Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги VI сессиясынын отурумунун

                 ТОКТОМУ                                       

1-июль  2017-жыл                                             № 6/1                                         Өзгөн шаары

 

Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Джакыпов Алмаз Назармаматовичтин депутаттык мандатын бекитүү жөнүндө

           

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги VI  сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын «Жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттан кийин турган талапкерге өткөрүп берүү жөнүндөгү»  2017-жылдын 22-июнундагы №120 чечиминин негизинде,

 

                                     

                                                             ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

           1 .  Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 22-июнундагы №120 чечимине  ылайык «Республика Ата-Журт» саясий партиясынан  Джакыпов Алмаз Назармаматович Өзгөн шаардык кеңешинин шайланган депутаты деп таанылсын жана анын депутаттык мандаты бекитилсин.

  1. Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 22-июнундагы №120 чечимине ылайык «Республика Ата-Журт» саясий партиясынын тизмеси боюнча шайланган Абдурасулов Шавкат Мамарасуловичтин өз арызынын негизинде депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгы эске алынсын.
  2. Жаңы шайланган депутат Джакыпов Алмаз Назармаматович Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын мүчөсү болуп бекитилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                      А. Джалилов

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги VI сессиясынын отурумунун

 ТОКТОМУ                                   

 

       1-июль  2017-жыл                        № 6/2                                     Өзгөн шаары

 

«Өзгөн-Тазалык» муниципалдык ишканасынын шаардын тазалыгын камсыз кылууда жана көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин жакшыртууда жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги VI сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Р. Купахуновтун маалыматын угуп жана талкуулап,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. «Өзгөн-Тазалык» муниципалдык ишканасынын шаардын тазалыгын камсыз кылууда жана көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин жакшыртууда жүргүзүп жаткан иштери эске алынсын.
  2. Өзгөн шаарынын мэри С. Пратовко:

     - ишкананын материалдык-техникалык базасын чыңдоо багытында  конкреттүү чараларды көрүү жана шаардын тазалыгын дайыма көзөмөлдөп туруу;

    - шаарды абат кылуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана аны жүзөгө ашыруу;

   - менчигинин түрүнө карабастан шаарда жайгашкан мекеме-уюмдардын, ишканалардын территориясынын тазалыгын, аларга тийиштүү жерлердин жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерин дайыма көзөмөлгө алуу;    

   - альтернативдик ишкана уюштуруунун эффективдүүлүгү боюнча шаардык кеңешке маалымат берүү милдеттендирилсин.

  1. «Өзгөн-Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору Х. Ибрагимовко:

      - текшерүүнүн жүрүшүндө белгиленген кемчиликтерди жоюу боюнча иш-чара иштеп чыгып, анын аткарылышы боюнча 2017-жылдын 1-сентябрына карата   шаардык кеңешке маалымат берүү;

     - ишкананын стратегиялык планын иштеп чыгып, кирешени көбөйтүү, ишкананын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, кожолукка бекитилген тарифти ар тараптан изилдеп карап чыгып конкреттүү сунуштар менен тез арада шаардык кеңешке кайрылуу;

     - чарбалык эсеп менен иш жүргүзүүнү тез арада өздөштүрүү, өнбөгөн төлөмдөрдү тез арада өндүрүү жана ишкананы рентабелдүү ишканалардын катарына кошуу боюнча конкреттүү чараларды көрүү;

     - кызматкерлердин аткаруучулук тартибин, иштин натыйжалуулугун камсыздоодо алардын жоопкерчилигин күчөтүү, ишкананын штатын оптималдаштыруу;

      - муниципалдык менчиктеги мүлктү жана каражаттарды эффективдүү пайдалануу;

      - шаардык кеңештин токтомдорун өз мөөнөтүндө жана так аткаруу милдеттендирилсин.

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага                                               А. Джалилов

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын «Өзгөн-Тазалык» муниципалдык ишканасынын шаардын тазалыгын камсыз кылууда жана көрктөндүрүү, жашылдандырууда жүргүзүп жаткан иштери жөнүндөгү

маалыматы

           

       «Өзгөн-Тазалык» муниципалдык  ишканасы 2006-жылдын 4-февралында Өзгөн шаардык кеңешинин №13/3 токтомуна ылайык «Көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана  курулуш иштери боюнча»  муниципалдык  ишкана аталып, анын уставы бекитилген.  Ал эми 2014-жылдын 22-сентябрында   Өзгөн шаардык кеңешинин №15/6 токтому менен бүгүнкү күндө иштеп жаткан Уставы бекитилип, ишкананын аты «Көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык тазалоо боюнча» муниципалдык ишканасы деп кайрадан өзгөртүлгөн.

             Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына ылайык жана ишкананын Уставы боюнча  ишкананын директору  шаардык кеңештин сессиясында депутаттардын макулдугу менен  шаардын мэри тарабынан дайындалат жана жумуштан бошотулат.

            Ал эми калган жооптуу кызматкерлер ишкананын директору тарабынан  жумушка кабыл алынат жана бошотулат.

            Ишканада  жалпысынан 50 жумушчу жана кызматчы эмгектенет. Ар бир адистин, айдоочу, трактористтердин функционалдык милдеттери кадрлар боюнча адистин папкасына тиркелген. Ар биринин эмгек китепчеси бар. Ар бир адис өзүнүн функционалдык милдетин билет. 

           Ишкананын административдик имаратында «Өзгөн тазасуу муниципалдык ишканасы менен биргелешип жайгашып, «Өзгөн тазалык» ишканасы  4 бөлмөнү ээлеп отурушат. (директордун кабинети, механик жана көрктөндүрүү жашылдандыруу боюнча адис бир бөлмөдө, абоненттерди тейлөө бөлүмү жана акча чогултуучу контролерлор бир бөлмөдө, эсеп кысап бөлүмү, кадрлар бөлүмү жана кассалык бөлүм бир бөлмөдө жайгашкан), кире бериш коридорунда мамлекеттик атрибуттар, калктуу конуштардан катуу таштандыларды ташып алып чыгып кетүү боюнча график, ишкананын иштөө тартиби илинген.

            Ишканада иштеп жаткан айдоочу жана трактористтер үчүн  1 бөлмөлүү эс алуу канасы бар. Ал жерде айдоочу, тракторист жана жүктөөчүлөр дем алат жана нооматка (түнү дежур болуп жумушка чыкканы) калгандары түнөп калышат.

            Ишкананын уставы мамлекеттик тилде эмес расмий тилде башкача айтканда орус тилинде жазылган экен. Туруктуу комиссия тарабынан Уставты мамлекеттик тилде даярдоо сунушталды.

            2016-жылда «Өзгөн тазалык» ишканасы жалпысынан  10 664 579 сомдук  кызмат аткарган болсо, анын ичинен 4537408 сомдук кызмат ишкананын  өз алдынча чарба жүргүзүүсүнөн, ал эми 6 127 171 сомдук жумуш муниципалдык буюртмаларды аткаруунун  эсебинен болуп саналат.

2017-жылдын 1-чейрегинде   муниципалдык суроо тапшырмалар боюнча  1 746 774 сомдук жумуш аткарылган, айтып кетчү нерсе мунун ичинен 2017-жылдын 1-февралына карата «Өзгөн тазалык» ишканасына муниципалдык суроо жана талаптар боюнча аткарылган жумуштарга карата, жергиликтүү бюджеттин  карызы 358130 сом да 2017-жылга бөлүнүп берилген суммадан төлөнгөн. Ал эми өз алдынча чарба жүргүзүү боюнча 922552 сом киреше алынган.

2016-жылы ишкананын муниципалдык суроо талаптар боюнча аткарылган жумуштарынын сапаты, көлөмү шаардык мэриянын курулуш, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча башкы адиси  Иминов З. жана шаардын вице-мэри  Атаджанов Р.  тарабынан   көзөмөлгө алынып, кабыл алынган. Ошол эле мезгилде ишканын куратору   Р. Атаджанов  болгон, ал эми 2017-жылдын январь, февраль айларындагы жумуштарды  жогоруда аталган адис жана вице-мэр көзөмөлдөп кабыл алган, 2017-жылдын март айынан баштап жумушту көзөмөлгө алуу жагы жана кураторлук милдети шаардын 1-вице мэри М. Макешов тарабынан жүрүп жатат.

2016-жылы  шаардын калктуу конуштарынан, жалпы пайдалануудагы жайлардан  жалпысынан 22204 м3  катуу таштанды ташып чыгарылган болсо, 2016-жылы жалпысынан  1182 рейс суюк чыгынды ташылган. Ал эми  2017-жылдын 1-чейрегинде 132 рейс ташылган.

Атайын таштандыларды таштоочу жайды иретке, тегиздеп туруу боюнча бульдозер  2016-жылы  652 саат иштеген болсо, 2017-жылдын 1-чейрегинде 180 саат иштеген.

            2016-жылы шаардык кеңеш тарабынан макулдук берилип, муниципалдык  буюртмалар жана көрктөндүрүү жашылдандыруу иштери үчүн жалпысынан 6 100 000 сом бөлүнүп берилген. Мунун ичинен жогоруда аталган көрктөндүрүү жашылдандыруу иштери үчүн негизинен 14 штаттык бирдиктеги көчө тазалоочулардын, шаардын атайын таштандыларды таштоочу жайынын  (мусоросвалка) көзөмөлдөөчүсүнүн, көрктөндүрүү, жашылдандыруу боюнча инженердин, мезгилдүү иштөөчү 2 багбан менен 1 мураптын жалпысынан эмгек акылары үчүн 1 716 000 сом, ал эми СФ чегерүүлөрү үчүн 296 000 сом жушалган, башкача айтканда аталган  18 штаттык бирдикти кармоо үчүн 2 012 010 сом акча каражаты жумшалган. Ал эми шаардагы көрктөндүрүү жашылдандыруу иштери үчүн башкача айтканда  дарактарды санитардык жагынан  жаз жана күз мезгилинде кыюу, гүл көчөттөрүн сатып алуу, жумушчуларга атайын кийим, жумуш куралдарын сатып алууга  2016-жылы 537273 сом сарпталынып, жалпысынан шаардын  көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерине 2016-жылы  2549283 сом акча каражаты жумшалган.

2016-жылы  «Тулпар» АКуна  ишкана ижаралык төлөмдөр үчүн 7 айга январь-июль  154000 сом төлөгөн.  

Ал эми 2017-жылдын 1-чейрегинде жогоруда аталган   максаттар үчүн  601242 сом жумшалган.  Өткөн жыл менен  салыштырмалуу көрктөндүрүү, жашылдандыруу  боюнча  штаттык бирдиктер 18 бирдик боюнча калтырылган,   айлык эмгек маяналары өзгөрүүсүз калтырылган. Ар бир көчө тазалоочунун бир айлык эмгек акысы 7000 сом өлчөмүндө белгиленген, ал эми колуна тийиштүү болгону (СФ, киреше салыктарынан сырткары)  5665 сомду түзөт.

            Ишкана көрктөндүрүү жашылдандыруу боюнча жумушчу кызматкерлерден тышкары иштеп жаткан  эмгек жамааты үчүн 2016-жылы жалпысынан 2 985 528 сом эмгек акы эсептеген, ал эми СФ чегерүүлөрү  432380 сомду түзөт.

            Андан сырткары акча чогултуучулардын пайыздык төлөмдөрү үчүн 279656 сом төлөнгөн, алардын СФ чегерүүлөрү 38306 сомду түзгөн.

Ишкананы пайдалануусундагы автоунаалар, тракторлор жана башка техникаларды иштөөлөрү үчүн  2016-жылы жалпысынан  2 568 930 сом акча каражаты сарпталган. Анын ичинен күйүүчү майлоочу материалдарга   1 841 295  сом, тетиктер сатып алуу үчүн 727 635 сом.   Ошондой эле 2017-жылдын 1-чейрегинде  401 912 сомго күйүүчү майлоочу материалдар  жана 129415 сомго тетик жана шаймандар сатылып алынган.

     2016-жыл ичинде жумушчуларды атайын сүт менен камсыз кылуу  максатында  229 480 сом, электр энергиясынан пайдалангандык үчүн 38306 сом,  өз алдынча чарба жүргүзүүнүн эсебинен  3 пайыздык салык төлөмдөрү үчүн  2016-жылы 102809 сом, 2017-жылдын 1-чейрегинде 26834 сом чегерилип төлөнүп берилген.

     2017-жылдын 1-чейрегинде жалпы эсептелинген айлык маяналар  1092528 сомду, СФ чегерүүлөрү 183631 сомду түзгөн.     

    Каттуу  жана суюк чыгындыларды ташып алып кетүү боюнча  тарифтердин калькуляциялары  акыркы жолу шаардык кеңеш тарабынан 2013-жылдын 5-июнунда өткөн сессияда бекитилген. Бүгүнкү күнгө чейин ошол калькуляция менен  иш алып барылат.

    Калькуляция боюнча жер үйлөрдө жашап жаткан элдер менен ар бир жанга ай сайын 16 сом, ал эми көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларына ай сайын ар бир жанга 14 сом белгиленген.

      Шаардын «Сарахсий», «Жаңы Өзгөн» кварталдарынын жашоочулары менен катуу таштандыларды ташып алып кетүү боюнча  эч кандай келишим түзүлбөгөн. Ал эми башка калктуу конуштардын элдери менен жарым жартылай,  жалпысынан 2017-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы  боюнча жер үйдө жашоочу  4012  кожолук менен,  коммерциялык багытта иштөөчү жеке ишкерлер менен  329 келишим түзүлгөн, юридикалык ишкана, мекемелер менен  35 келишим бар. (тиркеме тиркелет)

Мындан көрүнүп тургандай түзүлгөн келишимдер жалпы калктуу конуштарда жашоочу түтүндөрдүн  50 пайызына туура келет.  Бул көрсөткүч бүгүнкү күндө өтө аз болуп эсептелинет.

           Ал эми «Жаныбек казы» кварталынын көп кабаттуу үйлөрүнүн жашоочулары  ар бир  квартира менен эмес, контейнерди алып кетилүүсүнө карап төлөм жүргүзөт экен. Борбор кварталынын көп кабаттуу үйлөрүнүн жашоочуларынан катуу таштандыларды ташып кетүү боюнча 667 жан менен гана  келишим түзүлгөн, акча чогултуу жана келишим түзүү начар абалда жүргүзүлүп жаткандыгы көрүлдү. Бул багытта иш жакшы жолго коюлбагандыктан бүгүнкү күндө ишкананын рентабелдүүлүгү төмөн болуп жатат.

       Ишкананын пайдалануусунда азыркы учурда жалпысынан 19 техникалык транспорттук каражаттар бар, анын ичинен  катуу таштандыларды ташуучу атайын  автоунаалар 6, суюк чыгындыларды ташуучу  2, атайын суу себүүчү  2, трактор  5, экскаватор 1, бульдозер 1, «ЖинФУ» үлгүсүндөгү  мотороллер 1, «ТАРЗ» үлгүсүндөгү  автобус.

      «ТАРЗ» автобусу 1980-жылы чыгарылган, толук жараксыз абалда, автобусдун  коробкасы эле бар, экскаватор 1990-жылы чыгарылган эскилиги жеткен, бүгүнкү күндө иштебей турат. капиталдык оңдоого муктаж, бульдозер  1980-жылы чыгарылган, эскилиги жеткен, Т-40 трактору 1989-жылы чыгарылган, эскилиги жетип, иштебей турат.   (тиркеме тиркелет)

    Ишканада  аткарылуучу бардык жумуш аталган техникалык каражаттар аркылуу аткарылат. Бүгүнкү күндө техникалардын дээрлик 80 пайызы оңдоолууга муктаж. Айрыкча азыркы күндө экскаваторго муктаждык бар. Шаардын мүлкү болуп эсептелинген техникалык каражаттарды оңдоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын  каржылап берүүнү сурап, ишкана 2016-жылдын 12-апрелинде №60 сандуу кат менен мэрияга кайрылган,  бул  боюнча шаардык мэрия тарабынан жергиликтүү бюджет аркылуу апрель айында 100,0 миң сом акча каражаты каралып берилип, УТО-404 тракторлору толук капиталдык оңдоодон чыгарылган. Ал эми 2017-жылдын 15-мартында ишкана №18 кат менен  кайрылган, бирок акча маселеси чечилген эмес. Ошондой эле  шаардык кеңешке 2017-жылдын 2-майында №37 кат менен кайрылып, ишканага  бир даана  экскаватор сатып алууга көмөк көрсөтүү жагы суралып кайрылган, маселе шаардык кеңештин «Бюджет салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясынын кароосуна берилген,

     Ошондой эле 2016-жылдын  октябрь айында Жогорку Кеңешке  шаардык мэрия тарабынан «Өзгөн тазалык» ишканасында  элге коммуналдык кызмат көрсөтүү даражасын  жогорулатуу боюнча бир даана  трактор же автоунаа бөлүнүп берилүүсүнө көмөк көрсөтүү үчүн кат жиберилген, кат боюнча шаардык мэрияга  экология жана токой чарбасы агенттигинен жооп келип, маселени кароо процедуралары айтылган.

      Калктуу конуштардагы катуу таштандыларды ташып алып кетүү боюнча график түзүлгөн. Шаарда аткарылуучу жумуштар менен байланышып, техникалык каражаттар шаар мэриясы тарабынан берилген тапшырмалар боюнча мобилизация кылынып калган учурларда (мыйзамсыз соода сатыктарды жыйнаштыруу, шатер, сахна орнотуу, аларды кайрадан жыйнаштыруу иштери ж.б.)  графиктен кечигип калган учурлар болгон.

       Шаарда эгилүүчү декоративдик дарактар жыл сайын шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчиктеги мүлктөрдү башкаруу департаменти аркылуу сатылып алынат, бул максаттагы иштерди аткарууда комиссиянын курамына «Өзгөн тазалык» муниципалдык ишканасы тарабынан 2016-2017-жылдары эч ким мүчө болуп  кошулган эмес. Ошондой эле канча сатылып алынгандыгы, көгөргөнү, куураганы боюнча аларда маалымат жок.

     Шаардын социалдык экономикалык жактан өнүгүү программасына  киргизилген иштерди аткарууда жыл сайын көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин жүргүзүүдөн тышкары, өздөрүнүн ой сунуш пикирлери менен катышышпайт. 2016-2017-жылга карата ишкананын  жылдык  иш планы бар, перспективалык иш-планы жок.

       Ишканага кириш болгон, чыгыш болгон иш кагаздарын каттоочу  китепче жүргүзүлгөн. 2016-жылы шаардык кеңеш, шаардык мэрия жана мекеме уюмдар тарабынан 66 даана  сунуш кат, ал эми жеке жарандардан 77 даана  арыз даттанулар  катталган. 2017-жылдын 1-чейрегинде шаардык кеңеш, шаардык мэрия жана  мекеме уюмдар тарабынан 46 даана кат жана сунуш,    ал эми жеке жарандар 126  даана  арыз даттанулар менен  кайрылышкан. Арыз даттануулардын  95  пайызы  тиричилик себебинен убактылуу Россия, Казахстан өлкөлөрүно кетип бараткандыгы үчүн төлөмдөрдү токтотуп коюу менен, ал эми 5 пайызы катуу таштандыларды  төгүү үчүн контейнер же суюк чыгындыларды ташып кетүүнү суранган.

  2016-жылы шаардык кеңешке,  шаардык мэрияга жана мекеме уюмдарга  153 даана,   ал эми 2017-жылдын 1-чейрегинде  41 даана кат жиберилген.

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясы чечим кылат:

         1.Ишкана чарбалык эсепте иш жүргүзүп жаткандыктан анын эффективдүү иштеши үчүн иш-чараларды иштеп чыгуу жана ишкананын рентабелдүүлүгүн жогорулатуу боюнча ишти жандандыруу

         2.Ишкананын штаттык түзүмүн оптималдаштыруу, көчө тазалоочулардын дислокация боюнча бөлүнгөн территориясындагы иштерин дайыма көзөмөлдөө

         3.Муниципалдык менчиктеги мүлктү эффективдүү пайдалануу

         4.Шаардык кеңештин токтомдорун өз мөөнөтүндө аткаруу

  1. Калктуу конуштардагы эл менен катуу таштандыларды ташып чыгаруу боюнча эки тараптуу келишимдерди толук түзүүдө квартал комитеттери менен тыгыз байланышта иштеп, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү
  2. Ишкананын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана эскилиги жеткен каражаттарды эсептен чыгаруу боюнча конкреттүү сунуштар менен мэрияга кайрылуу
  3. Таштандыларды мусоросвалкага гана ташып чыгарууну көзөмөлдөө боюнча тийиштүү органдарга кайрылуу сунушталсын.

 

 

 

«Муниципалдык  менчик, жер маселелери,

 курулуш жана архитектура, 

акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы

боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы:                                  Р. Купахунов 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги VI сессиясынын отурумунун

                                                                   ТОКТОМУ                                           

 

   1-июль  2017-жыл                                      № 6/3                                        Өзгөн шаары

 

Өзгөн шаарынын балансында турган кургак учукка каршы поликлиникасынын (туб. диспансердин) имаратын «/й-бүлөлүк дарыгерлер» борборунунун балансына өткөрүп берүү жөнүндө

 

            Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги VI сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 30-мартындагы №4 протоколунун негизинде,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Өзгөн шаарынын муниципалдык менчигине караштуу Манас көчөсүндө жайгашкан кургак учукка каршы поликлиникасы пайдаланып жаткан имарат жана 0 м2 жер тилкеси тийиштүү документтери такталып Өзгөн шаарынын муниципалдык менчигинде калтырылсын.

 

  1. Мыйзамга ылайык ал жердин тийиштүү документтерди тактоо, даярдоо жана ал жерди максаттуу пайдаланууну көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директору Б.Базарбаевке жана Өзгөн шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы Э.Нишанбаевке милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                          А. Джалилов

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын отурумунун

 

ПРОТОКОЛУ

 

Өзгөн шаары                                  № 4                                « 30 » март 2017-жыл

 

Катышышты: «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Р. Купахуңов

Мүчөлөрү: депутаттар  И. Тажибаев, М. Рызакулов,

Өзгөн шаарынын 1-вице-мэрин милдетин аткаруучу М. Макешев,

Өзгөн шаарын вице-мэри Р. Атаджанов, МММБ департаментинин директорун милдетин аткаруучу Б. Базарбаев, 

 

КН ТАРТИБИ:

 

1) Өзгөн шаар мэриясынын 2017-жылдын 6-мартындагы Өзгөн шаарынын 2017-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасын (титулдук тизмесин) долбоору жөнүндөгү № 170 каты.

2) Өзгөн шаар мэриясынын 2017-жылдын 22-мартындагы «Өзгөн шаарынын 2017-2020-жылдарда социал-экономикалык өнүктүрүүгө багытталган стратегиялык программасы» жөнүндөгү №241 каты.

3) Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин 2017-жылдын 3-мартындагы Өзгөн шаарынын балансында турган кургак учукка каршы поликлиникасынын (туб. диспансердин) имаратын «/й-бүлөөлүк дарыгерлер» борборунунун балансына өткөрүп берүү же башка имаратка көчүрүп берүү же имарат курууга жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндөгү №209 каты

 

Отурумду Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу  комиссиянын боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Купахунов ачты: Урматтуу комиссия мүчөлөрү кворум бар болгондуктан бүгүнкү отурумду ачык деп эсептеп, отурумдун күн тартибин бекитип койсок. Бүгүнкү отурумдун күн тартибинде 3 маселе каралат, күн тартибине кошумчалар жок болсо, бүгүнкү отурумдун күн тартибин бекитип койсок. Күн тартиби бир добуштан бекитилди.

Анда күн тартибиндеги биринчи маселени кароого өтсөк. Бул Өзгөн шаар мэриясынын 2017-жылдын 6-мартындагы Өзгөн шаарынын 2017-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасын (титулдук тизмесин) долбоору жөнүндөгү № 170 каты. Бул маселе боюнча Өзгөн шаарынын 1-вице-мэрин милдетин аткаруучу М. Макешев түшүндүрмө берип койсун.

Өзгөн шаарынын 1-вице-мэрин милдетин аткаруучу  М. Макешев: биз 2017-жылда аткарылуучу жумуштардын титулдук тизмесин долбоорунда 100,5 млн сом тегерегинде акча каражатын көрсөткөнбүз ошондон 37201,8 миң сом аткарылуучу 52218,8 миң сом ашыкча аткарылуучу иштердин тизмеси, 2017-жылдын 1-январына карата калган 2388,2 миң сом эркин калдыкты  биз 1,5 млн сомду элдин күчү менен лотокторду куюуга материалдарды сатып алууга, гүлдөрдү отургузууга, ажатканаларды ремонттоого ж.б. иштерге иштетүүнү бекитип беришиңерди сунабыз.

Депутат И. Тажибаев: жергиликтүү бюджетти 52218,8 миң сомго ашыкча аткарууга мүмкүнчүлүк барбы?

 Өзгөн шаарынын 1-вице-мэрин милдетин аткаруучу  М. Макешев: Бүгүнкү күндө 2-айдын жыйынтыгы менен планга салыштырмалуу 4,2 млн сом ашыкча аткарылды, I-кварталдын жыйынтыгы менен 7,0 млн сомго ашыкча аткарууга аракет кылып жатабыз.

Депутат Р. Купахунов: жолдорду асфальттоого акча койбопсуңар, бирок тиркемеге көп көчөлөрдү киргизип коюпсуңар, Республикалык бюджеттен каржыланса 10,0 млн сом баардыгына жетеби?

Өзгөн шаарынын 1-вице-мэрин милдетин аткаруучу  М. Макешев: асфальтоого 12,0 млн сом өткөрүп берсек кийинки жылга 7 км жолду карызга жасап беребиз деп договор кылып жатабыз.

Депутат Р. Купахунов: шаардын ортосундагы М. Хасанов көчөсүн асфальттоо титулдук тизмеге кирбей калыптыр.

Өзгөн шаарынын 1-вице-мэрин милдетин аткаруучу  М. Макешев: тиркемеге кошуп койсок болот. 

Депутат М. Рызакулов: титулдук тизмеде “Мажиримтал” кварталында жаңы конуштарын алдынан агып өтүүчү Карасуу  каналын 600 метр жээгин тосмолоого 42,0 миң сом каралып жатат бул акча жетпейт. Биз эсебин чыгарып көргөнүбүздө 400,0 миң сомдун тегерегинде каражат кетишин билгенбиз жана мэриядан 250,0 миң сом каражат сурап калган 150,0 миң сом акча каражатын демөөрчүлөрдүн жардамы менен бүтүрүүнү пландаштырганбыз.

Өзгөн шаарынын вице-мэри Р. Атаджанов: сиз депутат катыры расчетун чыгарып, бизге өз сунушуңузду берсеңиз карап чыгып титулдук тизмеге киргизип койобуз.

Депутат М. Рызакулов: ал жерде жаш балдар каналга түшүп кетип каза болгондорда бар, мектептин бирин кийинки жылга калтырсак болбойбу, башка иштерди бүтүрүп турсак болот эле.

Депутат Р. Купахунов: анда эмесе башка сунуштар жок болсо Өзгөн шаарынын 2017-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасы (титулдук тизме) бекитип берүү жагын кезектеги сессияга сунуштасак.

Сунуш комиссия тарабынан бир добуштан колдоого алынды.

 

Отурумдун төрагасы Р. Купахунов: күн тартибиндеги үчүнчү маселени кароого өтсөк. Бул Өзгөн шаарынын балансында турган имаратын «/й-бүлөөлүк дарыгерлер» борборунунун балансына өткөрүп берүү же башка имаратка көчүрүп берүү же имарат курууга жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндөгү маселе. Бул маселе боюнча Өзгөн шаарынын вице-мэри Р. Атаджанов маалымат берип койсо.

Өзгөн шаарынын вице-мэри Р. Атаджанов: «/й-бүлөөлүк дарыгерлер» тобу  иштетип жаткан кургак учукка каршы поликлиникасынын имараты биздин баланста көк китебе бар, өзүңүздөргө белгилүү имараттын абалы начар иштешке шарт жок, жергиликтүү бюджеттен азыркы учурда жаңы имарат курууга күчү жетпейт. Алар биздин баланска өткөрүп берсеңер биз Министрлик тарабынан каржы маселесин чечип өзүбүз жаңы имарат салдырабыз деп суранып жатышат.

Депутат Р. Купахунов: кандай жол менен өткөрүп берүүгө болот, алардын өзүнүн балансына өткөрүп берсек шаардын балансынан чыгып кетеби.

Өзгөн шаарынын вице-мэри Р. Атаджанов: «/й-бүлөөлүк дарыгерлер» тобуна оперативдүү башкаруу укугу менен өткөрүп берсек болот, ошондо алар Министрлик тарабынан инвестиция тарта алышат, жер биздин баланста калат.

Депутат Р. Купахунов: Өзгөн шаарынын /й-бүлөөлүк дарыгерлер борборуна өздөрү иштетип жаткан кургак учукка каршы поликлиникасынын оперативдүү башкаруу укугу менен берүүгө болот деп ойлойм, дагы кимде кандай сунуш бар.

Сунуш депутаттар тарабынан колдоого алынды. 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын отуруму

 

                                                ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Өзгөн шаарынын 2017-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасы (титулдук тизме) негизинен бекитилсин.
  2. Өзгөн шаарынын /й-бүлөөлүк дарыгерлер борборуна өздөрү иштетип жаткан кургак учукка каршы поликлиникасынын оперативдүү башкаруу укугу менен берүүгө макулдук берилсин.
  3. Токтомдорду бекитип берүү жагы Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги сессиясына сунушталсын.
  4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы шаардык Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча»туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

«Муниципалдык менчик, жер маселелери,

курулуш жана архитектура, акы төлөп

кызмат көрсөтүү сферасы боюнча»

туруктуу комиссиясынын төрагасы                                         Р. Купахуңов

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги VI сессиясынын отурумунун

                                                                        ТОКТОМУ                                          

 

1-июль  2017-жыл                                            № 6/4                                            Өзгөн шаары

 

 

Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директорун дайындоого макулдук берүү  жөнүндө

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги VI сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине ылайык Өзгөн шаар мэриясынын 2017-жылдын 18-майындагы №405 катынын жана Өзгөн шаар мэри С. Пратовтун берген сунушунун  негизинде,

TОКТОМ КЫЛАТ:

  1.  1. Базарбаев Бабамурат Дехканбаевичти - Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директору кызматына дайындоого макулдук берилсин.

 

  1.   Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаарынын мэри С.Пратовко милдеттендирилсин.

 

                                          

Төрага                                                          А. Джалилов

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги VI сессиясынын отурумунун

                                                              ТОКТОМУ                           

 

1-июль  2017-жыл                                      № 6/5                                       Өзгөн шаары

 

 

Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы «Өзгөн Тазалык» муниципалдык ишканасынын директорун дайындоого макулдук берүү  жөнүндө

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги VI сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине ылайык Өзгөн шаар мэриясынын 2017-жылдын 18-майындагы №406 катынын жана Өзгөн шаар мэри С. Пратовтун берген сунушунун  негизинде,

                                              ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. 1. Ибрагимов Хушнудбек Турсунбаевичти - «Өзгөн Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору кызматына дайындоого макулдук берилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаарынын мэри С.Пратовко милдеттендирилсин.

                                           

Төрага                                                          А. Джалилов

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги VI сессиясынын отурумунун

ТОКТОМУ                              

1-июль  2017-жыл                           № 6/6                                       Өзгөн шаары

 

Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн 2017-жылда ашыкча аткарылышынын эсебинен кошумча каражат бөлүү жөнүндө

           

Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги VI сессиясынын отуруму күн тартибине Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексине” ылайык киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 1-июнундагы отурумунун №3 протоколунун жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 20-апрелиндеги №5 протоколунун негизинде,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Өзгөн шаарынын муниципалдык менчигинде турган Манас көчөсүндө жайгашкан, азыркы учурда КР Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча башкармалыгынын Өзгөн жана Кара-Кулжа райондор аралык бөлүмү пайдаланып жаткан имарат шаардын муниципалдык менчигинде калтырылсын.
  2. Имараттын ремонтуна бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө карап, мыйзамга ылайык каражат бөлүүнү шаардык кеңешке сунуштоо жагы Өзгөн шаарынын мэри С.Пратовтон суралсын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» жана «Бюджет, салык жана экономика саясаты» боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

                                       

                                 Төрага                                                 А. Джалилов

 

 Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясынын отурумунун

                                                           

                                                     ПРОТОКОЛУ                                                    

 

Өзгөн шаары                                         № 3                                1 – июнь 2017-жыл.

 

Катышканы: – 5 депутат

Катышышты: Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу  комиссиянын төрагасы А. Мамазайитов,

Мүчөлөрү: депутаттар И. Мамадалиев, О. Каримов, А. Шарабидинов, С. Турсунбаев,

 Өзгөн шаарынын вице-мэри Р. Атаджанов, Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Б. Базарбаев

    КҮН ТАРТИБИ:

 

  1. Өзгөн шаар мэриясынын 2017-жылдын 26-майындагы Өзгөн шаарындагы Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын 2017-жылдын II-III-IV кварталдарга карата сметасына тактоо киргизүү жөнүндөгү № 434 каты.
  2. Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин 2017-жылдын 24-майындагы Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан КРӨ караштуу экономикалык кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча башкармалыгы пайдаланып турган имаратты ремонттоо үчүн 140000 сом бөлүп берүү жөнүндөгү № 477 каты.

 

 

Отурумду Өзгөн шаардык кеңешинин “Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу  комиссиясынын төрагасы А.Мамазайитов ачты: Урматтуу комиссия мүчөлөрү кворум бар болгондуктан бүгүнкү отурумду ачык деп эсептеп, отурумдун күн тартибин бекитип койсок. Бүгүнкү отурумдун күн тартибинде 2 маселе каралат, күн тартибине кошумчалар жок болсо, бүгүнкү отурумдун күн тартибин бекитип койсок. Күн тартиби бир добуштан бекитилди.

Анда күн тартибиндеги биринчи маселени Өзгөн шаар мэриясынын 2017-жылдын 26-майындагы Өзгөн шаарындагы Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын 2017-жылдын II-III-IV кварталдарга карата сметасына тактоо киргизүү жөнүндөгү № 434 катын кароого өтсөк.

      “Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу  комиссиянын төрагасы А.Мамазайитов: өзүңүздөргө белгилүү болгондой Өзгөн шаарынын 2017-жылга карата бюджети бекитилгенде олуттуу себептер менен Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын 2017-жылдагы сметасынын I кварталына гана каражат бөлүнгөн. Бирок азыркы күндө мекеме толук иштеп жаткандыктан, аларга мэрия тарабынан сунушталып жаткан жыл ичинде керектелүүчү каражаттарды бөлүп беришибиз керек. Бул маселе боюнча кимде кандай сөз бар.

    Депутат И. Мамадалиев: бактын директору алмашкандан кийин өзгөрүү болдубу жана арендаторлор менен келишимдерди түзүп иш баштадыңарбы?

     МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Б. Базарбаев: иштер эми башталып жатат, келишимдерди мыйзам чегинде түзүп, жерлерди конкурс жолу менен арендага берүүнү баштадык.

       Депутат О. Каримов: арендаторлордун мурда түзүлгөн келишимдери жокко чыгарылдыбы?

        МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Б. Базарбаев: Өзгөн райондук прокуратурасынын каршылык билдирүү катынын негизинде баардык келишимдер жокко чыгарылды.

        Депутат А. Мамазайитов: Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багы азыркы күндө толокандуу иштеп жаткандыктан, бактын жетекчилигинин жана жумушчулардын эмгек акысы жана соцфондко чегерүүсүнө 314,0 миң сом,  электроэнергия төлөмдөрүнө 100,0 миң сом жергиликтүү бюджеттен каржылап беришибиз керек же болбосо бюджетке тактоо киргизишибиз керек.

        Депутат И. Мамадалиев: акча каражатын бөлүп берсек, бирок аттракциондордун да техникалык абалын карап койсок. Ош шаарынын багында жыгылган аттракционду баардыгыбыз көрдүк ошондой кырсыктардын алдын алуу керек.

        МММБ департаментинин директорун милдетин аткаруучу Б. Базарбаев: ажаткана куруудан 140,0 миң сомдун тегерегинде үнөмдөлгөн акча каражаты бар ошол каражатты II-кварталына карап берсеңер.

      “Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу  комиссиянын төрагасы А.Мамазайитов: менин сунушум МММБ департаментинин 22154900 статьясында каралган каражаттын эсебинен 414,0 миң сомду Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын сметасына жылдырып каржылоого макулдук берсек.

        Сунуш бир добуштан колдоо тапты.

Комиссиянын төрагасы: Анда күн тартибиндеги экинчи маселе Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин 2017-жылдын 24-майындагы  Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан КРӨ караштуу экономикалык кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча башкармалыгы пайдаланып жаткан имаратты ремонттоо үчүн 140000 сом бөлүп берүү жөнүндөгү № 477 катын кароого өтсөк.

        “Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу  комиссиянын төрагасы А.Мамазайитов: бул маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин “Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча” туруктуу комиссиясы сметасын түзүп берүүнү МММБ департаментине милдеттендирилген жана иштердин болжолдуу сметасы түзүлгөн, кимде кандай сөз бар.

       Депутат С. Турсунбаев: бул мекеме менен келишим түзүлүп аренда акы төлөнөбү?

      МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Б. Базарбаев: бул КРӨ караштуу экономикалык кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча башкармалыгы шаардын ичинде кызмат көрсөткөндүгүнө байланыштуу биз аларга милдеттүү түрдө имарат менен камсыз кылышыбыз керек.

      Депутат С. Турсунбаев: аренда төлөбөй иштеткенден кийин өздөрү ремонттоп алса болбойбу?

       МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Б. Базарбаев: имарат биздин баланста тургандыктан алардын министрлиги тарабынан каржылоого мыйзам жол бербейт.

        Депутат А. Мамазайитов: эгерде биз аларга ремонттоого акча каражатын карап берсек мыйзамга туура келеби?

       Өзгөн шаарынын вице-мэри Р. Атаджанов: бул имарат биздин баланста болгондуктан ремонттоп берсек болот, бирок эки жыл болуп калды ремонттоп бергенибизге.

        Депутат С. Турсунбаев: КР Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча башкармалыгынын Өзгөн жана Кара-Кулжа райондор аралык бөлүмү болгондуктан, бул 140,0 миң сомдун жарымын же канчадыр пайызын  алар төлөсүн.

         Депутат А. Мамазайитов: имаратты ремонттоо иштерин 2017-жылдагы бюджеттин кошумча кирешелеринин эсебинен каржылоого  макулдук берели, 140,0 миң сом эмес 100,0 миң сом эле карап берсек да болот, ошондуктан МММБ департаментинин тийиштүү адистери тарабынан сметаны кайра тактап чыгууну сунуштайм. 

      Сунуш бир добуштан колдоо тапты.

 

        Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясынын отуруму

 

                                                ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. МММБ департаментинин 2017-жылга бекитилген сметасындагы 22154900 “Башка тейлөө кызматтарына төлөөгө байланышкан башка чыгымдар” статьясынан 414,0 миң сомду, Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын 2017-жылга бекитилген сметасындагы 2111 “Эмгек акы” статьясына 267,8 миң сом, 2121 “Соцфондко төгүмдөр” статьясына 46,2 миң сом, 2232 “Электроэнергия үчүн акы төлөө” статьясына 100,0 миң сом жылдырып каржылоого макулдук берилсин.
  2. Өзгөн шаарынын муниципалдык менчигинде турган Манас көчөсүндө жайгашкан, азыркы учурда КР Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча башкармалыгынын Өзгөн жана Кара-Кулжа райондор аралык бөлүмү пайдаланып жаткан имаратты ремонттоо иштерин 2017-жылдагы бюджеттин кошумча кирешелеринин эсебинен каржылоого макулдук берилсин.
  3. Имаратты ремонттоо иштерине керектелүүчү каражаттардын сметасын кайрадан тактап, шаардык кеңешке маалымат берүү МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Б. Базарбаевке милдеттентирилсин.
  4. Токтомду бекитип берүү жагы Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги сессиясына сунушталсын.

 

          

 

  «Бюджет, салык жана экономика

  саясаты боюнча» туруктуу

  комиссиянын  төрагасы                                                           А. Мамазайитов

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын отурумунун

 

ПРОТОКОЛУ

 

Өзгөн шаары                                  № 5                                20 -апрель 2017-жыл

 

Катышышты: «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Р. Купахуңов

Мүчөлөрү: депутаттар  И. Тажибаев, Б. Шамиева.

МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Б. Базарбаев 

 

К/Н ТАРТИБИ:

 

1) Өзгөн шаар мэриясынын 2017-жылдын 12-апрелиндеги Өзгөн шаарынын балансында турган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы пайдаланып жаткан (Манас көчөсү №93) имаратты алардын балансына өткөрүп берүү же эки жумуш кабинетин капиталдык оңдоо иштерине каражат бөлүп берүү жөнүндөгү №297 каты

 

Отурумду Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Купахунов ачты: Урматтуу комиссия мүчөлөрү кворум бар болгондуктан бүгүнкү отурумду ачык деп эсептеп, отурумдун күн тартибин бекитип койсок. Бүгүнкү отурумдун күн тартибинде 1 маселе каралат, күн тартибине кошумчалар жок болсо, бүгүнкү отурумдун күн тартибин бекитип койсок. Күн тартиби бир добуштан бекитилди.

Анда күн тартибиндеги маселени кароого өтсөк. Өзгөн шаар мэриясынын 2017-жылдын 12-апрелиндеги Өзгөн шаарынын балансында турган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы пайдаланып жаткан (Манас көчөсү №93) имаратты алардын балансына өткөрүп берүү же эки жумуш кабинетин капиталдык оңдоо иштерине каражат бөлүп берүү жөнүндөгү №297 каты боюнча түшүндүрмө берип койсом.

Күн тартибиндеги маселе боюнча кимде кандай сөз бар.

Өзгөн шаарынын МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу  Б. Базарбаев: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы пайдаланып жаткан (Манас көчөсү №93) имаратты шаардын балансында калтырып, эки жумуш кабинетин капиталдык оңдоо иштерине каражат бөлүп берүүңүздөрдү суранам.

Депутат И. Тажибаев: жергиликтүү бюджетте ремонт иштерине каражат барбы?

 Жооп: титулдук тизмеге киргизип, бюджеттин 2017-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен ашыкча аткарылышынын эсебинен каржыласа болот.

Депутат Б. Шамиева: менин сунушум 2017-жылда аткарылуучу иштердин кошумча титулдук тизмесине киргизип, эки жумуш кабинетин капиталдык оңдоо иштерине каражат бөлүп берели, мэриянын тийиштүү адистери керектелүүчү каражаттардын сметасын түзсүн, шаардын муниципалдык менчигинде калсын.

   Комиссиянын төрагасы Р. Купахунов: анда депутат Б. Шамиеванын сунушун колго салам.

Сунуш комиссия мүчөлөрү тарабынан бир добуштан колдоого алынды.

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын отуруму

 

                                                ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы пайдаланып жаткан имараттын эки жумуш кабинетин капиталдык оңдоо иштерин кошумча аткарылуучу иштердин титулдук тизмесине киргизип, керектелүүчү каражаттардын сметасын түзүп, жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүп берүү Өзгөн шаарынын мэри С. Пратовко сунушталсын.
  2. Токтомду бекитип берүү жагы Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги сессиясына сунушталсын.
  3. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы шаардык Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча»туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

«Муниципалдык менчик, жер маселелери,

курулуш жана архитектура, акы төлөп

кызмат көрсөтүү сферасы боюнча»

туруктуу комиссиясынын төрагасы                                         Р. Купахунов

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги VI сессиясынын отурумунун

                                                                         ТОКТОМУ                                

   1-июль  2017-жыл                                   № 6/7                                     Өзгөн шаары

 

Өзгөн шаарынын 2017-жылга карата бекитилген бюджетине тактоо киргизүү жөнүндө

           

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги VI сессиясынын отуруму күн тартибине Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексине” ылайык киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 1-июунундагы отурумунун №3 протоколунун негизинде,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

      

  1. МММБ департаментинин 2017-жылга бекитилген сметасындагы 31112290 “Башка имараттарды сатып алуу жана куруу” статьясынан 414,0 миң сомду, Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын 2017-жылга бекитилген сметасындагы 2111 “Эмгек акы” статьясына 267,8 миң сом, 2121 “Соцфондко төгүмдөр” статьясына 46,2 миң сом, 2232 “Электроэнергия үчүн акы төлөө” статьясына 100,0 миң сом жылдырып каржылоого макулдук берилсин.
  2. Бюджеттин теңдигин сактоо менен жогорудагы мекемелердин сметаларына өзгөртүү киргизүү жагы Өзгөн шаарынын мэри С. Пратовко милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага                                                          А. Джалилов

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясынын отурумунун

                                                          

ПРОТОКОЛУ                                                     

Өзгөн шаары                                         № 3                                1 – июнь 2017-жыл.

 

Катышканы: – 5 депутат

Катышышты: Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу  комиссиянын төрагасы А. Мамазайитов,

Мүчөлөрү: депутаттар И. Мамадалиев, О. Каримов, А. Шарабидинов, С. Турсунбаев,

 Өзгөн шаарынын вице-мэри Р. Атаджанов, Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Б. Базарбаев

 

                                                     К/Н ТАРТИБИ:

 

  1. Өзгөн шаар мэриясынын 2017-жылдын 26-майындагы Өзгөн шаарындагы Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын 2017-жылдын II-III-IV кварталдарга карата сметасына тактоо киргизүү жөнүндөгү № 434 каты.
  2. Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин 2017-жылдын 24-майындагы Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан КРӨ караштуу экономикалык кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча башкармалыгы пайдаланып турган имаратты ремонттоо үчүн 140000 сом бөлүп берүү жөнүндөгү № 477 каты.

  

Отурумду Өзгөн шаардык кеңешинин “Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу  комиссиясынын төрагасы А.Мамазайитов ачты: Урматтуу комиссия мүчөлөрү кворум бар болгондуктан бүгүнкү отурумду ачык деп эсептеп, отурумдун күн тартибин бекитип койсок. Бүгүнкү отурумдун күн тартибинде 2 маселе каралат, күн тартибине кошумчалар жок болсо, бүгүнкү отурумдун күн тартибин бекитип койсок. Күн тартиби бир добуштан бекитилди.

Анда күн тартибиндеги биринчи маселени Өзгөн шаар мэриясынын 2017-жылдын 26-майындагы Өзгөн шаарындагы Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын 2017-жылдын II-III-IV кварталдарга карата сметасына тактоо киргизүү жөнүндөгү № 434 катын кароого өтсөк.

      “Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу  комиссиянын төрагасы А.Мамазайитов: өзүңүздөргө белгилүү болгондой Өзгөн шаарынын 2017-жылга карата бюджети бекитилгенде олуттуу себептер менен Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын 2017-жылдагы сметасынын I кварталына гана каражат бөлүнгөн. Бирок азыркы күндө мекеме толук иштеп жаткандыктан, аларга мэрия тарабынан сунушталып жаткан жыл ичинде керектелүүчү каражаттарды бөлүп беришибиз керек. Бул маселе боюнча кимде кандай сөз бар.

    Депутат И. Мамадалиев: бактын директору алмашкандан кийин өзгөрүү болдубу жана арендаторлор менен келишимдерди түзүп иш баштадыңарбы?

     МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Б. Базарбаев: иштер эми башталып жатат, келишимдерди мыйзам чегинде түзүп, жерлерди конкурс жолу менен арендага берүүнү баштадык.

       Депутат О. Каримов: арендаторлордун мурда түзүлгөн келишимдери жокко чыгарылдыбы?

        МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Б. Базарбаев: Өзгөн райондук прокуратурасынын каршылык билдирүү катынын негизинде баардык келишимдер жокко чыгарылды.

        Депутат А. Мамазайитов: Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багы азыркы күндө толокандуу иштеп жаткандыктан, бактын жетекчилигинин жана жумушчулардын эмгек акысы жана соцфондко чегерүүсүнө 314,0 миң сом,  электроэнергия төлөмдөрүнө 100,0 миң сом жергиликтүү бюджеттен каржылап беришибиз керек же болбосо бюджетке тактоо киргизишибиз керек.

        Депутат И. Мамадалиев: акча каражатын бөлүп берсек, бирок аттракциондордун да техникалык абалын карап койсок. Ош шаарынын багында жыгылган аттракционду баардыгыбыз көрдүк ошондой кырсыктардын алдын алуу керек.

        МММБ департаментинин директорун милдетин аткаруучу Б. Базарбаев: ажаткана куруудан 140,0 миң сомдун тегерегинде үнөмдөлгөн акча каражаты бар ошол каражатты II-кварталына карап берсеңер.

      “Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу  комиссиянын төрагасы А.Мамазайитов: менин сунушум МММБ департаментинин 22154900 статьясында каралган каражаттын эсебинен 414,0 миң сомду Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын сметасына жылдырып каржылоого макулдук берсек.

        Сунуш бир добуштан колдоо тапты.

Комиссиянын төрагасы: Анда күн тартибиндеги экинчи маселе Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин 2017-жылдын 24-майындагы  Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан КРӨ караштуу экономикалык кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча башкармалыгы пайдаланып жаткан имаратты ремонттоо үчүн 140000 сом бөлүп берүү жөнүндөгү № 477 катын кароого өтсөк.

        “Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу  комиссиянын төрагасы А.Мамазайитов: бул маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин “Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча” туруктуу комиссиясы сметасын түзүп берүүнү МММБ департаментине милдеттендирилген жана иштердин болжолдуу сметасы түзүлгөн, кимде кандай сөз бар.

       Депутат С. Турсунбаев: бул мекеме менен келишим түзүлүп аренда акы төлөнөбү?

      МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Б. Базарбаев: бул КРӨ караштуу экономикалык кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча башкармалыгы шаардын ичинде кызмат көрсөткөндүгүнө байланыштуу биз аларга милдеттүү түрдө имарат менен камсыз кылышыбыз керек.

      Депутат С. Турсунбаев: аренда төлөбөй иштеткенден кийин өздөрү ремонттоп алса болбойбу?

       МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Б. Базарбаев: имарат биздин баланста тургандыктан алардын министрлиги тарабынан каржылоого мыйзам жол бербейт.

        Депутат А. Мамазайитов: эгерде биз аларга ремонттоого акча каражатын карап берсек мыйзамга туура келеби?

       Өзгөн шаарынын вице-мэри Р. Атаджанов: бул имарат биздин баланста болгондуктан ремонттоп берсек болот, бирок эки жыл болуп калды ремонттоп бергенибизге.

        Депутат С. Турсунбаев: КР Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча башкармалыгынын Өзгөн жана Кара-Кулжа райондор аралык бөлүмү болгондуктан, бул 140,0 миң сомдун жарымын же канчадыр пайызын  алар төлөсүн.

         Депутат А. Мамазайитов: имаратты ремонттоо иштерин 2017-жылдагы бюджеттин кошумча кирешелеринин эсебинен каржылоого  макулдук берели, 140,0 миң сом эмес 100,0 миң сом эле карап берсек да болот, ошондуктан МММБ департаментинин тийиштүү адистери тарабынан сметаны кайра тактап чыгууну сунуштайм. 

      Сунуш бир добуштан колдоо тапты.

 

        Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясынын отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. МММБ департаментинин 2017-жылга бекитилген сметасындагы 22154900 “Башка тейлөө кызматтарына төлөөгө байланышкан башка чыгымдар” статьясынан 414,0 миң сомду, Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын 2017-жылга бекитилген сметасындагы 2111 “Эмгек акы” статьясына 267,8 миң сом, 2121 “Соцфондко төгүмдөр” статьясына 46,2 миң сом, 2232 “Электроэнергия үчүн акы төлөө” статьясына 100,0 миң сом жылдырып каржылоого макулдук берилсин.
  2. Өзгөн шаарынын муниципалдык менчигинде турган Манас көчөсүндө жайгашкан, азыркы учурда КР Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча башкармалыгынын Өзгөн жана Кара-Кулжа райондор аралык бөлүмү пайдаланып жаткан имаратты ремонттоо иштерин 2017-жылдагы бюджеттин кошумча кирешелеринин эсебинен каржылоого макулдук берилсин.
  3. Имаратты ремонттоо иштерине керектелүүчү каражаттардын сметасын кайрадан тактап, шаардык кеңешке маалымат берүү МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Б. Базарбаевке милдеттентирилсин.
  4. Токтомду бекитип берүү жагы Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги сессиясына сунушталсын.

 

          

 

  «Бюджет, салык жана экономика

  саясаты боюнча» туруктуу

  комиссиянын  төрагасы                                                           А. Мамазайитов

 

p class=params-