шаардык мэриясынын башкы адиси
  2. А.Ташматов – Өзгөн шаардык мэриясынын жетектөөчү адиси

5.О.Каримов – Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты

  1. Х.Абдурахманов – Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты
  2. М.Киргизбаев – Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты
  3. Г.Эргашева - Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты
  4. У.Мамадалиев – Өзгөн шаарынын аксакалдар сотунун төрагасы (макулдашуу менен)

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин 2023-жылдын

4-октябрындагы кезексиз XXIV сессиясынын №24/1  токтомунун

2-тиркемеси

 

Өзгөн шаарында өкүлчүлүктүү жыйындарды жана жыйналыштарды өткөрүү графиги

 

МАБдын аталышы

Чогулуш өтүүчү күн

Чогулуш өтүүчү жай

1

Жаныбек Казы

2023-жылдын 16-октябрь күнү

Саат 18:00

Автобазанын көп кабаттуу үйүнүн жанындагы аянтчасы

2

Пайзабад

2023-жылдын 16-октябрь күнү саат 15:00

К.Датка а.о.м.

3

Калма-Кыя

2023-жылдын 16-октябрь күнү

саат 18:00

Калма-Кыя чайканасы

4

Таштак

2023-жылдын 17-октябрь күнү    саат 10:00

Таштак чайканасы

5

Мажирим-Тал

2023-жылдын 17-октябрь күнү    

саат 15:00

А.Темур а.о.м.

6

Гузар

2023-жылдын 17-октябрь күнү    саат 18:00

Гузар чайканасы

7

Гузар-1

2023-жылдын 18-октябрь күнү    саат 10:00

Гузар 1 чайканасы

8

Жаңы-Турмуш

2023-жылдын 18-октябрь күнү    

саат 15:00

Ленин а.о.м.

9

Жаңы-Өзгөн

2023-жылдын 18-октябрь күнү    

саат 18:00

Октябрдын 70- жылдыгы көчөсү, №17 имарат

10

Төрт-Көчө

2023-жылдын 19-октябрь күнү    саат 10:00

С.Шарипов а.о.м.

11

Борбор

2023-жылдын 19-октябрь күнү    саат 15:00

Мэриянын залы

12

Кайрагач

2023-жылдын 19-октябрь күнү    саат 18:00

Кайрагач чайханасы

13

Үч-Дөбө

2023-жылдын 20-октябрь күнү    

саат 10:00

Ч.Айтматов а.о.м.

14

Кылыч-Бурхан

2023-жылдын 20-октябрь күнү    саат 15:00

З.М.Бабур а.о.м.

15

Сараксий

2023-жылдын 20-октябрь күнү    

саат 18:00

РЭТ чайханасы

16

Жаңы-Хаят

2023-жылдын 21-октябрь күнү    саат 10:00

Маала мечити

17

Шарк

2023-жылдын 20-октябрь күнү    саат 15:00

З.М.Бабур а.о.м.

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы:                                                А.Хасанов

 

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин 2023-жылдын

4-октябрындагы кезексиз XXIV сессиясынын №24/1  токтомунун

3-тиркемеси

 

 

Өзгөн шаарынын жергиликтүү курултайына

сунушталуучу делегаттардын өкүлчүлүк нормасы

 

Өзгөн шаарындагы ар бир Муниципалдык аймактык башкаруунун аймагындагы 18 жаштан жогору жашоочулардын жалпы саны 1500 адамга чейин болсо, 130 адамга 1 делегат, эгерде Муниципалдык аймактык башкаруунун аймагындагы жашоочулардын жалпы саны 1500 адамдан ашса, 190 адамга 1 делегат сунушталсын.

 

 

 

 

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин 2023-жылдын

4-октябрындагы кезексиз XXIV сессиясынын №24/1  токтомунун

4-тиркемеси

МАБ тардан өкүлчүлүктүү жыйынга өкүлдөрдү шайлоо боюнча квота

 

МАБдын аталышы

Чогулуш өтүүчү күн

18 жаштан жогору жашоочулардын саны

 

Бөлүнгөн квота

1

Жаныбек Казы

2023-жылдын 16-октябрь күнү

Саат 18:00

1238

10

2

Пайзабад

2023-жылдын 16-октябрь күнү саат15:00

3402

18

3

Калма-Кыя

2023-жылдын 16-октябрь күнү

саат 18:00

3235

17

4

Таштак

2023-жылдын 17-октябрь күнү    саат 10:00

2613

14

5

Мажирим-Тал

2023-жылдын 17-октябрь күнү    

саат 15:00

2506

13

6

Гузар

2023-жылдын 17-октябрь күнү    саат 18:00

1667

9

7

Гузар-1

2023-жылдын 18-октябрь күнү    саат 10:00

1560

8

8

Жаңы-Турмуш

2023-жылдын 18-октябрь күнү    

саат 15:00

1817

10

9

Жаңы-Өзгөн

2023-жылдын 18-октябрь күнү    

саат 18:00

459

4

10

Төрт-Көчө

2023-жылдын 19-октябрь күнү    саат 10:00

3170

17

11

Борбор

2023-жылдын 19-октябрь күнү    саат 15:00

652

5

12

Кайрагач

2023-жылдын 19-октябрь күнү    саат 18:00

2613

14

13

Үч-Дөбө

2023-жылдын 20-октябрь күнү    

саат 10:00

2661

14

14

Кылыч-Бурхан

2023-жылдын 20-октябрь күнү    саат 15:00

1848

10

15

Сараксий

2023-жылдын 20-октябрь күнү    

саат 18:00

2681

14

16

Жаңы-Хаят

2023-жылдын 21-октябрь күнү    саат 10:00

1990

11

17

Шарк

2023-жылдын 20-октябрь күнү    саат 15:00

2143

12

Жалпы:

36255

200

 

Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы:                                                А.Хасанов

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин 2023-жылдын

4-октябрындагы кезексиз XXIV сессиясынын №24/1  токтомунун

5-тиркемеси

Өзгөн шаарында өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө жооптуу шаардык кеңештин депутаттарынын тизмеси

 

МАБдын аталышы

Чогулуш өтүүчү күн

Чогулуш өтүүчү жай

Жооптуу депутаттардын Ф.А.Ж.

1

Жаныбек Казы

2023-жылдын 16-октябрь күнү

Саат 10:00

Автобазанын көп кабаттуу үйүнүн жанындагы аянтчасы

П.Эргешева

2

Пайзабад

2023-жылдын 16-октябрь күнү саат15:00

К.Датка а.о.м.

Т.Абдукаримов

 Б Абдикаримов 

3

Калма-Кыя

2023-жылдын 16-октябрь күнү

саат 18:00

Калма-Кыя чайканасы

С.Камбаров У.Шамуратов

4

Таштак

2023-жылдын 17-октябрь күнү    саат 10:00

Таштак чайканасы

С.Маматкасимов

Ш Тапивалдиев

5

Мажирим-Тал

2023-жылдын 17-октябрь күнү    

саат 15:00

А.Темур а.о.м.

Р.Сотволдиев

И. Дадажанов

6

Гузар

2023-жылдын 17-октябрь күнү    саат 18:00

Гузар чайканасы

Б.Шарипов

7

Гузар-1

2023-жылдын 18-октябрь күнү    саат 10:00

Гузар 1 чайканасы

С.Салиев

Ш Тапивалдиев

8

Жаңы-Турмуш

2023-жылдын 18-октябрь күнү    

саат 15:00

Ленин а.о.м.

Б.Абдукаримов

 

9

Жаңы-Өзгөн

2023-жылдын 18-октябрь күнү    

саат 18:00

Октябрдын 70- жылдыгы көчөсү, №17 имарат

П.Эргешева К.Кадыркулов

 

10

Төрт-Көчө

2023-жылдын 19-октябрь күнү    саат 10:00

С.Шарипов а.о.м.

Б.Солиев

М.Абдулхамедов

11

Борбор

2023-жылдын 19-октябрь күнү    саат 15:00

Мэриянын залы

Х.Мавлянов

12

Кайрагач

2023-жылдын 19-октябрь күнү    саат 18:00

Кайрагач чайханасы

А.Базарбаева

 М Абдулхамедов

13

Үч-Дөбө

2023-жылдын 20-октябрь күнү    

саат 10:00

Ч.Айтматов а.о.м.

Э.Умаров

Д Юсупжанов

 

14

Кылыч-Бурхан

2023-жылдын 20-октябрь күнү    саат 15:00

З.М.Бабур а.о.м.

М.Дехканбаева

 Й Имьяминов

15

Сараксий

2023-жылдын 20-октябрь күнү    

саат 18:00

РЭТ чайханасы

У.Султанов

Х.Джумаев

16

Жаңы-Хаят

2023-жылдын 21-октябрь күнү    саат 10:00

Маала мечити

Г.Ахмеджанова

17

Шарк

2023-жылдын 20-октябрь күнү    саат 15:00

З.М.Бабур а.о.м.

М.Маткабылова

Р.Рахимов

Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы:                                                А.Хасанов

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз XXIV сессиясынын отурумунун 

ТОКТОМУ

     2023 -жылдын    4–октябры                 № 24/2                                  Өзгөн шаары

Өзгөн шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-июлундагы “Өзгөн шаарында таза сууга болгон тарифти өзгөртүү жөнүндө” № 22/8 токтомуна өзгөртүү киргизүү

 

       Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 3-октябрындагы отурумунун №8 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап Өзгөн шаардык кеңеши, 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Өзгөн шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-июлундагы № 22/8 токтомунун 3-пунтундагы “1-сентябрынан” деген сөз “1-октябрынан” деген сөзгө алмаштырылсын.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

                              Төрага                                                                А. Хасанов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXV сессиясынын отурумунун 

 

                     ТОКТОМУ                             

2023 -жылдын    26–октябры                     №25/1                                     Өзгөн шаары

Өзгөн жашылдандыруу чарбасы муниципалдык ишканасынын

жүргүзүп жаткан иштери

 

        Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына жана Өзгөн шаардык кеңешинин 2023-жылга карата бекитилген иш-планына ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин “Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча”туруктуу комиссиясынын маалыматынын негизиндекүн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

          1.Өзгөн жашылдандыруу чарбасы муниципалдык ишканасынын жүргүзүп жаткан иштери  канаттандыраарлык деп табылсын.

  1. Өзгөн жашылдандыруу чарбасы муниципалдык ишканасынын жүргүзүп жаткан иштери боюнча депутаттар тарабынан айтылган сын-пикир, сунуштар жана жол коюлган кемчилдиктерди жоюу боюнча тиешелүү чараларды көрүү Өзгөн шаарынын мэри Д.Моңолдоровго  тапшырылсын.
  2. «Өзгөн жашылдандыруу чарбасы» муниципалдык ишканасынын директору Н.Акматбек уулуна:

  - Өзгөн шаарынын социалдык–экономикалык жактан өнүгүү программасындагы иштерди толук жана өз убагында аткаруу;

 - көчө тазалоочулардын дислокациясын кайрадан тактап чыгуу;

- шаардын санитардык-гигиеналык абалын жакшыртуу боюнча иш-чара иштеп чыгуу;

 -ишкананын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүү;

  - көчө тазалоочулардын функционалдык милдеттерин аткарышын дайыма көзөмөлдөө;

- шаарды жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерин жүргүзүүдө жаңы технологияларды колдонууну жолго коюу;

 - ишкананын Уставына ылайык алардын функционалдык милдеттерине кирген иштерди толук аткарууга жетишүү милдеттендирилсин.     

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча»  туруктуу комиссиясына тапшырылсын.                 

 

 

Төрага                                                                                  А. Хасанов

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXV сессиясынын отурумунун 

 

ТОКТОМУ

2023 -жылдын    26–октябры                     №25/2                                      Өзгөн шаары

Өзгөн шаарынын Жаңы-Өзгөн МАБтын аймагындагы Уйгур көчөсүндөгү №3 үйдү муниципалдык жеке өнөктөштүк ыкмасындагы мектепке чейинки билим берүү мекемеси катары иштетүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына ылайык Өзгөн шаардык мэриясынын 2023-жылдын 19-сентябрындагы №01-9/944 катынын жана Өзгөн шаардык кеңешинин «Социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты, спорт, билим берүү,  маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча»туруктуу комиссиясынын2023-жылдын 23-октябрындагы №2 протоколунун негизиндекүн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

        1.Өзгөн шаарынын Жаңы-Өзгөн МАБтын аймагындагы Уйгур көчөсүндөгү №3 үйдүн тургуну Б.Жантаеванын турак үйүн муниципалдык-жеке өнөктөштүк ыкмасындагы мектепке чейинки билим берүү мекемеси катары иштетүүгө макулдук берилсин.

  1. Балдар бакчасына тийиштүү документтерди мыйзамга ылайык даярдоо Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т. Джусуповго милдеттендирилсин.
  2. Муниципалдык жеке өнөктөштүк ыкмасындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинмыйзам чегинде каржылоо Өзгөн шаардык экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилсин, бөлүнгөн каражаттарды максаттуу жана үнөмдүү пайдалануу жагын көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри Д.Моңолдоровго тапшырылсын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты, спорт, билим берүү,  маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча»туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага                                                                       А. Хасанов

 

 

 

 

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXV сессиясынын отурумунун 

 

        ТОКТОМУ                               

    2023-жылдын      26–октябры                № 25/3                            Өзгөн шаары

Өзгөн шаарынын 2023-жылга карата жергиликтүү бюджетине

тактоо киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

            Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин “Бюджет, салык жана финансы боюнча” жана “Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча” туруктуу комиссияларынын 2023-жылдын 23-октябрындагы биргелешкен отурумунун №8 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

  1. 2023-жылдын жыйынтыгы менен Өзгөн шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүнө 1-тиркемеге ылайык (атайын каражаттарды кошкондо) 15141,0 миң сомго тактоо киргизүүгө макулдук берилсин. Анын ичинен 2023-жылдын 2-жарым жылында бюджеттик каражаттар планына 11541,0 миң сом, атайын каражаттар планына 2700,0 миң сом кошулганы жана 2023-жылдын 1-жарым жылында бюджеттик каражаттар планына 2100,0 миң сом кошулганы, атайын каражаттар планынан 1200,0 миң сом кыскарганы эске алынсын.
  2. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2023-жылдын 2-жарым жылында киреше бөлүгүнүн ашыкча аткарылышынын эсебинен Өзгөн шаарынын бюджеттик мекемелеринин 2023-жылга карата сметасына жана 2023-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесине сунушталган кошумча иштерге 2-тиркемеге ылайык 11541,0 миң сом, шаардык билим берүү бөлүмүнүн мектепке чейинки мекемелеринин керектөөлөрүнө атайын каражаттардын эсебинен 2700,0 мин сом каржылоого макулдук берилсин.
  3. Өзгөн шаарында 2023-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесинен 3-тиркемеге ылайык 11726,6 миң сом кыскартып, 4-тиркемеге ылайык сунушталган иштерге жылдырууга макулдук берилсин. 4-тиркемедеги 3000,0 миң сом МММБ департаментине жана 5000,0 миң сом Таза-Суу муниципалдык ишканасына таза суу проекти боюнча кредит төлөөгө каралсын.
  4. Максаттуу трансферт катары жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө кошумча такталган 20,7 миң сом каражатты Өзгөн шаардык мэриясынын имаратынын жылытуу системасынан болгон карызына төлөөгө макулдук берилсин.
  5. Бюджеттин киреше бөлүгүн сапаттуу аткарылышын камсыздоо, бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча иш жүргүзүү Өзгөн шаарынын мэри Д.Моңолдоровго тапшырылсын.
  6. Бюджеттин тең салмактуулук принцибин сактоо менен бюджеттин чыгаша бөлүгүнө тактоо киргизүү Өзгөн шаардык экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилсин, бюджеттин каражаттарын максаттуу жана үнөмдүү пайдалануу жагын көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри Д.Моңолдоровго тапшырылсын.
  7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана финансы боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                          А. Хасанов

 

    1-тиркеме

   Өзгөн шаардык кеңешинин 2023-жылдын    26-октябрындагы кезектеги XXV сессиясынын №25/3 токтому менен бекитилди

               Өзгөн шаарынын 2023-жылга карата бюджетинин такталган планы

Кирешелер

Бекитилген план, миң сом

Такталган план, миң сом

Айырмасы, миң сом

1

Киреше булактарынан кармалган киреше салыгы

81412,0

 

90953,0

 

9541,0

2

Патент негизиндеги салык

35165,0

 

37165,5

 

2000,0

3

Турак-жай эмес мүлккө салык

1 307,3

 

1807,3

 

500,0

4

Транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык

4 130,0

 

4130,0

 

-

5

Тамарка жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы

2 310,0

 

 

2310,0

 

 

-

6

Айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы

-

 

 

-

 

 

-

7

Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы

3 285,5

 

 

4885,5

 

 

1600,0

8

Жер асты байлыктарын пайдаланууга алынган лицензияны кармап турганы үчүн жыйым

41,0

 

 

 

41,0

 

 

 

-

9

Жер үчүн ижара акы

2 519,4

 

2519,4

 

-

10

Автотранспортту парковкалоо үчүн жыйым

485,0

 

485,0

 

-

11

Атайын каражаттар салыгын кошпогондо кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр

9 059,0

 

 

10559,0

 

 

1500,0

 

КИРЕШЕЛЕРДИН ЖЫЙЫНТЫГЫ:

139714,2

154925,8

15141,0

 

 

 

 

 

 

                                                                           2-тиркеме

                                                                          Өзгөн шаардык кеңешинин 2023-жылдын      

                                                                          26- октябрындагы кезектеги XXV сессиясынын

                                                                          №25/3 токтому менен бекитилди

Өзгөн шаарынын бюджетинин 2023-жылдын 2-жарым жылында ашыкча аткарылышынын эсебинен бюджеттик мекемелердин сметасына бөлүнгөн кошумча каражаттар

 

Аталышы

Керектелүүчү сумма

(миң сом)

эскертүү

 

“Жашылдандыруу чарбасы” МИ

 

1

Эмгек акы: 210,0 миң сом;

Соц.фонд: 36,2 миң сом;

Тетиктерди сатып алууга: 100,0 миң сом;

Сапар чыгымдары: 9,2 миң сом;

355,5

 

2

“Өзгөн тазалык” МИсы түзгөн келишиминин негизинде аткарган иштери үчүн

730,0

 

 

 

1085,5

 

 

“Капиталдык курулуштар башкармалыгы” МИ

 

1

Ай Шооласы балдар бакчасынын отканасын, теплотрассасын жана канализациясын оңдоого

558,1

 

2

Кош-Коргон көчөсүнүн 120 метр жерине БЛ-6 лотогунан 20 даана, калган каражатка Достук көчөсүнө БЛ 3 лоток

600,0

 

3

Калма-Кия жана Таштак МАБнын аймагына щебень сатып алууга

100,0

 

4

А.Мамажанов, А.Кахар, Жалалабат көчөсүн асфальттоого

3294,2

 

5

Ала-Тоо көчөсүнө лоток

500,0

 

6

Бетон мамыча

100,0

 

7

С.Рахимов көчөсүнө лоток

500,0

 

8

А.Навои мектебине окуучулар үчүн ажаткана куруу, комфортка сатып алуу

500,0

 

9

Ч.Айтматов мектебине генератор жана звонок сатып алуу үчүн

76,0

 

 

Жыйынтыгы

6228,3

 

 

МММБ департаменти

 

 

1

Жаңы Өзгөн аймагынын Уйгур көчөсүнүн №3 үйдү 50 балага ылайыкташкан балдар бакча катары иштетүүгө керектелүүчү инвентарь менен камсыз кылуу

589,6

 

2

Жаңы конуштарга түнкү жарык коюу, эскилиги жеткен түнкү жарыткычтарды алмашуу. Ошондой эле светофорлорду оңдоо жана эскилиги жеткен жол белгилерин жаңылоо.

300,0

Жалпысынан суралган каражаттын көлөмү 600,0 миң сомду түзөт, бирок, мүмкүнчүлүккө жараша 50% берилип жатат

3

Ленин көчөсүнүн Янги-Хаят МАБнын аймагына, Кош-Коргон жана Достук көчөлөрүнө түнкү жарык үчүн темир мамыча

500,0

 

4

Квартал башчыларына кеңсе буюмдарын сатып алууга

91,0

 

5

Борбордук аянтка чоң желек сатып алуу

100,0

 

6

Музыкалык аппаратураларды сатып алууга жана “1С Бухгалтерия” программасын сатып алууга (Маданият үйүнүн кайрылуусунун негизинде)

68,1

Жалпысынан суралган каражаттын көлөмү 588,0 миң сомду түзөт, бирок, мүмкүнчүлүккө жараша 12% берилип жатат

7

Жаңы-Өзгөн квартал башчысынын иш бөлмөсүнө инвентарь сатып алууга

25,5

 

8

Шаарда кылмыштуулуктун алдын алуу максатында 4 жерге адамдын бетин таануучу видео камера сатып алуу үчүн

400,0

Райондук милиция шаарда 10 жерге орнотууну сунуштаган, долбоордун баасы 1000,0 миң сом

9

№5 “Айжаз-Айназ” балдар бакчасына чарба буюмдарын алууга

200,0

 

 

Жыйынтыгы

2274,2

 

 

Өзгөн шаардык мэриясы

 

 

1

Мэриянын имаратынын жылытуу системасынан болгон карызы (2023-жылга жылытуу системасынын тарифтери көтөрүлгөндүгүнөн айырмасы)

240,0

 

 

2

Өзгөн шаардык кеңешинин ишмердүүлүгүн жогорулатуу максатында жыл башынан бери бир канча жолу окуулар уюштурулууда. Бирок сапар чыгымдарына акча каражат жетишсиз болгондуктан кошумча акча каражатын берүүгө

90,0

 

3

Өзгөн шаардык кеңешине 2 комплект компьютер

130,0

 

 

Жыйынтыгы

460,0

 

 

Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмү

 

 

1

Өзгөн Тазалык МИнан карызы:770,0 миң сом;

Өзгөн Таза-Суу МИнан карызы:473,0 миң сом;

1243,0

 

2

Ленин, Ч.Айтматов, А.Темур, Гимназия жана Курманжан датка орто мектептерин ун менен камсыздоого

250,0

 

 

Жыйынтыгы

1493,0

 

 

Жалпысы

11541,0

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                                        3-тиркеме

                                                                       Өзгөн шаардык кеңешинин 2023- жылдын

                                                                      26-октябрындагы кезектеги XXV сессиясынын

                                                                       №25/3 токтому менен бекитилди

 

2023-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесинен кыскарган иштердин тизмеси

 

Аткарылуучу иштер

суммасы

 

1

Курманжан-Датка орто мектебинин аймагына 100 орундуу бала бакча куруу

1000,0

 

2

Ай-Шооласы балдар бакчасынын капиталдык курулушунун кызматына

1835,1

 

3

Булбулча балдар бакчасынын капиталдык курулушунун кызматына

1271,5

 

4

В.И.Ленин орто мектебинин аймагына 100 орундуу бала бакча куруу

2000,0

 

5

Н. Азнабакиев атындагы балдар паркынын атракциондорун оңдоо үчүн

620,0

 

6

Өзгөн шаарынын №4 МАБнын жанындагы 9 гектар жердин аймагына 100 орундуу бала бакча куруу

3000,0

 

7

Бабур мектебине спорт зал куруу

2000,0

 

 

Жыйынтыгы

11726,6

 

 

 

                                                                                              

 

 

 

 

 

                                                                       4-тиркеме

                                                                      Өзгөн шаардык кеңешинин 2023-жылдын

                                                                      26-октябрындагы кезектеги XXV сессиясынын

                                                                      №25/3 токтому менен бекитилди

 

Өзгөн шаарында 2023-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесинен кыскартылып, багыты өзгөргөн иштердин тизмеси

Аткарылуучу иштер

Суммасы

 

1

Ленин көчөсүндөгү Манастын эстелигин оңдоп-түзөө иштерине

1000,0

 

2

Курманжан датка атындагы орто мектебин сыртын оңдоп-түзөөгө

1600,0

 

3

Өзгөн шаардык балдарды жана өспүрүмдөрдү дене-тарбияга даярдоо клубунун от жагуучу системасын ондоо жана окуу имаратын ички жана сыртын сырдоого

113,9

 

4

Жаңы-Өзгөн ФАБнын от канасына

42,7

 

5

Амур-Темур атындагы мектептин тосмосуна

96,0

 

6

Өзгөн шаардык БЧБна А.Навои атындагы мектептин мурдагы имараты берилип, учурдагы оңдоп түзөө жумуштарына

92,4

 

7

Бабур атындагы орто мектептин күз-кыш мезгилине даярдоо

76,5

 

8

Ай Мээрим балдар бакчасынын спорт аянтча жасоо үчүн

158,0

 

9

Жылдызча балдар бакчасына генератор сатып алуу үчүн

45,0

 

10

Ай Шооласы балдар бакчасынын отканасын, теплотрассасын жана канализациясын оңдоого

170,0

 

11

Булбулча балдар бакчасынын тосмосун оңдоого

332,1

 

12

Тазасуу проекти боюнча кредит төлөөгө

5000,0

 

13

“Өзгөн-Тазалык” МИ гараж катары ээлеп турган муниципалдык жер тилкесинде курулган, курулушу аягына чыга элек имаратты сатып алуу үчүн

3000,0

 

 

Жыйынтыгы

11726,6

 

 

 

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз XXVI сессиясынын отурумунун 

                           

ТОКТОМУ

        2023 -жылдын         21–ноябры           №26/1                            Өзгөн шаары

Өзгөн шаарынын билим берүү мекемелерине Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен берилүүчү дем берүүчү  гранттарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым кошууга макулдук берүү жөнүндө

 

       Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы №247 токтомуна ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 20-ноябрындагы  отурумунун №9 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Өзгөн шаарындагы С.Шарипов атындагы орто мектебинин имаратын капиталдык оңдоого 2112,0 миң сом, Ай-Шооласы балдар бакчасынын имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүүгө 650,0 миң сом, Булбулча балдар бакчасынын имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүүгө 650,0 миң сом, жалпысынан 3 долбоорду ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен берилүүчү дем берүүчү гранттарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3412,0 миң сом өздүк салым кошууга макулдук берилсин.
  2. Жогорудагы долбоорлорду 2024-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесине киргизүү жагы Өзгөн шаардык мэриясына милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

                              Төрага                                                                А. Хасанов

 

 

 

 

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз XXVII сессиясынын отурумунун 

 

ТОКТОМУ

    2023-жылдын     30 –ноябры                   № 27/1                          Өзгөн шаары

Республикалык бюджеттен Өзгөн шаарынын жергиликтүү бюджетине

берилген трансфертти карап берүү жөнүндө

 

            Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин “Бюджет, салык жана финансы боюнча” жана “Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча” туруктуу комиссияларынын 2023-жылдын 29-ноябрындагы биргелешкен отурумунун №10 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши, 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

  1. Республикалык бюджеттен Өзгөн шаарынын жергиликтүү бюджетине берилген 9716,3 миң сом трансфертти депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен тиркемеге ылайык каржылоого макулдук берилсин.
  2. Бюджеттин тең салмактуулук принцибин сактоо менен бюджеттин чыгаша бөлүгүнө тактоо киргизүү Өзгөн шаардык экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы Н.Жолдошевге, бөлүнгөн каражаттарды мыйзам чегинде максаттуу жана үнөмдүү пайдалануу жагын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык мэриясына милдеттендирилсин.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана финансы боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                          А. Хасанов

 

 

 

 

 

 

 

                                                                         Тиркеме

                                                                         Өзгөн шаардык кеңешинин 2023-жылдын      

                                                                         30-ноябрындагы кезексиз XXVII сессиясынын

                                                                         №27/1  токтому менен бекитилди

 

Республикалык бюджеттен Өзгөн шаарынын жергиликтүү бюджетине

берилген трансферттин эсебинен бюджеттик мекемелердин сметасына бөлүнгөн кошумча каражаттар

 

Аталышы

Суммасы (миң сом)

Эскертүү

Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуштар башкармалыгы муниципалдык ишканасына

1

Долбоор иш кагаздарын даярдатууга

1115,0

карыз

2

2022-жылдан асфальт төшөө жумушунан болгон карызга

728,6

карыз

3

Полигон

936,8

карыз

4

Жолдордун уңкур-чуңкурларын оңдоп-түзөө жумуштарына

1595,2

карыз

5

Кеңсе буюмдарын сатып алуу

50,0

 

6

Гимназия мектебине котель куруу

500,0

 

 

 

4925,6

 

Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчиктеги мүлктү башкаруу департаментине

1

Светофорлорго запастык бөлүк жана түнкү жарыткычтарды сатып алуу

283,6

 

2

Долбоор иш кагаздарын даярдатууга

750,0

 

3

Электриктерге атайын кышкы кийим алып берүүгө

20,0

 

4

Жол белгилерин жасатуу

50,0

 

5

Ленин,Бабур, Амур-Темур мектептерине акылдуу конгуроо сатып алууга

150,0

 

6

С.Шарипов мектебине усилитель, колонка, микрофон  сатып алууга.

60,0

 

 

 

1313,6

 

Өзгөн жашылдандыруу чарбасы МИ

1

Чарба буюмдарын сатып алуу (спец одежда)

150,0

 

2

Жумушчуларга материалдык жардам көрсөтүү

254,1

 

 

 

404,1

 

Өзгөн Тазалык МИ

1

Өзгөн жашылдандыруу чарбасы МИнын кызматтык унаалары шаардагы жалпы муниципалдык жер тилкелерин тазалоого мүмкүнчүлүгү жоктугуна байланыштуу Өзгөн Тазалык МИсы аркылуу аткарылган жумуштарына

 

1457,6

 

 

Өзгөн шаардык кенешинин, Өзгөн шаардык мэриясынын жана структуралык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине материалдык колдоо

1

Өзгөн шаардык кенешинин, Өзгөн шаардык мэриясынын жана структуралык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине 1 айлык өлчөмдө трансферт эсебинен материалдык көмөк көрсөтүү

1349,4

 

Өзгөн шаардык мэриясы

1

Сапар чыгымдарына

80,0

 

Өзгөн шаардык маданият үйү

1

Музыкалык аппарат сатып алуу

151,0

 

2

Сапар чыгымдарына

35,0

 

 

 

186,0

 

 

Жалпы

9716,3

 

 

 

 

p class=params-