Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү VI сессиясынын 

ТОКТОМУ 

Жылалды айылы                                       №7                                          20-январь 2022-жыл

 

Жылалды айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетинин бардык үнөмдөлгөн 1716,4 миң сом акча каражатын 2022-жылдын чыгаша бөлүгүнө киргизүү жөнүндө

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү VI сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетинин бардык үнөмдөлгөн 1716,4 миң сом акча каражатын 2022-жылдын чыгаша бөлүгүнө киргизүү жөнүндө ФЭБнүн башчысы Н.Мырзабаеванын 18.01.2022-жылдагы сунушу боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

  1. Жылалды айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетинин бардык үнөмдөлгөн 1716,4 миң сом акча каражаты 2022-жылдын чыгаша бөлүгүнө киргизилсин.

 

ЖКХ                          статья-2215                            +420,0 миң сом

ЖКХ                          статья-2221                            +725,7 миң сом

ЖКХ                          статья-3111                            +450,7 миң сом

Башкаруу аппарат    статья-2211                            +40,0 миң сом

Башкаруу аппарат    статья-2215                            +80,0 миң сом

 

  1. Жогорудагы токтомдун аткаруу жагы ФЭБнүн башчысы Н.Мырзабаевага милдеттендирилсин. 
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет, финансы, салык жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы:                                                    М.Акназаров

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз VII сессиясынын 

ТОКТОМУ 

Жылалды айылы                                       №8                                         18-март 2022-жыл 

Калкты жана жарандык актыларды каттоо департаменти менен Жылалды айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

            Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз VII сессиясынын күн тартибиндеги Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты жана жарандык актыларды каттоо департаменти менен Жылалды айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди бекитип берүүгө макулдук берүү боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

  1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты жана жарандык актыларды каттоо департаменти менен Жылалды айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди бекитип берүүгө макулдук берилсин.

Келишим тиркелет.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, адам укугун коргоо, коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

  

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы:                                                    М.Акназаров

 

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин

18-март 2022 жылдын

№8 токтому менен бекитилди

 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө

КЕЛИШИМ

1.Келишимдин тараптары

1.1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министирлигине караштуу Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти,мындан ары «Департамент» деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министирлигине караштуу Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти жөнүндө жобонун жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 27 ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө буйругунун негизинде аракеттенген директор Э.Эсеналиеванын атынан, бир тараптан, жана Жылалды айыл өкмөтү, мындан ары «жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы» деп аталуучу, Жылалды айыл өкмөтүнүн башчысынын негизинде аракеттенген Джеенбаев Улукбек Рахматилаевич, экинчи тараптан, мындан ары «Тараптар» деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Конститутуциясын, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарыны жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тартиби жөнүндө», «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы №90 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө» нускаманы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги №238 жана 2004-жылдын 4-декабрындагы №886 токтомдору менен бекитилген жоболорду жетекчиликке алуу менен төмөнкүлөр жөнүндө ушул келишимди түзүштү.

  1. Келишимдин негизи

2.1 Департамент Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 «Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансфеттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык Жылалды айыл өкмөтүнө төмөнкүдөй мамлекеттик ыйгарым укуктарды берет;

-Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алмаштырууга документтерди кабыл алуу, ошондой эле даярдалган паспортту берүү;

-Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун алмаштырууга документтерди кабыл алуу,ошондой эле жекелештирген жалпы жарандык паспортту берүү;

-жарандарды жашаган жери жана барган жери боюнча каттоо;

-баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо, ошндой эле никелешүү тууралуу күбөлүк берүү;

-өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо, ошондой эле өлгөндүгү тууралуу күбөлүк берүү;

-“балага сүйүнчү” бир жолку төлөмгө арыздарды кабыл алуу.

2.2 Жылалды айыл өкмөтү жогоруда аталган берилүүчү мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууга алат.

  1. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө мамлекеттик органдын укуктары жана милдеттери

3.1 Департамент жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына өзүнүн ыйгарым укуктарын берүүдө төмөнкүдөй укуктарга ээ:

-берилген ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан ишке ашырылышын,ошондой эле ушундай максаттарга берилген материалдык жана башка каражаттардын пайдаланышын контролдоого;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселелери боюнча аткарылууга милдеттүү актыларды өзүнүн  компетенциясынын чегинде кабыл алууга;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан жол берилген бузууларды жоюу боюнча кат жүзүндө сунуштарды берүүгө;

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга байланышкан маалыматтарды жана документтерди суроого;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жана материалдык ,финансылык жана башка каражаттарды колдонуунун жыйынтыгы жөнүндө маалыматтарды берүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын отчетторунун  формасын белгилөөгө;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына өткөрүп берилген тартипте өндүрүп алууга;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну камсыздоого багытталган материалдык жана башка каражаттарды өз убагында жана толук көлөмдө өткөрүп берүүгө;

-ушул Келишимде жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген учурларда жана тартипте Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди мөөнөтүнөн мурда бузууну демилгелөөгө.

3.2. Департамент өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө милдеттүү;

-жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткаруучу органына усулдук, уюштуруучулук, консультациялык жана башка жардам көрсөтүүгө, жергиликтүү өз алынча башкаруунун аткаруучу органын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл укуктук,техникалык жана башка документтер менен камсыздоого;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу жүктөлгөн адистердинквалификациясын жогорулатуу максатында бир жылда эки жолкудан кем эмес окуу өткөрүугө;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын жана өткөрүп берилген материалдык жана башка каражаттардын максаттуу колдонулушун контролдоого;

-Келишимдин 1-тиркемесине ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү боюнча иштерди камсыздоого.

4.Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын укуктары жана милдеттери

4.1 Жылалды айыл өкмөтү берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда төмөнкүлөргө укуктуу;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн каралган материалдык жана башка каражаттардын өз убагында жана толук көлөмдө өткөрүп берилишин талап кылууга;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн Департаменттен усулдук, уюштуруучулук, консультациялык жана башка жардам алууга, ошондой эле зарыл укуктук, техникалык жана башка документтерди алууга;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууда жол берилген бузууларды жоюу боюнча Департаменттин кат жүзүндогү сунуштарына соттук тартипте даттанууга;

-ушул Келишимде жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген учурларда жана тартипт Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди мөөнөтүнөн мурда бузууну демилгелөөгө.

4.2. Жылалды айыл өкмөтү берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда төмөнкүлөргө милдеттүү;

- Келишимге жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн өткөрүп берилген материалдык, финансылык жана башка каражаттардын максаттуу колдонулушун камсыздоого;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жана берилген материалдык, финансылык жана башка каражаттарды колдонуу бөлүгүндө мамлекеттик орган тарабынан тоскоолдуксуз текшерүү жүргүзүлүшү үчүн шарттарды камсыздоого;

-квалификацияны жогорулатуу үчүн мамлекеттик орган тарабынан өткөрүлүүчү окууга жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адистеринин катышуусун камсыздоого;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууда жол берилген бузууларды жоюу боюнча мамлекеттик органдардын кат жүзүндөгү эскертүүлөрүн аткарууга;

-ай сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 10-күнүнө чейин Департаментке учурдагы айга каржылоого Келишимдин 2-тиркемесине ылайык ведомстволук табыштама берүүгө;

-ай сайын, квартал сайын, жарым жылдын жана бир жылдын негизинде берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жыйынтыгы жөнүндө Департаменттин аймактык бөлүмүнө (мындан ары –Департаменттин АБсы) Келишимдин 3- тиркемесине ылайык отчет берүүгө;

-ай сайын, квартал сайын, жарым жылда, жылдын аягында берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттарды пайдалануу жөнүндө Департаменттин АБсына Келишимдин 4-тиркемесине ылайык материалдык отчет берүүгө;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн ага өткөрүп берилген, колдонулбаган материалдык жана башка каражаттарды кайтарып берүүгө;

-Келишимдин 1-тиркемесине ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү боюнча иштерди камсыздоого.

5.Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз адынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси

5.1. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органын адиси муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындалган муниципалдык кызматкер болуп саналат.

5.2. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.

5.3. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси даярдалган паспортторду жана жарандык  абалдын актыларын каттоо боюнча так отчеттуулук бланктарын жоготкондугу, бузгандыгы үчүн толук өлчөмдө материалдык жоопкерчилик тартат.

Документ жоголгон же бузулган учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси тарабынан арыз ээсине келтирилген зыян документтерди кайра калыбына келтирүү чыгымдарынын наркынын өлчөмүндө Департаментке төлөнөт .

Жогоруда аталган учурларда арыз ээсине ,Департаментке келтирилген зыянга төлөө өз ыктыяры менен же Кыргыз Республикасынын азыркы мыйзамдарында белгиленген тартипте соттун чечими менен жүргүзүлөт.

5.4. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат;

-жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартибин регламенттеген Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган талаптарга ылайык жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча берилген документтерди кабыл алуу,алардын аныктыгы жана түп нускалыгы үчүн;

-туулгандыгын, никелешүүнү, өлгөндүгүн каттоо боюнча арыздарды толтуруу үчүн,ошондой эле туулгандыгы тууралуу, никелешүү тууралуу, өлгөндүгү тууралуу күбөлүктөрдү берүү үчүн;

-туулгандыгы, никелешүү, өлгөндүгү тууралуу үчүн, ошондой эле туулгандыгы тууралуу, никелешүү тууралуу, өлгөндүгү тууралуу күбөлүктөрдү берүү үчүн;

-Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алмаштырууга документтерди кабыл алуу, алардын аныктыгы жана түп нускалыгы үчүн,ошондой эле даярдалган паспортту берүү үчүн:

-Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун алмаштырууга документтерди кабыл алуу, алардын аныктыгы жана түп нускалыгы үчүн, ошондой эле жекелештирилген жалпы жарандык паспортту беүү үчүн;

-жарандарды жашаган жери жана барган жери боюнча каттоо үчүн;

-«балага сүйүнчү» арыздарын каттоо үчүн;

-арыз ээлеринин арыздардагы колунун аныктыгы жана жарандык абалдын актыларын жазуунун түп нускасы үчүн;

-арыз ээсинин жеке өзүнүн катышуусусуз кабыл алгандыгы үчүн;

-арыз ээси тарабынан ким экендигин ырастоочу документ берилбестен документтерди кабыл алгандыгы үчүн;

-«ЖААК» АМСте документтерди өз убагында жана туура тариздөө, актылык жазууларга ылайык күбөлүк берүү үчүн;

-арыз ээси тарабынан документтердин түп нускалары берилбестен документтерди кабыл алгандыгы үчүн;

-жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарын сактоо үчүн;

-актылык жазуулар жана жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктары боюнча отчеттуулукту өз убагында берүү үчүн .

5.5. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси төмөнкүлөргө укуктуу;

-кызматтык ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн зарыл маалыматтарды, документтерди жана башка материалдарды белгиленген тартипте суроого;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн каралган материалдык жана башка каражаттарды өз убагында жана толук көлөмдө өткөрүп берүүнү талап кылууга;

-арыз ээсинде ИЖН болбогон же туура эмес,кош ИЖН болгон учурда бардык иш аракеттерди токтотууга жана Департаменттин аймактык ТБсына кайрылуу зарылдыгы жөнүнүдө арыз ээсине билдирүүгө;

-жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо боюнча мамалекеттик кызмат көрсөтүү боюнча квалификациясын жогорулатууга (окууга);

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн Департаменттен усулдук, уюштуруучулук ,консультациялык жана башка документтерди алууга;

-эгер арыз ээси тарабынан берилген документтер тизмекке туура келбесе ,тизмекке ылайык документтерди берүүнү сунуштоого.

5.6. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси төмөнкүлөргө милдеттүү;

-жеке маалыматтардын сакталышын жана аныктыгын, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген тартипте ага жетүү режимин камсыздоого;

-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жеке маалыматтардын купуялуулук режимин камсыздоого;

-«Инфоком» МИ КБнын Регламентине Кошулуу жөнүндө макылдашуусуна ылайык электрондук кол тамганын сакталышын камсыздоого;

-берилген документтерден ондоолор жана же жасалмалоо белгилери аныкталган учурда, бул жөнүндө Департаменттин аймактык бөлүмүнүн жетекчилигине, ошондой эле ички иштер органдарына тез арада билдирүүгө милдеттүү.

Мындай учурда жасалмалоо белгилерин сапаттоо менен үч нускада эркин формада акт түзүлөт, анын бири бир иш күндүн ичинде Департаменттин аймактык бөлүмдөрү жайгашкан жер боюнча ички иштер органдарына жиберилет, экинчиси-Департаменттин аймактык бөлүмүндө калат, үчүнчүсү-арыз ээсине берилет. Оңдоо же жасалмалоо белгилери аныкталган документтерди берген арыз ээсине анкета –арызды тариздөө үчүн документтерди кабыл алуу маселеси ички иштер органдары тарабынан акыркы чечим чыккандан кийин чечилет.

5.7. Ушул Келишимде каралбаган жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык колдонулат.

  1. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын финансылык, материалдык жана башка каражаттар менен камсыздоо

6.1. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына зарыл финансылык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү максаттуу трансферттер (субвенциялар) формасында жүргүзүлөт.

6.2. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн тийиштүү финансылык жылга максаттуу трансферттердин(субвенциялардын) жалпы көлөмүн эсептөө Кыргыз Республикасынын Өмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 токтому менен бекитилген берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюжеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансфеттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасына ылайык ушул келишимдин 9.2-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөткө белгиленген максаттуу трансферттердин (субвенцияладын) суммасы Келишимге тиркелет жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

6.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруусу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын эсебине түшөт жана өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын эсебине түшөт жана кезектеги финансылык жылга жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгымдар түзүмүндө чагылдырууга тийиш.

6.4. Максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмү төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт.

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адисинин эмгек акысын;

-берилүүчү ыйгарым укуктарды аткарууга кеткен чыгымдарды; иш сапардын чыгымдарын, Интернет тармагынын кызмат көрсөтүүсүн,кенсе буюмдарын.

6.5. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл материалдык каражаттар Департамент тарабынан кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына убактылуу колдонууга өткөрүп берилет.

6.6. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн өткөрүп берүүчү материалдык каражаттар, чарба ишин жүргүзүү бөлүгүндө (жабдуулар, обьектер, техника ж.б) алар макулдашуу комиссияларында каралып, колдонууга жарактуулугу аныкталгандан кийин өткөрүп берүүгө тийиш.

Макулдашуу комиссиясы мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын өкүлдөрүнөн паритеттик башталышта түзүлөт.

6.7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына өткөрүп берилүүчү материалдык каражаттардын тизмеги Тараптардын макулдашуусу менен аныкталат.

6.8. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына өткөрүп берилүүчү материалдык каражаттарды колдонуу тартиби Департамент тарабынан аныкталат.

6.9 Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар 1 штаттык бирдикте жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси тарабынан ишке ашырылат.

  1. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын отчеттуулук формасы жана мезгилдүүлүгү

7.1. Жергиликтүү өз алдынча башкарунун аткаруучу органы Департаменттин аймактык ТБсына төмөнкүлөрдү берүүнү камсыздайт;

-ай сайын 3 күндөн кечиктирбестен учурдагы айга каржылоого ведомстволук табыштаманы Келишимдин 2-тиркемесине ылайык;

-ай сайын 5-күндөн кечиктирбестен берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жыйынтыгы жөнүндө отчетту Келишимдин 3-тиркемесине ылайык;

-ай сайын ,квартал сайын ,жарым жылда бир жолу ,жылдын аягында 4-күндөн кечиктирбестен берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттарды колдонуу жөнүндө финансылык отчетту мамлекеттик орган тарабынан бекитилген жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы менен макулдашылган форма боюнча Келишимдин 4-тиркемесине ылайык.

8.Мамлекеттик органдын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын контролдоо тартиби

8.1. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын контролдоо(мындан ары- контролдоо) Келишимдин талаптарын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо максатында жүргүзүлөт.

8.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын контролдоону Департаменттин аймактык ТБсы жүргүзөт.

8.3. Департаменттин аймактык ТБсы;

-аныкталган бузууларды жоюу жөнүндө сунуштарды жиберүү укугу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын толук жана сапаттуу ишке ашырылышын контролдойт;

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга берилүүчү материалдык каражаттардын максаттуу колдонулушун текшерет;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чөйрөсүнө кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын,айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө калкты каттоо, жарандык абалдын актыларын каттоо маселелери боюнча иш регламентинин, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан алардын ишке ашырылышы боюнча усулдук көрсөтмөлөрдүн аткарылышын контролдойт;

-Келишимде каралган учурларда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну токтоттуу жана ушул Келишимди бузуу жөнүндөгү сунуштарды даярдайт жана жогоруда турган органга киргизет.

8.4. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан ишке ашырылышын контролдоону Департамент төмөнкүчө жүргүзөт;

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын ишин, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алар тарабынан ишке ашырылышы бөлүгүндө координациялоо;

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынан мыйзамда же берүү жөнүндө келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттө белгиленеген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жыйынтыгы жөнүндөгү отчетторду кабыл алуу;

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынынь ишин ,берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алар тарабынан ишке ашырылышыь жана мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга өткөрүп берилген каражаттардын колдонулушу бөлүгүндө текшерүү жүргүзүү;

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынаберилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселелери боюнча сунуштарды берүү;

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан кабыл алынуучу мыйзамдуулугу жана максаттуулугу жагынан баалоо.

9.Келишимдин күчүнө кирүү тартиби жана колдонуу мөөнөтү

9.1. Ушул Келишим жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилүүгө тийиш жана жергиликтүү кенеш тарабынан Келишим бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет.

9.2.Ушул Келишим_______________________тартып_________________________ чейин колдонулат.

Эгер ушул келишимди колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин эки Тарап тен Келишимди бузуу жөнүндө билдирбесе ,анда анын колдонуу мөөнөтү ошол эле мөөнөткө жана ошол эле шарттарда автоматтык түрдө узартылат.

9.3. Ушул Келишим үч нускада түзүлдү жана алар бирдей юридикалык күчкө ээ; ар бир Тарап үчүн бир нускадан жана бир нускасы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берилет.

10.Келишимдин шарттарын өзгөртүү

10.1 Тараптардын макулдашуусу менен Келишимге өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет.

10.2.Келишимге киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилүүгө тийиш.

11.Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну токтотууга негиздер жана токтотуу тартиби

11.1.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруусу төмөнкүдөй учурларда токтотулушу мүмкүн;

-Келишимдин колдонуу мөөнөтүнүн аякташы;

-Келишимди жараксыз деп таануу жөнүндө соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши;

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруусу үчүн республикалык буюджетте кезектеги финансылык жылга трансферттердин (субвенциялардын)жоктугу;

-ушул Келишим боюнча берилген мамалекеттик ыйгарым укуктарды андан ары ишке ашыруу мүмкүндүгүн жойгон ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы;

-мамлекеттик органдын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды өз алдынча ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алышы (келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуу

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын ушул Келишимде жана же «Жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген учурларда жана тартипте берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруудан баш тартуусу (келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуу).

11.2.Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу Департаменти же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын демилгеси менен мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.

11.3 Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруусун мөөнөтүнөн мурда токтотуунун шарттары болуп төмөнкүлөр саналат;

-мамлекеттик орган тарабынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл финансылык, материалдык жана башка каражаттар менен камсыздоо мүмкүн эместиги;

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына көз карандысыз себептер менен берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу мүмкүн эместиги;

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жана (же) ишке ашыруу шарттарын өзгөрткөн ченемдик укуктук актыны кабыл алуу .

11.4. Департаменттин берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну мөөнөтүнөн мурда токтотуусунун шарттары болуп төмөнкүлөр саналат;

-Департамент тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды андан ары ишке ашыруусун, анын ичинен алардын аткарбагандыгынан же тийиштүү ишке ашырбагандыгынан максатсыз деп таанылышы;

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн алынган материалдык ,финансылык жана башка каражаттарды максатсыз колдонуусу, эгер иушул бузуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруусун оордоткон шарттарды түзсө:

-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жана (же) ишке ашыруу шарттарын өзгөрткөн ченемдик укуктук актыны кабыл алуу.

11.5.Тараптардын биринин демилгеси менен берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, токтотууну демилгелеген Тарап берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуунун болжолдуу датасына чейин 15 иш күн мурда экинчи Тарапка жазуу жүзүндө билдирүү жиберүүгө милдеттүү.

11.6.Берилген мамлекеттик ыйгарым укутарды аткарууну мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө билдирүүнү алган Тарап аны 15 иш күндүн ичинде кароого милдеттүү жана билдирүүнү кароонун жыйынтыгы жөнүндө экинчи Тарапка маалымдоого тийиш.

11.7. 30 иш күндүн ичинде билдирүүнү кароонун жыйынтыгы жөнүндө жазуу түрүндө жооп болбогон учурда же экинчи Тарап берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотууга макул болбогон учурда, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселе соттук тартипте чечилет.

11.8. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, аларды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына өткөрүп берилген, колдонулбаган материалдык жана финансылык каражаттар берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу токтотулган күндөн тартып 15 иш күндүн ичинде мамлекеттик органга кайтарылууга тийиш.

11.9. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну каржылоо ушул Келишимде каралган көлөмдө, тартипте жана мөөнөттө токтотулган учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотууга укуктуу жана бул жөнүндө 15 иш күндүн ичинде Департаментке жана Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигине жазуу жүзүндө билдирет.

11.10. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруусу токтотулган күндөн тартып жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берген мамлекеттик орган аны аткарууга тийиш.

11.11. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды андан ары аткарууну токтотуу, токтото туруу жана аткаруудан баш тарттуу жөнүндө чечими жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынын бекитилет.

12.Тараптардын жоопкерчилиги.

12.1. Келишимдин шарттарын тийиштүү аткарбагандыгы, укук бузгандыгы же материалдык жана моралдык зиян келтиргендиги үчүн Тараптар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына

ылайык жоопкерчилик тартышат.

12.2. Айыл өкмөттүн башчысы берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды тийиштүү аткарууну уюштуруу, өткөрүп берилген материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максаттууу колдонуу жана ушул Келишимдин жоболорун так аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

 

  1. Талаш-тартыштарды чечүү тартиби

 

13.1 Ушул Келишимди аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан бардык талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер Тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөр аркылуу же соттук тартипте чечилет.

 

  1. Тараптардын дареги жана колу

 

Кыргыз Республикасынын                                                             ЖӨБ органы

Санариптик өнүктүрүү                                                       Жылалды айыл өкмөтү

министирлигине караштуу Калкты

жана жарандык абалдын

актыларын каттоо департаменти                                        Э/счет 4407021001000781

Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 381,                                     БИК 440001

(312)380058                                                                          ИНН 01202200410257

ОКПО 23460784

Департаменттин диретору:                                              Айыл өкмөтүнүн башчысы

________________________                                               ________________________

Э.Эсеналиева                                                                      У.Р.Джеенбаев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

  

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз VII сессиясынын 

ТОКТОМУ 

Жылалды айылы                                       №9                                         18-март 2022-жыл

 

2022-жыл ЖЧК “Токошев” ишканасына 5345869 (беш миллион үч жүз кырк беш миң сегиз жүз алтымыш тогуз) сом жана жакыр үй-бүлөлөргө жардам берүү максатында 1500000 (бир миллион беш жүз миң) сом, жалпысы 6845869 (алты миллион сегиз жүз кырк беш миң сегиз жүз алтымыш тогуз) сом акча каражаттарын карап берүү үчүн макулдук берүү жөнүндө 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз VII сессиясынын күн тартибиндеги ЖЧК “Токошев” ишканасына 5345869 (беш миллион үч жүз кырк беш миң сегиз жүз алтымыш тогуз) сом жана жакыр үй-бүлөлөргө жардам берүү максатында 1500000 (бир миллион беш жүз миң) сом, жалпысы 6845869 (алты миллион сегиз жүз кырк беш миң сегиз жүз алтымыш тогуз) сом акча каражаттарын карап берүү үчүн макулдук берүү боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. ЖЧК “Токошев” ишканасына 5345869 (беш миллион үч жүз кырк беш миң сегиз жүз алтымыш тогуз) сом жана жакыр үй-бүлөлөргө жардам берүү максатында 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом, жалпысы 6845869 (алты миллион сегиз жүз кырк беш миң сегиз жүз алтымыш тогуз) сом акча каражаттарын карап берүү үчүн макулдук берилсин. 
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет, финансы, салык жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы:                                                    М.Акназаров

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз VII сессиясынын 

ТОКТОМУ 

Жылалды айылы                                      №10                                       18-март 2022-жыл

 

Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу Беш-Капа участкасынын 386-а контурунда жайгашкан таштанды таштоочу жердин аянтын кеңейтүүгө макулдук берүү жөнүндө 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз VII сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу  Беш-Капа участкасынын 386-а контурунда жайгашкан 0,40 га таштанды таштоочу жерге таштандылар батпай жаткандыгына байланыштуу, айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси А.Джумабаевтин сунушунун негизинде 386-а контурундагы жайыт жерден 1,0 га жерге кошумча таштанды таштоо үчүн кеңейтүүгө макулдук берүү боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу  Беш-Капа участкасынын 386-а контурунда жайгашкан 0,40 га таштанды таштоочу жерге таштандылар батпай жаткандыгына байланыштуу, айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси А.Джумабаевтин сунушунун негизинде 386-а контурундагы жайыт жерден 1,0 га жерге кошумча таштанды таштоо үчүн кеңейтүүгө макулдук берилсин. 
  1. Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармасы аталган жер тилкесине архитектуралык эрежелер боюнча мыйзам ченеминде уруксат берүү документтерди даярдап берүү жагы милдеттендирилсин. 
  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агентигинин алдындагы “Кадастр” мекемесинин Өзгөн филиалынан аталган жер аянтына муниципалдык ээлик кылуу укугун мыйзам чегинде каттап берүү жагы суралсын. 
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы:                                                    М.Акназаров

 

 

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү VIII сессиясынын 

ТОКТОМУ 

Жылалды айылы                                      №11                                       “17-май 2022-жыл

 

Билим берүү мекемелеринин 2021-2022-окуу жылында аткарылган иштери  жөнүндө. 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү VIII сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу билим берүү мекемелеринин жетекчилери А.Жунусбаевдин, У.Эшенкулованын, Н.Абдыкеримованын, Д.Алымбаеванын 2021-2022-окуу жылында аткарылган иштери боюнча  маалыматтарын угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

  1. Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2003-жылдын 30-апрелининдеги №92 Билим берүү жөнүндө (2017-жылдын 22-февралындагы №32, 2017-жылдын 23-майындагы №84, 2017-жылдын 8-июнундагы №100 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

2-бөлүмдүн 16-беренесинин негизинде Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу билим берүү мекемелеринин 2021-2022-окуу жылында мектеп директорлорунун (А.Жунусбаев, У.Эшенкулова, Н.Абдыкеримова, Д.Алымбаева) аткарылган иштери боюнча маалыматтары канааттандыраарлык деп табылсын. 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы:                                                    М.Акназаров

 

 

 

 

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү VIII сессиясынын 

ТОКТОМУ 

Жылалды айылы                                      №12                                       17-май 2022-жыл

 

Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин 2021-2022-окуу жылында аткарылган иштери  жөнүндө. 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү VIII сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилери К.Кочконованын, Б.Сапарбаеванын, Б.Муратованын

2021-2022-окуу жылында аткарылган иштери боюнча  маалыматтарын угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

  1. Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2009-жылдын 24-июнундагы №198 Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө (2011-жылдын 8-августундагы №150, 2014-жылдын 30-майындагы №82, 2021-жылдын 23-мартындагы №38 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Мыйзамынын негизинде Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин 2021-2022-окуу жылында бала бакча директорлорунун (К.Кочконованын, Б.Сапарбаеванын, Б.Муратованын) аткарылган иштери боюнча маалыматтары канааттандыраарлык деп табылсын.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы:                                                    М.Акназаров

 

 

 

 

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү VIII сессиясынын 

ТОКТОМУ 

Жылалды айылы                                      №13                                       17-май 2022-жыл

 

2022-жылдын 5-айына карата айылдар арсында калктын ичүүчү таза суу менен камсыз болушунун абалы жөнүндө аткарылып жаткан иштери  жөнүндө. 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү VIII сессиясынын күн тартибиндеги айыл башчылар А.Сарыковдун, Марат уулу Ибрагимдин, С.Боржуеванын 2022-жылдын 5-айына карата айылдар арсында калктын ичүүчү таза суу менен камсыз болушунун абалы, аткарылып жаткан иштери боюнча 11.05.2022-жылдагы маалыматтарын угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

  1. Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1999-жылдын 25-марты №33 ичүүчү суу жөнүндө (Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 29-сентябрындагы №81, 2003-жылдын 28-июнундагы №118, 2009-жылдын 20-июлундагы №240, 2011-жылдын 12-ноябрындагы №206, 2012-жылдын 10-октябрындагы №170, 2014-жылдын 18-июлундагы №144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) III бөлүмдүн ичүүчү суунун сапатын камсыз кылуу жана ага контролдук жүргүзүү боюнча 14-статьясынын негизинде, 2022-жылдын 5-айына карата, айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдар арасында калктын таза суу менен камсыз болушунун абалы жөнүндө аткарып жаткан иштери боюнча А.Сарыковдун, Марат уулу Ибрагимдин, С.Боржуеванын маалыматтары канааттандыраарлык деп табылсын.

 Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын. 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы:                                                    М.Акназаров

 

 

 

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү VIII сессиясынын 

ТОКТОМУ 

Жылалды айылы                                      №14                                       17-май 2022-жыл 

Жылалды айыл өкмөтүндө салыктардын аткарылышы жөнүндө 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү VIII сессиясынын күн тартибиндеги башкы адис-салыкчы А.Бекботоевдин 2022-жылдын I кварталында салыктардын аткарылышы боюнча 11.05.2022-жылдагы маалыматтарын угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

  1. Айыл өкмөтүнүн башкы адиси А.Бекботоевдин 2022-жылдын I кварталында салыктардын аткарылышы боюнча маалыматы эске алынсын. 
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет, финансы, салык жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын. 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы:                                                    М.Акназаров

 

 

 

 

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү VIII сессиясынын 

ТОКТОМУ 

Жылалды айылы                                      №15                                       17-май 2022-жыл

 

Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылынын 6-көчөсүнө Калмурзаев Калбайдын атын коюу жөнүндө 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү VI сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылынын 6-көчөсүнө Калмурзаев Калбайдын атын коюу боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1.Жылалды айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга кошкон салымын эске алуу менен, Улуу-Ата Мекендик согуштун ардагери Калмурзаев Калбайдын аты Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылынын 6-көчөсүнө аты коюлсун. 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы:                                                    М.Акназаров

 

 

 

 

  

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү VIII сессиясынын 

ТОКТОМУ 

Жылалды айылы                                      №16                                       17-май 2022-жыл 

Айыл аймагындагы айыл эли үчүн ак кызмат кылгандыгын эске алуу менен”Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү VIII сессиясынын күн тартибиндеги  айыл аймагындагы айыл эли үчүн ак кызмат кылгандыгын эске алуу менен Прогресс айылынан Мамашев Пулатбек Абдуллаевичке жана Эгембердиев Ынакбек Каныбековичке ”Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө  маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

  1. Айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өсүп өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн жана айыл элине ак кызмат кылгандыгын эске алуу менен Прогресс айылынан Мамашев Пулатбек Абдуллаевичке жана Эгембердиев Ынакбек Каныбековичке ”Ардактуу атуул” наамы ыйгарылсын. 
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын. 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин  төрагасы:                                                   М.Акназаров

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү VIII сессиясынын 

ТОКТОМУ 

Жылалды айылы                                      №17                                        17-май 2022-жыл

 

Жылалды айыл өкмөтүнүн аймагындагы Прогресс айылынын башкы планына ылайык квартал №5, участок №34 турак жай куруу үчүн берилгенХабибилаев Ислам Хабибилаевичке таандык 0,08 га жер тилкесинин багытын муниципалдык мечит куруу багытына өзгөртүү жөнүндө

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү VIII сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн аймагындагы Прогресс айылынын башкы планына ылайык квартал №5, участок №34 турак жай куруу үчүн берилген Хабибилаев Ислам Хабибилаевичке таандык 0,08 га жер тилкесинин багытын муниципалдык мечит куруу багытына өзгөртүү боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

  1. Жылалды айыл өкмөтүнүн аймагындагы Прогресс айылынын башкы планына ылайык квартал №5, участок №34 турак жай куруу үчүн берилген Хабибилаев Ислам Хабибилаевичке таандык 0,08 га жер тилкесинин багытын муниципалдык мечит куруу багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин. 
  1. Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармасы аталган жер тилкесине архитектуралык эрежелер боюнча мыйзам ченеминде уруксат берүү документтерди даярдап берүү жагы милдеттендирилсин. 
  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агентигинин алдындагы “Кадастр” мекемесинин Өзгөн филиалынан аталган жер аянтына муниципалдык ээлик кылуу укугун мыйзам чегинде каттап берүү жагы суралсын. 
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы:                                                    М.Акназаров

 

 

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү VIII сессиясынын 

ТОКТОМУ 

Жылалды айылы                                      №18                                       17-май 2022-жыл 

Жылалды айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү VIII сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

  1. Жылалды айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин. Жылалды айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын II, III, VI кварталындагы бюджетинин киреше бөлүгүнө мамлекеттик кайра бөлүштүрүү жеринин ижара акысынан 300,0 миң сомго, ата-энелер (родвзнос) төлөмүнөн 1217,2 миң сомго, киреше салыгынан 956,6 миң сомго, тамарка салыгынан 42,1 миң сомго, таштанды чыгаруу жыйымынан 21,1 миң сомго кошумча акча каражаты түшкөндүгүнө байланыштуу, чыгаша бөлүгүнө төмөндөгүдөй кошумча чектөө берилсин. 

Башкаруу аппараты                         статья-2215                            +619,0 миң сом

ЖКХ                                                  статья-2215                            +50,8 миң сом

Айыл чарба                                       статья-2215                            +650,0 миң сом

Бала бакча                                         статья-2218                            +1217,2 миң сом

 

  1. Жогорудагы токтомдун аткаруу жагы ФЭБнүн башчысы Н.Мырзабаевага милдеттендирилсин. 
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет, финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы:                                                    М.Акназаров

 

 

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү VIII сессиясынын 

ТОКТОМУ 

Жылалды айылы                                      №19                                       17-май 2022-жыл

 

Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылындагы Бекиев Тилек Алибаевичке таандык болгон мастерской жана навес ээлеген 0,11 га жер тилкесинин багытын турак жай куруу багытына өзгөртүү жөнүндө

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү VIII сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылындагы Бекиев Тилек Алибаевичке таандык болгон мастерской жана навес ээлеген 0,11 га жер тилкесинин багытын турак жай куруу багытына өзгөртүү боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

  1. Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылындагы Бекиев Тилек Алибаевичке таандык болгон мастерской жана навес ээлеген 0,11 га жер тилкесинин багытын турак жай куруу багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин. 
  1. Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармасы аталган жер тилкесине архитектуралык эрежелер боюнча мыйзам ченеминде уруксат берүү документтерди даярдап берүү жагы милдеттендирилсин. 
  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агентигинин алдындагы “Кадастр” мекемесинин Өзгөн филиалынан аталган жер аянтына муниципалдык ээлик кылуу укугун мыйзам чегинде каттап берүү жагы суралсын. 
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы:                                                    М.Акназаров

 

 

 

 

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү VIII сессиясынын 

ТОКТОМУ 

Жылалды айылы                                      №20                                       17-май 2022-жыл

 

Жылалды айыл өкмөтүнүн Жылалды айылындагы Пироев Юсупжанга  таандык болгон эски айыл өкмөтүнүн ордун приватташтырып алган 0,06 га жер тилкесинин багытын турак жай куруу багытына өзгөртүү жөнүндө

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү VIII сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн Жылалды айылындагы Пироев Юсупжанга  таандык болгон эски айыл өкмөтүнүн ордун приватташтырып алган 0,06 га жер тилкесинин багытын турак жай куруу багытына өзгөртүү боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Жылалды айыл өкмөтүнүн Жылалды айылындагы Пироев Юсупжанга таандык болгон эски айыл өкмөтүнүн ордун приватташтырып алган 0,06 га жер тилкесинин багытын турак жай куруу багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин. 
  1. Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармасы аталган жер тилкесине архитектуралык эрежелер боюнча мыйзам ченеминде уруксат берүү документтерди даярдап берүү жагы милдеттендирилсин. 
  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агентигинин алдындагы “Кадастр” мекемесинин Өзгөн филиалынан аталган жер аянтын мыйзам чегинде каттап берүү жагы суралсын. 
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

 

  

 

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы:                                                    М.Акназаров

 

 

 

 

 

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү VIII сессиясынын 

ТОКТОМУ 

Жылалды айылы                                      №21                                       17-май 2022-жыл

 

Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылындагы Ош-Бишкек трасса жолунун боюндагы элди тейлөө максатында май алмаштыруу үчүн ЖЧК “Жибек Жолу” убактылуу жер пайдалануучу Кимсанов Абылбекке берилген 0,02 га жер тилкесинин ижара мөөнөтү бүткөндүктөн, ижара мөөнөтүн узартуу жөнүндө 

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү VIII сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылындагы Ош-Бишкек трасса жолунун боюндагы элди тейлөө максатында май алмаштыруу үчүн ЖЧК “Жибек Жолу” убактылуу жер пайдалануучу Кимсанов Абылбекке берилген 0,02 га жер тилкесинин ижара мөөнөтү бүткөндүктөн, ижара мөөнөтүн узартуу боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

  1. Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылындагы Ош-Бишкек трасса жолунун боюндагы элди тейлөө максатында май алмаштыруу үчүн ЖЧК “Жибек Жолу” убактылуу жер пайдалануучу Кимсанов Абылбекке берилген 0,02 га жер тилкесинин ижара мөөнөтү бүткөндүктөн, ижара мөөнөтүн узартууга макулдук берилсин. 
  1. Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармасы аталган жер тилкесине архитектуралык эрежелер боюнча мыйзам ченеминде уруксат берүү документтерди даярдап берүү жагы милдеттендирилсин. 
  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агентигинин алдындагы “Кадастр” мекемесинин Өзгөн филиалынан аталган жер аянтына муниципалдык ээлик кылуу укугун мыйзам чегинде каттап берүү жагы суралсын. 
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы:                                                    М.Акназаров

 

p class=params-