Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XI сессиясынын

 

ТОКТОМУ

 

Жылалды айылы                                      №39                            14-сентябрь 2022-жыл

 

Жылалды айылдык кеңешинин кезектүү VI сессиясынын 20.01.2022-жылдагы №6 турак жай үй куруу үчүн жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү VI сессиясынын күн тартибиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтомунун, Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 2021-жылдын 21-декабрындагы №325 катынын негизине таянып, Жылалды айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондусунун мамлекеттик менчиктеги жеринен, жалпысы болуп 40,0 га жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан, калктуу конушка турак жай куруу үчүн “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча Жылалды айылдык кеңешинин кезектүү VI сессиясынын 20.01.2022-жылдагы №6 турак жай үй куруу үчүн жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө токтомунда белгиленген жер участокторунун контурлары, аянттары жана багыттары туура эмес көрсөтүлүп калгандыктан өзгөртүү киргизүү боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

  1. Жылалды айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондусунун мамлекеттик менчиктеги жеринен, жалпысы болуп 40,0 га жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан, калктуу конушка турак жай куруу үчүн “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча Жылалды айылдык кеңешинин кезектүү VI сессиясынын 20.01.2022-жылдагы №6 турак жай үй куруу үчүн жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө токтомунда белгиленген жер участокторунун контурлары, аянттары жана багыттары туура эмес көрсөтүлүп калгандыктан өзгөртүү киргизилсин.

Алар төмөндөгүлөр:

  1. Жылалды айылы боюнча жалпы-13,42 га жер тилкеси.

№415 контурдан-3,43 га (тутовник),

№425 контурдан-0,88 га (бадалдуу жайыт),

№426 контурдан-4,36 га (чөп чабынды),

№428 контурдан-1,35 га (жайыт),

№430 контурдан-1,50 га (кайрак айдоо),

№437 контурдан-1,60 га (кайрак айдоо),

№438 контурдан-0,30 га (тутовник).

  1. Кальта айылы боюнча жалпы-4,96 га жер тилкеси.

№267 контурдан-3,0 га (кайрак айдоо),

№268 контурдан-1,96 га (жайыт).

  1. Кальта айылынын Кара-Мия участкасы боюнча жалпы-11,42 га жер тилкеси.

№11 контурдан-2,0 га (кайрак айдоо),

№27 контурдан-1,10 га (жайыт),

№28 контурдан-4,72 га (кайрак айдоо),

№64 контурдан-1,80 га (кайрак айдоо),

№69 контурдан-1,80 га (чөп чабынды).

  1. Бото-Мойнок айылы боюнча жалпы-7,0 га жер тилкеси.

№98 контурдан-2,0 га (жайыт),

№99 контурдан-5,0 га (чөп чабынды).

  1. Прогресс айылы боюнча жалпы-3,20 га жер тилкеси.

№710 контурдан-1,50 га (там арка),

№365 контурдан-1,0 га (тутовник),

№572-а контурдан 0,70 га (кайрак айдоо). Жыйынтыгында белгиленген жер участокторунун контурлары аянттары жана багыттары төмөндөгүлөр менен алмаштырылсын.

  1. Жылалды айылы боюнча жалпы-13,42 га жер тилкеси.

№415 контурдан-3,43 га (тутовник),

№425 контурдан-2,19 га (жайыт),

№427 контурдан-2,55 га (кайрак айдоо),

№428 контурдан-1,35 га (жайыт),

№430 контурдан-1,0 га (кайрак айдоо),

№437 контурдан-1,60 га (кайрак айдоо),

№438 контурдан-1,30 га (кайрак айдоо).

  1. Бото-Мойнок айылы боюнча жалпы-9,0 га жер тилкеси.

№99 контурдан-9,0 га (чөп чабынды).

  1. Кальта айылы боюнча жалпы-14,38 га жер тилкеси.

№267 контурдан-14,38 га (кайрак айдоо),

  1. Прогресс айылы боюнча жалпы-3,20 га жер тилкеси.

№709 контурдан-1,50 га (тутовник),

№565 контурдан-1,0 га (тутовник),

№572-а контурдан 0,70 га (жайыт).

 

  1. Суралсын Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан жогорудагы алмаштырылган контурлардагы жалпы аянты 40,0 га жер аянтын калктуу конушка которууга (трансформациялоого) бекитип берүү жагы. 
  1. Суралсын Өзгөн райондук архитектура жана шаар куруу боюнча ишканасынан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттк агенттигинин алдындагы “Кадастр” мекемесинин Өзгөн филиалынан жер участокторун которуу (трансформациялоо) үчүн тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы. 
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

 

 

 

Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы:                                                    М.Акназаров

p class=params-