Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын)

кезектеги  XI сессиясынын отурумунун 

       ТОКТОМУ

 

         2022-жылдын  28-июну                                  № 11/1                                                        Өзгөн шаары

 

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 29-апрелиндеги №57, 25-майындагы  №59 токтомун эске алуу жана Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын)  туруктуу комиссияларынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын” 2022-жылдын 29-апрелиндеги №57 жана 25-майындагы №59 токтомдорунун жана «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик  мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика,  депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 24-майындагы  №6 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кыргыз Республикасынын “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын” 2022-жылдын 29-апрелиндеги №57 токтомунун негизинде Нур саясий партиясынын тизмеси боюнча шайланган Джалилов Азамжан Абдуллажановичтин өз арызынын негизинде депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгы эске алынсын.
  2. Кыргыз Республикасынын “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын” 2022-жылдын 29-апрелиндеги №57 токтомунун негизинде Нур саясий партиясынан Умаралиев Санжарбек Маматмусаевичтин Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланганы эске алынсын.
  3. Жаңы шайланган депутат Умаралиев Санжарбек Маматмусаевич Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) «Бюджет, салык жана финансы боюнча» туруктуу комиссиясынын мүчөсү болуп бекитилсин.
  4. Кыргыз Республикасынын “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын” 2022-жылдын 25-майындагы №59 токтомунун негизинде “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынын тизмеси боюнча шайланган депутаттар Абдурахманов Махмуджан Машрапжанович жана Мамазайитов Арапжан Жомолдинович жүйөөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарына бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпоосунун себебинен депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгы эске алынсын.
  5. Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) туруктуу комиссияларынын курамына киргизилген өзгөртүүлөр тиркемеге ылайык бекитилсин.
  6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик  мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика,  депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага                                                                       А. Хасанов                                      

 

   Тиркеме

   Өзгөн шаардык кеңешинин 2022-жылдын    28-июнундагы кезектеги XI сессиясынын №11/1 токтому менен бекитилди

ӨЗГӨН  ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН

ТУРУКТУУ КОМИССИЯЛАРЫНЫН КУРАМЫ

 

  • «Бюджет, салык жана финансы боюнча» туруктуу комиссиясы:
  1. Дадажанов Исакжан Исраилович
  2. Каримов Отабек Тохтасинович
  3. Абдукаримов Бахадыржан Ибрахимжанович
  4. Умаралиев Санжарбек Маматмусаевич

           5.Салиев Сардарбек Камбаралиевич

  1. Базарбаева Арапатхан Турсунбаевна

           7.

2) «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясы:

  1. Абдурахманов Хатамжан Номанджанович
  2. Джумаев Хуршид Абдухалилович
  3. Умаров Эгамберди Мухтаржанович
  4. Маматкасимов Сарвар Маматсадыкович
  5. Камбаров Сайдулла Мамасабирович

 

3) «Социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты, спорт, билим берүү, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча» туруктуу комиссиясы:

  1. Дехканбаева Малохатхон Хашимовна
  2. Султанов Улугбек Адылжанович
  3. Маткабылова Мухайң Тохтасиновна
  4. Сотволдиев Равшанбек Абдулхамитович

 

4) «Өнөр-жай, транспорт, архитектура жана курулуш, байланыш жана энергетика боюнча» туруктуу комиссиясы:                                         

  1. Каримова Таджихан
  2. Ахмеджанова Гулнара Джабаралиевна
  3. Шарипов Бегзод Кабылжанович
  4. Рахимов Равшанбек Инамжанович

 

5) «Экономика, туризм, инвестицияларды тартуу, орто жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясы:

  1. Юсупжанов Дилшод Ахмаджанович
  2. Мавлянов Хожиакбар Патийдинович

3.Кадиркулов Кодиржон Махамаджанович

 

6) «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик  мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясы:                       

  1. Киргизбаев Муратжан Мадаминжанович
  2. Шамуратов Улугбек Юлдашбаевич
  3. Тапивалдиев Шерзат Турсунбаевич
  4. Салиев Бехзод Баходирович

            5.

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын)

кезектеги  XI сессиясынын отурумунун

 

       ТОКТОМУ                        

 

2022-жылдын 28-июну  № 11/2                                                                          Өзгөн шаары

 

Өзгөн шаарында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын, ырым-жырымдарды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө типтүү Жобону бекитүү жөнүндө

           

            Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ №54 Жарлыгына ылайык Өзгөн шаардык мэриясынын 2022-жылдын 21-апрелиндеги №01-34/355 катынын жана «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 24-майындагы №6 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,

                       

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Өзгөн шаарында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын, ырым-жырымдарды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө типтүү Жобо депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

  1. Жобону Кыргыз Республикасынын Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Өзгөн шаардык мэриясына милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага                                                                       А. Хасанов

 

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин

2022-жылдын 28-июнундагы

кезектеги XI сессиясынын №11/2 токтомунун тиркемеси

 

Өзгөн шаарында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскертүү

үрп – адаттарын, ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө

 

Типтүү жобо

 

  1. Жалпы жоболор
  2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби.
  3. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби
  4. Үй-бүлөлүк, мааракелик салттанатарды жана маркумдарды эскетүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары.
  5. МАБ жетекчилери тарабынан түзүлгөн комиссия
  6. Шаардык комиссия
  7. Жобонун талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик

 

Жалпы жоболор

  1. Бул Жобо “Кыргыз Республикасында Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумдарды эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикпасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 54 Жарлыгына ылайык, жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн жана салтын эске алып иштелип чыкты, жергиликтүү жамааттын жыйынында кабыл алынган эрежелерди камтыйт.
  2. Жобонун максаты шаар аймагында жашаган калкты коомдук өнүгүүнүн муктаждыктарын эске алуу менен элдин жашоо турмушундагы улуттук каада-салттарды, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды жана маркумдарды эскерүү үрп-адаттарды, этностук ырым-жырымдарды жана коомдо жаңыдан пайда болуп жаткан майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү, маркумду эскерүү ырым – жырымдарын өткөрүүдө убаракерчиликке, өлүк ээсин мажбурлоого, өзүн көрсөтүүгө умтулууга, башка адамдардын социалдык абалын тоготпоого жол бербөө, ашыкча ысырапкорчулукка жол бербөө, элибиздин нукура салт-санаасын жана ырым-жырымдарын кеңири пропагандалоо жана жайылтуу болуп эсептелет.

Типтүү жобонун негизинде жумушчу тоб тарабынан иштелип чыккан жобонун долбоору ар бир МАБ тарабынан өткөрүлгөн жыйындарда талкууланып, мэриянын сайттарына жайгаштырылат. Иштелип чыккан жобо жергиликтүү кеңештин сессияында бекитилет. Жобону бекитүү жөнүндө шаардык кеңештин токтому белгиленген тартипте шаардык кенештин, сайттарына жарыяланат.

  1. /й-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүдө жободо белгиленген эрежелер жана тартип боюнча, киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлөт. /йлөнүү той өз ыктыярлары менен эки тараптын (кудалар) эсебинен 200 адамге чейин банкеттик кече же конок тосуу формасында өткөрүлөт жана ысырапкерчиликке жол берилбейт. Кудалашуудан баштап үйлөнүү тойго байланышкан бардык иш-чараларда эки жаштын ата-энесинин өз ара макулдашуусу менен белгиленип өткөрүлүп, эки тараптын туугандарына, конокторуна, сый кийимдерди берүүгө тыюу салынат. Кыз жигитке жана алардын ата-энелерине гана сый кийимдерди, белектерди берүүгө уруксат берилет. Кыз узатууда 10-15тен ашык түрдүү кийим кече, күйөө баласын 40 күн багуу, ар майрам сайин күйөө балага баалуу белектерди берүүгө тыюу салынат. Жашы жете элек кыздарга молдо тарабынан нике кыюуга тыюу салынат.
  2. Маркум чыккан үйдө алгачкы үч күн ичинде эч кандай жандык союлбайт, келгендерге дасторкон жайып, тамак-аш берилбейт. Кабырдын үстүнө күмбөз жана башка нерселерди тургузуу шариятта жок нерсе болгондуктан тыюу салынат. Сөөк коюуда жана аза күтүүдө кийит кийгизүүгө (баш кийим, чепкен, көйнөк ж.б. у.с), маркум өткөн жерде кандайдыр бир кездемени кичинекей бөлөкчөлөргө айрып, жыртып таратып берүү, майда барат бюмдарды (чыны, табак, дастаркон, самын, жип, чай ж.б.у.с., таратууга тыюу салынат жана кабыр казгандарга берилүүчү кызмат акы, чай ж.б.у.с) таратууга тыюу салынат жана кабыр казгандарга берилүүчү кызмат акы жергиликтүү комиссиянын макулдугу менен чектелет.
  3. Жергиликтүү комиссия шаардын мэриясында, ар бир МАБ да түзүлөт. Анын курамына МАБ жетекчиси, мэриянын кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, ички иштер бөлүмдөрүнүн, ардагерлердин, аялдар жана жаштар уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү кирет. Жергиликтүү комиссия МАБ башчысынын, мэрдин буйругу менен бекитилет.

Жергиликтүү комиссиянын мүчөлөрү маркумду эскерүү ырым-жырымы өткөрүлүп жаткан жерге барып түшүндүрүү иштерин жүргүзөт, өлүк ээсин жобонун талаптары менен тааныштырып, ал тууралу журналга кол койдурат, жобонун талаптарынын аткарылышына мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт. Жобонун талаптарын бузуу болгон учурда, ал жөнүндө журналга каттоо жүргүзөт же акт түзөт. Ал тууралуу комиссиянын отурумунда маселени карайт, талапты бузган адамдарга карата тийиштүү чара көрүлөт.

  1. Шаардык комиссия өзүнөн төмөнкү комиссиялардын ишин уюштурат жана координациялайт.

Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик

 

  1. Шаарда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүү боюнча жобонун талаптарын бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинде, жергиликтүү жамааттын жобосунда, шаардык мэриянын ички мыйзамдарында жана эрежелеринде каралган (элдик курултай, шаардык жыйындар, шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынган) айып жазаларынын өлчөмдөрү, салынган айыптарды төлөө мөөнөтү жана тартиби каралат.

Той, маараке, маркумду акыркы сапарга узатуу, эскерүү жана башка ашыкча  нерселерди  комиссиянын чечими менен жакыр үй-бүлөлөргө материалдык жардам катары таркатылып берилсин.

 

 

 

Өзгөн шаар мэриясынын

аппарат жетекчиси                                                                       Р.Алайчиев

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XI сессиясынын отурумунун 

                           

ТОКТОМУ                                       

     2022-жылдын   28–июну                  № 11/3                         Өзгөн шаары

Өзгөн шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2022-жылдын 6 айында ашыкча аткарылышынын эсебинен кошумча иштерди каржылоого макулдук берүү жөнүндө

            Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана финансы боюнча» туруктуу комиссиясынын отурумунун 2022-жылдын 16-июнундагы №4 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

        1.Өзгөн шаарынын бюджетинин киреше болугунун 2022-жылдын 6 айынын планына 3997,7 миң сом тактоо киргизүүгө макулдук берилсин.  Өзгөн шаарынын маданият бөлүмүнүн 2022-жылдын 6 айындагы атайын каражаттарынын кирешелер планы 139,3 миң сом кыскартылып, шаардык билим берүү бөлүмүнүн кирешелер планына кошуп берүүгө макулдук берилсин.

  1. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2022-жылдын 6 айындагы кирешелеринин 3997,7 миң сомго ашыкча аткарылышынын эсебинен: титулдук тизмеге кошумча иштерге 1-тиркемеге ылайык 3822,7 миң сом, Капиталдык курулуш муниципалдык ишканасынын өздүк сметасына 2-тиркемеге ылайык 175,0 миң сом каржылоого депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен макулдук берилсин. Атайын каражаттардан 139,3 миң сомду 14232900 “Классификацияланбаган кызмат көрсөтүү” статьясынан кыскартып, 14232400 “Ата-энелер төлөмү” статьясына жылдырууга макулдук берилсин.
  2. Бюджеттин тең салмактуулук принцибин сактоо менен жогорудагы мекемелердин сметасына өзгөртүү киргизүү Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Өзгөн райондук финансы башкармалыгынан суралсын, бюджеттин каражаттарын максаттуу жана үнөмдүү пайдалануу жагы Өзгөн шаардык муниципалдык ишканаларынын жетекчилерине жана аны көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри Д.Моңолдоровго милдеттендирилсин.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана финансы боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

 

                           Төрага                                                          А. Хасанов

 

 

                   

                               

     1-тиркеме

  Өзгөн шаардык кеңешинин 2022-жылдын 28-июнундагы кезектеги XI сессиясынын №11/3 токтому менен бекитилди

 

2022-жылда кошумча аткарылуучу иштердин титулдук тизмеси

 

 

 

                   Аткарылуучу иштер

 

Саны

Суммасы, миң сом

Курманжан датка атындагы орто мектебине:

1

Класстар үчүн доска

 

224,0

2

Компьютерге принтер жана нуска көчүрмө

 

25,0

3

Мектепке кире беришке файе курууга

 

1201,5

Ай-Мээрим бала бакчасына:

1

Балдардын кийим сала турган шкафы

30 даана

180,0

2

Балдар үчүн отургуч

150 даана

195,0

3

Балдар үчүн стол

30 даана

90,0

4

Мугалим үчүн стол

1 даана

6,0

5

Шторы

245 м2

294,0

6

Дорожка

200 м

140,0

7

Принтер

1

25,0

8

Бала бакчанын ашканасына суу чыгаруу (муздаткыч, комфорка)

 

440,0

9

Ай-Мээрим бала бакчасынын айланасын тосмолоого

 

378,8

Башка жумуштарга:

1

Жаныбек Казынын эстелигин оңдоого

 

260,0

2

Манас көчөсүндөгү эстеликтерди ремонттоого

 

222,4

3

Фузулий көчөсүнө арык курууга

 

141,0

Жалпы:

 

3822,7

 

 

 

 

    2-тиркеме

  Өзгөн шаардык кеңешинин 2022-жылдын 28-июнундагы кезектеги XI сессиясынын №11/3   токтому менен бекитилди

 

 

Капиталдык курулуш муниципалдык ишканасынын өздүк сметасына бөлүнгөн кошумча каражаттар жөнүндө маалымат

 

 

 

 

               Аткарылуучу иштер

 

Статьясы

Суммасы, миң сом

1

Күйүүчү май сатып алууга

2214

100,0

2

Кеңсе буюмдарын сатып алууга

2222

20,0

3

Байланыш кызматы үчүн

2212

10,0

4

Оргтехника сатып алууга

3112

45,0

Жалпы:

 

175,0

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XI сессиясынын отурумунун 

                           

ТОКТОМУ                                       

     2022-жылдын   28–июну                 № 11/4                        Өзгөн шаары

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 2022-жылдын 9-июнундагы Өзгөн шаарынын бюджетинин 2020-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 31-декабрына карата аткарылышы боюнча өткөрүлгөн аудиттин отчетун кароо жөнүндөгү №01-12/256 каты

 

           

   Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) «Бюджет, салык жана финансы боюнча» туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 16-июнундагы №4 протоколунун жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 2022-жылдын 9-июнундагы №01-12/256 катынын негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши

                                              

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. 1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 2020-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы Өзгөн шаарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына өткөрүлгөн аудитинин жыйынтыгы жөнүндөгү отчету эске алынсын.

 

  1. Аудиттин отчетунда көрсөтүлгөн кемчилдиктерди жоюу шаардагы мекеме-уюмдардын жетекчилерине, анын аткарылышын көзөмөлдөө жана финансалык тартип бузган кызматкерлерге тийиштүү чараларды көрүү Өзгөн шаарынын мэри Д. Моңолдоровго милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Бюджет, салык жана финансы боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

           

 

 

Төрага                                                          А. Хасанов

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XI сессиясынын отурумунун 

                           

ТОКТОМУ                                        

     2022-жылдын   28–июну                  № 11/5                                 Өзгөн шаары

 

Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана финансы боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасын шайлоо жөнүндө

 

       Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) Регламентине ылайык «Бюджет, салык жана финансы боюнча» туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 14-июнундагы №3 протоколунун негизинде, Өзгөн шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана финансы боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп Дадажанов Исакжан Исраилович бекитилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                            А. Хасанов

 

 

 

 

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XII сессиясынын отурумунун 

                           

ТОКТОМУ                                       

     2022-жылдын   23–августу № 12/1                                           Өзгөн шаары

Өзгөн шаар мэринин 2021-жылдын 6 айы ичинде аткарган иштери жөнүндөгү отчету

           

     Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 17-августундагы отурумунун №6 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

  1. Өзгөн шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүн камсыз кылууда Өзгөн шаар мэринин 2022-жылдын 6 айы ичинде жүргүзгөн иштери депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен канаттандыраарлык деп табылсын.

 

  1. Отчетту талкуулоонун жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштардын негизинде иш-чара иштеп чыгуу Өзгөн шаар мэриясынын аппаратына тапшырылсын жана анын аткарылышы боюнча шаардык кеңештин сессиясында отчет берүү жагы Өзгөн шаарынын мэри Д.Моңолдоровго милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

                              Төрага                                                                А. Хасанов

 

 

 

 

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XII сессиясынын отурумунун 

                           

ТОКТОМУ                                       

     2022-жылдын   23–августу  № 12/2                         Өзгөн шаары

Өзгөн шаарынын бюджетинин 2022-жылдын 6 айы ичинде аткарылышы жөнүндө

            Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана финансы боюнча» туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 17-августундагы отурумунун №5 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2022-жылдын 6 айындагы киреше бөлүгүнүн 68235,8 миң сомго, чыгаша бөлүгүнүн 59565,9 миң сомго аткарылгандыгы эске алынсын.
  2. Бюджеттин киреше бөлүгүн сапаттуу аткарылышын камсыздоо, бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча иш жүргүзүү Өзгөн шаарынын мэри Д.Моңолдоровго тапшырылсын.

        3.Өзгөн шаарынын бюджетинин 2022-жылдын 6 айындагы кирешелер планына 3222,8 миң сомго тактоо киргени: анын ичинен бюджеттик каражаттар планына 2715,1 миң сом, республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар планына 372,5 миң сом жана атайын каражаттар планына 135,2 миң сом кошулгандыгы эске алынсын.

  1. Бюджеттин тең салмактуулук принцибин сактоо менен бюджеттин чыгаша бөлүгүнө тактоо киргизүү Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Өзгөн райондук финансы башкармалыгынан суралсын, бюджеттин каражаттарын максаттуу жана үнөмдүү пайдалануу жагын көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри Д.Моңолдоровго милдеттендирилсин.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана финансы боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага                                               А. Хасанов

 

 

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XII сессиясынын отурумунун 

                           

ТОКТОМУ                                       

     2022-жылдын  23–августу                         № 12/3                         Өзгөн шаары

 

Н.Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын инфраструктурасын жакшыртууда жана эс алуучуларга шарт түзүүдө жүргүзүлүп жаткан иштер

 

            Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына жана Өзгөн шаардык кеңешинин 2022-жылга карата бекитилген иш-планына ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» жана «Социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты, спорт, билим берүү, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча» туруктуу комиссияларынын маалыматынын негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,

                                                                          ТОКТОМ КЫЛАТ:

       1.Н.Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын инфраструктурасын жакшыртууда жана эс алуучуларга шарт түзүүдө жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндөгү комиссиянын маалыматы эске алынсын.

  1. Комиссиянын сунушунун негизинде аткарылган иштер боюнча шаардык кеңешке маалымат берүү Н.Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын директору Х. Курбановго милдеттендирилсин.
  2. Н.Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын жалпы инфраструктурасын жакшыртуу жана эс алуучуларга шарт түзүү боюнча атайын иш-чара иштеп чыгып, аткарылган иштер боюнча шаардык кеңешке маалымат берүү жагы Өзгөн шаарынын мэри Д.Монолдоровго тапшырылсын.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» жана «Социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты, спорт, билим берүү, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча»туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

 

                                Төрага                                                  А. Хасанов

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XII сессиясынын отурумунун 

                           

ТОКТОМУ                                       

     2022-жылдын   23–августу                         № 12/4                           Өзгөн шаары

 

Өзгөн шаарынын 2023-жылга карата бюджетинин долбоорун жана

2024-2027-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө

 

    Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана финансы боюнча» туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 17-августундагы отурумунун №6 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. 2023-жылга Өзгөн шаарынын бюджетинин долбоорунун кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар 1-тиркемеге ылайык 137945,4 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
  2. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2024-2027-жылдарга болжолу 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
  3. Өзгөн шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча иш-чара иштеп чыгуу жана бюджеттин сапаттуу аткарылышын көзөмөлдөө шаар мэри Д.Моңолдоровго милдеттендирилсин.
  4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин “Бюджет, салык жана финансы боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага                                                           А. Хасанов

 

 

 

 

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) 2022-жылдын 23-августундагы кезектеги XII сессиясынын  №12/4 токтомунун 1-тиркемеси

 

Өзгөн шаарынын 2023-жылга карата бюджетинин долбоору

 

 

Кирешелердин аталышы

2023-жылга долбоор, миң сом

 
 

1

Киреше булактарынан кармалган киреше салыгы

77000,0

 

2

Бирдиктүү салык 

1195,0

 

3

Милдетүү патенттин негизиндеги салык

0,0

 

4

Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык

36075,0

 

5

Турак-жай эмес мүлккө  салык

1320,5

 

6

Транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык

4140,0

 

7

Тамарка жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы

2320,0

 

8

Айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы

0,0

 

9

Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы

3195,5

 

10

Роялти

0,0

 

11

Республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар

0,0

 

12

Жер үчүн ижара акы

3029,4

 

13

Автотранспортту парковкалоо үчүн жыйым

495,0

 

14

Башка төлөмдөр жана жыйымдар

0,0

 

15

Кен-байлыктарды пайдаланууга лицензия

0,0

 

16

Атайын каражаттар салыгын кошпогондо кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр

9175,0

 

17

Айыл чарбасына жараксыз жерлерди сатуу

0,0

 

 

КИРЕШЕЛЕРДИН ЖЫЙЫНТЫГЫ:

137945,4

 

Чыгашалар

миң сом

 

1

Мамлекеттик башкаруу

30163,2

 

2

Шаар мэриясынын резервдик фонду

1400,0

 

3

Турак-жай чарбасы

77553,1

 

4

Маданият бөлүмү

3010,0

 

5

Билим берүү бөлүмү

21919,1

 

6

Социалдык коргоо бөлүмү

3900,0

 

 

ЧЫГАШАЛАРДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ:

137945,4

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) 2022-жылдын 23-августундагы кезектеги XII сессиясынын  №12/4 токтомунун 2-тиркемеси

                                                                    

Өзгөн шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2024-2027-жылдарга болжолу

Кирешелердин аталышы

Болжол, миң сом

2024-жыл

2025-жыл

2026-жыл

2027-жыл

1

Киреше булактарынан кармалган киреше салыгы

77500,0

77600,0

77630,0

 

77680,0

2

Бирдиктүү салык 

1200,0

1205,0

1210,1

1215,6

3

Милдетүү патенттин негизиндеги салык

0,0

0,0

0,0

0,0

4

Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык

36180,0

36285,0

36310,0

36400,0

5

Турак-жай эмес мүлккө  салык

1330,2

1335,1

1336,4

1340,1

6

Транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык

4145,0

4150,0

4155,0

4160,0

7

Тамарка жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы

2325,0

2330,0

2335,0

2340,0

8

Айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы

0,0

0,0

0,0

0,0

9

Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы

3200,5

3205,5

3215,4

3220,3

10

Роялти

0,0

0,0

0,0

0,0

11

Республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар

0,0

0,0

0,0

0,0

12

Жер үчүн ижара акы

3034,4

3040,4

3045,0

3048,6

13

Автотранспортту парковкалоо үчүн жыйым

500,0

505,0

510,0

515,0

14

Башка төлөмдөр жана жыйымдар

0,0

0,0

0,0

0,0

15

Кен-байлыктарды пайдаланууга лицензия

0,0

0,0

0,0

0,0

16

Атайын каражаттар салыгын кошпогондо кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр

9260,0

9270,0

9285,0

9305,0

17

Айыл чарбасына жараксыз жерлерди сатуу

0,0

0,0

0,0

0,0

 

Жыйынтыгы:

138675,1

138926,0

139031,9

139224,6

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XII сессиясынын отурумунун 

                           

ТОКТОМУ                                       

     2022-жылдын   23–августу                         № 12/5                             Өзгөн шаары

“Өзгөн шаар курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесинин” 25-беренесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

       Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) «Өнөр жай, транспорт, архитектура жана курулуш, байланыш жана энергетика боюнча» туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 27-майындагы №3 протоколунун жана Өзгөн шаардык мэриясынын 2022-жылдын 30-апрелиндеги №384 катынын негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

        1.Өзгөн шаардык кеңешинин 2006-жылдын 3-февралындагы XIV сессиясынын № 14/2 токтому менен бекитилген “Өзгөн шаар курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесинин” 25-беренесиндеги Өзгөн шаарын укуктук зоналарга бөлүүнүн картасындагы Ж-3 “Аралаш кабаттуулуктагы турак-жай курулушунун зонасын” Ж-4 “Көп кабаттуу турак-жай курулушунун зонасына” которууга макулдук берилсин.

  1. Муниципалдык жер тилкелерин мыйзам чегинде пайдалануу Өзгөн шаардык мэриясына милдеттендирилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Өнөр жай, транспорт, архитектура жана курулуш, байланыш жана энергетика боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

                       

Төрага                                                                       А. Хасанов

 

 

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз XIII сессиясынын отурумунун 

                           

ТОКТОМУ  

     2022-жылдын  13–сентябры  № 13/1                                        Өзгөн шаары

Өзгөн шаарында элдик курултайды уюштуруу жана өткөрүү

иштерин кароо жөнүндө

 

       Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы Элдик курултайды чакыруу жөнүндө № 284 Жарлыгына ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика,  депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 7-сентябрындагы отурумунун №10 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

     1.Өзгөн шаарында Элдик  курултайды  уюштуруу жана өткөрүү  боюнча  комиссиянын курамы 1-тиркемеге,  шаардын элдик курултайын чакыруу үчүн делегаттарды шайлоо боюнча  жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүү графиги 2-тиркемеге, өкүлчүлүк  нормасы 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.

  1. Өзгөн шаарында элдик курултайга делегаттарды шайлоо боюнча чогулуштарды жана жыйындарды өткөрүүгө жооптуу болуп бекитилген Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттарынын тизмеси 4-тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Өзгөн шаарында элдик курултайды уюштуруу жана өткөрүү иштерине сарпталуучу каражаттарды мыйзам чегинде каржылоо Өзгөн шаарынын мэри Д.Моңолдоровго тапшырылсын
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик  мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика,  депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

                              Төрага                                                                А. Хасанов

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин 2022-жылдын 13-сентябрындагы №13/1 токтомунун

1- тиркемеси

 

Өзгөн шаарында Элдик  курултайды уюштуруу жана өткөрүү  боюнча комиссиянын курамы

 

Комиссиянын төрагасы:

  1. М.Маматкасимов – Өзгөн шаар мэринин 1-орун басарынын милдетин аткаруучу,

Комиссиянын катчысы:

  1. Г.Сулайманова–Өзгөн шаардык мэриясынын аппарат жетекчисинин милдетин аткаруучу,

Мүчөлөрү:

  1. М.Киргизбаев – Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты,
  2. И.Дадажанов – Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты,
  3. У.Шамуратов – Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты,
  4. Ш.Тапивалдиев – Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты,
  5. У.Мамадалиев – Өзгөн шаарынын аксакалдар сотунун төрагасы (макулдашуу менен),
  6. А.Каримов - №11 /ч-Дөбө МАБ башчысы,
  7. Садыкжан у М. - №10 Төрт-Көчө МАБ башчысы,

 

 

 

 

Өзгөн шаардык

кеңешинин төрагасы:                                                  А.Хасанов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин 2022-жылдын 13-сентябрындагы №13/1 токтомунун

2-тиркемеси

 

Өзгөн шаарында элдик курултайга делегаттарды шайлоо боюнча чогулуштардын өткөрүү графиги

 

МАБдын аталышы

Чогулуш өтүүчү күн

Эскертүү

1

Жаныбек Казы

2022-жылдын14-сентябрь күнү

саат10:00

 

2

Пайзабад

2022-жылдын 14-сентябрь күнү

саат15:00

 

3

Калма-Кыя

2022-жылдын 14-сентябрь күнү

саат 18:00

А.Навои мектеби

4

Таштак

2022-жылдын 15-сентябрь күнү

саат 10:00

А.Навои мектеби

5

Мажирим-Тал

2022-жылдын 15-сентябрь күнү

саат 15:00

А.Темур мектеби

6

Гузар

2022-жылдын 15-сентябрь күнү

саат 18:00

 

7

Гузар-1

2022-жылдын 16-сентябрь күнү

саат 10:00

 

8

Жаңы-Турмуш

2022-жылдын 16-сентябрь күнү

саат 15:00

К.Датка мектеби

9

Жаңы-Өзгөн

2022-жылдын 16-сентябрь күнү

саат 18:00

 

10

Төрт-Көчө

2022-жылдын 17-сентябрь күнү

саат 10:00

С.Шарипов мектеби

11

Борбор

2022-жылдын 17-сентябрь күнү

саат 15:00

 

12

Кайрагач

2022-жылдын 17-сентябрь күнү

саат 18:00

 

13

/ч-Дөбө

2022-жылдын 18-сентябрь күнү

саат 10:00

Ч.Айтматов мектеби

14

Кылыч-Бурхан

2022-жылдын 18-сентябрь күнү

саат 15:00

 

15

Сараксий

2022-жылдын 18-сентябрь күнү

саат 18:00

 

 

16

Жаңы-Хает

2022-жылдын 19-сентябрь күнү

саат 10:00

 

17

Шарк

2022-жылдын 19-сентябрь күнү

саат 15:00

З.М. Бабур мектеби

 

 

Өзгөн шаардык

кеңешинин төрагасы:                                                  А.Хасанов

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин 2022-жылдын 13-сентябрындагы №13/1 токтомунун

3-тиркемеси

 

 

Өзгөн шаарынын элдик курултайына

сунушталуучу делегаттардын өкүлчүлүк нормасы

 

Өзгөн шаарындагы ар бир Муниципалдык аймактык башкаруунун аймагындагы 18 жаштан жогорку жашоочулардын саны 1500 адамга чейин болсо, 80 адамга 1 делегат, эгерде Муниципалдык аймактык башкаруунун аймагындагы 18 жаштан жогорку жашоочулардын жалпы саны 1500 адамдан ашса, 110 адамга 1 делегат сунушталсын.

 

Өзгөн шаардык

кеңешинин төрагасы:                                                  А. Хасанов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин 2022-жылдын 13-сентябрындагы №13/1 токтомунун

4-тиркемеси

Өзгөн шаарында элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүүгө жооптуу Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттарынын тизмеси

 

Депутаттардын Ф.А.Ж.

МАБдын аталышы

Чогулуш өтүүчү күн

Эскертүү

1

Эргешева П.

 

Жаныбек Казы

2022-жылдын 14-сентябрь күнү

саат10:00

Автобазанын көп кабаттуу үйүнүн жанындагы аянтчада

2

Умаралиев С.

Пайзабад

2022-жылдын 14-сентябрь күнү

саат15:00

К. Датка а.о.м

3

Маматкасимов С.

Сабиров С.

Камбаров С.

Калма-Кыя

2022-жылдын 14-сентябрь күнү

саат 18:00

Калма-Кыя чайканасы

4

Кадиркулов К. Шамуратов У.

 

Таштак

2022-жылдын 15-сентябрь күнү

саат 10:00

Таштак чайканасы

5

Дадажанов И.

Сотволдиев Р.

 

Мажирим-Тал

2022-жылдын 15-сентябрь күнү

саат 15:00

А.Темур а.о.м.

6

Шарипов Б.

Салиев С.

Гузар

2022-жылдын 15-сентябрь күнү

саат 18:00

Гузар чайканасы

7

Тапивалдиев Ш.

Гузар-1

2022-жылдын 16-сентябрь күнү

саат 10:00

Гузар -1 чайканасы

8

Абдукаримов Б.

Салиев Б.

Жаңы-Турмуш

2022-жылдын 16-сентябрь күнү

саат 15:00

К.Датка а.о.м.

9

Шамуратов У.

Жаңы-Өзгөн

2022-жылдын 16-сентябрь күнү

саат 18:00

Октябрдын 70 жылдыгы көчөсү,  №17 имарат

10

Абдурахманов Х.

Каримова Т.

 

Төрт-Көчө

2022-жылдын 17-сентябрь күнү

саат 10:00

С.Шарипов а.о.м.

11

Мавлянов Х.

Борбор

2022-жылдын 17-сентябрь күнү

саат 15:00

Мэриянын залы

12

Каримов О.

Базарбаева А.

Джумаев Х.

Кайрагач

2022-жылдын 17-сентябрь күнү

саат 18:00

Кайрагач чайканасы

13

Умаров Э.

Киргизбаев М.

Маткабылова М.

Үч-Дөбө

2022-жылдын 18-сентябрь күнү

саат 10:00

Ч.Айтматов а.о.м.

14

Дехканбаева М.

Кылыч-Бурхан

2022-жылдын 18-сентябрь күнү

саат 15:00

Бабур а.о.м

15

Султанов У.

Юсупжанов Д.

Сараксий

2022-жылдын 18-сентябрь күнү

саат 18:00

Таж-Махамад эс алуу борбору

16

Хасанов А.

Ахмеджанова Г.

 

Жаңы-Хает

2022-жылдын 19-сентябрь күнү

саат 10:00

Таж-Махамад эс алуу борбору

17

Рахимов Р.

 

Шарк

2022-жылдын 19-сентябрь күнү

саат 15:00

Үч-Дөбө чайканасы

 

 

Өзгөн шаардык

кеңешинин төрагасы:                                                  А.Хасанов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз XIII сессиясынын отурумунун 

                           

ТОКТОМУ                                       

     2022-жылдын   13–сентябры   № 13/2                                                   Өзгөн шаары

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) төрагасынын орунбасары С. Сабировдун 2022-жылдын 28-июнундагы өз калоосу менен кызматтан бошотуу жөнүндөгү арызы

      Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына жана Өзгөн шаардык кеңешинин Регламентине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик  мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика,  депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 13-июлундагы отурумунун №9 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. 1. Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) төрагасынын орун басары Сабиров Санжарбек Сабирович өз каалоосу менен кызматынан бошотулсун.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик  мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика,  депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

                              Төрага                                                                А. Хасанов

 

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз XIII сессиясынын отурумунун 

                           

ТОКТОМУ                                       

     2022-жылдын   13–сентябры  № 13/3                                        Өзгөн шаары

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) төрагасынын орунбасарын шайлоо жөнүндө

      Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына жана Өзгөн шаардык кеңешинин Регламентине ылайык күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,

 

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. 1. Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) төрагасынын орун басары болуп Дадажанов Исакжан Исраилович шайлансын.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик  мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика,  депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

                              Төрага                                                                А. Хасанов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз XIII сессиясынын отурумунун 

                           

ТОКТОМУ                                       

     2022-жылдын   13–сентябры № 13/4                                            Өзгөн шаары

Өзгөн шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

             Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамына жана Өзгөн шаардык кеңешинин Регламентине ылайык күн тартибине киргизилген маселение угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Сабиров Санжарбек Сабирович Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) «Бюджет, салык жана финансы боюнча» туруктуу комиссиясынын мүчөсү болуп бекитилсин.
  2. Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) туруктуу комиссияларынын курамына киргизилген өзгөртүүлөр тиркемеге ылайык бекитилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик  мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика,  депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                            А. Хасанов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

  Тиркеме

   Өзгөн шаардык кеңешинин 2022-жылдын    13-сентябрындагы кезексиз XIII сессиясынын №13/4 токтому менен бекитилди

ӨЗГӨН  ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН

ТУРУКТУУ КОМИССИЯЛАРЫНЫН КУРАМЫ

 

  • «Бюджет, салык жана финансы боюнча» туруктуу комиссиясы:
  1. Сабиров Санжарбек Сабирович
  2. Каримов Отабек Тохтасинович
  3. Абдукаримов Бахадыржан Ибрахимжанович
  4. Умаралиев Санжарбек Маматмусаевич

           5.Салиев Сардарбек Камбаралиевич

  1. Базарбаева Арапатхан Турсунбаевна

          

2) «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясы:

  1. Абдурахманов Хатамжан Номанджанович
  2. Джумаев Хуршид Абдухалилович
  3. Умаров Эгамберди Мухтаржанович
  4. Маматкасимов Сарвар Маматсадыкович
  5. Камбаров Сайдулла Мамасабирович

 

3) «Социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты, спорт, билим берүү, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча» туруктуу комиссиясы:

  1. Дехканбаева Малохатхон Хашимовна
  2. Султанов Улугбек Адылжанович
  3. Маткабылова Мухайң Тохтасиновна
  4. Сотволдиев Равшанбек Абдулхамитович

 

4) «Өнөр-жай, транспорт, архитектура жана курулуш, байланыш жана энергетика боюнча» туруктуу комиссиясы:                                         

  1. Каримова Таджихан
  2. Ахмеджанова Гулнара Джабаралиевна
  3. Шарипов Бегзод Кабылжанович
  4. Рахимов Равшанбек Инамжанович

 

5) «Экономика, туризм, инвестицияларды тартуу, орто жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясы:

  1. Юсупжанов Дилшод Ахмаджанович
  2. Мавлянов Хожиакбар Патийдинович

3.Кадиркулов Кодиржон Махамаджанович

 

6) «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик  мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясы:                       

  1. Киргизбаев Муратжан Мадаминжанович
  2. Шамуратов Улугбек Юлдашбаевич
  3. Тапивалдиев Шерзат Турсунбаевич
  4. Салиев Бехзод Баходирович

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз XIII сессиясынын отурумунун 

                           

ТОКТОМУ                                       

     2022-жылдын   13–сентябры            № 13/5                            Өзгөн шаары

Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана финансы боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасын шайлоо жөнүндө

       Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) Регламентине ылайык «Бюджет, салык жана финансы боюнча» туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 13-сентябрындагы №7 протоколунун негизинде, Өзгөн шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана финансы боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп Сабиров Санжарбек Сабирович бекитилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик  мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика,  депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                            А. Хасанов

 

 

 

 

 

 

p class=params-