Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын )  кезексиз  IХ- сессиясынын

   Т О К Т О М У

 Жийде айылы                          № 38                                          23, март  2022- жыл. 

Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн жер адисинин 2021-жыл ичиндеги аткарган иштеринин   отчетун угуу  жөнүндө.

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз  IХ -сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн жер адисинин 2021-жыл ичинде аткарган иштеринин жылдык отчетун угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат:

 

1.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн жер адисинин  2021- жылдагы аткарган иштери  канааттандырарлык деп табылсын.

 

  

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин

      төрагасы                                                                                                     А.Кыргызбаев.

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын )  кезексиз  IХ- сессиясынын

 

   Т О К Т О М У

 Жийде айылы                            № 39                                                    23, март  2022- жыл.

 

Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн КБФнун ижарага берилүүчү жерлеринин ижара акысы, эшик алды, ашыкча кашаа жана өз ара төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө.

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз  IХ -сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн КБФнун ижарага берилүүчү жерлеринин ижара акысы, эшик алды, ашыкча кашаа жана өз ара төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап  Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй,                    токтом кылат:

1.Ижарага берилүүчү КБФ нун жерлерин жердин юридикалык төлөмдөрүнөн жана соц фондунан сырткары 1 га жер ( айдоо, чөп ормо ) Чон- Кыяга чейин 750  сом,   Чон-Кыядан жогорку участкаларга 1 га жерге 500 сомдон ижара акысы  чегерилсин.

 

2.Эшик алды 1 сотыхка 10  сом, өз ара  50 сом, ашыкча кашаа 1 сотыхка 25 сомдон бекитилсин.

 

3.Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жер адисине милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Мисиралиевке жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин

      төрагасы                                                                                              А.Кыргызбаев.

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын )  кезексиз  IХ- сессиясынын

 

   Т О К Т О М У

 Жийде айылы                          № 40                                                   23, март  2022- жыл.

 

Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы айдоо жана чөп ормо жерлерин айдап, оруусу боюнча жеке менчик техникасы бар атуулдарга кызмат акысынын бааларын бекитүү жөнүндө

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз  IХ -сессиясынын күн тартибиндеги Элдик жыйынынын чечиминин негизинде жогорудагы  маселени угуп жана талкуулап  Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй,  токтом кылат,

1.Айыл өкмөтүнүн аймагында 1 сотых жерди айдоого 35 сомдон, маласына 15 сомдон, чөп орок 1 сотых жерге 30 сомдон, маласына 15 сомдон, пресс подборщикке 18 сомдон, чөп орок 1 сотых жерге Жаткага 35  бекитилсин.

 

2.Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жер адисине милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Мисиралиевке жүктөлсүн.

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин

      төрагасы                                                                                                 А.Кыргызбаев.

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын )  кезексиз  IХ- сессиясынын

   Т О К Т О М У

 Жийде айылы                              № 41                                            23, март  2022- жыл.

 

Айыл өкмөтүнөн жана айылдык кенештен атуулдардын алган иш кагаздарына мамлекеттик салымдарды  бекитүү жөнүндө.

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз  IХ -сессиясынын күн тартибиндеги  айыл өкмөтүнөн жана айылдык кенештен атуулдардын алган иш кагаздарына мамлекеттик салымдарды  бекитүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап  Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй,  токтом кылат:

1.Айыл өкмөтүнөн  алынган төмөнкү иш- кагаздарга айыл өкмөтүнүн аныктамасына 30 сом, айыл өкмөтүнүн токтомуна 300 сом, айылдык кенештин токтомуна 300 сом мамлекеттик салым бекитилсин.

 

2.Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн, айылдык кенешинин жоопту катчысына милдеттендирилсин.

 

  1. Мыйзамдуулук,этика,мандат адам укугун коргоо, коомдук уюмдар менен иштөө боюнча комиссиянын төрайымы Исакова Гулнарага жүктөлсүн.

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин

      төрагасы                                                                                                А.Кыргызбаев.

 

 

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын )  кезексиз  IХ- сессиясынын

   Т О К Т О М У

 Жийде айылы                           № 42                                                    23, март  2022- жыл.

 

Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн элдеринин малын бакмачыга берүүдө малчынын кызмат акысын белгилөө жана мал жандыктарга чегерилген жайыт акысы  жөнүндө

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз  IХ -сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн элдеринин малын бакмачыга берүүдө малчынын кызмат акысын белгилөө жана мал жандыктарга чегерилген жайыт акысы  жөнүндө маселени угуп жана талкуулап  Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй,  токтом кылат:

1.Элдин малын багуучулар бир баш  кой- эчкиге  100 сомдон,бир баш кара малга 500  сомдон, бир баш жылкыга 600 сомдон кызмат акысы алынсын.

 

2.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында бир баш кой- эчкиге 25 сомдон, бир баш кара малга 100 сомдон, бир баш жылкыга 100 сомдон жайыт салыгы бекитилсин.

 

3.Ар бир баш малга чегерилген малдын салыгын мал баккан бакмачылардан алуу жагы бекитилсин.

 

4.Токтомду аткаруу жагы Жайыт  комитетинин төргасы К.Чолпонбаевке милдеттендирилсин.

 

5.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенешинин  бюджет,салык,муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Шайимкулова Чынарга жүктөлсүн.

 

 

  

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин      төрагасы                                                                                               А.Кыргызбаев.

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын )  кезексиз  IХ- сессиясынын

 

   Т О К Т О М У

 Жийде айылы                          № 43                                                  23, март 2022- жыл.

 

Айыл аймагындагы мал бакмачылардын жайлоого көчүп кетүүсү жана жайлоодон кайрадан көчүп келүү мөөнөтүн белгилөө жөнүндө.

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз  IХ -сессиясынын күн тартибиндеги Айыл аймагындагы мал бакмачылардын жайлоого көчүп кетүүсү жана жайлоодон кайрадан көчүп келүү мөөнөтүн белгилөө жөнүндө маселени угуп жана талкуулап  Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй,  токтом кылат,

1.Айыл аймагындагы мал бакмачылар 2022- жылдын 10- апрелинен 20- апрелине чейин жогорку жайыттарга көчүп кетсин. 

2.Мал бакмачылар 2022- жылдын 20- сентябрь айынан кийин жайлоодон көчүп келишсин.Элдин эгиндеринен , чөп орокторунан 5км алыстыкта отурушсун. 

3.Токтомду аткаруу жагы Жайыт  комитетинин төргасы К.Чолпонбаевке милдеттендирилсин. 

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Мисиралиевке жүктөлсүн.

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин

      төрагасы                                                                                             А.Кыргызбаев.

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын )  кезексиз  IХ- сессиясынын

 

   Т О К Т О М У

 Жийде айылы                             № 44                                                 23, март  2022- жыл.

 

Айыл аймагындагы эгилген эгиндерге жана чөп орокторго малдын тебелеп- тепсеп зыян келтирүүсүн жөнгө салуу  жөнүндө.

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз  IХ -сессиясынын күн тартибиндеги Айыл аймагындагы эгилген эгиндерге жана чөп орокторго малдын тебелеп- тепсеп зыян келтирүүсүн жөнгө салуу  жөнүндө маселени угуп жана талкуулап  Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй,  токтом кылат,

1.Айыл өкмөтүнүн аймагындагы эгилген эгиндерге мал түшкөн учурда төмөндөгүдөй айып пул бекитилсин.

                  Эгинге түшкөн бир баш кой-эчки үчүн

 -Биринчи эскертүү

-Экинчи жолу түшсө кеткен чыгымдардын ордун толуктоо

-Үчүнчү жолу түшсө эгилген эгиндин түшүмүн төлөө

                 Эгинге түшкөн бир баш жылкы  үчүн

-Биринчи эскертүү

-Экинчи жолу түшсө кеткен чыгымдардын ордун толуктоо

-Үчүнчү жолу түшсө эгилген эгиндин түшүмүн төлөө

                Эгинге түшкөн бир баш кара мал  үчүн

-Биринчи эскертүү

-Экинчи жолу түшсө кеткен чыгымдардын ордун толуктоо

-Үчүнчү жолу түшсө эгилген эгиндин түшүмүн төлөө

 

               Чоп ороко  түшкөн бир баш кой-эчки  үчүн

-Биринчи эскертүү

-Экинчи жолу түшсө кеткен чыгымдардын ордун толуктоо

-Үчүнчү жолу түшсө чөптүн ордун толуктоо

            Чоп ороко  түшкөн бир баш жылкы үчүн

-Биринчи эскертүү

-Экинчи жолу түшсө кеткен чыгымдардын ордун толуктоо

-Үчүнчү жолу түшсө чөптүн ордун толуктоо

           Чоп ороко  түшкөн бир баш кара мал  үчүн

-Биринчи эскертүү

-Экинчи жолу түшсө кеткен чыгымдардын ордун толуктоо

-Үчүнчү жолу түшсө чөптүн ордун толуктасын.

 

2.Токтомду аткаруу жагы айыл башчыларга жана айыл өкмөтүнүн жер адисине милдеттендирилсин.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Мисиралиевке жүктөлсүн.

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин

      төрагасы                                                                                              А.Кыргызбаев.

 

 

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын )  кезексиз  IХ- сессиясынын 

   Т О К Т О М У

 Жийде айылы                          № 45                                                 23, март  2022- жыл.

 

Жайыт комитетинин төгагасынын 2021- жылда аткарган иштеринин жыйынтыгынын отчетун  угуу жөнүндө. 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз  IХ -сессиясынын күн тартибиндеги Жайыт комитетинин төрагасынын 2021- жылда аткарган иштеринин жыйынтыгын  угуп жана талкуулап  Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат: 

1.Жайыт комитетинин төрагасынын 2021- жылдагы аткарган иштери алымча кошумчасы менен канааттандырарлык деп табылсын.

2.Баяндамадагы бекитилген айрым кемчилдиктерди жоюу жана аны аткаруу жагы Жайыт комитетинин төрагасы К. Чолпонбаевке милдеттендирилсин.

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Мисиралиевке жүктөлсүн.

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин

      төрагасы                                                                                                  А.Кыргызбаев.

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын )  кезексиз  IХ- сессиясынын 

   Т О К Т О М У

 Жийде айылы                          № 46                                            23, март 2022- жыл.

 

Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыттарга сырттан келген мал- жандыктарды киргизбөө  жөнүндө.

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз  IХ -сессиясынын күн тартибиндеги Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыттарга сырттан келген                   мал- жандыктарды киргизбөө   жөнүндө маселени угуп жана талкуулап  Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй,  токтом кылат,

1.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыттарга сырттан келген мал жандыктар киргизилбесин. Кара мал ,жылкыга 2000 сом, койго 500 сом айып пул салынсын. Киргизилген мал-жандыктар ээсине кайтарылсын.

 

2.Ушул токтомду аткаруу жагы Жайыт комитетинин төрагасы К. Чолпонбаевке милдеттендирилсин.

 

3.Сырттан малды киргизбөө боюнча иш аракеттерге  айыл аймагынын участковой милициясы тартылсын.

 

4.Айыл аймагына сырттан мал киргизилген учурда Жайыт комитетинин төрагасы жоопко тартылаары эскертилсин.

 

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Мисиралиевке жүктөлсүн.

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин

      төрагасы                                                                                            А.Кыргызбаев.

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын )  кезексиз  IХ- сессиясынын

 

   Т О К Т О М У

 Жийде айылы                          № 47                                                    23, март  2022- жыл.

 

                  Жайыт комитетинин бюджетин бекитүү  жөнүндө.

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз  IХ -сессиясынын күн тартибиндеги Жайыт комитетинин бюджетин бекитүү  жөнүндө маселени угуп жана талкуулап  Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй,  токтом кылат,

1.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2022- жылга бюджетти 580 000                 ( беш жүз сексен мин )сомго бекитилсин.

 

2.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2022- жылга бюджетинин чыгаша бөлүгү  580 000 ( беш жүз сексен мин) сомго алымча кошумчасы менен бекитилсин.

- юридикалык жер салыгы-  173 611( бир жүз жетимиш үч мин алты жүз он бир ) сом

-эмгек акы соц фонд -90 000 ( токсон мин) сом

- канц товар – 5000 ( беш мин) сом

-транспорт чыгымы -35 000 ( отуз беш мин) сом

-жайлоонун жолун ондоо-120 000 ( бир жүз жыйырма мин) сом

-Жангакты айылына-30 000 ( отуз мин) сом

-Жайлоо жолуна турба алууга  -13611( он үч мин алты жүз он бир ) сом

-Кыргызстан айылына -40 000 ( кырк  мин) сом

-Жардамчыга- 50( элүү мин) сом

  Кошумча кирешеден

-Жийде айылына- 20 000 ( жыйырма мин ) сом

 

3.Ушул токтомду аткаруу жагы Жайыт комитетинин төрагасы К. Чолпонбаевке милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенешинин Бюджет, салык, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Шайимкулова Чынарга жүктөлсүн.

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин

      төрагасы                                                                                               А.Кыргызбаев.

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын )  кезексиз  IХ- сессиясынын

 

   Т О К Т О М У

 Жийде айылы                          № 48                                                    23, март  2022- жыл.

 

   Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө, үлүш албай калган айыл тургундарына айыл өкмөтүндөгү КБФнун жеринен ижарага берүү  жөнүндө.

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз  IХ -сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө, үлүш албай калган айыл тургундарына айыл өкмөтүндөгү КБФнун жеринен ижарага берүү боюнча айыл өкмөт башчысынын сунушун  угуп жана талкуулап  Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй,  токтом кылат,

1.Айыл өкмөтүнүн аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө, 1994-жылы үлүш албай калган үй-бүлөөлөргө  чөп орок, айдоо жерлери 2 гектардан аукционго коюлбастан ижарага берилсин.

2.Ор-Казган айылындагы ФАПка 5 га чөп орок ижарга берилсин.

3.Кыргызстан айылынын тургуну Орозматов Токторалига 5 га чөп орок ижарага берилсин.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Мисиралиевке жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин

      төрагасы                                                                                               А.Кыргызбаев.

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын )  кезексиз  IХ- сессиясынын 

   Т О К Т О М У

 Жийде айылы                          № 49                                                23, март  2022- жыл.

 

Ийри-Суу  Жайыт комитетинине караштуу   Фронталдык погрузчиктин иштөө

                       убактысынын баасына  өзгөртүү киргизүү жөнүндө.

                                                                          

                                                                         

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз  IХ -сессиясынын күн тартибиндеги Жайыт комитетинине караштуу   Фронталдык погрузчиктин иштөө

убактысынын баасына  өзгөртүү киргизүү жөнүндө айыл өкмөт башчысынын сунушун  угуп жана талкуулап  Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй  токтом кылат:

 

  1. Ийри-Суу Жайыт комитетинине караштуу Фронталдык погрузчиктин моточасы  3500 ( үч мин беш жүз ) сомго бекитилсин.

 

  1. Фронталдык погрузчиктин баруу келүү жагы кардалдардын эсебинен каржылансын.

                                                                         

  1. Токтомду аткаруу жагы Жайыт комитетинин төрагасы К.Чолпонбаевке милдеттендирилсин.

 

4.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенешинин  Бюджет,салык,муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Шайимкулова Чынарга жүктөлсүн.

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин

      төрагасы                                                                                                  А.Кыргызбаев.

 

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын )  кезексиз  IХ- сессиясынын

 

   Т О К Т О М У

 Жийде айылы                          № 50                                                23, март  2022- жыл.

 

Ийри-Суу  айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Колот айылынын күн батыш тарабынан, Жийде айылына караштуу Дангылов көчөсүндөгү бейиттин үстүнөн  жерлерди трансформациялоого киргизүү жөнүндө.

                                                                         

                                                                          

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз  IХ -сессиясынын күн тартибиндеги  Ийри-Суу  айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Колот айылынын күн батыш тарабынан, Жийде айылына караштуу Дангылов көчөсүндөгү бейиттин үстүнөн  жерлерди трансформациялоого киргизүү   жөнүндө айыл өкмөт башчысынын сунушун  угуп жана талкуулап  Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй  токтом кылат:

 

  1. Ийри-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Колот айылынын күн батыш тарабынан 3,0 гектар жер тилкеси  жеке менчик үй куруу үчүн  трансформациялоого киргизилсин.   

 

  1. Ийри-Суу айыл өкмөтүндөгү Жийде айылына караштуу Дангылов көчөсүндөгү бейиттин үстүнөн 2,0 га жер тилкеси жеке менчик үй куруу үчүн трансформациялоого киргизилсин.   

 

3.Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Мисиралиевке жүктөлсүн.

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин

      төрагасы                                                                                              А.Кыргызбаев.

 

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын )  кезексиз  IХ- сессиясынын 

   Т О К Т О М У

 Жийде айылы                              № 51                                               23, март  2022- жыл.

 

Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жарандардан келип түшкөн арыздарды канааттандыруу  жөнүндө.

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз IХ-сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жарандардан Ийри-Суу айылдык Кенешине келип түшкөн арыздарды канааттандыруу  жөнүндө маселенип угуп жана талкуулап  Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат,

 

1.Жийде айылынын тургуну Кармышаков Чынгызга Жийде айылындагы Калмурза уулу Мырзаким  көчөсүндөгү Кожомбердиев Дүйшөнүн ээлеген жер тилкесинен жогору Примбердиев Таалайбектин пайдаланып жүргөн жер тилкесине чейин пайдаланылбай жаткан жерден 0,35 га жер тилкесине бак-дарак эгүүгө жана айыл чарба өсүмдүктөрүн өздөштрүүгө убактылуу пайдаланууга токтом чыгарылып берилсин.

 

2.Кыргызстан айылынын тургуну Орозматов Токторалиге элдин малы үчүн купка курууга 0,12 га жер тилкесин бөлүп берүүгө токтом чыгарылсын.

 

3.Корс-Этти айылынын тургуну Сартбаев Орозалинин жашап жаткан үйүнө токтом чыгарылсын жана айылдын  башкы планына киргизилсин.

 

4.Кыргызстан айылынын тургуну Сатиева Умсунга пайдаланып жүргөн кашаасынын ичинендеги жер тилкесине жеке менчик турак жай курууга  токтом чыгарылсын жана айылдын  башкы планына киргизилсин.

 

5.Кыргызстан айылынын тургуну Сайдилла уулу Дамирге пайдаланып жүргөн кашаасынын ичинендеги жер тилкесине жеке менчик турак жай курууга  токтом чыгарылсын жана айылдын  башкы планына киргизилсин.

 

6.Кыргызстан айылынын тургуну Шайымкулова Айгүлгө айыл өкмөтү жеке менчик үй курууга трансформация болгон жерден жер тилкесин бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

7.Кыргызстан айылынын тургуну Кыязова Жаннаттын жашап жаткан турак жайына токтом чыгарылып айылдын башкы планына киргизилсин.

 

8.Кыргызстан айылындагы Кайноолу участкасында малдын жолун жайыттын жеринде чечүү жагы  айыл өкмөтүнүн жер  адисине тапшырылсын.

 

9.Корс-Этти айылынын тургуну Ажибекова Барчынайдын жашап жаткан үйүнө токтом чыгарылсын жана айылдын  башкы планына киргизилсин.

 

10.Кара-Колот айылынын тургундарынын жер көчкүдө калган жер үлүштөрүнүн  ордуна КБФнун жеринен үлүш жерлеринин өлчөмүнө ( сотых, га) ылайык ижарага  бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

  1. Ак-Терек айылынын тургунун Сазиев Дүйшөнкулдун жашап жаткан үйүнө токтом чыгарылсын жана айылдын башкы планына киргизилсин.

 

12.Кыргызстан айылынын тургуну Дыйканов Алимжандын жашап жаткан үйүнө токтом чыгарылсын жана кашаасынын  ичинен 0,80 га жер аянтын айылдын башкы планына  киргизилсин.

 

13.Жийде айылынын тургуну Аракеев Талантбектин жашап жаткан үйүнө  токтом чыгарылсын жана  айылдын башкы планына киргизилсин.

 

  1. Жийде айылынын тургуну Беркмаматова Райкандын жашап жаткан үйүнө токтом чыгарылсын жана айылдын башкы планына киргизилсин.

 

15.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Мисиралиевке жүктөлсүн.

 

  1. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары Акмат уулу Эрмекке тапшырылсын.

 

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин

      төрагасы                                                                                           А.Кыргызбаев.

 

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын )  кезексиз  IХ- сессиясынын

 

   Т О К Т О М У

 Жийде айылы                              № 52                                               23, март  2022- жыл.

Ийри-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Корс-Этти айылынын тургуну Кенешбаев Мирбектин арызын канааттандыруу  жөнүндө.

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз IХ-сессиясынын күн тартибиндеги  Ийри-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Корс-Этти айылынын тургуну Кенешбаев Мирбектин арызын канааттандыруу жөнүндө маселенип угуп жана талкуулап  Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат:

 

1.Корс-Этти айылынын тургуну Кенешбаев Мирбекке Корс-Этти айылындагы Мамырбаев Матай көчөсүндөгү Досуева Шарапаттын үйүнүн жанындагы жолдун алдынан жеке менчик үй куруу үчүн токтом чыгарылып айылдын башкы планына киргизилсин.

2.Токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн жер адисине милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Мисиралиевке жүктөлсүн.

 

  1. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары Акмат уулу Эрмекке тапшырылсын.

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин

      төрагасы                                                                                           А.Кыргызбаев.

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын )  кезексиз  Х- сессиясынын

 

   Т О К Т О М У

 Жийде айылы                              № 53                                             10, май  2022- жыл.

Жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткан айылдарга акча каражатын бөлүп  берүү жөнүндө.

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз Х-сессиясынын күн тартибиндеги Жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткан айылдарга акча каражатын бөлүп  берүү жөнүндө айыл өкмөт башчысынын  сунушун угуп жана талкуулап  Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат,

1.Корс-Этти айылынын жолун ачууга жана иретке келтирүүгө 200  000 (эки жүз мин ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

2.Айылдын ички жолдорун тазалоого 60 000( алтымыш мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

3.Жийде айылындагы Р. Айтбаев көчөсүнүн жолун тазалоого жана иретке келтиүүгө 40 000 ( кырк мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

4.Жогорудагы айылдырга акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси М. Икрамовго милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенешинин Бюджет,салык,муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Шайимкулова Чынарга жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин

      төрагасы                                                                                           А.Кыргызбаев.

 

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын )  кезексиз  Х- сессиясынын

 

   Т О К Т О М У

 Жийде айылы                              № 54                                            10, май  2022- жыл.

 

Айылдын башкы планына кирген жерлерден жеке менчик үй курууга жер аянтын бекитип берүү жөнүндө.

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз Х-сессиясынын күн тартибиндеги Айылдын башкы планына кирген жерлерден жеке менчик үй курууга жер аянтын бекитип берүү  жөнүндө айыл өкмөт башчысынын  сунушун угуп жана талкуулап  Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат,

1.Айылдын башкы планына кирген жерлерден жеке менчик үй курууга  ар бир атуулга 0,08га жер аянты бөлүнүп берилсин.

 

2.Токтомду аткаруужагы айыл өкмөтүнүн жер адисине милдеттендирилсин.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Мисиралиевке жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин

      төрагасы                                                                                                  А.Кыргызбаев.

 

 

 

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын )  кезексиз  Х- сессиясынын

 

   Т О К Т О М У

 Жийде айылы                              № 55                                           10, май  2022- жыл.

 

Үй- бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү  үрп-адаттарын тартипке келтирүү чаралар жөнүндө.

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз Х-сессиясынын күн тартибиндеги Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н Жапаровдун “Кыргыз Республикасында Үй- бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү чаралар жөнүндө ” 2022-жылдын февраль айында чыгарылган Жарлыгын   угуп жана талкуулап  Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй токтом кылат:

1.Кыргыз Республикасынын Президентинин жогорудагы Жарлыгы колдоого алынсын.

2.Маркумду акыркы сапарга узатуу жол жобосу аксакалдар кенеши, айыл башчы, көчө комитеттери аркылуу аныкталсын.

3.Биздин шарттка жараша сөөк коюу жана аза күтүү ырым-жырымына бир жашар торпок союуга уруксат берилет.

4.Өзү жашаган айылга келип ата-энесине, бир туугандарына куран окутууга бир койдон ашык жандык союууга тыюу салынат.

5.Сөөк коюуда жана аза күтүүдө кийит кийгизүүгө  тыюу салынат.

6.Сөөк коюудан кийин үчүлүк, бейшемблик, кырктык, айттык белгилөөгө тыюу салынат.

7.Үйлөнүү тою өз ыктыярлары менен эки тараптын эсебинен 200 адамга чейин                     “ Салтанаттуу той ” формасында өткөрүлөт.

8.Той берүүдө бир бодо мал союлуп,чакырылган коноктор гана келип кетишет.

9.Кыз тарапка той алып барганда 12 адам,күйөө жолдоштор 10дон ашпоосу зарыл.

10.Жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында никени мамлекеттик каттоодон өтүү салтанатына 3 төн ашык машина пайдаланууга тыюу салынат.

11.Туулган күндү белгилөө ошол адамдын үйүндө гана өткөрүлөт.

12.Сүннөт той кой союлуп 200 дөн ашпаган кишинин катышуусунда гана өткөрүлөт.

13.Умра сапарынан келгендерге той өткөрүүгө тыюу салынат.

14.Чон ажыдан келгендер чон тойго айландырбай, чакырылгандар менен гана өткөрүлсүн.

  1. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары Акмат уулу Эрмекке тапшырылсын.

.

 

 

.

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин

      төрагасы                                                                                           А.Кыргызбаев

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын )  кезексиз  ХI- сессиясынын

 

   Т О К Т О М У

 Жийде айылы                              № 56                                                 03, июнь  2022- жыл.

“ Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө.

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз ХI-сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн “ Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу маселесин  угуп жана талкуулап  Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат,

1.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн “ Ардактуу атуулу” наамы Ыбыкеева Бактыгул Эсентуровнага, Абакирова Зулпия Турдалиевнага, Мамасадыков Рустам Алайбековичке берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенешинин  төрагасынын орун басары Акмат уулу Эрмекке тапшырылсын.

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин

         төрагасы                                                                             А.Кыргызбаев.

 

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын )  кезексиз  ХI- сессиясынын

 

   Т О К Т О М У

 Жийде айылы                              № 57                                                 03, июнь  2022- жыл.

 

                “ Үлгүлүү  үй-бүлөө ” наамын ыйгаруу жөнүндө.

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз ХI-сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн “ Үлгүлүү үй-бүлөө ” наамын ыйгаруу маселесин  угуп жана талкуулап  Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат:

1.Жийде айылынын тургуну, айылдык кенештин депутатты Акмат уулу Эрмектин үй-бүлөөсүнө “ Үлгүлүү үй-бүлөө ” наамы берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин

         төрагасы                                                                                             А.Кыргызбаев.

 

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын )  кезексиз  ХI- сессиясынын

 

   Т О К Т О М У

 Жийде айылы                              № 58                                                 03, июнь  2022- жыл.

 

 Кыймылсыз мүлккө жеке менчик укугун таануу жөнүндөгү Ийри-Суу айылдык Кенешинин 1993-жылдагы №16-март № 38 чечимине толуктоолорду киргизүү  жөнүндө

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз ХI-сессиясынын күн тартибиндеги Кыймылсыз мүлккө жеке менчик укугун таануу жөнүндөгү Ийри-Суу айылдык Кенешинин №16-март 1993-жылдагы № 38 чечимине толуктоолорду киргизүү  жөнүндө маселесин  угуп жана талкуулап  Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй токтом кылат:

1.Ийри-Суу айылдык Кенешинин тургуну Абдуллаев Анарбайдын наамына чыгарылган Ийри-Суу айылдык Кенешинин 16- март 1993-жылдагы  № 38 чечимине “Кыймылсыз мүлккө жеке менчик укугун таануу жөнүндөгү”чечиминде фамилиясы туура эмес жазылгандыктан, туулгандыгы жөнүндө сериясы III-Т Ю № 211102  күбөлүктүн негизинде Иркулов Анарбай Абдуллаевич деп окулсун.

  1. Токтомду кайрадан “ Кадастр ” мамлекеттик мекемесинен каттоодон өткөрүүсү Иркулов Анарбай Абдуллаевичкеке милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба , жеке менчик турак жай куруу, жер участокторун берүү боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин

         төрагасы                                                                                А.Кыргызбаев. 

 

 

 

 

 

p class=params-