Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезектеги XXVI- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

 29-апрель  2019-жыл                    №110                                                 Бахмал айылы

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бакмал айылындагы жер аянтына Таза суу ишканасына база жана суу кампасын куруу жөнүндө

             Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бакмал айылындагы №587-контурундагы 3,0 га кайрак айдоо жер аянтына Таза суу ишканасына база жана суу кампасын куруу максатында 2017-жылдын 14-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган Мыйзамдын 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-3-п. негизинде Дөң-Булак айылдык кеңеши

 

                                                           ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бакмал айылындагы №587-контурундагы жер аянтына Таза суу ишканасына база курууга 2,0 га жана суу кампасын курууга 1,0 га, жалпысынан 3,0 га кайрак айдоо жер аянты бекитилсин.

 

  1. Жер аянтынын керектүү иш кагаздарын мыйзам негизинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Өзгөн райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгына сунуш кылынсын.

 

  1. Ажыратылган жер аянтына шаар түйүнүнүн планын даярдоо жагы Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармалыгына сунуш кылынсын.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                             П.А.Эсеналиев

 

 

                                                                  

 

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезектеги XXVII- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

19-июнь  2019-жыл                        №110/1                                        Бахмал айылы 

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Дөң-Булак-1айылындагы жаңы  көчөлөргө ат (ысым) ыйгаруу жөнүндө

                 Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Дөң-Булак-1айылынын тургундарынын көчөлөргө ат (ысым) ыйгаруу боюнча  жалпы чогулушунун протоколунун негизиндеДөң-Булак айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Дөң-Булак-1 айылындагы жаңы 1-2-көчөлөр Калматов Эргеш атындагы көчө деп аталсын.

 

  1. Ат же ысым ыйгарылган көчөгө даректүү маалыматтарды, жазууларды илүү жагы демөөрчүлөр менен Дөң-Булак айылдык комитетинин башчысы Эргеш уулу Тилеке милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                                         П.А.Эсеналиев

    

 

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезексиз XXVIII- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

 9-август  2019-жыл                       №111                                     Бахмал айылы

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бекитилген бюджетине кошумча өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

            Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июну №78 мыйзамынын“Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын” 17-беренесине ылайык, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январына карата 2018-жылдын бюджетине каралган чыгаша бөлүгүн сарамжалдуу пайдалангандыктан жана белгиленген тапшырмадан киреше бөлүгүн ашыкча аткарылгандыгынын натыйжасында бош (свабодный остаток) 4863,8 (Төрт миллион сегиз жүз алтымыш үч миң сегиз жүз) сом акча каражатынан пайдалануу максатында, Дөң-Булак айылдык кеңеши

 

Т О К Т О М     К Ы Л А Т

  1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Өзгөрүш айылындагы таза суу менен камсыз кылуучу суу сактагычтын (резервуар) насосу бүт бойдон күйүп жараксыз абалга келгендиктен, айыл өкмөтү тарабынан көмөк көрсөтүүүчүн 2018-жылдан (свабодный остаток) калган калдыктын эсебинен айыл чарба бөлүмүнүн 3112 беренесине 272,7 миң сом каралып, аткарууга алынсын.
  2. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө Арис тарабынан 3682,0 миң сомдук фронталдык погрузчик сатып алынып, анын ичинен 1735,0 миң сом акча каражаты Арис тарабынан каржыланып, ал эми 1947,0 миң сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн 2018-жылдан (свабодный остаток) калган калдыктын эсебинен айыл чарба бөлүмүнүн 3112 беренесине 1947,0 миңсом каралып, аткарууга алынсын.
  3. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн АВП ишканасына Ага-Хан фонду тарабынан Бабур каналын тазалап, элге агын суу жеткирүү максатында жалпы сметалык көлөмү 1256,6 мин.сомду түзгөн. Анын ичинен Мырза-Аке айыл өкмөтү тарабынан 125,0 мин.сом, Агахан фонду тарабынан 1002,8 мин.сом, ал эми айыл өкмөткө 125,9 мин.сом каржылоо жагы жүктөлгөн. Ошол себептен жогорудагы айыл өкмөтүнө келген каражатты кармап калуу үчүн айыл өкмөтүнүн айыл чарба бөлүмүнүн 2215 беренесине 125,9 сом бош (свабодный остаток) калган калдыктын эсебинен каралып, айыл өкмөтүнө караштуу АВП ишканасынын эсеп счетуна 125,9 мин.сомду которуп берүү жагы аткарууга алынсын.
  4. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн конторасынын жыйындар залын жеөил конструкцияда экинчи кабатын куруу боюнча ПСД жана башка тиешелүү документтери бүтүп, өзгөрүүлөр болгон. Башкача айтканда жыл башында аталган имратты курулуш жумуштарын жүргүзүүүчүн 3000,0 миө.сом каралган. Азыркы кезде жалпысы болуп 5926,4 сомду талап кылууда. Ошол себептен аппарат бөлүмүнүн 3112 беренесиндеги 295,1 мин.сом жана 3113 беренесиндеги 200,0 мин.сом акча каражаттары 3111 беренесине которулсун. Ал эми 2018-жылдан (свабодный остаток) калган калдыктын эсебинен аппарат бөлүмүнүн 3111 беренесине 1781,9 миң сом каралып, аткарууга алынсын.
  5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет, финансы, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

            Төрага                                                                                                   П.А.Эсеналиев

                                                                              

 

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезексиз XXVIII- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

 9-август  2019-жыл                       №112                                                      Бахмал айылы

 

Дөң-Булак  айылдык  депутаттар  Кеңешинин  Өзгөрүш айылындагы  «Өзгөрүш-Таза-Суу»  ичүүчү  сууну керектөөчүлөрдүн  айылдык  коомдук  бирикмесинин 2019-жылга  сметалык  тарифин  бекитүү  жөнүндө

      Кыргыз  Республикасынын  «Жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу  жөнүндөгү»  мыйзамынын  2212-«коммуналдык  кызматтар  жана  байланыш  кызматтар»  беренесине  ылайык  31.01.2019-жылдагы  жалпы  элдик  жыйынында  жактырылгандыгын  кезексиз  сессияда  карап  жана  талкуулап,  Дөң-Булак  айылдык  Кеңеши

   ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. 1. Өзгөрүш айылындагы  «Өзгөрүш-Таза-Суу»  ичүүчү  сууну  керектөөчүлөрдүн  айылдык  коомдук  бирикмелердин  киреше  жана  чыгашалары  бекитилсин.
  2. 2. «Өзгөрүш-Таза-Суу» ичүүчү  сууну  керектөөчүлөрдүн  айылдык  коомдук  бирикмеси  (ИСКАКБ)  калкты  ичүүчү  суу  камсыздоодо  1м3суунун  баасы  10 сом 72 тыйын  бекитилсин.
  3. 3. Өзгөрүш айылынын  жашоочуларына:  көчөдөн  пайдалаган  1-жанга,1-айга  11 сом 26 тыйын,  короосунан  пайдалангандар  1-жанга  1-айга  19 сом 30 тыйын,  бюджетик  мекеме-уюмдар  пайдаланган  1м3суунун  баасы  14 сом  47 тыйын,  Коммерциялык  мекемелер  пайдаланган  1м3суунун  баасы  25 сом  35 тыйын,  Суу  түтүгүн  короосуна  киргизүүгө  уруксат  берүүү  жана  кызмат  көрсөтүү  боюнча:  калкка-2715 сом  06 тыйын,  бюджеттик  мекеме-уюмдарга-2985 сом  46 тыйын,  Коммерциялык  мекемелерге-3245 сом  34тыйын  өлчөмүндө  бекитилсин.
  4. 4. Уруксатсыз суу  түтүгүн  киргизгенге,  суу  системаларын  бузгандарга,  огород  сугаргандарга Кыргыз  Республикасынын  Бузуулар  жөнүндө  кодексинин  72,  73,  74, 75-беренелерине  ылайык  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан айып пул салынат.
  5. Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жана аткаруу  жагы  айылдык  кеңештин  туруктуу  комиссиясына  тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                            П.А.Эсеналиев

 

        

                                                                                     

 

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезектеги XXIX- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

11-октябрь  2019-жыл                   №113                         Бахмал айылы

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Карадарыя айылындагы Өзгөн Балык чарбасына берилген5,15 га айыл чарба багытындагы жер аянтын Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн балансына кайтарып алуу  жөнүндө

            Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Карадарыя айылындагы Өзгөн Балык чарбасына берилген 5,15 га айыл чарба багытындагы жер аянтын айыл өкмөтүнүн балансына кайтарып алуу жөнүндөгү Дөң-Булак айылдык кеңешинин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 8-октябрындагы протоколунун негизинде Дөң-Булак айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Карадарыя айылындагы Өзгөн Балык чарбасына берилген 5,15 га айыл чарба багытындагы жер аянты Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн балансына кайтарып алынсын.

  

  1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Ф.Матосмоновко жер аянтын айыл өкмөтүнө кайтарып алуу боюнча иш кагаздарын даярдоо жагы милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                                 П.Р.Эсеналиев

          

                                                                                     

 

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезектеги XXIX- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

11-октябрь  2019-жыл                   №114                         Бахмал айылы

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай, Бөксө-Жол, Бабаш уулу жана Төөлөс  айылдарына ЕБРР банкы тарабынан ичүүчү таза суу системаларын реаблитациялоодо айыл өкмөтүнө берүүчү макулдук жөнүндө

 

 

              Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай, Бөксө-Жол, Бабаш уулу жана Төөлөс айылдарына ЕБРР банкы тарабынан ичүүчү таза суу системаларын реаблитациялоодо айыл өкмөтүнө макулдук берүү максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай, Бөксө-Жол, Бабаш уулу жана Төөлөс айылдарына Европа реконструкциялоо жана Өнүктүрүү банкы тарабынан каржылануучу проекттин кредиттик бөлүгүнө Куршаб, Дөң-Булак, Мырза-Аке айыл өкмөттөрү аралык түзүлгөн “Өзгөн районунун ичүүчү таза суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги” муниципалдык биргелешкен ишканага кепилдик кылууга жана таза суу проектисинин иш кагаздарын түзүүдө Дөө-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына макулдашууларга кол коюуга, Дөң-Булак айылдык кеңеши макулдук берет.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

            Төрага                                                                                             П.А.Эсеналиев

 

                                                   

 

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезектеги XXIX- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

11-октябрь  2019-жыл                   №115                         Бахмал айылы

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Төөлөс айылынын тургундары Омуралиев Усондун, Кахаров Жылдыздын мурда жашап келе жаткан жер тилкелерине  Мамлекеттик шаар курулушу жана архитектура долбоорлоо институтунун Оштогу филиалы тарабынан түзүлгөн  шифр 37/19 генпланын бекитүү жөнүндө

             Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-статьясынын 3-пунктуна ылайык Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Төөлөс айылынын тургундары Омуралиев Усондун, Кахаров Жылдыздын мурда жашап келе жаткан жер тилкелерине Мамлекеттик шаар курулушу жана архитектура долбоорлоо институтунун Оштогу филиалы тарабынан түзүлгөн  шифр 37/19 генпланын бекитүүмаксатында Дөң-Булак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Төөлөс айылынын тургундары Омуралиев Усондун, Кахаров Жылдыздын мурда жашап келе жаткан жер тилкелерине Мамлекеттик шаар курулушу жана архитектура долбоорлоо институтунун Оштогу филиалы тарабынан түзүлгөн шифр 37/19 генпланыбекитилсин.

 

  1. Суралсын Өзгөн районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынан керектүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                              П.А.Эсеналиев

 

                                                            

 

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезектеги XXIX- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

11-октябрь  2019-жыл                   №116                         Бахмал айылы

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай айылынынҮч-Алыш участкасындагы жаңы  көчөлөргө ат (ысым) ыйгаруужөнүндө

            Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай айылындагы Үч-Алыш участкасынын тургундарынын көчөлөргө ат (ысым) ыйгаруу боюнча жалпы чогулушунун протоколунуннегизинде, элдин көйгөй маселелерин жана социалдык муктаждыктарын чечип берүү максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай айылындагы Үч-Алыш участкасындагы 1- көчөсү Мамытов Торулу атындагы көчө деп аталсын.

 

  1. Ат же ысым ыйгарылган көчөгө даректүү маалыматтарды, жазууларды илүү жагы демөөрчүлөр менен Чымбай айылдык комитетинин башчысы Р.Эрмекбаевке милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                             П.Р.Эсеналиев

 

                                                                     

 

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезектеги XXIX- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

11-октябрь  2019-жыл                   №117                                                 Бахмал айылы

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бекитилген бюджетине кошумча өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

            Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Чымбай, Төөлөс, Бабаш уулу жана Боксо-Жол айылдарын ичүүчү таза-суу менен камсыз кылууга Европа Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо банкынын долбооруна кошулуп, жалпы бюджет (69,845 миң евро 1евро=80 сом) 5 587,6 миң сомду түзгөн.

            Кайтарым 2019-жылга карата (4122 евро 1евро=80 сом) 329,8 миө сомду түзгөн. Бул убакытка чейин 50% төлөмү 2019-жылдын 13-май күнү №186 төлөө тапшырмасынын негизинде 161,8 сом акча каражаты айыл өкмөтү тарабынан (Муниципальное совместное предприятие “Агенство питьевого водоснабжения Узгенского района”) Өзгөн райондук Таза-Суу агенствосуна которулуп белилген. Азыркы күндө 2019-жылга карата бөлүнгөн акча каражатынын калган 50% пайызын төгүү тапшырмасы берилген.

            Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июну №78мыйзамынын  “Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын” 17-беренесине ылайык, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата бекитилген бюджетинен үнөмдөлгөн акча каражаттарды керектүү беренелерге жумшоо максатында  Дөң-Булак айылдык кеңеши

 

Т О К Т О М     К Ы Л А Т

  1. Айыл өкмөтүнүн аппарат бөлүмүнүн 3111 беренесинде үнөмдөлүп калган акча каражатынын эсебинен (2080 евро 1евро=78,3 сом) 162,9 миң сом, айыл чарба бөлүмүнүн 2214 беренесине жылдырылып, аталган жумушка каралып, аткарууга алынсын.

       2. Ушул токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет, финансы, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 Төрага                                                                                                         П.А.Эсеналиев

 

 

 

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезектеги XXIX- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

11-октябрь  2019-жыл                   №118                         Бахмал айылы

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бекитилген бюджетине кошумча өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

            Дөң-Булак айыл өкмөтүнө Арис тарабынан 3682,0 миң сомдук фронталдык погрузчик сатып алынып, анын ичинен 1735,0 миң сом акча каражаты Арис тарабынан каржыланып, ал эми 1947,0 миң сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн 2018-жылдан (свабодный остаток) калган калдыктын эсебинен айыл чарба бөлүмүнүн 3112 беренесине 1947,0 миң сом каралып, 2019-жылдын 3-сентябрь күнүн 1947,0 миң сомго №77 келишимдин негизинде келишим түзүлүп, 2019-жылдын 4-сентябрь күнү 1200,0 миң сом, 2019-жылдын 28-октябрь күнү 747,0 миң сом акча каражаты ЖЧК “Стройдормашсервис” ишканасына которулуп берилген.Тилеке каршы Арис менен жайыт комитетинин ортосунда түшүнбөстүктөр болгон. Тактап айтканда 3682,0 миң сомдун ичинен 1653,0 миң сом акча каражаты Арис тарабынан каржыланып, ал эми 2029,0 миң сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржылануусу такталган.

             Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июну № 78 мыйзамынын “Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын” 17-беренесине ылайык, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата бекитилген бюджетинен үнөмдөлгөн акча каражаттарды керектүү беренелерге жумшоо максатындаДөң-Булак айылдык кеңеши

 

Т О К Т О М     К Ы Л А Т

 

  1. Айыл чарба бөлүмүнүн 311 беренесиндеги 2019-жылга карата бекитилген чыгашалардын конкурстан кийинки үнөмдөлүп калган каражаттарынын эсебинен 82,0 миң сом акча каражаты ЖЧК “Стройдормашсервис” ишканасына которулуп, аткарууга алынсын.

       2.Ушул токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет, финансы, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                              П.А.Эсеналиев

 

 

 

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезектеги XXIX- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

11-октябрь  2019-жыл                   №119                         Бахмал айылы

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Абад айылындагы Катар-Там участкасындагы жаңы көчөлөргө ат (ысым) ыйгаруу жөнүндө

            Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Абад айылындагы Катар-Там участкасынын тургундарынын көчөлөргө ат (ысым) ыйгаруу боюнча жалпы чогулушунун  протоколунун негизинде, элдин көйгөй маселелерин жана социалдык муктаждыктарын чечип берүү максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Абад айылындагы Катар-Тамучасткасындагы жалпы көчөКадирали Салиев атындагы көчө деп аталсын.

 

  1. Ат же ысым ыйгарылган көчөгө даректүү маалыматтарды, жазууларды илүү жагы демөөрчүлөр менен Жаңы-Абад айылдык комитетинин башчысы Д.Маткаримовко милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                             П.Р.Эсеналиев

 

 

 

                                                                              

 

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезектеги XXIX- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

11-октябрь  2019-жыл                   №120                         Бахмал айылы

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бекитилген бюджетине  кошумча  өзгөртүү киргизүү  жөнүндө

 

      Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январына карата 2018-жылдын  бюджетинин бала бакча бөлүмүнүн атайын каражат эсебинде үнөмдөлгөн бош (свабодный остаток) 229,5 (Эки жүз жыйырма тогуз миң беш жүз) сом акча каражаты калган, жогорудагы акча  каражатын, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы бала бакчалардагы ата энелерден балдардын тамак ашын жана башка керектөөлөрүн камсыз кылуу үчүн түшкөн  каражаттан үнөмдөлүп калган акча каражаттарын бала бакчалардын керектөөлөрүнө жумшоо үчүн, 2018-жылдан калган калдыктын эсебинен 229,5 миң сом акча каражатын жана 2019-жылга карата ата энелерден балдардын тамак ашын жана башка керектөөлөрүн камсыз кылуу үчүн түшкөн  каражаттарынан 187,2 миң сом акча каражатын бөлүп берүү максатында, Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июну № 78, мыйзамынын, “Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын” 17-беренесине ылайык, Дөң-Булак айылдык кеңеши  

ТОКТОМ  КЫЛАТ

  1. 2018-жылдан калган калдыктын эсебинен 229,5 миң сом акча каражатын бала бакча бөлүмүнүн 2222 беренесине 229,5 миң сом акча каражаты жана 2019-жылга карата ата энелерден балдардын тамак ашын жана башка керектөөлөрүн камсыз кылуу үчүн түшкөн каражаттарынан бала бакча бөлүмүнүн 2222 беренесине  187,2 миң сом акча каражаты каралып аткарууга алынсын (тиркеме тиркелет).

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет, финансы, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                             П.А.Эсеналиев

 

 

 

МАКУЛДАШЫЛДЫ

БЕКИТЕМИН

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн

айылдык кеңешинин төрагасы ______________П.А.Эсеналиев

Жалпы суммасы

229,5 мин сом

 

 

Айыл өкмөтүнүн башчысы

_____________________Э.Р.Султанов

 

                                                        КОШУМЧА-СМЕТА 

 

Бюджеттикмекеме

Дөң-Булак айыл өкмөтү

     

Мезгили

2019-жыл

       

Бюджеттин туру                   

Атайынкаражат

       

Тармагы

Бала бакча

       

Олчообирдиги

миң сом эсебинде

       

Ведомстволук классификация:          

92320

         

Функционалдык классификация:          

70911

         

Чыгашанынаталышы

статья

бардыгы 2019-ж

аныничинен

 

пп

I кв.

II кв.

III кв.

IV кв.

 

1

Эмгекакы

2111

0

0

0

0

0

 

 

Негизгиэмгекакы

21111100

 

 

 

 

 

 

2

Соцфондгокоторуу

2121

0

0

0

0

0

 

 

Аныничинен  15,25%

21211100

 

 

 

 

 

 

 

Мед.страх 2%

21211200

 

 

 

 

 

 

3

Сапарчыгымына

22111

0

0

0

0

0

 

 

Унаачыгымы

22111100

 

 

 

 

 

 

4

Байланышкызматы

22122

0

0

0

0

0

 

 

Байланыштелефонго

22122100

 

 

 

 

 

 

 

Уюлдуктелефонго

22122200

 

 

 

 

 

 

5

Автоунааучунбардыгы

2214

0

0

0

0

0

 

 

Аныничинен бензин

22141100

 

 

 

 

 

 

6

Башкатейлоокызматыначыгымдар

2215

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

 

 

Бланкалардысатыпалуу

22154200

0,0

 

 

 

 

 

 

Ар кандайчыгымдарга

22154900

0,0

 

 

 

 

 

7

Учурдагы ремонт

2221

0

0

0

0

0

 

 

анынишучурдагы ремонт

22211100

 

 

 

 

 

 

 

жабдуулардынремонтуна

22211300

 

 

 

 

 

 

8

Буюмдарды ж-а матер.сатыпалууга

2222

229,5

0

0

0

229,5

 

 

Учурдагычарбалыкмаксаткабуюмдардыжанабашкаматериалдардыалуу

22221200

229,5

 

 

 

229,5

 

9

Эл.энергиятолому

2232

0

0

0

0

0

 

 

Аныничинен энергия учун

22321100

 

 

 

 

 

 

10

Плата за газ

22341

0

0

0

0

0

 

 

Плата за газ

22341100

 

 

 

 

 

 

11

Тамакашалуу

2218

0

0

0

0

0

 

 

Тамакашалуу

22181100

0

 

 

 

 

 

12

Машиналаржанажабдуулар

3112

0

0

0

0

0

 

 

Өндүрүштүкмеханизмдердижанажабдуулардысатыпалуу

31122210

0

 

 

 

 

 

 

Бардыкжыйынтык:

 

229,5

0,0

0,0

0,0

229,5

 

Финансы экономика болумунунбашчысы________________________К.Исаков

 

                         

 

 

 

Дөң-Булакайылөкмөтү

Билдирүү №4

Атайынкаражатэсебиненөзгөртүүлөржанатактоолоржөнүндө

тактооүчүн

 

"____"_____2019 ж.

 
                   

Бөлүм

фун.классиф.

ведом.классиф.

берене

сумма

кварталдар

(-)(+)

I кв

II кв

III кв

IV кв

Бала бакча

70911

92320

2218

187,2

 

 

 

-187,2

Бала бакча

70911

92320

2222

187,2

 

 

 

+187,2

 

Башчы

         

Э.Султанов

 
                   
 

ФЭБтин башчысы

     

К.Исаков

 

 

 

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезектеги XXIX- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

11-октябрь  2019-жыл                   №121                         Бахмал айылы

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Өзгөрүш айылындагы көчөлөрдүн аттарын (ысымдарын) өзгөртүү  жөнүндө

            Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Өзгөрүш айылынын тургундарынын  көчөлөрдүн аттарын (ысымдарын) өзгөртүү боюнча жалпы чогулушунун протоколун бекитип берүү жөнүндөгү арызын угуп жана талкуулап, элдин көйгөй маселелерин жана социалдык муктаждыктарын чечип берүү максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Өзгөрүш айылындагы Кыш Тепе көчөсүАнаров Жумаш көчөсү, Гулистан көчөсүнөн Жалилов Исатайлаккөчөсү жана Хамитов Мамыт көчөсү, Элдостук көчөсүнөн Бармаков Ибир көчөсү, Молдобаев Камал көчөсү, Көчкөнбаев Мамадали көчөсү жана Раимжанов Тургунбай көчөсү, А.Тайлаков көчөсүнөн Ибайдуллаев Сайдахмат көчөсү деп аталсын.

 

  1. Ат же ысым ыйгарылган көчөгө даректүү маалыматтарды, жазууларды илүү жагы демөөрчүлөр менен Өзгөрүш айылдык комитетинин башчысы А.Анаровко милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                                 П.Р.Эсеналиев

 

 

                                                      

 

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезектеги XXIX- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

11-октябрь  2019-жыл                   №122                         Бахмал айылы

 

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бекитилген бюджетине кошумча өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

            Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июну № 78 мыйзамынын“Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын” 17-беренесине ылайык, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата бекитилген бюджетинен үнөмдөлгөн акча каражаттарды керектүү беренелерге жумшоо максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши

 

Т О К Т О М     К Ы Л А Т

  1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн конторасына 2019-жылга карата каралган, акча каражатынан конкурс өткөндөн кийин үнөмдөлүп калаган калдыгын, айыл өкмөтүнүн Өзгөрүш айылына 6 даана, Төөлөс айылына 17 даана, Чымбай айылына 20 даана жана Дөң-Булак айылына 11 даана электр мамычаларын алууга 378,0 миң сом акча каражаты жумшалып, аппарат бөлүмүнүн 3111 беренесинен мамлекеттик сатып алуулар порталынан конкурска берилип,аткарууга алынсын.

 

  1. Ушул токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет, финансы, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                  П.А.Эсеналиев

 

 

 

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезектеги XXIX- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

11-октябрь  2019-жыл                   №123                         Бахмал айылы

 

 

Дөн-Булак айыл өкмөтүнүн  аймагындагы  Чымбай айылынын тургуну Осмонов Жамшитбекке жана Дөң-Булак айылынын тургуну  Абдрасулова Ырысгулгө материалдык жардам берүү жөнүндө

         Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун негиздери жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чымбай айылынын тургуну 1970-жылы туулган Осмонов Жамшитбек учурда 1-топтогу майып,  боору иштен чыгып, Индия мамлекетине барып боорун алмаштырып келген. Дарыланганга каражаты жетпей жаткандыктан жардам сурап жазган арызын жана Дөң-Булак айылынын тургуну  Абдрасулова Ырысгулгө2010-жылы туулган, эки буту баспай, шал оорусу менен ооругандыктан Стамбул шаарына барып операция жасатып келүү үчүн жардам сурап жазган арызын канааттандыруу  максатында  Дөн-Булак айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Дөн-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чымбай айылынын тургуну Осмонов Жамшитбеке жана Дөң-Булак айылынын тургуну Абдрасулова Ырысгулгө айыл өкмөтүнүн социалдык бөлүмүнүн элге жеңилдик эсебинен ар бирине 10,0 (он миң) сомдон, жалпы 20,0 (жыйырма миң) сом акча каражатын бөлүп берүү жагы сунушталсын.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                  П.А.Эсеналиев

 

 

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезектеги XXIX- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

11-октябрь  2019-жыл                   №124                         Бахмал айылы

 

 

Өзгөн райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Дөн-Булак айыл өкмөтүнүн  ортосунда түзүлгөн келишимди бекитүү  жөнүндө

 

         Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун негиздери жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамдарынын негизинде  Дөн-Булак айылдык кенеши

 ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Өзгөн райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын маалыматтарын жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө Өзгөн социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Дөн-Булак айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишим бекитилсин.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 

Төрага                                                         П.А.Эсеналиев

 

 

 

Дөң-Булак айылдык кенешинин  

11-октябрь 2019-жыл № 124 токтому

менен бекитилсин

 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишим

 

                                               1.Келишимдин тараптары

 

  • Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин (мындан ары - ЭСӨМ) Өзгөн райондор аралык  эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы, мындан ары “мамлекеттик орган”, бир тарабынан начальник Шарипова Жамалдын атынан ЭСӨМдүн 2018-жылдын 3-августундагы №43 буйругу менен бекитилген ЭСӨМдүн Аймактык бөлүнүштөрү жөнүндө жобосунун негизинде иштеген жана Дөң-Булак айыл өкмөтү, мындан ары “жергиликтүү башкарууну аткаруучу органы” экинчи тараптан ” Султанов Эркин Режапович № 95 Жобонун (же Жарлык) негизинде иштеген, башка жагынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, ушул келишимди түзүштү:

                                   2.Келишимдин предмети

 

            2.1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2014-жылдын 19-декабрындагы №715 “Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык ЭСӨМдүн  Өзгөн райондор аралык  эмгек жана социалдык өнүгүү жана Дөң-Булак айыл өкмөтү төмөнкүдөй мамлекеттик ыйгарым укуктарды сунуштайт:

            2.1.1. Турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана балдарды аныктоо боюнча төмөндөгү алынган маалыматтарды  карап жана иштеп чыгуу:     

-жарандардын жана уюмдардын оозеки же кат түрүндөгү кайрылуулары;

            - массалык маалымат каражаттарынан;

            - аймактык мамлекеттик органдардан;

            - ведомстволор аралык рейддер, акция, калк менен кезигишүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча;

            2.1.2. Турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана/же балдардын муктаждыгын баалоо менен:

            -турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана/же балдардын базасын жана тизмесин түзүү;

            - турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана/же балдардын жашоо-шартын карап чыгуу;

            - турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн социалдык паспортун түзүү;

            - турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана/же балдардын социалдык кызматка муктаждыгын баалоо:

            -турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана/же балдардын социалдык кызматка муктаждыгын бардык жактан кайталап баалоо;

            2.1.3. Турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана балдарды социалдык жактан коштоо:

            -жумуш менен камсыз кылуу жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча жарандардын арыз жана каттарын карап чыгуу;

            -турмуштук оор кырдаалга жол бербөө боюнча  алдын алуу иштерин жүргүзүү;

            -үй бүлөлөр менен жекече иштөө планын ишке ашыруу;

            -баланы коргоо боюнча жекече иштөө планын ишке ашыруу:

            - турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана/же балдарды социалдык коштоо

           

2.2. Дөң-Булак айыл өкмөтү жогорудагы мамлекеттик ыйгарым ишти аткарат.

 

  1. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Өзгөн райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө укуктары жана милдеттери

 

            3.1.Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Өзгөн райондор аралык  эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткаруучу органдары төмөндөгүдөй укуктарга ээ:

            - берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды, ошондой эле ага керектелүүчү материалдык, каржылык ж.б. каражаттарды көзөмөлдөөнү ишке ашыруу;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу маселелери боюнча өз компентециясы жаатында аткаруу үчүн милдеттүү болгон актыларды кабыл алууга

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткаруучу органдары тарабынан  кетирилген бузууларды четтөө боюнча жазуу жүзүндө билдирүү берүү;

 -берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарга байланыштуу маалымат, материалдады, документтерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан талап кылуу;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн жыйынтыктары жана материалдык, каржылык ж.б. ресурстарды колдонуу жөнүндө маалымат берүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткаруучу органдарга отчет берүүнүн формасын бекитүүгө;

            - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө материалдык, каржылык ж.б. ресурстарды камсыз кылуусун көзөмөлдөө;

            - жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткаруучу органдарга мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнү ишке ашыруу үчүн берилген каражаттарды максатсыз пайдалангандыгы боюнча белгиленген тартипте жаза-чара колдонууга;

- Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамына жана ушул келишимдин бекитилген тартипке ылайык келишимди жокко чыгаруу демилгесин көтөрүүгө.

            3.2.Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин  эмгек жана социалдык өнүгүү башкаруусу төмөндөгүдөй компепетенцияларга милдеттүү: -

- мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну камсыздоо үчүн  материалдык, каржылык ж.б. ресурстарды толук көлөмдө жана өз убагында берүүгө;

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткаруучу органдарга усулдук, уюштуруучулук, консультациялык ж.б. жардам берүүгө жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткаруучу органдарды керектүү укуктук, техникалык жана башка документтер менен камсыз кылууга ;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууга адистердин квалификациясын жогорулатуу максатында жылына экиден кем эмес окууларды өткөрүү;                                                                                                               

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын жана өткөрүп берилген материалдык каржылык ж.б. каражаттарды максаттуу пайдаланышына көзөмөл  жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу;

 

  1. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктары жана милдеттери

 

4.1. Дөң-Булак айыл өкмөтү берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда төмөндөгүдөй укуктарга ээ:

            -мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнү ишке ашыруу үчүн берилген үчүн материалдык, финансылык ж.б. ресурстарды толук кандуу жана өз убагында талап кылууга;                                                                 

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик органдардан усулдук, уюштуруучулук, кеңеш берүү ж.б. керектүү укуктук, техникалык ж.б. документтер менен камсыз болууга.           

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда кетирилген кемчиликтер болсо, соттук негизде мамлекеттик органдар кат жүзүндө кайрылууга;        

- Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамына жана ушул келишимдин бекитилген тартипке ылайык келишимди жокко чыгаруу демилгесин көтөрүүгө.                          

4.2. Дөң-Булак айыл өкмөтү мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнү жүзөгө ашырууда төмөнкүлөргө милдеттүү:              

- мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнү Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларына жана келишимге ылайык ишке ашырууга;

- мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнү камсыз кылуу үчүн берилген материалдык, каржылык жана башка каражаттарды толук  жана өз убагында берүүнү камсыз кылууга;

- мамлекеттик орган мамлекеттик ыйгарым укук берүүнү жүзөгө ашырууну жана берилген материалдык, каржылык жана башка ресурстарды пайдаланууну тосколдуксуз текшерүү жүргүзүү үчүн шарт түзүп берүүгө;

- мамлекеттик орган тарабынан квалификациясын жогорулатуу үчүн өткөрүлгөн окууларга жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткарган органдын адистердин катышуусун камсыз кылууга;                 

- мамлекеттик орган мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнү жүзөгө ашырууда кетирилген кемчиликтерди четтетүү боюнча кат жүзүндө билдирүү берүүгө;

- ыйгарым укуктарды берүүнү жүзөгө ашыруунун натыйжалары тууралуу мамлекеттик органга ай сайын, квартал сайын, жары жылда бир жана жылдын аягында отчет берүүгө;

- мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнү ишке ашырууга бөлүнгөн каржылык каражаттардын пайдаланышы жөнүндө квартал сайын, жылдын аягында каржылык отчет берүүгө;

-мөөнөтүнөн мурда берилген мамлекеттик ыйгарым укук токтотулган учурда мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн берилген материалдык, каржылык жана башка  пайдаланылбаган ресурстарды кайрадан артка кайтарууга;

 

  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу адиси

 

5.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу адиси муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындалган жана кызматтан бошотулган муниципалдык кызматчы болуп саналат.

5.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу адиси өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.

5.3. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнү аткарган жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткарган органдын адисинин укугу жана милдеттерри 1-тиркемеге ылайык ишке ашат.

5.4.ЭСӨМ Өзгөн райондор аралык  эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы коррупциялык факты байкалганда ошондой эле айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун алкагында милдеттерин одоно бузган учурларда адис тарабынан зарыл чараларды кабыл алуу жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткарган органга сунуш киргизет.

  1. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын финансылык, материалдык жана башка каражаттар менен камсыздоо

 

6.1.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга зарыл болгон финансылык камсыздоо республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү трансферттер (субвенциялар) формасында жүргүзүлөт.

6.2. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн тиешелүү финансылык жылга максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмүн эсептөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715токтому менен бекитилген максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) көлөмүн эсептөө методикасынын негизинде жүргүзүлөт.

Ушул келишимдин 9.2. пунктунда мөөнөтү аныкталган, көрсөтүлгөн трансферттердин (субвенциялардын) көлөмү ушул келишимге тиркелет жана анын ажырагыс бир бөлүгү болуп саналат.

6.3. Ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына республикалык бюджеттен берилүүчү каржы каражаттары жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин жана чыгашаларынын түзүмүндө берилет жана келерки жылдын каржылыгы үчүн жергиликтүү бюджеттин кирешелери жана чыгашаларынын түзүмүндө чагылуусу керек.

6.4. трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмү өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

- жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткаруучу органжын адисинин эмгек акысы;

-берилген ишти бүтүрүүгө кеткен чыгымдар: командировкалык чыгым, окууга кеткен чыгым, канцелярдык товар жана  байланыш кызматы;

6.5. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон материалдык каражаттар мамлекеттик органы тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына кабыл алуу-өткөрүп берүү актынын негизинде өткөрүлүп берилет.

6.6. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн чарбалык ишин (жабдуулар, обөекттер, техника ж.б.) жүргүзүүгө бөлүнгөн материалдык каражаттар макулдашуу комиссиясында каралгандан жана алардын колдонууга жарактуулугу аныкталгандан кийин алар өткөрүлүп берилүүгө тийиш.

Макулдашуу комиссиясы мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын өкүлдөрүнөн тең укуктуулуктун негизинде түзүлөт.

6.7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына өткөрүлүп берилүүчү материалдык каражаттардын тизмеси тараптардын макулдашуусу менен аныкталат.

6.8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн материалдык каражаттарды пайдалануунун тартиби мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

6.9. Айрым берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын штаттык санынын ченемдери жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимде чагылдырылууга тийиш.

 

  1. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын отчеттуулугунун формасы жана мезгилдүүлүгү

 7.1.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы мамлекеттик органдын аймактык башкармалыгына төмөнкүлөрдү берүүнү камсыздайт:

- ай сайын 5инен кечиктирбестен,квартал сайын, жарым жылда бир жолу, жылдын аягында мамлекеттик орган тарабынан бекитилген жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен макулдашылган форма боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жыйынтыктары жөнүндө отчету;

- квартал сайын 5инен кечиктирбестен (ай сайын, жарым жылда бир жолу, жылдын аягында) мамлекеттик орган тарабынан бекитилген жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен макулдашылган форма боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттарды пайдалануу тууралуу финансылык отчетту.

8.Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын мамлекеттик орган тарабынан көзөмөлдөөнүн тартиби

 8.1. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын көзөмөлдөө (мындан ары - көзөмөлдөө) келишимдин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыздоо максатында жүргүзүлөт.

8.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын көзөмөлдөөнү мамлекеттик органдын аймактык башкармалыгы жүргүзөт.

8.3. Мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшү:

- аныкталган тартип бузууларды четтетүү тууралуу көрсөтмөлөрдү жөнөтүү укугу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын толук кандуу жана сапаттуу аткарылышын көзөмөлдөйт;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн материалдык жана финансылык каражаттарды максаттуу пайдаланышын текшерет;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар чөйрөсүнө таандык болгон маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын, ошондой эле методикалык көрсөтмөлөрдүн аткарылышын көзөмөлдөйт;

- келишим менен каралган учурларда жогору турган органга жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну токтотуу жана ушул келишимди бузуу жөнүндө сунуштарды даярдайт жана киргизет.

 8.4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын көзөмөлдөөнү тиешелүү мамлекеттик орган төмөнкүдөй түрдө жүргүзөт:

-- берилген ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан ишке ашыруу бөлүгүндө алардын ишин координациялоо;

- ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзамда же келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун натыйжалары жөнүндө отчетторду кабыл алуу;

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жана мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн каражаттарды пайдалануу бөлүгүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ишин текшерүү;

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына сунуштамаларды берүү;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерди мыйзамдуулук жана максатка ылайыктуулук көз карашы менен баалоо.

  1. Келишимдин күчүнө киришинин жана колдонуу мөөнөтүнүн тартиби

 

9.1. Келишим Дөң-Булак  айылдык кеңеш менен бекитилүүгө тийиш 

9.2.Бул келишимдин мөөнөтү 1 жыл  болуусу керек.

Эгерде бир да тарап келишимдин мөөнөтү бүткөнгө чейин келишимди токтотуу жөнүндө өз оюн билдирбесе, анда автоматтык түрдө келишимдин мөөнөтү  ошол эле мөөнөттө, ошол эле шартта узартылат.

9.3.Бул келишим бирдей юридикалык күчкө ээ эки нускада түзүлдү.

 

10.Келишимди өзгөртүү шарттары

 

10.1. Келишимге өзгөртүүлөр жана толуктоолор тараптардын макулдашуусу менен киргизилет.

10.2. Өзгөн районунун Дөң-Булак айылдык кеңештин бекитилген чечимин эске алуу менен келишимге өзгөртүү жана толуктоолорду киргизилет.

 

  1. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну токтотуунун негиздери жана тартиби

 

11.1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруусу төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн:

- келишимдин колдонулуу мөөнөтү бүткөндө;

- мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзамды күчүн жоготту деп таануу тууралуу мыйзам күчүнө киргенде;

- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жүзөгө ашырылышын камсыздоодо кийинки жылга республикалык бюджеттин трансферттери жок болсо;

- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мындан ары  жүзөгө ашырылышы үчүн укуктук ченемдик актылар кабыл алынса;

- мамлекеттик орган тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды өз алдынча ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алынса (келишимди мөөнөтүнө чейин күчүн бузуу);

келишим жана/же "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жана шарттарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруудан баш тарткан учурда (келишимди мөөнөтүнө чейин бузуу).

11.2. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү ЭСӨМдүн эмгекти башкаруу жана социалдык өнүгүү башкармалыгы же Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн демилгеси боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.

11.3. Дөң-Булак айыл өкмөтү тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун мөөнөтүнөн мурда баш тартуунун шарттары :

- ЭСӨМдүн эмгекти башкаруу жана социалдык өнүгүү башкармалыгы берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн материалдык, каржылык жана башка каражаттарды камсыздоо мүмкүн болбогондо;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды  аткарбоо, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн көз каранды эмес  себептери;

- мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн жана (же) ишке ашыруунун шарттарын өзгөрткөн ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы.

11.4. . ЭСӨМдүн Өзгөн райондор аралык  эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун мөөнөтүнөн мурда баш тартуунун шарттары :

- . ЭСӨМдүн Өзгөн райондор аралык  эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мындан ары жүзөгө ашыруу максатсыз деп табылганда;

- Дөң-Булак айыл өкмөтү берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн алынган материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максаттуу эмес пайдалануу, эгер ал бузуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну татаалдаштырган шарттарды түзсө;

-мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун шарттарын өзгөртүүдө укуктук ченемдик актыларды кабыл алынышы;

11.5. Тараптардын биринин демилгеси боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар мөөнөтүнө чейин токтотулган учурда токтотууну демилгелеген тарап берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуунун болжолдонгон датасына чейин 15 жумушчу күн мурда башка тарапка жазуу түрүндө билдирүү жөнөтүүгө милдеттүү.

11.6. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мөөнөтүнө чейин токтотуу жөнүндө билдирүүнү алган тарап аны 15 жумушчу күндүн аралыгында карап чыгууга жана башка тарапка кароонун жыйынтыгы жөнүндө кабарлоого милдеттүү.

Башка тарап билдирүү менен макул болгон учурда берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу тараптардын макулдашуусунун негизинде токтойт.

 11.7.  30 жумушчу күндүн аралыгында билдирүүнү кароонун жыйынтыгы жөнүндө жазуу түрүндө жооп жок болгон же башка тарап берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуу менен макул болбогон учурда берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мөөнөтүнө чейин токтотуу жөнүндө маселе сот тартибинде чечилет.

11.8. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар аткаруу мөөнөтүнө чейин токтотулган учурда аларды ишке ашыруу үчүн Дөң-Булак айыл өкмөтүнө бөлүнгөн, пайдаланылбаган материалдык жана финансылык каражаттар берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу токтотулган күндөн тартып 15 жумушчу күндүн аралыгында ЭСӨМдүн эмгекти башкаруу жана социалдык өнүгүү башкармалыгына кайтарылууга тийиш.

11.9. Мыйзамда же келишимде каралган көлөмдө, тартипте жана мөөнөттөрдө берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну каржылоо токтотулган учурда, Дөң-Булак айыл өкмөтү берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтото турууга укуктуу, ал жөнүндө беш жумушчу күндүн ичинде жазуу жүзүндө ЭСӨМдүн Өзгөн райондук эмгекти башкаруу жана социалдык өнүгүү башкармалыгына кабарлайт.

11.10. Дөң-Булак айыл өкмөтү берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтоткон күндөн тартып, мамлекеттик ыйгарым укуктар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына аларды ЭСӨМдүн эмгекти башкаруу жана социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан аткарылууга тийиш.

11.11. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды андан ары аткарууну токтотуу, токтотуп туруу жана баш тартуу тууралуу чечими Өзгөн районунун Дөң-Булак айылдык кеңешинин токтому менен бекитилет 

 

  1. Тараптардын жоопкерчилиги

 

2.1. Келишимдин шарттарын талаптагыдай аткарбагандык, укуктарын басмырлоо же материалдык жана моралдык зыян келтирүү үчүн тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

12.2. Шаардын мэри (айыл өкмөтүнүн башчысы) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын тийиштүү түрдө аткарылышын уюштуруу, бөлүнгөн материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максаттуу пайдалануу жана ушул келишимдин жоболорун так аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

  1. Талаштарды чечүү тартиби

 

13.1. Ушул келишимди аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан бардык талаштар жана келишпестиктер тараптар ортосунда сүйлөшүүлөр аркылуу же болбосо сот тартибинде чечилет.

 

  1. Тараптардын даректери жана кол тамгалары

 

Өзгөн райондор аралык эмгек жана                      Өзгөн районунун Дөң-Булак

социалдык өнүгүү башкармалыгынын                 айыл өкмөтүнүн башчысы

башчысы_______________Ж.Шарипова              ______________Э.Р.Султанов

 

                                                                     

 

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезектеги XXIX- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

11-октябрь  2019-жыл                   №125                         Бахмал айылы

 

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Паизабад айылындагыжаңы көчөлөргө ат (ысым) ыйгаруу жөнүндө

                 Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Паизабад айылынын тургундарынын көчөлөргө ат (ысым) ыйгаруу боюнча жалпы чогулушунун протоколунун негизинде Дөң-Булак айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Паизабад айылындагы жаңы 5 (беш)- көчө Укуева Майрамкан атындагы көчө деп аталсын. 
  1. Ат же ысым ыйгарылган көчөгө даректүү маалыматтарды, жазууларды илүү жагы демөөрчүлөр менен Дөң-Булак айылдык комитетинин башчысы Эргеш уулу Тилеке милдеттендирилсин. 
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                                 П.Р.Эсеналиев

 

 

 

 

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезектеги XXIX- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

11-октябрь  2019-жыл                   №126                                                 Бахмал айылы

 

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Абад айылынын Жоо-Алма участкасындагыжаңы көчөлөргө ат (ысым) ыйгаруу жөнүндө

            Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Абад айылынын Жоо-Алма участкасынын тургундарынын көчөлөргө ат (ысым) ыйгаруу боюнча жалпы чогулушунун   протоколунун негизинде Дөң-Булак айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Абад айылынын Жоо-Алма участкасындагыжаңы көчө Жоробаев Темир атындагы көчө деп аталсын.

 

  1. Ат же ысым ыйгарылган көчөгө даректүү маалыматтарды, жазууларды илүү жагы демөөрчүлөр менен Жаңы-Абад айылдык комитетинин башчысы Д.Маткаримовко милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                                 П.Р.Эсеналиев

 

                                                                          

 

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезектеги XXIX- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

11-октябрь  2019-жыл                   №127                                                 Бахмал айылы

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Карадарыя айылындагы жаңы көчөлөргөат (ысым) ыйгаруу жөнүндө

            Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Карадарыя айылынын тургундарынын  көчөлөргө ат (ысым) ыйгаруу боюнча  жалпы чогулушунун протоколунуннегизинде Дөң-Булак айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Карадарыя айылындагы жаңы көчөлөр Темирзаков Абдилат көчөсү,  Казакалиев Карабай көчөсү, Мырзакаримов Маматурду көчөсү, Мамадалиев Турдубай көчөсү деп аталсын.

 

  1. Ат же ысым ыйгарылган көчөгө даректүү маалыматтарды, жазууларды илүү жагы демөөрчүлөр менен Карадарыя айылынын башчысы Б.Орозматовко  милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                                 П.Р.Эсеналиев

 

                                                                     

 

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезектеги XXIX- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

11-октябрь  2019-жыл                   №128                                                 Бахмал айылы

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Карадарыя айылындагыжаңы көчөлөргөат (ысым) ыйгаруу жөнүндө

            Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Карадарыя айылынын тургундарынын  көчөлөргө ат (ысым) ыйгаруу боюнча жалпы чогулушунун  протоколунун негизинде  Дөң-Булак айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Карадарыя айылындагы жаңы көчөлөр Болбуров Өзгөнбай көчөсү, Достук көчөсү, Ыйман көчөсү, ал эми борбордук көчө Ынтымак көчөсү деп аталсын.

 

  1. Ат же ысым ыйгарылган көчөгө даректүү маалыматтарды, жазууларды илүү жагы демөөрчүлөр менен Карадарыя айылынын башчысы Б.Орозматовко  милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                                             П.Р.Эсеналиев

 

                   

                                                                                     

 

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезектеги XXIX- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

11-октябрь  2019-жыл                   №129                         Бахмал айылы

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай айылындагы жаңы көчөлөргө ат (ысым) ыйгаруу жөнүндө

            Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай айылынын тургундарынын көчөлөргө ат (ысым) ыйгаруу боюнча жалпы чогулушунун протоколунун негизинде Дөң-Булак айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Чымбай айылындагы 2- көчө Мамашов Каримбай атындагы көчө деп аталсын.

 

  1. Ат же ысым ыйгарылган көчөгө даректүү маалыматтарды, жазууларды илүү жагы демөөрчүлөр менен Чымбай айылдык комитетинин башчысы Р.Эрмекбаевке милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                             П.Р.Эсеналиев

 

 

                                                                                                         

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезексиз XXX- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

6-декабрь  2019-жыл                     №130                                                 Бахмал айылы

 

Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө

            “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 19 статьясынын 1 беренесине, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 5-ноябрындагы №121 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Мыйзамына ылайык Дөң-Булак айылдык кеңеши 

                                                           ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерликке Хасанова Сүйүмкан Бекмуратовна сунушталсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жооптуу катчы К.Ибрагимовага жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                         П.А.Эсеналиев

           

                                                                                                          

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезектеги XXXI- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

21-декабрь  2019-жыл                   №131                         Бахмал айылы

 

Дөн-Булак айыл өкмөтүнүн  аймагындагы  Дөң-Булак айылынын тургуну Насирова Гулхумарга материалдык жардам берүү жөнүндө

         Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун негиздери жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Дөң-Булак айылынын тургуну  Насирова Гулхумарга эки бөйрөгү начар иштеп, ооругандыктан Туркия Республикасына барып бөйрөктөрүн алмаштырып келүү үчүн жардам сурап жазган арызын канааттандыруу  максатында  Дөн-Булак айылдык кенеши

 ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Дөн-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Дөң-Булак айылынын тургуну Насирова Гулхумаргаайыл өкмөтүнүн социалдык бөлүмүнүн элге жеңилдик эсебинен ар бирине 10,0 (он миң) сом акча каражатын бөлүп берүү жагы сунушталсын.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 

      Төрага                                                    П.А.Эсеналиев

 

 

                                                                           

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезектеги XXXI- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

21-декабрь  2019-жыл                   №132                         Бахмал айылы

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Жаны-Абад айылына имаарат (контора) куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын кароо жөнүндө

            Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Жаны-Абад айылына имарат (контора) куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү максатында, Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июну № 78мыйзамынын “Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын” 17-беренесине ылайык, Дөң-Булак айылдык кеңеши

ТОКТОМ     КЫЛАТ

  1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жаны-Абад айылына имарат (контора) куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 1500,0 миң сом акча каражаты каралып, аткарууга алынсын.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет, финансы, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

      Төрага                                                    П.А.Эсеналиев

 

 

 

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезектеги XXXI- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

21-декабрь  2019-жыл                   №133                         Бахмал айылы

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Дөң-Булак-2 айылынын борбордук көчөсүнө асфальт төшөөүчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын кароо жөнүндө

            Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Дөң-Булак-2 айылынын борбордук көчөсүнө асфальт төшөөүчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү максатында, Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июну № 78 мыйзамынын “Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын” 17-беренесине ылайык, Дөң-Булак айылдык кеңеши

ТОКТОМ     КЫЛАТ

  1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Дөң-Булак-2 айылынын борбордук көчөсүнө асфальт төшөөүчүн жергиликтүү бюджеттен 1800,0 миң сом акча каражаты каралып, аткарууга алынсын.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет, финансы, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага                                                                      П.А.Эсеналиев

 

 

                                                                                     

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезектеги XXXI- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

21-декабрь  2019-жыл                   №134                         Бахмал айылы

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында таштандыларды чыгаруу салыгынын тарифин көбөйтүү жөнүндө

            Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында таштандылар көбөйүп кеткендиктен, тазалыкты сактоо үчүн “Тазалык” муниципалдык ишканасы уюштурулуп жаткандыгына байланыштуу, ишкананын базасын чыңдоо максатында  таштандыларды чыгаруу салыгынын тарифин көтөрүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Дөң-Булак айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында таштандыларды чыгаруу салыгынын өлчөмүн ар бир түтүнгө бир айына 50 сомдон, бир жылына 600 сомдон төлөө жагы бекитилсин.

 

  1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн салыкчыларына бекитилген тарифтин негизинде таштандыларды чыгаруу салыгын өндүрүү жагы милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                              П.А.Эсеналиев

 

                                                                           

                                                                                                             

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезектеги XXXII- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

24-январь 2019-жыл                      №135                                                 Бахмал айылы

 

2020-жылга Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү боюнча 2021-2022-жылдарга  проектисин  кароо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №59 “Бюджеттик Кодексине” ылайык, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы бюджетин бекитүү  боюнча 2021-2022-жылдарга  проектисин  кароо жөнүндө маселени  айылдык  кеңешинин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясында алдын-ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде Дөң-Булак айылдык  кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бюджети кирешелер боюнча 21 899,8 миң сом суммасында жана чыгымбар боюнча 21 899,8 миң сом суммасында 1-тиркемеге ылайык бекитилсин. (Анын ичинен жергиликтүү бюджеттин    көлөмү 14 062,6 миң сом, атайын каражат көлөмү 1 728,0 миң сом, теңдөөчү гранттын көлөмү 6 109,2 миң сом).

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2020-2022-жылдарга бюджетинин негизги параметрлеринин төмөнкү болжолу жактырылсын:

- 2021-жылга кирешелер боюнча 22 359,9 миң сом суммасында, 2022-жылга 22 664,6 миң сом суммасында;

- 2021-жылга чыгымдар боюнча 22 359,9 миң сом суммасында, 2022-жылга 22 664,6 миң сом суммасында;

  1. Дөң-Булак айыл өкмөтү 2021-2022-жылдарга жактырылган бюджетинин болжолдуу параметрлерин аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоого укуктуу.
  2. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2020-жылы 3300,0 миң сом, 2021-жылы 1500,0 миң сом, 2022-жылы 1500,0 миң сом суммасында бекитилсин.  
  3. Кыргыз Республикасынын бюджеттик  укуктарынын  негизги  принциптери  жөнүндө  Мыйзамынын  21-беренесине  ылайык  айыл  өкмөтүнүн резервдик фонду 218,0  мин  сом  өлчөмүндө  бекитилсин
  4. Жергиликтүү  өз алдынча  башкаруу  органдарына  2020-2021-2022-жылдарга  жергиликтүү  бюджеттердин  чыгашаларынын  каржылоо биринчи  кезектеги  тартипте  корголгон  беренелер  (эмгек акы.социалдык  фондко чегерүү. тамак-аш азыктарын сатып алуу, социалдык камсыздоо боюнча жөлөкпулдар, калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпулдар, дары-дармек жана милдеттүү медициналык  камсыздандырууга чегерүү), коммуналдык  кызматтар (электр энергия.көмүр.суу), ошондой эле мамлекеттик карыз милдеттенмелери жана мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктерине учурдагы гранттар (Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна трансферттер) боюнча жүзөгө ашыруу  сунушталсын.
  5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2020-2022-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгымдарын биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча каржылоо сунушталсын.
  6. Дөң-Булак өкмөтү жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмдөрүнүн, баалардын деңгээлинин өзгөрүшүнө ылайык айыл өкмөтүнүн бюджетин өз ара эсептешүүлөрүнө тактоолорду киргизүүгө укуктуу.
  7. 2020-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети боюнча жүгүртүүчү кассалык накталай акча 100,0 миң сом суммасында белгиленсин.
  8. 2020-2022-жылдарга жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрдүн төмөнкүдөй ченемдери белгиленсин:
  • салык агенттери төлөөчү киреше салыгы:
  • 2020-жылы жергиликтүү бюджетке 85 пайыз өлчөмүндө;
  • 2021-жылы жергиликтүү бюджетке100 пайыз өлчөмүндө;
  • 2022-жылы жергиликтүү бюджетке100 пайыз өлчөмүндө;
  • сатуудан алынуучу салык:
  • 2020-жылы жергиликтүү бюджетке 25 пайыз өлчөмүндө;

- 2021-жылы республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;

- 2022-жылы республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;

3)ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык, милдеттүү патенттин негизиндеги салык, бирдиктүү салык –  жергиликтүү бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;

  • жер казынасын пайдалануу үчүн салык (роялти), стратегиялык пайдалуу казындыларды (алтын, мунайзат, газ) кошпогондо – кендерди иштеп чыгуу жери боюнча жергиликтүү бюджетине 50 пайыз өлчөмүндө, республикалык бюджетке ‒50 пайыз;

5) жер казынасын пайдалануу үчүн салык (бонус) – республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;

6) жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйым – кендерди иштеп чыгуу жери боюнча жергиликтүү бюджетине 7 пайыз өлчөмүндө,республикалык бюджетке ‒ 93 пайыз;

7) жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүү – кендерди иштеп чыгуу жери боюнча жергиликтүү бюджетине 20 пайыз өлчөмүндө,республикалык бюджетке ‒ 80 пайыз.

  9. Жалпы мамлекеттик кирешелердин пландан ашык келип түшүү суммаларын республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүү кирешенин ар бир түрү боюнча чегерүүлөрдүн бекитилген ченемдерине ылайык жүргүзүлөт. 

10. Жергиликтүү өз  алдынча  башкаруу органдары  тендөөчү  гранттарды  биринчи  кезекте корголгон  беренелер  жана коммуналдык  кызмат көрсөтүүлөр бюнча  чыгашаларды каржылоого  багытталсын. 

11. Республикалык  бюджеттен тендөөчү  гранттардын  эсебинен  коммуналдык  кызмат көрсөтүүлөр  боюнча  чыгашаларды  толук  каржылоо үчүн  жергиликтүү  өз алдынча  башкаруу  органдары  жоопкерчилигин  алышат.

12. Бюджеттик  мекемелер, чарба  жүргүзүү  субьектилер  жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу  органдары  тарабынан  максаттуу  багытталышы  боюнча  пайдаланылбаган  Кыргыз Республикасынын республикалык  бюджетинин  каражаттары  тиешелүү  бюджеттерге  өндүрүлүп  алынсын.

13. Казына  системасын  четтеп  өтүү  менен  атайын  каражаттарды  пайдаланууга  тыюу  салынсын. Көрсөтүлгөн  тартип бузулганда атайын  каражаттын 100 пайызы  Кыргыз Республикасынын республикалык  бюджетинин кирешесине  алынсын.

14. Айыл өкмөтүнүн жайыт комитети боюнча чогултулган акча каражатынын киреше бөлүгү 67,2 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

15. Ушул  токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  айылдык  кенештин  бюджет, финансы жана салык  маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                             П.А.Эсеналиев

 

 

 

1-тиркеме

       

Дон-Булакайылокмотунунжергиликтуубюджетинин  2020-2021-2022-жылдарга болжолу.

Дон-Булакайылокмоту

1.Жалпы багыттагымамлекеттикбашкаруу 701

Катар номер

Чыгашалардынаталышы

статья

2020-жыл

2021-жыл

2022-жыл

Болжолу

Болжолу

Болжолу

1

Эмгекакы

2111

4888,1

4988,1

5088,1

2

Социалдыкфондготөгүмдөр

2121

723,9

743,9

748,9

3

Сапарчыгымы

2211

400,0

400,0

400,0

4

Байланышкызматынкөрсөтүү

2212

100,0

100,0

100,0

5

Транспорт кызматынкөрсөтүүлөр

2214

189,6

189,6

189,6

6

Башкакызматкөрсөтүүлөдүалуу

2215

1945,3

1945,3

1945,3

7

Тамак-ашазыктарыналуу

2218

 

 

 

8

Мүлктүучурдагыоңдоогокеткенчыгымдар

2221

0,0

0,0

0,0

9

Учурдагычарбалыкмаксатүчүнбуюмдардыжанаматериалдардыалуу

2222

0,0

0,0

0,0

10

Көмүрдүалуу

2224

54,0

54,0

54,0

11

Ком.кызматтар

2231

38,0

38,0

38,0

12

Калккасоциалдыкжардамбоюнчажөлөкпул

2721

 

 

 

13

Резервдикфонддор

2724

218,0

218,0

218,0

14

Имараттаржанакурулуштар

3111

2500,0

0,0

0,0

15

Машиналаржанакамсызкылуулар

3112

700,0

0,0

0,0

16

Башканегизгикаражаттар

3113

150,0

200,0

0,0

 

Бюджеттиккаражаттаржыйынтыгы:

 

11906,9

8876,9

8781,9

 

Атайынкаражатжыйынтыгы:

 

 

 

 

 

Жалпысы:

 

11906,9

8876,9

8781,9

           

2.Экономикалык маселелер 704

Катар номер

Чыгашалардынаталышы

статья

2020-жыл

2021-жыл

2022-жыл

Болжолу

Болжолу

Болжолу

1

Эмгекакы

2111

 

 

 

2

Социалдыкфондготөгүмдөр

2121

 

 

 

3

Сапарчыгымы

2211

 

 

 

4

Байланышкызматынкөрсөтүү

2212

 

 

 

5

Транспорт кызматынкөрсөтүүлөр

2214

500,0

500,0

500,0

6

Башкакызматкөрсөтүүлөдүалуу

2215

422,6

422,6

422,6

7

Тамак-ашазыктарыналуу

2218

 

 

 

8

Мүлктүучурдагыоңдоогокеткенчыгымдар

2221

 

 

 

9

Учурдагычарбалыкмаксатүчүнбуюмдардыжанаматериалдардыалуу

2222

387,5

387,5

387,5

10

Көмүрдүалуу

2224

 

 

 

11

Ком.кызматтар

2231

 

 

 

12

Калккасоциалдыкжардамбоюнчажөлөкпул

2721

 

 

 

13

Резервдикфонддор

2724

 

 

 

14

Имараттаржанакурулуштар

3111

1514,0

4900,5

5195,2

15

Машиналаржанакамсызкылуулар

3112

 

 

 

16

Башканегизгикаражаттар

3113

 

 

 

 

Бюджеттиккаражаттаржыйынтыгы:

 

2824,1

6210,6

6505,3

 

Атайынкаражатжыйынтыгы:

 

 

 

 

 

Жалпысы:

 

2824,1

6210,6

6505,3

           

3.ЖКХ 706

Катар номер

Чыгашалардынаталышы

статья

2020-жыл

2021-жыл

2022-жыл

Болжолу

Болжолу

Болжолу

1

Эмгекакы

2111

 

 

 

2

Социалдыкфондготөгүмдөр

2121

 

 

 

3

Сапарчыгымы

2211

 

 

 

4

Байланышкызматынкөрсөтүү

2212

 

 

 

5

Транспорт кызматынкөрсөтүүлөр

2214

 

 

 

6

Башкакызматкөрсөтүүлөдүалуу

2215

 

 

 

7

Тамак-ашазыктарыналуу

2218

 

 

 

8

Мүлктүучурдагыоңдоогокеткенчыгымдар

2221

 

 

 

9

Учурдагычарбалыкмаксатүчүнбуюмдардыжанаматериалдардыалуу

2222

 

 

 

10

Көмүрдүалуу

2224

 

 

 

11

Ком.кызматтар

2231

121,4

125,0

130,0

12

Калккасоциалдыкжардамбоюнчажөлөкпул

2721

 

 

 

13

Резервдикфонддор

2724

 

 

 

14

Имараттаржанакурулуштар

3111

 

 

 

15

Машиналаржанакамсызкылуулар

3112

 

 

 

16

Башканегизгикаражаттар

3113

 

 

 

 

Бюджеттиккаражаттаржыйынтыгы:

 

121,4

125,0

130,0

 

Атайынкаражатжыйынтыгы:

 

 

 

 

 

Жалпысы:

 

121,4

125,0

130,0

           

4.Жайыт комитет

Катар номер

Чыгашалардынаталышы

статья

2020-жыл

2021-жыл

2022-жыл

Болжолу

Болжолу

Болжолу

1

Эмгекакы

2111

 

 

 

2

Социалдыкфондготөгүмдөр

2121

 

 

 

3

Сапарчыгымы

2211

 

 

 

4

Байланышкызматынкөрсөтүү

2212

 

 

 

5

Транспорт кызматынкөрсөтүүлөр

2214

 

 

 

6

Башкакызматкөрсөтүүлөдүалуу

2215

67,2

67,2

67,2

7

Тамак-ашазыктарыналуу

2218

 

 

 

8

Мүлктүучурдагыоңдоогокеткенчыгымдар

2221

 

 

 

9

Учурдагычарбалыкмаксатүчүнбуюмдардыжанаматериалдардыалуу

2222

 

 

 

10

Көмүрдүалуу

2224

 

 

 

11

Ком.кызматтар

2231

 

 

 

12

Калккасоциалдыкжардамбоюнчажөлөкпул

2721

 

 

 

13

Резервдикфонддор

2724

 

 

 

14

Имараттаржанакурулуштар

3111

 

 

 

15

Машиналаржанакамсызкылуулар

3112

 

 

 

16

Башканегизгикаражаттар

3113

 

 

 

 

Бюджеттиккаражаттаржыйынтыгы:

 

67,2

67,2

67,2

 

Атайынкаражатжыйынтыгы:

 

 

 

 

 

Жалпысы:

 

67,2

67,2

67,2

           

6.Социалдык коргоо 710

       

Катар номер

Чыгашалардынаталышы

статья

2020-жыл

2021-жыл

2022-жыл

Болжолу

Болжолу

Болжолу

1

Эмгекакы

2111

 

 

 

2

Социалдыкфондготөгүмдөр

2121

 

 

 

3

Сапарчыгымы

2211

 

 

 

4

Байланышкызматынкөрсөтүү

2212

 

 

 

5

Транспорт кызматынкөрсөтүүлөр

2214

 

 

 

6

Башкакызматкөрсөтүүлөдүалуу

2215

 

 

 

7

Тамак-ашазыктарыналуу

2218

 

 

 

8

Мүлктүучурдагыоңдоогокеткенчыгымдар

2221

 

 

 

9

Учурдагычарбалыкмаксатүчүнбуюмдардыжанаматериалдардыалуу

2222

 

 

 

10

Көмүрдүалуу

2224

 

 

 

11

Ком.кызматтар

2231

 

 

 

12

Калккасоциалдыкжардамбоюнчажөлөкпул

2721

500,0

600,0

700,0

13

Резервдикфонддор

2724

 

 

 

14

Имараттаржанакурулуштар

3111

 

 

 

15

Машиналаржанакамсызкылуулар

3112

 

 

 

16

Башканегизгикаражаттар

3113

 

 

 

 

Бюджеттиккаражаттаржыйынтыгы:

 

500,0

600,0

700,0

 

Атайынкаражатжыйынтыгы:

 

 

 

 

 

Жалпысы:

 

500,0

600,0

700,0

 

Жалпысы:

 

500,0

600,0

700,0

           

4.Эс алуу, маданийжанадинийиштердиуюштуруу 708

Катар номер

Чыгашалардынаталышы

статья

2020-жыл

2021-жыл

2022-жыл

Болжолу

Болжолу

Болжолу

1

Эмгекакы

2111

580,5

580,5

580,5

2

Социалдыкфондготөгүмдөр

2121

100,2

100,2

100,2

3

Сапарчыгымы

2211

9,0

9,0

9,0

4

Байланышкызматынкөрсөтүү

2212

 

 

 

5

Транспорт кызматынкөрсөтүүлөр

2214

 

 

 

6

Башкакызматкөрсөтүүлөдүалуу

2215

10,0

10,0

10,0

7

Тамак-ашазыктарыналуу

2218

 

 

 

8

Мүлктүучурдагыоңдоогокеткенчыгымдар

2221

40,0

40,0

40,0

9

Учурдагычарбалыкмаксатүчүнбуюмдардыжанаматериалдардыалуу

2222

70,0

70,0

70,0

10

Көмүрдүалуу

2224

24,0

24,0

24,0

11

Ком.кызматтар

2231

36,4

36,4

36,4

12

Калккасоциалдыкжардамбоюнчажөлөкпул

2721

 

 

 

13

Резервдикфонддор

2724

 

 

 

14

Имараттаржанакурулуштар

3111

 

 

 

15

Машиналаржанакамсызкылуулар

3112

 

 

 

16

Башканегизгикаражаттар

3113

 

 

 

 

Бюджеттиккаражаттаржыйынтыгы:

 

870,1

870,1

870,1

 

Атайынкаражатжыйынтыгы:

 

 

 

 

 

Жалпысы:

 

870,1

870,1

870,1

           

5.Билим беруу 709

Катар номер

Чыгашалардынаталышы

статья

2020-жыл

2021-жыл

2022-жыл

Болжолу

Болжолу

Болжолу

1

Эмгекакы

2111

 

 

 

2

Социалдыкфондготөгүмдөр

2121

 

 

 

3

Сапарчыгымы

2211

 

 

 

4

Байланышкызматынкөрсөтүү

2212

110,0

110,0

110,0

5

Транспорт кызматынкөрсөтүүлөр

2214

 

 

 

6

Башкакызматкөрсөтүүлөдүалуу

2215

42,0

42,0

42,0

7

Тамак-ашазыктарыналуу

2218

1058,4

1058,4

1058,4

8

Мүлктүучурдагыоңдоогокеткенчыгымдар

2221

185,0

185,0

185,0

9

Учурдагычарбалыкмаксатүчүнбуюмдардыжанаматериалдардыалуу

2222

597,0

597,0

597,0

10

Көмүрдүалуу

2224

1099,2

1099,2

1099,2

11

Ком.кызматтар

2231

790,5

790,5

790,5

12

Калккасоциалдыкжардамбоюнчажөлөкпул

2721

 

 

 

13

Резервдикфонддор

2724

 

 

 

14

Имараттаржанакурулуштар

3111

 

 

 

15

Машиналаржанакамсызкылуулар

3112

 

 

 

16

Башканегизгикаражаттар

3113

 

 

 

 

Бюджеттиккаражаттаржыйынтыгы:

 

3882,1

3882,1

3882,1

 

Атайынкаражатжыйынтыгы:

 

1728,0

1728,0

1728,0

 

Жалпысы:

 

5610,1

5610,1

5610,1

           

Дон-Булакайылокмотунунжергиликтуубюджетининчыгашаболугу

 
           

Катар номер

Чыгашалардынаталышы

статья

2020-жыл

2021-жыл

2022-жыл

Болжолу

Болжолу

Болжолу

1

Эмгекакы

2111

5468,6

5568,6

5668,6

2

Социалдыкфондготөгүмдөр

2121

824,1

844,1

849,1

3

Сапарчыгымы

2211

409,0

409,0

409,0

4

Байланышкызматынкөрсөтүү

2212

210,0

210,0

210,0

5

Транспорт кызматынкөрсөтүүлөр

2214

689,6

689,6

689,6

6

Башкакызматкөрсөтүүлөдүалуу

2215

2487,1

2487,1

2487,1

7

Тамак-ашазыктарыналуу

2218

1058,4

1058,4

1058,4

8

Мүлктүучурдагыоңдоогокеткенчыгымдар

2221

225,0

225,0

225,0

9

Учурдагычарбалыкмаксатүчүнбуюмдардыжанаматериалдардыалуу

2222

1054,5

1054,5

1054,5

10

Көмүрдүалуу

2224

1177,2

1177,2

1177,2

11

Ком.кызматтар

2231

986,3

989,9

994,9

12

Калккасоциалдыкжардамбоюнчажөлөкпул

2721

500,0

600,0

700,0

13

Резервдикфонддор

2724

218,0

218,0

218,0

14

Имараттаржанакурулуштар

3111

4014,0

4900,5

5195,2

15

Машиналаржанакамсызкылуулар

3112

700,0

0,0

0,0

16

Башканегизгикаражаттар

3113

150,0

200,0

0,0

 

Бюджеттиккаражаттаржыйынтыгы:

 

20171,8

20631,9

20936,6

 

Атайынкаражатжыйынтыгы:

 

1728,0

1728,0

1728,0

 

Жалпысы:

 

21899,8

22359,9

22664,6

           
           

Дон-Булакайылокмотунунжергиликтуубюджетининчыгашаболугунун 2016-жылда аткарылганы, 2017-жылга бекитилгенижана 2018-2019-2020-жылдарга болжолу.

           

Катар номер

Чыгашалардынаталышы

 

2020-жыл

2021-жыл

2022-жыл

 

Болжолу

Болжолу

Болжолу

1

Жалпыбагыттагымамлекеттикбашкаруу 701

 

11906,9

8876,9

8781,9

2

Экономикалыкмаселелер 704

 

2824,1

6210,6

6505,3

3

ЖКХ 706

 

121,4

125,0

130,0

4

Жайыт комитет

 

67,2

67,2

67,2

5

Социалдыккоргоо 710

 

500,0

600,0

700,0

6

Эс алуу, маданийжанадинийиштердиуюштуруу 708

 

870,1

870,1

870,1

7

Билимберуу 709

 

5610,1

5610,1

5610,1

 

Жыйынтыгы

 

21899,8

22359,9

22664,6

 

Оздуккирешесиэсебинен

 

15790,6

16050,6

16413,6

 

Тендештируу грант

 

6109,2

6309,3

6251,0

 

Республикаданкелгенбашкакаражаттар

 

 

 

 

 

 

           
 

Дөң-Булакайылөкмөтүнүнбашчысы

   

Э.Султанов

           
 

Дөң-Булакайылөкмөтүнүн ФЭБтин башчысы

 

К.Исаков

 
           

 

                                                                             

                                                                                                             

Дөң-Булак  айылдык  Кеңешинин  VI-шайланган  депутаттарынын кезексиз XXXIII- сессиясынын

Т О К Т О М У

 

28-февраль 2020-жыл        №136                           Бахмал айылы

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүндөгү Өзгөрүш №5090, Бахмал №5091, Чымбай №5092, Жаңы-Абад №5093, Дөң-Булак №55-80 участкалык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүндөгү Өзгөрүш  №5090, Бахмал №5091, Чымбай №5092,

Жаңы-Абад №5093, Дөң-Булак  №55-80 участкалык шайлоо комиссияларынын курамына

талапкерлерди көрсөтүү боюнча  маалыматты угуп жана талкуулап, Дөң-Булак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Дөң-Булак айыл өкмөтүндөгү Өзгөрүш №5090, Бахмал №5091, Чымбай №5092, Жаңы-Абад №5093, Дөң-Булак №55-80 участкалык шайлоо комиссияларынын курамына көрсөтүлгөн талапкерлер бекитилсин.

 

  1. Дөң-Булак айыл өкмөтүндөгү Өзгөрүш №5090, Бахмал №5091, Чымбай №5092, Жаңы-Абад №5093, Дөң-Булак №55-80  участкалык шайлоо комиссияларынын курамына көрсөтүлгөн талапкерлердин протоколдорун кароо жагы Өзгөн  аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага                                                          П.А.Эсеналиев

                       

 

p class=params-