ТОКТОМ

 

17-май 2024-жыл.                                        №33/1                                             Кароол айылы

 

Жеке менчиктеги жер тилкесинин максатуу багытын калкты тейлөө тармагына өзгөртүүгө уруксат берүү жөнүндө.

 

 

Кароол айыл өкмөтүнүн 15.05.2024-жылдагы №146 сандуу катын, Ш.Койчубаевдин 15.05.2024-жылдагы арызын жана Кароол айылдык кеңешинин “Айыл суу чарба, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын ” сунушун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12-беренесинин талабына ылайык , Кароол айылдык кеңешинин кезексиз 33-сессиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Кароол айыл өкмөтүнүн Мырза-Арык айылынын жашоочусу Койчубаев Шайырбек Шарабидиновичке таандык Шералы айылынын Т.Акматов көчөсүндөгү идентификациялык коду 5-06-14-1004-0878 сандуу жеке менчик жер тилкесинин максаттуу багытын калкты тейлөө тармагына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
  2. Токтомдун аткаруу жагы жана Кароол айыл аймагынын башчысы Р.Б.Алайчиевге милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кароол айылдык кеңешинин төрагасына жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                        Э.М.Эралиев

 

 

 

 

 

 

 

ТОКТОМ

 

17-май 2024-жыл                                        №33/2                                             Кароол айылы

 

Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү жөнүндө

 

Кароол айыл өкмөтүнүн 15.05.2024-жылдагы №146 сандуу өтүнүч катын жана Кароол айылдык кеңешинин “Айыл суу чарба, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, жана энергетика боюнча турктуу комиссиясынын” кортундусун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12-беренесинин Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 сандуу “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын талабына ылайык , Кароол айылдык кеңешинин кезексиз 33-сессиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Кароол айыл өкмөтүнүн Кароол айылынын жашоочусу Эсебаев Жанболот Шариповичке таандык Кароол айылынын М.Акжолов көчөсүндөгү идентификациялык коду 5-06-14-1002-0115 сандуу жеке менчик жер турак жайынын максаттуу багытын мектепке чийинки билим берүү мекемесине ылайыкташтыруу жана 70 (жетимиш) орундуу 3 (үч) тайпалык бала бакча ачууга макулдук берилсин.
  2. Бул мектепке чийинки билим берүү мекемесинин аталышы “Кароол” мектепке чийинки билим берүү мекемеси деп аталсын.
  3. Токтомдун аткаруу жагы жана Кароол айыл аймагынын башчысы Р.Б.Алайчиевге милдеттендирилсин.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кароол айылдык кеңешинин төрагасына жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                        Э.М.Эралиев

 

 

 

 

 

 

ТОКТОМ

17-май 2024-жыл                                          №33/3                                             Кароол айылы

 

Жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндө.

 

Кароол айыл өкмөтүнүн 16.05.2024-жылдагы №147 сандуу катын, карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү мыйзамынын 12-беренесинин  талабына ылайык , Кароол айылдык кеңешинин кезексиз 33-сессиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Кароол айыл өкмөтүнүн Мырза-Арык айылынын “Курманбек баатыр” (Күнгөй) участкасындагы 924-контурундагы 0.43 га №940-контурундагы 0.73 га жалпысынан 1.16 га жер тилкесинин категориясын “Таза жайыт” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
  2. Токтомдун аткаруу жагы Кароол айыл аймагынын башчысы Р.Б.Алайчиевге милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кароол айылдык кеңешинин төрагасына жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                        Э.М.Эралиев

 

 

 

 

ТОКТОМ

17-май 2024-жыл                                         № 33/4                                               Кароол айылы

Кароол айыл аймагынын Кароол айылынын тургуну Амирбеков Алмазбек Амирбековичке “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө .

Кароол айыл аймагынын Кароол айылынын калкынын жалпы жыйындарында, аксакалдар сотунун, аксакалдар кеңешинин, коомдук уюмдардын, жана айыл башчысынын, өкмөт мүчөлөрүнүн, Кароол айылдык кенешинин “Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын жана А.Амирбековдун эмгек жолун, айыл аймактын экономикалык, социалдык- маданий жактан өсүшүнө, жаш муундарды тарбиялоого кошкон салымын эске алып, “Жергиликтүү мамлекеттик адиминистрация жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 34,39-беренелеринин 1-пунктунун негизинде Кароол айылдык кенешинин кезексиз 33-сессиясы

                                                       ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кароол айыл аймагынын Кароол айылынын тургуну Амирбеков Алмазбек Амирбековичке Кароол айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
  2. “Ардактуу атуулу” наамына тиешелүү күбөлүк, медаль жана атайын кызыл лентага кетчү каражаттарды жергиликтүү бюджеттен чечип берүү жагы Кароол айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Б.Алайчиевге жүктөлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

   Төрага:                                                                                                                 Э.М.Эралиев

 

 

 

 

p class=params-