Салам-Алик айылдык Кеңешинин алтынчы чакырылышынын 

                              кезексиз жыйырма биринчи сессиясынын 

                                             Т О К Т О М У

 

20-сентябрь  2019-жыл             № 119                              Салам-Алик айылы 

 

                                                           Салам-Алик айылынын Өнгү

                                                           участкасынын көчөсүнө ат коюу жөнүндө

 

     “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Салам-Алик айылынын жалпы элдик жыйынын 2019-жылдын 15-июлундагы  № 3 протоколуна ылайык жана депутаттардын добуш берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча Салам-Алик айыл кеңеши төмөндөгүдөй 

 

                                             ТОКТОМ  КЫЛАТ 

  1. Салам-Алик айылынын жалпы элдик жыйынын 2019-жылдын 15-июлундагы № 3- протоколуна ылайык жана депутаттардын добуш берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча Салам-Алик айылынын Өнгү участкасынын ички көчөсүнө айылдын тургуну маркум Кырабеков Авазбектин  ысымы ыйгарылсын жана “Кырабеков Авазбек”  атындагы” көчө деп аталсын. 

 

  1. Аталган көчөнүн тазалыгын сактоо, муктаждыктарын чечип берүү, көчө жарыктандыруу жана башка тиешелүү жумуштарын аткарып туруу ысым ыйгарылган атуулдун үй-бүлөлөрүнө жүктөлсүн.
  2. Токтомду көзөмөлгө алуу Салам-Алик айылдык кеңешинин  мыйзамдуулук, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар менен иштөө жана этика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Салам-Алик айылдык

Кеңешинин төрагасы                                                    А.Таштемиров

 

 

                               

 

 

       Салам-Алик айылдык Кеңешинин алтынчы чакырылышынын 

                              кезексиз жыйырма биринчи сессиясынын 

                                             Т О К Т О М У

 

20-сентябрь  2019-жыл              № 120                             Салам-Алик айылы

 

                                                           Салам-Алик айылынын Лесхоз

                                                           участкасынын көчөсүнө ат коюу жөнүндө

 

     “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Салам-Алик айылынын жалпы элдик жыйынын 2019-жылдын 8-апрелиндеги  № 5 протоколуна ылайык жана депутаттардын добуш берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча Салам-Алик айыл кеңеши төмөндөгүдөй 

                                             ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

  1. Салам-Алик айылынын жалпы элдик жыйынын 2019-жылдын 8-апрелиндеги

 № 5- протоколуна ылайык жана депутаттардын добуш берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча Салам-Алик айылынын Лесхоз  участкасынын Өрдөш мааласинин көчөсүнө айылдын тургуну маркум Авилезов Апыштын  ысымы ыйгарылсын жана “Авилезов Апыш”  атындагы” көчө деп аталсын. 

 

  1. Салам-Алик айылынын жалпы элдик жыйынын 2019-жылдын 8-апрелиндеги

№ 5- протоколуна ылайык жана депутаттардын добуш берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча Салам-Алик айылынын Лесхоз  участкасынын Лесхоз   көчөсүнө айылдын тургуну маркум Муратов Калдарбектин  ысымы ыйгарылсын жана “Муратов Калдарбек”  атындагы” көчө деп аталсын. 

 

  1. Аталган көчөнүн тазалыгын сактоо, муктаждыктарын чечип берүү, көчө жарыктандыруу жана башка тиешелүү жумуштарын аткарып туруу ысым ыйгарылган атуулдун үй-бүлөлөрүнө жүктөлсүн.
  2. Токтомду көзөмөлгө алуу Салам-Алик айылдык кеңешинин  мыйзамдуулук, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар менен иштөө жана этика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Салам-Алик айылдык

Кеңешинин төрагасы                                                  А.Таштемиров

 

                                       

 

 

       Салам-Алик айылдык Кеңешинин алтынчы чакырылышынын 

                              кезексиз жыйырма экинчи сессиясынын 

                                             Т О К Т О М У

 

25-октябрь  2019-жыл             № 121                             Салам-Алик айылы 

 

                                                                      ТОКТОМУ

 

                                            Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Ара-Көл

                                            айылынын тургуну Орунбаев Сатыбалды  

                                            Суйунбаевичке Салам-Алик айыл  аймагынын  

                                            «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу  жөнүндө

 

   «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Ара-Көл  айылынын тургуну Орунбаев Сатыбалды Суйунбаевичке Салам-Алик айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү Ара-Көл  айылынын  2019-жылдын 1-октябрындагы № 4-элдик  жыйынын токтомунун  жана тиешелүү жоболорго негиздеп,  жалпы депутаттардын макулдугунун негизинде Салам-Алик айыл кеңеши төмөндөгүдөй  

                                        ТОКТОМ  КЫЛАТ 

  1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө чоң салым кошкондугу үчүн, мурунку Салам-Алик айылыдк кеңешинде жана айыл өкмөтүндө жетекчилик кызматта иштеп, элге эмгегин арнап, үзүрүлүү эмгектенгендиги үчүн Ара-Көл айылынын тургуну Орунбаев Сатыбалды Суйунбаевчике Салам-Алик айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын. 
  1. Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу Салам-Алик айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

                  Салам-Алик айылдык

                  Кеңешинин төрөгасы                                   А.Таштемиров

  

 

 

 

 

                                                                

 

                              Салам-Алик айыл Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз  жыйырма 

                                                                         экинчи  сессиясынын  

   25-октябрь 2019-жыл                          № 122                            Салам-Алик айылы                                                                                                     

                                                                             ТОКТОМУ

 

                                            Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу 15 жаш  

                                            айылынын Беш-Терек участкасынан “РМК-Кен»   

                                            ЖЧКна геологиялык-чалгындоо иштерин 

                                            жүргүзүүгө уруксат берүү жөнүндө 

  “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 28-3 беренсине ылайык “РМК-КЕН”  ЖЧКнун 2019-жылдын 25-октябрындагы № 1 “Беш-Терек” участкасынан көмүр кен казуу үчүн геологиялык -чалгындоо  иштерин жүргүзүүгө уруксат берүү жөнүндөгү кайрылуу катынын жана депутаттардын макулдугунун негизинде Салам-Алик айыл кеңеши төмөндөгүдөй  

                                        ТОКТОМ  КЫЛАТ 

  1. Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу 15 жаш айылынын Беш-Терек участкасынан “РМК-Кен» ЖЧКна геологиялык-чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксат берилсин.

 

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну айыл кеңешинин айыл-суу,

мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен,

маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

  

 

   Салам-Алик айылдык

   кеңешинин төрагасы                                          А.Таштемиров                

 

 

 

                                                                

 

                              Салам-Алик айыл Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз  жыйырма 

                                                                         экинчи  сессиясынын  

                                                                                  ТОКТОМУ                                                         

 

   25-октябрь 2019-жыл                              № 123                         Салам-Алик айылы

                                                                                                    

                                                             Өзгөн райондук эмгек жана социалдык өнүгүү 

                                                       башкармалыгы менен Салам-Алик айыл  

                                                       өкмөтүнүн ортосундагы түзүлгөн келишимди  

                                                       бекитүү жөнүндө

 

   «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-жана 31-беренелерине ылайык жана  «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып жана Салам-Алик айыл өкмөтүнүн соц адиси М.Миңбаеванын билдирүүсүн угуп Салам-Алик айыл кеңеши  төмөндөгүдөй

 

                                                  ТОКТОМ  КЫЛАТ 

  1. Социалдык маселелерди мындан ары чыңдоо жана башка иштерди алып баруу боюнча Өзгөн райондук эмгекти башкаруу жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишими бекитилсин (тиркелет).
  2. Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу Салам-Алик айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

          Салам-Алик айылдык

          Кеңешинин төрөгасы                                   А.Таштемиров

 

 

 

 

 

Салам-Алик айылдык кенешинин 2019-жылдын 25-октябрындагы № 123  токтому менен бекитилди 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишим 

                                               1.Келишимдин тараптары 

            1.1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин (мындан ары - ЭСӨМ) Өзгөн райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы, мындан ары “мамлекеттик орган”, бир тарабынан начальник Шарипова Жамал атынан  ЭСӨМдүн 2018-жылдын 3-августундагы №43 буйругу менен бекитилген ЭСӨМдүн Аймактык бөлүнүштөрү жөнүндө жобосунун негизинде иштеген жана айыл өкмөтү, мындан ары “жергиликтүү башкарууну аткаруучу органы” экинчи тараптан Инашов Эдилбек Султанбекович № 95Жобонун (же Жарлык) негизинде иштеген, башка жагынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, ушул келишимди түзүштү:

                                   2.Келишимдин предмети 

            2.1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2014-жылдын 19-декабрындагы №715 “Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык ЭСӨМдүн райондук эмгекти башкаруу жана социалдык өнүгүү башармалыгы айыл өкмөтү төмөнкүдөй мамлекеттик ыйгарым укуктарды сунуштайт:

            2.1.1. Турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана балдарды аныктоо боюнча төмөндөгү алынган маалыматтарды  карап жана иштеп чыгуу:     

-жарандардын жана уюмдардын оозеки же кат түрүндөгү кайрылуулары;

            - массалык маалымат каражаттарынан;

            - аймактык мамлекеттик органдардан;

            - ведомстволор аралык рейддер, акция, калк менен кезигишүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча;

            2.1.2. Турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана/же балдардын муктаждыгын баалоо менен:

            -турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана/же балдардын базасын жана тизмесин түзүү;

            - турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана/же балдардын жашоо-шартын карап чыгуу;

            - турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн социалдык паспортун түзүү;

            - турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана/же балдардын социалдык кызматка муктаждыгын баалоо:

            -турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана/же балдардын социалдык кызматка муктаждыгын бардык жактан кайталап баалоо;

            2.1.3. Турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана балдарды социалдык жактан коштоо:

            -жумуш менен камсыз кылуу жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча жарандардын арыз жана каттарын карап чыгуу;

            -турмуштук оор кырдаалга жол бербөө боюнча  алдын алуу иштерин жүргүзүү;

            -үй бүлөлөр менен жекече иштөө планын ишке ашыруу;

            -баланы коргоо боюнча жекече иштөө планын ишке ашыруу:

            - турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана/же балдарды социалдык коштоо

            -

2.2. Салам-Алик айыл өкмөтү жогорудагы мамлекеттик ыйгарым ишти аткарат.

 

  1. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Өзгөн райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө укуктары жана милдеттери

 

            3.1.Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Өзгөн райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткаруучу органдары төмөндөгүдөй укуктарга ээ:

            - берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды, ошондой эле ага керектелүүчү материалдык, каржылык ж.б. каражаттарды көзөмөлдөөнү ишке ашыруу;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу маселелери боюнча өз компентециясы жаатында аткаруу үчүн милдеттүү болгон актыларды кабыл алууга

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткаруучу органдары тарабынан  кетирилген бузууларды четтөө боюнча жазуу жүзүндө билдирүү берүү;

 -берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарга байланыштуу маалымат, материалдады, документтерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан талап кылуу;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн жыйынтыктары жана материалдык, каржылык ж.б. ресурстарды колдонуу жөнүндө маалымат берүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткаруучу органдарга отчет берүүнүн формасын бекитүүгө;

            - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө материалдык, каржылык ж.б. ресурстарды камсыз кылуусун көзөмөлдөө;

            - жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткаруучу органдарга мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнү ишке ашыруу үчүн берилген каражаттарды максатсыз пайдалангандыгы боюнча белгиленген тартипте жаза-чара колдонууга;

- Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамына жана ушул келишимдин бекитилген тартипке ылайык келишимди жокко чыгаруу демилгесин көтөрүүгө.

            3.2.Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин  эмгек жана социалдык өнүгүү башкаруусу төмөндөгүдөй компепетенцияларга милдеттүү: -

- мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну камсыздоо үчүн  материалдык, каржылык ж.б. ресурстарды толук көлөмдө жана өз убагында берүүгө;

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткаруучу органдарга усулдук, уюштуруучулук, консультациялык ж.б. жардам берүүгө жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткаруучу органдарды керектүү укуктук, техникалык жана башка документтер менен камсыз кылууга ;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууга адистердин квалификациясын жогорулатуу максатында жылына экиден кем эмес окууларды өткөрүү;                                                                                                                -берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын жана өткөрүп берилген материалдык каржылык ж.б. каражаттарды максаттуу пайдаланышына көзөмөл  жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу;

 

  1. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктары жана милдеттери

 

4.1. Салам-Алик айыл өкмөтү берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда төмөндөгүдөй укуктарга ээ:

            -мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнү ишке ашыруу үчүн берилген үчүн материалдык, финансылык ж.б. ресурстарды толук кандуу жана өз убагында талап кылууга;                                                                 

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик органдардан усулдук, уюштуруучулук, кеӊеш берүү ж.б. керектүү укуктук, техникалык ж.б. документтер менен камсыз болууга.            -берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда кетирилген кемчиликтер болсо, соттук негизде мамлекеттик органдар кат жүзүндө кайрылууга;        

- Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамына жана ушул келишимдин бекитилген тартипке ылайык келишимди жокко чыгаруу демилгесин көтөрүүгө.                          

4.2. Салам-Алик айыл өкмөтү мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнү жүзөгө ашырууда төмөнкүлөргө милдеттүү:              

- мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнү Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларына жана келишимге ылайык ишке ашырууга;

- мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнү камсыз кылуу үчүн берилген материалдык, каржылык жана башка каражаттарды толук  жана өз убагында берүүнү камсыз кылууга;

- мамлекеттик орган мамлекеттик ыйгарым укук берүүнү жүзөгө ашырууну жана берилген материалдык, каржылык жана башка ресурстарды пайдаланууну тосколдуксуз текшерүү жүргүзүү үчүн шарт түзүп берүүгө;

- мамлекеттик орган тарабынан квалификациясын жогорулатуу үчүн өткөрүлгөн окууларга жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткарган органдын адистердин катышуусун камсыз кылууга;                 

- мамлекеттик орган мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнү жүзөгө ашырууда кетирилген кемчиликтерди четтетүү боюнча кат жүзүндө билдирүү берүүгө;

- ыйгарым укуктарды берүүнү жүзөгө ашыруунун натыйжалары тууралуу мамлекеттик органга ай сайын, квартал сайын, жары жылда бир жана жылдын аягында отчет берүүгө;

- мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнү ишке ашырууга бөлүнгөн каржылык каражаттардын пайдаланышы жөнүндө квартал сайын, жылдын аягында каржылык отчет берүүгө;

-мөөнөтүнөн мурда берилген мамлекеттик ыйгарым укук токтотулган учурда мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн берилген материалдык, каржылык жана башка  пайдаланылбаган ресурстарды кайрадан артка кайтарууга;

 

5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу адиси

 

5.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу адиси муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындалган жана кызматтан бошотулган муниципалдык кызматчы болуп саналат.

5.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу адиси өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.

5.3. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнү аткарган жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткарган органдын адисинин укугу жана милдеттерри 1-тиркемеге ылайык ишке ашат.

5.4.ЭСӨМ Өзгөн райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы коррупциялык факты байкалганда ошондой эле айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун алкагында милдеттерин одоно бузган учурларда адис тарабынан зарыл чараларды кабыл алуу жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткарган органга сунуш киргизет.

6. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын финансылык, материалдык жана башка каражаттар менен камсыздоо

 

6.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга зарыл болгон финансылык камсыздоо республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү трансферттер (субвенциялар) формасында жүргүзүлөт.

6.2. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн тиешелүү финансылык жылга максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмүн эсептөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715токтому менен бекитилген максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) көлөмүн эсептөө методикасынын негизинде жүргүзүлөт.

Ушул келишимдин 9.2. пунктунда мөөнөтү аныкталган, көрсөтүлгөн трансферттердин (субвенциялардын) көлөмү ушул келишимге тиркелет жана анын ажырагыс бир бөлүгү болуп саналат.

6.3. Ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына республикалык бюджеттен берилүүчү каржы каражаттары жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин жана чыгашаларынын түзүмүндө берилет жана келерки жылдын каржылыгы үчүн жергиликтүү бюджеттин кирешелери жана чыгашаларынын түзүмүндө чагылуусу керек.

6.4. трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмү өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

- жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткаруучу органжын адисинин эмгек акысы;

-берилген ишти бүтүрүүгө кеткен чыгымдар: командировкалык чыгым, окууга кеткен чыгым, канцелярдык товар жана  байланыш кызматы;

6.5. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон материалдык каражаттар мамлекеттик органы тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына кабыл алуу-өткөрүп берүү актынын негизинде өткөрүлүп берилет.

6.6. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн чарбалык ишин (жабдуулар, обөекттер, техника ж.б.) жүргүзүүгө бөлүнгөн материалдык каражаттар макулдашуу комиссиясында каралгандан жана алардын колдонууга жарактуулугу аныкталгандан кийин алар өткөрүлүп берилүүгө тийиш.

Макулдашуу комиссиясы мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын өкүлдөрүнөн тең укуктуулуктун негизинде түзүлөт.  

6.7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына өткөрүлүп берилүүчү материалдык каражаттардын тизмеси тараптардын макулдашуусу менен аныкталат.

6.8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн материалдык каражаттарды пайдалануунун тартиби мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

6.9. Айрым берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын штаттык санынын ченемдери жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимде чагылдырылууга тийиш.

 

7. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын отчеттуулугунун формасы жана мезгилдүүлүгү

 7.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы мамлекеттик органдын аймактык башкармалыгына төмөнкүлөрдү берүүнү камсыздайт:

- ай сайын 5инен кечиктирбестен,квартал сайын, жарым жылда бир жолу, жылдын аягында мамлекеттик орган тарабынан бекитилген жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен макулдашылган форма боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жыйынтыктары жөнүндө отчету;

- квартал сайын 5инен кечиктирбестен (ай сайын, жарым жылда бир жолу, жылдын аягында) мамлекеттик орган тарабынан бекитилген жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен макулдашылган форма боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттарды пайдалануу тууралуу финансылык отчетту.

8. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын мамлекеттик орган тарабынан көзөмөлдөөнүн тартиби

 8.1. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын көзөмөлдөө (мындан ары - көзөмөлдөө) келишимдин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыздоо максатында жүргүзүлөт.

8.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын көзөмөлдөөнү мамлекеттик органдын аймактык башкармалыгы жүргүзөт.

8.3. Мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшү:

- аныкталган тартип бузууларды четтетүү тууралуу көрсөтмөлөрдү жөнөтүү укугу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын толук кандуу жана сапаттуу аткарылышын көзөмөлдөйт;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн материалдык жана финансылык каражаттарды максаттуу пайдаланышын текшерет;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар чөйрөсүнө таандык болгон маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын, ошондой эле методикалык көрсөтмөлөрдүн аткарылышын көзөмөлдөйт;

- келишим менен каралган учурларда жогору турган органга жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну токтотуу жана ушул келишимди бузуу жөнүндө сунуштарды даярдайт жана киргизет.

 8.4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын көзөмөлдөөнү тиешелүү мамлекеттик орган төмөнкүдөй түрдө жүргүзөт:

- - берилген ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан ишке ашыруу бөлүгүндө алардын ишин координациялоо;

- ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзамда же келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун натыйжалары жөнүндө отчетторду кабыл алуу;

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жана мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн каражаттарды пайдалануу бөлүгүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ишин текшерүү;

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына сунуштамаларды берүү;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерди мыйзамдуулук жана максатка ылайыктуулук көз карашы менен баалоо.

 

9. Келишимдин күчүнө киришинин жана колдонуу мөөнөтүнүн тартиби

 

9.1. Келишим Салам-Алик  айылдык кеңеш менен бекитилүүгө тийиш 

9.2.Бул келишимдин мөөнөтү бир жылга болуусу керек.

Эгерде бир да тарап келишимдин мөөнөтү бүткөнгө чейин келишимди токтоуу жөнүндө өз оюн билдирбесе, анда автоматтык түрдө келишимдин мөөнөтү  ошол эле мөөнөттө, ошол эле шартта узартылат.

9.3.Бул келишим бирдей юридикалык күчкө ээ эки нускада түзүлдү.

 

10.Келишимди өзгөртүү шарттары

 

10.1. Келишимге өзгөртүүлөр жана толуктоолор тараптардын макулдашуусу менен киргизилет.

10.2. Өзгөн райондук Салам-Алик айылдык Кеңештин бекитилген чечимин эске алуу менен келишимге өзгөртүү жана толуктоолорду киргизилет.

 

11. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну токтотуунун негиздери жана тартиби

 

11.1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруусу төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн:

- келишимдин колдонулуу мөөнөтү бүткөндө;

- мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзамды күчүн жоготту деп таануу тууралуу мыйзам күчүнө киргенде;

- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жүзөгө ашырылышын камсыздоодо кийинки жылга республикалык бюджеттин трансферттери жок болсо;

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мындан ары  жүзөгө ашырылышы үчүн укуктук ченемдик актылар кабыл алынса;

- мамлекеттик орган тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды өз алдынча ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алынса (келишимди мөөнөтүнө чейин күчүн бузуу);

келишим жана/же "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жана шарттарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруудан баш тарткан учурда (келишимди мөөнөтүнө чейин бузуу).

11.2. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү ЭСӨМдүн эмгекти башкаруу жана социалдык өнүгүү башкармалыгы же Салам-Алик айыл өкмөтүнүн демилгеси боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.

11.3. Салам-Алик айыл өкмөтү тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун мөөнөтүнөн мурда баш тартуунун шарттары :

- ЭСӨМдүн эмгекти башкаруу жана социалдык өнүгүү башкармалыгы берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн материалдык, каржылык жана башка каражаттарды камсыздоо мүмкүн болбогондо;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды  аткарбоо, Салам-Алик айыл өкмөтүнүн көз каранды эмес  себептери;

- мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн жана (же) ишке ашыруунун шарттарын өзгөрткөн ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы.

11.4. . ЭСӨМдүн Өзгөн райондук эмгекти башкаруу жана социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун мөөнөтүнөн мурда баш тартуунун шарттары :

- . ЭСӨМдүн Өзгөн райондук эмгекти башкаруу жана социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мындан ары жүзөгө ашыруу максатсыз деп табылганда;

- Салам-Алик айыл өкмөтү берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн алынган материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максаттуу эмес пайдалануу, эгер ал бузуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну татаалдаштырган шарттарды түзсө;

-мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун шарттарын өзгөртүүдө укуктук ченемдик актыларды кабыл алынышы;

11.5. Тараптардын биринин демилгеси боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар мөөнөтүнө чейин токтотулган учурда токтотууну демилгелеген тарап берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуунун болжолдонгон датасына чейин 15 жумушчу күн мурда башка тарапка жазуу түрүндө билдирүү жөнөтүүгө милдеттүү.

11.6. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мөөнөтүнө чейин токтотуу жөнүндө билдирүүнү алган тарап аны 15 жумушчу күндүн аралыгында карап чыгууга жана башка тарапка кароонун жыйынтыгы жөнүндө кабарлоого милдеттүү.

Башка тарап билдирүү менен макул болгон учурда берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу тараптардын макулдашуусунун негизинде токтойт.

 11.7.  30 жумушчу күндүн аралыгында билдирүүнү кароонун жыйынтыгы жөнүндө жазуу түрүндө жооп жок болгон же башка тарап берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуу менен макул болбогон учурда берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мөөнөтүнө чейин токтотуу жөнүндө маселе сот тартибинде чечилет.

11.8. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар аткаруу мөөнөтүнө чейин токтотулган учурда аларды ишке ашыруу үчүн Салам-Алик айыл өкмөтүнө бөлүнгөн, пайдаланылбаган материалдык жана финансылык каражаттар берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу токтотулган күндөн тартып 15 жумушчу күндүн аралыгында ЭСӨМдүн эмгекти башкаруу жана социалдык өнүгүү башкармалыгына кайтарылууга тийиш.

11.9. Мыйзамда же келишимде каралган көлөмдө, тартипте жана мөөнөттөрдө берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну каржылоо токтотулган учурда, Салам-Алик айыл өкмөтү берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтото турууга укуктуу, ал жөнүндө беш жумушчу күндүн ичинде жазуу жүзүндө ЭСӨМдүн эмгекти башкаруу жана социалдык өнүгүү башкармалыгына кабарлайт.

11.10. Салам-Алик айыл өкмөтү берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтоткон күндөн тартып, мамлекеттик ыйгарым укуктар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына аларды ЭСӨМдүн эмгекти башкаруу жана социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан аткарылууга тийиш.

11.11. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды андан ары аткарууну токтотуу, токтотуп туруу жана баш тартуу тууралуу чечими Салам-Алик айылдык кеңешинин токтому менен бекитилет 

 

  1. Тараптардын жоопкерчилиги

 

2.1. Келишимдин шарттарын талаптагыдай аткарбагандык, укуктарын басмырлоо же материалдык жана моралдык зыян келтирүү үчүн тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

12.2. Шаардын мэри (айыл өкмөтүнүн башчысы) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын тийиштүү түрдө аткарылышын уюштуруу, бөлүнгөн материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максаттуу пайдалануу жана ушул келишимдин жоболорун так аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

  1. Талаштарды чечүү тартиби

 

13.1. Ушул келишимди аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан бардык талаштар жана келишпестиктер тараптар ортосунда сүйлөшүүлөр аркылуу же болбосо сот тартибинде чечилет.

 

  1. Тараптардын даректери жана кол тамгалары

 

1. Өзгөн райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси

          ______________________М.Шарипова

1. Салам-Алик айыл өкөмөтүнүн   

    башчысы         

               ______________ Э.Инашов

 

                                               

 

             Салам-Алик айылдык кенешинин алтынчы чакырылышын кезексиз 

                                                жыйырма экинчи сессиясынын              

                                                       ТОКТОМУ

 

25-октябрь  2019-жыл                      № 124                                  Салам-Алик айылы

 

                                                      Өзгөн райондук прокуратурасы тарабынын Кыргыз 

                                                      Республикасынын “Мамлекеттик жана 

                                                      муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же 

                                                      ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, 

                                                      милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо 

                                                      жөнүндө” Мыйзамынын талаптарынын 

                                                      аткарылышы боюнча Салам-Алик айылдык 

                                                      кенешинде текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө

 

      Жыйынга катышкандар: айылдык кенешинин депутаттары, аппарат кызматкерлери, айыл башчылар, мекеме-уюмдардын жетекчилери.

 

Жыйынга ошондой эле Өзгөн районунун прокурорунун жардамчысы  Акматов Азирет катышып отурат. 

         Күн тартибиндеги маселе: 

  1. Өзгөн райондук прокуратурасы тарабынын Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” Мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча Салам-Алик айылдык кенешинде текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 2019-жылдын 18-октябрындагы № 11-166-19 сандуу ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндөгү сунуш катын кароо жөнүндө.

 

    Күн тартибиндеги  маселе боюнча Салам-Алик айылдык кенешинин төрагасы А.Таштемиров жыйынды ачып, сөздү Өзгөн районунун прокурорунун жардамчысы Акматов Азиретке берди.

 

   Ал өз сөзүндө төмөндөгүлөрдү айтып берди: “Декларация тапшыруу боюнча Өзгөн райондук прокуратурасы тарабынан текшерүүнүн жыйынтыгында жана Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” Мыйзамынын 1-беренесинин талаптарына ылайык саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдарга жайылтылат.

   Кыргыз Республикасынын Президентинин  2017-жылдын 31-январындагы  ПЖ № 17 сандуу Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринин” 3-главасына ылайык, жергиликтүү кенештин төрагасы, төраганын орун басары, депутаттары саясий муниципалдык кызмат орундарына кирет.

    Ал эми, аталган Мыйзамдын 9-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарына  ылайык декларацияны белгиленген мөөнөттө бербеген, декларацияны толук эмес же анык эмес маалыматтарды көрсөтүү менен берген учурда, декларант Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоокерчилик тартат деп көрсөтүлгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө Салам-Алик айылдык кенешинин төрагасы Таштемиров Арстанбек, төраганын орун басары Тойчубекова Жазгүл,  депутаттары Абдуллаев Акылбек,  Айдараалыев Нурбек, Айтбаев Мамрасул, Акматалиев Женишбек, Байназаров Джумакадыр,  Бакыбаев Салижан, Исабаев Жумабек, Калматов Бабажан, Калыбеков Талантбек, Караев Мамакадыр, Караева Зууракан, Кудайбердиев Канатбек, Кулмурзаев Сеитбек, Рысбаев Жолдошбек, Садабаев Азим, Чекиров Жандарбек, Шайбеков Исмаилжан, жана Эгембердиева Бегайымдар бирдиктүү салык деларацияларын мыйзамдын талабына ылайык 2019-жылдын 1-апрелине чейин тпшырбастан, бүгүнкү күнгө чейин тактап айтканда 2019-жылдын ноябрь айын чейин тапшырышкан эмес.

    Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 45 сандуу “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашырылган эмес.      

    Жыйынтыгында Салам-Алик айылдык кенешинин төрагасы жана депутаттары муниципалдык кызмат адамы катары өздөрүнүн аракетсиздигинен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген 01.04.2019-жылга жана азыркы мезгил  2019-жылдын ноябрь айына чейин декларацияларын өз мөөнөнтүндө тапшырууга аракеттер жасабагандыгы болуп эсептелет”-деп билдирүү жасады.   

   Жыйында айылдык кенешинин депутаттары А.Абдуллаев, С.Бакыбаев, С.Кулмурзаев, З.Караева, Т.Калыбеков ж.б. депутаттар чыгып сүйлөшүп, мындан  ары кирешелери жана чыгашалары, мүлктөрү жөнүндө өз мөөнөтүндө декларация тапшырып туруу жагы, мыйзам бузууларга жол бербей иштеп, кайталабоосу үчүн ойлорун айтышты.

  Жогорудагы маселелерди талкуулап Салам-Алик айылдык  кенеши төмөндөгүдөй 

                                                ТОКТОМ  КЫЛАТ 

  1. Өзгөн райондук прокуратурасынын Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндөгү” Мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгын кароо жөнүндөгү 2019-жылдын 18-октябрындагы   № 11-166-а-19  сандуу ченемдик укутук актылардын бузулушун жоюу жөнүндөгү сунуш каты аткарууга алынсын жана бул иштер боюнча Өзгөн районунун прокурорунун жардамчысы Акматов Азиреттин мыйзамды аткаруу боюнча билдирүүлөрү эске алынсын.

 

  1. Көрсөтүлгөн мыйзам бузууларды жоюу, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган жана ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндөгү” Мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жогорудагы аталган депутаттарга эскертилсин.

 

 

       Салам-Алик айылдык

       Кенешинин төрагасы                                      А.Таштемиров

 

                                                            

 

                                                                                                     

                              Салам-Алик айыл Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз  жыйырма 

                                                                    үчүнчү  сессиясынын  

                                                                              ТОКТОМУ

                                                        

  10-декабрь 2019-жыл                             № 125                             Салам-Алик айылы

                                                                                                                                                             

                                                       Өзгөн аймактык шайлоо  комиссиясынын  

                                                       курамына иштөөгө талапкер көрсөтүү жөнүндө

 

    Деңизов Кубанычбек Усенович жогорку билимдүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда, шайлоо системасында көп жылдардан бери иштеп келе жатат, шайлоо мыйзамдарын жакшы билет. Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына иштөөгө сунушталат. Элдик жыйындын токтому чыккан.

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренсине ылайык жана  Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Д.Нышанбаевдин  билдирүүсүн угуп Салам-Алик айыл кеңеши  төмөндөгүдөй 

                                           ТОКТОМ  КЫЛАТ 

  1. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясына, Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына иштөөгө талапкерликке Кызыл-Чарба айылынын тургуну Деңизов Кубанычбек Усенович сунушталсын. 
  1. Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу Салам-Алик айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

                  Салам-Алик айылдык

                  Кеңешинин төрагасы                                   А.Таштемиров

 

 

                                                                    

 

                              Салам-Алик айыл Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз  жыйырма 

                                                                    үчүнчү  сессиясынын  

                                                                          ТОКТОМУ

                                                        

  10-декабрь 2019-жыл                      № 126                          Салам-Алик айылы

                                                                                                                                                          

                                                       Өзгөн аймактык шайлоо  комиссиясынын  

                                                       курамына иштөөгө талапкер көрсөтүү жөнүндө

 

    Рысалиева Сабира Турганбаевна жогорку билимдүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда, шайлоо системасында көп жылдардан бери иштеп келе жатат, шайлоо мыйзамдарын жакшы билет. Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына иштөөгө сунушталат. Элдик жыйындын токтому чыккан.

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренсине ылайык жана  Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Д.Нышанбаевдин  билдирүүсүн угуп Салам-Алик айыл кеңеши  төмөндөгүдөй 

                                           ТОКТОМ  КЫЛАТ 

  1. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясына, Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына иштөөгө талапкерликке Ак-Терек айылынын тургуну Рысалиева Сабира Турганбаевна сунушталсын. 
  1. Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу Салам-Алик айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

                  Салам-Алик айылдык

                  Кеңешинин төрөгасы                                   А.Таштемиров

 

                                                             

                              Салам-Алик айыл Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги  жыйырма 

                                                                   үчүнчү  сессиясынын 

 

                                                                            ТОКТОМУ                                                      

 

   27-декабрь 2019-жыл                         № 127                                  Салам-Алик айылы

                                                                                                    

                                                                   Салам-Алик айыл өкмөтүнүн борбордук  

                                                            административдик имаратын капиталдык

                                                            ремонттон өткөрүү жөнүндө

 

   «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана жалпы депутаттардын макулдугунун негизинде Салам-Алик айыл кеңеши  төмөндөгүдөй

 

                                                  ТОКТОМ  КЫЛАТ 

  1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн борбордук административдик имаратынын эскилиги жетип, капиталдык ремонттон өткөрүү талап кылынгандыгына байланыштуу Салам-Алик айыл өкмөтүнүн  салымы катары  2020-жылдын жергиликтүү бюджетинен эсебинен 469,5(төрт жүз алтымыш тогуз миң беш жүз) сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

 

  1. Токтомду көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана каржы тармактары боюнча туруктуу коммиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Салам-Алик айылдык

Кеңешинин төрагасы                                           А.Таштемиров

 

 

 

                                                               

 

            Салам-Алик айыл Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги  жыйырма 

                                                             үчүнчү  сессиясынын 

 

                                                                      ТОКТОМУ

 

   27-декабрь 2019-жыл                  № 128                                  Салам-Алик айылы

                                                                                                                                                         

                                                        Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жайыт маселесин  

                                                  жөнгө салуу жөнүндө

 

     Салам-Алик айылдык кеңешинин жалпы депутаттары башка жактан келген мал жандыктарды жайлоого киргизбөө талабын коюшту. Айыл өкмөтүнүн аймагында 5805 га жайыт бар, бул жайыт өзүбүздүн тургундарыбызга жетпейт, бизге 6300 га жайыт керектелет  Депутаттар жайлоону башка жактан келген малдар талкалап жаткандыгын баса белгилешип, айыл башчыларга башка жактан  мал-жандык алып келбөө боюнча иш алып баруу тапшырмасы берилди.

   «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана жалпы депутаттардын талабынын негизинде Салам-Алик айыл кеңеши  төмөндөгүдөй 

                                                  ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

  1. Жайыттарды экологиялык жана эрозиялык кубулуштардан сактоо, деградацияга учуратпоо, сууларды коргоо максатында Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыттарга башка жактан(сырттан) мал-жандык алып келип багууга уруксат берилбесин.
  2. Башка жактын мал-жандыктары кайсы айыл өкмөтүнө тиешелүү болсо, өздөрүнүн жайытына чыгаруу милдети Салам-Алик айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына тапшырылсын.
  3. Элдин малын баккан малчы-чабандар жаз мезгилинде15-апрелден кийин, жатакчылар 1-майдан кийин жайлоого көчүп чыгышсын.
  4. Элдин малын баккан малчы-чабандар күз мезгилинде 20-сентябрдан кийин, жатакчылар 10-сентябрдан кийин жайлоодон көчүп келишсин.

5.Токтомду аткаруу жагы бардык айыл башчыларга, Салам-Алик Жайыт комитетине жана мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.

  1. Токтомду көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин айыл, суу жана токой чарба тармактары боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

 

Салам-Алик айылдык

Кеңешинин төрагасы                                             А.Таштемиров    

 

 

 

                              Салам-Алик айылдык Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги  

                                                            жыйырма үчүнчү  сессиясынын  

                                                                                 ТОКТОМУ

                                                       

   27-декабрь 2019-жыл                    № 129                                Салам-Алик айылы

                                                                   

                                                          Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагына таза 

                                                        суу   муниципалдык ишканасын түзүү

                                                        жөнүндө.                                                                                                  

    Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-декабрындагы № 217-сунуш катын талкуулап жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-бөлүмүнүн 18-беренесинин 4-5-пунктуна,

4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 14-пунктуна жана 6-бөлүмдүн 47-беренесинин

5-пунктуна ылайык таза суу муниципалдык ишкана ачуу боюнча Салам-Алик айылдык кеңеши

                                                  ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

  1. Салам-Алик айыл аймагындагы калкты таза суу менен камсыз кылуу максатында ачылган Кызыл-Байрак айылындагы “Таза Суу”, Кош-Этер айылындагы “Азия-Булагы”, Салам-Алик айылындагы “Көктөндү”, Кызыл-Чарба айылындагы “Сары-Булак” аталыштардагы “Ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн аймактык коомдук бирикмелери” жоюлсун.
  2. Айыл аймагындагы бардык таза суу түтүкчөлөрүнүн материалдык-техникалык баалуулуктарын айыл өкмөтүндө атайын комиссия түзүп инвентаризация жүргүзүп, кароосуз калган таза суу түтүкчөлөрүн айыл өкмөтүнүн балансына алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Инашовко милдеттендирилсин.
  3. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагына таза суу боюнча муниципалдык ишкана түзүүгө уруксат берилсин.
  4. Аталаган муниципалдык ишкана “Салам-Алик аймактык таза суу муниципалдык ишкана” деп аталсын.
  5. Таза сууга болгон төлөмдөр короосунун ичине киргизгендер үчүн 100(жүз) сом, жолдогу колонкалардан пайдалангандар үчүн 50 (элүү) сом өлчөмүндө белгиленсин жана кырдаалага жараша өзгөртүүлөр киргизилсин.
  6. “Салам-Алик таза суу муниципалдык ишкана” түзүү үчүн керектүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Нуралиевага жүктөлсүн.
  7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин айыл чарба, жер, суу, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Салам-Алик айылдык

Кеңешинин төрагасы                                             А.Таштемиров

 

 

                                                       

 

 

           Салам-Алик айыл Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги  жыйырма 

                                                               үчүнчү  сессиясынын  

                                                                        ТОКТОМУ 

   27-декабрь 2019-жыл                    № 130                               Салам-Алик айылы

                                                                                                                                                                                                              

                                                       Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө

                                                       караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын  

                                                       алдындагы Калкты жана жарандык абалдын  

                                                       актыларын каттоо департаменти менен Салам-

                                                       Алик айыл   өкмөтүнүн ортосундагы түзүлгөн  

                                                       келишимди  бекитүү жөнүндө

 

   «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-жана 31-беренелерине ылайык жана  «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып жана Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Д.Нышанбаевдин билдирүүсүн угуп Салам-Алик айыл кеңеши  төмөндөгүдөй 

                                                  ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

  1. Айыл аймагында калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоону жеңилдетүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын  алдындагы Калкты жана жарандык абалдын  актыларын каттоо департаменти менен  Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишими бекитилсин (тиркеме).

 

  1. Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу Салам-Алик айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуукомиссиясына тапшырылсын. 

  

                  Салам-Алик айылдык

                  Кеңешинин төрагасы                                   А.Таштемиров

         

Жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарына айрым   мамлекеттик       

                            ыйгарым  укуктарды берүү жөнүндө  

                                         № 4- КЕЛИШИМ                             20.01.2020-жыл

 

                          Келишимдин тараптары

1.1.                           Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик   каттоо    кызматынын     алдындагы      Калкты            жана          жарандык        абалдын          актыларын           каттоо              департаменти, мындан                ары            “Департамент”              деп         аталуучу,              Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн   2013-жылдын   30-майындагы   № 304 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө  караштуу  Мамлекеттик   каттоо        кызматынын          алдындагы                Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти жөнүндө жобонун жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 238 ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө буйругунун негизинде аракеттенген директор М.К.Пратованын атынан, бир тараптан, жана Салам-Алик айыл өкмөтү  мындан ары “жергиликтуу өз алдынча башкаруунун   аткаруучу органы” деп аталуучу, Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы Инашов Эдилбек Султанбекович экинчи тараптан, мындан ары “Тараптар” деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жарандык абалдын актылары жөнүндө”, “Жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарына айрым   мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тартиби жөнүндө” мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 токтому менен бекитилген жобону жетекчиликке алуу менен төмөнкүлөр жөнүндө ушул келишимди түзүштү.

 

2.     Келишимдин негизи

2.1.        Департамент Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014- жылдын 19-декабрындагы № 715 "Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге бериллүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын                            бекитүү жөнүндө"токтомуна ылайык Салам-Алик айыл өкмөтүнө  төмөнкүдөй мамлекеттик ыйгарым укуктарды берет:

- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алмаштырууга документтерди кабыл алуу, ошондой эле даярдалган паспортту беруу;

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун алмаштырууга документтерди кабыл алуу, ошондой эле жекелештирилген жалпы жарандык паспортту берүү;

-      жарандарды жашаган жери жана барган жери боюнча каттоо;

-          баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо, ошондой эле туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү;

-          никелешүүнү  мамлекеттик каттоо, ошондой эле  никелешуу тууралуу күбөлүк беруу;

-      өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо, ошондой эле өлгөндүгү тууралуу күбөлүк беруу;

-      аталыкты аныктоону мамлекеттик каттоо, ошондой эле аталыкты аныктоо тууралуу күбөлүк беруу;

-      “балага суйунчу  бир жолку төдөмгө арыздарды кабыл алуу.

2.2 Салам-Алик айыл өкмөтү  жогоруда аталган берилуучу мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууга алат.

 

                       3.  Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө мамлекеттик 

                             органдын укуктары жана милдеттери

 

3.1.            Департамент жергиликтуу өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына өзүнүн ыйгарым укуктарын берүүө  төмөнкүдөй укуктарга ээ:

-          берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан ишке ашырылышын, ошондой эле ушул максаттарга берилген материалдык жана башка каражаттардын пайдаланылышын контролдоого;

-          берилген мамлекеттик  ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселелери боюнча аткарылууга милдеттуу актыларды өзүнүн компетенциясынын чегинде кабыл алууга;

-          берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун жүрүшүндө жергиликтуу өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан жол берилген бузууларды жоюу боюнча кат жүзүндө сунуштарды берүүгө;

-          жергиликтуу өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга байланышкан маалыматтарды, материалдарды жана документтерди суроого;

-      берилген  мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жана материалдык, финансылык жана башка каражаттарды колдонуунун жыйынтыгы жөнунде маалыматтарды беруу учун жергиликтуу оз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын отчетторунун

-      берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу учун жергиликтуу оз алдынча башкаруунун аткаруучу органына откоруп

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

берилген, максаттуу багытта колдонулбаган каражаттарды белгиленген тартипте өндүрүп алууга;

-        ушул Келишимде жана “Жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды беруу тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген учурларда жана тартипте Мамлекеттик ыйгарым укуктарды беруу жөнүндө келишимди мөөнөтүнөн мурда бузууну демилгелөөгө.

3.2.            Департамент өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө милдеттуу:

-        берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну камсыздоого багытталган материалдык жана башка каражаттарды өз убагында жана толук көлөмдө өткөрүп берүүгө;

-     жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына усулдук уюштуруучулук, консультациялык жана башка жардам көрсөтүүгө, жергиликтүү  өз алдынча башкаруунун аткаруучу органын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл укуктук, техникалык жана башка документтер менен камсыздоого;

 

-              берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу жүктөлгөн  адистердин квалификациясын жогорулатуу максатында бир жылда эки жолкудан кем эмес окуу өткөрүүгө;

-        берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын жана өткөрүп берилген материалдык жана башка каражаттардын максаттуу колдонулушун контролдоого;

Келишимдин 1-тиркемесине ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктарды ерүү боюнча иштерди камсыздоого.

 

4.        Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда  

            жергиликтуу өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын 

                                           укуктары жана милдеттери

жана милдеттери

 

4 1. Салам-Алик айыл өкмөтү берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда төмөнкүлөргө укуктуу:

-        берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн каралган материалдык жана башка каражаттардын өз убагында жана толук көлөмдө өткөрүп берилишин талап кылууга;

-        берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн Департаменттен усулдук, уюштуруучулук, консультациялык жана башка жардам алууга, ошондой эле зарыл укуктук, техникалык жана башка документтерди алууга;

берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууда жол берилген бузууларды жоюу боюнча Департаменттин кат жүзүндөгү сунуштарына

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

соттук тартипте даттанууга;

- ушул Келишимде жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген учурларда жана тартипте Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди мөөнөтүнөн мурда бузууну. демилгелөөгө.

 

 4.2.  Салам-Алик айыл өкмөтү берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда төмөнкүлөргө милдеттүү:

-      Келишимге жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга;

-      берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткаруу үчүн өткөрүп берилген материалдык, финансылык жана башка каражаттардын максаттуу колдонулушун камсыздоого;

-      берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жана берилген материалдык, финансылык жана башка каражаттарды колдонуу бөлүгүндө мамлекеттик орган тарабынан тоскоолдуксуз текшерүү жүргүзүлүшү үчүн шарттарды камсыздоого;

-      квалификацияны жогорулатуу учун мамлекеттик орган тарабынан өткөрүлүүчү окууга жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адистеринин катышуусун камсыздоого;

-          берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууда жол берилген бузууларды жоюу боюнча мамлекеттик органдардын кат жүзүндөгү эскертүүлөрүн аткарууга;

-      ай сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 10-күнүнө чейин Департаментке учурдагы айга каржылоого Келишимдин 2-тиркемесине ылайык ведомстволук табыштама берүүгө;

-      ай сайын, квартал сайын, жарым жылдын жана бир жылдын негизинде берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жыйынтыгы жөнүндө Департаменттин жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо аймактык бөлүмүнө (мындан ары - Департаменттин ЖААККПКБсы) Келишимдин 3- тиркемесине ылайык отчет берүүгө;

-      ай сайын, квартал сайын, жарым жылда, жылдын аягында берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттарды пайдалануу жөнүндө Департаменттин аймактык ЖААККПКБсына Келишимдин 4-тиркемесине ылайык материалдык отчет берүүгө;

-      жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынорганынын адиси болбогон учурда (ооруп калуу, ергууде болуу, окууга баруу ж.б.) өз ара алмаштырууну камсыздоого;

-          берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу 

- мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн ага  өткөрүп  берилген, колдонулбаган материалдык жана башка каражаттарды кайтарып берүүгө;

Келишимдин 1-тиркемесине ылайык ыйгарым укуктарды беруу боюнча иштерди камсыздоого.

 

 

5. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтуу өз алдынча башкаруунун аткаруучу  органынын адиси

5.1.            Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындалган жана кызматтан бошотулган муниципалдык кызматкер болуп саналат.

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтуу өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат. 

-Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси даярдалган паспортторду жана жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча так отчеттуулук бланктарын жоготкондугу, бузгандыгы үчүн толук өлчөмдө материалдык жоопкерчилик тартат.

Документ жоголгон же бузулган учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси тарабынан арыз ээсине келтирилген зыян документтерди кайра калыбына келтируу чыгымдарынын наркынын өлчөмүндө Департаментке төлөнөт;

Жогоруда аталган учурларда арыз ээсине, Департаментке келтирилген зыянга төлөө өз ыктыяры менен же Кыргыз Республикасынын азыркы мыйзамдарында белгиленген тартипте соттун чечими менен жүргүзүлөт.

5.2.            Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарына  ылайык  жеке жоопкерчилик тартат:

-       жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартибин регламенттеген Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган талаптарга ылайык жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча берилген документтерди кабыл алуу, алардын аныктыгы жана түп нускалыгы үчүн;

-  туулгандыгын, аталыкты аныктоону, никелешүүнү өлгөндүгүн каттоо боюнча арыздарды толтуруу үчүн, ошондой эле туулгандыгы тууралуу, никелешүү тууралуу, өлгөндүгү тууралуу, аталыкты аныктоо тууралуу күбөлүктөрдү берүү  үчүн;

-       туулгандыгы, аталыкты аныктоо, никелешүү, өлгөндүгү жөнүндө

 

 

актылык жазууларды толтуруу үчүн, ошондой эле туулгандыгы тууралуу, никелешуу тууралуу, өлгөндүгү   тууралуу, аталыкты  аныктоо тууралуу күбөлүктөрдү берүү үчүн;

  • Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алмаштырууга документтерди кабыл  алуу, алардын аныктыгы   жана түп нускалыгы үчүн, ошондой эле даярдалган паспортту берүү үчүн;
  • Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун алмаштырууга документтерди кабыл алуу, алардын аныктыгы жана туп нускалыгы     үчүн, ошондой эле     жекелештирилген жалпы жарандык паспортту берүү үчүн;
  • жарандарды жашаган жери жана барган жери боюнча каттоо үчүн;
  • “балага сүйүнчү” арыздарын каттоо үчүн;
  • Арызээлеринин арыздардагы колунун аныктыгы жана жарандык абалдын актыларын жазуунун эки нускасы үчүн;
  • арыз ээсинин жеке өзүнүн катышуусусуз кабыл алгандыгы үчүн;
  • арыз ээси тарабынан ким экендигин ырастоочу документ берилбестен документтерди кабыл алгандыгы үчүн;
  • “ЖААК” АМСте документтерди өз убагында жана туура тариздөө, актылык жазууларга ылайык күбөлук берүү учун;
  • арыз ээси тарабынан документтердин түп нускалары берилбестен документтерди кабыл алгандыгы үчүн;
  • жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарын сактоо үчүн;
  • актылык жазуулар жана жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктары боюнча отчеттуулукту өз убагында берүү үчүн.

Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси төмөнкүлөргө укуктуу:

 

 

  • кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн зарыл маалыматтарды, документтерди жана башка материалдарды белгиленген тартипте суроого;
  • берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн каралган материалдык жана башка каражаттарды өз убагында жана толук көлөмдө өткөрүп берүүнү талап кылууга;
  • арыз ээсинде ИЖН болбогон же туура эмес, кош ИЖН болгон учурда бардык иш-аракеттерди токтотууга жана Департаменттин аймактык ЖААККПКБсына кайрылуу зарылдыгы жөнүндө арыз ээсине билдируугө;
  • жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча квалификациясын жогорулатууга (окууга);
  • берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн Департаменттен усулдук, уюштуруучулук, консультациялык жана башка жардам алууга, ошондой эле зарыл укуктук, техникалык жана башка документтерди алууга;
  • эгер арыз ээси тарабынан берилген документтер тизмекке туура келбесе, тизмекке ылайык документтерди беүүнү сунуштоого.

 

 

 

 

 

берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтуу оз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси төмөнкүлөргө милдеттуу:

-    жеке маалыматтардын сакталышын жана аныктыгын, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген тартипте ага жетуу режимин камсыздоого;

-    Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жеке маалыматтардын купуялуулук режимин камсыздоого;

“Инфоком” МИ КБнын Регламентинин Кошулуу жөнүндө макулдашуусуна ылайык электрондук кол тамганын сакталышын камсыздоого;

-    берилген документтерден оёдоололр жана жасалмалоо белгилери аныкталган учурда, бул жөнүндө Департаменттин аймактык бөлүмүнүн жетекчилигине, ошондой эле ички иштер органдарына тез арада билдирүүгө милдеттүү.

Мындай учурда жасалмалоо белгилерин сыпаттоо менен үч нускада эркин формада акт түзүлөт, анын бири бир иш күндүн ичинде Департаменттин аймактык бөлүмдөрүнө жайгашкан жер боюнча ички иштер органдарына жиберилет, экинчиси - Департаменттин аймактык бөлүмдөрүндө калат, учунчусу - арыз ээсине берилет. Оёдоо же жасалмалоо белгилери аныкталган документтерди берген арыз ээсине анкета-арызды тариздөө үчүн  документтерди кабыл алуу маселеси ички иштер органдары тарабынан акыркы чечим чыккандан кийин чечилет.

Ушул Келишимде каралбаган жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык колдонулат.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

6.        Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө  жергиликтүү өалдынча башкаруунун аткаруучу органын финансылык, материалдык жана башка каражаттар менен камсыздооБерилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу учун жергиликтуу ез алдынча башкаруунун аткаруучу органына зарыл финансылык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан республикалык бюджеттен жергиликтуу бюджетке берилуучу максаттуу трансферттер (субвенциялар) формасында жүргүзүлөт.

6.1.            Берилген мамлекеттик ыйгарым  укуктарды ишке ашыруу үчүн тийиштуу финансылык жылга максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмүн эсептөө Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 токтому менен бекитилип берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге бериллүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасынын негизинде жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 токтому менен бекитилген Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым

 

 

 

 

укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасына ылайык ушул Келишимдин 9.2-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөтко

 белгиленген максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) суммасы Келишимге тиркелет жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

6.2.            Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы берилген мамлекеттик        ыйгарым    укуктарды ишке ашыруусу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмү  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын эсебине түшөт жана кезектеги финансылык жылга жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгымдар түзүмүндө чагылдырылууга тийиш.

6.3.            Максаттуу трансферттердин (субьвенциялардын) жалпы көлөмү төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт:

-     жергиликтуу өз  алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адисинин эмгек акысын;

-     берилуучу ыйгарым укуктарды аткарууга кеткен чыгымдарды: иш сапардын чыгымдарын, Интернет тармагынын кызмат көрсөтүүсүн, кеңсе буюмдарын.

6.4.            Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу учун зарыл материалдык каражаттар Департамент тарабынан кабыл алуу өткөрүп берүү актысынын негизинде жергиликтүү  өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына убактылуу колдонууга өткөрүп берилет.

6.5.            Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн өткөрүп берилүүчү материалдык каражаттар, чарба ишин жүргүзүү    бөлүгүндө (жабдуулар, обьекттер, техника ж.б.), алар макулдашуу комиссияларында каралып, колдонууга жарактуулугу аныкталгандан кийин өткөрүп берилүүго тийиш.

Макулдашуу комиссиясы мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын өкүлдөрүнүн паритеттик башталышта түзүлөт.

6.6.            Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына өткөрүп берилүүчү материалдык каражаттардын тизмеги Тараптардын макулдашуусу менен аныкталат.

6.7.            Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына өткөрүп берилүүчү материалдык каражаттарды колдонуу тартиби Департамент тарабынан аныкталат.

 

Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар 1 шаттык бирдикте жергиликтүү өз  алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси тарабынан ишке ашырылат.

 

 

 

7.        Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча

жергиликтуу өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын
отчеттуулук формасы жана мезгилдүүлүгү

7.1.            Жергиликтуу өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы Департаменттин аймактык ЖААККПКБсына төмөнкүлөрдү берүүнү камсыздайт:

-     ай сайын 10-күндөн кечиктирбестен учурдагы айга каржылоого ведомстволук табыштаманы Келишимдин 2-тиркемесине ылайык;

-     ай сайын 5-күндөн кечиктирбестен берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жыйынтыгы жөнүндө отчетту Келишимдин 3- тиркемесине ылайык;

-     ай сайын, квартал сайын, жарым жылда бир жолу, жылдын аягында 4-күндөн кечиктирбестен берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттарды колдонуу жөнүндө финансылык отчетту мамлекеттик орган тарабынан бекитилген жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы менен макулдашылган   форма боюнча Келишимдин 4-тиркемесине ылайык.

 

8. Мамлекеттик органдын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын

аткарылышын контролдоо тартиби

8.1.            Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын контролдоо (мындан ары - контролдоо) Келишимдин талаптарын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо максатында жүргүзүлөт.

8.2.            Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын контролдоону Департаменттин аймактык ЖААККПКБсы жүргүзөт.

8.3.            Департаменттин аймактык ЖААККПКБсы:

-     аныкталган бузууларды жоюу жөнүндө сунуштарды жиберүү укугу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын толук жана сапаттуу ишке ашырылышын контролдойт;

-     жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга берилуучу материалдык каражаттардын максаттуу колдонулушун текшерет;

-     берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чөйрөсүнө кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын, айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө калкты каттоо, жарандык абалдын актыларын каттоо маселелери боюнча иш регламентинин, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан алардын ишке ашырылышы боюнча усулдук көрсөтмөлөрдүн аткарылышын контролдойт;

Келишимде каралган учурларда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктарды

 

 

ишке ашырууну токтотуу жана ушул Келишимди бузуу жөнүндөгү   сунуштарды даярдайт жана жогоруда турган органга киргизет.

8.4.            Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан ишке ашырылышын контролдоону Департамент төмөнкүчө  жүргүзөт:

-    Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын ишин, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алар тарабынан ишке ашырылышы бөлүгүндө  координациялоо;

-    Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынан мыйзамда же берүү  жөнүндө келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттө берилген мамлекеттик     ыйгарым  укуктарды аткаруунун жыйынтыгы жөнүндөгү отчетторду кабыл алуу;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын ишин, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алар тарабынан ишке ашырылышы жана мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга өткөрүп берилген каражаттардын колдонулушу бөлүгүндө текшерүү  жүргүзүү;

-    Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселелери боюнча сунуштарды берүү;

-    Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан кабыл алынуучу чечимдерди мыйзамдуулугу жана максаттуулугу жагынан баалоо.

 

9.        Келишимдин күчүнө  кирүү тартиби жана колдонуу мөөнөтү

9.1.             Ушул Келишим жергиликтуу өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилүүгө тийиш жана жергиликтүү  кеңеш тарабынан Келишим бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет.

9.2.            Ушул Келишим 01.01.2020-жылдан  тартыл 31.12.2020-жылга                                                       

чейин колдонулат.

Эгер ушул Келишимди колдонуу мөөнөтү  аяктагандан кийин эки Тарап      тең Келишимди бузуу жөнүндө  билдирбесе, анда анын колдонуу мөөнөтү ошол эле мөөнткө жана ошол эле шарттарда автоматтык түрдө узартылат.

9.3.             Ушул Келишим     үч   нускада  түзүлдү   жана алар бирдей юридикалык    күчкө ээ: ар бир Тарап   үчүн бир нускадан жана бир нускасы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берилет.

10.    Келишимдин шарттарын өзгөртүү

10.1.        Тараптардын макулдашуусу менен Келишимге өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет.

10.2.        Келишимге киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор

 

 

 

Жергиликтүү өз  алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилүүгө тийиш.

  1. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну токтотууга негиздер жана токтотуу тартиби
    • Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруусу төмөнкүдөй учурларда токтотулушу мүмкүн:
  • Келишимдин колдонуу мөөнөтүнүн аякташы;
  • Келишимди жараксыз деп таануу жөнүндө соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши;
  • жергиликтүүөз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруусу үчүн республикалык бюджетте кезектеги финансылык жылга трансферттердин (субвенциялардын) жоктугу;
  • ушул Келишим боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды андан ары ишке ашыруу мүмкүндүгүн жойгон ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы;
  • мамлекеттик органдын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды өз алдынча ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алышы (келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуу);
  • жергиликтүүөз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын ушул Келишимде жанаже “Жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген учурларда жана тартипте берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруудан баш тартуусу (келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуу).
    • Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу Департаменттин же жергиликтүүөз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын демилгеси менен мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
    • Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруусун мөөнөтүнөн мурда токтотуунун шарттары болуп төмөнкүлөр саналат:
  • мамлекеттик орган тарабынан жергиликтүүөз алдынча башкаруунун аткаруучу органын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл финансылык, материалдык жана башка каражаттар менен камсыздоо мүмкүн эместиги;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына    көз   карандысыз себептер менен берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу мүмкүн эместиги;
  • берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жана (же) ишке ашыруу шарттарын өзгөрткөн ченемдик укуктук актыны кабыл алуу.
    • Департаменттин берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну мөөнөтүнөн мурда токтотуусунун шарттары болуп төмөнкүлөр

 

 

 

      

-     Департамент тарабынан жергиликтүү оз алдынча башкаруунун

аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды андан ары ишке  ашыруусун, анын ичинен алардын  аткарбагандыгынан  же тийиштүү  ишке ашырбагандыгынан максатсыз деп таанылышы;

-     Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн алынган материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максатсыз колдонуусу, эгер ушул бузуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруусун оордоткон шарттарды түзсө;

-     берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жана (же) ишке ашыруу шарттарын өзгөрткөн ченемдик укуктук актыны кабыл алуу.

11.5.        Тараптардын биринин демилгеси менен берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, токтотууну демилгелеген Тарап берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуунун болжолдуу датасына чейин 15 иш күн мурда экинчи Тарапка жазуу жүзүндө билдирүү жиберүүгө милдеттүү.

11.6.        Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө билдирүүнү алган Тарап аны 15 иш күндүн ичинде кароого милдеттүү жана билдирүүнү кароонун жыйынтыгы жөнүндө экинчи Тарапка маалымдоого тийиш.

Экинчи Тарап билдирүүгө макул болгон учурда, Тараптардын макулдашуусунун негизинде берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу токтотулат.

11.7.        30 иш  кундун           ичинде билдирүүнү кароонун жыйынтыгы жөнүндө жазуу түрүндө жооп болбогон учурда же экинчи Тарап берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотууга макул болбогон учурда, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселе соттук тартипте чечилет.

11.8.        Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, аларды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына өткөрүп берилген, колдонулбаган материалдык жана финансылык каражаттар берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу токтотулган күндөн тартып 15 иш күндүн ичинде мамлекеттик органга кайтарылууга тийиш.

11.9.        Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну каржылоо ушул Келишимде каралган келемде, тартипте жана мөөнөттө токтотулган учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотууга укуктуу жана бул женунде 15 иш кундун ичинде Департаментке жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жазуу жүзүндө билдирет.

 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын

 

берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруусу токтотулган күндөн тартып жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берген мамлекеттик орган аны аткарууга тийиш.

 

11.10.    Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды андан ары аткарууну токтотуу, токтото туруу жана аткаруудан баш тартуу жөнүндө чечими жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилет.

12.    Тараптардын жоопкерчилиги

12.1.        Келишимдин шарттарын тийиштүү аткарбагандыгы, укук бузгандыгы же материалдык жана моралдык зыян келтиргендиги үчүн Тараптар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартышат.

12.2.        Айыл өкмөттүн башчысы берилген мамлекеттик ыйгарым   укуктарды тийиштуу аткарууну уюштуруу, өткөруп берилген материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максаттуу колдонуу жана ушул Келишимдин жоболорун так аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

13.                     Талаш-тартыштарды чечүү тартиби

13.1. Ушул Келишимди аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан бардык талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер Тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөр аркылуу же соттук тартипте чечилет.

4. Тараптардын дареги жана колу  ЖӨБ органы

 

Департамент

Кыргыз                    Республикасынын                    

өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик                           Салам-Алик айыл өкмөтү
каттоо кызматынын алдындагы                           эсептешүү счету 4407021001001791
Калкты жана жарандык абалдын                         БИК  440702
актыларын каттоо департаменти                         ИНН 02207200410099
Бишкек ш., Киев кечесу, 58                                    ОКПО  23628391
(312) 66 61 20, факс (312) 66 23 29

 

 ________________ М.Пратова                   __________________Э.Инашов                      

 

 

                                                            

 

 

                    Салам-Алик айыл Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги  жыйырма 

                                                                      үчүнчү  сессиясынын 

 

                                                                              ТОКТОМУ

 

   27-декабрь 2019-жыл                          № 131                              Салам-Алик айылы

                                                                                                                                                                                                              

                                               ПРЖ-2 долбоорунун алкагында курулган Кара-Шоро 

                                               жайлоосундагы Эчки-Тал участкасындагы Жазы 

                                               дарыясына курулган көпүрөгө ысым ыйгаруу жөнүндө

 

   «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана Өзгөн районунун жайыт пайдалануучулар бирикмесинин ассоцияциясынын жаңы көпүрөгө ысым ыйгаруу жөнүндөгү 2019-жылдын 18-июлундагы протоколуна ылайык Салам-Алик айыл кеңеши 

 

                                               ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

  1. Кара-Шоро жайлоосундагы Эчки-Тал участкасындагы “Жазы” дарыясына жаңы курулуп, пайдаланууга берилген көпүрөгө “Кырабек” деген ысым ыйгарылсын жана ал көпүрө “Кырабек” атындагы көпүрө деп аталсын.

 

  1. “Кырабек” атындагы көпүрөгө тиешелүү документтерди бүткөрүү жагы Өзгөн райондук жайыт пайдалануучулар бирикмесинин ассоцияциясынан суралсын.

 

  1. Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу Салам-Алик айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуу

комиссиясына тапшырылсын.

 

 

                  Салам-Алик айылдык

                  Кеңешинин төрагасы                                   А.Таштемиров

                               

 

 

                                                         

 

 

           Салам-Алик айыл Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги  жыйырма 

                                                                    үчүнчү  сессиясынын 

 

                                                                      ТОКТОМУ

 

   27-декабрь 2019-жыл                  № 132                                   Салам-Алик айылы

                                                                                                                

                                            Салам-Алик айыл аймагынын тургундарына

                                            Салам-Алик айыл  аймагынын «Ардактуу атуулу» 

                                            наамын ыйгаруу  жөнүндө

 

  Салам-Алик айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Типтүү уставынын 31-беренесине ылайык, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана жалпы депутаттардын макулдугунун негизинде Салам-Алик айыл кеңеши   

                                        ТОКТОМ  КЫЛАТ 

  1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө чоң салым кошкондугу, элге эмгегин арнап, үзүрүлүү эмгектенгендиги, эл арасында кадыр-баркы, кесиптик чеберчилиги менен эмгеги сиңген төмөндөгү атуулдарга Салам-Алик айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын:

 

-Нышанбаев Дуйшебай  -15 жаш айылынын тургуну, Салам-Алик айылдык 

                                               Кеңешинин жана айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы;

-Маматсаков Рахман       -Кызыл-Чарба айылынын тургуну, жеке ишкер;

-Жумабаев Садырбек      -Кызыл-Чарба айылынын тургуну, ардагер мугалим;

-Аттокуров Алмаз            -Кызыл-Чарба айылынын тургуну, М.Сагынова 

                                              атындагы орто мектебинин директору;

 

  1. Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу Салам-Алик айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

                  Салам-Алик айылдык

                  Кеңешинин төрагасы                                   А.Таштемиров

 

                                                           

 

                  Салам-Алик айыл Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги  жыйырма 

                                                                         үчүнчү  сессиясынын  

                                                                                 ТОКТОМУ

 

   27-декабрь 2019-жыл                      № 133                                  Салам-Алик айылы

                                                                                                             

                                            Салам-Алик айыл өкмөтүнүн кээ бир маселелерин 

                                            чечүү  жөнүндө

 

   «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана жалпы депутаттардын макулдугунун негизинде Салам-Алик айыл кеңеши  

                                        ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

  1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жайыт комитети Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2”долбоорнунун алкагында мал жайууга жарактуу жайыт жерлерин жамааттык карталаштыруу иштерин Салам-Алик айыл аймагында өткөрүүгө макулдук берилсин жана карталаштыруунун жыйынтыгы  бекитилсин.
  2. Жасалган проект боюнча горный отводко 5,04 га, ал эми земельный отводко 10,66 га, бардыгы 15,7 га жерди убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндөгү “Жазы” акционердик коомунун 2019-жылдын 19-ноябрындагы № 43 кайрылуу каты күн тартибинин кароосунан алынсын.
  3. Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Кош-Этер айылындагы маданият клубун бала-бакча которуу иштерин жүргүзүү Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
  4. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы шайлоо өтүүчү шайлоо участкаларынын обьекттерине майыптар үчүн пантус орнотууну Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
  5. Айыл мектептеринде иштеп жаткан жаш мугалимдерге социалдык жактан жеңилдиктерди берүү жөнүндөгү Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн жана Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин 2019-жылдын 5-декабрындагы № 80-кайрылуу катына ылайык ар бир жаш мугалимге бир жолу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 5,0(беш миң) сом бөлүнүп берилсин.
  6. Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу Салам-Алик айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

 

 

 

                  Салам-Алик айылдык

                  Кеңешинин төрагасы                                   А.Таштемиров

 

 

                                                          

 

                    Салам-Алик айыл Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги  жыйырма 

                                                                         үчүнчү  сессиясынын  

                                                                                ТОКТОМУ

 

   27-декабрь 2019-жыл                  № 134                                  Салам-Алик айылы

                                                                                                    

                                            Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата 

                                            жергиликтүү  бюджетинин киреше жана чыгаша  

                                            бөлүктөрүн бекитүү жөнүндө

 

    Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин  102-117-беренелерине жана     финансы,экономика,бюджет,экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары маселелери боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан Салам-Алик  айыл өкмөтүнүн   2020-жылга   жергиликтүү бюджеттин аткарылышын  алдын ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде   Салам-Алик айылыдык кеңеши  

                                        ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

  1. 2020-жылга Салам-Алик айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелери жана чыгашалары

    12 774 500 сомго бекитилсин.

 

2.Айыл өкмөтүнүн 2020-2022-жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү    

бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда  

     такталууга жатаары белгиленсин.

 

  1. 2020-жылга чегерүүлөрдүн чечимдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин:

        а). жалпы мамлекеттик салыктын түшүүлөрдөн:салык агенттиги тарабынан  

             төлөнүүчү киреше салыгы айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине 85 пайыз  

             өлчөмүндө;

        б).  сатуулардан түшкөн салык айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине 25 пайыз

              өлчөмүндө;

        в).  ыктыярдуу патент негизиндеги салык, милдеттүү патенттөө негизиндеги

              салык, бирдиктүү салык-айыл аймагынын жергиликтүү   бюджетине 100 пайыз 

              өлчөмүндө;

         г). жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык (роялти),стратегиялык пайдалуу

              кендерди  (алтын,мунай зат,газ)кошпогондо кендерди иштеп чыгуу жери боюнча

              айыл аймагынын жергилитүү бюджетине 50 пайыз өлчөмүндө.

         д). жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйым айыл аймагынын  

              бюжетине 7 пайыз өлчөмүндө;

         е). жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүү 

              кендерди иштеп чыгуу жери боюнча  айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине  

              20 пайыз өлчөмүндө;

 

  1. Жергиликтүү салыктардан жана салыктык эмес жыйымдардан түшүүчү жергиликтүү

     бюджеттердин кирешелери башка деңгээлдеги бюджетке алынууга жатпасын.

 

  1. Мыйзамдарда каралган ыйгарым укуктардын чектеринде,жер салыгы боюнча базалык

     ставкаларды же коэфиценттерди жогорулатуу боюнча жергиликтүү өз алдынча  

     башкаруу органдары тарабынан чечимдерди кабыл алуунун эсебинен жергиликтүү    

     бюджеттердин кирешесин көбөйтүүсү  2019-жылдын 28-ноябрындагы Кыргыз  

     Республикасынын  Жогорку  Кеңеши тарабынан кабыл алынган  Мыйзам менен 2020-

     2022-жылдарга теңөөчү гранттардын өлчөмдөрүн өзгөртүү үчүн негиз болуп  

     саналбасы белгиленсин.

 

  1. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине  ылайык   айыл

       өкмөтүнүн резервдик фондунун өлчөмү тиешелүү жергиликтүү бюджеттин

       чыгашаларынын 1 пайызынан ашык эмес өлчөмүндө бекитилсин.

 

  1. Айыл өкмөтүнө  2020-2022-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин  чыгашаларын

      каржылоо  биринчи кезекте  корголгон беренелерге (эмгек акы,социалдык фондго  

      чегерүү,тамак-аш,дары-дармек жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга

      чегерүүлөр),комуналдык кызматтар (электр энергия,көмүр,суу) жумшалсын.

 

  1. Айланма кассалык калдык (оборотный кассовой наличность) айыл өкмөтүнүн   

      бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаты 2020-жылдын 1-январына  

      карата 5000 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.

 

  1. Салам-Алик  айыл  аймагы тоолуу,шарты катаал,табигый кырсыктар коркунучу бар

      жерде жайгашкандыктан табийгат кырсыктарын алдын алууга, калктын аярлуу  

      катмарына, майыптарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, социалдык ооруларга жана

      башка социалдык маселелерди чечүүгө, Улуу Ата Мекендик согуштун

      ардагерлерине, энелер күнүнө, согуш мезгилинде тылда кызмат кылгандарга, Баатыр

      энелерге, Ооганчыларга, Баткен коогалаңынын катышуучуларына жардам берүү үчүн

      акча каражаттары каралсын.

 

  1. Айылдык кеңештин иш аракеттерин жана иш кагаздарын жүргүзүү (токтомдорду

       юстициядан каттоодон өткөрүү, маалымат каражаттарына жарыялоо, интернет

       байланышына ж.б.) үчүн акча каражаты каралсын.

 

  1. Айыл өкмөтүнүн инфраструктурасын өнүктүрүү максатында жазылган долбоорлорду

       ишке ашырууга багытталган иш-чараларга жана өздүк салымдарды кошууга

       керектелген каражаттарды каржылоо айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржыланаары

       белгиленсин.

 

  1. Айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигинен сырткары убактылуу келишимдик негизде

      иштеген кызматчылардын эмгек акыларын төлөп берүү  жергиликтүү бюджеттин

      эсебинен жүргүзүлсүн.

 

  1. Айыл аймагында жаңыдан курулуп бүткөн “Ризван”, “Азада -Эне”, “Аят -Эне”,

      “Жамбы-Апа”, “Касыйда-Апа”жана “Жаш Жеткинчек” балдар бакчасында  

      тарбияланган балдардын тамак ашына ,балдар бакчасынын коммуналдык  

      кызматтарына (электр энергия,көмүр),  жана башка керектүү жабдыктарына

      жергиликтүү бюджеттен ачка  каражаты каралсын.

 

  1. Ата энелерден балдардын взносуна 600 олчомундо чогултулуп атайын каражат

 

       эсебинен  бала-бакчалардагы балдардын тамак ашына жана ар кандай чыгымдарына   

       каржылансын.

 

  1. Айыл мектептеринде иштеп жаткан жаш мугалимдерге социалдык жактан

      жеңилдиктерди берүү жөнүндөгү Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн жана  

      Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин  

      2019-жылдын 5-декабрындагы № 80-кайрылуу катына ылайык ар бир жаш  

      мугалимге бир жолу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 5,0(беш миң) сом   

      бөлүнүп берилсин.

 

  1. Токтом кабыл алынып бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин

      финансы, экономика, бюджет, экономикалык  жактан өнүгүүнүн болжолдуу 

      багыттары маселери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

 

 

 

                  Салам-Алик айылдык

                  Кеңешинин төрагасы                                   А.Таштемиров

 

                                       

 

 

                      Салам-Алик айыл Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги  жыйырма 

                                                                         үчүнчү  сессиясынын 

 

                                                                               ТОКТОМУ

 

   27-декабрь 2019-жыл                     № 135                                 Салам-Алик айылы

                                                                                                    

                                                      Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу 15 жаш  

                                                      айылына эстелик үчүн жер тилкесин бөлүп берүү  

                                                      жөнүндө

 

    “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана Салам-Алик айылдык кеңешинин жалпы депутаттарынын макулдугунун негизинде   Салам-Алик айылдык кеңеши 

 

                                        ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

  1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 15 жаш айылындагы Жолдошбек Примкулов атындагы орто мектебинин аймагында жайгашкан Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон эстеликтин жанына аскердик техниканыын эстелигин орнотуу үчүн 25 м. кв. жер тилкеси бөлүнүп берилсин.

 

  1. Жерди бөлүп берүү жана тиешелүү документтерди даярдап берүү Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин айыл чарба, жер, суу, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

                  Салам-Алик айылдык

                  Кеңешинин төрагасы                                   А.Таштемиров

 

 

 

 

 

 

p class=params-