Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү VIII сессиясынын

ТОКТОМУ

Жылалды айылы              №22       17-май 2022-жыл

Жылалды айыл өкмөтүнүн 16.03.2009-жылдагы №48 токтому менен Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылындагы Ош-Бишкек трасса жолунун боюнан жашылча сатуу үчүн Бекиева Жылдыз Алибаевнага убактылуу пайдаланууга берилген 0,025 га жер тилкеси жөнүндө

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү VIII сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн 16.03.2009-жылдагы №48 токтому менен Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылындагы Ош-Бишкек трасса жолунун боюнан жашылча сатуу үчүн Бекиева Жылдыз Алибаевнага убактылуу пайдаланууга берилген 0,025 га жер тилкеси боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жылалды айыл өкмөтүнүн 16.03.2009-жылдагы №48 токтому менен Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылындагы Ош-Бишкек трасса жолунун боюнан жашылча сатуу үчүн Бекиева Жылдыз Алибаевнага убактылуу пайдаланууга берилген 0,025 га жер тилкеси, Бекиева Жылдыз Алибаевнанын 08.05.2022-жылы берген ишеним катынын негизинде, Бекиев Тилек Алибаевичке убактылуу пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.

2. Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармасы аталган жер тилкесине архитектуралык эрежелер боюнча мыйзам ченеминде уруксат берүү документтерди даярдап берүү жагы милдеттендирилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агентигинин алдындагы “Кадастр” мекемесинин Өзгөн филиалынан аталган жер аянтын мыйзам чегинде каттап берүү жагы суралсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

 


Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: М.Акназаров

 

 

 


Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү VIII сессиясынын

ТОКТОМУ

Жылалды айылы                 №23                17-май 2022-жыл

Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу аксакалдар сотунун курамын бекитүү жөнүндө.

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү VIII сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу аксакалдар сотунун курамын бекитүү боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

⦁ Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу аксакалдар сотунун курамы
1. Мавлянов Майрамбек аксакалдар сотунун төрагасы;
2. Кыргызбаев Сапарбай аксакалдар сотунун орун басары;
3. Садыков Шералы аксакалдар сотунун катчысы;
Мүчөлөрү:
4. Эшиев Кахар;
5. Уметов Нурлан;
6. Зарипбеков Ырысбай;
7. Төлөгонов Абдуманап;
8. Нурумбетов Абдыкар;
9. Көкөев Арап;
10. Жаанбаев Мыктар;
11. Абдыразаков Карим болуп бекитилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук адам укугун коргоо, коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

 

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: М.Акназаров

 

 

 

 

 


Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү IX сессиясынын

ТОКТОМУ

Жылалды айылы             №24            10-август 2022-жыл

Жылалды айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бекитилген бюджетинин 6 ай ичинде аткарылган иштери жөнүндө.


Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү IX сессиясынын күн тартибиндеги Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябры №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 61-беренесинин негизинде Жылалды айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бекитилген бюджетинин 6 ай ичинде аткарылган иштери боюнча ФЭБнүн башчысы Н.Мырзабаеванын 18.07.2022-жылдагы маалыматын, айылдык кеңешинин бюджет, салык жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын 01.08.2022-жылдагы корутундусун угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жылалды айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата бекитилген бюджетинин 6 ай ичинде аткарылган иштери боюнча ФЭБнүн башчысы Н.Мырзабаеванын 18.07.2022-жылдагы маалыматы эске алынсын. Тиркеме тиркелет.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет, салык, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

 


Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: М.Акназаров

 

 

 

 


Жылалды айылдык кеңешинин 10-август 2022-жылдагы №24 токтомунун тиркемеси.
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы_______________М.Акназаров.
Жылалды айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата бекитилген бюджетинин 6 ай ичинде аткарылышы боюнча маалымат.

№ Аткарылган жумуш Сумма (миң сом)
⦁ Эмгек акыга 2243,5
⦁ анын ичинен теңдештирүүчү гранттан 1645,2
⦁ анын ичинен кирешеден 598,3
⦁ Социалдык фондко 324,2
⦁ ЖЧК “Токошев” ишканасына кредитордук карызга 600,0
⦁ Сапар чыгымына 105,1
⦁ Интернет акысына 31,0
⦁ Бензин сатып алууга 64,2
⦁ Кеңсе буюмдарын сатып алууга 91,5
⦁ Материалдык жардамга 45,0
⦁ Жылалды №8 орто мектебинин жерин казууга 100,0
⦁ Жерлерди трансформациялоого 307,7
⦁ Жайыт комитетине 96,0
⦁ Маданият үйүнүн жер тилкесин каттоо үчүн “Кадастр” мекемесине 19,8
⦁ Бала бакчалардын тамак-ашына кирешеден 512,3
⦁ Бала бакчалардын тамак-ашына атайын каражаттан 981,3
⦁ Мектептердин актап сырдоо иштерине 20,0
⦁ Жылалды айылындагы кичи футбол аянтчасына 200,0
⦁ 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө 135,0
⦁ 21-март Нооруз майрамына 80,0
⦁ Айылдардагы ички көчөлөргө шагыл төгүүгө 275,6
⦁ ФАПтарды документтерин даярдоого 70,0
⦁ ЖИ “Жылдыз-жарнак” ишканасына көрнөк-жарнак жасатууга 87,5
⦁ Мамлекеттик архивке 22,4
⦁ Эл жана турак жай каттоого 100,0
⦁ Аймактык инспекторлорго 15,0
⦁ Топуракты анализден өткөрүүгө 12,1
⦁ Мамлекеттик сатып алуулар боюнча окуу курсуна 10,5
⦁ Трансформатордун документтерин даярдоого 14,8
⦁ Айылдык кеңештин кабыл алынган токтомдорун Ош юстиция башкармалыгына каттоо үчүн сайтка жарыялоого 6,5
⦁ Соттун аткаруу баракчасына 16,0
⦁ РЭСке ичүүчү таза суунун документтерин даярдоого 20,3
⦁ Ички каналдарды тазалоого 105,0
⦁ Компьютерлерди оңдоого 42,6
⦁ Айыл өкмөттүн административдик имаратына эмерек сатып алууга 200,0
⦁ Айылдардагы жолбун ит, мышыктарды аттырууга 16,0
⦁ “Өзгөн-Нуру” гезитине жарыя берүүгө 13,5
⦁ Спорт оюндарына 15,0
⦁ Мектептердеги мыкты мугалим жана окуучуларга 24,2
⦁ 9-май Жеңиш күнүнө 5,0
⦁ 1-июнь балдардын эл аралык күнүнө 40,0
⦁ Чернобль кырсыгынын жесирине материалдык жардамга 5,0
⦁ Турак үйү күйүп кеткен жарандарга материалдык жардамга 21,0
⦁ Афгандар күнүнө 15,0
Жалпысы 7109,6

 

ФЭБнүн башчысы: Н.Мырзабаева

 

 

 

 

 

 

 

 


Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү IX сессиясынын

ТОКТОМУ

Жылалды айылы                 №25           10-август 2022-жыл

Жылалды айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын айыл башчыларынын 2022-жылдын 6 ай ичинде аткарган иштери жөнүндө.

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү IX сессиясынын күн тартибиндеги Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябры №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 56-беренесинин негизинде Жылалды айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын айыл башчыларынын (А.Сарыков, Марат уулу И, С.Боржуева) 2022-жылдын 6 ай ичинде аткарган иштери боюнча 18.07.2022-жылдагы маалыматын, айылдык кеңешинин социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясынын 25.07.2022-жылдагы корутундусун угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жылалды айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын айыл башчылары А.Сарыковдун, Марат уулу Ибрагимдин, С.Боржуеванын 2022-жылдын 6 ай ичинде аткарган иштери канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

 

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: М.Акназаров

 

 

 

 

 

 


Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү IX сессиясынын

ТОКТОМУ

Жылалды айылы        №26        10-август 2022-жыл

Кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринин ижарага берилиши жана салыктарынын төлөнүшү жөнүндө.

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү IX сессиясынын күн тартибиндеги жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси Ж.Баргыбаевдин кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринин ижарага берилиши жана салыктарынын төлөнүшү боюнча 18.07.2022-жылдагы маалыматын, айылдык кеңешинин жеке менчик турай жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын 01.08.2022-жылдагы корутундусун угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жылалды айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси Ж.Баргыбаевдин кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринин ижарага берилиши жана салыктарынын төлөнүшү боюнча маалыматы эске алынсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жеке менчик турай жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

 

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: М.Акназаров

 

 

  

 

 


Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү IX сессиясынын

ТОКТОМУ

Жылалды айылы             №27          10-август 2022-жыл

Жылалды айыл өкмөтүнүн айылдарында жашоочу атуулдарга жеке менчик үй куруу үчүн түзүлгөн ген планды бекитүү жөнүндө

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү IX сессиясынын күн тартибиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтомунун негизине таянып, Жылалды айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондусунун мамлекеттик менчиктеги жеринен, Оштогу долбоорлоо институту (КНИИП) тарабынан жеке менчик турак жай үй куруу үчүн 40,0 га жер аянтына жасалган ген планды бекитип берүү боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жеке менчик турак жай үй куруу үчүн Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу айылдарда жайгашкан төмөнкү контурдагы Оштогу долбоорлоо институту (КНИИП) тарабынан жеке менчик турак жай үй куруу үчүн 40,0 га жер аянтына жасалган ген план бекитилсин.
Алар төмөндөгүлөр:
⦁ Жылалды айылы боюнча жалпы-13,42 га жер тилкеси.
№415 контурдан-3,43 га (тутовник),
№425 контурдан-2,19 га (жайыт),
№427 контурдан-2,55 га (кайрак айдоо),
№428 контурдан-1,35 га (жайыт),
№430 контурдан-1,0 га (кайрак айдоо),
№437 контурдан-1,60 га (кайрак айдоо),
№438 контурдан-1,30 га (кайрак айдоо).
⦁ Бото-Мойнок айылы боюнча жалпы-9,0 га жер тилкеси.
№99 контурдан-9,0 га (чөп чабынды).
⦁ Кальта айылы боюнча жалпы-14,38 га жер тилкеси.
№267 контурдан-14,38 га (кайрак айдоо),
⦁ Прогресс айылы боюнча жалпы-3,20 га жер тилкеси.
№709 контурдан-1,50 га (тутовник),
№565 контурдан-1,0 га (тутовник),
№572-а контурдан 0,70 га (жайыт).

2. Суралсын Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу айылдарда жайгашкан жогорудагы контурдагы Оштогу долбоорлоо институту (КНИИП) тарабынан жеке менчик турак жай үй куруу үчүн 40,0 га жер аянтына жасалган ген планды бекитип берүү жагы.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттк агенттигинин алдындагы “Кадастр” мекемесинин Өзгөн филиалынан жана Өзгөн райондук архитектура жана шаар куруу боюнча башкармалыгынан аталган жер тилкесине архитектуралык эрежелер боюнча мыйзам ченеминде уруксат берүү документтерди даярдар берүү жагы суралсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

 

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: М.Акназаров

 

 

 

 

 

 


Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү IX сессиясынын

ТОКТОМУ

Жылалды айылы          №28          10-август 2022-жыл

Жылалды айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинин III кварталынын чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө.


Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү IX сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинин III кварталынын чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө ФЭБнүн башчысы Н.Мырзабаеванын 08.08.2022-жылдагы сунушу боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жылалды айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинин III кварталынын чыгаша бөлүгүнө төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин.

ЖКХ статья-2221 -417,5 миң сом
ЖКХ статья-3111 +659,8 миң сом
СДК статья-2221 -260,0 миң сом
Бала бакча статья-3111 +17,7 миң сом

2. Ушул токтомду аткаруу жагы ФЭБнүн башчысы Н.Мырзабаевага милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет, салык, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

 


Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: М.Акназаров

 

 

 

 

 


Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү IX сессиясынын

ТОКТОМУ

Жылалды айылы      №29       10-август 2022-жыл

Жылалды айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өсүп өнүгүшүнө кошкон салымы жана айыл элине ак кызмат кылгандыгы үчүн “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө.

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү IX сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өсүп өнүгүшүнө кошкон салымы жана айыл элине ак кызмат кылгандыгы үчүн Сапарбеков Алым Мамражаповичке, Акназаров Улан Маматибраимовичке, Пирматов Альберт Нурмаматовичке, Сагынбаев Жолдубай Борубаевичке Жылалды айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жылалды айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өсүп өнүгүшүнө кошкон салымы жана айыл элине ак кызмат кылгандыгы үчүн Сапарбеков Алым Мамражаповичке, Акназаров Улан Маматибраимовичке, Пирматов Альберт Нурмаматовичке, Сагынбаев Жолдубай Борубаевичке Жылалды айыл өкмөтүнүн ”Ардактуу атуул” наамы ыйгарылсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: М.Акназаров

 

 

 

 

 

 


Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү IX сессиясынын

ТОКТОМУ

Жылалды айылы            №30         10-август 2022-жыл

Прогресс айылындагы Турганбаева Гүлзаттын жеке менчигине таандык болгон 0,0576 га жер тикесиндеги сарайдын 0,02 га жер тилкеси жолго туура келип калгандыктан, жанындагы бош жаткан 0,02 га жер тилкесине алмашуу жөнүндө

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү IX сессиясынын күн тартибиндеги Прогресс айылындагы Турганбаева Гүлзаттын жеке менчигине таандык болгон 0,0576 га жер тикесиндеги сарайдын 0,02 га жер тилкеси жолго туура келип калгандыктан, жанындагы бош жаткан 0,02 га жер тилкесине алмашуу жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Прогресс айылындагы Турганбаева Гүлзаттын жеке менчигине таандык болгон 0,0576 га жер тикесиндеги сарайдын 0,02 га жер тилкеси жолго туура келип калгандыктан, жанындагы бош жаткан 0,02 га жер тилкесине алмашууга макулдук берилсин.

2. Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармасы аталган жер тилкесине архитектуралык эрежелер боюнча мыйзам ченеминде уруксат берүү документтерди даярдап берүү жагы милдеттендирилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агентигинин алдындагы “Кадастр” мекемесинин Өзгөн филиалынан аталган жер аянтын мыйзам чегинде каттап берүү жагы суралсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

 


Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: М.Акназаров

 

 

 

 

 


Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү IX сессиясынын

ТОКТОМУ

Жылалды айылы           №31            10-август 2022-жыл

Боронбаева Патманын жеке менчигине таандык болгон Прогресс айылындагы 0,0614 га турак жай үй куруу багытындагы жер тилкесине жанындагы 0,0186 га жер тилкесин кошуп, жалпысы 0,08 га кылып берүү жөнүндө

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү IX сессиясынын күн тартибиндеги Боронбаева Патманын жеке менчигине таандык болгон Прогресс айылындагы 0,0614 га турак жай үй куруу багытындагы жер тилкесине жанындагы 0,0186 га жер тилкесин кошуп, жалпысы 0,08 га кылып берүү боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Боронбаева Патманын жеке менчигине таандык болгон Прогресс айылындагы 0,0614 га турак жай үй куруу багытындагы жер тилкесине жанындагы 0,0186 га жер тилкесин кошуп, жалпысы 0,08 га кылып берүүгө макулдук берилсин.

2. Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармасы аталган жер тилкесине архитектуралык эрежелер боюнча мыйзам ченеминде уруксат берүү документтерди даярдап берүү жагы милдеттендирилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агентигинин алдындагы “Кадастр” мекемесинин Өзгөн филиалынан аталган жер аянтын мыйзам чегинде каттап берүү жагы суралсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

 


Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: М.Акназаров

 

 

 

 


Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү IX сессиясынын

ТОКТОМУ

Жылалды айылы          №32       10-август 2022-жыл

Жылалды айыл өкмөтүнүн Макаренко айылындагы 0,38 га жер тилкесине муниципалдык ээлик кылуу үчүн мамлекеттик акт алуу жөнүндө.

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү IX сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн Макаренко айылындагы 0,38 га жер тилкесине муниципалдык ээлик кылуу үчүн мамлекеттик акт алуу боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жылалды айыл өкмөтүнүн Макаренко айылындагы 0,38 га жер тилкесине муниципалдык ээлик кылуу үчүн мамлекеттик акт алууга макулдук берилсин.

2. Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармасы аталган жер тилкесине архитектуралык эрежелер боюнча мыйзам ченеминде уруксат берүү документтерди даярдап берүү жагы милдеттендирилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агентигинин алдындагы “Кадастр” мекемесинин Өзгөн филиалынан аталган жер аянтына муниципалдык ээлик кылуу укугун мыйзам чегинде каттап берүү жагы суралсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун берүү КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

 


Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: М.Акназаров

 

 

 

 

 


Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү IX сессиясынын

ТОКТОМУ

Жылалды айылы                 №33            10-август 2022-жыл

Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу Жылалды айылындагы бала бакчага “Саадат-Эне” деп атын коюу жөнүндө.

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү IX сессиясынын күн тартибиндеги Улуу Ата-Мекендик согуш мезгилинде тылда жан үрөп эмгектенген, “Эне даңкы”, “Эмгектин ардагери” медалдарынын ээси Кайназарова Саадаттын урматына Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу Жылалды айылындагы бала бакчага “Саадат-Эне” деп атын коюу боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Улуу Ата-Мекендик согуш мезгилинде тылда жан үрөп эмгектенген, “Эне даңкы”, “Эмгектин ардагери” медалдарынын ээси Кайназарова Саадаттын урматына Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу Жылалды айылындагы бала бакчага “Саадат-Эне” деп атын коюуга макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: М.Акназаров

 

 

 

 

 

 


Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү IX сессиясынын

ТОКТОМУ

Жылалды айылы           №34       10-август 2022-жыл

Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылынын 13-көчөсүнө Мусаев Маматжан Эркиновичтин атын коюу жөнүндө

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү IX сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылынын 13-көчөсүнө Мусаев Маматжан Эркиновичтин атын коюу боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жылалды айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга кошкон салымын эске алуу менен, Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылынын 13-көчөсүнө Мусаев Маматжан Эркиновичтин аты коюлсун.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

 

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: М.Акназаров

 

 

 

 

 

 

 


Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз X сессиясынын

ТОКТОМУ

Жылалды айылы           №35        06-сентябрь 2022-жыл

Жылалды айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 8 айдын жыйынтыгы менен бюджетинин киреше бөлүгүнө 2015,3 миң сом акча каражаты ашыкча түшкөндүктөн бөлүмдөргө бөлүү жөнүндө.

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз X сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 8 айдын жыйынтыгы менен бюджетинин киреше бөлүгүнө 2015,3 миң сом акча каражаты ашыкча түшкөндүктөн бөлүмдөргө бөлүү боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жылалды айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 8 айынын жыйынтыгы менен бюджетинин киреше бөлүгүнө 2015,3 миң сом акча каражаты ашыкча түшкөндүктөн төмөндөгү бөлүмдөргө 2001,5 миң сом акча каражатын бөлүүгө макулдук берилсин.
Башкаруу аппараты статья-2215 +90,0 миң сом;
Билим берүү статья-2222 +75,0 миң сом;
ЖКХ статья-3111 +1345,9 миң сом;
Айыл чарба статья-2215 +490,6 миң сом.

2. Ушул токтомду аткаруу жагы ФЭБнүн башчысы Н.Мырзабаевага милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет, салык, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

 


Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: М.Акназаров

 

 

 

 

 
Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз X сессиясынын

ТОКТОМУ

Жылалды айылы             №36         06-сентябрь 2022-жыл

Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылынын Үч-Көчө участкасынын Бишкек-Ош унаа жолунун боюндагы жер тилкелеринин башкы планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз X сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылынын Үч-Көчө участкасынын Бишкек-Ош унаа жолунун боюндагы жер тилкелери Жазы дарыясынан 4-5 метр төмөндүктө, ал эми жогору тарабы 1,5-2 метр төмөндүктө жайгашкандыктан башкы планда көрсөтүлгөн жолдун багытын, кичи бизнести өркүндөтүп калкка кызмат көрсөтүү багытына өзгөртүү боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылынын Үч-Көчө участкасынын Бишкек-Ош унаа жолунун боюндагы жер тилкелери Жазы дарыясынан 4-5 метр төмөндүктө, ал эми жогору тарабы 1,5-2 метр төмөндүктө жайгашкандыктан башкы планда көрсөтүлгөн жолдун багытын, кичи бизнести өркүндөтүп калкка кызмат көрсөтүү багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.

2. Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармасы аталган жер тилкесине архитектуралык эрежелер боюнча мыйзам ченеминде уруксат берүү документтерди даярдап берүү жагы милдеттендирилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агентигинин алдындагы “Кадастр” мекемесинин Өзгөн филиалынан аталган жер аянтын мыйзам чегинде каттап берүү жагы суралсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

 


Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: М.Акназаров

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз X сессиясынын

ТОКТОМУ

Жылалды айылы          №37      06-сентябрь 2022-жыл

Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылындагы жеке ишкер Кенжекулов Сүйөрбек Карыбековичтин атындагы мал базардын акы алып калкка кызмат көрсөтүү баа тизмесин бекитип берүү жөнүндө

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз X сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылындагы жеке ишкер Кенжекулов Сүйөрбек Карыбековичтин атындагы мал базардын акы алып калкка кызмат көрсөтүү баа тизмесин бекитип берүү боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылындагы жеке ишкер Кенжекулов Сүйөрбек Карыбековичтин атындагы мал базардын акы алып калкка кызмат көрсөтүү баа тизмеси төмөндөгүдөй бекитилсин.
Жылкы, кулун, ири мүйүздүү мал жана торпок сатуу үчүн 90 (токсон) сом;
Кой, эчки сатуу үчүн 40 (кырк) сом;
Авто унаа токтотуу үчүн 30 (отуз) сом;
Тамак-аш сатуу үчүн орундукка 500 (беш жүз) сом;
Тамак-аш сатуу үчүн чакан орундукка, авто унаа менен туруп тамак-аш сатуучу орундукка жана башка чакан соода сатыкка 100 (жүз) сом.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет, салык жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

 

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: М.Акназаров

 

 

 

 

 


Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XI сессиясынын

ТОКТОМУ

Жылалды айылы           №38         14-сентябрь 2022-жыл

Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Жылалды айыл өкмөтүндө курултайды чакыруу жөнүндө.

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XI сессиясынын күн тартибиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы №284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Биринчи Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы №2 чечими менен бекитилген “Биринчи Элдик Курултайга Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынан жана шаарлардан делегаттарды шайлоо боюнча” нускамасынын негизинде, Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Жылалды айыл өкмөтүндө курултайды чакыруу жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы №284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Биринчи Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы №2 чечими менен бекитилген Биринчи Элдик Курултайга Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынан жана шаарлардан делегаттарды шайлоо боюнча нускамасынын негизинде, Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Жылалды айыл өкмөтүндө курултай чакырылсын.

2. Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Жылалды айыл өкмөтүндө чакырылган курултайда төмөнкү сандагы делегаттар шайлансын.
1. Жылалды айылынан 25;
2. Красный-Маяк айылынан 25;
3. Прогресс айылынан 25;
4. Кальта айылынан 15;
5. Бото-Мойнок айылынан 10.

3. Жылалды айыл өкмөтүндө курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча ар бир жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүүгө жооптуу комиссиянын курамы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
№1 тиркеме тиркелет.

4. Жылалды айыл өкмөтүндө курултайды уюштурууга жана өткөрүүгө жумушчу топтун курамы №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
№2 тиркеме тиркелет.

5. Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин Календардык планында аныкталган мөөнөткө ылайык Жылалды айыл өкмөтүндө жарандардын жыйындарын, чогулуштарын өткөрүүнүн графиги №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
№3 тиркеме тиркелет.

6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, адам укугун коргоо, коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.


Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: М.Акназаров

 

 

 
Жылалды айылдык кеңешинин 14-сентябрь 2022-жылдагы №38 токтомунун №1 тиркемеси.
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы_______________М.Акназаров.

Жылалды айыл өкмөтүндө курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча ар бир жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүүгө жооптуу комиссиянын курамы.
1. Жунусбаев Динисбек-Жылалды айылынын депутаты, жооптуу комиссиянын төрагасы;
2. Алымбаева Дамира-Прогресс айылынын депутаты, жооптуу комиссиянын катчысы;
Мүчөлөрү:
3. Асылбекова Алтынай-Жылалды айылынын депутаты;
4. Жолболдуев Бактыяр-Красный-Маяк айылынын депутаты;
5. Истамова Жылдызхан-Бото-Мойнок айылынын депутаты.


Жылалды айылдык кеңешинин жооптуу катчысы: Таалайбек к Н

 

 

 

 

 


Жылалды айылдык кеңешинин 14-сентябрь 2022-жылдагы №38 токтомунун №2 тиркемеси.
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы_______________М.Акназаров.

Биринчи Элдик Курултайды өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы.
1. Акназаров Маматибраим-Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы, жумушчу топтун төрагасы;
2. Таалайбек кызы Нурпери-Жылалды айылдык кеңешинин жооптуу катчысы, жумушчу топтун катчысы.
Мүчөлөрү:
3. Сарыков Абдиназар-Красный-Маяк айылынын айыл башчысы;
4. Марат уулу Ибрагим-Прогресс айылынын айыл башчысы;
5. Боржуева Сайрагүл-Кальта айылынын айыл башчысы;
6. Кулматов Адылбек-башкы адис-юрист;
7. Эшенкулова Уулкан-Жылалды №8 орто мектебинин директору.

Жылалды айылдык кеңешинин жооптуу катчысы: Таалайбек к Н

 

 

 

 


Жылалды айылдык кеңешинин 14-сентябрь 2022-жылдагы №38 токтомунун №3 тиркемеси.
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы_______________М.Акназаров.

Биринчи Элдик Курултайды өткөрүүнүн графиги.
№ Айылдар Өткөрүү күнү Өткөрүлө турган жери
1 Жылалды 16.09.2022 Жылалды №8 орто мектеби
2 Красный-Маяк 17.09.2022 А.Төрөгельдиев №42 орто мектеби
3 Прогресс 19.09.2022 Т.Орозов №93 орто мектеби
4 Кальта 20.09.2022 Ж.Абжапаров №71 орто мектеби
5 Бото-Мойнок 21.09.2022 Ж.Абжапаров №71 орто мектеби


Жылалды айылдык кеңешинин жооптуу катчысы: Таалайбек к Н

p class=params-