Баш-Дөбө  айылдык  Кеңешинин VI чакырылган XX   кезексиз  сессиясынын

 

ТОКТОМУ   20-1

 

Өзгөн шаары                                                                                     06-декабрь 2019-жыл

Өзгөн шаарынын саркынды сууларын тазалоочу курулмасын куруу үчүн Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы №998 контурда жайгашкан 4.71га жер тилкесинин багытын өзгөртүү боюнча

 

 

        Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы №998 контурда жайгашкан 4.71га жер тилкесинин багытын ошол контурдан үлүш алган жарандардын макулдугунун негизинде жана Өзгөн шаарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу максатында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен Өзгөн шаарынын саркынды сууларын тазалоочу курулманын  курулушун эске алып,талкуулап Баш-Дөбө айылдык кеңеши

                                                ТОКТОМ КЫЛАТ 

  1. Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы №998 контурунда жайгашкан айыл чарба категориясындагы 4.71га жер тилкеси социалдык муктаждыктар үчүн же  Өзгөн шаарынын саркынды сууларын тазалоочу курулмасынын курулушу үчүн башка категорияга которулсун. 
  1. Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы №998 контурунда жайгашкан 4.71га жер тилкеси айыл чарба багытындагы категориясынан өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргоонунун жана башка багытындагы жерлер категориясына которулсун. 
  1. “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынына (/.Кошуев) жер участогун мамлекеттик каттоого алуу жагы суралсын. 
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жер жана мыйзамдуулук боюнча   туруктуу комиссиясына  милдеттендирилсин. 
  1. Токтомду бекитип берүү жагы Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын суралсын.

 

     Баш-Дөбө айылдык Кеңешинин

     төрагасы:                                                                                                        Т.Эргешбаев

 

p class=params-