Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз
X сессиясынын
ТОКТОМУ
2022-жылдын 2-мартындагы № 48 Салам-Алик айылы
Кыргыз Республикасынын Президентинин үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумдарды эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча жарлыгын аткарууга алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумдарды эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча жарлыгын аткарууга алуу жана улуттук маданияттын баалуулуктарын коргоо,элдик каада салттарга сый мамиле кылууну калыптандыруу, жарандардын жашоо деңгээлин жана сапатын көтөрүүнүн кызыкчылыгын гана көздөп, элдин саламаттыгын жана адеп-ахлагын коргоону камсыз кылуу максатында Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдагы 24-февралындагы “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” Жарлыгы жетекчиликке алынсын
- Салам-Алик айыл өкмөтүнүн айылдарындагы каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке келтирүү боюнча үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобо бекитилсин (тиркелет №1)
- Аталган маселелерди калк арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү айыл башчыларга, имамдарга, мекеме уюмдун жетекчилерине, айылдык кеңештин депутаттарына жүктөлсүн
- Токтомду көзөмөлдөө жагы “Билим берүү, маданят, жаштар уюму, спорт, саламаттыкты сактоо жана социальдык маселелер, дин иштери тармактары” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым Б.Калмурзаева
Тиркеме № 1
Салам-Алик айылдык кеңешинин VII-чакырылыш кезектеги X-сессиясынын
2022-жылдын 2-мартындагы № 48 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасындагы үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумдарды эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө жарлыгына Салам-Алик айыл өкмөтүнүн
Жобосу
- Үй-бүлөлүк иш-чарларды, негизсиз чыгашаларды жоюуда жана ысырапкерчилике жол бербөө жөнүндө калк арасында кеңири маалыматтык түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен ашыкча чыгымдарды кыскартуу жана бөгөт коюу ашыкча салттары жоюуу.
- Маркумду акыркы сапарга узатуу, маркумду эскерүүдө кара-мал, жылкы союуга тыюуу салынат, сойуштун чектөөсү 2 койдон ашпашы керек.
- Салтанаттарды жана маркумду акыркы сапарга узатууга арналган иш чараларды жогоруудагы жобо менен жөнгө салуу иштерин ар бир айылда түзүлгөн туруктуу коммиссияга тапшырылат.
- Үйлөнүү үлпөт тойлорду өткөрүүдө жана башка мааракелерди өткөрүүдө ашыкча акча каражаты жумшалбайт жана тамак аштын жасалуусу кыскартылат.
- Маркум каза болгондогу анын бейшембилиги жоюлат жана катмы окутуу, жылдыгында, кырктыгында өзүнүн туугандарынын катышуусунда куран окутулат, бир же эки баш койдон ашыкча союлбайт.
- Маркумдун жылдыгын эскерүү күнүндө чоң мал, жылкы союлбайт, каада салтта жок катмы деген өткөрүлбөйт.
- Тойлордо, маркумдарды эскерүү күндөрүндө себет жасоо, кийит кийгизүү деген чыгымдарга жол берилбейт.
- Өзүмчүлдүктү көрсөткөн, адепсиздике, өзүм билемдикти камтыган башка жана бузуку иштерди жасаган атуулдарга Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарына ылайык жазаланат.
- Жогорудагы иш-чарларды аткаруу бардык жарандарга, айыл башчыларга, коомдук жана диний уюмдарынын өкүлдөрүнө, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге жайылтылат.
Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз
X сессиясынын
ТОКТОМУ
2022-жылдын 2-мартындагы № 49 Салам-Алик айылы
Жайыт пайдалануучулардын акы төлөөсү жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 4-пунктуна ылайык Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Салам-Алик айыл аймагынын жайыт пайдалануучулары үчүн ар бир шарттуу малдын башына 100-00 сомдон жайыт акы алынсын.
Тактап айтканда : Кой-эчкиге 20-00 сом;
Жылкыга 100-00 сом;
Кара малга 100-00 сом;
- Райондун аймактарынан келген жайыт пайдалануучулар үчүн ар бир баш шарттуу малдын башына 150-00 сомдон жайыт акы алынсын.
Тактап айтканда: Кой-эчкиге 30-00 сом;
Жылкыга 150-00 сом;
Кара малга 150-00 сом;
- Малчы чабанга мал баккандыгы үчүн эмгек акы:
Кара малга 300-00 сом;
Кой-эчкиге 85-00 сом;
- Элдин малын баккан малчы-чабандар жаз мезгилинде 15-апрелден кийин, жатакчылар 1-майдан кийин жайлоого көчүп чыгышсын.
- Элдин малын баккан малчы-чабандар күз мезгилинде 20-сентябрдан кийин, жатакчылар 10-сентябрдан кийин жайлоодон көчүп келишсин.
6.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Салам-Алик өкмөтүнүн жайыт комитетине милдеттендирилсин.
- Токтомду көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин айыл жана токой чарба тармактары боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрайым: Б.Калмурзаева
Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз
X сессиясынын
ТОКТОМУ
2022-жылдын 2-мартындагы № 50 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айылындагы муниципалдык эски мейманкананы жана анын айланасындагы 0,50 га жер участогуна ижара акысынын суммасын бекитүү жөнүндө
Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Салам-Алик айылындагы 72 чарчы метрди түзгөн мейманкананын имаратын 5-06-16-1001-0419-санду идентификациялык коду менен 0,50 га жер участогу Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-ноябрындагы №86 токтому менен ишкер Карашев Азимге 49 жылга убактылуу пайдаланууга ижарага берилген жана ошол эле убакта эки тараптуу келишим түзүлгөн. Келишимдин шарттарында имаратты өз эсебинен капиталдык ремонт жасагандыгы үчүн ижара акысы 5 жыл ичинде төлөбөөсү белгиленген же болбосо 2008-2012-жылдар үчүн төлөбөөсү белгиленген. 2013-жылдан азыркы мезгилге чейин ижарачы тарабынан эч кандай келишимдин шарттары аткарылган эмес. Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.С.Раматовдун жана райондук мекеме-уюмдардын жетекчилеринин катышуусунда болуп өткөн Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 22-февралында болуп өткөн жалпы элдик жыйында бул маселе жергиликтүү тургундар тарабынан маселе көтөрүлгөн. Ал жыйында Салам-Алик айылынын тургуну Бешимбаев Айтбай сөзгө чыгып, “Салам-Алик айылындагы ижарага берилген мейманкананын имаратын жана анын айланасындагы жер аянтын бир эле адамга сарай салдырбай, элге турак-жай салуу үчүн жер участок кылып элге бербейлиби”- деген сунушун берген. Бул маселени чечүү үчүн Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.С.Раматов жеринде чечүү үчүн Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Р.Сатыбалдыевке тапшырма берген. Айтылган тапшырманы аткаруу үчүн Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыев ижарачынын тиешелүү документтери (тиркелет) менен таанышып, маселени карап, ижара акысынын төлөнбөй келген ар бир жылдын суммасын бекитип берүү үчүн Салам-Алик айылдык кеңешине кайрылган.
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинин 2-пунктуна, 34-беренесинин 1, 4 жана 5-пункттарына жана 54-беренсинин 6-пунктуна ылайык Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Салам-Алик айылындагы муниципалдык мейманкананын имараты жана анын айлансындагы 0,50 га жер участогу 49 жылга убактылуу пайдаланууга ижарага берилген имаратынын жана жер аянты 2013-жылдан тартып ар бир жылдын ижара акысы 150000 (жүз элүү миң) сомго бекитилсин.
2.Сессияда бекитилген 2013-жылдан бери төлөнбөй келген ар бир жылдын ижара акысын, жер салыгын жана башка төлөмдөрдү төлөтүү жагы Салам-Алик айыл өкмтүнүн салык инспекторуна жана жер, турак-жай, комуналдык менчиктери жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адисине тапшырылсын.
3.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл кеңешинин “Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери” боюнча туруктуу коммиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Б.Калмурзаева
Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз
X сессиясынын
ТОКТОМУ
2022-жылдын 2-мартындагы №51 Салам-Алик айылы
Ара-Көл айылынын тургуну Эргешов Каныбеке Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ардактуу атуул наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктуна ылайык Ара-Көл айылынын тургуну Эргешов Каныбекти Салам-Алик айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамына көрсөтүү жөнүндө Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ара-Көл айылынын тургуну Эргешов Каныбеке Салам-Алик айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын
2.Токтомду көзөмөлдөө жагы “Билим берүү, маданят, жаштар уюму, спорт, саламаттыкты сактоо жана социальдык маселелер, дин иштери тармактары” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрайым Б.Калмурзаева
Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз
X сессиясынын
ТОКТОМУ
2022-жылдын 2-мартындагы № 52 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыевдин 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча аткарылган иштери жөнүндөгү отчёту жана 2022-жылга карата иш-милдетттери жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыевдин 2021-жылдын жыйынтык иштери жөнүндө отчету жана 2022-жылга карата милдеттери боюнча, Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыев 2021-жыл ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгы жана 2022-жылга милдетттери жөнүндөгү отчету канаттандырарлык деп табылсын
2.Токтомду көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрайым Б.Калмурзаева
Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз
X сессиясынын
ТОКТОМУ
2022-жылдын 2-мартындагы № 53 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2022-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренсинин 2-пунктуна ылайык Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2022-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү боюнча Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2022-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 483875-00 сомго, ал эми чыгаша бөлүгү 483875-00 сомго бекитилсин (Тиркеме №1)
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Финасы,экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция” маселери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым: Б.Калмурзаева
Тиркеме № 1
Салам-Алик айылдык кеңешинин
7-чакырылыш кезектеги 10-сессиясынын
2022-жылдын 2-мартындагы № 53 токтому
менен бекитилген.
Салам-Алик жайыт комитетинин 2022-жылга бекитилген киреше бөлүгүнүн сметасы.
Кат ар №
|
Малдын түрү |
Саны |
Которуу коефициенти |
Шартуу малдын башы |
Жайыт акысы |
Суммасы ( сом). |
1 |
Кой-эчки |
9500 |
0,2 |
1900 |
20 |
123500 |
2 |
Жылкы |
1200 |
1,0 |
1200 |
100 |
78000 |
3 |
Кара мал |
3975 |
1,0 |
3975 |
100 |
258000 |
|
Жалпы шарттуу малдын башы жана кирешенин жыйындысы |
|
|
|
|
459875 |
Жайыт ресурстарын башка максатта пайдалануу: мунун ичинде:
1 |
Чөп ормо |
|
|
|
|
6000-00 |
2 |
Бал челек үчүн |
|
|
|
|
5000-00 |
3 |
Сугат |
|
|
|
|
3000-00 |
4 |
Ит мурун, жаңгак, маданий бак. |
|
|
|
|
10000-00 |
5 |
Туристтик эс алуучу жайларды уюштургандыгы үчүн |
|
|
|
|
0 |
|
Жыйынтыгы |
|
|
|
|
24000-00 |
|
Кирешелердин жыйындысы |
|
|
|
|
483875-00 |
Салам-Алик жайыт комитетинин 2022-жылга карата чыгаша бөлүгү.
Катар № |
Чыгымдардын аталышы |
Саны |
Наркы |
Суммасы |
1 |
Төраганын эмгек акысы |
12 |
6000 |
72000-00 |
2 |
Бухгалтер |
|
|
|
3 |
Жардамчы жумушчулар: Салыкчы 1 адам |
6 |
6000 |
36000-00 |
4 |
Соц.фондко тълъм, эмгек акыдан. |
|
|
29430-00 |
5 |
Иш жабдыктарына канц.товар. |
|
|
6000-00 |
6 |
Жайыт инфраструктурасын жакшыртууга |
|
|
85493-00
|
7 |
1-3 айыл ъкмът эсебине |
|
|
133000 |
7 |
Жайыттын жер салыгына |
|
|
83432-00 |
8 |
Иш сапар чыгым |
12 |
1600 |
19200-00 |
9 |
Телефон |
12 |
360 |
4320-00 |
10 |
Ар түрдүү чыгым |
|
|
15000-00 |
|
Бардыгы |
|
|
483875-00 |
Салам-Алик жайыт комитетини төрагасы Ш.Кунаев
Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз
X сессиясынын
ТОКТОМУ
2022-жылдын 2-мартындагы № 54 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн Ак-Терек айылынын кудук участкасындагы магазинди намазкана багытына өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 1-беренесинин 23-пунктунун негизинде Салам-Алик айыл өкмөтүнүн Ак-Терек айылынын кудук участкасындагы магазинди намазкана багытына өзгөртүү үчүн Ак-Терек айылынын тургуну Бөрүбаев Махмуджандын арызын карап Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Салам-Алик айыл өкмөтүнүн Ак-Терек айылынын Кудук участкасындагы 1995-2000-жылдарда иштеген магазин намазкана багытына өзгөртүлсүн
2.Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу жагы “Айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым: Б.Калмурзаева
Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз
X сессиясынын
ТОКТОМУ
2022-жылдын 2-мартындагы № 55 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 15-Жаш айылынын Шыргыма участогуна суу келбегендигине байланыштуу каналды тазалоо жана суу чыгаруу жөнүндө
15-жаш айылындагы Шыргыма участогуна суу келбегендигине байланыштуу айдоо жерлерине мөмө- жемиш, бак-дарак өстүрүү үчүн жашоочуларынын кайрылуусунун негизинде Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Салам-Алика айыл өкмөтүнө караштуу 15-Жаш айылынын Шыргыма участогуна канал менен суу алып келүү үчүн акча каражат жагынан жардам берүүгө жана смета түзүлүүсү Салам-Алик айыл өмөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыевге милдеттендирилсин
2.Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу жагы “Айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым: Б.Калмурзаева
Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз
X сессиясынын
ТОКТОМУ
2022-жылдын 2-мартындагы № 56 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Салам-Алик айылынын тургуну Курманбаева Маликенин кайрылуусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктуна ылайык Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Салам-Алик айылынын тургуну Курманбаева Маликенин үйү жолдун боюнда жайгашкандыгына байланыштуу жүк ташуучу машина көп өтүп, үйү жарылып кеткен, себеби ал жерде машинанын ылдамдыгын азайтуучу полицейский жайгашкан, ошол полицейскийди алып салуу үчүн Салам-Алик айылдык кеңешини
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1/Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Салам-Алик айылынын тургуну Курманбаева Маликенин үйү жолдун боюнда жайгашкандыгына байланыштуу жүк ташуучу машина көп өтүп, үй жарылып кеткен, себеби ал жерде машинанын ылдамдыгын азайтуучу полицейский жайгашкан, ошол полицейскийди алып салуу үчүн ДЭП 5 жол тейлөө кызматы мекемесинен суралсын/
- Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу жагы “Айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым Б.Калмурзаева
Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз
X сессиясынын
ТОКТОМУ
2022-жылдын 2-мартындагы № 57 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл өкмөтүнөн балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нике күбөлүк жана паспортун берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министирлигине караштуу калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти (мындан ары департамент) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 “Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү келишимин аткарууга алуу максатында Салам-Алик айыл өкмөтүнөн балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нике күбөлүк, паспортун алуу үчүн жана документтерди берүү боюнча Салам-Алик айыл өкмөтүнүн адиси Калдаров Бекназардын билдирүүсү боюнча Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Салам-Алик айыл өкмөтүнөн балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нике күбөлүк, паспортун берүү үчүн жана башка тиешелүү документтерди берүүгө жана даярдоого, калкты каттоого алуу иштери аткарууга алынсын.
2.Токтомду көзөмөлдөө жагы “Билим берүү, маданят, жаштар уюму, спорт, саламаттыкты сактоо жана социальдык маселелер, дин иштери тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым Б.Калмурзаева
Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз
X сессиясынын
ТОКТОМУ
2022-жылдын 2-мартындагы № 58 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу ашыкча каша катары пайланууга берилген жерлерди 0,01 га жердин арендасын 50 сомго көтөрүү жөнүндө
Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу ашыкча каша пайланууга берилген жерлерди 0,01 га жердин арендасын 50 сомго көтөрүү үчүн Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыевдин оозеки сунушун карап Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу ашыкча каша катары пайланууга берилген жерлердин 0,01 га жердин аренда акысы 50 сомго көтөрүлсүн.
- Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу жагы “Айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым Б.Калмурзаева
Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз
X сессиясынын
ТОКТОМУ
2022-жылдын 2-мартындагы № 59 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ФЭБ нүн башчысы К.Нуралиева 2021-жылдын бюджетинин киреше жана чыгыша бөлүктөрүнүн аткарылышынын жыйынтыгы жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ФЭБ нүн башчысы К.Нуралиеванын 2021-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышын бекитүү боюнча Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Салам-Алик айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2021-жылдын ичинде киреше бөлүгүнүн суммасы 18 377,0 (он сегиз миллион үч жүз жетимиш жети миң) сом суммасында, ал эми чыгаша бөлүгүгүнүн аткарылышы 17 144,7 (он жети миллион бир жүз кырк төрт миң жети жүз) сом суммасында бекитилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Финасы,экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым Б.Калмурзаева
Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз
XI сессиясынын
ТОКТОМУ
2022-жылдын 8-апрелиндеги № 60 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Салам-Алик айылынын тургуну Балбыров Талантбекдин арызын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 5-пунктунун жана Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 27-беренесинин 1-пунктуна таянып Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Салам-Алик айылынын тургуну Балбыров Талантбекке сайдын боюнан жараксыз жерден балык чарбачылыгын уюштуруу үчүн Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Салам-Алик айылынын Мазар-Талаа участкасынын Жазы дарыясынын жээгинен балык чарбасын өстүрүү үчүн Салам-Алик айылынын тургуну Балбыров Талантбекке сайдын боюнан жараксыз жерден 3.0 га жер 5 жылдык мөөнөткө убактылуу ижарага берилсин.
2.Ижарага берүү боюнча келишим түзүү жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
- Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу жагы “Айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым Б.Калмурзаева
Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз
XI сессиясынын
ТОКТОМУ
2022-жылдын 8-апрелиндеги № 61 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл аймагынан сырткаркы малдарга кирүүгө тыюу салуу жөнүндө
Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу жайыттардын талкаланып жаткандыгына байланыштуу Салам-Алик айыл аймагынан сырткаркы малдарга кирүүгө тыюу салуу үчүн Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу жайыттардын талкаланып жаткандыгына байланыштуу 2022-жылдан тартып Салам-Алик аймагынын карамагындагы жайыттарга башка жактын мал-жандыктарын киргизүүгө тыюу салынсын
2.Токтомдун аткарылышы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыевге жана Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жайыт комитенин төрагасы Кунаев Шухратка милдеттендирилсин
3.Токтомду аткарууга албай өз алдынча малчылар менен келишим түзсө жана сыртттан мал алып кирүүгө уруксат берсе, жайыт комитетинин төрагасы Кунаев Шухраттан укук коргоо органдары тарабынан жоопкерчилике тартылат
- Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу жагы “Айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым Б.Калмурзаева
Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз
XI сессиясынын
ТОКТОМУ
2022-жылдын 8-апрелиндеги № 62 Салам-Алик айылы
Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу “Пионер лагерь” жайгашкан жерди муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө
Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу “Пионер лагерь” жайгашкан жер участогун Салам-Алик айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 16-декабрындагы № 827-сандуу токтомунун, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин № 4,13,44-беренелеринин, Эл депутаттарынын Өзгөн райондук аткаруу комитетинин 1990-жылдын 26-мартындагы № 78-4 сандуу чечиминин, мурунку “Кыргызстандын 50 жылдыгы” атындагы совхозун кайра уюштурууда совхоздун мүлктөрүн инвентаризациялоо баалоо жана кайрадан эсептөө жөнүндөгү комиссиясынын 1995-жылдын 1-июнундагы түзүлгөн актысынын негизинде, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 1-жана 5-пункттарына ылайык Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Салам-Алик айылындагы “Пионер лагерь” жайгашкан факт жүзүндөгү 3,60 га жер аянты Салам-Алик айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүлсүн
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары кызматынын алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынан жогорудагы “Пионер лагерь” жайгашкан факт жүзүндөгү 3,60 га жер тилкесин мамлекеттик каттоого алуу жана жер участогун мөөнөтсүз пайдалануу укугу жөнүндө Мамлекеттик акт берүү жагы суралсын
3.Тиешелүү юридикалык документтерди даярдап ишке ашыруу жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
- Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу жагы “Айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым Б.Калмурзаева