Кароол айылдык кеңешинин V чакырылыштагы кезектеги  26- сессиясы

ТОКТОМ

 

Кароол айылы                                              № 145                         “ 14 ”  декабрь 2015-ж.

Кароол   айыл   өкмөтүнүн аймагындагы  Мырза-Арык, Кароол, Шералы айылдарындагы  вет.сервистердин                2015-жылдагы жүргүзүп жаткан иштери  жөнүндө

 

            Кароол   айыл   өкмөтүнүн аймагындагы  Мырза-Арык, Кароол, Шералы айылдарындагы  вет.сервистердин  2015-жылдагы жүргүзүп жаткан иштери  жөнүндөгү маселени  “Айыл-суу чарба, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери” боюнча туруктуу комиссияда” каралып комиссиянын курамынын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын                               31-беренесинин  негизинде Кароол айылдык кеңешинин кезектеги жыйырма алтынчы   сессиясы                                                                                                                     

 Токтом кылат:

                1. Кароол айыл өкмөтүнүн аймагындагы  Мырза-Арык, Кароол, Шералы айылдарындагы вет.сервистердин 2015-жылдагы жүргүзүп жаткан иштериканааттандырарлык  деп  белгиленсин.

2.  Кароол   айыл   өкмөтүнүн аймагындагы  Мырза-Арык, Кароол, Шералы айылдарындагы  вет.сервистердин  башчыларына (К.Дыканов,                 Т. Шемеев, Н. Кудаяров) жасалма  жол  менен уруктандыруу  пункттарын ачуу, мал жандыктарына  эмдөөнү  өз  убагында  жүргүзүү жагы  тапшырылсын.

3. Айылдарда жасалма жол  менен уруктандыруу пункттарын  ачуу  үчүн жер тилкесин бөлүп  берүү, вет.дарынасын уюштуруу, ар бир вет.сервистин башчыларына транспорт уюштуруп  берүү айыл өкмөтүнүн башчысы                       Р. Сайитовго  тапшырылсын.

4. Токтомду көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин «Айыл-суу чарба, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери» боюнча туруктуу комиссиясына (АнаркуловТ.) жүктөлсүн.

 

 

 

   Кароол айылдык кеңешинин төрагасы                          А.Т. Акматалиев

 

 

 

 

 

                                                                                                                                             

Кароол  айылдык  кеңешинин V  чакырылыштагы   кезектеги 26-сессиясы

ТОКТОМ

 

Кароол айылы                                              № 144            “  14 ”  декабрь  2015-жыл.

 

Кароол айыл аймагында МФнын (КБФ)  жерлерине аукцион өткөрүү жөнүндө

 

            Кароол айыл аймагында МФнын (КБФ) жерлерине аукцион өткөрүү жөнүндөгү маселени Кароол айылдык кеңешинин «Айыл-суу чарба, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссияда» каралып, комиссиянын курамынын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин негизинде Кароол айылдык кеңешинин кезектеги 26-сессиясы

 

Токтом   кылат:

 

                 1. Кароол айыл  өкмөтүнүн МФнын (КБФ) жерлерине аукцион өткөрүү  боюнча конкурстук комиссия  төмөнкүдөй  курамда  түзүлсүн;

                 -  Имаров  Б.- айылдык кеңештин  депутаты.

                 -  Талипов  Б.- айылдык кеңештин  депутаты.

                 -  Мадалиев  К.- айылдык кеңештин  депутаты.

                 -  Алмаматов  М.- а.ө жооптуу  катчысы.

                 -  Бердибекова  К.- ФЭБнүн  башчысы.

                 -  Алимов  К.- жетектөөчү  адис.

                 -  Көкөнов П.- Мырза-Арык АКОБ башчысы.

                 -  Жээнбаев  Т.-  Кароол АКОБ башчысы.

                 -  Калматов  С.-  Шералы АКОБ   башчысы.

2. Кароол айыл өкмөтүнүн  аймагындагы

- Мырза-Арык айылында № 437-контур 5 га, № 438-контур 8,5 га,                        № 442-контур 7га, жалпысы  20,5га.

-  Кароол  айылындагы № 103 контур 20 га.

-  Шералы  айылындагы  шалылык  жерлер  Дамба контур 12 га, Сай 23,3 га,                       жалпысы  35,3 га. Баардыгы  болуп  75,8 га, КБФнын  жерлерине аукцион  өткөрүлсүн.

3. КБФнын жерлерине аукцион өткөрүү боюнча түзүлгөн жер комиссиясына типтүү Жобонун негизинде иш алып бару жагы милдеттендирилсин.

4. КБФнын жерлерин аукционго коюу үчүн старттык баалар 1 га, сугат жерге 4200  сом, кайрак жерге 800 сом, шалы  эгилүүчү  жер аянтына 7000  сом , инвестиция талап кылынуучу жераянттарына 300 сом, лотторунун сыпаттык таблицага ылайык кепилдик төлөмү 20 %,  ар бир кадамдын баасы 1 га, жер аянтына  10 %, аукционго катышуу  баасы 100 сом  өлчөмүндө белгиленсин.

5. КБФнын жерлерине аукционго катыша турган атуулдар аренда акы, соцфонд, жер салыгы, суу төлөмдөрүн аукционго чейин төлөө жагы эскертилсин.

  1. КБФнын 75,8 га, жерин аукционго коюу мөөнөтү 5 (беш) жыл.

7.  Аукциондун кирүү билетинен түшкөн каражат, өткөрүлгөн аукциондун иш  кагаздарына  жумшалсын.

8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин «Айыл-суу чарба, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына» (Т. Анаркуловго)  жүктөлсүн.

 

 

 

Кароол  айылдык  кеңешинин   төрагасы:                                  А.  Т. Акматалиев

 

 

 

 

 

Кароол  айылдык   кеңешинин   V- чакырылыштагы   кезектеги                             26 -  сессиясы

ТО КТОМ

Кароол  айылы                               №  146                 14-декабрь    2015-жыл.

 

Кароол айылдык округунун 2013-2017-жылдарга тузулгон социалдык-экономикалык онугуу планын баалоонун жыйынтыгы жонундо

 

Кароол айылдык округунун 2013-2017-жылдарга тузулгон социалдык-экономикалык онугуу планын баалоонун жыйынтыгынын отчетун угуп жана талкуулап Кароол   айылдык   кенешинин  кезектеги   26-сессиясы

 

Т о к т о м       к ы л а т:

 

1.  Кароол айылдык округунун 2013-2017-жылдарга тузулгон социалдык-экономикалык онугуу планын баалоо боюнча отчету канааттандырарлык деп табылсын.

 

2. Кароол айылдык округунун 2013-2017-жылдарга тузулгон социалдык-экономикалык онугуу планын баалоонун отчетунун негизинде                                  2016-2018-жылдарга карата жаны  онугуу  планы  иштелип  чыгылсын.

                                                       

3.  Жаны онугуу планын иштеп чыгууда айылдык округунун кызматкерлеринен, коомчулуктан, айылдык Кенештин депутаттарынан  жана коомдук  уюмдардан  тузулгон  жумушчу  топтун иштоо  графигин бекитип беруу жагы Кароол айыл  өкмөтүнүн  башчысы Р Сайитовго  тапшырылсын.

 

 

 

           

Кароол  айылдык кенешинин төрагасы:                           А.Т.  Акматалиев                                                                            

 

 

 

 

 

 

 

 

Кароол  айылдык   кеңешинин   V- чакырылыштагы   кезектеги                             26 -  сессиясы

ТО КТОМ

Кароол  айылы                               №  147                 14-декабрь    2015-жыл.

 

Кароол   айыл  өкмөтүнүн  атайын  каражатар  эсебинин  кирешелери жөнүндө

 

            Кароол айыл  өкмөтүнүн атайын каражаттар эсебине  Өзгөн райондук эмгек, миграция жана жаштар бөлүмүнө Шералы айылындагы Бак участкасына таза-суу  түтүктөрүн орнотуу  жана  трансформатор  орнотуу  үчүн  кошумча акча каражатын  киргизүү  жөнүндөгү  маселени  финансы экономика  жана бюджет  боюнча комиссиясында  каралып,  алардын талкуусунун  негизинде  Кароол  айылдык  кеңеши

 

Токтом   кылат:

 

  1. Кароол айыл  өкмөтүнүн  Шералы айылындагы Бак участкасына таза-суу  түтүктөрүн орнотуу  жана  трансформатор  орнотуу  үчүн  Өзгөн райондук эмгек, миграция жана жаштар  бөлүмүнөн 26000 сом акча  каражаты түшүрүлүп, аппарат  бөлүмүнүн  атайын  каражаттар эсебинен 2215 статьясына  ( ар  кандай  чыгымдар ) жумшулсын.
  2. Атайын каражаттын эсебинен түшүүчү акча каражаттын жана  аткарылуучу  иштин  сметасын бир нускасын  тиркеп көзөмөлдөөнү айыл өкмөттүн фининсы экономика бөлүмүнүн башчысы К.Бердибековага  жүктөлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кароол айылдык кеңешинин фининсы-экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу  комиссиясына  (А. Амиракуловго) милдеттендирилсин.

 

 

   Кароол айылдык кеңешинин төрагасы                          А.Т. Акматалиев

 

       

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кароол  айылдык   кеңешинин   V чакырылыштагы   кезектеги                             26 -  сессиясы

ТО КТОМ

Кароол  айылы                               №  148                 14-декабрь    2015-жыл.

 

Кароол  айыл аймагындагы Кароол жана Шералы  айылдарынын ички  жолдоруна шагыл төшөө  боюнча  акча каражатын бөлүп берүү  жөнүндө

 

            Кароол айылынын тургундарынын 2015-жылдын 30-сентябрындагы  жана Шералы айылынын тургундарынын 2015-жылдын  25-сентябрындагы  жалпы чогулушунун жана дем берүүчү (үлүштүк) гранттын жобосунун  негизинде Кароол айылдык кеңешинин V чакырылыштагы  кезектеги                             26 -  сессиясы

 

Токтом     кылат:

 

  1. Кароол  жана  Шералы  айылдарынын  ички  жолдоруна  шагыл  төшөө  боюнча  айыл өкмөттүн бюджетинен 313176 (үч жүз он үч миң бир жүз жетимиш алты) сом  бөлүнүп  берилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы  жана экономикалыкжактан  өнүгүүнүн  болжолдуу  багыттарын  аныктоо  жана инвестиция маселелери  боюнча  туруктуу  комиссиясына  тапшырылсын.

 

 

 

 

Кароол айылдык кеңешинин төрагасы                              А.Т. Акматалиев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кароол  айылдык   кеңешинин   V чакырылыштагы   кезектеги                             26 -  сессиясы

ТО КТОМ

Кароол  айылы                               №  149                 14-декабрь    2015-жыл.

 

Кароол айыл аймагындагы         Мырза-Арык  айылынын ички  жолдоруна шагыл төшөө  боюнча  акча каражатын бөлүп берүү  жөнүндө

 

            Мырза-Арык айылынын тургундарынын 2015-жылдын 10-октябрындагы     жалпы чогулушунун жана дем берүүчү (үлүштүк) гранттын жобосунун  негизинде Кароол айылдык кеңешинин V чакырылыштагы  кезектеги                             26 -  сессиясы

 

Токтом     кылат:

 

  1. Мырза-Арык  айылынын  ички  жолдоруна  шагыл  төшөө  боюнча  айыл өкмөттүн бюджетинен 314256 (үч жүз он төрт миң эки жүз элүү алты) сом  бөлүнүп  берилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы  жана экономикалыкжактан  өнүгүүнүн  болжолдуу  багыттарын  аныктоо  жана инвестиция маселелери  боюнча  туруктуу  комиссиясына  тапшырылсын.

 

 

 

 

Кароол айылдык кеңешинин төрагасы                             А.Т. Акматалиев

 

 

 

 

 

 

 

 

Кароол  айылдык   кеңешинин   V чакырылыштагы   кезектеги   26 -  сессиясы

ТО КТОМ

Кароол  айылы                                №  150                 14-декабрь    2015-жыл.

Кароол  айыл  өкмөтүнүн  бюджетинин  11 айлык  аткарылышынын   жыйынтыгынын  кошумча   кирешеси  тууралуу

 

Кароол  айыл өкмөтүнүн  бюджетинин  11 айлык  аткарылышы  тууралуу  маселе айылдык кеңештин финансы, экономика жана бюджет боюнча комиссиясында каралып, алардын талкуусунун негизинде Кароол айылдык кеңешинин                                  V чакырылыштагы  кезектеги  26 -  сессиясы

 

Токтом     кылат:

 

1. Кароол айыл өкмөтүнүн бюджетинин 11 айлык аткарылышынын жыйынтыгы боюнча  айыл өкмөттүн бюджетине 400,0 миң сом акча каражаты  кошумча  киреше катары киргизилип:

 

Аппарат  бөлүмүнө:

 

2215  ар кандай  чыгымдар (прочий) статьясына                  - 175,0.

2222  буюмдарды жана материалдарды алуу                                    -  50,0.

 

Билим берүү  бөлүмүнө:

 

2215  ар кандай ( прочий) статьясына                                                -  100,0.

 

ЖКХ бөлүмү:

 

 2215  ар кандай ( прочий) статьясына                                                -  75,0.

 

2. Атайын каражаттын  эсебинен  түшүүчү  акча каражаттын жана  аткарылуучу  иштин  сметасын  бир нускасын  тиркеп көзөмөлдөөнү айыл өкмөттүн фининсы экономика бөлүмүнүн башчысы К.Бердибековага  жүктөлсүн.

3. Токтомдун   аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы Кароол  айылдык кеңешинин  фининсы-экономика  жана бюджет  маселелери боюнча  туруктуу  комиссиясына            (А. Амиракуловго) милдеттендирилсин.

 

 

   Кароол айылдык кеңешинин төрагасы                                А.Т. Акматалиев 

p class=params-