Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын )  кезектеги  ХV- сессиясынын 

 

   Т О К Т О М У

 Жийде айылы                              № 68                                            18, январь 2023- жыл.

 

Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2022- жылда аткарган иштеринин жыйынтыгын  отчетун угуу жөнүндө.            

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги  ХV-сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2022- жылда аткарган иштеринин жыйынтыгын  угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат, 

 

1.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2022- жылдагы аткарылган иштери алымча-кошумчасы менен канааттандырарлык деп табылсын. 

2.Баяндамадагы бекитилген айрым кемчилдиктерди жоюу жана аны аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына жана башкы эсепчисине милдеттендирилсин. 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары Акмат уулу Эрмекке тапшырылсын. 

 

 

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин

      төрагасы                                                                                                    А.Кыргызбаев.

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын )  кезектеги  ХV- сессиясынын 

 

   Т О К Т О М У

 Жийде айылы                              № 69                                            18, январь 2023- жыл. 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин 27 май 2021-жылдагы № 5 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.            

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги  ХV-сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айылдык Кенешинин көпчүлүк депутаттарынын сунушу менен туруктуу комиссиялардагы уюштуруу маселесин  карап жана талкуулап                 Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат, 

 

1.Жолдошов Алмаз өнөр жай курулуш, транспорт, байланыш инвестиция тартуу, энергетика боюнча туруктуу комиссиясынан бюджет, салык муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын мүчөлүгүнө которулсун. 

2.Таир уулу Бактыбек өнөр жай курулуш, транспорт, байланыш инвестиция тартуу, энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагалыгына бекитилсин. 

  1. Токтомду аткаруу жагы айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары Акмат уулу Эрмекке милдеттендирилсин. 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин

      төрагасы                                                                                                    А.Кыргызбаев.

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын )  кезектеги  ХV- сессиясынын 

 

   Т О К Т О М У

 Жийде айылы                              № 70                                            18, январь 2023- жыл.

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин 2023-жылга карата түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө. 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги  ХV-сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айылдык Кенешинин 2023-жылга карата түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат, 

 

1.Ийри-Суу айылдык Кенешинин 2023-жылга карата  иш планы алымча кошумчасы менен жактырылсын жана бекитилсин. 

2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары Акмат уулу Эрмекке тапшырылсын.

 

 

 

 

  

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин

      төрагасы                                                                                                    А.Кыргызбаев

 

 

 

 

 

 

                                                                                                   Ийри-Суу  айылдык Кеңешинин

                                                                                                VII-чакырылышындагы кезектеги

                                                                                               ХV - сессиясынын 2023-жылдын 

                                                                                                18-январындагы  №  70  токтомуна 

                                                                                                             Тиркеме

 

                  Ийри-Суу айылдык Кенешинин 2023- жыл үчүн түзүлгөн иш –планы.

 

Каралуучу иштер

Аткаруу мөөнөтү

Аткарууга жооптуулар

1

Ийри-Суу айылдык Кенештин 2023- жылга карата иш планын бекитүү

I-квартал

Туруктуу комиссиялар

 

2

Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн  башчысынын 2022-жылдагы аткарган иштери боюнча маалыматты

I-квартал

Айыл өкмөт башчысы

 

3

Айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2023-жылдагы бюджетин бекитүү

I-квартал

 Башкы эсепчи,

туруктуу комиссия

 

 

4

Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2022-жылдагы аткарган иштеринин жыйынтыгы

I-квартал

Айыл өкмөтү,

Айылдык Кенеши,

туруктуу комиссия

 

5

Айыл өкмөтүнүн жер адисинин 2022-жылдагы ишинин жыйынтыктары

 

Айыл өкмөтү,

туруктуу комиссия

 

6

Элден түшкөн арыздарды кароо

I-квартал

Туруктуу  комиссия

7

Айыл өкмөтүнүн өз ара,эшик алды,аренда акысы,жайыт салыктары, айдоого, чөп ормого, ашыкча кашаага

 

II-квартал

Жер адис, туруктуу комиссия

8

Салыктардын аткарылышы, КБФ жерлери боюнча салыктардын жыйналышы

I-IIквартал

Айыл өкмөтүнүн салыкчысы,  жер адис

 

9

Айыл  аймагындагы жашаган элдердин ичүүчү таза суу менен камсыз болушу

II- квартал

Туруктуу комиссия

 

 

10

Мектептердеги 2022-2023 окуу жылындагы окуу- тарбия иштери жөнүндө

 

II- квартал

 Туруктуу комиссия

 

11

Айыл өкмөтүнүн алты ай ичинде аткарган иши жана 2023-жылга карата бекитилген бюджетинин аткарылышы жөнүндө

III- квартал

Айыл өкмөт башчы, орун басар

12

Жайыт комитетинин  алты ай ичинде аткарып жаткан иштеринин жыйынтыктары жөнүндө

III- квартал

Туруктуу комиссия, жайыт комитети

13

ҮБДТ, ФАП, байланыш бөлүмдөрүнүн иши жөнүндө

III- квартал

Туруктуу комиссия

14

Кышка карата даярдык

IV- квартал

Айыл башчылар, башкы эсепчи

15

Айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы 9 ай ичинде аткарган иштери жөнүндө

IV- квартал,

Айыл өкмөт башчысы, орун басар

16

Айыл өкмөтүнүн айыл башчыларынын өз айылдарында аткарган иштеринин жыйынтыктары

IV- квартал

Айыл өкмөт

17

 Милициянын участкалык инспектор менен  жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын иштери жөнүндө

 

IV- квартал

Туруктуу комиссия

18

Кезексиз сессиялар

I- IV- кварталдар

Айыл өкмөт башчысы

Айылдык Кенештин төрагасы

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин  төрагасы                                           А. Кыргызбаев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын )  кезектеги  ХV- сессиясынын 

 

   Т О К Т О М У

 

 Жийде айылы                              № 71                                            18, январь 2023- жыл.

 

 

  Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө.

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги  ХV-сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө айыл өкмөт башчысынын сунушун  угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат,

 

1.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджетти 8 663,0 ( сегиз миллион алты жүз алтымыш үч мин ) сомго бекитилсин.

 

2.Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык Кенешинин бюджет, салык, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Шаимкулова Чынарга милдеттендирилсин.

 

 

 

  

 

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин

      төрагасы                                                                                                    А.Кыргызбаев

 

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын )  кезектеги  ХV- сессиясынын 

 

   Т О К Т О М У 

 Жийде айылы                              № 72                                            18, январь 2023- жыл. 

 

  Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бир жылдык чыгымдарынын долбоорун бекитүү жөнүндө.

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги  ХV-сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бир жылдык чыгымдарынын долбоорун бекитүү жөнүндөгү маселени   угуп жана талкуулап                   Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат,

 

1.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2023-жылга кирешеси 17 415,0 ( он жети миллион төрт жүз он беш мин ) сомго жана чыгашасы 17 415,0 ( он жети  миллион төрт жүз он беш мин) сомго бекитилсин..

 

2.Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык Кенешинин бюджет, салык, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Шаимкулова Чынарга милдеттендирилсин.

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин

      төрагасы                                                                                                    А.Кыргызбаев

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын )  кезектеги  ХV- сессиясынын 

 

   Т О К Т О М У

 Жийде айылы                              № 73                                            18, январь 2023- жыл. 

 

Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата  иш планын бекитүү жөнүндө 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги  ХV-сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата түзүлгөн иш планын угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат, 

 

1.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата  иш планы алымча кошумчасы менен кабыл алынсын. 

2.Токтомдун аткарылышын аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Б. Мамадалиевке милдеттендирилсин.

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин

      төрагасы                                                                                                    А.Кыргызбаев

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                                                                      Ийри-Суу  айылдык Кеңешинин

                                                                                                     VII-чакырылышындагы кезектеги

                                                                                             ХV - сессиясынын 2023-жылдын 

                                                                                                      18-январындагы  №  73  токтомуна 

                                                                                                             Тиркеме

 

  Ийри-Суу  айыл  өкмөтүнүн 2023-жылдын  I – жарым жылдыгына карата     түзүлгөн.

 

ИШ- ПЛАНЫ                                                  

  №

  Аткарылуучу иш – чаралар

 Аткаруу мөөнөтү

Аткарууга жооптуулар

 

I. Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аппараттык кенешмесинде каралуучу  маселелер

1

  Ийри-Суу айыл  өкмөтүнүн  социалдык- экономикалык өнүгүүсүнүн 2022- жылдын жыйынтыгы жана 2023- жылга карата милдеттери

 Январь

Г. Абдыразакова

М. Икрамов                 А. Айтиев

 

2

Айыл өкмөтүнүн  аймагындагы  өзгөчө  кырдаалдардын  алдын-алуу  жана  кесепеттерин  жоюу  боюнча

Февраль

Айыл  чарба  тармагы

А. Исмаилов

Айыл  башчылар

3

Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн  аймагындагы Билим берүү мектептеринде “ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош Облусундагы ыйгарым укуктуу  өкүлүнүн 2018- жылдын 19- июнундагы “ Кыргыз Республикасынын “ Билим берүү жөнүндө”жана “ Окуучулардын ысык тамак менен камсыз кылуу жөнүндөгү” мыйзамынын аткарылышы жөнүндө” № 14-к токтомун турмушка ашыруу жөнүндө аткарып жаткан иштери жөнүндө

Февраль

Орун басар

Соц. адис

4

2023- жылдын түшүмү үчүн жазгы талаа жумуштарына даярдыктарды көрүү боюнча айыл өкмөтүнүн жер адисинин жүргүзүп  жаткан иштери жөнүндө

Март

Айыл  чарба  тармагы

Жер адис

Айыл  башчылар

5

Айылдык  участкалык  инспекторлордун жүргүзүп  жаткан  иштери  боюнча

Март

Соц. адис

6

Айыл өкмөтүнүн электрондук башкаруу боюнча  аткарылып  жаткан иш-аракеттери

Июнь

Айыл өкмөтү

7

 

Айыл аймагындагы  турмуштук оор кырдаалга кабылган үй- бүлөөлөрдүн жана балдардын абалын жакшыртуу жана калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө

Дайыма

Соц адис

Аскарали к Шурукан

 

8

Айыл өкмөтүнүн  аймагында  жөлөк  пул  алуучулар  боюнча  аткарылып жаткан  иштер жөнүндө

Дайыма

Соц адис Аскарали           кызы  Шурукан

9

Айыл  аймактарда  айлана  чөйрөнү  жашылдандыруу- көрктөндүрүү  боюнча

Март

Айыл  чарба  тармагы

Жер адис

Айыл  башчылар

10

Дин боюнча  иш-аракеттер  жөнүндө

Дайыма

Соц тармак, ВУС инспектор

 

11

 Кылкандуу дан эгиндерин оруп  жыйноо  боюнча

Июнь

Айыл чарба тармагы жер адис

 

              II.  Уюштуруу  жана  практикалык  иш-  чаралар

1

Жогорку органдардан келген токтом, буйруктардын  жана жарандардын кайрылууларын кароодогу аткаруучулук тартиби боюнча

Дайыма

  Г. Абдыразакова

2

Жергиликтүү  бюджеттин прогноздук  көрсөткүчтөрүнүн  аткарылышын  көзөмөлгө  алуу

Дайыма

Айыл өкмөт

3

Айыл өкмөтүнүн  бюджетине салыктардан жана  жыйымдардын  чогулушуна  мониторинг  жүргүзүү

Ай  сайын

  ФЭБ  башчысы

4

Жаш өспрүмдөр арасында  кылмыштуулукту, социалдык ооруларды алдын алуу боюнча  иш –чараларды  өткөрүү

Дайыма

Соц адис.

Соц педагогтор

5

Жашы  жете  элек  өспүрүмдөрдүн  укук бузууларын  алдын алуу  боюнча  рейддерди  өткөрүү

График боюнча

Соц. адис

6

Улуу  Ата- Мекендик  согуштагы  Жеништин 78 жылдыгын  майрамдоо  боюнча

Май 

Соц. адис

7

 

 Балдардын  жайкы  эс  алуусун  уюштуруу

Июнь

Соц. адис

8

Каада  салт  боюнча  иш алып баруу

Дайыма

Айыл башчылар, аялдар  кенеши, аксакалдар кенешинин төрагасы

9

 

Гендердик  тенчилик  боюнча

Квартал  боюнча

Соц. адис

10

КААБ боюнча

Квартал  боюнча

КААБ  башчысы

11

Этика боюнча

дайыма

Комиссия курамы

12

Айыл өкмөтүнүн  башчысы эл  менен  жолугушуусу боюнча

Квартал  боюнча

Айыл өкмөтү

13

 

Вет адистин аткарып жаткан ишин көзөмөлдөө

Дайыма

Айыл өкмөтү

14

Этностор аралык мамилелерди  чындоо  боюнча

 

Квартал  боюнча

Айыл өкмөтү

15

Салыктардын аткарылышы боюнча

 

дайыма

С.Рысбаев

16

Айыл аймагында көрнөк жарнактардын абалын көзөмөлдөө

Дайыма

Орун басар

17

Айыл башчылардын аткарып жаткан иштерин көзөмөлдөө

Дайыма

Г. Абдыразакова

                           III.   Айыл аймагында аткарылуучу иштер

1

Жийде, Кыргызстан айылдарында негизги көчөлөрдү жарыктандыруу

Жыл ичинде

Айыл өкмөтү

2

Айыл аймагына бала бакча куруу

Жыл ичинде

Айыл өкмөтү

3

К.Ботояров атындагы орто мектебине жанылап заманбап мектеп куруу үчүн аракеттерди жургүзүү жана архитектуралык иш кагаздарын даярдоо архитектуралук

Жыл ичинде

Айыл өкмөтү

4

Айыл аймагындагы ички жолдорго шагал төгүү,ондоо

Жыл ичинде

Айыл өкмөтү

5

Жангакты айылы менен Корс-Этти айылын байланыштырган көпүрөнү ондоо

Жыл ичинде

 Айыл өкмөтү

6

Жангакты , Корс-Этти, Кыргызстан, Жийде,                      Кара-Колот, Ак-Терек,Ор-Казган айылдарындагы  авариялык абалдагы электр мамычаларын алмаштыруу,жанылоо

Жыл ичинде

Республикалык бюджеттен, айыл өкмөтү

 

 

 

 

 Жоопту  катчы:-                                                                            Г. Абдыразакова .

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын )  кезектеги  ХV- сессиясынын 

   Т О К Т О М У

 Жийде айылы                              № 74                                              18,январь 2023- жыл.

 

Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жарандардан келип түшкөн арыздарды канааттандыруу  жөнүндө.

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги ХV-сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жарандардан Ийри-Суу айылдык Кенешине келип түшкөн арыздарды канааттандыруу  жөнүндө маселени угуп жана талкуулап  Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат, 

1.Кыргызстан айылынын тургуну Алдашүкүров Юристанбектин жашап жаткан жеке менчик турак жайы айылдын башкы планына киригизилсин. 

2.Кыргызстан айылынын тургуну Чырмаш уулу Нурландын жашап жаткан жеке менчик турак жайын мыйзамдаштыруу үчүн 0,08 га жерге айыл өкмөтүнөн токтом чыгарылсын жана айылдын башкы планына киргизилсин. 

3.Кыргызстан айылынын тургуну Токтобаев Майрамбектин жашап жаткан жеке менчик турак жайы ген планга кошо сызылгандыктан үйүнө мамлекеттик гос акты алыш үчүн токтом чыгаруу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын. 

4.Жийде айылынын тургуну Кыялбек кызы Гүлнурдун өзүнүн кашаасынын ичиндеги жерге намаз кана салууга 0,01 га жер участогун көрсөтүп берүү жагы  айыл өкмөтүнүн жер адисине тапшырылсын. 

5.Ак-Терек айылынын тургуну Жолдошов Толкундун жашап жаткан жеке менчик турак жайы айылдын башкы планына киргизилсин. 

 

6.Жангакты айылынын М. Аттокуров көчөсүндөгү № 155 үйгө тиешелүү болгон  Жаанбай уулу  Зайирбектин кашаасынын ичинен иниси Жолдошов Замирга жеке менчик турак жай курууга 0,08 га жер тилкесине токтом чыгарып берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын. 

  1. Жангакты айылынын М. Аттокуров көчөсүндөгү № 155 үйгө тиешелүү болгон Жаанбай уулу Зайирбектин арызынын негизинде кашаасынын ичинен иниси Жолдошов Тойчубекке  жеке менчик турак жай курууга 0,08 га жер тилкесине токтом чыгарып берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын. 

 

8.Корс-Этти айылынын тургуну Алдаяров Нурпазылга атасынын  жеринен жеке менчик турак жай курууга 0,08 га жер тилкеси бөлүнүп берилсин. 

9.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Мисиралиевке жүктөлсүн. 

  1. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары Акмат уулу Эрмекке тапшырылсын.

.

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин

      төрагасы                                                                                           А.Кыргызбаев.

 

 

 

 

p class=params-