Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз XIX сессиясынын отурумунун 

 

ТОКТОМУ

     2023-жылдын  22– марты                    № 19/2                         Өзгөн шаары

Өзгөн шаарында укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиянын жобосун жана комиссия курамын бекитүү

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз XIX сессиясынын отуруму Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексине, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 24-январындагы Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу №35 токтомуна ылайык  Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик  мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика,  депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 9-мартындагы отурумунун № 4 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Өзгөн шаарында Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиянын жобосу 1-тиркемегеылайык бекитилсин.
  2. Өзгөн шаарынын Укук бузуулар боюнча комиссиясы 9 адамдан түзүлүп, курамы 2-тиркемегеылайык бекитилсин.

 

  1. Комиссияга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексине жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына ылайык иш жүргүзүү милдеттендирилсин.
  2. Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) 2018-жылдын 20-декабрындагы Өзгөн шаарында бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия тууралуу жобону жана бузуулар боюнча комиссия курамын бекитүү жөнүндөгү №15/6 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                      А.Хасанов

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин

(VII чакырылышынын) 2023-жылдын

22-мартындагы кезексиз

XIX сессиясынын

№19/2 токтомунун

1-тиркемеси

Өзгөн шаардык мэриясынын укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиясы жөнүндө  жобосу

  1. Жалпы жоболор
  2. Өзгөн шаардык мэриянын укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссия жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине(мындан ары - Кодекс) ылайык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Өзгөн шаардык мэриянын “Укук бузуулар боюнча комиссиясын” (мындан ары - Комиссия) түзүүнүн жана ишинин бирдиктүү тартибин аныктайт.
  3. Комиссиянын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- укук бузуулар жөнүндө кароого келип түшкөн ар бир иштин жагдайын өз убагында, ар тараптуу, толук жана объективдүү аныктоо;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык укук бузуулар жөнүндө иштерди так чечүү;

- чыгарылган чечимдин аткарылышын контролдоо, ошондой эле укук бузууларды жасоого өбөлгө түзгөн себептерди жана шарттарды аныктоо.

  1. Комиссия туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп саналат, анын сандык жана жеке курамы ыйгарым укуктуу органдын чечими менен, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында - жергиликтүү кеңештердин чечими менен бекитилет.
  2. Комиссиялардын иши мыйзамдуулуктун, мыйзам алдындагы теңдиктин, күнөөсүздүктүн презумпциясынын, бузуу үчүн жоопкерчиликтин сөзсүз боло тургандыгын, адилеттүүлүктүн, жазаларды жекелештирүүнүн жана гуманизмдин принциптерине негизденет.
  3. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
  4. Комиссиянын ишин түзүүнүн жана токтотуунун тартиби
  5. Ыйгарым укуктуу органдар өздөрүнүн чечимдери менен укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө жана токтомдорду чыгарууга, Кодекстекаралган учурларда жазаларды колдонууга ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмегин аныктайт жана укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укук берилген туруктуу комиссияларды түзөт.
  6. Комиссиялар өздөрүнүн ишкердик, жеке жана моралдык сапаттары, ден соолугунун абалы боюнча комиссияларга жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын (кызматкерлеринин) ичинен түзүлөт.
  7. Комиссия 3төн 9 адамга чейин так санда түзүлөт, анын курамына Комиссиянын төрагасы, мүчөлөрү, катчысы кирет жана төмөнкүлөрдөн түзүлөт:

- бөлүмдөрдүн жетекчилери же алардын орун басарлары;

- ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери (кызматчылары).

  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Комиссиясынын курамына төмөнкүлөр кирет:

- муниципалдык кызматчылар;

- аймактык мамлекеттик органдардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).

  1. Төмөнкү адам Комиссиянын мүчөсү боло албайт:

- ага карата кылмыш-жаза куугунтуктоосу (кылмыш-жаза иши) реабилитацияланбаган негиздер боюнча токтотулган, кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылган;

- ден соолугунун абалы медициналык корутундуга ылайык Комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган.

  1. Комиссиянын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктуу орган, жергиликтүү кеңеш тарабынан Комиссияны түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып башталат жана Комиссиянын жаңы курамы бекитилген учурдан тартып токтотулат.
  2. Комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктары ыйгарым укуктуу орган, жергиликтүү кеңеш тарабынан төмөнкүдөй учурларда токтотулат:

- Комиссиянын мүчөсү - кызматчы өзүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергенде;

- Комиссиянын мүчөсүнө карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;

- соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими боюнча Комиссиянын мүчөсү болуп саналган адам аракетке жөндөмсүз, аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген, дайынсыз жок болгон же каза болду деп таанылганда;

- Комиссиянын мүчөсүнүн өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна тоскоолдук кылган ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык корутундусу болгондо;

- Комиссиянын мүчөсү болуп саналган адам тарабынан мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын этикасын бузган жосун жасаганда;

- Комиссиянын мүчөсү каза болгондо;

- Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоого чыгып кеткенде;

- Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда, ал Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо же чет мамлекеттин жарандыгын кабыл алганда;

- мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жоюлганда;

- Комиссиянын мүчөсү болуп саналган кызматчы бошотулганда, ротацияланганда (которуу же ордунан жылдыруу).

  1. Комиссиянын жаңы мүчөсү Комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен бекитилет.
  2. Комиссиянын ыйгарым укуктары, Комиссия өз ыйгарым укуктарын аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган учурда ыйгарым укуктуу орган, жергиликтүү кеңеш тарабынан токтотулушу мүмкүн.
  3. Комиссиянын жаңы курамы Комиссиянын мурунку курамынын ыйгарым укуктары токтотулган күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен түзүлөт.
  4. Укук бузуулар жөнүндө иш өндүрүшүндө турган Комиссиянын мүчөсү, эгерде ал төмөнкүдөй болгон учурларда аны карай албайт:

- укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын же жабырлануучунун, алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, жактоочунун же өкүлүнүн тууганы болсо;

- иштин чечилишине жеке, түз же кыйыр түрдө кызыкдар болсо.

Жогоруда көрсөтүлгөн учурлар Комиссиянын төрагасынын жана мүчөсүнүн баш тартуусу үчүн негиз болуп саналат.

  1. Комиссиянын ишинин тартиби
  2. Комиссиянын ыйгарым укуктары Кодекскеылайык аныкталат.
  3. Комиссия милдеттерди ишке ашырууда төмөнкүлөргө укуктуу:

- каралып жаткан иш боюнча зарыл болгон документтерди тараптардан талап кылууга;

- зарыл документтер берилгенге чейин же аларды кошумча изилдөө үчүн чечим кабыл алууну кийинкиге калтырууга;

- өтүнмө ээсинин катышуусунда маселелерди кароого;

- ишти ар тараптуу кароо үчүн адистерди тартууга;

- берилген маалыматтарды ырастоо үчүн тиешелүү уюмдардан жана мамлекеттик органдардан зарыл документтерди суроого.

  1. Комиссия укук бузуулар жөнүндө иштерди жана ага тиркелген материалдарды жыйналыштарда карайт. Комиссиянын жыйналыштары зарылдыгына жараша (материалдардын келип түшкөндүгүнө жараша) өткөрүлөт. Комиссиянын жыйналыштарынын мезгилдүүлүгү укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүнүн сакталышын камсыз кылууга тийиш.
  2. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча чечимдерди кабыл алуу жыйналышка катышкан Комиссиянын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен жүзөгө ашырылат. Комиссиянын жыйналышы, эгерде ага Комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен ашыгы катышса, өттү деп эсептелет. Ошол эле учурда Комиссиянын төрагасынын чечими боюнча жыйналыштарда аудио жана/же видео жазуулар жүргүзүлүшү мүмкүн.
  3. Добуш берүүдө Комиссиянын ар бир мүчөсү бир добушка ээ. Добуш берүү ачык жүргүзүлөт. Комиссиянын чечимин сырттан добуш берүү менен кабыл алууга жол берилбейт.
  4. Комиссиянын катчысы чечимдерди кабыл алууда добуш берүүгө укугу жок.

23 Чечимди кабыл алуу жөнүндө добуш берүүдө добуштардын саны бирдей болгон учурда Комиссиянын төрагасы же төраганын милдеттерин аткаруучу чечүүчү добушка ээ.

  1. Комиссия укук бузуулар жөнүндө иштерди Кодекстин 535-беренесиндеаныкталган мөөнөттөрдү сактоо менен карайт.
  2. Укук бузуулар жөнүндө иштер иштин материалдары Комиссияга келип түшкөн күндөн тартып он жумуш күндүк мөөнөттө каралат.
  3. Укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылган жеке жак укук бузуулар жөнүндө ишти кароого жеке өзү катышат, ал эми юридикалык жак Кодексте каралган учурларды кошпогондо, өкүлү аркылуу катышат.
  4. Эгерде ишти кароонун орду жана убактысы жөнүндө талаптагыдай кабарланган шартта, иш каралып жаткан жерге ал эки жолудан ашык келбесе, укук бузуулар жөнүндө иш үчүн жоопкерчиликке тартылган адам же анын мыйзамдуу өкүлү, жактоочусу жок каралышы мүмкүн.
  5. Комиссия укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн катышуучуларынан өтүнүчтөр келип түшкөн учурда же иш боюнча жагдайларды кошумча тактоо зарыл болгондо ишти кароону он жумуш күндөн ашпаган мөөнөткө узарта алат.
  6. Комиссия каралып жаткан иште укук бузуунун башка белгилерин аныктаган учурда, укук бузуулар жөнүндө иш Кодекстин 506-беренесинеылайык каралат.
  7. Каралып жаткан иште Комиссия тарабынан кылмыштын белгилери аныкталса, укук бузуулар жөнүндө иш Кодекстин 516-беренесинеылайык андан ары кароо үчүн прокурорго же ведомствого караштуулугу боюнча тергөө органына өткөрүп берилет.
  8. Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо убагында Кодекстин 538-беренесинеылайык Комиссиянын жыйналышынын протоколу жүргүзүлөт.
  9. Комиссиянын жыйналышынын протоколунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

- Комиссиянын жыйналышынын датасы жана орду;

- Комиссиянын курамы;

- кандай иш каралып жаткандыгы;

- ишти кароого катышкан адамдардын келгендиги жөнүндө маалыматтар;

- баш тартуулар, өтүнүчтөр жана аларды кароонун натыйжалары;

- ишти кароого катышкан тиешелүү адамдардын түшүнүктөрү, көрсөтмөлөрү, түшүндүрмөлөрү жана корутундулары;

- ишти кароодо изилденген документтер.

  1. Протоколго Комиссиянын төрагасы жана Комиссиянын жыйналышынын катчысы кол коет.
  2. Комиссия тарабынан кабыл алынган документтер Кыргыз Республикасынын Укук бузуулардын бирдиктүү реестри жөнүндө жобого ылайык таризделет.
  3. Укук бузуулар жөнүндө ишти кароого даярдоодо Комиссия төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алат:

1) ишти кароонун убактысын жана ордун дайындоо жөнүндө;

2) адамдарды чакыруу, иш боюнча зарыл болгон кошумча материалдарды талап кылуу, экспертиза дайындоо жөнүндө;

3) ишти кароону кийинкиге жылдыруу жөнүндө;

4) ыйгарым укук берилбеген адамдар тарабынан протокол түзүлгөн жана иштин башка материалдары таризделген, туура эмес протокол түзүлгөн/токтом чыгарылган жана иштин башка материалдары таризделген же болбосо ишти кароодо ордун толтуруу мүмкүн болбогон берилген материалдар толук эмес болгон учурларда укук бузуулар жөнүндө протоколду жана иштин башка материалдарын ыйгарым укуктуу органга, анын өкүлүнө же протоколду/токтомду түзгөн кызмат адамына кайтарып берүү жөнүндө;

5) эгерде бул ишти кароо анын компетенциясына кирбесе, укук бузуулар жөнүндө протоколду/токтомду жана иштин башка материалдарын ведомствого караштуулугу боюнча үч жумуш күндүн ичинде кароо үчүн өткөрүп берүү жөнүндө;

6) Кодекстин 532-беренесинде каралган учурларда ыйгарым укуктуу органдын өкүлүн четтетүү жөнүндө;

7) Кодекстин 508-беренесинде каралган жагдайлар болгондо укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү токтотуп туруу жөнүндө;

8) Кодекстин 510-беренесинде каралган жагдайлар болгондо өндүрүштү кыскартуу жөнүндө.

  1. Ушул Жобонун 35-пунктунун 1-6-пунктчаларында каралган чечимдер аныктама түрүндө чыгарылат.
  2. Ушул Жобонун 35-пунктунун 7, 8-пунктчаларында каралган чечимдер токтом түрүндө чыгарылат.
  3. Комиссия укук бузуулар жөнүндө ишти карап чыгып, төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алат:

- өндүрүп алуу жөнүндө токтом;

- иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө токтом;

- туум кошуп эсептөө жөнүндө токтом.

  1. Ыйгарым укуктуу органдын чечимдери Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалыматтык системасына (АМС) киргизилет.
  2. Токтом ишти кароо аяктагандан кийин токтоосуз жарыяланат. Токтомдун көчүрмөсү үч күндүн ичинде ага карата чыгарылган адамга, ошондой эле жабырлануучуга тапшырылат же жөнөтүлөт, же болбосо почта же башка байланыш каражаттары аркылуу көрсөтүлгөн дарек боюнча жөнөтүлөт. Токтомдун көчүрмөсү тил кат аркылуу тапшырылат. Эгерде токтомдун көчүрмөсү жөнөтүлсө, ишке тиешелүү жазуу жаздырылат.
  3. Комиссия туум кошуп эсептөө жөнүндө токтомду чыгарган учурда аны Кодекстин 568-беренесининталаптарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сот аткаруучусуна жөнөтөт.
  4. Комиссиянын укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтому райондук (шаардык) сотко даттанылышы мүмкүн.
  5. Комиссиянын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
  6. Комиссиянын ишин Комиссиянын төрагасы уюштурат.
  7. Комиссиянын мүчөлөрү укук бузуулар жөнүндө иштерди кароодо бирдей укуктарга ээ.
  8. Комиссиянын мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:

- Комиссия тарабынан каралып жаткан укук бузуулар жөнүндө иштин материалдары менен таанышууга;

- укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча далилдерди изилдөөгө жана баалоого катышууга;

- Комиссиянын чечимдерин чыгарууда талкуулоого жана добуш берүүгө катышууга;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексинин жоболорун сактоого;

- укук бузуулар жөнүндө ишти кароонун протоколуна кол коюуга.

  1. Комиссиянын мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:

- укук бузуулар жөнүндө ишти кароого катышкан адамдарга суроолорду берүүгө;

- укук бузуулар жөнүндө иш боюнча кабыл алынган жана чыгарылган чечимдер боюнча сунуштарды киргизүүгө;

- ушул Жобого жана Кодекске ылайык ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.

Комиссиянын мүчөсү жүйөлүү себептер боюнча жок болгон учурда анын милдеттерин негизги функциялык милдеттерине ылайык аны алмаштырган адамдар аткарат.

  1. Комиссиянын төрагасы Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттерин аткаруудан тышкары төмөнкүлөргө милдеттүү:

- Комиссиянын ишин пландоого, уюштурууга жана жетектөөнү жүзөгө ашырууга;

- Комиссиянын жыйналыштарына төрагалык кылууга;

- Комиссиянын жыйналыштарынын күн тартибин бекитүүгө;

- Комиссия чыгарган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго), Комиссиянын жыйналыштарынын протоколдоруна, ошондой эле Комиссиянын ишине тиешелүү башка документтерге кол коюуга;

- Комиссиянын ишине контролду жүзөгө ашырууга.

  1. Комиссиянын төрагасы төмөнкүлөргө укуктуу:

- өз компетенциясынын чегинде Комиссиянын атынан (ишеним катсыз) иш алып барууга жана мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары жана жарандар менен өз ара аракеттенип анын кызыкчылыктарын билдирүүгө;

- Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдордун, аныктамалардын аткарылышы үчүн контролду жүзөгө ашырууга;

- Комиссиянын ыйгарым укуктарына тиешелүү маселелер боюнча тапшырмаларды берүүгө;

- ушул Жобого жана Кодекске ылайык ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.

Комиссиянын төрагасы жүйөлүү себептер боюнча жок болгон учурда анын милдеттерин негизги функциялык милдеттерине ылайык аны алмаштырган адам аткарат.

  1. Комиссиянын катчысы:

- укук бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын жыйналышында кароого даярдоону уюштурат;

- өз ишин Комиссиянын төрагасынын жетекчилиги алдында жүзөгө ашырат;

- Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;

- Кодекстин жана ушул Жобонун талаптарына ылайык Комиссия тарабынан чыгарылуучу жана кабыл алынуучу укук бузуулар жөнүндө протоколдорду, токтомдорду жана аныктамаларды даярдоону жана тариздөөнү камсыз кылат;

- Комиссиянын мүчөлөрүнө жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүшкө катышкан адамдарга иштерди кароонун убактысы жана орду жөнүндө белгиленген тартипте билдирет, аларды Комиссиянын кароосуна киргизилген иштердин материалдары менен тааныштырат;

- Комиссия тарабынан укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун протоколун жүргүзөт жана ага кол коет;

- Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдордун, аныктамалардын көчүрмөлөрүн белгиленген мөөнөттөрдө тиешелүү жактарга берүүнү же жөнөтүүнү камсыз кылат;

- Кодекстин 55-беренесине ылайык укук бузуулар жөнүндө иштерди Комиссия тарабынан кароонун натыйжалары жөнүндө тийиштүү маалыматтарды Укук бузуулардын бирдиктүү реестрине киргизет;

- Комиссиянын иш кагаздарынын жүргүзүлүшүн жана алардын сакталышын камсыз кылат;

- Комиссиянын ишине байланышкан статистикалык отчеттуулукту жана маалыматтык-маалымдама иштерин жүргүзөт;

- башка милдеттерди ушул Жобого жана Кодекске ылайык аткарат.

Комиссиянын катчысы жүйөлүү себептер боюнча жок болгон учурда анын милдеттерин негизги функциялык милдеттерине ылайык аны алмаштырган адам аткарат.

  1. Комиссиянын төрагасы, мүчөлөрү жана катчысы укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого катышууга төмөнкү учурларда укуксуз, эгерде алар:

- укук бузуу үчүн жоопко тартылган адамдын, жабырлануучунун, анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, жактоочунун, өкүлдүн, адвокаттын, ошондой эле күбөнүн, эксперттин, адистин, котормочунун туугандары болсо,

- укук бузуулар жөнүндө иштин чечилишине жеке, түздөн-түз же кыйыр түрдө кызыкдар болсо.

  1. Комиссиянын иш кагаздарын жүргүзүү
  2. Иш кагаздарын жүргүзүүгө жалпы жетекчиликти Комиссиянын төрагасы жүзөгө ашырат, ал анын абалы үчүн жоопкерчилик тартат.
  3. Эсепке алуу журналынын сакталышы, жазуулардын өз убагында киргизилиши жана аларда камтылган маалыматтардын аныктыгы үчүн Комиссиянын катчысы жоопкерчилик тартат.
  4. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн катышуучуларына зарыл документтерди жөнөтүүнү Комиссиянын катчысы жүргүзөт.
  5. Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча кабарламалар ишти кароого белгиленген датадан кийинки күндөн кечиктирбестен жөнөтүлүүгө тийиш. Жөнөтүлгөн кабарлама дарек ээсине жеткирилбеген учурда Комиссиянын катчысы анын жеткирилбей калган себептерин дароо аныктап, бул жөнүндө Комиссиянын төрагасына билдирүүгө жана анын көрсөтмөсү боюнча Кодекстин талаптарына ылайык кабарламаны берүүнү камсыз кылуучу чараларды көрүүгө милдеттүү.
  6. Комиссиянын катчысы тарабынан укук бузуулар жөнүндө иштерди хронологиялык тартипте жалпылоо камсыз кылынат:

- укук бузуулар жөнүндө протокол жана иш боюнча башка материалдар;

- жыйналыштын жүрүшүндө келип түшүү тартибинде ишке тиркелген документтер;

- Комиссиянын төрагасы жана Комиссиянын жыйналышынын катчысы кол койгон укук бузуулар жөнүндө ишти кароонун протоколу;

- Комиссиянын жыйналышында ишти кароонун жыйынтыгы боюнча чыгарылган аныктамалар, токтомдор. Документтер делого алардын тексти толугу менен көрүнүп тургандай көктөлөт.

  1. Комиссия караган укук бузуулар жөнүндө иштер катталууга тийиш. Укук бузуулар жөнүндө иштин номери каттоо журналы боюнча иштин катар номерин жана келип түшкөн жылын камтыйт.
  2. Укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүчү ыйгарым укуктуу кызмат адамдары укук бузуулар жөнүндө каралган иштер боюнча маалыматтарды Комиссия менен кварталына бир жолудан кем эмес салыштырып текшерет.
  3. Комиссия төмөнкүдөй эсепке алуу журналдарын жүргүзөт:

- укук бузуулар жөнүндө иштерди эсепке алуу журналы (1-тиркеме);

- укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылуучу адамдарга жиберилген кабарламаларды эсепке алуу журналы (2-тиркеме).

  1. Журналдар номерленип, көктөлүп, мөөр менен бекитилүүгө тийиш, эсепке алуу журналындагы жазуулар көк же кызгылт көк түстөгү сыя (паста) менен түшүнүктүү жазылат.
  2. Журналдарды сактоо мөөнөтү - 3 жыл. Укук бузуулар жөнүндө иштерди сактоо мөөнөтү - 5 жыл. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин алар тизме боюнча архивге тапшырылат.
  3. Эсепке алуу журналы ички колдонуудагы документтер болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, Комиссиянын төрагасынын уруксатысыз уюмдарга, жеке же кызмат адамдарына өткөрүп берилиши же берилиши мүмкүн эмес.
  4. Корутунду жоболор
  5. Комиссиянын ишин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу тиешелүү органдын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

 

Өзгөн шаардык мэриясынын укук

бузуулар жөнүндөиштерди

караган комиссиясынын жобосунун
1-тиркемеси

Укук бузуулар жөнүндө материалдарды эсепке алуу
ЖУРНАЛЫ

 

_________________________________________________________________________________

(ыйгарым укуктуу органдын аталышы) 

 

  

БАШТАЛДЫ "___" ______________ 20___-ж.

АЯКТАДЫ "___" ______________ 20___-ж.  

 

Укук бузуучу
(жеке жактын Ф.А.А./юридикалык жактын аталышы)

Укук бузуунун датасы жана кыскача мазмуну

Укук бузуучунун дареги

Протоколдун сериясы жана №

Протоколду жана ага тиркелген документтерди аткаруу үчүн алган адамдын фамилиясы жана инициалдары.
Датасы жана колу

Кароо датасы жана иш боюнча кабыл алынган чечим

Иштин №, укук бузуулар жөнүндө иш каралгандан кийин материалдардын сакталган жери, тиркелген документтери
(датасы, органдын аталышы)

Эскертүү

1

2

3

4

5

6

7

8

9

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Өзгөн шаардык мэриясынын укук бузуулар жөнүндөиштерди караган комиссиясынын жобосунун
2-тиркемеси

Кабарламаларды эсепке алуу
ЖУРНАЛЫ

 

_________________________________________________________________________________

(ыйгарым укуктуу органдын аталышы)

 

 

 

 

БАШТАЛДЫ "___" _________________ 20___-ж.

АЯКТАДЫ "___" ________________ 20____-ж.

 

 

 

Укук бузуучу
(жеке жактын Ф.А.А.,юридикалык жактын аталышы)

Кабарламанын чыгыш номери

Укук бузуучунун дареги

Кабарламаны алган жак (Ф.А.А.)

Эскертме

1

2

3

4

5

6

 

 

 

 

 

 

 

 

  

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин

(VII чакырылышынын) 2023-жылдын

22-мартындагы кезексиз

XIX сессиясынын

№19/2 токтомунун

2 тиркемеси

 

 

Өзгөн шаарынын

Укук бузуулар боюнча комиссиясынын курамы

 

  1. Маматкасимов Мирзохид Мамадсадыкович – Өзгөн шаар мэринин 1-орун басары,
  2. Парханов Абдушукур Курбанбаевич – Өзгөн шаар мэринин орунбасары,
  3. Дубанаев Бекназар – Өзгөн шаардык мэриясынын юристи,
  4. Мусажанов Улугбек - Өзгөн шаардык мэриясынын жетектөөчү адиси,
  5. Карабаев Абдурахим – Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин адиси,
  6. Көчкөнбаев Бекзат - Өзгөн шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын адиси,
  7. Бакасов Искендер – “Өзгөн-Таза суу” муниципалдык ишканасынын кызматкери,
  8. Болотов Талгат – “Өзгөн Тазалык” муниципалдык ишканасынын юристи,
  9. Мамадалиев Улугбек – жергиликтүү жамааттын өкүлү.

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз XIX сессиясынын отурумунун 

 

ТОКТОМУ

     2023-жылдын  22– марты                      № 19/4                       Өзгөн шаары

Өзгөн шаарынын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча эрежелерди бекитүү жөнүндө

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз XIX сессиясынын отуруму Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш аракеттер планы жөнүндө” № 305 Жарлыгынын 5-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери  боюнча мамлекеттик аенттигинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 262 буйругуна ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 13-мартындагы отурумунун № 5 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

  1. Өзгөн шаарынын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча эрежелер тиркемеге ылайык бекитилсин. 
  1. Өзгөн шаарын көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана тазалыгын сактоо үчүн Өзгөн шаарынын 2023-жылга карата жергиликтүү бюджетинин эсебинен Өзгөн Жашылдандыруу чарбасына 10921,3 миң сом каралганы эске алынсын. 
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                      А.Хасанов

 

  

 

Өзгөн шаардык кеңешинин

(VII чакырылышынын) 2023-жылдын

22-мартындагы кезексиз

XIX сессиясынын

№19/4 токтомунун

тиркемеси

  

 

Өзгөн шаарынын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелер

  1. Жалпы жоболор

 

  1. Шаардын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелер (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине, ”Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө”, ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өза алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына,  ”Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын  иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгына жана калктуу конуштарды тышкы көрктөндүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоонун абалына талаптарды аныктаган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.

2.Эрежелер тышкы көрктөндүрүү, жашылдандыруу жаатында бирдиктүү жана милдеттүү талаптарды белгилейт, менчигинин түрүнө карабастан бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн шаардын аймагын тазалоонун жана тейлөөнүн тартибин аныктайт.

3.Шаардагы аймактык муниципалдык башкаруусу ушул Эрежелерде белгиленген көрктөндүрүү маселелери менен байланышкан жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн жоопкерчиликтүү болушат.

4.Өзгөн шаардык мэриясы өз ыйгарым укуктарынын чегинде көрктөндөрүү маселелерин аткаруу боюнча кызмат көрсөтүүчүлөрдү  аныктайт.

  1. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
  2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:

Абонент - тиричилик таштандыларын чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө келишим түзгөн же түзүүгө милдеттүү жеке же юридикалык жак;

Калктуу конуштун сырткы келбетин көрктөндурүү - калктуу конуштун айланасында калктын жашоосу жана эс алуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү камсыз кылуучу иштердин жана элементтердин топтому;

КТТК чыгаруу- атайын автотранспортторго ташып жүктөө, таштанды жайларын жана аларга кире бериш жерлерди төгүлгөн таштандылардан тазалоо, андан ары катуу калдыктарды чогултуучу жайлардан жок кылуу жайларына ташып жеткирүү;

Газон- жасалма жол менен түзүлгөн чөп каптаган жер тилкеси түрүндө жашылдандыруу элементи;

Бекитилген аймак - юридикалык же жеке жактардын менчигинде, ижарасында же пайдалануусунда имараттар, үй чарбалары, курулуштар жана башка объекттер жайгашкан аймак;

Жашылдандырылган жерлер - жасалма түрүндө жана табигый өсүп чыккан  бак-дарак, бадал жана чөп өсүмдүктөрү;

Ири көлөмдүү таштандылар- керектөөдөн чыккан жана көлөмүнүн чоңдугуна байланыштуу атайын таштанды ташуучу унаалар менен ташууга мүмкүн болбогон үй тиричилик жана чарбалык иштердин калдыктары (тиричилик техникасы, эмерек ж.б.);

Контейнер аянтчасы- өндүруштүн жана үй тиричиликте керектелген буюмдардын калдыктарын, катуу турмуш-тиричилик калдыктарын чогултуу жана убактылуу сактоо учун керектүү сандагы контейнерлер орнотулуп, атайын жабдылган аянт;

Таштанды - ар кандай калдыктар, анын ичинде катуу турмуш-тиричилик калдыктары, ири көлөмдүү калдыктар, керектөө жана өндүрүш калдыктары;

Уруксат берилбеген жерге ташталган таштандылар — чектелген аянтка көлөмү 30 куб метрден ашык юридикалык же жеке жактардын ишинин жүрүшүндө пайда болгон катуу турмуш-тиричилик калдыктары, көлөмдүү таштандыларды, өндүрүш жана курулуш калдыктарын, башка калдыктарды туш келген жерге (уруксатсыз) таштоо (жерге салуу) же сактоо;

Парк - эс алууга жана көңүл ачуучу оюн-зоок өткөрүүгө арналган жалпы пайдалануудагы жашылдандырылган аймак;

Катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чогултуу жана жок кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү (Кызмат көрсөтүүчү) катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чогултуу, ташып чыгаруу, жок кылуу жана калктуу конуштун аймагын санитардык тазалоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен келишим түзгөн юридикалык же жеке жак.(Өзгөн Тазалык  Муниципалдык ишканасы)

Курчап турган айланадагы аймак- юридикалык же жеке жактардын менчигинде, ижарага алынган же пайдаланылган жер тилкесинин, имараттын, чарбалык курулуштун жана башка объекттердин чек араларына периметри боюнча тикелей чектеш, ижара укугунан бошотулган муниципалдык аймак;

Коомдук келишим (ушул Эрежелер үчүн) - кызмат көрсөтүүчү менен керектөөчүнүн ортосунда түзүлгөн келишим, анда кызмат көрсөтүүчү ага кайрылган ар бир адамга карата аткарууга милдеттүү кызматтарды көрсөтүүчүнүн  милдеттери белгиленген;

Коомдук сунуш/оферта (ушул Эрежелер үчүн) кызмат көрсөтүүчүнүн көрсөтүлгөн  шарттарда келишим  түзүү  эрки байкалат;

Аймакты санитардык жактан тазалоо аймакты тазалоо- көчөдөгү  таштандыларды, калдыктарды чогултуу;

Көчөдөгү  таштандылар - жолдордо, тротуарларда, эс алуучу сейил бактарда жана башка коомдук жайларда пайда болгон таштандылардын түрү (көчө таштандылары), алар грунт, кум-таш, топурак, табигый өсүүчү бак-дарактардын материалдары (жыгачтар, өсүмдүктөрдүн калдыктары), кагаз, картон, полиэтилен, айнек, чүпүрөк, металл жана башка материалдардан турат.

Катуу турмуш-тиричилик калдыктары (мындан ары - КТТК)  адамдар күнүмдүк турмуш-тиричилигинде колдонгон, анын ичинде тамак-аш азыктарын жасоодон, турак үйлөрдү, үйдүн тегерегиндеги короолорду жана жалпы эл колдонуучу жайларды жыйноодон, турак жайларда үй жаныбарларын жана үй канаттууларын багуудан пайда болгон жана ошондой эле эскирген, үйдөгү пайдаланылбай калган буюмдардын калдыктары.

  1. Катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чогултуу жана чыгаруу иштерин уюштуруу
  2. Өзгөн шаарына караштуу аймакта жашаган же өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзгөн физикалык же юридикалык тараптар (абоненттер)  КТТК ташып чыгаруу кызматын көрсөтүүчү менен КТТК ташып чыгаруу боюнча келишимдерди түзүүгө  милдеттүү.
  3. Жеке турак жайларда жана көп кабаттуу үйлөрдө жашаган тургундарга КРнын Жарандык кодексинин нормаларына ылайык коомдук келишимдерди же коомдук офертанын негизиндеги келишимдерди түзүүгө жол берилет.
  4. Шаардын аймагында КТТКны төмөнкү фракциялар боюнча милдеттүү түрдө сорттоо жүргүзүү  киргизилет:
    • Пластик бөтөлкөлөр, полиэтилен баштыктар, кагаз-картон сыяктуу кайра иштетүүчү калдыктар;
    • Мөмө-жемиштер, жашылчалар түрүндөгү органикалык калдыктар;

3)  Калдыктар, сөөк, айнек, темир-тезек буюмдары, от жаккандан чыккан күл сыяктуу кайра иштетилбеген таштандылар.

  1. Жеке турак жайларда жашаган тургундар калдыктарды мүшөктөргө бөлүштүрүп иргейт.
  2. Тургундар муниципалдык аймактык башкаруунун чогулушунда кийинки ташып чыгуу учун калдыктарды сактоочу жайларды макулдашат.
  3. Кызмат көрсөтүүчү тургундарга  кайра иштетүүчү калдыктарды сорттоп салуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.
  4. Абонент кайра иштетилүүчү калдыктарды ирөө/сорттоо боюнча өзүнүн  милдеттенмелерин адилеттүүлүк менен аткарган учурда, кызмат көрсөтүүчү андай кардар үчүн тарифтик бааны төмөндөтүү мүмкүнчүлүктөрүн  карап чыгат.
  5. Көп кабаттуу үйлөрдө жашаган тургундар калдыктарды контейнерлерге чогултат.
  6. Контейнер аянтчаларынын бети асфальтталып же бетон менен жабылып, кирип-чыгууга ыңгайлуу жолдун боюнда эңкейиште жайгашууга тийиш.
  7. Контейнер аянтчаларынан ага жакын жайгашкан жерге таштандылар жайылбашы үчүн үч тарабынан тосулган тосмосу болушу керек. Контейнер аянтчаларын белгиленген тартипте иштелип чыккан жана макулдашылган жеке долбоорлор (эскиздер) боюнча жабык типтеги даярдоого жол берилет,
  8. Контейнерлер дезинфекциялоочу каражаттар менен жууп тазаланып турушу керек.
  9. Контейнер аянтчаларын тазалоо (жыйноо) үчүн жоопкерчилик төмөнкүлөргө жүктөлөт:

- жалпы колдонуудагы муниципалдык аймактарда жайгашкан контейнер аянтчалары - кызмат көрсөтүүчүгө;

- ижарадагы, ээлик кылуудагы, пайдалануудагы аймактарда жайгашкандар боюнча- ведомстволордо, мекеме-уюмдарда, ишканаларда жана башка чарба жүргүзүүчү субъекттерде, физикалык жана юридикалык тараптарда болот;

  1. Таштандылар салынган мүшөктөрдү же контейнерлердеги калдыктарды жүктөө учурунда чачылган таштандылар үчүн жоопкерчилик кызмат көрсөтүүчүгө жүктөлөт.
  2. Чарба ишмердүүлүгун жүргүзүүчү мекеме-уюмдардын таштандыларын чогултуу жана убактылуу сактоо ошол ишканалардын ушул максат үчүн атайын жабдылган шаймандарынын күчү менен ишке ашырылат.
  3. Таштанды салынган мүшөктөрдү чогултуучу аянттардын же таштандылар салынган мүшөктөрдүн ашып-ташып жыйылып кетишине, контейнерлердеги таштандыларды өрттөөгө жол берилбейт. Таштандылар графиги боюнча өз убагында ташылып кетүүгө тийиш.
  4. Контейнер аянтчаларын жана контейнерлерди эксплуатациялаган жана тейлеген мекеме-уюмдар өз убагында ремонттоп, оңдоо иштерин жүргүзүп, пайдалануудан чыккан контейнерлерди алмаштыруусу керек.
  5. Таштандыларды чогултуу үчүн жайлар же контейнерлер Өзгөн шаардык мэриясы, муниципалдык аймактык башкаруулары жана катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү менен макулдашуу боюнча атайын жабдылган аянтчаларга коюлат.
  6. Жолдун өтүүчү бөлүгүнө, тротуарларга, газондорго, ошондой эле ирригациялык каналдардан 10 метрден жакын аралыкка таштанды салынган мүшөктөрдү коюуга жана контейнерлерди орнотууга тыюу салынат.
  7. Түзүлгөн келишимдерге ылайык абоненттерден таштандыларды чыгаруу катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү  тарабынан ишке  ашырылат.
  8. Кызмат көрсөтүүчүнүн тейлөөсүнө кирбеген юридикалык жактар таштандыларды өздүк автотранспорт каражаттары менен таштанды жайларына ташып чыгарышат.
  9. Түзүлгөн келишимдерге ылайык, абоненттерден катуу турмуш-тиричилик калдыктарды ташып чыгаруу үчүн төлөмдөр шаардык  кеңеш бекиткен тарифке ылайык алынат.

27.Юридикалык жана жеке жактар катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларына жана кызмат көрсөтүүчү менен түзүлгөн келишимдерге ылайык өз убагында жана толук көлөмдө төлөөгө милдеттүү.

  1. 27-пунктта көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаса, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин ченемдерине ылайык көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
  2. Көлөмдүү таштандыларды (калдыктарды) чыгаруу үчүн жоопкерчилик ири өлчөмдөгү калдыктарга ээ болгон ишканаларга, мекемелерге жана жеке жактарга жүктөлөт.
  3. Кыймылсыз объекттерди курууну жана (же) оңдоону жүзөөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактар ишти баштоонун алдында курулуш калдыктарын чыгаруу боюнча келишимдерди түзүүгө, аларды өз алдынча (таштанды чыгаруу келишимине ылайык) же таштанды чыгаруучу кызмат көрсөтүүчү менен түзүлгөн келишим боюнча алып чыгууга милдеттүү.
  4. Газондорду түшкөн жалбырактардан тазалоо, бак-дарактарды санитардык кыркуу, бак-дарактарды кыюу, тосмолорду бузуу, чөптөрдү чабуу жана башка иштердин натыйжасында пайда болгон таштандылар катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү тарабынан жүзөгө ашырылат.
  5. Муниципалдык көчөлөрдү жана аянттарды муниципалдык заказ боюнча тазалоонун натыйжасында пайда болгон көчө таштандыларын чыгарууну катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү ишке ашырат.
  6. Көчөлөргө, базарларга, сейил бактарга жана башка коомдук жайларга таштанды челектерин орнотуу зарыл.
  7. Калк массалык түрдө баруучу жайларда таштанды челектер бири-биринен 50 метр аралыкта жайгаштырылат. Көчөлөрдө бири-биринен 100 метрге чейинки аралыкта болот. Таштанды челектер ар бир кире бериштеги көп кабаттуу турак жайлардын короолорунда болушу керек. Жүргунчүлөрдү ташуучу коомдук транспорттун аялдамаларында жана мекеме-уюмдарга кире бериште таштанды челектердин саны экиден кем эмес болууга тийиш.
  8. Таштанды челектер бекитилип берилген аймактарды тейлөөгө жооптуу жеке жана юридикалык жактар тарабынан өз каражаттарынын эсебинен орнотулат.
  9. Коңшу аймакка жана башка коомдук жайларга таштанды челектер жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын же катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчүнүн бюджетинин эсебинен орнотулат.
  10. Таштанды челектерди тазалоо иштери катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү тарабынан толтурулганына жараша, бирок күнүнө бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт. Таштанды челектер алардын кирдегенине жараша, бирок жумасына бир жолудан кем эмес жуулат.
  11. Бөлүнгөн жерге орнотулган таштанды челектерди объекттердин ээлери жана ижарачылары жууйт.
  12. Таштандыларды уруксатсыз таштоого, өрттөөгө күнөөлүү адамдар укук бузуулар жөнүндө колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылат.
  13. Таштандыларды уруксатсыз таштаган адамдарды аныктоого мүмкүн болбогон учурда, таштандыларды жок кылуу жана уруксат берилбеген таштанды таштоочу жайларды рекультивациялоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же ал жактан ыйгарым укук берилген адам тарабынан белгиленген тартипте, белгиленген мөөнөттөрдө аймактын менчик ээсинин же жерди пайдалануучунун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
  14. Таштандыларды жок кылуучу жайларды күтүү үчүн жоопкерчилик жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына жана таштандыларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчүгө жүктөлөт.

4. Санитардык тейлоо жана аймакты тазалоону уюштуруу.

  1. Жалпы пайдалануучу жайларды санитардык жактан тейлөө таштандыларды, калдыктарды үзгүлтүксүз тазалоону, кышында карды, музду тазалоону, жолдун бөлүгүн жана тротуарларды кум менен себүүнү, жайында жолдун беттерин, тротуарларды, чакан архитектуралык формаларды жууп, сугаруу, газондорду чабуу, жашыл аянтчаларды кароону камтыйт.
  2. Уюмдар, чарба жүргүзүүчү субъекттердин менчик ээлери, турак жайлардын жана турак эмес жайлардын менчик ээлери өз каражаттарынын эсебинен бөлүнгөн, бекитилип берилген жана ага чектеш аймактарды күн сайын санитардык тазалоону өз алдынча жүргүзүүгө, же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен келишими бар санитардык тазалоо кызматтарын көрсөтүүчү менен тиешелүү келишимди түзүүгө милдеттүү.
  3. Таштандыларды сактоо кызмат көрсөтүүчү менен түзүлгөн келишимге ылайык жүргүзүлөт.
  4. Технологиялык карталарга жана башка документтерге ылайык муниципалдык заказ боюнча башка коомдук аймактардын көчөлөрүн, аянттарын, сейил бактарын, ирригациялык тармактарын тазалоо иштерин уюштуруу жана жүргүзүү үчүн кызмат көрсөтүүчү жоопкерчилик тартат.
  5. Имараттардын жана курулуштардын, турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери, ижарачылары, аларга бекитилген аймактардын чегинде, чарбалык жана турак жай участокторун, жашыл аянтчаларды жана ирригациялык тармактарды үзгүлтүксүз тазалоону, күтүүнү камсыз кылууга милдеттүү, анын ичинде:

- узундугу боюнча имараттарга, үй чарбаларына же участокторго жанаша турган бүткүл аймак боюнча;

- туурасы боюнча - жолдун же сквердин жүрүүчү бөлүгүн бойлото, ал эми бир жактуу имаратта жүрүүчү, анын ичинде карама-каршы тротуарды кошуп, бөлүктүн туурасын бойлой;

  1. Эгерде бир имаратта бир нече пайдалануучулар (ижарачылар) жайгашкан болсо, ага чектеш аймакты санитардык жактан тейлөө үчүн жоопкерчилик имараттын менчик ээсине жүктөлөт. Бул учурда жоопкерчилик чөйрөлөрдүн чектерин аныктоо ижара келишими же имаратты бардык пайдалануучулар кол койгон келишим менен да аныкталышы мүмкүн.
  2. Кызмат көрсөтүүчү жолдордун бөлуктөрүн, көчөлөрдү жана аянттарды, тротуарларды, коомдук транспорттун аялдамаларын (ижарага алынгандардан тышкары) жана башка муниципалдык аймактарды, анын ичинде газондордун жана ирригациялык тармактарды тазалоо менен кошо, ошол жерлерде туш келди чачылып калган таштандыларын тазалайт.
  3. Кызмат көрсөтүүчү коомдук дааратканаларды күтүү жана тейлөөнү  жергиликтүү тургундар менен келишимдин негизинде жүргүзөт.
  4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы көчөдөгү убактылуу соода жайларын, соода объектилерине жанаша жайгашкан аймактарды (соода павильондору, курама соода борборлору, чатырлар, күркөлөр ж.б.) тазалоо үчүн жоопкерчиликти ушул соода объектилеринин ээлерине жүктөйт.
  5. Узак мөөнөткө пайдаланылбай жаткан жана өздөштүрүлбөгөн аймактарды, имараттар бузулган жерлерди тазалоо үчүн жоопкерчилик ушул аймакка бекитилген жерди пайдалануучуларга же жер ээлерине жүктөлөт.

52, Көп кабаттуу үйлөрдүн чектеш аймактарынын тазалыгы үчүн турак жай ээлеринин кызыкчылыктарын коргогон уюмдар жооп берет.

  1. Суу канализациясын (дренаждык тармакты) бүтөп коюуга, ошондой эле калдыктарды жана тиричилик таштандыларын суу кудуктарына төгүүгө тыюу салынат.

5. Тартипти, тазалыкты жана көрктөндүрүүнү камсыз кылуу

  1. Юридикалык жана жеке жактар шаардын аймагында, анын ичинде коомдук жайларда тазалыкты жана тартипти сактоого, көрктөндүрүү элементтеринин (жолдор, тротуарлар, газондор, кичи архитектуралык формалар, сырткы жарыктандыруу, ирригациялык түйүн ж.б.) бузулушуна жана зыян тартышына жол бербөөгө, ар кандай мүлк объектилерине кам көрүүгө милдеттүү.
  2. Шаар аймактарында тиричилик жана курулуш таштандыларын, өндүрүш калдыктарын, контейнерлерди, кыйылган бак-дарактарды, жалбырактарды, карды жалпы пайдаланылып жаткан жерге чыгарууга жол берилбейт.
  3. Таштанды челектерин, көчө чырактарын, эстеликтерди, отургучтарды жана башка чакан архитектуралык формаларды бузууга жана зыян келтирүүгө тыюу салынат.
  4. Ишканалардын жана жеке чарбалардын ички аймактарында, жер тилкелеринде таштандыларды, жалбырактарды, контейнерлерди, автоунаалардын дөңгөлөктөрүн, өндүрүш калдыктарын өрттөөгө, от жагууга, таштандыларды көмүүгө тыюу салынат.
  5. Газондорго, гулзарларга, клумбаларга, балдар аянтчаларына, ирригациялык жана коллектордук-дренаждык тармактарга ар кандай багыттагы объектерди жайгаштырууга, ошондой эле ирригациялык тармактардын жумушчу бөлүгүн тарытуучу түтүктөрдү төшөөгө тыюу салынат.

 

6.Жашылдандыруу

 

  1. Объектилерди жашылдандырууга төмөнкү иштер кирет:
  • бак-дарактарды отургузуу,
  • бак-дарактарды жана бадалдарды, гулзарларды багуу боюнча иштер-жер кыртышын азыктандыруу, сугаруу, жумшартуу, отоо чөптөрдү тазалоо, өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн коргоо, жылуулукту суйүүчү өсүмдүктөрдү коргоо (бардык тиешелүү жумуштарды аткаруу менен), жер семирткичтерди, таштандыларды жүктөө жана түшүрүү; куурап калган жана кулай турган дарактарды кыюу жана башкалар;
  • газонду багуу боюнча жумуштар - тырмоо, жумшартуу, жер семирткичтерди чачуу, сугаруу, отоо чөптөрдү тазалоо, таштандыларды жана түшкөн жалбырактарды жыйноо, топуракка отургузуу, газондун капталындагы өсүмдүктөрдү кыюу, чөптөрдү чабуу, пестициддер жана гербициддер менен дарылоо;
  • скверлерди жана бакчаларды тосуу;
  • шаар жерлерин жашылдандырууга тиешелүү жана башка дагы жумуштарды аткаруу.
  1. Жашыл аймактарды талаптагыдай күтүү жана сактоо үчүн жоопкерчилик төмөнкүлөргө жүктөлөт:
  • Жалпы пайдалануудагы аймактарда - парктарда, скверлерде, сейил бактарда, көчөлөрдө тиешелүү кызматтарды/иштерди аткаруучуга;
  • турак жайлар жайгашкан кичи райондордогу жана квартал ичиндеги участоктордо - үй жана кварталдык комитеттерге, турак жай ээлеринин бирикмелерине, имараттарды ижарага алуучуларга жана жер участокторунун ээлерине;
  • уюмдардын, ишканалардын жана башка юридикалык жактардын аймактарында ошол жердеги уюмдардын жетекчилерине;
  1. Жашыл аянттардын бардык түрлөрү үчүн сугаруунун жыштыгы май айынан октябрды кошо алганда 7-10 күндө бир жолудан кем эмес болушу керек.
  2. Жашылдандыруу объектилериндеги жашыл аянттарды сугаруу эртең менен саат 8.00-9.00дон кечиктирбестен же кечинде саат 18.00-19.00дон кийин жүргүзүлөт.
  3. Кызматтарды/иштерди сунуштоочу жашыл аянтчалардын таажысын өз убагында кыркууну камсыз кылат.
  4. Таажыны санитардык кыркуу иштерине эскирген, илдетке чалдыккан, куурап калган жана бузулган бутактарды, ошондой эле таажысы ичине карай өскөн же бири-бирине жакын жайгашкан бутактарды алып салуу сыяктуу иштерди аткаруу камтылат. Санитардык кыркуу жыл сайын бүткүл вегетация мезгилинде жүргүзүлөт.
  5. Түзүлүшүн келтирүү учун кыркуу - таажыга ылайыктуу түзүлүштү камсыздоо, өсүмдүктөрдүн бийиктигин тегиздөө, жол белгилеринин, светофорлордун ж.б. көрүнүүсүн камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт. Бак-дарактарды жана бадалдарды калыптандыруу иштери бак-дарактар чаңдашып (ширелерин бөлүп чыгаруу) жаткан мезгилде (апрель-май) жүргүзүлөт.
  6. Аймактарды жашылдандыруу аларды курулуш материалдарынын калдыктарынан, таштандылардан тазалоодон, жер астындагы коммуникацияларды жана курулмаларды төшөөдөн, жолдорду, өтмөлөрдү, тротуарларды төшөөдөн, аянтчаларды жана тосмолорду иретке келтиргенден кийин жүргүзүлөт.
  7. Өсүшү начар бак-дарактарды жана бадалдарды, таажысы бузулган (бир жактуу, жалпак ж.б.), жаракалары бар, ошондой эле зыянкечтерден жана илдеттерден жабыркаган бак-дарактарды отургузууга тыюу салынат.
  8. Шаар аймактарынын чегинде жайгашкан бардык жашыл зоналар менчигинин түрүнө карабастан бирдиктүү жашыл фондду түзөт жана коргоого алынат.
  9. Менчигинин түрүнө карабастан, аймагында жашыл аянтчалары бар юридикалык жана жеке жактарга, ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине милдеттендирилет жана ошондой эле жашыл аянтчаларды талаптагыдай күтүү жана сактоо жоопкерчилигин алгандар төмөнкүлөрдү камсыздашат:

-  иштеп жаткан жашыл аянттардын бузулбай жана жок кылынбай толук сакталышына, ошондой эле өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн коргоону камсыз кылууга;

- жашыл зоналарды өз убагында квалификациялуу күтүүнү жана реконструкциялоону (капиталдык оңдоону), анын ичинде бул иштерди аткарууга жашылдандыруу боюнча адистештирилген ишканаларды тартуу жолу менен камсыздашат:

- жашыл зоналар өскөн аймактардын тиричилик жана өндүрүш калдыктары, курулуш калдыктары, канализация сыяктуу өсүмдүктөргө зыяндуу башка заттар менен булганышына жол бербөө;

- жайында жана кургакчылыкта газондорду, гулзарларды, бак-дарактарды жана бадалдарды сугаруу;

-  газондорду тебелеп кетүүгө жана аларга курулуш материалдарын, кумдарды, калдыктарды, кар, муз сыныктарын жана башкаларды сактоого жол бербөөгө;

- жаңы бак-дарактарды жана бадалдарды отургузуу, жолдордун тармагын өзгөртүү менен кайра куруу жана техниканы жайгаштыруу иштери агротехникалык шарттарды так сактоо менен белгиленген тартипте макулдашылган долбоорлор боюнча гана жүргүзүлүүгө тийиш;

- багуу жана оңдоо процессинде жүргүзүлгөн бак-дарактарды жана бадалдарды кыюу жана кайра отургузуу иштери бардык учурларда ушул Эрежелердин талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат;

  1. Жашылдандырылган аймактарда томөнкүлөр тыюу салынат:

-  жашыл аянтчаларды кыюуга же жок кылууга уруксат берилген учурларын кошпогондо, жашыл аянтчаларды бузууга жана жок кылууга;

-  тиешелүү кызматтардын макулдугу жок бак-дарактарды, бадалдарды өз алдынча кыюуга жана отургузууга, огороддорду жана газондорду иретке келтирүүгө;

- бакчанын жана парктын жолдорун тазалоодон алынган таза кардан тышкары, таштандыларды, карларды жана муздарды төгүүчү жайларды уюштурууга;

-  калдыктарды жана башка булганган заттарды газондорго төгүүгө;

- жалбырактарды күйгүзүүгө, жапырт жалбырак түшүү  мезгилинде аларды арыктарга шыпырып салууга, алар менен бак-дарактарды жана бадалдарды көмүп салууга (аларды көчө бойлой жайылып кетпеши үчүн үймөктөргө чогултуу, компост салуу учун атайын бөлүнгөн жерлерге алып салуу же таштанды жайларына алып баруу максатка ылайыктуу);

- от жагууга жана орт коопсуздугунун эрежелерин бузууга;

- бак-дарактарга мыктарды кагууга, бак-дарактарга зыян келтирүүчү  илгичтерди, көрнөк-жарнактарды, кулактандырууларды, мамлекеттик номурларды, белгилерди, электр зымдарын, лампалардын электр гирляндаларын, туу гирляндаларын чаптоого, тикенек зымдарды жана башка тосмолорду тосууга;

- дарактардан шире, чайыр алууга, кабыгын кесип, оюктарды, жазууларды жасоого жана башка механикалык зыян келтирүүгө;

- белгиленген эрежелер боюнча макулдашуусуз инженердик коммуникацияларды төшөө үчүн казуу иштерин жүргүзүүгө;

- газондордо жана жашыл мейкиндиктери бар башка аянттарда транспорт каражаттарын өткөрүүгө  жана токтотууга;

- гүлдөрдү үзүп, дарактардын жана бадалдардын бутактарын сындырууга;

  1. Жашыл аймактарды жаңыдан куруу, реконструкциялоо, калыбына келтирүү боюнча бардык иштер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же ал ыйгарым укук берген уюм менен белгиленген тартипте макулдашылып, иштелип чыккан жана бекитилген долбоордук документтерге ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.

7. Тышкы жарыктандыруу

  1. Муниципалдык менчиктеги тышкы жарыктандыруу тармактарын тейлөө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан дайындалган кызмат көрсөтүүчү/подрядчы тарабынан жүргүзүлөт.
  2. Жарык берүүчү тармактарды эксплуатациялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 155 токтому менен бекитилген электр энергиясын пайдалануу эрежелери менен жөнгө салынат.
  3. Тышкы жарыктандырууну күйгүзүү жана өчүрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген графиктер боюнча жүргүзүлөт.
  4. Жергиликтүүбийликкоомдукжайлардаиштебейтурганкөчөчырактарынынсанынажолберилгенченемдибелгилейт.
  5. Металл мамылар жана тышкы жарыктандыруунун башка элементтери таза, дат басылбашы жана зарыл болгон учурда сырдалышы керек, бирок үч жылда бир жолудан кем болбоого тийиш.
  6. Жеке жана юридикалык жактар өздөрүнө берилген аймактарда орнотулган же сатып алынган тышкы жарыктандыруунун элементтерин жабдууга жана жакшы абалда кармап турууга милдеттүү.
  7. Сырткы жарыктандыруунун жана майрамдык иллюминациялык жаңыдан киргизилген элементтерин жайгаштыруу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен макулдашылат.

8. Эрежелерди бузгандыгы үчүн юридикалык жактардын, кызмат адамдарынын жана жарандардын жоопкерчилиги

  1. Ушул Эрежелерди бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык тартиптик, жарандык жоопкерчилик белгиленет.
  2. Бул көрктөндүрүү эрежелерин бузууга күнөөлүү юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренесинин 1-пунктуна ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
  3. Таштандыларды белгиленбеген жерлерде чыгарган, өрттөгөн юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесине ылайык жоопкерчилик тартат.
  4. Юридикалык жана жеке жактар көп батирлүү турак жайлардын жалпы пайдалануучу жайларындагы санитардык жактан тейлөө эрежелерин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 110-беренесине ылайык жоопкерчилик тартышат.
  5. Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын атайын комиссиялары белгиленген тартипти бузгандарга Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодесине ылайык жаза чараларын көрөт.
  6. Укук бузуулар боюнча комиссиянын иши Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети тарабынан бекитилүүчү жобо менен жөнгө салынат.

 

 

 

 

p class=params-