Баш-Дөбө айылдык  Кеңешинин VI чакырылган X кезектеги  сессиясынын

ТОКТОМУ 10-4

 

Өзгөн шаары                                                                                      26-май  2018 –жыл.

 

Баш-Дөбө айылдык аймагынын 2018-2023 жылдарга карата жергиликтүү өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө

 

Баш-Дөбө айылдык Кеңешинин VI чакырылган XI кезектеги сессиясынын

 

ТОКТОМУ  11-1

 

Өзгөн шаары                                                                      18-август  2018 –жыл.

 

Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинин 6-ай ичинде аткарылышы  боюнча

Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинин 6-ай ичинде аткарылышы боюнча бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн пткарылышын талкуулап Баш-Дөбө  айылдык Кеңеши

 

 

 

Баш-Дөбө айылдык Кенешинин VI чакырылган кезектеги XI-сессиясы

ТОКТОМ  №11-1

 

Өзгөн шаары                                                                                    18-август  2018- ж                                                                                      

 

Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн  2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинин 6-ай ичинде аткарылышы боюнча 

 

Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинин 6-ай ичинде аткарылышы боюнча бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын талкуулап Баш-Дөбө айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. 2018-жылдын 6-ай ичинде Баш-Дөбө айыл Өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгү жалпысанан алганда план боюнча 5559,8  миң сомду түзсө аткарылышы 5577,1 миң сомду түзүп 100,3  пайызга аткарылган.

 2. Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн бюджетинин 6-айылык планынын аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.

 3. Жергиликтүү бюджеттке айыл өкмөтү тарабынан киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор жергиликтүү Кеңеш тарабынан  каралгандан жана кабыл алгандан кийин гана аткарууга алынсын.

 4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана салык   инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

 

  

            Баш-Дөбө айылдык Кенешинин

                     төрагасы:                                                                         Т.Эргешбаев

 

 

 

 

Баш-Дөбө айылдык Кенешинин  VI чакырылыш кезектеги    сессиясында 2018 жыл үчүн белгиленген Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн бюджетинин  6-айлык    аткарылышы  жөнүндө

Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн финансы –экономика   бөлүмүнүн башчысы   

 С. Хакимовдун 

 

БАЯНДАМАСЫ:

 

            Урматтуу депутаттар жана сессиянын катышуучулары  2018 –жыл 

6-ай ичинде Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бүлагы жалпысынан алганда план боюнча 5559,8 мин сомду түзсө  аткарылганы. 5577,1 миң сом  же  болбосо 17,3 миң сомго100,3 %  пайызга  аткарылды, салыктын түрлөру боюнча атап айтканыбызда.

 

 

 

 

 

Айрымасы

Салыктын аталышы

План

факт

 

 

 

 

-

%

1

. Подоход салыгы                                                                

340,4

382,1

41,7

 

112,3

2

Бирдиктүү салык

 

 

 

 

 

3

Милдеттүү патент

16,0

29,6

13,6

 

185

4

Ыктиярдык патент

438,1

366,2

 

71,9

83,6

5

Кыймылсыз мүлк салыгы

47,6

88,9

71,3

 

139,5

6

Транспорт салыгы

133,0

163,0

30,0

 

122,6

7

Агород салыгы

53,9

69,4

15,5

 

128,8

8

Юридикалык жер салыгы

400,9

539,5

138,8

 

134,6

9

Айыл чарбасына жараксыз жер салыгы

249,7

169,3

 

80,4

67,8

10

Жайыт арендасы

33,1

34,5

1,4

 

10,2

10

Сатыктан алынуучу салык

27,0

19,5

 

7,5

72,2

11

Айыл чарбасына жараксыз жер сатуу

 

 

 

 

 

12

Жердын аренда акысы (телевышка)

64,0

55,0

 

9,0

85,9

13

Адим.штраф

 

 

 

 

 

14

КБФ (аренда  салыгы)

346,0

391,5

45,1

 

113,2

15

Таштандык  чыгаруу салыгы

32,0

14,2

17,8

 

44,4

16

Мамлекеттик пошлина

 

 

 

 

 

17

Лицензия  кармагандыгы үчүн

146,0

127,8

 

18,2

87,5

18

Род.взнос

413,1

307,6

 

105,5

74,5

 

Выр. грант

 2328,4

 2328,4

 

 

 

 

Повыщения з/плата

 490,6

 490,6

 

 

 

 

Баардыгы

5559,8

5577,1

310,1

292,5

 

 

    Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аппаратында иштеген муницпиальдык кызматкерлердин 6-айлык   эмгек маянасына 1495,6 мин сом акча  жумшалды

.-  Соц.фонд төлөмдөрүнө 260,0 мин сом ,-

  -  сапар  чыгымына  95,0 миң сом.

-    Байланыш ишканасына  интернет,телефон чыгымына 6,9 миң сом,

  -  транспорт чыгымына 78,0 миң сом,

 -  ар түрдүү чыгымдарга 673,4миң сом

 -  эмеректерди сатып алууга 80,0 миң сом

  - элекрт энергиясына 27,0 миң сом,

-  өкмөтү резеривдик фондуна 50,0 миң сом чыгымдалды.

            Китепканада иштегендердин 6-айлык эмгек маянасына 132,9 миң сом,соцфондуна 23,3 миң сом, чыгымдалды.

 

           Айыл өкмөттүн аймагында 2-бала бакча жайгашкан алардын тамак  ашына 406,2 миң сом чыгымдылды, элект энергияына 148,1 миң сом чыгымдалды.ар турдуу чыгымдар  35,0миң сом.Жана ата энелерден тушкон 307,6 миң сом толугу менен   чыгымдалды.

            .

          Андан сырткары айыл-чарба  багытында сельхоз болумдору боюнча  6-айлык 521,0 миң сом каралган болсо анынен ичинен соттын чечими менен 240,0 миң сом  бардыгы 521,0 миң сомдук жумуш аткарылды.  ЖКХ болуму  боюнча 6-айлык  524,1миң сом  каралган болсо  анынен ичинен  524,1  миң сомдык  жумуш аткарылды.

  Жергиликтүү бюджеттин эсебинен төмөнкү чыгымдар сарпталды.

 

 

Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн

ФЭБ башчысы:                                                                 С. Хакимов. 

 

 

 

 

 

Баш-Дөбө айылдык Кенешинин VI-  чакырылышынын  кезектеги  VII-сессиясына айыл өкмөтүнүн   социалдык   маселелерын сүнүштоо

 

     

 

         

 

Аткарылүүчу иштер

Каралган каражаттын суммасы

 Өтүү убактысы

 

жумшалганы

 

1

Афган кэтышуучулар күнүнө  белгилөө

12000   

15.02.2018

 

12000

2

8-март эл аралык майрамина

25000

06.03.2018

 

25000

3

Нооруз майрамына

35000

21.03.2018

 

35000

4

1-май Эмгекчилердин эл аралык күнү

10000

01.05.2018

 

10000

5

9-май Улуу Ата Мекендек согуштун женишинин     73-жылдыгын белгилөө

10000

09.05.2018

 

10000

5

 КР Президентинин "Энелер күнүн белгилөө"№93 Жарлыгына ылайык иш-чаралар

25000

20.05.2018

 

25000

6

Чернобыль окуясынын катышуучуларына

6000

04.05.2018

 

6000

7

Айыл Өкмөтү түзүлгөн күн

10000

07.05.2018

 

10000

8

25-май "Акыркы Конгуроо"  майрамындагы иш-чараларга

15000

25.05.2018

 

15000

9

1-июнь  "Балдарды  коргоо куну"

20000

01.06.2018

 

20000

10

Медицина  кызматкерлеринин  куну

6000

01.06.2018

 

6000

11

31-август Эгемендуулук куну

25000

31.08.2018

 

 

12

1-сентябрь Билим куну

10000

01.09.2018

 

 

13

Кыргыз тили күнү

5000

23.09.2018

 

 

 

 

14

Карыялар күнү

30000

01.10.2018

 

 

15

Мугалимдөр күнү

20000

06.10.2018

 

 

16

Айыл өкмөтүнүн  аймагында Милцияда иштегендарди сийлоо 

10000

01.11.2018

 

 

 

Маданият  күнүнө

2000

02.11,2018

 

 

17

КРӨнүн Ош облусундагы ыйгарым укукту өкулүнүн "2014-2017-ж" Кыргыз Республикасында денг соолугунүн мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын камсыз кылуу жана жашоосунун сапатын жакшыртуу боюнча чаралардын комплекси жөнүндөгү " №759 буйрукгунда белгиленгендей даректүү жардам көрсөтүү( көрүү,угуусу боюнча-11,майыптыгы бонча -98)

1000               ( ар  бирине) 30000

дайыма

 

30000

18

  Алай,  Баткен катушуучулары23-жылдыгына

20000

22.12.2018

 

 

17

" Калкты кургак учуктан коргоо " Мыйзамына ылайык кургакучук менен ооруган оорулууларга материылдык жардам көрсөтүү

30000

дайыма

 

10000

19

Социалдык колдоого муктаж болгон үй-бүлөлөргө материалдык жардам берүү

40000

дайыма

 

30000

20

Баш-Дөбө айыл Өкмөтүнүн аймагындагы админстративдик участкаларында кылмыштуулуктун алдын алуу кыскөртуу боюнча түзүлгөн ишчарага ылайык  чыгымдарды бектип берүү

5000

дайыма

 

5000

21

Айыл аймагындагы көрнөк жарнактарды жаңылоо

40000

Март айы

 

40000

         

 

 

22

Жалпы билим берүүчү мектептердеги (К.Кулматов,И.Базаркулов )турмуш шартыоор-23 окуучуга материалдык жардам

12500

дайыма

 

11000

 

23

Айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан мектептердин , бала бакчалардын мугалим тарбыячыларына Кыргыз Республикасынын "Билим Берүү жөнүндө" Мугалимдердин статусу жөнүндө " мыйзамдарын да каралган социалдык жеңгилдиктердин жана гарантиясын касыздоо  үчун каражатын мыйзам чегинде кароону сунуштоо

 

 

 

 

 

 

 -билимин өркүндөтүү үчүн сапарга жөнөтүлгөн мугалим.тарбиячынын сапарчыгым дарын төлөп берүү-комуналдык тейлөө боюнча чыгым дарын төлөө.женилдек берүү -окуучулары олимпиададан жакшы көрсөткүчтүү ээлген мугалимдерге материалдык жактан жардам берүү

20000

дайыма

 

 

 

24

Жолбун иттерди атуу

50000

февраль март

 

50000

 

25

Конц товарларди сатып алуу

50000

дайыма

 

50000

 

26

Айылдык Кенештин терагсына компенсация

12000

дайыма

 

12000

 

27

Ветеринарлардын күнүнө

3000

 

 

3000

 

28

В.У.Стын чыгымына

5000

дайыма

 

 

 

29

Спорттук    оюндарга

50000

дайыма

 

50000

 

30

Токтом жана жарыяларга

25000

дайыма

 

 

 

31

Ветеринардык    жабдууларда   алуу

50000

 

 

50000

 

32

СПИД күнү

5000

 

 

 

 

33

Буткул дүйнөлүк майыптар күнүнө

15000   

03.12.2018

 

 

 

34

Балдар бакчасына Жан-жылдык белек(подорки)

10000

 

 

 

 

 

Жыйынтыгы

738500   

 

 

 

 

35

Проектар учун архтектура жана башка мекемелерге которулган акча каражаты

     

388466

 

36

Мончо

     

131829

 

37

Штраф ЭКО тех.инеспекция

     

15000

 

38

Гос.акт Фап.жана спорт зал Кенеш

     

29933

 

39

САНЭПЕД станция

     

6000

 

 

Баардыгы

     

1029228

 

         

 

       

 

 

 

 

Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2018-жылда Сельхоз жана ЖКХ статьиялары боюнча  бюджетте каралган бир жыл иченде  аткарылган жумуштар   

 

мазмуну

каралганы

аткарылган ы

айырма

 

+

-

 

Кенеш айылы

 

1

Таза суу

50000

 

 

 

 

2

ФАП документарге

10000

 10000

 

 

 

3

Трансформатор

100000

 

 

 

 

4

Спорт зад

30000

 30000

 

 

 

5

Столба алмаштуруу

60000

 

 

 

 

 

Бардыгы

250000

40000 

0

0

 

Кызыл-Кырман айылы

 

1

МТФ айлына стадионды тосуу

50000

50000 

 

 

 

2

ФАП ремонтге

50000

 

 

 

 

3

Көчөлөргө столба көюу

200000

 

 

 

 

4

Трансформатордуу  тосуу

 

10000 

 

 

 

5

Трансформатордуу  тосуу

 

 

 

 

 

 

Бардыгы

300000

60000

0

0

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кашка-Терек айылы

 
 

1

Чайкана

70000

 

 

 

 

2

ФАП ремонт отопления

25000

25000 

 

 

 

3

Канал тазалоо

80000

80000 

 

 

 

4

Жан-жол

50000

50000 

 

 

 

5

Балдар бакчасына

30000

10000 

 

 

 

6

Китепкана

6000

 

 

 

 

7

Копуро онгдоо (15га)

20000

 20000

 

 

 

8

Мектепге

60000

       

9

Музей

10000

10000

     

 

бардыгы

350000

195000

0

0

 

 

 

Кош-Коргон айылы

 

1

   

 

 

 

 

2

Таза суу ремонт

80000

 

 

 

 

3

Электр зим

70000

7000 0

 

 

 

 

   

 

 

 

 

 

Бардыгы

150000

 70000

 

 

 

 

Жыйындыгы

1050000

 

 

0

 

 

Айыл Окмот боюнча баардыгы

1050000   

 365000

 

0

 
             

 

  

 

 Баш-Дөбө айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексизX-сессиясынын

 Т О К Т О МУ

 Өзгөн шаары                   № 10-3                        «26»  май 2018 ж.

 

 Баш-Дөбө айыл Өкмөтүнө караштуу  Кашка-Терек айылындагы калктуу конуштун ичинде жайгашкан аптеканын ордунагы жерди жайыт комитетинин кеңсеси жана ветеринардык аптека куруу үчүн которуп берүү жөнүндө.

 

Баш-Дөбө айыл Өкмөтүнө караштуу Кашка-Терек айылындагы калктуу конуштун ичинде жайгашкан аптеканын ордуна жайыт комитетинин кеңсесижанаветеринардык аптека куруу үчүн Кашка-Терек айылынын айыл башчысы М.Адамбаевдин билдирүүсүн карап Баш-Дөбө айылдык кеңеши

                  

                                      ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Баш-Дөбө айыл Өкмөтүнө караштуу Кашка-Терек айылындагы калктуу конуштун ичиндеги генпландын негизинде аптеканын ордуна жайыт комитетинин кеңсесин жана ветеринардык аптека куруу үчүн кв №17 №6        05 жер участогу бөлүнүп берилсин.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер комитетинин төрагасына жана туруктуу комиссия мүчөлөрүнө жүктөлсүн.

 

 

 

Баш-Дөбө айылдык кеңешинин

          төрагасы:                               Т.Эргешбаев

 

 

Баш-Дөбө айылдык Кеңешинин (VI) шайланган кезектеги X-сессиясынын

ТОКТОМУ

Өзгөн шаары                                                            “26”май     2018-ж. 

№10/2

 

Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн билдирүүсүнүн негизи боюнча

                                              

Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн  аймагындагы мекеме уюмдар,кичи ишканалар аз киреше булагы жокко эсепте,негизги бюджетин булагы бул жерден алынуучу салык менен айыл аймагындагы мекеме уюмдардын көйгөйлүү маселелерин чечүүдө акча каражаты жетишсиз.Тңдештирилген грант эмгек акысынан ашпайт.корголуучу статьяларга жетишсиз ошондуктан кошумча каражатты Кыргыз Республикасынын каржы министирлигинен суроо сунушун колдоп берүү боюнча билдирүүсүн талкуулап Баш-Дөбө айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 25-майындагы кезексиз сессиясы                                              

                                               ТОКТОМ КЫЛАТ

 1. Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн билдирүүсү боюнча Кыргыз Республикасынын каржы министиринен кошумча акча каражаттын суроо сунушу канаатандырылсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү бюджет,мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Баш-Дөбө айылдык Кеңештин

төрагасы:                                                                                         Т.Эргешбаев

 

 

Баш-Дөбө айылдык Кенешенин  VI- чакырылыш X  -кезексиз   сессиясынын

Т О К Т О М У

 №10-1

Өзгөн шаары                                                                                26-май 2018-жыл

 

Өзгөн райондук прокуратурасынын 23.05.2018-ж №11-1204-18 каршылык билдирүүсүндө көрсөтүлгөн жагдайларды карап Баш-Дөбө айылдык Кеңеши

                                                  Аныктады:

       Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн каттоо журналында Баш-Дөбө айылдык кеңешинин 3-чү чакырылышынын 17-чи сессиясынын 2008-жылдын 28-мартындагы №86-17 сан менен Кош-Коргон участогунан 3.5га кайрак жер аянты жеке менчик турак жай куруу үчүн ажыратып берүү жөнүндө токтом,2016-жылдын 27-апрелиндеги Баш-Дөбө айылдык кеңешинин 5-чи чакырылышынын 20-кезектеги сессиясынын №20-5 сандуу Баш-Дөбө айыл өкмөтүндө Өзгөн райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө токтом жана 2015-жылдын 4-мартындагы Баш-Дөбө айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 15-чи кезектеги сессиясынын №6 сандуу Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн кеңеш айылынын №461-контурундагы жер участогунун ген планын бекитип берүү жөнүндөгү токтомдор катталган.

          Ошол мезгилде атуулдарга жеке менчик турак жай куруу боюнча токтомдор Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн каттоо журналына катталбагандыгына байланыштуу жасалмалангандыгы такталды.Андыктан турак жай куруу боюнча чыккан токтомдор жокко чыгаруулуга жатат деп Баш-Дөбө айылдык кеңеши 

Токтом кылат.

  1. Баш-Дөбө айылдык кеңешинин 3-чү чакырылышынын 17-чи сессиясынын 2008-жылдын 28-мартындагы Кош-Коргон участогунан 5га сугат жер аянты жеке менчик турак жай куруу үчүн ажыратып берүү жөнүндөгү №86-17 токтому

 

  1. 2016-жылдын 27-апрелиндеги Баш-Дөбө айылдык кеңешинин 5-чи чакырылышынын 20-кезектеги сессиясынын Кош-Коргон участкасынан №612,613-контурундагы 1.20га жер аянты турак жай куруу үчүн ажыратып берүү жөнүндөгү №20-5 сандуу токтому

 

  1. 2015-жылдын 4-мартындагы Баш-Дөбө айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 15-чи кезектеги сессиясынын Кош-Коргон участкасынан №573,№539,№540-контурунан турак жай куруу үчүн жер участогун бекитип берүү жөнүндөгү №6 сандуу токтомдору мыйзамдын талаптарына ылайык келбегендиктен жокко чыгаруулуга жатат.

 

      Баш-Дөбө айылдык

      Кеёешинин төрагасы:                                          Эргешбаев Т.А. 

 

 

 

 

Баш-Дөбө айылдык Кеңешинин VI-чакырылган кезектеги IX-сессиясынын

ТОКТОМУ

  Өзгөн шаары                     № 9/3                                “ 26 ”    март  2018-ж.

 

Баш-Дөбө айыл аймагынын Кызыл-Кырман айылынын “Боз”жер участогундагы жер участогунун Мамлекеттик шаар курулушу жана архитектура долборлоо инститинун Оштогу филиалынын №75/17 шифирлүү генпланды бекитүү жөнүндө

 

Баш-Дөбө айыл аймагынында конуштуу айыл жайгащкан Кызыл-Кырман айлынын “Боз” участкасындагы 600дөн ашуун атуулдар турак жай куруу үчүн арыздарды беришип айыл өкмотүнө кайрылышкан айыл өкмөтүнүн башчысы К.Бодоновдун билдирүүсүндө айыл тургундарынын жана жаш үй-бүлөлөрдүн турак жай боюнча муктаждыктарын чечүү максатында   Баш-Дөбө айылдык кеңешини

 

                                      ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

  1. Баш-Дөбө айыл аймагынын ”Кызыл-Кырман”айылынын “Боз” участогуна түзүлгөн мурдагы архивдик №75/17 шифирлүү генпланына кошумча 23 участокко түзүлгөн генплан бекитилсин.
  2. Өзгөн райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын ажыраткан жер аянтына керектүү болгон документтери бүтүрүлүп берилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл өкмотүнүн айылдык жер жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Баш-Дөбө айылдык кеңешинин

             төрагасы:                                                             Т.Эргешбаев

 

 

  

Баш-Дөбө айылдык Кенешинин VI чакырылган кезексиз IX-сессиясынын

 ТОКТОМУ

Өзгөн шаары                               №9-2                  “ 26”   март    2018-ж.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин орун басарынын 2018-жылдагы 9-феврал дагы №КЛ 583 Өзбек Республикасынын этникалык кыргыздарына жана Баш-Дөбө айыл аймагынын тургундарына жер участогун ажыратып берүү жөнүндө

 

 Баш-Дөбө айылдык кеңешинин кезектеги (VI) чакырылышынын,  кезектеги  IX-сессия,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин орун басарынын 2018-жылдагы 9-февральдагы №КЛ 583 Өзбек Өзбек Республикасынын этникалык кыргыздарына жана Баш-Дөбө айыл аймагынын  Кеңеш,Кызыл-Кырман, Кашка-Терек жана Кош-Коргон айыл башчыларынын , айыл тургундарына үй куруу үчүн  жер участогун ажыратып берүү жөнүндөгү сунушун карап төмөндөгүлөрдү аныктадык:

              Баш-Дөбө айыл аймагынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин орун басарынын  Берген сунушу боюнча  42(кырк эки ) чактуу Өзбек Республикасынын этникалык кыргыздарына жана Баш-Дөбө айыл аймагынында үй куруу үчүн участок сурап арыз жазгандардын саны 600(алты жүз)дөн ашык экендиги аныкталды ошол учурда сугат жер аянтына мораторий жарыялангандыгын билебиз ошол себептен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдагы 19-мартагы №169чу токтому менен бекитилген убактуулу жобонун негизинде

       Баш-Дөбө айылдык кеңешинин кезексиз VI чакырылышынын IX-сессиясы:

                                        Токтом кылат: 

  1. Баш-Дөбө айыл аймагынын  аймагынындагы Бостон (Көк-Таш) участогунан  №34-контурдан 21,39га №45контурдан 7,40га №20-контурдан 10.74 №26-контурдан 10.47га жалпы 50(элүү)га кайрак жер аянты трансфармациялансын.

 

  1. Тийиштүү өлчөмдөгү жерди бөлүп берүү документтенин дардоо иштери Өзгөн райондук архитектура жана курулуш бөлүмүнө жана райондук кыймылсыз мүлкө укуктарды каттоо башкармасынан суралсын.

 

  1. Суралсын Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан ушул токтомду бекитип берүү жагы.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык реформа боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 Баш-Дөбө айылдык кеңшинин

        Төрагасы:                                                                       Т.Эргешбаев

 

 

 

Баш-Дөбө айылдык Кеңешинин (VI-чакырылышынын)

Кезексиз 9-сессиясынын отурумунун               

Т О К Т О М У 

Өзгөн шаары                              № 9-1                                      26 - март 2018-жыл.

  

Өзгөн шаарына курулуучу канализациянын саркынды сууларды тазалоочу курулмасына тандалган жер тикесинде үлүшү бар жарандарга алардын үлүш жер тилкелерине тете үлүш жер тикелерин № 573-контурдан ажыратып  берүү жөнүндө.

 

            Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленген Өлкөнүн өнүктүрүү стратегиясынын алкагында Европалык Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкынын каржылоосу менен курулуучу Өзгөн шаарынын канализациясынын саркынды сууларды тазалоочу курулушуна тандалган айыл Өкмөттүн Бак участкасынын № 998-контурундагы жалпы аянты 5 гектар жер тилкесиндеги, үлүшкө берилген жер участоктордун ээлеринин макулдуктарынын негизинде Баш-Дөбө айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Баш-Дөбө айыл Өкмөтүнүн Бак участкасынын № 998-контурундагы айыл Өкмөттүн тургундарынын жалпы аянты 5 (беш) гектар үлүш жер участкалары Өзгөн шаарынын канализациясынын саркынды сууларды тазалоочу курулушуна берилсин, ал эми № 573-контурдагы айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлеринен, үлүш ээлерине, алардын жер участокторуна тете 5 (беш) гектар жер участоктору үлүш катары ажыратылып берилсин. 
  2. Ажыратылган жер участокторун мыйзам чегинде үлүш ээлерине бөлүп берүү айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, экономикалык агрардык саясат жана коммуналдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

 

            Баш-Дөбө айылдык

            Кеңешинин төрагасы                                                   Т.Эргешбаев

Баш-Дөбө айылдык кеңешинин (VI) чакырылган кезектеги  VII-сессиясынын

 ТОКТОМУ

 

                                      №7/1

Өзгөн шаары                                            16-декабрь   2017-ж.

 

Баш-Дөбө айыл аймагынын 2018-жылга айыл  өкмөтүнүн бюджетин бекитүү боюнча 2019-2020-жылдарга  проектисин  кароо жөнүндө

  

Баш-Дөбө айыл аймагынын 2018-жылга айыл  өкмөтүнүн бюджетин бекитүү боюнча 2019-2020-жылдарга  проектисин  кароо жөнүндө маселе  айылдык  кенешинин бюджет. финансы. салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясында алдын  ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде  Баш-Дөбө айылдык  Кенеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

  1. 2018-жылга айыл өкмөтүнүн бюджети кирешелери жана чыгашалары 10690,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
  2.  Айыл өкмөтүнүн 2019-2020-жылдарга жактырылган  болжолдуу көрсөткүчтөрүнө ылайык  бекитилсин жана ар  бир так  мезгилде  аларды  кабыл  алууда такталууга жатаары  белгиленсин.
  3. Кыргыз Республикасынын  бюджеттик  укуктарынын  негизги  принциптери  жөнүндө  Мыйзамынын  21-беренесине  ылайык  айыл  өкмөтүнүн  резервдик фонду 100,700  миң  сом  өлчөмүндө  бекитилсин .
  4. Жергиликтүү  өз алдынча  башкаруу  органдарына  2017-18-жылдарга  жергиликтүү  бюджеттердин  чыгашаларынын  каржылоо биринчи  кезектеги  тартипте  корголгон  беренелер  (эмгек акы.социалдык  фондко чегерүү. Тамак-аш, дары-дармек жана милдеттүү медициналык  камсыздандырууга чегерүү), коммуналдык  кызматтар (электр энергия. көмүр. суу) боюнча жүзөгө ашыруу  сунушталсын.
  5.  Жергиликтүү өз  алдынча  башкаруу органдары  тендөөчү  гранттарды  биринчи  кезекте корголгон  беренелер  жана коммуналдык  кызмат көрсөтүүлөр боюнча  чыгашаларды каржылоого  багытталсын.                                            
  6. Республикалык  бюджеттен теңдөөчү  гранттардын  эсебинен  коммуналдык  кызмат көрсөтүүлөр  боюнча  чыгашаларды  толук  каржылоо үчүн  жергиликтүү  өз алдынча  башкаруу  органдары  жоопкерчилигин  алышат.
  7. Бюджеттик  мекемелер, чарба  жүргүзүү  субьектилер  жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу  органдары  тарабынан  максаттуу  багытталышы  боюнча  пайдаланылбаган  Кыргыз Республикасынын республикалык  бюджетинин  каражаттары  тиешелүү  бюджеттерге  өндүрүлүп  алынсын.
  8. Казына  системасын  четтеп  өтүү  менен  атайын  каражаттарды  пайдаланууга  тыюу  салынсын. Көрсөтүлгөн  тартип бузулганда атайын  каражаттын 100 пайызы  Кыргыз Республикасынын республикалык  бюджетинин кирешесине  алынсын. 
  9. Айланма  кассалык  калдык  (оборотный кассовый  наличность) айыл       өкмөтүнүн  бюджети  боюнча  жүргүзүлгөн  накталай  акча  каражаты  2017-жылдын  1-январына карата 100,0 мин сом өлчөмүндө  бекитилсин.
  10. Ушул  токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  айылдык  кенештин  бюджет,финансы жана салык  маселелери боюнча  туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Баш-Дөбө айылдык Кеңешинин

төрагасы                                                      _________________       Т.Эргешбаев

 

 

 

 

 

Баш-Дөбө айылдык кеңешинин (VI) чакырылган кезектеги  VII-сессиясынын

 

ТОКТОМУ 7/2

 

Өзгөн шаары                                                            16-декабрь  2017-ж.

 

Баш-Дөбө айыл аймагынын 2018-2020-жылдарга карата социалдык экономикалык туруктуу өнүгүү стратегиясын бекитүү жөнүндө

 

 

Баш-Дөбө айыл аймагынын 2018-2020-жылдарга карата социалдык экономикалык туруктуу өнүгүү стратегиясын элдик талкуулардан кийин туруктуу комиссиясынан алдын ала каралып, Баш-Дөбө айылдык кеңеши төмөндөгүдөй

                                              

                                               ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

  1. Баш-Дөбө айыл аймагынын 2018-2020-жылдарга карата социалдык экономикалык туруктуу өнүгүү стратегиясы алымча кошумчасы менен бекитилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык экономикалык өнүгүү  боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Баш-Дөбө айылдык Кеңештин

       төрагасы:                                                                                   Т.Эргешбаев

 

 

 

 

Баш-Дөбө айылдык кенешинин (VI) шайланган кезектеги VII-сессиясынын

 

ТОКТОМУ

 

Өзгөн шаары                                   №7/3                          16-декабрь 2017-ж.

 

                                                                                          

Баш-Дөбө айыл Өкмөтүнүн “Өзгөн-Девзира” айыл чарба кооперативинин айыл чарба жерлерин суу алып кеткендиги боюнча Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 28-июлундагы актысын бекитүү боюнча.

 

 

“Өзгөн-Девзира айыл чарба кооперативинин айыл кенешине жазган билдирүүсү өздөрүнүн пайдалануусундагы 246 га жер аянтынан 234 га сугат айдоо(шалы) жеручастокторун суу жууп кеткендиги боюнча 2017-жылдын 28-июлундагы райондук мамлекеттик администрациясынын түзгөн актысын бекитип берүү боюнча билдирүүсүн талкуулап Баш-Дөбө айылдык Кеңешинин сессиясы токтом кылат.

 

                                                      ТОКТОМ

 

  1. “Өзгөн-Девзира” айыл чарба кооперативинин айыл чарба жерлерин суу алып кеткендиги боюнча Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 28-июлундагы актсы бекитилсин

 

  1. Токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдөөнү жер жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Баш-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы                                      Т Эргешбаев

 

 

 

 

Баш-Дөбө айылдык кенешинин (VI) шайланган кезектеги VII-сессиясынын

 

ТОКТОМУ №

 

Өзгөн шаары                                     №7/4                           16-декабрь 2017-ж.

 

Кашка-Терек айылынын тургуну Сатиев Сабыржандын  арызы боюнча

                                                          

 

Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кашка-Терек айылынын тургуну Сатиев Сабыржан айыл аймагында элдин керектөөсүн канааттандыруу максатында жана айыл бюджетине  кошумча салык менен толуктоо максатында эл керектөөчү курулуш материалдарын, пластикалык эшик рамдарды жасоодо тургундардын алыскы жолун кыскартып айыл аймагына база куруу максатында жер участогун бөлүп берүү боюнча арызын карап талкуулап Баш-Дөбө айылдык Кеңешинин кезектеги VII -сессиясы

 

                                   ТОКТОМ   КЫЛАТ

           

  1. Айыл аймагынын Кашка-Терек айылынын тургуну С Сатиевдин арызы боюнча айыл аймагынан жер участкасын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнө сунушталсын.

 

  1. Айыл өкмөтүнүн бюджетин көтөрүү боюнча инвестиция тартууда жана ишкелерди колдоодо такай иш алынып барылсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Баш-Дөбө айылдык Кенештин

       төрагасы:                                                                                   Т.Эргешбаев.

 

 

 

 

Баш-Дөбө айылдык округунун  айылдык Кенешинин V1-чакырылган кезектеги VII сессиясынын

ТОКТОМУ 

 

Кыргыз Республикасы

Өзгөн шаары                                                 №7/5                           16-декабрь 2017-жыл

                                                                                       

Баш-Дөбө айыл аймагынын Кенеш айылынын тургуну Аданов Арапбайга “ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө.

 

Баш-Дөбө айыл  аймагынын Кызыл-Кырман айылынын тургундарынын 2015-жылдын 06-ноябрындагы жааматтык жыйналышынын токтомунун негизинде Кенеш айылынын тургуну  Аданов Арапбайга айылдык Кеңешинин “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндөгү сунушун талкуулап Баш-Дөбө айылдык Кеңешинин кезектеги VII -сессиясы        токтом кылат

 

  1. Баш-Дөбө айылдык аймагындагы Кенеш айылынын тургундарынын Аданов Арапбайга айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү боюнча токтому бекитилсин. 
  1. Баш-Дөбө айыл аймагынын Кенеш айылынын тургуну Аданов Арапбай Баш-Дөбө айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын. 
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү мыйзамдуулук боюнча туруктуу коммиссиясына милдеттендирилсин.

 

  

            Баш-Дөбө айылдык Кеңешинин

төрагасы:                                                                            Т Эргешбаев

 

 

 

 

Баш-Дөбө айылдык округунун  айылдык Кенешинин

 VI чакырылган кезектеги VII -сессиясынын

 

ТОКТОМУ 

 

Кыргыз Республикасы

Өзгөн шаары                                        №7/6                                               16-декабрь 2017-жыл  

                                                                                   

Баш-Дөбө айыл аймагынын Кош-Коргон айылынын тургуну Хурматов Сабыржанга “ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө.

 

Баш-Дөбө айыл  аймагынын Кош-Коргон айылынын тургундарынын 2017-жылдын 04-декабрындагы жааматтык жыйналышынын токтомунун негизинде Кош-Коргон айылынын тургуну  Хурматов Сабыржанга айылдык Кеңешинин “Ардактуу атуул” наамын берүү жөнүндөгү сунушун талкуулап Баш-Дөбө айылдык Кеңешинин кезектеги VII -сессиясы        токтом кылат.

 

  1. Баш-Дөбө айылдык аймагындагы Кош-Коргон айылынын тургундарынын Хурматов

Сабыржанга айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү боюнча токтому бекитилсин.

  1. Баш-Дөбө айыл аймагынын Кош-Коргон айылынын тургуну Хурматов Сабыржанга

 

  1. Баш-Дөбө айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү мыйзамдуулук боюнча туруктуу

комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

 

            Баш-Дөбө айылдык Кеңешинин

төрагасы:                                                                             Т Эргешбаев

 

 

 

 

Баш-Дөбө айылдык округунун  айылдык Кенешинин  VI- чакырылган кезектеги VII -сессиясынын

 

ТОКТОМУ 

 

Кыргыз Республикасы

Өзгөн шаары                                             №7/7                     16-декабрь 2017-жыл

                                                                                      

Баш-Дөбө айыл аймагынын  Кызыл-Кырман айылынын    тургуну Валиев Жамшитбекке “ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө.

 

Баш-Дөбө айыл  аймагынын Кызыл-Кырман айылынын тургундарынын 2017-жылдын 24-ноябрындагы жааматтык жыйналышынын токтомунун негизинде Кызыл-Кырман айылынын тургуну  Валиев Жамшитбеккке айылдык Кеңешинин “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндөгү сунушун талкуулап Баш-Дөбө айылдык Кеңешинин кезектеги VII -сессиясы  токтом кылат.

 

1.Баш-Дөбө айылдык  аймагынын Кызыл-Кырман айылынын тургундарынын Валиев Жамшиткебекке айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү боюнча токтому бекитилсин.

 

  1. Баш-Дөбө айыл аймагынын Кызыл-Кырман айылынын тургуну Валиев Жамшитбекке Баш-Дөбө айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

            Баш-Дөбө айылдык Кеңешинин

төрагасы:                                                                            Т.Эргешбаев

 

 

 

 

Баш-Дөбө айылдык округунун  айылдык Кенешинин VI- чакырылган кезектеги VII -сессиясынын

ТОКТОМУ 

 

Кыргыз Республикасы

Өзгөн шаары                                                 №7/8                                      16-декабрь 2017-жыл

                                                                                       

Өзгөн райондук САКБ нүн сунуш каты боюнча.

 

 

Баш-Дөбө айыл Өкмөтүнүн дарегине 2017-жылдын 22-ноябрь чыгуу №4-1665 сандуу Өзгөн райондук САКБ нүн М М Мамырбековдон өз ыктярдуу соттун чечими менен Исмаилов Акрамжанга 450 000 сом, Исмаилов Гайратбекке 330 000 сом, Газиева Саломхонга 450 000 сом,Исмаилова Уктомхондун укук улантуучусу Исмоилов Икромжонго 600 000 сом баардыгы болуп айыл Өкмөтүнө 1 830 00 сом өлчөмүндө карыз келген жана 10 күндүн ичинде төлөп берүү мөөнөтү көрсөтүлгөн бул боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы  К. Бодонов айылдык кенешинин депутаттарына маалымат берип маселени чечүүгө жардам берүү боюнча кайрылды. Жогорудагы маалыматтарды угуп талкуулап  айылдык Кенеши

 

                                                   ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Айыл Өкмөтүнө келген 1 830 000 сом акчаны айыл өкмөтүнүн бюджетинин тартыштыгына байланыштуу жылына 100 000(жүз) миң сомдон төлөнүп берилсин.

 

  1. Акча каражатын мыйзам чегинде бөлүп берүү жагы ФЭБ башчысына милдеттендирилсин

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

            Баш-Дөбө айылдык Кеңешинин

төрагасы:                                                                             Т Эргешбаев

 

Баш-Дөбө айылдык округунун  айылдык Кенешинин  VI- чакырылган кезексиз VIII -сессиясынын

 

ТОКТОМУ 

 

Кыргыз Республикасы

Өзгөн шаары                                 №8/1                               “07” февраль 2018-жыл

                                                                                       

Баш-Дөбө айыл аймагындагы Өзгөн участкасынын башчысынын Б.Хайдаралиевдин билдирүүсү боюнча   

 

Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагында Өзгөн шаарына жакын жерлердеги сугат жана айыл чарба багытында  аренда жерлери бар. Аталган жерлерге жер участогунан  Өзгөн, Кеңеш жолундагы арендага берилген жерден райондук архитектуранын өкүлү тарабынан мыйзамсыз жер участкасын тартып берүү боюнча айыл өкмөтүнүн Өзгөн участкасынын айыл башчысы Б.Хайдаралиевдин айылдык Кеңештин депутаттарына кайрылуусу боюнча ошол жер участкаларынын мыйзамдуулугун тактаганга чейин жерди тартып берүүгө райондук архитектура башкармалыгына убактылуу токтотууга уруксат берүү боюнча сунушун талкуулап Баш-Дөбө айылдык Кеңешинин кезексиз VIII -сессиясы 

                                              

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Өзгөн участкасынын айыл башчысы Б. Хайдаралиевдин билдирүүсү боюнча

маселени чечүү үчүн айылдык Кеңештин сессиясынын атынан Жогорку органдарга кат менен кайрылуу жагы бекитилсин.

 

  1. Жогорудагы маселе боюнча жогорку органдарга кат жүзүндө кайрылуу жана

маалымат берүү үчүн айыл өкмөтүнө сунушталсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жер жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

 

         Баш-Дөбө айылдык Кеңешинин

төрагасы:                                                                  Т.Эргешбаев     

Баш-Дөбө айылдык Кенешинин VI чакырылган кезектеги V-сессиясы

 

ТОКТОМ  №5/1

 

Өзгөн шаары                                                                                      28-июль  2017- ж.

                                                                                      

 

Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн  2017-жылдагы жергиликтүү бюджетинин 6-ай ичинде аткарылышы боюнча

p class=params-