Баш-Дөбө айылдык Кеңешинин VI чакырылган кезексиз XXIV-сессиясынын

ТОКТОМ № 27-6

  Өзгөн шаары              26-декабрь  2020-жыл                     

                                                                 

           “CASSA-1000” долбоорун ишке ашыруу үчүн жер участокторун “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан жана Суу фондусунун категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө.

 

 “CASSA-1000” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы №105 токтомунун негизинде.  Баш-Дөбө айыл аймагынан өтүүчү 500кВт электр аба чубалгысын орнотуу жөнүндө Баш-Дөбө айылдык кенеши 

                                                        ТОКТОМ КЫЛАТ

 

         1.Баш-Дөбө айыл аймагынан өтүүчү “CASSA-1000” долбоорун ишке ашыруу боюнча 24 (жыйырма төрт) даана электр аба чубалгыларынын тирөөчтөрүн орнотуу үчүн № 131,134,158,87,88,198,218,230,687,474,747,887,897,839,971,201 контурларында жайгашкан 6420 чарчы метр суугат айдоо, №144,16,20,43  контурларынан 2533ч.м кайрак айдоо, №811 контурунан 324ч.м көп жылдык бак мамлекеттик менчикте турган жер участокторунун “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан №246 контурунан 784ч.м башка жерлер (кум) Суу фондусунан  “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин. 

  1. Токтомду бекитип берүү жагы Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын. 
  1. CASSA-1000” долбоорун ишке ашырууга жакындан көмөк көрсөтүү максатында айыл ичиндеги калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн. 
  1. Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн жер адиси К.Жарматовко долбоордун алкагында мыйзамдуу иштерди алып баруу жагы милдеттендирилсин. 
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы  айылдык кеңештин жер жана агрардык   реформа боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

                               

Баш-Дөбө айылдык

кенешинин төрагасы:                                                                                              Т.Эргешбаев

p class=params-