- Подробности
Салам-Алик айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын депутаттарынын
I-уюштуруу сессиясынын
Т О К Т О М У
2021-жылдын 11-майындагы №1 Салам-Алик айылы
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 37-беренесинин 4-пунктуна ылайык Салам-Алик айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
- Подробности
Салам-Алик айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз биринчи сессиясынын
ТОКТОМУ
11-май 2021-жыл №1 Салам-Алик айылы
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 28-беренесинин 3-пунктуна ылайык Салам-Алик айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 28-беренесинин 3-пунктуна ылайык Салам-Алик айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө Салам-Алик айылдык кеңеши
- Подробности
Салам-Алик айылдык Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги жыйырма сегизинчи сессиясынын
ТОКТОМУ
19-февраль 2021-жыл № 151 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл аймагынын Кош-Этер айылына шайлоо участкасын ачуу жөнүндө
- Подробности
Салам-Алик айылдык Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз жыйырма алтынчы
сессиясынын
ТОКТОМУ
12-ноябрь 2020-жыл № 142 Салам-Алик айылы
Ара-Көл айылындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы
орто мектебинин ээлеп турган жер аянтынан
0,12 га жер аянтын жаштар үчүн кичи футбол
аянтчасын бардык шарты менен курулуучу
аянтчага ажыратып берүү жөнүндө
Жер кодексинин № 27-беренесине ылайык Ара-Көл айылындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин аянтынын ичинен кичи футбол аянтчасын куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин эмгек жамаатынын 2020-жылдын 5-ноябрындагы № 3-кезексиз пед.кеңешме чогулушунун маалыматын угуп Салам-Алик айылдык Кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
- Ара-Көл айылында ачылуучу кичи футбол аянтчасы үчүн Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин ээлеп турган жер аянтынан 0,12 га жер аянты ажыратылып берилсин.
- Токтомду аткаруу жана керектүү архитектуралык, мамлекеттик каттоо жагын, иш кагаздарын бүтүрүү Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
- Токтомду аткарууну көзөмөлгө алуу жагы айыл кеңешинин экология, айыл чарба, жер, суу, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Салам-Алик айылдык
Кеңешинин төрагасы А.Таштемиров
Салам-Алик айылдык Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз жыйырма алтынчы
сессиясынын
ТОКТОМУ
12-ноябрь 2020-жыл № 143 Салам-Алик айылы
Ак-Терек айылындагы Ак-Терек атындагы
орто мектебинин ээлеп турган жер аянтынан
0,12 га жер аянтын жаштар үчүн кичи футбол
аянтчасын бардык шарты менен курулуучу
аянтчага ажыратып берүү жөнүндө
Жер кодексинин № 27-беренсине ылайык Ак-Терек айылындагы Ак-Терек орто мектебинин аянтынын ичинен кичи футбол аянтчасын куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү Ак-Терек атындагы орто мектебинин эмгек жамаатынын 2020-жылдын 5-ноябрындагы № 4-кезексиз пед.кеңешме чогулушунун маалыматын угуп Салам-Алик айылдык Кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
- Ак-Терек айылында ачылуучу кичи футбол аянтчасы үчүн Ак-Терек атындагы орто мектебинин ээлеп турган жер аянтынан 0,12 га жер аянты ажыратылып берилсин.
- Токтомду аткаруу жана керектүү архитектуралык, мамлекеттик каттоо жагын, иш кагаздарын бүтүрүү Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
- Токтомду аткарууну көзөмөлгө алуу жагы айыл кеңешинин экология, айыл чарба, жер, суу, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Салам-Алик айылдык
Кеңешинин төрагасы А.Таштемиров
Салам-Алик айылдык Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз жыйырма алтынчы
сессиясынын
ТОКТОМУ
12-ноябрь 2020-жыл № 144 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айылындагы Спорт комплесинин
ээлеп турган жер аянтынан 0,12 га жер аянтын
жаштар үчүн кичи футбол аянтчасын бардык
шарты менен курулуучу аянтчага ажыратып
берүү жөнүндө
Жер кодексинин № 27-беренсине ылайык Салам-Алик айылындагы Спорт комплексинин аянтынын ичинен кичи футбол аянтчасын куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты Тойчубекова Жазгүлдүн маалыматын угуп Салам-Алик айылдык Кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
- Салам-Алик айылында ачылуучу кичи футбол аянтчасы үчүн Салам-Алик айылындагы Спорт комплексинин ээлеп турган жер аянтынан 0,12 га жер аянты ажыратылып берилсин.
- Токтомду аткаруу жана керектүү архитектуралык, мамлекеттик каттоо жагын, иш кагаздарын бүтүрүү Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
- Токтомду аткарууну көзөмөлгө алуу жагы айыл кеңешинин экология, айыл чарба, жер, суу, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Салам-Алик айылдык
Кеңешинин төрагасы А.Таштемиров
Салам-Алик айылдык Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз жыйырма алтынчы
сессиясынын
ТОКТОМУ
12-ноябрь2020-жыл № 145 Салам-Алик айылы
Таза суу менен камсыз кылуу жөнүндө
Салам-Алик айыл аймагынын Кызыл-Байрак айылынын калкын таза суу менен камсыз кылуу масатында АРИС менен биргеликте иштөөгө макулдук берүү жөнүндө Салам-Алик айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
- Салам-Алик айыл өкмөтү менен АРИС калкты таза суу менен камсыз кылуу максатында биргеликте иштөөгө макулдук берилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы Инашов Эдилбекке милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин айыл чарба, жер, суу, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Салам-Алик айылдык
Кеңешинин төрагасы А.Таштемиров
Салам-Алик айылдык Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз жыйырма алтынчы
сессиясынын
ТОКТОМУ
12-ноябрь 2020-жыл № 146 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын
12-айына жергиликтүү бюджеттин киреше
жана чыгаша бөлүктөрүнө 600,0 миң сомго
кошумча план бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 102-117-беренелирне жана финансы-экономика, бюджет, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясы карап, Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-айына жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө 600,0 (алты жүз миң) сомго кошумча план алуу боюнча Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн 600,0 (алты жүз миң) сом акча каражатына кошумча план берилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Салам-Алик айылдык
Кеңешинин төрагасы А.Таштемиров
Салам-Алик айыл Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз жыйырма
алтынчы сессиясынын
ТОКТОМУ
12-ноябрь 2020-жыл № 147 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн борбордук
административдик имаратын капиталдык
ремонттон өткөрүү жөнүндө
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана жалпы депутаттардын макулдугунун негизинде Салам-Алик айыл кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Салам-Алик айыл өкмөтүнүн борбордук административдик имаратынын эскилиги жетип, капиталдык ремонттон өткөрүү талап кылынгандыгына байланыштуу Салам-Алик айыл өкмөтүнүн салымы катары 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинен эсебинен 500,0 (беш жөз миң) сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
- Токтомду көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана каржы тармактары боюнча туруктуу коммиссиясына тапшырылсын.
Салам-Алик айылдык
Кеңешинин төрагасы А.Таштемиров
Салам-Алик айыл Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз жыйырма
жетинчи сессиясынын
ТОКТОМУ
30-декабрь 2020-жыл № 148 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2021-жылга
жергиликтүү бюджеттеринин киреше жана
чыгаша бөлүктөрүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102-117-беренелерине жана финансы,экономика,бюджет,экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджеттин аткарылышын алдын ала каралып,алардын сунуштарынын негизинде Салам-Алик айылыдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
- 2021-жылга Салам-Алик айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 14033600 сомго бекитилсин.
- Айыл өкмөтүнүн 2022-2023-2024-жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда
такталууга жатаары белгиленсин.
- 2021-жылга чегерүүлөрдүн чечимдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин:
а).жалпы мамлекеттик салыктын түшүүлөрдөн салык агентиги тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине 100пайыз өлчөмүндө;
б).сатуулардан түшкөн салык-айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине 25 пайыз өлчөмүндө;
в).ыктыярдуу патент негизиндеги салык,милдеттүү патентөө негизиндеги салык,бирдиктүү салык-айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине 100 пайыз өлчөмүндө;
г).жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык (роялти),стратегиялык пайдалуу кендерди (алтын,мунай зат,газ)кошпогондо-кендерди иштеп чыгуу жери боюнча айыл аймагынын жергилитүү бюджетине 50 пайыз өлчөмүндө. д).жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйым-айыл аймагынын бюжетине 7 пайыз өлчөмүндө;
е).жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүү-кендерди иштеп чыгуу жери боюнча айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине 20 пайыз өлчөмүндө
- Жергиликтүү салыктардан жана салыктык эмес жыйымдардан түшүүчү жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка деңгээлдеги бюджетке алынууга жатпасын.
- Мыйзамдарда каралган ыйгарым укуктардын чектеринде,жер салыгы боюнча базалык ставкаларды же коэфиценттерди жогорулатуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечимдерди кабыл алуунун эсебинен жергиликтүү бюджеттердин кирешесин көбөйтүүсү 2019-жылдын 28-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган Мыйзам менен 2022-2023-2024-жылдарга теңөөчү гранттардын өлчөмдөрүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбасы белгиленсин.
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фондунун өлчөмү тиешелүү жергиликтүү бюджеттин
чыгашаларынын 1 пайызынан ашык эмес өлчөмүндө бекитилсин.
- Айыл өкмөтүнө 2021-2022-2023 жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелерге (эмгек акы,социалдык фондго чегерүү, тамак-аш, дары-дармек жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга чегерүүлөр), комуналдык кызматтар (электр энергия, көмүр,суу) жумшалсын.
- Айланма кассалык калдык (оборотный кассовой наличность) айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаты 2021-жылдын 1-январына карата 50000(элүү миң) сом өлчөмүндө белгиленсин.
- Салам-Алик айыл аймагы тоолуу,шарты катаал,табигий кырсыктар коркунучу бар жерде жайгашкандыктан табийгат кырсыктарын алдын алууга, калктын аярлуу катмарына,майыптарга,аз камсыз болгон үй
бүлөлөргө,социалдык ооруларга жана башка социалдык маселелерди чечүүгө,Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине,энелер күнүнө,согуш мезгилинде тылда кызмат кылгандарга, Баатыр энелерге,Ооганчыларга,Баткен коогалаңынын катышуучуларына жардам берүү үчүн акча каражаттары каралсын.
- Айылдык кеңештин иш аракеттерин жана иш кагаздарын жүргүзүү (токтомдорду юстициядан каттоодон өткөрүү, маалымат каражаттарына жарыялоо, интернет байланышына ж.б.) үчүн акча каражаты каралсын.
- Айыл өкмөтүнүн инфраструктурасын өнүктүрүү максатында жазылган долбоорлорду ишке ашырууга багытталган иш-чараларга жана өздүк салымдарды кошууга керектелген каражаттарды каржылоо айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржыланаары белгиленсин.
- Айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигинен сырткары убактылуу келишимдик негизде иштеген кызматчылардын эмгек акыларын төлөп берүү жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлсүн.
- Айыл аймагында жаңыдан курулуп бүткөн “Ризван” “Аят Эне”Жамбы Апа”Касида Апа”жана “Жаш Жеткинчек” балдар бакчасында тарбияланган балдардын тамак ашына балдар бакчасынын коммуналдык кызматтарына (электр энергия,көмүр), курулуштарды ремонттоо жана айыл чарба буюмдарына жергиликтүү бюджеттен ачка каражаты каралсын. Атайын каражат эсебиндеги ата энелерден балдардын тамак ашына төлөнгөн
взностун суммасы ар бир балага 700 сом өлчөмүндө белгиленсин/
- Айыл окмотунун аймагындагы жайыт боюнча чогултулган акча каражатынын киреше болугу 400,0 мин сом эсебинде бекеитилип 3/1болугу айыл окмотунун эсептик счетуна калтырылсын.
15 Токтом кабыл алынып бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “финасы,экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Салам-Алик айылдык
кенешинин төрагасы: А.Таштемиров
Салам-Алик айылдык Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз жыйырма жетинчи
сессиясынын
ТОКТОМУ
30-декабрь 2020-жыл № 149 Салам-Алик айылы
Өлкөбүздөгү жүрүп жаткан кырдаалга байланыштуу Өзгөн райондук билим берүү тарабынан 2020-жылдын 19- мартында чыккан буйругунун негизинде мектептердин жана бала бакчалардын ишин токтоткондугуна байланыштуу ата энелерден чогулуучу взнос чогулбагандыктан Өзгөн райондук Каржы бөлүмүно айыл өкмөтү тарабынан жазган 28-август 2020-жылы № 88 катынын негизинде ата энелердин чогулган акча каражатынанан 9 айлык пландан кыскартуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102-117-беренелерине жана финансы,экономика,бюджет,экономикалык жактан өнүгүүнүн болжол дуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 12айына атайын каражат эсебинен пландан кыскартуу боюнча айыл өкмөтүнүн сунуштарынын негизинде Салам-Алик айылыдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Салам-Алик айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсебинен Салам-Алик айыл өмөтүнүн атайын каражат эсебинен киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн 2218 статьясынан 850,0(сегиз жуз элүү мин) сом акча каражаты 12 айлык пландан кыскартылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “финансы,экономика, бюджет экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Салам-Алик айылдык кенештин төрагасы: А.Таштемиров
Салам-Алик айылдык Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги жыйырма
сегизинчи сессиясынын
ТОКТОМУ
30-декабрь 2020-жыл № 150 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл аймагында карантиндик
өсүмдүктөргө зыянкечтер, илдеттер жана отоо
чөптөр менен күрөшүү максатында химиялык
дарылоо үчүн жеке агрономдун кызмат көрсөтүү акы
тарифин бекитүү жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын31-беренесине ылайык, Салам-Алик айыл аймагында карантиндик өсүмдүктөргө зыянкечтер, илдеттер жана отоо чөптөр менен күрөшүү максатында химиялык дарылоо үчүн жеке агрономдун кызмат көрсөтүү акы тарифин бекитүү жөнүндөгү жеке агроном С.Бакыбаевдин маселесин угуп жана талкуулап Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Салам-Алик айыл аймагында карантиндик өсүмдүктөргө зыянкечтер, илдеттер жана отоо чөптөр менен күрөшүү максатында химиялык дарылоо үчүн жеке агрономдун кызмат көрсөтүү акы тарифи төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
а) 1 га көп жылдык бак үчүн -1200 (бир миң эки жүз) сом;
б) 1 га шалы үчүн -1000(бир миң) сом;
в) 1 га кара эгиндер(жүгөрү, арпа, буудай,
көп жылдык чөп, беде) жана башка үчүн -500(беш жүз) сом;
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин айыл чарба, жер, суу, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Салам-Алик айылдык
Кеңешинин төрагасы А.Таштемиров
- Подробности
Салам-Алик айыл кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги жыйырма
төртүнчү сессиясынын
ТОКТОМУ
4-июнь 2020-жыл № 136 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын
жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша
бөлүктөрүнүн аткарылышынын жыйынтыгын бекитүү
жөнүндө