Ийри-Суу айылдык  Кеңешинин  ( VII-  чакырылышынын)  кезектеги V- сессиясынын 

          Т О К Т О М У 

     Жийде айылы.                               №  20                                             16,  ноябрь 2021 -жыл.

 

Ийри-Суу  айыл өкмөтүнүн  2021- жылдагы тогуз ай  ичинде социалдык- экономикалык өнүгүүсүнө карата аткарган иштеринин  отчетун угуп  жана                           

талкуулоо жөнүндө 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакрылышынын) кезектеги V-сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн  2021- жылдын тогуз  ай ичинде социалдык- экономикалык өнүгүүсүнө карата аткарган иштеринин отчетун угуп жана талкуулап  Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат:

Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2021- жылдын тогуз ай ичинде  социалдык- экономикалык өнүгүүсүнө карата аткарган иштеринин отчету канааттандырарлык деп табылсын.

 

 

Ийри-Суу айыл Кенешинин

          төрагасы                                                                                               А.Кыргызбаев.

 

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык  Кеңешинин  ( VII-  чакырылышынын)  кезектеги  V- сессиясынын

 

          Т О К Т О М У

 

  Жийде айылы.                                  №  21                                            16,  ноябрь 2021 -жыл.

 

 

Ийри-Суу  айыл өкмөтүнүн аймагындагы ФПС тин жерлерин ижарага берүүдө     

         бир жаранга 5 гектарга чейин  берүү жагына чектөө коюу жөнүндө

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакрылышынын) кезектеги V-сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу  айыл өкмөтүнүн аймагындагы ФПС тин жерлерин ижарага берүүдө  бир жаранга 5 гектарга чейин  берүү жагына чектөө коюу жөнүндө айылдык Кенешинин депутаттарынын сунушун угуп жана талкуулап  Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат:

  1. Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы ФПС тин жерлерин ижарага берүүдө бир жаранга 5 гектарга чейин берилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З. Мисиралиевке милдеттендирилсин.

 

3.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенешинин  төрагасынын орун басары Акмат уулу Эрмекке тапшырылсын.

 

 

 

Ийри-Суу айыл Кенешинин  төрагасы                                                                                               А.Кыргызбаев.

 

 

 

Ийри-Суу айылдык  Кеңешинин  ( VII-  чакырылышынын)  кезектеги  V- сессиясынын

          Т О К Т О М У

 

     Жийде айылы.                               № 22                                   16, ноябрь 2021 -жыл. 

 

Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жарандардан келип түшкөн арыздарды канааттандыруу  жөнүндө

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакрылышынын) кезектеги V-сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жарандардан Ийри-Суу айылдык Кенешине келип түшкөн арыздарды канааттандыруу  жөнүндө маселенип угуп жана талкуулап  Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат:

 

1.Кара-Бет участкасынан жараксыз жерден  бак-дарак эгип өздөштүрүп көрктөндүрүү үчүн убактылуу ижарага Жийде  айылдын тургуну  Барманкулов Муктаралига  бөлүнүп берилсин. 2. Чангет  ашуусундагы жолдун боюндагы жараксыз жерлерди өздөштүрүп көрктөндүрүү үчүн убактылуу ижарага  Жийде айылынын тургуну Алимбеков Раимбекке бөлүнүп берилсин.

 

  1. Ак-Терек айылынын тургуну Момун уулу Маратка атасы Байтишов Момундун кашаасынын ичинен 0,12 сотих жер жеке менчик үй курууга ,Ак-Терек айылынын тургуну Момун уулу Кадырбекке атасы Байтишов Момундун кашаасынын ичинен 0,12 сотих жер жеке менчик үй курууга,Жийде айылынын тургуну Мамадали уулу Уларбекке Сасык-Булак участкасынан авасы Зулпукаров Жолчубайдын кашаасынын ичинен  жеке менчик  турак жай куруу үчүн  жер тилкеси бөлүнүп берилсин жана  жеке менчик турак жай курууга  бөлүнүп берилген жер тилкелери  айылдын башкы планына киргизилсин.

 

  1. Корс- Этти айылынын тургуну Юсупбек кызы Гуландага жеке менчик үй салууга бөлүнүп берилген жер тилкеси, Жангакты айылынын тургуну Узакбай уулу Алманбетке үй салууга бөлүнүп берилген жер тилкелери  айылдын башкы планына киргизилсин.

 

5.Ак-Терек айылынын тургуну  Мамашарипов Мирланга Тактагай дыйкан  чарбасына бөлүнүп берилген чабандык үй менен сарайдын жер участогу элдин макулдугу менен жеке менчикке өтткөрүп алгандыктан  азыр жашап жаткан үйүнө токтом чыгарылып берилсин.

  1. Корс- Этти айылынын тургуну Токтобаев Кубанычбектин жеке менчик турак жайын жана жер тилкесин мыйзамдаштыруу үчүн айылдын башкы планына киргизилсин. 
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Мисиралиевке милдеттендирилсин.

 

8.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенешинин  төрагасынын орун басары Акмат уулу Эрмекке тапшырылсын.

 

 

 

Ийри-Суу айыл Кенешинин  төрагасы                                                                                                   А.Кыргызбаев. 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык  Кеңешинин  ( VII-  чакырылышынын)  кезектеги  V- сессиясынын

 

          Т О К Т О М У

 

     Жийде айылы.                               № 23                                 16, ноябрь 2021 -жыл.

 

ГСВ № 18 оорукананын жерин тактап оорукананын өзүнө кайтарып берүү, Строй цехтин жерин тактап  айыл  өкмөтүнүн балансасына өткөрүп берүү жөнүндө.

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакрылышынын) кезектеги V-сессиясынын күн тартибиндеги  ГСВ № 18 оорукананын жерин тактап оорукананын өзүнө кайтарып берүү, Строй цехтин жерин тактап  айыл  өкмөтүнүн балансасына өткөрүп берүү жөнүндө айыл өкмөт башчысынын сунушун угуп жана талкуулап  Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат,

 

1.ГСВ № 18 оорукананын жери такталып кайрадан оорукананын өзүнө кайтарылып берилсин.

2.Строй цехтин жери такталып айыл  өкмөтүнүн балансасына өткөрүлүп берилсин.

3.Токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн жер адисинин убактылуу милдетин аткаруучу Н. Маматовго милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Мисиралиевке милдеттендирилсин.

 

 

 

Ийри-Суу айыл Кенешинин

       төрагасы                                                                                                   А.Кыргызбаев.

 

 

 

Ийри-Суу айылдык  Кеңешинин  ( VII-  чакырылышынын)  кезектеги  V- сессиясынын

 

Т О К Т О М У

 

     Жийде айылы.                                 № 24                                               16, ноябрь 2021 -жыл.

 

Айыл аймагындагы мал – жандыктарды эмдөөдө Ветинспекторлордун кызмат акысынын бекитүү жөнүндө.

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакрылышынын) кезектеги V-сессиясынын күн тартибиндеги  Айыл аймагындагы мал – жандыктарды эмдөөдө Ветинспекторлордун кызмат акысынын бекитүү жөнүндө айыл аймагындагы Ветинспекторлордун кайрылуу катын угуп жана талкуулап  Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат: 

1.2022- жылдын 1- январынан тартып айыл аймагындагы жылкы,  кара-малга 80 сомдон, кой-эчкиге 30 сомдон эмдөөгө Ветинспекторлордун кызмат акысы   бекитилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн Ветинспектору      Б.Төлөшовго милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Мисиралиевке милдеттендирилсин.

 

 

 

 

Ийри-Суу айыл Кенешинин  төрагасы                                                                                                   А.Кыргызбаев

 

 

Ийри-Суу айылдык  Кеңешинин  ( VII-  чакырылышынын)  кезектеги  V- сессиясынын 

          Т О К Т О М У

 

     Жийде айылы.                                 № 25                                               16, ноябрь 2021 -жыл.

 

        Элди таза суу менен камсыздоодо тартиптик чараларды киргизүү жөнүндө 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакрылышынын) кезектеги V-сессиясынын күн тартибиндеги Элди таза суу менен камсыздоодо тартип маселесин киргизүү жөнүндөгү Таза суу жетекчиси Малабаев Абдалимдин сунуш катын угуп жана талкуулап  Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат: 

 1.Элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүлсүн. Бардык суу пайдалануучулар  суу эсептегичин орнотсун. 1-декабрга чейин суу эсептегичин койбогондордун суу түтүкчөлөрү кыркылсын. 

  1. Токтомду аткарууга алуу жагы Таза суунун жетекчиси А.Малабевке милдеттендирилсин. 

3.Токтомду көзөмөлгө  алуу жагы Социалдык маселелер,гендер жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Абакирова Зулпияга жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айыл Кенешинин

       төрагасы                                                                                                   А.Кыргызбаев.

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык  Кеңешинин  ( VII-  чакырылышынын)  кезексиз  VI- сессиясынын

 

Т О К Т О М У

 

     Жийде айылы.                                 № 26                                           30, ноябрь 2021 -жыл. 

 

 Ийри-Суу айыл  өкмөтүнүн 2021- 2025- жылдарга карата түзүлгөн стратегиялык өнүгүүсүнүн иш планын бекитүү жөнүндө.

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакрылышынын) кезексиз VI-сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл  өкмөтүнүн 2021- 2025- жылдарга карата түзүлгөн стратегиялык өнүгүүсүнүн иш планын угуп жана талкуулап  Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат:

 

1.Ийри-Суу айыл  өкмөтүнүн 2021- 2025- жылдарга карата түзүлгөн стратегиялык өнүгүүсүнүн иш планын бекитилсин. 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысынын орун басары А. Исмаиловго милдеттендирилсин. 
  1. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары Акмат уулу Эрмекке тапшырылсын.

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айыл Кенешинин

       төрагасы                                                                                                   А.Кыргызбаев.

 

 

 

 

                                                                                                            Ийри-Суу  айылдык Кеңешинин

                                                                                                             VII-чакырылышындагы кезексиз

                                                                                                             VI - сессиясынын 2021-жылдын 

                                                                                                             30- ноябрындагы  №  26  токтомуна 

                                                                                                              Тиркеме

 

  1. Кириш сөз-Стратегиялык план боюнча негизги маалымат

      Өнүгүүнүн социалдык-экономикалык стратегиялык планын түзүү, анын миссиясы жана келечекти көрө билүүсүн аныктоо,  жергиликтүү өзүн-өзү  башкаруу органына өнүгүүнүн максаттарын жана милдеттерин ишке ашырууга көмөктөшөт.

Ийри-Суу айыл Өкмөтүнүн   социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу үчүн Жергиликтүү өз алдынча башкарууга жергиликтүү элдердин өкүлдөрүн, коомдоштуктарды, жамааттарды  жана аялдар менен эркектердин  бирдиктүү иш-аракеттерин эске алуу менен катыштыруу зарыл. Жергиликтүү коомдоштуктарды  өнүктрүүнүн максаты, жакырчылыкты жоюу,  жашоонун сапатын жакшыртуу, демек кирешенин көлөмүн жогорулатуу ал гана эмес коомдоштуктарды башкарууга тартуу, терен билим алуу, саламаттыкты сактоо, жеке эркиндикти кенейтүү, жакырчылыктан чыгуу, бири бирине жардам көрсөтүү жана башкалар.

 Кыргыз Республикасынын экономикасы оор мезгилди өткөрүп жаткан учурда, бул кризистен чыгуу үчүн Ийри-Суу жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органына социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планын иштеп чыгуу негизги милдет болуп саналат.

      Бул өнүгүүнүн социалдык-экономикалык программасы-жергиликтүү жамааттардын экономикалык, ошондой эле социалдык маданий  мехнизимдердин этаптуу өнүгүүсүнө  түрткү болуп саналат жана төмөнкү багыттарды иштеп чыккан

  • Айыл жашоочуларынын жашоосуна таасир эткен себептерди аныктоо.
  • Айыл жашоочуларынын негизги керектөөлөрүн изилдеп үйрөнүү;

      Өнүгүүнүн стратегиялык планы айыл айылдарда талкууланып, айылдык кенештин сессиясында депутаттар тарабынан каралып, андан кийин жалпы коомдук угууга коюлган.

Стратегиялык пландын негизги максаттары жана тапшырмалары.

     -Башкаруу – бул белгилүү максатка жетүүнү көздөгөн пландаштыруу, уюштуруу, ынгайлашуу жана көзөмөлдөө процесси болуп саналат.                                                      

      Пландаштыруу башкаруунун негизги функцияларынын бири жана максатка жетүүнүн милдеттеринин этап-этап менен аткаруу, турмушка ашыруунун механизми.                                                                                                                              

Эффективдүү пландоосуз жакшы башкаруу мүмкүн эмес, а демек максатка жетүүнүн сапаты да эффективдүү болбойт. «Башкаруу» түшүнүгү жергиликтүү өзүн- өзү башкаруу органында анын максатын гана аныктабастан, Мыйзамдын негизиндеги анын формасын да кошо камтыйт.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруудагы  «Башкаруу» өзүн өзү башкаруу органынын ишмердүүлүгү коомдук кызыкчылыкты ишке ашыруунун  мыйзам чегиндеги формаларынын негизинде аймактык (муниципиалдык) чарба жүргүзүү болуп эсептелет.

      Өз алдынча башкаруу органындагы Башкаруу ишмердиги чарба жүргүзүп жаткан ошол аймактагы менчиктин ар түрдүү формасындагы  субьектилери менен гана жалпы биргелешип аракеттенүү эмес ошол аймактагы бардык ишкана мекемелердин, аймактык-коомдук өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз жана терен чарбалык мамилелерди жөнгө салуучу группалар «Кыргыз Республикасынын 2023-жылга чейинки  Өнүгүүнүн Комплекстүү Негиздеринин» чегинде Ийри-Суу өз алдынча башкаруу органынын 2023-жылга чейинки «Стратегиялык өнүгүүнүн программасынын» негизги максаттарын иштеп чыкты.

Жогорудагылардан улам  «Стратегиялык өнүгүүнүн программасынын» негизги приоритеттери:

  • Жакырчылыкты басандатуу жана 9 % чейин кыскартуу.
  • Калктын кирешесин реалдуу жогорулатуу.
  • Социалдык өнүгүү (билим алуунун жана сапаттуу медициналык тейлөөнүнүн денгээлин жогорулатуу).
  • Маданий өсүү.
  • Аял-эркектин бардык иштерде бирдей катышуусун камсыз кылуу.
  • Кичи жана орто бизнести өнүктрүү, кайра иштетүүчү ишканаларды ачуу экономикалык өсүүнү камсыз кылуу.
  • Демократиялык башкарууну өнүгүүнүн (жамааттарды башкарууга тартуу, өз алдынча башкаруунун негиздерин бышыктоо).
  • Жогорудагы иш чараларды аткаруу менен жергиликтүү бюджетти көтөрүү

Жергиликтүү аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктрүп , айыл жашоочуларынын жашоо денгээлин жогорулатуу, айыл жеринде жакырчылыктын денгээлин чексиз минимумга жеткирип, жумушсуздукту жоюу аркылуу алардын ар тараптуу өсүп өнүгүүнүн камсыз кылуу, жаштарга сапаттуу билим берүү, сергек жашоо образын түзүү, калктын керектөөлөрүнө болгон муктаждыктарына жагымдуу шарттарыды түзүп берүү – бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын негизги максаты болуп эсептелет. Бул нерселерге жетишүү албетте оной-олтон иш эмес жана көп убакытты талап кылуучу бир нече механизмдерди басып өтүүгө туура келет, ошондой эле жергиликтүү аймакта орун алган калктуу пунктардагы түзүлгөн коомдоштуктар менен айыл чарба субьектилеринин биргелешкен күч аракеттеринин натыйжасы аркылуу ишке аша турган татаал процесстерди камтыган, аларды чечүүнү талап кылган түйшүктүү проблемалардын жыйындысы болуп эсептелет.

     Ошентсе да Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы болгон Айыл өкмөтү Айылдык кенештин депутаттары менен биргеликте башкаруунун күчтүү механизмин камсыз кылып, ал аркылуу айыл жашоочуларынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө толук шарт түзүп берүүгө жетишүүсү зарыл жана ушул жол аркылуу айыл жерин көтөрүүнүн б.а. стратегиялык пландын максаттарына жетишүүнүн милдеттерин ачык жана даана аныктап, механизмдерин иштеп чыгуусу бүгүнкү күндө кечиктирилгис иш-чарасы .

Стратегиялык планын негизги тапшырмалары.

 

Ийри-Суу  айыл Өкмөтүнүн  2023-жылга чейинки өнүгүүнүн   негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет.

  • Өкмөттүн ар бир айылы менен тыгыз байланышта болуп, жылда элдик жыйындарды өткөрүү;
  • Жергиликтүү жамааттык уюмдар, өз ара жардамдашуу топтору менен биргеликте өнүгүүнүн планын иштеп чыгуу;
  • Күчтүү башкаруунун камсыз кылуу;
  • Ички жана сырткы донорлор менен байланыш түзүп, алар аркылуу айылдык кенештин аймагына ар кандай тармактарды өнүгүүгө багытталган инвестицияларды тартып келүү;
  • Сапаттуу билим алууну камсыз кылуу;
  • Саламаттыкты сактоо тармагын өнүгүү аркылуу айыл жашоочуларынын ден соолугун камсыз кылуу, сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүгө жетиштүү;
  • Айылдык бюджеттин киреше бөлүгүн өз учурунда аткаруу аркылуу бюджеттик мекмелерле чегерилүүчү финансы каражаттарын туура пайдаланып, бюджеттик мекемелерди сапаттуу тейлөөнү камсыздоо;
  • Айыл калкына кызмат көрсөтүүнүн денгээлин жогорулатып, аларды транспорт, байланыш кызматынан сапаттуу пайдаланууга жетишүү;
  • Кайра иштетүүчү кичи жана орто бизнес ишканаларынын санын көбөйтүү аркылуу алардын кирешесин жогорулатууга жетишүү, калкты сапаттуу продукция менен камсыз кылууга жетишүү;

жана башка ушул сыяктуу милдеттерди ишке ашыруу болуп эсептелет.

 

 Стратегиялык планды түзүү үчүн уюштурулган

 жумушчу топтун курамы.

 

Фамилиясы, аты

Айылы

Билими

Иштеген кызматы

1.

2.

3.

4.

5.

6.

7.

8.

9.

10

11

12

13

 

Курманбеков Сейтек

Абдыразакова Гульшат

Икрамов Максат

Исмаилов Аширбек

Айтиев Анарбай

Төлөшов Бегали

Рысбаев Сулейман

Маматов Нуркамил

Арыкова Айчүрөк

Абакирова Зулпия

Кыргызбаев Акматжан

Шайымкулова Чынар

Даргабаев Мухамед

Кыргызста

Кыргызстан

Кыргызстан Кыргызстан

Кыргызстан

Жийде

Жангакты

Жийде

Жийде

Кыргызстан

Кыргызстан

Корс- Этти

Жангакты

Жогорку

Жогорку

Жогорку

орто

Жогорку

Жогорку

орто

орто

Жогорку

Жогорку

Жогорку

Орто

жогорку

 

Ийри-Суу а/ө башчысы

Жооптуу катчы

ФЭБ башчы

Башкы адис

Статист

Вет адис

Айыл башчы

-----///-------

Мектеп директору

ҮДТбашкыдарыгери

А/ Кеңештин търагасы

А-Кенештин депутатты

Байланыш бөлүмүнүн башчысы

 

 Жергиликтүү өз алдынча башкаруунунун азыркы күндөгү

социалдык-экономикалык  абалы.

Азыркы күндөгү айыл өкмөтүнүн абалы

 

Ийри-Суу  айыл өкмөтү  адам укугун сактаган жана ал үчүн жагымдуу жашоо чөйрөчүн камсыздаган, билимдуу, маданияттуу, ден соолуктуу, активдуу атуулдардын мекени.
Ийри-Суу  айыл өкмөтү жаны технологиялардын негизинде айыл чарбасы, жеке ишкердүүлүкө ынгайлуу шарт түзүлгөн жана сапаттуу тейлөө кызматтарын көрсөткөн аймак.
       Айыл Өкмөтүндө  көп социалдык инфраструктура обьектилери бар,мындан ары да алардын техникалык абалы канаттандыраарлык денгээлде сакталат жана саны көбөйөт. Айыл Өкмөтүндө күчтүү билим, маданият жана саламаттыкты сактоо институттары күчтүү ,профессионалдуу ишкерлерди тартып турат. Ал профессионалдар ар кандай колдоолорду алып мектептерде, бейтапканаларда жана маданият үйлөрүндө иштегенге чон кызыгы бар. Гигиеналык жана санитардык абал канаттандырарлык. Натыйжада, коомчулук билимдүү, ден соолуктуу, маданиятуу адамдарды өстүрөт. Адамдар ар кандай тармактарда эмгектенишет, ишкердүүлүктөн баштап маданият жана спорт тармактарына чейин. Буга, жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдардын иш аракетгери да кирет. Айыл Өкмөтүндө келечектеги профессионалдуу жаны муундардын мекени.

Потенциалдык көрсөткүчтөр ар түрдүү тармактагы билимдүү адамдардын пайызы, социалдык инфраструктура обьектилеринин саны, маданий иш-аракеттердин саны, адамдардын денсоолук абалы, атуулдардын ар кандай алып барган иштеринин саны, жакырчылыктын денгээли Атуулдардын укугу сакталат.:

   Айыл Өкмөтүндө  атуулдардын укугун сакташ үчүн баардык иш аракеттерди кылат. Ар бир атуул мыйзам чегинде өз каалаган динге ишене алат, улуттук же жергиликтүү саясатты сынга алса ал үчүн куугунтукка алынбайт. Ар бир атуул жергиликтүү жана улуттук мыйзам менен бекитилген социалдык жардамды өз маалында толугу менен алып турат. Эгер атуулдун укугу бузулса, анда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ал кишиге өз укугун коргогонго жардам кылат.  Потенциалдуу көрсөткүчтөр: укугу бузулган адамдардын саны, мүмкүн болсо (эгерде ресурстар жетиштүү болсо) элдердин жалпы оюн билүү (фокус группаларды уюштуруу). Жеке ишкердүүлүкө ынгайлуу шарт түзүлгөн. Жеке ишкерлерге жакшы шарттар түзүлгөн. Ишкерлер жумуш орундарын ачат, ал
өз учурунда жергиликтүү коомчулукка киреше тапканга мүмкүнчүлүк берет,ишкерлер жергиликтүү бюджетти көбөйткөнгө жана жакырчылыкты кыскартканга өз салымын кошушат. Ишкерлерге жакшы шарт катары аларга эффективдүү административдик кызмат көрсөтүү (каттоо, патент) жана өнүгүү борбору аркылуу кенеш кызматы саналат.
Потенциалдуу көрсөткүчтөр Жеке ишкерлердин шарттар боюнча ой пикири.                                                                                                                                                  Сапаттуу тейлөө кызматтарын көрсөткөн     Ийри-Суу  айыл Өкмөтүнүн  тейлөө кызматтардын  сапаты жогору. Мисалы: коммуналдык кызматтар: таза суу жана административдик кызматтар.Мындан тышкары дыйкандар жана ишкерлерге көрсөтүлүүчү башка кызматтар да бар: ветеринардык кызматтар, кенеш берүү кызматтарынан тышкары да, күнүмдүк жашоого керектүү кызматтар бар:

Потенциалду көрсөткүчтөр кызматтардын саны жана түрү, элдин оюу (фокус группалар аркылуу).

Башкарууну децентралдаштыруу боюнча ПРООНдун атайын программасы иштеп, айыл өкмөтүнүн пландаштыруу ишине айылдардагы түзүлгөн 9 жамааттык уюмдардын 120  мүчөсү, анын ичинде 85 аялдар активдүү катышты.

Ийри-Суу  айыл өкмөтүнүн 7  айылдагы элдердин мүмкүнчүлүгүн кенейтүү жана убаракерчиликти жоюу максатында, айыл башчылардын укугу көбөйтүлгөн.

 

Ийри-Суу  айыл өкмөтү дениз денгээлинен 1650 метр бийиктикте жайгашкан. Административдик имараты райондун борборунан       24  км, ал эми облустун борборунан 93 км аралыкта жайгашкан.

    Территориясынын жалпы аянты 4.7  кв км. Жеринин рельефи аралаш. Айыл өкмөтүнүн маданиятынын, социалдык абалынын жана экономикасынын өнүгүшүнө жер шартынын географиялык абалы ынгайлашкан.

Ийри-Суу  Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын курамына «Жийде», «Кыргызстан», «Жангакты », «Корс- Этти », «Кара-Колот», «Ак-Терек», «Ор-Казган»,    айылдары кирип, жалпы калкынын саны10506 адам жашайт.

    Бүгүнкү күндө айыл өкмөтүнүн аймагында 7 билим берүүчү мектеп, 1 ҮДТ, 4 ФАП,  1кичи футбол аянтчасы ,1 китепкана,  1АЗС  элге кызмат кылууда.

    КР нын Президентинин 1996-жыл 20-мартындагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жоопкерчилигин жогорулатуу жөнүндөгү чаралары» жөнүндөгү указынын негизинде жана Кыргыз өкмөтүнүн 1996-жыл 24-апрелиндеги «КРнын аймагындагы Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарын – айыл өкмөтүнүн (сельская управа) түзүү» жөнүндөгү №187 токтомун ишке ашыруу максатында  1996-жылы май айында Ийри-Суу айылдык Кенешинде , Ийри-Суу  айыл өкмөтү түзүлгөн.

Элдин социалдык – экономикалык активдуулугун жогорулатуу.

 

 Элдин социалдык – экономикалык активдүүлүгүн жогорулатуу максатында айылдык кенештин аймагында «Жергиликтүү саясий жана административдик башкаруу» Программасынын колдоосу аркылуу бир катар иштерди аткарууга жетишилди. Атап айтканда жергиликтүү башкаруунун баштапкы институту түзүлдү. Алар Айылдык Жамааттык Уюмдар (9 ), ъз аражардамдашуу топтору (12), (МПГ 10).

 

Ийри-Суу  Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун финансы-экономикалык базасынын негизин жергиликтүү бюджет түзөт. Жергиликтүү бюджет ар түрдүү салыктардын эсебинен жана кайра бөлүштрүү жер фондусун ижарага берүүдөн жыйналуусу ижара акысынан түзүлөт. 

Муниципиалдык менчик.

 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өзөгүнүн жаратылыш ресурстары жана жергиликтүү бюджет менен катар жергиликтүү муниципиалдык (коммуналдык) менчик түзөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Жогорку Кенеши тарабынан жергиликтүү муниципалдык менчикке ээлик кылуу жана пайдалануу жөнүндө бир катар нормативдик-укуктук базалар жана тийиштүү мыйзамдар иштелип чыккан.

Ийри-Суу  Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун органына айылдык кенештин аймагында жайланышып орун алган бир нече муниципиалдык менчик обьектилер кирет.

 

Муниципиалдык менчиктин тизмеси.

 

Аталышы

Даана

 

1

Мектептер

7

2

Гсв № 18

1

3

ФАП

4

4

Байланыш болуму

1

5

Административдик имараттар

1

 

 

 

 

Жалпысы

14

 

Социалдык инфраструктураны өнүктрүү.

 

Ийри-Суу айылдык кенешинде 2018-жылга чейин мезгилде айылдагы социалдык проблемаларды чечүүнүн атайын программасы иштелип чыгып, айылдык кенешке кабыл алынган.

     Бул программаны турмушка ашырууга ПРООН тарабынан уюштурулган «жамааттык уюмдар» жана «өз ара жардамдашуу группалары», АРИС программасынын айылдардагы «инвестициалык комитеттер» айылдык кенеш менен биргелешип салымдарын кошууда. 

 

Ийри-Суу айыл өкмөтү боюнча айылдардагы  калктынсанынын маалыматы

Айылдык кенешинин аймагында 10506 адам туруктуу жашайт

 

Айылдардын аталышы

Кожолуктардын саны

Жынысы

Калктын саны

2019-жыл

2020-жылга

2021-жылга

2019-жыл

2020-жылга план

2021-жылга

1.

Жийде

620

659

660

Эркек

1568

1537

1540

Аял

1382

1416

1413

2.

Кыргызстан

615

675

676

Эркек

1502

1583

1615

Аял

1475

1510

1614

3

Жангакты

220

285

285

Эркек

529

573

573

Аял

606

571

577

4

Корс- Этти

 

373

346

346

Эркек

869

860

870

Аял

802

779

793

5

Кара-Колот

95

105

106

Эркек

246

241

242

Аял

268

249

253

6

Ак-Терек

104

123

125

Эркек

290

327

343

Аял

317

346

355

7

Ор-Казган

 

50

 

50

 

56

Эркек

154

156

159

аял

155

157

159

 

Кожолуктун жалпы саны

2077

2243

2254

Калктын жалпы саны

10163

10305

10506

 

 

Кичи, орто бизнес жана акылуу кызмат көрсөтүү.

Ийри-Суу  айыл Өкмөтүндөгү  айыл башчылыктары, жергиликтүү жамаатары ар кандай капиталдарды, инвестицияларды тартуунун үстүндө аракеттенишүүдө. Кичи жана орто бизнести өнүктрүүнүн көп жылдык планын иштеп чыгуу зарыл.

    

     Келечекте айылдык кенештин аймагында кыш кыйуучу   жана жашылча жемиштерди кайра иштетүүчү цехтерди куруу зарыл. Аталган цехтердин айылдык кенешинин аймагында жоктугу дыйкандарды жана айыл чарба продукцияларды  өндрүүчүлөрдү көптөгөн чыгымдарга туш кылып ири суммадагы кирешелердин кол жууп калуусуна алып келүүдө.  Айылдык кенеши жана айыл өкмөтү жетекчилиги кайра иштетүүчү кичи жана орто өнөр жай ишканаларды, цехтерди куруу негизги орундагы маселе экендигин баса белгилейт жана бул багытта чет элдик ошондой эле жергиликтүү инвесторлорду тартуу максаттуу деп эсептейт.

 Айыл чарбасы.

Ийри-Суу айылдык Өкмөтүнүн экономикасынын негизги потенциалы талаачылык жана мал чарбачылыгы түзөт.

2018-жылга айыл Өкмөтүнүн айыл чарба багытындагы жерлердин  абалы төмөндөгүдөй:

Жергиликтүү жамааттын айылдар боюнча жер аянттарынын бөлүнүш

Айылдардын аталышы

Айылдар боюнча жер аянттарынын бөлүнүшү, га

Ар бир жанга жер үлүшүнүн бөлүнүшү, га

Бардык айыл чарба багытындагы жерлер, га

Айдоо жерлер

Кайракы

Чөп чабынды

Көп жылдык бак дарактар

1.

Жийде

 

590

 

200

390

 

0,28

2.

Кыргызстан

485

 

285

200

 

0,22

3.

Корс- Этти

522

 

300

222

 

0,37

4

Жангакты

460

 

153

247

 

2,28

5

Кара-Колот

222

 

93,71

129,93

 

0,25

6

Ак-Терек

224

 

93,71

128

 

0,25

7

Ор-Казган

395

 

195

200

 

0,51

 

жалпы

2900

 

1321

1518

 

 

 

      Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн  аймагындагы дыйкандарга техникалык кызмат көрсөтүп жаткан айыл чарба техникаларынын саны: дан комбайындары 2 даана, каз тамандуу тракторлор 2  даана, 17 даана дөңгөлөктүү тракторлор,жалпысы болуп 21 даана.

    Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн  аймагындагы айдоо жерлерге керектелүүчү күйүүчү  80 тонна 150 тонна жер семирткичтер керектелет. Андан 80 тонна азыркы күндө элдин колунда камсыз болгон. Ошондо 60 % аткарылган. Ийри-Суу айыл Өкмөтүндө талаачылык иштер боюнча көпчүлүк дыйкандар кайраакы буудай, арпа, күн карама эгиндерин эгүүнү жакшы жолго коюп,  азыркы учурда жакшы түшүм алышууда.

      

       Дыйкандарыбыз 2018-2019-2020-жылдарга салыштырмалуу алдыга жылуу аракети болуп 100 % ке өсүүсү көрүнүп турат.

       Мисалы мурда элдер КДУга ун тарттырып жеп, жана башка ушуга окшогон кыйынчылыктар болуп келсе азыркы учурда элдерибиздин жашоосу абдан жакшырган. 

Мал чарбасы 

Ийри-Суу  айыл өкмөтүнүн экономикасынын негизги потенциалы мал чарбасы

Элдин негизги байлыгы болуп эсептелет. Айылдык муниципалдык башкаруунун аймагында 5546 га жайыт жери, анын ичинен жакынкы жайыт  2000 гажери  бар. Бул болсо аймакта мал чарбачылыгын өнүктрүүгө ынгайлуу шарт жаратат. Малга жем – чоп даярдоо, жергиликтүү элдин малды асыроо үчүн жеткиликтүү практикалык тажырыйбасы, көп жылдык чөп, жүгөрү өстрүүгө жетишээрлик тажырыйбалуу дыйкандардын бар экендиги талашсыз. Ушунун баары мал койдун башын көбөйтүүгө шарт түзөт. 4  фермердик чарбанын басымдуу көпчүлүгү мал чарба багытында фермерлер болуп эсептелинет. Аларда жетиштүү кадрлар эмгектенишет (зоотехник, вет врач, ж.б.).

Мал чарбасын өнүктрүү.Мал чарбасы Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн элдеринин үй-бүлөлүк бюджетти толтуруунун бирден бир негизги булагы болуп эсептелет. Мал, кой, эчки жана жылкыны кармоого жердин географиялык абалы, климаттын ынгайлуулугу жана элдердин бай тажырыйбасы жардам берүүдө.  Ийри-Суу айыл өкмөтүндө  мал жайыт кеңири малчылар жайында малдардын Жогорку жайыттарга  жайлашат.

Мал чарбасын мындан да жакшы өнүктрүүгө төмөнкүлөрдүн болушу зарыл:

  1. Мал чарбасын өнүктрүүгө женилдетилген узак мөөнөттөгү берилүүчү кредитти уюштуруу
  2. Этти,сүттү жана жүндү кайра иштетүүчү чакан ишканаларды уюштуруу;
  3. Фермелерди окутуу.

Бул проблемаларды чечүүгө жер жерлердеги жамааттык уюмдардын, НПОлордун жардамы менен эл аралык донорлорду байланыштырып, жергиликтүү колдоого даяр ресуртарды пайдаланып, айыл өкмөтүнүн райондук жана областык администрациясын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып турмушка ашыруу керек.                        

 

Малдын жана үй канаттууларынын саны

Аталышы

Өлчөө бирдиги

2019-жыл

                         2020-жылга

 

2021-жылга

1.

Ийри мүйүздүү мал, анын ичинен уйлар

даана

3741

3767

3791

2.

Жылкылар

даана

2457

2477

2497

3.

Койлор

даана

11850

11930

12000

4.

Эчкилер

даана

955

1109

1155

5.

Коендор

даана

-

-

-

6.

Чочколор

даана

-

-

-

7.

Үй канаттуулары

даана

8650

8640

8650

Үй жаныбарларынын вакцинация алуусу

Аталышы

Ийри мүйүздүү, баары

Майда жандыктар, баары

2019-жыл

2020-жыл

2021-жылга план/күтүлөт

1.

Бруцеллез

3791

131553791

100%

100%

 

2.

Кургак учук

3791

-

100%

100%

 

3.

Чечек

-

 

100%

100%

 

4.

Ящур

3791

3791

100%

100%

 

5.

Сибирь жарасы

3791

3791

100%

100%

 

6.

Кутурма

-

-

100%

100%

 

 

Мал чарбасындагы кездешип жаткан мал ооруларынын алдын алуу максатында Ветсервис кызматынын сапатын жакшыртууга жетишүү, сапаттуу Ваксина менен камсыз кылуу жана өз учурунда малдарды ар кандай инфекцияларга каршы эмдөөлөрдү жүргүзүү талапка ылайык. Мал жандыктарынын пародаларын жакшыртууда айылдык кенештин аймагында үлгүлүү, күчтүү фермердик чарбалардын базасында уруктандыруучу пунктту жакшыртуу жана 2026-жылга чейин бул пункттардын кызматын жайылтып айыл жашоочуларынын колундагы малдарынын эт-сүт багытындагы пародаларын өнүктүрүү, сапатын жогорулатуу, мындан улам жайыт жерлердин кирешесинин көлөмүн арттыруу максатында жайыт комитети түзүлүп көзөмөлдөө күчөтүлүү жолу менен азыркы  күндөгү кризисттен алып чыгуу. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын стратегиялык милдеттеринин негизгиси болуп саналат. 

Транспорт жана байланыш.

Ийри-Суу  айылдык кенешинин борбору райондук борбордон 24 чакырым, ал эми областык борбордон 93 чакырым аралыкта жайгашкан. Республиканын борбору Бишкек шаарынан  724  чакырым алыстыкта орун алган. Айыл калкын областтык, райондук борбор менен байланыштырган маршурттук таксилер кызмат өтөйт. Алардын каттамдары үзгүлтүксүз жана тез-тез болуп турат.

Ийри-Суу айылдык өкмөтүндө телефон байланышынан пайдалану жолго койулууда Кыргызтелеком ишканасы менен байланышып, азыркы күндө 1 байланыш түйүнү иштеп жатат.  Натыйжада айылдык кенештин айрым калктуу пункттары  радио телефон кызматынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууда.

Мындай иштер менен  айылдык кенештин калктуу пункттары район, шаар аралык байланышына ээ болуп, ал гана эмес Интернет кызматынан пайдаланууга толук жетише алды.

Бул борборлор айыл элинин компьютердик сабатсыздыгын жоюга багытталса, экинчи жагынан ушул маалымат борборлору аркылуу айыл калкын интернет менен байланыштырып дүйнөлүк жаны маалыматтар менен учурунда тааныштырып турууга абдан ынгайлуу шарттар түзүлдү. 

Энегетика боюнча

Эскирген  тирөөчүлөрдү,  электр  линияларын  алмаштыруу  жана  бөлүштүрүүчү  түйүндөрдү модернизациялоо трансформатор коюу ,жогорку чыналуудагы Жангакты . Корс- Этти. Кыргызстан, Жийде, Кара- Колот, Ак- Терек, Ор-Казган  айылдарындагы  айыл тургундарын коопсуздук жаратып жаткан авариялык  абалдагы  электр мамычаларын  алмаштыруу жагы иш  плангак киргизилген.   

Курулуш

Ийри-Суу айыл өкмөтүндө капиталдык курулуш боюнча акыркы жылдары бир топ алгылыктуу иштер  жасалды. Айылдык жамааттык уюмдар жана  өз ара жардамдашуу топтору тарабынан жана  Ийри-Суу өз алдынча башкаруу органы тарабынан  ондогон проектилер даярдалып анын натыйжасында эл аралык уюмдар   доноорлордун колдоосу менен социалдык обьектилер курулуп элге кызмат кылып жатат. 

Таза суу менен камсыздоо

Ийри-Суу  айыл кенешинин бардык калктуу пунктарында  суу түтүктөрүнүн ситемасы иштейт. Кыргызстан, Жийде айылдарындагы суу түтүктөрүнөн системанын курулушу жаныланып 2018-2019 жылдарда бүткөрүлдү.

 Кыргызстан, Жийде айылындагы суу түкүктөрүн ремонттоого 24 млн жумшалып суу   түтүктөрү толугу менен ишке киргизилди. Мындан сырткары Кыргызстан айылынын тургундарынын суроо талаптарын аткарууну эске алып, айыл тургундарына күнүмдүк жашоосунда  турмуш тричилигине эн керектүү, турмуш тричилигин жакшыртууга көмөк көрсөтүү, дыйканчылык кылууга шарт түзүү максатында ички суу арыктарын 2022-жылга чыгаруу зарыл.

.

    Билим берүү тармагы

 Ийри-Суу айыл Өкмөтүндө 4 орто мектеп 3 башталгыч мектеп  бар.  Мугалимдер  жана теникалык кызматкерлер Республикалык бюджеттен айлык алат. Ийри-Суу айыл өкмөтүндө аймагында билим берүү  тармагы негизинен чечилген. Бүгүнкү күндө 142 мугалим анын ичинен 25 эркек, 117 аялдар, 2085 окуучуларга билим тарбия берүүдө.

 

Саламаттыкты сактоо тармагы

Ийри-Суу (ҮДТ № 18)  Ийри-Суу үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна 4 ФАП  бар ҮДТ баардыгы болуп 1 врач 8 орто медициналык кызматкерлер эмгектенүүдө. Ал эми Кыргызстан, Корс- Этти, Жангакты жана Ор-Казган айылдарында жергиликтүү калкына 4 ФАП кызмат кылууда. ФАПтарда 8 медициналык кызматкерлер эмгектенип жатышат. ФАПтарда баардыгында аялдар иштешет.

 Айыл тургундарын медициналык камсыздандырууда ,айыл тургундарынын ден соолугуна кам көрүү максатында  Корс-Этти айылындагы ФАПтын имаратынын айланасын 2022-жылга  тосуу жагы зарыл.

Маданият жана эс алуу

Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында 1, китепкана жана айылдардагы 2 мектепте спорт аянтчалар элге кызмат кылууда. 

Ийри-Суу айыл өкмөтүндө дене тарбия жана спортко өзгөчө  көнүл  бурулуп волейбол, шахмат, ордо, улак тартыш оюндары боюнча командалар түзүлүп, айылдар арасында мелдештер өткөрүлүп турат. Бул спортсмендер райондук, областык мелдештерге катышып байгелүү орундарды ээлеп жатышат.

 

 Айлана чөйрөнү коргоо.

 

Ийри-Суу айыл өкмөтү  айылдарды жана айлана чөйрөнү көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерине маани берилген. Айлана чөйрөнү коргоо айылдык Кеңештин  негизги проблемасы. Жыл сайын  февраль,март, апрель айларында айлана чөйрөнү көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча айыл башчылар,өзүн өзү  башкаруу жамааттары, айыл башчылар арыктарды тазалоо көчө  бойлорун  көрктөндүрүү, көчөт эгүү иштерин ийгиликтүү жүргүзүшөт.

            

Турмушка ашыруу механизмдери

Ийри-Суу айыл өкмөтундө социалдык-экономикалык  өнүгүү стратегиялык Программасын  сапаттуу жана эффективдуу турмушка ашыруу үчүн төмөнкү механиздер пайдаланылат:

  • Гендердик маселелерди эске алуу менен, элдердин социалдык-экономикалы абалын жакшыртууга ички адам ресурстарын пайдалануу;

 

  • Тышкы жана ички инвестициялардын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу,     Ийри-Суу  айыл өкмөтү аркылуу донорлорду тартууну уюштуруу жана аларга   мүмкүнчүлүктөрдү түзүү;
  • Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн баардык өнүгүү программаларын пландаштыруу иштерине  ар бир айылдын элдерин катыштыруу. Бул жерде  эл өзүнүн үлүштөрүн кошууга мүмкүнчүлүк алат жана долбоорду турмушка ашырууга катышат;
  • Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинен максаттуу пайдалануу. Бул жерде донор болуучу  мамлекеттердин  шарттары эске алынат.
  • Социалдык-экономикалык Өнүгүү программасын турмушка ашырууда элдерди кошумча окутуу иштери негиз болуп саналат. Элдердин ан-сезимине тассир этип аны  өзгөртмөйүнчө жаны иштерди, же реформаларды турмушка ашырууга  мүмкүн эмес.

Ийри-Суу айылдык Кеңештин  түзүлгөн 5 туруктуу комиссияларга, ар бир айылдардан тушунуктуу адамдардан өкүл кылып кошуп,аларды окутуу  иштери пландаштырылды.  Бул механизм гендердик проблеманы  эске алуу менен түзүлдү.

Мониторинг

 Ийри-Суу өкмөтүндө социалдык-экономикалык өнүгүүнүн стратегиялык планын турмушка ашырууну жана анын  аткарылышын көзөмөлдөө (мониторинг) жүргүзүүнүн  коомчулук,айылдык кенештин депуттатары,ОЭУ(өкмөттүк эмес уюмдар),көз карандысыз эксперттер жана инвестициялык проектилерди каржылаган донор уюмдар аркылуу ишке ашырылат. Донор уюмдар проектилердин аткарылышына баа берүүгө жана көзөмөл жүргүзүүгө укуктуу.

Ал үчүн проектилерди турмушка ашыруу максатында жүргүзүлгөн бардык операциялардын баштапкы финансылык документтери, отчеттору донор уюмдарга көрсөтүлөт.

Ийри-Суу  өз алдынча башкаруу органынын башчысы ар кандай проектилерди турмушка ашыруу учурунда, аларга  айтылган  каталарды сын-пикирлерди  эске алып, , аларды оңдоо  максатын көздөп,  проектилерге ар түрдүү  түзөтүүлөрдү жана оңдоолорду киргизет. Проектилер аяктаган сон (ишке киргизилгенден кийин ) алар жөнүндө толук отчетту жана баалону көз карандысыз эксперттердин жана донор уюмдардын кароосуна тапшырат.

мониторинг жүргүзүү окууту (семинар, тренинг) мезгилинде жүргүзүлүп   анкета толтурулат.

 

 Swot – анализ

 

Күчтүү жактары

Жагымдуу мумкунчулуктору 

1.      Айылдарда адам ресурстарынын коомго таасир этип жаткандыгы.

2.      Эл аралык уюмдар менен иштоо тажрыйбасынын барлыгы.

3.      Жамааттык уюмдардын  жана граждандык коомдордун үзгүлтүксүз иштеши.

4.      Айыл өкмөтундө «Жергиликтүү өнүктрүү фондунун» түзүлгөндүгү

5.      Социалдык-экономикалык мамилелерди чечүүдөгү элдердин активдүүлүгү.

6.      Совхоз мезгилиндеги жетектөөчү кадрлардын азыркы учурда активдүү иштеп жатышкандыгы

7.      Социалдык маселелер боюнча конфликтердин аздыгы.

8.      Аялдардын активдүү ишке киришип жатышы.

1.      Айыл-чарбасын жана мал чарбасын өнүктрүүгө шарт тузүлгөн.

2.      Эл-аралык уюмдар менен иштөөгө ынгайлуулук.

 

3.      Климаттык ынгайлуулук.

Жетишпестиктер

Жагымсыз абалдын күтүлүшү

1.      Айыл-чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканалардын жоктугу.

2.      Айыл-чарбы техникаларынын аздыгы.

3.      Авто жолдорунун ондолбогондугу

4.      Продукцияларды сатууда түз байланыштын жоктугу.

5.      Билим тармагында кадрлардын жетишпестиги

6.      Мектептерде окуу куралдарынын

     ( китептеринин )жетишпестиги

1.      Айылдагы жаштардын башка жактарга кетип калуусу.

2.      Айыл-чарба продукцияларынын кайра иштетилбей сатылышы.

3.      Минералдык жер семирткичтердин, күйүүчү майлардын келбей калышы же баасынын жогорулап кетүүсү.

4.      Электр энергиясынын үзгүлтүккө учурап берилиши.

5.      Айыл чарба жерлердин камыш, отоо чөп басуусу

 

Корутунду

 

 Ийри-Суу айыл өкмөтү өзүн-өзү  Башкаруу  иштерин жүргүзүү боюнча  ийгиликтүү иштерди жасап жатат, Реформаны турмушка ашырууда  алгылыктуу  иштерди жасады. Бул боюнча алгачкы  мезгилде  туш келген кыйынчылыктарды басып өттү, реформа жүргүзүүнүн ар кандай ыкмаларын изилдеп, социалдык-экономикалык кризистен чыгууда алгачкы жамааттык уюмдар менен биргеликте аракет этүүнүн механизмин жактырып, мунун натыйжасында акыркы үч жыл ичинде оозго аларлык ийгиликтерди жаратууга жетишилди.

    Реформаны ийгиликтүү турмушка ашырууда Донор мамлекеттердин, Эл аралык Уюмдардын жардамынан пайдаланууга жетишүү жана ички резервдерди потенциялдуу пайдаланууга мүмкүнчүлүк алып жатат. Жергиликтүү өз алдынча Башкаруу иштерин  турмушка ашырууда айыл башчылар  туура багыт алып жатышат, элдин деңгээлин көтөрүү  менен  аймакта социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыз кылууда.

     Бул багытта жетишилген ийгиликтер менен катар жетишпестиктер дагы байкалууда.  Жакырчылыкты толугу менен жоюу ишин  жүргүзүү максатында айыл өкмөтүнүн  алдында аткара турган иштери көп. Бул проблемаларды чечүүдө, элдин жыргалчылыгын, жакшы жашоосун камсыз кылууда  Ийри-Суу айыл өкмөтунүн өнүгүүсүнүн стратегиялык планы кошумча күч катары  таяныч  болоруна ишенич бар.  

 

 

Ийри-Суу  айыл өкмөтүнүн

     башчысы:                                                                                    С. Курманбеков.

 

 

 

 

( VII-  чакырылышынын)  кезексиз  VI- сессиясынын 

          Т О К Т О М У 

     Жийде айылы.                               №  27                                    30, ноябрь  2021 -жыл.

 

         Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн бюджеттине өзгөртүү  киргизүү  жөнүндө 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакрылышынын) кезексиз VI-сессиясынын күн тартибиндеги  Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн бюджеттине өзгөртүү  киргизүү  жөнүндөгү айыл өкмөт башчысынын сунушун  угуп жана талкуулап  Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат:

 

1.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын чыгаша бөлүгүндөгү бюджетинин сметасында каралган башкаруу тармагынын 2222-статыясынан 125,0 (бир жүз жыйырма беш мин) сом, башталгыч бөлүмүнөн 2232-статясынан 24,1 ( жыйырма төрт мин бир жүз ) сом,  ЖКХ тармагынын 2232 статьясынын 50,0 ( элүү мин ) сом, акча каражатын  ЖКХ тармагынын 2221-статыясына 200,0 (эки жүз мин)сом акча каражаты айылдардын ички жолдорун суу каптап бузулуп жатканына байланыштуу кайра калыбына келтирүү.Соц тармагынын 2721-статыясынын 37,6 ( отуз жети мин алты жүз)  сом акча каражатын билим берүү тармагынын 2215-статыясына 34,6 ( отуз төрт мин алты жүз ) сом,башкаруу тармагынын 2212-статыясына 2,1 (эким мин бир жүз) сом  акча каражаты жаш мугалимдерге жөлөк пул катары берүү жөнүндө акча каражаты жылдырылсын..

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет,салык,муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

3.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенешинин  Бюджет,салык,муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин

          төрагасы                                                                                               А.Кыргызбаев.

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык  Кеңешинин  ( VII-  чакырылышынын)  кезексиз  VI- сессиясынын

 

   Т О К Т О М У

     Жийде айылы.                                 № 28                                30, ноябрь 2021 -жыл.

 Ийри-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Корс- Этти айылына таза суу чыгаруу үчүн   суу кампасына жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө.

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакрылышынын) кезексиз VI-сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Корс- Этти айылына таза суу чыгаруу үчүн   суу кампасын курууга  жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн  сунушун  угуп жана талкуулап  Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат:

1.Ийри-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Корс- Этти айылына таза суу чыгаруу үчүн   суу кампасын курууга  Корс- Этти айылындагы  1005 контрунан 0,40 га  жер тилкеси бөлүнүп берилсин.

2.Жер тилкесин бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Мисиралиевке жүктөлсүн.

  1. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары Акмат уулу Эрмекке тапшырылсын.

.

 

Ийри-Суу айыл Кенешинин

       төрагасы                                                                                                   А.Кыргызбаев.

 

 

Ийри-Суу айылдык  Кеңешинин  ( VII-  чакырылышынын)  кезексиз  VI- сессиясынын 

   Т О К Т О М У

Жийде айылы.                                      № 29                                30, ноябрь 2021 -жыл.

 

 Ийри-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Жангакты айылына таза суу чыгаруу үчүн   суу кампасына жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө.

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакрылышынын) кезексиз VI-сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Жангакты  айылына таза суу чыгаруу үчүн   суу кампасын курууга  жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн  сунушун  угуп жана талкуулап  Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат:

1.Ийри-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Жангакты айылына таза суу чыгаруу үчүн   суу кампасын курууга  Жангакты айылындагы  1003 контрунан 0,40 га  жер тилкеси бөлүнүп берилсин.

2.Жер тилкесин бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Мисиралиевке жүктөлсүн.

 

  1. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары Акмат уулу Эрмекке тапшырылсын.

.

 

 

 

Ийри-Суу айыл Кенешинин

       төрагасы                                                                                                   А.Кыргызбаев.

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык  Кеңешинин  ( VII-  чакырылышынын)  кезексиз  VI- сессиясынын 

       Т О К Т О М У

 Жийде айылы.                                     № 30                                30, ноябрь 2021 -жыл.

 

 Ийри-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кыргызстан  айылына таштанды таштоого жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө.

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакрылышынын) кезексиз VI-сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кыргызстан айылына таштанды таштоого  жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн  сунушун  угуп жана талкуулап  Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат:

1.Ийри-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кыргызстан айылына таштанды таштоого   Кыргызстан  айылындагы  1006 контрунан 0,50 га  жер тилкеси бөлүнүп берилсин.

2.Жер тилкесин бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Мисиралиевке жүктөлсүн.

  1. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары Акмат уулу Эрмекке тапшырылсын.

 

 

Ийри-Суу айыл Кенешинин

       төрагасы                                                                                                   А.Кыргызбаев.

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын )  кезексиз  VII- сессиясынын

  Т О К Т О М У

 Жийде айылы                          № 31                                    17, январь  2022- жыл.

 

           Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2022- жылга жергиликтүү бюджетин                                             

бекитүү жөнүндө

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз VII-сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө айыл өкмөт башчысынын  сунушун  угуп жана талкуулап  Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат: 

1.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджети 8023500 (  сегиз миллион жыйырма үч мин беш жүз) сомго бекитилсин.

  1. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенешинин Бюджет,салык,муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Шайимкулова Чынарга милдеттендирилсин.

 

 

 

 

 Ийри-Суу айылдык Кеңешинин

            төрагасы                                                                              А.Кыргызбаев.

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын )  кезексиз  VII- сессиясынын

   Т О К Т О М У

 Жийде айылы                          № 32                                         17, январь  2022- жыл.

 

Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жарандардан келип түшкөн арыздарды канааттандыруу  жөнүндө.

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз VII-сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жарандардан Ийри-Суу айылдык Кенешине келип түшкөн арыздарды канааттандыруу  жөнүндө маселенип угуп жана талкуулап  Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат: 

1.Корс-Этти айылындагы мектептин артында жаны түшкөн айылга  турак жай куруу үчүн жер тилкеси трансформация болуп мыйзамдуу болгон мезгилден тартып Апилов Жээнбайдын ысымы ыйгарылсын. 

2.Токтошов Раимбектин  жашап жаткан үйүнүн тийиштүү иш кагаздары жок болгондугуна байланыштуу мыйзамдаштыруу үчүн токтом чыгарылсын жана  айылдын башкы планына киргизилсин. 

  1. Кыргызстан айылынын тургуну Масирова Убадаттын турак жай куруу үчүн арызында көрсөтүлгөн жер тилкеси айылдын башкы планына киргизилсин. 
  1. Корс-Этти айылынын тургуну Исманов Максаталинин кашаасынын ичиндеги жер тилкеси айылдын башкы планына киргизилсин. 
  1. Ак-Терек айылынын тургуну Кармышаков Абдыманаптын жашап жаткан үйүнө токтом чыгарылсын жана айылдын башкы планына киргизилсин. 
  1. Жийде айылынын тургуну Камчыбеков Гулнаранын жашап жаткан үйүнө токтом чыгарылсын жана айылдын башкы планына киргизилсин . 
  1. Жийде айылынын тургуну Мисиралиев Карыпбайдын жашап жаткан үйүнө жана айланасындагы 0.20 га жер аянтына токтом чыгарылсын жана айылдын башкы планына киргизилсин. 
  1. Кыргызстан айылынын тургуну Чабанов Уланбекке апасы Халматова Халиманын огортунун ичинен үй салууга жер бөлүнүп берилип токтом чыгарылсын, айылдын башкы планына киргизилсин . 
  1. Кыргызстан айылынын тургуну Раимбердиев Сейитбектин жашап жаткан үйүнө токтом чыгарылсын жана айылдын башкы планына киргизилсин. 
  1. Ак-Терек айылынын тургуну Барманкулов Урматбекке өзү пайдаланып жүргөн кашаасынын ичинен үй салууга 0,08 га жер тилкесине токтом чыгарылсын жана айылдын башкы планына киргизилсин. 

11.Жийде айылынын тургуну Мамырова Алинага мурун түзөп коюлган жерден  үй салууга 0.08 га жер тилкесине токтом чыгарылсын. 

12.Топчубаев Камчыбектин арызынын негизинде мурунку Мин-Өрүк кооперативинин элдик жыйынынын( 05.07.2021-ж) токтому канааттандырылып Топчубаев Камчыбекке курулуштун ордунан 0,054 га, алды жагынан 0.06 га   жана  курулуштун арт жагынан  0,042 га жалпы аянты 0.15 га убактылуу пайдаланууга токтом чыгарылсын. 

  1. Жийде айылынын тургуну Барманкулов Айдарбекке Кара-Бет участкасынан пайдаланылбай жаткан жерден 1 га жер аянты бак-дарак эгип өздөштрүүгө убактылуу пайдаланууга берилсин. 

14.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Мисиралиевке жүктөлсүн. 

  1. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары Акмат уулу Эрмекке тапшырылсын.

.

 

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин

      төрагасы                                                                                           А.Кыргызбаев.

 

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын )  кезексиз  VIII- сессиясынын  

Т О К Т О М У

 Жийде айылы                          № 33                                         01, февраль  2022- жыл. 

Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2021- жылда аткарган иштеринин жыйынтыгынын отчетун  угуу жөнүндө.

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз VIII -сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2021- жылда аткарган иштеринин жыйынтыгын  угуп жана талкуулап  Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат,

 

1.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2021- жылдагы аткарган иштери алымча кошумчасы менен канааттандырарлык деп табылсын.

2.Баяндамадагы бекитилген айрым кемчилдиктерди жоюу жана аны аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына жана айыл өкмөтүнүн  башкы эсепчисине  милдеттендирилсин.

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары Акмат уулу Эрмекке тапшырылсын.

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин

      төрагасы                                                                                   А.Кыргызбаев.

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын )  кезексиз  VIII- сессиясынын

   Т О К Т О М У

 Жийде айылы                          № 34                                         01, февраль  2022- жыл. 

Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бир жылдык чыгымдарынын долбоорун бекитүү жөнүндө.

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз VIII -сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бир жылдык чыгымдарынын долбоорун бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуула  Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат,

 

1.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2022- жылдагы кирешеси 4960500( төрт миллион тогуз жүз алтымыш мин  беш жүз) сомго жана чыгашасы 825000 ( сегиз миллион эки жүз элүү мин ) сомго бекитилсин.

2.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенешинин  Бюджет,салык,муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Шайимкулова Чынарга милдеттендирилсин.

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин

      төрагасы                                                                                         А.Кыргызбаев.

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын )  кезексиз  VIII- сессиясынын

   Т О К Т О М У

 Жийде айылы                          № 35                                         01, февраль  2022- жыл.

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин 2022-жыл үчүн иш- планын бекитүү жөнүндө.

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз VIII -сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айылдык Кенешинин 2022-жыл үчүн иш- планын  угуп жана талкуулап  Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат: 

  1. Ийри-Суу айылдык Кенешинин 2022-жыл үчүн иш- планы алымча кошумчасы менен кабыл алынсын.

2.Токтомдун аткарылышын айылдык Кенештин туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.

3.Токтомго жалпы көзөмөл жүргүзүү жагы айылдык Кенештин төрагасынын орун басары Акмат уулу Эрмекке тапшырылсын.

 

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин

төрагасы                                                                                   А.Кыргызбаев.

 

 

 

                                                                                                            Ийри-Суу  айылдык Кеңешинин

                                                                                                              VII-чакырылышындагы кезексиз

                                                                                                             VIII - сессиясынын 2022-жылдын 

                                                                                                            01-февралындагы  №  35  токтомуна 

                                                                                                             Тиркеме

 

                  Ийри-Суу айылдык Кенешинин 2022- жыл үчүн түзүлгөн иш –планы.

 

Каралуучу иштер

Аткаруу мөөнөтү

Аткарууга жооптуулар

 

1

Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2022- жылга бюджеттин бекитүү

Январь

Туруктуу комиссия,

башкы эсепчи

2

Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн  2022-жылга чыгашасынын долбоорун бекитүү

I-квартал

Туруктуу комиссия,

башкы эсепчи

 

3

Айылдык Кенешинин 2022- жылга иш планын бекитүү

I-квартал

 Туруктуу комиссия

 

4

Элден түшкөн арыздарды кароо

I-квартал, өз мөөнөтүндө

Туруктуу комиссия

 

5

Айылдык кенешинин туруктуу комиссияларынын иш- планын бекитүү

II-квартал

Айылдык Кенеши

 

6

Айыл өкмөтүнүн иш –планын бекитүү

I-квартал

Айылдык Кенеши

7

Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жашаган элдердин ичүүчү таза суу менен камсыз болушунун абалы жөнүндө

 

II-квартал

Айыл башчылар, туруктуу комиссия

8

КБФ жерлеринин ижарага берилишинин абалы жөнүндө

I-IIквартал

 Туруктуу комиссия

 

9

Айыл өкмөтүнүн  алты ай ичинде аткарган иши жана 2022- жылга карата бекитилген бюджетинин аткарылышы боюнча

III- квартал

Бөлүм башчы

 

 

10

Элден түшкөн арыздарды кароо

 

III- квартал, өз мөөнөтү менен

 Айылдык Кенеши

 

11

ҮБДТ, ФАП, Байланыш  бөлүмүнүн 2022- жылдын 9 ай ичинде аткарган иштеринин абалы жөнүндө.

III- квартал

Соц адис, туруктуу комиссия

12

Жайыт комитетинин 2022- жылдагы аткарган иши жөнүндө

III- квартал

Туруктуу комиссия

13

Кышка карата даярдыктар боюнча

IV- квартал

Бөлүм башчы

14

Айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын айыл башчыларынын аткарып жаткан иштери жөнүндө

IV- квартал

Айыл башчылар, туруктуу комиссия

15

Элден түшкөн арыздарды кароо

IV- квартал, өз мөөнөтү менен

Айылдык Кенеши

16

Участкалык инспектор жана жаш өспрүмдөр менен иштөө инспекциясынын иштери жөнүндө

IV- квартал

Аймактык инспектор, туруктуу комиссия

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин  төрагасы                                           А. Кыргызбсев.

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын )  кезексиз  VIII- сессиясынын

   Т О К Т О М У

 Жийде айылы                          № 36                                         01, февраль  2022- жыл. 

Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн  2022-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата   иш- планын бекитүү жөнүндө.

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз VIII -сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн  2022-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата   иш- планын   угуп жана талкуулап  Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат:

 

  1. Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата түзүлгөн иш- планы алымча кошумчасы менен кабыл алынсын. 

2.Токтомдун аткарылышын аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары    А. Исмаиловго милдеттендирилсин.

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин

      төрагасы                                                                                           А.Кыргызбаев.

 

 

 

 

 

 

                                                                                                             Ийри-Суу  айылдык Кеңешинин

                                                                                                          VII-чакырылышындагы кезексиз

                                                                                                            VIII - сессиясынын 2022-жылдын 

                                                                                                            01-февралындагы  №  36  токтомуна 

                                                                                                             Тиркеме

 

Ийри-Суу  айыл  өкмөтүнүн 2022-жылдын  I – жарым жылдыгына карата түзүлгөн иш- планы

                                                

  №

  Аткарылуучу иш – чаралар

 Аткаруу мөөнөтү

Аткарууга жооптуулар

 

1.  Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аппараттык кенешмесинде каралуучу  маселелер

1

  Ийри-Суу айыл  өкмөтүнүн  социалдык- экономикалык өнүгүүсүнүн 2021- жылдын жыйынтыгы жана 2022- жылга карата милдеттери

 Январь

Г. Абдыразакова

М. Икрамов                 А. Айтиев

 

2

Айыл өкмөтүнүн  аймагындагы  өзгөчө  кырдаалдардын  алдын-алуу  жана  кесепеттерин  жоюу  боюнча

Февраль

Айыл  чарба  тармагы

А. Исмаилов

Айыл  башчылар

3

Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн  аймагындагы Билим берүү мектептеринде “ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош Облусундагы ыйгарым укуктуу  өкүлүнүн 2018- жылдын 19- июнундагы “ Кыргыз Республикасынын “ Билим берүү жөнүндө”жана “ Окуучулардын ысык тамак менен камсыз кылуу жөнүндөгү” мыйзамынын аткарылышы жөнүндө” № 14-к токтомун турмушка ашыруу жөнүндө аткарып жаткан иштери жөнүндө

Февраль

Орун басар

Соц. адис

4

2022- жылдын түшүмү үчүн жазгы талаа жумуштарына даярдыктарды көрүү боюнча айыл өкмөтүнүн жер адисинин жүргүзүп  жаткан иштери жөнүндө

Март

Айыл  чарба  тармагы

Жер адис

Айыл  башчылар

5

Айылдык  участкалык  инспекторлордун жүргүзүп  жаткан  иштери  боюнча

Март

Соц. адис

6

Айыл өкмөтүнүн электрондук башкаруу боюнча  аткарылып  жаткан иш-аракеттери

Июнь

Айыл өкмөтү

7

 

Айыл аймагындагы  турмуштук оор кырдаалга кабылган үй- бүлөөлөрдүн жана балдардын абалын жакшыртуу жана калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө

Дайыма

Соц адис

 

8

Айыл өкмөтүнүн  аймагында  жөлөк  пул  алуучулар  боюнча  аткарылып жаткан  иштер жөнүндө

Дайыма

Социалдык  тармагы

9

Айыл  аймактарда  айлана  чөйрөнү  жашылдандыруу- көрктөндүрүү  боюнча

Март

Айыл  чарба  тармагы

Жер адис

Айыл  башчылар

10

Дин боюнча  иш-аракеттер  жөнүндө

дайыма

Социалдык  тармагы

 

11

 Кылкандуу дан эгиндерин оруп  жыйноо  боюнча

Июнь

Айыл чарба тармагы жер адис

 

1.       Уюштуруу  жана  практикалык  иш-  чаралар

1

Жогорку органдардан келген токтом, буйруктардын  жана жарандардын кайрылууларын кароодогу аткаруучулук тартиби боюнча

Дайыма

  Г. Абдыразакова

2

Жергиликтүү  бюджеттин прогноздук  көрсөткүчтөрүнүн  аткарылышын  көзөмөлгө  алуу

Дайыма

Айыл өкмөт

3

Айыл өкмөтүнүн  бюджетине салыктардан жана  жыйымдардын  чогулушуна  мониторинг  жүргүзүү

Ай  сайын

  ФЭБ  башчысы

4

Жаш өспрүмдөр арасында  кылмыштуулукту, социалдык ооруларды алдын алуу боюнча  иш –чараларды  өткөрүү

Дайыма

Соц адис.

Соц педагогтор

5

Жашы  жете  элек  өспүрүмдөрдүн  укук бузууларын  алдын алуу  боюнча  рейддерди  өткөрүү

График боюнча

Соц. адис

6

Улуу  Ата- Мекендик  согуштагы  Жеништин 77 жылдыгын  майрамдоо  боюнча

Май 

Соц. адис

7

 

 Балдардын  жайкы  эс  алуусун  уюштуруу

июнь

Соц. адис

8

Каада  салт  боюнча  иш алып баруу

дайыма

Айыл башчылар, аялдар  кенеши, аксакалдар кенешинин төрагасы

9

 

Гендердик  тенчилик  боюнча

Квартал  боюнча

Соц. адис

10

КААБ боюнча

Квартал  боюнча

КААБ  башчысы

11

Этика боюнча

дайыма

Комиссия курамы

12

Айыл өкмөтүнүн  башчысы эл  менен  жолугушуусу боюнча

Квартал  боюнча

Айыл өкмөтү

13

 

Вет адистин аткарып жаткан ишин көзөмөлдөө

Дайыма

Айыл өкмөтү

14

Этностор аралык мамилелерди  чындоо  боюнча

 

Квартал  боюнча

Айыл өкмөтү

15

Салыктардын аткарылышы боюнча

 

дайыма

Б. Тилебаев

16

Айыл аймагында кърнък жарнактардын абалын көзөмөлдөө

Дайыма

Орун басар

17

Айыл башчылардын аткарып жаткан иштерин көзөмөлдөө

Дайыма

Г. Абдыразакова

 

 

 

 Жоопту  катчы:-                                                     Г. Абдыразакова .

 

 

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII- чакырылышынын )  кезексиз  VIII- сессиясынын

   Т О К Т О М У

 Жийде айылы                          № 37                                         01, февраль  2022- жыл. 

Айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба багытындагы эмес жерлерге  1,2 коэффициент белгилөө жөнүндө.

 

Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз VIII -сессиясынын күн тартибиндеги Айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба багытындагы эмес жерлерге 1,2 коэффициент чегерүүнү угуп жана талкуулап  Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат: 

1.Айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба багытындагы эмес жерлерге салык чегерүүгө 1,2 коэффициент бекитилсин.

2.Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башкы салыкчысы Тиллебаев Бакирга милдеттендирилсин.

3.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенешинин  Бюджет,салык,муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Шайимкулова Чынарга милдеттендирилсин.

 

 

 

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин  төрагасы                                                                                   А.Кыргызбаев.

 

 

 

p class=params-