Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезексиз XXIV- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

23-январь  2019-жыл                     №87                                       Бахмал айылы

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Дөң-Булак участкасындагы Айткулова Гулнара Ысмаиловнанын турак жай куруу үчүн берилген жер тилкесинин пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө

            Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 2013-жылдын 15-июлундагы №145 токтомунун 3-главасынын негизинде Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Дөң-Булак участкасындагы Айткулова Гулнара Ысмаиловнанын турак жай куруу үчүн берилген жер тилкесинин пайдалануу багытын өзгөртүп, элдин муктаждыгын эске алып, калкты тейлөөчү коомдук чайкана ачуу боюнча жазган арызын угуп жана талкуулап жана жергиликтүү бюджетти көбөйтүү максатындаДөң-Булак айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Дөң-Булак участкасындагы Айткулова Гулнара Ысмаиловнанын № Ч 735884 мамлекеттик актысынын негизинде 800 кв.м.менчиги болгон жер тилкесине коомдук чайкана ачууга макулдук берилсин.

 

  1. Жер аянтын мамлекеттик актысын негизинде тактап, керектүү иш кагаздарын мыйзам негизинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Өзгөн райондук “Мамкаттоо” башкармалыгынан суралсын. .

 

  1. Ажыратылган жер аянтына шаар түйүнүнун планын даярдоо жагы Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармалыгына сунуш кылынсын.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

            Төрага                                                                                             П.А.Эсеналиев

 

                  

 

 

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезексиз XXIV- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

 23-январь  2019-жыл                    №88                                       Бахмал айылы

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бахмал айылындагы №527 контурундагы 0,08 га жер участогуна түзүлгөн шифр № 85/18 вх. №199/01 20.11.2018-жылытүзүлгөн башкы планын бекитип берүү жөнүндө

            Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бахмал айылындагы №527 контурундагы 0,08 га жер участогуна түзүлгөн шифр № 85/18 вх. №199/01 20.11.2018-жылытүзүлгөн башкы планын бекитип берүүмаксатындаДөң-Булак айылдык кенеши

 ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Кыргыз Илим изилдөө жана шаар куруунун түштүк региондук бөлүмү тарабынан Бахмал айылындагы №527 контурундагы 0,08 га жер участогуна түзүлгөн шифр № 85/18 вх. №199/01 20.11.2018-жылытүзүлгөн башкы планы бекитилип берилсин.

 

  1. Жер аянтын контурлар боюнча тактап, турак жай салуу үчүн мыйзам негизинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Өзгөн райондук “Мамкаттоо” башкармалыгынан суралсын.                                       .

 

  1. Ажыратылган жер аянтына шаар түйүнүнун планын даярдоо жагы Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармалыгына сунуш кылынсын.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

            Төрага                                                                                             П.А.Эсеналиев

 

 

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезектеги XXIV- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

 23-январь  2019-жыл                    №89                                       Бахмал айылы

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылга карата жайыт инфраструктурасын жакшыртуу үчүн атайын техника (Фронталдык жүктөгүч 3 м3) сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүү жөнүндө

            Дөң-Булак айыл өкмөтүндө “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү” долбоорунун алкагында жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылга карата жайыт инфраструктурасын жакшыртуу үчүн атайын техника (Фронталдык жүктөгүч 3 м3) сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылга карата жайыт инфраструктурасын жакшыртуу үчүн атайын техника (Фронталдык жүктөгүч 3 м3) сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 1947000 (Бир миллион тогуз жүз кырк жети миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.

 

  1. Жогорудагы акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Султановго сунушталсын.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

            Төрага                                                                                             П.А.Эсеналиев

 

 

                   

 

 

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезектеги XXIV- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

 23-январь  2019-жыл                    №90                                       Бахмал айылы

 

Өзгөн райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө

            Өзгөн райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди бекитүүмаксатында Дөң-Булак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөӨзгөн райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишим бекитилсин (тиркеме тиркелет).

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

            Төрага                                                                                             П.А.Эсеналиев

 

 

 

 

Тиркеме

Дөң-Булак айылдык кеңешинин  

 “23”-январындагы № 90

токтому менен бекитилди

      Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндө

КЕЛИШИМ

2019-ж. 11-январь

 

  1. Келишимдин тараптары

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин  Өзгөн райондукмамлекеттик статистика бөлүмүнүнатынан, мындан ары "мамлекеттик статистика органы" деп аталуучуӨзгөн райондук мамлекеттикстатистика бөлүмүжөнүндө  жобонун негизинде иштеген жетекчи С.Инашов биринчи тараптан жанаДөң-Булак айыл өкмөтүнүн атынан, мындан ары “өз алдынчабашкаруунун аткаруу органы” деп аталуучу,Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жобонун негизинде иштеген башчысы Э.Р.Султанов экинчи тараптан Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен төмөнкүлөр тууралуу ушул келишимди түзүштү.

2. Келишимдин шарттары

2.1 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-ж. №715 токтомуна ылайык

Өзгөн райондук мамлекеттик статистика бөлүмү,  Дөң-Булак,айыл өкмөтүнө  статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча төмөнкү мамлекеттик ыйгарым укуктарды берет:

1) үстүбүздөгү жылдын түшүмү үчүн себүү жөнүндө;                                                                                                                                                   2) жазгы талаа иштерин жүргүзүү жана жаздык өсүмдүктөрдү себүү жөнүндө;                                                                      3) түшүмдү жыйноо, күздүк себүү жана тоңдурма айдоо тууралуу;                                                                                                      4) айыл чарба мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн жана жүзүмдү дүң жыйноо жөнүндө;                                                                                                                                                 5) айыл чарба өсүмдүктөрдүн түшүмүн жыйноо жөнүндө;                                                                                                   6) дыйкан (фермер) чарбаларында жана жарандардын жеке көмөкчү чарбаларында мал чарбачылык продукцияларын өндүрүү жөнүндө;                                                                                                                              7) тоюттарды өндүрүү жөнүндө;                                                                                                                                             8)дыйкан (фермер) чарбалары тарабынан айыл чарба продукцияларын сатуунун көлөмү жана баалары тууралуу;                                                                                                                                     9) айыл чарба продукцияларын өндүрүүгө кеткен чыгымдар жөнүндө;

“Берилген ыйгарым укуктар боюнча маалымат берүүнүн мезгилдүүлүгү жана мөөнөтү мамлекеттик статистика отчеттуулугунун формаларына ылайык каралып, 2-тиркемеде көрсөтүлгөн”.

“2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жыл сайын бекитилүүчү Статистикалык иштердин программасына, Статистикалык иштердин графигине, Статистикалык отчеттуулуктун формаларынын табелине ылайык түзүлөт.

 

2.2. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча    Дөң-Булак

айыл өкмөтү жогоруда көрсөтүлгөн берилүүчү мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну кабыл алат.

2.3. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилүүчү мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн финансылык каражаттар (трансферттер) 1-тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан борборлоштурулган түрдө республикалык бюджеттен бөлүнөт.

3. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө мамлекеттик статистика органынын укуктары жана милдеттери

3.1. Өзгөн райондук мамлекеттик статистика бөлүмү өзүнүн ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берүүдө төмөнкүлөргө укуктуу:

- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укукту аткарып жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетектөөчү адис-статистигин дайындоого жана бошотууга макулдашуунун жол-жоболорунун жүрүшүн талап кылууга;

- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан ишке ашырылышын, ошондой эле ушул максатка бөлүнүп берилген финансылык, материалдык жана башка каражаттардын пайдаланылышын контролдоого;

статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселелери боюнча аткарууга милдеттүү болгон актыларды өзүнүн компетенциясынын чегинде кабыл алууга;

- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан кетирилген тартип бузууларды четтетүү боюнча жазуу жүзүндө көрсөтмө берүүгө;

- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга байланышкан маалыматтарды, материалдарды жана документтерди сурап алууга;

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан бекитилген 2-формага ылайык материалдык, финансылык жана башка каражаттарды пайдалануунун натыйжалары жөнүндө маалымат берүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынан отчеттордун формаларын сурап алууга;

- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берилген, бирок максаттуу эмес пайдаланылган каражаттарды белгиленген иретте өндүрүп алууга;

- №2 тиркемеде берилген статистикалык инструментарийдин жана графиктин тизмегине ылайык статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берилген статистикалык маалыматтардын ишенимдүүлүгүн жана өз убагында болгондугун контролдоого;

- КРдин Улутстаткому тарабынан бекитилген усулдарга ылайык статистикалык иргеме текшермелерге тиешелүү болгон чарба жүргүзүүчү субөекттердин тизмегин аныктоого;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы берген статистикалык маалыматтардын (себилген аянттар, дүң жыйым жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү ж.б. жөнүндө) ишенимдүүлүгүн текшерүүнү уюштурууга;

-алгачкы статистикалык эсептин абалын жана толуктугун текшерүүгө;

-статистикалык маалыматтарды берүүдө мөөнөтү үзгүлтүккө учураса, алар ишенимдүү эмес болсо, статистикалык байкоонун субөекттери толук эмес камтылса, статистикалык маалыматтар берилбесе, өзүнүн милдеттерин аткарбаса ж.б.у.с. учурларда “Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамга,  Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине”, ушул Келишимге ылайык чараларды көрүүгө;

- "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген учурларда жана тартипте, статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү келишимди мөөнөтүнө чейин бузууну демилге кылууга.

3.1.Өзгөн райондук мамлекеттик статистика бөлүмү өзүнүн ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берүүдө төмөнкүлөргө милдеттүү:

- статистикалык маалыматтарды киргизүү үчүн электрондук программалар менен камсыз кылууга, программалык камсыздоо иштерине жөндөмүн жогорулатуу боюнча окууларды өткөрүүгө;

- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын камсыз кылуу үчүн арналган статистикалык инструментарийди, материалдык, финансылык жана башка каражаттарды зарылдыкка жараша өз убагында жана толук көлөмдө өткөрүп берүүгө;

- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон методикалык, уюштуруучулук, консультативдик, башка жардам көрсөтүүгө, укуктук, техникалык жана башка документтер менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын камсыздоого;

- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу жүктөлгөн жетектөөчү адис-статистиктин квалификациясын жогорулатуу үчүн жылына эки жолудан кем эмес окуу өткөрүүгө;

- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын жана бөлүнгөн материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максаттуу пайдаланышын контролдоого.

 

4. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын укуктары жана милдеттери

4.1. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда Дөң-Булак айыл өкмөтү төмөнкүлөргө укуктуу:

- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн каралган статистикалык инструментарийди, материалдык, финансылык жана башка каражаттарды өз убагында жана толук көлөмдө өткөрүп берүүнү талап кылууга;

- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик статистика органынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн методикалык, уюштуруучулук, кеѕеш берүү  жана башка жардамды, ошондой эле зарыл болгон укуктук, техникалык жана башка документтерди алууга;

- райондук  мамлекеттик статистика бөлүмүнүн көрсөтмөлөрүнө ылайык статистикалык маалыматтардын ишенимдүүлүгүнө текшерүүлөрдү жүргүзүүгө катышууга;

- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууда кетирилген тартип бузууларды четтетүү боюнча мамлекеттик органдардын жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрүнө сот тартибинде даттанууга;

- ушул Келишим жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген учурларда жана тартипте, “Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди” мөөнөтүнө чейин бузууну демилге кылууга.

4.2. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда Дөң-Булакайыл өкмөтү төмөнкүлөргө милдеттүү:

-Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды бул келишимге, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Статистикалык иштердин программасына, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан бекитилген статистикалык отчңттуулуктун формаларынын табелине жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык ишке ашырууга;

- райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн макулдашуусу боюнча статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн жетектөөчү адис-статистикти кабыл алууга жана дайындоого;

- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу жетектөөчү адис-статистиктин кызматтык милдеттерин иштеп чыгууга;

- жетектөөчү адис-статистикти жумуш оруну: иш бөлмө, жеке компьютер, жумуш эмереги, телефон жана канцтовар менен камсыз кылууга;

-статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн бөлүнгөн материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыздоого;

- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик статистика органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жана материалдык, финансылык жана башка каражаттарды пайдалануу боюнча тоскоолдуксуз текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн шарттарды камсыздоого;

- квалификацияны жогорулатуу үчүн мамлекеттик статистика органы тарабынан уюштурулган окууга, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетектөөчү адис-статистиктин катышуусун камсыздоого;

- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда кетирилген тартип бузууларды четтетүү боюнча мамлекеттик статистика органдарынын жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрүн аткарууга;

- квартал сайынКР Финансы министрлиги тарабынан бекитилген 2008-ж. 24-ноябрындагы №192 буйругунун 2-формасына ылайык статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттарды пайдалануу тууралуу финансылык отчңт берүүгө;

- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу мөөнөтүнө чейин токтотулган учурда, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн ага бөлүнгөн, пайдаланылбаган финансылык, материалдык жана башка каражаттарды кайтарууга.

5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу жетектөөчү адис-статистиги

5.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу жетектөөчү адис-статистиги райондук бөлүмдөрдүн жана мамлекеттик статистика органынын башкармалыктарынын жетекчилери менен макулдашуу боюнча муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындалган жана кызматтан бошотулган муниципалдык кызматчы болуп саналат;

5.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу жетектөөчү адис-статистиги өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.

5.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу жетектөөчү адис-статисти статистикалык маалыматтарды  жыйноо боюнча ушул Келишимдин 2-Тиркемесине ылайык иш алып барат.

Келишимдин 2-Тиркемесинде төмөнкүлөр каралган:

-          мал чарбачылыгынын жана өсүмдүк өстүрүүчүлүктүн продукциясынын өндүрүшүн тандап алып текшерүүгө;

-          статистикалык иштердин программасында көрсөтүлгөн көлөмдө жана мөөнөтөрдө статистикалык отчеттуулукту түзүү үчүн эсептерди жүргүзүүгө;

5.4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу жетектөөчү адис-статисти берилген статистикалык отчеттулуктун ишенимдүүлүгү үчүн жоопкерчилик тартат (2-Тиркеме).

5.5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу жетектөөчү адис-статисти статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышына тийиштүү ар кандай статистикалык текшерүүлөргө катышат.

 

5.6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу жетектөөчү адис-статисти төмөнкүлөргө милдеттүү:

 

- Айыл чарбасынын статистикалык отчңттуулугу” программалык камсыздоо маалымдамасында каралган чарба жүргүзүүчү субөекттердин каталогуна ылайык, белгиленген мөөнөтүнө ылайык өз убагында жана сапаттуу статистикалык маалыматтарды жыйноону, тандап алып текшерүүлөрдү камсыздоого;

- №2 тиркемеде көрсөтүлгөн “Статистикалык отчңттуулуктун формасынын табелинде” бекитилген формалар боюнча программалык камсыздоого статистикалык маалыматтарды киргизүүнү ишке ашырууга;

- көрсөтмөлөргө же аларды толтуруу боюнча нускамаларга ылайык мамлекеттик статистикалык отчңттуулуктун формаларын толтуруу үчүн алгачкы эсепти киргизүү тартибин сактоону камсыздоого;

-мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө жүктөлгөн милдеттерге ылайык талаптарды аткарбагандыгы үчүн жеке жоопкерчиликти тартууга;

- кагаз жана электрондук калыбындагы чарба китеби боюнча маалыматтардын ишенимдүүлүгүн текшерүү боюнча иштерге катышууга, жыйынтыкталган маалыматтар базасынын (т.а. ар бир үй чарбасы боюнча) талдоосун жүргүзүүгө жана айыл чарбасы боюнча алынган натыйжаларды учурдагы статистика менен салыштырууга;

6. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын финансылык, материалдык жана башка каражаттар менен камсыздоо

6.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга зарыл болгон финансылык камсыздоо республикалык бюджеттен КР Финансы министрлигинин жергиликтүү бюджетине берилүүчү максаттуу трансферттер (субвенциялар) формасында жүргүзүлөт.

 

6.2. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн тиешелүү финансылык жылга максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмүн эсептөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2014-жылдын 19-декабрындагы №715 токтому менен бекитилген максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) көлөмүн эсептөө методикасынын негизинде жүргүзүлөт.

 

Ушул келишимдин 9.2-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөткө карата аныкталган максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) суммасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) көлөмүн эсептөө методикасына ылайык келишимге тиркелет жана анын ажыратылгыс бөлүгү болуп эсептелет(1-тиркеме).

 

6.3. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан жергиликтүү бюджетке республикалык бюджеттен бөлүнүүчү максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын алыш-бериш эсебине түшөт жана кезектеги финансылык жылга жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар түзүмүндө чагылдырылууга тийиш.

 

6.4. Максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмү өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

 

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу жетектөөчү адис-статистигине бир бирдик эмгек акы төлөөнү;

 

- берилүүчү ыйгарым укуктарды аткарууга чыгымдарды: унаа чыгымдары, байланыш кызматтары;

 

- иш сапар чыгымдары;

 

- коммуналдык чыгымдарды (электр, жылуулук жана суу менен камсыздоо ж.б.) зарылдыкка жараша;

 

- канцелярдык жана чарбалык товарларга чыгымдарды;

 

6.5. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнчаберилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон материалдык каражаттар зарылдыкка жараша мамлекеттик статистика органы тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына кабыл алуу-өткөрүп берүү актынын негизинде өткөрүлүп берилет.

 

6.6. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнчаберилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн чарбалык ишмердикти  жүргүзүү үчүн (жабдуулар, обөекттер, техника ж.б.) зарылдыкка жараша бөлүнгөн материалдык каражаттар макулдашуу комиссиясында каралгандан жана алардын колдонууга жарактуулугу аныкталгандан кийин өткөрүлүп берилүүгө тийиш.

 

Макулдашуу комиссиясы мамлекеттик статистика органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын өкүлдөрүнөн тең укуктуулуктун негизинде түзүлөт.

 

6.7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына өткөрүлүп берилүүчү материалдык каражаттардын тизмеги тараптардын макулдашуусу менен аныкталат.

 

6.8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн материалдык каражаттарды пайдалануунун тартиби мамлекеттик статистика органы тарабынан аныкталат.

 

7. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын отчңттуулугунун формасы жана мезгилдүүлүгү

 

7.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы мамлекеттик статистиканын аймактык органына төмөнкүлөрдү берүүнү камсыздайт:

 

- мамлекеттик статистикалык отчеттуулукту 2-тиркемеде көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жыл сайын бекитилүүчү Статистикалык иштердин программасына, Статистикалык иштердин графигине, Статистикалык отчеттуулуктун формаларынын табелине ылайык;

 

- квартал сайын 10 унан кечиктирбестен КР Финансы министрлиги тарабынан 2008-жылдын 24-ноябрында бекитилген №192 буйругунун 2-формасына ылайык статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттарды пайдалануу тууралуу финансылык отчңтту.

 

8. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын мамлекеттик орган тарабынан контролдоонун тартиби

 

8.1. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын көзөмөлдөө (мындан ары - көзөмөлдөө) келишимдин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыздоо максатында жүргүзүлөт.

 

8.2. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын көзөмөлдөөнү мамлекеттик статистика органдары жүргүзөт.

 

8.3.Мамлекеттик статистика органы:

 

- аныкталган тартип бузууларды четтетүү тууралуу көрсөтмөлөрдү жөнөтүү укугу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын толук кандуу жана сапаттуу аткарылышын көзөмөлдөйт;

 

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн материалдык жана финансылык каражаттарды максаттуу пайдаланышын текшерет;

 

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар чөйрөсүнө таандык болгон маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын, ошондой эле методикалык көрсөтмөлөрдүн аткарылышын көзөмөлдөйт;

 

- келишим менен каралган учурларда жогору турган органга жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну токтотуу жана ушул келишимди бузуу жөнүндө сунуштарды даярдайт жана киргизет.

 

8.4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын көзөмөлдөөнү тиешелүү мамлекеттик сатистика органы төмөнкүдөй түрдө жүргүзөт:

 

- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан ишке ашыруу бөлүгүндө алардын ишин координациялоо;

 

- бул келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынан статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун натыйжалары жөнүндө отчңтторду кабыл алуу;

 

- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жана мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн каражаттарды пайдалануу бөлүгүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ишин текшерүү;

 

- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына сунуштамаларды берүү;

 

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерди мыйзамдуулук жана максатка ылайыктуулук көз карашы менен баалоо.

 

9. Келишимдин күчүнө киришинин жана колдонуу мөөнөтүнүн тартиби

 

9.1. Келишим жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилүүгө тийиш жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын келишимди бекитүү тууралуу токтому кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

9.2. Ушул келишим 2019-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.

 

Эгерде ушул келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин тараптардын бири дагы өзүнүн келишимди бузуу ниети жөнүндө билдирбесе, анда анын колдонуу мөөнөтү автоматтык түрдө кийинки бир жылга жана ошол эле шарттарда узартылат.

9.3. Бул келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон үч нускада түзүлдү.

9.4.Бул келишимдин бардык Тиркемелери анын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелишерин белгилөө.

 

10. Келишимдин шарттарын өзгөртүү

 

10.1. Келишимге өзгөртүүлөр жана толуктоолор тараптардын макулдашуусу менен киргизилет.

 

10.2. Келишимге киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан да бекитилүүгө тийиш жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын келишимге киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду бекитүү жөнүндө токтому кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

11. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну токтотуунун негиздери жана тартиби

 

11.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн:

 

- келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктаганда;

 

- келишимди жараксыз деп таануу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген;

 

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн кезектеги финансылык жылга республикалык бюджетте максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) жок болгондо;

 

- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды андан ары ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган ченемдик укуктук акт кабыл алынганда:                                                                                                                                                                        -үстүбүздөгү жылдын түшүмү үчүн себүү жөнүндө;                                                                                                                                                   -жазгы сугат иштерин жүргүзүү жана жаздык өсүмдүктөрдү себүү жөнүндө;                                                                      - түшүмдү жыйноо, күздүк себүү жана тоңдурманы айдоо тууралуу;                                                                                                      - айыл чарба мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн жана жүзүмдү дүң жыйноо жөнүндө;                                                                                                                                                 - айыл чарба өсүмдүктөрдүн түшүмүн жыйноо жөнүндө;                                                                                                   -дыйкан (фермер) чарбаларында жана жарандардын жеке көмөкчү чарбаларында мал чарбачылык продукцияларын өндүрүү жөнүндө;                                                                                                                              - тоюттарды өндүрүү жөнүндө;                                                                                                                                             -дыйкан (фермер) чарбалары тарабынан айыл чарба продукцияларын иштетүүдөгү көлөмү жана баалары тууралуу

 

- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик статистика органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды өз алдынча ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алынган (келишимди мөөнөтүнө чейин күчүн бузуу);

 

- Келишим жана /же "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жана шарттарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруудан баш тарткан (келишимди мөөнөтүнө чейин бузуу).

 

11.2. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу мамлекеттик статистика органынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын демилгеси боюнча мөөнөтүнө чейин токтотулушу мүмкүн.

 

11.3. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан мөөнөтүнө чейин токтотуунун шарттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:

 

- мамлекеттик статистика органы тарабынан статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон материалдык жана башка каражаттар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын камсыздоонун мүмкүн эместиги;

 

- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынан көз каранды болбогон себептер боюнча мүмкүн эместиги;

 

- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн жана /же ишке ашыруунун шарттарын өзгөрткөн ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы;

 

11.4. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мамлекеттик статистика органы тарабынан мөөнөтүнө чейин токтотуунун шарттары болуп төмөнкүлөр эсептелинет:

 

- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан андан ары ишке ашыруу максатка ылайыксыз деп мамлекеттик статистика органы тарабынан табуу, анын ичинде аларды аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес ишке ашыргандыгы үчүн;

 

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн алынган материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максаттуу эмес пайдалануу, эгер ал бузуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну татаалдаштырган шарттарды түзсө;

 

- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн жана (же) ишке ашыруунун шарттарын өзгөрткөн ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы;

 

11.5. Тараптардын биринин демилгеси боюнча статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар мөөнөтүнө чейин токтотулган учурда токтотууну демилгелеген тарап статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуунун болжолдонгон датасына чейин 15 жумушчу күн мурда башка тарапка жазуу түрүндө билдирүү жөнөтүүгө милдеттүү.

 

11.6. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мөөнөтүнө чейин токтотуу жөнүндө билдирүүнү алган тарап аны 15 жумушчу күндүн аралыгында карап чыгууга жана башка тарапка кароонун жыйынтыгы жөнүндө кабарлоого милдеттүү.

 

Башка тарап билдирүү менен макул болгон учурда статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу тараптардын макулдашуусунун негизинде токтойт.

 

11.7. 30 жумушчу күндүн аралыгында билдирүүнү кароонун жыйынтыгы жөнүндө жазуу түрүндө жооп жок болгон же башка тарап статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуу менен макул болбогон учурда берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мөөнөтүнө чейин токтотуу жөнүндө маселе сот тартибинде чечилет.

 

11.8. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар аткаруу мөөнөтүнө чейин токтотулган учурда аларды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына бөлүнгөн, пайдаланылбаган материалдык жана финансылык каражаттар берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу токтотулган күндөн тартып 15 жумушчу күндүн аралыгында мамлекеттик органга кайтарылууга тийиш.

 

11.9. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын каржылоо ушул келишимде каралган көлөмдө, тартипте жана мөөнөттө токтотулган учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотууга укуктуу, бул жөнүндө жазуу түрүндө 15 жумушчу күндүн аралыгында тиешелүү мамлекеттик статистика органына билдирет.

 

11.10. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтоткон күндөн тартып, мамлекеттик ыйгарым укуктар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына аларды берген мамлекеттик статистиканын аймактык органы тарабынан аткарылууга тийиш.

 

11.11. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды андан ары аткарууну токтотуу, токтотуп туруу жана баш тартуу тууралуу чечими жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын токтому менен бекитилет жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет.

 

12. Тараптардын жоопкерчилиги

 

12.1. Келишимдин шарттарын талаптагыдай аткарбагандык, укуктарын басмырлоо же материалдык жана моралдык зыян келтирүү үчүн тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

 

12.2. Айыл өкмөтүнүн башчысы статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын тийиштүү түрдө аткарылышын уюштуруу, статистикалык маалыматтардын ишенимдүүлүгү, өз убагында болгондугу жана сапаты, бөлүнгөн материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максаттуу пайдалануу жана ушул келишимдин жоболорун так аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

 

13. Талаштарды чечүү тартиби

 

13.1. Ушул келишимди аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан бардык талаштар жана келишпестиктер тараптар ортосунда сүйлөшүүлөр аркылуу же болбосо сот тартибинде чечилет.

 

14. Тараптардын даректери жана кол тамгалары

 

 

Өзгөн райондук мамлекеттик                               Өзгөн районунун Дөң-Булак

статистика бөлүмүнүн жетекчиси                        айыл өкмөтүнүн башчысы

___________________С.Инашов                           ______________Э.Р.Султанов

 

 

   

 

 

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезектеги XXIV- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

 23-январь  2019-жыл                    №91                                       Бахмал айылы

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Төөлөс айылындагы дыйкан чарба кооперативдеринин мүчөлөрүнө мүлк катары берилген сарайды жана сарайдын алдындагы 0,31 га жана Булашбаев Жеңишбектин 0,06 га, Кахаров Замирбектин 0,05 тартуу кылуу жолу менен берилген жерлерин жалпысы болуп 0,42 га жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп   берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтомуна ылайык, Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Төөлөс айылындагы “Нур”, “Нармат” жана “Абдрахманов Токтали” дыйкан чарба кооперативдериннин мүчөлөрүнө мүлк катары берилген сарайды жана сарайдын алдындагы 0,31 га жана Булашбаев Жеңишбектин 0,06 га, Кахаров Замирбектин 0,05 тартуу кылуу жолу менен берилген жерлерин, жалпы 0,42 га  жер аянтынын ичиненТөөлөс айылына балдар бакчасын куруу үчүн 0,22 га жер аянтын, кичи спорт аянтын куруу үчүн 0,12 га жер аянты жана ФАП куруу үчүн 0,08 га жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүпберүүжөнүндөгү арызын карап жана талкуулап,  Дөң-Булак айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Төөлөс айылындагы 0,42 га жер аянты айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп алынсын.
  2. Жогорудагы 0,42 га жер аянтынын ичинен: балдар бакчасын куруу үчүн 0,22 га жер аянты, кичи спорт аянтын куруу үчүн 0,12 га жер аянты жана ФАП куруу үчүн 0,08 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
  3. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына жер аянтынын мыйзамдуу жагын карап, тиешелүү ишканалардан корутунду, аныктамаларды алып, жер аянтын бектип берүү жагы жүктөлсүн.
  4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

            Төрага                                                                                             П.А.Эсеналиев

 

 

 

                   

 

 

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезектеги XXIV- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

 23-январь  2019-жыл                    №92                                       Бахмал айылы

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүндө “2020-жылы Эл жана турак-жай фондун каттоону” өткөрүүгө даярдык көрүү үчүн каражат бөлүп берүү жөнүндө

            Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 30-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облсундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2017-жылдын 13-декабрындагы №805-б “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы №№690 токтомун ишке ашыруу” жөнүндөгү №394-б буйругунун негизинде айыл өкмөтүндө “2018-2020-жылдары Эл жана турак-жай фондун каттоону” өткөрүүгө даярдык көрүүдө жумшалуучу каражаттын сметасын бекитип берүү  максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Дөң-Булак айыл өкмөтүндө “2018-2020-жылдары Эл жана турак-жай фондун каттоону” өткөрүүгө даярдык көрүүдө жумшалуучу 280,0 (эки жүз сексен) миң сомдук түзүлгөн сметасы бекитилсин (тиркеме тиркелет).

 

  1. Суралсын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Султановдон жогорудагы акча каражатын бөлүп берүү жагы.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

            Төрага                                                                                             П.А.Эсеналиев

 

 

 

Дөң-Булак айылдык кеңешинин                        

2019-жылдын  23-январындагы              

 №92 токтому менен бекитилген

 

 Ош областынын Өзгөн районундагы Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында Кыргыз Республикасында 2019-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен жумшала турган чыгымдын

сметасы

 

Жергиликтүү бюджеттен жумшалуучу каражат (миң сом)

Айыл өкмөтү боюнча

1

Автоунаа жалдоо

Имараттын ижара акысы

Турак үйлөрдү аныктоону жана алардын номерлерин камсыздоого

Картографиялык материалдарды даярдоо

Концел. буюмдар

Массалык түшүндүрүү иштерине

Байланыш түйүндөрүнө

Электр энергиясына

Саны

Баасы

Саны

Баасы

Саны

Баасы

Саны

Баасы

 

5

80,0

 

 

 

 

10

10,0

100,0

50,0

20,0

20,0

280,0

Жалпы

5

80,0

 

 

 

 

10

10,0

100,0

50,0

20,0

20,0

280,0

 

 

            Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы                                                                                                                                              Э.Р.Султанов


 

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезектеги XXV- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

 22-февраль  2019-жыл                 №93                                       Бахмал айылы

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бахмал-1 айылынын тургундарынын жаңы көчөлөргө ат (ысым) ыйгаруу боюнча жалпы чогулушунун протоколун бекитип берүү жөнүндө

            Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бахмал-1 айылынын тургундарынын жаңы көчөлөргө ат (ысым) ыйгаруу боюнча жалпы чогулушунун протоколун бекитип берүү жөнүндөгү арызын угуп жана талкуулап, элдин көйгөй маселелерин жана социалдык муктаждыктарын чечип берүү максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бахмал-1 айылынын тургундарынын жаңы көчөлөргө ат (ысым) ыйгаруу боюнча 2019-жылдын 28-мартындагы жалпы чогулушунун протоколу бекитилсин.
  2. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бахмал-1 айылындагы жаңы 1- көчөгө Жантаев Курманбек жана 2-көчөгө Монтоев Суратбек деп аталсын.

 

  1. Ат же ысым ыйгарылган көчөгө даректүү маалыматтарды, жазууларды илүү жагы демөөрчүлөр менен Бахмал айылдык комитетинин башчысы О.Булашбаевге милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

            Төрага                                                                                             П.А.Эсеналиев

 

 

 

 

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу  Бахмал айылдык комитетинин чогулушунун

 

ПРОТОКОЛУ

Бахмал  айылы                                 № 1                             28.03. 2019-жыл.

 

Чогулушка: Дөң-Булак айылөкмөтүнүн Бахмал айылынын тургундары жана Бахмал айылдык комитетинин башчысы О.Булашбаев катышты

                                                                                              Жалпысы 52 адам катышты.

 

Күн тартибинде:

 

  1. Бахмал айылдык комитетине караштуу Бахмалайылындагы ат коюлбаган көчөгө ат кою жөнүндө.

 

Күн тартибиндеги маселе боюнча Бахмал айылдык комитетинин башчысы  Булашбаев Осмон сөзгө чыгып, ат коюлбаган көчөлөргө ат кою жана табличкаларды илүү  жөнүндө кеңири токтолуп өттү.

Атап айтканда:

Чекиров Медербек Бахмал айылынын жамаат башчысы сөзгө чыгып, азыркы аты жок көчөнү  Жантаев Курманбек деп атоону сунушташты.

- жаңы конуштарга жана аты жок көчөлөргө ысым ыйгаруу жана табличкаларды  илүүнү белгилеп колдоп берүүсүн суранды. Андан сырткары ат коюлуп, номерлер илинсе, паспорттук базага кою жагы женил болорун кошумчалап кетти.

Бахмал айылынын аксакалы Турдумамбетов Шамшибек  сөзгө чыгып Жантаев Курманбек  айыл үчүн бир канча иштерди жасап коомдук иштерге активтүү катышып, айылга кадырлуу инсандардын  бири экөө тен ысым ыйгарууга татыктуу деп сөзүн жыйынтыктады.

      Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл тургундары: Абдраманов Гүлчоро, Жусупакматова Шарипа, жаштардан Айтбаев Кыял жана башкалар чыгып сүйлөп, аты коюлуп жаткан кишилер татыктуу экенин белгилеп, системдик базадан жана башка кыйынчылыктардан кутулганын, андан сырткары көчөгө көнүл буруларын айтышып макулдугун беришти.

Сунуш бир добуштан кабыл алынды.

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Бахмал   айылынын  тургундарынын  жалпы  жыйыны төмөнкүдөй

     

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Бахмал  айылындагы  ички  көчөлөргө Жантаев Курманбек деп ысым ыйгарылсын.

- ысым ыйгарылган көчөлөргө  даректүү маалыматтарды, жазууларды илүү жана ар тараптуу инфраструктурасын жакшыртууга көмөктөшүү жагы демөөрчүлөр менен  айыл башчыларына милдеттендирилсин.

  1. Жогорудагы ысым ыйгарылган көчөлөргө айыл өкмөтүнөн токтом чыгарып берүү жагы суралсын.

 

Жыйындын төрагасы                                                               О.Булашбаев

 

Катчысы                                                                                     М.Чекиров

 

 

 

 

 

 

 

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу  Бахмал айылдык комитетинин чогулушунун

 ПРОТОКОЛУ

Бахмал  айылы                                 № 2                             28.03. 2019-жыл.

 

Чогулушка: Дөң-Булак айылөкмөтүнүн Бахмал-1 айылынын тургундары жана Бахмал айылдык комиттетинин башчысы О.Булашбаев катышты

                                                                                              Жалпысы 32 адам катышты.

 

Күн тартибинде:

 

  1. Бахмал айылдык комитетине караштуу Бахмал-1 айылындагы Ак-Терек, Ак-Терек-1 көчөлөрүнө  ат кою жөнүндө

 

Күн тартибиндеги маселе боюнча Бахмал айылдык комитетинин башчысы  Булашбаев Осмон сөзгө чыгып, ат коюлбаган көчөлөргө ат кою жана табличкаларды илүү  жөнүндө кеңири токтолуп өттү.

Угулду: Исабаев Бектур- Бахмал айылынын жаамат башчысы

Азыркы Ак-Терек көчөсүн Монтоев Суратбек деп атоону сунушташты.

- жаңы конуштарга жана аты жок көчөлөргө ысым ыйгаруу жана табличкаларды  илүүнү белгилеп колдоп берүүсүн суранды.

Бахмал айылынын аксакалы Токонов Абдимиталип сөзгө чыгып, Монтоев  Суратбек  райондук мамлекеттик администрацияда бир канча жыл иштеп Бахмал айылына жигердүү салымын кошкон кадыр барка ээ болгон.

      Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл тургундары, С.Акматалиев, Эшмуратова Фатима жаштардан Айдаралыев Нематила жана башкалар чыгып сүйлөп, аты коюлуп жаткан кишилер татыктуу экенин белгилеп, системдик базадан жана башка кыйынчылыктардан кутулганын андан сырткары көчөгө көнүл буруларын айтышып макулдугун беришти.

Сунуш бир добуштан кабыл алынды.

      Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Бахмал-1  айылынын  тургундарынын  жалпы  жыйыны төмөндөгүдөй

     

ЧЕЧИМ  КЫЛАТ

 

  1. Бахмал  айылындагы  төмөнкү  көчөгө Монтоев Суратбек деп ысым ыйгарылсын.

- ысым ыйгарылган көчөлөргө  даректүү маалыматтарды, жазууларды илүү жана ар тараптуу инфраструктурасын жакшыртууга көмөктөшүү жагы демөөрчүлөр менен  айыл башчыларына милдеттендирилсин.

  1. Жогорудагы ысым ыйгарылган көчөлөргө айыл өкмөтүнөн токтом чыгарып берүүжагы суралсын.

 

Жыйындын төрагасы                                                         О.Булашбаев

 

Катчысы                                                                               Б.Исабаев

 

 

 

 

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезектеги XXV- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

 22-февраль  2019-жыл                 №94                                       Бахмал айылы

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринин эсебинен “Коомдук үрөн фондусун” уюштурууүчүн айдоо аянтын бөлүп берүү жөнүндө

            Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш, өнөр жай мелиорация министрлигинин 2018-жылдын 10-сентябрындагы ““Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү -1 жана 2” долбоорлорунун алкагында уюшулуп жаткан Коомдук үрөн фондуларын мындан ары өнүктүрүү жөнүндөгү” №01-4/4421 сандуу катына ылайык, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринен 20 гектар айдоо аянтын бөлүп берүү жөнүндөгүмаселени угуп жана талкуулап, Дөң-Булак айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында Коомдук үрөн фондусун уюштуруу үчүн кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринен №844 контурунан 11 га, №921 контурунан 9 га, бардыгы 20 гектар айдоо аянты бөлүнүп берилсин.

 

  1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына бөлүнүп берилген айдоо аянтын тактап берүү жагы суралсын.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

            Төрага                                                                                             П.А.Эсеналиев

 

 

 

 

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезектеги XXV- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

 22-февраль  2019-жыл                 №95                                       Бахмал айылы

 

Дөң-Булак айылдык кеңешинин “Ардактуу атуул” наамын берүү жөнүндө

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө салымын кошкон, коомдук иштерге активдүү катышкан алдыңкы атуулдардын эмгегине татыктуу баа берип, талыкпай эмгектенген атуулдарга Дөң-Булак айылдык кеңешинин “Ардактуу атуул” наамын берүүмаксатында Дөң-Булак айылдык кенеши

  ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө салымын кошкон, коомдук иштерге активдүү катышкан алдыңкы атуулдардын эмгегине татыктуу баа берип, талыкпай эмгектенген төмөндөгү атуулдарга Дөң-Булак айылдык кеңешинин “Ардактуу атуул” наамы ыйгарылсын:
  • Султанов Бердикул - Бахмал айылынын тургуну;
  • Тажимаматов Ганижан             - Жаңы-Абад айылынын ардактуу ардагери;
  • Гапиев Каримберди -Дөң-Булак айылынын ардактуу ардагери;
  • Хасанов Абдыкапар - Дөң-Булак айылынын ардактуу ардагери;
  • Токсонбаева Ибадат - Дөң-Булак айылынын ардактуу ардагери;
  • Жалилов Абдыкалык - Бөксө-Жол айылынын ардактуу ардагери;
  • Андакулов Дуйшө - Мичурин айылынын ардактуу ардагери;
  • Ибраимова Касиет - Чымбай айылынын ардактуу ардагери;
  • Жамшитов Ураимжан - Бабаш уулу айылынын ардактуу ардагери;
  • Мамадалиев Ибрагим - Төөлөс айылынын ардактуу арадагери;
  • Карыбекова Пашакан - Чымбай айылынын ардактуу арадгери;
  • Шамшиев Маматали - Чымбай айылдык маданият үйүнүн башчысы;
  • Усубахунов Ибраимжан -Өзгөн рай. өзгөчө кырдаал. бөлүм кызматкери;                
  • Жапаров Маматазиз - Чымбай айылынын тургуну;
  • Жусупова Тилла - Бахмал айылынын ардактуу ардагери;
  • Мейматкулов Руслан -КРнын финансы министрлигинин Өзгөн башкармалыгынын жетекчиснинин орун басары.
  1. Суралсынайыл өкмөтүнүн башчысы Э.Султановдон жогорудагы атуулдарга сыйлыктарды даярдап берүү жагы жүктөлсүн.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

            Төрага                                                                                             П.А.Эсеналиев

 

  

 

 

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезектеги  XXVI- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

 29-апрель  2019-жыл                    №96                                       Бахмал айылы

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бахмал жана Чымбай айылындагы 15,1 га жер аянтына түзүлгөн шифр  №51/14 сандуу башкы планын бекитип берүү жөнүндө

   Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бахмал жана Чымбай айылындагы 15,1 га жер аянтына түзүлгөн шифр  №51/14 сандуу башкы планын бекитип берүүмаксатында Дөң-Булак айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Кыргыз илим изилдөө жана шааркуруунун түштүк региондук бөлүмү тарбынан Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бахмал жана Чымбай айылдарындагы №502 контурундагы 1,1 га, № 525 контурундагы 4,0 га, №837 контурундагы 5,0 га, №980 контурундагы 5,0 га жер аянтына түзүлгөн шифр  №51/14 сандуу башкы планы бекитилип берилсин.
  2. Жер аянтын контурлар боюнча тактап, турак жай салуу үчүн мыйзам негизинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Өзгөн райондук кыймылсыз мүлктөрдү каттоо башкармалыгынан  суралсын.

 

  1. Ажыратылган жер аянтына жер участокторунун  керектүү иш кагаздарды даярдап берүү жагыӨзгөн районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынан суралсын.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

            Төрага                                                                                             П.А.Эсеналиев

 

 

 

 

 

              

 

 

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезектеги XXVI- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

 29-апрель  2019-жыл                    №97                                       Бахмал айылы

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай айылынын тургуну Бекиев Базарбайдын мурда жашап келе жаткан турак жайына Өзгөн районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан түзүлгөн схемасын бекитүү жөнүндө

             Кыргы Республикасынын Жер кодексинин 13-статьясынын 3-пунктуна ылайык Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай айылынын тургуну Бекиев Базарбайдын мурда жашап келе жаткан турак жайына Өзгөн районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан түзүлгөн схемасын бекитүүмаксатында Дөң-Булак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай айылынын тургуну Бекиев Базарбайдын мурда жашап келе жаткан турак жайына Өзгөн районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан түзүлгөн схемасыбекитилсин.

 

  1. Суралсын Өзгөн райондук кыймылсыз мүлктөрдү каттоо башкармалыгынан жана Өзгөн районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынан керектүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага                                                          П.А.Эсеналиев

 

 

 

                                                                                     

 

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезектеги XXVI- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

 29-апрель  2019-жыл                    №98                                       Бахмал айылы

 

“Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик долбоорлоо институту тарабынан даярдалган Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарынын чек араларын тактоодо жазылган сызыкты бекитип берүү  жөнүндө

         Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинини 13-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы №114 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентаризациялоо тартиби жөнүндө” “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик долбоорлоо институту тарабынан даярдалган  Дөң-Булак   айыл   айыл өкмөтүнүнкалктуу конуштарынын чек араларын тактоо боюнча иш кагаздарын карап чыгып, Дөң-Булак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик долбоорлоо институту тарабынан даярдалган Дөң-Булак   айыл  өкмөтүнүн калктуу конуштарынын чек араларынын тактоо иш кагаздары чек араларды тактоодо жазылган сызык боюнча бекитилсин.

 

  1. Суралсын Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Султановдон керектүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы.

 

  1. Суралсын Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан Дөң-Булак айыл  өкмөтүнүн калктуу конуштарынын чек араларынын тактоо иш кагаздары чек араларды тактоодо жазылган сызык боюнча бекитип берүү жагы.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага                                                          П.А.Эсеналиев

 

 

                                                                                     

 

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезектеги XXVI- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

 29-апрель  2019-жыл                    №99                                       Бахмал айылы

 

“Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик долбоорлоо институту тарабынан даярдалган Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө

         Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинини 13-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы №114 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентаризациялоо тартиби жөнүндө” “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик долбоорлоо институту тарабынан даярдалган  Дөң-Булак   айыл   айыл өкмөтүнүнжер фондусун инвентаризациялооматериалдарын  карап чыгып, Дөң-Булак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик долбоорлоо институту тарабынан даярдалган Дөң-Булак   айыл  өкмөтүнүн жер фондусун инвентаризациялооматериалдары бекитилсин. 
  1. Суралсын Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Султановдон керектүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы. 
  1. Суралсын Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан Дөң-Булак айыл  өкмөтүнүн жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитип берүү жагы. 
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

   Төрага                                                       П.А.Эсеналиев

                                                                                  

 

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезектеги XXVI- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

 29-апрель  2019-жыл                    №100                                     Бахмал айылы

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Төөлөс айылынын тургундары Омуралиев Усондун, Кахаров Жылдыздын мурда жашап келе жаткан турак жайына Өзгөн районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан түзүлгөн схемасын бекитүү жөнүндө

             Кыргы Республикасынын Жер кодексинин 13-статьясынын 3-пунктуна ылайык Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Төөлөс айылынын тургундары Омуралиев Усондун, Кахаров Жылдыздын мурда жашап келе жаткан турак жайына Өзгөн районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан түзүлгөн схемасын бекитүүмаксатында Дөң-Булак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Төөлөс айылынын тургундары Омуралиев Усондун, Кахаров Жылдыздын мурда жашап келе жаткан турак жайына Өзгөн районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан түзүлгөн схемасыбекитилсин.

 

  1. Суралсын Өзгөн райондук кыймылсыз мүлктөрдү каттоо башкармалыгынан жана Өзгөн районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынан керектүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

   Төрага                                                                   П.А.Эсеналиев

 

 

 

                   

                                                                                     

 

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезектеги XXVI- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

 29-апрель  2019-жыл                    №101                                     Бахмал айылы

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бекитилген бюджетине кошумча өзгөртүү киргизүү жөнүндө

            Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январына карата 2018-
жылдын  бюджетине каралган чыгаша бөлүгүн сарамжалдуу пайдалангандыктан жана белгиленген тапшырмадан киреше бөлүгүн ашыкча аткарылгандыгынын натыйжасында бош (свабодный остаток) 4863,8 (Төрт миллион сегиз жүз алтымыш үч миң сегиз жүз) сом акча каражаты калган, жогорудагы акча  каражатынан пайдалануу максатында аткарыла турган жумуштардын арасынан:

  • Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы тазалыкты сактоо максатында 2019-жылга карата “Дөң-Булак тазалык” ишканасы ачылган. Аталган ишканага баштапкы жумуштарды баштоо үчүн 2019-жылга карата жалпы бюджети 454,9 миң сомду түзүп, ишкананын жеке бюджети ар бир кожолука 100 сомдон бекитилип (айыл өкмөтүндө 2019-жылдын 1-январына карата 3074 кожолук аныкталган, орточо эсепте 3000 кожолук эсепке алынып, бир жылдык жыйым 300,0 миң сомго бекитилген), бир жылдык жыйымы 300,0 миң сомду түзгөн. Ал эми калган жетпеген каржылык эсебин айыл өкмөтү тарабынан көмөк көрсөтүүүчүн 2018-жылдан (свабодный остаток) калган калдыктын эсебинен 281,0 миң сом;
  • Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Чымбай, Төөлөс, Бабаш уулу жана Боксо-Жол айылдарын ичүүчү таза-суу менен камсыз кылууга Европа Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо банкынын долбооруна кошулуп. Жалпы бюджет (69,845 миң евро 1евро=80 сом) 5 587,6 миң сомду түзгөн. Кайтарым 2019-жылга карата (4122 евро 1евро=80 сом) 329,8 сомду түзгөн. Азыркы күндө 2019-жылга карата бөлүнгөн акча каражатынын 50% пайызын төгүү тапшырмасы берилген. Ошол себептен жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында айыл өкмөтүнүн 2018-жылдан (свабодный остаток) калган калдыктын эсебинен (2061 евро 1евро=78,4525 сом) 162,0 миң сом;
  • Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Г.Титов орто мектеби Мерсико долбооруна катышып,1-класстан 4-класска чейинки окуучуларга ысык тамак уюштурууга аталган долбоор тарабынан 584,6 миң сом акча каражатын бөлдүрүп, ага ашканага керектелүүчү эмеректерди алып келүүгө келишим түзүлгөн. Ал эми айыл өкмөтү тарабынан аталган долбоордун демилгесин колдоо менен тамак аш уюштурулуучу жайды ар кандай жетишпеген тетиктерин толугу менен бүткөрүү максатында айыл өкмөтүнүн 2018-жылдан (свабодный остаток) калган калдыктын эсебинен 153,3 миң сом;
  • Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жоо-Алма айылындагы жаңы конушка электр чубалгылары тартылбагандыктан, аталган айылдын тургундары чогулуп биргеликте электр мамычаларын алышкан. Ал эми электр чубалгыларын (зымдарын) айыл өкмөтүнүн бюджетинен 1600 метр (0,35 мм, 1 метр=25 сом) электр чубалгысын(зымын) сатып алып берүүнү суранышкан. Ошол себептен айыл өкмөтүнүн 2018-жылдан (свабодный остаток) калган калдыктын эсебинен 40,0 миң сом;
  • Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бабаш уулу айылына мектеп балдары үчүн негизинен кышкы мезгилде мектептен кеч кайтууда чоң коркунуч туудурган маселе карангы жолдо басуу өтө кооптуу, ошол себептен аталган жерге жарыктык коюу зарыл болгондуктан, айыл өкмөтүнүн 2018-жылдан (свабодный остаток) калган калдыктын эсебинен 100,0 миң сом;

            Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июну № 78 “Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын” мыйзамынын17-беренесине ылайык Дөң-Булак айылдык кеңеши

Т О К Т О М     К Ы Л А Т

  1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы тазалыкты сактоо максатында 2019-жылга карата “Дөң-Булак тазалык” ишканасы ачылган. Аталган ишканага баштапкы жумуштарды баштоо үчүн 2019-жылга карата жалпы бюджети 454,9 миң сомду түзүп, ишкананын жеке бюджети ар бир кожолука 100 сомдон бекитилип (айыл өкмөтүндө 2019-жылдын 1-январына карата 3074 кожолук аныкталган, орточо эсепте 3000 кожолук эсепке алынып, бир жылдык жыйым 300,0 миң сомго бекитилген), бир жылдык жыйымы 300,0 миң сомду түзгөн. Ал эми калган жетпеген каржылык эсебин айыл өкмөтү тарабынан көмөк көрсөтүүүчүн 2018-жылдан (свабодный остаток) калган калдыктын эсебинен айыл чарба бөлүмүнүн 22154900 беренесинен 281,0 миң сом каралып, аткарууга алынсын;
  2. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Чымбай, Төөлөс, Бабаш уулу жана Боксо-Жол айылдарын ичүүчү таза-суу менен камсыз кылууга Европа Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо банкынын долбооруна кошулуп. Жалпы бюджет (69,845 миң евро 1евро=80 сом) 5 587,6 миң сомду түзгөн. Кайтарым 2019-жылга карата (4122 евро 1евро=80 сом) 329,8 сомду түзгөн. Азыркы күндө 2019-жылга карата бөлүнгөн акча каражатынын 50% пайызын төгүү тапшырмасы берилген. Ошол себептен жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында айыл өкмөтүнүн 2018-жылдан (свабодный остаток) калган калдыктын эсебинен айыл чарба бөлүмүнүн 22154900 беренесинен 162,0 миң сом каралып, аткарууга алынсын;
  3. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Г.Титов орто мектеби Мерсико долбооруна катышып,1-класстан 4-класска чейинки окуучуларга ысык тамак уюштурууга аталган долбоор тарабынан 584,6 миң сом акча каражатын бөлдүрүп, ага кухняга керектелүүчү эмеректерди алып келүүгө келишим түзүлгөн. Ал эми айыл өкмөтү тарабанан аталган долбоордун инициативасын колдоо менен тамак аш уюштурулуучу жайды ар кандай жетишпеген тетиктерин толугу менен бүткөрүү максатында айыл өкмөтүнүн 2018-жылдан (свабодный остаток) калган калдыктын эсебинен билим берүү бөлүмүнүн 22221200 беренесинен 153,3 миң сом каралып, аткарууга алынсын;
  4. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жоо-Алма айылындагы жаңы конушка электр чубалгылары тартылбагандыктан, аталган айылдын тургундары чогулуп биргеликте электр мамычаларын алышкан. Ал эми электр чубалгы зымдарын айыл өкмөтүнүн бюджетинен 1600 метр (0,35 мм, 1 метр=25 сом) электро чубалгы зымын сатып алып берүүнү суранышкан. Ошол себептен айыл өкмөтүнүн 2018-жылдан (свабодный остаток) калган калдыктын эсебинен айыл чарба бөлүмүнүн 33113290 беренесинен 40,0 миң сом каралып, аткарууга алынсын;
  5. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бабаш уулу айылына мектеп балдары үчүн негизинен кышкы мезгилде мектептен кеч кайтууда чооң коркунуч туудурган маселе карангы жолдо басуу өтө кооптуу ошол себептен аталган жерге жарыктык коюу зарыл болгондуктан айыл өкмөтүнүн 2018-жылдан (свабодный остаток) калган калдыктын эсебинен айыл чарба бөлүмүнүн 31113290 беренесинен 100,0 миң сом каралып, аткарууга алынсын;
  6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

   Төрага                                                                               Э.А.Эсеналиев

 

Дөң-Булак айылдык кеңешинин 2019-жылдын  29-апрелиндеги      №101 токтому менен бекитилген

 

                                                

 

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезектеги XXVI- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

 29-апрель  2019-жыл                    №102                                     Бахмал айылы

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бекитилген бюджетине  кошумча  өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январына карата 2018-жылдын  бюджетине атайын каражат эсебине каралган чыгаша бөлүгүн сарамжалдуу пайдалангандыктан жана белгиленген тапшырмадан киреше бөлүгүн ашыкча аткарылгандыгынын натыйжасында бош (свабодный остаток) 421,7 (Төрт жүз жыйырма бир миң жети жүз) сом акча каражаты калган. Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июну № 78 “Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын” мыйзамынын 17-беренесине ылайык, жогорудагы акча  каражатынан, Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Ж.Шеркулов орто мектебинде принтер жок болгондуктан 2018-жылдан калган калдыктын эсебинен 30,0 миң сом акча каражатын бөлүп берүү максатында, Дөң-Булак айылдык кеңеши     

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ

  1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Ж.Шеркулов орто мектебинде принтер алуу үчүн бош (свабодный остаток) калган атайын каражат калдыктын эсебинен аппарат бөлүмүнүн 3112 беренесинен 30,0 миң сом каралып, аткарууга алынсын.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

               Төрага                                                                      Э.А.Эсеналиев

 

 

 

 Дөң-Булак айылдык кеңешинин 2019-жылдын  29-апрелиндеги      №102 токтому менен бекитилген

 

                                                              

 

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезектеги XXVI- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

 29-апрель  2019-жыл                    №103                                     Бахмал айылы

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай айылынын башкы планына Оштогу КНИИП тарабынан киргизилген өзгөртүүнү бекитүү жөнүндө

             Кыргы Республикасынын Жер кодексинин 13-статьясынын 3-пунктуна ылайык Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай айылынынбашкы планына Оштогу КНИИП тарабынан өзгөртүлгөн генпланды бекитип берүүмаксатында Дөң-Булак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай айылынынбашкы планына Оштогу КНИИП тарабынан өзгөртүлгөн генплан бекитилсин. 
  1. Суралсын Өзгөн райондук кыймылсыз мүлктөрдү каттоо башкармалыгынан жана Өзгөн районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынан керектүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы. 
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

               Төрага                                                                      Э.А.Эсеналиев

 

 

                                                                   

 

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезектеги XXVI- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

 29-апрель  2019-жыл                    №104                                     Бахмал айылы

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Төөлөс айылынын тургундарынын жаңы көчөлөргө ат (ысым) ыйгаруу боюнча жалпы чогулушунун протоколун бекитип берүү жөнүндө

            Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Төөлөс айылынын тургундарынын жаңы көчөлөргө ат (ысым) ыйгаруу боюнча жалпы чогулушунун протоколун бекитип берүү жөнүндөгү арызын угуп жана талкуулап, элдин көйгөй маселелерин жана социалдык муктаждыктарын чечип берүү максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Төөлөс айылынын тургундарынын жаңы көчөлөргө ат (ысым) ыйгаруу боюнча 2019-жылдын 22-февралындагы жалпы чогулушунун протоколу бекитилсин.
  1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Төөлөс айылындагы 2-көчө Зулпукаров Өмарали деп аталсын.

 

  1. Ат же ысым ыйгарылган көчөгө даректүү маалыматтарды, жазууларды илүү жагы демөөрчүлөр менен Бахмал айылдык комитетинин башчысы О.Булашбаевге милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

               Төрага                                                                      Э.А.Эсеналиев

 

 

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу  Төөлөс айылынын элдик жыйынынын

 

ПРОТОКОЛУ

Төөлөс  айылы                                 № 3                             22.02. 2019-жыл.

 

Чогулушка: Дөң-Булак айылөкмөтүнүн Төөлөс айылынын тургундары жана Бахмал айылдык комитетинин башчысы О.Булашбаев катышты

                                                                                              Бардыгы - 42 адам катышты.

 

Күн тартибинде:

 

  1. Бахмал айылдык комитетине караштууТөөлөсайылындагы ат коюлбаган көчөгө ат кою жөнүндө

 

Угулду: Булашбаев Осмонали – Бахмал айылдык комитетинин башчысы

 Күн тартибиндеги маселе боюнча ат коюлбаган көчөлөргө ат кою жана табличкаларды илүү  жөнүндө кеңири токтолуп өттү.

 Төөлөс айылынын жамаат башчысы сөзгө чыгып, азыркы аты жок көчөнү  Зулпукаров Өмарали деп атоону сунушташты.

- Төөлөс айылындагы аты жок көчөгө ысым ыйгаруу жана табличкаларды  илүүнү белгилеп колдоп берүүсүн суранды.Андан сырткары ат коюлуп, номерлерди илүү керек деди.

Төөлөс айылынын аксакалы Мамадалиев Маматөмөр  сөзгө чыгып, Зулпукаров Өмарали  айыл үчүн бир канча иштерди жасап, коомдук иштерге активдүү катышкан, айылга кадырлуу инсандардын  бири. Бул кишинин ысымынкөчөгө ыйгарууга татыктуу деп сөзүн жыйынтыктады.

      Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл тургундары: Кудайбердиев Кочкорбай, Жакыпов Таалай жана башкалар чыгып сүйлөп, аты коюлуп жаткан адам татыктуу экенин белгилеп, системдик базадан жана башка кыйынчылыктар болбой тургандыгын, андан сырткары көчөгө көнүл буруларын айтышып макулдугун беришти.

Сунуш бир добуштан кабыл алынды.

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Төөлөс  айылынын  тургундарынын  жалпы  жыйыны төмөнкүдөй

     

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Төөлөс  айылындагы аты жок көчөгөЗулпукаров Өмарали  деп ысым ыйгарылсын.
  2. Ысым ыйгарылган көчөгө  даректүү маалыматтарды, жазууларды илүү жана ар тараптуу инфраструктурасын жакшыртууга көмөктөшүү жагы демөөрчүлөр менен  айыл башчыга милдеттендирилсин.
  1. Жогорудагы ысым ыйгарылган көчөгө айыл өкмөтүнөн токтом чыгарып берүү жагы суралсын.

 

 

Жыйындын төрагасы                                                               О.Булашбаев

 

Катчысы                                                                                      К.Кудайбердиев

 

                                                                            

 

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезектеги XXVI- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

 29-апрель  2019-жыл                    №105                                     Бахмал айылы

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бабаш уулу айылындагы Т.Төлөнбаев орто мектебинин окуучуларына жаңы мектеп куруу үчүн жер участогун ажыратып берүү жөнүндө

             Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесине  ылайык Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бабаш уулу айылындагы Т.Төлөнбаев орто мектебининокуучуларына жаңы мектеп куруу үчүн  жер участогун ажыратып берүү жөнүндөгү жергиликтүү элдин суроо-талабын канааттандыруумаксатында Дөң-Булак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бабаш уулу айылындагы Т.Төлөнбаев орто мектебининокуучуларына жаңы мектеп куруу үчүн 0,60 га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

 

  1. Жер тилкесин ажыратып берүү жана курулуш иштерин жүргүзүүгө тиешелүү иш кагаздарын мыйзам талаптарына ылайык даярдоо жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

  1. Суралсын Өзгөн райондук кыймылсыз мүлктөрдү каттоо башкармалыгынан жана Өзгөн районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынан керектүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

               Төрага                                                                      Э.А.Эсеналиев

 

 

 

                                                                           

 

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезектеги XXVI- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

 29-апрель  2019-жыл                    №106                                     Бахмал айылы

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Карадарыя айылындагы №28 контурундагы 0,20 га жер участогуна түзүлгөн шифр №07/17 вх. №19/01 01.02.2017-жылы түзүлгөн башкы планын бекитип берүү жөнүндө 

              Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесине  ылайык Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Карадарыя айылындагы №28 контурундагы 0,20 га жер участогуна түзүлгөн шифр №07/17 вх. №19/01 01.02.2017-жылы түзүлгөн башкы планын бекитип берүү максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Карадарыя айылындагы №28 контурундагы 0,20 га жер участогуна түзүлгөн шифр №07/17 вх. №19/01 01.02.2017-жылкы түзүлгөн башкы планы бекитилипберилсин.

 

  1. Жер аянтын контурлар боюнча тактап, турак жай салуу үчүн мыйзам негизинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Өзгөн райондук кыймылсыз мүлктөрдү каттоо башкармалыгынан  суралсын.

 

  1. Ажыратылган жер аянтына жер участокторунун  керектүү иш кагаздарды даярдап берүү жагыӨзгөн районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынан суралсын.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

               Төрага                                                                      Э.А.Эсеналиев

 

 

 

 

 

 

 
   

 

 

 

 

                   

                                                                                     

 

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезектеги XXVI- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

 29-апрель  2019-жыл                    №107                                     Бахмал айылы

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бабаш уулу айылындагы тегирмендин жер аянтынын ээси Нуржанова Гулзада Кадырбековна тегирмен салуу үчүн берилген жер тилкесин пайдалануубагытын өзгөртүү боюнча жазган арызын кароо жөнүндө 

              Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 3-бөлүмүнө  ылайык Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бабаш уулу айылындагы тегирмендин жер аянтынын ээси Нуржанова Гулзада Кадырбековна тегирмен салуу үчүн берилген жер тилкесинин пайдалануу багытын өзгөртүү боюнча жазган арызын угуп жана талкуулап,Дөң-Булак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бабаш уулу айылындагы Нуржанова Гулзада Кадырбековнанын жолдошу Боронбаев Жумабайга тегирмен куруу үчүн 1995-жылдын 10-декабрындагы №10 токтому менен берилген 800 кв.м жер аянтынын пайдалануу багытынөзгөртүп, турак жай салуу үчүн макулдук берилсин.

 

  1. Жер аянтын мамлекеттик актынын негизинде тактап, турак жай салуу үчүн мыйзам негизинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Өзгөн райондук кыймылсыз мүлктөрдү каттоо башкармалыгынан суралсын.

 

  1. Ажыратылган жер аянтына шаар түйүнүнүн планын даярдоо жагыӨзгөн районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынан суралсын.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

            Төрага                                                                         Э.А.Эсеналиев

 

 

 

 

 

 

 
   

 

 

 

 

                   

                                                                                     

 

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезектеги XXVI- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

 29-апрель  2019-жыл                    №108                                     Бахмал айылы

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу жайыт комитетине 2019-жылга карата бекитилген планынын лимитин кошуу жөнүндө

 

            Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу жайыт комитетине 2019-жылга карата бекитилген пландын лимити кошумча лимитти талап кылгандыктан, Кыргыз Республикасынын  Каржы министирлигинен кошумча план берүү жагы суралсын жана Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июну № 78 “Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын” мыйзамынын 17-беренесине ылайык, Дөң-Булак айылдык кеңеши

 

Т О К Т О М     К Ы Л А Т

 

  1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу жайыт комитетине 2019-жылга карата бекитилген пландын лимити кошумча лимитти талап кылгандыктан, жайыт бөлүмүнүн 22154900 беренесине 150,0 миң сом лимит каралып, аткарууга алынсын.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

               Төрага                                                                      Э.А.Эсеналиев

 

 

 

 

 

 

 

Дөң-Булак айылдык кеңешинин 2019-жылдын  29-апрелиндеги                                 №108 токтому менен бекитилген

 

 

 

 

 

 

 

                   

                                                                                     

 

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезектеги XXVI- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

 29-апрель  2019-жыл                    №109                                     Бахмал айылы

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чымбай, Төөлөс, Бабаш уулу, Бөксө-Жол айылдары Евро өнүктүрүү банкынын ири долбооруна киргендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ош шаары жана Ош областы боюнча бөлүмүнүн сунушу таза суу пайдалануучуларынын төлөмүн жогорулатуу жөнүндө 

              Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүүөз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Евро өнүктүрүү банкынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу Мамлекеттик агенттигинин Ош шаары жана Ош областы боюнча бөлүмүнүн сунушу айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чымбай, Төөлөс, Бабаш уулу, Бөксө-Жол айылдарытаза суупайдалануу боюнча төлөмдүк тарифин бекитип берүү жөнүндөгү сунуштарды карап жана талкуулап, Дөң-Булак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу Ммалекеттик агенттигинин Ош шаары жана Ош областы боюнча бөлүмүнүн сунушу айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чымбай, Төөлөс, Бабаш уулу, Бөксө-Жол айылдарытаза суупайдалануу боюнча төлөмүнүн тарифи:
  • Таза суу акысынын тарифи бир куб суунун баасы 25 сом 04 тыйындан бекитилсин;
  • Чымбай, Төөлөс, бабаш уулу, Бөксө-Жол айылдарындагы суу пайдалануучуларга:
  • көчөдөн пайдалангандарга бир адамга бир айга 26 сом 29 тыйындан, короосунан пайдалангандарга бир адамга бир айга 45 сом 07 тыйындан, бюджеттик мекеме-   уюмдарга бир куб суу акысы 31 сом 18 тыйындан, коммерциялык жана жеке           менчик ишканалардын таза суу пайдалануусуна бир куб суу акысы 48 сом 77          тыйындан бекитилсин;
  • Техникалык шарттарды түзүү жана суу түтүктөрүнө туташтыруу кызматына жеке менчик үйлөр үчүн 2715 сом 06 тыйын, бюджеттик мекемелерге 2985 сом 46     тыйын, коммерциялык ишканалар үчүн 3245 сом 54 тыйын баада бекитилсин.

 

  1. Тарифтин жогорулашы Чымбай, Төөлөс, бабаш уулу, Бөксө-Жол айылдарынын жашоочуларына таза суу ири долбоорунун алкагында жүрүп жаткандыгын түшүндүрүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

               Төрага                                                          Э.А.Эсеналиев

p class=params-