Куршаб айылдык Кенешинин (алтынчы шайланган ) Х ХХIV - кезектеги отурумунун
ТОКТОМУ №192
Куршаб айылы 09.04.2021-жыл.
300 орундуу мектептин имаратын куруу үчүн макулдук берүү жөнүндө
Куршаб айылдык Кенешинин (алтынчы шайланган ) ХХХIV - кезектеги отуруму Куршаб айыл өкмөтүнүн 06.04.2021-ж. №112 Куршаб айыл аймагынын Куршаб айылындагы №387- контурдагы социалдык обьекттердин курулуш үчүн калтырылган муниципалдык менчиктеги социалдык шаарчанын күн чыгыш тарабына «АС-САФА БОРБОРУ» Коомдук Бирикмеси тарабынан каржылануучу 300 орундуу мектептин имаратын куруу үчүн макулдук берүү сунушун карап чыгып Куршаб айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Куршаб айылындагы социалдык обьекттердин курулушу үчүн калтырылган №387-контурдагы жер тилкесине, муниципалдык менчиктеги социалдык шаарчанын күн чыгыш тарабына 300 орундуу мектептин имаратын курууга, узак мөөнөтүү ижарага берүүгө, КР Билим берүү жана илим министрлигинин ”мыйзамдарына ылайык иш алып баруусуна макулдук берилсин.
- Социалдык шаарчанын башкы планына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
- Тийиштүү иш кагаздарын бүткөрүү жагы мамлекеттик мекемелердин бөлүмдөрүнөн суралсын.
- Ушул токтомду мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Куршаб айылдык Кеңешинин турак жай, өнөр жай, курулуш, жер, жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: Сабытбек уулу Бактыяр.
Куршаб айылдык Кенешинин (алтынчы шайланган ) Х ХХIV - кезектеги отурумунун
ТОКТОМУ №193
Куршаб айылы 09.04.2021-жыл
Куршаб айыл өкмөтүнүн Куршаб айылынын аты жок көчөсүнө ысым ыйгаруу жөнүндө.
Куршаб айыл өкмөтүнүн №387-контурундагы социялдык шаарчанын аты жок көчөсүнө ысым ыйгаруу боюнча Куршаб айыл өкмөтүнүн сунуш катын Мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо,Регламент,этика боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) Х ХХIV кезектеги сессиясы угуп, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1 . Куршаб айыл өкмөтүнүн Куршаб айылынын социалдык шаарчасынын түштүк тарабындагы экинчи көчөсүнө Шерматов Абсатар ысымы ыйгарылсын.
2. Көчөнү таза, оң абалда кармоо, шагыл төктүрүү, өткөөлдөрдү оңдоо, көчө белгилерин орнотуу, жарыктандырууну камсыздоо балдарына жана туугандарына милдеттендирилсин.
3.Токтомду мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4/Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, Регламент, этика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: Сабытбек уулу Бактыяр.
Куршаб айылдык Кенешинин (алтынчы шайланган ) Х ХХIV - кезектеги отурумунун
ТОКТОМУ №194
Куршаб айылы 09.04.2021-жыл.
Шагым айылындагы К. Эрматов атындагы орто мектебинин алдындагы спорт жана балдар аянтчасын колдонуу жөнүндө
Куршаб айылдык Кенешинин (алтынчы шайланган ) ХХХIV - кезектеги отуруму “жигердүү жараан” долбоорунун алкагында ишке ашып жаткан балдар ойноо аянтчасын Шагым айылынын тургундарынын жана К. Эрматов атындагы орто мектептин эмгек жамаатынын кайрылууларын негизинде билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият(каада салт,дин, тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясы алдын ала карап чыгып Куршаб айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Куршаб айыл аймагындагы Шагым айылынын К. Эрматов атындагы орто мектебинин алдындагы спорт жана балдар ойноо аянтчасын мектептин окуу процессине тоскоолдук жаратпагандай мезгилде айыл тургундары колдоноору бекитилсин.
- Токтомду мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
- Токтомтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Куршаб айылдык Кеңешнин билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият
(каада салт,дин, тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: Сабытбек уулу Бактыяр
Куршаб айылдык Кенешинин (алтынчы шайланган ) Х ХХIV - кезектеги отурумунун
ТОКТОМУ №195
Куршаб айылы 09.04.2021-жыл.
Куршаб айыл өкмөт аймагындагы балдар бакчасынын ата-энелер тарабынан балдардын тамак-ашына төлөнүүчү төлөмдөрдүн тарифин бекитүү жөнүндө
Куршаб айылдык Кенешинин (алтынчы шайланган ) ХХХIV - кезектеги отуруму Куршаб айыл өкмөтүнө караштуу балдар бакчасынын ата-энелер чогулушунун протоколдорунун негизинде Куршаб айыл өкмөт аймагындагы балдар бакчасынын ата-энелер тарабынан балдардын тамак-ашына төлөөнүчү төлөмдөрдүн тарифин бекитүү боюнча карап чыгып Куршаб айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Куршаб айыл өкмөт аймагындагы балдар бакчасынын ата-энелер тарабынан балдардын тамак-ашына төлөөнүчү төлөмдөрдүн тарифи ата-энелердин келишими менен түзүлгөн инфляциялык абалга ылайык 2021-жылдын 2-кварталына убактылуу мөөнөткө 45 сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Куршаб айыл өкмөт аймагындагы балдар бакчасына кабыл алуу үчүн кезекке туруу мыйзамдаштырылсын.
- Токтомду аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
- Токтомтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Куршаб айылдык Кеңешинин
бюджет, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: Сабытбек уулу Бактыяр.
Куршаб айылдык Кенешинин (алтынчы шайланган ) Х ХХIV - кезектеги отурумунун
ТОКТОМУ №196
Куршаб айылы 09.04.2021-жыл.
Куршаб айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 28 март күнү өткөрүлгөн элдик жыйындын чечими жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 18-беренесинин 12 пунктуна ылайык Куршаб айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 28-март күнү өткөрүлгөн элдик жыйындын сунушталган чечиминин негизинде Куршаб айылдык Кенешинин (алтынчы шайланган ) ХХХIV - кезектеги отуруму карап талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Куршаб айыл аймагында мал багуу акысы:
- Жылкы 600сом, бодо мал 600сом, торпок (бир жашка чейин) 300сом,
- кой-эчки 120сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Куршаб айылынын ички каттамы боюнча жол акысы таксилер үчүн бардык жарандарга 15 сомдон бекитилсин жана келишими патент менен иш жүргүзүлүп санитардык жагы көзөмөлгө алынсын.
- Поворот каттамы боюнча Маршруттук каттам уюштурулсун жана жол акысы 10сом, мектеп окуучулары үчүн 5сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Ушул токтомду мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
- Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы айыл чарба, суу чарба, мелорация, экология, ветеринардык кызмат, жайыт, бюджет, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу, энергетика, транспорт,байланыш,таза суу,комуналдык чарба боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага: Сабытбек уулу Бактыяр.
Куршаб айылдык Кенешинин (алтынчы шайланган ) Х ХХIV - кезектеги отурумунун
ТОКТОМУ №197
Куршаб айылы 09.04.2021-жыл.
Социалдык шаарчадан үй алуучулардын тизмесин бекитип берүү жөнүндө
Куршаб айылдык Кенешинин (алтынчы шайланган ) ХХХIV - кезектеги отуруму Куршаб айыл Өкмөтүнө караштуу Куршаб айылындагы №37б кварталында жайгашкан 2,90га жер тилкесине “АС-САФА БОРБОРУ” коомдук бирикмеси тарабынан курулган социалдык шаарчадан үй алуучулардын тизмесин Куршаб айыл Өкмөтүнүн алдында айылдык Кеңештин депутаттарынан, айыл башчылар жана айыл Өкмөтүнүн адистеринен түзүлгөн комиссиянын сунушунун негизинде Куршаб айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Куршаб айыл Өкмөтүнө караштуу Куршаб айылындагы №37б кварталында жайгашкан 2,90га жер тилкесине “АС-САФА БОРБОРУ” коомдук бирикмеси тарабынан курулган социалдык шаарчадан үй алуучулардын тизмеси Куршаб айыл Өкмөтүнүн алдында айылдык Кеңештин депутаттарынан, айыл башчылар жана айыл Өкмөтүнүн адистеринен түзүлгөн комиссиянын сунушунун негизинде бекитилсин.
- Ушул токтомду мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Куршаб айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук,укук, тартипти чыңдоо,Регламент,этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: Сабытбек уулу Бактыяр
Куршаб айылдык Кенешинин (алтынчы шайланган ) Х ХХIV - кезектеги отурумунун
ТОКТОМУ №198
Куршаб айылы 09.04.2021-жыл.
Шагым-Куршаб таза суу муниципиалдык ишканасын түзүү жөнүндө
Куршаб айылдык Кенешинин (алтынчы шайланган ) ХХХIV - кезектеги отуруму Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 18-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык Куршаб айыл Өкмөтүнө караштуу Шагым-Куршаб таза суу муниципиалдык ишканасын түзүү жөнүндө сунушун карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Куршаб айыл Өкмөтүнө караштуу Шагым-Куршаб таза суу муниципиалдык ишканасы түзүү жөнүндө сунушу канаттандырылсын.
- Шагым-Куршаб таза суу муниципиалдык мекемесин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Юстиция министрлигинин тийиштүү аймактык бөлүктөрүнөн мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
- Ушул токтомду мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Куршаб айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук,укук, тартипти чыңдоо,Регламент,этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: Сабытбек уулу Бактыяр.
Куршаб айылдык Кенешинин (алтынчы шайланган ) Х ХХIV - кезектеги отурумунун
ТОКТОМУ №199
Куршаб айылы 09.04.2021-жыл.
Мал союучу ишканасын уюштуруу жөнүндө
Куршаб айылдык Кенешинин (алтынчы шайланган ) ХХХIV - кезектеги отуруму Куршаб айыл Өкмөтүнө караштуу Мал союучу ишканасын уюштуруу жөнүндө сунушун карап чыгып, Куршаб айылдык Кенешинин (алтынчы шайланган ) Х ХХIV - кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Куршаб айыл Өкмөтүнө караштуу Мал союучу ишканасын уюштуруу жөнүндө сунушу канаттандырылсын.
- Ушул токтомду мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Куршаб айылдык Кеңешинин Турак жай,өнөр жай,курулуш,жер,жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: Сабытбек уулу Бактыяр.
Куршаб айылдык Кенешинин (алтынчы шайланган ) Х ХХIV - кезектеги отурумунун
ТОКТОМУ №200
Куршаб айылы 09.04.2021-жыл
«Айылдын ардактуу атуулу» деген наамды ыйгаруу жөнүндө
Куршаб айылдык Кеңешинин 02.07.2018-жылкы ХVII кезектеги отурумунун № 77- токтомунун “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндөгү ЖОБОсуна ылайык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият (каада салт,дин, тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясы алдын ала карап Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) кезектеги Х ХХIV - отуруму талыкпаган үзүрлүү эмгегин жана калк арасындагы абройун, аткарып жаткан иштерин баалап талкуулап, карап чыгып
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- 1952-жылы 01-январь күнү туулган Амиракулов Орозали Мамаевичке Куршаб айыл аймагынын «ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
- Токтомду Куршаб айылдык Кеңешинин 02.07.2018-жылкы ХVII кезектеги отурумунун № 77- токтомунун “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндөгү ЖОБОсуна ылайык аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Куршаб айылдык Кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият(каада салт,дин, тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: Сабытбек уулу Бактыяр
Куршаб айылдык Кенешинин (алтынчы шайланган ) ХХХIV - кезектеги отурумунун
ТОКТОМУ № 201
Куршаб айылы 09.04.2021-жыл
Куршаб айыл өкмөтүнүн аты жок көчөсүнө ысым ыйгаруу жөнүндө.
Куршаб айыл өкмөтүнүн көчө тургундарынын чогулушунун 2021-жыл 2-апрелиндеги протоколунун токтомунун негизинде Мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо,Регламент,этика боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) Х ХХIV кезектеги сессиясы талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ :
- 2021-жыл 2-апрелиндеги протоколунун токтому, 2021-жылдын 5-апрель күнү берген Кедейбаев Нурбайдын балдарынын арыздары канааттандырылсын.
- Куршаб айыл аймагынын Куршаб айылынынК. Бекмурзаев көчөсүнүн күн чыгыш тарабындагы жарыш жайланышкан экинчи аты жок көчөсүнө Кедейбаев Нурбайдын ысымы ыйгарылсын.
- Көчөнү таза, оң абалда кармоо, шагыл төктүрүү, өткөөлдөрдү оңдоо, көчө белгилерин орнотуу, жарыктандырууну камсыздоо балдарына жана туугандарына милдеттендирилсин.
4.Токтомду аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, Регламент, этика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: Сабытбек уулу Бактыяр.
Куршаб айылдык Кенешинин (алтынчы шайланган ) Х ХХIV - кезектеги отурумунун
ТОКТОМУ №202
Куршаб айылы 09.04.2021-жыл
«Айылдын ардактуу атуулу» деген наамды ыйгаруу жөнүндө
Куршаб айылдык Кеңешинин 02.07.2018-жылкы ХVII кезектеги отурумунун № 77- токтомунун “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндөгү ЖОБОсуна ылайык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият (каада салт,дин, тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясы алдын ала карап Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) кезектеги Х ХХIV - отуруму талыкпаган үзүрлүү эмгегин жана калк арасындагы абройун, аткарып жаткан иштерин баалап талкуулап, карап чыгып
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Куршаб айыл аймагына караштуу Куршаб айылынын тургуну 1984-жылы туулган Ташиев Алтынбек Аликовичке Куршаб айыл аймагынын «ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Токтомду Куршаб айылдык Кеңешинин 02.07.2018-жылкы ХVII кезектеги отурумунун № 77- токтомунун “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндөгү ЖОБОсуна ылайык аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Куршаб айылдык Кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият(каада салт,дин, тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: Сабытбек уулу Бактыяр.
Куршаб айылдык Кенешинин (алтынчы шайланган ) Х ХХIV - кезектеги отурумунун
ТОКТОМУ №203
Куршаб айылы 09.04.2021-жыл
«Айылдын ардактуу атуулу» деген наамды ыйгаруу жөнүндө
Куршаб айылдык Кеңешинин 02.07.2018-жылкы ХVII кезектеги отурумунун № 77- токтомунун “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндөгү ЖОБОсуна ылайык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият (каада салт,дин, тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясы алдын ала карап Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) кезектеги Х ХХIV- отуруму талыкпаган үзүрлүү эмгегин жана калк арасындагы абройун, аткарып жаткан иштерин баалап талкуулап, карап чыгып
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.1950-жылы 19-май күнү туулган Маматов Абдимуктар Маматовичке Куршаб айыл аймагынын «ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Токтомду Куршаб айылдык Кеңешинин 02.07.2018-жылкы ХVII кезектеги отурумунун № 77- токтомунун “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндөгү ЖОБОсуна ылайык аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Куршаб айылдык Кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият(каада салт,дин, тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: Сабытбек уулу Бактыяр.
Куршаб айылдык Кенешинин (алтынчы шайланган ) Х ХХIV - кезектеги отурумунун
ТОКТОМУ № 204
Куршаб айылы 09.04.2021-жыл
Мечит курууга макулдук берүү жөнүндө
Куршаб айыл өкмөтүнө караштуу көчө тургундарынын 2021-жыл 09-апрелиндеги мечит курууга макулдук берүү кайрылууларынын негизинде Мыйзамдуулук, укук, тартипти сактоо, Регламент, этика боюнча туруктуу комиссиясы алдын ала каралып, Куршаб айылдык кеңешинин (алтынчы шайланган) ХХХIV кезектеги сессиясы талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ :
- Куршаб айыл өкмөтүнө караштуу көчө тургундарынын 2021-жыл 9-апрелиндеги айыл кеңешине келип түшкөн кириш №10 жана №11 кайрылуулары канааттандырылсын.
- Ушул токтомду мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, Регламент, этика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: Сабытбек уулу Бактыяр.
Куршаб айылдык Кенешинин (алтынчы шайланган ) Х ХХIV - кезектеги отурумунун
ТОКТОМУ №205
Куршаб айылы 09.04.2021-жыл
Фитнес клуб уюштуруу жөнүндө
Куршаб айылдык Кенешинин (алтынчы шайланган ) ХХХIV - кезектеги отуруму Куршаб айыл Өкмөтүнө караштуу Фитнес клуб уюштуруу сунушун карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Куршаб айыл Өкмөтүнө караштуу китепкана алдындагы жертөлөөнү ремонттоп Фитнес клуб уюштуруу жөнүндө сунушу канаттандырылсын.
- Ушул токтомду мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Куршаб айылдык Кеңешинин Билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият
(каада салт,дин, тил) жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: Сабытбек уулу Бактыяр.