Салам-Алик айылдык  кеңешинин  VII-чакырылышынын  депутаттарынын

I-уюштуруу сессиясынын

 

Т О К Т О М У

 2021-жылдын 11-майындагы                     №1                                     Салам-Алик айылы

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 37-беренесинин 4-пунктуна ылайык Салам-Алик айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө

 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 37-беренесинин 4-пунктуна ылайык Салам-Алик айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө Салам-Алик айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

            Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 37-беренесинин 4-пунктуна ылайык Салам-Алик айылдык кеңешинин төрайымы болуп Калмурзаева Буразия Максутовна  шайлансын.

                                                                                                         

Салам-Алик  айылдык  кенешинин

уюштуруу сессиясынын депутаты                                                                               К.Койлубаева                                                                            

                                                          

 

 

 

 

 

Салам-Алик айылдык  кеңешинин  VII-чакырылышынын  депутаттарынын

I-уюштуруу сессиясынын

 

Т О К Т О М У

 2021-жылдын 11-майындагы                     2                                    Салам-Алик айылы

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 38-беренесинин 1-пунктуна ылайык Салам-Алик айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 38-беренесинин 1-пуктуна ылайык Салам-Алик айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө Салам-Алик айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

            Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 38-беренесинин 1-пунктуна ылайык Салам-Алик айылдык кеңешинин төрайымынын орун басары болуп Токтогул кызы Зарина шайлансын.

 

Төрайым                                                                                                               Б.Калмурзаева

                                                                                                                      

 

 

 

  

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги

II сессиясынын

ТОКТОМУ

2021-жылдын 21-майындагы                     №3                                      Салам-Алик айылы

Салам-Алик айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамын бекитүү жөнүндө

            “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 32-беренесине ылайык Салам-Алик айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларын түзүү, бекитүү жөнүндө Салам-Алик айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Салам-Алик айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын структурасы, сандык жана сапаттык курамы бекитилсин:

Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн багыттарын аныктоо жана инвестиция тармактары боюнча туруктуу комиссия:

  1. Жумабаев Каныбек
  2. Мокенов Элбурс
  3. Чекиров Жандарбек
  4. Калыбеков Талантбек
  5. Эргешов Талант
  6. Кудайбердиев Тынчтык

Билим берүү, маданят, жаштар уюму, спорт, саламаттыкты сактоо жана социальдык маселелер, дин иштери тармактары боюнча туруктуу комиссия:

  1. Токторбаева Розухан
  2. Зарылбек уулу Даняр
  3. Караева Зууракан

4.Ажиева Эстера

  1. Темирова Нуржамал

 

Айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссия:

  1. Турдумамбетов Алтынбек
  2. Кудайбердиев Канатбек
  3. Акматжанова Мастура
  4. Жекеев Умар
  5. Каипов Эрмек

Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика тармактары боюнча туруктуу комиссия:

  1. Койлубаева Каныкей
  2. Жакыпов Жоомарт
  3. Айылчиева Гулмира 
  1. Салам-Алик айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагалары (биринчи турган депутат) бекитилсин.
  1. Туруктуу комиссияларга, төрагаларга мыйзамдуу функцияларын толук аткарууга киришип, тиешелүү жылдык иш пландарын иштеп чыгып, кеңешке бекитүүгө сунуш кылуу милдеттендирилсин .
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрайым                                                                                                               Б.Калмурзаева

 

 

  

 

 

 

           

Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги

II сессиясынын

ТОКТОМУ

2021-жылдын 21-майындагы                     №4                                      Салам-Алик айылы

Салам-Алик айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын функцияларын бекитүү жөнүндө

            Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 32-беренесине ылайык Салам-Алик айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

А).  Туруктуу комиссиялардын функциялары бекитилсин (кашаанын ичиндеги): 

  1. Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн багыттарын аныктоо жана инвестиция тармактары боюнча туруктуу комиссия; (финансы, экономикалык бардык маселелер, салыктардын бардык түрлөрү, кирешелер жана чыгашалар, салыктык эмес төлөмдөр, фонддор, транспорт, байланыш тармактары боюнча, көзөмөлдөйт. Эң негизги функциясы бюджетти көтөрүүнүн жолдорун издеп  таап, жол жобосун иштеп чыгат).

 

  1. Билим берүү, маданият, жаштар уюму, спорт, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер, дин иштери тармактары боюнча туруктуу комиссия; (билим берүү, маданият, жаштар, спорт жана саламаттыкка тиешелүү бардык компоненттерди, социалдык маселелрди иликтеп, көзөмөлдөп, тойлордо, маркумду узатууда ыксыз чыгымдарды жоюунун үстүндө иштеп, аларды кыскартуунун, жакшыртуунун жол жоболорун иштеп чыгат).

 

  1. Айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана  энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссия; (Аймактагы суу, таза суу, мал, жер, токой, экология, курулуш, өзгөчө кырдаалдар, тоо кендери, энергетика, ж.б. тиешелүү бардык маселелерди иликтеп, көзөмөлдөп, аларды жакшыртуунун жолдорун иштеп чыгат).

 

  1. Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика тармактары боюнча туруктуу комиссия; (мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, айыл өкмөттүн бардык түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгү, мандат жана этика боюнча бардык маселелерди көзөмөлдөп, депутаттык жолугушууларды уюштуруунун, аларды жакшыртуунун жолдорун иштеп чыгат).
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрайым                                                                                                               Б.Калмурзаева

 

 

 

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги

II сессиясынын

ТОКТОМУ

2021-жылдын 21-майындагы                       №5                                     Салам-Алик айылы

Салам-Алик айылдык кеңешинин 2021-жыл үчүн иш планын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып, Салам-Алик айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т

  1. Кеңештин 2021-жыл үчүн иш планы, өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен бекитилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

Төрайым                                                                                                               Б.Калмурзаева

 

 

 

 

                                                    

Салам-Алик айылдык кеңешинин 2021-жылдын 21-майындагы № 5 токтому менен бекитилген

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин 2021-жыл үчүн

ИШ ПЛАНЫ

  1. Кеңештин сессияларында каралуучу негизги маселелер:

 

Каралуучу маселелердин мазмуну

Мөөнөтү

Ким даярдайт

Эскертүү

I

Биринчи квартал

 

 

 

1.

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин 2021-жылга иш планын, регламентин кабыл алуу, туруктуу комиссиялардын сандык, сапаттык курамын бекитүү. Турак жай комиссиясын бекитүү.

Январь

Төрага, жооптуу катчы, айыл өкмөт башчы.

Төрага маалымат, түшүндүрмө берет.

Өкмөт башчы, ФЭБ башчысы билдирүү, маалымат беришет

2

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышын бекитүү

Февраль

Бюджет комиссиясы...

Өкмөт башчы, ФЭБ башчысы билдирүү, маалымат беришет

3

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү

Февраль

Бюджет комиссиясы...

Өкмөт башчы, ФЭБ башчысы билдирүү, маалымат беришет

4

Салам-Алик айылдык  аймагында калкты электр энергиясы, маалымат жана байланыш каражаттары менен камсыз кылуунун абалы

Февраль

Айыл-суу,  мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана  энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссия;

Электрик, айыл башчылардын маалыматы зарыл

5

Ар түрдүү маселелер

Февраль

 

 

II

Экинчи квартал

 

 

 

1

Салам-Алик айылдык  аймагында жазгы талаа, мал чарба, өзгөчө кырдаалдар  жумуштарынын  жүрүшү  жана айыл башчылардын ишмердүүлүгү жөнүндө

Апрель

Айыл-суу,  мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана  энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссия;

Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика тармактары боюнча туруктуу комиссия

 

Айыл башчылар

2

Билим берүү мекемелеринин окуу, тарбиялык жана башка, чарбалык алып барган иштери жөнүндө (Бардык мектептер жана бала бакчалар)

Апрель

Билим берүү, маданият, жаштар уюму, спорт, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер, дин иштери тармактары боюнча туруктуу комиссия;

 

 

Мектеп директорлору, завхоздору (чарба жетекчилери),

бала бакча жетекчиси.

3

Салам-Алик айыл өкмөтүндөгү муниципалдык менчиктин абалы

Апрель

Айыл-суу,  мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана  энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссия;

 

Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика тармактары боюнча туруктуу комиссия;

Билим берүү, маданият, жаштар уюму, спорт, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер, дин иштери тармактары боюнча туруктуу комиссия;

 

 

 

 

Айыл өкмөт башчы, ФЭБ башчы, айыл башчылар

4

Жайыт комитетинин 2020- -жылдагы бюджеттик отчетун, 2021-жылга бюджеттик планын бекитүү

Апрель

Айыл-суу,  мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана  энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссия;

 

Жайыт комитетинин төрагасы

III

Үчүнү квартал

 

 

 

1

 

июль

Билим берүү, маданият, жаштар уюму, спорт, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер, дин иштери тармактары боюнча туруктуу комиссия;

 

;

 

 

Мектеп директорлору, завхоздору (чарба жетекчилери), бала бакча жетекчиси

2

Бюджеттин 2021-жылдагы кирешелер жана чыгашалар боюнча 6 айлык планынын аткарылышы жөнүндө

июль

Бюджет комиссиясы...

Өкмөт башчы, ФЭБ башчысы билдирүү, маалымат беришет

3

Көмүр кендеринин, соода сатык мекемелеринин ишмердиги жана алардын салыктарды төлөөсүнүн абалы, жерлерден, транспорттон ж.б. түшкөн салыктар жөнүндө

июль

Айыл-суу,  мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана  энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссия;

 

Бюджет комиссиясы...

Өкмөт башчы, ФЭБ башчысы билдирүү, маалымат беришет.

Салык  кызматкери.

4

Түрдүү маселелер

 

 

 

IV

Төртүнчү квартал

 

 

 

1

Саламаттыкты сактоо мекемелеринин ишмердүүлүктөрү жөнүндө

Октябрь

 

 

Билим берүү, маданият, жаштар уюму, спорт, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелери жана дин иштери тармактары боюнча туруктуу комиссия;

 

 

 

 

Айыл өкмөт башчы, ФЭБ башчы, айыл башчылар

2

Жайыт комитетинин 2021- -жыл үчүн ушул мезгилге чейинки киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө

Октябрь

Айыл-суу чарба, мал, токой, экология, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, транспорт жана  энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссия,

 

 

Жайыт комитетинин төрагасы

3

Түрдүү маселелер

Октябрь

 

 

 

  1. Уюштуруу-массалык иштер:

 

1

Депутаттык окууларды уюштуруу

Кварталда бир жолу (сураныч боюнча)

Кеңештин төрагасы жана орун басары

 

2

Атуулдардын кайрылууларынын негизинде тейлөөлөр: жол оңдоо, ичкен суу, таштанды чыгаруу, жашылдандыруу, жарык менен камсыздандыруу, малдарды багуу шарттары, ж.б. боюнча ар бир айылдарда депутаттык угууларды уюштуруу

4 айда бир жолу

Тиешелүү туруктуу комиссиялар

 

3

Депутаттардын атуулдук коомдордун активдери менен тегерек столдо жолугушууларды уюштуруу

6 айда бир жолу

Кеңештин төрагасы жана орун басары,

Тиешелүү туруктуу комиссиялар

 

4

Депутаттардын шайлоочулар менен жолугушуусу (отчету)

Жылына 1 жолу

Кеңештин төрагасы жана орун басары,

Тиешелүү туруктуу комиссиялар

 

 

 

 

Төрайым:                                                  Б.Калмурзаева

 

 

Катчы:                                                      Д.Нышанбаев

 

 

 

 

 

 

 

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги

II сессиясынын

 

ТОКТОМУ

2021-жылдын  21-майындагы                         № 6                                       Салам-Алик айылы

Салам-Алик айылдык кеңешинин регламентин бекитүү

жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесинин 11-пунктун жетекчиликке алып, Салам-Алик айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т

  1. Салам-Алик айылдык кеңешинин Регламенти бекитилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрайым                                                                                                               Б.Калмурзаева

 

 

 

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин 2021-жылдын 21-майындагы6-токтому менен бекитилген

 

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН РЕГЛАМЕНТИ

 

1.Жалпы жоболор

 

1.1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык айылдык Кеңеш (мындан ары - Кеңеш) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун эң жогорку өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.

Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын, жергиликтүү жамаатынын Уставын, ошондой эле ушул Регламентти жетекчиликке алат.

1.2. Кеңештин ыйгарым укуктары болуп төмөнкүлөр саналат:

- жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөө;

  • жергиликтүү бюджетти жана аны аткаруу жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджетти аткаруунун жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фондду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу жана алар боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алуу;
  • аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү жана аткарылышына контролдук кылуу;
  • жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды белгилөө;
  • жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин, анын ичинде муниципалдык менчик обьекттерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен пайдалануунун жана тескөөнүн тартибин белгилөө, муниципалдык менчикти пайдаланууга контролдук кылуу;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү аткаруучу-тескөөчү органынын иши жөнүндө отчетту угуу;
  • мыйзамда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
  • депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен айылдык өкмөттүн (округдун) башчысын шайлоо жана мыйзам чегинде ишеним көрсөтпөө;
  • жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;
  • администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунушту тийиштүү мамлекеттик бийлик органга киргизүү максатында иштеп чыгуу;
  • айылдык Кеңештин төрагасын (мындан ары-Кеңештин төрагасы) жана анын орун басарын шайлоо жана аларды кызмат ордунан бошотуу, Кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамына карама-каршы келген чечимин алып салуу;
  • жергиликтүү Кеңештин иш планын, Регламентин жана туруктуу (убактылуу) комиссиянын иш планын бекитүү, аларга өзгөртүү киргизүү;
  • өз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу;
  • өкмөт аныктаган типтүү ченемдердин негизинде айыл өкмөттүн (округдун) башчысынын сунушу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү;
  • муздак сууну, канализацияны пайдалануу үчүн, ошондой эле катуу тиричилик калдыктарын чогултуу, ташып кетүү жана жок кылуу үчүн тарифтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык бекитүү;
  • жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү, өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жана башка маселелерди да чечүү.

1.3. Кенеш, өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга киришүү менен бир айлык мөөнөттө Кеңештин төрагасы, төраганын орун басары жана Кеңештин аппаратынын түзүмү жөнүндө чечим кабыл алат.

               

  1. Кеңештин ишин уюштуруу

 

  • Кеңештин иши жылдык иш пландын негизинде жүргүзүлөт.

Пландын долбоорун депутаттардын сунушу боюнча Кеңештин аппараты же тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органы түзөт жана Кеңештин төрагасы Кеңештин бекитүүсүнө сунуш кылат.

  • Кеңештин сессиялары кварталына кеминде 1 жолу план боюнча же зарыл болсо кезексиз Кеңештин төрагасы белгилеген күндө жана убакта өткөрүлөт.
  • Кеңешти чакыруу убактысы, сессияны өткөрүү орду жана карап чыгууга киргизилүүчү маселелер жөнүндө Кеңештин катчысы сессияга чейин 5 күндөн кечиктирбестен депутаттарга кабарлайт жана калкка жеткирет.
  • Кеңештин кезексиз сессиялары Кеңештин төрагасы тарабынан өз демилгеси боюнча, туруктуу комиссиялардын демилгеси боюнча же шайланган депутаттардын санынын кеминде үчтөн бир бөлүгүнүн сунушу боюнча чакырылат. Кезексиз сессия аны чакыруу жөнүндө сунуш алынган учурдан тартып 7 күндөн кечиктирбестен өткөрүлүүгө тийиш.

Кезексиз сессияны чакыруу жөнүндө сунуш күн тартибине киргизүүгө сунуш кылынган маселелерди көрсөтүү жана кезексиз сессиянын зарылчылыгын негиздөө менен жазуу жүзүндө гана Кеңештин төрагасына жөнөтүлөт.

  • Айыл өкмөт башчысы Кеңештин сессиясынын күн тартибине маселени төраганын атына жазуу түрүндө колун коюп, печать басуу менен гана сессияга кеминде 7 күн калган мөөнөттө сунуш кыла алат (жоопкерчилик үчүн). Кеңештин сессиясына пландагы маселелерди бекитилген иш планына ылайык аларды даярдоо үчүн жоопкерчилик жүктөлгөн адамдар, тиешелүү комиссия даярдайт.

Кеңештин сессиясына пландан тышкаркы маселелерди аларды киргизүүнүн демилгечилери даярдайт.

  • Кеңештин чечими боюнча же Кеңештин төрагасынын буйругу боюнча Кеңештин компетенциясына кирген маселелерди даярдоо үчүн депутаттардын, адистердин, ошондой эле жарандар менен коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн ичинен жумушчу комиссиялар (топтор) түзүлүшү мүмкүн.
  • Иш план боюнча кезектеги сессиянын күн тартибине киргизүүгө сунуш кылынган негизги маселелер боюнча материалдар (чечимдердин долбоорлору, суроо-талаптар, кайрылуулар жана башкалар) сессияга чейин 3 күндөн кечиктирбестен жоопкер адамдар, тиешелүү комиссия жана демилгечилер тарабынан Кеңештин катчысына (маселенин аталышы, маселени талкуулоо зарылчылыгы, убактысы менен) жазуу жүзүндө берилүүгө тийиш, ал төрагага маалымдалыш керек. Андай болбогон учурда маселе кийинки жыйналышка которулушу мүмкүн.
  • Белгиленген маселе боюнча талкуулоо үчүн чакырылгандардын тизмесин, сунуш маселени Кеңештин жыйналышына коюуга негиз берген адам даярдайт. Кеңештин жыйналышына чакырылган адамдар маселени талкуулоонун убактысы жана орду жөнүндө Кеңештин (же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынын) аппаратынын кызматкерлери, демилгечилер тарабынан күн мурунтан кабарландырылат.

 

  1. Кеңештин сессиялары

 

3.1. Кеңештин сессиялары Кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын кеминде жарымы   катышкан учурда чечим кабыл алууга укуктуу.

  • Кеңештин депутаттары Кеңештин сессияларына катышууга өтө милдеттүү. Депутат өзү курамына кирген туруктуу комиссиялардын жана органдардын ишине катышууга, алардын чечимдерин аткарууга, көмөк көрсөтүүгө, Кеңештин, анын органдарынын тапшырмаларын аткарууга милдеттүү. Кенештин депутаты Кеңеште жана анын органдарында өзүнүн милдеттерин аткарбаган, алардын ишинин белгиленген тартибин дайыма бузган учурда жергиликтүү Кеңеш мандаттык комиссиянын, депутаттык иш жана этика маселелерин караган комиссиянын корутундусу боюнча депутаттын өзүнүн милдеттерине карата мамилеси тууралуу шайлоочуларга кабарлоо жөнүндө чечим кабыл алат. 8-1 статя: депутат өз ишинде моралдын жалпыга таанылган ченемдерин карманууга, өз беделин сактоого, башка депутаттардын, башка кызмат адамдарынын жана жарандардын ар намысын жана беделин сыйлоого, Кеңешти, шайлоочуларды, улутту, мамлекетти, жаманатты кылган аракеттерден, билдирүүлөрдөн жана жосундардан сактанууга тийиш!
  • Сессияларга катышууну эсепке алууну Кеңештин катчысы кол койдуруу менен, атайын катышуу барагын (мындан ары - катчы) уюштурат.

Жыйналышка келүү мүмкүнчүлүгү болбогон учурда Кеңештин депутаты бул жөнүндө Кеңештин төрагасына же катчысына күн мурунтан (оозеки же кийин болсо да жазуу түрүндө себебин көрсөтүү менен же телефон менен болсо да) билдирүүгө тийиш.

  • Кеңештин сессиялары ачык болуп саналат.

Кеңештин чечими боюнча жабык жыйналыштар өткөрүлүшү мүмкүн.

  • Сессияга мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү, жарандар, башка кеңештердин депутаттары өзгөчө тартипти сактоо менен (сессиянын иш регламентин сактап, депутаттардын сөзүн бөлбөй, сөз талашпай, алардын статусун сыйлап, ызаттап), кеңеш берүү добуш укугу менен катыша алат.
  • Кеңештин сессияларын - Кеңештин төрагасы, ал эми ал жокто Кеңештин төрагасынын орун басары алып барат же зарылчылык болгондо Кеңештин чечими боюнча тиешелүү башка депутат алып барышы мүмкүн.
  • Кеңештин сессиясында добуш берүү кол көтөрүү менен жүргүзүлөт, Кеңеш зарыл деп эсептеген учурларда добуш берүү башкача ыкма менен жүргүзүлүшү мүмкүн.

Добуш берүүнүн натыйжалары (Кеңештин депутаттарынын фамилияларын, «жактап», «каршы» добуш бергендерди, «калыс» калгандарды көрсөтүү менен) протоколго, киргизилет.

Добуш берүү аяктагандан кийин жасалган эрк билдирүүгө эч кандай түзөтүүлөр кабыл алынбайт. Добуш берүү учурунда жок болгон депутат өзүнүн добушун кийин берүүгө укуксуз.

  • Кеңеш ар бир сессияда Кеңештин сессияга катышып олтурган депутаттарынын санынын көпчүлүк добушу менен күн тартибин жана иштөө тартибин кабыл алат.
  • Зарыл болгон учурларда гана (өзгөчө кырдаалдагы маселелерден башка) жазуу түрүндө сунуш келсе күн тартибине депутаттын жана төраганын гана сунушу боюнча Кеңештин чечими менен Кеңештин сессиясына түздөн-түз коюлуучу маселелер киргизилиши мүмкүн. Төрага тарабынан тиешелүү комиссияга корутунду чыгаруу үчүн сунуш кылынып, убакыт (шарт түзүлүп) берилет, корутундунун негизинде  гана Кеңеш чечим кабыл алат. Мындай шартка убакыт ажыратылганга чейин (балким тыныгуу мезгилинде же атайын убакыт ажыратылышы же комиссия мүчөлөрүнө сыртка барып иштеп келүүгө уруксат берилип, шарт түзүлөт) калган маселелер карала бериши мүмкүн.

Сессиянын күн тартибине кошумча маселелерди киргизүү жөнүндө чечим ар бир сунуш,  маселе боюнча добуш берүү менен Кеңештин 2/3 добушу менен кабыл алынат.

  • Кеңеш сессиянын күн тартибин бекиткенден кийин талкуулоо күн тартибинде белгиленген тартип боюнча жүрөт. Күн тартибинин маселелерин талкуулоого, иштөө тартибине өзгөртүүлөр төраганын же депутаттын сессиянын каалаган учурунда берген сунушунун негизинде,  Кеңештин чечими боюнча (катышуу барагындагы депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен)  жүргүзүлөт.
  • Тигил же бул себептерден улам бул сессияда каралбаган, толук каралбаган маселелер Кеңештин кийинки сессиясына Кеңештин чечими менен калтырылат.
  • Сессиянын жыйналыштарында докладдар үчүн убакыт, эреже катары 10 мүнөткө чейин, тең докладдар үчүн 5 мүнөткө чейин берилет. Жарыш сөзгө чыккандарга - 5 мүнөткө чейин, талапкерлер, алып баруу тартиби, добуш берүү жүйөлөрү боюнча сөз сүйлөө үчүн, арыздар, маселелер, сунуштар, билдирүүлөр үчүн 3 мүнөткө чейин убакыт берилет.

Депутаттардын көпчүлүгүнүн макулдугу менен сессияда төрагалык кылуучу доклад же сөз сүйлөө үчүн убакытты маселе чечилгенге чейин узарта алат.

  • Депутат сессиянын бир жыйналышында бир эле маселе боюнча эки жолудан ашык эмес, ал эми жыйналышка катышып олтурган депутаттардын көпчүлүгүнүн макулдугу менен андан ашык, бирок сөзгө жазылуу (сөз алуу) кезегин сактап, (сөзгө конок берүү менен башка депутаттарды урматтап, сыйлап, толеранттуу болуп) сөз сүйлөй алат.
  • Эгерде сөз сүйлөп жаткан адам талкууланып жаткан темадан алыстаса, төрагалык кылуучу аны талкууланып жаткан маселеден алыстабоого чакыра алат.

Эгерде сүйлөп жаткан адам сөз сүйлөө үчүн ага берилген убакыттан ашып кетсе же талкууланбаган маселе боюнча сөз сүйлөсө, төрагалык кылуучу экинчи жолу эскерткенден кийин аны сөз сүйлөөдөн ажыратат. Бир депутат сөз сүйлөп жатканда ал сөзүн аягына чейин чыкмайынча төрагадан, төрагалык кылуучудан башка депутат, жаран, адам сөзүн бөлүүгө тыюу салынат,  укуксуз. Бул укукту депутат өз оюн оптималдуу жол менен жыйынтыктап, сөздүн маанисин тез түшүндүрүп, убакытты үнөмдөө менен колдонуусу зарыл! Бул биздин Регламенттеги депутаттын эң негизги укугу деп аталат!

  • Депутат болуп саналбаган адам тартипти одоно бузган учурда төраганын буйругу боюнча же Кеңештин чечими боюнча Кеңештин сессияларынын жыйналыш залынан чыгарылышы мүмкүн.
  • Сессиянын жыйналышынын протоколу Кеңештин катышып олтурган депутаттарынын жана сессияга чакырылып, катышпагандыгынын себептерин көрсөтүү менен жок депутаттарынын фамилияларын, угуулардын предметинин маңызы боюнча маалыматтарды жана алар боюнча кабыл алынган чечимдерди камтууга тийиш.

Протоколду жүргүзүп жаткан Кеңештин катчысы Кеңештин сессиясынын жыйналыштары жөнүндө кыскача жана маңызы боюнча жазуу жазат.

Эгерде сессиянын жыйналышынан кийин Кеңештин депутаттары жазуунун мазмунуна каршы пикирин билдирбесе, эки күндүн ичинде протоколго сессияда төрагалык кылган адам кол коет.

3.16. Кеңештин сессиялары, каралган маселелер жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө жергиликтүү Кеңештин аппараты жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүүлөрдү берет.

 

  1. Кеңештин чечимдери

 

  • Сессияда каралган негизги маселелер боюнча Кеңеш тиешелүү туруктуу комиссиянын корутундусу боюнча чечим кабыл алат.

Кеңештин чечимдери сессияда ачык, анын ичинде атын атоо же Кеңештин чечими боюнча жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.

  • Кеңештин чечимдери сессияда талкуулангандан кийин мыйзамдарда башкача каралбаса Кеңештин сессияга катышып жаткан депутаттарынын санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
  • Кеңештин төрагасын, Кеңештин төрагасынын орун басарын, Кеңештин органдарын түзүү жөнүндө, Кеңештин гана компетенциясына кирген маселелер боюнча, Кеңештин мурда кабыл алынган чечимдерин алып салуу же өзгөртүү жөнүндө чечимдер Кеңештин шайланган депутаттарынын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

Мыйзамдарда башкача каралбаса жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамына же мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчисине ишеним көрсөтпөө жөнүндө Кеңештин чечими Кеңештин депутаттарынын жалпы санын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

Кеңештин карамагына кирген маселелер боюнча анын чечимдери токтом түрүндө чыгарылат жана ага Кеңештин төрагасы кол коет.

4.4. Кеңештин чечимине макул болбогон депутат өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө же оозеки баяндоого укуктуу, ал Кеңештин сессиясынын протоколуна киргизилет.

4.5. Эгерде сессияга катышып олтурган депутаттардын жарымынан ашыгы чечимдин сунуш кылынган долбоорун жактап добуш берсе, ал алгач негиз катары алынат.

Эгерде чечимдин сунуш кылынган долбоору негиз катары кабыл алынбаса, ал беренелер боюнча каралышы мүмкүн.

  • Чечимдин долбооруна түзөтүү киргизүүнү каалаган депутат аны төрагалык кылуучуга жазуу жүзүндө же оозеки берет. Түзөтүү талкууга коюлат жана, эгерде сессияга катышып олтурган депутаттардын жарымынан ашыгы аны жактап добуш берсе, кабыл алынат.
  • Бардык түзөтүүлөр каралып чыккандан кийин чечимдин түзөтүлгөн долбоору бүтүндөй кабыл алынат.
  • Кеңештин чечимдерин өзгөртүүсүз туура сактоо үчүн жоопкерчилик Кеңештин төрагасына жана катчысына жүктөлөт.

4 9. Кеңештин чечимдерин кол коюлгандан кийин 2 жумалык мөөнөттө айыл өкмөтүнүн аппараты таратат.

  • Кеңештин ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган анын чечимдерин тиешелүү аймакта жайгашкан менчигинин түрүнө карабастан бардык ишканалар, мекемелер жана алардын органдары, кызмат адамдары жана жарандар аткарууга милдеттүү.
  • Кеңештин чечимдери сот тартибинде же Кеңештин башка чечими менен гана алып салынышы мүмкүн.

 

  1. Жергиликтүү кеңештин төрагасы

 

  • Айылдык Кеңештин төрагасы Кеңешке жетекчилик кылган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун шайлануучу кызмат адамы болуп саналат.

Мурдагы чакырылыштагы Кецештин төрагасы өз милдеттерин жаңы чакырылган Кеңештин төрагасы шайланганга чейин аткарат.

  • Кеңештин төрагасы өз кызматынан Кеңештин демилгеси боюнча Кеңештин сессиясында жашыруун добуш берүү жолу менен, эгерде Кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси четтетилсин деп добуш берүү менен бошотулушу мүмкүн.

Кеңештин төрагасына ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселе шайланган депутаттардын санынын кеминде 1/3 бөлүгүнүн талабы боюнча жакынкы сессиянын күн тартибине киргизилет.

Бул маселени жыйналышта кароо учурунда Кеңештин төрагасына сүйлөө үчүн сөз берилет.

Кеңештин төрагасын ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө чечим Кеңеш тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен, эгерде Кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси муну жактап добуш берсе, кабыл алынат.

5.3.Кеңештин төрагасы:

  • Кеңештин сессияларын чакырат;

Күн тартибин аныктап киргизип, кезексиз маселелерди туруктуу комиссияга, чечим чыгарууга Кеңешке сунуш кылат, сессияларда төрагалык кылат;

Жыйналыштарды жана кароого киргизилүүчү маселелерди даярдоого жетекчилик кылат;

Кеңештин иш пландарын түзүүнү камсыз кылат;

  • Кеңештин Регламенти сакталышына көз салат;
  • Кеңештин жыйналыштарынын протоколдоруна (токтомдоруна) жана башка документтерине кол коет, алардын туура толтурулушуна катчы менен бирге жоопкер болот;
  • депутаттар өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырышында аларга көмөк көрсөтөт, тиешелүү шарт түзөт, аларды зарыл маалымат менен камсыз кылууну уюштурат, талап кыла алат;
  • Кеңеште, анын органдарында же шайлоо округдарында иштөө үчүн депутаттарды кызматтык же өндүрүштүк милдеттерден бошотуу менен байланышкан маселелерди карайт;
  • Кеңештин туруктуу комиссияларынын, башка комиссияларынын жана жумушчу топторунун ишин координациялайт;
  • мамлекеттик, коомдук уюмдар менен мамилелерде Кеңештин атынан иш алып барат;
  • Кеңештин тышкы байланыштарын уюштурат;
  • Кеңештин төрагасынын орун басарынын кызматына шайлоо үчүн талапкерди сунуш кылышы мүмкүн;
  • Кеңештин чечимдерин аткаруу максатында, анын ичинде Кеңештин ишине каражаттарды чыгымдоо жагынан да буйруктарды чыгарат;
  • Кеңештин ишинде маалымдуулукту камсыз кылуу жана коомдук пикирди эске алуу боюнча чараларды көрөт;
  • жарандардын кайрылууларын жана арыздарын кароону уюштурат;
  • мыйзамдарда каралган учурларда сотко же арбитраждык сотко жөнөтүлүп жаткан тиешелүү документтерге Кеңештин атынан кол коет;
  • Кеңештин чечимдерин Салам-Алик айыл округунун аймагында турган бардык органдар, бирикмелер, менчигинин түрүнө карабастан ишканалар, мекемелер жана уюмдар аткарышын уюштурат жана контролдоону жетечиликке алат;
  • ага Кеңеш тапшырышы же Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан жүктөлүшү мүмкүн болгон башка маселелерди чечет.
  • Кеңештин төрагасынын буйруктары Кеңеш тарабынан алынып салынышы мүмкүн.
  • Кеңештин төрагасы өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө билдирүүгө укуктуу. Мындай учурда чечим Кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат.

Төрага өзүнүн ыйгарым укуктарын ыктыярдуу түрдө токтотушу анын жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде канааттандырылат. Кеңеш отставканы кабыл албаган учурда Кеңештин төрагасы өзүнүн ыйгарым укуктарын арыз берген күндөн тартып эки ай өткөндөн  кийин токтотууга укуктуу.

  • Кеңештин төрагасы ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Кеңештин жаңы төрагасын шайлоо жөнүндө маселе чечилгенге чейин анын милдеттерин Кеңештин терагасынын орун басары аткарат.

 

  1. Кеңештин төрагасынын орун басары

 

  • Кеңештин төрагасынын орун басары Кеңештин төрагасынын же депутаттардын сунушу боюнча депутаттардын ичинен сессияда жашыруун добуш берүү менен Кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат. Ар бир депутат Кеңештин төрагасынын орун басарынын кызматына талапкерди көрсөтүү, өзүн-өзү көрсөтүү укугуна ээ.
  • Кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоо жергиликтүү Кеңештин төрагасын шайлоого окшош жүргүзүлөт.
  • Кеңештин төрагасынын орун басары Кеңешке отчет берет жана Кеңештин сессиясында жашыруун добуш берүү жолу менен кызматтан бошотулушу мүмкүн.

Кеңештин төрагасынын орун басарына ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселе шайланган депутаттардын санынын кеминде 1/3 бөлүгүнүн талабы боюнча жакынкы жыйналыштын күн тартибине киргизилет.

Сессияда бул маселени карап чыгуу учурунда Кеңештин төрагасынын орун басарына сүйлөө үчүн сөз берилет.

Кеңештин төрагасынын орун басарын ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө чечим, эгерде шайланган депутаттардың  жалпы санынын жарымынан ашыгы муну жактап добуш берсе, Кеңеш тарабынан жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.

  • Кеңештин төрагасынын орун басары:
  • Кеңештин төрагасы жок болгон же ал милдеттерин аткара албаган учурда анын функцияларын жүзөгө ашырат;
  • ага Кеңештин төрагасы берген же ага Кеңеш берген ар кандай башка функцияларды аткарат;
  • Кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат.

Кеңештин төрагасынын орун басары өз функцияларын коомдук башталыштарда жүзөгө ашырат.

  • Кеңештин төрагасынын орун басары өз ыйгарым укуктарын ыктыярдуу токтотушу анын жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде канааттандырылат.

Кеңеш отставканы кабыл албаган учурда Кеңештин  төрагасынын орун басары арыз берген күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын токтотууга укуктуу.

  • Кеңештин жаңы төрагасы шайланган учурда Кеңештин төрагасынын орун басары ыктыярдуу турдө отставкага кетүү жөнүндө арыз берет, ал Кеңештин төрагасы тарабынан каралат.

 

  1. Кеңештин жооптуу катчысы

 

7.1. Кеңештин жооптуу катчысы Кеңештин ишин уюштуруу-протоколдук жактан жана бардык иш кагаздарын камсыз кылган адам болуп саналат жана ал Кеңеш тарабынан көпчүлүк добуш берүү менен бекитилет .

Айрым учурда Кеңештин катчысынын мыйзам менен белгиленген функцияларын айыл өкмөтүнүн аппаратынын жооптуу катчысы Кеңештин чечими менен аткарат.

7.2. Кеңештин катчысы:

  • Кеңештин сессияларынын протоколун жүргүзөт;
  • Кеңешке келип түшкөн документтердин эсебин алууну, каттоону уюштурат;
  • Кеңештин сессиясына материалдарды даярдайт, аларды депутаттарга өткөрүп берет;
  • сессияга катышуу үчүн депутаттарды, мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык органдарынын, коомдук уюмдардын, калктын коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн, адистерди чакырат, жоопкерчиликти алат;
  • депутаттардын Кеңештин сессияларына келишинин эсебин каттоо барагы менен алат;
  • Кеңештин сессиясынын чечимдерин туура толтурат жана аларды мыйзамдуу таратууну уюштурат;
  • Тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде алып барат, кабыл алынган ченемдик актыларды мыйзамдаштырууга жоопкер болот;

       -  Кеңеш берген башка функцияларды аткарат.

 

  1. Кеңештин туруктуу комиссиялары

 

  • Кеңештин карамагына тиешелүү маселелерди алдын ала карап чыгуу жана даярдоо үчүн Кеңеш депутаттардын ичинен туруктуу комиссияларды түзөт. Комиссияны түзүү жөнүндө чечим Кеңештин сессиясында кабыл алынат.
  • Туруктуу комиссиялар Кеңештин негизги түзүмдүк органдары болуп саналат, алар өздөрүн шайлаган Кеңештин алдында жооптуу жана ага отчет берет, Кеңештин жана Кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат, жарандардын тиешелүү Кеңешке келип түшкөн сунуштарын, арыздарын, даттанууларын карап чыгууга катышат.

Туруктуу комиссиялар комиссияга келип түшкөн документтерге жана кайрылууларга белгиленген мөөнөттө (башкача каралбаса 10 күндө) жооп берүүгө милдеттүү.

  • Ар бир туруктуу комиссиянын компетенциясы, функциялары жана милдеттери Кеңештин сессиясында аныкталат, бекитилет.
  • Комиссия депутаттардын сунушунун, өзүн-өзү көрсөтүүнүн негизинде депу­таттардын ичинен түзүлөт. Депутат Кеңештин бир гана (өзгөчө учурларда гана эки) туруктуу комиссиясынын мүчөсү боло алат.

Туруктуу комиссияда 3 депутаттан кем болбойт. Комиссиянын курамына депутаттарды шайлоо Кеңештин сессиясында жүзөгө ашырылат. Кеңештин чечими боюнча добуш берүү тизме менен же ар биринин атын атоо менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Депутаттарды комиссиянын курамына шайлоо жөнүндө чечим шайланган депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Бекитилген сандагы комиссиянын мүчөлөрүнөн ашык талапкерлер көрсөтүлгөндө, берилген добуштарды салыштыруу менен тандалат, эгер барабар болсо, алгач көрсөтүлгөн талапкерге артыкчылык берилет.

  • Депутат 3 айдын ичинде жүйөөлүү себеби болбостон комиссиянын пландуу жыйналыштарына 3 жана андан ашык жолу катышпаса комиссиянын сунушу боюнча Кеңештин чечими менен комиссиянын курамынан чыгарылышы мүмкүн, бул чечим шайлоочуларга жөнөтүлөт. Жүйөлүү себептер болуп: оору, өргүү, иш сапар, жакын туугандарынын каза болушу, өзү той берип калса,... саналат.
  • Депутаттык ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда, ошондой эле жазуу жүзүндөгү жеке арызынын негизинде депутат комиссиянын курамынан чыкты деп эсептелет. Мындай учурларда Кеңештин чечими талап кылынбайт. Депутат өз макулдугунун негизинде бир комиссиядан башка комиссияга Кеңештин чечими менен өтүшү мүмкүн.
  • Туруктуу комиссиянын төрагасы комиссиянын жыйналышында комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен туруктуу комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен шайланат жана Кеңештин сессиясында шайланган депутаттардын санынын көпчүлүгү тарабынан ачык же жабык добуш берүү менен бекитилет.

Кеңештин төрагасы жана Кеңештин төрагасынын орун басары туруктуу, убактылуу комиссияларга мүчө боло албайт.

8.8. Туруктуу комиссиянын төрагасы:

  • комиссиянын ишин уюштурат;
  • комиссиянын мүчөлөрүнүн ортосунда ишти бөлүштүрөт, аларга тапшырмаларды берет;
  • комиссиянын иш планын, жыйналыштардын күн тартибинин долбоорун түзөт;
  • комиссия Кеңешке даярдаган чечимдердин, сын-пикирлердин жана сунуштардын долбоорлорун сунуш кылат;
  • комиссиянын төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна талапкерлерди комиссияга сунуш кылат;
  • комиссиянын жыйналыштарын чакырат жана алып барат;
  • комиссиянын иши жөнүндө Кеңешке жана Кеңештин төрагасына маалымдайт;
  • төраганын орун басары убактылуу жок болгон учурда комиссия мүчөлөрүнүн ичинен аны алмаштыруучуну дайындайт;
  • комиссиянын чечимдеринин аткарылышы жөнүндө, комиссияга келип түшкөн каттарга жооптор жөнүндө комиссия мүчөлөрүнө маалымдайт;
  • башка уюмдар менен мамилелерде комиссиянын атынан иш алып барат.
  • Туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары жыйналышта комиссиянын төрагасынын сунушу боюнча комиссия мүчөлөрүнүн ичинен шайланат.
  • Туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары:
  • туруктуу комиссия белгилеген милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык функцияларды аткарат;
  • төраганын тапшыруусу боюнча анын айрым функция ларын аткарат;
  • төрага жок болгон учурда аны алмаштырат.
  • Айыл өкмөтүнүн аппаратынын адистеринин бири туруктуу комиссиянын катчысы болушу мүмкүн.

Катчы туруктуу комиссиянын мүчөсү болуп саналбайт.

  • Туруктуу комиссиянын катчысы:

- туруктуу комиссиянын жыйналышынын протоколун жүргүзөт;

  • комиссияга келип түшкөн документтердин эсебин алууну уюштурат;
  • комиссиянын чечимдерин, комиссияга келип түшкөн каттарга, документтерге жоопторду даярдайт;
  • комиссиянын жыйналыштарына катышуу үчүн депутаттарды, мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык органдарынын, коомдук уюмдардын, калктын, коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн, адистерди чакырат.
  • Туруктуу комиссиянын мүчөсү комиссиянын ишине катышууга, комиссиянын тапшырмаларын аткарууга милдеттүү.
  • Сунуштары комиссиянын колдоосуна ээ болбогон туруктуу комиссиянын мүчөсү ушул маселени Кеңештин сессиясында талкуулоо учурунда өзгөчө пикир түрүндө аларды жазуу жүзүндө же оозеки формада киргизе алат.
  • Комиссиянын талкуусуна киргизилип жаткан маселелер боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсүнө зарыл материалдар талап боюнча сөзсүз берилет.
  • Туруктуу комиссиянын мүчөсү комиссиянын тапшыруусу боюнча жана өз демилгеси боюнча комиссиянын карамагына тиешелүү маселелерди иликтей алат, мамлекеттик жана коомдук органдар менен уюмдардын, ошондой эле жарандардын сунуштарын жалпылай алат, өз тыянактарын жана сунуштарын комиссияга, Кеңешке билдире алат.

8.17. Мыйзамда каралган учурларда туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү комиссиялардын жыйналыштарынын мезгилине өндүрүштүк же кызматтык милдеттерди аткаруудан бошотулат, мында туруктуу иштеген жери боюнча орточо эмгек акысы сакталат же ага комиссиядагы иш менен байланышкан чыгымдардын орду жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен толтурулат.

8.18. Туруктуу комиссия комиссиянын Кеңеште бекитилген иш планына ылайык иштейт.

  • Ар бир туруктуу комиссия жыйналыштарга зарылчылыкка жараша, бирок айына кеминде бир жолу чогулат.
  • Эгерде комиссиянын жыйналышына комиссия мүчөлүрүнүн жалпы санынын жарымынан ашыгы катышса, ал чечим кабыл алууга ыйгарым укуктуу деп эсептелет.
  • Комиссиянын чечимдери жыйналышка катышып олтурган комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

Эгерде комиссиянын мурда кабыл алынган чечимдерин алып салуу жөнүндө чечимдерге комиссия мүчөлөрүнүн жарымынан ашыгы жактап добуш берсе, ал кабыл алынды деп эсептелет.

  • Комиссиянын жыйналыштарына бул комиссиянын курамына кирбеген кеңеш берүү добуш укугу бар депутаттар катыша алат.
  • Эгерде комиссия башкача чечим кабыл албаса, комиссиянын жыйналыштары ачык өтөт. Депутаттар комиссиянын жабык жыйналышына катыша алат.
  • Туруктуу комиссиянын жыйналыштарына мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, адистер чакырылышы мүмкүн, алар жыйналыштарга кеңеш берүү добуш укугу менен катыша алат.
  • Туруктуу комиссиянын ар бир жыйналышы протокол-токтом менен таризделет, ага комиссиянын төрагасы жана катчысы же бардык мүчөлөрү кол коет.
  • Туруктуу комиссия маселелерди даярдоо үчүн адистерди, тиешелүү адамдарды тарта алат. Иштөө үчүн тартылган адистер комиссиянын жыйналыштарына кеңеш берүү добуш укугу менен катыша алат.
  • Туруктуу комиссиянын чечимдерине жана корутундуларына комиссиянын төрагасы кол коет.
  • Туруктуу комиссиянын жыйналышынын чечимдери жана протоколдору, комиссия мүчөлөрүнүн тизмеси, кириш документтердин журналы комиссиянын катчысында сакталат.
  • Туруктуу комиссиялар Кеңештин сессияларында төмөнкүчө жоюлат:
  • туруктуу комиссиянын өзүнүн же Кеңештин төрагасынын сунушу боюнча;
  • эгерде комиссиянын жыйналыштары 3 ай бою (анын ичинде кворум жоктугунан улам) өткөрүлбөгөн учурда;
  • комиссияда Зтен аз мүчө калган учурда.

 

  1. Убактылуу (атайын) комиссиялар

 

  • Кеңеш атайын милдеттерди аткаруу үчүн убактылуу (атайын) комиссияларды түзө алат.
  • Убактылуу комиссиялардын милдеттери, ыйгарым укуктарынын көлөмү жана мөөнөтү аларды түзүү учурунда аныкталат.
  • Убактылуу комиссиялардын иши аларга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы менен токтотулат.
    • Убактылуу комиссиялардын ишинин жалпы тартиби туруктуу комиссиялардыкына окшош.

 

  1. Регламентти бекитүү ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби

 

  • Кеңештин Регламенти, аны өзгөртүү жана толуктоо Кеңеш түзгөн Регламент маселелери боюнча жумушчу топтун же тиешелүү туруктуу комиссиянын сунушу боюнча типтүү регламенттин негизинде иштелип чыгат жана Кеңештин сессиясынын бекитүүсүнө киргизилет.
  • Регламент маселелери боюнча топ Кеңеш шайлай турган кеминде 5 депутаттан турат. Ага Кеңештин чечими боюнча Кеңешти төрагасынын орун басары же Кеңештин мүчөсү болгон башка депутат башчылык кылат.
  • Ар бир депутат Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды бере алат. Сунуштар карап чыгуу үчүн Регламент маселелери боюнча жумушчу топко же тиешелүү туруктуу комиссияга жөнөтүлөт.
  • Регламент маселелери боюнча топ же тиешелүү туруктуу комиссия түзөтүүлөрдү кабыл алат же четке кагат.

Кабыл алынган түзөтүүлөр бекитүү үчүн кеңешке киргизилет. Четке кагылган түзөтүүнүн автору аны Кеңеш карап чыгышын талап кылууга укуктуу.

10.5.Регламент жана Регламентке түзөтүүлөр Кеңештин шайланган депутаттарынын ичинен көпчүлүгү тарабынан кабыл алынат.

 

 

 

 

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 

II сессиясынын

 

ТОКТОМУ

2021-жылдын   21-майындагы                     № 7                             Салам-Алик айылы

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жеке менчикке жер участогун берүү боюнча турак жай комиссия курамын бекитүү жана жер тилкесин, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин   аукцион аркылуу берүү боюнча аукциондук коммиссия  курамын бекитүү жөнүндө.

“Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 токтомун жана “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 11-январындагы № 4-токтомун жетекчиликке алып, Салам-Алик айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т

  1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай коммиссиясынын курамы төмөндөгү депутаттардан жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен түзүлсүн:

 

  1. Турдумамбетов Алтынбек  -Салам-Алик айыл кеңешинин депутаты;
  2. Эргешов Талант                   -Салам-Алик айыл кеңешинин депутаты;
  3. Кудайбердиев Канатбек -Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты;
  4. Калыбеков Талант               -Салам-Алик айыл кеңешинин депутаты;
  5. Темирова Нуржамал            -Салам-Алик айыл кеңешинин депутаты;
  6. Токтогул кызы Зарина        -Салам-Алик айыл кеңешинин депутаты;
  7. Жакыпов Жоомарт               -Салам-Алик айыл кеңешинин депутаты;
  8. Нышанбаев Дуйшебай       -Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жооптуу

                                                          катчысы;

 

  1. Нуралиев Жылдызбек        -Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер жана жерге

                                                            жайгаштыруу боюнча жетектөөчү адиси;

 

  1. Сатыбалдыев Равшанбек    -Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер, турак жай,    

                                                          коммуналдык менчиктери жана өзгөчө

                                                          кырдаалдар  боюнча башкы адиси;                                                   

  1. Айдарканов Адисбек          -Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аскер иштери

                                                           жана  паспорт бөлүмүнүн инспектору:

  1. Миңбаева Мырзаим            -Салам-Алик айыл өкмөтүнүн социалдык

                                                          маселелери боюнча жетектөөчү адиси;

  1. Айыл башчы                        - Ар бир айылдын тийиштүү айыл башчылары;

2.Айыл чарбасына жараксыз жер тилкесин жана кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин ижарага берүүдө төмөндөгү курамда аукциондук коммиссия түзүлсүн:

 

1.Инашов Эдилбек  -Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы, комиссиянын төрагасы;

2.Нуралиев Жылдызбек  -Салам-Алик айыл өкөмөтүнүн жер жана жерге     

                                                                   жайгаштыруу боюнча башкы адиси, мүчөсү;

3.Сатыбалдыев Равшанбек  -Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай,  комуналдык менчик жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси;

  1. Термечиков Байыш -Салам-Алик айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча жетектөөчү

                                                                                                                                               адиси;

  1. Колубаева Каныкей -Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты;
  2. Чекиров Жандарбек -Салам-Алик айылыдык кеңешинин депутаты;
  3. Каипов Эрмек -Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты;
  4. Айыл башчылар -тиешелүү айылдын айыл башчылары;

3.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл кеңешинин айыл-суу,  мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана  энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрайым                                                                                                               Б.Калмурзаева

 

 

 

 

 

 

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги

II сессиясынын

 

ТОКТОМУ

2021-жылдын 21-майындагы                      №  8                              Салам-Алик айылы

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы ашыкча кашааларды жана элдин жалпы пайдалануусундагы жерлерди ижарага берүүгө  мораторий жарыялоо жөнүндө

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык  Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы ашыкча кашааларды жана элдин жалпы  пайдалануусундагы жерлерди ижарага берүү мораторий жарыялоо жөнүндө Салам-Алик айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы ашыкча кашааларды жана элдин жалпы  пайдалануусундагы жерлерди 5 (беш) жылга чейин ижарага берүүгө мораторий жарыялансын.
  2. Тиешелүү иш кагаздарын мыйзам талаптарына ылайык даярдоо жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
  3. Токтомду көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айыл кенешинин айыл , жер, суу чарба тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрайым                                                                                                               Б.Калмурзаева

 

 

                                                    

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги

II сессиясынын

 

ТОКТОМУ

2021-жылдын 21-майындагы                     №  9                                   Салам-Алик айылы

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2021-жылга бюджетинин  киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн планын  бекитүү жөнүндө

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин  102-117-беренелерине ылайык Салам-Алик айыл өкмөтүнүн   жайыт комитетинин 2021-жылга  бюджетинин  киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн  планын  бекитүү боюнча Салам-Алик айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Салам-Алик Жайыт комитетинин 2021-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 483875-00 (төрт жүз сексен үч миң сегиз жүз жетимиш беш)  сомго, ал эми чыгаша бөлүгү 483875-00 (төрт жүз сексен үч миң сегиз жүз жетимиш беш) сомго бекитилсин.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы, экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрайым                                                                                                               Б.Калмурзаева

 

 

 

 

 

 

 

 

Тиркеме № 1

Салам-Алик айылдык кеңешинин VII-чакырылыш кезектеги I-сессиясынын 2021-жылдын  21-майындагы № 9 токтому менен бекитилген.

Салам-Алик жайыт комитетинин 2021-жылга бекитилген киреше бөлүгүнүн сметасы.

 

Катар №

 

Малдын түрү

Саны

Которуу коефициенти

Шартуу малдын башы

Жайыт акысы

Суммасы   

( сом).

1

Кой-эчки

6550

0,2

1310

75

98250-00

2

Жылкы

1200

1,0

1200

75

90000-00

3

Кара мал

3675

1,0

3675

75

275625-00

 

Жалпы шарттуу малдын башы жана кирешенин жыйындысы

 

 

 

 

 

463875-00

                  

Жайыт ресурстарын башка максатта пайдалануу: мунун ичинде

1

Айдоо жер

 

1 сотыгына 6 сом

 

 

4000-00

2

Бал челек үчүн

 

1 челек үчүн 30 сом

 

 

5000-00

3

Чөп ормо

 

1 сотыгына 6 сом

 

 

5000-00

4

Ит мурун, жаңгак, маданий бак.

 

 

 

 

6000-00

5

Дары чөп чогултуу

 

 

 

 

 

 

Жыйынтыгы

 

 

 

 

20000-00

 

Кирешелердин жыйындысы

 

 

 

 

483875-00

 

 

 

 

 

Салам-Алик жайыт комитетинин 2021-жылга карата чыгаша бөлүгү.

 

Катар №

Чыгымдардын аталышы

Саны

Наркы

Суммасы

1

Төраганын эмгек акысы

12 айга

6000

72000-00

2

Төраганын жардамчысы

12 айга

4000

48000-00

3

Жардамчы жумушчулар: 2 адам сезонго

Салыкчы 1 адам

2 айга

4000

8000-00

4

Соц.фондко төлөм, эмгек акыдан.

 

 

23805-00

5

Иш жабдыктарына канц.товар.

 

 

5000-00

6

7

Жайыт инфраструктурасын жакшыртууга

Жайыт комитетинин ассосациясына

 

 

73838-00

4000-00

8

3-1 айыл өкмөт эсебине

 

 

133000

9

Жайыттын жер салыгына

 

 

83432-00

10

Иш сапар чыгым

12

1600

19200-00

11

Телефон

12

300

3600-00

12

Ар түрдүү чыгым

 

 

10000-00

 

Бардыгы

 

 

483875-00

 

 

 

 Салам-Алик жайыт комитетинин төрагасы:                                                   А.Сыдыков.

 

 

 

 

 

Салам-Алик ЖПБнин жалпы                                          Салам-Алик айылдык кеңешинин

жыйынынын 2021-жылдын                                             7-чакырылышын 1-сессиясынын

21.05       №                                                                  2021-жылдын 21.05

протоколу менен кабыл алынды                                     №  9 токтому менен бекитилди

 

Салам-Алик жайыт комитетинин 2021-жылга карата иш планы.

 

Иш-чаралардын аталышы

 

Аткаруу мөөнөтү

Аткаруучулар

Эскертүү

1

ШМБ тактоо

Январь-Февраль

Жайыт комитети

 

2

ЖК иш планын иштеп чыгуу

февраль

ЖтК

 

3

ЖКнин бюджетин иштеп чыгуу жана ЖПБнин жалпы жыйынында кабыл алуу

февраль

Жайыт комитети

 

4

ЖКнин бюджетин сессияда бекитүү

Февраль-март

ЖтК

 

5

МДСК топтору менен мал ылаңын болтурбоо максатында алдын ала байкоо жүргүзүү

Март -апрель

Жайыт комитети, МДСК тобу

 

6

ЖП жайыт билетин берүү, жайытка отурукташтыруу

Февраль-июнь

Жайыт комитети

 

7

Жайытка мониторинг жүргүзүү

Ар дайым

ЖтК

 

8

Жайыттардын инфраструктурасын оңдоо иштерин жүргүзүү (жол, көпүрө)

Апрель-май

ЖтК, ЖП,

өнөктөштөр

 

9

Жайыт комитетинин жыйынын өткөрүү

Кеминде 2 жолу

ЖтК

 

10

ПРЖР-2 долбооруна кичи долбоордук сунуштарды даярдоо

Март-май

АО, ЖтК, Жумушчу топ

 

11

15 жаш айылына жакынкы жайытка кетүүчү жолду оңдоо

Май

АО, ЖтК, Жумушчу топ

 

12

Көл жана Шор жайыттарынын жолун оңдоо

Май-сентябрь

АО, ЖтК, Жумушчу топ

 

13

Кош-Этер айылынын жайыт жолдорун оңдоо

Июнь-август

АО, ЖтК, Жумушчу топ

 

14

15 жаш айылынын Ак-Жар жайлоосунун Заңылдама участкасына суу тартып келүү

Июнь-август

АО, ЖтК, Жумушчу топ

 

 

 

Салам-Алик жайыт комитетинин төрагасы:                                                     А.Сыдыков

 

 

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 

II сессиясынын

 

ТОКТОМУ

2021-жылдын 21-майындагы                     №  10                                   Салам-Алик айылы

Салам-Алик айыл аймагынын борбордук авто жолдордун абалы жана аларга суу себүү  жөнүндө

 

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана депутат Чекиров Жандарбектин сунушун карап Салам-Алик айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Аба ырайынын кургакчылык мезгилинде оор жүк ташуучу автоунаалардын чаңынан чаң каптоодон арылтуу үчүн айылдар арасындагы шагыл жолдорго күн сайын саат 7-00 дөн 11-00 гө чейин суу септирип туруу жагы көмүр ташыган “Өзгөн-Энерго Уголь” ЖЧК, “АБКЕ” ЖЧК, “Тармал” ЖЧК, “Сай-Аска”ЖЧК, “Ош-ПИРИМ” ЖЧК ишканаларынан талап кылынсын.
  2. “Өзгөн көмүр кени” бирикмесинин жетекчилиги (А.Кимсанов) жогорудагы көмүр ишканалары менен биргеликте талкаланган асфальт жолду калыбына келтирүү жана оюлган асфальт жолду жамоо иштерин тиешелүү мекеме-уюмдары менен биргеликте колго алсын.
  3. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл кеңешинин айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана  энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрайым                                                                                                               Б.Калмурзаева

 

 

                                                                   

 

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз

III сессиясынын

 

ТОКТОМУ

2021-жылдын 9-июнундагы                        №  11                                 Салам-Алик айылы

Салам-Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун эске алуу жана туруктуу комиссиялардын иш планын бекитүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын “айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобосун  жана КРнын ЖӨАБ боюнча Мыйзамынын № 49 беренесинин жана кеңештин Регламентин жетекчиликке алып, Салам-Алик айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу эске алынсын.
  2. Туруктуу комиссиялардын иш пландары бекитилсин жана ар бири түзүлгөн иш пландар боюнча эл кызыкчылыгын эске алып Мыйзамдар (Регламент) чегинде иштөө милдеттендирилсин.
  3. Туруктуу комиссиялардын сапаттуу иш алып баруусу үчүн алардын сураган суроо талаптарына жоопторду, маалыматтарды камсыз кылып, тиешелүү бардык шарттарды түзүп берүү айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
  4. Туруктуу комиссиялардын иштөөсүн (жалпы жоопкерчилик) координациялоо Кеңештин төрагасынын орун басарына жана Кеңештин катчысына милдеттендирилсин.
  5. Бардык көмүр кендеринин жетекчилерин депутаттардын Эл кызыкчылыгына байланышкан суроо талаптарына жооп алуу үчүн  Кеңештин кезектеги сессиясына чакыруу жана алардын толук келүүсүн камсыз кылуу айыл кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.
  6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрайым                                                                                                               Б.Калмурзаева

 

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин 2021-жылдын

9-июнундагы № 11 токтому менен бекитилген

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин “Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн багыттарын аныктоо жана инвестиция тармактары боюнча туруктуу комиссиясынын” 2021-жыл үчүн

 

ИШ ПЛАНЫ

  1. Туруктуу комиссиянын жыйындарында каралуучу негизги маселелер:

 

Каралуучу маселелердин мазмуну

Мөөнөтү

Ким даярдайт

Эскертүү

I

Биринчи бөлүм

 

 

 

1

Комиссиянын компетенциясына кирген маселелр боюнча маалыматтарды, колдонулуучу тиешелүү ченемдик укуктук актылардын, мыйзамдардын жыйнагын топтоо.

январь

Төрага, комиссия мүчөлөрү

Каражатты ФЭБ бөлсө болот

2

 

 

 

 

Салам-Алик айылдык  аймагында калктын электр энергиясы менен 100% камсыз болуунун программасын жана финансылык олчомун  карап чыгуу.  Иш пландын долбоорун иштеп чыгып, Кеңештин бекитүүсүнө киргизүү.

январь

Төрага, комиссия мүчөлөрү

 

3

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышын жеринде жана документтер боюнча  карап чыгуу

Февраль

Комиссия мүчөлөрү

Өкмөт башчы, ФЭБ башчысы, Директорлор, бала бакча жетекчилер

4

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн корутундулоо

Февраль

Туруктуу  комиссиясы...

Өкмөт башчы, ФЭБ башчысы билдирүү, маалымат беришет

5

Бирдиктүү декларация формасын  калкка жеткирүү жолдорун иштеп чыгып, жайылтуу сунушун Кеңешке киргизүү

Март

Туруктуу  комиссиясы...

Өкмөт башчы, ФЭБ башчысы билдирүү, маалымат беришет

6

Салам-Алик айылдык  аймагында бюджетти максимумга чейин көтөрүү үчүн (ар бир айыл боюнча)  бюджетке түшүүчү мүмкүнчүлүктөрдү, компоненттерди  карап чыгуу.

Апрель

Туруктуу  комиссиясы...

ФЭБ башчысы

II

Экинчи бөлүм

 

 

 

7

Салам-Алик айылдык аймагындагы тургундардын турмуш тиричилигин көтөрүү үчүн бюджеттен сырткаркы каражаттарды (фонддорду, ж.б.) тартуунун жолдорун карап чыгуу

Май

Комиссия мүчөлөрү

ФЭБ башчысы Айыл башчылар

8

Ыксыз чыгымдарды кыскартуунун финансылык программасын иштеп чыгып, жаңы программаны Кеңешке сунуш кылуу

Июнь

туруктуу комиссия;

 

 

ФЭБ башчысы

9

Айыл өкмөтүбүз үчүн  бюджеттин мүмкүн болгон  булактарын издөө, изилдөө. Салыктардын бизге тиешелүү бардык түрлөрүн кайрадан карап чыгуу

Сентябрь

Туруктуу  комиссиясы...

Айыл өкмөт башчы, ФЭБ башчы, айыл башчылар

10

Бюджеттин аткарылышынын тогуз айлык отчетун жеринде жана документтер боюнча кароо

Октябрь

Комиссия

Айыл өкмөт башчы, ФЭБ башчы

11

Кеңештин кабыл алган финансылык чечимдеринин аткарылышын жеринде карап чыгуу

Ноябрь

Комиссия

Айыл өкмөт башчы, ФЭБ башчы

12

Экономикалык  абал жана бюджеттин аткарылышы боюнча элдик курултайга жарыш доклад даярдоо

Курултай өтүлүү мезгилине

Төрага, комиссия мүчөлөрү

Айыл өкмөт башчы, ФЭБ башчы

 

 

 

Финансы, экономика, бюджет,

экономикалык жактан өнүгүүнүн

багыттарын аныктоо жана инвестиция

тармактары боюнча туруктуу

 комиссиясынын төрагасы:                                                                                                Жумабаев  Каныбек              

                                                                                                                             

 

 

 

 

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин 2021-жылдын

9-июнундагы № 11 токтому менен бекитилген

 

Салам-Алик айылдык Кеңешинин “билим берүү, маданият, жаштар уюму, спорт, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер жана дин иштери тармактары боюнча туруктуу комиссиянын” 2021-жыл үчүн

 

ИШ ПЛАНЫ

  1. Туруктуу комиссиянын жыйындарында каралуучу негизги маселелер:

 

Каралуучу маселелердин мазмуну

Мөөнөтү

Ким даярдайт

Эскертүү

I

Биринчи бөлүм

 

 

 

1

 

 

 

 

 

Комиссиянын компетенциясына кирген маселелр боюнча маалыматтарды, колдонулуучу тиешелүү ченемдик укуктук актылардын, мыйзамдардын жыйнагын топтоо.

январь

Төрайым, комиссия мүчөлөрү

 

2

 

 

Иш пландын долбоорун иштеп чыгып, Кеңештин бекитүүсүнө киргизүү.

январь

Төрайым, комиссия мүчөлөрү

 

 

 

3

Билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелиринин ишмердүүлүгн карап чыгуу, алар боюнча маалыматтарды жыйнап, корутундуларды даярдоо

Ар бир айда

Комиссия мүчөлөрү

Директорлор, бала бакча жетекчилер

4

Салам-Алик айылдык аймагындагы  маданият, жаштар жана спорт бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгү .

май

Туруктуу  комиссиясы...

Өкмөт башчы, тиешелүү жетекчилер маалымат беришет

5

Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун аткаруучу органынын билим берүү, саламаттык сактоо,  боюнча программаларынын аткарылышын карап чыгуу.

Июнь

 

Өкмөт башчы, ФЭБ башчысы билдирүү, маалымат беришет

6

Салам-Алик айылдык  аймагында (ар бир айыл боюнча)  калктын социалдык абалын карап чыгуу.

Сентябрь

 

 

II

Экинчи бөлүм

 

 

 

7

Салам-Алик айылдык аймагындагы тургундардын тойлорду өткөрүүдөгү жана маркумду узатуудагы салт санаалардын абалдарын карап чыгуу

Октябрь

Комиссия мүчөлөрү

Айыл башчылар

8

Ыксыз чыгымдарды кыскартуунун программасын иштеп чыгып, жаңы программаны Кеңешке сунуш кылуу

Ноябрь

Билим берүү, маданият, жаштар уюму, спорт, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер, дин иштери тармактары боюнча туруктуу комиссия;

 

9

Салам-Алик айыл аймагында диний тарбиянын абалы

декабрь

Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика тармактары боюнча туруктуу комиссия;

Билим берүү, маданият, жаштар уюму, спорт, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер, дин иштери тармактары боюнча туруктуу комиссия;

Айыл өкмөт башчы, ФЭБ башчы, айыл башчылар

 

 

 

10

Салам Алик аймагында билим берүүнүн, тарбиянын, саламатыкты сактоонун сапатын көтөрүү боюнча прогаммаларды иштеп чыгуу

Июнь

Комиссия

Билим берүү кызматкерлери

11

Салам-Алик айылдык аймагындагы  маданият, жаштар жана спорт (тогуз коргоолду өнүктүрүү) тармактарын жакшыртуунун программасын иштеп чыгуу

Июль

Комиссия

 

 

Билим берүү, маданият, жаштар

 уюму, спорт, саламаттыкты сактоо

 жана социалдык маселелер, дин иштери

 тармактары боюнча туруктуу

 комиссиянын төрайымы:                                                                                Токторбаева Розухан                                 

                                                                                                                     

                                                                            

 

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин 2021-жылдын

9-июнундагы №11 токтому менен бекитилген

 

Салам-Алик айылдык Кеңешинин Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика тармактары боюнча туруктуу комиссиясынын 2021-жыл үчүн

 

ИШ ПЛАНЫ

 

  1. Туруктуу комиссиянын жыйындарында каралуучу негизги маселелер:

 

Каралуучу маселелердин мазмуну

Мөөнөтү

Ким даярдайт

Эскертүү

I

Биринчи квартал

 

 

 

1

 

 

 

 

Комиссиянын компетенциясына кирген маселелр боюнча маалыматтарды, колдонулуучу тиешелүү ченемдик укуктук актылардын, мыйзамдардын жыйнагын топтоо.

январь

Төрага, комиссия мүчөлөрү

 

 

 

 

2

 

 

Иш пландын долбоорун иштеп чыгып, Кеңештин бекитүүсүнө киргизүү.

январь

Төрага, комиссия мүчөлөрү

 

3

2021-жылы ит атууга мыйзамдык баа берүү. Регламентке болгон өзгөртүүлөрдү карап корутунду чыгарып, Кеңештин жакынкы арадагы сессиясына сунуш кылуу

 

Февраль

 

Дайыма

Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика тармактары боюнча туруктуу комиссия;

 

4

Салам-Алик айылдык аймагындагы  коомдук уюмдардын ишмердүүлүктөрү жөнүндө маалыматтарын угуу.

Февраль

Туруктуу  комиссиясы...

Өкмөт башчы, маалымат беришет

5

Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун аткаруучу органынын ишмердүүлүк маалыматтарын угуу, штаттык орундарынын дал келишин карап чыгуу.

Март

 

Өкмөт башчы, ФЭБ башчысы билдирүү, маалымат беришет

6

Салам-Алик айылдык  аймагында калктын электр энергиясы, маалымат жана байланыш каражаттары менен камсыз болуу укугунун абалын карап чыгуу.

Март

Айыл-суу,  мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана  энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссия;

Электрик, айыл башчылардын маалыматы зарыл

II

Экинчи квартал

 

 

 

7

Салам-Алик айылдык аймагындагы тургундардын, коомдук уюмдардын мыйзамдуулук, укук тартиби ж.б. боюнча кайрылууларын карап чыгуу

Апрель

Комиссия мүчөлөрү

 

8

Билим берүү мекемелериндеги мыйзамдык корпустун абалы (бала бакчалар )

Май

Билим берүү, маданият, жаштар уюму, спорт, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер, дин иштери тармактары боюнча туруктуу комиссия;

 

 

Мектеп директорлору, завхоздору (чарба жетекчилери),

бала бакча жетекчиси.

9

Салам-Алик айыл өкмөтүндөгү муниципалдык менчиктердеги мыйзамдык корпустун абалы

Июнь

Айыл-суу,  мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана  энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссия;

Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика тармактары боюнча туруктуу комиссия;

Билим берүү, маданият, жаштар уюму, спорт, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер, дин иштери тармактары боюнча туруктуу комиссия;

Айыл өкмөт башчы, ФЭБ башчы, айыл башчылар

10

Салам Алик аймагында коомдук тартиптин сакталышы боюнча ИИМдин аймактагы бөлүмүнүн кызматкеринин маалыматы

Июнь

Комиссия

ИИМ кызматкери

III

Үчүнчү квартал

 

 

 

11

Депутаттардын сессияларга катышуусу боюнча жана туруктуу комиссиялардагы ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтарды карап чыгуу.

Сентябрь

Комиссия, катчы

Катчы

12

Депутаттардын шайлоочулар менен жолугушууларынын мыйзамдык талабынын аткарылышынын абалы

сентябрь

Туруктуу комиссиясы...

Өкмөт башчы, айыл башчылар маалымат беришет

13

Көмүр кендеринин, соода сатык мекемелеринин ишмердигиндеги мыйзамдуулуктун сакталышынын абалы жана алардын мыйзамдуу салыктарды төлөөсүнүн абалы, жерлерден, транспорттон ж.б. түшкөн салыктар жөнүндө

Сентябрь

Комиссия

Өкмөт башчы, ФЭБ башчысы билдирүү, маалымат беришет.

Салык  кызматкери.

14

Тиешелүү кайрылуулар, суроолор боюнча иш алып баруу

Дайыма

Төрага, комиссия мүчөлөрү

 

IV

Төртүнчү квартал

 

 

 

15

Айыл өкмөттүн башчысынын жылдык отчетун берүү үчүн өткөрүлүүчү Салам- Алик аймагында  элдик курултайдын шарттарынын мыйзамдуулук абалы жөнүндө

Октябрь

Мыйзамдуулук, укук коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, этика жана мандаттык комиссия тармактары боюнча туруктуу комиссия;

Айыл өкмөт башчы, ФЭБ башчы, айыл башчылар

16

Айылдык Кеңештин ушул мезгилге чейин кабыл алган чечимдеринин аткарылуу деңгээли

Декабрь

Мыйзамдуулук, укук коргоо, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика тармактары боюнча туруктуу комиссия;

 

Катчы

17

Жайыт Мыйзамынын аткарылышы жөнүндө

Декабрь

Комиссия

Жайыт комитетинин төрагасы

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин

Регламент, мыйзамдуулук, укук

тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү

өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык

этика тармактары боюнча туруктуу

комиссиясынын төрагасы                                                                    Койлубаева Каныкей

                                                                                                                           

 

 

 

 

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 

IV сессиясынын

 

ТОКТОМУ

2021-жылдын 18-июнундагы                      № 12                                 Салам-Алик айылы

Кызыл-Чарба айылындагы тамеки сарайдын атын өзгөртүп мал сарай деп каттоо жөнүндө

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана Кызыл-Чарба айылынын тургуну Сарыбаева Ибадаттын 2021-жылдын 15-февралындагы арызын карап Кызыл-Чарба айылындагы тамеки сарайдын атын өзгөртүп мал сарай деп каттоо боюнча Кызыл-Чарба айылынын тургуну Сарыбаева Ибадаттын арызын  карап Салам-Алик айылдык кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2004-жылдын 26-октябрындагы № 25 токтому менен Кызыл-Чарба айылынын тургуну Сарыбаева Ибадатка берилген Кызыл-Чарба айылындагы тамеки сарайдын (гавана хранилища) аты өзгөртүлүп, мал сарайга ынгайлаштырып, каттоого макулдук берилсин.
  2. Тиешелүү иш кагаздарын мыйзам талаптарына ылайык даярдоо жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
  3. Токтомду көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айыл кенешинин Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана мыйзамдуулукту сактоо тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрайым                                                                                                               Б.Калмурзаева

 

 

 

 

 

 

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 

IV сессиясынын 

ТОКТОМУ

2021-жылдын 18-июнундагы                     № 13                                    Салам-Алик айылы

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, маркум Сагынов Акматтын эстелик сүрөтүн илүү үчүн тумба орнотууга Салам-Алик айылынын Көктөндү суусунун жээгинен жер  тилкесин ажыратып берүү  жөнүндө

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана Салам-Алик айылынын тургуну Сагынов Саматтын арызын карап  Салам-Алик айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, маркум Сагынов Акматтын эстелик сүрөтүн илүү үчүн тумба орнотууга Салам-Алик айылынын Көктөндү суусунун жээгинен, айыл чарбасына жараксыз жерден 1х1,5=1,5 м. кв. өлчөмүндө жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин айыл чарба, токой, жер, суу, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрайым                                                                                                               Б.Калмурзаева

 

 

 

                                                              

 

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 

IV сессиясынын

 

ТОКТОМУ

2021-жылдын 18-июнундагы                     № 14                                 Салам-Алик айылы

Салам-Алик айылындагы эски автогараждын жана навесинин жер аянтын өзгөртүп жеке менчик турак-жай салуу үчүн жер аянтына өзгөртүп каттоо жөнүндө

 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана Салам-Алик айылындагы эски автогараждын жерин жана навесинин атын өзгөртүп жеке турак-жай жер участок деп каттоо жөнүндөгү атуул Асилбеков Төрөбектин 2021-жылдын 14-июнундагы жазган арызын карап  Салам-Алик айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Атуул Асилбеков Төрөбекке берилген Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2003-жылдын 18-мартындагы № 45-сандуу токтому менен берилген Салам-Алик айылындагы эски автогараждын жерин жана навеси ээлеген жалпы жер аянты 0,70 га, анын ичинен курулуш орду 0,15 га жер участогуна болгон менчик жеринин аты өзгөртүлүп, жеке менчик турак-жайдын курулушунун жерине ынгайлаштырып, каттоого макулдук берилсин.
  2. Тиешелүү иш кагаздарын мыйзам талаптарына ылайык даярдоо жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
  3. Токтомду көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айыл кенешинин Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана мыйзамдуулукту сактоо тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрайым                                                                                                               Б.Калмурзаева

 

 

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 

IV сессиясынын

 

ТОКТОМУ

2021-жылдын 18-июнундагы                     № 15                                  Салам-Алик айылы

 

Кызыл-Чарба айылындагы М.Сагынова атындагы орто мектебинин жер аянтынан спорт аянтчасы үчүн жер ажыратып берүү жөнүндө

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана М.Сагынова атындагы орто мектебинин пед.коллективинин 2021-жылдын 31-майындагы № 8-сандуу протоколун карап М.Сагынова атындагы орто мектебинин жер аянтынан спорт аянтчасы үчүн жер ажыратып берүү боюнча Салам-Алик айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Кызыл-Чарба айылындагы М.Сагынова атындагы орто мектебинин жер аянтынан спорт аянтчасы үчүн 0,12 га жер ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
  2. Жер ажыртатып берүүгө тиешелүү иш кагаздарын мыйзам талаптарына ылайык даярдап берүү жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин айыл чарба, токой, жер, суу, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрайым                                                                                                               Б.Калмурзаева

 

 

 

 

 

 

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз

IV сессиясынын

 

ТОКТОМУ

2021-жылдын 18-июнундагы                      № 16                                Салам-Алик айылы

Кызыл-Чарба айылындагы эски мал сарайдын жер аянтын өзгөртүп жеке менчик турак-жай  салуу үчүн жер аянтына өзгөртүп каттоо жөнүндө

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана Кызыл-Чарба айылындагы эски мал сарайдын жер аянтын атын өзгөртүп жеке турак-жай жер участок деп каттоо жөнүндөгү атуул Турдукулов Өмүрзак Аттокуровичтин 2021-жылдын 15-июнундагы жазган арызын карап  Салам-Алик айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Атуул Турдукулов Өмүрзак Аттокуровичке берилген Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 1996-жылдын 25-отябрындагы № 114-сандуу токтому менен берилген Кызыл-Чарба айылындагы эски мал сарайдын ээлеген 800 м.кв.жеке менчик жеринин аты өзгөртүлүп, жеке менчик турак-жайдын курулушунун жерине ыңгайлаштырып, каттоого макулдук берилсин.
  2. Тиешелүү иш кагаздарын мыйзам талаптарына ылайык даярдоо жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
  3. Токтомду көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айыл кенешинин Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана мыйзамдуулукту сактоо тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрайым                                                                                                               Б.Калмурзаева

 

 

 

 

 

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 

IV сессиясынын

 

ТОКТОМУ

2021-жылдын 18-июнундагы                     17                                  Салам-Алик айылы

 

15 жаш айылындагы маркумдарды коюучу көрүстөн жай үчүн жер аянтын бөлүү жөнүндө

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты Жакыпов Жоомарттын билдирүү сунушун карап, карап  Салам-Алик айылдык кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. 15 жаш айылына маркумдарды коюучу жай үчүн айылдын Жылтыркан участкасынан 1,0 (бир) га жер аянты ажыратылып берилсин. 
  2. Тиешелүү иш кагаздарын мыйзам талаптарына ылайык даярдоо жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин айыл чарба, токой, жер, суу, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрайым                                                                                                               Б.Калмурзаева

 

 

 

 

 

 

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 

IV сессиясынын

 

ТОКТОМУ

2021-жылдын 18-июнундагы                     № 18                                Салам-Алик айылы

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 6 айына карата жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө кошумча план киргизүү жана атайын каражат эсебине кабыл алынган пландан кыскартуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 102-117 беренелерине жана финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 6 айына карата жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө кошумча план киргизүү жана атайын каражат эсебине кабыл алынган пландан кыскартуу жөнүндө айыл өкмөтүнүн сунуштарынын негизинде иштетүү үчүн  Салам-Алик айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 6 айына карата жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө подоход салыгына 300 сом, патентке 100,0 сом, ал эми чыгаша бөлүгүнө 400,0 сомго кошумча план берилсин.

Айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсебинде жыл башында каралган пландан киреше жана чыгаша бөлүктөрүнөн 2021-жылдын 6 айынын планынан 250,0 сом кыскартылсын.

Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча  туруктуу коммиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрайым                                                                                                               Б.Калмурзаева

 

 

                                                               

                   

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 

V сессиясынын

 

ТОКТОМУ

2021-жылдын 30-июлундагы                      № 19                                   Салам-Алик айылы

Коомчулуктун айылдарынын инвестициялык ассосациясынын аткаруу комитетин каттоо жөнүндө

 

Коомчулуктун айылдарынын инвестициялык ассосациясынын аткаруу комитетин каттоо жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын заседаниесинде карап  жана депутаттардын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренсине ылайык Салам-Алик айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ

Коомчулуктун айылдарынын инвестициялык ассосациясынын аткаруу комитети катталсын.

Коомчулуктун айылдарынын инвестициялык ассосациясынын аткаруу комитетин каттоо боюнча тийиштүү документтерди даярдоо аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Бөйпөев Жаныбекке милдеттендирилсин.

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрайым                                                                                                               Б.Калмурзаева

 

 

 

 

          

 

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги   

Vсессиясынын

 

ТОКТОМУ

2021-жылдын 30-июлундагы                      № 20                                Салам-Алик айылы

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетинин 6 айлык киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренсине ылайык жана Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 6 айлык бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Нуралиеванын маалыматын угуп Салам-Алик айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 6 айлык бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылганы белгиленсин.

Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча  туруктуу коммиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрайым                                                                                                               Б.Калмурзаева

 

 

 

 

 

 

 

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги

V сессиясынын

 

ТОКТОМУ

2021-жылдын 30-июлундагы                      № 21                                 Салам-Алик айылы

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы көмүр кен ишканаларынын ишмердүүлүктөрү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренсине ылайык жана “Өзгөн көмүр кени” асоссациясынын ишмердүүлүгү боюнча Салам-Алик айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ

  1. ”Терек-Суу” ЖЧКнун жетекчисинин лицензияда көрсөтүлгөн жер аянтына геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксат берүү жөнүндөгү 2021-жылдын 29-июнундагы № 005-201-сандуу кайрылуу каты жана “Жазы” АОнун Торгой Төбө-2 участкасында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүп, ал жерден 15,74 га аянтына убактылуу пайдаланууга уруксат берүү жөнүндөгү 2021-жылдын 22-июлундагы № 10-сандуу кайрылуу каты сессияда каралуучу күн тартибинен алынсын жана Ак-Терек айылынын жалпы элдик жыйынында каралсын.
  2. Ар бир түтүн калкка берилүүчү көмүрдүн көлөмүн көбөйтүү, соц.пакеттерди берүү боюнча көмүр кен казуучу ишканалардын жетекчилери менен айыл өкмөтү бир жумалык мөөнөт ичинде эки тараптуу келишим түзүлсүн.
  3. “АБКЕ” ЖЧКу көмүр ишканасынын 2021-жылдын 2-апрелиндеги № 56-04-21-сандуу катына ылайык келишим мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу “АБКЕ” ЖЧКу менен Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ортосунда эки тараптуу келишими түзүү жагы айыл өкмөтүнө сунушталсын.
  4. Көмүр кен ишканаларынын экологиялык абалын аныктоо максатында депутаттардан, айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен, көз карандысыз экология адистеринен төмөндөгүдөй убактылуу комиссия курамы түзүлсүн жана жеринде көрүлсүн:

 

 

-Турдумамбетов Алтынбек Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты, -комиссиянын төрагасы

-Нуралиев Жылдызбек,       Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башкы адиси, мүчөсү;

-Кудайбердиев Канат,         Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты, мүчөсү;

-Кудайбердиев Тынчтык,    Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты, мүчөсү;

-Мокенов Элбурс,               Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты, мүчөсү;

-Чекиров Жандарбек,          Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты;

-Калыбеков  Талант,           Салам-Алик айылдык кеңешинин деутаты, мүчөсү;

  1. Автоунаа каттаган жолго күнүнө 3 маал суу себүүнү уюштуруу тиешелүү көмүр ишканаларына сунушталсын.
  2. Түзүлгөн убактылуу комиссиянын төрагасына жана мүчөлөрүнө бир жуманын ичинде көмүр карьерлерине чыгып, экологиялык абалды аныктап келишсин.
  3. Жылына бир чакырым жолго асфальт басуу жана автоунаа каттаган жолго күнүнө 3 маал суу себүүнү уюштуруу көмүр карьерлеринин жетекчилерине сунушталсын.

8.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин айыл чарба, токой, жер, суу, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрайым                                                                                                               Б.Калмурзаева

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги

V сессиясынын

 

ТОКТОМУ

2021-жылдын 30-июлундагы                      № 22                                   Салам-Алик айылы

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептердин, бала-бакчалардын алып барып жаткан иштери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана Салам-Алик айылдык кеңешинин билим берүү жана социалдык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу боюнча Салам-Алик айылдык кеңеши

                                                   ТОКТОМ  КЫЛАТ

  1. Ж.Боконбаев атындагы орто мектебинин чатырына, 2 от казанынын жана сууну айландыруучу моторунун ремонтунун талапка жооп беришине жана спорт залынын полун алмаштурууга акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
  2. Т.Бөрүбаев атындагы орто мектебинин  чатырына, жылытуу системасынын ремонтунун талапка жооп беришине акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
  3. Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу 15-Жаш айылынын “Касыйда Апа” балдар бакчасына жана  Фелшердик акушердик пунктуна таза суу киргизгенге, жылытуу системасын ремонттоого акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.      
  4. Мектептерге, бала бакчаларга жана ФАПтарга көмүрдүн иригин түшүрүп, майда көмүр келсе кайтаруу жагы тиешелүү мекеме уюмдардын жетекчилерине тапшырылсын.
  5. Айыл башчыларына билим берүү тармактарынын, ФАПтардын көйгөйлөрүн угуп, жакындан жардам берүү жагы тапшырылсын.
  6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө билим берүү, маданият, спорт, саламаттыкты сактоо тармактары боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрайым                                                                                                               Б.Калмурзаева

 

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 

V сессиясынын

 

ТОКТОМУ

2021-жылдын 30-июлундагы                      № 23                                 Салам-Алик айылы

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептердин, бала-бакчалардын алып барып жаткан иштери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренсине ылайык жана Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты, билим берүү жана социалдык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу боюнча Салам-Алик айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ

  1. Мектептердеги, бала-бакчалардагы, ФАПтардагы ремонт иштери боюнча жетишпестиктерди, кемчилдиктерди оңдоо, финансы жактарындагы көйгөйлүү маселелерди чечүүнү айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
  2. Ара-Көл айылындагы “Жаш-Жеткинчек” балдар бакчасынын жылытуу системасын мектептен бөлүп, өзүнчө жылытуу системасына бөлүп куруп берүү айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
  3. Турмуш шарты оор атуулдарга, мугалимдерге материалдык жана каржылык жактан колдоо көрсөтүү жагы айыл өкмөтүнө сунушталсын.
  4. Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айылдык Кеңешинин билим берүү, маданият, жаштар уюму, спорт, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер жана дин иштери тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрайым                                                                                                               Б.Калмурзаева

p class=params-