Салам-Алик айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз

VII сессиясынын

 ТОКТОМУ

2021-жылдын 24-ноябрындагы              № 32                                Салам-Алик айылы

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-айына карата жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

1.Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102-117-беренелерине ылайык жана финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 12-айына карата жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө Салам-Алик айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 12 айына карата жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн ЖКХ бөлүкчөсүнө 47 500,00 (Кырк жети миң беш жүз) сом, башкаруу апарат бөлүкчөсүнө 9000,00 (Тогуз миң) сом бөлүнүп берилсин.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн багыттарын аныктоо жана инвестиция тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрайым                                                                                                               Б.Калмурзаева

 

 

 

 

 

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз

VII сессиясынын

ТОКТОМУ

2021-жылдын 24-ноябрындагы              № 33                                 Салам-Алик айылы

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кош-Этер айылынын “Ак-Терек” атындагы ФАПты ремонттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык Салам-Алик айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кош-Этер айылындагы “Ак-Терек” атындагы ФАП капиталдык ремонттоого айыл өкмөттүн стратегиялык планына киргизилсин

2.Сметалык документтерди даярдоо жана тактоо айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине тапшырылсын

3.Финансылык акча каражаты  айыл өкмөттүн бюджетинен каралсын жана тиешелүү статьянын негизинде акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөттүн ФЕБнүн башчысы К.Нуралиевага милдеттендирилсин

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн багыттарын аныктоо жана инвестиция тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрайым                                                                                                               Б.Калмурзаева

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз

VIII сессиясынын

 ТОКТОМУ

2021-жылдын 15-декабрындагы              № 34                                 Салам-Алик айылы

Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Ара-Көл айылындагы Ж.Бөкөнбаев орто мектебинин чатырын алмаштыруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык, жалпы депутаттардын макулдугунун негизинде Салам-Алик айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ара-Көл айылындагы Ж.Бөкөнбаев орто мектебинин чатырынын эскилиги жетип, жамгыр жааганда тамчы өтүп жаткандыктан, чатырын алмаштыруу үчүн Салам-Алик айыл өкмөтүнүн салымы катары 2021-жылдын жергиликтүү бюджеттин эсебинен 870 000 (сегиз жүз жетимиш миң) сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн багыттарын аныктоо жана инвестиция тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрайым                                                                                                               Б.Калмурзаева

 

 

 

 

 

 

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз VIII сессиясынын

ТОКТОМУ

2021-жылдын 15-декабрындагы              № 35                                 Салам-Алик айылы

Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Байрак айылындагы Т.Бөрүбаев орто мектебинин жылытуу системасын алмаштыруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык, жалпы депутаттардын макулдугунун негизинде Салам-Алик айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

            1.Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кызыл-Байрак айылынын Т.Бөрүбаев орто мектебинин жылытуу системасы класстарды талапка жооп бергендей жылуулук бербегендиктен, өткөрүп берүүчү гранттка проект жасалып, жылытуу системасын алмаштыруу үчүн Салам-Алик айыл өкмөтүнүн салымы катары 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 750000 (жети жүз элүү миң) сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн багыттарын аныктоо жана инвестиция тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрайым                                                                                                               Б.Калмурзаева

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IX сессиясынын

ТОКТОМУ

2022-жылдын 18-январындагы                 № 36                                Салам-Алик айылы

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2022-жылга  жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №59  Бюджеттик Кодексинин 102-117-беренелерине ылайык жана финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн   2022-жылга   жергиликтүү бюджеттинин аткарылышын  алдын ала карап,алардын сунуштарынын негизинде   Салам-Алик  айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

2022-жылга Салам-Алик айыл өкмөтүнүн  бюджетинин кирешелери жана чыгашалары  13433000 сомго №1-2 тиркемеге ылайык бекитилсин.

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2023-2024-2025-жылдарга бюджетинин негизги параметирлеринин болжолу №3 тиркемеге ылайык жактырылсын.

2022-жылга чегерүүлөрдүн чечимдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин.

        а).жалпы мамлекеттик салыктын түшүүлөрдөн салык агентиги тарабынан төлөнүүчү

            киреше салыгы айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине 100 пайыз өлчөмүндө;

        б).сатуулардан түшкөн салык-айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине 25 пайыз  

            өлчөмүндө;

        в).ыктыярдуу патент негизиндеги салык,милдеттүү патентөө негизиндеги

            салык,бирдиктүү салык-айыл аймагынын жергиликтүү   бюджетине 100 пайыз

            өлчөмүндө;

        г).жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык (роялти),стратегиялык пайдалуу

            кендерди  (алтын,мунай зат,газ) кошпогондо-кендерди иштеп чыгуу жери боюнча  

            айыл аймагынын жергилитүү бюджетине 50 пайыз өлчөмүндө;

        д).жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйым-айыл аймагынын бюжетине 

            пайыз өлчөмүндө

        е).жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүү-                        

            кендерди  иштеп чыгуу жери боюнча  айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине 20

            пайыз өлчөмүндө

  1. Жергиликтүү салыктардан жана салыктык эмес жыйымдардан түшүүчү жергиликтүү

     бюджеттердин кирешелери башка деңгээлдеги бюджетке алынууга жатпасын.

  1. Мыйзамдарда каралган ыйгарым укуктардын чектеринде,жер салыгы боюнча базалык

     ставкаларды же коэфиценттерди жогорулатуу боюнча жергиликтүү өз алдынча

     башкаруу органдары тарабынан чечимдерди кабыл алуунун эсебинен жергиликтүү

     бюджеттердин кирешесин көбөйтүүсү  2019-жылдын 28-ноябрындагы Кыргыз

     Республикасынын  Жогорку  Кеңеши тарабынан кабыл алынган  Мыйзам менен 2023-

     2024-2025-жылдарга теңөөчү гранттардын өлчөмдөрүн өзгөртүү үчүн негиз болуп

     саналбасы белгиленсин.

  1. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине ылайык   айыл

     өкмөтүнүн резервдик фондунун өлчөмү тиешелүү жергиликтүү бюджеттин

     чыгашаларынын 1 пайызынан ашык эмес өлчөмүндө бекитилсин.

  1. Айыл өкмөтүнө 2023-2024-2025 жылдарга жергиликтүү бюджеттердин  чыгашаларын 

     каржылоо  биринчи кезекте  корголгон беренелерге (эмгек акы,социалдык фондго

     чегерүү,тамак-аш,дары-дармек жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга

     чегерүүлөр),комуналдык кызматтар (электр энергия,көмүр,суу) жумшалсын.

  1. Айланма кассалык калдык (оборотный кассовой наличность) айыл өкмөтүнүн бюджети

     боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаты 2022-жылдын 1-январына карата 50000

     сом өлчөмүндө белгиленсин.

  1. Салам-Алик айыл аймагы тоолуу,шарты катаал,табигий кырсыктар коркунучу бар

     жерде жайгашкандыктан табийгат кырсыктарын алдын алууга, калктын аярлуу  

     катмарына,майыптарга,аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө,социалдык ооруларга жана

     башка социалдык маселелерди чечүүгө,Улуу Ата Мекендик согуштун  

     ардагерлерине,энелер күнүнө,согуш мезгилинде тылда кызмат кылгандарга,Баатыр

     энелерге,Ооганчыларга,Баткен коогалаңынын катышуучуларына жардам берүү үчүн

     акча каражаттары каралсын.                                                                                                     

10. Айылдык кеңештин иш аракеттерин жана иш кагаздарын жүргүзүү (токтомдорду

      юстициядан каттоодон өткөрүү,маалымат каражаттарына жарыялоо,интернет

      байланышына ж.б.) үчүн акча каражаты каралсын.

  1. Айыл өкмөтүнүн инфраструктурасын өнүктүрүү максатында жазылган долбоорлорду

      ишке ашырууга багытталган иш-чараларга жана өздүк салымдарды кошууга

      керектелген каражаттарды каржылоо айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржыланаары

      белгиленсин.

  1. Айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигинен сырткары убактылуу келишимдик негизде

      иштеген кызматчылардын эмгек акыларын төлөп берүү  жергиликтүү бюджеттин 

      эсебинен жүргүзүлсүн.

  1. Айыл аймагында жаңыдан курулуп бүткөн “Ризван” “Аят Эне”Жамбы Апа”Касида Апа”жана “Жаш Жеткинчек” балдар бакчасында тарбияланган балдардын тамак ашына балдар бакчасынын коммуналдык кызматтарына (электр энергия,көмүр), курулуштарды ремонттоо жана айыл чарба буюмдарына жергиликтүү бюджеттен ачка каражаты каралсын. Атайын каражат эсебиндеги ата энелерден балдардын тамак ашына төлөнгөн взностун суммасы ар бир балага 700сом өлчөмүндө белгиленсин.
  2. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт боюнча чогултулган акча каражатынын киреше бөлүгү 400,0 мин сом эсебинде бекитилип 3/1 бөлүгү айыл өкмөтүнүн эсептик счетуна    калтырылсын.

14  Токтом кабыл алынып бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет.

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Финасы,экономика, бюджет,

      экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселери 

      боюнча” туруктуу  комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрайым:                                                                                                              Б.Калмурзаева

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги

IX сессиясынын

 ТОКТОМУ

2022-жылдын 18-январындагы                 № 37                                Салам-Алик айылы

 

Кош-Этер айылынын тургуну Турдумаматов Маликжандын эски магазинин турак жай багытына өзгөртүү жөнүндө

 

Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Кош-Этер айылынын тургуну Турдумаматов Маликжандын эски магазинин турак жай багытына өзгөртүү жөнүндө арызын карап Салам-Алик айылдык кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1.Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Кош-Этер айылынын тургуну Турдумаматов Маликжандын эски магазини турак жай багытына өзгөртүлсүн. 

2.Тиешелүү документтерди тактоо, даярдоо жана аны иш жүзүнө ашыруу үчүн жер аянтын мыйзам чегинде кароо жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, комуналдык менчиктери боюнча башкы адиси Нуралиев Жылдызбеке тапшырылсын

3.Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу жагы “Айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрайым                                                                                                               Б.Калмурзаева

 

 

 

 

  

 

 

 

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IX сессиясынын

ТОКТОМУ

2022-жылдын 18-январындагы                 № 38                                Салам-Алик айылы

Айыл аймакта жайгашкан жалпы билим берүүчү мектептерде эмгектенип жаткан колдоого муктаж көп балалуу үй бүлөлөргө жана турмуш шарты оор аярлуу катмарга кирген мугалимдерге көмөк көрсөтүү жөнүндө

 

 

Ош областык билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин кайрылуусунун негизинде айыл аймакта жайгашкан жалпы билим берүүчү мектептерде эмгектенип жаткан колдоого муктаж көп балалуу үй бүлөлөргө жана турмуш шарты оор аярлуу катмарга кирген мугалимдерге көмөк көрсөтүү үчүн Салам-Алик айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен төрт жаш мугалимге 6000-00 (алты миң) сомдон бир жолку жөлөк пул берилсин

2.Айыл аймакта жайгашкан жалпы билим берүүчү мектептерде эмгектенип жаткан колдоого муктаж көп балалуу үй бүлөлөргө жана турмуш шарты оор аярлуу катмарга кирген мугалимдерге Салам-Алик айыл өкмөтү  тарабынан жардамга бекер бир тоннадан көмүр берилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “финасы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселери боюнча” туруктуу  комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрайым                                                                                                               Б.Калмурзаева

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IX сессиясынын

                                                                 ТОКТОМУ

2022-жылдын 18-январындагы                 № 39                                Салам-Алик айылы 

 

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагында ден-соолугу мүмкүнчүлүгү чектелген (ДМЧ) жарандарды колдоо иретинде баспай жаткан 1-топтогу майыптарга араба алып берүү үчүн МСЭктин жолдомосу керектиги жөнүндө

 

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагында ден-соолугу мүмкүнчүлүгү чектелген (ДМЧ) жарандарды колдоо иретинде баспай жаткан 1-топтогу майыптарга араба алып берүү үчүн МСЭктин жолдомосунун жол чыгымын көтөрүүгө Салам-Алик айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1.Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагында ден-соолугу мүмкүнчүлүгү чектелген (ДМЧ) жарандарды колдоо иретинде баспай жаткан 1-топтогу майыптарга араба алып берүү үчүн МСЭктин жолдомосунун жол чыгымын көтөрүүгө жана жергиликтүү бюджетинин эсебинен акча каржатын  бөлүп берүү жагы  Салам-Алик өмөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыевге тапшырылсын

2.Токтомду көзөмөлдөө жагы “Билим берүү, маданят, жаштар уюму, спорт, саламаттыкты сактоо жана социальдык маселелер, дин иштери тармактары” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрайым                                                                                                               Б.Калмурзаева

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IX сессиясынын

ТОКТОМУ

2022-жылдын 18-январындагы                 № 40                                Салам-Алик айылы

Ак-Терек айылынын тургуну Караева Зуураны Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ардактуу атуул наамына коюу үчүн депутат Чекиров Жандарбектин сунушу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктуна ылайык Ак-Терек айылынын тургуну Караева Зуураны   Салам-Алик айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамына көрсөтүү үчүн Салам-Алик айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

  1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн Ак-Терек айылынын тургуну Караева Зуурага Салам-Алик айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.

2.Токтомду көзөмөлдөө жагы “Билим берүү, маданят, жаштар уюму, спорт, саламаттыкты сактоо жана социальдык маселелер, дин иштери тармактары” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрайым                                                                                                         Б.Калмурзаева

 

 

 

 

 

 

 

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IX сессиясынын

 ТОКТОМУ

2022-жылдын 18-январындагы                 № 41                                Салам-Алик айылы

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаттарына жана жоопту катчысына документтерин сактоо үчүн, иштерине ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн айыл өкмөтүнүн канторасында бош турган каанасын бөлүп берүү жөнүндө

Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаттарына жана жоопту катчысына документтерин сактоо үчүн, иштерине ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн айыл өкмөтүнүн канторасында бош турган каанасын бөлүүгө Салам-Алик айылдык кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаттарына жана жоопту катчысына документтерин сактоо үчүн, иштерине ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн айыл өкмөтүнүн канторасында бош турган каанасы бөлүнүп берилсин

2.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыевге тапшырылсын

 

 

Төрайым                                                                                                         Б.Калмурзаева

 

 

 

 

 

 

 

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги

IX сессиясынын

ТОКТОМУ

2022-жылдын 18-январындагы                 № 42                                Салам-Алик айылы

Салам-Алик айылдык кеңешине керектелүүчү канцтовар, электроника, эмеректер жана токтомдорду сайтка жарыялоого акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Салам-Алик айылдык кеңешине керектелүүчү канцтовар, электроника, эмеректер жана токтомдорду сайтка жарыялоого акча каражатын бөлүп берүү үчүн Салам-Алик айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Салам-Алик айылдык кеңешине керектелүүчү канцтовар, электроника, эмеректер жана токтомдорду сайтка жарыялоого айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражаты бөлүнүп берилсин

2.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыевге тапшырылсын

 

 

Төрайым                                                                                                         Б.Калмурзаева

 

 

 

 

 

 

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IX сессиясынын

ТОКТОМУ

2022-жылдын 18-январындагы                 № 43                                Салам-Алик айылы

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан көмүр кендеринин оор жүк ташуучу машиналарын токтотуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктуна ылайык Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты Жакыпов Жоомарттын оозеки сунушунун негизинде  Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан көмүр кендеринин оор жүк ташуучу машиналарын токтотуу үчүн Салам-Алик айылдык кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан көмүр кендеринин оор жүк ташуучу машиналары жаз келип жер бошошкондугуна байланыштуу, жолдо жүрүү 15-февралдан 15-апрелге чейин токтотуу үчүн ДЭП 5 жол тейлөө кызматы мекемесинен суралсын. 

  1. Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу жагы “Айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрайым                                                                                                         Б.Калмурзаева

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги

IX сессиясынын

ТОКТОМУ

2022-жылдын 18-январындагы                 № 44                               Салам-Алик айылы

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан   Кара-Кулжа районунун элине өтүп кеткен Беш-Терек жайлоосун Салам-Алик айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 1-пунктуна ылайык Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан  Беш-Терек жайлоосу Кара-Кулжа районунун элине жай, күз мезгилинде мал жандык багуу үчүн өтүп кеткендиктен, ошол жайлоону  Салам-Алик айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөн районунун мамлекеттик адмнистрациясына сунуш берүүгө Салам-Алик айылдык кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан Беш-Терек жайлоосу Кара-Кулжа районунун элине жаз, жай, күз мезгилинде мал жандык багуу үчүн өтүп кеткендиктен, ошол жайлоону Салам-Алик айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөн районунун мамлекеттик адмнистрациясына сунушталсын
  2. Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу жагы “Айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрайым                                                                                                               Б.Калмурзаева

 

 

 

 

 

 

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IX сессиясынын

ТОКТОМУ

2022-жылдын 18-январындагы                 № 45                               Салам-Алик айылы

Салам-Алик айыл аймагынан сырткаркы малдарга кирүүгө тыюу салуу жана кирген малдарга штраф салуу жөнүндө

Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу жайыттардын талкаланып жаткандыгына байланыштуу Салам-Алик айыл аймагынан  сырткаркы малдарга кирүүгө тыюу салуу жана кирген малдарга штраф салуу үчүн Салам-Алик айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу жайыттардын талкаланып жаткандыгына байланыштуу 2022-жылы Салам-Алик айыл аймагынан сырткаркы малдарга кирүүгө тыюу салынсын жана сырттан кирген чоң жандыктарга уйга,жылкыга 1000 сомдон, эчки, койго 300 сомдон штраф салынсын
  2. Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу жагы “Айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрайым                                                                                                               Б.Калмурзаева

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги

IX сессиясынын

ТОКТОМУ

2022-жылдын 18-январындагы                 № 46                              Салам-Алик айылы

2021-жылдагы калдык акча каражатын Салам-Алик айыл  өкмөтүнүн беш айылына бөлүштүрүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна  жана бюджеттик кодексинин 102-117-беренелерине ылайык 2021-жылдагы калдык 1714000-00 (бир миллион жети жүз он төрт) миң акча  каражатын Салам-Алик айыл  өкмөтүнүн беш айылына бөлүштүрүү үчүн Салам-Алик айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.2021-жылдагы 1714,0 (бир миллион жети жүз он төрт) миң  калдык акча каражаты Салам-Алик айыл  өкмөтүнүн 15-Жаш айылына 300,0 миң сом, Кош-Этер айылына 250,0 миң сом, Ак-Терек айылына 250,0 миң сом, Салам-Алик айылына 414,0миң сом, Кызыл-Чарба айылына 500,0 миң сом бөлүнсүн.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция” маселери боюнча туруктуу  комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрайым                                                                                                               Б.Калмурзаева

 

 

 

 

 

 

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги

IX сессиясынын

ТОКТОМУ

2022-жылдын 18-январындагы                №47                                     Салам-Алик айылы

Салам-Алик айылдык кеңешинин 2022-жыл үчүн иш планын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып, Салам-Алик айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

  1. Кеңештин 2022-жыл үчүн иш планы, өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен бекитилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

Төрайым                                                                                                               Б.Калмурзаева

 

 

 

 

 

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин 2022-жылдын 18-январындагы №47 токтому менен бекитилген 

Салам-Алик айылдык кеңешинин 2022-жыл үчүн

ИШ ПЛАНЫ

  1. Кеңештин сессияларында каралуучу негизги маселелер:

 

Каралуучу маселелердин мазмуну

Мөөнөтү

Ким даярдайт

Эскертүү

I

Биринчи квартал

 

 

 

1.

 

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн бекитүү жөнүндө

 

Январь

Бюджет комиссиясы.

Төрага маалымат, түшүндүрмө берет.

Өкмөт башчы, ФЭБ башчысы билдирүү, маалымат беришет

2

2021-жылдагы калган калдык акчаны бөлүштүрүү жөнүндө

 

Январь

Бюджет комиссиясы.

Өкмөт башчы, ФЭБ башчысы билдирүү, маалымат беришет

3

Салам-Алик айылдык кеңешинин 2022-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө

 

Январь

Жооптуу катчы

Төрага маалымат, түшүндүрмө берет.

3

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн аткарылган иштери  жана 2022-жылга карата аткарыла турган милдеттери  жөнүндө

Март

Өкмөт башчы

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыев маалымат берет

4

2021-жылдагы бюджеттик  киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө

Март

Бюджет комиссиясы.

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Нуралиева маалымат берет

 

5

Жайыт комитетинин 2022-жылдагы бюджетинин  киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү жөнүндө

Март

Айыл-суу,  мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана  энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссия;

 

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Ш.Кунаевдин маалыматы

6

Ар түрдүү маселелер

 

 

 

II

Экинчи квартал

 

 

 

4

Салам-Алик айылдык  аймагында жазгы талаа, мал чарба, өзгөчө кырдаалдар  жумуштарынын  жүрүшү  жана айыл башчылардын ишмердүүлүгү жөнүндө

Апрель

Айыл-суу,  мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана  энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссия;

Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика тармактары боюнча туруктуу комиссия

 

Айыл башчылар

5

Түрдүү маселелер

Апрел

 

 

III

Үчүнү квартал

 

 

 

1

Бюджеттин 2022-жылдагы кирешелер жана чыгашалар боюнча 6 айлык планынын аткарылышы жөнүндө

июль

Бюджет комиссиясы...

Өкмөт башчы, ФЭБ башчысы билдирүү, маалымат беришет

2

Көмүр кендеринин, соода сатык мекемелеринин ишмердиги жана алардын салыктарды төлөөсүнүн абалы, жерлерден, транспорттон ж.б. түшкөн салыктар жөнүндө

июль

Айыл-суу,  мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана  энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссия;

 

Бюджет комиссиясы...

Өкмөт башчы, ФЭБ башчысы билдирүү, маалымат беришет.

Салык  кызматкери.

3

Түрдүү маселелер

 

 

 

IV

Төртүнчү квартал

 

 

 

1

Саламаттыкты сактоо мекемелеринин ишмердүүлүктөрү жөнүндө

Октябрь

Билим берүү, маданият, жаштар уюму, спорт, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелери жана дин иштери тармактары боюнча туруктуу комиссия;

Айыл өкмөт башчы, ФЭБ башчы, айыл башчылар

2

Жайыт комитетинин 2022 -жыл үчүн ушул мезгилге чейинки киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө

Октябрь

Айыл-суу чарба, мал, токой, экология, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, транспорт жана  энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссия

 

 

Жайыт комитетинин төрагасы

3

Түрдүү маселелер

Октябрь

 

 

 

  1. Уюштуруу-массалык иштер:

 

1

Депутаттык окууларды уюштуруу

Кварталда бир жолу (сураныч боюнча)

Кеңештин төрагасы жана орун басары

 

2

Атуулдардын кайрылууларынын негизинде тейлөөлөр: жол оңдоо, ичкен суу, таштанды чыгаруу, жашылдандыруу, жарык менен камсыздандыруу, малдарды багуу шарттары, ж.б. боюнча ар бир айылдарда депутаттык угууларды уюштуруу

4 айда бир жолу

Тиешелүү туруктуу комиссиялар

 

3

Депутаттардын атуулдук коомдордун активдери менен тегерек столдо жолугушууларды уюштуруу

6 айда бир жолу

Кеңештин төрагасы жана орун басары,

Тиешелүү туруктуу комиссиялар

 

4

Депутаттардын шайлоочулар менен жолугушуусу (отчету)

Жылына 1 жолу

Кеңештин төрагасы жана орун басары,

Тиешелүү туруктуу комиссиялар

 

 

  

Төрайым:                                                 Б.Калмурзаева 

 Катчы:                                                      Кошбай уулу Акназар

 

 

 

 

 

p class=params-