Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги VII  сессиясынын отурумунун

ТОКТОМУ     

              27-сентябрь  2017-жыл              № 7/1                   Өзгөн шаары

  

Өзгөн шаар мэринин 2017-жылдын 6 айы ичинде аткарган иштери жөнүндөгү отчету

 

           

     Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги VII сессиясынын отуруму  Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык күн тартибине киргизилген «Өзгөн шаар мэринин 2017-жылдын 6 айы ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндөгү отчету» боюнча Өзгөн шаар мэринин милдетин аткаруучу Р. Атаджановдун маалыматын угуп жана талкуулап,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Өзгөн шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууда Өзгөн шаар мэринин 2017-жылдын 6 айы ичинде жүргүзгөн иштери канаттандыраарлык деп  табылсын.

  

  1. Отчетту талкуулоонун жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштарды аткаруу боюнча иш-чара түзүү жана анын аткарылышын камсыз кылуу жагы Өзгөн шаар мэрине милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага                                          А. Джалилов

 

 


Өзгөн шаарынын мэринин  2017-жылдын 6 айындагы  социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы жөнүндө маалыматтык отчету

 

          Ассалому алейкум урматтуу депутаттар, урматтуу сессиянын катышуучулары, урматтуу төрага!

 

       Өзүңүздөргө белгилүү болгондой мага учурда мэрдин милдетин убактылуу аткаруу вазийпасы жүктөлгөнүнө байланыштуу “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”  мыйзамдын 44-беренесинин 8-пунктунда белгиленген талапка ылайык, мэрдин ыйгарым укуктарына таянуу менен алдыңыздарга чыгып, жарым жылдын ичиндеги шаардагы иштердин жалпы абалы, бюджеттин аткарылышы, шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, калкты социалдык жактан коргоо программаларынын аткарылышы, Билим берүү тармактарындагы, калкты таза суу менен камсыз кылуу, тазалык ж.б. багыттардагы аткарылып жаткан иштер жөнүндө отчет берүү үчүн алдыңыздарга чыгып отурам.

       Ошондуктан урматтуу депутаттар, уруксат берсеңиздер жогоруда белгиленген багыттар боюнча аткарылган иштерди баяндап берейин:

      Жергиликтүү  маанидеги маселелерди чечүүдөгү мэриянын биринчи кезектеги милдеттеринин бири- калктын суроо-талаптарын орундатуу болуп саналары барыбызга белгилүү. Сөзүмдү ушул багытка бурсам; быйылкы жылдын 6 ай ичинде шаар мэриясына 546 арыз келип каттоо журналына катталган. Алардын ичинен 58 арыз жеке турак жай салуу үчүн чек (участок) сураган, 59 арыз материалдык жардам сураган болсо, 6 арыз “Өзгөчө кырдаалга” байланыштуу болду. Ал эми 183 арыз муниципиалдык жерлерди ижарага алып иштетүү, сатып алуу, келишимдерди узартууга карата жана жашап жаткан үйлөрүн мыйзамдаштырууга байланыштуу жазылган. 9 арыз мыйзамсыз соодага байланыштуу, калган 91 арыз ар түрдүү маселелер боюнча келип түшкөн.

     Азыркы учурда 511 арызга толугу менен жооп берилип, 10 арыз боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, маалымат катары тиркелди. Ал эми 25 арыз аткарууга алуу үчүн МММБ департаментине жөнөтүлдү.

2017-жылдын  6 ай ичинде жогорудагы айтылган арыздардын негизинде жерлерди ижарага берүү, келишимдердин мөөнөттөрүн  узартуу жана өзү жашап жаткан үйлөрүн мыйзамдаштырууга карата мэриядан 110 токтом чыгып, атуулдардын арыздары канааттандырылды.

     Өзгөн шаар мэриясынын эсебиндеги  2017-жылга карата сметасы  боюнча  сарпталган акча каражаттары боюнча маалымат берсем:

Өзгөн шаар мэриясынын бюджетинин эсебинен  2017- жылдын 6 айында  бир топ  иштер аткарылды. Атап айтсам:

1.Шаар тургундарынын жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөргө Өзгөн шаар мэриясынын резервдик фонду эсебинен -83 000 сомдук жардам берилди.

  1. Ар түрдүү кесиптик майрамдарга карата -12700 сом:

3.Мектептерге кадрлар даярдоо боюнча-60000 сом:

  1. Мектеп окуучуларын олимпиадаларга катышуусу үчүн төлөнгөн сапардык чыгымдар -29200 сом:
  2. А.Темур атындагы №5 орто мектептин педогогикалык коллективин «Жылдын мектеби -2017» конкурсунун Ош облустук этабына катышуусун камсыздоо үчүн-10 000 сом:
  3. Баатыр энелерди сыйлоо жана 8-март аялдардын эл аралык майрамына карата асылзаада айымдарды сыйлоо үчүн-49040 сом:
  4. «2017-жыл-ыйман, адеп жана маданият жылына» карата Улуттук күрөш боюнча достук оюнун өткөрүү үчүн-45000 сом:
  5. Улуу жеңиш майрамынын 72-жылдыгын, апрель революциясы күнүн өткөрүү, ЧАЭСте кызмат өтөгөн ардегерлерге сый көрсөтүү максатында-22000 сом
  6. «Билим берүү мекемелерин 2017-2018-жаңы окуу жылына карата өз убагында сапаттуу даярдоо» боюнча кароо-сынактын жыйынтыгы жана август конференциясын өткөрүү үчүн-50400 сом Өзгөн шаар мэриясынын резервдык фонду эсебинен каржыланды.

Мындан сырткары:

  1. Жаңы Өзгөн кварталынын күн чыгыш тарабында жайгашкан каналды жана шаарда жайгашкан Фарход каналын тазалоо үчүн шаар мэриясынын сметасы эсебинен-345000 сом:
  2. Үч-Дөбө кварталында жайгашкан көрүстөндүн тегерегин тосмолоо үчүн-128 000 сом акча каражаты сарпталды.

                                        

      Урматтуу депутаттар!    2017-жылдын башынан эле шаар мэриясы колдо болгон баардык мүмкүнчүлүгүн шаардын экономикасын жогорулатуу аркылуу калктын социалдык абалын жакшыртуу маселелерин чечүүгө буруп, тийиштүү иш аракеттерди жүргүзүп келе жатабыз. Өзгөн шаарынын бюджетинин киреше булагын көбөйтүү максатында 2017-жылдын февраль айынан тартып Өзгөн шаарынын аймагында жайгашкан мекеме, уюм жана жеке ишкерлер боюнча дислокация жүргүзүлүп, тизмелери кайрадан такталып, тиешелүү иш-чаралар белгиленип, тактоо иштери жүргүзүлдү.  Жыйынтыгында шаар ичинде 4 ресторан, 107 коомдук  тамактануу жайлары, 3  ун  заводдор, 5 кондитердик  цехтер, 34 нан бышыруучу жайлар, 14  нуска  көчүрмө  жана  вебкассалар, 4 сүрөткана, 14 фирмалар, 35 чачтарачканалар, 8 акча алмаштыруучу  жайлар, 30 бут  кийим  оңдоочу  жайлар, 5 компьютер  ойноочу  жайлар, 30 даарыкана-аптекалар, 6 агроветаптека, 31  чайканалар, 8  пластик  эшик  жана  терезелер  даярдоочу  ишканалар, 25 тигүү цехтери, 4 тыныке  басып  чыгаруу  цехтери,  175 азык-түлүк  дукөндөрү, 4 майжуваздар, 8 авто  унаа  жуучу жайлар, 36  авто  унаа  тетиктерин  сатуучу  жайлар, 14 дөңгөлөктөрдү  желимдөөчү  жайлар, 17  май  алмаштыруучу  жайлар, 46  авто  унаа  оңдоочу  жайлар, 7 мончо, 65 касапканалар, 3 эстелик жасоочу жай, 8 авиакасса, 38 биллиард ойноочу жай, 9  ломбард, 4 ватачесалка, 2 заправка жана 17 кичи базарлардын ичинде  130 магазин, 410 контейнер, 37 ларек жана киоскалар, 277 прилавкалар, “Пазилат” соода  борборунда 29 соода  дүкөндөрү калкка кызмат көрсөтүү багытында иш жүргүзүүдө жана алардын тейлөөсүнөн, кызмат көрсөтүүсүнөн, мыйзам чегинде шаар бюджетине салык түшүүдө.

      Урматтуу депутаттар жана сессиянын катышуучулары, шаардын бюджети негизинен салыктын эсебинен түзүлөрүн эсепке алуу менен бере турган маалыматымды ушул багытка бурууну туура таптым:

     2017-жылга Өзгөн шаарынын бюджети жалпысынан  73980,6 миң сом өлчөмүндө  бекитилген. Анын ичинен: салык жана салык эмес  төлөмдөр  68980,6 миң сомду, ал эми атайын каражаттар 5000,0 миң сомду түзөт.

2017-жылдын  6 айынын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бюджетке салык жана салык эмес төлөмдөрдөн 40009,0 миң сом, атайын каражаттардан 2400,3 миң сом, бардыгы болуп 42409,3 миң сом киреше жыйналып, бекитилген планга салыштырмалуу 5879,2 миң сомго ашыкча аткарылып, өсүү темпи 116.1% түздү.

   2017-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен такталган планга салыштырмалуу жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн анализдеп көрсөк, салыктардын жана жыйымдардын 12 түрүнөн 9 түрү боюнча  жеткирилген план тапшырмасы ашыгы менен аткарылды. Тактап айтканда, салык агенти төлөгөн  милдеттүү патенттин негизиндеги салыктан 386,5 миң сомго,  ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык 548,0 миң сомго, транспорт салыгы 1210,0 мин сомго, физикалык жактардан алынуучу жер салыгы 1400,8 миң сомго, айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы 46,8 миң сомго, айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы 716,0 миң сомго, жер үчүн ижара акы  157,6 миң сомго, автотранспортторду парковкалоо үчүн алым 233,9 мин сомго, сатуудан алынуучу салык 2017,4 миң сомго ашыкча өндүрүлдү. 

     Ал эми салыктын  3 түрүнөн: бирдиктүү салык 236,8 миң сомго, киреше салыгы  1060,3 миң сомго, кыймылсыз мүлк үчүн салыктан 35,7 мин сомго планга салыштырмалуу кем аткарылды.

 

  Өзгөн шаарынын 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү боюнча салыштырма  таблицага көңүл бурсак:

 

План-тапшырмалардын аткарылышы:

2016-жылдын

6-айында

2017-жылдын

6-айында

Өсүү темпи %

Өнөр- жай азыктарын өндүрүү, эмгек жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы көлөмү

93493,7

 

105647,2

113,0

Эт - тонна

307

311

101,3

Сүт – тонна

1330

1350

101,5

Жумуртка – миң даана

296

298

100,7

Жүн - тонна

19,5

19,5

100

Капиталдык салым – миң сом

98672,0

51263,0

52,0

/йлөрдүн саны – даана

47

97

эки эссе

Турак жай курулушу – кв.метр

5571

10723,0

192,5

Жүргүнчүлөр жүгүртүүсү - миң км.

8842,7

8944,9

101,2

Жук ташуу – миң тонна

70

72,1

102,9

Расмий катталган жумушсуздардын саны – январь-июнь айларына карата

1026

609

59,4

Орточо айлык акы- январь-июнь айлары

10017,6

10648,0

106,3

Чекене товар жүгүртүүнүн жалпы көлөмү - 

1457626,0

16011804,0

104,6

Рыноктук кызматтын жалпы көлөмү - миң сом

114859,0

122680,0

104,0

Калкка рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү - миң сом

114859,0

122680,0

104,0

 

 

    Урматтуу депутаттар!      Шаардын бюджети 2017-жылга карата 73 980,6 миң сомго бекитилген болсо, анын ичинен шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү (жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү) максатында  Өзгөн шаардык кеңеши  тарабынан 2017-жылга карата Өзгөн шаарында аткарылуучу иштердин тизмеси (титулдук тизме) сессияда каралып, 39 млн. 590 миң сомго сиздер тараптан бекитилип берилген. Ошол бекитилген титулдук тизмеге ылайык 2017-жылдын 6 айында шаардын аймагында  МММБ департаменти аркылуу  бир топ ийгиликтүү иштер аткарылды. Шаардык кеңештин сессиясынын токтомуна ылайык 2017-жылдын 6 ай ичинде аткарылган жумуштар үчүн жалпысынан 15 985 211 сом которулуп берилди. Ал эми калган сумма 23604789 сом акча каражаттары аткарылган жумуштардын эки тараптуу келишиминин негизинде каржыланып берилүүдө. 

         Шаар мэриясынын календардык иш пландарына ылайык шаардын аймагын жашылдандыруу, көрктөндүрүү максатында жарыяланган 3 айлыктын алкагында 150 түп мажевенник көчөттөрү  шаардын Мукумий, А.Темур көчөлөрүндөгү жолдордун жээктерине отургузулду, көчөттөрдү сатып алууга жалпысынан 45,0 миң сом акча каражаты  каралып, алты айдын жыйынтыгы менен ашыкча аткарылган пландын эсебинен каржыланып берилет. Алардын көгөрүп өсүшү үчүн тийиштүү шарттарды көрүү жагы кварталдык комитеттердин төрагаларына тапшырылган. 150 түп карыз өндүрүлүп “Гузар” кварталынын А.Темур көчөсүнө, “Төрт-Көчө” кварталынын Мирзарахимов көчөлөрүнө кургап калган көчөттөрдүн ордуна эгилди.

           

      Өзгөн шаарынын ирригациялык тармагын оңдоп-түздөө үчүн ажыратылган 1 507 000 сом эсебинен керектелүүчү курулуш материалдарын сатып алууга тендер жарыяланып, 1 447 000 сом сунушу менен «Токошев» ЖЧКсы утушка ээ болгон жана толугу менен 1447000 сом акча каражаты которулуп берилген. Андан үнөмдөлгөн акча каражаты 60,0 миң сомду түзгөн.       

     Ал акча каражаты төмөндөгүдөй максатта чыгымдалды:

 

Кварталдык комитеттердин

аталышы

 Цемент, кг

Шагылдын  рейси

Көчөлөрдун аталышы

Латоктун

метри

1

Төрт-Көчө

17550

15

Навои

250

2

Калмак-кия

6800

18

Садавая, Ломоносов

260

3

Таштак

21150

51

Фуркат, А. Темур, Ломоносов

630

4

Жаны-Турмуш

13400

14

Абдулатипов, Бегелдинова

490

5

Жузумзар

14300

29

Камунисическая

530

6

Кайрагач

5500

6

Гагарин, Баш-Дөбө

430

7

Уч-Дөбө

11050

8

А.Каххор, Шайхзода, Гагарин

458

8

Улукбек

5950

15

Абдулатипов, Навои

300

9

Мажрумтал

6100

6

А.Темур

210

10

Мажрумтал- 1

3300

7

А.Темур

150

11

Жаны Өзгөн

3550

-

 

 

12

Кумдук

8300

11

Толстой, Айбек

562

13

Шарк

12450

44

Ленин,

580

14

 Гузар

2800

8

Мавлянов

70

15

 Жаны хает

1000

 

Көпүрө ремонт

 

16

 Сарахсий

5100

6

 

140

17

“Ай-мэрим” балдар бакчасы

1300

 

Стяжка куйган

 

18

Алишер Навои атындагы орто мектеб

400

 

Навеске фундамент

 

 

Жыйынтыгы:

140000

 

 

5060

        

        Долбоорлор менен иштөөгө ажыратылган 523, 0 миң сом  акча каражатынан: С. Шарипов атындагы № 1 орто мектебинин кошумча корпусун куруу долборун даярдоо үчүн 51,0 миң сом, “Таштак” кварталындагы балдар бакчасын  долбоорун даярдоо үчүн 139,0 миң сом, (эки тараптуу келишимдин негизинде 41700 сом каржыланып берилип, 97300 сом карыз акча каражаты калды), Өзгөн шаарынын борбордук базарынын алдындагы “Манас”көчөсүнүн бөлүгүндө асма көпүрөө курууга долборун даярдоо үчүн 150,0 миң сом, Фарход, Узгенская, 70 лет Октября көчөлөрүн асфальттоо боюнча долборлоо-сметалык иш кагаздарын даярдатуу үчүн 147 572 сом 30 тыйын, Янги-Обод, Хлопкомская көчөлөрүн асфальттоо үчүн долбор сметасын даярдоо үчүн 22 000 сом сарпталды. /нөмдөлгөн акча каражаты 13 428 сомду түзгөн. Жалпы которулган акча каражаты 412272 сомду түздү.

       Долбоорлорду экспертизадан өткөрүү үчүн 73959 сом акча каражаты толугу менен төлөнүп берилди (андан 7223 сом Курманжан-Датка мектебинин футбол аянтчасынын экспертизасына, 22 830 сом С. Шарипов атындагы орто мектебинин кошумча корпусунун экспертизасына, 42 769 сом  А. Навои мектебинин балдар бакчасынын экспертизасына, 1 137 сом “Жаныбек Казы” кварталына курулуп жаткан ажаткананын экспертизасына) жана жумуш толугу менен аткарылды.

 

 -Билим берүү тармактары боюнча каржыланган иштерге  токтолсом:

Шаардагы  Алишер Навои атындагы № 6 орто мектебинин чек арасында жайгашкан балдар бакчасын куруу үчүн 32 705 000 сомдук смета жасатылып, балдар бакчасын курууга жумуш аткаруучу тандап алуу үчүн тендер жарыяланган, тендерден 21 599 392 сом акча каражатын сунуштап АК “МСПМК-2” утушка ээ болуп, өз ишин баштады, 2017-жылдын эсебинен балдар бакчаны куруу үчүн 10 000 000 сом каралган. Ал эми калган 11 599 392 сом 2018-жылдын I-II кварталында төлөнүп берилет.

            С.Шарипов атындагы мектептин кошумча бөлмөлөрүн куруу үчүн 22 798 008 сомдук смета даярдалып, жумуш аткаруучу тандап алуу үчүн тендер жарыяланган, тендерден 16 404 479 сом акча каражатын сунуштап, “Кубай” ЖЧКсы утушка ээ болуп, өз ишин баштаган, учурда 2 000 0000 сом которулуп берилди, 8 000 000 сом жумуштун аткарылышына карап төлөнүп берилет. Ал эми калган  6 393 539 сом 2018-жылдын 1-2 кварталында төлөнүп берилет.

 

Өзгөн шаарынын «Жаныбек казы» кварталындагы ажаткананы куруу үчүн 500 000 сом акча каражаты каралган, бирок  691 000 сомдук смета даярдалып, жумуш аткаруучу тандап алуу үчүн тендер жарыяланган, тендерден 339 307 сом акча каражатын сунуштап, “Империя Кахаров” ЖЧКсы утушка ээ болгон, үнөмдөлгөн акча каражаты 160 693 сом.  “Империя Кахаров”өз ишин баштаган, учурда 101700 сом которулуп берилди, калган 237607 сом жумуштун аткарылышына карап төлөнүп берилет.

 

Өзгөн шаарынын көчөлөрундөгү жолдордун ункур-чуңкурларын (ямочный) оңдоп-түздөө үчүн ажыратылган  468 464 сом  акча каражатынын эсебинен, жумуш аткаруучу тандап алуу үчүн жарыяланган тендерден “Токошев” ЖЧКсы 468 464 сом акча сунушу менен утушка ээ болуп, 117 116 сомдук кошумча жумуш аткарган. Жалпы суммасы 585580 сомду түздү.  Акча каражаты 6 айдын жыйынтыгы менен төлөнүп берилет.

Архитектура жана шаар куруу башкармасына жыл ичинде долбоорлоо-сметалык документацияларды даярдатуу үчүн 334700 сом каралган. Шаар куруу жана архитектура башкармалыгында ар түрдүү багытта жасалган иш кагаздары  үчүн 419366 сомдук иш аткарылды,  334 700 сом өткөрүлүп берилди 84666 сом калды.

 

2017-жылда асфальттоо жумуштары үчүн акча каражаты каралбагандыктан, 2018-жылдын акча каражатынын эсебинен Өзгөн шаарынын инфрастуруктурасын жакшыртуу максатында.

 

            Шаардагы Шейхзада көчөсүндөгү узуну 152 метр, туурасы 4 метр жолду, 6 сантиметр калыңдыкта  асфальттоо үчүн 799 593 миң сомго келишим түзүлгөн. 

           А. Кахаров көчөсүн узундугу 149 метр, туурасы 5 метр жолду 6 см калыңдыкта асфальттоо үчүн 620 426 миң сомго келишим түзүлүп, жумуш толугу менен аткарылды. Аткарылган жумуштар үчүн акча каражатары 2018-жылы төлөнүп берилет.

Маданият көчөсүнөн Жуков көчөсүнө чейинки жолдун узундугу 389 метр, туурасы 5 метр калыңдыгы 6 см түзгөн бөлүгүн асфальттоо үчүн 2 332 422 сомго келишим түзүлүп, жумуш толугу менен аткарылды. Акча каражаты 2018-жылы төлөнөөрү келишимде көрсөтүлдү.

2016-жылда аткарылган жумуштардан 01.01.2017-жылга карата калган карыз акчаны төлөө үчүн 12010106 сом акча ажыратылган. Анын ичинен 11615580 сом которулду, 394526 сом калды.

Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчиктеги мүлктү башкаруу департаменти тарабынан  шаар аймагындагы ижарага берилген жерлердин эсебинен  2017-жылдын 6 айынын ичинде 1364549 сом өндүрүлгөн. Анын ичинен коммерциялык багыт боюнча 1045337 сом, автоунаа токтоочу (парковка) жайлардын эсебинен 319212 сом өндүрүлгөн. Азыркы күндө шаардын ичиндеги  7 (жети) автоунаа токтоочу жайлардын эки тараптуу келишим мөөнөтү бүткөндөрүнүн конкурстун жыйынтыгы менен келишимдери узартырылды. Алардан:

  1. Өзгөн шаарынын «Борбор» кварталынын Кошуев көчөсүндөгү 365,0 чарчы метр жер тилкеси Козубай уулу Аскат
  2. Өзгөн шаарынын №20 кварталынын Кошуев көчөсүндөгү 150,0 чарчы метр жер тилкеси Арыкова Айнура
  3. Өзгөн шаарынын «Шарк» кварталынын Жуков көчөсүндө жайгашкан 180,0 чарчы метр жер тилкеси Маматова Октамхон
  4. Өзгөн шаарынын «Шарк» кварталынын Ленин көчөсүндө жайгашкан 123,0 чарчы метр жер тилкеси Ибрагимова Муратхон
  5. Өзгөн шаарынын «Борбор» кварталынын Манас көчөсүндө жайгашкан 300,0 чарчы метр жер тилкеси  Шамиева Бурал
  6. Өзгөн шаарынын «Жаңы-турмуш» кварталынын Ленин көчөсүндөгү 273,0 чарчы метр жер тилкеси Ибраимов Эрлан
  7. Өзгөн шаарынын «Жаңы-турмуш» кварталынын Ленин көчөсүндөгү 288,0 чарчы метр жер тилкеси Аширбаева Гулмира менен. 

     2017-жылдын эсебинен жер комиссиясынын жыйынтыгы жана конкурстун жыйынтыгы менен азыркы күнгө чейин 31 жаран менен  эки тараптуу ижара келишими  түзүлгөн. 2017-жылдын алты айынын ичинде МММБ департаменти аркылуу “Өзгөн нуру” газетасына жарыя берилип эки жолу конкурс өткөрүлдү. 

           Ижарага жана парковкаларга берилген жерлер төмөндөгү таблицага ылайык маалымдалат:

 

 

Айлардын аталышы

 

Ижара акысы 2017-ж

парковка акысы 2017-ж

План

Атк.

Раз.

%

План

Атк.

Раз.

%

1

Январь

134200

110903

-23297

83

51400

33225

-18175

64

2

Февраль

134200

161069

+26869

120

51400

67549

+10149

131

3

Март

134200

184697

+50497

137

51400

64258

+12858

119

4

Апрель

123700

123669

-1

99

51400

43690

-7710

85

5

Май

262300

262300

0

100

51400

58433

+7033

113

6

Июнь

161900

202699

+40799

125

51400

52057

+657

101

 

Жалпысы:

950500

1045337

 

 

308400

319212

 

 

2017-жылдын 1-жарым жылдыгына карата келип түшкөн арыздар боюнча маалыматтар:

 

Арыз кайрылуулардын мазмуну

Январь

Февраль

Март

Апрель

Май

июнь

Жалпы саны

Канаттандырылгандар

Канаатандыруусуз калтырылгандар

1

Ижарага жер берүү маселеси  боюнча

9

6

 

8

10

12

45

26

19

1-а

Ижара маселеси боюнча арыздарды аткарууга алуу үчүн тиешелүү органдарга кат жөнөтүлгөндөр

15

18

19

14

4

2

72

 

 

-

 

 

-

2

Келишимдин мөөнөтүн узартуу боюнча

 

4

5

6

1

5

3

24

19

5

3

Келишимдин мөөнөтүн токтотуп туру боюнча

 

2

1

 

1

1

5

3

2

4

Жерди мыйзамдаштыру(менчиктештирүү)боюнча

4

 

 

1

 

 

5

3

2

5

Авто ууна токтоочу жер жана стоянка маселеси боюнча

1

2

1

1

 

2

6

3

3

6

Акча каражатын сурап кайрылгандар

 

 

 

2

4

2

1

7

16

12

4

7

Ар түрдү маселелер боюнча

16

22

17

20

17

18

113

108

5

8

Башка органдардан келген каттар боюнча

5

3

9

6

12

6

41

40

1

 

 

2016-жылда аткарылган жумуштардын   01.07.2017-жылга карата карыз акча каражаты.

Жумуш аткарган жеке ишкерлердин жана жоопкерчилиги чектелген коомдордун аталышы

аткарылган жумуштардын аталышы

келишимде көрсөтүлгөн акча каражаты

өткөзүлгөн акча каражаты

01.01.2017- жылга карата калдык

2017-жылда өткөзүлгөн акча каражаты

01.07.2017-жылга карата калдык

Дт

Кт

Дт

Кт

1

ЖЧК "Строй Инвест Ком"

Борбор кварталына балдар аянтча куруу 786928с, Жаныбек казы кварталына балдар аянтча куруу 660536с.

1447464,0

950000,0

0,0

497464,0

497464,0

0,0

0,0

2

ЖЧК "Токошев"

Ала-Тоо атындагы көчөсүн 170м аралыгын асфальтоо

495600,0

259000,0

0,0

236600,0

236600,0

0,0

0,0

3

ЖЧК "Эл-Атажурт"

Мектептер үчүн химиялык реактивдүү лабораториялык аспаптарды сатып алуу

52928,0

15878,0

0,0

37050,0

0,0

0,0

37050,0

4

ЖИ Исаков З

полиэтилен труба сатып алуу (кошумча келишим)

12000,0

0,00

0,00

12000,0

0,0

0,0

12000,0

5

ЖЧК "Элит Аймак Курулуш"

Крупская көчөсүн асфальтоо 246м туурасы 4м, калындыгы 6см. (Кошумча келишим)

279896,0

0,00

0,00

279896,0

0,0

0,0

279896,0

6

ЖЧК "Аль-Фирдаус"

С.Шарипов балдар ашканасын куруу (кошумча келишим)

237868,0

0,00

0,00

237868,0

237868,0

0,0

0,0

7

ЖИ Кулматов К.К

В.И.Ленин мектеп класстарын ондоо (Кошумча келишим)

65580,0

0,00

0,00

65580,0

0,0

0,0

65580,0

8

ЖЧК "Токошев"

Волкова,Панфилова көчөлөрүн кеңейтүү 1метрге (кошумча келишим)

811351,0

0,00

0,00

811351,0

811351,0

0,0

0,0

9

ЖЧК "Токошев"

Бегелдинова көчөсүн асфальтоо узуну 721м,туурасы 4,5,6 калындыгы 6см.

2922270,0

0,00

0,00

2922270,0

2922270,0

0,0

0,0

10

ЖЧК Токошев

Ленин көчөсөн Кошиева көчөсүнүн кесилишинен Манас көчөсүнө чейин асфалтоо узуну 254м, туурасы 7м,калындыгы 6см.(кошумча келишим)

330183,0

0,00

0,00

330183,0

330183,0

0,0

0,0

11

ЖЧК Токошев

Ленин көчөсөн Кошиева көчөсүнүн кесилишинен Манас көчөсүнө чейин асфалтоо узуну 254м, туурасы 7м,калындыгы 6см.

1527313,0

0,00

0,00

1527313,0

1527313,0

0,0

0,0

12

ЖЧК Токошев

Токтогул көчөсүн асфальтоо узуну 685м, туурасы 5м, калындыгы 6см.

2598088,0

1600044,00

0,00

998044,0

998044,0

0,0

0,0

13

ЖЧК Токошев

Волкова,Панфилова көчөлөрүн асфальтоо узуну 650м,туурасы 6м, калындыгы 6см.

3531486,0

3000043,00

0,00

531443,0

531443,0

0,0

0,0

14

ЖЧК Токошев

Советская кочосун асфальтоо узундугу 580м,туурасы 4м,калындыгы 5,6см.

1825635,0

1000000,00

0,00

825635,0

825635,0

0,0

0,0

15

ЖЧК Тома

Мавлянов кочосүн асфальтоо узундугу 572м,туурасы 5м,калындыгы 6см.

2149318,0

1000000,00

0,00

1149318,0

1149318,0

0,0

0,0

16

ЖЧК "Тома"

Бобур Мырза,Амур Тимур көчөлөрүн асфальтоо узундугу 435м.

1548091,0

0,00

0,00

1548091,0

1548091,0

0

0,0

 

Жалпы:

 

18286980,0

7824965,0

0,0

12010106,0

11615580,0

 

394526,0

 

                                                                                                   

                                                                                                                        

Шаардык  Билим берүү тармагындагы аткарылган иштерге токтолсом:

 

    2016-2017-окуу жылында мектептерде жалпы 341 бүтүрүүчү болсо, анын ичинен 179 (52,5%) бүтүрүүчү жалпы республикалык тестке катышуу үчүн каттоодон өтүп, 176 окуучу тестке катышты, Ч.Айтматов атындагы орто мектептен 1 окуучу, Бабур атындагы орто мектептен 2 окуучу ооруп калгандыгына байланыштуу тестке катышпай калды.

            Жалпы Республикалык тесттин жыйынтыгына көңүл бурсак: 

  1. Салижан Шарипов атындагы орто мектепте: тестке катышкан 35 бүтүрүүчүдөн 14 бүтүрүүчү босого баллдан өткөн. Эң жогорку баллды алган окуучулар: Алижанов Муслимбек-152 балл, Исламов Мухаммадиер-154 балл, Маматалиева Айжамал-175 балл алган.
  1. В. И. Ленин атындагы орто мектепте тестке катышкан 23 бүтүрүүчүдөн 1 бүтүрүүчү босого баллдан өтүп, начар көрсөткүчтү берген.
  1. Бабур атындагы орто мектепте: тестке катышкан 17 бүтүрүүчүдөн  1 бүтүрүүчү босого баллдан өткөндүгү өкүндүрөт.
  2. Чынгыз айтматов атындагы орто мектепте: тестке катышкан 22 бүтүрүүчүдөн 3 бүтүрүүчү босого баллдан өткөн. Эң жогорку баллды Касымжанова Шахноза 121 балл, Султанова Нафиса 128 балл алган.
  3. Амир Темур атындагы орто мектепте тестке катышкан 15 бүтүрүүчүдөн 1 бүтүрүүчү босого баллдан өткөндүгү жогоруда белгиленген «Билим сапатынын» көрсөткүч пайызы формалдуу экендигинен кабар берет.                                                                                                                                                                                                                                                                    
  4. Алишер Навои атындагы орто мектепте тестке катышкан 16 бүтүрүүчүдөн бир дагы бүтүрүүчү босого баллдан өткөн эмес.
  5. №7  мектеп-гимназиясында тестке катышкан 12 бүтүрүүчүдөн 5 бүтүрүүчү босого баллдан өткөн. Эн жогору баллды Давронбек кызы Холидахон 125, Султанали уулу Оятилло 125 балл алган.
  6. Курманжан Датка атындагы орто мектепте тестке катышкан 28 бүтүрүүчүдөн 13 бүтүрүүчү босого баллдан өткөн. Эң жогору балды Бекташова Диана- 156, Абжаппарова Мохичехра - 158 балл, Мойдунов Каныбек - 177 балл, Ысманова Бактыгул- 181 балл алган.

Жалпысынан алганда тестке катышкан 176 бүтүрүүчүдөн 38 бүтүрүүчү босого баллдан өткөн. Тактап айтканда 21,6 %  окуучулардын гана билим денгээли канааттандырарлык абалда болгон.

 Өзгөн шаарындагы мектептердин көрсөткүчүн башка айыл-кыштактардагы мектептерден да төмөн экендиги өкүндүрбөй койбойт. Жыйынтыктап айтканда ШБББ дөгү аткарылып жаткан иштер мени канааттандыра элек. Буга далил катары 2016-2017-окуу жылындагы Республикалык тесттин жыйынтыктары жана босого баллдан өтүп, учурда ЖОЖ дордо окуп жаткандар боюнча маалыматты келтирсем туура болот деген ойдомун. Төмөндө таблица катары маалыматтар берилет:

 

 

Мектептердин аталышы

ЖРТга катышкан  окуучулардын  саны

Жогорку балл алган  окуучулар

Жогорку окуу жайга өткөн окуучулар

Окуу жайынын  аталышы

Эскертүү

1

С.Шарипов атындагы  №1 орто мектеп

 

35

14

Маматалиев  Айдар

 

 Г.Чебоксары Мед.фак

 

 

Каримбаев Сухбатилло

Ош Мед.институт

 

Ахунбаев Одил

 КРСУ

 

Токтомамат кызы Асел

БГУ

 

Халмурзаев Шахбоз

ОГУ

 

Маматалиева Айжамал

Мед.акад.

 

Алижанов Муслим

КГСУ

 

Атаджанова Наргиза

БГУ

 

Исламов М-диер

 Меж.Отн.Ин.фак

 

 Рудова Светлана

ОГУ

 

Сайдуллаев Хикматилло

Мед.институт

 

 Тажимаматова  бегаим

Мед.кол 

 

Кочкарова Гулхумор

Мед.кол

 

Шамшиева Кызжибек

Мед.кол

 

2

В.И.Ленин атындагы №2 орто мектеп

23

1

Эргешова Муккарам

ОшТУ

 

3

Бабур атындагы  №3 орто  мектеп

19

1

Жамолдин кызы Комила

ОшТУ

ОшГУ физ.мат

 

4

 

 

Ч.Айтматов атындагы №4 орто мектеп

 

28

3

Султонова Нафиса

ОГУ Гео.фак

 

Косимжонова Шахноза

ОГУ Хим.биол.фак

 

Эргашбоева  Сурайе

ОШКӨУ физ.мат

 

5

А.Темур  атындагы №5 орто мектеп

 

 

Мирсолиева  Фатима

ОшГу Мед.фак

 

 

 

 

6

А.Навои  атындагы №6 орто мектеп

18

16

-

-

 

7

№7 мектеп-гимназия

12

6

Азимова Зарнигор

ОшМУ Мед. Инст.

 

Давронбек кызы Халида

ОшМУ биолог

 

Султанали уулу Оятилло

ОшМУ ин.фак

 

Пазылжанов  Хасанбай

ОшМУ ин.фак

 

Мойдунов фархат

ДЖАМУ

 

8

Курманжан датка атындагы №8 орто мектеп

28

10

Данияр кызы Адина

КГПИ журналистика

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ураева Айдай

ОШГУ Меж.фак

 

Бактыбекова  Максат

БИМ экон. Фак

 

Ысманова  Бактыгуль

Мед.акад

 

Бекташева Диана

ОшГУ Ин.фак

 

Чыбышова  Бегимай

ОшГУ бухчет

 

Таштанова Айтурган

Биш.ш БИМ

 

Ниязова Шахрезада

Биш.ш Юр.фак

 

Кылычбеков   Манас

ОшГУ финансист

 

Мойдунов Каныбек

Биш.ш Юр.фак

 

Абжапарова Мохичехра

Мед.институт

 

Өмүрбек кызы Эльнура

ОшГУ БИМ

 

Каныбекова Бермет

ОшТу

 

 

Шаардык мектептерде 2016-2017-окуу жылындагы ийримдер жөнүндө маалымат:

 

Мекеменин

аталышы

Кружоктун аталышы

Кружоктун

жетекчиси

 

Жетишкендиги

Эскертүү

1.

В.И.Ленин атындагы №2 орто мектеп

Колубузда жасайбыз

 

А.Ахмерова

М.Хайдаралиева

 

4-5-6-класстар арасында аппликация, ылайдан болгон көргөзмөлөрдө Мамасидикова Камола, Аманбаева Рукиянын жасаган иштери  ийгиликтерге жетишти.

 

Баардыгы:6

Тилим-дилим

 

 

Д.Мирзапаязова

 

 

Кыргыз тили сабагынан Валижонова Робия, Азимжонова Мухлиса  көркөм окуу конкурсында ийгиликтерге жетишти.

Сыйкырдуу калем

 

 

Ф.Каримова

 

 

Окуучулар арасында конкурстар өткөрүлүп, жеңүүчүлөр: Пулатов Х, АзимовА. мектеп администрациясынын ардак грамотасы менен сыйланышты.

Көркөм окуу

 

 

Р. Мамаджанова

 

 

3-4-класс окуучулары арасында көркөм окуу конкурстары өткөрүлүп, Азимжонов Х,  Темирохунов Н  жеңүүчү болду.

Даамдуу тамактар

 

 

 

Г.Содикова

 

 

7-8-9-класс кыздары арасында салат жасоо боюнча конкурс уюштурулду.Юлдашева М, Вахопова М баалуу белектер менен сыйланды.

 

Чебер колдор

 

Н.Ахунжанова.

 

 

Окуучулар жасаган нерселердын көргөзмөсү

уюштурулуп, Абдугапарова Ш, Солиева Р нын жасаган

нерселери эң жакшы деп табылды.

2.

Бабур атындагы орто мектеп

Жаш тарыхчы

 

 

М.Шарипова

 

 

 

“Ак илбирс” программасына сырттан сүрөттөр жөнөтүштү. Ушул ийримге катышкан 2 окуучу шаардык олимпиадага катышып, 2-орунду ээледи.

Баардыгы:2

 

Музыка менин жан дүйнөм

 

И.Зулпуев

Бул ийримге окуучулар катышып ар түрдүү шаар, область жана республикалык конкурстарга катышып байгелүү орундарга жетишти. 7-“В”класстын окуучусу Нематжанова С. Республикалык сыноого катышып, 5-орунду ээлеп келди.

 

3.

Ч.Айтматов атындагы №4 орто мектеп

Швея, аппликация

Н.Хосилжонова

Шаар күнүнө даярдалган выставкада 2-орунды алган

 

Баардыгы: 4

Музыка

У.Элимохунов .

Шаардык иш-чараларга катышат

Табият тануу

 

Б.Сулаймонова

 Мектепте класстан тышкаркы иш-чаралар өткөрдү.

Край  тануу

О.Якубова

Мектепте класстан тышкаркы иш-чаралар өткөрдү.

4.

Амир Темур атындагы №5 орто мектеп

Кол өнөрчүлүк

 

К.Мадорова

 

 

Бул ийримдин катышуучулары даталык күндөрдө өз колдору менен жасаган нерселерди тартуулап, көргөзмөлөр уюштурушту.

 

 

 

 

Баардыгы:9

Көркөм өнөр

 

 

Н.Юлдашева

 

 

Окуучулар арасында  бийлөө жана көркөм окуу конкурстары өткөрүлдү.

Глобус

 

 

Жаш муун

 

 

К.Хошимов

 

 

М.Шарипова

 

 

Бул ийримге катышкан окуучулар олимпиадага катышып, жакшы орундарга  ээ болду.

 

Окуучулар жат жазуу, дил баяндарды катасыз жазууга үйрөнүштү.

Happy English

 

 

Н.Абдувохидова

 

 

Хамидилло уулу Абдулло, Кобилжонов Сухбатилло

англис тилинде жакшы сүйлөп жатат.

Жаш акын

 

 

Н.Хакимова

 

 

Окуучулар өз чыгармаларын дубал газеталарга жазып

чыгарышты.

 

 

 

Математик

 

 

Н.Шакирова

 

 

6-класс окуучулары “Сема” жана “Себат” экзамендерине катышып, окууга жолдомо алышты.

 

Жашыл патрул

 

Х.Абылкасимова

 

 

Окуучулар жаз мезгилинде мектеп айланасын жашылдандырууда өз жардамдарын беришти.

Алтын калем

 

М.Номанжонова

Сүрөттөр конкурсу өткөрүлүп балдар ичинен жеңүүчү окуучулар аныкталды.

5.

 

 

А.Навои атындагы №6 орто мектеп

Жаш адабиятчы

Н.Тешебаева

Ыр жазган таланттуу окуучулардын конкурсу өткөрүлдү;окуучу С.Зайиджанова олимпиаданын шаардык этапында 2-орунду ээледи

 

Баардыгы:7

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Чыгармачыл интелектуал-дар

З.Шарафутдино-ва

Окуучулар ар түрдүү предметтерди жасап конкурс  уюштурушту; Шухратбек уулу А.6-класстар арасында өткөрүлгөн олимпиадада 1-орунду ээледи.

Экология

 

Д.Собирова

“Ак илбирс” программасына сырттан сүрөттөр жөнөтүлдү. Д.Муминова химиядан шаардык олимпиадада 1-орунду алды.

Глобус

Г.Тохтаева

Одилжон кызы Хилола, М.Арзыкулова географиядан өткөрүлгөн конкурстун жеңүүчүлары болушту

Жаш сүрөтчү

М.Шомуродова

Сүрөттөр көргөзмөсүн өткөрүштү.

Чебер колдор

И.Комилова

Окуучулар жасаган буюмдар конкурсу өткөрүлдү.

Жаш таланттар

Абдилгапиз кызы Ш.

Шаарда өткөрүлгөн жаңы жыл майрамында 2-орунду ээлешти.

6.

№7 Мектеп-гимназия

 

 

Жандуу сандар

М.Мамакова

6-класс окуучулары математика олимпиадасында Низамидин кызы Р,  Махмуджонов М. 2-3-орундарды ээлешти.11-класс окуучусу Н.Бачилова  облустук олимпиаданын катышуучусу болду.

Баардыгы:10

Манас тануу

 Ш.Мулло-      Умарова

“Жаш Манасчы” сынагы уюштурулуп, М.Асаналиев, М.Кошогалиев, Р.Токтосуновалар жеңүүчү болушту.

 

 

 

 

Келечек

Ч.Токтамамато-ва

Мектепте өткөрүлгөн көркөм окуу сынагында Давранбек кызы Х., Батиржан кызы Рабия женүүчү деп табылышты.

Менин сүйүктүү тилим

Э.Жалилова

10-классынын окуучусу А.Исламов шаардык, облустук олимпиадага катышты.

Жаш химбиолог

А.Суранбаев.

10-классынын окуучусу шаардык, облустук олимпиадага катышып келди.

Веселая грамматика

Ж.Жантороева

 11-класстын окуучусу Азимова З шаардык, облустук олимпиадага катышты.

Чебер колдор

М.Курбаналиева

Кол өнөрчүлүгү боюнча конкурстар өткөрүлдүп, М.Мусажан кызы, М.Музаффар кызы жеңүүчү болушту.

Ай-Мээрим(бий)

Токтобай кызы М.

Мектептеги ар кандай иш-чараларга активдүү катышып, баалуу сыйлыктарга ээ болушту.

Олимпиада

 

 

Б.Садыков

“Тогуз коргоол”спорттук оюнунун шаардык турунда 1-орунду ээлешти.

Жаш тарыхчы

М.Төлөнова

 

 

7.

Курманжан Датка атындагы №8 орто мектеп

Жаш таланттар

Т.Турсунбаева

Шаардык мектептер арасында өткөрүлгөн жаңы жылда 1-орунду ээлешти; жаш бийчилер конкурсуна катышып, сыйлыктарга ээ болушту.

Баардыгы:2

 

Мен англис тилин жакшы көрөм

Г.Маматкасымова

Англис тили сабагынан өткөрүлгөн олимпиадада Абдисаматова Зебо шаардык, облустук турдө 1-орунду алып, республикалык этапда  6-орунду алып, АКШ нын Джорджиа Атланта шаарында азыркы күндө окуп жатат.                             

8.

Балдар чыгармачыл борбору

Кагаз керемети

Р.Кавлонова

Областта өткөрүлгөн кол өнөрчүлүк көргөзмөсундө Карабаева М, Лочинбек кызы М. ардак грамотасы менен сыйланышты.

Баардыгы: 8

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Чебер колдор

У.Холдорова

М.Курбаналиева

Ташбаева М., Махамаджанова М областта өткөрүлгөн “Мастер класста” ардак грамота менен сыйланышты.

Кийиз керемети

М.Парпиева

 БЧБ да өткөрүлгөн кол өнөрчүүлүк көргөзмөсүндө

Улугбек кызы Райхона, Кадыржанова Уктамой БЧБ нын ардак грамотасы менен сыйланышты.

Жаш эколог

Т.Саитова

Е.Абдурахмоно-ва

Областта өткөрүлгөн “Ак илбирс тоо чокуларынын кожойуну”конкурсунда катышып, ардак грамота менен сыйланды.

Жашыл чырак

Н.Абдулкасымов

Жол эрежелерине арналган  конкурста “Ак  жол” командасы катышып, шаарда 1-орунду ээледи.

Ай-мээрим (бийчилар тобу)

Токтабай кызы Мээрим

“Мен Кыргызстандык экенимден сыймыктанам” аттуу кароо-сынакта Абдигүл кызы Аймээрим 3-орунду,Нематжонова Сумайя 1-орунду, Токоева Мээримгүл 2-орунду ээлеп, ОБЧБ нын ардак грамотасы менен сыйланышты.Нематжонова С. республикалык  турга катышып,  баалуу сыйлыктар менен сыйланды.

Жаш ырчы

С.Калмуратов

Айтбаева Д. ыр боюнча өткөрүлгөн конкурстун облустук этапында катышып, ардак грамота менен сыйланды.

Жаш акын

У.Абжапарова

Чырмашева Н. көркөм окуу конкурсунун облустук этапында катышып, ОБЧБ нын ардак грамотасы менен сыйланды.

9.

Балдарга билим берүү борбору

Орус тили

З.Азнабакиева

Х.Казакбаева

Г.Атажанова

 

Орус тилинен 9 окуучу жогорку окуу жайларына

жогорку бал менен өтүштү

 

 

Баардыгы: 8

 

 

 

 

 

 

Кыргыз тили

М.Кубатова

Кыргыз тили боюнча окуучулар жакшы ийгиликтерге жетишип жатат.

Англис тили

М.Норматова

Окуучулар олимипиадаларда ийгиликке жетишти.

 

 

 

 

 

 

 

Химия

Биология

Н.Атаджанова

9 окуучу медицина окуу жайына ийгиликту өттү.

Математика

А.Пазылова

Олимпиадада орундарга ээ болду.

ЭВМ

К.Хакимжонова

Окуучулар жакшы ийгиликке жетишип жатат

ИЗО

М.Мирзакулова

Окуучулар жакшы ийгиликке жетишип жатат.

 

 

 

 

 

Баардыгы:56

 

Эскертме:  С.Шарипов атындагы №1 орто мектепте ийримдер өтүү үчүн каана жоктугуна   байланыштуу   ийримдер өтүлбөйт. Айрым окуучулар кошумча билимди ДОЦ тон алышат

 

 Өзгөн шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын 2017-жылдын 6 айына   карата  «Элге женилдиктер»  статьясынан бөлүнгөн акча каражатынын сарпталышы боюнча маалыматтарга токтолсом:

Өзгөн шаардык социалдык өнүгүү  башкармалыгы Өзгөн шаарында  9081  кожолукта жашаган  57353 калктын социалдык коргоого муктаж  аярлуу катмарын тейлейт. Алардын ичинен эркектер -28522, аялдар – 28831, ал эми 18 жашка чейинки балдардын саны – 25033 ( уулбалдар- 12677, кызбалдар- 12356).

       Өзгөн шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын жеңилдиктер ордуна акчалай компенсацияларды чегерүү бөлүмү тарабынан «Элге женилдиктер»  статьясынан акча каражаты төмөндөгү  категориядагы жарандарга жумшалган:

           1.Өзгөн шаарында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 1(бир ) катышуучусуна 2017-жылдын 9- Май Жеңиш күнүнө карата  10000 (он миң) сом акча каражаты берилди.

  1. Улуу Ата Мекендик согуштагы ооруктун 1 (бир) катышуучусуна 5000 (беш миң) сом акча каражаты берилди.
  2. 24-апрель Чернобыль (ЧАЭС) кырсыгында жоокердик милдетин аткарган 4 ардагерге жана 2 ардагердин жесирине 2000  сомдон, жалпысы 12000 ( он эки миң) сом  акча каражаты берилди.
  3. 2017–жылдын 6 ай ичинде ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарды кресло-коляска менен камсыз кылуу үчүн элге жеңилдиктер статьясынан  Бишкек шаарынан алып келүү үчүн жол акысына 4000(төрт миң) сом акча каражаты жумшалды.

5.2017-жылдын 6 айында ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү  1-2-3 топтогу 34 жарандар дарыгердин рецептеринин негизинде 24900 (жыйырма төрт миң тогуз жүз ) сомдук дары-дармек менен камсыздалды.

1-топ  майыптыгы боюнча  13 адамга 800 сомдон  10400 сом

2-топ майыптыгы боюнча      19 адамга  700 сомдон 14 000 сом

3-топ  маыптыгы боюнча        2 адамга   600 сомдон  1200 сом

Баардыгы -55 900 ( элүү беш миң тогуз жүз) сом.

    Андан сырткары  2017-жылдын 6 айында ДМЧА ларга (ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар), улгайган жана үй-жайсыз жарандарга социалдык кызмат көрсөтүү секторунда төмөндөгүдөй жумуштар аткарылды.

     1.Кургак учук менен жабыркаган 85 жаранга  1000 (миң ) сомдон 85 000(сексен беш миң) сом акча каражаты материалдык жардам катары берилди.

  1. 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата 320 бала анын ичинен аз камсыз болгон үй-бүлөдө жашаган балдар, ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдар, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар жана жер көчкүдөн жабыркаган үй-булөнүн балдары шаардык мэриянын алдына чакырылып атайын  ующтурулган иш чарага катышып, ар бир балага 100 (жүз) сомдон 32 000 (отуз эки миң) сомдук белектер таркатылды.

    3.2016- 2017-жылы  жаңы төрөгөн  аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү 10  энеге  3000 (үч миң) сомдон 30 000 (отуз миң) сом акча каражаты жардам катары берилди.

  1. ДМЧА ларга (ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар), улгайган жана үй-жайсыз жарандарга социалдык кызмат көрсөтүү секторунда эмгектенген 5 социалдык кызматкерге улгайган жарандарды үйлөргө барып тейлөө  үчүн атайын сумкалар менен камсыз болушту. Атайын сумка, халат, биринчи кезекте жардам көрсөтүлүүчү дары- дармектерге – 11 100(он бир миң бир жүз) сом  акча каражаты жумшалды.

    5.2017-жылдын 6 айында сөөк коюу үчүн  арызынын негизинде  29 жаранга 3000 (үч миң) сомдон 87 000 (сексен жети миң) сом акча каражаты сарпталды.

   Бардыгы 245 100 (эки жүз кырк беш миң жүз) сом

Жалпысы: 55900+245 100= 301 000 (үч жүз бирмиң ) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин «Элге женилдиктер»  статьясынан каржыланды.

                           Урматтуу депутаттар,  “Өзгөн Таза-Суу”  боюнча маалыматтарга көңүлүңүздөрдү бурсам:

 

  “Өзгөн Таза-Суу”  муниципалдык ишканасы шаардын элин  суу  менен камсыз кылууда. Шаардын 8396  кожолугун  таза суу менен тейлейт, анын ичинен үй короосунан 5132 кожолук, ал эми 3264 кожолук көчөдөн ичет. Алар менен келишимдер түзүлгөн. Учурда 221 коммерциялык ишканалар менен келишимдер түзүлүп иштешип жатат. Натыйжада ушул жылдын 6 айында 1 440 000 куб.м. суу өндүрүлүп,  аны сатуудан түшкөн каражат 6 511000 сомду түздү. Учурда «Таза суу» МИ калкка суу берүүдө канааттандыраарлык эле иштеп жаткандыгын белгилеп кетем.

       

Шаар куруу жана  Архитектура башкармалыгы боюнча:

 

Башкармалыкта 2017-жылдын жарым жылдыгында аткарыла турган план 2100,0 миң сомду түзүп, ал эми Башкармалыкка 2148,2 миң сом акча каражаты келип түшүп, аткарылган план 102,3 пайыз болду.

         «Бирдиктүү терезе» кызматы боюнча 2017-жылдын жарым жылында “Бирдиктүү терезе” кызматы аркылуу  60 арыз кабыл алынып анын ичинен төмөндөгүдөй уруксат берүүчү иш кагаздары даярдалып берилиди:

- АПШ                                                                                                    –  31 даана;

- ИТШ                                                                                                    –  34 (10+24) даана,

- Профилин өзгөртүүгө Архитектуралык

техникалык корутунду                                                   –  24 (15+9)даана,

- Жеке-менчик үйлөрдү долбоорлоого жана корутунду  –  4 даана,                            

- Долбоорлорду макулдашууга                                                 -  7 даана.

                                                   - Долбоор даярдалды                                                             -    56 даана.

                                                   - Курулушка уруксат                                                               -    46 даана

                                                   Ошондой эле Өзгөн шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчиктеги мүлктү башкаруу департаментинен келип түшкөн каттардын негизинде 9 даана АПШ (архитектуралык пландоо шарттары), 7 даана ИТШ (инженердик техникалык шарттары) даярдалып берилди. Андан сырткары шаардын аймагындагы жалпы пайдалануудагы жерлерди ижарага берүү боюнча комиссиянын каоосуна коюуу үчүн 32 даана корутунду даярдалып берилди. (маалымат тиркелет).

      МММБ департаменти тарабынан келип түшкөн каттардын негизинде жарым жылдын ичинде 437,0 миң сомдук жумуш аткарылып 334,7 миң сом акча каражаты которулуп берилип, 102,3 миң сом карыз болуп калган. Ошоондой эле 2017- жылдын 1-сентябрь айына МММБ департаменти тарабынан берилген каттардын негизинде аткарылган жумуштар боюнча карызы 224,523 миң сомду түзөт.

      Жеке менчик турак-жай  куруу бөлүмү боюнча 2017-жылдын жарым жылында 186 арыз келип түшүп турак жайлардын жер аянтын тактоо боюнча 94 даана корутунду, менчик жер тилкесиндеги эски үйдүн ордуна жаңы үй куруу үчүн 9 даана корутунду,  менчик  үй куруу үчүн башта пайдаланып келген жер тилкесинен ажыратып берүү боюнча 24 даана  ИТШ жана 31 даана башта курулган үйлөрдүн паспорттору даярдалып берилген. Андан сырткары 28 арыздар жеринде каралып тийешелүү жооп берилген. Ошондой эле жеке менчик турак жайлардын ээлеринин атынан 44 турак-жай курулуп бүткөндүгү тууралуу билдирүү кабыл алынып, 3883,0 чарчы метр турак-жай колдонууга берилген.

Өзгөн шаарынын аймагында жеке менчик турак үй куруу үчүн ажыратылган жер тилкеси жок болгондугуна байланыштуу жеке менчик үй куруу үчүн жер тилкелери бөлүнүп берилген жок. Жеке менчик үй куруу үчүн кезекте тургандардын саны 2017-жылдын жарым жылдыгында 5000 кишиден ашык.

             «Өзгөн тазалык» муниципалдык  ишканасы  боюнча айта турган болсом:

           «Өзгөн тазалык» муниципалдык ишканасында жалпысынан 50 кишиден турган эмгек жамааты иштеп жатат.

2017-жылдын 8 айында калктуу конуштардагы элден, шаар аймагында жайгашкан мекеме-уюмдардын, жеке дүкөн жана тамактануучу жайлардан  чыгарылган  катуу жана суюк таштандыларды ташып алып кетүү жана муниципалдык суроо талаптар боюнча  жалпы пайдалануудагы жайларды шыпырып тазалоо, ички муниципалдык арыктарды  таштандылардан тазалоо, шаарда уюштурулган ишембиликтерде активдүү катышуу, жайкы мезгилде борбордук көчөлөрдү жууп суу сээп туруу, мектеп балдар бакчалардан катуу  жана суюк таштандыларды  тазалоо боюнча  төмөндөгүдөй  тартипте жумуш аткарды.

 Жалпысынан  6 ай аралыгында шаар аймагынан 17092 м3 катуу таштанды ташылып алып чыгылып, атайын таштанды ташталуучу жайга алып барылып ташталды.

2017-жылдын 6 айы аралыгында өз алдынча чарба жүргүзүүнүн эсебинен 2 750 004 сомдук киреше алынды. Анын ичинен; калктуу конуштардагы  элден 1441404 сом, бюджеттик эмес мекеме уюмдардан  35712 сом, соода дүкөндөрү, коомдук  тамактануучу  жайлардан жана башка жеке ишкерлерге көрсөтүлгөн кызматтардан 511866 сом, суюк чыгындыларды ташып алып кетүүдөн 224654 сом,  бюджеттик мекеме уюмдарга көрсөтүлгөн кызматтардан 527868 сом, атайын таштандыларды ташталуучу жайларга өзүнүн унаалары менен  ташып алып баргандардан 8500 сом.

Бүгүнкү күндө жалпысынан   3909 түтүн менен келишим түзүлгөн, түтүндөрдө жашоочулардын саны 16706 кишини түзөт. Коммерциялык багытта  иштеп жаткан  350 жеке ишкер  менен келишим түзүлгөн. Бюджеттик мекеме уюмдар, ишканалар  менен 35 келишим түзүлгөн.

Азыркы учурда ишканада жалпысынан 8 трактор жана автоунаа катуу таштандыларды ташуу үчүн, 2 даана суюк чыгындыларды ташуучу атайын техника, 1  даана бульдозер, 1 даана  экскаватор, 1 даана МАЗ үлгүсүндөгү,  1 даана  ЗИЛ-130 үлгүсүндөгү суу себүүчү атайын техника ишке жарактуу абалда иштеп жатат.

       Урматтуу депутаттар, мен 6 айлыктын отчетун ар бир структуранын берген маалыматтарына таянуу менен кыскача айттым. Кези келгенде бардык шаардагы бөлүмдөр, структуралар сиздердин иш-планыңыздарга ылайык кеңири отчетторун беришет деген ойдомун.

         Урматтуу Азамжан Абдуллажанович, урматтуу депутаттар жана бүгүнкү сессиянын катышуучулары, мен негизинен Сиздерге бере турган отчетумдун соңуна чыктым. Кандай суроолор болсо жооп берүүгө даярмын.

          Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат! Шаарыбызда ынтымакчылык, береке-пайыз, ийгиликте болуп, алдыдагы Президенттик шайлоону тынч-аман өткөзүп, татыктуу талапкерди шайлап алалы деген каалоону каалап кетем!

 

                        

                            Өзгөн шаарынын мэринин милдетин аткаруучу                                     Атаджанов Р. С.

 

                                                         

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги VII  сессиясынын отурумунун

                                     

ТОКТОМУ                       

                         

 27-сентябрь  2017-жыл                     № 7/2                   Өзгөн шаары

 

 

Өзгөн шаарынын бюджетинин 2017-жылдын 6 айы ичинде аткарылышы жөнүндө

           

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги VII  сессиясынын отуруму Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик кодексине» ылайык «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссияларынын биргелешкен отурумунун 2017-жылдын 29-августундагы отурумунун №3 протоколунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Өзгөн райондук башкармалыгынын  башчысынын орун басары Р. Мейматкуловдун  отчетун  угуп жана талкуулап,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Жергиликтүү бюджеттин 2017-жылдын 6 айындагы аткарылышы жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Өзгөн райондук башкармалыгынын башчысынын орун басары Р. Мейматкуловдун отчету сессиянын отурумунун жүрүшүндө айтылган сын-сунуштарды эске алуу менен канаттандыраарлык деп табылсын.
  2. Бюджеттин киреше бөлүгүнүн сапаттуу аткарылышын камсыздоо, Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги менен бюджеттин киреше бөлүгүн Мыйзамдарда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө тактоо иштерин жүргүзүү жана бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча ишти дайыма көзөмөлдөп туруу жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Өзгөн райондук башкармалыгынын башчысынын орун басары Р.Мейматкуловго милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                          А. Джалилов

 

 

Озгон шаарынын жергиликтуу бюджетинин 2017- жылдын 6-айынын жыйынтыгы жонундо маалымат.

Урматуу депутаттар! Урматтуу бугунку сессиянын катышуучулары! Уруксат берсениздер шаардык бюджеттин 6-айдын жыиынтыгына карата аткарылышы боюнча маалымат берип отойун.

Озунуздорго белгилуу болгондой 2017-жылдын 6 айлык жергиликтуу бюджети кирише жана чыгашалары 36530,1 мин сом олчомундо шаардык кенештин VI чакырылышынын IV сессиясында № 4-1 токтомуна ылайык бекитилген.

Устубуздогу жылдын 6-айында жергиликтуу бюджеттин киреше болугу атайын каражаттарды кошуп эсептегенде 116,2 % аткарылды. Башкача айтканда, план тапшырма 36530,1 мин сом болсо, аткарылганы 42458,8 мин сом болуп, 5928,7 мин сомго ашыкча акча каражат жыйналды. Анын ичинен 18,5 мин сомун республикадан берулуучу каражат тузот жана ашыкча аткарылган 2604,5 мин сомдук кирешеге салыктын кээ бир турлоруно кошумча план алынды.

Ал эми 6 айдын жыйынтыгы менен бекитилген планга салыштырмалу жергиликтуу бюджеттин киреше болугун салык жана салык эмес толомдордун турлору боюнча анализдеп корсок.

Милдеттуу патент салыгынын планы 1061,1 мин сом болуп бекитилсе, аныгында 1447,7 мин сомго же башкача айтканда 386,6 мин сомго ашыкча аткарылып, план 136,4% тузду, ыктыярдуу патенттин планы 12912,5 мин сом болсо аныгында 13460,5 мин сомго же 548,0 мин сомго коп аткарылып,план 104,2% тузду. Физикалык жактардан алынуучу жер салыгынын планы 715,0 мин сом болсо, аныгында 2115,8 мин сомго же болбосо 1400,8 мин сомго ашыкча болуп, 295,9 % аткарылды , айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы учун жер салыгынын планы 2,3 мин сом болсо, аныгында 49,1 мин сомго аткарылып план 46,8 мин сомго коп аткарылган , ал эми айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы учун жер салыгынын планы 1188,2 мин сом болсо аныгында 1904,2 мин сомго же болбосо 716,0 мин сомго ашыкча болуп, 160,2 % аткарылган, подоход салыктын планы

11150,2 мин сом болсо, аныгында 10062,4 мин сомго же болбосо

  • мин сомго кем аткарылып, план 90,2 % тузду, сатуудан алынуучу салыктан планы 3404,5 мин сом болсо аныгында 5510,8 мин сом же башкача айтканда 2106,3 мин сомго коп болуп,план тапшырмасы 161,9 % аткарылды, бирдиктуу салыкка 758,7 мин сом план бекитилсе, аткарылганы 521,9 мин сомду тузуп, -236,8 мин сомго аз аткарылган же болбосо 68,8 % га аткарылган. Транспорттук салыктын планы 1297,9 мин сом болсо, аныгында
  • мин сомго же 1210,0 мин сомго ашыкча аткарылып , план 193,2 % тузду, кыймылсыз мулко болгон салыктын планы 827,2 мин сом болсо аткарылганы 791,5 мин сомго же -35,5 мин сомго кем аткарылып, план тапшырмасы 95,6 % тузду, калктуу конуштун жерлерин пайдалануудан тушкон каражаттын планы 887,7 мин сомго бекитилсе, аткарылганы 1045,4 мин сомду тузуп, 117,7% га же 157,7 мин сомго коп аткарылган, авто унааларды парковкалоо жыйымынын планы 78,4 мин сом болсо, аныгы 308,7 мин сомго аткарылып план тапшырмасы 230,3 мин сомго ашыкча аткарылган, атайын каражаттардын планы 2250,0 мин сом болсо, аныгында 2400,3 мин сомго аткарылып, план тапшырмасынан 150,3 мин сомго же болбосо 106,7 % аткарылган. Негизинен томонку салыктардын турлорунон

Ал эми 6 айдын жыйынтыгы менен бекитилген планга салыштырмалу жергиликтуу бюджеттин чыгаша болугуно токтоло кетсек. устубуздогу жылдын 6-айынын такталган планы 41689,0 мин сом олчомундо пландаштырылган болсо, аныгында 32901,2 мин сомго аткарылып, план-тапшырма 90 % тузупп, айырма 8787,8 мин. сомду тузду.

Анын ичинен шаар мэриясы учун 3585,7 мин сом каралган болсо, аныгында 3144,7 мин сомго аткарылып, айырмасы 441,0 мин сомду, шаардык кенешке 521,2 мин сом пландаштырылган болсо, аныгында 484,5 мин сомго аткарылып, айырмасы 36,7 мин сомду ММБД 25259,2 мин сом каралган болсо, аныгы 18583,7 мин сомду тузупп, айырмасы 6675,5 мин сомду, Озгон Тазалык ишканасы учун 3500,0 мин сом пландаштырылган болсо, аныгында 3460,6 сомду тузуп, айырмасы 39,4 мин сомду, балдардын эс алуу багына 144,1 мин сом пландаштырылган болсо, аныгында 109,5 мин сомду тузупп, айырма 34,6 мин сом, маданият уйуно 277,4 мин сом пландаштырылган болсо, аныгы 252,3 мин сомду тузуп айырма 25,1 мин сомду, денетарбия жана спортко 100,0 мин сом каралган болсо, аныгы 24,0 мин сомду тузуп, айырма 76,0 мин сомду, билим беруу болумуно 5987,6 мин сом пландаштырылган болсо, аныгы 4958,8 мин сомду тузуп, айырма 1028,8 мин сомду, социалдык коргоо башкармалыгына 2313,8мин сом пландаштырылган болсо, аныгында 1883,1 мин сомду тузуп, айырма 430,1 мин сомго аткарылган.

Статьялар боюнча ала турган болсок, 2017-жылдын 6-айында эмгек акы статьясы 4723,6 мин сомго аткарылган, соц фондко чегеруу 692,7 мин сомго, сапардык чыгымдар 390,9 мин сомго, коммуналдык кызматтар бардыгы болуп 2473,4 мин сомго, транспорт чыгымдары 143,2 мин сомго, башка чыгымдар статьясына 18106,1 мин сомго, тамак-аш сатыпалууга 1065,6 мин сомго, социалдык кепилдиктерге 551,0 мин сомго, резервдик фондунан 1179,4 мин сом , атайын каражат статясына 2128,3 мин сомго,имараттарды учурда ондоого 1447,0 мин сом жумшалды.

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссияларынын биргелешкен отурумунун

                 

ПРОТОКОЛУ                                                    

 

Өзгөн шаары                                         № 3                                29–август 2017-жыл.

 

Катышканы: – 8  депутат

Катышышты: Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу  комиссиянын төрагасы А. Мамазайитов,

Мүчөлөрү: депутаттар А. Шарабидинов, С. Турсунбаев, Б. Мирзажанов

 «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Купахунов

Мүчөлөрү: депутаттар  М. Рызакулов, Б. Шамиева, А. Джакыпов.

Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы А. Джалилов, орунбасары депутат М.Халматов,

Өзгөн шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучу Р. Атаджанов, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Өзгөн башкармалыгынын башчысынын орун басары Р. Мейматкулов, экономика бөлүмүнүн башчысы Т. Туркбаев, МММБ департаментинин жер адиси Х. Тешебаев, Өзгөн шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы Э.Нишанбаев, “Өзгөн Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору Х.Ибрагимов

 

                                                       КҮН ТАРТИБИ:

  1. Өзгөн шаар мэриясынын 2017-жылдын 16-августундагы кошумча аткарылуучу иштердин титулдук тизмесин бекитүү жана бюджеттин 2017-жылдын 6 айында ашыкча аткарылышынын эсебинен кошумча каражат бөлүү жөнүндөгү №625 каты.
  2. Өзгөн шаардык кеңешинин адиси Таалайбек кызы Алтынайдын эмгек стажына үстөк кошуп берүү жөнүндөгү 2017-жылдын 3-августундагы №74 каты
  3. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2017-жылдын 6 айында аткарылышы
  4. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2018-жылга долбоору

 

Отурумду Өзгөн шаардык кеңешинин “Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу  комиссиясынын төрагасы А.Мамазайитов ачты: Урматтуу комиссия мүчөлөрү кворум бар болгондуктан бүгүнкү отурумду ачык деп эсептеп, отурумдун күн тартибин бекитип койсок. Бүгүнкү отурумдун күн тартибинде 4 маселе каралат, күн тартибине кошумчалар жок болсо, бүгүнкү отурумдун күн тартибин бекитип койсок. Күн тартиби бир добуштан бекитилди.

Анда күн тартибиндеги маселени Өзгөн шаар мэриясынын 2017-жылдын 16-августундагы кошумча аткарылуучу иштердин титулдук тизмесин бекитүү жана бюджеттин 2017-жылдын 6 айында ашыкча аткарылышынын эсебинен кошумча каражат бөлүү жөнүндөгү №625 катын кароого өтсөк.

  Өзгөн шаарынын 2017-жылга карата аткарылуучу иштердин титулдук тизмесине кошумча аткарылуучу иштер киргизилген, Өзгөн шаарынын мэриясы ошол иштерге бюджеттин 2017-жылдын 6 айында ашыкча аткарылышынын эсебинен каражат бөлүү жөнүндө №625 кат менен кайрылган.

Бул маселе боюнча кимде кандай сөз бар.

Депутат М. Халматов: тийиштүү жетекчилер толук катышсын, бул маселени кийин карайлы.

        Депутат А. Мамазайитов: шаардын мэри, мекемелердин жетекчилери келгиче Өзгөн шаарынын бюджетинин 2017-жылдын 6 айында аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Өзгөн башкармалыгынын башчысынын орун басары Р. Мейматкуловтун маалыматы менен таанышып турсак.

            Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Өзгөн башкармалыгынын башчысынын орун басары Р. Мейматкулов: урматтуу депутаттар Өзгөн шаарынын бюджетине 2017-жылдын 6 айында 5879,2 миң сом ашыкча каражат түшкөн. Каржы министрлиги тарабынан 6 айда киреше бөлүгүнө 2605,4 миң сомго тактоо киргизилген. Сиздер киреше бөлүгүнө калган 3155,0 миң сомго тактоо киргизип, ал каражаттарды иштетүүгө макулдук берсеңиздер, мэрия сунуштап жаткан иштер боюнча чыгаша бөлүгүнүн планына тактоо киргизип кийин каржылайбыз.

Депутат М. Халматов: 6 айдын жыйынтыгы менен салыктын кайсыл түрлөрү толбой калды маалымат берсеңиз.

Жооп: план ашыкча жеткирилгендиктен салыктын 2 түрү толбой калды:  киреше булактарынан кармалуучу киреше салыгы жана бирдиктүү салык, башка салыктын түрлөрү боюнча план толук аткарылган. Эмгек акынын көтөрүлүшүнүн эсебинен жылдын аягына чейин киреше булактарынан кармалуучу киреше салыгынын планы толуп калышы мүмкүн.

Депутат М. Халматов: Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу паркынын сметасына тактоо киргизилдиби.

Жооп: каржы булактары такталгыча токтомду аткарууну убактылуу токтотуп туруу боюнча бизге кат келген.

Депутат М. Халматов: шаардык кеңештин токтомун ким жокко чыгара алат? Кеңештин өзү жокко чыгара алат, силер ал токтомду аткарышыңар керек.

 Өзгөн шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучу Р. Атаджанов: Н.Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу паркынын 2016-жылдагы атайын каражаттар эсебинде 342,5 миң сом калдык акчасы бар. 2017-жылда кошумча 430,0 миң сом каражат түшкөн. Менин сунушум паркты чарбалык эсепке өткөрүү керек. Быйыл өзүнүн атайын каражаттар эсебинен каржылап, абалдан чыксын.

Депутат М. Халматов: атайын каражаттардан эмгек акы бере албайбыз, мыйзамдуу жагын карашыбыз керек.

Өзгөн шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучу Р. Атаджанов: аларды каржылоого 400,0 миң сом кайсыл жерден алабыз.

Депутат А. Мамазайитов: бюджеттин ашыкча аткарылышынан каржылап, сунушталган титулдагы бир ишти кыскартабыз. 

Өзгөн шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучу Р. Атаджанов: 480,0 миң сом парктын тегерегин тосмолоо үчүн сурап жатат, подстанция сатып алуу үчүн 180,0 миң сом, атракциондорду ремонттоо керек. Алардын атайын каражаттар эсебине жыл акырына чейин 1066,5 миң сом түшөт, калдыкты эске алсак. Каражат жетишпесе кийинки жылдарда жергиликтүү бюджеттин эсебинен субсидия катары колдоо көрсөтсөк болот. Парктын кызматкерлери апрелден бери эмгек акы албай иштеп жүрүшөт. Сессияда карап уруксат берсеңиздер, эмгек акылары жана башка зарыл чыгашалары атайын каражаттар эсебинен каржыланат.

Депутат М. Халматов: мэрия бул маселенин мыйзамдуулугун, эсептерин тактап кезектеги сессияга алып чыксын.

Депутат А. Мамазайитов: чарбалык эсепке өткөрүүнү биздин комиссия да  колдогонбуз, бирок депутаттар тарабынан каршылык болгон.

Депутат А. Шарабидинов: биз МММБ департаментинин балансында калтырууну сунуш бергенбиз. Уставка өзгөртүү киргизүү керек.

Өзгөн шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучу Р. Атаджанов: ижара келишимдери прокуратура тарабынан жокко чыгарылган, себеби келишимдерде жер аянттары туура эмес коюулуп түзүлгөн. Жерлерди арендага биздин жер комиссиябыз тарабынан бериле турган кылсак, көзөмөлдөөнү МММБ департаментке милдеттендирсек болот. Бакты чарбалык эсепке өткөрсөк 9 га жери МММБ департаменти аркылуу ижарага берилсин деп токтомго кошуп койсок болот.

Депутат Р. Купахунов: арендаторлорго бергенден кийин башка чоң аттракцион курам деп келген инвесторлорго жерди бошотпой койот экен, келишимде бул маселени көрсөтүп коюш керек.

Депутат Б. Шамиева: келишимдер 5 жылга түзүлбөсө ишкерлер жакшы иш баштай албайт, 2-3 жылда кайтарып алса болбойт, ишкерлерди да ойлошубуз керек.

Депутат А. Мамазайитов: урматтуу депутаттар Н. Азнабакиев паркын чарбалык эсеп жүргүзүү маселесин сессияга алып чыгууга макул болгон депутаттар добуш берип койсоңуздар.

Сунуш бир добуштан колдоого алынды.

Өзгөн шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучу Р. Атаджанов: жер 5 жылга берилсе да, мөөнөтү бүтпөстөн келишим бузулушу мүмкүн. Парктагы жерлерди көзөмөлдөө үчүн чарбалык эсепке өткөрүү керек жерди ижарага берүү МММБ департаментинин көзөмөлүндө болсун. Жер берүүдө “Жер кодекси”не ылайык иш жүргүзсүн деп токтомго кошуп коюу керек.

Депутат Б. Мирзажанов: аз камсыздалган үй-бүлөлөргө майрам күндөрү бактагы аттракциондорду бекер кылуу керек. Мэрия бул боюнча иш алып баруусу керек.

Р. Атаджанов: бекер кылсак болот бирок жергиликтүү бюджеттен субсидия катары каражат бөлүп берүүбүз керек, шаардык социалдык өнүктүрүү башкармасынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн тизмесин алып, ошол тизмеге ылайык акча каражатын төлөп беришибиз керек.

Депутат А. Мамазайитов: кошумча титулдук тизмени кароого өтсөк. Анда эмесе сөз Өзгөн шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучу Р.Атаджановто.

Өзгөн шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучу Р. Атаджанов: урматтуу депутаттар биз Сиздерге тиркемени эки башка бергенбиз, себеби КР Каржы министрлиги тарабынан 6 айда 2604,5 миң сомго тактоо киргизип берилди, калган  3155,0 миң сом киреше бөлүгүнө Сиздер тактоо киргизип, ал каражаттарды иштетүүгө макулдук берсеңиздер, иштерди тезирээк баштасак.

Депутат А. Шарабидинов: мүмкүнчүлүк болсо карап берүү керек.

Өзгөн шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучу Р. Атаджанов: анда эмесе мен тизме боюнча аткарылуучу иштерди сиздерге айта кетсем Жаңы-Өзгөн кварталына КТП бетон мамыча жана электр чубалгылары үчүн 480,0 миң сом каражат бөлүү маселеси комиссиянын өткөн отурумунда каралган. Бул акча каражаты МММБ департаменти тарабынан каржыланат порталга конкурс жарыялап сатып алынат. РЭТ ишканасына бул каражатты өткөрүп берсек, ишти аткарууга лицензиясы жок.

Депутат М. Халматов: кошумча иштерди токтотуп, жылдын башында бекитилген титулдук тизмедеги иштерди аткарбайлыбы. Жергиликтүү бюджеттен КТП сатып алуу мыйзамга туура келеби, ал РЭТтин милдетине кирбейби. Аскер комиссариаты Коргоо министрлигинен каржыланат. КР “Бюджеттик кодексинин” 18-статьясында жергиликтүү бюджеттин чыгашаларынын багыты көрсөтүлгөн, аларды жергиликтүү бюджеттен каржылоого болбойт, ошондой эле Калкты тейлөө борборун да каржылоого болбойт деп ойлойм.

Өзгөн шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучу Р. Атаджанов: РЭТ ишканасынын КТП сатып алып берүүгө каражаты жоктугунан биз алып берүүбүз керек, бул мыйзамга туура келет. Өткөн жылы бир бөлүгүн биз каржылап КТП сатып алып бергенбиз. Элдин өзү да жардам кылат. Калкты тейлөө борборун камсыздоо Өкмөттүн токтому менен бизге милдеттендирилген. Силер макул болсоңор каржылайбыз.

Депутат А. Шарабидинов: Жаңы-Өзгөндүн маселесин чечип беришибиз керек мен барып өз ордунда көрдүм, алардын шарты оор.

Жаңы-Өзгөн кварталына КТП сатып алууга 480,0 миң сом каржылоо комиссия мүчөлөрү тарабынан бир добуштан колдоого алынды.

Депутат А. Мамазайитов: Аскер бөлүмчөсү менен калкты тейлөө борборуна каржылоону токтотуп турсак.

Депутат А. Джакыпов: аскер комиссариятына видео күзөт коюп бериш керек, себеби ал жерде чыр-чатак көп чыгып жатат. Шаардык кеңештин атынан аларга кат жазып чакырсак, алардын сөзүн уксак.

Депутат А. Мамазайитов: аскер комиссариятына 50,0 миң сом бөлүп турсак.

Депутат Р. Купахунов: Калкты тейлөө борборундагы коррупцияны да көзөмөлдөө керек. Аларды комиссиянын отурумуна, сессияга чакырылсын. Аскер комиссариятынын башчысын да чакырып коюш керек.

 Райондук аскер комиссариятына видео күзөтүү сатып алуу үчүн 50,0 каржылоо комиссия мүчөлөрү тарабынан колдоого алынды.

Р. Атаджанов: асма көпүрөнүн долбоорун жасатууга каражат каралбай калган эле.

Депутат А. Мамазайитов: асма көпүрөнүн долбоорун жасатууга каражат бөлүүгө макулдук беребиз. Суу түтүкчөсүн алуу үчүн 100,0 миң сом сурап жатасыңар бул маселе такталдыбы.

Жооп: бул маселе боюнча конкурс жарыяланган, ал иштин маалыматы бар.

Депутат Б. Мирзажанов: шаардын ички жолдорун оңдоого суралган 199,3 миң сомго кайсыл көчөлөр оңдолот тизмесин берсеңер.  

Өзгөн шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучу Р. Атаджанов: С.Шарипов атындагы орто мектебинин кошумча имаратын куруу үчүн дагы 6400,0 миң сом каржылашыбыз керек. Республикалык бюджеттен А.Гаппаров көчөсүн асфальттоо иштери башталды. Узгенский көчөсүн асфальттоо Минтранстын титулдук тизмесине кирбей калган. А.Гаппаров көчөсүн асфальтын 375 метр жерин калып калды,  силер уруксат берсеңиздер 1402,6 миң сом каражатты ушул ишке жумшап, акырына чейин бүтүрсөк.  

Сунуш комиссия мүчөлөрү тарабынан бир добуштан колдоого алынды.

Өзгөн шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучу Р. Атаджанов: “Өзгөн Тазалык” муниципалдык ишканасына каралган 100,0 миң сом гүл көчөттөрүн сатып алууга жана экопаспорт алууга сурап жатабыз. Эгерде МММБ департаментинен карап берсек порталга бериши керек болуп калат.

Депутат А. Мамазайитов: “Өзгөн Тазалык” муниципалдык ишканасынан 350,0 миң сом карыз болуп жатасыздар экен ошол боюнча маалымат берип койсоңуз.

Жооп: бул өткөн жылы муниципалдык заказды аткаруудан калган карыз болгон, ошол карызды эсепке алып быйылкы жылда аларга 6,0 млн сом каралган. Жылдын жыйынтыгы менен алардан карыз болуп калсак кийинки жылы төлөп беребиз. “Өзгөн Тазалык” муниципалдык ишканасы эл менен иштөөнү күчөтүп, кирешесин көбөйтүүсү керек.

“Өзгөн Тазалык” муниципалдык ишканасы директору Х. Ибрагимов: ӨКМ, Фархад каналын тазалоого салярка бердик. Биз аткарылган иштер үчүн акча сурап жатабыз. Бул каражатты төлөп бербесеңер декабрь айында кызматчыларга эмгек акы жетишпей калат.

Депутат А. Мамазайитов: 350,0 миң сом карызын карап берели.

Депутат Б. Мирзажанов: ШБББ имараты жайгашкан жерде ажаткана жок, курууга мүмкүнчүлүк барбы.

Өзгөн шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы Э.Нишанбаев: ал жерде ажаткана курууга жер жок. МММБ департаментинин 2017-жылдын 1-августуна карата бизден 197,0 миң сом карызы бар, андан кийин да иштер аткарылып жатат. Биздин аткарган иштерге да кошумча каражат бөлүп берүүңүздөрдү суранам.

  Өзгөн шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучу Р. Атаджанов: көчө жарыткычтарга лампочкалар, реле электр приборлорду сатып алуу керек, кээ бир көчөлөргө (А. Темур, Мирзатаев, Ленин, Кошкоргон көчөлөрүнө) түнкү жарыткычтарды коюу керек ага кошумча 400,0 миң сом караш керек. 

Депутат М. Халматов: Атаджанов көчөсүнө да түнкү жарыткычтарды коюу керек.

Өзгөн шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучу Р. Атаджанов: шагыл төшөө боюнча 15,0 млн сомдук заявкалар түшкөн, бирок биз бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө карап 300,0 миң сом сурап жатабыз. Бетон мамычаларды орнотууга да көп заявка түшкөн,  биз 400,0 миң сом сурап жатабыз.

Депутат А. Мамазайитов: Мажрун-Тал кварталындагы каналдын жээгин тосмолоо үчүн 450,0 миң сом кетээрин эсептеп чыгышкан, жергиликтүү бюджеттен 200,0 миң сом карап берсек калган каражаттарды эл өзү кылсын.

Өзгөн шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучу Р. Атаджанов: урматтуу депутаттар эгер сиздер уруксат берсеңиздер Ленин мектебинин ичинде балдар бакчасы ачылган ошол бакчанын аянтчасын решетка менен тосмолоого 40,0 сомдук материалдар кеткен ошол карызды төлөп берсек, Бабур мектебине да бакчанын аянтчасын темир решетка менен тосмолоого 110,0 миң сом керектелет.

Депутат А. Мамазайитов: С. Шарипов мектебинин кошумча корпусунун курулушуна каржылоого каралган 1522,0 миң сомдон Ленин мектебинин балдар бакчасынын аянтчасын тосмолоого 40,0 миң сом, Бабур мектебинин балдар бакчасынын аянтчасын тосмолоого 110,0 миң сом, “Өзгөн Тазалык” муниципалдык ишканасына 300,0 миң сом, архитектура башкармалыгынын аткарган иштери үчүн 100,0 миң сом, калган 1,0 млн сом С. Шарипов мектебинин кошумча корпусун курулушуна каржылансын деген депутаттар добуш берип койсоңуздар.

Сунуш бир добуштан колдоого алынды.

        Депутат А. Мамазайитов: анда эмесе күн тартибиндеги кийинки маселени кароого  өтсөк. Бул Өзгөн шаардык кеңешинин адиси Таалайбек кызы Алтынайдын эмгек стажына үстөк кошуп берүү жөнүндөгү 2017-жылдын 3-августундагы №74 каты. Мыйзамда муниципалдык кызматкер 1 жылдан 3 жылга чейин иштеген жылдар үчүн 5% үстөк кошуп берилет деп белгиленген. 

            Сунуш бир добуштан колдоо тапты.

     “Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу  комиссиясынын төрагасы А.Мамазайитов: күн тартибиндеги төртүнчү маселе боюнча маалымат берилбегендиктен бул маселе кийинки отурумда каралат, бюджеттин киреше бөлүгүнүн 2017-жылда аткарылышы боюнча божомолду да бергиле.

 

        Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссияларынын биргелешкен отуруму

                                           ТОКТОМ КЫЛАТ:

 Депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен 2017-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесине кошумча киргизүүгө жана кошумча аткарылуучу иштердин титулдук тизмесин бекитүүгө макулдук берилсин.

  1. 2017-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесине кошумча киргизүүгө жана кошумча аткарылуучу иштердин титулдук тизмесиндеги иштерди аткарууга бюджеттин 2017-жылдын 6 айында ашыкча аткарылышынын эсебинен 5759,5 миң сом кошумча каражат бөлүүгө макулдук берилсин.
  2. Өзгөн шаардык кеңешинин адиси Таалайбек кызы Алтынайдын эмгек стажына 1,9 миң сом, шаар мэриясына соттун чечимдерин аткарууга 12,3 миң сом бюджеттин 2017-жылдагы ашыкча аткарылышынын эсебинен кошуп берүүгө макулдук берилсин.
  3. 2017-жылдын 6 айында Өзгөн шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүнүн 42409,3 миң сомго, чыгаша бөлүгүнүн 32901,2 миң сомго аткарылганы белгиленсин.
  4. Бюджетке тактоо киргизүү жана бөлүнгөн каражаттарды мыйзам чегинде иштетүүнү көзөмөлдөө Өзгөн шаар мэринин милдетин убактылуу аткаруучу Р. Атаджановко милдеттентирилсин.
  5. Токтомду бекитип берүү жагы Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги сессиясына сунушталсын.

         

  «Бюджет, салык жана экономика

  саясаты боюнча» туруктуу

  комиссиянын  төрагасы                                                           А. Мамазайитов

 

«Муниципалдык менчик, жер маселелери,

курулуш жана архитектура, акы төлөп

кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу

 комиссиянын төрагасы                                                                Р. Купахунов

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги VI сессиясынын отурумунун

  

        ТОКТОМУ                                 

 

                   27-сентябрь  2017-жыл                     № 7/3                   Өзгөн шаары

 

Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин 2016-жылда аткарган жана 2017-жылда жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө

 

Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги VII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Р. Купахуновдун маалыматын угуп жана талкуулап,

           

          ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Өзгөн шаарынын мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин 2016-жылда аткарган жана 2017-жылда жүргүзүп жаткан иштери кетирилген кемчилдиктерди эске алуу менен канаттандыраарлык деп табылсын.
  2. Өзгөн шаарынын мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин 2016-жылда аткарган жана 2017-жылда жүргүзүп жаткан иштери боюнча  депутаттар тарабынан айтылган сын-пикир, сунуштар жана жол коюлган кемчилдиктерди жоюу боюнча тиешелүү чараларды көрүүсү Өзгөн шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Р. Атаджановго тапшырылсын.
  3. МММБ департаментинин директору Б. Базарбаевге:

-МММБ департаментинин уставын кайрадан иштеп чыгып, мыйзамдарга ылайык өзгөртүп шаардык кеңешке сунуштоосу;

          -титулдук тизмеге кирген иштерди мыйзамдарга ылайык так жана өз мөөнөтүндө аткаруусу;

          -МММБ департаментинин толокандуу иш жүргүзүүсүнө керектүү бөлүмдөрдү ачуу боюнча изденүү, шаарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу боюнча иштерди көзөмөлгө алуу, декоративдүү дарактарды жана гүл көчөттөрүн өстүрүү боюнча чарбаларды уюштуруу, ишкананын перспективалык иш-планын иштеп чыгуусу;

          -ижара тарифтеринин элге жеткиликтүү даражада болушу үчүн, тарифтердин  критерийлерин эсепке алып, кайрадан карап чыгуусу;

          -муниципалдык мүлк жана жерлерди эффективдүү пайдаланууну, алардан кирешелердин бюджетке толук түшүүсүн көзөмөлдөө, алардын реестрин так жүргүзүү, мамлекеттик актысын толук алуу боюнча иш жүргүзүүсү;

          -элден түшкөн арыз-даттанууларга мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө, өз убагында жооп берүүсү;

      - шаардык кеңештин токтомдорун өз мөөнөтүндө жана так аткаруусу милдеттендирилсин.

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

                           Төрага                                           А. Джалилов

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын МММБ департаментинин 2016-жылда аткарган иштери жана 2017-жылда жүргүзүп жаткан иштери жөнүндөгү маалыматы

 

2016-жылга МММБ департаментинин кызматкерлеринин шаар мэриясы менен макулдашылган штаттык бирдиги түзүлгөн. Штаттык бирдик боюнча 10 кызматкер эмгектенген. Кызматкерлердин жылдык эмгек акы фонду 952,4 миң сомду түзгөн. 21 кварталдык комитеттердин төрагаларынын жылдык эмгек акы фондусу 1470,0 миң сомду түзгөн. 2016-жылда эмгек акы толугу менен төлөп берилип, аныгында 2422,4 миң сом каржыланган. 

            2017-жылга шаар мэриясы менен макулдашылган штаттык бирдик 10 жумушчуга түзүлгөн, анын ичинен 1 техникалык жана 1 кенже кызматкер бар. Ар бир адис функционалдык милдеттерин аткарат, эмгек стажы 1 жылдан 10 жылга чейин, кызматкерлердин натыйжалуу эмгектенүүсү үчүн жетиштүү шарттар түзүлгөн. Кызматкерлердин жылдык эмгек акы фондусу 949382 сомду, орточо бир айлык эмгек акысы 6781 сомду түзөт.

            21 кварталдык комитеттердин төрагаларынын жылдык эмгек акы фондусу 1470,0 миң сомду түзөт жана МММБ департаменти аркылуу төлөнөт.

Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаменти тарабынан 2016-жылда шаарды көрктөндүрүү, инфраструктурасын жакшыртуу, бюджеттик мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча алгылыктуу иштер аткарылган. Жалпысынан 2016-жыл ичинде шаарда аткарылуучу жумуштардын титулдук тизмесинин негизинде  42627,2 миң сом сарпталган.

Өзгөн шаарынын аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу багытында 800 түп можжевельник, 300 түп сосна, 300 түп ак кайың декоративдүү дарактары алынып эгилген. 213 даана темир бетон столбалары 1498,1 миң сомго сатып алынып шаардын көчөлөрүнө орнотулган. Токтогул көчөсүндөгү 685 метр аралыктагы жолду асфальттоо үчүн 2598,0 миң сомго, Волков жана Панфилов көчөлөрүндөгү 650 метр аралыктагы жолду  асфальттоого 4342,7 миң сомго, Ленин көчөсүнүн Манас жана Кошиев көчөлөрү менен кесилишкен ортолугундагы 254 метр жолду асфальттоо үчүн 1857,4 миң сомго, Б. Мирзо көчөсүнүн А. Темур көчөсү менен кесилишкен жеринен баштап 435 метр участогун асфальттоого 1548,0 миң сомго, И. Мавлянов көчөсүндөгү жолдун 572 метр аралыгын асфальттоо үчүн 2149,3 миң сомго, Бегелдинов көчөсүнүн 721 метр жерин асфальттоо иштерине 2892,0 миң сомго, Советская көчөсүнүн 580 метр аралыгын асфальттоого 1825,6 миң сомго, Крупская көчөсүнүн 246 метр аралыгын асфальттоого 1084,0 миң сомго келишимдер түзүлүп иштер толугу менен аткарылган.  Асфальттоо иштеринен 2017-жылга 11160,0 миң сом карыз менен өткөн. Андан сырткары Манас көчөсүндөгү 2727 м2 тратуарга тапан таш басуу жумуштарына 1482,4 миң сом сарпталган. Жол кыймылынын коопсуздугун сактоо максатында шаардын 6 көчөлөрүнүн кесилишиндеги светофорлордун жанына видеокүзөттөр орнотууга 272,8 миң сом сарпталган. Шаардагы билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, заманбап технологиялар менен камсыздоо максатында 4956,9 миң сом сарпталган. Шаардагы ирригациялык тармактарды оңдоого 1299,8 миң сом каржыланган. Жаңы калктуу конуштардын көчөлөрүнө шагыл төшөө, тегиздөө иштерине 590,0 миң сом каржыланган жана башка иштер аткарылган.

2016-жылда шаарда аткарылган иштер боюнча өткөн сессияда Сиздерге Өзгөн шаарынын мэри С. Пратов толук отчет бергендиктен, комиссия негизги аткарылган иштер боюнча кыскача маалымат берди. 1-январь 2017-жылга карата 2016-жылда аткарылган иштерден 12010106 сом карыз калган. 2017-жылдын 1-майына карата 11118116 сом карыз төлөнүп берилген жана 2016-жылда аткарылган иштерден 891990 сом карыз калган.   

МММБ департаментинин сметасынын чыгаша бөлүгүнө 2016-жылда  (атайын каражаттарды кошпогондо) 48448,4 миң сом каралган болсо, жалпысынан 48070,8 миң сом каржыланган, анын ичинен титулдук тизмедеги иштерди аткаруу үчүн 42627,2 миң сом каржыланган. 

Муниципалдык менчиктеги мүлктү башкаруу департаменти Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамынын негизинде 2016-жылга карата титулдук тизмеде бекитилген шаарда аткарылуучу жумуштарды мамлекеттик сатып алуулардын интернет–порталына жайгаштыруу аркылуу иш жүргүзгөн. Сатып алуулар порталына тикелей түз келишим аркылуу, жөнөкөйлөтүлгөн усул жана бир этаптуу усул аркылуу жумуш аткаруу жана товарларды сатып алууга 112 тендер жарыяланган.

Порталга берилген тендерлердин жалпы суммасы 45291720 сомду түзгөн. Тендердин катышуучуларынын берген сунушу 35281878 сомду түзгөн жана порталга берилген суммадан үнөмдөлгөн акча каражаты 10009841 сомду түзгөн.

 2016-жылы 177 жеке ишкер менен 2743256 сомго ижара келишимдери түзүлүп, 2610645 сом акча каражаты өңдүрүлүп, келишимдердин планы 95,2% га аткарылган.

Анын ичинен:

            Коммерциялык дүкөндөр                96,1% ке,

            Жашылдандыруу багытында                      100,0% ке,

      Рекламалык иштер                           75,7% ке,

      Автостоянкалар                                           95,4% ке аткарылган.

            Ал эми жер салыгынан 168506 сом өңдүрүлгөн.

            1-январь 2017-жылга карата ижара төлөмдөрүнөн 132611 сом, жер салыгынан 21284 сом карыз калган.

       2017-жылдын ушул мезгилине карата 166 жеке ишкер менен (анын ичинен 121 коммерциялык дүкөндөр, 18 жашылдандыруу, 15 рекламалык щиттер, 12 парковка) 2431992 сомго келишим түзүлгөн жана ушул күнгө чейин 789060 сом төлөнүп, жылдык план 32,4 пайызга аткарылган. Ал эми жер салыгынын жылдык планы 255233 сомду түзгөн жана ушул күнгө чейин 92648 сом төлөнүп, жылдык план 36,3 пайызга аткарылган, бирок мөөнөтү бүткөн ижарачылар менен келишимдер өз убагында түзүлбөй жатат.  

Өзгөн шаардык коммуналдык мүлктү башкаруу департаментинин аталышын «Коммуналдык» деген сөздү «Муниципалдык» деп өзгөртүү боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин III чакырылышынын 2006-жылдын 2-ноябрында өткөн кезексиз XX сессиясынын №20/5 токтому чыккан. Бирок токтом аткарылган эмес, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлиги тарабынан каттоо күбөлүгү өзгөртүлүп алынган эмес. Ошондуктан «Коммуналдык» деген сөздү «Муниципалдык» деп өзгөртүү керек. Департаменттин Уставы 2003-жылы иштелип чыккан бойдон жаңыланып, өзгөртүү киргизилбей турат, мисалы уставтын 3.3 пунктунда  ишканага түшкөн киреше өздөрүнүн керектөөсүнө жумшалат деп жазылган. Бирок азыркы күндө муниципалдык жерлерди ижарага берүүдөн түшкөн кирешелер жергиликтүү бюджетке түшөт жана муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин аппарат кызматкерлерине эмгек акы жергиликтүү бюджеттен төлөп берилет. Ошондуктан ишкананын уставын азыркы иштеп жаткан мыйзамдарга ылайыкташтырып толугу менен өзгөртүү шарт жана уставтын долбоорун мамлекеттик тилде даярдап, шаардык кеңеште бекитүү үчүн сунуштоо керек.

     Өзгөн шаардык кеңешинин 2015-жылдын 20-августунда өткөн кезектеги XX ачык сессиясынын токтому менен тарифтер элге жеткиликтүү болушу үчүн, 2015-жылдын 1-декабрына чейин тариф саясатын кайрадан тактап чыгуу МММБ департаментине милдеттендирилген.  Өзгөн шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-мартында өткөн кезектеги XXIII сессиясына жерди ижарага берүүдө колдонулуучу коэффиценттер МММБ департаменти тарабынан  толук иштелип чыкпаган вариантта сунушталган, алардын берген сунушу өткөн сессияда бекитилген коэффиценттерге салыштырмалуу бир аз өзгөргөндүгүн эсепке алып, коэффиценттер алардын берген сунушунун негизинде XXIII сессияда бекитилген, бирок азыркы күндө ижара акыларынын жогорулугу боюнча ижарачылардан нааразычылыктар болуп жатат. Ошондуктан ижара акынын тарифин элге жеткиликтүү болушу үчүн МММБ департаменти тарабынан бул коэффиценттер көп критерийлерди эсепке алуу менен кайрадан такталып, шаардык кеңештин сессиясында бекитүү үчүн сунушталышы керек. Ижара акылардын тарифин кайра карап чыгуу боюнча шаардык кеңеш тарабынан тапшырма берилген, бирок ушул күнгө чейин МММБ департаменти тарабынан сунуш берилген эмес.        

      Ошол XX сессияда муниципалдык жерлердин реестрин так жүргүзүү жана муниципалдык бош жер участкаларына (айрыкча талаш жерлерге) мамлекеттик акт алып, муниципалдык мүлк реестрине киргизүү милдеттендирилген. Бүгүнкү күнгө муниципалдык мүлк болуп турган имараттар жана жер участкаларын саны 78, алардын абалы жөнүндө маалымат көрсөтүлгөн. Шаардагы бош жерлерди инвентаризациялоо, талаш жерлердин мамлекеттик актысын алуу боюнча иш жетишээрлик денгээлде эмес, кээ бир муниципалдык мүлктөрдүн тийиштүү документтери ушул күнгө чейин даярдалган эмес. 2017-жылдын 14-сентябрь куну Өзгөн шаарынын аймагындагы автоунаа токточуу жайлардын ижарада пайдаланып келе жаткан ижарачылар менен  Өзгөн шаардык Кеңешинын депутаттары менен чогулуш откорулду. Чогулушта бардык ижарачыларга ижарада пайдаланип келе жаткан парковкаларин тазалыгын, квитанцияларын, линия чыздырарын жана формаларын алып кийдиришин эскертилди. Ошол куну бир жумаден кийин парковкалардын барып текшерилишин дагы айтылды.

Өзгөн шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчиктеги мүлктү башкаруу департаментинин адистери жана Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттары менен 2017-жылдын 21-сентябрь куну Өзгөн шаар ичиндеги автоунаалар токтоочу жайларда рейд уюштурулду. Рейд учурунда Өзгөн шаар ичиндеги автоунаалар токточуу жайларды кыдырып чыгылды. Анын негизинде:

  1. Өзгөн шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан Кайым ата чайханасынын жанындагы Аширбаева Гулмира 2017-жылда өткөрүлгөн куркурстун негизинде ижарада пайдаланып келе жатат. Бирок азыркы учурда Өзгөн тазалык муниципалдык ишканасы менен эки тараптуу келишими жок, машиналарга бере турган квитанциясы жок, формасы жок, ижара төлөмдөрүнан карызы бар. Депутаттар бир токтомго келип сунушта айтылган аткарыла турган иштерин жана кемчилдиктерин оңдоо үчүн бир жума мөөнөт берилди.
  2. Өзгөн шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан Музыкалык мектебинин алдындагы жер тилкесин конкурстун жыйынтыгы менен Ибраев Эрлан ижарада пайдаланып келе жатат. Сунушта көрсөтүлгөн жумуштар боюнча кемчилдиктери бар. Өзгөн Тазалык ишканасы менен келишим жок, квитанция алган, формасы бар. Кемчилдиктерин жоюу үчүн бир жума мөөнөт берилди.
  3. Өзгөн шаарынын Манас, Ленин, Кошуев көчөлөрүн кесилишинде автоунаа токтоочу жайды Абдыкалыков Таалай иштетип жатат. Биз текшерип барганда өзү жок экен.
  4. Өзгөн шаарынын Жуков көчөсүндө жайгашкан Кара-Суу, Ош автоунаа каттамын Умаралиев Кадирали ижарада пайдаланып келе жатат эле, бирок Өзгөн шааркуруу жана архитектура башкармалыгынын ал жерге автопарковка мумкун эмес деген катын негизинде эки тараптуу келишим мөөнөтүү бүткөндүктөн К.Умаралиевге жазуу түрүндө билдирүү берилген.
  5. Өзгөн шаарынын Жуков көчөсү №14 кварталында жайгашкан автоунаа токтоочу жайды Сайтахунова Зубайда ижарада пайдаланып келе жаткан. Бирок азыркы учурда ал жер жолдун чеги жана ал жердеги дүкөндөр сатылып кетгендиктен архитектура тарабынан адистер барып жерди иликтеп ал жерге автопарковка кылганга мүмкүн эместигин билдирген.
  6. Өзгөн шаарынын Маданият көчөсүндө жайгашкан автоунаа токтоочу жайды Абдрахманов Абдималик ижарада пайдаланып келе жатат. Азыркы күндө ал жерди чарчы метринде талаш тартыш болгондуктан жер комиссиясына кайрадан коюлган. Квитанциясы жок, Өзгөн Тазалык ишканасы менен келишим жок, форма жок. Абдрахманов Абдималик хадж зыяратына кетгендиктен, кемчилдиктерин жоюуга мөөнөт берилбей калды.
  7. Өзгөн шаарынын Мамажанов көчөсүндөгү болжол Бобур атындагы орто мектебин жанындагы автоунаа токтоочу жайды Мавлянова Давлатхон ижарада пайдаланып келе жатат. Квитанцияси бар, формасы жок, Өзгөн Тазалык ишканасы менен келишим түзүлгөн эмес.
  8. Өзгөн шаарынын Хлопкомская көчөсүндөгү автоунаа токтоочу жайды Халдаров Откур убактылуу ижарага алган. Бирок келишиам ал жердин жашоочуларынан келген арыздын негизинде жокко чыгарылган.
  9. Өзгөн шаарынын Борбор кварталында жайгашкан таянч пунктунун жанындагы автоунаа токтоочу жайды Шамиева Бурал ижарада пайдаланып келе жатат. Квитанция бар. Парковкага кире бериштеги жолго эки жактан автоунаалар киргендиктен, жолдун ортосуна бардюр коюуну сунушталды.

       Өзгөн шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчиктеги жерлерди ижарага берүү жана жеке ээлик кылуу укугун ыйгаруу боюнча түзүлгөн комиссиянын 2016-жылдын 12-мартында өткөн отурумунда 83 арыз каралган. Бош турган жерлерге контейнер коюп убактылуу пайдалануу, бош турган жерлерди жашылдандыруу жана көрктөндүрүү, аялдамаларды убактылуу пайдалануу, пайдаланып турган жеринин мөөнөтүн узартуу жана алдынан жер кошуп берүү, мурдатан өздөрү пайдаланып келген жерин тике сатып алуу, үйүнүн алдындагы жерди убактылуу пайдалануу, жарнамалык щиттерди орнотуп убактылуу пайдалануу, аттракциондорду орнотуп пайдалануу жана башкалар жөнүндөгү арыздар каралган. Комиссиянын 2016-жылдын 3-июнунда өткөн отурумунда 44 арыз каралган. Комиссиянын отурумунда жерди убактылуу пайдалануу боюнча макулдук берилип, чечилген маселелерге МММБ департаменти менен келишимдер түзүлгөн.

           Мөөнөтү бүткөн мүлктү эсептен чыгаруу боюнча шаардык кеңеш тарабынан жобо бекитип берилген, бирок бул боюнча МММБ департаменти тарабынан жеткиликтүү иш алып барылган эмес. Муниципалдык менчиктеги мүлктөрдүн абалын толук анализдеп чыгып, эсептен чыгарууга тийиш болгон мүлктөрдү мыйзамга ылайык эсептен чыгаруу боюнча иш-чара иштеп чыгып, аны аткарууну жолго коюу керек.

            2016-жылда МММБ департаментине 597 арыз жана каттар түшкөн. Анын ичинен 4 арызды арыз ээлери өз каалосу менен кайтарып алган. 68 арыз (анын ичинен 42 жер боюнча, 23 арыз эки тараптуу келишимдерди узартуу, 3 арыз жерди тике сатып алуу боюнча) эски комиссия курамы жоюлуп кеткендиктен өз мөөнөтүндө каралбай калган. Азыркы мезгилде каралбай калган арыздар жаңы комиссиянын отурумунда кароо үчүн берилген. Калган 529 арыз жана каттарга өз убагында жооп берилип арыз ээлерине жеткирилген.   

Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы  МММБ департаментине 2017-жылдын 22-августуна чейин жарандардан жана мекеме уюмдардан,  ишканалардан жалпысынан  515 арыз келип түшкөн: анын ичинен ижарага жер берүү маселеси  боюнча 79 арыз түшүп алардын ичинен 38 арыз  канаттаандылырып, 10-канаттандыруусуз калтырылган, ал эми 16 арыз боюнча азыркы мезгилде иш алып барылууда. Ошондой эле ижара маселеси боюнча арыздарды аткарууга алуу үчүн тиешелүү органдарга 92 арыз  кат жөнөтүлгөн. Келишимдин мөөнөтүн узартуу боюнча   35 арыз келип түшкөн,  алардын ичинен 29 арыз канаттандырылып  6 арыз канаттандыруусуз калтырылган. Келишимдин мөөнөтүн токтотуп туруу боюнча      жараандардан 7 арыз катталып, анын 3 канаттандырылып 2 арыз канаттандыруусуз  калтырылган жана 2 арыз боюнча иш алып барылууда.  Жерди мыйзамдаштыруу боюнча 6 арыз катталып 3 арыз канаттандырылып, 2 арыз канаттандыруусуз калтырылган жана 1 арыз боюнча иш алып барылууда. Авто ууна токтоочу жер жана стоянка маселеси боюнча 9 арыз келип түшкөн,  4 арыз канаттандырылып , 3 арыз  канаттандыруусуз калтырылган  жана 2 арыз боюнча иш алып барылууда. Акча каражатын сурап кайрылгандардан 16 арыз катталып, анын ичинен 12 арыз канаттандырылып, 4 арыз канаттандыруусуз калтырылган. Ар түрдү маселелер боюнча  119 арыз катталып 111    арыз канаттандырылып, 8 арыз канаттандыруусуз калтырылган. Башка органдардан келген каттар боюнча 79 кат катталып анын ичинен 78 кат канаттандырылып, 1 кат канаттандыруусуз калтырылган .    

      Текшерүүнүн натыйжасында шаарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу бөлүмүнүн ишин өзүнчө жүргүзүү, МММБ департаментинин иш алып баруу ыкмасын өзгөртүп, толокандуу иш жүргүзүүгө керектүү бөлүмдөрдү ачуу боюнча изилденүү, ишкананын перспективалык иш-планын иштеп чыгуу зарылчылыгы аныкталды.

      Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) 2017-жылдын 6-апрелинде өткөн кезектеги V сессиясынын № 5/2 токтому менен Өзгөн шаарынын 2017-2020-жылдарга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасынын стратегиялык планынын долбоору жана Өзгөн шаарынын 2017-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасы (титулдук тизме) бекитилген. Азыркы күндө 2017-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесинде каралган лотокторду жасатуу үчүн керектелүүчү курулуш материалдарын сатып алууга тендер жарыяланган. С.Шарипов атындагы орто мектебинин кошумча корпусун курууга, Таштак кварталында балдар бакчасын курууга, борбордук базардын алдындагы Манас көчөсүнүн бөлүгүндө асма көпүрө курууга жана Фарход, Узгенская, 70 лет Октября көчөлөрүн асфальттоо боюнча долбоорлоо-сметалык документацияларды даярдатуу үчүн жумуш аткаруучуну тандап алуу максатында тендер жарыяланган.  Программада жана титулдук тизмедеги иштерди аткарылышын камсыз кылуу боюнча иш-чара иштеп чыгып, аны аткаруу боюнча ишти баштап, иштин жүрүшү боюнча шаардык кеңешке дайыма маалымат берип туруу керек.                                                                                  

 

«Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусу

 

  1. МММБ департаментинин 2016-жылда аткарган иштери жана 2017-жылда жүргүзүп жаткан иштеринде кетирилген кемчилдиктер эске алынып, жүргүзүп жаткан иштери канаттандыраарлык эмес деп табылсын.
  2. МММБ департаментинин уставын кайрадан иштеп чыгып, мыйзамдарга ылайык өзгөртүп шаардык кеңешке сунуштоо милдеттендирилсин.
  3. Титулдук тизмеге кирген иштерди так аткаруу, титулдагы өзгөртүүлөр боюнча депутаттык комиссия менен тыгыз байланышта иштөө, титулга кошумча аткарылуучу иштерди каржы булактары такталгандан кийин аткаруу сунушталсын.
  4. МММБ департаментинин толокандуу иш жүргүзүүсүнө керектүү бөлүмдөрдү ачуу боюнча изденүү, ишкананын перспективалык иш-планын иштеп чыгуу сунушталсын. Шаарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана шаардын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча мониторинг жүргүзүлсүн жана анын жыйынтыгы боюнча шаардык кеңешке сунуш берилсин.
  5. Ижара тарифтери элге жеткиликтүү даражада болушу үчүн, тариф саясатын көп критерийлерди эсепке алып кайрадан карап чыгуу сунушталсын.
  6. Муниципалдык мүлк жана жерлерди эффективдүү пайдаланууну көзөмөлдөө, алардын реестрин, госакттарын тактоо боюнча иш жүргүзүлсүн.
  7. Элден түшкөн арыз-даттанууларга мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө, өз убагында жооп берүү, шаардык кеңештин токтомдорун өз мөөнөтүндө жана так аткаруу милдеттендирилсин.

   

 

 «Муниципалдык менчик, жер маселелери,

 курулуш жана архитектура, акы

 төлөп кызмат көрсөтүү сферасы

 боюнча» туруктуу комиссиянын төрагасы                                    Р. Купахунов

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги VII  сессиясынын отурумунун

                                     

                     ТОКТОМУ                      

                         

             27-сентябрь  2017-жыл                     № 7/4                        Өзгөн шаары

 

Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн 2017-жылдын 6 айында ашыкча аткарылышынын эсебинен кошумча каражат бөлүү жөнүндө

           

Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги VII сессиясынын отуруму күн тартибине Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексине” ылайык киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссияларынын биргелешкен отурумунун 2017-жылдын 29-августундагы №3 протоколунун негизинде,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен 2017-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесине кошумча киргизүүгө жана кошумча аткарылуучу иштердин титулдук тизмесин бекитүүгө макулдук берилсин.
  2. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2017-жылдын 6 айында пландан ашыкча аткарылгандыгынын эсебинен титулдук тизмеге ылайык 2604,5 миң сомду МММБ департаменти аркылуу кошумча каржылоого макулдук берилсин.
  3. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2017-жылдагы планынын ашыкча аткарылгандыгынын эсебинен титулдук тизмеге ылайык 3177,6 миң сом каржылоого макулдук берилсин. Анын ичинен: шаар мэриясына 12,3 миң сом, шаардык кеңешке 1,9 миң сом, шаардык билим берүү бөлүмүнө 183,0 миң сом, Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багына 414,0 миң сом, Өзгөн Тазалык муниципалдык ишканасына 400,0 миң сом, МММБ департаментине 2166,4 миң сом кошумча каржылоого макулдук берилсин. Өзгөн шаар мэриясынын 28241100 “Резервдик фонд” статьясынан 28211100 “Стипендиялар, билим берүүгө стипендиялар жана башка жөлөк пулдар” статьясына 110,5 миң сом жылдырууга макулдук берилсин.
  4. Бюджеттин тең салмактуулук принцибин сактоо менен жогорудагы мекемелердин сметасына өзгөртүү киргизүү жана планды Каржы министрлиги менен тактоо жагын көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Р.Атаджановго милдеттендирилсин.
  5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

                                       Төрага                                          А. Джалилов

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссияларынын биргелешкен отурумунун

                

                                                     ПРОТОКОЛУ                                                    

 

Өзгөн шаары                                         № 3                                29–август 2017-жыл.

 

Катышканы: – 8  депутат

Катышышты: Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу  комиссиянын төрагасы А. Мамазайитов,

Мүчөлөрү: депутаттар А. Шарабидинов, С. Турсунбаев, Б. Мирзажанов

 «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Купахунов

Мүчөлөрү: депутаттар  М. Рызакулов, Б. Шамиева, А. Джакыпов.

Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы А. Джалилов, орунбасары депутат М.Халматов,

Өзгөн шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучу Р. Атаджанов, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Өзгөн башкармалыгынын башчысынын орун басары Р. Мейматкулов, экономика бөлүмүнүн башчысы Т. Туркбаев, МММБ департаментинин жер адиси Х. Тешебаев, Өзгөн шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы Э.Нишанбаев, “Өзгөн Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору Х.Ибрагимов

 

                                                       К/Н ТАРТИБИ:

  1. Өзгөн шаар мэриясынын 2017-жылдын 16-августундагы кошумча аткарылуучу иштердин титулдук тизмесин бекитүү жана бюджеттин 2017-жылдын 6 айында ашыкча аткарылышынын эсебинен кошумча каражат бөлүү жөнүндөгү №625 каты.
  2. Өзгөн шаардык кеңешинин адиси Таалайбек кызы Алтынайдын эмгек стажына үстөк кошуп берүү жөнүндөгү 2017-жылдын 3-августундагы №74 каты
  3. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2017-жылдын 6 айында аткарылышы
  4. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2018-жылга долбоору

 

Отурумду Өзгөн шаардык кеңешинин “Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу  комиссиясынын төрагасы А.Мамазайитов ачты: Урматтуу комиссия мүчөлөрү кворум бар болгондуктан бүгүнкү отурумду ачык деп эсептеп, отурумдун күн тартибин бекитип койсок. Бүгүнкү отурумдун күн тартибинде 4 маселе каралат, күн тартибине кошумчалар жок болсо, бүгүнкү отурумдун күн тартибин бекитип койсок. Күн тартиби бир добуштан бекитилди.

Анда күн тартибиндеги маселени Өзгөн шаар мэриясынын 2017-жылдын 16-августундагы кошумча аткарылуучу иштердин титулдук тизмесин бекитүү жана бюджеттин 2017-жылдын 6 айында ашыкча аткарылышынын эсебинен кошумча каражат бөлүү жөнүндөгү №625 катын кароого өтсөк.

  Өзгөн шаарынын 2017-жылга карата аткарылуучу иштердин титулдук тизмесине кошумча аткарылуучу иштер киргизилген, Өзгөн шаарынын мэриясы ошол иштерге бюджеттин 2017-жылдын 6 айында ашыкча аткарылышынын эсебинен каражат бөлүү жөнүндө №625 кат менен кайрылган.

Бул маселе боюнча кимде кандай сөз бар.

Депутат М. Халматов: тийиштүү жетекчилер толук катышсын, бул маселени кийин карайлы.

        Депутат А. Мамазайитов: шаардын мэри, мекемелердин жетекчилери келгиче Өзгөн шаарынын бюджетинин 2017-жылдын 6 айында аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Өзгөн башкармалыгынын башчысынын орун басары Р. Мейматкуловтун маалыматы менен таанышып турсак.

            Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Өзгөн башкармалыгынын башчысынын орун басары Р. Мейматкулов: урматтуу депутаттар Өзгөн шаарынын бюджетине 2017-жылдын 6 айында 5879,2 миң сом ашыкча каражат түшкөн. Каржы министрлиги тарабынан 6 айда киреше бөлүгүнө 2605,4 миң сомго тактоо киргизилген. Сиздер киреше бөлүгүнө калган 3155,0 миң сомго тактоо киргизип, ал каражаттарды иштетүүгө макулдук берсеңиздер, мэрия сунуштап жаткан иштер боюнча чыгаша бөлүгүнүн планына тактоо киргизип кийин каржылайбыз.

Депутат М. Халматов: 6 айдын жыйынтыгы менен салыктын кайсыл түрлөрү толбой калды маалымат берсеңиз.

Жооп: план ашыкча жеткирилгендиктен салыктын 2 түрү толбой калды:  киреше булактарынан кармалуучу киреше салыгы жана бирдиктүү салык, башка салыктын түрлөрү боюнча план толук аткарылган. Эмгек акынын көтөрүлүшүнүн эсебинен жылдын аягына чейин киреше булактарынан кармалуучу киреше салыгынын планы толуп калышы мүмкүн.

Депутат М. Халматов: Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу паркынын сметасына тактоо киргизилдиби.

Жооп: каржы булактары такталгыча токтомду аткарууну убактылуу токтотуп туруу боюнча бизге кат келген.

Депутат М. Халматов: шаардык кеңештин токтомун ким жокко чыгара алат? Кеңештин өзү жокко чыгара алат, силер ал токтомду аткарышыңар керек.

 Өзгөн шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучу Р. Атаджанов: Н.Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу паркынын 2016-жылдагы атайын каражаттар эсебинде 342,5 миң сом калдык акчасы бар. 2017-жылда кошумча 430,0 миң сом каражат түшкөн. Менин сунушум паркты чарбалык эсепке өткөрүү керек. Быйыл өзүнүн атайын каражаттар эсебинен каржылап, абалдан чыксын.

Депутат М. Халматов: атайын каражаттардан эмгек акы бере албайбыз, мыйзамдуу жагын карашыбыз керек.

Өзгөн шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучу Р. Атаджанов: аларды каржылоого 400,0 миң сом кайсыл жерден алабыз.

Депутат А. Мамазайитов: бюджеттин ашыкча аткарылышынан каржылап, сунушталган титулдагы бир ишти кыскартабыз. 

Өзгөн шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучу Р. Атаджанов: 480,0 миң сом парктын тегерегин тосмолоо үчүн сурап жатат, подстанция сатып алуу үчүн 180,0 миң сом, атракциондорду ремонттоо керек. Алардын атайын каражаттар эсебине жыл акырына чейин 1066,5 миң сом түшөт, калдыкты эске алсак. Каражат жетишпесе кийинки жылдарда жергиликтүү бюджеттин эсебинен субсидия катары колдоо көрсөтсөк болот. Парктын кызматкерлери апрелден бери эмгек акы албай иштеп жүрүшөт. Сессияда карап уруксат берсеңиздер, эмгек акылары жана башка зарыл чыгашалары атайын каражаттар эсебинен каржыланат.

Депутат М. Халматов: мэрия бул маселенин мыйзамдуулугун, эсептерин тактап кезектеги сессияга алып чыксын.

Депутат А. Мамазайитов: чарбалык эсепке өткөрүүнү биздин комиссия да  колдогонбуз, бирок депутаттар тарабынан каршылык болгон.

Депутат А. Шарабидинов: биз МММБ департаментинин балансында калтырууну сунуш бергенбиз. Уставка өзгөртүү киргизүү керек.

Өзгөн шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучу Р. Атаджанов: ижара келишимдери прокуратура тарабынан жокко чыгарылган, себеби келишимдерде жер аянттары туура эмес коюулуп түзүлгөн. Жерлерди арендага биздин жер комиссиябыз тарабынан бериле турган кылсак, көзөмөлдөөнү МММБ департаментке милдеттендирсек болот. Бакты чарбалык эсепке өткөрсөк 9 га жери МММБ департаменти аркылуу ижарага берилсин деп токтомго кошуп койсок болот.

Депутат Р. Купахунов: арендаторлорго бергенден кийин башка чоң аттракцион курам деп келген инвесторлорго жерди бошотпой койот экен, келишимде бул маселени көрсөтүп коюш керек.

Депутат Б. Шамиева: келишимдер 5 жылга түзүлбөсө ишкерлер жакшы иш баштай албайт, 2-3 жылда кайтарып алса болбойт, ишкерлерди да ойлошубуз керек.

Депутат А. Мамазайитов: урматтуу депутаттар Н. Азнабакиев паркын чарбалык эсеп жүргүзүү маселесин сессияга алып чыгууга макул болгон депутаттар добуш берип койсоңуздар.

Сунуш бир добуштан колдоого алынды.

Өзгөн шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучу Р. Атаджанов: жер 5 жылга берилсе да, мөөнөтү бүтпөстөн келишим бузулушу мүмкүн. Парктагы жерлерди көзөмөлдөө үчүн чарбалык эсепке өткөрүү керек жерди ижарага берүү МММБ департаментинин көзөмөлүндө болсун. Жер берүүдө “Жер кодекси”не ылайык иш жүргүзсүн деп токтомго кошуп коюу керек.

Депутат Б. Мирзажанов: аз камсыздалган үй-бүлөлөргө майрам күндөрү бактагы аттракциондорду бекер кылуу керек. Мэрия бул боюнча иш алып баруусу керек.

Р. Атаджанов: бекер кылсак болот бирок жергиликтүү бюджеттен субсидия катары каражат бөлүп берүүбүз керек, шаардык социалдык өнүктүрүү башкармасынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн тизмесин алып, ошол тизмеге ылайык акча каражатын төлөп беришибиз керек.

Депутат А. Мамазайитов: кошумча титулдук тизмени кароого өтсөк. Анда эмесе сөз Өзгөн шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучу Р.Атаджановто.

Өзгөн шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучу Р. Атаджанов: урматтуу депутаттар биз Сиздерге тиркемени эки башка бергенбиз, себеби КР Каржы министрлиги тарабынан 6 айда 2604,5 миң сомго тактоо киргизип берилди, калган  3155,0 миң сом киреше бөлүгүнө Сиздер тактоо киргизип, ал каражаттарды иштетүүгө макулдук берсеңиздер, иштерди тезирээк баштасак.

Депутат А. Шарабидинов: мүмкүнчүлүк болсо карап берүү керек.

Өзгөн шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучу Р. Атаджанов: анда эмесе мен тизме боюнча аткарылуучу иштерди сиздерге айта кетсем Жаңы-Өзгөн кварталына КТП бетон мамыча жана электр чубалгылары үчүн 480,0 миң сом каражат бөлүү маселеси комиссиянын өткөн отурумунда каралган. Бул акча каражаты МММБ департаменти тарабынан каржыланат порталга конкурс жарыялап сатып алынат. РЭТ ишканасына бул каражатты өткөрүп берсек, ишти аткарууга лицензиясы жок.

Депутат М. Халматов: кошумча иштерди токтотуп, жылдын башында бекитилген титулдук тизмедеги иштерди аткарбайлыбы. Жергиликтүү бюджеттен КТП сатып алуу мыйзамга туура келеби, ал РЭТтин милдетине кирбейби. Аскер комиссариаты Коргоо министрлигинен каржыланат. КР “Бюджеттик кодексинин” 18-статьясында жергиликтүү бюджеттин чыгашаларынын багыты көрсөтүлгөн, аларды жергиликтүү бюджеттен каржылоого болбойт, ошондой эле Калкты тейлөө борборун да каржылоого болбойт деп ойлойм.

Өзгөн шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучу Р. Атаджанов: РЭТ ишканасынын КТП сатып алып берүүгө каражаты жоктугунан биз алып берүүбүз керек, бул мыйзамга туура келет. Өткөн жылы бир бөлүгүн биз каржылап КТП сатып алып бергенбиз. Элдин өзү да жардам кылат. Калкты тейлөө борборун камсыздоо Өкмөттүн токтому менен бизге милдеттендирилген. Силер макул болсоңор каржылайбыз.

Депутат А. Шарабидинов: Жаңы-Өзгөндүн маселесин чечип беришибиз керек мен барып өз ордунда көрдүм, алардын шарты оор.

Жаңы-Өзгөн кварталына КТП сатып алууга 480,0 миң сом каржылоо комиссия мүчөлөрү тарабынан бир добуштан колдоого алынды.

Депутат А. Мамазайитов: Аскер бөлүмчөсү менен калкты тейлөө борборуна каржылоону токтотуп турсак.

Депутат А. Джакыпов: аскер комиссариятына видео күзөт коюп бериш керек, себеби ал жерде чыр-чатак көп чыгып жатат. Шаардык кеңештин атынан аларга кат жазып чакырсак, алардын сөзүн уксак.

Депутат А. Мамазайитов: аскер комиссариятына 50,0 миң сом бөлүп турсак.

Депутат Р. Купахунов: Калкты тейлөө борборундагы коррупцияны да көзөмөлдөө керек. Аларды комиссиянын отурумуна, сессияга чакырылсын. Аскер комиссариятынын башчысын да чакырып коюш керек.

 Райондук аскер комиссариятына видео күзөтүү сатып алуу үчүн 50,0 каржылоо комиссия мүчөлөрү тарабынан колдоого алынды.

Р. Атаджанов: асма көпүрөнүн долбоорун жасатууга каражат каралбай калган эле.

Депутат А. Мамазайитов: асма көпүрөнүн долбоорун жасатууга каражат бөлүүгө макулдук беребиз. Суу түтүкчөсүн алуу үчүн 100,0 миң сом сурап жатасыңар бул маселе такталдыбы.

Жооп: бул маселе боюнча конкурс жарыяланган, ал иштин маалыматы бар.

Депутат Б. Мирзажанов: шаардын ички жолдорун оңдоого суралган 199,3 миң сомго кайсыл көчөлөр оңдолот тизмесин берсеңер.  

Өзгөн шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучу Р. Атаджанов: С.Шарипов атындагы орто мектебинин кошумча имаратын куруу үчүн дагы 6400,0 миң сом каржылашыбыз керек. Республикалык бюджеттен А.Гаппаров көчөсүн асфальттоо иштери башталды. Узгенский көчөсүн асфальттоо Минтранстын титулдук тизмесине кирбей калган. А.Гаппаров көчөсүн асфальтын 375 метр жерин калып калды,  силер уруксат берсеңиздер 1402,6 миң сом каражатты ушул ишке жумшап, акырына чейин бүтүрсөк.  

Сунуш комиссия мүчөлөрү тарабынан бир добуштан колдоого алынды.

Өзгөн шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучу Р. Атаджанов: “Өзгөн Тазалык” муниципалдык ишканасына каралган 100,0 миң сом гүл көчөттөрүн сатып алууга жана экопаспорт алууга сурап жатабыз. Эгерде МММБ департаментинен карап берсек порталга бериши керек болуп калат.

Депутат А. Мамазайитов: “Өзгөн Тазалык” муниципалдык ишканасынан 350,0 миң сом карыз болуп жатасыздар экен ошол боюнча маалымат берип койсоңуз.

Жооп: бул өткөн жылы муниципалдык заказды аткаруудан калган карыз болгон, ошол карызды эсепке алып быйылкы жылда аларга 6,0 млн сом каралган. Жылдын жыйынтыгы менен алардан карыз болуп калсак кийинки жылы төлөп беребиз. “Өзгөн Тазалык” муниципалдык ишканасы эл менен иштөөнү күчөтүп, кирешесин көбөйтүүсү керек.

“Өзгөн Тазалык” муниципалдык ишканасы директору Х. Ибрагимов: ӨКМ, Фархад каналын тазалоого салярка бердик. Биз аткарылган иштер үчүн акча сурап жатабыз. Бул каражатты төлөп бербесеңер декабрь айында кызматчыларга эмгек акы жетишпей калат.

Депутат А. Мамазайитов: 350,0 миң сом карызын карап берели.

Депутат Б. Мирзажанов: ШБББ имараты жайгашкан жерде ажаткана жок, курууга мүмкүнчүлүк барбы.

Өзгөн шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы Э.Нишанбаев: ал жерде ажаткана курууга жер жок. МММБ департаментинин 2017-жылдын 1-августуна карата бизден 197,0 миң сом карызы бар, андан кийин да иштер аткарылып жатат. Биздин аткарган иштерге да кошумча каражат бөлүп берүүңүздөрдү суранам.

  Өзгөн шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучу Р. Атаджанов: көчө жарыткычтарга лампочкалар, реле электр приборлорду сатып алуу керек, кээ бир көчөлөргө (А. Темур, Мирзатаев, Ленин, Кошкоргон көчөлөрүнө) түнкү жарыткычтарды коюу керек ага кошумча 400,0 миң сом караш керек. 

Депутат М. Халматов: Атаджанов көчөсүнө да түнкү жарыткычтарды коюу керек.

Өзгөн шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучу Р. Атаджанов: шагыл төшөө боюнча 15,0 млн сомдук заявкалар түшкөн, бирок биз бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө карап 300,0 миң сом сурап жатабыз. Бетон мамычаларды орнотууга да көп заявка түшкөн,  биз 400,0 миң сом сурап жатабыз.

Депутат А. Мамазайитов: Мажрун-Тал кварталындагы каналдын жээгин тосмолоо үчүн 450,0 миң сом кетээрин эсептеп чыгышкан, жергиликтүү бюджеттен 200,0 миң сом карап берсек калган каражаттарды эл өзү кылсын.

Өзгөн шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучу Р. Атаджанов: урматтуу депутаттар эгер сиздер уруксат берсеңиздер Ленин мектебинин ичинде балдар бакчасы ачылган ошол бакчанын аянтчасын решетка менен тосмолоого 40,0 сомдук материалдар кеткен ошол карызды төлөп берсек, Бабур мектебине да бакчанын аянтчасын темир решетка менен тосмолоого 110,0 миң сом керектелет.

Депутат А. Мамазайитов: С. Шарипов мектебинин кошумча корпусунун курулушуна каржылоого каралган 1522,0 миң сомдон Ленин мектебинин балдар бакчасынын аянтчасын тосмолоого 40,0 миң сом, Бабур мектебинин балдар бакчасынын аянтчасын тосмолоого 110,0 миң сом, “Өзгөн Тазалык” муниципалдык ишканасына 300,0 миң сом, архитектура башкармалыгынын аткарган иштери үчүн 100,0 миң сом, калган 1,0 млн сом С. Шарипов мектебинин кошумча корпусун курулушуна каржылансын деген депутаттар добуш берип койсоңуздар.

Сунуш бир добуштан колдоого алынды.

        Депутат А. Мамазайитов: анда эмесе күн тартибиндеги кийинки маселени кароого  өтсөк. Бул Өзгөн шаардык кеңешинин адиси Таалайбек кызы Алтынайдын эмгек стажына үстөк кошуп берүү жөнүндөгү 2017-жылдын 3-августундагы №74 каты. Мыйзамда муниципалдык кызматкер 1 жылдан 3 жылга чейин иштеген жылдар үчүн 5% үстөк кошуп берилет деп белгиленген. 

            Сунуш бир добуштан колдоо тапты.

     “Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу  комиссиясынын төрагасы А.Мамазайитов: күн тартибиндеги төртүнчү маселе боюнча маалымат берилбегендиктен бул маселе кийинки отурумда каралат, бюджеттин киреше бөлүгүнүн 2017-жылда аткарылышы боюнча божомолду да бергиле.

 

        Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссияларынын биргелешкен отуруму

 

                                          ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен 2017-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесине кошумча киргизүүгө жана кошумча аткарылуучу иштердин титулдук тизмесин бекитүүгө макулдук берилсин.
  2. 2017-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесине кошумча киргизүүгө жана кошумча аткарылуучу иштердин титулдук тизмесиндеги иштерди аткарууга бюджеттин 2017-жылдын 6 айында ашыкча аткарылышынын эсебинен 5759,5 миң сом кошумча каражат бөлүүгө макулдук берилсин.
  3. Өзгөн шаардык кеңешинин адиси Таалайбек кызы Алтынайдын эмгек стажына 1,9 миң сом, шаар мэриясына соттун чечимдерин аткарууга 12,3 миң сом бюджеттин 2017-жылдагы ашыкча аткарылышынын эсебинен кошуп берүүгө макулдук берилсин.
  4. 2017-жылдын 6 айында Өзгөн шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүнүн 42409,3 миң сомго, чыгаша бөлүгүнүн 32901,2 миң сомго аткарылганы белгиленсин.
  5. Бюджетке тактоо киргизүү жана бөлүнгөн каражаттарды мыйзам чегинде иштетүүнү көзөмөлдөө Өзгөн шаар мэринин милдетин убактылуу аткаруучу Р. Атаджановко милдеттентирилсин.
  6. Токтомду бекитип берүү жагы Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги сессиясына сунушталсын.

         

  «Бюджет, салык жана экономика

  саясаты боюнча» туруктуу

  комиссиянын  төрагасы                                                           А. Мамазайитов

 

«Муниципалдык менчик, жер маселелери,

курулуш жана архитектура, акы төлөп

кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу

 комиссиянын төрагасы                                                                Р. Купахунов

 

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги VII  сессиясынын отурумунун

                                     

                       ТОКТОМУ                      

                          

               27-сентябрь  2017-жыл             № 7/5                   Өзгөн шаары

 

«Өзгөн шаардык Аксакалдар кеңеши жөнүндө» жобону бекитүү жөнүндө

 

 

            Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги VII сессиясынын отуруму күн тартибине Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык Өзгөн шаар мэриясынын 2017-жылдын 15-сентябрындагы №707 катынын негизинде киргизилген маселени угуп жана талкуулап,                                        

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. «Өзгөн шаардык Аксакалдар кеңеши жөнүндө» жобосу бекитилсин.
  2. Аксакалдар кеңешинин сапаттык курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
  3. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялоо шаардык кеңештин аппаратына жана  Кыргыз Республикасынын  Юстиция          Министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы шаардык аксакалдар кеңешинин төрагасы Х. Эргешовго милдеттендирилсин.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

Төрага                                          А. Джалилов

 

 

Өзгөн шаардык аксакалдар кеңеши жөнүндө

 

ЖОБО

 

  1. Жалпы Жобо

 

Аксакалдар кеңеши аймактык өз алдынча башкаруу жамаатынын коомдук органынын бир бутагы болуп эсептелет. Ал өз аймагында жашаган бардык аксакалдардын кызыкчылыгын коргоп, аларды социалдык жактан коргоо, кварталдар арасында кадыр-баркын көтөрүүгө жана алардын коомдук тарбиялык иштерге активдүү катышуусуна жетишүүгө чакырат.

            Аксакалдар кеңеши элдин биримдигин, достугун чыңдоого, ар бир улуттун маданиятын, үрп-адат, каада-салтын өнүктүрүүгө, мамлекетибизде жүрүп жаткан саясий-маданий, экономикалык, социалдык жана чарбалык  реформаны андан ары тереңдетүүгө, элдин күнүмдүк жашоо турмушун оңдоого, келечек муундарды тарбиялоого, Президентибиздин, Өкмөтүбүздүн саясатын колдоого, аймактын ар бир жашоочусуна багыт берип, аларды активдүү ишке тартат.

            Аксакалдар кеңеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 8-главасынын 55-беренесине ылайык түзүлөт.

            Аксакалдар кеңешин уюштуруунун тартиби, укуктары жана милдеттери башка коомдук уюмдар, эмгек жамааттары менен болгон мамилеси ушул аксакалдар кеңеши жөнүндөгү жободо аныкталат.

            Жобо шаардык кеңеште каралат жана бекитилет.

 

II Аксакалдар кеңешин уюштуруунун принциптери:

 

  • Аксакалдар кеңеши шаардык аксакалдардын демилгеси менен шаардын жалпы чогулушунда шайланат. Анын курамы 9-13 адамдан түзүлөт, ачык добуш менен шайланат. Аксакалдар кеңешинин курамынан шаардын мэринин сунушу менен кеңештин төрагасы шайланат. Аксакалдар кеңешинин курамынын жарымынан көбүнүн добушуна ээ болгон талапкер анын төрагалыгына шайланды деп эсептелет.
  • Аксакалдар кеңешинин төрагасынын сунушу менен анын орун басары жана катчысы добушка коюлуп, жарымынан көп добушка ээ болгону шайланды деп эсептелет.
  • Зарылчылыгына жараша аксакалдар кеңешинин курамын толуктоо, жаңылоо шаардын аксакалдарынын жалпы чогулушунда кеңештин төрагасынын сунушу менен жүргүзүлөт.
  • Аксакалдар кеңешинин жогорку органы шаардагы аксакалдардын жалпы жыйыны болуп эсептелет. Чогулуш зарылчылыгына жараша боло берет, бирок бир жылда анын бир ирет болушу шарт.

Аксакалдар кеңешинин жалпы чогулушунда шаардын экономикалык, маданий, социалдык абалына, шаарда жашоочулардын эмгекке, тартипке, тазалык-тарбиялык иштерге, элдин жашоо турмушуна байланыштуу бардык маселе каралат.

  • Шаарда жашоочу элдин айрым күндөлүк маселелери аксакалдар кеңешинин олтурумунда каралып чечилет. Олтурум зарылчылыгына жараша өткөрүлө берет, бирок айына бир ирет өткөрүлүүсү шарт.
  • Аксакалдар кеңешинин олтурумунун чечимдери сунуш катары кабыл алынат. Шаардын аймагындагы ишкана, мекеме, менчигинин түрүнө карабастан жеке ишканалар анын сунуштарын кароого жана жооп берүүгө милдеттүү.

 

III Аксакалдар кеңешинин  укуктары жана милдеттери:

 

  • Аксакалдар кеңеши Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун, буйруктарын, жергиликтүү бийлик органдарынын токтомдорун, буйруктарын, шаардык мэриянын, шаардык кеңештин буйрук, токтомдорун жана ушул жобонун аткарылышын көзөмөлгө алып, аны толук жетекчиликке алуу боюнча шаардын бардык жашоочуларына багыт берип, акыл-насаат иштерин жүргүзөт.
  • Аксакалдар кеңеши эмгек ардагерлеринин, майыптарынын кызыкчылыктарын коргоо менен аларга материалдык, моралдык жактан колдоо көрсөтүп, ар түрдүү жагдайлар боюнча жардам көрсөтүүлөрдү уюштурат.
  • Ардагерлердин кызыкчылыктарын көздөп ар түрдүү кайрылуу талаптар менен шаардагы бардык мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын, чарбалык (менчигинин түрүнө карабастан) жетекчилерине кайрылууга жана анын чечилгендиги тууралуу өз учурунда жооп берүүсүн талап кылат
  • Шаардагы ар түрдүү той-тамаша, шаан-шөкөттөрдү, кызды турмушка чыгаруу, баланы үйлөндүрүү, бешик тойлорду, туулган күндөрдү, юбилейлерди белгилөө, маркумдарды акыркы сапарга узатуунун тартибин бекиткен жобого ылайык өткөрүүнү коомчулуктан талап кылат.
  • Шаарда жашаган атуулдардын биримдигин, достугун, бири-бирине болгон урмат, сый, назик мамилелерин чыңдоо, өз ара жардамдашуу, ар бир улуттун каада-салтын, үрп-адаттарын урматтоого багыт берип, насаатчылык-тарбиялык иш алып барат.
  • Шаардагы ар кандай пикир келишпөөчүлүктөрдү, чыр-чатактарды, талаш-тартыштарды, таарынычтарды күчөтпөсөтн өз учурунда териштирип, жөнгө салат жана жараштырат.
  • Ата-энелерди өз балдарын тарбиялоодо өзгөчө көңүл буруусуна, мектепте окуган балдардын окуусуна, дем алуусуна тиешелүү шарттарды түзүп берүүсүнө, мектеп менен байланышын чыңдоого өзгөчө көңүл бурат. Мектептен качып, көчө таптап, мушташып, тамеки тартып, арак ичип, ар түрдүү тоноолорго, уурулукка чаташып жүргөн балдардын ата-энесин олтурумда, шаардын жалпы чогулушунда талкуулап уяткарат, калган ата-энелерди алдын-ала эскертет.
  • Шаардын укук тартибин чыңдоого, аракечтикке, уурулукка, тоноочулукка, сойкулукка, ушакчыларга каршы алдын-ала акыл-насаат иштерин жүргүзүүдө, ар бир укук бузуу фактыларын аксакалдар кеңешинин олтурумунда талкуулап, тиешелүү чараларды көрөт.
  • Шаардын жаштарынын арасында акыл-насаат иштерин жүргүзүүгө, аларды биримдикке, боорукерликке, өз ара жардашдашуу, достук жана жолдоштук багытта тарбиялоого, жаштарга мээримдүүлүктү, чыдамкайлыкты, эрки күчтүү, бекем мүнөздүү Ата-Мекенди, эли-жерин сүйүүгө, аскердик милдетти чын жүрөктөн өтөөгө тарбиялайт.
  • Ишке жарактуулардын бардыгы шаарда өткөрүлүп жаткан ишембиликтерге, арык, каналдарды чабууга, тазалоого, жолдорду, көпүрөлөрдү оңдоого, көрктөндүрүүгө сөзсүз катышуусун камсыз кылуу боюнча аксакалдар арасында сүйлөшүү аркылуу шаардын мэрине, жетекчилерине көмөк көрсөтөт.
  • Ар бир үй ээсинин үйлөрүнүн жанынан өткөн арыктагы сууларга кир, машина, жаман нерселерди жуубоосун, кирдин суусун, мончодон, дааратканалардан чыккан сууну арыктагы сууга агызбоону, химиялык заттарды, шыпырындыларды таштабоосун талап кылат, мындай фактылар кездешсе  жалпы жыйынга салып уяткарат.
  • Ар бир үй ээсинин өз үйлөрүн өз учурунда иретке келтирип, шыбап, актап, эшик терезелерин сырдап турууга, бак-дарактарды олтургузуп, жолдордун чуңкурларына шагыл  төгүп, суу сээп, шыпырып тазалоосун жана анын аткарылышына көзөмөлдүк кылып турат.
  • Көчөнүн аймагында жашаган ар бир үй-бүлө өздөрү жашаган үйдүн тушундагы электр мамычасына түнкү чырак орнотуп, түн ичинде жарык берүүнү камсыз кылуусун көзөмөлдөйт.
  • Ар бир үй-бүлө көчөгө чөп, көң, кык, топурак, шагыл, кум, таш, кирпич жана башка курулуш материалдарын ташып келип түшүрсө 3 күндүн ичинде жолдон ташып киргизип, өз жайына жайгаштыруусун талап кылуу, аткарбагандарды кеңештин олтурумунда талкуулап уяткарат.
  • Аксакалдар кеңеши жободо көрсөтүлгөн милдеттерден башка турмуш агымынан келип чыккан учурдун талабына ылайык шаардык мэриянын, шаардык кеңештин айрым тапшырмаларын элге жеткирип, анын аткарылышын талап кылып, көзөмөлдүк жүргүзөт.

 

IV  Аксакалдар кеңешинин шаардагы ишкана, мекеме, чарбалар, коомдук уюмдар менен мамилеси:

 

  • Аксакалдар кеңеши шаардык мэриянын жетекчилиги менен иш алып барат.
  • Аксакалдар кеңеши шаардагы мекеме уюмдар, ишкана, чарбалар менен мамилеси Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 8-главасынын 55-беренесине ылайык жана ушул жободо аныкталган милдеттерди аткаруу боюнча өз ара сүйлөшүү, макулдашуу аркылуу бир багытта иш алып барат.
  • Шаарда «/лгүлүү үй», «/лгүлүү үй-бүлө», «/лгүлүү маала» жана «Ардактуу атуул» сыяктуу өткөрүлүп жаткан тандоо иштерине катышат, көзөмөлдүк жүргүзөт. Аткарылган иштердин жыйынтыгын кеңештин олтурумунда талкуулап, кароо-сынактын жеңүүчүлөрү жөнүндө чечимди шаардык мэрияга жана шаардык кеңешке сунуштайт.

 

        Демилгечи-

Өзгөн шаардык ардагерлер  кеңешинин

     уюмдаштыруучуларынан атынан                                                      Х. Эргешов

 

 

 

 

 

 

 

 

 


Шаардык аксакалдар кеңешинин сапаттык курамы

                                                                                                                                             22.09.2017-жылга

Ф.А.

Туулган жылы

Билими, кызматы

Жашаган дареги

Кеңештеги функционалдык милдети

Эскертүү

1

Эргешев Хабибула

1947

Жогорку, пенсионер

Жаңы-Турмуш кварталы, Чапаев к.-101

Кеңештин төрагасы

0552 10 08 11

2

Исанбаев Абдулхамид

1955

Орто, жеке ишкер

Кайрагач кварталы, Сельская к.-17

кеңештин төрагасынын орун басары

0552 21 91 21

3

Абдумоминов Абдукаим

1943

Орто, Төмөнкү Өзгөн аймагынын аксакалдар сотунун төрагасы

Гүзар

кеңештин мүчөсү

 

4

Хабибуллаев Иноятилло

1955

Жогорку, Жогорку Өзгөн аймагынын аксакалдар сотунун төрагасы

Улукбек, Улукбек к.-14

кеңештин мүчөсү

0555 83 77 40

5

Садыков Ахмаджон

1946

Орто, пенсионер

Шарк кварталы, Кузнецова к.-22

кеңештин мүчөсү

0553 41 49 25

6

Иминов Заиджан

1961

Атайын орто, шаардык мэриянын башкы адиси

/ч-Дөбө

кеңештин мүчөсү

0555 87 13 74

7

Мирзарахимов Тахиржан

1957

Орто, жеке ишкер

Улукбек, Нариман к.-10

кеңештин мүчөсү

0557 08 56 06

8

Таңырыков Шакир

1954

Орто,  пенсионер

Жаңы-Өзгөн кварталы, Лесная к.

кеңештин мүчөсү

0770 30 00 59

9

Исмаилов Сотволди

1947

Атайын орто, пенсионер

Мажирим-Тал кварталы, П.Хайдаров к.-14

кеңештин мүчөсү

0777 82 90 75

10

Токсонбаев Мирзажан

1958

Атайын орто, Таштак кварталдык комитетинин төрагасы

Таштак кварталы,

кеңештин мүчөсү

0557 21 72 41

11

Примбердиева Галина Турдиевна

1938

Жогорку, пенсионер

Жаңы-Турмуш кварталы, Ленин к.

кеңештин мүчөсү

0779 11 22 78

12

Ураимжанова Тажикан

1940

Жогорку, Улукбек кварталынын аялдар кеңешинин төрайымы

Улукбек кварталы

кеңештин мүчөсү

 

13

Любченко Виталий

1947

Атайын орто, пенсионер

Жаңы-Турмуш кварталы, Бегельдинов к.-6

кеңештин мүчөсү

0550 10 25 70

 

Мэриянын башкы адиси                                                                Г.Сулайманова

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги VII  сессиясынын отурумунун

                                     

                     ТОКТОМУ                      

                         

            27-сентябрь  2017-жыл                       № 7/6                       Өзгөн шаары

 

Өзгөн шаарынын бюджетинин 2018-жылга долбоорун бекитүү жөнүндө

           

Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги VII сессиясынын отуруму күн тартибине Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексине” ылайык киргизилген маселени угуп жана талкуулап, 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2018-жылга долбоорун тиркемеге ылайык 78729,1 миң сом өлчөмүндө бекитүүгө макулдук берилсин.
  2. Бюджеттин киреше бөлүгүнүн сапаттуу аткарылышын эсепке алуу менен Өзгөн шаарынын бюджетинин 2018-жылга долбоорун Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексине” ылайык белгиленген мөөнөттө Каржы министрлигине берүү Өзгөн шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Р.Атаджановго милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

                                      

                                      Төрага                                          А. Джалилов

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги VII  сессиясынын отурумунун

                                     

                       ТОКТОМУ                      

                         

           27-сентябрь  2017-жыл                          № 7/7                               Өзгөн шаары

 

Жогорку Өзгөн аймактык аксакалдар сотунун курамын бекитүү жөнүндө

 

 

            Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги VII сессиясынын отуруму күн тартибине Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамына ылайык Өзгөн шаар мэриясынын 2017-жылдын 22-сентябрындагы №730 катынын негизинде киргизилген маселени угуп жана талкуулап,                                              

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Жогорку Өзгөн аймактык аксакалдар сотунун курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Жогорку Өзгөн аймактык аксакалдар сотунун курамына кирген кишилерди күбөлүк менен камсыздоого каражат бөлүү Өзгөн шаар мэринин милдетин аткаруучу Р.Атаджановго тапшырылсын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

   

Төрага                                          А. Джалилов

 

 

 

Жогорку Өзгөн аймактык аксакалдар сотунун курамы

                                                                                                                                             17-август 2017-жыл

 

Ф.А.

Туулган жылы

Билими, кызматы

Жашаган дареги

Аксакалдар сотунун курамында аткарган функциясы

Эскертүү

1

Хабибуллаев Иноятилло

1955

Жогорку, жеке ишкер

Улукбек кварталы, Улукбек к.-14

Аксакалдар сотунун төрагасы

0555 837740

2

Гаипжанов Таживай

1956

Жогорку, пенсионер

Кылыч Бурхан кварталы, Кырг. 60 жылдыгы к.-90

Аксакалдар сотунун катчысы

0555 86 61 37

3

Тургунбаев Алижан

1950

Орто, пенсионер

Жүзүмзар кварталы, мукуми к.-54

мүчө

0556 56 07 03

4

Кыргызбаева Ракия

1957

Атайын орто, жеке ишкер

Өзгөн шары, Гагарин к.-32

мүчө

0779 75 14 07

5

Холматов Иброхимжон

1959

Жогорку, жеке ишкер

Пайзабад кварталы, Энгельс к.-44

мүчө

0552 57 47 99

 

 

                        Мэриянын башкы адиси                                                                Г.Сулайманова

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги VII  сессиясынын отурумунун

                                     

                       ТОКТОМУ                      

                         

             27-сентябрь  2017-жыл                       № 7/8                      Өзгөн шары

 

Өзгөн шаарындагы №2 Төрт-Көчө жана №4 Таштак аймактык башкаруусунун алкагында жергиликтүү өнүктүрүү комитетинин жобосун жана комиссия курамын бекитүү жөнүндө

 

            Өзгөн шаардык кеңешинин  кезектеги VII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени  угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын жана Өзгөн шаардык кеңешинин  “Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча” туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 13-майындагы №2 протоколунун негизинде,

           

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. 1. Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын «Ош областтын интегралдаштырып өнүктүрүү» долбоорун ишке ашырууга көмөктөшүү боюнча №2 Төрт-Көчө жана №4 Таштак муниципалдык аймактык башкаруусунун жергиликтүү өнүктүрүү комитети жөнүндө Жобосу депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен бекитилсин.
  2. Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын «Ош областтын интегралдаштырып өнүктүрүү» долбоорун ишке ашырууга көмөктөшүү боюнча №2 Төрт-Көчө жана №4 Таштак муниципалдык аймактык башкаруусунун жергиликтүү өнүктүрүү комитеттеринин курамы сунушталган тиркемеге ылайык бекитилсин.
  3. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялоо шаардык кеңештин аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы шаар мэриясынын аппаратына милдеттендирилсин.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин “Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                          А. Джалилов

 

 

 

БУУӨПтүн «Ош областын интеграциялап өнүктүрүү» долбоорун ишке ашырууга көмөктөшүү боюнча №4 Ташлак муниципалдык аймактык башкаруу жергиликтүү

өнүктүрүү комитети жөнүндө

ЖОБО

 

  1. ЖАЛПЫ ЖОБО
    • №4 Ташлак муниципалдык аймактык башкаруу жергиликтүү өнүктүрүү комитети (мындан ары – өнүктүрүү комитети) дайыма аракеттенген коллегиалдуу кеңешүүчү орган болуп эсептелинет. Өнүктүрүү комитети БУУӨПтүн «Ош областын интеграциялап өнүктүрүү» долбоорун Ташлак аймагынын деңгээлинде натыйжалуу ишке ашырууга көмөктөшүү максатында түзүлдү.
    • Өзүнүн ишмердүүлүгүндө Өнүктүрүү комитети Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана башка ченемдик-укуктук актыларды, ошондой эле ушул Жобону жетектейт.
    • Өнүгүү комитети өзүнүн милдеттерин акы төлөөсүз негизде аткарат.
    • Өнүгүү комитетинин мүчөлөрү айыл жашоочуларынын жалпы чогулушунда шайланат.
    • Айылдын коомдук иштерине активдүү катышкан, көйгөйлөрдү жана аларды чечүүнүн жолдорун жакшы билген ушул айылдын ар бир жашоочусу өнүгүү комитетинин мүчөлүгүнө шайлануусу мүмкүн.
    • Өнүгүү комитетинин ушул жобосу жана анын курамы шаардык кеңештин токтому менен бекитилет.
    • Өнүгүү комитетинин ишине кеңешчи же эксперт катары мамлекеттик эмес жана коомдук уюмдардын, башка донордук уюмдардын өкүлдөрү тартылышы мүмкүн.

 

  1. ЖЕРГИЛИКТ// ӨН/Г// КОМИТЕТИНИН ФУНКЦИЯСЫ
    • Жергиликтүү өнүгүү комитетинин функциялары:
  2. Долбоорду натыйжалуу ишке ашырууга карата, чечим кабыл алууга таасир тийгизүүнү жана анын аткарылышын көзөмөлдөөнү жергиликтүү жамааттын алкагында өз алдынча башкарууну жүргүзөт.

б) Айылдын маанилүү көйгөйлөрүн БУУӨПтүн долбоорунун каржылык, техникалык, кеңеш берүү жана башка колдоолорунун эсебинен ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын иштеп чыгуу, бекитүү жана коюлган милдеттерди ишке ашырууну уюштуруу.

в) Б//ӨПтүн долбоорунун колдоосуна сунуштала турган аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган долбоордук билдирмелерге карата алгачкы тандап алууну жүргүзүү;

г) Арыз ээлеринин  социалдык-экономикалык долбоордук билдирмелери боюнча Б//ӨПтүн долбоорунун колдоосуна талапкерликке сунуштоо же сунуш берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алуу;

д) Колдоо алуунун түрдүү формаларына (гранттык, техникалык, кеңеш алуу ж.у.с.) сунуштоого социалдык, инфраструктуралык, экономикалык, ивестициялык жана башка долбоорлордун арасында конкурс өткөзүүнүн зарылдыгы жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу;

е)  Социалдык-экономикалык долбоорлорду жана башка айыл деңгээлиндеги иш-чараларды ишке ашыруу процессине карата, такай мониторинг өткөзүп туруу жана зарыл чечимдерди тез арада кабыл алуу максатында БУУӨПтүн долбооруна өз убагында маалыматтарды берүү.

ж) Аягына чыккан социалдык-экономикалык долбоорлордун сапатына баа берүү жана аларды ишке берүү жөнүндө чечим чыгаруу.

з)  БУУӨПтүн долбоорунун иш-чараларын айыл деңгээлинде координациялоо, анын ичинде БУУӨПтүн долбоору аркылуу өткөзүлгөн иштер жөнүндө, жергиликтүү коомчулукту маалыматтар менен камсыздоо иш аракеттерин жүргүзүү.

и)  Жобого толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү ЖӨК толук катышкан отурумунда күн тартибине киргизип, сессияга алып чыгуу.

 

  • ЖЕРГИЛИКТ// ӨН/Г// КОМИТЕТИНИН ИШТЕРИН УЮШТУРУУ
    • Өнүгүү комитетинин заседаниеси анын негизги ишмердүүлүгү, ал кароого чыгарылган бардык маселелерди коллегиалдуу кеңешүүнү камсыздайт.
    • Өнүгүү комитетинин заседаниеси зарылдыка жараша 3 күндүк мөөнөттө төраганын/төрайымдын жеке демилгеси же өнүгүү комитетинин мүчөсүнүн сунушу боюнча чакырылат.

 

  • Өнүгүү комитетинин төрагасы/төрайымы
  • өнүгүү комитетинин ишин уюштурат;
  • өнүгүү комитетинин заседаниесин өткөзүү күнүн, убактысын белгилейт;
  • өнүгүү комитетинин заседаниесин өткөзүүнү чакырат;
  • өнүгүү комитетинин заседаниесинин күн тартибинде каралуучу маселелер боюнча чечим кабыл алуу процесстерин уюштурат;
  • заседаниенин протоколун жүргүзүүнү уюштурат;
  • заседаниеде төрагалыкты/төрайымдыкты жүргүзөт.

 

  • Өнүгүү комитетинин секретары
  • өнүгүү комитетинин заседаниесинин күн тартибинин долбоорун даярдайт;
  • өнүгүү комитетинин заседаниесин өткөзүү жөнүндө өнүгүү комитетинин мүчөлөрүн өз убагында кабарлоону камсыздайт (2 кундөн кеч эмес мөөнөттө);
  • өнүгүү комитетинин заседаниесинин протоколун жүргүзөт;
  • өнүгүү комитетинин кабыл алган чечимдери жөнүндө бардык кызыкчылык тараптарды кабарлайт.

 

  1. ЧЕЧИМ КАБЫЛ АЛУУНУН ТАРТИБИ
    • Өнүгүү комитетинин чечимин кабыл алуу анын заседаниесине катышкан көпчүлүктүн добушу менен кабыл алынат.
    • Күн тартибиндеги маселеге карата добуш берүүдө өнүгүү комитетинин ар бир мүчөсү бир добушка ээ. Добуштар тең болуп калган учурда өнүгүү комитетинин заседаниесиндеги төраганын/төрайымдын добушу чечүүчү добуш болуп эсептелинет.
    • БУУӨПтүн долбоору үчүн өнүгүү комитетинин заседаниесинин чечими сунуштоо мүнөзүнө ээ.

 

  1. ЗАСЕДАНИЕНИН ПРОТОКОЛДОРУ
    • Өнүгүү комитетинин чечимдери протокол менен жазылат
    • Заседаниенин протоколу заседание өткөндөн 3 күндөн кем эмес мөөнөттө жазылып даярдалат.

Протоколдо көрсөтүлөт:

  • заседаниени өткөрүү күнү;
  • заседаниеге катышкандардын тизмеси;
  • заседаниенин күн тартиби;
  • чыгып сүйлөгөндөрдүн негизги жоболору, добушка коюлган маселелер, аларга карата добуш берүүнүн жыйынтыктары;
  • кабыл алынган чечимдер.
    • Заседаниенин протоколдоруна заседаниенин төрагасы/төрайымы жана өнүгүү комитетинин секретары кол койот.

 

БУУӨПтүн «Ош областын интеграциялап өнүктүрүү» долбооруна колдоо

көрсөтүү боюнча №4 Ташлак муницпалдык аймактык башкаруу

 жергиликтүү өнүктүрүү комитетинин

КУРАМЫ

 

Ф. А. А.

Сунушталган аймак

Негизги коомдук иштеген жери

Телефон номери

Комиссиядагы орду

1

Абдуллажанов Шавкат

Ташлак квартал комитетинен

Квартал комитетинин аксакалдар сотунун мүчөсү

 

Комиссиянын төрөгасы

2

Топвалдиева Хадича

Ташлак квартал комитетинен

Квартал комитенинин аялдар кеңешинин төрайымы

0551 37-55-05

Комиссиянын катчысы

3

Мирзаев Нурилло

Калма-Кия квартал комитетинен

Квартал комитетинин жаштар кеңешинин мүчөсү

0559 11-00-14

Комиссиянын мүчөсү

4

Холматов Мухтаржон

Калма-Кия квартал комитетинен

Шаар кеңешинин депутаты

0557 15-03-13

Комиссиянын мүчөсү

5

Кайназаров Бийназар

Жаныбек-Казы квартал комитетинен

«Ата» коомдук фонддунун президенти

0555 25-16-99

Комиссиянын мүчөсү

 

 

 

     

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 


БУУӨПтүн «Ош областын интеграциялап өнүктүрүү» долбоорун ишке ашырууга көмөктөшүү боюнча №2 Төрт-Көчө муниципалдык аймактык башкаруу,

жергиликтүү өнүктүрүү комитети жөнүндө

ЖОБО

 

  • ЖАЛПЫ ЖОБО
    • №2 Төрт-Көчө муниципалдык аймактык башкаруу жергиликтүү өнүктүрүү комитети (мындан ары – өнүктүрүү комитети) дайыма аракеттенген коллегиалдуу кеңешүүчү орган болуп эсептелинет. Өнүктүрүү комитети БУУӨПтүн «Ош областын интеграциялап өнүктүрүү» долбоорун Ташлак аймагынын деңгээлинде натыйжалуу ишке ашырууга көмөктөшүү максатында түзүлдү.
    • Өзүнүн ишмердүүлүгүндө Өнүктүрүү комитети Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана башка ченемдик-укуктук актыларды, ошондой эле ушул Жобону жетектейт.
    • Өнүгүү комитети өзүнүн милдеттерин акы төлөөсүз негизде аткарат.
    • Өнүгүү комитетинин мүчөлөрү айыл жашоочуларынын жалпы чогулушунда шайланат.
    • Айылдын коомдук иштерине активдүү катышкан, көйгөйлөрдү жана аларды чечүүнүн жолдорун жакшы билген  ушул айылдын ар бир жашоочусу өнүгүү комитетинин мүчөлүгүнө шайлануусу мүмкүн.
    • Өнүгүү комитетинин ушул жобосу жана анын курамы шаардык кеңештин токтому менен бекитилет.
    • Өнүгүү комитетинин ишине кеңешчи же эксперт катары мамлекеттик эмес жана коомдук уюмдардын, башка донордук уюмдардын өкүлдөрү тартылышы мүмкүн.

 

  1. ЖЕРГИЛИКТ// ӨН/Г// КОМИТЕТИНИН ФУНКЦИЯСЫ
    • Жергиликтүү өнүгүү комитетинин функциялары:
  2. Долбоорду натыйжалуу ишке ашырууга карата, чечим кабыл алууга таасир тийгизүүнү жана анын аткарылышын көзөмөлдөөнү жергиликтүү жамааттын алкагында өз алдынча башкарууну жүргүзөт.

б)  Айылдын маанилүү көйгөйлөрүн БУУӨПтүн долбоорунун каржылык, техникалык, кеңеш берүү жана башка колдоолорунун эсебинен ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын иштеп чыгуу, бекитүү жана коюлган милдеттерди ишке ашырууну уюштуруу.

в)  Б//ӨПтүн долбоорунун колдоосуна сунуштала турган аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган долбоордук билдирмелерге карата алгачкы тандап алууну жүргүзүү;

г)  Арыз ээлеринин  социалдык-экономикалык долбоордук билдирмелери боюнча Б//ӨПтүн долбоорунун колдоосуна талапкерликке сунуштоо же сунуш берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алуу;

д)  Колдоо алуунун түрдүү формаларына (гранттык, техникалык, кеңеш алуу ж.у.с.) сунуштоого социалдык, инфраструктуралык, экономикалык, ивестициялык жана башка долбоорлордун арасында конкурс өткөзүүнүн зарылдыгы жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу;

е)  Социалдык-экономикалык долбоорлорду жана башка айыл деңгээлиндеги иш-чараларды ишке ашыруу процессине карата, такай мониторинг өткөзүп туруу жана зарыл чечимдерди тез арада кабыл алуу максатында БУУӨПтүн долбооруна өз убагында маалыматтарды берүү.

ж)  Аягына чыккан социалдык-экономикалык долбоорлордун сапатына баа берүү жана аларды ишке берүү жөнүндө чечим чыгаруу.

з)  БУУӨПтүн долбоорунун иш-чараларын айыл деңгээлинде координациялоо, анын ичинде БУУӨПтүн долбоору аркылуу өткөзүлгөн иштер жөнүндө, жергиликтүү коомчулукту маалыматтар менен камсыздоо иш аракеттерин жүргүзүү.

и)  Жобого толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү ЖӨК толук катышкан отурумунда күн тартибине киргизип, сессияга алып чыгуу.

 

  1. ЖЕРГИЛИКТ// ӨН/Г// КОМИТЕТИНИН ИШТЕРИН УЮШТУРУУ
    • Өнүгүү комитетинин заседаниеси анын негизги ишмердүүлүгү, ал кароого чыгарылган бардык маселелерди коллегиалдуу кеңешүүнү камсыздайт.
    • Өнүгүү комитетинин заседаниеси зарылдыка жараша 3 күндүк мөөнөттө төраганын/төрайымдын жеке демилгеси же өнүгүү комитетинин мүчөсүнүн сунушу боюнча чакырылат.

 

  • Өнүгүү комитетинин төрагасы/төрайымы
  • өнүгүү комитетинин ишин уюштурат;
  • өнүгүү комитетинин заседаниесин өткөзүү күнүн, убактысын белгилейт;
  • өнүгүү комитетинин заседаниесин өткөзүүнү чакырат;
  • өнүгүү комитетинин заседаниесинин күн тартибинде каралуучу маселелер боюнча чечим кабыл алуу процесстерин уюштурат;
  • заседаниенин протоколун жүргүзүүнү уюштурат;
  • заседаниеде төрагалыкты/төрайымдыкты жүргүзөт.

 

  • Өнүгүү комитетинин секретары
  • өнүгүү комитетинин заседаниесинин күн тартибинин долбоорун даярдайт;
  • өнүгүү комитетинин заседаниесин өткөзүү жөнүндө өнүгүү комитетинин мүчөлөрүн өз убагында кабарлоону камсыздайт (2 кундөн кеч эмес мөөнөттө);
  • өнүгүү комитетинин заседаниесинин протоколун жүргүзөт;
  • өнүгүү комитетинин кабыл алган чечимдери жөнүндө бардык кызыкчылык тараптарды кабарлайт.

 

  • ЧЕЧИМ КАБЫЛ АЛУУНУН ТАРТИБИ
    • Өнүгүү комитетинин чечимин кабыл алуу анын заседаниесине катышкан көпчүлүктүн добушу менен кабыл алынат.
    • Күн тартибиндеги маселеге карата добуш берүүдө өнүгүү комитетинин ар бир мүчөсү бир добушка ээ. Добуштар тең болуп калган учурда өнүгүү комитетинин заседаниесиндеги төраганын/төрайымдын добушу чечүүчү добуш болуп эсептелинет.
    • БУУӨПтүн долбоору үчүн өнүгүү комитетинин заседаниесинин чечими сунуштоо мүнөзүнө ээ.

 

  • ЗАСЕДАНИЕНИН ПРОТОКОЛДОРУ
    • Өнүгүү комитетинин чечимдери протокол менен жазылат
    • Заседаниенин протоколу заседание өткөндөн 3 күндөн кем эмес мөөнөттө жазылып даярдалат.

Протоколдо көрсөтүлөт:

  • заседаниени өткөрүү күнү;
  • заседаниеге катышкандардын тизмеси;
  • заседаниенин күн тартиби;
  • чыгып сүйлөгөндөрдүн негизги жоболору, добушка коюлган маселелер, аларга карата добуш берүүнүн жыйынтыктары;
  • кабыл алынган чечимдер.

 

  • Заседаниенин протоколдоруна заседаниенин төрагасы/төрайымы жана өнүгүү комитетинин секретары кол койот.

 


БУУӨПтүн «Ош областын интеграциялап өнүктүрүү» долбооруна колдоо

көрсөтүү боюнча №2 Төрт-Көчө муницпалдык аймактык кеңешинин

 жергиликтүү өнүктүрүү комитетинин

КУРАМЫ

 

Ф. А. А.

Сунушталган аймак

Негизги коомдук иштеген жери

Телефон номери

Комиссиядагы орду

1

Салиев Лутфулла

Төрт-Көчө квартал комитетинен

Квартал комитетинин аксакалдар сотунун мүчөсү

0556 50-44-46

Комиссиянын төрөгасы

2

Мамытова Саламаткан

Жаңы-Өзгөн квартал комитетинен

Квартал комитенинин аялдар кеңешинин төрайымы

0777 65-47-31

Комиссиянын катчысы

3

Оморова Кимякан

Жаңы-Өзгөн квартал комитетинен

Квартал комитетинин аялдар кеңешинин мүчөсү

 

Комиссиянын мүчөсү

4

Каримов Отабек

Улукбек квартал комитетинен

Шаар кеңешинин депутаты

0773 96-21-64

Комиссиянын мүчөсү

5

Азимжанов Бахтияр

Жаңы-Турмуш квартал комитетинен

Квартал комитетинин жаштар кеңешинин мүчөсү

0557 18-81-00

Комиссиянын мүчөсү

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу  комиссиясынын отурумунун

 

ПРОТОКОЛУ

 

Өзгөн шаары                                      № 2                                          13.05.2017-жыл

 

Катышышты: «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы К. Моминов,

Мүчөлөрү: депутаттар И. Дадажанов, М. Хурулбаев,

 

КҮН ТАРТИБИ:

           

  • Өзгөн шаар мэриясынын 2017-жылдын 3-майындагы Өзгөн шаарындагы №2 “Таштак” жана №4 “Төрт-Көчө” аймактык башкаруусунун алкагында жергиликтүү өнүктүрүү комитетинин жобосун жана курамын бекитип берүү жөнүндөгү № 357 каты.

 

2) Өзгөн шаарынын «Өзгөн Тазалык» муниципалдык ишканасынын 2017-жылдын 2-майындагы «Кайрагач» кварталындагы муниципалдык базардын башкаруу жагын «Өзгөн Тазалык» муниципалдык ишканасына өткөрүп берүү жөнүндөгү № 38 каты.

 

Отурумду «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы К. Моминов ачты: Урматтуу комиссиянын мүчөлөрү бүгүнкү отурумга комиссия мүчөлөрүнөн 3 депутат катышып олтурат комиссиянын отурумун ачуу боюнча кимде кандай сунуш бар?

Депутат И. Дадажанов: ачылсын.

Депутат К. Моминов: Анда отурумду ачык деп жарыялайм. Күн тартибиндеги биринчи Өзгөн шаар мэриясынын 2017-жылдын 3-майындагы Өзгөн шаарындагы №2 “Таштак” жана №4 “Төрт-Көчө” аймактык башкаруусунун алкагында жергиликтүү өнүктүрүү комитетинин жобосун жана курамын бекитип берүү жөнүндөгү № 357 каты. Биз бул жобо кайсыл мыйзам же БУУӨП нын уставынын негизинде иштеп чыгылганын билишибиз керек. Сунушталган жобонун 1.4 беренесиндеги Өнүгүү комитетинин мүчөлөрү айыл жашоочуларынын жалпы чогулушунда шайланат,- деп жызылып жатат отурумдун протоколдорун карап чыгышыбыз керек.

Депутат И. Дадажанов: факт боюнча жыйын өткөрүлдүбү аны карап чыгып жана сунушталган комиссиянын курамына шаардык кеңештин депутаттары кирип калган мындай комиссиянын курамы мыйзамдуу болобу биз бул комиссияны курамын бекитип койсок эртең БУУӨП өтпөй калса убакыт кетет.

Депутат К. Моминов: анда эмесе жогорудагы жобо жана комиссиянын курамын кайра карап, кемчилдиктерди жоюуу менен кезектеги сессияга сунуштасак.

Сунуш комиссия мүчөлөрү тарабынан бир добуштан колдоого алынды.

Комиссиянын төрагасы К. Моминов: кун тартибиндеги экинчи маселени кароого өтсөк. Бул Өзгөн шаарынын «Өзгөн Тазалык» муниципалдык ишканасынын 2017-жылдын 2-майындагы «Кайрагач» кварталындагы муниципалдык базардын башкаруу жагын «Өзгөн Тазалык» муниципалдык ишканасына өткөрүп берүү жөнүндөгү № 38 каты. Жогорудагы маселе боюнча  кимде кандай сөз бар. 

Депутат И. Дадажанов: “Өзгөн Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору ишканасынын кирешесин көбөйтүүнү ойлоп бул маселени карап чечип берүүнү суранып жатат, бирок биз муниципалдык базардын көрүп келген болсок ал жер гигиеналык абалга туура келбейт себеби мөмө жемиштер ачык бойдон турган жерге муниципалдык ишкананын траспорттору башкача айтканда мусор, саркындыларды ташый турган трактор ж.б. техникалары турат. Базарды башка жерге көчөрүүнү сунушташыбыз керек.

Депутат К. Моминов: Бул катта маалымат толук берилген эмес, бул маселе боюнча расчетун чыгарып мэр менен сүйлөшүп комиссияга бериш керек эле.

Депутат И. Дадажанов: базарды бул жерде иштетүүнүн шарты жок башка жерге көчүрсөк мисалы КЗОСтун гаражы бар ж.б. имараттарды аренда алып болсода уюштуруу керек.

Депутат К. Моминов: азыркы күндө ишкерлер иштеп жатса алар айына 1,5 миң сом акча төксө, бирок бюджетке айына 10,0 миң сомдон аренда түшсө бул базардын иштөөсүнөн натыйжа жок экендигин көрүп турабыз.

Депутат И. Дадажанов: муниципалдык базар гигиеналык абалга жооп бербегендиктен ал жер мыйзамсыз иштеп жатат деп ойлойм.

Депутат К. Моминов: мөмө жемиштерди сатуу үчүн муниципалдык базар керек, эгерде “Өзгөн Тазалык” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылса базарды өзүн эле калтырып “Өзгөн Тазалык”  муниципалдык ишканасын башка жерге көчүрүү маселесин карап чыгыш керек.

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу  комиссиясынын отурумунун

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Өзгөн шаарындагы №2 “Таштак” жана №4 “Төрт-Көчө” аймактык башкаруусунун алкагында жергиликтүү өнүктүрүү комитеттерин жоболорун жана комиссия курамдары туруктуу комиссия тарабынан айтылган кемчилдиктерди жоюуу менен бекитилсин.
  2. Токтомдорду бекитип берүү жагы Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги сессиясына сунушталсын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

«Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык

мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер,

мамлекеттик мекемелер жана коомдук

уюмдар менен иштөө боюнча» уруктуу 

комиссиясынын төрагасы                                                                        К. Моминов                                  

 

 

p class=params-