Куршаб айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) I уюштуруу

сессиясынын отурумунун

 

ТОКТОМУ

 

2021-жылдын 17-майы                                   № 1                                   Куршаб айылы

 

 

Куршаб айылдык Кеңешинин чакырылышынын төрагасын шайлоо жөнүндө

 

            Куршаб айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) I-уюштуруу сессиясынын отуруму Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык жана Куршаб айылдык Кеңештин депутаттарынын жашыруун добушунун негизинде  Куршаб айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) 1-отуруму

  

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

 

  1. 1. Куршаб айылдык Кеңешинин I-уюштуруу сессиясынын эсептөө комиссиясынын 17.05.2021жылдагы № 2 протоколу бекитилсин. 
  1. Жумаев Байыш Эркебаевич - Куршаб айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайлансын. 

 

 

 

 

 

            Төрага:                                                                                              Жумаев Б.Э.

 

 

 

 

 

 

 

 

Куршаб айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) I уюштуруу сессиясынын отурумунун

                                              

ТОКТОМУ

 

2021-жылдын 17-майы                                   № 2                                     Куршаб айылы

 

Куршаб айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө

 

            Куршаб айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) I-уюштуруу сессиясынын отуруму Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык жана Куршаб айылдык Кеңештин депутаттарынын ачык добушунун негизинде  Куршаб айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) 1-отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. 1. Куршаб айылдык Кеңешинин депутаттарынын ачык добушу менен көпчүлүк добушка ээ болгон айылдык Кеңештин депутаты Атчабаров Нурсултан Макамбаевич Куршаб айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары болуп бекитилсин. 

 

 

 

           Төрага:                                                                                                Жумаев Б.Э.

 

 

 

 

 

 

 

Куршаб айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) II- отурумунун

 

ТОКТОМУ

 

2021-жылдын 27-майы                                № 3                                      Куршаб айылы

 

 

Куршаб айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын структурасын бекитүү жөнүндө 

            Куршаб айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) II-уюштуруу сессиясынын отуруму Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 32-беренесине ылайык Куршаб айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) туруктуу комиссияларын түзүү жөнүндө сунушун карап чыгып Куршаб айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) II отуруму 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

  1. 1. Куршаб айылдык Кеңешинин алдында төмөндөгүдөй туруктуу депутаттык комиссиялар түзүлсүн:

            -  «Финансы, бюджет, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча» туруктуу комиссия; 

           - «Турак жай, өнөр жай, курулуш, жер, жерге жайгаштыруу боюнча» туруктуу комиссия; 

           - «Социалдык маселелер, гендер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият (каада салт, дин, тил), жаштар саясаты жана спорт боюнча» туруктуу комиссия;          

             - «Айыл чарба, суу чарба, мелорация, экология, ветеринардык кызмат жана жайыт боюнча» туруктуу комиссия;          

            - «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, тартипти чыңдоо боюнча» туруктуу комиссия..     

           - «Энергетика, транспорт, байланыш, таза суу, комуналдык чарба боюнча» туруктуу комиссия.        

  1. Туруктуу депутаттык комиссиялардын курамы төмөнкүдөй бекитилсин:

- Финансы, бюджет, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын курамы:

1.Сабытбек уулу Бактыяр

2.Мадымаров Айбек         

3.Абдиллаев Эшат

4.Узакова Асел

5.Чолпонкулова Жумагул

 

-«Турак жай, өнөр жай, курулуш, жер, жерге жайгаштыруу боюнча» туруктуу депутаттык комиссиянын курамы:

1.Шермаматов Курстан

2.Бекатов Шайрбек

3.Кыпчакбаев ­Афтандил

4.Жороева Уулкан

5.Пазылов Нурсултан

 -«Социалдык маселелер, гендер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият (каада салт, дин, тил), жаштар саясаты жана спорт боюнча» туруктуу депутаттык комиссиянын курамы:

  1. Полотов Бекназар
  2. Женишова Гулзат
  3. Турдиева Рыскан
  4. Мамасадыков Казыбек
  5. Юдина Валентина Андреевна

 

- «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, тартипти чыңдоо боюнча» туруктуу депутаттык комиссиянын курамы:

1.Бакыев Улук

2.Каримова Айчүрөк

3.Амиракулов Нияз

4.Жоробеков Жениш

5.Мусурманкулова Гулнар

 

- «Энергетика, транспорт, байланыш, таза суу, комуналдык чарба боюнча» туруктуу депутаттык комиссиянын курамы:

1.Бусурманкулова Эльмира

2.Мадымаров Тынчтык

3.Толошев Тилек

4.Эрматова Гулнура

- «Айыл чарба, суу чарба, мелорация, экология, ветеринардык кызмат жана жайыт боюнча» туруктуу депутаттык комиссиянын курамы:

1.Муратбаев Салибай

2.Каратаева Арзикан

3.Сатыбалдиев Шайырбек

4.Ахунов Тажидин

5.Кармышаков Эдил

  1. Куршаб айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) структурасы – Куршаб айылдык кеңешинин төрагасы, 1 орун басары, 6 туруктуу комиссиясы жана кеңештин катчысынан турушу бекитилсин.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырамын.

 

 

 

 

 

       Төрага:                                                                                                   Жумаев Б.Э

 

Куршаб айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын)  II  отурумунун 

ТОКТОМУ

 

  2021-жылдын 27-майы                                  № 4                                  Куршаб айылы

 

Куршаб айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын)Регламентин иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүү жөнүндө

 

Куршаб айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) II- отуруму Куршаб айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) Регламентин иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүү жөнүндө маселени карап чыгып Куршаб айылдык Кеңештин депутаттарынын ачык добушунун негизинде  Куршаб айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) II-отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Куршаб айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) Регламентин иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун сандык курамы 13 депутаттан түзүлсүн.
  2. Куршаб айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) Регламентин иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ төмөнкү депутаттардын курамынан түзүлсүн:
  3. Полотов Бекназар
  4. Шермаматов Курстан
  5. Сабытбек уулу Бактыяр
  6. Бакыев Улук
  7. Муратбаев Салибай
  8. Бусурманкулова Эльмира
  9. Юдина Валентина Андреевна
  10. Каримова Айчүрөк
  11. Ахунов Тажидин
  12. Жоробеков Жениш
  13. Жороева Уулкан
  14. Сатыбалдиев Шайырбек
  15. Атчабаров Нурсултан
  16. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, регламент, этика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин..

 

 

 

       Төрага:                                                                                                      Жумаев Б.Э

 

Куршаб айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) III отурумунун 

ТОКТОМУ

 

2021-жылдын 30-июлу                                № 5                                     Куршаб айылы.

 

Куршаб айылдык кеңешинин 2021-жылга  иш планын  бекитүү  жөнүндө

 

       Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык Куршаб айылдык кеңешинин  2021-жылга  иш планын  бекитүү  жөнүндө маселени айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын иш планынын негизинде  алдын ала карап,  талкуулап чыгып  Куршаб  айылдык    Кеңешинин (жетинчи  шайланган)  III - кезексиз  сессиясы

                          

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

  1. Куршаб айылдык кеңешинин 2021-жылга иш планы атайын тиркемеге ылайык  бектилсин.(тиркеме тиркелет) 
  1. Бекитилген Куршаб айылдык кеңешинин 2021-жылга иш планын өз мөөнөтүндө аткаруу жагы Куршаб айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин. 
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына  жүктөлсүн. 

 

 

    Төрага:                                                                                                   Жумаев Б.Э 

 

 

 

Бекитемин

Куршаб  айылдык  кеңешинин 2021-жылдын

30.07.2021-ж. №5 токтомуна тиркеме

                                                                                                                                                                              

Куршаб  айылдык  кеңешинин төрагасы

   __________      Жумаев Б.Э

 

Куршаб айылдык кеңешинин 2021-жыл үчүн

иш планы

 

 

                          

 

 

 

 

 

 

 

Иш чаранын мазмуну милдеттер

 

Аткаруу

мөөнөтү

Аткаруучулар, жооптуулар, иш- чаралар

 

Баяндамачылар

1.

Айылдык  кеңештин 2020-жыл үчүн иш планын бекитүү

2021-жыл

1-квартал

Айылдык кеңештин төрагасы жана  айылдык кеңештин жооптуу катчысы

жооптуу катчы

2.

Куршаб  айыл аймагын социалдык-экономика-

лык жактан өнүктүрүүнүн 2020-жыл үчүн  программасын (иш планын)  бекитүү.

 

2021-жыл 1-квартал 

Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы .

 

Катчы,

3.

Куршаб борбордук базардын айыл тургундарын сапаттуу тейлөөдө жүргүзгөн иштери жана базар айланасында автоунаа токтоочу жайлар дын мыйзамдуулугу жөнүндө (келишимдерин карап чыгуу)

2021-жыл,

1-квартал

Мыйзамдуулук,укук,тартипти чыңдоо, Регламент, этика боюнча туруктуу комиссиясы, Куршаб айыл өкмөтү

Айыл өкмөт башчысынын орун басары

4

Жазгы талаа иштерин дан эгиндерин өз убагында  эгүүнү камсыз кылуу максатында уюштуруу

2021-жыл,

1-квартал

Айыл чарба, суу чарба,мелорация, экология, ветеринардык кызмат жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясы, Куршаб айыл өкмөтүнүн жер адиси.

 

Куршаб  айыл өкмөтүнүн жер адиси

5.

Куршаб  айыл аймагындагы маданият үйүнүн, китепкананын, А.Сүйүнбаев атындагы балдар музыкалык мектебинин калкты тейлөөдөгү, ишмердүүлүгү жана өнүктүрүү планы

2021-жыл

2-квартал

«Билим берүү,саламаттыкты сактоо,социалдык маселелер (тил,каада-салт,дин) боюнча туруктуу комиссия»,айыл өкмөт

түнүн соцадиси

 

 

Маданият үйүнүн жетекчи

си, А.Сүйүнбаев атындагы балдар музыкалык мектебинин директору

6.

 Бюджеттин 2019-жылдагы кирешелер жана чыгашалар боюнча 6 айлык планынын аткарылышы жөнүндө

2021-жыл,

 июль

Финансы-бюджет, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча  туруктуу комиссия, Куршаб айыл өкмөтүнүн ФЭБбашчысы-башкы эсепчи)

 

 Куршаб айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлү-

мүнүн башчысы башкы эсепчи)

 

 

7.

Куршаб  айыл аймагында  жайгашкан  почта, телеком, РЭТтин бөлүмчөлөрүнүн аткарып жат

кан иштери жана алдыдагы  милдеттери

2021-жыл,

1-4-квартал

Энергетика, транспорт, байланыш,таза суу, комуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясы: Мыйзамдуулук, укук,тартипти чыңдоо, Регламент, этика боюнча туруктуу  комиссиясы:

 

 

Айыл  өкмөт башчы сынын орун басары почта, телеком, РЭТтин бөлүмчөлөрүнүн башчылары

8.

Коомдук бюджеттик угууларды өткөрүү,

депутаттык окууларды  өткөрүү

Жыл ичинде

Кеңештин төрагасы,Финансы, бюджет,экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча»туруктуу комис-

сия, Куршаб айыл өкмөтү

Айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары,айылдык

 кеңештин

жооптуу катчысы

 

9.

Жарандардын кайрылууларына ылайык тейлөө

лөр (жол оңдоо,  ичкен суу,таштанды чыгаруу

 жана  жашылдандыруу,жарык менен камсыз дандыруу ж.б.)боюнча депутаттык угууларды өткөрүү  (депутаттык саат, депутаттык  күн), протоколдук тапшырмалардын  аткарылуу  жүрүшүн ж.б. маселелерди  коргоо жана алар

боюнча чечимдерди  кабыл алуу

Жыл ичинде

Туруктуу  комиссиялардын  төрагалары

Айылдык кеңештин

төрагасынын орун басары, айылдык

 кеңештин жооптуу катчысы

 

10.

Депутаттардын  атуулдук  коомдордун активде

ри менен  тегерек  столдо жолугушуусун  уюш-

туруу

Жыл ичинде

 

Кеңештин төрагасы, туруктуу комиссиялар

 

11.

Депутаттардын  шайлоочулар менен жолугушуу

су (отчету)

Жылына                 кеминде

бир  жолу

Кеңештин төрагасынын орун басары,туруктуу комиссиялар

 

Айыл башчы, депутаттар.

12.

Айыл өкмөтүнүн жылдык отчетун элдик курултайда угуу

Жылына              бир жолу

Кеңештин төрагасы,

Айыл  өкмөтүнүн башчысы

Айыл өкмөтүнүн башчысы

13

Куршаб  айыл аймагында  жайгашкан ДЭП- 956 ишканасынын айыл өкмөтүнө  тийиштүү жолдор ду  оңдоп түзөөдө  жасаган,көмөктөшкөн иште ри жөнүндө

2021-жыл,

1-4-квартал

Мыйзамдуулук,укук,тартипти чыңдоо, Регламент, этика боюнча туруктуу комиссиясы: Айыл өкмөт башчысынын орун басары.

ДЭП- 956 ишканасынын жетекчиси

14

Алтынчы  чакырылыштагы  Куршаб айылдык кеңеши тарабынан кабыл алган чечимдеринин аткарылышы жөнүндө

2021-ж

Ар кварталда

Туруктуу комиссиялардын төрагалары Айылдык кеңештин

төрагасынын орун басары, Кеңештин жооптуу катчысы

 

Куршаб айыл өкмөтү

15

Куршаб  айыл аймагына караштуу  үрөөнчүлүк чарбалардын «Алтын Дан, К.Чаргынов атын.) 2020-жылдын жазгы, күзгү айдап  себүүгө айыл тургундарын сапаттуу үрөөн менен камсыз кылууда аткарып жаткан иштери жөнүндө

2021-жыл,

1-квартал

Айыл чарба, суу чарба, мелорация,экология,ветери-

нардык кызмат жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясы

 

 

Куршаб  айыл өкмөтүнүн жер адиси

 

16

 

Жайыт комитетинин 2019-жылда аткарган иштери жана бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету жана 2020-жыл үчүн бюджетин  жана иш планын бекитүү  жөнүндө Жайлоого  кетүүчү мал жандыктар үчүн  тарифтик  өлчөмүн бекитүү

 

 

2021-жыл,

1-квартал

 

Энергетика, транспорт, байланыш,таза суу, комуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясы:

 

Финансы бюджет, эконмикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча  туруктуу комиссия

 

Мыйзамдуулук, укук,тартипти чыңдоо, Регламент, этика боюнча туруктуу  комиссиясы:

 

 

Айыл өкмөттүн жайыт боюнча адиси

17

Мал жандыктарды алдын ала эмдөө жана ветеринардык көзөмөлдөн өткөрүү боюнча тарифтик  өлчөмдөрүн бекитүү

2021-жыл,

1-квартал

Куршаб  айыл өкмөтүнүн ветадиси

18

Куршаб айыл аймагынын калкын таза суу менен камсыз кылуунун абалы «Куршаб  таза-суу» Куршаб тазалык коммуналдык чарбанын, Куршаб СПА муниципалдык ишканаларынын Куршаб айыл өкмөтүнүн тургундарын тейлөөдө көрсөтүп жаткан иштерин таза суу менен камсыз кылууда 2019-жылда аткарган иштери, жыл ичинде финансылык кыймылы киреше, чыгаша жана 2020-жылда аткарылуучу  иш чаралар жана алдыдагы  милдеттер жөнүндө отчету

2021-жыл,

1-4-квартал

Ишканалардын жетекчилери

19

Өзгөн РИИБнин Куршаб  аймактык  милиция бөлүмчөсүнүн жана Куршаб  айыл өкмөтүнүн коомдук  алдын алуу борборунун Куршаб  айыл аймагы боюнча 2018-2019-жылда кылмыштуу

лукту алдын-алуу,коомдук тартипти сактоо

боюнча жүргүзүп жаткан иштери жана  алдыдагы милдеттери 

2021-жыл

 2-4- квартал

Мыйзамдуулук,укук,тартипти чыңдоо, Регламент, этика боюнча туруктуу комиссиясы: Кеңештин төрагасынын орун басары, жооптуу катчы. Туруктуу комиссиянын төрагалары

 

Куршаб аймактык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы

20

 

 

Куршаб  айыл аймагынын тургундарынын паспорт менен камсыз кылууда Өзгөн райондук паспорт жана виза каттоо бөлүмүнүн Куршаб бөлүмчөсүнүн жүрүгүзүп жаткан иштери жөнүндөгү отчету

 

Жыл

 ичинде

 

Паспорт жана виза каттоо бөлүмчөсүнүн башчысы

21

Айылдык  кеңештин депутатынын жана кеңеш тин туруктуу комиссияларынын ишмердүүлүгү жана алдыдагы  милдеттери жөнүндө.Эгерде зарылдык  жаралса депутатын ыйгарым укуктарын  мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

2021-жыл

4-квартал

Кеңештин төрагасынын орун басары, жооптуу катчы

22

 Бюджеттин 2020-жылдагы кирешелер жана чыгашалар боюнча 9 айлык планынын аткарылышы жөнүндө

2021-жыл,

 Сентябрь

Финансы-бюджет, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча  туруктуу комиссия, Куршаб айыл өкмөтүнүн ФЭБбашчысы-башкы эсепчи)

 

 Куршаб айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлү-

мүнүн башчысы башкы эсепчи)

 

 

 

23

Саламаттыкты сактоо мекемелеринин: Ж.Токторбаев атындагы Куршаб ооруканасынын жана «Куршаб /БД»борборунун калкты тейлөө

дө аткарып жаткан иштери жөнүндө

2021-жыл,

2-4-квартал

Билим берүү, саламаттыкты  сактоо,  социалдык маселе-

лер,  маданият каада салт, дин, тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясы:

 

 

Айыл өкмөтүнүн соц адиси,

24

Социалдык тармактагы мекемелердин жаңы окуу жылына жана  кышка даярдыгы жөнүндө

2021-жыл,

3-квартал

 

25

Куршаб  айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бюджети

нин кирешелер жана чыгашалар боюнча бекитүү

2021-жыл 

декабрь

Куршаб айыл өкмөт башчы, айылдык кеңештин  финансы

бюджет боюнча туруктуу комиссиясы, башкы эсепчи

Куршаб айыл өкмөтү

26

Куршаб  айыл аймагындагы ветсервистердин ишмердүүлүгү жөнүндө

2021-жыл,

3-квартал

Айыл чарба, суу чарба, мелорация, экология, ветеринардык кызмат жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясы:

 

 

Ишкананын башчылары

                   

 

                                                                

 

                          Куршаб  айылдык кеңешинин катчысы:                                                    Токтобаев А.

 

 

 

 

 

 

 

Куршаб айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын)  III- отурумунун

 

ТОКТОМУ

 

2021-жылдын 30-июлу                               № 6                                      Куршаб айылы

 

Куршаб айылдык кеңештин регламентин бекитүү жөнүндө

 

          Күн тартибиндеги   Куршаб  айылдык  Кеңешинин  (жетинчи шайланган)  кезексиз  III отуруму  Куршаб  айылдык  Кеңешинин  Регламентин бекитүү жөнүндөгү маселени карап, талкуулап  Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү » мыйзамынын 31-берене 11-пунктунун  негизинде Куршаб айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Куршаб айылдык  Кеңешинин  Регламенти алымча кошумча түзөтүүлөр менен

бектилсин. 

  1. Бекитилген Куршаб  айылдык  Кеңешинин  Регламентин даярдап таркатуу жагы

       кеңештин катчысына жүктөлсүн. 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун

басары Атчабаров Нурсултанга  жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

           Төрага:                                                                                              Жумаев Б.Э 

 

 

 

 

 
 

Куршаб  айылдык кеңешинин 2021-жылдын 30-июль  №6-токтому менен бекитилген.

 

 

  

 

КУРШАБ  АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН РЕГЛАМЕНТИ

 

  1. Жалпы жоболор

1.1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Мыйзамдарына ылайык айылдык Кеңеш (мындан ары - Кеңеш) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат. 

Куршаб айылдык Кеңешинин туруктуу жайгашкан жери – Куршаб айыл өкмөтүнүн имараты болуп саналат жана курамы 4 жылдык мөөнөткө шайланган 31 депутаттан турат. Зарыл учурларда төраганын чечими жана туруктуу комиссиялардын сунушу боюнча айылдык Кеңештин сессиялары (жыйналыштары) башка жерде өткөрүлсө болот.

Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Мыйзамдарын, жергиликтүү жамаатынын Уставын, ошондой эле ушул Регламентти жетекчиликке алат.

Кеңештин ыйгарым укуктары болуп төмөнкүлөр саналат:

- жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөө;

  • жергиликтүү бюджетти жана аны аткаруу жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджетти аткаруунун жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фондду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу;
  • айыл өкмөттүн бюджеттинин аткарылышы жөнүндө отчетко канааттандырарлык эмес деген баа берилген учурда, айылдык Кеңеш айыл өкмөттүн, анын айрым мүчөлөрүнүн жана башка кызмат адамдарынын жоопкерчилиги жөнүндө маселени карайт
  • аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү жана аткарылышына контролдук кылуу;
  • жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды белгилөө;
  • жергиликтүү жамааттын муниципиалдык менчигин, анын ичинде муниципалдык менчик обьекттерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен пайдалануунун жана тескөөнүн тартибин белгилөө, муниципалдык менчикти пайдаланууга контролдук кылуу;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү аткаруучу-тескөөчү органынын иши жөнүндө отчетту угуу;
  • мыйзамда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
  • депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк үчтөн эки добушу менен айыл өкмөтүнүн башчысына ишеним көрсөтпөө;
  • жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;
  • кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо жана кызмат ордунан бошотуу, кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына карама-каршы келүүчү чечимдерин жокко чыгаруу;
  • кеңештин регламентин кабыл алуу;
  • өз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу;
  • Өкмөт тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын түзүмүн жана штаттык сан-эсебин бекитүү;
  • муздак сууну, канализацияны пайдаланууүчүн, ошондой эле катуу тиричилик калдыктарын чогултуу, ташып кетүү жана жок кылуу үчүн тарифтерди Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык бекитүү;
  • алкоголдук ичимдиктерди, жана тамеки буюмдарын сатуунун, ырым-жырымдарды откорууго тыюу салганга чейин чейинки чектоолорду аныктоо;
  • ирригациялык тарматарды, уйдогу жана уй жанындагы участкаларды кутуунун тартибин аныктоо;
  • жергиликтүү жамааттын уставына жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык башка маселелерди да чечүү.

1.3. Кенеш, өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга киришүү менен бир айлык мөөнөттө Кеңештин төрагасы, төраганын орун басары жана түзүмү жөнүндө чечим кабыл алат.

 

 

  1. Айылдык кеңештин ишин уюштуруу
  • Кеңештин иши келечектүү (жылдык) жана учурдагы (кварталдык) пландардын негизинде түзүлөт.

Пландын долбоорун депутаттардын сунушу боюнча Кеңештин аппараты же тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органы түзөт жана Кеңештин төрагасы Кеңештин бекитүүсүнө сунуш кылат.

  • Кеңештин сессиялары кварталына (жылына) кеминде 1 жолу Кеңеш белгилеген күндө жана саатта өткөрүлөт.
  • Кенеш күн тартибиндеги маселелердин мазмунуна ж.б. жагдайларга карата көчмө сессияларды өткөрө алат.
  • Кеңешти чакыруу убактысы, сессияны өткөрүү орду жана карап чыгууга киргизилүүчү маселелер жөнүндө Кеңештин төрагасы же катчысы сессияга чейин 3(үч) күндөн кечиктирбестен депутаттарга кабарлайт жана калкка жеткирет.

Чечимдердин долбоорлору жана талкууланып жаткан маселелерге башка материалдар сессияга чейин 1(бир)  күндөн кечиктирбестен депутаттарга жекече берилет.

  • Кеңештин кезексиз сессиялары Кеңештин төрагасы тарабынан өз демилгеси боюнча, туруктуу комиссиялардын демилгеси боюнча же шайланган депутаттардын санынын кеминде үчтөн бир бөлүгүнүн сунушу боюнча чакырылат. Кезексиз сессия, аны чакыруу жөнүндө сунуш алынган учурдан тартып 7(жети) күндөн кечиктирбестен өткөрүлүүгө тийиш.

Кезексиз сессияны чакыруу жөнүндө сунуш күн тартибине киргизүүгө сунуш кылынган маселелерди көрсөтүү жана кезексиз сессиянын зарылчылыгын негиздөө менен жазуу жүзүндө Кеңештин төрагасына жөнөтүлөт.

  • Кеңештин сессиясына пландан тышкаркы маселелерди бекитилген иш планына ылайык аларды даярдоо үчүн жоопкерчилик жүктөлгөн адамдар даярдайт.

Кеңештин сессиясына пландан тышкаркы маселелерди аларды киргизүүнүн демилгечилери даярдайт.

  • Кеңештин чечими боюнча же Кеңештин төрагасынын буйругу боюнча Кеңештин компетенциясына кирген маселелерди даярдоо үчүн депутаттардын, адистердин, ошондой эле жарандар менен коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн ичинен жумушчу комиссиялар (топтор) түзүлүшү мүмкүн.
  • Кезектеги сессиянын күн тартибине киргизүү сунуш кылынган маселелер боюнча материалдар (чечимдердин долбоорлору, суроо-талаптар, кайрылуулар жана башкалар) сессияга чейин 5(беш) күндөн кечиктирбестен Кеңештин катчысына (маселенин аталышы, маселени талкуулоо зарылчылыгы, убактысы менен) жазуу жүзүндө берилүүгө тийиш. Андай болбогон учурда маселе кийинки жыйналышка которулат.
  • Кеңештин кароосуна сунуш кылынган чечимдердин долбоорлору төмөнкүдөй болууга тийиш:
  • аткаруучуларды, аткаруу мөөнөтүн, финансылоо булагын, ошондой эле чечимдер күчүнө кире турган убакытты көрсөтүүгө;
  • таламдаш уюмдар, өз алдынча башкаруунун аймактык органдарынын тиешелүү бөлүмдөрү менен, ал эми зарылчылык болгон учурда - тиешелүү мамлекеттик бийлик органдары менен макулдашылууга. Эгерде тиешелүү макулдашуулар чечимдин долбоору сунуш кылынгандан кийин эки жуманын ичинде берилбесе, Кеңеш маселени аларсыз кароого укуктуу;
  • бул маселе боюнча мурдагы чечимдерди эске алууга жана кабыл алынган чечимдерди алып салуу же өзгөртүү боюнча сунуштарды камтууга;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келе тургандыгы жөнүндө юридикалык корутундусу болууга.
  • Белгиленген маселе боюнча талкуулоо үчүн чакырылгандардын тизмесин сунушу маселени Кеңештин жыйналышына коюуга негиз болгон адам даярдайт. Кеңештин жыйналышына чакырылган адамдар маселени талкуулоонун убактысы жана орду жөнүндө кеңештин (же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынын) аппаратынын кызматкерлери тарабынан күн мурунтан кабарландырылат.

 

 

  1. Кеңештин сессиялары, депутаттык угуулар

 (“депутаттык саат”, “депутаттык күн”)

3.1. Кеңештин сессиялары (жыйналышы) Кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын кеминде жарымы катышса, укук ченемдуу болот. Айылдык кенеш, эгерде мыйзамда башкача каралбаса, айылдык кенештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алууга укуктуу.

Кеңештин депутаттары Кеңештин сессияларына катышууга милдеттүү. Сессияларга катышууну эсепке алууну Кеңештин катчысы (мындан ары - катчы) уюштурат. Депутат кезектеги сессиянын башталган убактысынан жарым саат (30минут) кечигип келсе, келбеди деп эсептелинет (жүйөөлүү себептер менен кармалып жаткандыгын төрагага же катчыга билдирбеген учурда).

Жыйналышка келүү мүмкүнчүлүгү болбогон учурда Кеңештин депутаты бул жөнүндө Кеңештин катчысына күн мурунтан себеби жөнүндө билдирүүгө тийиш.

  • Катары менен төрт жолудан ашык айылдык кенештин сессияларына жүйөлүү себепсиз (жүйөөлүү себептер болуп: оору, өргүү,алыскы аралыкка эс алуу үчүн кетсе, иш сапар, жакын тууганы каза болсо же кырсыкка учураган саналат.)  дайыма катышпагандыгы үчүн, ошондой эле айылдык кенештин чечимдерин жана тапшырмаларын аткарбагандыгы үчүн айылдык кенештин депутаттары алардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен Куршаб айылдык кенешинин депутатын чакыртып алуу жөнүндө маселени козгоого укуктуу. Депутатты чакыртып алуу тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
  • Кеңештин сессиялары коомчулук үчүн ачык болуп саналат.
  • Кеңештин чечими боюнча жабык жыйналыштар өткөрүлүшү мүмкүн.
  • Кеңештин сессияларын - Кеңештин төрагасы, ал эми ал жокто Кеңештин төрагасынын орун басары алып барат.
  • Кеңештин сессиясында добуш берүү кол көтөрүү менен жүргүзүлөт, Кеңеш зарыл деп эсептеген учурларда добуш берүү башкача ыкма менен жүргүзүлүшү мүмкүн.

Добуш берүүнүн натыйжалары (Кеңештин депутаттарынын фамилияларын, «жактап», «каршы» добуш бергендерди, «калыс» калгандарды көрсөтүү менен) протоколго, киргизилет.

Добуш берүү аяктагандан кийин жасалган эрк билдирүүгө эч кандай түзөтүүлөр кабыл алынбайт. Добуш берүү учурунда жок болгон депутат өзүнүн добушун кийин берүүгө укуксуз.

  • Кеңеш ар бир сессияда Кеңештин сессияга катышып олтурган депутаттарынын санынын көпчүлүк добушу менен күн тартибин жана иштөө тартибин кабыл алат.
  • Өзгөчө учурларда гана күн тартибине Кеңештин чечими боюнча Кеңештин сессиясында түздөн-түз коюлуучу маселелер киргизилиши мүмкүн.

Сессиянын күн тартибине кошумча маселелерди киргизүү жөнүндө чечим ар бир сунуш боюнча добуш берүү менен Кеңештин жыйналышка катышып олтурган депутаттарынын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

  • Кеңеш сессиянын күн тартибин бекиткенден кийин талкуулоо күн тартибинде белгиленген тартип боюнча жүрөт. Күн тартибинин маселелерин талкуулоо тартибинде өзгөртүүлөр Кеңештин чечими боюнча жүргүзүлөт.
  • Тигил же бул себептерден улам бул сессияда каралбаган маселелер Кеңештин кийинки сессиясында каалууга тийиш.
  • Сессиянын жыйналыштарында докладдар үчүн убакыт, эреже катары 10 мүнөткө чейин, тең докладдар үчүн 5 мүнөткө чейин берилет. Жарыш сөзгө чыккандарга 5 мүнөткө чейин, талапкерлер, алып баруу тартиби, добуш берүү жүйөөлөрү боюнча сөз сүйлөө үчүн, арыздар, маселелер, сунуштар, билдирүүлөр үчүн 3 мүнөткө чейин.

Депутаттардын көпчүлүгүнүн макулдугу менен сессияда төрагалык кылуучу доклад же сөз сүйлөө үчүн убакытты узарта алат.

  • Депутат сессиянын бир жыйналышында бир эле маселе боюнча эки жолудан ашык эмес, ал эми жыйналышка катышып олтурган депутаттардын көпчүлүгүнүн макулдугу менен андан ашык сөз сүйлөй алат.
  • Эгерде сөз сүйлөп жаткан адам талкууланып жаткан темадан алыстаса, төрагалык кылуучу аны талкууланып жаткан маселеден алыстабоого чакыра алат.

Эгерде сүйлөп жаткан адам сөз сүйлөө үчүн ага берилген убакыттан ашып кетсе же талкууланбаган маселе боюнча сөз сүйлөсө, төрагалык кылуучу экинчи жолу эскерткенден кийин аны сөз сүйлөөдөн ажыратат.

  • Депутат болуп саналбаган адам тартипти одоно бузган учурда төраганын буйругу боюнча Кеңештин сессияларынын жыйналыш залынан чыгарылышы мүмкүн.
  • Сессиянын жыйналышынын протоколу Кеңештин катышып олтурган депутаттарынын жана сессияга чакырылып, катышпагандыгынын себептерин көрсөтүү менен жок депутаттарынын фамилияларын, угуулардын предметинин маңызы боюнча маалыматтарды жана алар боюнча кабыл алынган чечимдерди камтууга тийиш.

Протоколду жүргүзүп жаткан Кеңештин катчысы Кеңештин сессиясынын жыйналыштары жөнүндө кыскача жана маңызы боюнча жазуу жазат.

Эгерде сессиянын жыйналышынан кийин эки күндүн ичинде Кеңештин депутаттары жазуунун мазмунуна каршы пикирин билдирбесе, протоколго сессияда төрагалык кылган адам кол коет.

3.16. Кеңештин сессиялары, каралган маселелер жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө жергиликтүү кеңештин аппараты жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүүлөрдү берет.

3.17. Кеңештин төрагасы тарабынан өз демилгеси боюнча, туруктуу комиссиялардын демилгеси боюнча же шайланган депутаттардын санынын кеминде үчтөн бир бөлүгүнүн сунушу боюнча өздөрүнө тийиштүү маселелер боюнча депутаттык  угууларды (“депутаттык саат”, “депутаттык күн”) демилгелешет жана өткөрүшөт.

Депутаттык угууларда (“депутаттык саат”, “депутаттык күн”) кеңештин карамагына кирген маселелер боюнча жана Куршаб айылдык кеңешинин  кабыл алган чечимдеринин аткарылышы, башка маселелер талкууланат.

Депутаттык угууларга чакырылган адамдар Кеңештин жыйналышына келүүгө милдеттүү. Депутаттык угуулардын жыйынтыктары боюнча угууларга катышкан депутаттардын добушунун көпчүлүгү менен талкууланган маселе боюнча сунуштамалар кабыл алынат.

Депутаттык угуулар кыскача жана маңызы боюнча стенограммаланат жана ага  төрага кол койот.

3.18. Айылдык Кеңештин сессиясы  төрагалык кылуучу тарабынан мамлекеттик тилде (зарылдык болсо расмий тилде) алып барылат.

Депутат, ошондой эле чакырылган адамдар айылдык Кеңештин сессиясында, депутаттык угууларда расмий тилде сүйлөөгө укуктуу.

Чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын, ошондой эле мамлекеттик жана расмий тилдерди билбеген өкүлдөрү, чет өлкөлүк жарандар чет тилде сүйлөөгө укуктуу, алар мамлекеттик жана расмий тилдерге которуу менен камсыз кылынат.

3.19. Сессияга алкоголдук ичимдиктерди ичип келип, катышууга тыюу салынат.

 

  1.      Кеңештин чечимдери

 

  • Сессияда каралган маселелер боюнча Кеңеш чечим кабыл алат. Кеңештин чечимдери сессияда ачык, анын ичинде атын атоо же жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.
  • Кеңештин чечимдери сессияда талкуулангандан кийин Кеңештин сессияга катышып жаткан депутаттарынын санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
  • Кеңештин төрагасын, Кеңештин төрагасынын орун басарын, туруктуу комиссиялардын төрагаларын шайлоо, Кеңештин органдарын түзүү жөнүндө, Кеңештин гана компетенциясына кирген маселелер боюнча, Кеңештин мурда кабыл алынган чечимдерин алып салуу же өзгөртүү жөнүндө чечимдер Кеңештин шайланган депутаттарынын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

Мыйзамга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамына же мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчисине ишеним көрсөтпөө жөнүндө Кеңештин чечими Кеңештин депутаттарынын жалпы санын үчтөн эки добушу менен кабыл алынат.

Кеңештин карамагына кирген маселелер боюнча анын чечимдери токтом түрүндө чыгарылат жана ага Кеңештин төрагасы кол коет.

4.4. Кеңештин чечимине макул болбогон депутат өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө же оозеки баяндоого укуктуу, ал Кеңештин сессиясынын протоколуна киргизилет.

4.5. Эгерде сессияга катышып олтурган депутаттардын жарымынан ашыгы чечимдин сунуш кылынган долбоорун жактап добуш берсе, ал негиз катары алынат.

Эгерде чечимдин сунуш кылынган долбоору негиз катары кабыл алынбаса, ал беренелер боюнча каралышы мүмкүн.

  • Чечимдин долбооруна түзөтүү киргизүүнү каалаган депутат аны төрагалык кылуучуга жазуу жүзүндө берет. Түзөтүү талкууга коюлат жана эгерде сессияга катышып олтурган депутаттардын жарымынан ашыгы аны жактап добуш берсе, кабыл алынат.
  • Бардык түзөтүүлөр каралып чыккандан кийин чечимдин долбоору бүтүндөй кабыл алынат.
  • Кеңештин чечимдерин чыгаруу үчүн жоопкерчилик Кеңештин катчысына жүктөлөт.

4 9. Кеңештин чечимдерин кол коюлгандан кийин 2(эки) күндүк мөөнөттө айыл өкмөтүнүн аппараты таратат.

  • Кеңештин ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган анын чечимдерин тиешелүү аймакта жайгашкан бардык ишканалар, мекемелер жана алардын органдары, кызмат адамдары жана жарандар аткарууга милдеттүү.
  • Кеңештин чечимдери сот чечиминин негизинде же Кеңештин башка чечими менен гана алып салынышы мүмкүн.
  1. Куршаб айылдык кеңешинин төрагасы

 

  • Айылдык Кеңештин төрагасы Кеңешке жетекчилик кылган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун шайлануучу кызмат адамы болуп саналат.

Мурдагы чакырылыштагы Кеңештин төрагасы өз милдеттерин жаңы чакырылган Кеңештин төрагасы шайланганга чейин аткарат.

  • Кеңештин төрагасы өз кызматынан Кеңештин демилгеси боюнча Кеңештин сессиясында жашыруун добуш берүү жолу менен, эгерде Кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси муну жактап добуш берсе, бошотулушу мүмкүн.

Кеңештин төрагасына ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселе шайланган депутаттардын санынын кеминде үчтөн бир  бөлүгүнүн талабы боюнча жакынкы сессиянын күн тартибине киргизилет.

Бул маселени жыйналышта кароо учурунда Кеңештин төрагасына сүйлөө үчүн сөз берилет.

Кеңештин төрагасын ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө чечим Кеңеш тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен, эгерде Кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси муну жактап добуш берсе, кабыл алынат.

5.3.Кеңештин төрагасы:

  • Кеңештин сессияларын чакырат;
  • сессияларда, депутаттык угууларда ж.б. төрагалык кылат;

жыйналыштарды жана кароого киргизилүүчү маселелерди даярдоого жетекчилик кылат;

Кеңештин иш пландарын түзүүнү камсыз кылат;

  • Кеңештин Регламенти сакталышына көз салат;
  • Кеңештин жыйналыштарынын протоколдоруна жана башка документтерине кол коет;
  • депутаттар өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырышында аларга көмөк көрсөтөт, аларды зарыл маалымат менен камсыз кылууну уюштурат;
  • сессия учурунда чыгып сүйлөгөндөр тарабынан этика ченемдери бузулган учурда, жыйналышта сүйлөгөн сөздү чечмелебестен ага сын-пикир айтууга укуктуу;
  • электрондук тутумду пайдаланбастан ачык добуш берүүдө төрагалык кылуучу акыркы болуп добуш берет;
  • Кеңеште, анын органдарында же шайлоо округдарында иштөө үчүн депутаттарды кызматтык же өндүрүштүк милдеттерден бошотуу менен байланышкан маселелерди карайт;
  • Кеңештин туруктуу комиссияларынын, башка комиссияларынын жана жумушчу топторунун ишин координациялайт;
  • мамлекеттик, коомдук уюмдар менен мамилелерде Кеңештин атынан иш алып барат;
  • Кеңештин тышкы байланыштарын уюштурат;
  • Кеңештин төрагасынын орун басарынын кызматына шайлоо үчүн талапкерди сунуш кылат;
  • Кеңештин чечимдерин аткаруу максатында, анын ичинде Кеңештин ишине каражаттарды чыгымдоо жагынан да буйруктарды чыгарат;
  • Кеңештин ишинде маалымдуулукту камсыз кылуу жана коомдук пикирди эске алуу боюнча чараларды көрөт;
  • жарандардын кайрылууларын жана арыздарын кароону уюштурат;
  • мыйзамдарда каралган учурларда сотко же арбитраждык сотко жөнөтүлүп жаткан тиешелүү документтерге Кеңештин атынын кол коет;
  • Кеңештин чечимдерин Куршаб айыл аймагында турган бардык органдар, бирикмелер, ишканалар, мекемелер жана уюмдар аткарышын уюштурат жана контролдойт;
  • ага Кеңеш тапшырышы же Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан жүктөлүшү мүмкүн болгон башка маселелерди чечет;
  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө расмий өтүнүч жасайт;
  • Кенештин атынан айылдык кенештин депутаттарына, айылдык кенештин атуулдарына мамлекеттик органдарга Ардак грамота, төш белги ж.б. ыйгаруу жөнүндө расмий өтүнүч жасайт.
  • Кеңештин төрагасынын буйруктары Кеңеш тарабынан алып салынышы мүмкүн.
  • Кеңештин төрагасы өзүнүн ыйгарым укуктарын үч айдан ашык убакыт бою жүзөгү ашыра албаган учурда Кеңеш Кеңештин жаңы төрагасын шайлоо жөнүндө маселени кароого тийиш.
  • Кеңештин төрагасы өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө билдирүүгө укуктуу. Мындай учурда чечим Кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат.

Төрага өзүнүн ыйгарым укуктарын ыктыярдуу түрдө токтотушу анын жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде канааттандырылат. Кеңеш отставканы кабыл албаган учурда Кеңештин төрагасы өзүнүн ыйгарым укуктарын арыз берген күндөн тартып эки ай өткөңдөң  кийин токтотууга укуктуу.

  • Кеңештин төрагасы ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Кеңештин жаңы терагасын шайлоо жөнүндө маселе чечилгенге чейин анын милдеттерин Кеңештин төрагасынын орун басары аткарат.
  1. Кеңештин төрагасынын орун басары

 

  • Кеңештин төрагасынын орун басары Кеңештин төрагасынын сунушу боюнча депутаттардын ичинен сессияда жашыруун добуш берүү менен Кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат. Ар бир депутат Кеңештин терагасынын орун басарынын кызматына алдын ала көрсөтүү (өзүн-өзү көрсөтүү) укугуна ээ.
  • Кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоо жергиликтүү Кеңештин терагасын шайлоого окшош жүргүзүлөт.
  • Кеңештин төрагасынын орун басары Кеңешке отчет берет жана Кеңештин сессиясында жашыруун добуш берүү жолу менен кызматтан бошотулушу мүмкүн.

Кеңештин төрагасынын орун басарына ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселе шайланган депутаттардын санынын кеминде 1/3 бөлүгүнүн талабы боюнча жакынкы жыйналыштын күн тартибине киргизилет.

Сессияда бул маселени карап чыгуу учурунда Кеңештин төрагасынын орун басарына сүйлөө үчүн сөз берилет.

Кеңештин төрагасынын орун басарын ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө чечим, эгерде шайланган депутаттардың жалпы санынын жарымынан ашыгы муну жактап добуш берсе, Кеңеш тарабынан жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.

  • Кеңештин төрагасынын орун басары:
  • Кеңештин төрагасы жок болгон же ал милдеттерин аткара албаган учурда анын функцияларын жүзөгө ашырат;
  • ага Кеңештин төрагасы берген же ага Кеңеш берген ар кандай башка функцияларды аткарат;
  • Кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат.

Кеңештин төрагасынын орун басары өз функцияларын коомдук башталыштарда жүзөгө ашырат.

  • Кеңештин төрагасынын орун басары өз ыйгарым укуктарын ыктыярдуу токтотушу анын жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде канааттандырылат.

Кеңеш отставканы кабыл албаган учурда Кеңештин  төрагасынын орун басары арыз берген күндөн тартып эки ай өткөндөн кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын токтотууга укуктуу.

  • Кеңештин жаңы төрагасы шайланган учурда Кеңештин терагасынын орун басары ыктыярдуу турдө отставкага кетүү жөнүндө арыз берет, ал Кеңештин төрагасы тарабынан каралат.
  1. Кеңештин жооптуу катчысы

 

7.1. Кеңештин жооптуу катчысы Кеңештин ишин уюштуруу-протоколдук жактан камсыз кылган адам болуп саналат.

Кенештин катчылыгы боюнча мыйзам менен белгиленген функцияларын айыл кенештин   жооптуу катчысы аткарат.

7.2. Кеңештин катчысы:

  • Кеңештин сессияларынын протоколун жүргүзөт жана жеке жоопкер катары өз мөөнөтүндө мамлекеттик реестрден каттоодон өткөрүү боюнча иш алып барат;
  • Кеңешке келип түшкөн документтердин эсебин алууну уюштурат;
  • Кеңештин сессиясына материалдарды даярдайт, аларды депутаттарга өткөрүп берет;
  • сессияга катышуу үчүн депутаттарды, мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык органдарынын, коомдук уюмдардын, калктын коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн, адистерди чакырат;
  • депутаттардын Кеңештин сессияларына келишинин эсебин алат;
  • Кеңештин сессиясынын чечимдерин толтурат жана аларды таратууну уюштурат;
  • башка функцияларды аткарат.
  1. Кеңештин туруктуу комиссиялары

 

  • Кеңештин карамагына тиешелүү маселелерди алдын-ала карап чыгуу жана даярдоо үчүн Кеңеш депутаттардын ичинен туруктуу комиссияларды түзөт. Комиссияны түзүү жөнүндө чечим Кеңештин сессиясында кабыл алынат.
  • Туруктуу комиссиялар Кеңештин негизги түзүмдүк органдары болуп саналат, алар өздөрүн шайлаган Кеңештин алдында жооптуу жана ага отчет берет, Кеңештин жана Кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат, жарандардын тиешелүү Кеңешке келип түшкөн сунуштарын, арыздарын, даттанууларын карап чыгууга катышат.

Туруктуу комиссиялар комиссияга келип түшкөн документтерге жана кайрылууларга белгиленген мөөнөттө жооп берүүгө милдеттүү.

  • Ар бир туруктуу комиссиянын компетенциясы, функциялары жана милдеттери туруктуу комиссиялар жөнүндө жобо менен аныкталат, ал Кеңештин сессиясында бекитилет.
  • Комиссия депутаттын арызынын негизинде депу­таттардын ичинен түзүлөт. Депутат Кеңештин бир гана (өзгөчө учурларда гана эки) туруктуу комиссиясынын мүчөсү боло алат.

Туруктуу комиссияда 3 депутаттан кем болбойт. Комиссиянын курамына депутаттарды шайлоо Кеңештин сессиясында жүзөгө ашырылат. Кеңештин чечими боюнча добуш берүү тизме менен же ар биринин атын атоо менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Депутаттарды комиссиянын курамына шайлоо жөнүндө чечим шайланган депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

  • Депутат катары менен жүйөөлүү себеби болбостон туруктуу комиссиянын пландуу жыйналыштарын 3 жана андан ашык жолу өткөрүп жибергендиги үчүн комиссиянын сунушу боюнча Кеңештин чечими менен комиссиянын курамынан чыгарылышы мүмкүн. Жүйөөлүү себептер болуп: оору, өргүү, иш сапар, кырсык, жакын тууганы каза болсо алыста сапарда болгон учур саналат.
  • Депутаттык ыйгарым укуктарды мөөнөтүн мурда токтоткон учурда, ошондой эле жазуу жүзүндөгү жеке арызынын негизинде депутат комиссиянын курамынан чыкты деп эсептелет. Мындай учурларда Кеңештин чечими талап кылынбайт.
  • Туруктуу комиссиянын төрагасы комиссиянын жыйналышында комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен туруктуу комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен шайланат жана Кеңештин сессиясында шайланган депутаттардын санынын көпчүлүгү тарабынан ачык добуш берүү менен бекитилет.

Кеңештин төрагасы жана Кеңештин төрагасынын орун басары туруктуу комиссиялардын төрагалары боло албайт.

8.8. Туруктуу комиссиянын төрагасы:

  • комиссиянын ишин уюштурат;
  • комиссиянын мүчөлөрүнүн ортосунда ишти бөлүштүрөт, аларга тапшырмаларды берет;
  • комиссиянын иш планын, жыйналыштардын күн тартибинин долбоорун түзөт;
  • комиссия Кеңешке даярдаган чечимдердин, сын-пикирлердин жана сунуштардын долбоорлорун сунуш кылат;
  • комиссиянын төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна талапкерлерди комиссияга сунуш кылат;
  • комиссиянын жыйналыштарын чакырат жана алып барат;
  • комиссиянын иши жөнүндө Кеңешке жана Кеңештин төрагасына маалымдайт;
  • төраганын орун басары убактылуу жок болгон учурда комиссия мүчөлөрүнүн ичинен аны алмаштыруучуну дайындайт;
  • комиссиянын чечимдеринин аткарылышы жөнүндө, комиссияга келип түшкөн каттарга жооптор жөнүндө комиссия мүчөлөрүнө маалымдайт;
  • башка уюмдар менен мамилелерде комиссиянын атынан иш алып барат.
  • Туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары жыйналышта комиссиянын төрагасынын сунушу боюнча комиссия мүчөлөрүнүн ичинен шайланат.
  • Туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары:
  • туруктуу комиссия белгилеген милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык функцияларды аткарат;
  • төраганын тапшыруусу боюнча анын айрым функцияларын аткарат;
  • төрага жок болгон учурда аны алмаштырат.
  • Айылдык кенештин катчысы комиссиянын катчысы болуп саналат.

Катчы туруктуу комиссиянын мүчөсү болуп саналбайт.

  • Туруктуу комиссиянын катчысы:

- туруктуу комиссиянын жыйналышынын протоколун жүргүзөт;

  • комиссияга келип түшкөн документтердин эсебин алууну уюштурат;
  • комиссиянын чечимдерин, комиссияга келип түшкөн каттарга, документтерге жоопторду даярдайт;
  • комиссиянын жыйналыштарына катышуу үчүн депутаттарды, мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык органдарынын, коомдук уюмдардын, калктын коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн, адистерди чакырат.
  • Туруктуу комиссиянын мүчөсү комиссиянын ишине катышууга, комиссиянын тапшырмаларын аткарууга милдеттүү.
  • Сунуштары комиссиянын колдоосуна ээ болбогон туруктуу комиссиянын мүчөсү ушул маселени Кеңештин сессиясында талкуулоо учурунда өзгөчө пикир түрүндө аларды жазуу жүзүндө же оозеки формада киргизе алат.
  • Комиссиянын талкуусуна киргизилип жаткан маселелер боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсүнө зарыл материалдар берилет.
  • Туруктуу комиссиянын мүчөсү комиссиянын тапшыруусу боюнча жана өз демилгеси боюнча комиссиянын карамагына тиешелүү маселелерди иликтей алат, мамлекеттик жана коомдук органдар менен уюмдардын, ошондой эле жарандардын сунуштарын жалпылай алат, өз тыянактарын жана сунуштарын комиссияга билдире алат.

8.17. Мыйзамда каралган учурларда туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү комиссиялардын жыйналыштарынын мезгилине өндүрүштүк же кызматтык милдеттерди аткаруудан бошотулат, мында туруктуу иштеген жери боюнча орточо эмгек акысы сакталат же ага комиссиядагы иш менен байланышкан чыгымдардын орду жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен толтурулат.

8.18. Туруктуу комиссия комиссиянын жыйыналышында бекитилген пландарга ылайык иштейт.

  • Ар бир туруктуу комиссия жыйналыштарга зарылчылыкка жараша, бирок кварталына кеминде бир жолу чогулат.
  • Эгерде комиссиянын жыйналышына комиссия мүчөлүрүнүн жалпы санынын жарымынан ашыгы катышса, ал чечим кабыл алууга ыйгарым укуктуу деп эсептелет.
  • Комиссиянын чечимдери жыйналышка катышып олтурган комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

Эгерде комиссиянын мурда кабыл алынган чечимдерин алып салуу жөнүндө чечимдерге комиссия мүчөлөрүнүн жарымынан ашыгы жактап добуш берсе, ал кабыл алынды деп эсептелет.

  • Комиссиянын жыйналыштарына бул комиссиянын курамына кирбеген кеңеш берүү добуш укугу бар депутаттар катыша алат.
  • Эгерде комиссия башкача чечим кабыл албаса, комиссиянын жыйналыштары ачык өтөт. Депутаттар комиссиянын жабык жыйналышына катыша алат.
  • Туруктуу комиссиянын жыйналыштарына мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, адистер чакырылышы мүмкүн, алар жыйналыштарга кеңеш берүү добуш укугу менен катыша алат.
  • Туруктуу комиссиянын ар бир жыйналышы протокол менен таризделет, ага комиссиянын төрагасы жана катчысы кол коет.
  • Туруктуу комиссия маселелерди даярдоо үчүн адистерди тарта алат. Иштөө үчүн тартылган адистер комиссиянын жыйналыштарына кеңеш берүү добуш укугу менен катыша алат.
  • Туруктуу комиссиянын чечимдерине жана корутундуларына комиссиянын төрагасы кол коет.
  • Туруктуу комиссиянын жыйналышынын чечимдери жана протоколдору, комиссия мүчөлөрүнүн тизмеси, кириш документтердин журналы комиссиянын катчысында сакталат.
  • Туруктуу комиссиялар Кеңештин сессияларында төмөнкүчө жоюлат:
  • туруктуу комиссиянын өзүнүн же Кеңештин төрагасынын сунушу боюнча;
  • эгерде комиссиянын жыйналыштары үч ай бою (анын ичинде кворум жоктугунан улам) өткөрүлбөгөн учурда;
  • комиссияда үчтөн аз мүчө калган учурда.
  1. Убактылуу (атайын) комиссиялар

 

  • Кеңеш атайын милдеттерди аткаруу үчүн убактылуу (атайын) комиссияларды түзө алат.
  • Убактылуу комиссиялардын милдеттери, ыйгарым укуктарынын көлөмү жана мөөнөтү аларды түзүү учурунда аныкталат.
  • Убактылуу комиссиялардын иши аларга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы менен токтотулат.
  • Убактылуу комиссиялардын ишинин жалпы тартиби туруктуу комиссиялардыкына окшош.
  1. Регламентти бекитүү, ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү

тартиби

  • Кеңештин Регламенти Регламент маселелери боюнча жумушчу топтун Типтүү регламентинин негизинде иштелип чыгат жана Кеңештин сессиясынын бекитүүсүнө киргизилет.
  • Регламент маселелери боюнча топ Кеңеш шайлай турган кеминде 13 депутаттан турат. Ага Кеңештин төрагасынын орун басары башчылык кылат.
  • Ар бир депутат Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды бере алат. Сунуштарды карап чыгуу үчүн Регламент маселелери боюнча жумушчу топко жөнөтүлөт.
  • Регламент маселелери боюнча топ түзөтүүлөрдү кабыл алат же четке кагат.

Кабыл алынган түзөтүүлөрдү бекитүү үчүн Кеңешке киргизилет. Четке кагылган түзөтүүнүн автору аны Кеңеш карап чыгышын талап кылууга укуктуу.

  • Регламент жана Регламентке түзөтүүлөр Кеңештин шайланган депутаттарынын ичинен көпчүлүгү тарабынан кабыл алынат.

 

 

 

Куршаб айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын)  III- отурумунун 

ТОКТОМУ

 

2021-жылдын 30-июлу                                  № 7                                     Куршаб айылы

 

Куршаб айыл өкмөтүнө караштуу АЧЖМФЖнен ижарага алган 23га жерди сел алгандыгына  байланыштуу ижара акысынан бошотуу жөнүндө

 

        Куршаб айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) Айыл чарба, суу чарба,мелиорация,экология,ветеринардык кызмат жана жайыт боюнча туруктуу

комиссиясы Куршаб айыл өкмөтүнүн келип түшкөн кириш №23 05.07.2021жылдагы катына ылайык,  Куршаб айыл өкмөтүнө караштуу АЧЖМФЖнен ижарага алган 23га жерди сел алгандыгына байланыштуу ижара акысынан бошотуу жөнүндөгү маселени    алдын ала карап талкуулап чыгып, Куршаб  айылдык    Кеңешинин (жетинчи  шайланган)  III  кезексиз сессиясынын күн тартибиндеги   маселени угуп, талкуулап чыгып  Куршаб айылдык кеңеши                   

 Токтом кылат:    

  1. 2021-жылдын 6-7 майда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен зыян тарткан

ижарачыларды зыяндын көлөмүнө жараша комиссиянын 08.05.2021-жылы түзгөн  актысынын негизинде ижара акысынан 1 жылдык мөөнөткө гана бошотулсун. 

  1. Мындан ары ушундай табигат кесепеттерин алдын алуу иш чараларын жүргүзүү айыл

өкмөткө милдеттендирилсин. 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөткө милдеттендирилсин. 
  1. Бул токтомдун көзөмөлдөө жагын Айыл чарба, суу

чарба,мелиорация,экология,ветеринардык кызмат жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн 

 

 

 

            

 

    Төрага:                                                                                                 Жумаев Б. Э.

 

 

 

 

                                                      

              

 

Куршаб айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) III- отурумунун

ТОКТОМУ  

 

2021-жылдын 30-июлу                                 № 8                                  Куршаб айылы

                                                   

Жердин максаттуу пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө.

 

            Куршаб айылдык  Кеңешинин  турак жай,өнөр жай, курулуш, жер, жерге жайгаштыруу  боюнча туруктуу комиссиясы КР жер кодексинин №12 –беренесинин 2017-жылдын 1-июнундагы № 952019-жылдын 30-июлундагы № 107 мыйзамдарынын редакциясына ылайык,   жер багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени    алдын ала карап, Куршаб  айылдык    Кеңешинин (жетинчи  шайланган)  III  кезексиз  сессиясынын күн тартибиндеги   маселени угуп, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

  1. Дөдөнов Полотбектин менчигинде турган коду № 5-06-11-1001-3856  контора багытындагы жер участкасын  турак жай куруу багытына өзгөртүүгө жана  мыйзам талаптарына ылайык курулуш курууга макулдук берилсин. 
  1. Куршаб айыл Өкмөтүнө кошуналарынын макулдук каттарынын  негизинде тийиштүү юридикалык иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдоо жагы тапшырылсын.
  1. Керектүү иш кагаздарын, документтерин  даярдап берүү  жагы тийиштүү мамлекеттик башкармалыктарынан суралсын. 
  1. Бул токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагы турак жай, өнөр жай, курулуш,жер, жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу  комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

            Төрага:                                                                                             Жумаев Б.Э

                                                      

 

Куршаб айылдык Кеңешинин(VII чакырылышынын) III- отурумунун

 

ТОКТОМУ

 

2021-жылдын 30-июлу                                   № 9                                      Куршаб айылы.

 

Куршаб айыл өкмөтүнүн балансындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесине ARIS тарабынан келген оор техникалардын аренда акысы жөнүндө

 

       Куршаб айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) Айыл чарба, суу чарба,мелорация,экология,ветеринардык кызмат жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясы Куршаб жайыт пайдалануучулар бирикмесинен келген кириш №20 24.06.2021жылдагы катын карап жана Куршаб айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттары отурумунда талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши

 

Токтом кылат:

 

  1. Айыл өкмөт тарабынан түзүлгөн келишимдерге ылайык төлөнбөгөн акчаларды

тактап сот аркылуу өндүрүү жагы Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

  1. Куршаб айыл өкмөтүнүн балансындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесине ARIS

тарабынан келген оор техникалардын аренда акысы баштапкы баа коюлуп аукцион аркылуу бекитилип берилсин.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын Куршаб айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо,

 Регламент,этика боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

 

        Төрага:                                                                                                Жумаев Б.Э

 

 

Куршаб айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) III- отурумунун 

 

ТОКТОМУ

 

2021-жылдын 30-июлу                                 № 10                                     Куршаб айылы

 

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө.

 

      Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 17.10.2018-ж. №01-18 126 буйругунун жана Куршаб айыл өкмөтүнүн кириш №24 06.07.2021жылдагы катын жетекрчиликке алып, Куршаб  айылдык    Кеңешинин  (жетинчи  шайланган) III кезексиз сессиясы угуп, талкуулап чыгып  Куршаб айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын

бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары туралуу ТИПТ// ЖОБОСУ 8-

пункту комиссия курамы 5тен-13кө чейин деп өзгөртүү менен бекитилсин.

  1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын

бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары туралуу типтүү жобосуна ылайык комиссия курамы төмөнкүдөй курамда түзүлсүн жана бекитилсин:

  1. Түркбаев /рүбай
  2. Жеенбеков Максат
  3. Турдубаев Момунжан
  4. Аширов Нурмамат
  5. Амиракулов Аскат
  6. Бакыев Улукбек
  7. Бекатов Шайрбек
  8. Атчабаров Нурсултан
  9. Каримова Айчүрөк
  10. Ахунов Тажидин
  11. Эрматова Гулнура
  12. Калыкова Аминахан
  13. Момунов Аман
  14. Комиссия курамы жобого ылайык 2021-жылдын 1-сентябрына чейин

 уюштуруу жумуштарын жүргүзүшсүн.

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук, тартипти

чыңдоо, Регламент,этика боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

 

             Төрага:                                                                                               Жумаев Б. Э.

 

 

Куршаб айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) IV отурумунун  

ТОКТОМУ

 

2021-жылдын 27-августу                                № 11                                       Куршаб айылы

 

Куршаб  айыл өкмөтүнүн  2021-жылдын алты айлыгына  аткарган иштери боюнча отчету, үнөмдөлгөн акча каражатын кароо  жөнүндө.

 

          Куршаб  айыл өкмөтүнүн  2021- жылдын алты айлыгына  аткарган иштери боюнча отчету, бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча  аткарылышы үнөмдөлгөн акча каражатын кароо жөнүндөгү  маселени финансы, бюджет, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясы, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 18-беренеси 3- пунктуна ылайык алдын ала карап,  Куршаб  айылдык    Кеңешинин (жетинчи  шайланган)  IV -кезектеги  сессиясынын күн тартибиндеги маселени угуп, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши                           

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

  1. Куршаб айыл өкмөтүнүн  2021- жылдын алты айлыгына  аткарган иштери

боюнча отчету жана бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча  аткарылышы канааттандырарлык  деп табылсын.(Тиркемелер №1, №2)

 

  1. Куршаб айыл өкмүтүнүн 2021-жылдын бюджетинин 6айлыкка үнөмдөлгөн

акча каражаты төмөнкү беренелер боюнча жумшалсын.(Тиркеме №3 ).

 

  1. Токтомду мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө

милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин

бюджет, финансы,экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча   туруктуу   комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

             Төрага:                                                                                             Жумаев Б. Э.

 

 

 

 

 

Куршаб айылдык кенешинин (VII чакырылышынын) 2021-жылдын 27-августундагы кезектеги сессиясынын 11- токтомунун №1-тиркемеси

 

 

 

        Куршаб айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 6 айына карата бюджеттин

 

 

             киреше булактарынын аткарылышы боюнча Маалыматы.

 

 

                 

Салыктын   түрү

Статья

2020-жылга аткарылганы

2021 жылдын 6айына

Аткарыл

ганы

%

2021-жылга өсүүсү

 

 

план

   

 

1

2

3

 

5

6

 

7

 

 

1

Подоход  салыгы

11111100

5354,5

5578,6

6687

120

125

 

 

2

Бирдиктуу салык

11121100

10,8

18,3

22,5

123

208

 

 

3

Милдеттуу патент

11122100

169

213

176,6

82,9

105

 

 

4

Ыктыярдуу патент

11122200

1495

2173,8

1924

88,5

129

 

 

5

Кыймылсыз мулк салыгы

11311200

126

92,4

192,2

208

153

 

 

6

Транспорт салыгы

11312100

478,8

537,9

401,9

74,7

83,9

 

 

7

Жер  салыгы (там арты)

11321100

293,6

204,4

238,2

117

33

 

 

8

Айыл чарба багыт жерге салык

11321200

379,4

306,3

295,5

96,5

77,9

 

 

9

Айыл  чарба багытында эмес ж. с

11321300

356,9

577,3

640,3

111

179

 

 

10

Сатуудан алынуучу салык

11412100

           

 

11

Лицензия

14151200

 

146,6

6,8

4,6

   

 

12

Аренда  акы  калктуу пункттарга

14152100

284,4

192,5

315,3

164

111

 

 

13

Жайытка  аренда  акы

14152300

           

 

14

Кайра болуштуруу фонду

14152600

477,4

243,1

785,5

323

165

 

 

15

Таштанды чыгаруу

14221700

235,7

300

162,8

54,3

69,1

 

 

16

Автоунаа токтоочу жайга толом

14221800

35

36,8

82,7

225

236

 

 

 

жыйынтык

 

9699,5

10621

11931

112

123

 

 

17

Ата-Энелер толому(род.взнос)

14232400

1109

1334,8

1310

98,1

118

 

 

 

 

 

           

 

 

Жыйынтыгы:

 

1109

1334,8

1310

98,1

118

 

 

20

Тендештируу  гранты

13311200

3174,6

2505,6

2506

100

78,9

 

 

21

Средства передоваемые

13321300 

82,3

104,4

104,4

100

127

 

 

 

Жыйынтыгы:

 

3297

2665

2807

105

85

 

 

 

Жалпысы:

 

14106

14621

16048

110

114

 

 

                 

 

     

 

 

 

 

 

         
                                 

 

 

 

 

 

Куршаб айылдык кенешинин (VII чакырылышынын) 2021-жылдын 27-августундагы кезектеги сессиясынын 11- токтомунун №2-тиркемеси

 

 

Куршаб айыл өкмөтүн 2021-жылдын 6 айына карата бюджетин

чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы боюнча маалыматы.

 
       
             

 

             

 

   

бекитилген

6 айга

6 ай

   

 

аталышы

план

карата

ичинде

%

 

 

     

план

аткарылган

   

 

1

Эмгек акы

5360,1

3088,4

2795,0

90,5

 

 

2

соц фонд

813,3

567,9

461,1

81,2

 

 

3

сапар чыгымы

387,0 

204,4

41,4

20,3

 

 

4

байланыш чыгымы

146,1

83,7

5,0

60,0

 

 

5

траспорт чыгымы

140,0

85,6

85,6

100,0

 

 

6

башка чыгымдар

6236,8

3790,6

3044,9

80,3

 

 

7

тамак-аш

2600,0

1490,0

538,7

36,2

 

 

8

тех ремонт

2164,6

1287,8

0,0

0,0

 

 

9

материал сатып алуу

1982,9

3825,2

519,4

13,6

 

 

10

көмүр сатып алуу

2260,0

332,0

0,0

0,0

 

 

11

электр энергия

1642,5

1067,3

976,3

91,5

 

 

12

суу төлөмү

0,0

100,0

100,0

100,0

 

 

13

резервдик фонд

320,0

160,0

117,6

73,5

 

 

14

негизги каражаттар

2845,6

2454,8

2138,6

87,1

 

 

15

соц жардам

730,0

265,0

225,4

85,1

 

 

 

жыйынтык

27628,9

18802,7

11049,0

58,8

 

 

 

атайын каражат

4400,0

1334,8

1056,8

79,2

 

 

 

жалпы бюджет

      32028,9

20137,5

      12105,8

60,1

 

 

 

 

 

Куршаб айылдык кенешинин (VII чакырылышынын) 2021-жылдын 27-августундагы кезектеги сессиясынын 11- токтомунун №3-тиркемеси

 

Куршаб айыл өкмөтүнүн 2021-жылданы бюджетинде 6 айда аткарылган жумуштардан үнөмдөлгөн акча каражаты.

         

 

             

 

 

 

 

 

 

 

 

 

порталга

порталдан

үнөмдөлгөн

 

 

 

 

Жумуштун аталышы

берилген

уткан

сумма

Раздель

статья

 

 

 

 

сумма

сумма

мин сом

 

 

 

 

 

 

мин сом

мин сом

 

 

 

 

 

1

8 март аялдардын эл аралык күнүн белгилөө

80

62

18

70823

2215

 

 

2

Нооруз майрамын өткрүү

100

90

10

70823

2215

 

 

3

Ит мышык атуу

100

95

5

70421

2215

 

 

4

Шагыл төшөө

500

451,2

48,8

70629

3111

 

 

5

9-май женищ күнүн майрамдоо

120

105

15

70823

2215

 

 

6

Танатаров гиманазиянын клубунун чатырын алмаштыруу

400

289,9

110,1

70921

3111

 

 

7

Кышка карата көмөр алуу (мектеп,бала бакчага)

2258,5

1567

691,5

70921,71

2224

 

 

8

Мектептердин ремонту

184

137,7

    46,3

70921

2221

 

 

 

жыйынтыгы

 

                  944,7

     

 

 

             

 

 

 

Кайсыл жумуштарга жумшалышы боюнча мааламаты.

сумма

       

 

 

1

Катарский фонд (ФАП куруга)

300,0

       

 

 

2

Трасформатор орноттууга

50,0

       

 

 

3

Жениш пакын жана үч бурчтукту кароо учун

30,0

       

 

 

4

Асфальтоо иштерине технадзордук кызматы

80,0

       

 

 

5

МЧС (селотводко)

150,0

       

 

 

6

Тазасуу алып откон жерге компенсация төлөө

50,0

       

 

 

7

Наристе б б  таза суу киргизүүгө

32,0

       

 

 

8

Таза суунун ремонт иштерине

32,0

       

 

 

9

ЖБИ столбага

95,7

       

 

 

10

Жайытка жолдорду ондоого

100,0

       

 

 

11

Карасадак көчөсүндөгү көпүрөнү ондоого

25,0

       

 

 

 

жыйынтыгы

                         944,7  

       

 

                                                                                           

 

 

 

 

Куршаб айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) IV отурумунун 

ТОКТОМУ

 

2021-жылдын 27-августу                               № 12                                 Куршаб айылы

                                                   

Жердин максаттуу пайдалануу  багытын өзгөртүү жөнүндө.

 

           Куршаб айылдык  Кеңешинин  турак жай,өнөр жай, курулуш, жер, жерге жайгаштыруу  боюнча туруктуу комиссиясы Турак жай багытындагы жер тилкесин өнөр жай багытына которуу жөнүндөгү маселени   КР жер кодексинин №12 –беренесинин 2017-жылдын 1-июнундагы № 952019-жылдын 30-июлундагы № 107 мыйзамдарынын  редакциясына ылайык,   жер багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени    алдын ала карап, Куршаб  айылдык    Кеңешинин (жетинчи  шайланган)  IV – кезектүү  сессиясынын күн тартибиндеги   маселени угуп, талкуулап чыгып, Куршаб айылдык кеңеши                           

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

  1. Кулмаматов Жанибектин менчигинде турган коду № 5-06-11-1001-1005

почта багытындагы жер участкасын  соода-сатык, элди тейлөөчү   ишканалар багытына өзгөртүүгө жана  мыйзам талаптарына ылайык курулуш курууга макулдук берилсин. 

 

  1. Куршаб айыл Өкмөтүнө кошуналарынын макулдук каттарынын  негизинде

тийиштүү юридикалык иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдоо жагы тапшырылсын.

 

  1. Керектүү иш кагаздарын, документтерин  даярдап берүү  жагы тийиштүү

мамлекеттик башкармалыктарынан суралсын.

 

  1. Бул токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагы турак жай, өнөр жай,

курулуш,жер, жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу  комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

               Төрага:                                                                            Жумаев Б.Э                                                            

          

 

 

Куршаб айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) IV отурумунун 

ТОКТОМУ

 

2021-жылдын 27-августу                          № 13                                   Куршаб айылы

                                                   

Турак жай багытындагы жер тилкесин өнөр жай багытына которуу жөнүндө

 

           Куршаб айылдык  Кеңешинин  турак жай,өнөр жай,курулуш,жер,жерге жайгаштыруу  боюнча туруктуу комиссиясы Турак жай багытындагы жер тилкесин өнөр жай багытына которуу жөнүндөгү маселени   КР жер кодексинин №12 –беренесинин 2017-жылдын 1-июнундагы № 952019-жылдын 30-июлундагы № 107 мыйзамдарынын редакциясына ылайык, жер багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени    алдын ала карап, Куршаб  айылдык    Кеңешинин (жетинчи  шайланган)  IV – кезектүү  сессиясынын күн тартибиндеги   маселени угуп, талкуулап чыгып, Куршаб айылдык кеңеши                           

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

  1. Мамаев Маматкасымга менчигинде турган  коду № 5-06-11-1001-2820  турак

жай багытындагы жер участкасын  соода-сатык, элди тейлөөчү   ишканалар багытына өзгөртүүгө жана  мыйзам талаптарына ылайык курулуш курууга макулдук берилсин.

 

  1. Куршаб айыл Өкмөтүнө кошуналарынын макулдук каттарынын  негизинде

тийиштүү юридикалык иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдоо жагы тапшырылсын.

 

  1. Керектүү иш кагаздарын, документтерин  даярдап берүү  жагы тийиштүү

мамлекеттик башкармалыктарынан суралсын.

 

  1. Бул токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагы турак жай, өнөр жай,

курулуш,жер, жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу  комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

                                              

                Төрага:                                                                       Жумаев Б.Э

 

 

            

 

 

Куршаб айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) IV отурумунун

 

ТОКТОМУ

 

2021-жылдын 27-августу                             № 14                                  Куршаб айылы.

 

Куршаб айыл өкмөтүнө  муниципиалдык менчигине каттоо   аркылуу өткөн жерлер жөнүндө

 

         Куршаб айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) Айыл чарба, суу чарба, мелиорация, экология, ветеринардык кызмат жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясынын III-кварталында аткарыла турган иш планына ылайык Куршаб айыл өкмөтүндөгү 2020-21 жылдагы муниципиалдык менчикке өткөн жер тилкелерин кайрадан тактап, талкуулап Куршаб  айылдык  кеңешинин (Жетинчи  шайланган)  IV кезектүү  сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

  1. Куршаб айыл өкмөтүнө муниципиалдык менчигине алынган жерлерин тактап,

иретеп мыйзамдуулугун карап, эгер мыйзам бузуулар менен берилип, документери толук болбой турган болсо, ошол токтомдордун мыйзамдуулугуна баа берүү үчүн тиешелүү органдарга жүктөлсүн.

  1. Жерге керектүү иш кагаздарын даярдап тактап укуктук баа берүү үчүн тиешелүү

органдарга кайрылуу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

  1. Өз учурунда жерге тиешелүү иш кагаздарын даярдап тактабай өз ишине жоопкерчиликсиз мамиле жасагандыгы үчүн жерге тиешелүү адистерге  кызматтык эскертүү берүү жагы сунушталсын.
  2. Бул токтомдун көзөмөлдөө жагын мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо,

регламент, этика жана турак жай, өнөр жай, курулуш,жер, жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. 

 

 

 

 

 

 

 

                Төрага:                                                                                  Жумаев Б. Э.

 

 

 

Куршаб айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) V отурумунун

ТОКТОМУ

 

2021-жылдын 10-сентябры                           № 15                                 Куршаб айылы

 

Куршаб  айыл өкмөтүнүн  2021-жылдын алты айына  карата бюджетке берилген

кошумча план жана кээ бир киреше булактардын планынан кыскартуу жөнүндө.

 

          Куршаб  айыл өкмөтүнүн  2021-жылдын алты айына  карата бюджетке берилген кошумча план жана кээ бир киреше булактардын планынан кыскартуу жөнүндө маселени финансы, бюджет, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясы, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 18-беренеси 3- пунктуна ылайык алдын ала карап,  Куршаб  айылдык    Кеңешинин (жетинчи  шайланган)  V -кезексиз  сессиясынын күн тартибиндеги маселени угуп, талкуулап чыгып  Куршаб айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

  1. Куршаб айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетине алты айынын ичинде киреше

бөлүгүндөгү салыктардын планга карата ашыкча топтолгондугуна байланыштуу  кошумча план алынсын жана акча каражаты төмөнкү беренелер боюнча жумшалсын.(тиркеме №1 ).

  1. Куршаб айыл өкмөтүнө караштуу балдар бакчаларынын ата-энелер төлөмүнөн

атайын каражаттар эсебинен Куршаб айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетине алты айынын ичинде пландан 500 000сом кыскартуу каралсын. (тиркеме №2).

  1. Куршаб айыл өкмөтүнө караштуу А. Тангатаров интернат-гимназиясынын ата-

энелер төлөмүнүн атайын каражаттар эсебинен Куршаб айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январь айына калган калдыкка  79626 миң сом, кошумча смета түзүү үчүн план бөлүп берилсин.  (тиркеме №3).

  1. Токтомду мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жагы Куршаб айыл       өкмөтүнө

милдеттендирилсин.

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин

бюджет, финансы,экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча   туруктуу   комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

              Төрага:                                                                                Жумаев Б.

 

 

 

 

Куршаб айылдык кенешинин (VII чакырылышынын) 2021-жылдын 10-сентябрындагы кезектеги сессиясынын 15- токтомунун №1-тиркемеси

     

 

   

 

   

 

Куршаб айыл өкмөтүнө 2021-жылдын 6 айына карата бюджетке

 

 

 

берилген кошумча план.

 

     

 

 

Киреше бөлүгү

 

 

 

 

   

 

 

 

берилген

   

Салыктардын аталышы

сумма

   

 

 

мин сом

   

1

Подоход салыгы

500,0

   

2

Айылчарба багытында эмес жерге салык

300,0

   

 

 

     

 

жыйынтык

800,0

   

 

 

     
         
 

Чыгаша бөлүгү.

     

 

 

     

раздель

Чыгашанын аталышы

сумма

статья

 

 

 

мин сом

   

 

Аппарат

     

70111

Соц фонд

95,8

   

70111

трацпорт чыгымы

16,0

   

 

жыйынтык

111,8

   

 

 

     

 

 

     

 

ЖКХ бөлүмү

     

70629

Орус мазардагы сууну тосууга

200,0

   

70629

Өзгөчө кырдаалдар учуруна

100,0

   

70629

башка чыгымдар (АПЗ проектерге)

109,2

   

 

жыйынтык

409,2

   

 

 

     

 

 

     

 

Билим берүү

     

70921

К.Эрматов актовый залдын полуна

279,0

   

 

жыйынтык

279,0

   

 

жалпы жыйым

800,0

   

 

 

 

 

 

 

 

   

 

 

 

 

 

 

         

 

 

Куршаб айылдык кенешинин (VII чакырылышынын) 2021-жылдын 10-сентябрындагы кезектеги сессиясынын 15- токтомунун №2-тиркемеси

     

 

     

 

 

Куршаб айыл өкмөтүнө караштуу балдар бакчаларынын атайын

каражаттар эсебинен 2021-жылдын 6 айына карата пландан

кыскартуу боюнча маалыматы.

 

 

 

Киреше

 

   
   

сумма

 

аталышы

мин сом

     
     
 

Атайын каражаттар

500,0

     
     
 

жыйынтык

500,0

     
     

Чыгаша

   
   

сумма

статья

аталышы

мин сом

     

2218

тамак-аш

500,0

     
     
 

жыйынтыгы

500,0

     
     

 

                   

 

 

 

Куршаб айылдык кенешинин (VII чакырылышынын) 2021-жылдын 10-сентябрындагы кезектеги сессиясынын 15- токтомунун №3-тиркемеси

       

Куршаб айыл өкмөтө караштуу А.Танатаров интернат-гиназиясынын

ата-энелер төлөмүнүн атайын каражаттар эсебине төгүлгөн акча каражатынын 2021-жылдын 01-январ айыны калган калдыкка кошумча смета түзүү.

 

Киреше булагы

   
   

 

 

аталышы

сумма

 
   

сом

 
       
 

Калган калдык 01.01.2021-жылга

79626

 
       
       
 

жыйынтыгы

79626

 
       
       

Чыгаша

     
       

статья

аталышы

сумма,сом

 
       

2218

тамак-аш

79626

 
       
       
 

жыйынтыгы

79626

 
       
       
   

 

 

 

 

p class=params-