Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги V сессиясынын отурумунун

                              

ТОКТОМУ

 

6-апрель  2017-жыл                              № 5/1                                Өзгөн шаары

 

 

Өзгөн шаар мэриясынын 2016-жыл ичинде аткарган иштери

 жөнүндөгү отчету

 

     Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги V сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген «Өзгөн шаар мэриясынын 2016-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндөгү отчету» боюнча Өзгөн шаарынын мэри С. Пратовтун маалыматын угуп жана талкуулап,

                                              ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Өзгөн шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүн камсыз кылууда Өзгөн шаарынын мэри С. Пратовтун 2016-жылда жүргүзгөн иштери канааттандырарлык деп табылсын.

  

  1. Отчетту талкуулоонун жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштарды аткаруу боюнча иш-чара түзүү жана анын аткарылышын камсыз кылуу жагы Өзгөн шаар мэриясынын аппаратына милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасына тапшырылсын.

          

 

Төрага                                   А. Джалилов

 

 

 

 

Өзгөн шаарынын мэри С. Пратовдун 2016-жылдагы шаардын социалдык экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча аткарылган иштер тууралуу отчету

 

          Саламатсыздарбы урматтуу депутаттар, урматтуу сессиянын катышуучулары,  урматтуу төрага Азамжан Абдуллажанович!

Мен Өзгөн шаарындагы 2016-жылдын ичинде аткарылган иштер боюнча отчет берүү максатында алдыңыздарга чыгып отурам. Ошондуктан уруксат берсеңиздер бир жылдын ичиндеги аткарылган иштерди баяндап берейин.

  Урматтуу депутаттар, 2016- жылга карата шаардын бюджета 74 млн.174 миң 600 сомго бекитилген болсо, аныгында 81 млн.620 мин 400 сомго аткарылып, өсүү темпи 110% түзүп, жеткирилген план 7 млн. 445 миң 800 сомго ашыгы менен аткарылды.

            2016-жылдын жыйынтыгы менен такталган планга салыштырмалуу жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн анализдеп көрсөк, салыктардын жана  жыйымдардын 17 түрүнүн 14 түрүнөн жеткирилген план тапшырмасы ашыгы менен аткарылды. Тактап айтканда, салык агента төлөгөн киреше салыгы 1093,6 миң сомго, милдеттүү патенттин негизиндеги салыктан 536,6 миң сомго, ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык 2312,5 миң сомго, транспорт салыгы 1044,2 мин сомго, физикалык жактардан алынуучу жер салыгы 840,8 миң сомго, айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы 40,0 миң сомго, айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы 280,2 миң сомго, жер үчүн ижара акы 377,1 миң сомго,  авхотранспортторду парковкалоо үчүн алым 367,9 мин сомго, юстиция органдары тарабынан алынуучу мамлекеттик алымдан түшкөн киреше 613,1 миң сомго ашыкча өндүрүлдү. Ал эми салыктын 3 түрүнөн бирдиктүү салык 463,2 миң сомго, кыймылсыз мүлк үчүн салык 318,4 мин сомго, сатуудан алынуучу салык 89,9 миң сомго планга салыштырмалуу кем аткарылгандыгын да белгилеп кетем.

     Урматтуу депутаттар, Шаардагы аткарылган иштерге токтолсом:

2016-жылда шаарда бир топ алгылыктуу иштер  аткарылды десем жаңылбайм.

Өзгөн шаардык Кеңеши тарабынан 2016-жылга карата Өзгөн шаарында аткарылуучу иштердин бекитилип берилген титулдук тизмесине ылайык шаардын аймагында төмөндөгү иштер аткарылды (титулдук тизме 38 млн 97 миң. 800 сом өлчөмүндө бекитилген):

-Шаардын аймагын жашылдандыруу, көрктөндүрүү максатында жарыяланган 3 айлыктын алкагында 800 түп можевельник, 300 түп сосна жана 300 түп ак кайын дарагы шаардын белгиленген көчөлөрүндөгү жолдордун жээктерине олтургузулду, көчөттөрдү сатып алууга жалпысы болуп 480,0 миң сом акча каражаты жумшалды жана алардын көгөрүп өсүшү үчүн тийиштүү шарттарды көрүү жагы кварталдык комитеттердин төрагаларына тапшырылды.

-Шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан борбордук китепкананын алдында стихиялуу түрдө пайда болгон автоунаа токтоочу жай ээлеген жер тилкеси МММБ департамента тарабынан автоунаалардан бошотулуп, гүл көчөттөрүн отургузуу үчүн атайын топурак ташылып, даярдалды жана шаардын көркүнө көрк бере турган гүлдөр олтургузулду. Ошондой эле райондук маданият үйү менен райондук ички иштер бөлүмүнүн чек арасында жайгашкан №39 кварталдагы жер тилкеси тосмолонуп, кооз гүлдөр эгилип, отургучтар жасатылды, аталган жумуштарды аткаруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 315,9 миң сом сарпталды. Анын ичинен деталдаштырып айта турган болсом:

-138,0 мин сом кара топурак сатып алууга;

-65,0 темир тосмо жана отургучтар үчүн;

-96,0 мин сом гүл кӨчӨттӨрүн сатып алууга;

16,9 мин сом РИИБнүн алдындагы жерге мамлекеттик акт жасатуу үчүн жумшалды.

-Шаардын аймагына гүл олтургузуу жана суу айлампасын оңдоо максатындагы иштерди аткаруу үчүн 60,0 миң сом «Өзгөн Тазалык» муницпалдык ишканасына которулуп берилди.

“Жаны-Хаят” кварталындагы эски түтүктөрдү казып алып, көчөлөрдөгү белгиленген жерлерге орнотуу үчүн 100,9 мин сом, кыш мезгилинде шаардын борбордук көчөлөрүн кардан тазалоо иштерине 67,0 мин сом акча каражаты жумшалды.

-Шаарыбыздын таза суу түтүкчөлөрүн жаңылоо максатында 611,2 мин сом акча каражаты сарпталып полиэтилен тру бал ары менен суу түтүкчөлөрү жаңыланды. Тактап айтканда:

«Мажрум-Тал»- Хайдаров көчөлөрүнө 630м,

«Гузар» Беруний, У.Салиева көчөлөрүнө 100м,

«Мажрум Тал»- Токтогула көчөсүнө 328м,

«Калма-Кыя» Чарбак,Гапаров көчөлөрүнө 550м,

«Гузар» Стаханов Бабур-Мырза көчөлөрүнө 400м,

«/ч-Дөбө» А.Кахаров Заргер көчөлөрүнө 250м,

«Борборго» 200м. трубалар алынды.

-Шаардын аймагын аралап агып өткөн Фархад каналын тазалоо иштерин уюштуруу ботонча экүк ташуучу жана атайын техника үчүн  күйүүчү  май сатып алууга 25,9 мин сом акча каражаты сарпталды.

- Шаардын аймагындагы көчөлөргө орнотулган түнкү жарыктардын күйүп калган лампочкаларын алмаштыруу үчүн 100 даана электр лампочкалары 35,0 мин сомго сатып алыныд, Амир Темур, Манас, Гагарин көчөлөрүнө орнотулду. Шаардагы жол чырактарды (светофорлорду) оңдоп түз үчүн 20,2 миң сом сарпталды.

Урматтуу депутаттар, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик  Туусунун кабыл алынган күнүнө жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата жеке ишкер А.Жолдошев тарабынан, Н.Азнабакиев атындагы эс алуу багынын аймагына бийиктиги 23 метрди түзгөн, диаметри 30 сантиметр болгон темирден флагшток жасалып, анын салтанаттуу ачылышы 5- март күнү болуп өттү. Аны жасоо үчүн 199,0 миң сом акча каражаты каржыланды.

Флагштокту орнотууга 300  чарчы  метр жер тилкесине  бетон (стяжка) куюп бергендиги үчүн 41,5 миң сом акча каражаты жеке ишкер Б.Артыковго бөлүнүп берилди.

Кыргыз Республикасынын 6x9м өлчөмүндөгү Туусу жеке ишкер Н.Насырахуновага атайын буйрутма берилип, 32,5 мин сомго даярдалып алынды. Жалпысынан 288,0 мин сом акча каражаты сарпталды.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Туусун орнотуу үчүн сеткамах, скверди тосууга, светофорлор менен түнкү электр жарык берүүнү жердештирүүгө зым сатып алууга 98,7 мин сом жумшалды.

-Өзгөн шаарынын көчөлөрүндөгү жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо
максатында, атап айтканда Манас, Мирзарахимов, Гагарин, Сельская, Набиева,
Маллабеков, Амур Темур көчөлөрүндөгү жолдорго «лежачий полицейский»
орнотууга 40,8 миң сом акча каражаты сарпталды.

-Жүзүмзар кварталындагы Саидов көчөсүндө жайгашкан мечитке
мамлекеттик акт даярдатууга 14,6 миң сом, Жаңы ӨзгӨн кварталына жаңы
электр трансформаторун орнотууга жер тандоо үчүн ИТШ  жасатуу үчүн 18,3
миң сом, мамлекеттик акт алууга 19,4 миң сом каржыланды. «/ч Дөбө»
кварталындагы мечитке мамлекеттик акт алуу 9,6 миң сом сарпталды.

Урматтуу депутаттар, жергиликтүү маанидеги маселелердин ичинен эн
манилүүсү катары саналган жолдорду оңдоо-түздөө жана асфальттоо боюнча да
алгылыктуу иштерди аткардык:

- Шаардагы Токтогул көчөсүндөгү узуну 685 метр, туурасы 5 метр жолду, 6
сантиметр калындыкта асфальттоо үчүн 2598,0 миң сомго келишим түзүлүп, ал
суммадан 1299,0 миң сом акча каражаты төлөнүп берилди.

- Волков жана Панфилов көчөлөрүндөгү узуну 650 метр, туурасы 7 метр жолду
6 сантиметр калындыкта асфальттоо үчүн 4342,7 мин сомго келишим түзүлүп, ал
суммадан 1765,7 мин сом акча каражаты төлөнүп берилди. Калган төлөнүүчү
сумма 2017-жылдын II, III кварталында жумуш аткаруучунун эсебине которулуп
берилмекчи.

Ленин көчөсүнүн Манас жана Кошиев көчөлөрү менен кесилишкен
ортолугундагы узундугу 254 метрди, туурасы 7 метрди, кальщдыгы 6 см түзгөн
бөлүгүн асфальттоо үчүн 1857,4 мин сомго келишим түзүлүп аталган жумуш
толугу менен аткарылды. Төлөнүүчү акча каражаты 2017-жылдын II, III
кварталында төлөнүп берилет.

- Бабур Мирзо көчөсүнүн Амир Темур көчөсү менен кесилишкен жеринен баштап 435 метр участогун асфальттоо үчүн 1548,0 мин сомго келишим түзүлүп,
аталган жумуш толугу менен аткарылды. Аткарылган жумуш үчүн акча
каражаты 2017-жылдын II, III кварталдарында төлөнүп берилет.

     - Инамжан Мавлянов атындагы көчөсүндөгү жолдун узундугу 572 метр, туурасы 5 метрди түзгӨн аралыгын асфальттоо үчүн 2млн.149 миң 300 сомго келишим түзүлүп, аталган жумуш толугу менен аткарылды.

-Бегелдинова көчөсүнүн узундугу 721 метр туурасы 4, 5, 6 метр аралыгындагы жолду асфальтто иштерине 2 млн 892 мин сомго келишим түзүлүп, аталган жумуш толугу менен аткарылды.

  • Манас көчөсүндөгү 2727 м2 тратуарга тапан таш басуу жумуштарына 1 482,4 миң сомго аткарылды.
  • Советская көчөсүнүн 580 метрди түзгөн аралыгын асфальттоо үчүн 1млн 825 миң 600 сомго келишим түзүлүп, аталган жумуш толугу менен аткарылды.
  • Крупская көчөсүнүн 246 метр туурасы 4 метр кальщдыгы 6 см аралыгындагы жолдорго асфальт жаткыруу иштери 1 млн.84 мин сомдук келишимдин негизинде жүргүзүлдү.
  • Мавлянов көчөсүнүн узундугу 572 метр, туурасы 5 метр, кальщдыгы 6 см 2149,3 миң сомго келишим түзүлүп жумуш толугу менен аткарылды.

Жолдорду асфальтоо жумуштары боюнча каралган план толугу менен аткарылды, бирок 2017-жылга карата жолдорду асфальтоо үчүн 11160,0 сом карызыбыз бар экенин да сиздерге билдирип кетем.

  • Шаардын тургундарынын дагы бир көйгөйлүү маселелери катары электр жарыгы менен калкты камсыздоо максатында Темир бетон маамычалар сатып алынып,

2016-жылдын 1- жарым жылдыгында шаардын аймагындагы жаңы конуштарды жана эскилиги жеткен электр мамычаларын алмаштырып, орнотуу үчүн 168 даана электр мамычалары сатып алынып, 1231,0 миң акча каражаты «Кок Тонду» ЖЧКнын эсебине которулуп берилген болсо, 45 даана электр мамычалар «Завод ЖБИ-4» ЖЧКому менен түзүлгөн келишимдин негизинде 267,1 мин сомго, жалпы 213 даана темир бетон электр мамычалар 1498,1миң сомго сатып алынды. Сатып алынган электр мамычалары шаар мэриясынын алдында түзүлгөн комиссия мүчөлөрү аркылуу бөлүштүрүлүп, андан ары орнотуу жагын көзөмөлгө алуу жаты кварталдык комитеттеринин төрагаларына тапшырылды.

213 даана темир бетон мамычалары төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:

Таштак кварталынын Интернациональная көчөсүнө 4 даана,

«Шарк» кварталындагы Жуков көчөсүнө 8 даана,

«Кайрагач» кварталындагы Фергана көчөсүнө 28 даана,

«Жаны Хаят» кварталындагы Кош Коргон көчөсүнө 10 даана,

«Таштак» кварталындагы Узбекстан көчөсүнө 6 даана,

«Терт Кече»кварталындагы Панфилов көчөсүнө 11 даана,

«Жаңы-Өзгөн»гө 16 даана,

«Гузар» кварталындагы Мавлянов көчөсүнө 8 даана,

«/ч-Дөбө» кварталындагы Каримов көчөсүнө 22 даана,

«Калма-Кыя» кварталынындагы көчөлөрдөн; Х.Олимжанга 4даана,Фарходго- 1 даана, Чарбакка 15 даана берилди.

«Кумдук» кварталындагы Л.Толстой көчөсүнө 5 даана,

«Улукбек» кварталындагы Кыргызстан көчөсүнө 7 даана,

«Гузар-1»деги Стаханов көчөсүнө 7 даана,

«Жанибек Казьпжварталындагы Бахмал көчөсүнө 11 даана,

«Мажирум Тад»дсварталына 24 даана берилди.

«Жузум зар» кварталына 10 даана, «Жаны Турмуш»квартальша 15 даана берилди.

«Жаңы Өзгөн» кварталынын калкынын турмуш шартын жакшыртуу максатында жаңы көмөкчү чордонун (трансформатор) (КТП) сатып альш орнотуула ПРООН тарабынан 228,0 мин сом акча каражаты каржыланды, ал эми жергиликтүү бюджеттен 97,2 мин сом акча каражаты кошумча –каржыланып берилип, учурда иштеп жатат.

   - Шаар  куруу  жана  архитектура башкармалыгына  ар  түрдүү  багытта жасалган проектилери, иш кагаздары үчүн 955,2 миң сом өткөрүлүп берилди.

Урматтуу депутаттар! Президентибиз А.Атамбаев тарабынан үстүбүздөгү жыл мамлекетибизде «Тарых жана маданият жылы»,- деп жарыяланганын баарыңыздар билесиздер. Ошого байланыштуу, архитектуралык-археологиялык комплекске жакын жерге тарых музейинин имаратын куруу иштери башталып, ага колдоо көрсөтүү  максатында 300,0 мин сом акча каражаты райондук мамлекеттик администрациянын эсеп балансасына которулуп берилди.

Урматтуу сессиянын катышуучулары, шаардагы жасала турган иштер пландаштырылгандан кийин сөзсүз ал иштердин долбоорлору алдан -ала жасалууга тийиш. Ушул максатта б.а. Долбоорлорго карата каржыланган акча каражаттары боюнча да катары менен маалымат берүүнү туура таптым:

- Жолдордун 4 километрин асфальтоого долбоорун даярдоо үчүн 150,0 мин сом, Манас көчөсүндөгү «Кыргызтелеком» ЖАКнун Өзгөн райондук бөлүмүнүн имаратынан Н.Азнабакиев эс алуу багына чейинки 6540 м2 жол жээгиндеги тратуарлардын долбоорун даярдоого 35,0 миң сом, Мавлянов көчөсүндөгү 450 метр аралыктагы жолду, Гапаров көчөсүнүн 1020 метр аралыктагы жолду асфальтоо үчүн долбоорун даярдоого 70,0 миң сом, мындан сырткары Шайхзода, Каххар, Венера Маданият, Стаханов, Нуриддинов, Брежнев, Совет, Ленин көчөлөрүндөгү жолдорду асфальттоо боюнча долбоорун даярдоо үчүн мин сом. Ал эми «Ай Шоола» балдар бакчасынын канализация түтүктөрүн оңдоо үчүн иштин көлөмүнүн сметасын даярдатууга 20,0 миң сом сарпталды. Ай шоола балдар бакчасынын таза суу менен камсыздоо түтүкчөлөрүн оңдоо максатында сметалык из долбоорун даярдоо үчүн 20,0 миң сом сарпталды. Манас көчөсүнүн Жаныбек казы кварталынан Гагарин көчөсүнө чейинки аралыкта ирригациялык тармактарын оңдоо максатында долбоор даярдоо үчүн сом сарпталды. Борбор жанан Жаныбек Казы кварталына балдар ойноочу аянтча куруу максатында сметалык долбоорун даярдоого 40,0 миң сом каржыланды. Шаарыбыздын таштандыларын таштоочу жайына мамлекеттик акт алууга 32,7 мин сом Советская, Маллабекова, Крупская жана Мырзатаева көчөлөрүнүн асфальт төшөө максатында долбоордук сметасын даярдатып алуу үчүн 100,0 миң сом. Өзгөн шаар аймагын аэрофото сьемка тартуу үчүн 100,0 мин сом сарпталды.

Өзгөн шаардык бириктирилген аскердик комиссариатынын жетекчилигинин кайрылуусунун негизинде көмөк көрсөтүлүп, аскер комиссариатынын имааратынын терезелерине жалюзи даярдатууга 50,0 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилди.

Өзгөн райондук мамлекеттик наториалдык кенсесин ремонттоо жана эмерек сатып алуу максатында 50,0 мин сом сарпталды.

Райондук ички иштер бөлүмүнүн имааратын ремонттоо жумуштарына көмөк карсөтүү максатында 50,0 сом акча каражаты бөлүнүп берилди.

     Өзгөн «Тазалык» ишканасына сахна жана сахна жасалгасын даярдоо үчүн 101,0 миң сом берилди.

Шаардагы Сельская, Ленин, Жаш Гвардия, Бегельдинов, Абдувахидов, Маданият, Кошиев көчөлөрүндөгү түнкү жарыткычтарды, Жаңы Хаят кварталынын аймагына курулган ФАПтын жана жол чырактарды лабораториялык текшерүүдөн өткөрүү үчүн 25,0 миң сом акча каражаты сарпталды.       

Жол кыймылын коопсуздугунсактооллаксатында шаардын 6 көчөсүнүн кесилишиндеги светофорлордун жанына;,

  1. Манас көчөсү менен Ленин көчөсүнүн кесилиши,
  2. Манас көчөсү менен Кошиев көчөсүнүн кесилиши,
  3. Манас көчөсү менен Гагарин кӨчӨсүнүн кесилиши,
  4. Мирзарахимов көчөсү менен А.Наваи көчөсүнүн кесилиши,
  5. Мирзарахимов көчөсү менен Мукумий көчөсүнүн кесилиши,
  6. Манас көчөсү менен Маллабеков көчөсүнүн кесилиштерине видео күзөт орнотулду

Видео күзөттү сатып алуу жана орнотуу үчүн жалпы 272,8 сом каржыланды. Билим берүү тармактары боюнча айта турган болсом;

Шаардагы мектептердин материалдык техникалык базасын чындоо, заманбап технологиялар менен камсыздоо максатында Шарипов, Ленин, Айтматов, А.Темур жана мектеп гимназияга 5 даана интерактивдүү доска 405,0 миң сомго сатып алып берилди.

Шаардагы  бардык     мектептерге   видео күзөт орнотуу иштерине 360,0 миң сомго келишим  түзүлүп, жумуш  аткарылды.

«№7 гимназия” мектебинин спорт залынын чатырын жылытуу жана жылытуу системасын отказанына улатуу жумуштары 199,5 миң сомго аткарылды.

“Ай-мээрим” жана “Ай-шооласы” балдар бакчаларына жаңы ажаткан  курууга 686,0 мин сомго келишим түзүлүп, жумуш толугу менен аткарылды.

-Шаардагы №8 Курманжан Датка атындагы орто мектебинин кире бериш жерине темир тосмо орнотуу жана мектептин имааратынын кире бериш жериндеги (айбанчасында) потологун жаңылоо иштери үчүн 133,7 мин сом акча каражаты сарпталды.

№7 гимназия мектебинин ашканасына жабдыктарды жана эмеректерди сатып алуу максатында 189,5 мин сом сарпталды.

№2 В.И. Ленин мектебинин «Балдарды жана өспүрүмдөрдү дене-тарбияга даярдоо» кызматтык бөлмөсүн оңдоо максатында 30,0 миң сом сарпталды. «Аймээрим» балдар бакчасын ремонттоо үчүн жергиликтүү бюджеттен 430,7 миң сом, Республикалык үлүштүк(дем) берүүчү гранттардын каржылоосу менен 2142,0 миң сом каржыланды.

С.Шарипов мектебиндеги ашканасы курулуп толугу менен аяктап пайдаланууга берилди. Жалпы каржыланган акча каражаты 1223,8 миң сом.

«Айшоола» балдар бакчасынын каналиэациясын, таза суу менен камсыздоо түтүкчөлөрүн оңдоо жана ракавина, унитаз оротулду жалпы 649,7 миң сом сарпталды.

Амур-Тимур атындагы №5 орто мектебинин ашканасын ички бөлмөлөрү оңдолуп, сырдалып, септиктер казылып трубалар орнотулду, эшиктери алмаштырылды жана дубалга кафель жабыштырылды жалпы аткарылган жумуш 129,4 мин сомду түздү.

  №2 В.И.Ленин, №3 3. Бобур атындагы мектептеринин класстык бөлмөлөрүн ички тарабын ремонттоо трансформатордук подстандияньш үстүн жабуу жумуштары 370,4 миң сомго аткарылды.

Шаардагы С.Маматов атындагы балдар музыкалык мектебинин патолугун оңдоо иштерине 149,2 мин сомго келишим түзүлүп, ремонттоо иштери жүргүзүлдү.

Ч.Айтматов. А.Тимур. А.Новаи, Курманжан Датка мектептерине 5 даана электр эсептегич сатып алынып орнотулду.

Шаардагы Амур Темур атындагы мектептин ашканасын ремонтто иштерине 129,4 миң сом каржыланды.

   “/ч-Дөбө” кварталдык комитетинде курулуп жаткан спорт залын курулушуна көмөк көрсөтүү максатында 200,0 мин сом каржыланды.

Өзгөн шаарынын кире-беришин айрым участкаларына көркөм көрүнүш жасоо максатында Манастын айкелинин арт жагындагы «ӨЗГӨН ШААРЫМ» деген аталышты даярдоо үчүн 402,3 мин сом сарпталды, жол жээгиндеги декоративдүү таштарды тегиздеп, сайдын түстүү таштарынан арнамент жасоо, Римский мазаика ыкмасында монументалдык кооздо жумуштары аткарылды жалпы 784,6 мин сом каржыланды.

Өзгөн шаарына кире беришиндеги көпүрөнүн жанындагы чоң бетондон жасалган стенддин эки бетин мозаика түрүндө жасалгалоо жумуштары үчүн 170,0 миң сом каржьшанды.

Борбор кварталындагы №74 көп кабаттуу үйдүн тушунда 10 очколуу ажаткана 482,6 миң сомго курулган, бирок аталган курулуштун дубалында жарака кетип жабууга туура келди. Жумуш аткарган ЖКЧ «Сапат Максимум» тарабынан 2017-жылдын жаз айында кайра оңдоо иштерин аткара тургандыгын кат жүзүндө тастыктаган. Азыркы учурда аталган жумушту аткаруу иштери башталган.

-Ирригациялык тармактарды оңдоо иштери боюнча айта турган болсом: 2016-жылдын 2-жарым жьшдыгында дагы Өзгөн шаарынын аймагындагы ирригациялык түйүндөрдү калыбына келтирүү, оңдоо жана жаңы асфальт жаткырылган көчөлөрдүн жээгине лотоктор куюу иштери улантылды.

Өзгөн райондук билим берүү мекемесинен тартип Манас көчөсүнө чейин ирригациялык тармактын оцдоо иштерине 101,0 миң сомго келишим түзүлүп, жумуш толугу менен аткарылды.

Шаарыбыздын көчөлөрүндөгү ирригациялык тармактар үчүн 291 рейс шагыл 400,0 миң сомго, 268т цемент 1299,8 миң сомго алынып элдердин ашар жолу менен жумуш толугу менен аткарылды.

Кайрагач кварталындагы Советская, Крупская көчөлөрүнө 20рейс,

Улугбек кварталына Советский, Морозов, Кашка-Терек көчөлөрүнө 30 рейс, «үч-Дөбө» кварталындагы Волкова, Мирзакулов Гагарин 46 рейс, «Кылыч-Бурханидин» кварталындагы Орозбекова көчөсүнө 4 рейс,

«Жаңы-Хаят» кварталындагы үч-Дөбө көчөсүнө 33 рейс,

«Гузар-1» Бабур -мырза көчөсүнө 6 рейс,

«Гузар» кварталындагы Мавлянов жана Бастов көчөлөрүнө 15 рейс,

-Жаны Турмуш , Чапаев, Токтогула көчөлөрүнө 36 рейс,

«Мажирум Тал» кварталындагы Токтогул көчөсүнө 30 рейс,

«Кумдук» кварталындагы Мукумий жана Л.Толстой көчөлөрүнө 17 рейс, «Жаны-Өзгөн» кварталына 3 рейс

Сараксий кварталындагы Конева Волкова көчөлөрүнө 23 рейс,

Сельская көчөсүнө 55 рейс, Маллабеков көчөсүнө 6 рейс,Мукумий көчөсүнө 1 -рейс, А.Тимур көчөсүн ө 2 рейс шагыл төгүлдү.

Эркиндик көчөсүнө 39 рейс, Чолпон көчөсүнө 35 рейс, сараксий көчөсүнө 6 рейс

төгүлдү.

-“Жаны-Хаят” кварталындагы зеки түтүктөрдү казып алып, көчөлөрдөгү
белгиленген жерлерге орнотуу үчүн 100,9 миң сом, кыш мезгилинде шаардын
борбордук көчөлөрүн кардан тазалоо иштерине 67,0 миң сом акча каражаты жумшалды.

  Көчөлөргө азбесть трубаларды орнотуу үчүн Советская көчөсүнө 4 даана 400дм, Кашка Терек көчөсүнө 2 даана 400дм, “Волкова көчөсүнө 2 даана 300дм7 Сараксий көчөсүнө 2 даана 150 дм трубалар орнотулду. Жалпы 53,5 миц сом.

Брежнев жана Маллабеков көчөлөрүнүн жол жээгиндеги арыктарга лоток орнотуу жана 2 даана Л-60 темир бетон лотокторду сатып алууга жана орнотууга 67,8 миң сом сарпталды.

  46 даана жол белгилерин даярдалып жол жээктерине орнотулду жалпы акча каражаты 115,0 миң сомду түздү.

Волкова, үч-Дөбө,Советская, Колчанова, Молодая-Гвардия, Токтогула Кошиев көчөлөрүнө 16 даана , Чуйков көчөсүнө 10 м. труба сатып алынып орнотулду.

Жаңы калктуу конуштардын көчөлөрүнө шагыл төшөө, тегиздөө иштерин улантуу максатында жарыя берилген конкурстун негизинде “Юг Строй” ЖЧК менен 800 рейс шагыл төшөө иштерине 590,0 миң сомго келишим түзүлүп,

«Калма Кыя» кварталынын Калма-Кыя, Жаңы мектеп, Алмазар, Жениш, Гаппаров көчөлөрүнө 198 рейс,

«Гузар» кварталындагы Салиева, Беруний, Гагарин көчөлөрүнө 55 рейс, «Ташлак» кварталынын Супибаева көчөсүнө 58 рейс,

«ЖаныХаят» кварталындагы Ором, Сараксий көчөсүнө 140 рейс,

«Гузар-1» кварталындагы Стаханов көчөсүнө 107 рейс,

«Сараксий» кварталынын Эркиндик көчөсүнө 20 рейс,

«Мажрум Тал» кварталынын Нарматова, Атаджанов М,Салиев көчөлөрүнө 21
рейс,

-«Тазалык» МИ нын таштанды төгүлүүчү жайга баруучу жолго 65 рейс,

«Жаңы Өзгөн» кварталдарына 136 рейс шагыл төгүлдү.

Борбор жана Жаныбек казы кварталдарында балдар ойноочу аянтчаларды
куруу максатында жарыя берилген конкурстун жеңүүчүсү “Строй Инвест Ком”
ЖЧК менен 1 млн 447 мин 464 сомго келишим түзүлүп, жумуш күндүн суук
түшүп калганына байланыштуу толугу менен аягына чыкпай калды.

2016-жылда аткарылган жумуштар үчүн 2017-жылдын 1-январь айына карата
12 010,1 мин сом карыз, ал эми 2015-жылдан калган карыз үчүн 394,2 мин сом
карыз акча каражаты төлөнбөй калды.

Өзгөн шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчиктеги мүлктү
башкаруу департамента Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып
алуулар» жӨнүндӨгү Мыйзамынын негизинде 2016 жылга карата титулдук
тизмесинде бекитилген шаарда аткарылуучу жумуштарды мамлекеттик сатып-
алуулардын интернет-порталына берүү, түз келишимди тикелей түзүү,
жөнөкөйлөтүлгөн усул жана бир тараптуу усул аркылуу тендер жарыяланып.
Ошонун негизинде иштер аткарууга алынды.

2016-жылда сатып-алуулардын интернет-порталына 112 тендер берилип,
мыйзам чегинде иштер толук жана сапаттуу аткарылды десем жаңылбайм.

Урматтуу депутаттар! МММБ департамента тарабынан шаарда аткарылуучу
жумуштар үчүн 45 291 720,30 (Кырк беш миллион эки жүз токсон бир миң жети
жүз жыйырма сом отуз тыйын) сом белгиленген болсо, тендерге катышкан катышуучулардын жумуш аткаруу үчүн сунуштаган акча каражаты 35 281 878,56 (Отуз беш миллион эки жүз сексен бир миң сегиз жүз жетимиш сегиз сом 56
тыйын) сомду түздү. үнөмдөлгөн акча 10 009 841,74 ( Он миллион тогуз миң
сегиз жүз кырк бир сом 74 тыйын) сомду түзгөндүгүн сиздерге маалымат катары
айтып кетүүнү туура таптым.

     Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчиктеги мүлктү башкаруу департаменти тарабынан өңдүрүлгөн ижара төлөмдөрү, парковка салыгы жана жер салыктары келищимдер боюнча 2016-жылдын бир жылдыгында жалпысы болуп коюлган план  2743256 (эки миллион жети жүз кырк үч миң эки жүз элүү алты) сом өндүрүлүш керек болуп, анын ичинен  2610645 (эки миллион алты жүз он миң алты жүз кырк беш) сом Өзгөн шаарынын жергиликтүү бюджетине төгүлдү. 2016-жылдын эсебинен 2017-жылдын 1-январына карата калдык 153895 сом. Азыркы күнгө калдык эсебинен 38013 сом өндүрүлдү. Анын ичинен автоунаалар токточу жайлардын (парковка) ижарага алып, пайдаланып келе жаткан ээлерин келишим мөөнөтү бүткөндүктөн муниципалдык жерлерди ижарага берүү сатуу комиссиясынын жыйынтыгын негизинде конкурска коюлган. Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндөгү болжол «Умид» кафесинин жанындагы прилавкалар алынгандыктан 2015-жылга салыштырмалуу 10% пайызга аз ижара төлөмдөрү өңдүрүлгөн. Жалпы коммерциялык дүкөндөр 129, жашылдандыруу 18,
жарнамалык шиттер 15, автостоянка парковкалар боюнча 15 келишим түзүлгөн.

Урматтуу депутаттар 2016-жылда инвестиция тартуу багытындагы дагы бир топ иштер жүргүзүлдү. Атап айтканда:

Чуй-Бишкек-Талас Экофонд аркылуу шаарга чыгынды ташуучу автоууна МАЗ - 533702, жол тазалоочу жабдыктары менен 3 млн 180 миң сомдук техника алып келинди. Шаардын Маллабеков, Брежнев, Садовая, Таштак көчөлөрүндөгү ирригациялык тармагын оңдоо үчүн лоток жаткыруу үчүн Чуй- Бишкек Экофондго жазылган долбоордун алкагында 400,0 миң сомдук лотоктор сатып алынып орнотулду.

Республикалык үлүштүк(дем) берүүчү гранттардын каржылоосу менен «Ай-мээрим» балдар бакчасынын имаратын капиталдык ремонттоо жана реконструкциялоо иштери 2572,0 миң сом сарпталып жүргүзүлдү.

Шаардагы Бабур атындагы мектептин имаратын капиталдык ремонттодон өткөрүү иштерине 6,5 млн сом сарпталса, Ч.Айтматов атындагы орто мектебинин капиталдык ремонтуна 12,0 млн сом сарпталып, каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү.

Шаардын “Жаңы-Хаят” участкасына жеке ишкер Илияминов Юлчибайдын жеке инвестициясынын эсебинен балдар ойноочу аянтча, калктын эс алуусу үчүн шарттар түзүлүп, ага өзүнүн эсебинен 3,0 млн сомдук акча каражаты жумшалып, ишке берилди.

Урматтуу депутаттар, мен мүмкүн болушунча аткарылгани иштер тууралуу маалыматтарды бердйм. Кемчилдиктери бол со, же айтылбайт калгандары болсо менин замдарым, департаменттин жетекчилиги кошумча маалыматтарды берет деген ойдомун.

Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат!

 

 

Өзгөн шаарынын мэри                                            С. Пратов

 

 

 

       

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги V сессиясынын отурумунун

ТОКТОМУ                         

 

       6-апрель  2017-жыл                       № 5/2                                      Өзгөн шаары

 

Өзгөн шаарынын 2017-2020-жылдарга карата социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасынын стратегиялык планынын долбоорун жана Өзгөн шаарынын 2017-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө

 

            Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги V сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген  маселени угуп жана талкуулап,                                         

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Өзгөн шаарынын 2017-2020-жылдарга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасынын стратегиялык планынын долбоору депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен тиркемеге ылайык  бекитилсин (программа тиркелет).
  2. Өзгөн шаарынын 2017-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасы депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен бекитилсин. Өзгөн шаарынын 2017-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасын аткарууга жергиликтүү бюджеттен  37201,8 миң сом каралганы эске алынсын (Титулдук тизме тиркелет).
  3. Программаларда белгиленген милдеттердин аткарылышын камсыз кылуу жана аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Өзгөн шаардык кеңешине маалымат берип туруу жагы Өзгөн шаарынын мэри С. Пратовко милдеттендирилсин.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

                        Төрага                                              А. Джалилов

 

 

       

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги V сессиясынын отурумунун

                                              

                 ТОКТОМУ                         

 

       6-апрель  2017-жыл                       № 5/3                                      Өзгөн шаары

 

Өзгөн шаарынын Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын жетекчилигинин ишмердүүлүгүн токтотуу жөнүндө

 

 

            Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги V сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген  маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңешинин  «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча», «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» жана «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу  комиссияларынын  2017-жылдын 29-мартындагы кошмо жыйынын протоколунун негизинде,

             

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Соттук өкүмдөрдү эске алуу менен, тактап айтканда Х. Курбанов Өзгөн шаарынын жетекчилиги тарабынан 2 жолу сөгүш алгандыгын, бул дисциплинардык жазадан туура жыйынтык чыгарбастан Н.Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын жерлерин мыйзамсыз бөлүштүрүп бергендиги (соттун чечими бар) жана электроэнергиясын уурдоо жолу менен иштеткендигине байланыштуу кылмыш жаза жоопкерчилигине тартылгандыгы (соттун өкүмү бар), штаттык бирдик боюнча мыйзам бузууга жол бергендиги (соттун өкүмү бар) үчүн Өзгөн шаарынын Н.Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын директору Х. Курбанов жана бухгалтери О.Тажимаматованын ээлеп турган кызмат орундарын кароо жагы Өзгөн шаарынын мэри С. Пратовко милдеттендирилсин.
  2. Өзгөн шаарынын Н.Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын аймагындагы ижарага берилген муниципалдык жерлерге келишим түзүүнү МММБ департаменти аркылуу жүргүзүү сунушталсын.
  3. Өзгөн шаарынын Н.Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын 2017-жылдагы сметасына тактоо киргизүү Өзгөн шаарынын мэри С. Пратовко милдеттендирилсин.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча», «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» жана «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

                          

                            Төрага                                                      А. Джалилов

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин  «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча», «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» жана «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча»  туруктуу  комиссияларынын биргелешкен отурумунун

 

ПРОТОКОЛУ

 

29-март 2017-жыл                                       №2                                          Өзгөн шаары

 

Катышканы -15  депутат

Катышышты: Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы - А. Джалилов

Депутаттар: О. Каримов, А. Шарабидинов, Б. Мирзажанов, И. Мамадалиев, К.Моминов, М. Хурулбаев, М. Мирюсупов, И. Дадажанов, М. Рызакулов, Б.Шамиева, Р. Купахунов, И. Тажибаев, А. Мамазайитов, С. Турсунбаев,

Өзгөн шаарынын 1-вице-мэрин милдетин аткаруучу М.Макешев,

МММБ департаментинин директорун милдетин аткаруучу Б. Базарбаев,

 

КҮН ТАРТИБИ:

 

  • Өзгөн шаар мэриясынын 2017-жылдын 6-мартындагы Өзгөн шаарынын Н.Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багын 2017-жылдын 1-апрелинен ишмердүүлүгүн токтотуу жана бакты башкарууну түздөн-түз МММБ департаментине милдеттендирүү жөнүндөгү № 171 каты.

 

Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Моминов: Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынан 2014-2016-жылдарда канча каражат түшкөндүгү боюнча маалымат берип койсоңуз?

Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын башкы эсепчиси А.Тажимаматова: 2014-жыл ичинде 97,7 миң сом түшкөн, 2015-жылда 175,3 миң сом жана 2016-жыл ичинде 587,7 миң сом түшүрүлгөн.

Депутат К. Моминов: 2016-жылда баардыгы болуп 587,7 миң сом түшкөн болсо, жыл ичиндеги эмгек акыңарга 525,0 миң сом кеткен болсо сиздер 60,0 миң сомдун тегерегинде пайда келтирип жатасыздар, бул аз көрсөткүч.

Депутат И. Мамадалиев: Н. Азнабакиев атындагы эс алуу багы мектеп бала-бакча катары социалдык обьект катарында алар пайда келтирүүчү ишкана эмес ал эл дем ала турган обьект эсептелет.

Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын башкы эсепчиси А.Тажиматова: 97,7 миң сом түшкөндө да 500,0 тегерегинде эмгек акы төлөнүп келинген. 2015-жылдан баштап биздин паркка көңүл бурул жатат, азыркы күндө иштер жакшы жакка өзгөрүп эл көп чыгууда.    

К. Моминов: паркыңарда электр энергиясын уурдоо боюнча факт катталганы жөнүндө маалымат бар, ошол боюнча эмне дейсиз?

Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын директору Х.Курбанов: бул маселе боюнча сот болуп өттү, жоопкерлерге сот тарабынан чаралар көрүлдү.

Депутат А. Мамазайитов: эмгек акы боюнча мыйзам бузуу болдубу?

Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын башкы эсепчиси А.Тажимаматова: бул масел боюнча да сот болду жоопкерлерге чаралар көрүлдү.

Депутат И. Мамадалиев: Н. Азнабакиев багында 3 чайкана болсо алардын аренда акысы канча?

Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын башкы эсепчиси А.Тажимаматова: пайдаланып жаткан жердин аянтына карап төлөшөт.

Депутат К. Моминов: урматтуу депутаттар бул маселени «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча», «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» жана «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча»  туруктуу  комиссиялары карап жатканыбыздын себеби бирге талкуулап чечип койсок. Депутат И. Мамадалиев туура айтты бул социалдык обьект, бирок ошол паркка кете турган акчаны мектепке же бала бакчаларгы кетирсек пайдасы көбүраак болот деп ойлойм. Бул парктан мындан да көп акча каражатын түшүрүүгө мүмкүнчүлүк бар деп ойлойм. Мен Өзгөн шаар мэриясынын салык боюнча жетектөөчү адисине сессияда такталбаган жерлер боюнча бекеринен суроо берген жокмун, биз бюджетке түшө турган кошумча булактарды издеп табышыбыз керек.

Депутат И. Мамадалиев: парктын директору өзүнүн ой пикирин айтсын, белгилүү бир мөөнөткө чейин убакыт берели, же хоз-расчетко өтүүгө көзү жетеби.

Депутат И. Дадажанов: уматтуу депутаттар 2014-жылы мен шаар мэриясында адис кызматында иштеп жатканымда Х. Курбанов паркка директор болуп келген. Ошол мезгилде парктын өз имаратыда ажатканасы да жок болчу. Азыркы күндө парк өзүн өзү бага турган мезгилге келип калды. Эгерде соттун келишимдерди жокко чыгаруу жөнүндөгү чечимин карап көрсөңөр жер аянтын туура эмес көрсөтүлгөндүгү үчүн жокко чыгарып жатат. Азыркы күндө шаар мэриясы тарабынан көзөмөлдү күчөтүп өздөрүнө дагы убакыт берип көрүш керек, жерлер арендага берилип иштер жакшы жүрүп жатат.

Депутат И. Тажибаев: соттун чечими менен арендатор С. Узгенбаев менен Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багын ортосундагы келишим жокко чыгарылган, эми бул арендатор МММБ департаменти менен келишим түзө алабы.

 Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын директору Х.Курбанов: бизди өзүн өзү каржыла ала турган кылып берсеңер кирешени 1,5-2,0 млн сомго чыгарууга аракет кылабыз.

Депутат А. Шарабидинов: урматтуу депутаттар Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багы шаар мэриясынын алдындагы баг болсо, биз Х.Курбановко мүмкүнчүлүк берсек алар аткарган иштери боюнча маалымат берсе, хоз расчетко өткөнү көзү жетсе өткөрүп берели.

Депутат А. Мамазайитов: эгерде МММБ департаментине бактын ишмердүүлүгүн өткөрсөк азыркы учурда иштеп келе жаткан арендаторлорго женилдиктер болобу.

Өзгөн шаарынын 1-вице-мэрин милдетин аткаруучу М. Макешев: сот болгондон кийин биз арендаторлор менен сүйлөштүк жана Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчиктеги жерлерди сатуу жана арендага берүү укугун берүү боюнча комиссиянын отурумуна инвесторлор катары алып кирүү үчүн сүйлөштүк, бирок арендаторлор тараптан жооп келген жок. 

Депутат А. Мамазайитов: С. Пратов мэр болуп келгенден бери ушул баг боюнча чыр чыгып келе жатат. Сот закондун негизинде МММБ департаменти тарабынан келишимдер түзүлсүн деп чечим кабыл алып жатат. Мэр болсо бюджетти үнөмдөп мектеп, бала бакча курууга аракет кылып жатат. Мэрг 6-ай убакыт берип көрөлү, кандай өзгөрүүлөр болот карап көрөбүз. Мэрия жактан бекер атракциондор кылып бериш керек.

Депутат А. Шарабидинов: башкарууну МММБ департаментине өткөрүп берсек арендаторлор чайкана дүкөн куруп 5 жыл иштетип  жеке менчикке өткөрүүнү талап кылышы мүмкүн.

Депутат А. Мамазайитов: келишим түзүлүп жатканда жеңил конструкцияга куруу үчүн деп берилет.

Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директорун милдетин аткаруучу Б. Базарбаев: келишимдин шарттарында жеңил конструкцияда курулат жана мэрияга же мамлекетке керек болуп калган учурда келишим жокко чыгарылат деп көрсөтүлөт.

Өзгөн шаарынын 1-вице-мэрин милдетин аткаруучу М. Макешев: бул баг боюнча бир жылдан бери чыр  чыгып жатат, жылдын башында бактын директорун алдына чыгып өз сунуштарын сураганбыз. “Достук” багын да текшерип чыктык  азыркы күндө 320,0 миң сомдун тегерегинде салыктан карыз болуп калгандыгын аныктадык. Өзгөн шаары боюнча колунда жок үй-бүлөлөрдө 1200 тегерегинде бала бар, ошолорго майрам күндөрү бир жылда бир бекер ойноо үчүн шарт түзүүгө аракет кылып жатабыз. Сиздерге кат берүүдөн алдын биз Бишкек, Ош  шаарларын изилдеп көрдүк аларда бактарга жооптуу адистер иштейт экен, бирок өзүнчө ишканасы, директору жок экен. Бизде ушул эле жылы директор иштеп жатканда да дарактар кесилип кетти.

Депутат А. Шарабидинов: 1-2 күн майрам күндөрү үй-бүлөлүк шарты начар балдарга бекер ойнотууга шарт түзүп берсек жакшы болот эле.

 Өзгөн шаарынын 1-вице-мэрин милдетин аткаруучу М. Макешев: бактын чархпалак, чынжыр, карусель  арендага берилбейт алар МММБ департаментин балансында калып жооптуу адистер тарабынан квитанция берилип иштетилет.

Депутат А. Мамазайитов: МММБ департаменти менен арендаторлор арасында түзүлүүчү келишимде дарактарды эсептеп келишимдин шаттарына кошуп коюш керек. Арендаторлордун өзүнүн сунушунун негизинде комиссияда каралып кийин келишим түзүлөт.

Депутат И. Тажибаев: бактын аянты канча?

Өзгөн шаарынын 1-вице-мэрин милдетин аткаруучу М. Макешев: бактын аянты 9 га. Быйылкы 2017-жылда 400 түп көчөт отургузулду.

Депутат К. Моминов: бактын айланасын тосмолоого арендаторлорду мажбурлап  жатасыңарбы.

Өзгөн шаарынын 1-вице-мэрин милдетин аткаруучу М. Макешев: биз көрктөндүрүүгө берилген жерлерди тосмолоо үчүн бактын тротуарын 150 метр  бир жээгин инвестор катары ээлеген жерине жараша тосмолоого жардам берүүсүн сурадык, тосмолордун аркасына бир катар гүлдөрдү эгүүнү пландаштырып жатабыз.

Депутат И. Дадажанов: Н. Азнабакиев багын ишмердүүлүгү сезондук болуп эсептелет. Бул жердин башкаруусу МММБ департаментине өтсө, жерлер конкурска коюлат, кийин каалаган жараан утуп алыш мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Азыркы учурда иштеп жаткан арендаторлор эмне кылат. 

Депутат А. Мамазайитов: мэр өз сунушун берди, шаардын 2017-жылга карата бюджети бекитилди бактын эмгек маянасын же башка маселелерин чече албайбыз.

Депутат О. Каримов: урматтуу депутаттар Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамында спорт жана маданий эс алуу жайларды уюштуруу  мэриянын компентенциясына кириши көрсөтүлгөн, эгер ишкана жоюлуп кетсе кайра юридикалык жак катары ордуна кайтарыш кыйын маселе. Директордун иши натыйжасыз болсо аны алмаштырыш керек, бирок ишкана калсын.

Депутат К. Моминов: мен МММБ департаментинин жана Н. Азнабакиев эс алуу багын уставтары менен таанышып чыктым ишкана жок болуп кетпейт, бирок биз ишкерлердин да укугун коргошубуз керек. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №571 токтомунун негизинде арендеторлордун өзүнө инвесторлор катары берсек болот.

Депутат О. Каримов: келишим МММБ департаменти түзсө, көзөмөлдү бактын директору жүргүзсө болот.

Депутат К. Моминов: үч комиссия өздөрүн сунушун сессияда берсин.

Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын башкы эсепчиси А.Тажимаматова: биздин паркта биринчи болуп суу жана трансформатор      маселесин чечүү керек.

Депутат К. Моминов: Х. Курбанов сиз директор кызматында канчы убакыт иштедиңиз жана инвестор тартуу боюнча кандай иштерди аткардыңыз.

Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын директору Х.Курбанов: 2014-жылдын август айында Кыргыз Республикасынын премьер министрине кайрылганмын, ошондо Өзгөнгө 1,0 млн сомдук атракцион куруп беришин айткан.

Депутат К. Моминов: кат жүзүндө барбы ошол маалыматтар.

Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын директору Х.Курбанов: бар азыр жанымда жок.

  

Өзгөн шаардык кеңешинин  «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча», «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» жана «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча»  туруктуу  комиссияларынын биргелешкен отуруму

                                                ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Өзгөн шаарынын Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багын ишмердүүлүгүн токтотуу жана бакты башкарууну түздөн-түз МММБ департаментине өткөрүү маселеси Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги сессиясына сунушталсын.

         

 «Бюджет, салык жана экономика боюнча»

 туруктуу комиссиясынын  төрагасы:                                      А. Мамазайитов

 

«Муниципалдык менчик, жер маселелери,

курулуш жана архитектура, акы төлөп

кызмат көрсөтүү сферасы боюнча»

туруктуу комиссиясынын төрагасы:                                        Р. Купахуңов

 

«Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык

 мандат, депутаттык этика, укуктук

маселелер, мамлекеттик мекемелер

 жана коомдук уюмдар менен иштөө

боюнча» туруктуу  комиссиянын төрагасы:                                К. Моминов

 

 

 

 

p class=params-