Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги
VI сессиясынын
ТОКТОМУ
2021-жылдын 13-октябрындагы № 24 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл өкмөтүндөгү 2021-жылдын 5-октябрындагы Ак-Терек айылынын элдик жыйынын №12 протоколун кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктуна ылайык жана Ак-Терек айылынын элдик жыйынынын 2021-жылдын 5-октябрындагы №12 протоколунун негизинде Ак-Терек айылынын тургуну Мейматкулов Руслан Маматибраимовичти Салам-Алик айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамына көрсөтүү жөнүндө Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Ак-Терек айылынын элдик жыйынын 2021-жылдын 5-октябрындагы №12 токтомуна ылайык Ак-Терек айылынын тургуну Мейматкулов Руслан Маматибраимовичке Салам-Алик айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2.Токтомду көзөмөлдөө жагы билим берүү, маданят, жаштар уюму, спорт, саламаттыкты сактоо жана социальдык маселелер, дин иштери тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым Б.Калмурзаева
Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги
VI сессиясынын
ТОКТОМУ
2021-жылдын 13-октябрындагы № 25 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн Салам-Алик айылындагы лагерин, жашылдандырууга жана көрктөндүрүүгө ижарага берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” мыйзамынын 77-беренесинини 2-пунктуна ылайык Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Салам-Алик айылында жайгашкан “Өспүрүмдөрдүн эс алуучу” лагерди жашылдандыруу жана көрктөндүрүү жөнүндө 5 (беш) жылга убактылуу ижарага берүү жөнүндө атуул Э.Сатыбалдыевдин арызын карап Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Салам-Алик айылындагы “Өспүрүмдөрдүн эс алуучу” лагерин жашылдандыруу жана көрктөндүрүү үчүн атуул Э.Сатыбалдыевге 5(беш) жылга убактылуу ижарага берилсин/
2.Тиешелүү документерин тактоо жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, комуналдык менчиктери боюнча башкы адиси Нуралиев Жылдызбеке тапшырылсын
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын:
Төрайым Б.Калмурзаева
Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги
VI сессиясынын
ТОКТОМУ
2021-жылдын 13-октябрындагы № 26 Салам-Алик айылы
Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө
"Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, жерлерди бир категориядан башкасына же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун) бирдиктүү тартибин белгилөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жана 2014-жылдын 19-марты № 169 токтомун жетекчиликке алуу менен Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Салам-Алик айыл өмөтүнүн сунушунун негизинде Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу 7,05 га жери трансформациялансын
2.Тиешелүү документерин тактоо жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, комуналдык менчиктери боюнча башкы адиси Нуралиев Жылдызбеке тапшырылсын
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым Б.Калмурзаева
Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги
VI сессиясынын
ТОКТОМУ
2021-жылдын 13-октябрындагы № 27 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Байрак айылындагы №5 контурунда жайгашкан 0,25 га таштуу жайыт жерине таза суу кампасын куруу үчүн багытын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жана 2014-жылдын 19-марты № 169 токтомун жетекчиликке алуу менен Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Байрак айылындагы №5 контурунда жайгашкан 0,25 га таштуу жайыт жерине таза суу кампасын куруу үчүн багытын өзгөртүү жөнүндө Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Байрак айылындагы №5 контурунда жайгашкан 0,25 га таштуу жайыт жери таза суу кампасын куруу үчүн багыты өзгөртүлсүн
2.Тиешелүү документерин тактоо жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, комуналдык менчиктери боюнча башкы адиси Нуралиев Жылдызбеке тапшырылсын
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын:
Төрайым Б.Калмурзаева
Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги
VI сессиясынын
ТОКТОМУ
2021-жылдын 13-октябрындагы № 28 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы 15-Жаш айылына “Скай Мобайл” компаниясынын аппаратын орнотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 5-пунктунун жана Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 27-беренесинин 1-пунктуна таянып,Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу 15-Жаш айылынын тургундарынын кайрылуу катынын негизинде Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 15-Жаш айылына “Скай Мобайл” компаниясынын аппаратын орнотуу үчүн айылдын айыл чарбасына жараксыз жерден 16 квадрат метр жер аянты бөлүнүп берилсин.
2.Жер аянтын мыйзам чегинде бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
3.Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу жагы айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым Б.Калмурзаева
Салам-Алик айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги
VI сессиясынын
ТОКТОМУ
2021-жылдын 13-октябрындагы № 29 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 6 айына карата жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө кошумча план киргизүү жана атайын каражат эсебине кабыл алынган пландан кыскартуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык жана бюджеттик кодексинин 102-117-беренелерине жана финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 7-октябрындагы №2 протоколунун негизинде Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 9 айына карата жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө кошумча план киргизүүдө айыл өкмөтүнүн сунуштарынын негизинде иштетүү үчүн Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 9 айына карата жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө подоход салыгына 400 000,00(төрт жүз миң) сом, патентке 100 000,00 (жүз миң) сом, ал эми чыгаша бөлүгүнө 500 000,00 (беш жүз миң) сомго кошумча план берилсин
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн багыттарын аныктоо жана инвестиция тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым Б.Калмурзаева
Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги
VI сессиясынын
ТОКТОМУ
2021-жылдын 13-октябрындагы №30 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн Кош-Этер айылындагы маданият үйүн бала бакчага айландыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 1-беренесинин 23-пунктунун негизинде Салам-Алик айыл өкмөтүнүн Кош-Этер айылындагы кароосуз калган маданият үйүн бала бакчага айландырып берүү жөнүндөгү Кош-Этер айылынын элинин 2021-жылдын 10-сентябрындагы элдик жыйынынын кайрылуусун карап Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Салам-Алик айыл өкмөтүнүн Кош-Этер айылындагы кароосуз калган маданият үйүн бала бакчага айландырып, бала- бакча үчүн ылайыкташтырылып, ажыратылып берилсин
2.Жер маселесин тиешелүү мыйзам чегинде чечип берүү жагы айыл өкмөтүнөн суралсын
- Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу жагы айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым Б.Калмурзаева
Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги
VI сессиясынын
ТОКТОМУ
2021-жылдын 13-октябрындагы №31 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу 15-Жаш айылынын спорт аянтчасына айыл чарбасына жараксыз таштуу жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер кодекс” мыйзамынын 78-беренесинин 4-пунктуна ылайык 15-Жаш айылындагы спорт аянтчасына токтом чыгаруу жөнүндө 15-Жаш айылынын жаштар комитетинин Калмурзаев Замирдин арызын карап Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.15-Жаш айылындагы спорт аянтчасына токтом чыгаруу жөнүндө 15-Жаш айылынын жаштар комитетинин Калмурзаев Замирдин арызынын негизинде айыл чарбасына жараксыз жерден спорт аянтчасына 0,20 га жер бөлүнүп берилсин
2.Тиешелүү документтерди тактоо, даярдоо жана аны иш жүзүнө ашыруу, жер аянтын мыйзам чегинде бөлүп берүү жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, комуналдык менчиктери боюнча башкы адиси Нуралиев Жылдызбеке тапшырылсын
- Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыевге тапшырылсын.
Төрайым Б.Калмурзаева