Жазы айылдык Кеңешинин (Vl шайланган) кезектеги IX сессиясынын

 

                                                Т О К Т О М У

 

25.12.2017 ж.                               №32/9                                    Кара-Дыйкан айылы

 

Жазы айыл өмөтүнүн 2018-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү 2019-2021-жылдарга болжолдуу проектисин кароо жөнүндө

 

 

Жазы айыл өмөтүнүн  2018-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү 2019-2021-жылдарга болжолдуу проектисин кароо жөнүндө маселе айылдык Кеңешинин бюджет, экономикасы, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясында алдын алып каралып, алардын сунуштарынын негизинде Жазы айылдык Кеңеши

 

                                      Т О К Т О М   К Ы Л А Т

 

  1. 2018-жылы Жазы айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү – 24742,6 миң сомго жана

чыгаша бөлүгү 24742,6 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин

  1. Айыл өкмөтүнүн 2019-2021-жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү

     №2 тиркемеге ылайык бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл  

     алууда такталууга жатаары белгиленсин

  1. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери

      жөнүндө Мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик   

      фонду 247,4 миң сом өлчөмүндө бекитилсин

  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2018-2020-жылдарга

жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги  тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык фондко чегерүү, тамак-аш, дары-дармек жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга чегерүүлөр) коммуналдык кызматтар (электр энергия, көмүр, суу) боюнча жүзөөгө ашыруу сунушталсын

  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары теңдөөчү гранттарды биринчи

кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоого багытталсын

  1. Республикалык бюджеттен теңдөөчү грантардын эсебинен коммуналдык

чыгашаларды толук каржылоо үчүн жергиликтү өз алдынча башкаруу органдарды жоопкерчилик тартышаары  белгиленсин

  1. Бюджеттик мекемелер, чарба жүргүзүүчү субьектер жана жергиликтүү өз

алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багыталышы боюнча пайдаланбаган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджеттин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүлүп алынаары эске алынсын.

  1. Казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга

тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганга атайын каражаттын 100% Кыргыз Республикасынын республикалык бюджеттинин кирешесине алынаары белгиленсин.

 

  1. Айланма кассалык калдык (оборотная кассовая наличность) айыл өкмөтүнүн

бюджетти   боюнча     жүргүзүлгөн    накталай акча каражаты 2019-жылдын        1-январына карата 100,0 миң сом өлчөмдө белгиленсин

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет,

экономика муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

                          Төрага                                               Ж.С.Акматов

 

 

 

Жазы айылдык Кенешинин (VI шайланган) кезектеги IХ сессиясынын

ТОКТОМУ  

 

25.12.2017 ж.                         №33/9                                            Кара-Дыйкан айылы

 

Биргелешкен аракет планын бекитүү жөнүндө

 

Жазы айыл өкмөтүнүн 21.11.2017-жылы коомдук угууда кабыл алынган  2018-2019-жылдарга карата БАПтын биргелешкен иш пландарынын карап чыгып Жазы Айылдык Кеңеш

Т О К Т О М   К Ы Л А Т

 

  1. 2018-2019-жылдарга карата Жазы айыл өкмөтүнүн 21.11.2017-жылы коомдук угууда кабыл алынган Биргелешкен арекет планы толугу менен, демилгелүү топтордун курамы, биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун курамы бекитилсин.                                                                                                                               
  2. Жазы айыл өкмөтүнө караштуу Жээренчи айылынын Б.Султанов атындагы көчөгө асфальт басуу үчүн сметалык баасы 3153158 сомдук проектин, Жазы айыл өкмөтү тарабынан дем берүүчү грант катары өздук салым иретинде проекте көрсөтүлгөн сумманын 10%ти (315315,8) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
  3. Биргелешкен аракет пландарын аткаруу жагы туруктуу комиссия мүчөлөрү жана демилгелүү топ мүчөлөрү менен бирдикте ишке ашырылсын.
  4. Биргелешкен аракет планын аткаруу жана ишке ашыруу, айыл өкмөтүнүн башчысы Ибраимов М.Т. милдеттендирилсин.

 

 

 

                      Төрага                                                            Ж.С. Акматов

           

 

 

 

               Жазы айылдык Кеңешинин (VI  шайланган )кезектеги  IХ сессиясынын

                                                           Т О К Т О М У

 25.12. 2017-жыл                             №34\9                            Кара-Дыйкан  айылы

 

 

Кара-Дыйкан айылынын тургуну Жоробаева Жумагулдун арызын жана менчик барачный типтеги үйүнө караштуу документерин карап чыгып Жазы айылдык Кеңеши

 Т О К Т О М   К Ы Л А Т  

  1. Кара-Дыйкан айылынын тургуну Жоробаева Жумагулдүн өзүнүн менчик союз мезгилиндеги курулуган барачный типтеги үйүнө караштуу териториясына, Кара-Дыйкан айылынын ген планына, Ош областык архитектурасы тарабынан мыйзамга жана архитектура нормаларына туура келе турган кылып өзгөртүү киргизип чийилген схемасына ылайык ген планы бекитилсин.

 

 

                      Төрага                                                     Ж.Акматов

 

 

 

 

Жазы айылдык Кеңешинин (VI  шайланган )кезектеги IХ сессиясынын

ТОКТОМУ

25.12.2017-жыл                               №35 /9                        Кара-Дыйкан айылы

 

Кара-Дыйкан  айылындагы М.Самидин көчөсүнүн этек жагына ат кою жөнүндө

Жазы айылдык Кеңеши кезектеги IХ  сессиясы Кара-Дыйкан айылынын жергиликтүү жамаатынын 2017-жылдын 17-декабрындагы “Кара-Дыйкан айылынын жаңы чектеги элдик жыйындын эмгектин ардагери  маркум Айтбаев Аваздын ысмын ыйгаруу жөнүндөгү” протоколун жана керектүү документтерди карап чыгып, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Кара-Дыйкан айылындагы М.Самидин көчөсүнүн этек жагы Эрмаматов Маматжакыпдын үйүнөн баштап Өзгөн-Зергер авто жолуна чейин эмгектин ардагери маркум Айтбаев Аваздын  ысымы ыйгарылсын.

 

  1. Айтбаевдардын үй-бүлөсүнө көчөнүн атын жана үйлөрдүн номерлерин жаздырып илдирүү жагы милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук, депутаттык этика жана диний маселелер боюнча туруктуу комиссисына тапшырылсын.

 

                Төрага                                                      Ж.Акматов

 

 

 

 

p class=params-