Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (V  чакырылыштагы ) депутаттарынын        

                                       кезектеги XXVII сессиясынын

                                                       

                                                     Т О К Т О М У

16.02.2016-жыл.                              №165                       Мырза-Аке айылы

 

Жеке менчик турак жай салууга жер аянтын берүү жөнүндө.

 

 

         Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн аймагында жашап жаткан атуулдардын жеке менчик турак жай салууга муктаждыктарын чечүү үчүн айыл өкмөтүнүн сунушунун Мырза-Аке айылдык кеңешинин айыл чарба, суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуукомиссиясынын корутунду сунушун жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-25-беренесин жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңеши

                                                  Т О К Т О М   К  Ы Л А Т :

  1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн аймагында жашап жаткан атуулдардын жеке менчик турак жай салууга муктаждыктарын чечүү максатында Мырза-Аке – Кара-Кулжа автожолунун оң жана сол жактарынан жалпы 26,8га жер аянты бөлүнүп берилсин.

 2. Бабыр айылынын атуулдарына жеке менчик турак жай салуу үчүн Бабыр айылынын батыш тарабынан 7,2га жер аянты бөлүнүп берилсин.

 3. Жогорудагы көрсөтүлгөн жер аянттарынын башкы планын жана керектүү иш кагаздарын түзүп берүү жагы Өзгөн райондук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынын башчысы Сатыбалдыевден суралсын.

 4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Мырза-Аке айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Тынай уулу Бакытка милдеттендирилсин.

 

 

 

 

Айылдык Кеңештин төрагасы:                                                      А.Кимсанов                          

p class=params-