Салам-Алик айылдык Кеңешинин алтынчы чакырылышынын 

                              кезексиз жыйырма биринчи сессиясынын

 

                                             Т О К Т О М У

 

            20-сентябрь  2019-жыл        № 119                              Салам-Алик айылы 

 

                    Салам-Алик айылынын Өөнгү көчөсүн өзгөртүп ат коюу жөнүндө

 

     “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Салам-Алик айылынын жалпы элдик жыйынын 2019-жылдын 15-июлундагы  № 3 протоколуна ылайык жана депутаттардын добуш берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча Салам-Алик айыл кеңеши төмөндөгүдөй

 

                                             ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

  1. Салам-Алик айылынын жалпы элдик жыйынын 2019-жылдын 15-июлундагы № 3- протоколуна ылайык жана депутаттардын добуш берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча Салам-Алик айылынын Өөнгү участкасынын ички көчөсүнө айылдын тургуну маркум Кырабеков Авазбектин  ысымы ыйгарылсын жана “Кырабеков Авазбек”  атындагы” көчө деп аталсын. 

 

  1. Аталган көчөнүн тазалыгын сактоо, муктаждыктарын чечип берүү, көчө жарыктандыруу жана башка тиешелүү жумуштарын аткарып туруу ысым ыйгарылган атуулдун үй-бүлөлөрүнө жүктөлсүн.
  2. Токтомду көзөмөлгө алуу Салам-Алик айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар менен иштөө жана этика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Салам-Алик айылдык

Кеңешинин төрагасы                                                    А.Таштемиров

 

 

                                                          

 

 

       Салам-Алик айылдык Кеңешинин алтынчы чакырылышынын 

                              кезексиз жыйырма биринчи сессиясынын

 

                                             Т О К Т О М У

28-сентябрь  2019-жыл        № 120                             Салам-Алик айылы 

 

       Салам-Алик айылынын Лесхоз    көчөсүн өзгөртүп ат коюу жөнүндө

 

     “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Салам-Алик айылынын жалпы элдик жыйынын 2019-жылдын 8-апрелиндеги  № 5 протоколуна ылайык жана депутаттардын добуш берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча Салам-Алик айыл кеңеши төмөндөгүдөй 

                                             ТОКТОМ  КЫЛАТ 

  1. Салам-Алик айылынын жалпы элдик жыйынын 2019-жылдын 8-апрелиндеги № 5- протоколуна ылайык жана депутаттардын добуш берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча Салам-Алик айылынын Лесхоз участкасынын Өрдөш мааласинин көчөсүнө айылдын тургуну маркум Абилезов Апыштын ысымы ыйгарылсын жана “Аблезов Апыш”  атындагы” көчө деп аталсын. 

 

  1. Салам-Алик айылынын жалпы элдик жыйынын 2019-жылдын 8-апрелиндеги № 5- протоколуна ылайык жана депутаттардын добуш берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча Салам-Алик айылынын Лесхоз участкасынын Лесхоз көчөсүнө айылдын тургуну маркум Муратов Калдарбектин  ысымы ыйгарылсын жана “Муратов Калдарбек”  атындагы” көчө деп аталсын. 

 

  1. Аталган көчөнүн тазалыгын сактоо, муктаждыктарын чечип берүү, көчө жарыктандыруу жана башка тиешелүү жумуштарын аткарып туруу ысым ыйгарылган атуулдун үй-бүлөлөрүнө жүктөлсүн.
  2. Токтомду көзөмөлгө алуу Салам-Алик айылдык кеңешинин  мыйзамдуулук, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар менен иштөө жана этика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Салам-Алик айылдык

Кеңешинин төрагасы                                                    А.Таштемиров

                                                         

 

 

                                     25-октябрь 2019-жыл                  № 121                                    Салам-Алик айылы

                                                                                                    

                              Салам-Алик айыл Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз  жыйырма 

                                                                         экинчи  сессиясынын 

 

                                                                                   ТОКТОМУ

 

                                            Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Ара-Көл

                                            айылынын тургуну Орунбаев Сатыбалды  

                                            Суйунбаевичке Салам-Алик айыл  аймагынын  

                                            «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу  жөнүндө

 

   «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Ара-Көл  айылынын тургуну Орунбаев Сатыбалды Суйунбаевичке Салам-Алик айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү Ара-Көл  айылынын  2019-жылдын 1-октябрындагы № 4-элдик  жыйынын токтомунун  жана тиешелүү жоболорго негиздеп,  жалпы депутаттардын макулдугунун негизинде Салам-Алик айыл кеңеши төмөндөгүдөй 

 

                                        ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

  1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө чоң салым кошкондугу үчүн, мурунку Салам-Алик айылыдк кеңешинде жана айыл өкмөтүндө жетекчилик кызматта иштеп, элге эмгегин арнап, үзүрүлүү эмгектенгендиги үчүн Ара-Көл айылынын тургуну Орунбаев Сатыбалды Суйунбаевчике Салам-Алик айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.

 

  1. Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу Салам-Алик айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

                  Салам-Алик айылдык

                  Кеңешинин төрөгасы                                   А.Таштемиров

 

                                                         

 

 

                                   25-октябрь 2019-жыл                  № 122                                   Салам-Алик айылы

                                                                                                     

                              Салам-Алик айыл Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз  жыйырма 

                                                                         экинчи  сессиясынын 

 

                                                                      ТОКТОМУ

 

                                            Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу 15 жаш  

                                            айылынын Беш-Терек участкасынан “РМК-Кен»   

                                            ЖЧКна геологиялык-чалгындоо иштерин 

                                            жүргүзүүгө уруксат берүү жөнүндө

 

  “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 28-3 беренсине ылайык “РМК-КЕН”  ЖЧКнун 2019-жылдын 25-октябрындагы № 1 “Беш-Терек” участкасынан көмүр кен казуу үчүн геологиялык -чалгындоо  иштерин жүргүзүүгө уруксат берүү жөнүндөгү кайрылуу катынын жана депутаттардын макулдугунун негизинде Салам-Алик айыл кеңеши төмөндөгүдөй 

 

                                                              ТОКТОМ  КЫЛАТ 

  1. Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу 15 жаш айылынын Беш-Терек участкасынан “РМК-Кен» ЖЧКна геологиялык-чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксат берилсин.

 

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну айыл кеңешинин айыл-суу,

мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

  

 

   Салам-Алик айылдык

   кеңешинин төрагасы                                          А.Таштемиров                

 

                                    

 

 

                              25-октябрь 2019-жыл                  № 123                                  Салам-Алик айылы

                                                                                                    

                              Салам-Алик айыл Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз  жыйырма 

                                                                         экинчи  сессиясынын 

 

                                                                           ТОКТОМУ                                                        

 

                                                             Өзгөн райондук эмгек жана социалдык өнүгүү 

                                                       башкармалыгы менен Салам-Алик айыл  

                                                       өкмөтүнүн ортосундагы түзүлгөн келишимди  

                                                       бекитүү жөнүндө

 

   «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-жана 31-беренелерине ылайык жана  «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып жана Салам-Алик айыл өкмөтүнүн соц адиси М.Миңбаеванын билдирүүсүн угуп Салам-Алик айыл кеңеши  төмөндөгүдөй

 

                                                  ТОКТОМ  КЫЛАТ 

  1. Социалдык маселелерди мындан ары чыңдоо жана башка иштерди алып баруу боюнча Өзгөн райондук эмгекти башкаруу жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишими бекитилсин.
  2. Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу Салам-Алик айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

                  Салам-Алик айылдык

                  Кеңешинин төрөгасы                                   А.Таштемиров

 

 

             Салам-Алик айылдык кенешинин алтынчы чакырылышын кезексиз 

                                                жыйырма экинчи сессиясынын

              

                                                              ТОКТОМУ

 

         25-октябрь  2019-жыл                      № 124                                  Салам-Алик айылы

 

Жыйынга катышкандар: айылдык кенешинин депутаттары, аппарат кызматкерлери, айыл башчылар, мекеме-уюмдардын жетекчилери.

 Жыйынга ошондой эле Өзгөн районунун прокурорунун жардамчысы  Акматов Азирет катышып отурат.

 

         Күн тартибиндеги маселе:

 

  1. Өзгөн райондук прокуратурасы тарабынын Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” Мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча Салам-Алик айылдык кенешинде текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 2019-жылдын 18-октябрындагы № 11-166-19 сандуу ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндөгү сунуш катын кароо жөнүндө.

 

    Күн тартибиндеги  маселе боюнча Салам-Алик айылдык кенешинин төрагасы А.Таштемиров жыйынды ачып, сөздү Өзгөн районунун прокурорунун жардамчысы АкматовАзиретке берди.

 

   Ал өз сөзүндө төмөндөгүлөрдү айтып берди: “Декларация тапшыруу боюнча Өзгөн райондук прокуратурасы тарабынан текшерүүнүн жыйынтыгында жана Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” Мыйзамынын 1-беренесинин талаптарына ылайык саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдарга жайылтылат.

   Кыргыз Республикасынын Президентинин  2017-жылдын 31-январындагы  ПЖ № 17 сандуу Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринин” 3-главасына ылайык, жергиликтүү кенештин төрагасы, төраганын орун басары, депутаттары саясий муниципалдык кызмат орундарына кирет.

    Ал эми, аталган Мыйзамдын 9-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарына  ылайык декларацияны белгиленген мөөнөттө бербеген, декларацияны толук эмес же анык эмес маалыматтарды көрсөтүү менен берген учурда, декларант Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоокерчилик тартат деп көрсөтүлгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө Салам-Алик айылдык кенешинин төрагасы Таштемиров Арстанбек, төраганын орун басары Тойчубекова Жазгүл,  депутаттары Абдуллаев Акылбек,  Айдараалыев Нурбек, Айтбаев Мамрасул, Акматалиев Женишбек, Байназаров Джумакадыр,  Бакыбаев Салижан, Исабаев Жумабек, Калматов Бабажан, Калыбеков Талантбек, Караев Мамакадыр, Караева Зууракан, Кудайбердиев Канатбек, Кулмурзаев Сеитбек, Рысбаев Жолдошбек, Садабаев Азим, Чекиров Жандарбек, Шайбеков Исмаилжан, жана Эгембердиева Бегайымдар бирдиктүү салык деларацияларын мыйзамдын талабына ылайык 2019-жылдын 1-апрелине чейин тпшырбастан, бүгүнкү күнгө чейин тактап айтканда 2019-жылдын ноябрь айын чейин тапшырышкан эмес.

    Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 45 сандуу “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашырылган эмес.      

    Жыйынтыгында Салам-Алик айылдык кенешинин төрагасы жана депутаттары муниципалдык кызмат адамы катары өздөрүнүн аракетсиздигинен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген 01.04.2019-жылга жана азыркы мезгил  2019-жылдын ноябрь айына чейин декларацияларын өз мөөнөнтүндө тапшырууга аракеттер жасабагандыгы болуп эсептелет”-деп билдирүү жасады.   

   Жыйында айылдык кенешинин депутаттары А.Абдуллаев, С.Бакыбаев, С.Кулмурзаев, З.Караева, Т.Калыбеков ж.б. депутаттар чыгып сүйлөшүп, мындан  ары кирешелери жана чыгашалары, мүлктөрү жөнүндө өз мөөнөтүндө декларация тапшырып туруу жагы, мыйзам бузууларга жол бербей иштеп, кайталабоосу үчүн ойлорун айтышты.

  Жогорудагы маселелерди талкуулап Салам-Алик айылдык  кенеши төмөндөгүдөй

 

                                                    ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

  1. Өзгөн райондук прокуратурасынын Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндөгү” Мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгын кароо жөнүндөгү 2019-жылдын 18-октябрындагы   № 11-166-а-19  сандуу ченемдик укутук актылардын бузулушун жоюу жөнүндөгү сунуш каты аткарууга алынсын жана бул иштер боюнча Өзгөн районунун прокурорунун жардамчысы Акматов Азиреттин мыйзамды аткаруу боюнча билдирүүлөрү эске алынсын.

 

  1. Көрсөтүлгөн мыйзам бузууларды жоюу, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган жана ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндөгү” Мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жогорудагы аталган депутаттарга эскертилсин.

  

 

       Салам-Алик айылдык

       Кенешинин төрагасы                                      А.Таштемиров

                                                         

 

 

                                 10-декабрь 2019-жыл                    № 125                             Салам-Алик айылы

                                                                                                    

                              Салам-Алик айыл Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз  жыйырма 

                                                                             үчүнчү  сессиясынын 

 

                                                                      ТОКТОМУ                                                         

 

                                                       Өзгөн аймактык шайлоо  комиссиясынын  

                                                       курамына иштөөгө талапкер көрсөтүү жөнүндө

 

    Деңизов Кубанычбек Усенович жогорку билимдүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда, шайлоо системасында көп жылдардан бери иштеп келе жатат, шайлоо мыйзамдарын жакшы билет. Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына иштөөгө сунушталат. Элдик жыйындын токтому чыккан.

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренсине ылайык жана  Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Д.Нышанбаевдин  билдирүүсүн угуп Салам-Алик айыл кеңеши  төмөндөгүдөй

 

                                                         ТОКТОМ  КЫЛАТ 

  1. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясына, Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына иштөөгө талапкерликке Кызыл-Чарба айылынын тургуну Деңизов Кубанычбек Усенович сунушталсын.

 

  1. Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу Салам-Алик айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

  

                  Салам-Алик айылдык

                  Кеңешинин төрагасы                                   А.Таштемиров

 

 

 

                              10-декабрь 2019-жыл                      № 126                          Салам-Алик айылы

                                                                                                     

            Салам-Алик айыл Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз  жыйырма    үчүнчү  сессиясынын  

                                                                      ТОКТОМУ                                                       

 

                                    Өзгөн аймактык шайлоо  комиссиясынын  

                                      курамына иштөөгө талапкер көрсөтүү жөнүндө

 

    Рысалиева Сабира Турганбаевна жогорку билимдүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда, шайлоо системасында көп жылдардан бери иштеп келе жатат, шайлоо мыйзамдарын жакшы билет. Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына иштөөгө сунушталат. Элдик жыйындын токтому чыккан.

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренсине ылайык жана  Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Д.Нышанбаевдин  билдирүүсүн угуп Салам-Алик айыл кеңеши  төмөндөгүдөй

 

                                           ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

  1. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясына, Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына иштөөгө талапкерликке Ак-Терек айылынын тургуну Рысалиева Сабира Турганбаевна сунушталсын.

 

  1. Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу Салам-Алик айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

                  Салам-Алик айылдык

                  Кеңешинин төрөгасы                                   А.Таштемиров

 

                        

 

 

                                          27-декабрь 2019-жыл                  № 127                                  Салам-Алик айылы

                                                                                                    

                              Салам-Алик айыл Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги  жыйырма 

                                                                         үчүнчү  сессиясынын 

 

                                                                                   ТОКТОМУ                                                        

 

                                                             Салам-Алик айыл өкмөтүнүн борбордук  

                                                       административдик имаратын капиталдык

                                                       ремонттон өткөрүү жөнүндө

 

   «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана жалпы депутаттардын макулдугунун негизинде Салам-Алик айыл кеңеши  төмөндөгүдөй 

                                                  ТОКТОМ  КЫЛАТ 

  1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн борбордук административдик имаратынын эскилиги жетип, капиталдык ремонттон өткөрүү талап кылынгандыгына байланыштуу Салам-Алик айыл өкмөтүнүн  салымы катары  2020-жылдын жергиликтүү бюджетинен эсебинен 469,5(төрт жүз алтымыш тогуз миң беш жүз) сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

 

  1. Токтомду көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана каржы тармактары боюнча туруктуу коммиссиясына тапшырылсын.

 

 

 Салам-Алик айылдык

Кеңешинин төрагасы                                           А.Таштемиров

 

 

 

                            27-декабрь 2019-жыл                  № 128                                  Салам-Алик айылы

                                                                                                     

                              Салам-Алик айыл Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги  жыйырма 

                                                                         үчүнчү  сессиясынын 

 

                                                                      ТОКТОМУ

                                                        

                                          Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жайыт маселесин жөнгө   салуу жөнүндө

 

     Салам-Алик айылдык кеңешинин жалпы депутаттары башка жактан келген мал жандыктарды жайлоого киргизбөө талабын коюшту. Айыл өкмөтүнүн аймагында 5805 га жайыт бар, бул жайыт өзүбүздүн тургундарыбызга жетпейт, бизге 6300 га жайыт керектелет  Депутаттар жайлоону башка жактан келген малдар талкалап жаткандыгын баса белгилешип, айыл башчыларга башка жактан  мал-жандык алып келбөө боюнча иш алып баруу тапшырмасы берилди.

   «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана жалпы депутаттардын талабынын негизинде Салам-Алик айыл кеңеши  төмөндөгүдөй

 

                                                  ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

  1. Жайыттарды экологиялык жана эрозиялык кубулуштардан сактоо, деградацияга учуратпоо, сууларды коргоо максатында Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыттарга башка жактан(сырттан) мал-жандык алып келип багууга уруксат берилбесин.
  2. Башка жактын мал-жандыктары кайсы айыл өкмөтүнө тиешелүү болсо, өздөрүнүн жайытына чыгаруу милдети Салам-Алик айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына тапшырылсын.
  3. Элдин малын баккан малчы-чабандар жаз мезгилинде15-апрелден кийин, жатакчылар 1-майдан кийин жайлоого көчүп чыгышсын.
  4. Элдин малын баккан малчы-чабандар күз мезгилинде 20-сентябрдан кийин, жатакчылар 10-сентябрдан кийин жайлоодон көчүп келишсин.

5.Токтомду аткаруу жагы бардык айыл башчыларга, Салам-Алик Жайыт комитетине жана мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.

  1. Токтомду көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин айыл, суу жана токой чарба тармактары боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

 

 

Салам-Алик айылдык

Кеңешинин төрагасы                                             А.Таштемиров                    

                                                           

 

 

                        27-декабрь 2019-жыл                  № 129                                Салам-Алик айылы

                                                                                                    

                              Салам-Алик айылдык Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги   

                                                            жыйырма үчүнчү  сессиясынын 

 

                                                                      ТОКТОМУ

                                                        

    Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-декабрындагы № 217-сунуш катын талкуулап жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-бөлүмүнүн 18-беренесинин 4-5-пунктуна,

4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 14-пунктуна жана 6-бөлүмдүн 47-беренесинин

5-пунктуна ылайык таза суу муниципалдык ишкана ачуу боюнча Салам-Алик айылдык кеңеши

 

                                                  ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

  1. Салам-Алик айыл аймагындвгы калкты таза суу менен камсыз кылуу максатында ачылган Кызыл-Байрак айылындагы “Таза Суу”, Кош-Этер айылындагы “Азия-Булагы”, Салам-Алик айылындагы “Көктөндү”, Кызыл-Чарба айылындагы “Сары-Булак” аталыштардагы “Ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн аймактык коомдук бирикмелери” жоюлсун.
  2. Айыл аймагындагы бардык таза суу түтүкчөлөрүнүн материалдык-техникалык баалуулуктарын айыл өкмөтүндө атайын комиссия түзүп инвентаризация жүргүзүп, кароосуз калган таза суу түтүкчөлөрүн айыл өкмөтүнүн балансына алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Инашовко милдеттендирилсин.
  3. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагына таза суу боюнча муниципалдык ишкана түзүүгө уруксат берилсин.
  4. Аталаган муниципалдык ишкана “Салам-Алик аймактык таза суу муниципалдык ишкана” деп аталсын.
  5. Таза сууга болгон төлөмдөр короосунун ичине киргизгендер үчүн 100(жүз) сом, жолдогу колонкалардан пайдалангандар үчүн 50 (элүү) сом өлчөмүндө белгиленсин жана кырдаалага жараша өзгөртүүлөр киргизилсин.
  6. “Салам-Алик таза суу муниципалдык ишкана” түзүү үчүн керектүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Нуралиевага жүктөлсүн.
  7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин айыл чарба, жер, суу, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Салам-Алик айылдык

Кеңешинин төрагасы                                             А.Таштемиров

 

                                                           

 

 

                                   27-декабрь 2019-жыл                  № 130                               Салам-Алик айылы

                                                                                                     

                              Салам-Алик айыл Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги  жыйырма 

                                                                         үчүнчү  сессиясынын 

 

                                                                                     ТОКТОМУ

                                                                                                         

                                                       Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө

                                                       караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын  

                                                       алдындагы Калкты жана жарандык абалдын  

                                                       актыларын каттоо департаменти менен Салам-

                                                       Алик айыл   өкмөтүнүн ортосундагы түзүлгөн  

                                                       келишимди  бекитүү жөнүндө

 

   «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-жана 31-беренелерине ылайык жана  «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып жана Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Д.Нышанбаевдин билдирүүсүн угуп Салам-Алик айыл кеңеши  төмөндөгүдөй

 

                                                  ТОКТОМ  КЫЛАТ 

 

  1. Айыл аймагында калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоону жеңилдетүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын  алдындагы Калкты жана жарандык абалдын  актыларын каттоо департаменти менен  Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишими бекитилсин.

 

  1. Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу Салам-Алик айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуу

комиссиясына тапшырылсын.

 

                  Салам-Алик айылдык

                  Кеңешинин төрагасы                                   А.Таштемиров

        

                                                       

 

 

                                 27-декабрь 2019-жыл                  № 131                              Салам-Алик айылы

                                                                                                     

                              Салам-Алик айыл Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги  жыйырма 

                                                                         үчүнчү  сессиясынын 

 

                                                                                    ТОКТОМУ

                                                                                                         

                                               ПРЖ-2 долбоорунун алкагында курулган Кара-Шоро 

                                               жайлоосундагы Эчки-Тал участкасындагы Жазы 

                                               дарыясына курулган көпүрөгө ысым ыйгаруу жөнүндө

 

   «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана Өзгөн районунун жайыт пайдалануучулар бирикмесинин ассоцияциясынын жаңы көпүрөгө ысым ыйгаруу жөнүндөгү 2019-жылдын 18-июлундагы протоколуна ылайык Салам-Алик айыл кеңеши  

                                               ТОКТОМ  КЫЛАТ 

 

  1. Кара-Шоро жайлоосундагы Эчки-Тал участкасындагы “Жазы” дарыясына жаңы курулуп, пайдаланууга берилген көпүрөгө “Кырабек” деген ысым ыйгарылсын жана ал көпүрө “Кырабек” атындагы көпүрө деп аталсын.

 

  1. “Кырабек” атындагы көпүрөгө тиешелүү документтерди бүткөрүү жагы Өзгөн райондук жайыт пайдалануучулар бирикмесинин ассоцияциясынан суралсын.

 

  1. Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу Салам-Алик айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

  

 

                  Салам-Алик айылдык

                  Кеңешинин төрагасы                                   А.Таштемиров

 

        

 

                              27-декабрь 2019-жыл                  № 132                                   Салам-Алик айылы

                                                                                                     

                              Салам-Алик айыл Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги  жыйырма 

                                                                         үчүнчү  сессиясынын 

 

                                                                      ТОКТОМУ

 

                                            Салам-Алик айыл аймагынын тургундарына

                                            Салам-Алик айыл  аймагынын «Ардактуу атуулу» 

                                            наамын ыйгаруу  жөнүндө

 

  Салам-Алик айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Типтүү уставынын 31-беренесине ылайык, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана жалпы депутаттардын макулдугунун негизинде Салам-Алик айыл кеңеши  

 

                                                            ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

  1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө чоң салым кошкондугу, элге эмгегин арнап, үзүрүлүү эмгектенгендиги, эл арасында кадыр-баркы, кесиптик чеберчилиги менен эмгеги сиңген төмөндөгү атуулдарга Салам-Алик айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын:

 

-Нышанбаев Дуйшебай  -15 жаш айылынын тургуну, Салам-Алик айылдык 

                                               Кеңешинин жана айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы;

-Маматсаков Рахман       -Кызыл-Чарба айылынын тургуну, жеке ишкер;

-Жумабаев Садырбек      -Кызыл-Чарба айылынын тургуну, ардагер мугалим;

-Аттокуров Алмаз            -Кызыл-Чарба айылынын тургуну, М.Сагынова 

                                              атындагы орто мектебинин директору;

 

  1. Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу Салам-Алик айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

                  Салам-Алик айылдык

                  Кеңешинин төрагасы                                   А.Таштемиров

 

                                                           

 

 

                               27-декабрь 2019-жыл                  № 133                                  Салам-Алик айылы

                                                                                                    

                              Салам-Алик айыл Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги  жыйырма 

                                                                         үчүнчү  сессиясынын  

                                                                      ТОКТОМУ

 

                                            Салам-Алик айыл өкмөтүнүн кээ бир маселелерин 

                                            чечүү  жөнүндө

 

   «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана жалпы депутаттардын макулдугунун негизинде Салам-Алик айыл кеңеши 

 

                                        ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

  1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жайыт комитети Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2”долбоорнунун алкагында мал жайууга жарактуу жайыт жерлерин жамааттык карталаштыруу иштерин Салам-Алик айыл аймагында өткөрүүгө макулдук берилсин жана карталаштыруунун жыйынтыгы  бекитилсин.
  2. Жасалган проект боюнча горный отводко 5,04 га, ал эми земельный отводко 10,66 га, бардыгы 15,7 га жерди убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндөгү “Жазы” акционердик коомунун 2019-жылдын 19-ноябрындагы № 3 кайрылуу каты күн тартибинин кароосунан алынсын.
  3. Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Кош-Этер айылындагы маданият клубун бала-бакча которуу иштерин жүргүзүү Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
  4. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы шайлоо өтүүчү шайлоо участкаларынын обьекттерине майыптар үчүн пантус орнотууну Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
  5. Айыл мектептеринде иштеп жаткан жаш мугалимдерге социалдык жактан жеңилдиктерди берүү жөнүндөгү Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн жана Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин 2019-жылдын 5-декабрындагы № 80-кайрылуу катына ылайык ар бир жаш мугалимге бир жолу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 5,0(беш миң) сом бөлүнүп берилсин.
  6. Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу Салам-Алик айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссияларына тапшырылсын. 

 

 

                  Салам-Алик айылдык

                  Кеңешинин төрагасы                                   А.Таштемиров

 

 

 

                                                           

 

 

                                      27-декабрь 2019-жыл                  № 134                                  Салам-Алик айылы

                                                                                                    

                              Салам-Алик айыл Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги  жыйырма 

                                                                         үчүнчү  сессиясынын 

 

                                                                                   ТОКТОМУ

 

                                            Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата 

                                            жергиликтүү  бюджетинин киреше жана чыгаша  

                                            бөлүктөрүн бекитүү жөнүндө

 

    Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин  102-117-беренелерине жана     финансы,экономика,бюджет,экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары маселелери боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан Салам-Алик  айыл өкмөтүнүн   2020-жылга   жергиликтүү бюджеттин аткарылышын  алдын ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде   Салам-Алик айылыдык кеңеши  

                                        ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

  1. 2020-жылга Салам-Алик айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелери жана чыгашалары

    12 774 500 сомго бекитилсин.

 

2.Айыл өкмөтүнүн 2020-2022-жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү    

бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда  

     такталууга жатаары белгиленсин.

 

  1. 2020-жылга чегерүүлөрдүн чечимдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин:

        а). жалпы мамлекеттик салыктын түшүүлөрдөн:салык агенттиги тарабынан  

             төлөнүүчү киреше салыгы айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине 85 пайыз  

             өлчөмүндө;

        б).  сатуулардан түшкөн салык айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине 25 пайыз

              өлчөмүндө;

        в).  ыктыярдуу патент негизиндеги салык, милдеттүү патенттөө негизиндеги

              салык, бирдиктүү салык-айыл аймагынын жергиликтүү   бюджетине 100 пайыз 

              өлчөмүндө;

         г). жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык (роялти),стратегиялык пайдалуу

              кендерди  (алтын,мунай зат,газ)кошпогондо кендерди иштеп чыгуу жери боюнча

              айыл аймагынын жергилитүү бюджетине 50 пайыз өлчөмүндө.

         д). жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйым айыл аймагынын  

              бюжетине 7 пайыз өлчөмүндө;

         е). жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүү 

              кендерди иштеп чыгуу жери боюнча  айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине  

              20 пайыз өлчөмүндө;

 

  1. Жергиликтүү салыктардан жана салыктык эмес жыйымдардан түшүүчү жергиликтүү

     бюджеттердин кирешелери башка деңгээлдеги бюджетке алынууга жатпасын.

 

  1. Мыйзамдарда каралган ыйгарым укуктардын чектеринде,жер салыгы боюнча базалык

     ставкаларды же коэфиценттерди жогорулатуу боюнча жергиликтүү өз алдынча  

     башкаруу органдары тарабынан чечимдерди кабыл алуунун эсебинен жергиликтүү    

     бюджеттердин кирешесин көбөйтүүсү  2019-жылдын 28-ноябрындагы Кыргыз  

     Республикасынын  Жогорку  Кеңеши тарабынан кабыл алынган  Мыйзам менен 2020-

     2022-жылдарга теңөөчү гранттардын өлчөмдөрүн өзгөртүү үчүн негиз болуп  

     саналбасы белгиленсин.

 

  1. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине  ылайык   айыл

       өкмөтүнүн резервдик фондунун өлчөмү тиешелүү жергиликтүү бюджеттин

       чыгашаларынын 1 пайызынан ашык эмес өлчөмүндө бекитилсин.

 

  1. Айыл өкмөтүнө  2020-2022-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин  чыгашаларын

      каржылоо  биринчи кезекте  корголгон беренелерге (эмгек акы,социалдык фондго   

      чегерүү,тамак-аш,дары-дармек жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга

      чегерүүлөр),комуналдык кызматтар (электр энергия,көмүр,суу) жумшалсын.

 

  1. Айланма кассалык калдык (оборотный кассовой наличность) айыл өкмөтүнүн   

      бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаты 2020-жылдын 1-январына  

      карата 5000 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.

 

  1. Салам-Алик  айыл  аймагы тоолуу,шарты катаал,табигый кырсыктар коркунучу бар

      жерде жайгашкандыктан табийгат кырсыктарын алдын алууга, калктын аярлуу  

      катмарына, майыптарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, социалдык ооруларга жана

      башка социалдык маселелерди чечүүгө, Улуу Ата Мекендик согуштун

      ардагерлерине, энелер күнүнө, согуш мезгилинде тылда кызмат кылгандарга, Баатыр

      энелерге, Ооганчыларга, Баткен коогалаңынын катышуучуларына жардам берүү үчүн

      акча каражаттары каралсын.

 

  1. Айылдык кеңештин иш аракеттерин жана иш кагаздарын жүргүзүү (токтомдорду

       юстициядан каттоодон өткөрүү, маалымат каражаттарына жарыялоо, интернет

       байланышына ж.б.) үчүн акча каражаты каралсын.

 

  1. Айыл өкмөтүнүн инфраструктурасын өнүктүрүү максатында жазылган долбоорлорду

       ишке ашырууга багытталган иш-чараларга жана өздүк салымдарды кошууга

       керектелген каражаттарды каржылоо айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржыланаары

       белгиленсин.

 

  1. Айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигинен сырткары убактылуу келишимдик негизде

      иштеген кызматчылардын эмгек акыларын төлөп берүү  жергиликтүү бюджеттин

      эсебинен жүргүзүлсүн.

 

  1. Айыл аймагында жаңыдан курулуп бүткөн “Ризван”, “Азада -Эне”, “Аят -Эне”,

      “Жамбы-Апа”, “Касыйда-Апа”жана “Жаш Жеткинчек” балдар бакчасында  

      тарбияланган балдардын тамак ашына ,балдар бакчасынын коммуналдык  

      кызматтарына (электр энергия,көмүр),  жана башка керектүү жабдыктарына

      жергиликтүү бюджеттен ачка  каражаты каралсын.

 

  1. Ата энелерден балдардын взносуна 600 олчомундо чогултулуп атайын каражат

 

       эсебинен  бала-бакчалардагы балдардын тамак ашына жана ар кандай чыгымдарына   

       каржылансын.

 

  1. Айыл мектептеринде иштеп жаткан жаш мугалимдерге социалдык жактан

      жеңилдиктерди берүү жөнүндөгү Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн жана  

      Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин  

      2019-жылдын 5-декабрындагы № 80-кайрылуу катына ылайык ар бир жаш  

      мугалимге бир жолу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 5,0(беш миң) сом   

      бөлүнүп берилсин.

 

  1. Токтом кабыл алынып бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин

      финансы, экономика, бюджет, экономикалык  жактан өнүгүүнүн болжолдуу 

      багыттары маселери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. 

  

 

                  Салам-Алик айылдык

                  Кеңешинин төрагасы                                   А.Таштемиров

 

                                              

 

 

                                   27-декабрь 2019-жыл                  № 135                                 Салам-Алик айылы

                                                                                                    

                              Салам-Алик айыл Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги  жыйырма 

                                                                         үчүнчү  сессиясынын 

 

                                                                      ТОКТОМУ

 

                                                      Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу 15 жаш  

                                                      айылына эстелик үчүн жер тилкесин бөлүп берүү  

                                                      жөнүндө

 

    “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана Салам-Алик айылдык кеңешинин жалпы депутаттарынын макулдугунун негизинде   Салам-Алик айылдык кеңеши  

 

                                                            ТОКТОМ  КЫЛАТ 

 

  1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 15 жаш айылындагы Жолдошбек Примкулов атындагы орто мектебинин аймагында жайгашкан Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон эстеликтин жанына аскердик техниканыын эстелигин орнотуу үчүн 25 м. кв. жер тилкеси бөлүнүп берилсин. 
  1. Жерди бөлүп берүү жана тиешелүү документтерди даярдап берүү Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын. 
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин айыл чарба, жер, суу, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

  

 

                  Салам-Алик айылдык

                  Кеңешинин төрагасы                                   А.Таштемиров

 

 

 

 

 

p class=params-