Жазы айылдык Кеңешинин  4-чакырылган  айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясынын

 

Т О К Т О М У 

Кара-Дыйкан айылы                           № 20                                  30.05.2013-жыл

 

Айылдык Кеңештин  сессиясында  ченемдик актыларынын долбоорлору  мамлекеттик тилде жүргүзүү жөнүндө

 

 

“Кыргыз Республикасынын  ченемдик  укуктук актылары  жөнүндө” мыйзамына  2013-жылдын  22-февралында  өзгөртүү киргизилип 2013-жылдын 1-мартынан баштап  күчүнө киргендигине байланыштуу  Жазы айылдык Кеңеши

 

 Т О К Т О М       К Ы Л А Т:

 

1.Жазы айылдык Кеңешинин аймагында  жашаган калктын  көпчүлүгү  кыргыз  тилин билгендиктен, айылдык  Кеңештин  сессиясында  ченемдик  актыларынын  долбоорлору малекеттик  тилде гана  каралсын жана жүргүзүлсүн.

 

  1. Токтомдун аткарылышы Жазы айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы  М.Акжоловага тапшырылсын.

 

 

   Жазы айылдык Кеңешинин   төрагасы                                Б.Дыйканбаев. 

 

 

 

                                                        

Жазы айылдык Кеңешинин (Vl шайланган) кезексиз  X сессиясынын

 

Т О К Т О М У

 

10.02.2018 ж.                              № 36\10                                   Кара-Дыйкан айылы 

 

Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын  курамына  талапкер көрсөтүү жөнүндө

 

  

Т О К Т О М:

  1. Кара-Дыйкан айылынын эмгек жамаатынын шайлоочуларынын 12-январь 2018-жылдагы №1 протоколу бекитилсин. (тиркеме тиркелет)

 

  1. Кыргыз Руспубликасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясына, Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына  талапкерликке Джумабаева  Чынара  сунушталсын.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жооптуу катчы Акжолова Минаварга жүктөлсүн.

 

 

 Жазы  айылдык

Кеңешинин төраганын орун басары                                           Э.Амиракулова

 

  

 

Жазы айыл өкмөтү                                  

Кара-Дыйкан айылы                                                                     6.02.2018-ж

Сатыбалдыев көчөсүнүн жамаатынын жыйынын

ПРОТОКОЛУ  №1

Күн тартибиндеги маселе Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына  талапкер көрсөтүү жөнүндө

                                       Жыйынга катышкандар- 39 адам

            Угулду жыйындын төрагасы Ж.Сатыбалдыев көчөсүнүн комитет башчысы М.Сатыбалдыев чыгып Күн тартибиндеги  маселе Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерликке  Ч. Джумабаеваны сунуштайм. Ч. Джумабаева жогорку билимдүү  биздин  балдар музыкалык мектебинде  эмгектенип келет. Шайлоо системасында көп жылдан бери иштеп келе жатат, шайлоо мыйзамдарын жакшы билет .

             Халикова Хурем  чыгып менда ушул сунушка кошуламын Чынара жогорку билимдүү,  шайлоо системасында иштеп шайлоонун тартиптерин жакшы билет, өзүңүздөр билгендей ар кандай массалык иштерге, жыйындарда активдүү катышып келет.

            М.Султанова, Ж.Маматкулова, Р.Турганбаев, М.Айсаевдер бир ооздон Ч.Джумабаевана  колдоорун  айтып өтүштү.

 

                                                           ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

  1. Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясын курамына талапкер Ч.Джумабаева сунушталсын.
  2. Ушул чечимди бекитип берүү жагы Жазы айылдык Кеңешинен суралсын.           

 

 

Жыйындын төрагасы                                                    М. Сатыбалдыев

                       Катчысы                                                    Э. Эшенкулова

 

 

Жазы айылдык Кеңешинин (Vl шайланган) кезектеги  X сессиясынын

 

 Т О К Т О М У

 

10.02.2018 ж.                                №37/10                                    Кара-Дыйкан айылы

 

 

Жазы айыл  аймагында  болуп  өткөн  жалпы  жыйында  тандалып  алынган  эки  артыкчылыктуу долбоорун бекитүү  жана  акча  каражатын  бөлүү жөнүндө

 

Жазы  айылдык Кеңеши  2018-жылдын 20-январында  айыл  өкмөтүнүн  айылдарынын  жалпы калкынын  катышуусундагы  “артыкчылыктуу долбоорду  тандап алуу”  боюнча болуп өткөн чогулушунун  протоколунун негизинде

 

 Т О К Т О М   К Ы Л А Т

 

  1. Айыл өкмөтүнүн  айылдарынан  артыкчылуктуу долбоору деп  табылган “Спорт-тынчтыктын элчиси” жана “Суу-өмүр булагы ” долбоорлору бекитилсин.
  2. Бул долбоордун ишке ашуусун колдоо максатында жергиликтүү  бюджеттен “Спорт-тынчтыктын элчиси” долбооруна 100 000 (бир жүз миң) сом жана “Суу- өмүр булагы” долбооруна 100 000 (бир жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл  өкмөтүнүн  башчысы  М.Ибраимовго милдеттендирилсин.

 

 

                                                                                                                   

        Жазы АК   төрагасынын орун басары                                        Э.Амиракулова

                                                                                     

 

 

 

Жазы айылдык Кеңешинин (Vl шайланган) кезектеги  XI сессиясынын

 

Т О К Т О М У

 

16.02.2018 ж.                                №38/11                                     Кара-Дыйкан айылы 

 

Жазы айыл  өкмөтүнүн  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программаларында  белгиленген  максат-милдеттерге жетишүү боюнча  2017-жылдагы  аракеттенүү планынын жыйынтыктары жана 2018-жылга милдеттери

 

Жазы айыл  өкмөтүнүн  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программаларында  белгиленген  максат-милдеттерге жетишүү боюнча  2017-жылдагы  аракеттенүү планынын жыйынтыктары жана 2018-жылга милдеттери жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ибраимовдун маалыматын угуп талкуулап айылдык Кеңеш

 

 Т О К Т О М   К Ы Л А Т

 

  1. Жазы айыл өкмөтүнүн  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программаларында  белгиленген  максат-милдеттерге жетишүү боюнча  2017-жылдагы  аракеттенүү планынын жыйынтыктары канаатандыраарлык деп белгиленсин.
  2. Жазы айыл өкмөтүнүн  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программаларында  белгиленген  максат-милдеттерге жетишүү боюнча  2018-жылдагы  аракеттенүү планы бекитилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

 

                 Төрага                                                      Ж.Акматов

 

  

 

 

Жазы айылдык Кеңешинин (Vl шайланган) кезектеги   XI сессиясынын

 

Т О К Т О М У

 

16.02.2018 ж.                              № 39/11                                    Кара-Дыйкан айылы

 

 

Жазы айыл өкмөтүнүн 2017- жылдагы бюджетинин  аткарылышы боюнча

                                             

 Жазы айыл окмотунун 2017-жылдагы бюджетинин  аткарылышын кароо жонундогу маселе айылдык Кенештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде Жазы айылдык Кенеши  

ТОКТОМ  КЫЛАТ

  1. 2017-жылы Жазы айыл өкмөтүнун киреше болугу – 24222,2 мин сомго жана чыгаша болугу 24908,2 мин сомго аткарылганы белгиленсин.
  2. Жазы айыл окмотунун 2017-жылы бюджеттин чыгаша болугуно белгиленип каржыланбай калган 1794,9 мин сом акча каражаты 2018-жылдагы бюджетти аткаруу чегинде сметанын негизинде каржылансын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жазы айылдык кеңешинин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

  

 

                     Төрага                                                    Ж.Акматов.                    

 

 

 

 

Жазы айылдык Кеңешинин (Vl шайланган) кезектеги   XI сессиясынын

 

Т О К Т О М У

 

16.02.2018 ж.                                      № 40/11                               Кара-Дыйкан айылы

 

                                                                Жазы айыл өкмөтүнүн Жобосун бекитүү

                                                                жөнүндө Жазы айылдык  кенеши 

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ

 

     1.Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын  12-январындагы  №5 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу  жана   жергиликтүү  мамлекеттик  администрациясы  жөнүндөгү”  Мыйзамынын  негизинде  иштелип чыккан  Жазы  айыл өкмөтүнүн  жобосу кабыл алынып  бекитилсин.

 

      2.Жазы айыл өкмөтүнүн жобосу , Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция       башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон  өткөрүп берүү жагы суралсын.

     

       3.Ушул токтомдун аткарылышы  Жазы айыл өкмөтүнүн юристи К.Султановго жүктөлсүн.

 

    

 

                    Төрага                                            Ж.Акматов.

 

 

 

«Жазы» айылдык Кенешинин 2018-жылдын

16- февралындагы  № 40/11 чечими менен  

                                                                                             бекитилген

Жазы айыл окмотунун

Ж О Б О С У

  1. Жалпы жоболор
    • Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Озгон районунун «Жазы» айыл окмотунун ыйгарым укуктарынын чектеринде жергиликтуу коомдоштуктун жашоосун камсыз кылуу жана турмуш тиричилигин, иштерин башкарууну жузого ашыруучу, айылдык Кенештин алдындагы аткаруучу-тескоочу органы болуп эсептелет.
    • Айыл окмоту оз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президенти менен Окмотунун аткарылган тиешелуу жергиликтуу озун-озу башкаруу органдары менен жергиликту мамлекеттик администрациясынын чечимдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
    • Айыл окмотунун юридикалык дареги: Ош обласы, Озгон району, Кара-Дыйкан айылы.
  1. II. Айыл окмотунун компентенциясы

2.1  Айыл окмоту:

  • Айылдык жашоо турмуштун камсыз кылуу тутумунун иштоосун жана онугуусун, калкка социалдык жана маданий кызматтарды корсотууну уюштурат;
  • Аймактын социалдык-экономикалык онугушунун жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын долбоорлорун иштеп чыгат жана аларды аткарат;
  • Айылдык бюджеттеринин долбоорлорун иштеп чыгат жана айылдык Кенеште бекитилгенден кийин аларды аткарат;
  • Тарых, архитектура жана маданият эстеликтерин коргоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана жузого ашырат.
  • Жаны жумушчу арындарын тузуу боюнча чараларды иштеп чыгат;
  • Жоюлуп жаткан ишканаларды менчиктештируудо жана социалдык маданий, тиричилик жана чарбалык багыттарды, объекттерди жана аларды иштоосу учун зарыл болгон жабдууларды айылдын, шаарчанын балансына откоруп берууго катышат;
  • Турак жай фондун онуктуруу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана жузого ашырат;
  • Коммуналдык менчикте турган, ошондой эле айыл чарба жерлерин кайра болуштуруу фондунун жерлерин сарамжалдуу пайдалануу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана жузого ашырат;
  • Экономикалык, социалдык жана укуктук чойролордун оз ара аракеттенуусуно оболго тузот;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарын жузого ашырат;

III. Откорулуп берилген Мамлекеттик ыйгарым укуктары

3.1    Жергиликтуу оз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттин айрым укуктары берилиши мумкун. Жергиликтуу оз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттин айрым ыйгарым укуктарын откоруп беруу бир эле мезгилде откорулуп берилген ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун шарттарын зарыл болгон материалдык жана финансылык каражаттар менен камсыз кылып, ченемдик укуктук актыларынын негизинде жузого ашырылат.

  • Калктуу конуштарда тиешелуу мамлекеттик органдар жок болгон учурда жергиликтуу озун озу башкаруу органдарына откорулуп берилген негизги мамлекеттик ыйгарым укуктарга ;
  • Калкты иш менен камсыз кылуунун жана калктын жер которуусунун программаларын иштеп чыгуу жана аткаруу;
  • Колунда жок адамдарды аныктоо, даректуу социалдык коргоону уюштуруу;
  • Паспорттук эрежелердин аткарылышына контролдукту жузого ашыруу жана белгиленген тартипте жарандарды каттоого алып жана каттоодон чыгаруу;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандык абал актыларын каттоо;
  • Камкорчуларды жана козомолдоочулорду, ошондой эле камкорчулук жана кабылдоочу уй-булоолордун, мониторингин (даярдоо) дайындоо;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык нотариалдык аракеттерди жасоо;
  • Жарандарга инсандык, уй-булоолук, мулктук абалын ырастаган маалымдамаларды, мыйзамдарга каралган башка документтерди беруу;
  • Коомдук тартипти чындоого комок корсотуу;
  • Аскердик кызматка чакырууну уюштурууга комок корсотуу;
  • Аймакта мыйзамдуулуктун жана коомдук тартиптин сакталышын камсыз кылуу;
  • Мыйзамга ылайык тиешелуу аймактарда чогулуштарды , митингдерди, кочо журушторун жана демонстрацияларды уюштурууга жана откорууго уруксат беруунун тартибин белгилоо;
  • Айыл чарба жерлерин кайра болуштуруу фондусундагы жерлерди болуштуруу жана пайдалануу;
  • Айыл чарба ондуруштун келечектуу онуктуруу боюнча материалдарды жалпылоо, айыл чарба продукцияларын ондуруу боюнча индикативдуу пландарды тузуу;
  • Мал чарбасында ветеринардык-санитардык, эпизоотияга каршы иш-чараларды жана селекциялык асыл тукум, иштерин уюштурууга , оз убагында откорууго комок корсотуу;
  • Айыл чарба осумдуктору, эгилген айдоолорду, эгилген айдоолорду,тебелеп  тепсоого каршы  иш-чараларды иштеп чыгуу жана жузого ашыруу;
  • Салыктарды жана алымдарды жыйноо;
  • Керектелуучулордун укугун камсыз кылуу;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан откорулуп берилген башка ыйгарым укуктары таандык кылынат;
  1. IV. Айыл окмотунун башчысы

4.1  Айылдык оз алдынча башкаруунун башчысы тийиштуу аймактагы шайлануучу кызмат адам, айыл окмотунун башчысы болуп саналат.

4.2  Айылдык оз алдынча башкаруунун башчысы тийиштуу аймактын калкы тарабынан торт жылдык моонотко шайланат. Айылдын айылдык оз алдынча башкаруусунун башчыларын шайлоонун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленет.

4.3  Айылдык оз алдынча башкаруунун башчысы ээлеген кызматынан томонку учурларда бошотулат:

- Жеке арызынын негизинде;

- Мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын Президентинин жана откорулуп берилген мамлекеттик укуктарды аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарылбагандыгы учун айылдык кенештеринин сессияларынын, депутаттардын жалпы санынын учтон экисинин копчулугунун макулдугу менен;

- Соттун айып коюлган окумунун кучуно киришинин негизинде;

-  Ал сот тарабынан аракетке жондомсуз деп табылган учурда;

- Анын олгон, дайынсыз кеткен деп жарыялоо жонундо соттун чечими мыйзамдуу кучуно кирген , ошондой эле олгон учурда;

-    Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоочу жерине кеткен учурда ;

-   Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан же Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон учурда;

-   Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айылдын шайлоочуларынын кеминде учтон биринин жазуу жузундогу талабы  боюнча;

- Эмгекке биротоло жарамсыздыгынын натыйжасында кызматтык милдеттерин аткарууга мумкун болбой калган учурда;

-   Айылдык кенешинин депутаттарынын жалпы санынын кеминде учтон экисинин талабы боюнча областын мамлекеттик администрация-губернатор тарабынан ээлеген кызматынан моонотунон мурда бошотулушу мумкун.

           Айылдык оз алдынча башкаруусунун башчысына айыл кенешинин депутаттары тарабынан ишеним козгоо учурда  Кыргыз РеспубликасынынОкмотунун Ош облусундагы ыйгарым укуктуу окулу эки жуманын ичинде анын моонотунон мурда ээлеген кызматынан бошотот, болбосо Айылдык Кенешинин негиздуу баш тартуу керек.

Айылдын оз алдынча башкаруу башчысына айылдык кенештеринин депутаттары тарабынан кайталап ишеним корсотулбогон учурда КРнын Окмотунун Ош облусундагы ыйгарым укуктуу окулу эки жуманын ичинде аны ээлеген кызматынан бошотот жана жаны шайлоону дайындоо жонундо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук шайлоо комиссиясына отунуч берилет.

  1. V. Айылдын айылдык оз алдынча башкаруусунун башчысынын ыйгарым укуктары

5.1 Айылдын айылдык оз алдынча башкаруусунун башчысы:

-  Айыл окмотунун ишин жетектейт жана анын  натыйжасы учун жоопкерчилик тартат;

- Айылдык Кенешке айылдын бюджеттеринин долбоорлорун             сунуш кылыт, айылдагы иштин жалпы абалы,айылдык бюджеттин аткарылышы жана коммуналдык менчикти пайдалануу ,аймактын социалдык- экономикалык онугуусунун программасынын аткарылышы жана калкты социалдык жактан коргоо жонундо Айылдык Кенешке жарым жылда бир жолудан кем эмес отчет берет;

- Озунун ишинин натыйжасы жонундо айылдык кенешке жылына бир жолудан кем эмес отчет берет;

- Откорулуп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын талаптагыдай аркарылышын уюштуруу учун жекече жооп тартат;

- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык айылдык салыктарды жана жыйымдарды киргизуу боюнча айылдык кенешке сунуштарды киргизет;

- Мамлекеттик  мекемелер менен уюмдардын тийиштуу аймактарындагы болукторунун жетекчилерин дайындоо жана кызматынан бошотууга макулдук берет;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде башка маселелерди чечет.

  1. VI. Айыл башчысы

6.1.  Айылдык Кенешинин аймагында турган озунчо жайгашкан калктуу конуштардын айылдык иштерин кундолук башкарууну уюштуруу максатында айылдык кенештин чечими боюнча айыл окмотунун эмгек акы толоо фондунун чегинде айыл башчысынын кызмат орду киргизилиши мумкун.

6.2. Айыл башчысы айыл окмотунун чечимине ага откорулуп берилген милдеттерди калктуу конуштун аймактык озгочолоруно, калыптанып калган урп-адаттары менен салттарына жараша аткарат;

6.3. Айыл башчысы айылдын Айылдык оз алдынча башкаруусунун башчысы тарабынан тийиштуу аймактын тургундарынын чогулушунун макулдугу менен дайындалат.

                                     VII. Айыл окмотунун коммуналдык менчиги

7.1 Коммуналдык менчик – Айылдык коомчулуктардын Айылдык оз алдынча башкаруу органдарынын ээлигинде, пайдалануусунда, тескоосундо турган, айылдык оз алдынча башкаруунун кирешелер алуучу булагы жана калктын социалдык – экономикалык керектоолорун канааттандырууга кызмат отоо менчиги.

7.2 Коммуналдык менчикке:

- Жер

- Кыймылдуу жана кыймылсыз мулк;

- Айылдык коомчулуктун казынасы;

- Муниципалдык баалуу кагаздар кирет;

Коммуналдык менчикти пайдалануу жана тескоонун тартибин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык айылдык кенештер белгилейт.

7.3. Коммуналдык менчик укугу мамлекет тарабынан менчиктин мамлекеттик, жеке жана башка формулары менен тен катар таанылат жана корголот.

                         VIII. Айыл окмотунун чарбалык субъекттерди тузуу укугу

8.1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Жазы айыл окмоту чарбалык иштери жузого ашыруу учун чарба жургузуучу субъектерди тузууго, аларды кайра уюштуруунун жана жоюнун маселелерин чечууго укуктуу.

8.2. Айыл окмотун кайра тузуу, жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык жургузулот.

 

Жазы айыл окмотунун башчысы:                                               М.Ибраимов.

 

Жазы айылдык Кеңешинин (Vl шайланган) кезектеги   XI сессиясынын

 

Т О К Т О М У

 

16.02.2018 ж.                              № 41/11                        Кара-Дыйкан айылы

 

Жазы айыл   өкмөтүнүн 2017-жылдагы    бюджетинин    аткарылышын      жана    2018-ж жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндө

 

 

            Маселе айылдык  Кенештин бюджет , финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде Жазы айылдык Кенеши  

ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

  1. 2018-жылы Жазы айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин бюджетинин киреше бөлүгү 251,000 миң сомго жана чыгаша бөлүгү   191,396 миң сомго аткарылганы белгиленсин.
  2. 2018-жылга Жазы айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү 251,000 миң сом өлчөмдө бекитилсин.
  3. Жайыт комитетинин 2018-жылга бюджетинин  чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер эмгек акы, социалдык фондко чегерүү сунушталсын.
  4. Казына системасын четтен өтүү менен каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын.
  5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жазы айылдык Кеңешинин бюджет финансы, салык жана социалдык маселелер  боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. 

 

  

                     Төрага                                                    Ж.Акматов.                    

 

 

  

 

 

Жазы айылдык Кеңешинин (Vl шайланган) кезектеги   XI сессиясынын

Т О К Т О М У

 

16.02.2018 ж.                              №  42/11                                 Кара-Дыйкан айылы

 

 

                                                           Жазы айылдык  Кеңешинини 2018-жылга карата

                                                           түзүлгөн иш-планы  бекитүү жөнүндө Жазы

                                                           айылдык Кеңеши

 

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

  1. Жазы айылдык Кеңешинин 2018-жылга карата иш-планы бекитилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу  айылдык  кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

 

 

                     Төрага                                                    Ж.Акматов.

                                                       

 

 

                                                                                      Жазы айыл  Кеңешинин  2018-жылдын

                                                                                     16-февралындагы №42\11 токтомуна  тиркеме

          Жазы  айылдык Кеңешинин  2017-жылга  карата түзүлгөн иш-планы

Каралуучу маселелердин  мазмууну

Аткаруу мөөнөтү

Аткарууга жооптуулар

1

Жазы айыл өкмөтүнүн 2017-жылга социалдык –экономикалык  өнүгүүсүнүн  жыйынтыктары жана 2018-жылга  милдеттери жөнүндө Жазы айыл өкмөтүнүн башчысынын отчету

 

1-квартал

Айыл өкмөтүнүн аппараты , туруктуу комиссиялар

2

Жазы айыл окмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин  аткарылышы

 

Бюджет экономика,муниципалдык  менчик боюнча  туруктуу комиссиясы

3

Жайыт жерлерин натыйжалуу пайдалануу маселелерин кароо

2 квартал

Айыл-чарба,энергетика курулуш,соода, транспорт боюнча  туруктуу комиссиясы

4

Мектептердин жүргузүп жаткан иштери жана билим сапатынын деңгээли

 

Социалдык маселелер, саламаттыкты сактоо,билим берүү, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссия

5

Жазгы талаа жумуштарына даярдык,жалпы пайдалануудагы  жерлерди көрктөндүрүү жашылдандыруу боюнча аткарылган иштер

 

3-квартал

Айыл-чарба,энергетика,курулуш,соода, транспорт боюнча  туруктуу комиссиясы

6

Дене тарбиясын жана массалык спортту  өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу

 

Жаштар саясаты, спорт маданият боюнча туруктуу комиссия

7

Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн  31.01.2018-жылдагы  №74 токтому “Жаңы доорго кырк кадам”программасынын

4-квартал

Социалдык маселелер,саламаттыкты сактоо,билимберүү,коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясы

8

Жазы айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бюджетин бекитүү 2020-2022-жылдарга болжолдуу проектисин кароо жөнүндө

 

Бюджет экономика,муниципалдык  менчик боюнча  туруктуу комиссиясы

 

9

Жыл ичинде кабыл алынган токтомдордун аткарылышы

 

Айылдык Кеңештин жооптуу катчысы

 

Жазы айылдык Кеңешинин   жооптуу  катчысы                            М.Акжолова

 

 

 

 

Жазы айылдык Кеңешинин (Vl шайланган) кезектеги   XI сессиясынын 

 Т О К Т О М У 

16.02.2018-ж.                                      №  43/11                              Кара-Дыйкан айылы 

 

 Жазы айыл  аймагына вет сервис ачуу боюнча

 

  Кызыл-Дыйкан айылынын  тургуну    Д.Чотобаевдин арызы менен алдын ала  айыл чарбасы боюнча туруктуу коммиссиясы карап чыгып алардын сунушунун негизинде  Жазы айылдык Кеңеши 

                                                     ТОКТОМ  КЫЛАТ 

 

1.Жазы айыл аймагында  жеке менчик  вет сервиз ачууга Кызыл-Дыйкан айылынын тургуну Д.Чотобаевге уруксат берилсин.

 2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу туруктуу комиссияга  тапшырылсын.

 

 

 

               Төрага                                                         Ж.Акматов.

 

 

 

 

 Жазы айылдык Кеңешинин (Vl шайланган) кезектеги   XI сессиясынын

 Т О К Т О М У

   16.02.2018-ж.                               №  44/11                                  Кара-Дыйкан айылы

 

Жазы айыл өкмөтүнүн  Уч-Көчө участкасындагы   Исманов Азаматтын  жеке менчик жер участогуна   түзүлгөн   шаар  куруу  түйүнүн  бекитип  берүү  жөнүндө

 

                     Жазы айыл өкмөтүнүн Уч-Көчө участкасындагы   Исманов Азаматтын  элди тейлөө максатында  менчик жер участогуна   Кыргыз илим изилдөө  архитектура жана   шаар  куруу  долбоорлоо институнун  Оштогу филиялы тарабынан түзүлгөн  шааркуруу  түйүнү (градоузел)  бекитип  берүү  боюнча арызынын  негизинде Жазы айылдык Кеңеши

 

                                               Т О К Т О М   К Ы Л А Т

 

  1. Жазы айыл өкмөтүнүн Уч-Көчө участкасындагы Исманов Азаматтын  элди тейлөө максатында 120,0 кв.м  менчик жер участогуна   Кыргыз илим изилдөө  архитектура жана   шаар  куруу  долбоорлоо институнун  Оштогу филиялы тарабынан түзүлгөн  шифр № 3097 шаар  куруу  түйүнү бекитилип берилсин.
  2. Суралсын Өзгөн райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгы

     (Н.Абдыкаримов) курулуш иштерине тийиштүү  иш-кагаздарын даярдап берүү

     жагы.

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу      комиссияяга  жана  айыл өкмөтүнүн  жер адиси  А. Балтабаевге  милдеттендирилсин.

  

 

                      Төрага                                               Ж.Акматов

 

 

 

Жазы айылдык Кеңешинин (Vl шайланган) кезектеги   XI сессиясынын

 

Т О К Т О М У

 

  16.02.2018-ж.                               №  45/11                                  Кара-Дыйкан айылы

                              

                                                           Жазы айыл өкмөтүнүн  күн  чыгыш тарабынын

                                                           вет.сервистин  канторасын куруу жана Демик 

                                                           участкасына  раскол куруу  боюнча

                                                                          

Жазы  айылдык  Кеңешинин  кезектеги  сессиясында  айыл  өкмөтүнүн  башкы  адиси  А.Балтабаевдин  жана  Өзгөн  райондук  архитектура  жана  шаар  куруу  башкармалыгынын  адиси  Т.Молдалиевдин  билдирүүлөрүн  угуп  жана  талкуулап  Жазы   айылдык  Кеңеши

                                                       ТОКТОМ    КЫЛАТ

  1. Жазы айыл  өкмөтүнүн  кеңсесинин (конторасынын) күн  чыгыш  тарабында  Яссы  совхоз  учурунда  көрнөк,  жарнактар  илинүүчү  жер  тилкеси  учурда  бош  жатат, ошол  жерге  вет.  сервистин   канторасын   курууга   жана  Демик  участкасынан   жылкыларга  чип  тагуу  үчүн  раскол  курууга  жер  тилкеси  бөлүп   берүү  жана  ген.  планга  киргизүү  айыл  өкмөтүнө  тапшырылсын.
  2. Жээренчи айылына  караштуу  Атамкул  каналынын  күн  чыгыш  тарабындагы  айыл  чарбасына  жараксыз  бош  жаткан  0,10га  жер  тилкесинин  0,02га  жер  тилкеси  мал  чарбасын  өнүктүрүү  үчүн вет.  аптека,  вет. пункт  курууга  калган  0,08 га  жер  тилкеси  турак  жай  курууга  ген.  планы  бекитилсин.   
  3. Токтомдун аткарылышын, жер  турак  жай  коминикация  боюнча  айыл  өкмөтүнүн  башкы  адиси  А.Балтабаевге  жүктөлсүн.

 

  

                   Төрага                                                               Ж. Акматов

p class=params-