Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXVIII сессиясынын отурумунун 

                           

ТОКТОМУ

     2024-жылдын    1–февралы              № 28/1                               Өзгөн шаары

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын)

 2024-жылга карата иш-планын бекитүү жөнүндө

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXVIII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) 2024-жылга карата иш-планы депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен тиркемеге ылайык бекитилсин. 
  1. Иш-планда бекитилген маселелерди сессиянын отурумуна өз мөөнөтүндө жана сапаттуу даярдоо туруктуу комиссияларга милдеттендирилсин. 
  1. Иш-планда бекитилген маселелерди сессиянын отурумуна даярдоодо Өзгөн шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына көмөк көрсөтүү жагы Өзгөн шаардык кеңешинин аппарат кызматкерлерине тапшырылсын. 

          4.Бул токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы А.Хасановго тапшырылсын.

 

 

 

Төрага                                                                   А. Хасанов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин

(VII чакырылышынын) 2024-жылдын

1-февралындагы кезектеги

XXVIII сессиясынын №28/1 токтомунун тиркемеси

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) 2024-жылга карата

иш-планы

 

I квартал:

Январь айында:

 

  1. Өзгөн шаардык кеңешинин 2024-жылга карата иш-планын бекитүү. 
  1. Өзгөн шаарынын 2024-жылга карата бюджетинин долбоорун жана 2025-2026 жылдарга болжолун, бюджеттин 2023-жылдагы киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын бекитүү

  «Бюджет, салык жана финансы  боюнча» туруктуу комиссия

          3.Ар түрдүү маселелер.

 Февраль айында: 

  1. Өзгөн шаарынын 2024-2027-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасы (2024-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмеси)

«Муниципалдык менчик, акы төлөп  кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссия 

         2.«Капиталдык курулуш башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын жүргүзүп жаткан иштери   «Муниципалдык менчик, акы төлөп   кызмат көрсөтүү жана жер маселелери  боюнча» туруктуу комиссия

                                                                                                                             

        3«Өзгөн Таза Суу» муниципалдык ишканасынын шаардын калкын таза суу менен камсыз кылууда жүргүзүп жаткан иштери

 «Муниципалдык менчик, акы төлөп  кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссия

       

  1. Ар түрдүү маселелер.

 

 

 

II квартал:

Июнь айында:

          1.Н.Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын инфраструктурасын жакшыртууда жүргүзүлүп жаткан иштер 

«Муниципалдык менчик, акы төлөп  кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссия

       

        2.Өзгөн шаардык маданият бөлүмүнүн жүргүзүп жаткан иштери  «Социалдык маселелер, гендер жана жаштар  саясаты, спорт, билим берүү,  маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча»туруктуу комиссия 

  1. “Өзгөн жашылдандыруу чарбасы” муниципалдык ишканасынын жүргүзүп жаткан иштери                       

«Муниципалдык менчик, акы төлөп    кызмат көрсөтүү жана жер маселелери  боюнча» туруктуу комиссия

 4.Ар түрдүү маселелер.

                                                          III квартал:

                                                       Август айында:

 

      1.Өзгөн шаар мэринин 2024-жылдын 6 айы ичинде аткарган иштери жөнүндөгү отчету

      2.Өзгөн шаардык бюджетинин 2024-жылдын 6 айы ичинде аткарылышы

 

                                                           «Бюджет, салык жана финансы

                                                            боюнча» туруктуу комиссия

 

       3.«Өзгөн-Тазалык» муниципалдык ишканасынын шаардын тазалыгын камсыз кылууда жүргүзүп жаткан иштери

 

                                          «Муниципалдык менчик, акы төлөп 

                                           кызмат көрсөтүү жана жер маселелери

                                           боюнча» туруктуу комиссия

       4.«Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча» комиссиянын жүргүзүп жаткан иштери

 «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик    мекемелер   жана коомдук уюмдар

  менен иштөө, депутаттык этика,    депутаттык мандат жана каада салттар боюнча»  туруктуу комиссия

 

        5.Ар түрдүү маселелер.

                                       IV квартал:

Октябрь айында:

 

         1.МММБ департаментинин жүргүзүп жаткан иштери

 «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери   боюнча» туруктуу комиссия

        2.Өзгөн шаардык мэриясынын шаар куруу менен архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин сактоону камсыз кылууда жүргүзүп жаткан иштери

«Өнөр жай, транспорт, архитектура жана  курулуш, байланыш жана энергетика    боюнча» туруктуу комиссия

        3.Өзгөн шаардык мэриясынын дене-тарбия жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылууда жүргүзүп жаткан иштери

«Социалдык маселелер, гендер жана жаштар   саясаты, спорт, билим берүү,  маданият жана

                                                 саламаттыкты сактоо боюнча» туруктуу комиссия

                                              

  1. Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу мекемелердин жүргүзүп жаткан иштери

                                                «Социалдык маселелер, гендер жана жаштар

                                                 саясаты, спорт, билим берүү,  маданият жана

                                                 саламаттыкты сактоо боюнча» туруктуу комиссия

 

 

  1.   5. Ар түрдүү маселелер.

 

 

 

          

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXVIII сессиясынын отурумунун 

                           

ТОКТОМУ

     2024-жылдын    1–февралы              № 28/2                               Өзгөн шаары     

Өзгөн шаарынын 2024-жылга карата бюджетинин  долбоорун  жана

2025-2026-жылдарга болжолун, бюджеттин 2023-жылдагы киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын бекитүү жөнүндө

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXVIII сессиясынын отуруму Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексине ылайык жана “Бюджет, салык жана финансы боюнча” туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 24-январындагы №1  протоколунун негизинде,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. 2024-жылга шаардын бюджетинин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттары 1-тиркемеге ылайык 163991,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
  2. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2025-жылга болжолу 2-тиркемеге ылайык 175966,9 миң сом, 2026-жылга болжолу 3-тиркемеге ылайык 193329,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
  3. Өзгөн шаардык мэриясы 2024-2026-жылдарга жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын каржылоону биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча жүргүзсүн.
  4. Шаардык бюджеттик мекемелерге, муниципалдык ишканаларга казыналыктын регионалдык бөлүмүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын жана башка кирешелерди чыгымдоого тыюу салынсын.
  5. Киреше булактарынан кармалган киреше салыгынан эсептеп өткөрүүлөр 100 пайыз шаардын бюджетине түшөөрү белгиленсин.
  6. Патент негизиндеги салык, мүлккө салык, юридикалык жана физикалык жактардан алынуучу жер салыгынан эсептеп өткөрүүлөр 100 пайыз шаардын бюджетине түшөөрү белгиленсин.
  7. 2024-жылга башкаруу органдарын каржылоого кетүүчү чыгымдар 30260,2 миң сом өлчөмүндө, анын ичинен Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 24-беренесине ылайык шаардык мэриянын резервдик фонду 2000,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
  8. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы №266 Жарлыгына ылайык төлөнүүчү төлөмдөрдү Өзгөн шаарынын 2024-жылга карата жергиликтүү бюджетинин эсебинен төлөөгө макулдук берилсин.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы №266 Жарлыгына ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин, Өзгөн шаардык мэриясынын кызматкерлеринин эмгек акысына (кызматтык маянасына) 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен ай сайын 70% үстөк, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы №266 Жарлыгына ылайык МММБ департаментинин, Капиталдык курулуш башкармалыгы муниципалдык ишканасынын, Өзгөн жашылдандыруу чарбасы муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин эмгек акысына (кызматтык маянасына) 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен ай сайын 50% үстөк, башкы эсепчи кызматында иштеген кызматчылардын эмгек акысына (кызматтык маянасына) 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен ай сайын 100% үстөк  төлөнсүн.

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги №240 токтомуна ылайык менчик жеке автомобилин кызматтык сапарларга пайдалангандыгы үчүн Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасына мэриянын транспорттук чыгымдар статьясынан каржылоого макулдук берилсин.
  2. Элге социалдык жактан колдоо көрсөтүү үчүн 272131 “Элге жеңилдиктер” статьясынан 2170,0 миң сом, 27216 “Өзгөчө кырдаалдан жабыр тарткандарга кайтарымсыз жардам” статьясынан 1500,0 миң сом  жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоого макулдук берилсин.
  3. 2024-жылдын 1-январына карата шаардык бюджет боюнча кассада
    жүргүзүлүүчү накталай акча 3000,0 миң сомдон кем эмес суммада белгиленсин.
  4. Өзгөн шаарынын 2023-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 176794,5 миң сомго, чыгаша бөлүгү 186916,1 миң сомго аткарылгандыгы бекитилсин. 2024-жылдын 1-январына карата шаардык бюджетте 16587,5 миң сом эркин калдык акча каражаты калганы эске алынсын.         
  5. Бюджеттик мекемелердин атайын эсебинде 2024-жылдын 1-январына карата 73,2 миң сом өлчөмүндөгү эркин калдык акча каражаты калганы эске алынсын жана мыйзамга ылайык ар бир бюджеттик мекеменин өзүнүн керектөөсүнө иштетилсин.
  6. Каражаттардын жетишпестигине байланыштуу 2022-жылдын жыйынтыгы менен 1-январь 2023-жылга шаардык бюджетте калган 25771,3 миң сом эркин калдыктын 19950,0 миң сому “Капиталдык курулуш башкармалыгы” муниципалдык ишканасына, 1560,0 миң сому Өзгөн шаардык мэриясына жана шаардык кеңешке, 4261,3 миң сому МММБ департаментине жана Өзгөн жашылдандыруу чарбасы муниципалдык ишканасына каржыланганы эсепке алынсын.
  7. 15. Өзгөн шаарынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышынын 2024-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин сессиясында отчет берүү Өзгөн шаар мэриясына милдеттендирилсин.
  8. Автотранспортту парковкалоо үчүн жыйым Өзгөн шаарынын аймагында бир парковка орду үчүн эсептик көрсөткүчтүн 10 пайызы өлчөмүндө бекитилсин.
  9. Бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүдө шаар мэриясы менен биргеликте иш жүргүзүү жагы Өзгөн шаардык кеңешинин “Бюджет, салык жана финансы боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
  10.   Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин “Бюджет, салык жана финансы боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
  11. Бул токтом жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-январынан күчүнө кирет.

 

 

Төрага                                           А. Хасанов

 

 

 

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) 2024-жылдын 1-февралындагы кезектеги XXVIII сессиясынын  №28/2 токтомунун 1-тиркемеси

Өзгөн шаарынын 2024-жылга карата бюджетинин долбоору

Кирешелер

Суммасы, миң сом

1

Киреше булактарынан кармалган киреше салыгы

103694,0

2

Патент негизиндеги салык

35165,0

3

Турак-жай эмес мүлккө салык

1 307,3

4

Турак жайга же жайга мүлк салыгы

50,0

5

Транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык

4 130,0

6

Тамарка жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы

2 310,0

7

Айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы

-

8

Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы

4885,5

9

Акиташ, курулуш ташы

100,0

10

Беттегич таштар

200,0

11

Жер асты байлыктарын пайдаланууга алынган лицензияны кармап турганы үчүн жыйым

41,0

12

Жер үчүн ижара акы

2 519,4

13

Автотранспортту парковкалоо үчүн жыйым

485,0

14

Калктуу пункттардын таштандысын чыгаруу үчүн жыйым

35,0

15

Алкоголдук продукцияны сатууга лицензия алган субьекттерден этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти ишке ашыруу үчүн жыйым

10,0

16

Атайын каражаттар салыгын кошпогондо кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр

9 059,0

 

КИРЕШЕЛЕРДИН ЖЫЙЫНТЫГЫ:

163991,2

 

 

 

Чыгашалар

миң сом

1

Мамлекеттик башкаруу

28260,2

2

Шаар мэриясынын резервдик фонду

2000,0

3

Турак-жай чарбасы

98481,2

4

Маданият бөлүмү

4181,7

5

Билим берүү бөлүмү

27398,1

6

Социалдык коргоо бөлүмү

3670,0

 

ЧЫГАШАЛАРДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ:

163991,2

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) 2024-жылдын 1-февралындагы кезектеги XXVIII сессиясынын №28/2 токтомунун 2-тиркемеси

Өзгөн шаарынын 2025-жылга карата бюджетинин болжолу

Кирешелер

Суммасы, миң сом

1

Киреше булактарынан кармалган киреше салыгы

115619,0

2

Патент негизиндеги салык

35165,0

3

Турак-жай эмес мүлккө салык

1 307,3

4

Турак жайга же жайга мүлк салыгы

50,0

5

Транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык

4 130,0

6

Тамарка жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы

2 310,0

7

Айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы

20,7

8

Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы

4885,5

9

Акиташ, курулуш ташы

100,0

10

Беттегич таштар

230,0

11

Жер асты байлыктарын пайдаланууга алынган лицензияны кармап турганы үчүн жыйым

41,0

12

Жер үчүн ижара акы

2 519,4

13

Автотранспортту парковкалоо үчүн жыйым

485,0

14

Калктуу пункттардын таштандысын чыгаруу үчүн жыйым

35,0

15

Алкоголдук продукцияны сатууга лицензия алган субьекттерден этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти ишке ашыруу үчүн жыйым

10,0

16

Атайын каражаттар салыгын кошпогондо кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр

9 059,0

 

КИРЕШЕЛЕРДИН ЖЫЙЫНТЫГЫ:

175996,9

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин

жооптуу катчысы                                                                        Д.Турдахунов

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) 2024-жылдын 1-февралындагы кезектеги XXVIII сессиясынын №28/2 токтомунун 3-тиркемеси

 

                       Өзгөн шаарынын 2026-жылга карата бюджетинин болжолу

Кирешелер

Суммасы, миң сом

1

Киреше булактарынан кармалган киреше салыгы

132962,0

2

Патент негизиндеги салык

35165,0

3

Турак-жай эмес мүлккө салык

1 307,3

4

Турак жайга же жайга мүлк салыгы

50,0

5

Транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык

4 130,0

6

Тамарка жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы

2 310,0

7

Айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы

20,7

8

Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы

4885,5

9

Акиташ, курулуш ташы

100,0

10

Беттегич таштар

249,8

11

Жер асты байлыктарын пайдаланууга алынган лицензияны кармап турганы үчүн жыйым

41,0

12

Жер үчүн ижара акы

2 519,4

13

Автотранспортту парковкалоо үчүн жыйым

485,0

14

Калктуу пункттардын таштандысын чыгаруу үчүн жыйым

35,0

15

Алкоголдук продукцияны сатууга лицензия алган субьекттерден этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти ишке ашыруу үчүн жыйым

10,0

16

Атайын каражаттар салыгын кошпогондо кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр

9 059,0

 

КИРЕШЕЛЕРДИН ЖЫЙЫНТЫГЫ:

193329,7

 

Өзгөн шаардык кеңешинин

жооптуу катчысы                                                                        Д.Турдахунов

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXVIII сессиясынын отурумунун 

                           

ТОКТОМУ

     2024-жылдын    1–февралы              № 28/3                               Өзгөн шаары

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) туруктуу комиссияларынын сандык жана сапаттык курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXVIII сессиясынын отурумунун күн тартибине Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин фракцияларынын сунуштарынын жана «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик  мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика,  депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 26-январындагы №1 протоколунун негизинде киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) туруктуу комиссияларынын сандык жана сапаттык курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик  мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика,  депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага                                                                                   А. Хасанов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 Өзгөн шаардык кеңешинин 2024-жылдын

1-февралындагы кезектеги XXVIII сессиясынын №28/3 токтомунун тиркемеси

 

ӨЗГӨН  ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН

ТУРУКТУУ КОМИССИЯЛАРЫНЫН КУРАМЫ

                                                

  • «Бюджет, салык, финансы, экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча» туруктуу комиссиясы:
  1. Сабиров Санжарбек Сабирович
  2. Каримов Отабек Тохтасинович
  3. Абдукаримов Бахадыржан Ибрахимжанович

           4.Салиев Сардарбек Камбаралиевич

  1. Абдукаримов Тохтасин Акбаржанович

           6.Базарбаева Арапатхан Турсунбаевна

  1. Кадиркулов Кодиржон Махамаджанович

 

2) «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясы:

  1. Абдурахманов Хатамжан Номанджанович
  2. Джумаев Хуршид Абдухалилович
  3. Умаров Эгамберди Мухтаржанович
  4. Маматкасимов Сарвар Маматсадыкович
  5. Камбаров Сайдулла Мамасабирович

 

3) «Социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты, спорт, билим берүү, туризм, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча» туруктуу комиссиясы:

  1. Дехканбаева Малохатхон Хашимовна
  2. Султанов Улугбек Адылжанович

3.Маткабылова Мухайе Тохтасиновна

  1. Сотволдиев Равшанбек Абдулхамитович
  2. Мавлянов Хожиакбар Патийдинович

 

4) «Өнөр-жай, транспорт, архитектура жана курулуш, байланыш, энергетика, орто жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясы:                                         

  1. Эргашева Гулбахор Абдулхамитовна
  2. Ахмеджанова Гулнара Джабаралиевна
  3. Шарипов Бегзод Кабылжанович
  4. Рахимов Равшанбек Инамжанович
  5. Имьяминов Йулчибой Таджимахаматович
  6. Юсупжанов Дилшод Ахмаджанович

 

5) «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик  мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясы:           

  1. Киргизбаев Муратжан Мадаминжанович
  2. Шамуратов Улугбек Юлдашбаевич
  3. Тапивалдиев Шерзат Турсунбаевич
  4. Абдулхамедов Мухтаржон Мухаммаджанович
  5. Салиев Бехзод Баходирович

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXVIII сессиясынын отурумунун 

                           

ТОКТОМУ

     2024-жылдын    1–февралы             № 28/4                               Өзгөн шаары

 

       Өзгөн шаарында “Муниципалдык менчикте турган мүлктү

эсептен чыгаруунун тартибин бекитүү жөнүндөгү” Жобону бекитүү

 

        Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXVIII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик  мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларынын 2024-жылдын 26-январындагы биргелещкен отурумунун №1 протоколунун негизинде,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

        1.Өзгөн шаарында “Муниципалдык менчикте турган мүлктү эсептен чыгаруунун тартибин бекитүү жөнүндөгү” Жобо депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен тиркемеге ылайык бекитилсин.

        2.Өзгөн шаарында муниципалдык менчикте турган мүлктү эсептен чыгарууну Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына жана бекитилген жобого ылайык жүргүзүү жагы МММБ департаментинин директору М.Койчукуловго милдеттендирилсин.

       3.Өзгөн шаардык кеңешинин 2019-жылдын 26–декабрындагы Өзгөн шаарынын муниципалдык менчигиндеги негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жана муниципалдык менчиктеги автотранспорт каражаттарын сатуу жана баланстан чыгаруу тартиби жөнүндөгү жоболорду бекитүү жөнүндөгү № 21/2  токтому күчүн жоготту деп табылсын.

      4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик  мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

   

Төрага                                                                                        А. Хасанов

 

Өзгөн шаардык кеңешинин 2024-жылдын

1-февралындагы кезектеги XXVIII сессиясынын № 28/4 токтомунун тиркемеси

 

Өзгөн шаарынын “Муниципалдык менчикте турган мүлктү эсептен чыгаруунун тартибин бекитүү жөнүндөгү” Жобосу

 

1-бөлүм. Жалпы жоболор

 

  1. Ушул муниципиалдык менчикти эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө Жобо (мындан ары-Жобо) “Мүлккө муниципиалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык иштелип чыккан, муниципиалдык менчикте турган мүлктөрдү эсептен чыгаруунун тартибин аныктайт.
  2. Ушул Жобо муниципиалдык менчикте турган, ошондой эле чарбалык башкаруу же оперативдүү башкаруу укугунда муниципиалдык ишканаларга бекитилген жана муниципиалдык ишканалар тарабынан-оперативдик башкаруу укугунда же башка юридикалык жана физикалык жактарга колдонууга берилген мүлктүн бардык түрүнө таралат.

Наркы 100 эсептик көрсөткүчтөн аз муниципалдык ишканаларга бекитилип берилген муниципиалдык мүлк ишканалардын бухгалтердик эсепке алуу эрежелерине ылайык өз алдынча эсептен чыгарылууга тийиш.

  1. Бул Жобонун күчү пайдалуу казып алууларга, автордук укуктарга, лицензияларга, патенттерге, франшизаларга, соода маркаларына, гудвилдерге, программалык камсыздоолорго карата жайылтылбайт.
  2. Бул Жободо мүлктү эсептен чыгаруу дегенде иш аракеттердин топтому түшүндүрүлөт, ал максаттуу багыты боюнча колдонуу жана (же) керектөө касиетин толук же жарым-жартылай жоготуунун кесепетинде мүлктү андан ары колдонууга жараксыз деп таанууга, анын ичинде физикалык жана моралдык эскирүү, кыйроо же бузулуунун кесепетинен тескөөдөн, колдонуудан чыккан, ошондой эле анын турган жерин аныктоо мүмкүн эместикке байланыштуу каралат.
  3. Ушул Жобого ылайык кийинки мүлк эсептен чыгарууга жатат:

1) пайдалуу кызматынын мөөнөтү бүткөн мүлк, ошондой эле пайдалуу касиеттерин толук же жарым-жартылай жоготуунун, анын ичинде физикалык же моралдык эскирүүнүн кесепетинен андан ары максаттуу багыты боюнча пайдаланууга жараксыз мүлк;

2) калыбына келтирүү мүмкүн эмес же экономикалык жактан колдонуу максаттуу эмес мүлк;

3) кыйроо же бузулуунун натыйжасында, анын ичинде менчик ээсинин эркинен тышкары, ошондой эле анын турган жерин аныктоо мүмкүн эместигинин кесепетинен ээликтен, пайдалануудан жана тескөөдөн чыгып кеткен мүлк;

4) кыйраган же авариялык кыймылсыз мүлк, анын ичинде бузулууга тийиш болгон бүтө элек курулуш объектилери.

  1. Муниципалдык мүлктү калыбына келтирүү мүмкүн болбогон же экономикалык жактан максатка ылайыксыз учурларда, ошондой эле ал белгиленген тартипте жеке же юридикалык жактарга сатылышы мүмкүн болбогон учурларда гана эсептен чыгарылууга тийиш.
  2. Техникалык жактан бекем жана андан ары пайдаланууга жарактуу мүлктүн наркынын 100 пайыз өлчөмүндө чегерилген амортизация, толук эскирүүнүн эсебинен, аны эсептен чыгарууга негиз боло албайт. Мындай мүлктүн иштөө мөөнөтү техникалык уюмдардын же тиешелүү билими бар адистин маалымкатынын негизинде белгиленет. Аталган мүлктүн баланстык наркы өздүк наркы боюнча белгиленет, андан аркы амортизация линиялык ыкма боюнча жүргүзүлөт.
  3. Мыйзамда белгиленген тартипте арестке алынган же мыйзам чегинде бекитилген тартипте өндүрүп алууга коюлган мүлк, ошондой эле күрөөгө коюлган мүлктү эсептен чыгарууга болбойт.
  4. Нормативдик кызматтык мөөнөтү өтө элек, бирок инвентаризациянын жыйынтыгында саны чыкпай калган мүлктөрдү эсептен чыгаруу, жарактан чыккан абалга келтирген жактын эсебинен берилген мүлктүн базар баасындагы көлөмдө төлөмдү жүргүзгөндөн кийин (форс-мажордук кырдаалдарды эсепке албаганда) ишке ашат. Мындан тышкары, мүлктү эсептен чыгарып салуу аны калыбына келтирүү мүмкүн эмес болгон учурда же экономикалык жактан ылайыксыз учурларда гана эсептен чыгарылууга тийиш.
  5. Эсептен чыгаруу жол-жобосу менен байланышкан бардык чыгымдар жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

 

2-бөлүм. Муниципалдык менчикти эсептен чыгаруунун тартиби

 

  1. Мүлктүн андан ары пайдаланууга жараксыздыгын, аны калыбына келтирүү мүмкүн эместигин же экономикалык натыйжасыздыгын аныктоо, ошондой эле эсептен чыгарууга документтерди тариздөө үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы тарабынан анын курамында туруктуу иштөөчү жумушчу комиссия (мындан ары – комиссия):

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын орун басары (комиссиянын төрагасы);

- муниципиалдык мүлктүн эсеби үчүн жооптуулардан, адистерден;

-зарылдыгына жараша кызматтарды көрсөтүү үчүн жабдуулардын үстүндө сервистик кызматтарды жүргүзүүнү ишке ашыруучу уюмдардын техникалык адистеринен, же тийиштүү техникалык адистерден;

- жергиликтүү кенештин депутаттарынан;

- бул мүлктүн сакталышы үчүн жоопкерчилик жүктөлгөн жактардан түзүлөт.

Комиссиянын курамы 5 адамдан кем болбоого, саны так эмес болууга тийиш.

  1. Комиссияны төрага жетектейт, ал Комиссиянын ишине жалпы жетекчилик кылат, талаш маселелерди талкуулоодо коллегиялуулукту камсыз кылат, милдеттерди бөлүштүрөт жана Комиссиянын мүчөлөрүнө тапшырмаларды берет. Комиссия жыйындарды зарылдыгына жараша өткөрөт. Комиссия тарабынан ага берилген документтерди кароо мөөнөтү 30 күндөн ашпоого тийиш. Комиссиянын жыйналышы комиссиянын курамынын бардык мүчөлөрү катышканда укук ченемдүү болот.
  2. Комиссия төмөнкү ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат:

1) эсептен чыгарылууга тийиш болгон мүлктү керектүү техникалык документтерди, ошондой эле бухгалтердик эсептин маалыматтарын пайдалануу менен карап чыгат;

2) мүлктү андан ары пайдалануунун максатка ылайыктуулугу (жарактуулугу), аны калыбына келтирүүнүн мүмкүнчүлүгү жана натыйжалуулугу, мүлктөн айрым түйүндөрдү, тетиктерди, конструкцияларды жана материалдарды пайдалануу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселе боюнча чечим кабыл алат;

3) эгерде эсептен чыгаруу объектиси атайын аппаратура же жабдуу болсо, мүлктүн жараксыздыгы жөнүндө корутунду берүү үчүн тиешелүү уюмдардын адистерин милдеттүү түрдө тартат;

4) мүлктү эсептен чыгаруунун себептерин белгилейт, анын ичинде керектөө касиеттерин толук же жарым-жартылай жоготуу, анын ичинде физикалык же моралдык эскирүүнүн натыйжасында; авариянын, табигый кырсыктын жана башка өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен бузулуу; калыбына келтирүү мүмкүн болбогон же калыбына келтирүү экономикалык жактан максатка ылайыксыз; жок болуунун же жок кылуунун натыйжасында, анын ичинде менчик ээсинин эркинен тышкары, ошондой эле анын турган жерин аныктоо мүмкүн эместигинин натыйжасында ээликтен, пайдалануудан жана тескөөдөн чыгып кеткендер, кыймылсыз мүлктүн эскириши же кыйрашы жана мүлктү эсептен чыгаруу зарылчылыгына алып келген башка себептер;

5) Бул Жобонун тиркемесине ылайык мүлктү эсептен чыгаруу жөнүндө акт түзөт.

  1. Мүлктү калыбына келтирүүнүн (оңдоонун, реконструкциялоонун, модернизациялоонун) мүмкүн эместигин же максатка ылайыксыздыгын андан ары пайдаланууга аныктоо мүмкүн болбогондо, ЖӨБО муниципалдык уюмдардын адистештирилген тармактык техникалык кызматтарын же экспертиза жүргүзүүгө укугу бар адистештирилген уюмдарды же тиешелүү тармакта атайын билими бар адисти (мындан ары – техникалык эксперт) тартат.
  2. Мүлктү эсептен чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуу максатында изилденүүчү материалдык баалуулуктар үчүн түздөн-түз материалдык жоопкерчилик менен байланышкан милдеттер жүктөлгөн адам техникалык эксперт боло албайт. Техникалык эксперттин, ошондой эле эсептен чыгарылган мүлктү же анын тетиктерин демонтаждоону, жоюуну, утилдештирүүнү жүзөгө ашыруучу уюмдардын кызматтарын тандоо мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
  3. Эсептен чыгаруу актысында мүлк жөнүндө төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:

- катар номери;

- объектин аталышы;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан ыйгарылган мүлктүн инвентардык номери (МИН);

- объект пайдаланууга берилген жыл (чыгарылган жылы);

- мүлктүн баштапкы наркы (кайра баалоо үчүн-калыбына келтирүүчү баасы);

- эсептен чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган учурдагы объекттин калдык наркы;

- ошол объект үчүн белгиленген жарактуу пайдалануу мөөнөтү жана эсептен чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган учурга карата иш жүзүндө пайдалануу мөөнөтү;

- чегерилген амортизация;

- жүргүзүлгөн капиталдык оңдоолордун саны жана чыгымдардын суммасы;

- мүлктү эсептен чыгаруунун себеби, алардын негизги бөлүктөрүнүн, тетиктеринин, түйүндөрүнүн, конструкциялык элементтеринин абалы;

- ар кандай позициялардан (экиден кем эмеспозициялардан) эсептен чыгарылууга тийиш болгон объекттердин фотосүрөттөрү).

  1. Мүлктүн төмөнкү түрлөрүн эсептен чыгарууда ушул Жобонун 16-пунктунда көрсөтүлгөн документтерге кошумча актыга төмөнкү документтер тиркелет:

1)транспорт каражатын эсептен чыгарууда транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк;

2) транспорт каражатын, авариялык, эски кыймылсыз мүлктү, техниканы жана жабдууларды эсептен чыгарууда техникалык эксперттин корутундусу Кыргыз Республикасынын аймагында тиешелүү ишти жүзөгө ашыруу боюнча анын ыйгарым укуктарын ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө аркылуу жүргүзүлөт.

  1. Мүлктү эсептен чыгарууда агрегаттарга, бөлүктөргө, бирдиктерге техникалык мүнөздөмө берилип жана ажыратуудан келип чыккандан кийинки негизги бөлүктөргө жана бирдиктерге мындан аркы колдоонууга мүмкүнчүлүктөр берилиши мүмкүн. Андан ары колдонууга жарактуу тетиктер, бөлүктөр жана агрегаттар нөлдүк наркы боюнча тиешелүү эсептер боюнча кириштелүүгө же ишке ашырылууга тийиш.

Бөлүктөргө ажыратылган мүлктүн пайдаланууга жараксыз бирдиктери, агрегаттары жана тетиктери экинчи чийки зат (макулатура, металл сыныктары, отун, айнек, пластмасса ж.б.) катары сатылууга же керектөө калдыктары катары утилизацияланууга жатат.

  1. Жараксыз абалга келген же авариялардын, өрттүн, табигый кырсыктардын натыйжасында жоголгон мүлктү эсептен чыгарууда Комиссия көрсөтүлгөн жагдайларды ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн кошумча берет.

Эски жана авариялык кыймылсыз мүлктү, анын ичинде муниципалдык турак жай фондуна кирген мүлктү эсептен чыгаруу жана бузуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-августундагы №518 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын аймагындагы эски, авариялык абалдагы имараттарды жана курулмаларды бузуу тартиби жөнүндөгү” Жободо белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

  1. Атайылап жок кылуунун, бузуунун, уурдоонун натыйжасында жараксыз абалга келген жана (же) иш жүзүндө колдонуу мөөнөтү пайдалуу мөөнөттөн ашпаган мүлктү эсептен чыгаруу үчүн комиссия төмөнкүлөрдү кошумчалайт:

1) күнөөлүү адамдарды көрсөтүү менен объектти талаптагыдай эмес пайдалануу (сактоо) жөнүндө комиссиянын корутундусу;

2) негизги каражаттардын объектисинин бузулушуна жол берген күнөөлүү жактарга карата көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымат, ырастоочу документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен (күнөөлүү жактар аныкталган учурда);

3) жазык ишин козгоо же токтотуу жөнүндө токтомдун көчүрмөсү (бар болсо), мүлктү жоготуу фактысын ырастоочу башка документтер же уюмдун кызыкчылыктарын коргоо же келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча чараларды көрүү жөнүндө башка документтер;

4) келтирилген зыяндын наркы жөнүндө маалымкат;

5) күнөөлүү адамдардын зыяндын ордун толтуруусу жөнүндө маалымкат;

6) пайдалуу колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин объекттерди эсептен чыгарууга себеп болгон себептерди толук түшүндүрүү менен маалымкат (күнөөлүү адамдар жок болгон учурда).

  1. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча комиссиянын протоколу түзүлөт, ага төмөнкүлөр тиркелет:

- эсептен чыгарууга сунушталган мүлктү инвентаризациялоо актысы;

- мүлктү эсептен чыгаруу актылары;

-башка документтер (авария жөнүндө актынын көчүрмөсү, тиешелүү экспертизалардын жыйынтыктары ж.б.).

  1. Комиссиянын протоколу эсептен чыгарылган мүлктү тескөө ыкмасы (жок кылуу, өткөрүп берүү, ажыратуу ж.б.), объекттин айрым түйүндөрүн, деталдарын, материалдарын жана агрегаттарын андан ары пайдалануу жөнүндө чечимди, ошондой эле комиссиянын корутундусу боюнча эсептен чыгаруу максатка ылайыксыз болуп саналган мүлктү андан ары пайдалануу жөнүндө сунушту камтууга тийиш.
  2. Комиссия тарабынан мүлктүн кемип чыгышына, кайра топтолуп жана бузулушуна тиешеси бар жактар аныкталганда алардын күнөөсү соттун чечиминин (өкүмүнүн) негизинде гана аныкталат. Зыяндардын өлчөмү жана келтирилген зыяндардын суммасынын ордун толтуруу механизми Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.

24.Комиссиянын жыйынынын протоколу, ушул Жобонун 20-пунктунда көрсөтүлгөн, 100 эсептик көрсөткүчкө чейинки сатып алуу наркы боюнча мүлктү эсептен чыгаруу боюнча документтерди тиркөө менен (имараттардан, курулмалардан жана транспорт каражаттарынан тышкары) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысына мүлктү эсептен чыгаруу жөнүндө буйрук чыгаруу үчүн берилет.

  1. жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы мүлктү эсептен чыгаруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн, эгерде:

- мүлк ушул Жобонун 4-пунктунда аныкталган талаптарга жооп бербесе;

- эксперттик корутундуда эсептен чыгарууга сунушталган мүлктү пайдалануунун башка жолдору аныкталганда;

- ушул Жободо каралган документтер Комиссия тарабынан белгиленген талаптарды бузуу менен берилсе;

- мүлктү эсептен чыгаруунун максатка ылайыктуулугунун экономикалык негиздемесинде эсептен чыгаруунун зарылдыгын тастыктаган экономикалык жана (же) техникалык эсептөөлөр жок болсо;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бул мүлктү эсептен чыгарууга тиешелүү чектөөлөр белгиленген.

  1. Эсептен чыгаруу жөнүндө актыда каралган иш-чаралар (негизги каражаттарды ажыратуу, демонтаждоо, утилизациялоо) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын мүлктү эсептен чыгаруу жөнүндө буйругу чыккан күндөн тартып эки айдан кечиктирилбестен милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
  2. Утилизациялоого тийиш болгон мүлк менен иш жүзүндөгү жана юридикалык аракеттер жүзөгө ашырылгандан кийин бул мүлк жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын балансынан чыгарылат, мүлктү эсептен чыгаруу фактысы белгиленген тартипте муниципалдык мүлктүн реестринде чагылдырылат.
  3. Транспорт каражаты эсептен чыгарылгандан кийин ЖӨБО тиешелүү каттоо органдарында – салык органында, статистика органында, Мамлекеттик “УНАА” ишканасында транспорт каражатынын эсептен чыгарылышын ырастоочу жол-жоболорду кошумча жүргүзүүгө милдеттүү.
  4. Мүлктү эсептен чыгаруу боюнча иш-чаралардын толук жана туура жүргүзүлүшү, документтик тариздөө жана финансылык эсептөөлөр үчүн жоопкерчиликти жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы алат.
  5. Эсептен чыгарылган мүлктү сатуудан түшкөн акча каражаттары жергиликтүү бюджетке түшөт.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

  

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXVIII сессиясынын отурумунун 

                           

ТОКТОМУ

     2024-жылдын    1–февралы             № 28/5                              Өзгөн шаары

Өзгөн шаарында таза суу тарифине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

        Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык “Бюджет, салык жана финансы боюнча” туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 24-январындагы  №1 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1.     Өзгөн шаарынын аймагында жайгашкан мечиттерге 1 м3 таза суу тарифин 95 сомдон 37,06 сомго түшүрүүгө макулдук берилсин.
  2.     Бекитилген тарифтер боюнча элге түшүндүрүү иштерин алып баруу, Кыргыз Республикасынын Бааларды жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиги менен макулдашуу, 2024-жылдын 1-январынан ишке киргизүү Өзгөн-Таза-суу муниципалдык ишканасынын директору А.Дүйшеевге милдеттендирилсин.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин “Бюджет, салык жана финансы боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                   А. Хасанов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXVIII сессиясынын отурумунун 

                           

ТОКТОМУ

     2024-жылдын    1–февралы               № 28/6                               Өзгөн шаары

Өзгөн шаарында калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымды киргизүү жөнүндө

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXVIII сессиясынын отуруму Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө” Кодексине ылайык жана “Бюджет, салык жана финансы боюнча” туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 24-январындагы №1  протоколунун негизинде,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

       1.Өзгөн шаарында таштанды чыгаруу үчүн жыйым ставкасы бюджеттик, мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-уюмдардын (билим берүү тармагындагы кызматкерлерден сырткары) ар бир кызматкерине жылына 50 сом, бюджеттик эмес жана коммерциялык мекеме-уюмдардын (банк, ААК, ЖЧК, коомдук тамактануучу жайлар жана башкалар) ар бир кызматкерине жылына 100 сом өлчөмүндө белгиленсин. Бул жыйымды төлөө мөөнөтү 2024-жылдын 1-июлуна чейин деп белгиленсин.

  1. Бул жыйым боюнча салык төлөөчүлөргө толук маалымат жеткирүү жана бюджетке толук түшүүсүн көзөмөлдөө Өзгөн шаардык экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилсин, аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри З.Каримовго тапшырылсын.
  2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин “Бюджет, салык жана финансы боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага                                                                                   А. Хасанов

 

 

 

 

 

 

 

p class=params-