Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын )  кезексиз  ХII- сессиясынын 

   Т О К Т О М У

 Жийде айылы                              № 59                                                 29, июнь  2022- жыл.

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин 2006-жылдын 20-апрелиндеги № 26 токтомунун  2 пункутуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.

 

 Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз ХII-сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айылдык Кенешинин 2006-жылдын 20-апрелиндеги № 26 токтомунун   2 пункутуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселесин  угуп жана талкуулап  Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат,

 

1.Ийри-Суу айылдык Кенешинин 2006-жылдын 20-апрелиндеги № 26 токтомунун 2   пункутуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

а) -Танырыков Топчубайдан –Койлубаев Таалайга чейин көчөнүн он жагынан

   -Апазов Эркештен- Сарыков Алманбетке чейин көчөнүн сол жагынан Исаков   Өмүрзак атындагы көчөсү деген наам коюулсун.

 

б) -Жалалов Сүйүндөн- Жороев Уланбекке чейин көчөнүн он жагынан

- Матиев Нуркамилдан – Равшанбек уулу Байтемирге чейин көчөнүн сол жагына мурунку аты Исмаилов Ажимамат атындагы көчөсү деген наам калтырылсын.

 

в)- Галжиков Шакирмаматтан-Ирисбаев Назарга чейин көчөнүн сол жагына

-Арапбаев Нуркамилдан- Шаимкулова Айгүлгө чейин көчөнүн он жагына Шаимкулов Арапбай атындагы көчөсү деген наам коюлсун.

 

г) Бөрүев Нурландан –Тажикулов Чыныга чейин көчөнүн он жагы

-Токсонов Ибрагимден- мечитке чейин көчөнүн сол жагына Ороков Мамашер атындагы көчөсү деген наам коюулсун.

 

2.Ат коюудагы үйлөргө коюлган табличкалардын,үйлөрдүн мамлекеттик актысынын     (кызыл китебиндеги) көчөлөрүнүн өзгөрүшүндөгү жана жарандардын паспортторунун база коюлганга кеткен чыгымдарды Исаков Абылга, Арапбаев Нуркамилга жана Ороков Абдирашитка төлөө жагы милдеттендирилсин.

 

  

Ийри-Суу айылдык Кенештин  төрагасы                                                                                     А.Кыргызбаев.

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын )  кезексиз  ХII- сессиясынын

 

 

   Т О К Т О М У

 Жийде айылы                              № 60                                                 29, июнь  2022- жыл.

Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жарандардан келип түшкөн арыздарды канааттандыруу  жөнүндө.

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз ХII-сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жарандардан келип түшкөн арыздарды канааттандыруу  жөнүндө маселесин  угуп жана талкуулап  Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат,

 

1.Ак-Терек айылынын тургуну Исмаилов Абдималиктин  кашаасынын ичинен уулу Исмаилов Акылбекке  жеке менчик үй курууга 0,08 га жер тилкеси бөлүнүп берилсин жана айылдын башкы планына киргизилсин. 

2.Кыргызстан айылынын тургуну Адишов Абдикулдун апасы Касымова Түрсүндөн калган жерден 0,08 сотих жер тилкеси уулу Адишов Акболуш Абдикуловичке жеке менчик үй курууга токтом чыгарылсын. 

3.Кыргызстан айылынын тургуну Жаркынбаев Бактыбектин жашап жаткан жеке менчик турак жайы айылдын башкы планына киргизилсин. 

4.Кыргызстан айылы Чабанов Нургазыга апасы Халматова Халиманын үйүнүн огоротунан жеке менчик үй курууга 0,08 га жер тилкеси бөлүнүп берилсин жана айылдын башкы планына киргизилсин. 

5.Корс-Этти айылынын тургуну Акышов Баратбекке Кенешбаев Мирбектин ээлеген жер тилкесинин ылдый жагынан жеке менчик турак жай курууга 0,08 га жер тилкеси бөлүнүп берилсин жана айылдын башкы планына киргизилсин. 

6.Жийде айылынын тургуну Акишев Имамидинге үйүнүн өөн жагындагы таштанды төккөн жайды тазалап , булактын тегерегин көрктөндүрүү үчүн 0,14 га жер тилкеси убактылуу пайдаланууга берилсин . 

7.Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жер адисине милдеттендирилсин. 

8.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Мисиралиевке жүктөлсүн.

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин

      төрагасы                                                                                           А.Кыргызбаев.

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын )  кезексиз  ХIII- сессиясынын

 

   Т О К Т О М У

 Жийде айылы                              № 61                                            15, сентябрь 2022- жыл.

Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн  алты айынын жыйынтыгы менен кошумча кирешеден түшкөн акча каражатын бекитүү жөнүндө.

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз ХIII-сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн  алты айынын жыйынтыгы менен кошумча кирешеден түшкөн акча каражатын бекитүү жөнүндө айыл өкмөт башчысынын сунушун  угуп жана талкуулап  Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат,

 

 1.2022-жылдын алты айында кошумча кирешеден түшкөн  1 300 000 ( бир миллион үч жүз мин) сом акча каражатынан 300 000 ( үч жүз мин ) сом  социалдык коргоого муктаж адамдарга,70 000 ( жетимиш мин) сом  мектептердин кышкы даярдыгына , 930 000  ( тогуз жүз отуз мин )  сом акча каражаты  кошумча кирешеден аткарылуучу жумуштарга жумшалсын .

2.Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы айылдык Кенешинин  Бюджет,салык,муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Шайимкулова Чынарга жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин

      төрагасы                                                                                           А.Кыргызбаев.

 

 

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын )  кезексиз  ХIII- сессиясынын

 

   Т О К Т О М У

 Жийде айылы                              № 62                                            15, сентябрь 2022- жыл.

Биринчи Элдик Курултайды өткөрүүдө жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамын  бекитүү жөнүндө.

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз ХIII-сессиясынын күн тартибиндеги Биринчи Элдик Курултайды өткөрүүдө жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамын  бекитүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап  Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат,

 

1.Биринчи Элдик Курултайды өткөрүү  боюнча уюштуруу комитетинин 2022-жылдын 9- сентябрындагы № 2 чечими аткарууга алынсын.

 

2.Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы 11 адамдан бекитилсин ( тизме тиркелет).

3.Токтомдун аткарылышын уюштуруу комитетинин төргасына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин

      төрагасы                                                                                                    А.Кыргызбаев.

 

 

 

 

 

 

 

                                                                                           Ийри-Суу  айылдык Кеңешинин

                                                                                           VII-чакырылышындагы кезексиз

                                                                                           ХIII - сессиясынын 2022-жылдын 

                                                                                                   15-сентябрындагы  №  62  токтомуна 

                                                                                                             Тиркеме 

 

Жергиликтүү Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча 11 адамдан турган төмөндөгүдөй комиссия курамы бекитилсин.

 

Кыргызбаев Акматжан- Айылдык Кенешинин төрагасы , комиссиянын төрагасы

 

                         Мүчөлөрү:

Гүронов Мамасалы- Айылдык соттун төрагасы

Шайымкулова Чынаркан- айылдык Кенештин депутатты

Чолпонкулова Сейликан- айылдык Кенештин депутатты

Арыкова Айчүрөк- аялдар кенешинин төрайымынын орун басары

Жолдошов Кошойбек- айылдык Кенешинин депутатты

Жолдошов Алмазбек- айылдык Кенешинин депутатты

Тайир уулу Бактыбек- айылдык Кенешинин депутатты

Эстебес уулу Бактыбек – айылдык Кенешинин депутатты

Адишов Зулумбек- айылдык Кенешинин депутатты

Арзыбеков Кылычбек – айыл тургуну

 

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын )  кезексиз  ХIII- сессиясынын

 

   Т О К Т О М У

 Жийде айылы                              № 63                                            15, сентябрь 2022- жыл.

Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жарандардан келип түшкөн арыздарды канааттандыруу  жөнүндө.

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз ХIII-сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жарандардан келип түшкөн арыздарды канааттандыруу  жөнүндө маселени угуп жана талкуулап  Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат: 

  1. Корс-Этти айылынын тургуну Апилов Женишбекке атасы пайдаланып жүргөн жерден үй салуу үчүн 0,08 га жер тилкеси бөлүнүп  берилсин. 

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Мисиралиевке жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин

      төрагасы                                                                                                    А.Кыргызбаев.

 

 

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын )  кезектеги  ХIV- сессиясынын

 

   Т О К Т О М У

 Жийде айылы                              № 64                                            26, октябрь 2022- жыл.

Ийри-Суу  айыл өкмөтүнүн  2022- жылдагы тогуз ай  ичинде социалдык- экономикалык өнүгүүсүнө карата аткарган иштеринин  жыйынтыктарын угуп  жана  талкуулоо жөнүндө.

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги ХIV-сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу  айыл өкмөтүнүн  2022- жылдагы тогуз ай  ичинде социалдык- экономикалык өнүгүүсүнө карата аткарган иштеринин  жыйынтыктарын угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат: 

  1. Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2022- жылдагы тогуз ай  ичинде социалдык- экономикалык өнүгүүсүнө карата аткарган иштеринин  жыйынтыктары негизинен канааттандырарлык деп табылсын.

 

2.Токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө айылдык Кенешинин  бюджет, салык, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Шайимкулова Чынарга тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин

      төрагасы                                                                                                    А.Кыргызбаев.

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын )  кезектеги  ХIV- сессиясынын

 

   Т О К Т О М У

 Жийде айылы                              № 65                                            26, октябрь 2022- жыл.

 

Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жарандардан келип түшкөн арыздарды канааттандыруу  жөнүндө.

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги ХIV-сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жарандардан келип түшкөн арыздарды канааттандыруу  жөнүндө маселени угуп жана талкуулап    Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат,

 

1.Кыргызстан айылынын тургуну Каримбаев Сапарбайдын арызы канааттандырылып ага атасынын кашаасынын ичинен үй салууга 0,08 га жер тилкеси бөлүнүп берилсин, айылдын башкы планына киргизилсин. 

2.Жангакты айылынын тургуну Кошойбек уулу Жайлообекке чон атасы мураска калтырган эски үйдүн ордунан үй салууга 0,08га жер тилкеси бөлүнүп берилип, айылдын башкы планына киргизилсин. 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенешинин Айыл чарба , жайыт, жеке менчик турак жай куруу, жер участокторун бөлүү, КБФ  жерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин

      төрагасы                                                                                                    А.Кыргызбаев.

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын )  кезектеги  ХIV- сессиясынын

 

   Т О К Т О М У

 Жийде айылы                              № 66                           26, октябрь 2022- жыл.

  

             Жергиликтүү куултайды өткөрүүгө байланыштуу чыгымдарды

             бекитүү  жөнүндө.

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги  ХIV-сессиясынын күн тартибиндеги Жергиликтүү куултайды өткөрүүгө байланыштуу чыгымдарды бекитүү  жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат: 

1.Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүүгө кошумча кирешеден 50 000     ( элүү ) мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин. 

2.Токтомду аткаруу айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Икрамов Максатка милдеттендирилсин. 

3.Токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө айылдык Кенешинин  бюджет, салык, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Шайимкулова Чынарга тапшырылсын.

 

 

 

  

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин

      төрагасы                                                                                                    А.Кыргызбаев.

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын )  кезектеги  ХIV- сессиясынын

 

   Т О К Т О М У

 Жийде айылы                              № 67                                            26, октябрь 2022- жыл.

 

Айыл өкмөтүнүн аскердик учетко алуу бөлүмүнө акча каражатын кошумча кирешеден бөлүп берүү жөнүндө.            

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги  ХIV-сессиясынын күн тартибиндеги Айыл өкмөтүнүн аскердик учетко алуу бөлүмүнө акча каражатын кошумча кирешеден бөлүп берүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат: 

 

  1. Айыл өкмөтүнүн аскердик учетко алуу бөлүмүнүн каанасына кошумча кирешеден 14 000 ( он төрт ) мин  сом акча каражаты бөлүнүп берилсин. 

2.Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Икрамов  Максатка милдеттендирилсин.

.

 

 

 

 

 

 

.

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин

      төрагасы                                                                                                    А.Кыргызбаев.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

p class=params-