Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (V чакырылыштагы ) депутаттарынын
кезектеги XXVII сессиясынын
Т О К Т О М У
16.02.2016-жыл. №166 Мырза-Аке айылы
Эски Кырмандын бош жаткан жер аянтын келечекте социалдык обьектилердин курулушу үчүн калтыруу жөнүндө
Айыл, суу чарба, өнөр-жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча комиссиясынын, Социалдык маселелер, жаштар жана дин иштери боюнча комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
- Эски Кырмандын бош жаткан 1га жер аянты келечекте социалдык обьектилердин курулушу үчүн калтырылсын.
2. Бош жаткан аянтка таштанды таштатпай, өз деңгээлинде таза кармоо Мырза-Аке Тазалык ишканасына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Тынай уулу Бакытка милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы: А.Кимсанов