- Подробности
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезексиз XVIсессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2019-жылдын2 - марты№ 16/1Өзгөн шаары
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын)
туруктуу комиссияларынын сандык жана сапаттык курамын бекитүү жөнүндө
- Подробности
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XIV сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2018-жылдын 27-октябры № 14/ 1 Өзгөн шаары
Өзгөн шаар мэринин 2018-жылдын 6 айы ичинде аткарган иштери жөнүндөгү отчету
- Подробности
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XII сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2018-жылдын 9-августу № 12/1 Өзгөн шаары
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 24-майындагы №107 токтому жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 24-майындагы №107 токтомунун негизинде
- Подробности
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезексиз X сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
1-февраль 2018-жыл № 10/1 Өзгөн шаары
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) 2018-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезексиз X сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 1. Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) 2018-жылга карата иш планы депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен бекитилсин.
- Иш-планда бекитилген маселелерди сессиянын отурумуна даярдоодо Өзгөн шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына көмөк көрсөтүү жагы Өзгөн шаардык кеңешинин аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы А. Джалиловго тапшырылсын.
Төрага А. Джалилов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) 2018-жылга
карата иш-планы
I квартал:
Январь айында:
- Өзгөн шаарынын 2017-жылдагы бюджетинин аткарылышын жана 2018-жылга карата бюджетинин долбоорун бекитүү
«Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссия
- Ар түрдүү маселелер.
Февраль айында:
1.Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасынын 2017-жылда аткарган иштери жөнүндөгү отчету
- Өзгөн шаардык кеңешинин 2018-жылга карата иш-планын бекитүү.
- Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын шаар тургундарына эс алууга шарт түзүүдө жүргүзүп жаткан иштери жана борбордук стадиондун ар түрдүү спорттук мелдештерди өткөрүүгө түзүлгөн шарты
«Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссия
- Ар түрдүү маселелер.
Февраль-март айында:
- Өзгөн шаар мэринин 2017-жылда аткарган иштери жөнүндөгү отчету
- Өзгөн шаарынын 2018-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасы
«Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссия
- Ар түрдүү маселелер.
II квартал:
Апрель айында:
- Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу мекемелердин жүргүзүп жаткан иштери
«Социалдык маселелер, гендер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты жана спорт боюнча» туруктуу комиссия
2.«Өзгөн Таза Суу» муниципалдык ишканасынын шаардын калкын таза суу менен камсыз кылууда жүргүзүп жаткан иштери
«Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча туруктуу комиссия
- Ар түрдүү маселелер.
Май айында:
1.Өзгөн райондук паспорт виза бөлүмүнүн шаардын калкын тейлеп, кызмат көрсөтүүдө жүргүзүп жаткан иштери
«Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссия
- Өзгөн шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын шаардын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртууда жүргүзүп жаткан иштери
«Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча туруктуу комиссия
- Ар түрдүү маселелер.
III квартал:
Август айында:
- Өзгөн шаар мэринин 2018-жылдын 6 айы ичинде аткарган иштери жөнүндөгү отчету
- Өзгөн шаардык бюджетинин 2018-жылдын 6 айы ичинде аткарылышы «Бюджет, салык жана экономика саясаты» боюнча туруктуу комиссия.
- Ар түрдүү маселелер.
IV квартал:
Октябрь айында:
- РЭТ ишканасынын шаардын калкын тейлөөдө жүргүзүп жаткан иштери
«Өнөр-жай, транспорт, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, байланыш жана энергетика боюнча» туруктуу комиссия
- Ар түрдүү маселелер.
Декабрь айында:
- Шаардагы коомдук уюмдардын жүргүзүп жаткан иштери (аксакалдар соту, аялдар, жаштар комитети)
«Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссия
- Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасынын 2018-жылда аткарган иштери жөнүндөгү отчету
- Ар түрдүү маселелер.
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезексиз X сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
1-февраль 2018-жыл № 10/2 Өзгөн шаары
«Өзгөн шаарынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезексиз X сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 1-февралындагы №2 отурумунун жана эсеп комиссиясынын №3 протоколдорунун негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Өзгөн шаарында коомдук тартипти сактоодо, атуулдардын коопсуздугун камсыз кылууда, улуттар аралык мамилени чыңдоодо кошкон зор салымы үчүн Асанов Курсан Сатаровичке «Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
- «Өзгөн шаарынын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылган жаранга «Өзгөн шаарынын ардактуу атуулу» наамын ыйгарылгандыгын тастыктоочу документтерди даярдоо жагы Өзгөн шаардык кеңешинин аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А. Джалилов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XI сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2018-жылдын 14-апрели № 11/1 Өзгөн шаары
Өзгөн шаар мэринин 2017-жыл ичинде аткарган иштери
жөнүндөгү отчету
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XI сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген «Өзгөн шаар мэринин 2017-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндөгү отчету» боюнча Өзгөн шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Р. Атаджановдун маалыматын угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Өзгөн шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүн камсыз кылууда Өзгөн шаар мэриясынын 2017-жылда жүргүзгөн иштери кетирилген кемчилдиктер менен эске алынсын.
- Отчетту талкуулоонун жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштардын негизинде, кетирилген кемчилдиктерди жоюу боюнча иш-чара иштеп чыгуу жана анын аткарылышы боюнча шаардык кеңештин сессиясында отчет берүү жагы Өзгөн шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Р.Атаджановго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасына тапшырылсын.
Төрага А. Джалилов
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XI сессиясынын отурумунун
ТОКТОМУ
2018-жылдын 14-апрели № 11/2 Өзгөн шаары
Өзгөн шаарынын 2018-2022-жылдарга карата социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасынын стратегиялык планынын долбоорун жана Өзгөн шаарынын 2018-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XI сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Өзгөн шаарынын 2018-2022-жылдарга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасынын стратегиялык планынын долбоору депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен тиркемеге ылайык бекитилсин (программа тиркелет).
- Өзгөн шаарынын 2018-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасы депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен бекитилсин. Өзгөн шаарынын 2018-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасын аткарууга жергиликтүү бюджеттен 43835,6 миң сом жана 2018-жылдын 1-январына калган эркин калдыктан 2995,9 миң сом каралганы эске алынсын (Титулдук тизме тиркелет).
- Программаларда белгиленген милдеттердин аткарылышын камсыз кылуу жана аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Өзгөн шаардык кеңешине маалымат берип туруу жагы Өзгөн шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Р.Атаджановго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А. Джалилов