ТОКТОМ

 

17-май 2024-жыл.                                        №33/1                                             Кароол айылы

 

Жеке менчиктеги жер тилкесинин максатуу багытын калкты тейлөө тармагына өзгөртүүгө уруксат берүү жөнүндө.

             

Кароол айылдык кенешинин 7-чакырылыштагы кезексиз 29-сессиясынын

 

ТОКТОМУ

 

15.03.2024-жыл                                  №29/1                                                                    Кароол айылы

 

“Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан - “Өнөр жай, транспорт, байланыш жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө.

 

       Кароол айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 12-мартындагы №60-сандуу катын карап, Кыргыз Республикасынын жер кодексин, Кыргыз Республикасынын “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 30,31,32-беренелерин, Кыргыз Республикасынын жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө мыйзамынын   жана  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынынын негизинде Кароол айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Кароол айыл өкмөтүнүн аймагынан өтүүчү долбоордогу айланма жолго талап кылынуучу Шералы жана Кароол айылынын тургундарынын үлүштүк сугат айдоо жеринен №99-контур сугат айдоо жалпы аянты 28.91га суралган аянт 0.90га, №693-контур сугат айдоо жалпы аянты 14.15 га, суралган аянт 1.0га, №696-контур сугат айдоо жалпы аянты 51.63га, суралган аянт 0.9га, №712-контур сугат айдоо жалпы аянты 20.26га суралган аянт 1.2га, №713-контур сугат айдоо жалпы аянты 11.94 га суралган аянт 0.4га, №813-контур сугат айдоо жалпы аянты 21.08 га суралган аянт 0.8га, №92-контур 1.0га, суу фондунун жерлери 2.7 га жалпысынан суралган аянт 8.9 га жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер “категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
  2. Кароол айылдык кеңеши 16.09.2021-жылы №5/1 сандуу токтому жокко чыгарылсын.
  3. Кыргыз Республикасынын “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 10-главасындагы айыл чарба багытындагы жерлерди мамлекеттик максат үчүн алууда келип чыгуучу маселелерди жана берилүүчү компенсацияларды Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы, “Тез Жол”, “Жагалмай” жоопкерчилиги чектелген коомдору менен биргеликте жергиликтүү бюджеттин акча каражатына зыянын тийгизбестен чечүү жагы Кароол айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Б.Алайчиевге милдеттендирилсин.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кароол айылдык кенешинин “Айыл суу чарба, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт байланыш жана энергетика маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Акматалиевге милдеттендирилсин.

 

    

 

 

 

 

  Кароол айылдык кенешинин төрагасы                                                             Э.М.Эралиев

 

 

 

 

 

 

20.04.2024-ж.                                                №31/3                                                Кароол айылы

 

Жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндө.

 

Кароол айыл өкмөтүнүн 18.04.2024-жылдагы №115 сандуу катын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 19-декабрындагы №346 “Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн шаарынын айланасында айланма автомобиль жолун куруу жана тейлөө боюнча мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 16.01.2024-жылдагы №9 токтомун жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү мыйзамынын 12-беренесинин  талабына ылайык , Кароол айылдык кеңешинин кезексиз 31-сессиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын “Кыргызмамжердолборлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын чыгыш №01-9/568 сандуу 11.04.2024-жылдагы корутундусуда көрсөтүлгөн жалпы 29.3 га суу фондунун жерлери Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
  2. Токтомдун аткаруу жагы Кароол айыл аймагынын башчысы Р.Б.Алайчиевге милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кароол айылдык кеңешинин төрагасына жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                                   Э.М.Эралиев

 

Кароол айылдык кеңешинин VII- чакырылыштагы кезексиз 12- сессиясынын

                                                                                  

ТОКТОМУ

“ 19 ” 05     2022-жыл                            № 12/__2_                             Кароол айылы

 

Жерди  трансформациялоо жөнүндө

            Кароол айыл аймагынын Мырза-Арык айылынын №430 контурунан 1.60 га сугат айдоо,   Кароол айылынан № 813 контурунан 1 га сугат айдоо жалпысы 2.60 га жер аянтын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш жерлери» категориясына которуу (трансформациялоо) логистикалык борбор куруу максатында

Кароол  айылдык кеңешинин алтынчы чакырылыштагы кезексиз экинчи сессиясынын

ТОКТОМУ

Кароол айылы                                 №_2/1__                         01.02. 2017-жыл

Кароол айылдык кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө

Кароол айылдык кеңешинин  V чакырылыштагы кезексиз жыйырма тогузунчу  сессиясынын

 

ТОКТОМУ

 

Кароол  айылы.                                            № 29/1                « 23 »     05    2016-жыл.

 

«Кароол айыл аймагындагы жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу  укугун берүү тартиби жөнүндө »

p class=params-