Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (V чакырылыштагы ) депутаттарынын
кезектеги XXVII сессиясынын
Т О К Т О М У
16.02.2016-жыл. №164 Мырза-Аке айылы
КР Өкмөтүнө караштуу геология жана
минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик
агентигинин №753СЕ лицензиясы жөнүндө.
Айыл, суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын, Финансы, экономикалык бюджет жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсү угуп жана талкуулап, Мырза-Аке айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
- Лицензиялык макулдашуу 22.12.2014-ж №3, 753СЕ лицензиясынын жана КР «Жер казынасы жөнүндө» Мыйзамынын 9-беренесинин негизинде Мырза-Аке айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Дөбө жайлоосуна өз ишмердүүлүгүн баштоого уруксат берилсин.
2. Суралсын Өзгөн райондук мамлекеттик каттоо башкармасынан жерге тиешелүү документти берүү жагы.
3. ОсОО «Кара-Дөбө» ишканасы менен келишим түзүү жана чечимди бекитип берүү Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Мырзакуловко милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Б.Тынай уулуна милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы: А.Кимсанов