Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезектеги XXXV- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

 2020-жылдын 7-августундагы    №151                                                          Бакмал айылы

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бакмал айылынын тургуну Тургуналиев Азизбек Абдуманаповичтин турмуш шарты оор болгондугуна  байланыштуу жардам берүү жөнүндө

            Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бакмал айылынын тургуну Тургуналиев Азизбектин турмуш шарты оор жана учурда апасы да коронавирус оорусу менен ооруп кыйналып жаткандыгын эске алып, жардам сурап жазган арызын көрүп, ага жардам берүү максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши 

Т О К Т О М     К Ы Л А Т

                                                                                                             

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезексиз XXXIV- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

 2020-жылдын 13-мартындагы   №137                                                          Бакмал айылы

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бекитилген бюджетине кошумча өзгөртүү киргизүү, айыл өкмөтүнүн кызматтык автоунаасынын техникалык жактан жараксыздыгына байланыштуу аукционго коюп сатуу жана жаңы кызматтык автоунаа сатып алуу жөнүндө

                                                                                     

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезектеги XXVI- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

 29-апрель  2019-жыл                    №110                                                 Бахмал айылы

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бакмал айылындагы жер аянтына Таза суу ишканасына база жана суу кампасын куруу жөнүндө

             Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бакмал айылындагы №587-контурундагы 3,0 га кайрак айдоо жер аянтына Таза суу ишканасына база жана суу кампасын куруу максатында 2017-жылдын 14-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган Мыйзамдын 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-3-п. негизинде Дөң-Булак айылдык кеңеши

  

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезексиз XXIV- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

23-январь  2019-жыл                     №87                                       Бахмал айылы

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Дөң-Булак участкасындагы Айткулова Гулнара Ысмаиловнанын турак жай куруу үчүн берилген жер тилкесинин пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө

            Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 2013-жылдын 15-июлундагы №145 токтомунун 3-главасынын негизинде Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Дөң-Булак участкасындагы Айткулова Гулнара Ысмаиловнанын турак жай куруу үчүн берилген жер тилкесинин пайдалануу багытын өзгөртүп, элдин муктаждыгын эске алып, калкты тейлөөчү коомдук чайкана ачуу боюнча жазган арызын угуп жана талкуулап жана жергиликтүү бюджетти көбөйтүү максатындаДөң-Булак айылдык кенеши

 

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезексиз XXI- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

31-октябрь  2018-жыл                   № 77                                                  Бахмал айылы

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бекитилген бюджетине  кошумча  өзгөртүү киргизүү жөнүндө

            Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бекитилген бюджетинин айыл чарба бөлүмүнүн 3111 беренесине айыл өкмөтүнүн иштелбей калган каражаттарынан төмөндөгү жумуштарга каржылоо максатында Бахмал айылындагы И.Жусупов көчөсүнө асфальт төшөөгө кошумча жумуш жаралгандыктан ага 198,6 миң сом акча каражаты. Бахмал-1 жана Уч-Алыш айылындарына көчө жарыктарын орнотуу зарыл болгондуктан башкача айтканда кышкы мезгилде эрте кеч кирип мектеп балдары жолдо жүрүү коркунучу жаралгандыктан ага керектүү тетиктерин алып берүү үчүн 149,8 сом. Чымбай айылындагы бала бакчаны курууда кошумча жумуштар жаралып аны төлөп берүү үчүн 335,0 миң сом, Ош технологиялык университетинин, Өзгөндөгү академик Б.Мурзубраимов атындагы билим берүү жана технология колледжине студенттер кирүүчү жолго брусчатка төшөө үчүн аларга акча каражатын берүү максатында, Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июнундагы №78 мыйзамынын “Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын” 17-беренесине ылайыкДөң-Булак айылдык кеңеши

p class=params-