Жазы айылдык кеңешинин VII  чакырылышынын  биринчи уюштуруу сессиясынын                                 

                                                           ТОКТОМУ

 

12.05.2021-жыл                             №   1/1                      Кара-Дыйкан айылы

 

Жазы айылдык кеңешинин  төрагасын шайлоо жөнүндө 

 

    Жазы айылдык кеңешинин  биринчи уюштуруу  сессиясы  эсептөө комиссиясынын 2021-жылдын 12 майындагы  №2 протоколунун негизинде, “Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу  жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын  Мыйзамынын  29-беренесине ылайык 

 

                                       Т О К Т О М   К Ы Л А Т 

1.Жазы айылдык кеңешинин төрагасы болуп  1962-жылы  туулган, улуту кыргыз,билими атайын орто, жеке чарбанын башчысы  Камчибеков Колдош Абдулатович  шайлансын. 

 

 

Төраганын орун басары                                                                       Э.Амракулова

 

 

                                   

  

Жазы айылдык кеңешинин VII  чакырылышынын  биринчи уюштуруу сессиясынын

                                 

                                                           ТОКТОМУ

 

12.05.2021-жыл                             №   1/2                      Кара-Дыйкан айылы

 

          Жазы айылдык кеңешинин төрагасынын  орун басарын шайлоо жөнүндө 

 

“Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу  жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын  Мыйзамынын 29 беренесине  ылайык Жазы айылдык кеңеши 

                                Т О К Т О М           К Ы Л А Т 

  1. Жазы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары  болуп 1969-жылы туулган, улуту кыргыз, билими жогорку  өзгөн райондук  борбордук ооруканасынын  травматология  бөлүмүнүн   мед. айымы Амракулова Эльвира Тайтокуровна шайлансын.

 

 

 

   Төрага                                                                                                        К.Камчибеков

 

 

 

                                                         

  

Жазы айылдык кеңешинин VII  чакырылышынын  кезектеги биринчи уюштуруу сессиясынын                                 

                                                           ТОКТОМУ

 

        12.05.2021-жыл                             №   1/3                      Кара-Дыйкан айылы

                                      

   Жазы айылдык кенешинин Регламентин иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүү  жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнундөгү” Мыйзамынын  28-беренесинин негизинде  Жазы айылдык кеңеши 

                          Т О К Т О М    К Ы Л А Т 

  1. Жазы айылдык кеңешинин Регламентин иштеп чыгуу үчүн төмөндөгудөй курамдагы  жумушчу топ түзүсүн: 

    1.Амракулова Э.Т. – топтун башчысы

    2.Касымалиев.Т.Т. – топтун мүчөсү

    3.Каракозуев.П.Н.- топтун мүчөсү

    4.Жолоев.А.И. – топтун мүчөсү

  1. Насердинова.Ж.- топтун катчысы

 

2.Жумушчу топко Регламенттин долбоорун  айылдык кенештин кийинки кезектеги  сессиясына чейин  иштеп чыгуу жагы  сунушуталсын.

 

 

 

Торага                                                                                                              К.Камчибеков

 

 

                                                 

                                          

  

Жазы айылдык кеңешинин VII  чакырылышынын кезектеги экинчи  сессиясынын

                                                         ТОКТОМУ

 

02.06.2021-жыл                              №   2/ 4                                        Кара-Дыйкан айылы

 

Жазы айылдык кеңешинин  туруктуу  комиссияларынын  курамын жана төрагаларын бекитүү жөнүндө

 

 

жогорудагы  маселелерди угуп  жана талкуулап  Жазы айылдык кеңешинин  экинчи сессиясы “Жергиликтүү  өз алдынча  башкаруу жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын  Мыйзамынын  32-беренесине ылайык

 

 

                                    Т О К Т О М      К Ы Л А Т

 

1.Жазы айылдык кеңештин төмөндөгү  аталыштагы  туруктуу комиссиялары  бекитилсин:

  

    1.Бюджет, бюджет, экономика, муниципалдык  менчик боюнча  туруктуу комиссиясы .

  1. Айыл чарба,энергетика, курулуш, транспорт жана байланыш боюнча  туруктуу комиссиясы.
  2. Социалдык маселелер. Саламаттыкты сактоо, билим берүү, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясы.
  3. Депутаттык этика. Регламент, мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясы.
  4. Жаштар саясаты, спорт, маданият боюнча туруктуу комиссиясысы.

 

  1. Бекитилген туруктуу комиссиялардын курамына төмөндөгү  депутаттар шайланды деп табылсын.

 

  1.Бюджет,экономика,муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын   курамы

       

  1. Шерматов Медербек – төрага
  2. Акматов Жапарали 
  3. Дикамбаева Бурулкан
  4. Абдурашитов Сүйүн
  5. Медербек уулу Максат
  6. Айыл чарба, энергетика, курулуш, байланыш трпанспорт жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын курамына
  7. Касымалиев Турсунали- төрага
  8. Исаков Азамат
  9. Жолоев Аватбек
  10. Чотобаев Дамирбек

 

  1. Социалдык маселелер, саламаттыкты сактоо, билим берүү, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясынын курамына

1.Насирдинова Жазгүл - төрайым

2.Уметбаева Кумурахан

  1. Жакыпова Айнура
  2. тургумбаева Сайрагүл
  3. Депутаттык этика, регламент мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо жана диний иштери боюнча туруктуу комиссиясынын курамына

 

  1. Токсобаев Арапбай - төрага
  2. Каракозуев Пратали
  3. Абжапарова Гульзат

 

5.Жаштар саясаты,  спорт, маданият боюнча туруктуу комиссиясынын курамы

 

  1. Айдаров Нурбек -төрага
  2. Станбаев Уланбек
  3. Кулмаматова Гүлнара

 

 

    Төрага                                                                                               К.Камчибеков

 

 

                                

 

 

 

 

                                             

  

Жазы айылдык кеңешинин VII  чакырылышынын кезектеги экинчи   сессиясынын

                                                         ТОКТОМУ

 

02.06.2021-жыл                              №   2/ 5                                      Кара-Дыйкан айылы 

 

 

Жазы айылдык кеңештин  Регламентин бекитүү жөнүндө 

“Жергиликтүү  өзүн өзү  башкаруу жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  28-беренесинне  ылайык Жазы айылдык кеңешинин кезектеги  сессиясы 

                            Т О К Т О М    К Ы Л А Т

 

  1. Жазы айылдык кеңешинин регламенти №1 тиркемеге ылайык бекитилсин. 
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  депутаттык этика,регламент, мыйзамдуулук, укук-тартибин чыңдоо  жана дин иштери боюнча  туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

 

 

 

 

Төрага                                                                                                          К.Камчибеков.

 

 

 

 

 

 

 

                                                

 

 

Жазы айылдык кеңешинин 02-июнь   2021-жылдагы  № 2/5 токтому менен бекитилген

 

    ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН РЕГЛАМЕНТИ

 

  1. Жалпы жоболор

 

   1.1.Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Мыйзамдарына ылайык  айылдык кенеш(мындан ары -кеңеш) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун  өкүлчүлүктүү  органы  болуп саналат.

 Жазы айылдык кенешинин  туруктуу жайгашкан жери Кара- Дыйкан айылы  болуп саналат жана курамы 4-жылдык мөонөткө шайланган  21 депутаттан турат.

Зарыл учурларда  төраганын чечими жана  туруктуу комиссиялардын  сунушу боюнча  кеңештин  сессиялары (жыйналыштарды) башка жерде өткөрүлсө.

   Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын  Конституциясын, Кыргыз  Республикасынын  колдонуудагы  Мыйзамдарын,жергиликтүү жамаатынын Уставын, ошондой эле ушул Регламентти жетекчиликке алат.

     1.2.  Кенештин  ыйгарым укуктары болуп төмөнкүлөрсаналат:

  • Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөо;
  • Жергиликтүү бюджетти жана аны аткаруу жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджетти аткаруунун жүрүшү жана бюджеттен тышкары фондду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу;
  • Айыл өкмөттүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетко канаатандыраарлык эмес деген баа берилген учурда , айылдык кеңеш айыл өкмөттүн, анын  айрым мүчөлөрүнүн  жана башка кызмат адамдарынын  жоопкерчилиги жөнүндө маселени карайт
  • аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү  жана калкты  социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү жана аткарылышына контролдук кылуу;
  • жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү.ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында каралган учурларда  алар боюнча ставкаларды белгилөө;
  • жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин, анын ичинде муниципалдык менчик обьекттерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен пайдалануунун жана тескөө тартибин белгилөө, муниципалдык менчикти пайдаланууга контролдук кылуу;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү аткаруучу- тескөөчү органынын  иши жөнүндө ишин угуу;
  • мыйзамда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөонөтүнөн мурда токтотуу;
  • депутаттардын жалпы санынын  көпчүлүк добушу  менен айыл өкмөтүнүн  айыл өкмөтүнүн башчысына ишеним көрсөтпөө;
  • Жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;
  • Кенештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо жана кызмат ордунан бошотуу, кеңештин төрагасынын  Кыргыз РеспубликасынынМыйзамдарына  карама каршы келбеген чечимдерин жокко чыгаруу;
  • Кеңештин регламентин кабыл алуу;
  • Өз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу;
  • Өкмөт тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун  аткаруу органынын  түзүмүн жана  жана штаттык эсебин бекитүү;
  • Муздак сууну, канализацияны пайдалануу үчүн , ошондой эле катууу тиричилик калдыктарын чогултуу, ташып кетүү жана жок кылуу үчүн тарифтерди Кыргыз Республикасынын  Мыйзамдарына ылайык бекитүү;
  • Алкоголдук ичимдиктерди тамеки буюмдарын сатуунун, ырым-жырымдарды өткөрүүгө кыйуу салынганга чейин чектөолөрдү аныктоо;
  • Ирригациялык тармактарды, үйдөгү жана үй жанындагы участкаларды күтүүнүн тартибин аныктоо;
  • Жергиликтүү жамааттын Уставына жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык башка маселелерди да чечүү.

        1.3.Кеңеш өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга  киришүү менен  бир айлык  мөөнөттө  кеңештин төрагасы, төраганын орун басары жана түзүмү жөнүндө чечим кабыл алат.

                            

                              2.Айылдык кеңештин ишин уюштуруу 

 

  • Кеңештин иши келечектүү (жылдык) жана учурдагы (кварталдык) пландардын негизинде түзүлөт.

Пландын долбоорун депутаттардын сунушу боюнча  кеңештин аппараты  же тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу –тескөөчү органы түзөт жана кеңештин төрагасы  кеңештин бекитүүсүнө сунуштайт.

  • Кеңештин сессиялары кварталда кеминде  1 жолу  кеңеш белгилеген күндө жана саатта өтөт.
  • Кеңеш күн тартибиндеги маселелердин мазмуунун ж.б. жагдайларга карата көчмө сессияларды  откөрө алат.
  • Кенешти чакыруу убактысы , сессиянын өткөрүү орду жана карап чыгууга  киргизилүүчү маселелер  жөнундө кеңештин төрагасы  же катчысы сессияга чейин  эки күндөн кечиктирбестендепутаттарга кабарлайт жана калкка жеткирет.

Чечимдердин долбоорлору  жана талкууланып жаткан  маселелерге  башка материалдар сессияга  чейин  1 күндөн кечиктирбестен  депутаттарга  жекече берилет.

  • Кеңештин кезексиз сессиялары кеңештин төрагасы тарабынан  өз демилгеси  боюнча , туруктуу комиссиялардын  демилгеси боюнча  же шайланган депутаттардын санынын кеминде  үчтөн бир бөлүгунүн  сунушу боюнча  чакырылат.Кезексиз сессия  аны чакыруу боюнча  сунуш алынган учурдан тартып  7 кундөн  кечиктирилбестен  өткөрүлүүго тийиш.

Кезексиз сессияны чакыруу  жөнүндө сунушт күн тартибине киргизүүгө сунуш  алынган маселелерди көрсөтүү жанаи кезексиз сессиянынын зарылчылыгын  негиздөо менен  жазуу жүзундө кеңештин төрагасына жөнөтүлөт.

  • Кеңештин сессиясына пландан тышкары маселелерди  бекитилген  иш планына ылайык  аларды даярдоо үчүн жоопкерчилик жүктөлгөн адамдар даярдайт.

Кеңештин сессиясына  пландан тышкары маселелерди аларды киргизүунун демилгечилери даярдайт.

  • Кенештин чечими боюнча же кенештин төрагасынын буйругу  боюнча кеңештин компетенциясына кирген маселелерди даярдоо үчүн  депутаттардын, адистердин, ошондой эле жарандар менен  коомдук уюмдардын өкүлдөрүнун  ичинен  жумушчу комиссиялар(топтор) түзүлүшү мүмкүн.
  • Кезектеги сессиянын күн тартибине киргизүү сунуш кылынган маселелер боюнча материалдар(чечимдердин долбоорлору, суроо талапьар, кайрылуулар жана башкалар) сессияга чейин 5 күндөн кечиктирбестен кеңештин катчысына(маселени аталышы, маселени талкуулоо зарылчылыгы,  убактысы менен) жазуу жүзүндө  берилүүго тийиш.Андай болбогон учурда масле кийинки жыйналышка которулат.
  • Кенештин кароосуна сунушталган чечимдердин  долбоорлору төмөнкүдөй болууга тийиш:
  • Аткаруучуларды, аткаруу мөонөтүн, финансылоо булагын, ошондой эле чечимдер күчүнө кире турган убакытты көрсөтүүгө;
  • Таламдаш уюмдар, өз алдынча башкаруунун аймактык органдарынын  тиешелүү  бөлүмдөрү менен, ал эми зарылчылык болгон учурда – тиешелүү мамлекеттик  бийлик органдары  менен макулдашылууга.Эгерде  тиешелүү макулдашуулар чечимдин чечимдин долбоору сунуш кылынгандан  кийин эки жуманын ичинде берилбесе, кеңеш маселени аларсыз кароого укуктуу;
  • Бул маселе боюнча мурдагы чечимдерди эске алууга  жана кабыл алынган  чечимдерди  алып салуу же  өзгөртүү боюнча сунуштарды камтууга;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келе тургандыгы  жөнүндө юридикалык кортундусу болууга.
    • Белгиленген маселе боюнча талкуулоо үчүн  чакырылгандардын тизмесин  сунушу маселени Кенештин жыйналышына коюуга негиз негиз болгон  адам даярдайт.

Кеңештин жыйналышына чакырылган адамдар  маселени талкуулонун  убактысы жана орду жөнүндө кеңештин(жериликтүү  өз алдынча башкаруунун  аткаруучу-иескөочү органын) аппаратынын кызматкерлери тарабынан күн мурунтан кабарландырылат.

 

                 3.Кеңештин сессиялары, депутаттык угуулар

                                       (“депутаттык саат”, депутаттык күн) 

3.1.                Кеңештин сессиялары (жыйналыш)  кенештин шайланган депутаттарынын

           жалпы санынын кеминде жарымы катышса, укук ченемдүү болот.Айылдык кеңеш,

           эгерде мыйзамда башка каралбаса , айылдык кенештин депутаттарынын  жалпы 

           санынын көпчүлүк  добушу менен чечим кабыл алууга укуктуу. 

                     Кеңештин депутаттары  кеңештин сессияларына катышууга милдеттүү.

           Сессияларга катышууну  эске алууну  кеңештин катчысы(мындан ары катчы) уюштурат.Депутат кезектеги сессиянын башталган убактысынан жарым саат(30 миунут) кечигип келсе, келбеди деп эсептелинет(жүйөөлүү себеп менен кармалып жаткандыгын төагага же катчыга билдирбеген учурда).

           Жыйналышка келүү мүмкүнчүлүгү болбогон учурда  кеңештин депутаты  бул жөнундө кенештин катчысына күн мурунтан  себеби жөнүндө  билдирүүгө тийиш.

  • Катары менен төрт жолудан ашык айылдык сессияларына жүйөөлүү себепсиз(жүйөөлүү себеп болуп: оору, өргүү, иш сапар, жакын тууганы каза болсо, же кырсыкка учураган саналат) дайыма катышпагандыгы үчүн, ошондой эле  айылдык кеңештин чечимдерин жана тапшырмаларын аткарбагандыгы  үчүн  аылдык кеңештин  депутаттары алардын  жалпы санын көпчүлүк добушу менен Жазы айылдык кеңешинин депутатын чакыртып алуу жөнүндө маселени козгоого укуктуу.Депутаттычакырып алуу тартиби  Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
  • Кеңештин сессиялары коомчулук үчүн ачык болуп саналат.
  • Кеңештин чечими боюнча жабыкм жыйналыштар өткөрүлүшү мүкүн.
  • Кеңештин сессияларын- кеңештин торагасы, ал эми ал жокто кеңештин төрагасынын орун басары алып барат.
  • Кеңештин сессиясында добуш берүү кол көтөрүү менен жүргүзүлөт, кеңеш зарыл деп эсептеген учурларда добуш берүү башкача ыкма менен жүргүзүлүшү мүмкүн.

Добуш берүүнүн натыйжалары (Кеңештин депутаттарынын фамилияларын, жактап,каршы добуш бергендерди, калыс калгандарды көрсөтүү менен) протоколго киргизилет.

еДобуш берүү аяктагандан кийин жасалган эрк билдирүүгө эч кандай түзөтүүлөр  кабыл алынбайт.Добуш берүү учурунда жок болгон депутат  оз добушун кийин берүүго укуксуз.

 

  • Кеңеш ар бир сессияда кеңештин сессияга катышып отурган депутаттарынын санынын көпчулүк добушу менен  күн тартибин  жана иштөо тартибин кабыл алат.
  • Өзгөчө гана учурларда күн тартибине кеңештин чечими боюнча кеңештин сессиясында түздөн-түз коюлуучу маселелер киргизилиши мүмкун.

Сессиянын күн тартибине кошумча киргизүү жөнүндө  чечим ар бир  сунуш боюнча добуш берүү менен кеңештин жыйналышка  катышып олтурган депутаттарынын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

  • Кеңеш сессиянын күн тартибин бекиткенден кийин талкуулоо  күн тартибинде бекитилген тартип боюнча жүрөт. Кун тартибинин маселелерин маселелерин талкуулоо тартибинде өзгөртүүлөр кеңештин чечими боюнча жүргүзүлөт.
  • Тигил же бул себептерден улам бул сессияда каралбаган маселелер кеңештин кийинки сессиясында калууга тийиш.
  • Сессиянын жыйналыштарында докладдар үчүн убакыт, эреже катары 10 мүнөткө чейин, тең докладдар үчүн 5 мунөткө чейин берилет.Жарыш сөзгө  чыккандарга  5 мүнөткө чейин, талапкелер, алып баруу тартиби, добуш берүү жүйөөлөрү  боюнча  сөз сүйлөө үчүн, арыздар, маселелер, сунуштар, билдирүүлор үчүн з мүнөткө чейин.

    Депутаттардын көпчүлүгүн макулдугу  менен сессияда  төрагалык кылуучу  доклад же  сөз сүйлөө үчүн убакытты узарта алат.

  • Депутат сессиянын бир жыйналышында бир эле маселе боюнча  эки жолудан  ашык эмес, ал эми жыйналышка катышып отурган депутаттардын көпчүлүгүнүн  макулдугу менен андан ашык сөз сүйлөй алат.
  • Эгерде сөз сүйлөп жаткан адам  талкууланып жаткан маселеден  темадан алыстаса, төрагалык кылуучу  аны талкууланып жаткан маселеден алыстабоого чакыра алат.

   Эгерде сөз сүйлөп жаткан адам сөз сүйлөө үчүн ага берилген убакыттан ашып кетсе же талкууланбаган маселе боюнча сүйлөсө, төрагалык кылуучу экинчи жолу эскерткенден кийин  аны сөз сүйлөодөн ажыратат.

  • Депутат болуп саналбаган адам тартипти одоно бузган учурда  төраганын буйругу боюнча кеңештин сессияларынын  жыйналыш залынан  чыгарылышы мүмкүн .
  • Сессиянын жыйналышынын протоколу кенештин катышып олтурган  депутаттарынын  жана сессияга чакырылып, катышпагандыгынын себептерин көрсөтүү менен жок депутатарынын фамилияларын, угуулардын предметинин маңызы боюнча маалыматтарды жана алар боюнча кабыл алынган  чечимдерди камтууга тийиш.

Протоколду  жүргүзүп жаткан кенештин катчысы кеңештин сессиясынын  жыйналыштары жөнундө кыскача жана маңызы боюнча жазуу жазат.

  Эгерде сессиянын  жыйналышынан кийин эки күндүн ичинде кенештин депутаттары  жазуунун манызына каршы пикир билдирбесе, протоколго сессияда төрагалык кылган кол коет.

  • Кеңештин сессиялары, каралган маселелер жана кабыл алынган чечимдер жөнүндо жергиликтүү кенештин аппараты жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүүлөрдү берет.
  • Кенештин төрагасы тарабынан өз демилгеси боюнча, туруктуу комиссиялардын демилгеси боюнча  же шайланган депутаттардын санынын кеминде  үчтөн бир  бөлүгүнүн  сунушу боюнча  өздөрүнүн  караштуулугндагы  маселелер боюнча  депутаттык угууларды(“депутаттык саат”, депутаттык күн) демилгелешет жана өткөрүшөт.

    Депутаттык угууларда  (“депутаттык саат”, депутаттык күн) кеңештин  карамагына кирген маселелер боюнча жана Жазы айылдык кенешинин  кабыл алган  чечимдеринин аткарылышы , башка маселелер талкууланат.

           Депутаттык угууларга чакырылган адамдар кенештин жыйналышына  келүүгө милдеттүү. Депутаттык угуулардын  жыйынтыктары боюнча  угууларга катышкан жепутаттардын добушунун  көпчүлүгу менен  талкууланган  маселе боюнча  сунуштамалар кабыл алынат.

          Депутаттык угуулар  кыскача жана манызы боюнча стенограммаланат жана ага төага кол коет.

  • Айылдык кеңештин сессиясы төрагалык кылуучу тарабынан  мамлекеттик  тилде (зарылдык болсо расмий тилде) алып барылат.

Депутат, ошондой эле  чакырылган адамдар айылдык кеңештин сессиясында, депутаттык угууларда расмий тилде сүйлөогө укуктуу

 Чет  мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын, ошондой эле мамлекеттик жана расмий тилдерди билбеген өкулдөрү,  чет өлкөлүк жарандар чет тилде  сүйлөөгө укуктуу,     алар мамлекеттик жана расмий тилдерге которуу менен камсыз кылынат.

  • Сессияга алкоголдук ичимдиктерди ичип келип катышууга тыюу    ти и салынат.

                         4.Кеңештин  чечимдери

 

4.1 Сессиядакаралган маселелер  боюнча    кеңеш чечим кылат .Кеңештин чечимдери  сессияда ачык, анын ичинде атын атоо  же жашыруун добуш берүү  менен  кабыл алынат.

4.2.  Кеңештин чечимдери сессияда  талкуулангандан кийин  кеңештин  сессияга катышып  жаткан  депутаттарынын  санынын жөнөкөй  көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

4.3. Кеңештин төрагасын, кеңештин төрагасынын орун басарын, туруктуу комиссиялардын төрагаларын шайлоо, кеңештин  органдарын түзүү жөнүндө, кеңештин гана компетенциясына  кирген маселелер боюнча ,Кңештин мурда  мурда кабыл алынган чечимдерин алып салуу же өзгөртүү жөнүндө чечимдерди  кеңештин шайланган  депутаттарынын санынын  көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

       Мыйзамга ылайык  жергиликтүү өз алдынча башкаруу  органынын  кызмат адамына  же мамлекеттик  органдын аймактык  бөлүмүнун жетекчисине  ишеним көрсөтпөо  жөнүндө  кеңештин чечими  кеңештин депутаттарынын  жалпы санынын  үчтөн эки  добушу менен кабыл алынат.

       Кнештин карамагына кирген маселелер боюнча  анын чечимдери  токтом түрүндө  яыгарылат жана  ага кеңештин төрагасы кол коет.

4.4. Кенештин чечимине макул болбогон  депутат өзүнүн өзгөчө  пикирин жазуу жүзундө  же  өоз эки баяндоого укуктуу, ал кеңештин сессиясынын протоколуна  киргизилет.

4.5. Эгерде сессияга катышып олтурган депутаттардын  жарымынан ашыгы  чечимдин сунуш кылынган долбоорун  жактап добуш берсе , ал негиз катары алынат. Эгерде  чечимдин сунуш кылынган долбоору  негиз катары кабыл алынбаса, ал беренелер катары каралышы мүмкүн.

4.6. Чечимдин долбооруна түзөтүү киргизүүнү  каалаган депутат  аны төагалык кылуучуга жазуу жүзүндө берет. Түзөтүү талкууга коюлат жана эгерде  сессияга  катышып олтурган  депутаттардын жарымынан көбү  аны жактап  добуш берсе, кабыл алынат.

4.7. Бардык түзөтүүлөр  каралып чыккандан кийин  чечимдин долбоору  бүтүндөй кабыл алынат.

4.8. Кеңештин  чечимдерин чыгаруу  үчүн  жоопкерчилик кенештин  катчысына жүктөлөт.

4.9. Кеңештин  чечимин  кол коюлгандан кийин  2 күндүк мөөнөттө айыл  өкмөтүнүн аппараты  таратат.

4.10.Кенештин  ыйгарым  укуктарынын  чектеринде  кабыл алынган  анын ичинде  чечимдерин  тиешелүү аймакта   жайгашкан бардык ишканалар, мекемелер жана  алардын  органдары , кызмат  адамдары  жана жарандар  аткарууга  милдеттүү.

4.11.  Кеңештин чечимдери  сот тартибинде  же кеңештин  башка чечими  менен гана  алып салынышы мүмкүн.

 

                             5.Жазы айылдык кеңешинин төрагасы

 

 5.1.Айылдык кеңештин  төрагасы  кенешке  жетекчилик кылган жергиликтүү өз алдынча  башкаруунун шайлануучу  кызмат адамы болуп саналат.

     Мурдагы чакырылыштагы  кеңештин төрагасы  өз милдеттерин  жаңы чакырылган кенештин төрагасы  шайланганга чейин  аткарат.

5.2. Кеңештин төрагасы  өз кызматынан  кеңештин демилгеси  боюнча  енештин  сессиясында  жашыруун  добуш берүү жолу менен, эгерде  кеңештин шайланган  депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси муну жактап добуш берсе,  боштулушу мүмкүн.

       Кеңештин төрагасы  ишеним  көрсөтпөө  жөнүндө маселе  шайланган депутаттардын санынын  кеминде 1/3 бөлүгүнүн талабы боюнча жакынкы сессиясынын күн тартибине киргизилет.

      Бул маселеги жыйналышта  кароо  учурунда  кеңештин төрагасына сүйлөө үчүн  сөз берилет.

     Кеңештин  төрагасын ээлеген  кызматынан бошотуу жөнүндө  чечим  кеңеш тарабынан  жашыруун добуш берүү  жолу менен, эгерде  кеңештин шайланган  депутаттарынын  жалпы санынын  үчтөн экиси муну жактап  добуш берсе, кабыл алынат.

5.3.Кеңештин төрагасы:

  - Кеңештин сессияларын чакырат;

  - сессияларда, депутаттык угууларда ж.б. төрагалык кылат;

Жыйналыштарды  жана кароого киргизилүүчү  маселелерди  даярдоого жетекчилик кылат;

    Кеңештин  иш-пландарын түзүунүн камсыз кылат;

             - Кеңештин Регламенти сакталышына  көз салат;

  - Кеңештин  жыйналыштарынын протоколуна жана башка документтерине кол коет;

   -  депутаттар  өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырышында аларга көмөк көрсөтөт, аларды зарыл маалыматтар менен камсыз кылууну уюштурат;

   -  сессия учурунда чыгып сүлөгөндөр   тарабынан  этика ченемдери бузулган  учурда жыйналышта  сүйлөгөн сөздү чечмелебестен ага  ага сын пикир айтууга укуктуу;

     -  электрондук тутумду пайдаланбастан  ачык добуш берүудө  төрагалык кылуучу акыркы болуп добуш берет;

     -  кеңеште, анын органдарында  же шайлоо округдарында  иштөө үчүн   депутаттарды  кызматтык же өндүрүштүк милдеттерден  бошотуу менен  байланышкан маселелерди карайт;

      - Кеңештин туруктуу комиссияларынын, башка комиссияларынын жана  жумушчу топторунун ишин координациялайт;

      -  мамлекеттик, коомдук  уюмдар менен  мамилелерде  кеңештин  атынан  иш алып барат;

      -  кеңештин тышкы байланыштарын уюштурат;

      - кеңештин  төрагасынын  орун басарынын кызматына  шайлооүчүн  талапкерлерди сунуш кылат;

       -  кеңештин чечимдерин  аткаруу максатында , анын ичинде  кеңештин ишине  каражаттарды чыгымдоо  жагынан да буйбуктарды чыгарат;

                  -  кеңештин иш инде маалымдуулукту  камсыз кылуу  жана коомдук пикирди

           эске алуу боюнча  чараларды көрөт;

                 - Жарандардын кайрылууларын  жана арыздарын кароону уюштурат;

      -   мыйзамдарда каралган учурларда  сотко же арбитраждык  сотко жөнөтүлүп жаткан тиешелүү документтерге  кеңештин атынан кол коет;

       -  кеңештин чечимдерин Жазы айыл аймагында  турган бардык органдар, бирикмелер, ишканалар, мекемелер жана уюмдар аткарылышын уюштурат жана  контрольдойт;

        -  ага кенеш  тапшырышы  же Кыргыз Республикасынын  мызамдары тарабынан  жуктөлүшу мүмкүн  болгон башка маселелерди чечет;

        -  Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик сыйлыктары  менен сыйлоо . Кыргыз  Республикасынын    Мыйзамдарына ылайык  Кыргыз Республикасынын  ардак  наамдарын  ыйгаруу жөнүндө  расмий өтүнүч  жасайт.

        - кенештин атынан  айылдык кеңештин депутаттарына , айылдык кенештин  атуулда салынышы мүмкүн.

5.5. Кенештин төрагасы, мамлекеттик органдарга  Ардак грамота, төш белги ж.б.  ыйгаруу жөнүндө  расмий өтүнуч жасайт.

           5.4. Кеңештин төрагасынын буйруктары   кенеш тарабынан алып салынышы

           мүмкүн.

            5.5. Кеңештин  төрагасынын   өзүнүн ыйгарым укуктарын ч айдан ашык  убакыт

            бою жүзөгө  ашыра албаган  учурда  Кеңеш  кеңештин  жаңы төрагасын  шайлоо

            жөнүндө  маселени кароого тийиш.

            5.6. Кеңештин өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн  мурда токтотуу  жөнүндө 

            билдирүүгө  укуктуу. Мындай учурда чечим Кеңештин шайланган   

            депутаттарынын жалпы санынын жөнөкөй  көпчүлүк  добушу менен  ачык добуш

            берүү аркылуу  кабыл алынат.

                 Төраганын өзүнүн ыйгарым укуктарын   ыктыярдуу түрдө токтотушу  анын  

             жазуу жүзүндөгү  арзынын негизинде  канаатандырылат. Кеңеш отставканы

             кабыл албаган  учурда  кеңештин төрагасы өзүнүн  ыйгарым укуктарын  арыз

            берген күндөн тартып  эки ай өткөндөн кийин токтотууга укуктуу.

            5.7. кеңештин төрагасы  ээлеген кызматынан  мөонөтүнөн мурда  бошотулган

             анын милдеттерин кеңештин  төрагасынын орун басары  аткарат.

 

                                         6.Кенештин төрагасынын орун басары

 

                6.1.  Кеңештин төрагасынын орун басары  кеңештин төрагасынын сунушу боюнча  депутаттардын ичинен  сессияда жашыруун  добуш берүү менен кеңештин

ыйгарым  укуктарынын  мөөнөтүнө шайланат.Ар бир депутат кеңештин төрагасынын  орун басарынын  кызматына  алдын ала  көрсөтүү(өзүн- өзү көрсөтүү) укугуна ээ.

 6.2. Кеңештин  төагасынын орун басарына шайлоо жергиликтүү кеңештин  төрагасын шайлоого окшош жүргүзүлөт.

6.3. Кеңештин төрагасынын орун басары  кеңешке отчет беретжана кеңештин сессиясында  жашыруун добуш берүү  жолу менен кызматтан бошотулушу мүмкүн.

  Кеңештин төрагасынын орун басарына  ишеним көрсөтпөо  жөнүндө маселе  шайланган депутаттардын санынын кеминде 1\3 бөлүгүн талабы боюнча  жакынкы жыйналыштын  күн тартибине киргизилет.

  Сессияда  бул маселени  карап чыгуу учурунда  Кеңештин төрагасынын орун  басарына сүлөо үчүн  сөз  берилет.

   Кеңештин  төрагасынын орун басарын  ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө чечим, эгерде шайланган депутаттардын жалпы санынын  жарымынан ашыгы  муну жактап добуш берсе,  кеңеш тарабынан жашыруун добуш берүү менен  кабыл алынат.

6.4.  Ке ештин төрагасынын орун басары :

 - Кеңештин төрагасы  жок болгон же  ал милдеттерин  аткара  албаган  учурда  анын функцияларын ишке ашырат:

-  ага кеңештин төрагасы  берген же ага кеңеш берген ар кандай башка функцияларды аткарат;

 -Кеңештин  төрагасынын тапшырмаларынын  аткарат.

 Кеенештин төрагасынын  орун басары өз функцияларын коомдук башталыштарда  жүзөгө ашырат.

 6.5. Кенештин төрагасынын орун басары  өз ыйгарым укуктарын  ыктыярдуу  токтотушу анын жазуу жүзүндөгү  арызынын негизинде канаатандырылат.

  Кеңеш отставканы кабыл албаган учурда  кенештин торагасынын орун басары  арыз берген күндөн тартып  эк ай өткөндөн кийин  озүнүн ыйгарым укуктарын  токтотууга укуктуу.

 6.6. Кеңештин жаңы төрагасы шайланган учурда  кенештин торагасынын орун басары  ыкиыярдуу  түрдө  отставкага кетүү  жөнүкундө арыз берет, ал кенештин  төрагасы  тарабынан каралат.

 

  1. Кенештин  жооптуу катчысы

 

   7.1. Кенештин жооптуу катчысы кенештин ишин уюштуруу-протоколдук жактан кылган адам болуп саналат.

    Кенештин   катчылыгы боюнча  мыйзам менен  белгиленген  функцияларын  муниципалдык кызматкер айылдык кеңештин жооптуу катчысы аткарат.

 

  7.2. Кеңештин  жооптуу катчысы:

-  Кеңештин сессияларынын протоколун  жүргүзөт жана жоопкер  катары  өз мөөнөтүндө мамлекеттик  реестрден  каттоодон өткөрүү боюнча  иш алып барат;

 - Кеңешке келип түшкөн  документтердин эсебин алууну уюштурат;

-  Кеңештин сессиясына материалдарды  даярдайт, аларды депутаттарга өткөрүп  берет;

- сессияга катышуу үчүн  депутаттарды, мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча  башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын, калктын коомдук өз алдынча  башкаруу органдарынын өкүлдөрүн… адистерди чакырат;

 - депутаттардын кеңештин сессияларына келишинин эсебин алат;

- Кеңештин  сессиясынын чечимдерин  толтурат жана аларды таратууну уюштурат;

- башка функцияларды  аткарат.

 

                           8.Кеңештин туруктуу комиссиялары

 

 8.1.Кеңештин   карамагына  тиешелүү маселелерди  алдын- ала карап чыгуу жана даярдоо  үчүн  кеңеш депутаттардын ичинен  туруктуу комиссияларды түзөт.

Комиссияны түзүү жөнүндө чечим кеңештин сессиясында кабыл алынат.

8.2.  Туруктуу комиссиялар  кеңештин негизги түзүмдүк органдары болуп  саналат, алар   өздөрүн шайлаган  кеңештин алдында жооптуу жана  ага отчет берет, кенештин жана кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат, жарандардын тиешелүү кеңешке келип түшкөн  сунуштарын, арыздарын, даттанууларын карап  чыгууга катышат.

 Туруктуу  комиссиялар  комиссияга келип түшкөн  документтергеи жана кайрылууларга  белгиленген мөоноттө жооп берүугө милдеттүү.

8.3. Ар бир туруктуу комиссиянын  компентенциясы, функциялары  жана милдеттери  туруктуу комиссиялар жөнүндө  жобо менен аныкталат, ал кеңештин сессиясында  бекитилет.

 8.4. Комиссия депутаттын арызынын негизинде  депутаттардын ичинен түзүлот.

 Депутат кеңештин бир гана(өзгөчө учурларда гана) туруктуу комиссиясынын  мүчөсү боло алат.

  Туруктуу комиссияда  3 депутаттан  кем болбойт, Комиссиянын курамына  депутаттарды шайлоо  Кенештин сессиясында  жүзөгө ашырылат. Кеңештин чечими боюнча  добуш берүү  тизме менен  же ар биринин атын атоо менен  жүргүзүлушү  мүмкүн. Депутаттарды  комиссиянын курамына  шайлоо жөнүндө  чечим шайланган депутаттардын  санынын  көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

8.5. Депутат катары менен  жүйөолүү себеби  болбостон  туруктуу комиссиянын  пландуу жыйналыштарын   3 жана андан ашык  жолу өткөрүп жибергендиги  үчүн комиссиянын  сунушу боюнча  кенештин чечими менен комиссиянын курамынан  чыгарылышы мүмкүн.Жүйөөлүү  себептер  болуп: оору, өргүү, иш сапар  саналат.

8.6. Депутаттык ыйгарым укуктарды  мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда , ошондой эле жазуу жүзүндөгү  жеке арызынын негизинде  депутат комиссиянын  курамынан  чыкты деп  эсептелет. Мындай учурлардат кеңештин чечими талап кылынбайт.

8.7. Туруктуу комиссиянын төрагасы жана кеңештин төрагасынын орун басары  туруктуу  комиссиялардын төрагалары боло албайт.

8.8. туруктуу комиссиянын  төрагасы:

 - комиссиянын ишин уюштурат;

-  комиссиянын мүчөлөрүнүн ортосунда  ишти бөлүштүрөт, аларга тапшырмаларды берет;

 - комиссиянын иш-планын. Жыйналыштардын күн  тартибинин  долбоорун түзөт;

 -  комиссия кеңешке даярдаган  чечимдердин, сын пикирлердин жана  сунуштардын долбоорлорун сунуш кылат;

  -  комиссиянын төрагасынын орун басарынын кызмат лордуна  талапкерлерди  комиссияга сунуш кылат;

  - комиссиянын жыйналыштарын чакырат жана алып барат;

  - комиссиянын  иши жөнүндө  кеңешке жана кеңештин төрагасына  маалымдайт;

  -  төраганын орун басары убактылуу жок болгон учурда  комиссия мүчөлөрүнүн  ичинен  аны алмаштыруучуну дайындайт;

   - комиссиянын чечимдеринин аткарылышы жөнүндө, комиссияга келип  түшкөн  каттарга  жооптор жөнүндө комиссия  мүчөлөрунө  маалымдайт;

   -  башка уюмдар менен  мамилелерде  комиссиянын атынан  иш алып барат.

8.9. Туруктуу комиссиянын  то туруктуу комиссиянын  төрагасынын орун басары  жыйналышта  комиссиянын  төрагасынын  сунушу боюнча  комиссия мүчөлөрүнүн ичинен  шайланат.

8.10. Туруктуу комиссиянын трагасынын орун басары:

   -   туруктуу комиссия  белгиленген   милдеттерди  бөлүштүрүугө  ылайык  функцияларды аткарат;

   -  төраганын тапшыруусу боюнча анын айрым функцияларын аткарат;

   -  төрага жок болгон учурда  аны алмаштырат.

8.11. Айыл өкмөтүнүн аппаратынын адистеринин  бири туруктуу комиссиянын  катчысы болуп  саналат.

Катчы туруктуу комиссиянын мүчөсү болуп саналбайт.

8.12. туруктуу комиссиянын катчысы: 

 - туруктуу комиссиянын  жыйналышынын протоколун жүгүзөт;

 - комиссияга келип түшкөн документтердин эсебин алууну уютурат;

 - комиссиянын чечимдерин, комиссияга келип түшкөн каттарга, документтерге  жоопторду даярдайт;

  - комиссиянын жыйналыштарына  катышуу үчүн депутатарды, мамлекетик бийликтин жана жергиликтүү з алдынча башкаруунун   аймактык органдарынын,  коомдук уюмдардын, калктын  коомдук өз алдынча  башкаруу органдарынын  өкүлдөрүн, адистерди чакырат.

8.13. Туруктуу комиссиянын мүчөсү  комиссиянын ишине катышуга комиссиянын  тапшырмаларын аткарууга милдеттүү.

8.14.Сунуштары комиссиянын  колдоосуна ээ болбогон  туруктуу комиссиянын  мүчөсү  ушул маселени  кенештин сессиясында талкуулоо учурунда  өзгөчө пикир түрүндө аларды жазуу жүзүндө  же ооз эки формада киргизе алат.

8.15. Комиссиянын талкуусуна киргизилип жаткан маселелер  боюнча  туруктуу комиссиянын зарыл материалдар берилет.

8.16. туруктуу комиссиянын мүчөсү  комиссиянын тапшыруусу боюнча  жана  өз демилгеси боюнча  комиссиянын карамагына тиешелүү  маселелерди иликтей алат, мамлекеттик жана коомдук органдар менен уюмдардын. Ошондой эле жарандардын сунуштарын жалпылай алат, өз тыянактарын  жана сунуштарын комиссияга билдире алат.

8.17. Мыйзамда каралган учурларда  туруктуу комиссиялардын  мүчөлөрү комиссиялардын  жыйналыштарынын  мезгилине  өндүруштүк  же кызматтык  милдеттерди аткаруудан  бошотулат, мында туруктуу иштеген жери боюнча  орточо эмгек акысы сакталат  же ага комиссиядагы  иш менен байланышкан  чыгымдардын  орду жергиликтүү  бюджеттин каражаттарынын  эсебинен толтурулат.

8.18. туруктуу комиссия  комиссиянын жыйналышында  бекитилген пландарга ылайык иштейт.

8.19. Ар бир туруктуу комиссия жыйналыштарда зарылчылыкка жараша , бирок кварталына  кеминде бир жолу чогулат.

8.20. Эгерде комиссиянын жыйналышына  комиссия мүчөлөрүнүн  жалпы санынын  жарымынан ашыгы ашыгы , ал чечим  кабыл алууга  ыйгарым укуктуу деп эсептелет.

8.21. Комиссия чечимдери  жыйналышка катышып  олтурган комиссия мүчөлөрүнун көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

 Эгерде комиссиянын мурда  мурда кабыл алынган чечимдерин  алып салуу жөнундө  чечимдерге  комиссия мүчөлөрүнүн  жарымынан ашыгы  жактап добуш берсе , ал кабыл  алынды деп эсептелет.

8.22. Комиссиянын жыйналыштарына  бул комиссиянын курамына  кирбеген  кенеш берүү добуш укугу бар депутаттар катыша  алат.

8.23.  эгерде комиссия башкача чечим кабыл албаса ,комиссиянын жыйналыштары  ачык өтөт .Депутаттар  комиссиянын жабык жыйналышына катыша алат.

8.24. Туруктуу комиссиянын жыйналыштарына мамлекеттик органдардын,  коомдук уюмдардын,  аймактык коомдук  өз алдынча башкаруу органдарынын  өкүлдөрү, адистер чакырылышы мүмкүн, алар жыйналыштарга  кенеш берүү добуш укугу  менен катыша алат.  

8.25. Туруктуу комиссиянын ар бир жыйналышы  протокол менен таризделет,  ага комиссиянын төрагасы жана катчысы кол коет.

8.26. Туруктуу комиссия  маселелерди даярдоо үчүн  адистерди тарта алат. Иштөө үчүн  тартылган адистер комиссиянын жыйналыштарына  кенеш берүү добуш укугу менен  катыша алат.

 

                              

8.27.  Туруктуу комиссиянын  жыйналышынын чечимдери  жана протоколдору, комиссия мүчөлөрүнүн тизмеси, кириш документтердин журналы  комиссиянын катчысында сакталат.

8.29. Туруктуу комиссиялар  кенештин сессияларында  төмөнкүчө жоюлат:

 -  туруктуу комиссиянын өзүнүн  же кеңештин төрагасынын сунушу боюнча ;

 - эгерде комиссиянын  жыйналыштары үч ай бою (анын ичинде кворум жоктугунан улам) откөрүлбөгөн учурда;

  - комиссияда үчтөн аз  мүчө калган учурда .

 

  1. Убактылуу(атайын) комиссиялар

 

9.1. Кеңеш атайын милдеттерди аткаруу  үчүн  убактылуу (атайын) комиссияларды  түзө алат.

9.2. Убактылуу комиссиялардын милдеттери, ыйгарым укуктарынын  көлөмү жана мөөнөтү  аларды түзүү  учурунда аныкталат.

9.3. Убактылуу комиссиялардын  иши аларга  жүктөлгөн  милдеттердин  аткарылышы менен токтотулат.

9.4. Убактылуу  комиссиялардын  ишинин жалпы тартиби  туруктуу комиссиялардыкына окшош.

 

  1. Регламентти бекитүү, ага өзгөртүүлрөдү жана толуктоолорду  киргизүү тартиби 

 

  1. Кеңештин Регламенти Регламент маселелери боюнча жумушчу топтун  типтүү регламентинин негизинде иштелип чыгат  жана  кенештин сессиясынын  бекитүүсүнө киргизилет.

10.2. Регламент маселелери боюнча топ  Кеңеш  шайлай турган  кеминде 5  депутаттан турат. Ага кеңештин торагасынын башчысынын орун басары  башчылык кылат.

10.3. Ар бир депутат  Регламентке  өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду  киргизүү  жөнундө сунуштарды  бере алат. Сунуштарды карап чыгуу  үчүн  Регламент  маселелери  боюнча  жумушчу топко жөнотүлөт.

10.4. Регламент маселелри боюнча топ  түзөтүүлөрдү  кабыл алат же  четке кагат.

 Кабыл алынган түзөтүүлөрдү  бекитүү үчүн  кенешке киргизилет. Четке кагылган  тузөтүүнүн автору  аны кенеш карап чыгышын талап кылууга укуктуу.

10.5. Регламент жана Регламентке  түзөтүүлөр  Кеңештин  шайланган  депутаттарынын  ичинен  копчүлүгү  тарабынан кабыл алынат.

 

 

 

             

                                             

  

Жазы айылдык кеңешинин VII  чакырылышынын кезектеги экинчи   сессиясынын

                                                         ТОКТОМУ

 

02.06.2021-жыл                              №   2/ 6                                      Кара-Дыйкан айылы

 

 

                                                            Жазы айылдык кенешинин

                                                           2021-жылга  иш планын бекитүү        

                                                           жөнүндө

 

 

                Жазы айылдык кенешинин кезектеги  үчүнчү сессиясы 

                                       Т О К Т О М     К Ы Л А Т

 

  1. Жазы айылдык кенешинин 2021-жылга карата иш планы алымча кошумчасы менен бекитилсин (тиркелет). 

2.Ушул токтомдун аткарылышын өзүмө калтырамын.

 

 

 

 

Төрага                                                                                                         К.Камчибеков

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                                                            Жазы айылдык Кеңеши                                

                                                                                02.06.2021-ж  № 2/6  токтомуна

                                                                                тиркеме

 

Жазы айылдык кеңешинин  2021-жылга карата түзүлгөн  иш планы

 

Каралуучу маселелердин мазмууну

 Аткарууу мөөнөтү

Аткарууга жооптуулар

1

Жазы айыл өкмөтүнун 2020-жылдагы социалдык –экономикалык  өнүгүүсүн ун  жыйынтыктары жана  жана 2021-жылгы милдеттери

 

1-квартал

Айыл өкмөтүнүн аппараты жана туруктуу комиссиялар

2

1)Жазы айыл өкмөтундө   көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана айлана чөйрөнү тазалоо боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүдө

2)СПАнын  жүргүзуп жаткан  иштери жөнундө

3) КБФ жерлердин иштелиши жана  аренда жыйымдарынын топтолушу

 

2-квартал

Айыл чарба,энергетика,курулуш соода,транспорт боюнча туруктуу комиссия

3

1).2021-2022-жылдардын күз-кыш мезгилине карата  соц. обьекттердин даярдыгы.

 2). Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн  22.06.2015-жылдагы №391 токтому менен бекитилген “Турмуштун оор кырдаалына  кабылган  балдарды жана үй бүлөлөрдү  табуу тартиби жөнундө” Жобонун аткарылышы жөнүндө

 

 

 

3-квартал

 

Социалдык маселелер, саламаттыкты сактоо, билим берүү, коомдук уюмдар боюнча  туруктуу комиссиясы

4

1). Айыл аймакта спорт жана маданий иштердин жүрүшү жөнүндө

 

2). 2022-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү

 

 

3) Кабыл алынган токтомдордун аткарылышы, жана депутаттардын  сессияга катышуусу жөнүндө

 

 

 

 

4-квартал

Жаштар саясаты,спорт,маданият  боюнча  туруктуу комиссия

Бюджет,экономика ,муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясы

Депутаттык этика,мыйзамдуулук ,укук тартибин чыңдоо боюнча туруктуу комиссиясы

 

  Жазы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы                                  М.Акжолова

 

 

                                                                                                               

                                                                            

  

Жазы айылдык кеңешинин  VII чакырылышынын  кезектеги үчүнчү сессиясынын

                                 

                                                           ТОКТОМУ

 

09.07.2021-жыл                             №   3/7                                         Кара-Дыйкан айылы

 

Аймактын көрктөндүрүү жашылдандыруу жана  айлана чөйрөнү   тазалоо  боюнча  жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө

 

Жазы айылдык кеңешинин  айыл чарба,энергетика, курулуш, транспорт жана  байланыш боюнча  туруктуу комиссиясынын Жазы айыл өкмөтүндө  көрктөндүрүү жашылдандыруу жана  айлана чөйрөнү   тазалоо  боюнча  жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө  угуп жана талкуулап   Жазы айылдык кеңеши

 

                                             Т О К Т О М     К Ы Л А Т

 

  1. Жазы айыл өкмөтүндө көрктөндүрүү жашылдандыруу жана айлана чөйрөнү   тазалоо  боюнча  жүргүзүп жаткан иштери канаатандыраарлык  деп белгиленсин.

 

  1. Айыл аймагында трассадагы асфальт жолду арык суулары каптап жаткан жерлерди токтотуу боюнча СПА ишканасы менен биргеликте  иш алып баруу айыл өкмөтунун башчысы  А.Жолоевге  жүктөлсүн.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык  кеңештин айыл чарба,энергетика, курулуш, транспорт жана  байланыш боюнча  туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 Төрага                                                                                                     К.Камчибеков

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                                                                       

                                                                            

  

Жазы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясынын

                                 

                                                           ТОКТОМУ

 

09.07.2021-жыл                                      №   3/8                           Кара-Дыйкан айылы

 

Жазы айыл өкмөтундөгү КБФ жерлеринин иштетилиши жана аренда  жыйымдарынын  топтолушу    жөнүндө

 

 Жазы айылдык кеңешинин  айыл чарба,энергетика, курулуш, транспорт жана  байланыш боюнча  туруктуу комиссиясынын КБФ жерлеринин иштетилиши жана аренда жыйымдарынын  топтолушу  боюнча маалыматын угуп жана талкуулап  Жазы айылдык кеңеши

 

                                             Т О К Т О М     К Ы Л А Т

 

1.Жазы айыл өкмөтундөгү КБФ жерлеринин иштетилиши жана аренда  жыйымдарынын  топтолушу        эске алынсын деп   белгиленсин.

 

2.Аренда жыйымдарын  2020-жылдын карыздарын ушул жылдын сентябрь айына чейин, 2021-жылдын салыгын октябрь айына чейин топтоп аткарылган иштер боюнча маалыматын берүү айыл өкмөтүнүн башчысы  А.Жолоевгежуктөлсүн.

 

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык  кеңештин айыл чарба,энергетика, курулуш, транспорт жана  байланыш боюнча  туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 Төрага                                                                                                 К.Камчибеков

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                                   

  

Жазы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясынын

                                 

                                                           ТОКТОМУ

 

09.07.2021-жыл                                        №   3/9                      Кара-Дыйкан айылы

 

Аймактагы СПАнын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө

 

 

 Жазы айылдык кеңешинин  айыл чарба,энергетика, курулуш, транспорт жана  байланыш боюнча  туруктуу комиссиясынын аймактагы  СПА нын  жүргүзүп  жаткан иштери жөнүндө  угуп жана   талкуулап Жазы айылдык кеңеши

 

 

                                         Т О К Т О М  К Ы Л А Т

 

  1. Жазы айыл аймагындагы СПАнын жургүзүп жаткан иштери канаатандырарлык эмес деп белгиленсин .
  2. Элдик жыйын уюштуруп СПАнын жетекчисинин кызмат ордун кароо боюнча тез арада маселени чечүү  айыл өкмөтунун башчысы А.Жолоевге  тапшырылсын.

 

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык  кеңештин айыл чарба,энергетика, курулуш, транспорт жана  байланыш боюнча  туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 Төрага                                                                                         К.Камчибеков

 

 

 

 

                        

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                                   

  

Жазы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясынын

                                 

                                                           ТОКТОМУ

 

09.07.2021-жыл                                   №   3/10                      Кара-Дыйкан айылы

 

МТФ -2 участкасына  жеке ветеринар бекитип берүү боюнча

 

 

   Жазы айылдык кеңеши  Кызыл-Дыйкан айылынын тургуну  Чотобаев  Дамирдин  арызын карап чыгып төмөндөгудөй

 

 

 

                           Т О К Т О М     К Ы Л А Т

 

  1. Жазы айыл өкмөтүнүн Кызыл-Дыйкан айылына караштуу МТФ-2 участкасына  Чотобаев Дамир жеке ветеринар болуп дайындалсын.

 

  

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  айылдык  кеңештин айыл чарба,энергетика, курулуш, транспорт жана  байланыш боюнча  туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

Башчы                                                                                               К.Камчибеков

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                                   

  

Жазы айылдык кеңешинин VII  чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясынын

                                 

                                                           ТОКТОМУ

 

09.07.2021-жыл                             №   3/11                      Кара-Дыйкан айылы

 

                                                                                               Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү

                                                                                               чектелген  жарандарга

                                                                                               материалдык жардам көрсөтү

                                                                                               жөнүндө

 

  Жазы айылдык кеңешинин  социалдык маселелер, саламаттыкты сактоо, билим берүү, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жолоевдин социалдык маселелер боюнча сунушу менен таанышып жана талкуулап төмөндөгүдөй

 

 

                                         Т О К Т О М    К Ы Л А Т

 

  1. Жазы айыл өкмөтү ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген  жарандарга, аз камсызболгон үй бүлөлөргө  жылына бир жолу 2000(эки миң)сом өлчөмүндө  материалдык акчалай жардам көрсөтүлсүн.
  2. Турмуштун оор кырдаалына кабылган үй бүлөлөрдүн  мучөсү каза болгон учурда  жаранды акыркы сапарга узатуу зыйнатына  5000(беш миң)сом өлчөмүндөакчалай материалдык жардам көрсөтулсүн.
  3. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтунүн  башчысына милдеттендирилсин.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмлдөө  Жазы айылдык кеңешинин  социалдык маселелер, саламаттыкты сактоо, билим берүү, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

Төрага                                                                                                       К Камчибеков

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жазы айылдык кеңешинин VII чакырылшынын кезексиз төртүнчү сессиясынын

                                                                 ТОКТОМУ

 

  1. 06. 2021-жыл № 4/12             Кара-Дыйкан  айылы

 

Жазы айыл өкмөтунүн билдирүүсүнүн негизинде  үнөмдөлгөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Жазы айыл өкмөтүнүн бюджетинен үнөмдөлгөн акча каражаттарын ЖКХ бөлүмүнүн 3111 статьясынан №1 уведомлениянын негизинде Аппарат, Айыл чарба, ЖКХ, Бала бакча, Библиотека бөлүмдөрүнө 900,0 (тогуз жүз) миң сом акча каражатын жылдырылсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет, экономика жана муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

        Төрага                                                                                                    К. Камчибеков

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                                                

  

Жазы айылдык кеңешинин VII  чакырылышынын кезектеги бешинчи сессиясынын

                                 

                                                           ТОКТОМУ

 

29.09.2021-жыл                                   №   5/ 13                                     Кара-Дыйкан айылы

 

Аймакта жайгашкан орто мектептердин, бала-бакчалардын 2021-2022-жылдарга карата күз-кыш мезгилине карата даярдыгы  жана турмуштун оор кырдаалына кабылган балдардын абалы жөнүндө

 

Жазы айылдык кеңешинин социалдык маселелер  саламаттыкты сактоо, билим берүү, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясынын                                                                            аймакта жайгашкан орто мектептердин, бала-бакчалардын 2021-2022-жылдарга карата    күз-кыш мезгилине карата даярдыгы  жана    турмуштун оор кырдаалына кабылган

балдардын абалы жөнүндө  маалыматын угуп жана талкуулап  айылдык кеңеш

 

                                         Т О К Т О М    К Ы Л А Т

 

  1. Айыл аймакта жайгашкан Т.Ташмаматов, Ж.Мойдунов, Ж.Абдурасулов, А.Абдыкеримов орто мектептеринин жүргүзүп жаткан иштери канаатандырарлык деп табылсын.

 

  1. Т.Ташмаматов атындагы орто мектебинин ээрип кетекн печкасын жана А.Абдыкеримов атындагы орто мектебине кошумча  печка алып берүү айыл өкмөтүнөн суралсын.

 

3.Т.Ташмаматов орто мектебинин  турмуштун оор кырдаалына кабылган  2-3-класстын окуучулары  Усенбаев Марсел жана Төрөбеков Манасбек айыл өкмөтүнүн социалдык жактан коргоо бөлүмү каттоого алып, үй бүлөлүк абалы боюнча изилдөөгө алып, айыл өкмөт тарабынан материалдык жардам көрсөтүлүп маалыматы туруктуу комиссияга берилсин.

 

  1. Ш.Абдуллаева,М.Оморбекова,Т.Рыспаева, К.Чолпонкулова, Р.Мамыева атындагы бала бакчалардын жүргузүп жаткан иштери канаатандырарлык деп табылсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жазы айылдык кеңешинин социалдык маселелер саламаттыкты сактоо, билим берүү,коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                          К.Камчибеков 

 

 

                                                                            

                                                                                

  

Жазы айылдык кеңешинин VII  чакырылышынын кезектеги бешинчи сессиясынын

                                 

                                                           ТОКТОМУ

 

29.09.2021-жыл                             №   5/14                      Кара-Дыйкан айылы

 

                                                                          Айыл өкмөт башчысынын курулушка

                                                                          топурак      алуу жана   таштанды таштоо 

                                                                          боюнча сунушу    жөнүндө

 

 

 

Айыл өкмөт башчысы А.Жолоевдин   аймактагы жарандардын  курулуш материал катары топурак  алууга жана бошогон жерге таштанды таштоо  боюнча  аныкталган

 Кара-Дыйкан айылынын түндүк тарабындагы  адырдан1.0га  жер боюнча  маалыматын  угуп жана  талкуулап  айылдык кеңеш

 

 

                                                    Т О К Т О М       К Ы Л А Т

 

  1. Аймактагы жарандардын курулуш материал катары топурак алууга жана бошогон жерге таштанды таштоо  боюнча  аныкталган  Кара-Дыйкан айылынын түндүк тарабындагы адырдан   1.0га  жерге  тиешелүү документтерди даярдап уруксат кагаздарын алуу  айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жолоевге тапшырылсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл чарба, энергетика, курулуш, транспорт жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

 

  Төрага                                                                              К.Камчибеков

 

 

 

 

                                                                                       

  

Жазы айылдык кеңешинин VII  чакырылышынын кезектеги бешинчи сессиясынын

                                 

                                                           ТОКТОМУ

 

29.09.2021-жыл                             №   5/ 15                     Кара-Дыйкан айылы

 

 

                                                                                   Кызыл-Дыйкан айылынын  башкы

                                                                                   планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

 

     Айыл өкмөтүнүн   айыл чарба жана жерге жайгаштыруу боюнча  башкы адиси    

А.Балтабаевдин Кызыл -Дыйкан айылынын жарандары Т.Кадышов жана С.Абдурасуловдордун  арызынын негизинде  Кызыл-Дыйкан айылынын башкы планын    9 кварталына  өзгөртүү киргизүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап айылдык кеңеш

 

                                                      Т О К Т О М      К Ы Л А Т

 

  1. Жазы айыл өкмөтүнүн Кызыл-Дыйкан айылынын  башкы планын    9 кварталына  жол ачып берүү  үчүне  өзгөртүү киргизилсин.

 

 

 

  1. . Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл чарба, энергетика, курулуш, транспорт жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

      Төрага                                                                             К.Камчибеков

 

                                                                  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                                                        

  

Жазы айылдык кеңешинин VII  чакырылышынын кезектеги бешинчи сессиясынын

                                 

                                                           ТОКТОМУ

 

29.09.2021-жыл                             №   5/16                      Кара-Дыйкан айылы

 

                                                                                Жээренчи,Кызыл-Дыйкан, Кара-Дыйкан

                                                                                айылдарына  жана Демик участкасына

                                                                                раскол   жана купка курууга жер

                                                                                участкасын бөлүп    берүү жөнүндө

 

   Жазы айыл өкмөтүнун башчысы А.Жолоевдин айылдарга   раскол жана  купка курууга жер участогун бөлүп берүү боюнча  маалыматын угуп жана талкуулап  айылдык кеңеш

 

 

                                                   Т О К Т О М   К Ы Л А Т

 

 

1 Жээренчи, Кара-Дыйкан, Кызыл-Дыйкан  айылдарына  жана Демик   участкасына   раскол жана купка куруу  үчүн  жер участогун бөлүп берүү  айыл  өкмөт башчысы   А.Жолоевге  тапшырылсын.

 

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  айылдык кеңештин айыл чарба, энергетика, курулуш, транспорт жана байланыш боюнча  туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

 

 

Төрага                                                                                                 К.Камчибеков

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                                                        

  

Жазы айылдык кеңешинин VII  чакырылышынын кезектеги бешинчи сессиясынын

                                 

                                                           ТОКТОМУ

 

29.09.2021-жыл                             №   5/ 17                   Кара-Дыйкан айылы

 

                                                                            Айылдык кеңештин  айылчарба,энергетика,

                                                                            курулуш,транспорт жана байланыш

                                                                            боюнча туруктуу комиссиясынын

                                                                            курамына өзгөртүү  киргизүү жөнүндө

 

 

 Айылдык кеңештин  төрагасы К.Камчибековдун  айылдык кенештин Кара-Дыйкан шайлоо участкасынан  шайланган депутат А.Жолоев   Жазы айыл өкмөтүнүн  башчысы болуп шайланып  анын ордуна  шайлоочулардын көп добушун алган Исраилов Мирлан Камытжанович  аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан мандат алып депутат болуп келгендигин ошондуктан туруктуу комиссиянын курамына өзгөртүү кире тургандыгы боюнча маалыматын угуп жана талкуулап  Жазы айылдык кеңеши

 

 

                                                Т О К Т О М   К Ы Л А Т

 

  1. Айылдык кеңештин айыл чарба,энергетика,  курулуш,транспорт жана байланыш боюнча  туруктуу комиссиясынын курамына төмөндөгүдөй  өзгөртүү киргизилсин

 

                                 1.Касымалиев Турсунали – төрага

                                 2.Исаков Азамат

  1. Чотобаев Дамир
  2. Исраилов Мирлан

 

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттык этика,регламент мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо жана диний маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

Төрага                                                                                                  К.Камчибеков

 

 

 

                                         

                                                                                                   

 

                                                    

 

 

                                                                                                   

                                                                                

  

Жазы айылдык кеңешинин VII  чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясынын

                                 

                                                           ТОКТОМУ

 

04.11.2021-жыл                             №   6/ 18                             Кара-Дыйкан айылы

                                                                                           

Айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын  9 айында  аткарган иштер жөнүндө

 

 

Жазы айыл өкмөтүнүн  башчысы  Жолоев  Абаддын   2021-жылдын  9 айында  социалдык  экономикалык  өнүгүүсү  боюнча аткарган  маалыматын угуп жана  талкуулап  Жазы айылдык  кеңеши

 

                                             Т О К Т О М      К Ы Л А Т

 

1.Жазы айыл өкмөтүнүн     2021-жылдын  9 айында  социалдык  экономикалык  өнүгүүсү  боюнча аткарган  иштери канаатандыраарлык деп белгиленсин.

2.Жыл акырына чейин  салыктын бардык көрсөткүчтөрү боюнча  пландан чыгуу айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык  кеңештин айыл чарба,энергетика, курулуш, транспорт жана  байланыш боюнча  туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Башчы                                                                                               К.Камчибеков

 

 

 

 

 

                                                                                        

  

Жазы айылдык кеңешинин VII  чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясынын

                                 

                                                           ТОКТОМУ

 

04.11.2021-жыл                                        №   6/19                                 Кара-Дыйкан айылы

 

 

Айыл өкмөтүнүн 9 айлык бюджетинин  лимитин кароо жөнүндө

 

 

Жазы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Мисирали уулу Анарбектин   2021-жылдын 9 айында жергиликтүү бюджеттин   чыгымдалышы боюнча  маалыматын угуп жана талкуулап айылдык кенеш

 

 

                                         Т О К Т О М    К Ы Л А Т

 

 

1.Жазы айыл өкмөтүндө  лицензиядан  алынуучу салыктын  түшпөй  жаткандыгына байланыштуу  450,0 миң сом акча каражаты  өкмөттүн киреше бөлүгүнөн  кыскартылсын.

 

  1. Айыл өкмөтүнун 2021-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен ашыкча аткарылган  акча каражатынын  эсебинен  640,0 сом  акча каражатына   кошумча лимит  берүү жагы  Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинен суралсын.

 

  1. Каралган акча каражатына кошумча  смета түзүлсүн.

 

4.Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы   кеңештин бюджет, экономика жана муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Торага                                                                                К.Камчибеков.       

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                                                        

  

Жазы айылдык кеңешинин VII  чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясынын

                                 

                                                           ТОКТОМУ

 

04.11.2021-жыл                                    №   6/20                                   Кара-Дыйкан айылы

 

Айылдык кенеш тарабынан кабыл алынган токтомдорунун аткарылышы жөнүндө

 

 

Жазы айылдык кеңешинин  депутаттык этика, регламент мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо жана диний иштери боюнча туруктуу комиссиясынын   төрагасы Каракозуевдин  айылдык кеңеш тараптан кабыл алынган токтомдордун  аткарылышы жана  депутаттык этиканы сактоо боюнча маалыматын угуп жана талкуулап айылдык кенеш

 

                             Т О К Т О М    К Ы Л А Т

1.Айылдык кенеш тарабынан кабыл алынган  айыл чарба маселелери   боюнча  токтомдордун  аткарылышы жөнүндө  айылдык кеңешке жазуу жүзүндө маалымат   берүү өкмөт башчыга тапшырылсын.

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык  кеңештин айыл чарба,энергетика, курулуш, транспорт жана  байланыш боюнча  туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

Төрага                                                                                        К.Камчибеков

 

 

                    

 

 

 

 

 

                                                                                        

  

Жазы айылдык кеңешинин VII  чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясынын

                                 

                                                           ТОКТОМУ

 

04.11.2021-жыл                                      №   6/ 21                                    Кара-Дыйкан айылы

 

Жазы тазалык  муниципалдык ишканасынын тарифин бекитүү жөнүндө   

 

  Жазы айыл өкмөтүнүн 03.11.2021-жылдагы элдик жыйынын протоколу жана  тазалык ишканасынын тарифин бекитип берүү жөнудө токтому менен таанышып, талкуулап  айылдык кеңеш

 

 

                                     Т О К Т О М     К Ы Л А Т

 

 

1.Айылдардан  таштанды чыгаруу боюнча ар бир кожолукка айына  50сомдон  ай сайын төлөм белгиленсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы   кеңештин бюджет, экономика жана муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Төрага                                                                                      К.Камчибеков

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                                                        

  

Жазы айылдык кеңешинин VII  чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясынын

                                 

                                                           ТОКТОМУ

 

04.11.2021-жыл                                         №   6/ 22                                 Кара-Дыйкан айылы

 

Таза суу муниципалдык ишканасынын тарифин бекитүү жөнүндө 

 

  Жазы айыл өкмөтүнүн 03.11.2021-жылдагы элдик жыйынын протоколу жана  ичүүчү суунун тарифин бекитип берүү жөнудө токтому менен таанышып, талкуулап  айылдык кеңеш

 

 

                                              Т О К Т О М     К Ы Л А Т

 

 

  1. Ичүүчү таза суу ар бир кожолукка айына көчөдөн ташып ичкендерге 50 сомдон ал эми үйүнүн ичинен суу чыгарып  пайдалануучуларына 100сомдо төлөм бекитилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы   кеңештин бюджет, экономика жана муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Төрага                                                                                      К.Камчибеков

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                                                          

  

Жазы айылдык кеңешинин VII  чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясынын

                                 

                                                           ТОКТОМУ

 

04.11.2021-жыл                                       №   6/ 23                                Кара-Дыйкан айылы

 

Жазы айыл аймагына логистикалык  борбор ачуу жөнүндө

 

 

    Жазы айыл өкмөтүнүн  башчысы  айыл аймакта  өзүбүздүн дыйкандар   өндүргөн  айыл чарба продукцияларын жана мөмө жемиштерин  сактоого  логистикалык  борбор жок  болгондугуна байланыштуу  башка жактарда сактоого аргасыз болушкандыктан айыл аймактан  логистикалык борбор ачуу боюнча сунушун угуп жана талкуулап  айылдык кеңеш

 

 

                                      Т О К Т О М    К Ы Л А Т

 

 

  1. Жазы айыл аймагында логистикалык борбор ачуу жөнүндө айыл өкмөтүнун сунушу боюнча Жээренчи айылынын түндүк жагынан  82 контурдан 0,50 га жер тилкесин бөлүп берүү  жана тиешелүү документтерин  даярдоо айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.

 

  1. . Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык  кеңештин айыл чарба,энергетика, курулуш, транспорт жана  байланыш боюнча  туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

Төрага                                                                                  К.Камчибеков.

 

 

 

p class=params-