Куршаб айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) V отурумунун 

ТОКТОМУ 

2021-жылдын 10-сентябры                           № 16                                 Куршаб айылы

 

Куршаб  айыл өкмөтүнүн  2021-жылдын тогуз айына  карата салыктардан

кошумча планы жана чыгаша бөлүгү жөнүндө 

          Куршаб  айыл өкмөтүнүн  2021-жылдын тогуз айына  карата бюджетке берилген кошумча план жана чыгаша бөлүгү жөнүндө маселени финансы, бюджет, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясы, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 18-беренеси 3- пунктуна жана Кыргыз Республикасынын бюджет кодексинин 16.05.2016-жылдагы №59 мыйзамынын 109-беренесинин 1-пунктуна  ылайык алдын ала карап,  Куршаб  айылдык    кеңешинин (жетинчи  шайланган)  V -кезексиз  сессиясынын күн тартибиндеги маселени угуп, талкуулап чыгып  Куршаб айылдык кеңеши  

                         

ТОКТОМ КЫЛАТ :

  1. Куршаб айыл өкмөтүнүн  бюджетинин 2021- жылдын тогуз айындагы  аткарган иштери

боюнча отчету жана бюджетинин кирешелер бөлүгү 22060,9 миң сомго, чыгаша бөлүгү 16892,9 миң сомго  аткарылып канааттандырарлык  деп табылсын.

  1. Куршаб айыл өкмөтүнүн 2021- жылдын тогуз айына карата бюджеттин чыгаша

бөлүгүндөгү жумуштардын порталга коюлуп үнөмдөлгөн акча каражаты 130800сом бекитилсин

  1. Куршаб айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетине тогуз айынын ичинде киреше

бөлүгүндөгү салыктардын планга карата ашыкча топтолгондугуна байланыштуу  2000,0 млн сом кошумча план алынып төмөнкү беренелер боюнча жумшалсын.

  1. Куршаб айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетиндеги салыктардан 4-кварталынан

кошумча план 1045,2 миң сом алынсын жана лицензиядан 400,5 миң сом кыскартылып төмөнкү беренелер боюнча жумшалсын.

  1. Атайын каражаттар эсебинен 300,0 мин сом кошумча план алынсын. Билим берүү

тармагына А. Тангатаров интернат-гимназиясына 120,0мин сом. Балдар бакчасына 180,0 мин сом сметанын негизинде бөлүнсүн .

  1. Куршаб айыл өкмөтүнүн 2021- жылдын тогуз айына карата үнөмдөлгөн акча

каражатынан 2215 статьясына айыл  өкмөтүнүн апаратына жана айылдык кенештин жаны-жылдык майрамдык иш чарасына 80000 сом бөлүнүп берилсин

  1. Токтомду мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө

милдеттендирилсин.

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин

бюджет, финансы,экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча   туруктуу   комиссиясына тапшырылсын.

 

 

                        Төрага:                                                                                Жумаев Б.

 

 

Куршаб айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) V отурумунун 

ТОКТОМУ 

2021-жылдын 10-сентябры                           № 17                                 Куршаб айылы

 

Куршаб  айыл аймагынын тургундарынын жеке менчик турак жайга болгон муктаждыгын жарым-жартылай канааттандыруу максатында 42,80га жер тилкесинин башкы планын бекитүү жөнүндө.

 

          Куршаб айылдык  Кеңештин  турак жай, өнөр жай,курулуш, жер, жерге жайгаштыруу  боюнча туруктуу комиссиясы, Куршаб  айыл аймагынын тургундарынын жеке менчик турак жайга болгон муктаждыгын жарым-жартылай канааттандыруу максатында 42,80га жер тилкесинин башкы планын бекитүү жөнүндө маселени алдын ала карап, Куршаб  айылдык    Кеңешинин (жетинчи  шайланган)  V кезексиз  сессиясынын күн тартибиндеги маселени угуп, талкуулап чыгып  Куршаб айылдык кеңеши

                           

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

  1. Куршаб айыл аймагынын тургундарынын жеке менчик турак жайга болгон

муктаждыгын жарым-жартылай канааттандыруу үчүн Куршаб айыл аймагындагы калктуу конуштарды кеңейтүү үчүн каралган кайра бөлүштүрүү фондунун №119 контурундагы 5,0га, №1982 контурундагы 1,2га,  №154 контурундагы 4,7га, №8 контурундагы 3,0га, №14 контурундагы 4,4га, №26 контурундагы 1,4га, №1350 контурундагы 7,7га, №1908 контурундагы 1,7га, жер, жалпысы болуп 29,1 гектар суугат айдоо жер участокторун “айыл чарба жерлер” категориясынан калктуу конуш жер категориясына (трансформациялоого) которууга уруксат берилсин.

  1. №576 контурдагы 11,2га, №246 контурдагы 2,5га, жалпысы болуп 13,7 гектар кайрак

айдоо жер участокторун участокторун “айыл чарба жерлер” категориясынан калктуу конуш жер категориясына (трансформациялоого) которууга уруксат берилсин.

  1. Трансформациялоого байланышкан иш кагаздарын даярдап берүү жагы тиешелүү

мамлекеттик мекемелерден суралсын.

  1. Токтомду мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө

милдеттендирилсин.

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куршаб айылдык Кеңештин

турак жай, өнөр жай, курулуш, жер, жерге жайгаштыруу  боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

           Төрага:                                                                                Жумаев Б.

 

 

Куршаб айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) VI отурумунун 

ТОКТОМУ

 

2021-жылдын 5-ноябры                           № 18                                 Куршаб айылы

 

Куршаб айыл өкмөт аймагындагы балдар бакчасынын ата-энелер тарабынан балдардын тамак-ашына төлөнүүчү төлөмдөрдүн тарифин бекитүү жөнүндө. 

       Куршаб  айылдык    Кеңешинин  (жетинчи  шайланган ) VI - кезектеги  отуруму Куршаб айыл өкмөтүнө караштуу балдар бакчасынын ата-энелер чогулушунун протоколдорунун негизинде Куршаб айыл өкмөт аймагындагы балдар бакчасынын  ата-энелер тарабынан балдардын тамак-ашына төлөөнүчү төлөмдөрдүн тарифин бекитүү боюнча карап чыгып Куршаб  айылдык    Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Куршаб айыл өкмөт аймагындагы балдар бакчасынын  ата-энелер тарабынан

балдардын тамак-ашына төлөөнүчү төлөмдөрдүн тарифи ата-энелердин келишими менен түзүлгөн инфляциялык абалга ылайык  09.04.2021-жылдагы №195 Токтом менен кабыл алынган 2021-жылдын 2-кварталына убактылуу мөөнөткө наристе тайпалар 45 сом, жогорку тайпалар 50сом өлчөмүндө бекитилген тарифи туруктуу бойдон бекитилсин.

 

  1. Токтомду аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына

 милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Куршаб айылдык кеңешинин

бюджет, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

          Төрага:                                                                                Жумаев Б.

 

 

 

 

 

             

Куршаб айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) VI отурумунун

 

ТОКТОМУ 

2021-жылдын 5-ноябры                           № 19                                 Куршаб айылы/ 

 

Куршаб айылындагы «Береке» мечитин медресе кылуу жана Медресенин атын Маразыков Мубарак Ажынын атын ыйгаруу жөнүндө 

Куршаб айылынын жашоочуларынын айылдык кеңешке келип түшкон кириш №43 22.10.2021-жылдагы сураныч катынын негизинде Куршаб айылдык кенешинин Билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият (каада салт, дин, тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясы алдын ала талкуулап чыгып Куршаб айылдык кенешинин (жетинчи шайланган) VI-кезектеги отурму 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

  1. Куршаб айылындагы «Береке» мечити жаштар үчүн медресе катары берилсин.
  2. Медресеге Маразыков Мубарак ажынын ысмы ыйгарылсын.
  3. Токтомду мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө

милдеттендирилсин.

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куршаб айылдык кенешинин Билим

беруу, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият (каада салт, дин, тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

Төрага:                                                                                     Жумаев Б

 

 

 

 

Куршаб айылдык  кеңешинин (жетинчи шайланган) VII-кезекcиз отурмунун 

 ТОКТОМУ

 

2021-жылдын 29-декабры                        № 20                                           Куршаб айылы. 

 

Куршаб айылындагы социалдык шаарчадан үй алып азыркы күндө жашап жаткан тургундардын тизмесин бекитип берүү жөнүндө 

           Куршаб айылына караштуу №37б кварталында жайгашкан 2,90га жер тилкесинде “АС-САФА БОРБОРУ” коомдук бирикмеси тарабынан курулган социалдык шаарчадан үй алып, бүгүнкү күндө жашап жаткан жарандардын тизмесин Куршаб айылдык кеңештин депутаттарынан, айыл өкмөтүнүн адистеринен түзүлгөн комиссиясы алдын ала карап талкуулап чыгып,  Куршаб айылдык кенешинин (жетинчи шайланган) VII кезексиз отуруму  

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

  1. Куршаб айыл өкмөтү тарабынан сунушталган, азыркы күндө социалдык шаарчадан үй

алып жашап жаткан тургундардын тизмеси Куршаб айылдык кеңешинин 09.04.2021-жыл №197 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин.

  1. Токтомду мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жагы Куршаб айыл окмотуно

милдеттендирилсин

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куршаб айылдык кенешинин Билим

берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият (каада салт, дин, тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

  

 

Төрага:                                                                                     Жумаев Б. Э

 

 

                                ТИРКЕМЕ

Куршаб социалдык шаарчага жайгаштырылган аялдардын тизмеси.

  1. Абдылдаева Рахат Арапбаевна
  2. Алимканова Аксергек Эркинбаевна
  3. Аккудова Динара Азизбековна
  4. Махмудова Умидахон Сулайманжановна
  5. Курбанова Надира Ганижановна
  6. Ахматадиева Зуура Сайляхуновна
  7. Бердигулова Чынара Мамытовна
  8. Умурзакова Дильноза Миркамиловна
  9. Шерматова Максаткан Эшматовна
  10. Аскарбек кызы Гулиза
  11. Идирисова Канышай Апарбаевна
  12. Ахмаджанова Назгуль Абдыкадыровна
  13. Борубаева Рахат Нурдуновна
  14. Машрабжон кызы Ойдинахон
  15. Курманбаева Замирахан Токоевна
  16. Курбанова Чаманой Базарбаевна
  17. Абшива Кулпунай Мусаевна
  18. Каддыбаева Акылай вдова
  19. Садыкова Клара Сагынбаевна
  20. Турдумаматова Турдукан Пазыловна
  21. Адмаматова Камиля Исаковна
  22. Медербек кызы Гулбанра
  23. Холбаева Камилахоп Мамасидиковна
  24. Аматахунова Мотобархан Токтахуновна
  25. Байходжаева Назгул Усаровна
  26. Мамажанова Айнура Козуевна
  27. Сабирова Бахтыгуль Авазбековна
  28. Алтымышова Гулзада Айтмаматовиа
  29. Аязова Гулмира Убайдуллаевна
  30. Кубаныч кызы Толкунай
  31. Камбарова Гулбарчып Токтосуновиа
  32. Кадырова Мавлюда Владимировна
  33. Сайдарова Динара Рахмановна
  34. Аскарова, Гулсун Акбаралиевна
  35. Майнашова Гулжан Жумабековна
  36. Айтишова Кенжекан Акимовна
  37. Адишова Гулзада Айдынбековна
  38. Маметова Айзат Тилекматовна
  39. Тиленова Тамара
  40. Ахматалиева Азадахан Саибжановна
  41. Исмаилова Гулбарчын
  42. Асран кызы Элнура
  43. Шерматова Гулсана Орозбаевна
  44. Орозова Мира Паизилдаевна
  45. Осмонова Калинса Эсеналиевна
  46. Сейитбек кызы Аселя
  47. Хамидова Хилола Абдуманановна
  48. Мамырова Гулмайра Жээнбековна
  49. Тажибаева Дилофроз Хашимовна
  50. Жалалова Жазирахан Ташмаматовна
  51. Турганбаева Камелия Тологоновна
  52. Амирова Роза Каныбековна
  53. Болозбек кызы Аидай
  54. Суранова Гулшан Авановна
  55. Турмашова Нурзида Кашкабаевна
  56. Дуйшеева Салима Аттокуровна
  57. Райымбек кызы Айназик
  58. Шамшиева Райхан Манасовиа
  59. Аманова Светлана Мамыровна
  60. Базарбаева Майрамхан Мингдибаевна
  61. Жусупбекова Чынара Калиловна
  62. Турдуматова Дурдана Абыл Касымовна
  63. Шерматова Жанаргул Нишанбаевна
  64. Маманиезова Кундуз Абдуллажановна
  65. Оморова Альбина Алмазбековна
  66. Дайдиева Ыквал Абдуллаевна
  67. Календарова Айнура Абимиталиповна
  68. Орозова Айбарчын Парпиевна
  69. Пурматова Сайха Батыржановна
  70. Токтосунова Бегимай Ардакбековна
  71. Адайчиева Айдана Бактыбековна
  72. Мамбетова Эльмира Тургуналиевна
  73. Молдокожоева Гулжан Жоомартовна
  74. Эркулова Жазгул Тугунбаевна
  75. Апиева Динара
  76. Тажибаева Гулиза Мамасалиевна
  77. Ахунова Кыздаркан Рашовна
  78. Мусаева Уранаса Апиевна
  79. Артыкова Гулжан Закировна
  80. Бусева Айнагул Темирбековна
  81. Рахманова Калыскан Курманбековна
  82. Дооранова Мирдат Сурановна
  83. Ташматова Аймира Абдыкааровна
  84. Холназарова Ирода Махамаджановна
  85. Ибрагимжан кызы Гулназ
  86. Курманбекова Атиргул Ташмаматовна
  87. Исматилаева Ойнура Абдугафуровна
  88. Мырзахмедова Жумагул Эргешбаевна
  89. Шарипова Диёра Толибжоновна
  90. Матазова Гульзадахан Абдикаримовна
  91. Токтомушова Гулбайра
  92. Пираева Наргиза Абдиллаевна
  93. Борокеева Орунбу Абдыгапаровна
  94. Сулайманова Асылбу Бактыбековна
  95. Тавакалова Нурзада Тавакаловна
  96. Баймурзаева Гулзада Абдикадировна
  97. Усонова Айгул Туташевна

98 Мурзаева Нургул Абылкасимовна

  1. Эрматова Асель Таавалдиевна
  2. Молдобаева Асылзат Оморалиевна
  3. Атабаева Гулзар Абдыманаповна
  4. Нурматова Гулмира Ибрагимжановна
  5. Кокумбаева Жанаргул Турдуахуновна
  6. Абакирова Жанаргул Бердимаматовна

 

 

 

 

 

 

Куршаб  айылдык   кеңешинин  (жетинчи  шайланган ) VII- кезекcиз  отурумунун 

ТОКТОМУ 

2021-жылдын  29-декабры                               № 21                                          Куршаб айылы

 

«Айылдын ардактуу атуулу» деген наамды ыйгаруу жөнүндө 

     Куршаб айылдык кеңешинин 02.07.2018-жылкы ХVII кезектеги отурумунун № 77- токтомунун “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндөгү ЖОБОсуна ылайык,  Мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, Регламент, этика боюнча туруктуу комиссиясы  алдын ала карап    Куршаб айылдык кеңешинин  (жетинчи  шайланган)  кезексиз VII -  отуруму талыкпаган үзүрлүү эмгегин жана  калк арасындагы абройун, аткарып жаткан иштерин баалап талкуулап, карап чыгып Куршаб айылдык кеңеши                       

  Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

 

  1. 1951-жылы 23-октябрь күнү туулган Каныбаев Манап Куршаб

айыл аймагынын  «Fрдактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.

 

  1. Токтомду Куршаб айылдык Кеңешинин 02.07.2018-жылкы ХVII кезектеги

отурумунун № 77- токтомунун “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндөгү ЖОБОсуна ылайык аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Куршаб айылдык Кеңешинин

Мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, Регламент, этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага:                                                                                        Жумаев Б. Э

 

 

 

 

 

 

 

Куршаб  айылдык    кеңешинин  (жетинчи  шайланган ) VIII  кезектүү  отурумунун

 

ТОКТОМУ

 

2022-жылдын  28-январы                               № 22                                        Куршаб айылы

 

Куршаб айылында жайгашкан орус-славян чиркөсүн тарыхый-маданий мурастар тизмесине киргизүү жөнүндө

 

Куршаб айылынын тургундарынан келип түшкөн орус-славян чиркөсүн тарыхый

маданий мурастар тизмесине киргизүү жонундо маселени Куршаб айылдык кенешинин Билим беруу, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият (каада салт, дин, тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясы алдын ала карап, талкуулап чыгып Кыргыз Республиккасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө жана Кыргыз Республиккасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 27-беренесинин 13-пунктуна ылайык Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) VIII кезектуу отуруму 

 

Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

 

  1. Куршаб айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Камчыбеков көчөсүндө

жайгашкан орус-славян чиркөсү тарыхый-маданий мурастар  тизмесине киргизилсин.

  1. Куршаб айылынын Камчыбеков көчөсундө жайгашкан орус-славян чиркөсүнүн

жер аянты кайрадан Куршаб айыл өкмөтү жана Кадастр мамлекеттик ишканасы, айылдык кенештин турак жай, курулуш, жер, жерге жайгаштыруу туруктуу комиссиясы менен биргеликте такталып,  айылдык кенешке токтом чыгарууга сунушталсын.

  1. Тийиштүү иш кагаздарын мыйзам талаптарына ылайык бүткөрүү жагы

мамлекеттик башкармалыктардын райондук бөлүмдөрүнөн суралсын.

  1. Токтомду мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө

милдеттендирилсин

  • Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куршаб айылдык кенешинин

 Билим беруу, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият (каада салт, дин, тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

Төрага:                                                                                     Жумаев Б.Э

 

 

 

 

 

 

 

Куршаб  айылдык    кеңешинин  (жетинчи  шайланган ) VIII- кезектүү отурумунун 

ТОКТОМУ

 

2022-жылдын   28-январы                               № 23                                         Куршаб айылы

 

Жайыт комитетинин  аткарган иштерин, бюджетин кароо жана  жайыт пайдалануу тарифин бекитүү жөнүндө 

         Куршаб айыл аймагындагы жайыт комитетинин 2021-жылда аткарган иштери, бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету,  2021-жыл учун бюджетин  жана мал жандыктар учун жайыт  пайдалануу тарифтик  өлчөмүн, бекитүү жөнүндөгү маселелерди угуп, карап талкуулап чыгып КР жайыт мыйзамынын негизинде  Куршаб айылдык кенешинин айыл чарба, суу чарба, мелиорация, экология, ветеринардык кызмат жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясы алдын ала карап чыгып Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) VIII кезектуу отуруму  

Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

 

  1. Жайыт комитетинин 2021-жылда аткарган иштери, бюджетинин аткарылышы

канааттандырарлык деп табылсын

  1. Жайыт комитетинин 2022-жыл учун жалпы киреше 460 000(торт жуз алтымыш

мин)сом өлчөмүндө бекитилсин.  

  1. Куршаб айыл өкмөтүнө караштуу жайыт акылары ушул убакытка чейин колдонуп

жаткан тариф боюнча калтырылсын.

      4.Ушул токтомду аткаруу жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жетекчисине милдеттендирилсин.

      5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куршаб айылдык кенешинин айыл чарба, суу чарба, мелиорация, экология, ветеринардык кызмат жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага:                                                                                 Жумаев Б.Э.

 

 

 

 

 

Куршаб  айылдык    кеңешинин  (жетинчи  шайланган ) VIII  кезектуу  отурумунун 

ТОКТОМУ

 

2022-жылдын  28-январы                               № 24                                        Куршаб айылы

 

Куршаб тазалык муниципалдык ишканасынын 2021-жыл аткарган иштери жана отчету жөнүндө 

Куршаб тазалык муниципалдык ишканасынын 2021-жыл аткарган иштери жана отчету жөнүндө маселени Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 18-беренси 2,11-пунктарына ылайык Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) VIII кезектеги отуруму карап, талкуулап чыгып 

ТOKTOM КЫЛАТ:

 

  1. Куршаб тазалык муниципалдык ишканасынын 2021-жыл аткарган иштери жана

отчету канааттандырарлык деп табылсын.

  1. Куршаб тазалык муниципалдык ишканасынын 2022-жылга карата өнүгүү планы

иштелип чыксын.

  1. Куршаб айыл аймагына краштуу ар бир көчөсүндө таштанды чыгаруу боюнча

уюштуруу жана түшүндүрүү жумуштары жүргүзүлсүн, таштанды алып чыгуу графиги такталсын.

  1. Ушул токтомду мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жагы Куршаб тазалык

мунипалдык ишканасынын жетекчисине милдеттендирилсин.

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы уршаб айылдык кеңешинин

энергетика, транспорт, байланыш, таза суу, комуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

    Төрага:                                                                                              Жумаев Б.Э

 

 

 

 

 

 

 

Куршаб  айылдык    Кеңешинин  (жетинчи  шайланган ) VIII- кезектүү отурумунун 

ТОКТОМУ

 

2022-жылдын  28-январы                               № 25                                         Куршаб айылы

 

Куршаб айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 12 айга карата аткарган иштери жана 2022-жылга бюджет бекитүү жөнүндө

 

             Куршаб айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 12 айга карата аткарган иштери жана 2022-

жылга бюджет бекитуу жөнүндөгү маселени КР “Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 18-беренесине жана КР Бюджет Кодексинин 102-117 беренелерине ылайык айылдык кеңешинин бюджет, финансы, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясы менен биргеликте алдын ала карап, алардын сунуштарынын негизинде Куршаб айылдык кенешинин (жетинчи шайланган) VIII кезектеги отуруму 

                                                        ТОКТОМ   КЫЛАТ: 

1.Куршаб айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 12 айына карата аткарган иштери боюнча отчету жана бюджетинин кирешелер булагы 35961,4 миң сомго жана чыгашалар бөлүгү 27133,4 миң сомго аткарылып, аткарылбай калган жумуштарды эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.

 

  1. Куршаб айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджетин киреше бөлүгүн толтурууга

кошумча киреше булактарын табуу айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

 

  1. Куршаб айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджетинин кирешелер жана чыгашалары 30672,2 миң сом өлчөмүндө бекитилсин жана тармактар боюнча төмөнкүдөй бөлүнсүн.

Айыл өкмөтүнүн аппаратына  - 8116,6 миң сом

Айылдык кеңештин аппаратына-571,1 миң сом

Айыл чарба бөлүмүнө – 750,0 миң сом

Жайыт бөлүмүнө  - 460,0 миң сом

Комуналдык чарба бөлүмүнө - 7615,0 миң сом

Китепкана -432,4 миң сом

Маданият бөлүмүнө – 1599,1  миң сом

Билим берүү тармагына – 2340,0 миң сом

Тангатаров мектеп –гимназиясы – 350,0 миң сом

Бала-бакча тармагы – 3117,6 миң сом

Социалдык жардам бөлүмүнө – 920,0 миң сом

Атайын каражаттар эсеби – 4400,0 миң сом

 

4.Кыргыз республикасынын  8-июль 2013-жылдагы № 403 токтомунун негизинде Куршаб айыл өкмөтүнүн аппаратынын 22 штат бирдиги, 2 айылга 2 айыл башчы штатты жана 5 штат аскердик каттоо бөлүмүнө, жалпысынан 29 штат бирдиги каралсын.

 

5.Кыргыз Республикасынын негизги укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгү мыйзамынын 21-беренсине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 306,7 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.

 

  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2022-жылга жергиликтүү

бюджеттердин чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык фондко чегерүү, дары-дармек жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга чегерүүлөр), комуналдык кызматтар (көмүр, суу, тамак аш) боюнча жүзөөгө ашыруу сунушталсын.

 

  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тендөөчү гранттан биринчи кезекте корголгон беренелер жана комуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды каржылоого багыталсын.

 

  1. Бюджеттик мекемелер , чарба жургузуучу субьектер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүлүп алынсын.

 

9.Казына системасынан четтеп өттүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражат 100 пайызы жергиликтүү бюджетинин кирешесине алынсын.

 

  1. Көчөлөргө шагыл төгүү, мамычаларды алуу жана орнотуу, көмүр сатып алуу асфальт басуу ички каналдарды тазалоо максаттуу жана эффективдүү пайдаланышын көзөмөлдөө үчүн атайын убактылуу комиссия түзүлсүн.

 

  1. Комиссия курамы айыл өкмөттөн, депутаттардан жана кызыктар тараптан түзүлсүн.Комиссия мүчөлөрү мыйзам чегинде критерий иштеп чыгышсын, критерийдин негизинде чечим чыгарылсын жана комиссиянын чечиминин негизинде ишке ашырылсын.

 

12.Жолдорго асфальт басуу долбоорлорун түзүүдө, ишке ашырууда «Таза суу» долбоору 2021-2022-жылдары ишке ашып жаткандыгына байланыштуу келечектүүлүгүн, экономдуулугун, туруктуулугун эффективдүүлүгүн эске алуу максатында сүйлөшүү жана макулдашуу жолу менен ишке ашырылсын.

 

  1. Куршаб тазалык ишканасына жарыктандырууну камсыз кылуу максатында оңдоо, түзөө жумуштары, көчөлөрдөгү тазалыкты сактоо, акыр чикир тазалоо ташуу жана ит атуу жумуштары күнүмдүк муктаждыкты жараткандыгы үчүн акча каражаты келишимдин негизинде түздөн-түз которуу жолу менен ишке ашырылсын жана өкмөттүн буйругу менен атайын комиссия түзүлсүн, текшерүүгө алынсын.

 

  1. Ар бир куруу жумуштарына, оңдоп түзөөгө жана сатып алуулардын мыйзамдуулугун, сапатын, келечектүүлүгүн, туруктуулугун камсыз кылуу максатында түзүлүүчү келишимдин шарттары, талаптары мыйзам чегинде коп тараптуу жакшы иштелип чыгылсын жана кесипкөй адистерден мониторингдик комиссия түзүлсүн жана өз мөөнөтү менен текшерип туруу жагы милдеттендирилсин.

 

  1. Айланма кассалык калдык (оборотный кассовый наличность) айыл өкмөтүнүн бюджетти боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаты 2022-жылдын 1-январына карата ____ миң сом өлчөмүндө белгиленсин.

 

16.Куршаб айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2022-жыл учун жалпы киреше

460 000(төрт жүз алтымыш миң) сом өлчөмүндө бекитилсин. Куршаб жайыт пайдалануучулардан тушкон  жалпы бюджеттик пландагы акча каражатынын үчтөн бир бөлүгү айыл өкмөтүнүн жергиликтуу бюджетине түшө турган акча каражатын толугу менен жайыт комитетине бөлүнүп берилсин. Донордук уюмдар  менен иш жүргүзүп жаткандыгына байланыштуу Куршаб жайыт комитетине  инфраструктурасын өнүктүрүүгө, ондоого, жолдорду оңдоп түзөөгө жана  жайыт рационун байытуу үчүн которулуп берилсин. Казына системасын четтеп өтүү менен каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын.

 

  1. Жайыт комитетинин чыгашаларын каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелерге: эмгек акы, соцфонд, салыктарга чегеруу сунушталсын.
  2. Куршаб айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча 01.01.2022-жылга карата бюджетте калган калдык 8462,5 миң сом, атайын каражаттар эсебиндеги калган калдык 211,4 миң сом акча каражаты бекитилсин жана төмөнкү тармактар боюнча жумшалсын.

Бюджет:

Айыл өкмөтүнүн аппаратына – 844,6 мин сом

Комуналдык чарба бөлүмүнө -6343,7 мин сом

Маданият бөлүмүнө – 424,2 мин сом

Билим берүү бөлүмүнө – 850,0 мин сом

Атайын каражаттар:

Балдар бакчасынын тамак ашына -150,0 миң сом

Чарба буюмдарына – 61,4 миң сом

 

19.Ушул токтомду мыйзам чегинде  аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

21.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин      бюджет, финансы, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча  туруктуу   комиссиясына тапшырылсын

 

 

Төрага:                                                                                      Жумаев Б.Э.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Куршаб  айылдык    кеңешинин  (VI чакырылышынын ) кезексиз ХХIII сессиясынын  отурумунун 

ТОКТОМУ 

№129 

2019-жылдын 20-июну                                                                                     Куршаб айылы                                                                           

 

Турак жай курууга жер тилкесин трансформациялоого уруксат берүү жөнүндө 

           Кыргыз Республикасынын мыйзамынын, Жер кодексинин, тургундардын кайрылуусунун, Куршабайыл аймагынын №3 айылынын жалпы үлүш ээлеринин 2018-жылдын 4-августундагы чогулушунун №14-протоколунун, Мамлекеттик фондко өткөрүлгөндүгү тууралуу: Озгөн райондук жерге жайгаштыруу кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгнын 03.06.2019-жылкы№270 сандуу катынын жана Куршаб айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-июлундагы №313 катыныннегизинде Куршаб айылдык Кенешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги №70 токтомунуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселени угуп талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңешинин  (VI чакырылышынын ) кезексиз ХХIII сессиясы 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

  1. Куршаб айыл аймагынын “Жаман-Адыр” участкасынын кайрак-айдоо жерлеринин

158-контурунан 15,25га 159-контурунан 51,70 га жалпысы 66,95 га аянтына кайрак-айдоо улуш жери мамлекеттик фондко өткөндүгүнө байланыштуу турак жай куруу үчүн, анын багытын айыл чарба жер категориясынан калктуу конуш жер категориясына(трансформациялоого) өзгөртүүгө мыйзам чегинде макулдук берилсин.

  1. Трансформациялоого байланышкан мамлекеттик жана юридикалык иш кагаздарын

(жер участогунун жайгашкан жери, аянты жана кадастрдык маалыматы) мыйзам талаптарына ылайык даярдап беру жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдетендирилсин.

  1. Керектуу иш кагаздарын даярдоо жагы мамлекеттик тийиштуу бөлүмдөрүнөн

суралсын.

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Куршаб айылдык кеңешинин

“Турак жай, онор жай, курулуш, жерге жайгаштыруу боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

Төрага:                                                                                       Сабытбек уулу Бактияр

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

p class=params-