Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи  чакырылыштагы кезектеги 5-сессиясы

ТОКТОМ

 

Курбу-Таш айылы                                     № 16                          “30”  ноябрь 2021-жыл

 

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2021-жылдын 9 ай ичинде киреше жана чыгашаларынын аткарылышы жөнүндө.

 

             Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесине, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 34-беренесине таянып жана финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиянын сунуштарынын негизинде, Жалпак-Таш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.2021-жылдын 9 айында Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешеси 17088,0 миң сомго, ал эми чыгашалары 16559,1 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин. 

2.Кирешелердин беренелер боюнча аткарылышын жана чыгашалардын аткарылышынын мыйзамдуулугун Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы көзөмөлүнө алсын. 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

Төрайым                                                                                                               Г.Матиева

 

 

 

 

 

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи  чакырылыштагы кезектеги 5-сессиясы

ТОКТОМ

 

Курбу-Таш айылы                                          № 17                    “30”  ноябрь 2021-жыл

 

Жалпак-Таш айыл аймагындагы маданият үйлөрүнүн жана китепкананын калкты тейлөөдөгү ишмердүүлүгү жөнүндө.

            Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына таянып жана Жалпак-Таш айылдык кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо,жаштар жана дин иштери боюнча туруктуу комисиясынын сунуштарынын негизинде Жалпак-Таш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Жалпак-Таш айыл аймагындагы маданият үйлөрүнүн жана китепкананын калкты тейлөөдөгү ишмердүүлүгү айрым кемчилдиктери менен канааттандырарлык экендиги белгиленсин.

2.Түз-Бел маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүү жана жылытуу системасын орнотуу айыл өкмөтүнүн планына киргизилсин.

3.Курбу-Таш маданият үйүн полдоо, жылытуу системасын орнотуу, инвентарлар менен камсыздоо, үстүн жылуулоо (черный потолок кагуу) иштери айыл өкмөтүнүн планына киргизилип, 2022-жылдагы жергиликтүү бюджетин каражатынын эсебинен аткарууга алынсын.

4.Курбу-Таш китепканасынын китеп фондун көбөйтүүнүн үстүндө иш алынып барылсын, ал үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнсүн. Окурмандар менен иш алып баруу колго алынсын, 2021-жылдын жыйынтыгы менен китепкананын ишин жакшыртуу боюнча Жалпак-Таш айыл өкмөтү карап чыгып сунуштарын берсин.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер, билим берүү, маданият,саламаттыкты сактоо,жаштар жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрайым                                                                                                               Г.Матиева

 

 

 

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи  чакырылыштагы кезектеги  5-сессиясы

ТОКТОМ

Курбу-Таш айылы                                      № 18                      “30” ноябрь 2021-жыл

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 01.02.2012-жылдын №3 чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү  жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 01.02.2012-жылдагы №3 чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында, Жалпак-Таш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

            1.Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 01.02.2012-жылдагы №3 чечиминин 5-пунктуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин;

-өндүрүлгөн таш кенинин сатуу жөнүндөгү келишимдерине ар бир ишкана өзгөртүү киргизишсин. (Мисалы: 1 катмардан (слой) алынган ар бир куб таш 1500-2000 сомдон кем болбошу керек. Экинчи катмардан (слой) алынган ар бир куб таш 2000-2500 сомдон кем болбошу керек.) деген сөздөр бар- өндүрүлгөн таш кенинин сатуу жөнүндөгү келишимдерине ар бир ишкана өзгөртүү киргизишсин жана 1-жана 2-катмардан (слой) алынган бир м/куб таш 4000 (төрт миң) сомдон кем болбош керек деген сүйлөмгө алмаштырылсын.

            2.”Сары-Таш” таш кенинде иш алып жатышкан ишканалар Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн социалдык инфраструктурасын өнүктүрүүгө жакындан жардам беришсин жана андан сырткары социалдык инфраструктурасын өнүктүрүүгө ар бир ишкана жылына 100 000 (жүз миң) сомдон кем эмес накталай акча каражатынан жардам берүү келишимдерин түзүшсүн.

            3.Ушул күнгө чейин түзулгөн келишимдерди кайрадан карап чыгуу жана келишимди көрсөтүлгөн акча каражаттарын жергиликтүү бюджетине түшүрүүгө жетишүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Арыновго милдеттендирилсин.

            5.Ушул токтомдо көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын укуктук нормативдик актыларынын талаптарына каршы келбестигин кароо жана токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрайымынын орун басары регламент, мыйзамдуулук укук тартиби  жана депуттаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Калдыбаевге милдеттендирилсин.

4.Токтом кабыл алынган кундөн тартып күчүнө кирет.

Төрайым                                                                                                               Г.Матиева

 

 

 

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи  чакырылыштагы кезектеги 5-сессиясы

ТОКТОМ

Курбу-Таш айылы                                     № 19                          “30”  ноябрь 2021-жыл

 

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-жылдын 9 ай ичинде бекитилген пландан ашыкча түшкөн акча каражаттарын бюджеттик тармактарга бөлүштүрүү жөнүндө

            Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 44-,78-беренелерине ылайык 2021-жылдын 9 ай ичиндеги жергиликтүү бюджети аткарууда киреше салыгынан жана кен жайгашкан жердин ижарасынан ашыкча каражат түшкөндүктөн, 1550,0 миң сом акча каражатын чыгыша бөлүгүнө сунушун карап чыгып,Жалпак-Таш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.2021-жылдын 9 ай ичиндеги жергиликтүү бюджетти аткарууда киреше салыгынан жана кен жайгашкан жердтн ижарасынан ашыкча каражат түшкөндүктөн, киреше салыгынан 550,0 миң сомго, кен жайгашкан жердин ижарасынан 1000,0 сомго, жалпысы 1550,0 миң сомго кошумча план алынып , 2021-жылдын 4-кварталындагы чыгашалардын төмөндөгү беренелерине жумшалсын :

-апараттын 2214-беренесине 15,0миң сом;

-аппараттын 2222-беренесине 20,0 миң сом;

-турак-жай комуналдык чарбанын 2214-беренесине 40,0миң сом;

-турак-жай комуналдык чарбанын 2215-беренесине 200,0миң сом;

-турак-жай комуналдык чарбанын 2221-беренесине 1020,0миң сом;

-турак-жай комуналдык чарбанын 2222-беренесине 50,0миң сом;

-орто мектептин 3112-беренесине 60,0миң сом;

-бала-бакчанын 3112-беренесине 30,0миң сом

-социалдык коргоо бөлүмүнүн 2721-беренесине 55,0миң сом;

-маданият үйүнүн 2223-беренесине 60,0миң сом.

2.Жогорудагы акча каражаттарын жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүмдөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жана максаттуу пайдалануу Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Төрайым                                                                                                               Г.Матиева

 

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи  чакырылыштагы кезектеги 5-сессиясы 

ТОКТОМ 

Курбу-Таш айылы                                        №20                        “30”ноябрь  2021-жыл

 

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2022-жылга карата иш-планын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү  мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына  жана  Жалпак-Таш айылдык кеңешинин регламентине таянып айылдык кеңештин төрайымы    Г.Матиева  сунуштаган  2022-жылга карата айылдык кеңештин    иш-планын карап чыгып  Жалпак-Таш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2022-жылга карата түзүлгөн  иш-планы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2.Ушул токтомдун жана иш-чаралар планынын аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

 

Төрайым                                                                                                                Г.Матиева

 

 

 

 

 

 

 

№1 тиркеме

Жалпак-Таш айылдык кенешиин

 2021-жылдын 30-ноябрындагы  №20

токтому менен бекитилген.

 

Жалпак-Таш айылдык кенешинин 2022-жылга карата  иш планы

 

No

Иш чаралардын мазмуну

Аткаруу мооноту

Аткарууга жооптуулар

1

Жалпак-Таш айылдык кенешинин иш планын бекитуу

2022-жыл

Январь Февраль

Кенештин торайымы

2

Жалпак-Таш айыл окмотундогу иштин жалпы абалы  2022-жылга жергиликтуу бюджетин 2023-2024-жылдарга киреше болугунун болжолдуу корсоткучторун бекитуу жонундо

Жалпак-Таш айыл окмотунун 2022-жылга бюджеттик кирешелер жана чыгашалар боюнча бекитуу

февраль

Бюджет, экономика боюнча туруктуу комиссиясы, айыл окмоту, ФЭБ башчысы

3

Жайыт комитетинин  2021-жылдагы аткарган иштеринин отчету

-Жайыттарды пайдалануу усчун акыны белгилоонун тартиби жонундо жобону

-Жайытты башка максаттарда пайдалануу учун акынын коломун кароо.

Жазгы талаа жумуштарына даярдык боюнча жалпы пайдалануудагы жерлерди корктондуруу жана жашылдандыруу боюнча ж.б. жумуштардын графиги менен таанышуу (айыл окмот менен)

Март

Айыл чарба, жер боюнча туруктуу комиссиясы

 

Жайыт комитенинин торагасы

4

Жалпак-Таш айыл окмотунун айыл аймагындагы  ветеринардык  ишмердуулук жонундо

Апрель

Айыл чарба, жер боюнча туруктуу комиссиясы

5

Саламаттыкты сактоо мекемелеринин  калкын тейлоодо аткарып жаткан иштери жонундо

Май

Социалдык маселелер боюнча боюнча турктуу комиссиясы

6

2021-жылдын жыйынтыгы боюнча калкты таза суу менен камсыздоо маселеси боюнча калктын сунуштарын эсепке алуу менен маселесин чечип беруу

июнь

Айыл чарба жер боюнча жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия

7

Томондогу маселелер боюнча айыл окмотунун соц.коргоо боюнча адисинин жаштар комитетинин социалдык маселелер боюнча комиссиянын маалыматын угуу

-элдик корком чыгармачылыкты онуктуруу

-балдар жана жаштар боюнча иш чараларды жузого ашыруу

-айыл аймагындагы балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыздоо боюнча иш чараларды жузого ашыруу

июль

социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия

8

Кузгу жана  кышкы мезгилдерде даярдык коруунун журушу менен таанышуу учун муниципалдык обьектерге баруу мектептердин жана МЧББУМдин

-муниципалдык менчиктеги обьектердинкыш мезгилине даярдыгын алдын ала текшеруунун жыйынтыгы боюнча мекемелердин маалыматын угуу.

Каржылоо жана жылытуучу материалдары сатып алуу маселесин карап чыгуу жана талкуулоо.

август

социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия

9

Озгочо кырдаалдарды алдын алуу жана  жоюу боюнча айыл окмоттун аппараты  даярдаган планын алдын ала карап чыгуу, маалыматын угуу

сентябрь

Айылдык кенештин торайымы

туруктуу Комиссиянын  торагалары

10

Озгон РИИБнин айыл аймагы боюнча тескоочунун Жалпак-Таш айыл аймагы боюнча 2022-жылдагы отчетун угуу

Октябрь

Регламент жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссия участкалык инспекторлор

11

Жыл жыйынтыгы боюнча жигердуу иши менен озгочолонгон жана айылдык аймактын онугуусуно олуттуу салым кошкон айылдык кенештин депутаттарын жана жашоочуларды сыйлыкка корсотуу

Ноябрь

Айылдык кенештин торайымы

туруктуу Комиссиянын  торагалары

12

2022-жылдын иш жыйынтыгын эске алуу менен туруктуу комиссия тарабынан даярдалган айылдык кенештин 2023-жылга иш планын долбоорун алдын ала карап чыгуусу

декабрь

Айылдык кенештин торайымынын орун басары туруктуу комиссиялар

 

Уюштуруу-массалык иштер

 

No

Иш чаралардын мазмуну

Аткаруу мооноту

Аткарууга жооптуулар

1

Убактылуу комиссиянын сандык сапаттык курамын бекитуу (зарылдыкка жараша)

Жыл ичинде

Кенештин тор айымы

2

Жалпак-Таш айылдык кенешинин Регламентине озгортуулорду киргизуу жана бекитуу (зарылдыкка жараша)

Жыл ичинде

Кенештин торайымынын орун басары жана жоопту катчысы

3

Коомдук бюджеттик угууларды, депутаттык окууларды откоруу

Жыл ичинде

Бюджет, экономика боюнча туруктуу комиссиясы торагасы, ФЭБ башчысы

4

Депутаттардын жарандык коомдук активдери, шайлоочулары менен жолугушууларды(отчетту) уюштуруу

Жыл ичинде

Кенештин торайымынын орун басары жана туруктуу комиссиялар

5

Алдынкы айылдык кенештин иш тажрыйбалары менен болушуп уйронууну уюштуруу

Жыл ичинде

Кенештин тор айымы

6

Депутаттык ыйгарым укуктарды моонотунон мурда токтотуу жонундо (зарылдыкка жараша) айылдык кенештин жана туруктуу комиссиялардын ишмердуулугу жонундо

Жыл ичинде

Кенештин орун басары дана туруктуу комиссиялардын катчылары

7

Айыл окмотунун жылдык отчетун элдик жыйындарда уюштуруу

Жыл ичинде

Кенештин торайымы, айыл окмот башчысы

8

7-чакырылыштагы Жалпак-Таш айылдык кенеши тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышы жонундо

Жыл ичинде

Кенештин туруктуу комиссияларынын торагалары жана жооптуу катчысы

 

 

Жалпак-Таш айылдык

кеңешинин төрайымы                                                                                      Г.Матиева

 

 

 

 

 

 

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи  чакырылыштагы кезектеги  5-сессиясы

ТОКТОМ

Курбу-Таш айылы                                      № 21                      “30” ноябрь 2021-жыл

 

Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан өнөр жай,

транспорт, байланыш, коргонуу жана башка жерлер

категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө" убактылуу жобого жана айылдык кеңештин "Айыл чарбасы, өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика, жер казынасы боюнча" туруктуу комиссиясынын сунушуна таянып, Жалпак-Таш айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Жалпак-Таш айыл аймагындагы Үч-Каптал айылынын түндүк батыш тарабында жайгашкан №722 контурунда жалпы аянты 10,85 га жайыт болуп катталган жердин ичиндеги 0,6 га жер тилкесин жана №702 контурдагы жалпы аянты 1,28 га жайыт болуп катталган жердин ичиндеги 1,1 га жер тилкесин айыл чарба багытындагы жерлердин категориясынан өнөр жай, транспорт, байланыш коргонуу жана башка жерлер категориясына которууга макулдук берилсин. 
  1. Аталган жер тилкесин которууга (трансформациялоого) тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүү Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин. 
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы "Айыл чарбасы, өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика, жер казынасы боюнча" туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрайым                                                                                                               Г.Матиева

 

 

 

 

 

 

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи  чакырылыштагы кезектеги 6-сессиясы 

ТОКТОМ

 

Курбу-Таш айылы                                     №22                                   “20” январь 2022-жыл

 

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн  2022-жылга  жергиликтүү бюджетин  жана 2022-2024-жылдарга  жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн болжолдуу көрсөткүчтөрүн бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин  102-117-беренелерине ылайык жана финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн   2023-жылга   жергиликтүү бюджеттин бекитүү боюнча,  алдын ала каралган  сунуштамаларынын негизинде,  Жалпак-Таш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.2022-жылга Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 22056100  сомго бекитилсин.( №1,2 тиркеме)

2.Айыл өкмөтүнүн 2022-2024-жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү №3 тиркемеге ылайык бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.

3.2022-жылга чегерүүлөрдүн чечимдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин:

    а).жалпы мамлекеттик салыктын түшүүлөрдөн:салык агентиги тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы-айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине 100 пайыз өлчөмүндө;

    б).ыктыярдуу патент негизиндеги салык,милдеттүү патентөө негизиндеги салык,бирдиктүү салык-айыл аймагынын жергиликтүү   бюджетине 100 пайыз өлчөмүндө;

   в).жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык (роялти),стратегиялык пайдалуу кендерди  (алтын,мунай зат,газ) кошпогондо-кендерди иштеп чыгуу жери боюнча айыл аймагынын жергилитүү бюджетине 50 пайыз өлчөмүндө.

   г).жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйым-айыл аймагынын бюжетине 7 пайыз өлчөмүндө;

    д).жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүү-кендерди иштеп чыгуу жери боюнча  айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине 20 пайыз өлчөмүндө.

4.Жергиликтүү салыктардан жана салыктык эмес жыйымдардан түшүүчү жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка деңгээлдеги бюджетке алынууга жатпасын.

5.Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине  ылайык   айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 180,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.

6.Айыл өкмөтүнө  2022-2024-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин  чыгашаларын каржылоо  биринчи кезекте  корголгон беренелерге (эмгек акы,социалдык фондго чегерүү,тамак-аш,дары-дармек жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга чегерүүлөр),  комуналдык кызматтар (байланыш,көмүр,суу) жумшалсын.

7.Айланма кассалык калдык (оборотный кассовой наличность) айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаты 2022-жылдын 1-январына карата 50,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.

8.Жалпак-Таш айыл  аймагы тоолуу,шарты катаал, табигий кырсыктар коркунучу бар жерде жайгашкандыктан табийгат кырсыктарын алдын алууга, калктын аярлуу катмарына,майыптарга,аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө,социалдык ооруларга жана башка социалдык маселелерди чечүүгө, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине,энелер күнүнө, согуш мезгилинде тылда кызмат кылгандарга,Баатыр энелерге, Ооганчыларга, Баткен коогалаңынын катышуучуларына жардам берүү үчүн акча каражаттары каралсын.

9.Айылдык кеңештин иш аракеттерин жана иш кагаздарын жүргүзүү (токтомдорду юстициядан каттоодон өткөрүү, маалымат каражаттарына жарыялоо, сапар чыгымдары ж.б.) үчүн акча каражаты каралсын.

10.Айыл өкмөтүнүн инфраструктурасын өнүктүрүү максатында жазылган долбоорлорду ишке ашырууга багытталган иш-чараларга жана өздүк салымдарды кошууга керектелген каражаттарды каржылоо айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржыланаары белгиленсин.

12.Айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигинен сырткары убактылуу келишимдик негизде иштеген кызматчылардын эмгек акыларын төлөп берүү  жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлсүн.

13.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “финасы, экономика, бюджет, экономикалык  жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрайым                                                                                                                Г.Матиева

 

 

 

Жалпак-Таш айылдык кенешинин 2022-жылдын “20”-январындагы  № 22 токтомуна №1 тиркеме

 

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын киреше бөлүгү

 

Кирешелердин аталышы

2022-жылга  бекитилген долбоор

1

Киреше салыгы

4030,0

2

Чакан ишекердик субьектер учун бирдиктуу салык

14,8

3

Ыктыярдуу патент

895,0

4

2-топтогу ишкердик иши үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө салык 

2,0

5

Транспорт салыгы

826,0

6

Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы

174,5

7

Айыл чарба  жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы

336,3

8

Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы

170,0

9

Рояли жалпысы

5900,0

 

       1)Роялти (беттегич таштар)

4500,0

 

       3)Роялти (курулуш ташы)

1400,0

10

Линценцияны кармоо учун

361,0

11

Кен байлык жайгашкан жердин ижарасы

1300,0

12

Жайыт ижарасы учун акы

205,0

13

КБФнын ижарасы

250,9

14

Таштанды чыгаруу

10,0

15

Атайын каражат (ата-энелер толому)

1140,0

16

Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр

407,6

 

Бардык киреше

16023,1

 

17

Тендештирүүчү грант

6033,0

 

ЖАЛПЫСЫ

22056,1

 

 

Айыл өкмөт башчысы                                                                                     Ш.Арынов.

ФЭБтин башчысы                                                                                             А.Нурдинов


Жалпак-Таш айылдык кенешинин 2022-жылдын

20-январдагы №22 токтомуна №2 тиркеме

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү

Бөлүмдөр

2111 эмгек акы

2121 соц.

фонд

2211 сапар чыгым

дар

2212 бай-

ла-

ныш

2213 аренда

2214 транс-порт чыгым

2215 ар кан-дай чыгым

2218 тамак-аш

2221 кезек-теги ремонт

2222 айыл чарба товар-лар

2223 кийим-кече

2224 комүр

2621 уюм-дар-га төлөм

2428 резерв фонд

2721 соц.

Кор

гоо

3111 куру-луш

3112 маш-на жаб-дуу

3113 өсүм-дүк-төр

сумма

1

аппарат

4098,3

610,9

150,0

30

 

200,0

442,1

 

0.0

250,0

 

62,8

17,3

160,0

 

 

100,0

 

6121,4

2

Айылдык кеңеш

309,9

45,8

0,0

0,0

 

 

10,0

 

 

0,0

 

 

 

 

 

 

 

 

365,7

3

Китепкана

200,4

34,5

 

 

 

 

10,0

 

 

 

 

 

 

 

 

 

15,0

 

259,9

4

Мад. үйү

562,2

97,0

 

 

 

 

20,0

 

400,0

 

 

12,6

0,0

 

 

 

 

 

1091,8

5

Айыл чарба

 

 

 

 

 

 

50,0

 

400.0

 

30,0

 

 

 

 

 

 

60.0

540,0

6

Жайыт

 

 

 

 

 

 

205,0

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

205,0

7

Турак жай комуналдык чарба

 

 

 

 

150.0

248,0

1775,0

 

2085,0

700,0

 

 

 

 

 

1592,0

480,0

 

7030,0

8

Орто мектеп

 

 

 

 

 

 

120,0

 

550,0

250,0

 

1336

0,0

 

 

 

150,0

 

2406,0

9

Башт мектеп

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

45

0,0

 

 

 

 

 

45,0

10

Бала бакча

 

 

 

 

 

 

0,0

595,2

280,0

30,0

 

178,1

0,0

 

 

1368,0

 

 

2451,3

11

Соц.коргоо

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

400,0

 

 

 

400,0

12

Бала бакча спец

 

 

 

 

 

 

 

1140,0

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1140,0

 

жыйынтыгы

5170.8

788,2

150,0

30,0

150,0

448,0

2632,1

1735,2

3715,0

1230,0

30,0

1634,5

17,3

160,0

400,0

2960,0

745,0

60,0

22056,1

Айыл өкмөт башчысы                                                                                         Ш.Арынов

ФЭБтин башчысы                                                                                                А.Нурдинов

 

 

 

Жалпак-Таш айылдык кенешинин 2022-жылдын

“20”-январындагы  № 22 токтомуна №3 тиркеме

 

Айыл өкмөтүнүн 2022-2024-жылдарга бюджетинин болжолдуу көрсөткүчтөрү

 

Кирешелердин аталышы

2022

2023

2024

1

Киреше салыгы

4030,0

4203,0

4329,0

2

Чакан ишекердик субьектер учун бирдиктуу салык

14,8

14,8

14,8

3

Ыктыярдуу патент

895,0

895,0

895,0

4

2-топтогу ишкердик иши үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө салык 

2,0

2,0

2,0

5

Транспорт салыгы

826,0

826,0

826,0

6

Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы

174,5

174,5

174,5

7

Айыл чарба  жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы

336,3

336,3

336,3

8

Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы

170,0

170,0

170,0

9

Рояли жалпысы

5900,0

5900,0

5900,0

 

       1)Роялти (беттегич таштар)

4500,0

4500,0

4500,0

 

       3)Роялти (курулуш ташы)

1400,0

1400,0

1400,0

10

Линценцияны кармоо учун

361,0

361,0

361,0

11

Кен байлык жайгашкан жердин ижарасы

1300,0

1300,0

1300,0

12

Жайыт ижарасы учун акы

205,0

205,0

205,0

13

КБФнын ижарасы

250,9

250,9

250,9

14

Таштанды чыгаруу

10,0

10,0

10,0

15

Атайын каражат (ата-энелер толому)

1140,0

1140,0

1140,0

16

Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр

407,6

407,6

407,6

17

Тендештирүүчү грант

6033,0

6033,0

6033,0

 

ЖАЛПЫСЫ

22056,1

22229,1

22355,1

 

Айыл өкмөт башчысы                                                                                     Ш.Арынов.

ФЭБтин башчысы                                                                                             А.Нурдинов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

      

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи  чакырылыштагы кезектеги 6-сессиясы

ТОКТОМ

 

Курбу-Таш айылы                                     № 23                          “ 20”январь 2022-жыл

 

Жалпак-Таш айыл аймагында Эл жана турак жай фондун

каттоого даярдык көрүү жана жүргүзүү жөнүндө

 

            Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын 2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана жүргузүү жөнүндө” №228 токтомуна таянып, регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп талкуулап, Жалпак-Таш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.2022-жылы Жалпак-Таш айыл аймагында эл жана турак жай фондун каттоого даярдыктар көрүлсүн жана жүргүзүлсүн.

 

2.Жалпак-Таш айыл аймагында эл жана турак жай фондун каттоого даярдыктар көрүү жана жүргүзүү үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 90,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө регламент,мыйзамдуулук укук тартиби  жана депуттаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрайым                                                                                                                Г.Матиева

 

 

 

 

 

 

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи  чакырылыштагы кезектеги 7-сессиясы

ТОКТОМ

 

Курбу-Таш айылы                                     № 24                 “22”февраль2022-жыл

 

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын 2021-жылы айыл өкмөтүндө аткарылган иштер жана 2021-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча отчетун угуу жөнүндө

 

            Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “ Мыйзамынын 34-беренесине жана финансы,экономика,бюджет,экономикалыкжактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция масеелери боюнча туруктуу комисиясынын Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча алдын ала караган маалыматтарынын, сунуштарынын негизинде, Жалпак-Таш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын 2021-жылы алып барган жана аткарган иштери канаатандыраарлык деп табылсын.

 

  1. Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелери 24216,6 сомго, ал эми чыгашалары 25696,9 аткарылгандыгы белгиленсин.

 

3.2021-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүндөгү үнөмдөлүп калган 919,9 сом акча каражаты 2022-жылдын 1-январына карата калдык деп табылсын жана ал 2022-жыл ичинде аткарыла турган иш-чарага сметага ылайык бөлүштүрүлүп, жумшалсын.

 

4.Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Төрайым                                                                                                                Г.Матиева

 

 

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи  чакырылыштагы кезектеги 7-сессиясы

ТОКТОМ

 

Курбу-Таш айылы                                     № 25                          “22”  февраль 2022-жыл

 

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн

2022-жыл үчүн иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө

 

            Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “ Мыйзамынын 34-51-беренелерине ылайык, Жалпак-Таш айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук укук тартиби  жана депуттаттык этика боюнча туруктуу комиссиясы менен социалдык маселелер, билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын биргелешкен отурумунда каралып жактырылган, Жалпак-Таш айыл өкмөтү сунуштаган айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикасынын өнүгүүсүнүн 2022-жыл үчүн иш-чаралар планын жана жергиликтүү бюджеттин 2022-жылга карата чыгашасы боюнча аткарылуучу иш-чаралардын титулдук баракчасын карап, талкуулап, Жалпак-Таш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикасынын өнүгүүсүнүн 2022-жыл үчүн иш-чараларынын планы №1 тиркемеге жана айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2022-жылга карата чыгашасы боюнча аткарылуучу иш-чаралардын титулдук баракчасы №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2.Жогорудагы акча каражаттарын жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүмдөрүнө бөлүштүрүү жана максаттуу пайдалануу жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер, билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрайым                                                                                                               Г.Матиева

 

 

 


Жалпак-Таш айылдык кеңешинин

2022-жылдын 22-февралындагы 

№25 токтому менен бекитилген .Тиркеме №1.

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата аткарыла турган иш-планы

Аткарылуучу иш-чаралар

Аткаруу мооноту

Аткарууга жооптуулар

Бөлүнгөн акча каражаты

Уюштуруу жана практикалык  иш-чаралар

1

2021-жылдын жыйыныктарын чыгаруу жана 2022-жылга  милдеттерди тактоо

2022-жылдын 1-кв

Айыл өкмөтүнүн башчысы,айылдыкеңештин депутаттары

 

 

 

2

Айыл өкмөтүнүн башчысынын, айылдык кеңештин депутаттарынын жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды уюштуруу

2022-жыл 1-кв

Айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык кеңештин депутаттары

 

 

 

3

Айылдык кеңештин сессияларын жана туруктуу комиссиялардын отурумдарын уюштуруу

2022-жыл 1-кв

Айыл өкмөтү, кеңештин төрагасы

 

4

Коомдук тартипти сактоо жана айыл аймагындагы коомдук борборлордун ишин жакшыртуу ( аксакалдар кеңешинин, аялдар кеңешинин, жаштар кенешинин, КААБдын)

2022-жыл

Айыл өкмөтү, коомдук борборлор

 

5

Жергиликтүү бюджеттин кабыл алынышы жана аткарылышы боюнча коомдук угууларды уюштуруу (жергиликтүү бюджетти атайын порталга отургузуу)

2022-жылдын 3-кв

Айыл өкмөтү, айылдык кеңеш

 

6

Айыл өкмөтүнүн  ишмердүүлүгүн жогорулатуу үчүн маалыматтык жана комуникациялык технологияларды кеңири пайдалануу боюнча чараларды аткаруу (санариптик аймак, Е-кызмат, инфодокс ж.б.)

2022-жыл 1-кв

Айыл өкмөтү

 

7

Айыл аймагында көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иш-чараларду өткөрүү

2022-жыл 1-кв

Айыл өкмөтү, мекеме уюмдун жетекчилери, жергиликтүү калк

 

8

Жазгы, күзгү, оруп жыйноо иштерин уюштуруу

2022-жыл 1-кв

Айыл өкмөтү, жергиликтүү жамаат

 

9

Күз-кыш мезгилдерине даярдыктарды көрүү, бюджеттик  мекемелерди отун менен камсыздоо

2022-жыл 2-3-кв

Айыл өкмөтү, бюджеттик мекемелердин жетекчилери

 

 

10

Жергиликтүү калкка муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу

2022-жыл, дайыма

Айыл өкмөтү

 

11

Айыл аймагында  каада-салттарды, ырым-жырымдарды жөнгө салуу

2022-жыл

Айыл өкмөтү, жергиликтүү жамаат

 

12

Айыл аймагындагы жылкыларга чип басуу иштерин бүткөрүү

2022-жыл

Айыл өкмөтү,вет сервистер

 

13

8-март Аялдардын Эл аралык, 21-март Нооруз, 9-май УАМ согушутун жеңиш күнүн, 25-май акыркы коңгуроо, 1-июль Балдарды коргоо, 31-авгусут Эгемдүүлүк, 7-8-ноябрь Тарыхты жана ата-бабаларды эскерүү, кесиптик күндөргө жана жыл майрамдарына  арналган иш-чарларды өткөрүү, COVID-19 оорусун алдын алуусуна жол бербөө боюнча иш аракеттерди көрүү (социалдык мекемелерди антисептикалык, дизенфекциялоочу каражаттар менен камсыздоону улантуу)

2022-жыл

Айыл өкмөтү, маданият үйү, ФАПтар

 

 

Экономика

14

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн финансылык көз карансыздыгын жогорулатуу;

- жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн 2 млн.сомго чейин  көбөйтүү

2022-жылы

Айыл өкмөтү

 

15

Жаңы жумушчу орундарды түзүү;

-2022-жыл ичинде жылына 15 ден кем   эмес  жаңы жумуш орундарын түзүү

2022-жыл

Айыл өкмөтү, ишканалар

 

16

Айыл аймагынын дүң продукцияларын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү:

-Өнөр жайында 2%

-айыл чарбасында 1%:

2022-жылы

Айыл өкмөтү, жеке ишкерлер

 

Өнөр жай

17

Сары-Таш таш кениндеги өндүрүлүүчү таштын көлөмүн 3 % га чейин көбөйтүү

2022-жыл

Айыл өкмөтү, ишканалар

 

18

Айыл аймагындагы Сары-Таш таш кенинде  3 ишканадан кем эмес ишкана ачуу

 

2022-жыл

Айыл өкмөтү, демөөрчүлөр

 

19

Таштын калдыктарын кайра иштетүүчү муниципалдык ишкана ачуу,  Эл аралык уюмдардын долбоор проектисинин негизинде сүттү кайра иштетүүчү цех ачуу боюнча иш-аракеттерди көрүү

2022-жыл

Айыл өкмөтү, демөөрчүлөр

 

Байланыш  жана электр энергия тармагы

20

Айыл аймагында эскилиги жеткен мамычаларды жана электр чубалгыларын алмаштыруу:2022-жылдын жергиликтүү бюджеттин эсебинен 60 даана темир бетон мамычаны Үч-Каптал айылына-10, Ак-Терек айылына-5, Түз-Бел айылына-10, Карл-Маркс, Курбу-Таш айылдарына-15,Кара-Тарык айылына-10, Киров айылдарына-10 орнотуу

2022-жыл 3-4-кв

Айыл өкмөтү, жергиликтүү жамаат, демөөрчүлөр

 

 

21

Киров, Карл-Маркс айылдарына интернет байланышын күчөтүү үчүн айыл “О” “Мегаком” ишканасынын стацияларын орнотууну ишке ашыруу 

2022-жыл 2-кв

Айыл өкмөтү

 

22

Айыл аймагындагы калктуу конуштарын телерадио берүүлөрүнүн програмалары менен толук камтууну камсыздоо

2022-жыл 1-кв

Айыл өкмөтү

 

23

Курбу-Таш айылынын Боз-Ала, Үч-Каптал, Киров айылдарына  трансформатор менен камсыздоо

2022-жыл 2-4-кв

Айыл өкмөтү,РЭТ ишканасы

 

Айыл чарба жана ветеринария боюнча

24

Айыл аймагындагы айдоо жерлерди максаттуу пайдалануу

дайыма

Айыл өкмөтү, жеке чарбагерлер

 

25

Жайыт комитетинин ишин , жайыттарды жакшыртуу жана жакынкы жайыттарга баруучу жолдорду ондоо-түзөө

2022-жыл

Айыл өкмөтү, Жайыт комитети

 

26

Мал жандыктары үчүн суу ичүүчү кампаларды куруу

2022-жыл

Айыл өкмөтү, Жайыт комитети

 

27

Жер тилкеге муктаждарды турак-үй менен камсыздоо максатында Кара-Тарык жана Киров айылдарына ген план түзүү, трансформация жасоо. Жарандарга жер тилке бөлүп берүү

2022-жыл 2-3-кв

Айыл өкмөтү

 

28

Айыл аймагында  ветеринардык эпизоотиялык абалды  сактоо (сибир жарасынын чордондорун залалсыздандырууга 100кг.гиппохлорид кальций-20000 сом, жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча б.а.сибир жарасынын тосмолорун, бетондорун оңдоого-15000 сом, жобул ит-мышыктарды атып жок кылууга-50 000 сом,вет.сервистердин иштерин жакшыртуу жана  аларды бир жолу атайын кийим менен камсыздоого 60 000сом ж.б.)

2022-жыл 1-2-кв

Айыл өкмөтү, вет сервистер

 

29

Раскол (кара мал,жылкыларды эмдөөчү жай) куруу

2022-жыл

Айыл өкмөтү

 

30

Кара  малдарды жасалма жол менен уруктандуруучу аппаратты ишке киргизүү (кеминде 10 баш асыл тукумдуу музоолорду алуу)

2022-жыл

Айыл өкмөтү, вет сервистер

 

31

Чарбалык жолдорду оңдоо жана тегиздөө

2022-жыл

Айыл өкмөтү, жамаат

 

32

Түз-Бел, Үч-Каптал айылдарынын тургундарынын көйгөлүү маселеси болгон Ийри-Суу аймагындагы, Супа жайлоолоруна жакын жайгашкан эгин аянттарын чөп ормолорду тосуу.

2022-жыл

Айыл өкмөтү, жамаат, демөөрчүлөр

 

 

Инфраструктураны жакшыртуу

 

33

Түз-Бел айылындагы мамлекеттик бала бакчаны ремонттон өткөрүү (чатырын алмаштыруу, айнек терезелерин пластик терезелерге алмаштыруу, имараттын сыртын капиталдык ремонттоо )

2022-жыл

Айыл өкмөтү

 

34

Киров айылына таза суу кампасын куруу, Киров айылынын Күнгөй көчөсүнө 2000 метрге электр чубалгасын тартуу, 20 даана фарссынка, 3 даана таза сууга труба сатып алуу, трансформаторго 30 000 сом каражат бөлүү, 1000 метр чарбалык жолго шагыл төшөө.

2022-жыл 3-4-кв

Айыл өкмөтү, демөөрчүлөр

 

35

Үч-Каптал айылына таза суу линиясынын архитектуралык иштерин бүткөрүү жана ПСД жасоо, курулушун баштоо

2022-жыл 2-3-кв

Айыл өкмөтү, демөөрчүлөр,

жергиликтүү жамаат

 

36

Төмөндөгү айылдардагы ички чарбалык жолдорго  шагыл төшөө, сүрүп тегиздөө; (м. менен)

-Киров-1500

-Курбу-Таш-700

-Кара-Тарык-1000

-Уч-Капчал-1500

-Туз-Бел-1500

-Ак-Терек-700

-Карл Маркс-500

2022-жылдын 2-3-кв

Айыл өкмөтү, жергиликтүү жамаат, демөөрчүлөр

 

37

Кысык-Алма-Киров айылдарына өтүүчү “Эрмекбай ата” көпүрөсүн коопсуз абалга келтирүү

2022-жыл 1-2-кв

Айыл өкмөтү, жергиликтүү жамаат, демөөрчүлөр

 

38

Киров айылына жаштарды сергек жашоого үндөө максатында чакан машыктыруучу зал куруу

2021-жыл 2-3-кв

Айыл өкмөтү

 

39

Курбу-Таш айылынын Боз-Ала участкасына, Абдыкаар көчөсүнө, Түз-Бел, Карл-Маркс, Кара-Тарык, Үч-Каптал айылындагы көчөлөргө жарыктандырууну орнотуу

2021-жыл 3-4-кв

Айыл өкмөтү, жамаат

 

40

Кара-Тарык айылындагы ФАПты кезектеги ремонттон толук өткөрүү, Кара-Тарык айылына бала бакчаны курууну долборлоо

2022-жыл 3-4-кв

Айыл өкмөтү, жамаат, демөөрчүлөр

 

41

Айыл аймактарына ичүүчү таза суу жетпеген жерлерге суу түтүкчөлөрү менен камсыз кылуу (шланга сатып алуу).

2022-жыл 2-3-кв

Айыл өкмөтү, жамаат

 

42

К.Калмурзаев атындагы орто мектепке окуучулар баруу үчүн Боз-Ала айылынан сокмо жол жасоо

2022-жыл 2-3-кв

Айыл өкмөтү, жамаат

 

43

Айыл аймагында акыр-чикирлерди, таштандыларды,суюктук чыгындыларын жайгаштуруу үчүн жер аянттарын даярдоо, таштандыларды салуучу муссорный ящиктерди уюштуруу

 

 

 

44

Курбу-таш айылындагы Боз-Ала участкасына негизги жолдун боюна аялдама куруу

2022-жыл 3-кв

Айыл өкмөтү, демөөрчүлөр

 

45

Курбу-Таш айылындагы бейиттин айланасын тосуу.

 

 

 

46

Түз-Бел айылындагы Черемушка көчөсүн асфальттоо,

2022-жыл 3-4-кв

Айыл өкмөтү, демөөрчүлөр

 

47

Искен-Нур бала бакчасына жайкы тамак аш бышыруучу жай куруу

2022-жыл 3-кв

Айыл өкмөтү

 

Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу

48

Кооптуу аймактарда,участоктордо такай көзөмөл жүргүзүү, өзгөчө кырдаалдын алдын алуу боюнча калк арасында түшүндурүү иштерин  жүргүзүү,  райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү менен тыгыз байланышты камсыз кылуу

дайыма

Айыл өкмөтү,

 

49

Айыл аймагында түзүлгөн  куткаруучу топтордун материалдык-техникалык абалын жакшыртуу

2022-жыл

Айыл өкмөтү

 

50

Айыл аймагында көчкү коркунучу бар жерлерде жашаган үй-бүлөлөрдү коопсуз жерге чыгаруу жана түшүндүрүү иштерин такай жүргүзүү

2022-жыл 1-2-кв

Айыл өкмөтү

 

51

Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, кесепеттерин жоюу, өзгөчө кырдаалдарга даяр туруу үчүн жергиликтүү бюджеттен кеминде 400,0 акча каражатын кароо

2022-жыл 1-кв

Айыл өкмөтү,айылык кеңеш

 

52

Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында кооптуу участкаларга көчөттөрдү отургузуу

2022-жыл 1-кв

Айыл өкмөтү

 

Турак жай, комуналдык чарба

53

Үч-Каптал айылындагы Т.Оморкулов  атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын курулушун үзгүлтүккө учуратпоо  жана 2022-2023-окуу жылына ишке берүү, ошондой эле кошумча класс менен спорт залдын жылытуу системасын жаңы мектептин жылытуу системасына улатуу маселесин чечүү.

2022-жыл 3- 4-кв

Айыл өкмөтү, мектеп жетекчиси

 

54

Т.Оморкулов  атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын курулушунун имаратынын ички жасалгаларын, терезелерине жаллюз илүү боюнча кеткен чыгымдарга жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү, мектепке таза суу тартып келүүшашке тамак ичүү үчүн керектүү каражаттарды алып берүү, 0,60 га жерге көрктндүрүү жашылдандыруу максатында көчөттөрдү алып берүү.

2022-жыл 3- 4-кв

Айыл өкмөтү, мектеп жетекчиси, демөөрчүлөр

 

55

Түз-Бел айылындагы курула турган спорт комплексинин  курулушун улантуу

2022-жыл

Айыл өкмөтү, демөөрчүлөр

 

56

Кысыек-Алма орто мектебин долбоор боюнча ысык тамакка өткөрүү (кошумча склад ж.б. куруу)

2022-жыл 1-2-кв

Айыл өкмөтү, демөөрчүлөр,

 

57

Түз-Бел айылындагы “Ширинбү апа”балдар бакчасына балдар аянтчасын куруу. Кысык-Алма орто мектебинин спорт залын бүткөрүү. Кара-Тарык айылынын Т.Жоробеков атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын курулушун мамлекеттик планга киргизип, баштоо.

2022-жыл

Айыл өкмөтү, ишканлар, республикалык бюджет

 

58

Курбу-Таш айылына ФАП куру боюнча иш-аракеттерди көрүү, курулуш долбоорун баштоо

2022-жыл 1-2-кв

Айыл өкмөтү, демөөрчүлөр,

 

59

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн кеңсесин көркөм жасалгалоо, маалымат доскасын уюштуруу

2022-жыл 3-4-кв

Айыл өкмөтү

 

60

Айыл аймагындагы социалдык мекемелеринин чарбалык иштерине колдоо көрсөтүү (кеңсе, чарбалык товарларын, спорттук инвенторло менен камсыздоо )

2022-жыл

Айыл өкмөтү

 

61

Айыл өкмөтүнүн кеңсесине тратуар куруу, кеңсени кезектеги ремонттон өткөрүү жана түнкү жарыктандыруу

2022-жыл 2-3-кв 

Айыл өкмөтү, демөөрчүлөр

 

62

Т.Турдубаева атындагы орто мектебинин  капиталдык ремонтун толук бүткөрүү

2022-жыл 2-3-кв

Айыл өкмөтү, демөөрчү, мектеп жетекчиси

 

63

Кысык-Алма айылынын Күнгөй участкасына таза суу линиясын тартуу (траншея казуу, суу түтүкчөлөрдү сатып алуу жана бузулган жерлерге шагыл төшөө)

2022-жыл 1-2кв

Айыл өкмөтү, демөөрчүлөр

 

64

Үч-Капчал айылына курулуп жаткан 60 орунду бала бакчасынын куруу иштерин толук бүткөрүү,

2022-жыл

Айыл өкмөтү, демөрчүүлөр

 

65

Ийри-Суу жайлоосундагы жасалма мөңгүнү бүткөрүү

2022-жыл ичи

Айыл өкмөтү, жамаат АРИС

 

66

Кара-Тарык айылына 3200 метр жогорку чыңалуудагы электр чубалгысын тартуу

2022-жыл 1-кв

 

 

Социалдык өнүгүү

67

Жакырчылык деңгээлин кыскартуу максатында жакыр үй-бүлөөлөрдү кризистик абалдан чыгаруу боюнча иш-аракеттерди күчөтүү, жардам көрсөтүү

2022-жыл

Айыл өкмөтү, демөөрчүлөр

 

68

Айыл аймагында кургак учук менен ооруган, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга  КРнын Мыйзамдарына ылайык жардамдарды көрсөтүү

2022-жыл 1-4-кв

Айыл өкмөтү

 

69

Айыл аймагындагы Улгайган адамдардын, Энелер күнүн өткөрүү жана жалгыз бой, кары адамдарга, Ооган согушунун ардагерлерине, Баткен коогаланынын катышуучуларына  социалдык жактан жардамдарды көрсөтүү

2022-жыл

Айыл өкмөтү

 

70

Адистерди, бала бакчаларадын тарбиячыларын переквалификацияга жөнөтүүдөгү сапар чыгымдарын көтөрүү, жаш мугалимдерге жөлөк пул берүү

2022-жыл

Айыл өкмөтү

 

71

Союз МСУнун төлөмүн төлөп берүү

2022-жыл

Айыл өкмөтү

 

72

Айыл өкмөттүн санариптештирүү дө компьютердик техникалык каражаттар менен интернет байланыштарын камсыздоо, айыл өкмөткө жерлердин аянтын чыгаруу үчун ЖПС алуу.

2022-жыл

Айыл өкмөтү

 

73

Ак-Терек, Киров айылдарына мектепке чейинки 3 сааттык балдар бакчасын уюштуруу.

2022-жыл

Айыл өкмөтү, Республикалык бюджет

 

Маданият, спорт тармагы

74

Курбу-Таш маданият үйүн отургучтар менен камсыздоо

2022-жыл 2-3-кв

Айыл өкмөтү, маданият үйүнүн жетекчиси

 

75

Спортту өнүктүрүү максатында жаш спортчуларга колдоо көрсөтүү жана  спортчуларды түрдүү мелдештерге катыштыруу  үчүн шарттарды түзүп берүү

2022-жыл

Айыл өкмөтү, демөөрчүлөр

 

76

Айыл өкмөттун китепканасына жаңы китептерди сатып алуу.

2022-жыл

Айыл өкмөтү

 

77

Түз-Бел маданият үйүнүн патологун толук алмаштыруу. жылуулук системасын куруу үчүн тиешелүү документтерди жасоо

2022-жыл

Айыл өкмөтү, маданият үйүнүн жетекчиси

 

           

 

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы                                                                                                                               Ш.Арынов

 

 

 


Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2022-жылдын

22-февралындагы №25 токтомуна №2 тиркеме

 

Жалпак-таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2022-жылга карата чыгашасы боюнча аткарылуучу иш-чаралардын титулдук баракчасы

 

Чыгашалардын аталышы

статья

Бардык чыгым (миң)сом менен

эскертүү

2022-жылга каралган сумма

Каржылануучу булак

АППАРАТКА

 

1

Кызматчылардын эмгек акыларына

2111

4098,3

Теңдештирүү гарант

 

2

Соцфонд төлөмүнө (17,25%)

2121

610,9

Теңдештирүү гарант

 

3

Сапар чыгымдарына

2211

150,0

Жергиликтүү бюджет

 

4

Байланыш кызматына

2212

30,0

Жергиликтүү бюджет

 

5

Кызматтык авто унаага күйүучү май сатып алууга

2214

163,0

Жергиликтүү бюджет

 

6

Кызматтык авто унаанын запастык бөлүктөрүнө жана оңдоого кеткен чыгымдарга

2215

37,0

Жергиликтүү бюджет

 

7

Окуулар үчүн

2215

50,0

Жергиликтүү бюджет

 

8

Информациялык-технологияларды камсыздоого

2215

60,0

Жергиликтүү бюджет

 

9

Орг.технологияларды ондоо кызмат көрсөтүүлөргө

2215

20,0

Жергиликтүү бюджет

 

10

Нооруз жана 1-май майрамына

22215

70,0

Жергиликтүү бюджет

 

11

Кесиптик майрамдарды өткөрүугө

2215

30,0

Жергиликтүү бюджет

 

12

Эл жана турак жай фондун каттоону уюштурууга

2215

90,0

Жергиликтүү бюджет

 

13

31-август Эгемендүүлүк күнун белгилөөгө

2215

20,0

Жергиликтүү бюджет

 

14

Ар кандай чыгымдарга (семинарлары,ишембиликтерди өткөрүү ж.б.)

2215

49,9

Жергиликтүү бюджет

 

15

Жыл жыйынтыгын чыгаруу иш-чарасына

2215

30,0

Жергиликтүү бюджет

 

16

Коомдук тартипти камсыз кылуу иш-чараларын уюштурууга

2215

20,0

Жергиликтүү бюджет

 

17

КРнын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзуна мүчө болуп кирүүгө жана 2021-2022-жылдарга мүчөлүк акыны төлөп берүүгө

2621

17,3

Жергиликтүү бюджет

 

18

Кенсе айыл чарба товарларын сатып алууга

2222

65,0

Жергиликтүү бюджет

 

19

Айыл өкмөтүнүн кесеисинин ичин жасалгалоо, маалымат доскасын уюштурууга (терезелерине жаллюзи орнотуу)

2222

185,0

Жергиликтүү бюджет

 

20

Көмүр сатып алууга

2224

63,0

Жергиликтүү бюджет

 

21

Резервдик фонд

2824

160,0

Жергиликтүү бюджет

 

22

Санариптик иш-аракеттерди жүргузүү үчун орг.техника сатып алуу үчүн

3112

100,0

Жергиликтүү бюджет

 

 

Жыйынтыгы

 

6119,4

 

 

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШКЕ

 

1

Эмгек акыга

2111

309,9

Жергиликтүү бюджет

 

2

Соцфонд төлөмүнө (17,25%)

2121

45,8

Жергиликтүү бюджет

 

3

Ар кандай чыгымдарга (токтомдорду жарыялоо ж.б.)

2215

10,0

Жергиликтүү бюджет

 

 

Жыйынтыгы

 

365,7

 

 

КИТЕПКАНАГА

 

1

Эмгек акыга

2111

200,4

Жергиликтүү бюджет

 

2

Соцфонд төлөмүнө (17,25%)

2121

34,5

Жергиликтүү бюджет

 

3

Ар кандай чыгымдарга (газетага жазылуу, жарыя берүү ж.б.)

2215

10

Жергиликтүү бюджет

 

4

Китеп сатып алууга

3112

15

Жергиликтүү бюджет

 

 

Жыйынтыгы

 

259,9

 

 

МАДАНИЯТ ҮЙҮНӨ

 

1

Эмгек акыга

2111

562,1

Жергиликтүү бюджет

 

2

Соцфонд төлөмүнө (17,25%)

2121

96,7

Жергиликтүү бюджет

 

3

Көмүр сатып алууга

2224

12,6

Жергиликтүү бюджет

 

4

Ар кандай чыгымдарга (майрамдык салтанаттарга катышууга, маданият кызматкерлерине колдоо көрсөтүүгө ж.б.)

2215

20

Жергиликтүү бюджет

 

5

Түз-Бел маданият үйүнүн ички бөлүгүн учурдагы ремонттон өткөрүү иштерине (паталогун ондоо, электр монтаж иштерине жана башка ремонт иштерине)

2221

400

Жергиликтүү бюджет

 

 

Жыйынтыгы

 

1091,4

 

 

ТУРАК ЖАЙ КОММУНАЛДЫК ЧАРБАГА

 

1

Атайын техниканын ижара акысы үчүн

2213

150,0

Жергиликтүү бюджет

 

2

Атайын техникага күйүүчү май (4000 лт) сатып алууга

2214

248,0

Жергиликтүү бюджет

 

3

Келишимдик негизде иштегендердин эмгек акысы

2215

1043,0

Жергиликтүү бюджет

 

4

Келишимдик негизде иштегендердин соцфондунун төлөмүнө (17,25%)

2215

190,0

Жергиликтүү бюджет

 

5

Технадзордук кызмат көрсөтүүчүнүн акысына (үч-Каптал бала бакчасы үчүн 30,0 миң, Түз-Бел спорт комплекси үчүн 82,0)

2215

112,0

Жергиликтүү бюджет

 

6

Архитектуралык иш кагаздарды даярдоого, долбоорлорду жасоого

2215

100,0

Жергиликтүү бюджет

 

7

Санитардык-гигиеналык иш-чараларды уюштурууга

2215

30.0

Жергиликтүү бюджет

 

8

Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу үчүн

2215

300,0

Жергиликтүү бюджет

 

9

Учурдагы ремонт иштерине (айыл аймагындагы ички чарбалык жолдорго шагыл төшөө, таза суу системаларын оңдоого ж.б.)

2221

1985,00

Жергиликтүү бюджет

 

10

Айыл өкмөтүнүн кеңсесин учурдагы ремонттон өткөрүү үчүн

2221

100,00

Жергиликтүү бюджет

 

11

Айыл чарба товарларын (таза суу түтүктөрүн, түнкү жарыктандыруучу бөлүкчөлөрдү ж.б.) сатып алууга

2222

700,0

Жергиликтүү бюджет

 

12

Түз-Бел айылындагы спорт комплексинин курулушуна

3111

850,0

Жергиликтүү бюджет

 

13

Түз-Бел айылындагы ички жолу асфальттоонун калдык карызына

3111

742,0

Жергиликтүү бюджет

 

14

Айыл аймагындагы эскилиги жеткен электр мамычаларын алмаштыруу үчун 60 даана мамыча сатып алууга

3112

480,0

Жергиликтүү бюджет

 

 

Жыйынтыгы

 

7030,0

 

 

ЖАЙЫТ КОМИТЕТИНЕ

 

1

Ар кандай чыгымдарга (жайыт акынын топтому)

2215

205,0

Жергиликтүү бюджет

 

 

Жыйынтыгы

 

205.0

 

 

АЙЫЛ ЧАРБАСЫНА

 

1

Ветиринардык кызматкерлерге атайын кийим кече сатып алууга

2223

30,0

Жергиликтүү бюджет

 

2

Талаа, айыл чарба жолдорун учурдагы ремонттоого

2221

250,0

Жергиликтүү бюджет

 

3

Мал жандыктары ичүүчү жана агын суу линияларын ондоо

2221

130,0

Жергиликтүү бюджет

 

4

Жугуштуу ооруулардын чордондорун залалсыздандырууга хлор сатып алууга

2215

10,0

Жергиликтүү бюджет

 

5

Сибир жарасынын чордондорун тосуп туруучу торчолорду учурдагы ремонттоого

2221

20,0

Жергиликтүү бюджет

 

6

Жолбун ит-мышыктарды атып жок кылууга

2215

40,0

Жергиликтүү бюджет

 

7

Жашылдандыруу көрктөндүрүү иш-чарасына

3113

60,0

Жергиликтүү бюджет

 

 

Жыйынтыгы

 

540,0

 

 

БАЛА БАКЧАЛАРГА

 

1

Тамак азыктарын сатып алууга

2218

 

 

595,2

Жергиликтүү бюджет

 

2

Учурдагы ремонт иштерине

2221

30,0

Жергиликтүү бюджет

 

3

Айыл чарба товарларын алууга

2222

30.0

Жергиликтүү бюджет

 

4

Көмүр алууга

2224

178,08

Жергиликтүү бюджет

 

5

Үч-Каптал айылындагы балдар бакчасынын курулушуна

3111

1368,0

Жергиликтүү бюджет

 

6

Түз -Бел балдар бакчасынын чатырын ремонттоого

2221

250,0

Жергиликтүү бюджет

 

 

жыйынтыгы

 

2451,3

 

 

 

Башталгыч мектептерге

 

 

 

 

1

Көмүр сатып алууга

2224

45,0

Жергиликтүү бюджет

 

 

Жыйынтыгы

 

45,0

 

 

ОРТО МЕКТЕПТЕРГЕ

 

1

Ар кандай чыгымдарга (акыркы коңгуроо, мугалимдердин кесиптик күнунө жана окуучуларды спорттук мелдештерге жөнөтүүгө)

2215

120,0

Жергиликтүү бюджет

 

2

Учурдагы ремонт иштерине

2221

407,4

Жергиликтүү бюджет

 

3

Айыл чарба товарларын сатып алууга

2222

200,0

Жергиликтүү бюджет

 

4

Көмүр сатып алууга

2224

1381,0

Жергиликтүү бюджет

 

5

Мектептерди генараторлор менен камсыздоого (машина обородование)

3112

150,0

Жергиликтүү бюджет

 

6

Кысык-Алма орто мектебин ысык тамак программасына киргизүү үчүн кампа жасоо, эмеректерди сатып алуу

2222

150,0

Жергиликтүү бюджет

 

 

Жыйынтыгы

 

2480,4

 

 

СОЦИАЛДЫК КОРГОО

 

1

Авган күнун өткөрүү жана айыл аймагындагы 5 ардагерге материалдык колдоо көрсөтүү

2721

15,0

Жергиликтүү бюджет

 

2

8-март аялдардын эл аралык күнунө карата көп балалуу энелерге материалдык колдоо көрсөтүүгө

2721

50,0

Жергиликтүү бюджет

 

3

9-май Жеңиш майрамына карата тылда кызмат өтөгөндөргө социалдык жардам көрсөтүугө

2721

20,0

Жергиликтүү бюджет

 

4

Айыл аймагындагы билим берүү мекемелерине жаңыдан ишке кирген бир жолку жөлөк пул төлөп берүү

2721

21,0

Жергиликтүү бюджет

 

5

1-июнь балдардын Э аралык коргоо кунүнө карата аз-камсыз болгон балдарга материалдык жардам көрсөтүү

2721

15,0

Жергиликтүү бюджет

 

6

Улгайган курактагы адамдардын Эл аралык күнунө карата улгайган жарандарга материалдык колдоо

2721

60,0

Жергиликтүү бюджет

 

7

Кургак учук менен ооругандарга социалдык жардам

2721

28,0

Жергиликтүү бюджет

 

8

Мүмкүнчүлугу чектелген адамдардын Э аралык күнунө карата майып адамдарга социалдык жардам көрсөтүүгө

2721

120,0

Жергиликтүү бюджет

 

9

Калктын аярлуу катмарына оорулуу жарандарга ар тараптан жардам көрсөтүү

2721

71,0

Жергиликтүү бюджет

 

 

Жыйынтыгы

 

400,00

Жергиликтүү бюджет

 

БАЛА БАКЧА (атайын каражат)

 

1

Тамак аш сатып алууга

2218

1140

Ата-энелер взносу

 

 

Жыйынтыгы

 

1140

 

 

Жалпысы (жергиликтүү бюджет)

22056,10

 

 

Жалпысы (тендештирүү грант)

5958,6

 

 

 

Айыл өкмөт башчысы                                                              Ш.Арынов

ФЭБтин башчысы                                                                     А.Нурдинов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи  чакырылыштагы кезектеги 7-сессиясы

ТОКТОМ

 

Курбу-Таш айылы                                     № 26                          “22”  февраль 2022-жыл

 

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-жылы пайдаланылбай калган акча каражаттарын бюджеттик бөлүмдөрүнө бөлүштүрүү жөнүндө

            Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 44-беренесинин 4-пунктуна таянып Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2022-жылдын 22-февралындагы №24 токтомунда көрсөтүлгөн 2021-жылдын аягында жергиликтүү киреше бөлүгүндөгү пайдаланылбай калган 919,9 сом акча каражатын чыгашалоо жөнүндө финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиянын жана Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын сунуштарын карап чыгып, Жалпак-Таш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын аягында пайдаланылбай калган жергиликтүү бюджетинин 892,5миң сом жана бала бакчанын атайын каражатындагы ата-энелердин взносунан 27,4 миң сом жалпысы 919,6 миң сом акча каражаттары 2022-жылдагы жергиликтүү бюджетин чыгаша бөлүгүнүн төмөндөгү бөлүмдөрүнүн беренелерине жумшалсын:

а)Жергиликтүү бюджеттеги 892,5 миң сом акча каражаты турак-жай комуналдык чарбанын 3111-беренесине; 592,5 миң сом 2222-беренесине 300,0 миң сом жумшалсын.

б) Бала бакчанын атайын каражатындагы 27,4 миң сом акча каражаты, ушул эле бөлүмдүн 2222-беренесине жумшалсын.

2.Жогорудагы акча каражаттарын жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүмдөрүнө бөлүштүрүү жана максаттуу пайдалануу жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана финансы, экономика,бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Төрайым                                                                                                               Г.Матиева

 

 

      

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи  чакырылыштагы кезектеги 7-сессиясы

ТОКТОМ

 

Курбу-Таш айылы                                     № 27                          “22”  февраль 2022-жыл

 

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча

башкарууларынын союзуна мүчө болуп кирүү жөнүндө

 

            Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “ Мыйзамынын 22-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын союзуна мүчө болуп кирүү жана мүчөлүк төлөмдөрүн төлөп берүү боюнча Жалпак-Таш айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясы жактырган Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн кайрылуусунун негизинде, Жалпак-Таш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Жалпак-Таш айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын союзуна мүчө болуп кирсин.

 

2.Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын союзунун уставына ылайык жылына бир жолу, калктын санына жараша, бир адамга 1(бир) сомдон кем эмес мүчөлүк акы төлөнүп берилсин.

 

3.Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын союзу менен иш алып баруу Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө регламент, мыйзамдуулук укук тартиби  жана депуттаттык эхтика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

           

 

Төрайым                                                                                                               Г.Матиева

 

 

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи  чакырылыштагы кезектеги 7-сессиясы

 

ТОКТОМ

Курбу-Таш айылы                                       №28                            “22” февраль 2022-жыл

 

Жалпак-Таш жайыт пайдалануучулар бирикмесинин аткаруу комитетинин

2022-жылга карата бюджетин, иш-чараларын бекитүү жөнүндө

 

            Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы №30 “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 4-10-беренесине ылайык  Жайыт комитетинин төрагасы Т.Калыкбердиевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап Жайыт пайдалануучулар үчүн мал башына акы төлөөнүн өлчөмүн бекитүү максатында Жалпак-Таш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Жалпак-Таш жайыт комитетинин 2022-жылга карата түзүлгөн иш-планы 1-тиркеме,  бюджети кирешелер жана чыгашалар сметасы 2-3-тиркемеге ылайык бекитилсин

2.Жайыт комитетинин төмөнкү сунуштары бекитилсин: 2022-жылга жайыт пайдалануу учун акы төлөөнүн өлчөмдөрү:

 Ийри муйуздуу мал башына  100 ( жүз) сом.

 Кой-эчкилер башына  20 ( жыйырма ) сом.

 Жылкылар башына  100 ( жүз ) сом.

3.Жалпак-Таш айыл өкмөтү жайыт комитетинин пайдаланылуучу жайыт участокторунан түшкон жайыт акысын жайыт комитетинин бюджетине багыттоо милдети жүктөлсүн.

4.Жайыт ресурстарын мал жаюу менен  байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндө Кыргыз Респубиликасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрында чыккан № 515 токтомуна ылайык жайыт жерлерин мал жаюудан башка максатта тоют даярдоо же (кашалап) пайдалангандыгы үчүн жайыт акы жылына сотигине 10 сомдон ал эми балыкчылык, мөмө-жемиштерди жыйноо, туризим жана жарандардын эс алуусу, аңчылык, отун даярдоо, жалпы жайылтылган пайдалуу кендерди казуу,жана жеңил конструкцияда уюлдук байланыштарды орнотууга берилген жайыт жерлер эки тараптуу келишимдин негизинде жайыт акы өндүрүлсүн.   

5.Жайыт акыдан түшкөн каражаттары жайыт комитетинин кызматкерлеринин кызмат акысына жана социалдык камсыздандыруу взносторуна каржылансын жана жайыт инфраструктурасын жакшыртууга мыйзам чегинде жумшалсын.

6.Бул токтомдун аткарылышы Жалпак-Таш жайыт комитетинин  төрагасы Т.Калыкбердиевке милдеттендирилсин

7.Жайыт комитетинин аткарган иштерин көзөмөлдөө жагын Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Арыновго тапшырылсын.

8.Карл-Маркс айылындагы уюлдук байланыш “Биллайн” компаниясынын станциясын орнотууга жайыт жеринен жер тилкеси бөлүнүп берилисин жана ээлеген жайыт жеринин аренда акысы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин бюджетине төлөнсүн.

9.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбасы, өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика, жер казынасы боюнча” туруктуу комиссияга жүктөлсүн.  

 

Төрайым                                                                                                                Г.Матиева

 

 

Жалпак-Таш айылдык Кенешинин

2022- жылдын “22” февралындагы

№ 28 токтомуна  1-тиркеме

 

Аткарылуучу иш-чаралардын мазмуну

Аткаруу мөөнөтү

Аткарууга жооптуулар

1

Жайыт комитетинин бюджетин бекиттирүү

1-2 квартал

Жайт комитетинин төрагасы

2

Мал жандыктардын эсебин тактоо

1-квартал

Жайыт комитети

Айыл башчылар

3

Жайыт пайдалануучулар менен келишимдерди түзүү

1-квартал

Жайыт комитети

4

Жайытка баруучуу жолдорду ондоо

Дайыма

Жайыт комитети

5

ЖП жакынкы жайыттарга жайгаштыруу жана эмдөө иштерин жүргүзүү

Дайыма

Жайыт комитети,вет сервистер

6

Алыскы жайыттарга көчүрүү графигин жана маршурут түзүү

1-2-квартал

Жайыт комитети

7

Жайыттарды жакшыртуу үчүн инвестиция тартуу жана аркандай долбоорлор  менен иштөө

Дайыма

Жайыт комитети

8

Киров, Супа, Алдаяр, Жан-Чукур жайыттарына мал суугаручу акыр куруу жана мал эмдөөчү раскол жасоо.

2-3-квартал

Жайыт комитети

Айыл башчылар

9

Жайыт пайдалануучулардан жайыт акысын жыйноо

дайыма

Жайыт комитети

Айыл башчылар

11

Жайыттардын абалын жакшыртуу

дайыма

Жайыт комитети

Айыл башчылар

12

2022-жыл жыйынтыгын чыгаруу

Жыл аягында

Жайт комитетинин төрагасы

 

Жайыт комитетинин 2022-жылга карата түзүлгөн иш-планы

 

 

 

Жалпак-Таш жайыт

комитетинин төрагасы                                                                        Т.Калыкбердиев

 

 

Жалпак-Таш айылдык Кенешинин

2022- жылдын “22” февралындагы

№ 28 токтомуна  2-тиркеме

 

Жайыт пайдалануу бирикмесинин 2022-жылга жайыт

акысынын киреше бөлүгү

 

Малдын түрү жана башка максатта пайда-ланган жайыт 

 

Малдын саны жана жайыттын аянты

Коюулган баасы мал башына жана сотыхна

Шарттуу

мал

башы,

жер аянты (га)

ЖПБ келишимде көрсөтүлгөн жайыт акысы

 

Жалпы

2022-жылга

сом

1

Саан уй

407

100

457

100

40700,00

2

Кой-эчки

2745

20

3245

20

54900,00

3

Жылкы

394

100

444

100

39400,00

4

Кашаланган

15,га

10

15,га

10

15000,00

5

Чөп ормо

55,га

10

55,га

10

55000,00

 

 

 

 

 

 

 

 

Жалпысы

 

 

 

 

205000,00

 

Жалпы  эсептөөнүн жыйынтыгына ылайык жайыт комитетинин    2022-жылга жайыт акысы 1 шарттуу мал башына100 сом,кой-эчкиге 20 сомдон  жана сотыхна 10 сомдон белгиленсин. Жайыт түрүнө карата салык чегерүү КР жайыт мыйзамынын  талаптарына ылайык келтирилсин.

 

 

Жалпак-Таш жайыт

комитетинин төрагасы                                                                        Т.Калыкбердиев

           

 

 

 

 

 

 

 

Жалпак-Таш айылдык Кенешинин

2022- жылдын “22” февралындагы

№ 28 токтомуна  3-тиркеме

 

Жайыт пайдалануу бирикмесини 2022-жылга карата

түзүлгөн чыгаша бөлүгү

 

 Чыгашалардын статьялары

саны

Иштеген айы

Начисление сумма

Рай. коэффиценти

Суммасы

1

Төраганын эмгек акысы

1

12

7916

-

95000,00

2

Эмгек акы жыйынтыгы стат-я 2111100:

 

 

 

 

95000,00

3

Ишканадан камсыздандыруу үчүн төлөмдөр соцфонд ст-я 212100:

 

 

 

17,25%

16387,00

4

Жалпы эмгек акы фонду

 

 

 

 

111387

5

ЖПБнын ассосацияга кармалуучу взноско

 

 

 

 

7000,00

6

Ар кандай түрдүү чыгымдар стат-я 22154900:

 

 

 

 

29160,00

7

Жайыт комитетинин административдик чыгымы

 

 

 

 

147547,00

7

Жайыт инфраструктурасын жакшыртууга

 

 

 

 

57453,00

9

Жалпысы:

 

 

 

 

205000,00

 

 

Жалпак-Таш жайыт                                                                                          комитетинин төрагасы                                                                                    Т.Калыкбердиев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи  чакырылыштагы кезексиз 8-сессиясы

ТОКТОМ

Курбу-Таш айылы                                     № 29                          “23”  март 2022-жыл

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2020-2021-жылдарга карата жергиликтүү бюджетинин айрым беренелерине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

            Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2020-2021-жылдарга карата аудитордук ишмердүүлук планынын жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн жетекчисинин 2022-жылдын 28-февралындагы №02-3/39 буйругунун негизинде Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 31-декабрына чейинки жергиликтүү бюджетиндеги атайын каражаттардын бюджеттик эмес башка ткаражаттардын натыйжалуу түзулушу жана аткарылыш мамлекеттик ресурстардын туура бөлүнүншү жана пайдаланышы боюнча Жалпак-таш айыл өкмөтүнун кассалык кыймылына жана которулган бюджеттик каражаттардын максатту пайдалануусуна жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында көрсөтүлгөн 2021-жылдын 1-январынан 2021-жылдын 31-декабрына чейин максатсыз чыгымдалган бюджеттик каражаттарын мыйзамдаштыруу жана 2022-жылдын бюджетинин 1-кварталынын сметасына жылдыруу максатында, Жалпак-Таш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин 2018-жылдын 28-декабрындагы “Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттору боюнча жобосун бекитүү жөнүндөгү” буйругуну талаптары аткарылбай 2020-жылдын 1-январынан 2021-жылдын 31-декабрына чейин Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетини кассасына келип түшкөн накталай акча каражаттарынан 72,5 миң сом акча каражатын башка беренеге максатсыз иштетүү аудит жүргүзгөн убакта аныкталгандыгы белгиленсин.

2.Жалпысынан максатсыз жумшалган 72,5 мин сом анын ичинен 2020-жылдын бюджетинен 2721-беренесине жумшалган, 2215-беренесинен 20,0 миң сом транспорттук чыгымдардын 2214-беренесине жумшалган, 2215-беренесинен 4,5 миң сом акча 2021-жылдагы бюджетинин 2721-беренесине жумшалган, 2215-бернесинен 48,0 миң сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы жергиликтүү бюджетинин 2214-беренесинен 4,5 миң сом 2215-беренесине жана 2721-бернесинен 68,0 миң сом 2215-беренесине жылдырылсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика,бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрайым                                                                                                               Г.Матиева

 

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи  чакырылыштагы кезектеги 9-сессиясы 

ТОКТОМ

Курбу-Таш айылы                                     № 30                          “15” июнь  2022-жыл

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн алдындагы таза суу жана муниципалдык ишкана ачуу жөнүндө

 

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн алдындагы таза суу жана муниципалдык ишкана ачуу жөнүндө билдирүүсүн угуп, талкуулап, Жалпак-Таш айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн алдындагы таза суу жана муниципалдык ишкана ачууга макулдук берилсин. 
  1. Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн алдындагы таза суу жана муниципалдык ишкана ачуунун долбоору жана анын иштөө жобосун даярдоо Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер , билим берүү , маданият, саламатттыкты сактоо, жаштар жана дин иштери  боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

Төрайым                                                                                                                Г.Матиева

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи  чакырылыштагы кезексиз 9-сессиясы

ТОКТОМ

Курбу-Таш айылы                                     №31                           “15” июнь 2022-жыл

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн 8-июнь 2022-жылдагы №01-12/243 сандуу катын кароо жөнүндө

            Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн Ош облусунун Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы бюджеттин түзүлушунө жана аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча түзүлгөн отчетту жана жазма буйрукту карап чыгып, Жалпак-Таш айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн Ош оластынын Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы бюджеттин түзүлушунө жана аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча түзулгөн отчетту жана жазма буйругу айылдык кеңештин сессиясында каралгандыгы белгиленсин.

 

2.Текшерүү учурунда келтирилген кемчилдиктердин үстүндө иш алып баруу мындан ары кемчилдиктерге жол бербөө жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө сунушталсын.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы регламент, мыйзамдуулук укук тартиби  жана депуттаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрайым                                                                                                               Г.Матиева

 

 

 

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи  чакырылыштагы кезектеги 9-сессиясы

ТОКТОМ

Курбу-Таш айылы                                       № 32                                 “15” июнь 2022-жыл

 

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2022-жылдын  6 ай ичинде түшкөн ашыкча кирешелерди жана иш-чараларынын негизинде чыгашасын бекитип берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 109-115-беренелерине ылайык,  Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүндө 2022-жылдын  6 айында  бекитилген пландан ашыкча аткарылган   акча каражатына кошумча план алуу жана аны чыгаша бөлүгүнө бөлүштүрүү жөнүндө Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп,талкуулап Жалпак-Таш айылдык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин  2022-жылдын 6 айында  киреше бөлүгүндөгү бекитилген пландан,  киреше салыгынан  300,0 миң сом, роялти салыгынан 879,1 миң сом,  кен байлык жайгашкан жердин ижарасынан 423,6 миң сом жана жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүдөгү чегерүүлөрдөн 108,3 миң сом, жалпысы 1711,0 миң сом   акча каражатты пландан  ашыкча аткарылгандыгы белгиленсин.

  1. Бекитилген пландан ашыкча аткарылган 1711,0 мин сом акча каражаты, кошумча иш-чараларды аткаруу үчүн,  2022-жылдын 3-кварталындагы бюджеттин чыгашалар бөлүгүнө №1-тиркемеге ылайык бөлүштүрүлсүн.

3.Акча каражатын жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнө бөлүштүрүү жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык  жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

Төрайым                                                                                                               Г.Матиева

 

 

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2022-жылдын 15-июнундагы №32 токтомуна №1 тиркеме

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен кошумча аткарыла турган иш-чаралардын планы

Чыгашалардын аталышы

статья

Бардык чыгым (мин) сом менен

Каралган сумма

Каржылануучу бөлүмү

1

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин толук кандуу оргтехника менен камсыздоого жана жетишпеген эмеректерди сатып алуу

3112

250,0

Аппарат

2

Т.Турдубаева атындагы орто мектебинин  тосмосун ремонттоого жана Кысык-Алма  орто мектебине ыссык-тамак уюштуруу үчүн кампасын курууга

2221

181,0

Орто мектеп

3

Курбу-Таш айылындагы Кайкы-Бел участкасындагы сан ариптик телекөрсөтүү станциясына 10кВт трансформатор жана электр бөлүкчөлөрүн сатып алуу

3112

140,0

Турак-жай жана коммуналдык чарба

4

Эскилиги жеткен,авариялык абалдагы зым чубалгыларын алмаштыруу

2222

100,0

Турак-жай жана коммуналдык чарба

5

Ветеринардык кызматкерлерге атайын кийим кече сатып алуу

2223

24,0

Айыл чарба

 

Атайын техникаларга кошумча күйүүчү май сатып алууга

2214

70,0

Турак-жай жана коммуналдык чарба

6

Үч-Капчал ФАПтын имаратын,жылытуу системасын учурдагы оңдоого

2221

50,0

Турак-жай жана коммуналдык чарба

7

Муниципалдык менчиктеги имараттардын архитектуралык иш-кагаздарын бүткөрүүгө

2215

100,0

Турак-жай жана коммуналдык чарба

8

Кара-Тарык айылындагы ФАПтын абалы начар экендигин эске алып, ремонт иштерин жүргүзүү үчүн кошумча акча каражат бөлүү

2221

200,0

 Турак-жай жана коммуналдык чарба

9

Өзгөчө кырдаалдардын алдун алууга жана ар кандай чыгымдарга

2215

200,0

Турак-жай жана коммуналдык чарба

10

Карл Марс айылындагы агын суу линясын калыбына келтирүү үчүн желим труба  алууга (Карл Маркс айылындагы)

2222

96,0

 Турак-жай жана коммуналдык чарба

11

Ички,айыл чарба жолдорун ондоо кызматтарына

2221

300,0

Турак-жай жана коммуналдык чарба

 

ЖЫЙЫНТЫГЫ

 

1711,0

 

 

 

Айыл өкмөтүнүн башчысы                                                             Ш.Мамадалиев

 

 

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи  чакырылыштагы кезектеги 9-сессиясы

ТОКТОМ

Курбу-Таш айылы                                        №33                             “15” июнь  2022-жыл

 

Жалпак-Таш айыл аймагынын жергиликтүү жамааттын уставын

бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 15-беренсинин талаптарына ылайык Ош облусунун Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын элдик жыйындарында, жергиликтүү жамаатынын Уставынын долбоорун талкуулап, Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренсинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна таянып, Жалпак-Таш айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ 

1.Жалпак-Таш айылдык аймагынын “жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин.(тиркеме тиркелет) 

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана  депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Төрайым                                                                                                                Г.Матиева

 

 

 

 

 

 

Жалпак-Таш айылдык кенешинин

2022-жылдын 15-июнундагы №33

токтому менен бекитилген

 

Жалпак-Таш айылдык  аймактын

жергиликтүү жамаатынын

 

Типтүү уставы

 

  1. Жалпы жоболор
  2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү маанидеги маселелер
  • Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга түз катышуу формалары
  1. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселерди чечүүгө катышуусу
  2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негиздери
  3. Корутунду жоболор

 

 

  1. I. Жалпы жоболор

 

  1. Жалпы жоболор

 

  • Жалпак-Таш айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы - жергиликтүү жамааттын жыйындарында (чогулуштарында) же курутайларында талкуунун жыйынтыгы менен айылдык кеңештин токтому аркылуу бекитилүүчү, жергиликтүү жамааттын ич-ара жашоо-турмушун негизги эрежелерин жана принциптерин жөнгө салуучу, жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин кароочу, жергиликтүү жамааттардын бюджеттик процесстерге катышуусун кошкондо жергиликтүү маанидеги  маселелерди жана  Кыргыз Республикасынын мыйзамдары  менен жөнгө салынбаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу  ишинин башка маселелерин чечүүдө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн бири бири менен  жана жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелеринин тартирбин кароочу акт болуп саналат.

1.2. Ушул Устав Жалпак-Таш айыл аймагында  колдонулат жана өздөрүнүн уюштуруу-укуктук түрлөрүнө карабастан, айыл аймагында иштеп жаткан бардык юридикалык жактар, ошондой эле  жеке жактар жана алардын бирикмелери үчүн милдеттүү болуп саналат.

 

  1. Негизги түшүнүктөр жана терминдер

 

Ушул Уставда  төмөндөгү түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:

жергиликтүү маанидеги маселелер – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ошондой эле өздөрүнүн  түздөн түз эрктерин билдирүү менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү чечүүчү, айыл аймагынын  калкынын жашоо-турмушун түздөн түз камсыз кылуунун маселелери;

өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар – мыйзамдын же келишимдин негизинде аткаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар;

элдик демилгени жүзөгө ашыруу боюнча демилгелүү топ – ушул Уставга ылайык элдик демилгени жүзөгө ашыруу боюнча ыктыярдуу негизде  түзүлгөн, 11 адамдан кем эмес курамдагы жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү;

айылдын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн  чечүү боюнча демилгелүү топ – айыл аймагында жашаган 7678 ашык  жарандардын жалпы кызыкчылыктарынан улам жамааттын муктаждыгын (жергиликтүү маанидеги маселелерди) чогуу иликтеп жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте чечүү боюнча түзүлгөн ыктыярдуу бирикме;

айылдык чогулушту жана курултайды өткөрүү боюнча демилгечи топ – Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине жана ушул Уставдын жоболоруна ылайык айылдын чогулушун же курултайды өткөрүүнү демилгелеген, курамы 5  адамдан аз эмес жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү;

(Демилгечи топтордун мүчөлөрүнүн саны жергиликтүү жамааттардын  жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ыктыяры боюнча белгиленет);

жергиликтүү жамааттын курултайы – жалпы кызыкчылыктарды жараткан жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушунун маанилүү маселелерин талкуулоо максатында айыл аймагынын (шаардын) жергиликтүү жамаатынын өкүлдөрүнүн жыйыны;

жергиликтүү жамаат – жергиликтүү маанидеги маселелерди түздөн-түз жана алар тарабынан түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечүүгө жалпы кызыкчылыктары менен бириккен тиешелүү айылдык аймактын (шаардын) аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары;

муниципалдык менчик – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун киреше алуу булагы болуп саналган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн  зарыл болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ээлик кылуусунда, пайдалануусунда, тескөөсүндө турган жергиликтүү жамааттын менчиги;

жергиликтүү (элдик) ченем чыгаруу демилгеси – жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорун (токтомдун долбоорун) иштеп чыгууга жана  жергиликтүү кеңештин  кароосуна белгиленген тартипте киргизүүгө жергиликтүү жамааттын укугу;

 жарандардын чогулушу – бир көчөнүн, кварталдын же айылдын аймагында жашаган  жарандардын жыйынында маселелерди талкуулоо жолу менен аларды чечүүгө, алар боюнча  сунуштарды жана чечимдерди кабыл алууга жергиликтүү жамааттын түздөн-түз катышуу формасы;

коомдук угуулар – жамааттын турмушунун маанилүү маселелери боюнча калктын пикирин иликтеп билүүгө, сунуштарды жана рекомендацияларды алууга, оптималдуу, таразаланган чечимдерди табууга калктын кызыкчылыгын эске алуу менен чечимдерди кабыл алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси боюнча өткөрүлүүчү, ачык талкуулоо формасындагы уюштурулган иш-чара;

жамаатын муктаждыгын чогуу иликтөө –  маалыматтарды биргелешип  жыйноо, аларды талдоо процесси жана калктын пикирлерин жана кызыкчылыктарын эске алуу менен ишти пландаштыруу.

 

  1. Айылдык аймактын территориясы

 

3.1. Айылдык аймактын территориясы айылдык аймактын административдик-аймактык чек араларынын чектериндеги жерлерди өзүнө камтыйт.

3.2[1]. Айылдык аймактын территориясы төмөндөгү айылдарды өзүнө камтыйт:

- Курбу-Таш айылы

- Ак-Терек айылы

- Карл-Маркс айылы

-Киров айылы

-Алча-Башат айылы

-Кысык-Алма айылы

-Кара-Тарык айылы

-Боз-Ала айылы

-Түз-Бел айылы

-Үч-Каптал айылы

  1. Айылдык аймактын жергиликтүү жамааты

 

4.1.  Жергиликтүү маанидеги маселелерди өзүнүн жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүгө жалпы кызыкчылыктары менен бириккен, Жалпак-Таш айылдык аймакта туруктуу жашашкан Кыргыз Республикасынын жарандары айылдык аймактын жергиликтүү жамаатын түзүшөт.

4.2. Жергиликтүү жамааттын 18 жаштан жогорку мүчөлөрү жынысына, расасына, улутуна, тилине, тегине, мүлктүк жана кызматтык абалына, динге карата мамилесине, ынанымына, коомдук бирикмелерге жана саясий партияларга таандыктыгына карабастан түздөн түз жана/же алар түзүшкөн  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкарууну ишке ашырууга тең укуктуу.

4.3. Жергиликтүү жамаат өзүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу эл аралык жана республикалык бирликтерге жана жергиликтүү жамааттардын ассоциацияларына кирүүгө укугу бар.

4.4.  Жергиликтүү жамаат мыйзамдарга ылайык тарыхый, маданий, улуттук жана башка жергиликтүү салттарды жана өзгөчөлүктөрдү чагылдырган расмий символдорду белгилөөгө укутуу. Символдордун сүрөттөп баяндалышы жана аларды пайдалануунун тартиби айылдык кеңештин токтому менен белгиленет.

 

  1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнө өтүүнүн жана мүчөлүгүнөн

чыгуунун тартиби

 

5.1. Кыргыз Республикасынын жаранын Жалпак-Таш айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын мүчөсү деп таануу үчүн негиз болуп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте айылдык аймакта жашаган жери боюнча каттоодон өтүү фактысы  саналат.

5.2. Жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп эcептелбеген (каттоосу боюнча), бирок айылдык аймакта 1 жылдан ашуун жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошол жердин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органына шайланууга жана шайлоо укуктарын кошпогондо, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү сыяктуу эле калган баардык укуктарга жана милдеттерге ээ.

5.2. Ушул Уставда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган негиздерден тышкары, Кыргыз Республикасынын жаранын жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнө кирүүсүнө кандайдыр-бир башка шарттарды белгилөөгө жол берилбейт.

5.4. Кыргыз Республикасынын жараны төмөнкү учурда жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнөн чыгат:

- ал Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо;

- аны өлдү, дайынсыз жок болду деп таануу жөнүндө  соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

- каза болгондо;

-айыл аймагынан сырткары туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде.

 

  1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери

 

6.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү расасына, этностук тиешелүүлүгүнө, динге болгон мамилесине карабастан, төмөндөгү укуктарга ээ:

 - жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышууга;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланууга жана шайлоого;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында өз ишин профессионалдык негизде (муниципалдык кызматта) ишке ашырууга;

 - мыйзамдарда жана ушул Уставда белгиленген тартипте айылдык кеңештин токтомдорунун долбоорун демилгелөө жана аларды айылдык кеңештин кароосуна киргизүү үчүн демилгелүү топторду түзүүгө;

- жамааттын муктаждыгын иликтөөгө  жана аларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана (же) мамлекеттик органдар менен бирдикте чечүү үчүн  демилгеүү топторду түзүүгө;

- инвестицияларды тартуу жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү  үчүн долбоордук документтерди иштеп чыгууга;

- айыл өкмөтүнө, айылдык кеңешке, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнө, уюмдарга, мекемелерге, ишканаларга жана алардын жетекчилерине жеке өзү кайрылууга, ошондой эле сунуштар, арыздар жана даттануулар менен кошо  жеке жана коллективдүү кайрылууларды жөнөтүүгө;

- мамлекеттик сырларга тийиштиги бар маалыматтарды, ошондой эле купуя  маалыматтарды (кызматтык сырларды) кошпогондо, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын карамагында турган маалыматтарды оозеки же жазуу түрүндө суратып алууга;

- жергиликтүү жамаатка, айыл өкмөтүнүн башчысына, айылдык кеңештин төрагасына жана депутаттарга алардын бир жылдагы (же жарым жылдагы)  аткарган ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалымат берүү тууралуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына оозеки же жазуу түрүндө кайрылуу жөнөтүүгө;

- жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү үчүн  белгиленген жеңилдиктерден пайдаланууга;

- маалыматтарды эркин алууга (жетүүгө) жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадимки иштөө убактысында  муниципалдык менчиктин мүлкүнүн обьектилеринин реестиринин мазмуну менен таанышууга;

- айыл чарбасына жарактуу Мамлекеттик фондунун жерлерин , муниципалдык жерлерди  жана муниципалдык менчикте турган башка мүлктөрдү берүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өткөргөн сатууларга (аукциондорго жана конкурстарга) катышууга;

- айылдык чогулуштарга, курултайларга, коомдук угууларга, айылдык кеңештин ачык сессияларына жана айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларынын жыйналыштарына, жетекчилеринин макулдугу боюнча айыл өкмөтүнүн, муниципалдык ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын чогулуштарына, жыйындарына катышууга, ал жерде өз пикирин ээн-эркин билдирүүгө жана жергиликтүү маанидеги маслелелер боюнча сунуш киргизүүгө;

- жамааттын башка мүчөлөрү тарабынан коомдук тартипти, ушул Уставдын эрежелерин бузган учурда, алардан мыйзамдардын, ушул Уставдын аткарылышын, коомдук тартипти сактоону жана укук бузуларды токтотууну талап кылууга, керек болсо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана укук коргоо органдарына кайрылууга;

- жамааттын жашоо шартын жакшыртуу максатында өткөрүлгөн коомдук пайдалуу, демөөрчүлүк иш-чараларына (ашарларга, ишембиликтерге, демөөрчүлүк акцияларына, иш-чарараларга, марафондорго) катышууга;

- микрорайондордун, турак жай комплекстеринин, үй, көчө, кварталдык комитеттеринин, жамааттардын (общиналар) кеңештери жана комитеттери  түрүндө аймактык коомдук өз алдынча башкарууну Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине карама-каршы келбеген формаларында түзүүгө;

- жаштар комитетин, аялдар кеңешин, аксакалдар кеңешин, ыктыярдуу элдик кошундарды, коомдук алдын алуу борборлорун (КААБ) жана башка коомдук уюмдарды түзүүгө же аларга мүчө болуп кирүүгө;

- жергиликтүү бюджетти түзүүгө катышууга, ошондой эле жергиликтүү бюджеттен чыгымдалып жаткан каражаттар тууралуу, бюджеттик параметрлер, белгилүү бир каржылык мезгилге карата артыкчылыктар жана чечимдер жөнүндө түшүнүктүү жана жөнөкөйлөтүлгөн формада маалымат алууга (жарандык бюджет);

- ушул Уставда жана мыйзамдарда каралган тартипте жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнөн өз эрки менен чыгууга;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктардан пайдаланууга;

Жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо,  жергиликтүү жамааттын  мүчөлөрүнүн укуктарын чектөөгө жол берилбейт жана соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.

6.2. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү расасына, этностук тиешелүүлүгүнө, динге болгон мамилесине карабастан, төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Уставды бекем сактоого;

 - жергиликтүү жамааттын башка мүчөлөрүнүн укуктарын жана эркиндиктерин урматтоого;

- жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча адамдарды басмырлоого жол бербөөгө;

- этностук маанидеги көйгөйлөргө өтүп кетүү ыктымалы бар социалдык жана башка характердеги конфликтерди алдын алуу боюнча укук коргоо органдарына жана жергиликтүү бийликке көмөк көрсөтүүгө;

- этностук жамааттардын маданиятынын өзгөчөлүктөрүнө толеранттуу болууга;

- жаратылыш айлана-чөйрөгө, осүмдүктөргө жана жаныбарларга аяр мамиле жасоого;

- муниципалдык менчикке аяр мамиле жасоого;

- калктуу конуштарда мал кармоодо   айдоолорду майкандоого, талаадагы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жыйналган түшүмүн керектөөдөн чыгаруу же жок кылуу, бак-дарактарга зыян келтирүүгө жол бербөөгө, санитардыкөветеринардык жоболорду сактоого;

- мал жайууда малды Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жжөнүндө» мыйзамына ылайык жайытка чыгарууга, же атайын мал жайууга ылайык жерлерге жайууга;

- калктуу конуштун ичинде санитардык жоболорду сактоого жана таштандыларды атайын көрсөтүлгөн жерлерге чыгарууга (мусорный ящиктерге);

- калктуу конуштардагы жалпы  колдонуудагы жерлерде жүргөндө тазалыкты сактоого;

- таза сууну, суугат сууну колдонуу эрежелерин сактоого.

 (Этникалык, географиялык, салттык жана башка өзгөчөлүктөрүнө ылайык жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери КР мыйзамдарына каршы келбеген шартта жергиликтүү жамааттын жана өз алдынча башкаруу органдарынын ыктыярына ылайык толукталышы мүмкүн).

 

  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана аны ишке ашыруунун формалары

 

7.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу  – жергиликтүү жамааттардын  жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүсүнүн Конституция менен кепилденген  укугу жана чыныгы мүмкүнчүлүлүгү.

7.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу  жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга өкүлчүлүктүү жана түз катышуусу менен ишке ашырылат.  

7.3. Жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга өкүлчүлүктүү катышуусу айылдык кеңеш аркылуу жүзөгө ашырылат.

7.4. Жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга түз катышуусу төмөндөгүдөй формада жүзөгө ашырылат:

- коомдук жана мамлекеттик турмуштун бардык маанилүү маслелелерин жана жергиликтүү маанидеги маслелелерди жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштарында, курултайларында, ошондой эле коомдук угууларда талкуулоо;

- жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолор;

- ченем чыгаруу демилгелерин көтөрүү жана/же жергиликтүү маанидеги өзгөчө маанилүү маселелер боюнча түз добуш берүүгө катышуу.

 

  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү маанидеги маселелер

 

  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

 

8.1. Жалпак-Таш айылдык аймактын (айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын, башка ченемдик укуктук актыларынын, ушул Уставдын негизинде  жалпы калктын атынан жүзөгө ашырат.

8.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы мыйзамдардын аткарылышы боюнча мамлекеттин жана анын органдарынын алдында, өз иштеринин натыйжалары боюнча-жергиликтүү жамааттын алдында жоопкерчилик алып барат.

8.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамдарына, башка ченемдик укуктук актыларына, ушул Уставга ылайык келбеген актыларды чыгарууга, ошондой эле конституциялык түзүлүшкө жана улуттук коопсуздукка түздөн-түз коркунуч келтирген аракеттерди жасоого, ошондой эле мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн бузууга, улуттар аралык жана диний каршылашууну пропагандалоого жана тутандырууга укугу жок.

 

  1. Айылдык кенеш

 

9.1. Жалпак-Таш айылдык  кенеши – мыйзамда белгиленген тартипте 4 жылдык мөөнөткө түзүлүүчү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы.

9.2. Айылдык кеңеш юридикалык жак болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен анын компетенциясына киргизилген бардык маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу.

9.3. Айылдык кеңештин ишинин уюштуруучулук-укуктук формасынын негизи болуп анын сессиялары жана туруктуу (убактылуу) комиссияларынын жыйындары  саналат.  Сессияларды жана жыйындарды өткөрүүнүн тартиби жана алардын мезгилдүүлүгү айылдык кеңештин регламентинде белгиленилет.

9.4.  Айылдык кеңештин сессиялары жана туруктуу (убактылуу) комиссияларынын жыйындары коомчулук үчүн ачык. Ар бир жаран айылдык кеңештин регламентине ылайык сессияларга, жыйындарга катышууга укугу бар. Эгерде каралып жаткан маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сырга тийиштүү болсо, айылдык кеңештин сессиясы жабык өтөт.

9.5. Айылдык кеңеш сессиянын: жыйындын датасы жана күн тартиби жөнүндө алдын ала  жарандарга маалымдоого, алардын сессияга, жыйындарга киришине шарт түзүүгө, ошондой эле кабыл алынган чечимдер боюнча жергиликтүү жамаатты маалымдоого  милдетүү,

9.6. Айылдык кеңештин депутаты өзүнүн шайлоочулары менен туруктуу байланыш түзүүгө, аларды айылдык кеңештин иши жана шайлоочулардын суроо-талаптарынын аткарылышы тууралуу байма-бай маалымдап турууга милдеттүү. Депутат өзүнө келип түшкөн сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды кароого, айылдык кеңештин дептутатынын ыйгарым укутарын аткарууга багытталган башка иштерди жүзөгө ашырууга милдеттүү.

9.7. Жергиликтүү кеңештин депутаты мезгил-мезгили менен, бирок жылына бир жолудан кем эмес өзүнүн иши жана айылдык кеңештин иштери тууралуу шайлоочулардын алдында отчет берүүгө милдеттүү.

9.8. Депутаттын отчету шайлоочулардын талабы боюнча кайсы учурда гана болбосун өткөрүлүүгө тийиш.

9.9. Депутаттын отчету тийиштүү шайлоо округунун шайлоочуларынын жыйналыштарында же жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн башка жыйындарында (чогулуштарында) өткөрүлөт. Депутат өз отчетун өткөрүүнүн убактысын жана ордун жергиликтүү кеңешке жана жергиликтүү жамаатка маалымдайт. 

9.10. Жергиликтүү кеңеш жергиликтүү жамааттын алдында депутаттардын отчетторун өткөрүүнүн болжолдуу мөөнөтүн аныктайт жана аларды отчет үчүн керектүү болгон маалымат берүүчү материладар менен өз учурунда камсыз кылат.

9.11. Шайлоочулардын алдында депутаттардын отчетторун өткөрүү менен байланышкан чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүзөгө ашырылат.

9.12. Айыл өкмөтү айылдык кеңештин депутаттарына өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга, шайлоочулардын алдында отчетторун даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтөт.

9.13. Айылдык кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү тартиби, айылдык кеңештин, анын туруктуу (убактылуу) комиссияларынын  ишин уюштуруунун тартиби, депутаттын ыйгарым укуктары жана статусу, депутаттын шайлоочулар менен иштөө тартиби «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө»,  «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгенилет.

 

  1. Айыл өкмөтү

 

10.1. Айылдык аймакта аткаруу бийилигин жүзөгө ашыруу үчүн айыл өкмөтү иштейт.

10.2. Жалпак-Таш айыл өкмөтү  юридикалык жак болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен анын компетенциясына киргизилген бардык маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу. Айыл өкмөтүнүн ишин уюштуруунун тартиби, айыл өкмөтүнүн компетенциясы, айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктары «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана ушул Устав  менен белгиленилет.

10.3. Өз иши боюнча айыл өкмөтү айылдык кеңешке, ал эми өткөрүлүп берилген  ыйгарым укуктар боюнча -  тийиштүү мамлекеттик органдарга отчет берет.

10.4. Айыл өкмөтү айылдык кеңештин депутаттарына өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга, айылдык кеңештин сессияларын, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйналыштарын өткөрүүгө, ошондой эле шайлоочулардын алдында отчетторун берүүдө көмөк көрсөтөт.

10.5. Айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары жана аппаратынын кызматкерлери өзүнүн иштерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдырына ылайык жүзөгө ашырышат, муниципалдык кызматчылар болуп саналышат жана акы төлөнүүчү башка иш менен алектенүүгө тийиш эмес. Муниципалдык кызматкер жетекчи менен макулдашуу боюнча мыйзамдарда тыюу салынбаган каражаттардан кошумча төлөнүүчү тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү билим берүү, эксперттик, илимий жана башка чыгармачылык иштер менен алектенүүгө укуктуу. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында  партиялык уюмдарды, бирикмелерди жана кыймылдарды түзүүгө жол берилбейт.

 

  1. Жергиликтүү маанидеги маселелер

 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактын жашоо тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштешин уюштуруу жана өнүктүрүү, социалдык-экономикалык пландаштыруу жана калкка социалдык жана маданий кызмат көрсөтүү үчүн «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинде белгиленген жергиликтүү маанидеги  маселелерди чечет.

Эскертүү: «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР Мыйзамынын 18-беренесинде белгиленген жергиликтүү маанидеги маселелер биротоло бүттү деп эсептелбейт. Жергиликтүү жамааттар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик органдардын компетенциясына кирбеген жана КР мыйзамдарында карама-каршы келбеген шартта өздөрүнүн географиялык, салттык, этностук, чек-аралык жана башка өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу жергиликтүү маанидеги кошумча маселелерди  жергиликтүү жамааттын Уставында белгилөөгө  укуктуу.

 

III. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга түз катышуу формалары

 

  1. Жергиликтүү жамааттын курултайы

 

12.1. Жарандардын жыйындарында (чогулуштарында) жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн ичинен  шайланган курултайдын делегаттары  жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү  менен талкуулоону талап кылган  жергиликтүү маанидеги маанилүү маселелер боюнча коллективдүү чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 2-майындагы N 152 Жарлыгы менен бекитилген «Жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн элдик курултайы жөнүндө жободо» белгиленген тартипте айыл аймагында жергиликтүү жамааттын курултайы (мындан ары - курултай)  чакырылат.

12.2 Курултай төмөнкүлөрдү камтуу менен жергиликтүү жамааттардын турмуштук мааниге ээ болгон бардык маселелерин кароого укуктуу:

- жергиликтүү жамааттын Уставын кабыл алуу, ага өзгөртүү жана толуктоо киргизүү;

- өнүктүрүү программаларын жана пландарын, ошону менен бирге жергиликтүү жамаат менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биргелешкен аркеттер пландарын, аймактын социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана жергиликтүү калкты социалдык коргоо программаларынын долбоорлорун (мындан ары – СЭӨП, БАП ж.б.);

- жергиликтүү жамааттардын аймагында өзүн-өзү каржылоону, өзүн-өзү камсыз кылууну, өзүн-өзү жөнгө салууну уюштуруунун негизги принциптерин жана эрежелерин бекитүү;

- жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү бюджетин, ошондой эле бюджеттен тышкаркы каражаттарын түзүү, аткаруу жана пайдалануу;

- коомдук тартипти коргоо боюнча негизги эрежелерди жана иш-чараларды белгилөө, майрамдарды, жүрүштөрдү жана диний ырым-жырымдарды, башка иш-чараларды уюштуруунун жергиликтүү жамааттардын турмуш-тиричилигине таасир этиши мүмкүн болгон экологиялык жана санитардык талаптарды сактоо;

- өзгөчө кырдаалдарда жана коомчулуктун таламында жергиликтүү жамааттардын күчүн жана каражатын моблизациялоону талап кылган башка шарттарда жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн коомдук кызмат өтөшү боюнча милдеттүү нормаларды белгилөө;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жергиликтүү жамааттардын Уставына каршы келбеген, жергиликтүү жамааттардын турмуш-тиричилигине тиешеси бар башка маанилүү маселелерди кароо.

12.3.  Курултайдын чечимдери сунуштама  түрүндө болот жана айыл өкмөтүнүн башчысынын катышуусу менен айылдык кеңеште  милдеттүү түрдө каралат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга карама каршы келбеген жергиликтүү жамааттын курултайынын чечимдери  айылдык кеңеш жактыргандан кийин айыл аймагынын бардык жеринде аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналат. Курултайды чакыруу, анын күн тартиби жана өткөрүү датасы айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынат. Жергиликтүү жамааттын курултайын  даярдоо жана өткөрүү  айыл өкмөтүнө жүктөлөт.

12.4. Курултайдын делегаттары  жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн  санына жана айыл аймагынын өзгөчөлүктөрүнө жараша айылдык кеңеш тарабынан белгиленген  өкүлчүлүктүн  нормаларына  ылайык, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү  жашаган жери боюнча айылдык жыйналыштарда (чогулуштарда) шайланат.

Эгерде  айыл аймагы бирден ашык  калктуу пунктан  турса,  анда өкүлчүлүктүн нормасы  ар бир айылдын калкынын пропорционалдык  санынын өкүлчүлүгүн эске алууга зарыл.

12.5. Күн  тартибин көрсөтүү менен курултайды чакыруу демилгеси  айылдык кеңешке, айыл өкмөтүнүн башчысына, жергиликтүү жамааттын демилгечи тобуна  тийиштүү болот.

12.6. Жергиликтүү жамааттын демилгечи тобунун демилгесинин негизинде курултайды чакыруудан баш тартуу  сотко даттанылышы мүмкүн.

12.7.  Курултайды чакырууну уюштуруунун, курултайга делегаттарды шайлоонун тартиби, ошондой эле  жергиликтүү жамааттын курултайынын ишин уюштуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 2-майындагы N 152 Жарлыгы менен бекитилген «Жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн элдик курултайы жөнүндө» Жободо белгиленет.

 

  1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн  ченем чыгаруу (элдик) демилгеси

 

13.1. Жергиликтүү  жамааттын мүчөлөрү жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча  ченем чыгаруу (элдик) демилге укугуна ээ. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан ченем чыгаруу демилгеси тартибинде иштелип чыккан жана айылдык кеңешке киргизилген токтомдун  долбоору  милдеттүү түрдө демилгечилердин  жана  башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрүнүн  катышуусунда каралууга жатат.

13.2. Жалпак-Таш айыл аймагында жашашкан жергиликтүү жамааттын 600 мүчөсү жергиликтүү ченем чыгаруу демилге укугуна ээ[2].

13.3. Ченем чыгаруу демилгесин  ишке ашырууга  чет элдик жарандар, мыйзам тартибинде  аракетке жөндөмсүз деп таанылган, ошондой эле соттун өкүмү  боюнча эркиндигинен ажыратылган жерде кармалган жарандар катыша албайт.

13.4. Элдик ченем чыгаруу демилгени ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын бардык аймагында же айыл аймагында согуштук же өзгөчө кырдаалдар киргизилген шарттарда  жол берилбейт.

13.5. Ченем чыгаруу демилгеси  иретинде Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарына карама каршы келген айылдык кенештин токтомунун долбоорлору  айылдык кеӊешке киргизилиши мүмкүн эмес.

 

  1. Айылдык кеңештин ченемдик укуктук актыларынын (токтомдордун)  долбоорлорун демилгелөө  тартиби

 

14.1. Айылдык кеңештин токтомунун долбоорун демилгелөө жана киргизүү  тууралуу  сунуш менен чыккын жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү элдик демилгени ишке  ашыруу  үчүн курамы 11 адамдан кем эмес демилгелүү топту түзүшөт. Айыл аймагында жашап турган жана 18 жашка чыккан жергиликтүү жамааттын мүчөсү демилгелүү топтун мүчөсү боло алат (Демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн саны жергиликтүү жамааттар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ыктыяры менен белгиленет).

14.2.  Демилгелүү топ  айылдык кеңештин токтомунун долбоорун  иштеп чыгуу жана аны айылдык кеңешке киргизүү   үчүн  кол топтоо, аны  айылдык кеңеш караган учурда   жергиликтүү жамааттын кызыкчылгын  коргоо үчүн  түзүлөт.

14.3.  Демилгелүү топтун мүчөлөрү төмөндөгүдөй  укуктарга  ээ:

- айылдык кеңештин токтомунун долбоорун иштеп чыгуу;

- токтомдун долбоорун айылдык кеңешке киргизүү демилгесин колдоого кол топтоо;

- элдик демилгени ишке ашыруу  боюнча мыйзамдуу жолдор жана каражаттар аркылуу  маалыматтарда жайылтуу;

-  жыйналыштарда (чогулуштарда), курултайларда, коомдук угууларда жалпыга маалымдоо каражаттарында, ошондой эле  жарандардан кол топтоо учурунда  айылдык кеңешке токтомдун долбоорун  киргизүү  тууралуу сунуш  үчүн  үгүт   иштерин  жүргүзүү;

- мыйзамдарда тыюу салынбаган  жана жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча  ченем чыгаруу  (элдик)  демилге укугун  ишке ашырууга багытталган башка аракеттерди аткаруу.

14.4. Демилелүү  топ  өзүнүн   ичинен  ачык добуш берүү менен мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен демилгелүү топтун координаторун шайлоого укуктуу. Координаторду шайлоо тууралуу демилгелүү топтун чечими   протокол менен жол-жоболоштурулат, ага демилгелүү топтун   мүчөлөрү   кол  коет.

14.5.  Демилгелүү топтун  координатору төмөндөгүдөй   укуктарга ээ:

- демилгелүү топтун кызыкчылыгын мамлекеттик органдарда  жана жергиликтүү өз алдынча   башкаруу органдарында  коргоп чыгууга;

-  демилгелүү  топтун  ишин координациялоого;

- токтомдун долбоорун иштеп чыгууга  катышууга,  кол топтоого  жана токтомдун долбоорун киргизүүнү колдоо боюнча үгүт иштерин жүргүзүүгө,  мыйзамдарда тыюу салынбаган   жана  жергиликтүү маанидеги   маселелер  боюнча  ченем чыгаруу (элдик)  демилге укугун ишке ашырууга  багытталган  башка аракеттерди жасоого.   

14.6.  Демилгелүү топтун чечими  анын катышуучуларынын көпчүлүк  добушу  менен  кабыл  алынат.

14.7.  Кол  топтоо  демилгелүү топ түзүлгөндөн кийин    жана  ченемдик укуктук актынын долбоору негиздемеси менен  даярдалгандан кийин   башталат.

14.8.  Ченемдик укуктук актынын долбоору  демилгелүү топ тарабынан айылдык жыйналыштарда  (чогулуштарда,  курултайларда),   дайындуу коомдук жерлердеги  же жергиликтүү жалпыга маалымдоо  каражаттарындагы жарнактарда  жалпыга маалымдалышы мүмкүн.

14.9.  Кол топтоо укугу демилгелүү топтун  мүчөлөрүнө тандык болот. Жарандардын колун топтоого  багытталган иш-чараларын даярдоого   жана өткөрүүгө багытталган  чыгымдар   жергиликтүү жамааттын каражаттарынын эсебинен  ишке  ашырылат.   Кол  топтоону жүргүзгөн  демилгелүү топтун  мүчөсү  айылдык кеңештин кароосуна сунуш кылынган  токтомдун долбоорунун текстин  тааныштыруу үчүн жарандарга  берүүгө  милдеттүү.

14.10.  Жарандардын колун топтоо жашаган, иштеген, кызмат өтөгөн, окуган жерлери   боюнча, ошондой эле   башка жерледе  жүргүзүлүшү  мүкүн.

14.11. Жергиликтүү  жамааттын мүчөсү  токтомдун долбоорун  колдоо иретинде бир гана  жолу кол коюуга, ошондой  эле демилгечи тобуна арызын берүү аркылуу   айылдык кеңешке   кол коюу  барагын  өткөргөнгө  чейин өзүнүн колун чакыртып алууга укуктуу.

14.12.  Демилгелүү  топ жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн үчтөн биринин бар экендигин тастыктаган   кол  топтоо бүткөндөн кийин   токтомдун  долбоорун   айылдык кеңешке  киргизет.

14.13.  Токтомдун долбоорун киргизүү үчүн демилгелүү топ токтомдун  долбоорун демилгелүү топтун өкүлдөрүнүн катышуусу менен айылдык кеңештин кезектеги  (кезексиз) сессиясында  кароо жөнүндө  арыз менен айылдык  кеңештин  төрагасына  кайрылат.

14.14.  Токтомдун долбоорун кароо тууралуу арызга төмөндөгүлөр кошо тирелет:

- токтомдун долбоорун айылдык  кеңештин  кароосуна киргизүү тууралуу чечим кабыл алынган демилгелүү топтун жыйналышынын протоколу;

- токтомдун долбоорунун тексти, ошондой  эле  анын  электрондук версияы;

- маалымкат-негиздеме;

- айылдык кеңештин мурда кабыл алынган токтомуна өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор  киргизилген учурда салыштырма  таблица;

- төмөндөгү маалыматтар камтылган кол коюу барагы: жергиликтүү жамааттын мүчөсүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы, жашаган (туруктуу) жери, паспортунун сериясы жана номери,   айылдык кеңешке  демилгелүү топ даярдаган токтомдун долбоорун киргизүү үчүн коюлган колу.

14.15. Элдик демилге иретинде жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан киргизилген  айылдык кеңештин токтомунун долбоору  айылдык кеңеш тарабынан милдеттүү түрдө эң жакынкы өтө турган кезектүү (кезексиз) туруктуу комиссиянын жыйынында жана айылдык кенештин сессиясында каралууга жатат. Аталган долбоорду айылдык кеңештин туруктуу комиссиянын жыйынында жана сессиясында кароо демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн милдеттүү түрдө катышуусу менен жүргүзүлөт.

14.16. Айылдык кеңеш мөөнөтүнөн мурда  ишин токтоткон  учурда жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан киргизилген  токтомдун  долбоору өз күчүн сактап калат жана  жаңы чакырылыштагы айылдык кеңеш тарабынан каралууга жатат.

14.17.  Жергиликтүү жамааттын  элдик демилге укугун эркин ишке ашырууга күч колдонуу, коркутуу, алдоо, сатып алуу же башка жолдор менен тоскоолдук кылган, айылдык кенешке токтомдун долбоорун  киргизүү жөнүндө үгүттөө  жүргүзүүгө бөгөт болгон адамдар, ошондой эле   документтерди,  кол коюу барагындагы  жарандардын колдорунун аныктыгын   бурмалаган     мамлекеттик органдардын  жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында  белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылышат.

 

  1. Айылдык чогулуштар

 

15.1. Жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн пикирлерин эске алуу, айылдык кеңештин депутаттарынын  жана айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматтарын  угуу жана талкуулоо максатында  бир көчөнүн, бир кварталдын,  кичи райондун же айылдын аймагында  жашашкан  жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн катышуусу менен айылдык чогулуш өткөрүлөт,  ал  боюнча  сунуштар кабыл алынат.

15.2.  Чогулуштарды даярдоо, өткөрүү жана натыйжаларын аныктоо ачык айкын ушул Уставда  белгиленген тартипте ишке ашырылат.

15.3. Айылдык чогулушта талкууланып жаткан маселелер боюнча  жергиликтүү жамааттардан  түшкөн суроолорго, сунуштарга, сын-пикирлерге  жооптор мүмкүнчүлүккө  жараша ошол жерде берилет, ошол жерде жооп берүүгө мүмкүн болбой калган учурда  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан   3 күндүн ичинде каралат,  алардын жыйынтыктары  суроолорду, сунуштарды, сын-пикирлерди берген   айылдык чогулуштун катышуучуларына жазуу жүзүндө  маалымдалат.

15.4.  Айылдык чогулуштарды өткөрүү менен байланышкан чыгымдар  жергиликтүү бюджеттин  каражаттарынын эсебинен жабылат..

 

  1. Айылдык чогулуштарда каралуучу маселелер

 

Айылдык чогулуштарда төмөндөгү маселелер  каралат:

- жергилктүү жамааттын уставынын долбоору, ошондой эле  жергиликтүү жамааттын уставына өзгөртүүлөрдү  жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө  ченемдик укуктук актынын долбоору;

- айыл аймагын өнүктүрүүнүн программаларынын жана пландарынын долбоорлору (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.), жана  аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү  жөнүндө долбоорлор;

- айылдын, кварталдын, көчөнүн белгилүү болгон өзгөчө көйгөйлөрүн  чечүү боюнча биргелешкен аркеттердин планы;

- айылдык аймакта этностор аралык мамилелерди жакшыртуу, этностор аралык конфликттерди болтуроо боюнча алдын алуу жумуштарын жүргүзүү;

- жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана тескөөнүн  тартибин белгилөө;

- ичүүчү сууну, сугат сууну пайдалангандыгы (эгер болсо канализация, жылуулук менен камсыз кылуу), ошондой эле  тиричилик калдыктарын  жана башкаларды жыйноо жана чыгаруу үчүн тарифтерди талкуулоо;

- турак жай фондусун,  турак жай-коммуналдык чарбаны  өнүктүрүү  жана көчөлөрдү, кварталдарды, айылдарды  көрктөндүрүү;

- аймакты куруунун башкы планы, архитектура жана шаар куруунун нормаларын жана эрежелерин  сактоо маселелери;

- жергиликтүү жамааттар демилгелеген (элдик демилге) ченемдик укуктук актылардын долбоорлору;

- айыл башчысынын  кызмат ордуна талпкерлерди кароо;

- айылдык кеңештин депутаттарынын, айыл өкмөтүнүн башчысынын бир жылдагы (жарым жылдагы) ишинин жыйынтыктары  жөнүндө маалыматтарын   угуу;

- айыл аймагынын территорияларынын  чектеринде айыл аймактарын, калктуу конуштарды түзүү жана жоюу тууралуу маселелерди талкуулоо, алардын чек араларын  белгилөө жана өзгөртүү, администрациялык  борборду белгилөө жана  которуу, калктуу конуштардын  категорияларын аныктоо, айыл аймагын, айылдарды, көчөлөрдү  атоо жана кайра атоо, ошондой эле алардын   аталыштарындагы   транскрипцияларды өзгөртүү;

- жергиликтүү  жамааттын турмуш-тиричилигин камсыз кылууга байланышкан  башка маселелер.

 

  1. Айылдык чогулуштарды өткөрүүнүн мезгилдүүлүгү

 

17.1. Айылдык чогулуштар айыл өкмөтүнүн башчысы,  айылдык кеңештин депутаттары  тарабынан, ошондой эле  жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн (демилгелүү топтун) сунуштары боюнча зарылчылыкка жараша пайда болгон маселелерге ылайык, бирок жылына эки жолудан аз эмес,  ушул Уставда белгиленген  мөөнөттө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн алдын ала кабарлоо аркылуу  чакырылат.  

17.2. Кечиктирилгис  маселелерди чечүү  үчүн  чогулуштар айыл өкмөтүнүн башчысы,  айылдык кеңеш  же анын төрагасы  тарабынанбелгилеген  мөөнөттө  жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө жана кызыкдар  адамдарга шашылыш  тартипте алдын ала кабарлоо менен   чакырылышы мүмкүн.

 

  1. Айылдык чогулуштарды өткөрүү демилгеси

 

            18.1. Айылдык чогулуштарды өткөрүүнүн демилгечилери катары жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү (демилгелүү топтор), айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык кеңеш боло алышат.

            18.2. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү айылдык чогулушту өткөрүү боюнча саны ___адамдан кем эмес демилгелүү топту түзүүгө укуктуу.

             (Демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн саны жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленет).

            18.3. Эгерде демилгелүү топ, айылдык кеңештин депутаттары айылдык чогулушту өткөрүүнүн демилгечиси катары чыккан учурда, анда жогоруда көрсөтүлгөн субъекттер айыл өкмөтүнүн башчысына, айылдык кеңештин төрагасына өздөрүнүн кайрылуусунда белгиленген жергиликтүү маанидеги маселе (маселелер) боюнча айылдык чогулуш өткөрүүнүн зарылдыгы жөнүндө кайрылуу жөнөтүшөт.

            18.4. Эгерде айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык кеңеш же болбосо анын төрагасы айылдык чогулушту өткөрүү демилгесин көтөрсө, айылдык чогулушту өткөрүү жөнүндө чечим, тийиштүүлүгүнө жараша, айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык кеңеш же болбосо анын төрагасы тарабынан өз алдынча кабыл алынат.

 

  1. Айылдык чогулушту өткөрүү демилгеси менен кайрылуу

 

            19.1. Айылдык чогулушту өткөрүүнү демилгелеген кайрылуу өзүнө төмөнкүлөрдү камтышы керек:

            - айылдык чогулушту өткөрүүнүн зарылдыгы жөнүндө негиздемени;

            - иш-чаранга катышуучуларынын божомолдуу санын (көчөлөрдүн, кварталдын, айылдын, айылдардын, айылдык аймактын);

            - иш-чараны өткөрүү болжолдонгон орунду;

            - кароого киргизилип жаткан маселени (маселелерди);

- демилгелүү топтун мүчөлөрү жөнүндө маалыматтар, алардын фамилияларын, ысымдарын, атасынын аттарын, жашаган жерлери.

19.2. Кайрылуу айыл өкмөтүнүн башчысы же айылдык кеңештин төрагасы тарабынан кайрылуу катталган күндөн тартып 14 күндүн ичинде каралат.

19.3. Кайрылууну кароонун жыйынтыктары боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы айылдык чогулушту өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат жана аларды өткөрүүнү уюштурат, же болбосо аларды өткөрүүдөн баш тартат.

Кайрылууну кароонун жыйынтыктары боюнча айылдык кеңештин төрагасы кайрылуу менен макул болгон учурда айыл өкмөтүнүн башчысына айылдык чогулушту өткөрүүнү тапшырат же болбосо аларды өткөрүүдөн баш тартат.

19.4. Айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык кеңештин төрагасы төмөнкү учурларда айылдык чогулушту өткөрүүдөн баш тартууга укуктуу:

- ушул Уставдын 19.1.-пунктунда көрсөтүлгөн талаптар бузулганда;

- аларды башка мыйзамдуу жолдор менен чечүүнүн мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу, кайрылууда көрсөтүлгөн маселелерди чогулуштарда талкуулоо максатка ылайыксыз болгондо;

- эгерде кайрылууда көрсөтүлгөн маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормаларына жана ушул Уставга карама-каршы келгенде.

Айыл өкмөтүнүн башчысынын, айылдык кеңештин төрагасынын айылдык чогулушту өткөрүүнү четке кагуу тууралуу чечимдери сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.

 

  1. Айылдык чогулушту уюштуруунун тартиби

 

20.1. Айылдык чогулушту өткөрүү жөнүндө чечимде төмөнкүлөр каралат:

- иш-чараны өткөрүүнүн орду, датасы жана мөөнөттөрү;

- айылдык чогулушка киргизилип жаткан маселелердин аттары жана (же) документтердин аталыштары (айыл өкмөтүнүн чечими, айылдык кеңештин токтому);

- талкууланып жаткан маселелер боюнча кызыкдар адамдардан ой пикирлерди жана сунуштарды кабыл алуунун тартиби.

20.2. Айылдык чогулушка жергиликтүү жамааттын ой пикирин эсепке алуу, угуу, талкуулоо жана жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча сунуштамаларды жыйноо үчүн күн тартибине бир эле убакта бир нече маселе киргизилиши мүмкүн.

20.3. Айыл өкмөтүнүн башчысы айылдык чогулушту өткөрүүгө карата даярдык көрүүнүн жүрүшүндө:

- чогулуш өткөргөнгө чейин 5 күн калгандан кечиктирбестен, бул үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын, почта кабарландырууларын, короолой (батирлер боюнча) кыдырып чыгууну, кулактандырууларды жана башка мүмкүн болгон каражаттарды пайдалануу менен айылдык аймактын (көчөлөрдүн, кварталдын, айылдын, айылдардын) жашоочуларын: демилгечи, чогулушка киргизилген маселе, иш-чараны өткөрүүнүн тартиби, орду, датасы жана убактысы тууралуу кабарландырууну уюштурат;

- айылдык аймактын (көчөлөрдүн, кварталдын, айылдын, айылдардын) жашоочуларына жана бардык кызыкдар болгон мамлекеттик органдардын, катышуу ниетин билдиришкен жеке жана юридикалык жактардын эркин жетимдүүлүгүн камсыз кылат;

- зарыл болгон учурда кызыкдар болгон мамлекеттик органдардан, уюмдардан, мекемелердин жана ишканалардан жазуу жүзүндө чогулушка киргизилип жаткан маселе боюнча зарыл маалымат (маалыматтар, материалдар жана документтер суроо-талап алынган күндөн тартып 5 күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен, уюштуруучуга берилет) суратып алат;

- зарыл болгон учурда консультациялык жана эксперттик жумуштарды аткарыш үчүн эксперттерди жана адистерди тартат;

- иш-чараны өткөргөнгө чейин 2 күн калгандан кечиктирбестен катышуучулардын жана чыгып сүйлөөчүлөрдүн тизмесин түзөт (иш-чарада чыгып сүйлөөчүлөрдүн тизмесине киргизилген адамдар бул тууралуу күн мурунтан кабарландырылат);

- чогулуштун катышуучуларын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн (зарыл болгон учурда) чакырууну жана каттоону, протокол жүргүзүүнү жана жыйынтыктоочу документтерди жол-жоболоштурууну камсыз кылат;

- чогулушта кароо үчүн сунушталган чечимдердин долбоорлорун даярдайт;

- иш-чараны даярдоодо жана уюштурууда демилгечилер менен өз ара аракеттенишет.

 

  1. Айылдык чогулушту өткөрүүнүн тартиби

 

21.1. Чогулушту алып баруу үчүн төрагасы жана катчысы, зарыл болгон учурда добуштарды саноо үчүн эсептөө комиссиясы шайланат. Күн тартиби катышып отургандардын санынын көпчүлүк добушу менен бекитилет.

21.2. Төрагалык кылуучу иш-чараны алып барат жана жумуш процессинде күн тартибиндеги маселелерди талкуулоонун тартибин көзөмөлдөйт.

21.3. Иш-чара төрагалык кылуучунун (же алып баруучунун) кыскача сөзү менен башталат, ал өзүн жана катчыны тааныштырат, талкуулануучу маселенин маңызы, анын маанилүүлүгү жана иш-чараны алып баруунун тартиби (иш-чаранын регламенти жөнүндө) кабарландырат.

21.4. Кайрылуунун негизинде даярдалган, чогулушта каралып жаткан маселелерди чечүү анын компетенциясына кирген баяндамачынын маалыматы угулат.

21.5. Чыгып сүйлөөлөр аяктагандан кийин, чогулушта белгиленген маселелерди чечүү компетенциясына кирген баяндамачыга, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн өкүлдөрүнө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарына жана башка кызматкерлерге иш-чаранын катышуучулары тарабынан оозеки да, жазуу жүзүндө дагы суроолор берилиши мүмкүн.

21.6. Чыгып сүйлөө үчүн сөз бардык каалаган катышуучуларга, суроолордун жазуу түрүндө түшкөн тартибине же болбосо кол көтөрүүсүнө ылайык берилет.

21.7. Иш-чаранын узактыгы талкууланып жаткан маселелердин мүнөзү менен аныкталат. Төрагалык кылуучу танапис жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.

21.8. Чогулуштун катчысы протокол жүргүзөт, анда иш-чаранын өткөн датасы жана убактысы, катышып жаткан жарандардын жалпы саны жана чакырылган адамдардын жалпы саны, күн тартиби, чыгып сөйлөөлөрдүн мазмууну, чыгып сүйлөгөндөр жөнүндө маалыматтар, ошондой эле суроо бергендер жөнүндө маалыматтар, кабыл алынган чечим жана сунуштамалар көрсөтүлөт. Протоколго чогулуштун төрагасы жана катчысы кол коёт. Чогулуштун, коомдук угуунун чечими жана\же сунуштамалары ачык добуш берүү менен, катышып отругандардын санынын жөнөкөй көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат.

21.9. Чогулуштун протоколунда милдеттүү тартипте, ар бир маселе боюнча иш-чаранын катышуучуларынын алар тарабынан талкуунун жүрүшүндө айтылган позициялары чагылдырылышы керек.

21.10. Иш-чаранын протоколу, чогулушта кабыл алынган чечимдер жана сунуштамалар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берилет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана кызмат адамдары бир айлык мөөнөттө калкка (иш-чаранын катышуучуларына) жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу, же коомчулук үчүн жеткиликтүү жерлерде маалыматтарды жайгаштыруу менен чечимдерди жана сунуштамаларды аткаруу боюнча кабыл алынган же көрүлгөн чаралар жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.

21.11. Эгерде ага тийиштүү аймактын (көчөнүн, кварталдын, айылдын, айылдардын) шайлоо укугуна ээ болушкан жашоочуларынын 51 пайызы катышса, же айылдык чогулушка чакырылгандардын 50,1 пайызы катышса, айылдык чогулуш укук ченемдүү болуп эсептелет. (Айылдык чогулуштун укук ченемдүүлүгүн аныктаган катышуучулардын саны жергиликтүү жамаат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленет: мисалы, 40 адамдан кем эмес катышса укук ченемдүү болот, чакырылгандардын жарымынан көбү катышса, бир көчөнүн, кварталдын, айылдын/айылдык аймактын жашоочуларынын жарымынан көбү катышса ж.б.).

21.12. Тийиштүү аймактын (көчөнүн, кварталдын, айылдын, айылдардын) жашоочуларынын, же айылдык чогулушту өткөрүү үчүн чакырылган катышуучулардын зарыл саны болбогон учурда, анда көрсөтүлгөн иш-чаралар катышуучулардын макулдугу менен белгилүү мөөнөткө жылдырылат.

 

  1. Коомдук угуулар

 

22.1. Коомдук угуулар – калктын кызыкчылыгын эске алуу менен жамааттын турмушунун маанилүү маселелери боюнча калктын пикирин иликтеп билүү, алардын катышуучуларынан сунуштарды жана рекомендацияларды алуу жана оптималдуу, таразаланган чечимдерди аныктоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси боюнча өткөрүлүүчү, ачык талкуу формасында уюштурулган иш-чара.

22.2. Коомдук угуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан сунуш кылынган чечимди коомчулук канчалык колдоорун түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түзөт, калкка талкууланган маселе боюнча өзүнүн ой пикирин айтууга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн жетекчилеринен суроого жооп алуугу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз жумуштарынын сапаты жөнүндө жана алардын жасаган жумушуна элдин канааттандырылуусу жөнүндө билүүгө, зарыл болгон учурда өз иш-аракеттерин элдин кызыкчылыктарын эске алуу менен оңдоп-түзөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

22.3. Коомдук угуулар жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча өткөрүлүшү мүмкүн, аларды чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын туура чечимдерди кабыл алуулары үчүн жергиликтүү жамааттын ой пикирлери өзгөчө маанилүү болуп саналат.

22.4. Коомдук угууларга алып чыгарылуучу маселелер:

- жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу;

- өнүктүрүү программаларынын жана пландарынын долбоорлору (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.);

- муниципалдык менчикти башкаруу (муниципалдык жерлерди, объекттерди ж. б. сатуу, ижарага берүү, пайдалануу);

- ичүүчү жана суугат суу боюнча, канализация, жылуулук менен жабдуу, турмуш-тиричиликтик калдыктарды жыйноо жана ташып чыгаруу ж. б. тарифтерди бекитүү;

- жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушун камсыз кылуу менен байланышкан башка маселелер.

22.5. Жергиликтүү жамаат үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон маселе боюнча жергиликтүү жамааттын ой пикирин дыкат иликтөө, угуу, талкуулоо, сунуштамаларды чогултуу жана маалыматтарды алмашуу максаттарында коомдук угууга биргана маселени алып чыгуу сунушталат.

22.6. Коомдук угуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан милдеттүү түрдө:

- жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу боюнча маселелер жыл сайын өткөрүлөт;

- өнүктүрүү программаларынын жана пландарынын долбоорлорун талкулоо (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.);

-  муниципалдык мүлктү башкаруу стратегиясын долбоорун бекитүүдө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекет тарабынан башкарууга өткөрүлүп берилген муниципалдык мүлктү бекитүүдө,мындай стратегияларды иштеп чыгуу жана бекитүү учуру пайда болгондо жүргүзүлөт.

Кызмат көрсөтүүлөргө (ичүүчү суу, суугат суусу, канализация, жылуулук менен жабдуу, турмуш-тиричиликтик калдыктарды жыйноо жана ташып чыгаруу ж. б.) тарифтерди бекитүү маселелер боюнча коомдук угуулар зарылдыгына жараша өткөрүлөт.

22.7. Коомдук угууларды уюштуруу жана өткөрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына (айыл өкмөтүнө) жүктөлөт жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

22.8. Коомдук угуулар, эгерде  ага өкүлдөрдүн, коомдук угууга чакырылгандардын ____ кем эмеси катышканда укук ченемдүү болот. (Коомдук угуунун укук ченемдүүлүгүн аныктаган катышуучулардын саны жергиликтүү жамаат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленет: мисалы, 70 адамдан кем эмес катышса укук ченемдүү болот, чакырылгандардын жарымынан көбү катышса, бир көчөнүн, кварталдын, айылдын/айылдык аймактын жашоочуларынын жарымынан көбү катышса ж.б.).

  1. Коомдук угууну уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби

 

23.1. Белгилүү маселе боюнча коомдук угууну өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин  айыл өкмөтү төмөнкү ырааттуулукта аракеттерди көрүүсү зарыл:

Коомдук угууга чейин 3-4 жума калганда өткөрүүнүн датасын, убактысын жана ордун аныктоо зарыл.

Коомдук угууга чейин 2 жума калганда талкуулоонун предмети боло турган сунуштун жана документтин долбоору (мисалы: бюджеттин кыскача сыпаттамасы же сатууга сунуш кылынган муниципалдык менчик объекттеринин тизмеси жана анын негиздемеси, же ичүүчү суу же сугат суусун берүү кызматына сунушталган тарифтердин өлчөмү ж б.) даярдалат.

Коомдук угууга чейин 1-2 жума калганда:

- коомдук угууга алып чыгып жаткан документтердин долбоору жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат;

- коомдук угууга чакыруу барактарын иштеп чыгуу жана  жана даярдоо жүргүзүлөт;

- калкка, уюмдарга, мекемелерге, ишканаларга, жарандык топторго, өкмөттүк эмес уюмдарга  чакыруу барактарын жана документтин долбоорлорун таратуу;

- маалыматты илүү жана башка мүмкүн болгон каражаттар менен жалпыга жарыялоо;

- документтин долбоорун алуу жайын маалымдоо менен, коомдук угуу жөнүндө пресс-релиз чыгаруу жана жалпыга маалымдоо каражаттарын маалымдоо ;

- коомдук угууну даярдоо жана өткөрүү боюнча айыл өкмөт аппаратынын кызматкерлерин окутууну (нускама берүүнү) жүргүзүү;

- коомдук угуунун максаттарын, датасын, убактысын жана өткөрүлүүчү ордун көрсөтүү менен калкты талкууланып жаткан маселе менен тааныштыруу үчүн айылдардын жалпыга жетимдүү жайларында кулактандырууларды жайгаштыруу;

- жамааттын негизги чечүүчү адамдарына, жергиликтүү кеңештин депутаттарына, айыл өкмөтүнүн аппаратынын бөлүмдөрүнө, зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине жеке кабарлоо;

- коомдук угуунун алып баруучусун жана катчысын (өкүлчүлүктүү же аткаруу органынан) тандоо;

- зарыл болгон учурда кызыкдар мамлекеттик органдардан, уюмдардан, мекемелерден, ишканалардан угууга киргизилген маселе боюнча зарыл маалыматтарды, материалдарды жана документтерди суратып алуу (маалыматтар, материалдар жана документтер уюштуруучуга суроо-талап алынган күндөн тартып 5 күндөн кечиктирбестен берилет);

- зарыл болгон учурда консультациялык жана эксперттик жумуштарды аткаруу үчүн эксперттер жана адистер тартылат.

Коомдук угууга чейин 1 жума калганда:

- өткөрүлүүчү орунду даярдоо (катышуучулар үчүн орундар, алып баруучу жана катчы үчүн үстөл, жарык берүү, жылытуу, үн күчөткүчтөр ж.б.);\

- көрсөтмө материалдарды даярдоо: плакаттар, доскалар, слайддар ж.б.;

- чыгып сүйлөөчүлөрдү дайындоо, күн тартибин даярдоо, коомдук угуу учурунда таратуу үчүн материалдардын кошумча көчүрмөлөрүн даярдоо;

- коомдук угууларды өткөрүүнүн эрежелерин даярдоо жана таратуу.

Коомдук угууга чейин 3 күн калганда:

- катышуучуларды каттоо баракчасын даярдоо;

- коомдук угуунун протоколунун формасын даярдоо;

- сунуштар/ой-пикирлер/сунуштамалар/суроолор үчүн бланктарды даярдоо.

Коомдук угууга чейин 1 күн калганда:

- орун жайдын жана жабдуулардын даярдыгын көзөмөлгө алуу;

- катышуучулардын, чыгып сүйлөөчүлөрдүн тизмесин жана күн тартибин тактоо;

- катышуучуларга таратуу үчүн кошумча материалдардын даярдыгын көзөмөлгө алуу ж.б.

Коомдук угууну өткөрүү күнү катышуучуларды, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн (зарыл болгон учурда) каттоо жүргүзөт, протоколду жүргүзөт жана жыйынтыктоочу документтерди жол-жоболоштурууну камсыз кылат.

23.2. Айыл өкмөтү коомдук угуу өткөрүлгөндөн кийин 10 күндүн ичинде анын натыйжасын жалпылайт жана жол-жоболоштурат, калк арасында коомдук угуунун натыйжалары жөнүндө, ошондой эле жыйынтыктары боюнча кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалыматтарды таратат. Ошол эле учурда айыл өкмөтү оозеки билдирүүнү, маалымат тактайларына жайгаштыруу, жалпыга маалымдоо каражаттарын, интернетти жана башка ыкмалар менен жааматка карата колдонууга мүмкүн болгон маалыматтарды таратуунун ар түрдү ыкмаларын пайдаланат.

 

  1. Жергиликтүү жамаатын жергиликтүү маанидеги маселелерди

чечүүгө катышуусу

 

  1. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жамааттын муктаждыктарын биргелешип иликтөө жолу менен катышуусу

 

24.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү  жергиликтуу жамааты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын натыйжалуу ишке ашыруу, аймактын турмуш-тиричиликтик тутумдарын өнүктүрүү, калкка зарыл болгон мамлекеттик жана мунициалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү максаттарында жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракетте катышууга укуктуу.

24.2. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуусу жамаатын муктаждыктарын биргелешип иликтөө аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

24.3. Жамааттын муктаждыктарын биргелешип иликтөө бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү жамааттын  элдин артыкчылыктуу көйгөйлөрүн табуу жана демилгечил топтор жана башка жумушчу топтор аркылуу айылдык аймактын айылынын (айылдарынын) жашоочуларынын ой-пикирлеринин жана кызыкчылыктарын эске алуу менен аларды чечүү боюнча биргелешкен иш процесси.

24.4. Жамааттын муктаждыктарын биргелешип иликтөө үчүн айыл өкмөтү демилге көтөрүү менен айылдык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү менен бирдикте төмөнкү иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашырат:

- маалыматтарды жыйноо жана айылдагы кырдаалды иликтөө;

- жамааттын көйгөйлөрүн аныктоо;

- жамааттын көйгөйлөрүн тандоо: көйгөйлөрдүн себеби эмне болуп саналат жана алардын кесепеттери;

- биринчи кезекте чечилүүгө жаткан артыкчылыктуу маселелерди аныктоо;

- артыкчылыктуу маселелерди чечүүнүн жолдорун биргелешип талкуулоо;

- артыкчылыктуу маселелерди чечүү боюнча демилгечил топторду түзүү;

- өнүктүрүү программаларын жана пландарын (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.) иштеп чыгуу ;

- айылдык чогулуштарда, коомдук угууларда жергиликтүү жамаат менен артыкчылыктуу маселелерди чечүү боюнча өнүктүрүү программаларын жана пландарын (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.) талкуулоо;

- жергиликтүү бюджетте өнүктүрүү программаларын жана пландарын (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.)  чагылдыруу;

- өнүктүрүү программаларын жана пландарын (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.)  ишке ашыруу;

- ишке ашырылып жаткан өнүктүрүү программаларына жана пландарына (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.) биргелешкен мониторинг жүргүзүү жана баа берүү;

- айылдык чогулуштарда, коомдук угууларда, курултайларда өнүктүрүү программаларын жана пландарын (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.) ишке ашыруу боюнча иштердин натыйжалары жөнүндө отчет.

24.5. Жамаааттын муктаждыктарын биргелешип иликтөө процессине төмөнкүлөр катыша алышат:

- жынысына, расасына, улутуна, тилине, туткан динине, кызматтык жана мүлктүк абалына көз карандысыз 18 жашка толгон жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү;

- мамлекеттик уюмдардын, ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, коомдук бирикмелердин ж.б. өкүлдөрү;

- айылдык кеңештин депутаттары;

- айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери.

 

  1. Айылдын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча демилгелүү топтор

 

25.1. Айыл өкмөтү, айылдык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү жамаат менен биргеликте жамааттын артыкчылыктуу маселелерин аныктоодо, жамааттын муктаждыктарын биргеликте иликтөө процессинде, ыктыярдуу негизде ар кайсы тармактар боюнча демилгелүү топторду түзөт, ошондой эле аткаруу мөөнөттөрүн, ресурстарын, аларды аткаруу боюнча жооптууларды белгилөө менен өнүктүрүү программаларын жана пландарын (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.) иштеп чыгышат.

25.2. Демилгелүү топтордун курамына төмөнкүлөр кирет:

- айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери;

- айылдык кеңештин депутаттары;

- жергиликтүү жамааттын жигердүү мүчөлөрү;

- мамлекеттик уюмдардын, ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, коомдук бирикмелердин ж.б. өкүлдөрү.

25.3. Демилгелүү топтордун курамы төмөнкүлөрдү эске алуу менен аныкталат:

- гендердик теңдемди сактоо;

- айылдык аймактын ар бир айылынын өкүлчүлүгүнүн болуусун;

- демилгелүү топ тарабынан тандалган артыкчылыктуу маселени чечүүдө тажрыйбанын болуусу;

- жамааттын артыкчылыктуу маселелерин чечүү үчүн кайтарымсыз негизде иштөөгө каалоосунун болуусу;

- демилгелүү топтордун иштерине ийгиликтүү катышуу үчүн каалоосун жана шыктуулугун билдиргендиги.

25.4. Демилгелүү топтун отуруму ачык жыйналыш формасында жүргүзүлөт.

25.5. Демилгелүү топтун мүчөлөрү, өз катарынан ачык добуш берүү менен, алардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добуштары менен демилгелүү топтун жетекчисин шайлашат. Демилгелүү топтун жетекчисин шайлоо тууралуу чечим протокол менен жол-жоболонот, ага демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн колдору коюлат. Демилгелүү топтун чечимдери ага тиешелүү бардык маселелер боюнча алардын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгүнүн добуштары менен кабыл алынат.

25.6. Демилгелүү топтун жетекчиси төмөнкүлөргө укуктуу:

- мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарда демилгелүү топтун кызыкчылыктарын жактоого;

- демилгелүү топтун жумушун координациялоого;

- демилгелүү топтун жыйналышын өткөрүүгө;

- демилгелүү топтун атынан документтерге кол коюуга ж.б..

25.7. Демилгелүү топтун мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:

- өнүктүрүү программаларын жана пландарын (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.)  иштеп чыгууга катышууга;

- окууларга, жыйналыштарга, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана айылдык аймактын территориясында иштеп жаткан башка уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин жамааттын артыкчылыктуу маселелерине тиешеси бар маселелери боюнча отурумдарына катышууга;

- тандалган көйгөйлөрдү чечүү жана аларды ишке ашыруу боюнча долбоорлорду иштеп чыгууга;

- жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын демилгелүү топ тарабынан тандалып алынган көйгөйлөрдү чечүү боюнча демилгелүү топтун жумуштарынын жүрүшү боюнча маалымдоого;

- жергиликтүү жамааттын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдында тандалып алынган көйгөйлөрдү чечүү үчүн иштелип чыгылган долбоорлордун презентациясын  өткөрүүгө жана коргоого;

- өнүктүрүү программаларын жана пландарын (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.) ишке ашыруу боюнча мониторинг жүргүзүүгө;

- айылдык чогулуштарда, коомдук угууларда, курултайларда жергиликтүү жамааттын алдында иштердин натыйжалары боюнча отчет берүүгө;

- зарыл болгондо мыйзамдарда жана ушул Уставда белгиленген тартипте айылдык кеңешке киргизүү үчүн ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун демилгелөөгө.

 

  1. Жамааттын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча демилгелүү топтордун курамдарын жана өнүктүрүү программаларын жана пландарын бекитүү

 

26.1. Жамааттын муктаждыктарын биргелешип иликтөөнүн натыйжасында табылган жамааттын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү үчүн айыл өкмөтү айылдык кеңештин депутаттарынын, жергиликтүү жамааттын жана демилгелүү топтордун мүчөлөрүнүн катышуусу менен жумушчу жолугушууларды уюштурат, анда төмөнкү маселелер каралат:

- артыкчылыктуу көйгөйлөрдүн бет ачаарлары жана аларды чечүүнүн жолдору;

- өнүктүрүү программаларын жана пландарын (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.)  иштеп чыгуу;

- артыкчылыктуу көйгөйлөр боюнча демилгелүү топтордун санын жана алардын курамын алдын ала бекитүү;

- каралып жаткан маселелерди талкуулоо, алар боюнча сунуштамаларды жана сунуштарды иштеп чыгуу;

- жалпы талкуулоо үчүн айылдык чогулушка (жыйналышка) өнүктүрүү программаларын жана пландарын (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.)  алып чыгуунун тартибин талкуулоо;

- өнүктүрүү программаларын жана пландарын (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.)  ишке ашыруу боюнча андан аркы аракеттерди пландоо;

- өнүктүрүү программаларын жана пландарын (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.)  ишке ашыруусуна баа берүү жана мониторинг жүргүзүү;

- жергиликтүү жамаатка алардын жашоо-турмушун камсыздоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарга баа берүү жана мониторинг жүргүзүү.

26.2. Айыл өкмөтү жумушчу жолугушуулардын натыйжалары боюнча айылдык чогулушка, коомдук угууга төмөнкүлөрдү алып чыгат:

- жамааттын муктаждыктарын биргелешип иликтөөнүн натыйжалары;

- өнүктүрүү программаларын жана пландарын (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.);

- тандалып алынган багыттар боюнча демилгелүү топтордун санын;

- жергиликтүү жамаат менен макулдашуу (өзгөртүү, толуктоо) үчүн демилгелүү топтордун мүчөлөрүнүн тизмесин.

26.3. Демилгелүү топтордун саны жана алардын курамы, жергиликтүү жамаат менен макулдашылат, андан кийин айыл өкмөт башчысынын чечими  менен бекитилет.

26.4. Биргелешкен аракеттер Планынын долбоору жергиликтүү жамаат менен айылдык чогулушта, коомдук угууларда макулдашылат, катышуучулардын сын-пикирлери жана сунуштарын эске алуу менен айылдык кенеш тарабынан бекитилет. Бул маалымат айыл өкмөтүнүн маалыматтык тактайында илинүү жолу менен жалпы элге маалымдалат.

26.5. Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республкасынын Бюджеттик кодексинин талаптарына  ылайык айылдык кенеш тарабынан бекитилет.

26.6. Айыл өкмөтү социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын долбоорун талкуулоо боюнча коомдук угууларды өткөрөт. Талкуунун жыйынтыгы боюнча социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы жана жергиликтүү бюджеттердин артыкчылыктары кезектеги бюджеттик жылдан мурунку жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен айылдык кеңеш тарабынан бекитилет.

  1. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү

 

27.1. Жамааттын артыкчылыктуу маселелерин аныктоо жана чечүү боюнча ачыктыкты, айкындыкты камсыз кылуу жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн жергиликтүү коомдук маанилүү чечимдерди кабыл алууга тартуу, ошондой эле жергиликтүү жамааттын, донор уюмдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айылдык аймактын өнүгүшүнө чегерилген каражаттарынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында  биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча иш чаралары жүргүзүлөт.

27.2. Биргелешкен мониторинг жана баа берүүнүн максаттары төмөнкү болуп саналат:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракеттерине жана муниципалдык кызматтардын сапатына баа берүү жана мониторинг жүргүзүү;

- айылдык аймактын территориясында жергиликтүү жана (же) республикалык бюджеттен, эл аралык жана башка донор уюмдардын, спонсорлордун жана башка мыйзамдар менен тыюу салынбаган булактардан каржыланып ишке ашырылуучу жергиликтүү демилгелердин/долбоорлордун/программалардын иш жүзүнө ашыруу натыйжаларына мониторинг жүргүзүү жана баа берүү;

- жергиликтүү демилгелерди/долбоорлорду/программаларды ишке ашыруу процессин, ошондой эле муниципалдык кызматтарды жакшыртуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу;

- этностор аралык конфликтерди алдын алуу жана болтурбоо максатында айылдык аймактын чегинде этностор аралык мамилелерге мониторинг жүргүзүү.

27.3. Жогоруда көрсөтүлгөн милдеттерди аткаруу үчүн айылдык кеңеш биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча жумушчу топ түзүүгө укуктуу. Айылдык кеңеш ушул Уставдын 27.2. пунктунда көрсөтүлгөн маселелер боюнча кошумча биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча жумушчу топторду түзүүгө укуктуу. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча жумушчу топтордун иш-аракеттеринин тартиби айылдык кеңеш тарабынан аныкталат.

27.4. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча топтун курамына айылдык кеңештин депутаттары, демилгелүү топтордун, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жана башка жактар жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоо мүнөздөгү жагдайларга  карабастан кирүүгө укуктуу. Топтун курамы айылдык кеңеш тарабынан бекитилет.

27.5. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча топ төмөнкүлөргө мониторинг жүргүзүүгө жана баа берүүгө укуктуу:

- айыл өкмөтүнүн жана анын структуралык бөлүмдөрүнүн, ошондой эле муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын иш-аракеттерин;

- тийиштүү аймактын жергиликтүү жамаатынын жашоо-турмушун камсыздоо боюнча кызмат көрсөткөн коомдук уюмдардын жана бирикмелердин (суу колдонуучулар ассоциацияларын (АВП), таза-суу колдонуучулардын айылдык бирикмеси (СОППВ ж.б.)  иш-аракеттерин;

- өнүктүрүү программаларын жана пландарын (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.);

- жергиликтүү жана (же) республикалык бюджеттен, эл аралык жана башка донор уюмдардын, спонсорлордун жана башка мыйзамдар менен тыюу салынбаган булактардан каржыланып ишке ашырылуучу жергиликтүү демилгелердин/долбоорлордун/программалардын ишке ашырылуусун;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын этностор аралык маселелер боюнча иш аракеттерин.

27.6. Аталган милдеттерди аткаруу үчүн биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча топ:

- жумуштун планын (графигин) бекитет;

- сурамжылоолорду (анкеттөөнү) жүргүзөт;

- жерине баруу менен, ишке ашырылган долбоордон көрсөтүлүүчү кызматтарды жана/же пайда алуучулар менен түздөн-түз маектерди жүргүзөт;

- документтерди (анкеталарды, графиктерди, отчетторду, каттоо журналдарын, катышуучулардын тизмесин) талдоону жүзөгө ашырат;

-тиешелүү иш-чараларга (тендер, сатып алуу, демилгелерди/долбоорлорду/программаларды ишке ашыруу) катышат;

- демилгелердин/долбоорлордун/программалардын өз убагында бүткөрүлүшүн жана/же көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын камсыз кылуу үчүн сунуштамаларды берет;

- демилгелерди/долбоорлорду/программаларды аткаруунун жүрүшүндө, кызматтарды көрсөтүүлөрдө табылган көйгөйлөр, ошондой эле өзүнүн аткарган жумуштарынын натыйжалары жөнүндө айыл өкмөтүн, айылдык кеңешти жана жергиликтүү жамаатты өз убагында кабарландырат;

- пландарды ишке ашыруу боюнча, кызматтардын көрсөтүлүшүн жакшыртуу боюнча, долбоордун аткарылышынын журүшүнө түзөтүү киргизүү боюнча сунуштарды берет.

27.7. Айыл өкмөтү ушул Уставдын 27.1.-27.2. пункттарында көрсөтүлгөн максаттарга жетүүгө жана маселелерди чечүү үчүн өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча биргелешкен мониторинг жана баа берүү топторун түзүүгө укуктуу.

27.8. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү тобунун иштеринин натыйжалары маалыматтык керегелерге илинет, жарыяларда, жалпыга маалымдоо каражаттарында таратылат, ошондой эле талкуулоо үчүн айылдык чогулуштарга, коомдук угууларга, курултайларга киргизилиши мүмкүн. 

  1. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу 

28.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнү өз иштерин координациялоо үчүн өз ара жардамдашуу, жашоо-турмуш тиричиликтик, социалдык, экономикалык жана маданий милдеттерди биргелешип чечүү өздөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын кыйла натыйжалуу жүзөгө ашыруу максаттарында жашаган жери боюнча аймактык коомдук өз алдынча башкарууну уюштурууга укуктуу.

28.2. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу кичи-райондордун комитеттери, турак жай комплекстеринин, үй, көчө, кварталдык комитеттер, жамааттар (коомдоштук) кеңештери жана комитеттери формасында, Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана башка мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка формаларда жүзөгө ашырылат.

28.3. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруулардын аймактарынын чектери жашоочулардын сунуштарын эске алуу менен айылдык кеңеш тарабынан белгиленет.

28.4. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу алар айылдык кеңеш тарабынан каттоого алынган учурдан тартып өз статустарына ээ болушат. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жак статусуна алууга укуктуу.

 

 

  1. V. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негиздери

 

  1. Муниципалдык менчик

 

29.1. Муниципалдык менчик - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында, пайдалануусунда, тескөөсүндө турган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кирешелерин алуучу булак катары кызмат кылуучу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш-милдеттерин жүзөгө ашырууга зарыл жергиликтүү жамааттардын менчиги;

29.2. Жергиликтүү жамаат жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуу жолу менен муниципалдык менчикти башкарууга жана тескөөгө түздөн-түз катышат, бул кайрылуулар тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан милдеттүү түрдө каралышы керек.

29.3. Муниципалдык менчик өзүнө кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын акчалай каражаттарын, баалуу кагаздарды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мүлктүк укуктарды камтыйт.

29.4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттары, ошондой эле бюджеттен тышкаркы фонддордун каражаттары дагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык менчиги болуп саналат. Бюджеттик каражаттарды, ошондой эле бюджеттен тышкаркы фонддордун каражаттарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, башкы органдардын алып коюусуна жол берилбейт.

29.5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мүлккө муниципалдык менчик объекттеринин реестрине ээ болууга жана аны жүргүзүүгө милдеттүү.

Реестрде төмөнкүдөй негизги маалыматтар:

- объектти сыпаттап жазуу;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же башка юридикалык же жеке жактар ээлик кылган мүлккө муниципалдык менчик объекттерине карата укуктарды ырастаган документтер;

- объекттерди пайдаланууга карата чектөөлөрдүн тизмеси;

- объекттердин бааланган наркы;

- мүлккө муниципалдык менчик объекттеринин өзгөчөлүктөрүнө жана аларды пайдаланууга байланышкан башка маалымат камтылууга тийиш.

29.6. Мүлккө муниципалдык менчик объекттеринин реестринин мазмуну жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадимки иш учурунда аларды жарандар иликтөө үчүн пайдалана алгыдай болууга тийиш.

29.7. Мүлккө муниципалдык менчик объекттеринин реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруучу органдары тарабынан белгиленет жана жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилет.

 

 

  1. Жергиликтүү бюджет жана аны бекитүү тартиби

 

30.1. Жергиликтүү бюджет – айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын бюджети, аны түзүүнү, бекитүүнү, аткарууну жана контролдоону жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жүзөгө ашырат. Жергиликтүү бюджет айылдык кеңештин чечими менен бекитилет. Жергиликтүү бюджетти түзүүнү жана аткарууну айыл өкмөтү жүзөгө ашырат.

30.2. Жергиликтүү бюджет кирешелерден жана чыгымдардан турат:

- жергиликтүү бюджеттин кирешелери – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тескөөсүнө келип түшкөн акчалай каражаттар, алар жергиликтүү салыктардан жана жыйымдардан, салыктык эмес келип түшүүлөрдөн; республикалык деңгээлде бөлүштүрүүчү салыктардан жана кирешелерден; трансферттерден, ыктыярдуу төгүмдөрдөн турат. Жергиликтүү салыктардан жана жыйымдардан, салыктык эмес келип түшүүлөрдөн алынган жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка деңгээлдеги бюджеттке алууга жатпайт;

- жергиликтүү бюджеттин чыгымдары – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерин жана иш-милдеттерин финансылык камсыз кылууга багытталган акча каражаттары.

30.3. Айылдык кеңештин төрагасы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы мамлекеттик салык кызматтарынан, айыл өкмөтүнөн жана юридикалык жактардан жергиликтүү бюджеттин долбоорун өз убагында жана сапаттуу түзүү үчүн зарыл болгон бардык маалыматтарды суроого жана алууга, өзүнүн отурумдарына бул органдардын жетекчилерин чакырууга жана угууга укуктуу. Жергиликтүү бюджеттин долбоорун түзүү үчүн зарыл болгон маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.

30.4. Айылдык кеңештин бюджеттик комиссиясы бюджеттин долбоорун алдын ала кароону өткөрөт жана айыл өкмөтүнүн отчетун угат, бюджеттин долбоору боюнча өз корутундусун, бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетту айылдык кеңештин сессиясына берет.

30.5. Жергиликтүү бюджеттин долбоорун кароо ачык жана жалпы эл алдында жүргүзүлөт. Бюджеттин долбоору боюнча, ошондой эле бюджеттин аткарылышы боюнча коомдук угуулар милдеттүү түрдө өткөрүлөт, бекитилген методикага ылайык жөнөкөйлөштүрүлгөн жана жеткиликтүү формада жарандык бюджет түзүлөт.

30.6. Айылдык кеңеш сессияда жергиликтүү бюджеттин адепки жана такталган долбоорун карайт жана бекитет же болбосо жергиликтүү жамааттын жана бардык кызыктар тараптардын ой-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жеткире иштеп чыгууга жөнөтөт, бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетту карайт, бекитет же болбосо аны четке кагат.

30.7. Айылдык кеңештин тиешелүү жылга бюджетти бекитүү тууралуу токтому, ошондой эле бюджеттин аткарылышы тууралуу айыл өкмөтүнүн отчету жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланууга жатат.

 

 

  1. Корутунду жоболор

 

  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынуучу сыйлоо чаралары

 

31.1. Ушул Уставдын талаптарын үлгүлүү аткаргандыгы, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышкандыгы, жеке жана үй-бүлөлүк үлгүлүү жүрүм-туруму, кайрымдуулук ишмердиги, спонсорлугу, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө айкын көмөк көрсөткөндүгү, жергиликтүү жамаатка кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга катышкандыгы үчүн тийиштүү жарандарга карата төмөнкүдөй моралдык жана материалдык сыйлоо чаралары колдонулушу мүмкүн:

- алкыш жарыялоо;

- баалуу белектер, башка материалдык жана акчалай сыйлыктар менен сыйлоо;

- грамоталар менен сыйлоо;

- “Мыкты үй-бүлө”, “Үлгүлүү үй”, “Үлгүлүү көчө”, “Үлгүлүү айыл” ардактуу наамдарын ыйгаруу;

- жамааттын Ардак тактасына илүү;

- жамааттын Ардак китепчесине киргизүү;

- “Айылдын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу;

- “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтүү.

31.2. Моралдык жана материалдык сыйлоо чараларын колдонуу томөнкү тартипте жүргүзүлөт:

- жамааттын мүчөлөрүн сыйлоого көрсөтүү демилгеси айылдын жашоочуларынын чогулушуна, аксакалдар сотторуна, коомдук уюмдарга, аймактык коомдук өз алдынча башкарууларга, айыл башчысына, айыл өкмөтүнүн башчысына, айылдык кеңештин депутаттарына, айылдык кеңештин төрагасына таандык;

- алкыш жарыялоо, баалуу белектер, башка материалдык жана акчалай сыйлыктар менен сыйлоо, грамоталарды тапшыруу, “Мыкты үй-бүлө”, “Үлгүлүү үй”, “Үлгүлүү көчө”, “Үлгүлүү айыл” ардактуу наамдарын ыйгаруу жөнүндө чечим айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан кабыл алынат;

- Ардак тактасына илүү, Ардак китепчесине киргизүү, “Айылдын ардактуу жараны”, “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамдарын ыйгаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтүү жөнүндө чечим айыл өкмөт башчысынын сунуштамасы боюнча айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынат.

31.3. “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамы жергиликтүү жамааттын эң жогорку наамы болуп саналат, ал айылдык аймактын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкондугу үчүн айыл кеңешинин чечими менен берилет. Айылдык кеңеш “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамы бар адамдар үчүн атайын жеңилдиктерди, ошондой эле алар үчүн стипендияларды жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын чектеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана башка материалдык сыйлыктарды белгилей алат.

 

  1. Жергиликтүү жамааттын Уставын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик

 

32.1. Ушул Уставдын талаптарын бузган жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө карата коомдук айыптоо чаралары колдонулушу мүмкүн.

32.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн, уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызмат адамдары ушул Уставдын талаптарын бузган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

 

  1. Жергиликтүү жамааттын Уставын кабыл алуунун жана

өзгөртүүнүн тартиби

 

33.1. Жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоору айылөкмөтүнүн башчысынын чечими менен түзүлгөн жумушчу топ тарабынан иштелип чыгат.

33.2. Жумушчу топтун курамына төмөнкүлөр кирет:

- айылдык кеңештин төрагасы;

- айыл өкмөтүнүн башчысы;

- айылдык кеңештин депутаттары;

- айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери;

- жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү (тийиштүү айылдык аймакта жашаган азчылык улуттардын өкүлдөрүн эске алуу менен);

- коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү (ӨЭУ, КУ,КФ, жаштар комитети, аялдар кеңеши, аксакалдар кеңеши, ишкерлер коомчулугу жана башка айылдык аймакта иш алып барган уюмдар).

(Жумушчу топтун түзүмү жергиликтүү жамааттын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштарына ылайык толукталышы же өзгөртүлүшү мүмкүн).

33.3. Жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан Уставдын долбоору жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жана/же айылдык кеңештин веб-сайтында (же башка расмий жарыялоо булактарында) жарыяланат жана айылдык чогулуштарга же жергиликтүү жамааттын курултайына талкуулоо үчүн алып чыгарылат, аны ушул Уставда белгиленген тартипте айыл өкмөтү уюштурат.

33.4. Курултайдын делегаттары, ошондой эле айылдык чогулуштун катышуучулары, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү Уставдын долбоору боюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды киргизүүгө укуктуу.

33.5. Айыл өкмөтүнүн башчысы Уставдын долбоорунун акыркы вариантын жумушчу топ тарабынан иштелип чыккандан кийин айылдык кеңештин кароосуна кабыл алуу үчүн киргизет.

33.6. Айылдык кеңештин Уставды бекитүү жөнүндө токтому  айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добуштары менен кабыл алынат.

33.7. Кабыл алынган Уставга өзгөртүүлөр жана толуктоолор айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин добуштары менен аларды айылдык чогулуштарда же курултайда жүргүзүлгөн талкуунун жыйынтыгы боюнча кабыл алынат.

33.8. Кабыл алынган Уставга карата өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү демилгеси жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн үчтөн биринен кем эмес сандагы мүчөлөрү же жалпы санынын үчтөн биринен кем эмес айылдык кеңештин депутаттарынын тобунун сунушу боюнча жүргүзүлөт.

33.9. Жергиликтүү жамааттын Уставы айылдык кеңештин Уставын бекитүү жөнүндө токтому тийиштүү расмий булактарда  жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Күчүнө киргенден кийин жергиликтүү жамааттын Уставын бекитүү тууралуу айылдык кеңештин токтомунун көчүрмөсү Уставдын тексттин тиркөө менен ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик Реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жиберилет.

 

 

 

 

 

 

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи  чакырылыштагы кезектеги 9-сессиясы

ТОКТОМ

Курбу-Таш айылы                                   № 34                           “15” июнь  2022-жыл

Жалпак-Таш айыл аймагында жайгашкан айылдардагы калктуу конуштарда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын, ырым-жырымдарын өткөрүү жобосун бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралында чыккан №54 Жарлыгына ылайык Жалпак-Таш айыл аймагында жайгашкан айылдардагы калктуу конуштарда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын, ырым-жырымдарын өткөрүү боюнча типтүү жобону бекитүү боюнча Жалпак-Таш айылдык кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ 

1.Кыргыз Республикасында үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгына ылайык, жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн жана салтын эске алып иштелип чыгылган, жергиликтүү жамааттын жыйынында кабыл алган эрежелерди камтыган жобо бекитилсин. (тиркеме тиркелет). 

2.Жалпак-Таш айыл аймагында түзүлгөн комиссия типтүү Жобонун негизинде иш алып барышсын. 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

Төрайым                                                                                                               Г.Матиева

 

 

 

 

 

 

Жалпак-Таш айылдык кенешинин

2022-жылдын 15-июнундагы №34

токтому менен бекитилген

 

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн аймактарында үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын, ырым жырымдарьн өткөрүүнүн тартиби жөнүндө

Типтүү жобо

1 .Жалпы жоболор

2.Жобонун иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби

3.Үй бүлөөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби

4.Маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби

5.Үй бүлөөлүк салтанаттарды жана макркумду эскерүү ырым жырымдардын            өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары

6.Айыл өкмөттүк комиссия курамы Жобонун талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик.

  1. Жалпы жоболор

I.1 Бул жобо ”Кыргыз Республикасынын үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ №54 Жарлыгына ылайык, жергиликтүү калктын өзгөчөлөгүн жана салтын эске алып иштелип чыгылган, Жалпак-Таш айыл өкмөтүндө жамаатын жыйынында кабыл алынган эрежелерди камтыйт.

1.2 Жобонун максаты Жалпак-Таш айьл аймактардагы калктуу конуштарда коомдук өнүгүүнүн муктаждыктарын эске алуу менен элдин жашоо турмушундагы улуттук каада салттарды, үй-бүлөөлүк үрп адаттарды, этностук ырым жырымдарды жана коомдо жаңыдан пайда болуп жаткан майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү, үй бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым жырымды өткөрүүдө убара керчиликке, өлүк ээсин мажбурлоого, өзүн көрсөтүүгө умтулууга, башка адамдардын социалдык абалын тоготпоого, ашыкча ысырапкорчулукка, элдин салт санаасын, үрп адатын тоготпоого жол бербөө, ата салтына жат терс жөрөлгөлөрдүн күндөлүк турмушта жайылышына бөгөт коюу, элибиздин нукура салт-санаасын жана ырым жырымдарын кеңири пропагандалоо жана жайылтуу болуп эсептелет.

  1. Жобону иштеп чыгуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби

2.1 Жалпак-Таш айыл аймагьшда үй-бүлөөлүк салт санааларды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын, ырым жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобонун (мындан ары-жобо) иштеп чыгуу үчүн айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен курамы айыл башчылар, депутаттар, аймактык тескөөчүлөр, ардагерлер, аялдар жана жаштар, аксакалдар соту, айылдык мечиттин имамдарынын курамында жумушчу топ түзүлөт.

2.2 Ушул типтүү жобонун негизинде жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан жобонун долбоору айыл өкмөттүн жыйындарында талкууланып жалпыга тааныштыруу үчүн ар бир айылга кулактандыруу тактайчаларына илинет келип түшкөн сунуштар эске алынып, жобонун долбоору киргизилет. Иштелип чыккан жобо айылдык кеңештин депутаттары тарабынан бекитилет.

2.3 Жобону бекитүү жөнүндө токтом сайтка жарыяга берилет.

2.4 Жобого кызыккан жарандарга айыл өкмөт, айылдык кеңеш тарабынан токтоосуз тааныштырылат.

  1. Үй-бүлөөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби

3.1Үй-бүлөөлүк салтанаттарга бешик той, балдарды сүнөткө отургузуу, нике (үйлөнүү) той, куда тосуу, маареке салтанаттар ж.б кирет.

 

 

 

3.2 Үй-бүлөөлүк салтанаттар райондо, айылдарда жана башка калктуу конуштарда калыптанып калган айыл өкмөттүн эрежелери жана тартип боюнча киргизилген чектөөлөрдү жана тыюларды бекем сактоо менен өткөрүлөт.

3.3 Үйлөнүү той өз ыктыяры менен эки тараптын (кудалар) эсебинен 200 адамга чейин ”Банкеттик кече” же конок тосуу менен ”Салттуу той” формасында өткөрүлөт жана ысырапкерчиликке жол берилбейт.

Үйлөнүү тоюнда ири бодо мал, жылкы союга уруксат берилет. Бирок ашыкча сый дасторкондорду уюштурууга тыюу салынат. Меймандарга себет тартылбайт, тойго да себет көтөрүп келүүгө тыюу салынат.

3.4 Кудалашуудан баштап үйлөнүү тойго байланышкан бардык иш-чараларда (каада салттарда) эки жаштын ата-энесин өз ара макулдашуу менен белгиленип өткөрүлүп, эки тараптан туугандарына, конокторуна, сый кийимдерди берүүгө тыюу салынат. Кыз жигитке жана алардын ата-энелерине гана сый кийимдерди,  белектерди берүүгө уруксат берилет.

3.5 Тойдон кийинки салттын отко кирүү, кыз көрдү, төркүлөтүү ж.б.у. сыяктуу кечелер өз ыктыярлары менен эки куданын үй бүлөөсү арасында 12 ден ашпаган адамдын катышуусунда өткөрүлөт.

3.6 Кыз узатууда 10-15-тен ашык түрдүү кийим кече, күйөө бласына 4 күн багуу, ар майрам сайын күйө балага баалуу белектерди берүүгө тыюу салынат.

  • Кыз тарапка той алып барганда 12 адам күйөө жолдоштору 10 дон ашпоосу керек.
  • Жарандык абалдьш актыларын каттоо органдарында никени мамлекеттик катоодон өткөрүү салтанатына 3 төн ашуун транспортту колдонууга тыюу салынат.

3.9 Жашы жете элек кыздарга молдо тарабынан нике кыюуга тыюу салынат.

  1. Маркумду эскерүү ырым жырымдарын өткөрүүнүн тартиби

4.1 Маркумду эскерүү ырым жырымдары ар бир айыл аймактарда айыл өкмөт тарабынан эрежелер жана тартип боюнча киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлөт.

4.2 Маркум чыккан (азалуу) үйдө алгачкы үч күн ичинде эч кандай жандык союлбайт, келгендерге дасторкон жайылып , тамак-аш берилбейт.

4.3Сөөк коюу жана аза күтүү ырым жырымына ири бодо мал, жылкы союуга тыюу салынат.

4.4Маркумга атап үчтүк, бейшембилик, кырктык, жылдык, айттыгын белгилөөгө тыюу салынат.

4.5 Сөөк коюу жана аза күтүүдө кийит кийгизүүгө (баш, кийим, чепкен, көйнөк ж.б.у.с) маркум өткөн жерде кандайдыр бир кездемени кичинекей бөлүкчөлөргө айрып, жыртыш таркатып берүү, майда бара буюмдарды (чыны, табак, дасторкон, самын, жип, чай,ж.б.у.с) таратууга тыюу салынат жана кабыр казгандарга берилүүчү кызмат акы комиссия курамынын макулдугу менен чектелет.

4.6 Кабырдын үстүнө күмбөз жана башка нерселерди тургузуу шарятта жок нерсе болгондуктан тыюу салынат.

4.7 Аза күндөрү бүткөндөн кийин сөөк чыккан үйдө атайын бир күндү белгилебей ошол үйдүн экономикалык абалына жараша карыз албастан, каалаган убакта бир жолу кайрымдуулук иретинде куран окутууга уруксат берилет.

5.Үй-бүлөөлүк сатанаттарды жана маркумду эскерүүдөгү ырым жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссия курамы

Жобого ылайык үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым жырымдарды өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөгө айыл өкмөттүн комиссия курамы кирет.

Бардык комиссия курамы өзүнүн ишин документтештирет.

5.1 Комиссия курамы айыл башчылар, айылдык кеңештин депутаттары, аймактык тескөөчүлөр билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жетекчилери, айыл аксакалдары, аялдар, жаштар, аксакалдар кеңешинин төрагасы, акскалдар сотунун төрагасы, мечит имамдары айыл өкмөттүн буйругу менен бекитилет.

5.2 Жалпак-Таш айьш өкмөтүндөгү комиссия курамы маркумду эскерүү ырым жырымы өткөрүлүп жаткан жерге барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзөт, өлүк ээсин жобонун талаптары менен тааныштырып, ал тууралуу журналга кол койдурат, жобонун талаптарынын аткарылышына мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт же (акт түзөт), ал тууралуу комиссия отурумунда маселени карайт, талапты бузган адамга карата тийиштүү чаралар көрсөтүлөт.

  • Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн комиссия курамы

5.2.l Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн комиссия курамы жобонун талаптарынын аткарылышына мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт, үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым жырымдарын өткөрүү боюнча алдыңкы тажрыйбаларды жалпылайт, аларды жайылтуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзөт жобонун талаптарын бузуу болгон учурда ал жөнүндө журналга каттоо жүргүзөт комиссия отурумунда маселени карайт, талапты бузган адамдарга карата тийиштуу чаралар көрүлөт, комиссия курамы чечимдерди, датанууларды карайт, чечим кабыл алууну татаалданткан жагдайлар келип чыккан учурда чара көрүү үчүн комиссия курамына сунуш киргизишет.

5.2.2 Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн комиссиясынын курамы уюштурат жана координациялайт.

6.Жобонун талаптарын бузгандыгы учун жоопкерчилик

Жалпак-Таш айыл аймактарында үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскеруу ырым жырымдарын өткөрүү боюнча жобонун талабын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинде, жергиликтүү жамааттын уставына жана ички мыйзамдарында жана эрежелеринде каралган (элдик жыйындын айылдык кеңештин депутаттары тарабынан кабыл алынган ) айып жазаларынын өлчөмдөрү салынган айыптарды төлөө мөөнөтү жана тартиби каралат.

 

 

Жалпак-Таш айыл

өкмөтүнүн башчысы                                                                                Ш.Мамадалиев

 

 

 

 

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи  чакырылыштагы кезектеги 10-сессиясы

 

ТОКТОМ

Курбу-Таш айылы                         № 35                           “22” август  2022-жыл

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 6 ай ичинде киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндө

 

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 6 ай ичинде киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы боюнча айыл өкмөтттүн маалыматын угуп Жалпак-Таш айылдык кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ 

  1. Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 6 ай ичинде киреше бөлүгү 15219,7 миң сомго ал эми чыгаша бөлүгү 10863,4 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин. 

2.Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлгүндөгү пайдаланбай калган акча каражаты 3-кварталдын ичинде аткарылуучу иштерге жумшоо айыл өкмөтүнө сунушталсын.

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Төрайым                                                                                                                Г.Матиева

 

 

 

 

 

 

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи  чакырылыштагы кезектеги 10-сессиясы

 

ТОКТОМ

Курбу-Таш айылы                                     № 36                          “22” август  2022-жыл

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2022-жыл ичиндеги чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жана бюджеттик каражаттарды кайра бөлүштүрүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 109-беренесине таянып Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2022-жылдын 3-квартал ичиндеги акча каражаттарды кайра бөлүштүрүү жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү, айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун угуп, талкуулап чыгып, ,Жалпак-Таш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 3-кварталындагы жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизилип, төмөндөгү 1101,8 миң сомдук бюджеттик каражат кайра бөлүштүрүлсүн;

 

-турак-жай комуналдык чарбанын 3111-беренесинен-970,0 миң сом; 5

-бала бакчанын 2218-беренесинен -75,0 миң сом;

-айыл чарбанын 2223-беренесинен -4,8 миң сом;

-аппараттын 3112-беренесинен 52,0 миң сом;

-аппараттын 2215-беренесине + 1101,8 миң сом;

 

2.Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнө мыйзам чегинде өзгөртүүлөрдү киргизүу жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана финансы, экономика,бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Төрайым                                                                                                               Г.Матиева

 

 

 

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи  чакырылыштагы кезектеги 10-сессиясы

 

ТОКТОМ

Курбу-Таш айылы                                     № 37                          “22” август  2022-жыл

Куршаб-Жалпак-Таш авто жолун оңдоого салым кошуу үчүн жергиликтүү бюджеттен  акча каражатын бөлүү жөнүндө

 

Куршаб-Жалпак-Таш авто жолун оңдоо боюнча жергиликтүү тургундар жана “Жалпак-Таш өнүктүрүү фонду” тарабынан демилге көтөрүлүп жаткандыктан, аталган демилгени колдоо, жолдун оңдолушуна салым кошуу боюнча депутаттардын сунушун  угуп талкуулап, Жалпак-Таш айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Куршаб-Жалпак-Таш авто жолун оңдоо боюнча жергиликтүү тургундар жана “Жалпак-Таш өнүктүрүү фонду” тарабынан демилге көтөрүлүп жаткандыктан, аталган демилгени колдоо, жолдун оңдолушуна салым кошуу максатында жергиликтүү бюджеттен “Жалпак-Таш өнүктүрүү фонду” 1000,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп, фонддун эсебине которулуп берилсин. 

2.Марафонду өткөрүү, уюштуруу жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө тапшырылсын жана марафонго өткөрүүгө кеткен каражаттар жергиликтүү бюджеттен каржылансын. 

3.Акча каражатын тез арада мыйзам чегинде карап, аталган фондго которуп берүүнү колго алуу Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. 

4.Жогорудагы 1000,0 миң сом акча каражаты 2022-жылдын 9 айдын жыйынтыгы менен кошумча кирешелердин эсебинен жүргүзүлө тургандыгы белгиленип, 9 айдын жыйынтыгы менен ордуна коюлсун. 

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана финансы, экономика,бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Төрайым                                                                                                               Г.Матиева

 

 

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи  чакырылыштагы кезектеги 10-сессиясы

 

ТОКТОМ

Курбу-Таш айылы                                        №38                            “22” август 2022-жыл

Айылдык кеңештин жаңы мыйзамга ылайык редакцияланган Регламентин бекитүү тууралуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” №101 мыйзамы күчүн жоготкондугуна байланыштуу, жаңы мыйзамга ылайык редакцияланган айылдык кеңештин Регламентин угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 9-пунктчасына жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Жалпак-Таш айылдык кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жаңы Мыйзамга ылайык редакцияланган Регламенти жактырылсын жана бекитилсин. (№1 тиркеме) 

2.Регламентти негиз кылып иш алып баруу жагы айылдык кеңештин депутаттарына милдеттендирилсин. 

  1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жобосу бекитилсин. ( №2 тиркеме) 

 

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана  депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Төрайым                                                                                                                Г.Матиева

 

 

 

 

 

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин кезектеги 10-сессиясынын «22» август 2022-жылдын

№ 38- токтому менен бекитилген. №1 тиркеме

 

ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТИПТҮҮ РЕГЛАМЕНТИ

 

I Бөлүм. Жергиликтүү кеңештин ишинин негиздери

II Бөлүм. Депутаттык фракциялар

III Бөлүм. Жергиликтүү кеңештин ишин уюштуруу  

IV Бөлүм. Жергиликтүү кеңештин ченем жаратуу иши.  жергиликтүү кеңештин токтомдорун даярдоонун, киргизүүнүн, кароонун жана кабыл алуунун тартиби

V Бөлүм. Жергиликтүү кеңештин айрым ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартиби

VI Бөлүм. Депутаттардын   шайлоочулар  менен болгон  байланышы. депутаттык суроо талап

VII Бөлүм. Жергиликтүү кеңештин ишмердүүлүгүнүн айкындуулугу

VIII Бөлүм. Жергиликтүү кеңештин аппараты/жооптуу катчысы

 

Бул Регламент Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жергиликтүү кеңештин иштерин уюштуруунун жана алардын ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартибин белгилейт.

I БӨЛҮМ. ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТИН ИШИНИН НЕГИЗДЕРИ

  1-глава. Жалпы жоболор

1.1 Айылдык аймактын, шаардын жергиликтүү кеңеши (мындан ары – жергиликтүү кеңеш) - мыйзамдарда белгиленген тартипте жана санда жергиликтүү коомдоштук тарабынан 4 жылдык мөөнөткө шайланган депутаттардан турган, өзүнүн ишин коллегиялык негизде жүзөгө ашырган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы.

1.2. Сессиянын, фракциялардын, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жыйындары, депутаттык жана бюджеттик угуулар, кеңештин иши менен байланышкан башка иш-чаралар жергиликтүү кеңештин ишинин формалары болуп эсептелинет.

1.3. Жергиликтүү кеңештин иши мыйзамдуулук, коллегиялдуулук, обьективдүүлүк, маселелерди талкуулоону жана чечимдерди кабыл алууну эркин жүргүзүү принциптерине негизделет.

1.4. Жергиликтүү кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каралган анын функцияларына жана ыйгарым укуктарына тийиштүү маселелерди өз алдынча чечет, өзү тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышына көзөмөл жүргүзөт жана аткарылышын камсыз кылат.

1.5. Жергиликтүү кеңештин Регламенти Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан каралган ыйгарым укуктарды жергиликтүү кеңеш тарабынан жүзөгө ашыруу тартибин жана жол-жобосун, анын ишин уюштурууну аныктайт.

1.6. Жергиликтүү кеңеш мөөрү, штампы жана символикалары бар бланктары, банктык мекемелерде эсептик счету, жеке мүлкү бар, өз милдеттери боюнча жооп бере алган юридикалык жак, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарын жана милдеттерин ишке ашыра алат, сотто жооп берүүчү жана дооматчы боло алат.

  2-глава. Жергиликтүү кеңештин компетенциясына кирген маселелер

2.1. Жергиликтүү кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктарынын чегинде, ушул регламентте белгиленген тартипте алар боюнча маселелерди кароого жана чечим кабыл алууга укуктуу.

2.2. Жергиликтүү кеңештин сессиясында төмөнкүдөй маселелер чечилет:

1) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн тартибин белгилөө;

2) жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддорду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу;

3) аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү, программалардын аткарылышы жөнүндө отчетту угуу;

4) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;

5) муниципалдык менчикти пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү, муниципалдык менчикти пайдаланууга көзөмөлдү ишке ашыруу:

а) муниципалдык менчик обьектилеринин реестрин бекитүү;

б) муниципалдык менчиктин объектилерин менчиктештирүү программасын бекитүү;

в) муниципалдык менчик обьектилерин ипотекага же күрөөгө коюуга макулдук берүү;

г) муниципалдык менчик обьектилерин сатууга, объектилерди муниципалдык менчикке сатып алууга макулдук берүү;

д) муниципалдык менчикти эсептен чыгаруунун тартибин белгилөө.

6) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын иши жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын отчетун угуу;

7) тиешелүү мамлекеттик органдардын кароосуна киргизүү максатында административдик-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

8) кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, кеңештин төрагасынын мыйзамдарга карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;

9) кеңештин регламентин кабыл алуу;

10) жергиликтүү кеңештин жылдык иш планын бекитүү;

11) жергиликтүү кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларын түзүү жана жоюу, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жеке курамын бекитүү жана алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү, отчетторун угуу;

12) өз чечимдеринин аткарылышына көзөмөлдүк кылуу;

13) муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен жабдууну пайдалануунун, ошондой эле мыйзамдарга ылайык турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуунун, ташып чыгаруунун жана жок кылуунун тарифтерин бекитүү;

14) алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуу убактысы жана жери боюнча чектөөлөрдү тыюу салууга чейин белгилөө;

15) расымдык иш-чараларды өткөрүү эрежелерин бекитүү;

16) ирригациялык тармактарды, үйдү жана үй жанындагы участкаларды күтүү тартибин белгилөө;

17) бюджетти, аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларын жана анын компетенциясына кирген башка маселелерди аткарбагандыгынан улам жергиликтүү өз алдыча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын ээлеген кызматына шайкештиги жөнүндө маселени кароо тууралуу сунуш киргизүү;

18) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысына ишенбестик билдирүү;

19) аймагында көрктөндүрүү, соода, сырткы жарнактарды жана маалыматтарды жайгаштыруу эрежелерин бекитүү;

20) башка жергиликтүү кеңештер менен кызматташуу жана тажрыйба алмашуу боюнча иштерди уюштуруу;

21) жергиликтүү коомдоштуктардын тарыхый жана маданий салттарын сактоо жана өнүктүрүү, маданияттын муниципалдык мекемелерин өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планын бекитүү;

22) аймагында айлана-чөйрөнү коргоо жана санитардык тазалоону контролдоо, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча иш-чаралардын планын бекитүү;

23) келишимдин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкару органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилген учурда мамлекеттик органдар жана жергилктүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте келишимдин шарттарын бекитүү, ошондой эле келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана учурларда мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди токтотуу же токтото туруу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;

24) жергиликтүү кеңештин депутаттарынын өз шайлоочуларына отчет берүүсү, шайлоочулардын суроо-талаптарын аткаруу жана шайлоочулар менен иштөө боюнча иш-чаралардын ар жылдык планын бекитүү, депутаттардын отчетун угуу;

25) жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча жыйындарды, коомдук угууларды, курултайларды өткөрүү боюнча ар жылдык планын бекитүү;

26) жайыт жерлерин пайдалануу боюнча жамааттардын ар жылдык планын, жайыт жерлерин пайдалануу укугу үчүн акынын өлчөмүн бекитүү, алардын аткарылышы боюнча отчетторду угуу;

 27) жергиликтүү коомдоштуктун Уставын бекитүү, анын жоболорунун аткарылышын көзөмөлдөө;

28) аймактын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн аныктоо жана аларды биргеликте чечүү максатында аткаруу органдары менен бирдикте активдүү жарандарды, демилгечи топторду, жамааттарды, коомдук бирикмелерди, жаштарды, бизнес коомдоштуктарын жана башка кызыкдар жактарды тартуу боюнча иштерди жүргүзүү;

29) кызмат көрсөтүүгө баа берүүнү жүргүзүүнүн усулун, жергиликтүү бюджеттин каржаттарынын, жергиликтүү коомдоштуктун, донордук уюмдардын салымдарынын эсебинен жүзөгө ашырылуучу жергиликтүү демилгелерди, долбоорлорду, программаларды бекитүү, ошондой эле кошмо мониторингдин жана баа берүүнүн топтору, анын курамы жөнүндө жобону бекитүү жана ошол топтордун сунуштарынын негизинде тийиштүү чараларды кабыл алуу;

30) өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча коомдук пикирди эсепке алуу үчүн коомдук угууларды өткөрүү, алардын жыйынтыгы боюнча көрүлүүчү чараларды аткарууну аткаруу органынын башчысына тапшыруу;

31) депутаттардын өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна көмөктөшүү үчүн жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын коомдук башталыштагы коомдук жардамчыларын тартуунун тартибин бекитүү;

32) мыйзамдарга ылайык башка маселелерди чечүү.

            3-глава. Жергиликтүү кеңештин төрагасы жана аны шайлоонун тартиби

3.1. Жергиликтүү кеңештин төрагасы тиешелүү жергиликтүү кеңештин сессиясында кеңештин депутаттарынын ичинен жашыруун добуш менен жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.

3.2. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордуна шайлоо үчүн талпкерди көрсөтүү укугу төмөндөгүлөргө таандык:

- депутаттык фракцияга;

- саны 5 депутаттан кем эмес депутаттык топко.

Ар бир депутаттык фракция же депутаттардын тобу бир талапкерди көрсөтүүгө укугу бар.

3.3. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү алар талапкер кылып сунуштаган депутатты көрсөтүү жөнүндө төрагалык кылуучуга арыз берүү жолу аркылуу жүргүзүлөт.

3.4. Өзүн өзү көрсөтүү жана талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыздар төрагалык кылуучу тарабынан күбөлөндүрүлөт жана аларды жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизүү үчүн эсептөө комиссиясына берилет.

3.5. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкер депутаттардын алдында чыгып сүйлөйт, алардын суроолоруна жооп берет.

Чыгып сүйлөө үчүн ага 10 мүнөткө, суроолорго жооп берүү үчүн 5 мүнөткө, корутунду сөз сүйлөө үчүн 7 мүнөткө чейин сөз берилет.

3.6. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерди колдоп же ага каршы чыгып сүйлөөнү каалаган депутаттарга сөз сүйлөө үчүн  3 мүнөткө чейин убакыт берилет.

3.7. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкер добуш берүү жол-жоболору башталгангана чейин өзүн өзү алып кое алат, бул тууралуу төрагалык кылуучуга добуш бергенге чейин өзүнүн тапкерлигин алып коюу жөнүндө арызын жөнөтөт. Өзүн өзү алып коюу добуш берүүсүз кабыл алынат.

3.8. Талкуулоо токтотулгандан кийин эсептөө комиссиясы жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерлердин фамилияларын жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизет.

3.9. Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордуна шайланды деп эсептелинет.

Эгерде:

- бир талапкер көрсөтүлүп, ал депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун ала албаса, талапкерлерди жаңыдан көрсөтүү жүргүзүлөт;

- эки талапкер көрсөтүлүп жана алардын бири да депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун ала албаса, добуштардын көпчүлүк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер тең депутаттардын добуштарынын тең санын алышса, талапкерлерди жаңыдан көрсөтүү жүргүзүлөт;

- эки талапкерден көп көрсөтүлүп жана алардын бири да депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун ала албаса, добуштардын көпчүлүк санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын көп санын алса, ал эми кийинки эки талапкер добуштардын тең санын алышса, добуштардын көпчүлүк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин экөөсү добуштардын тең көп санын алышса, ал эми кийинки талапкерлер добуштардын аз санын алышса, добуштардын көпчүлүк санын тең алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда бардык талапкерлер добуштардын тең санын алышса, талапкерлерди жаңыдан көрсөтүү жүргүзүлөт.

3.10. Талапкерлерди (же жаңы талапкерлерди) көрсөтүү менен кайрадан шайлоо жергиликтүү кеңештин эрки боюнча биринчи сессиянын күнүндө же башка күнү, бирок биринчи сессиянын күнүнөн баштап 5 календардык күндөн кеч эмес өткөрүлөт.

 

            4-глава. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктары

4.1. Жергиликтүү кеңештин төрагасы:

4.1.1. жергиликтүү кеңештин сессияларын чакырат жана алып барат;

4.1.2. жергиликтүү кеңештин иш планын бекитүү үчүн сессияга чыгарат;

4.1.3. жергиликтүү кеңештин сессияларын даярдоого жалпы жетекчилик жүргүзөт, маселелерди алдын ала кароо үчүн жана алар боюнча тийиштүү корутундуларды (чечимдерди) чыгарып жергиликтүү кеңештин сессиясына киргизүү үчүн туруктуу комиссияларга жөнөтөт;

4.1.4. жергиликтүү кеңештин сессиясынын кароосуна чыгарылган маселелердин даярдыгын контролдойт;

4.1.5. жергиликтүү кеңештин сессиясынын күн тартибин түзөт;

4.1.6. жергиликтүү кеңештин токтомдоруна кол коет жана алардын жарыяланышына жана аткарылышына контролдоону уюштурат;

4.1.7. жергиликтүү кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишин координациялайт;

4.1.8. катталган депутаттык топтордун ишине көмөктөшөт, алардын ишин координациялайт;

4.1.9. жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басарынын/орун басарларынын жана туруктуу (убактылуу) комиссияларынын төрагаларынын өз милдеттерин аткаруусун контролдойт;

4.1.10. депутаттарга өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга, жарандарды кабыл алуусуна, шайлоочулардын алдында отчет берүүсүнө көмөктөшөт, аларды маалыматтар менен камсыз кылат, депутаттардын укуктарын жана милдеттерин жүзөгө ашырууга байланышкан маселелерди карайт;

4.1.11. жергиликтүү кеңештин жана анын органдарынын ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылат;

4.1.12. мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана жарандар менен болгон мамиледе жергиликтүү кеңештин атынан чыгат;

4.1.13. жергиликтүү кеңештин жергиликтүү коомдоштуктар, аймактык коомдук өзүн өзү башкаруу органдары, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрү жана тиешелүү аймакта жайгашкан башка юридикалык жактар менен өз ара аракеттерин уюштурат;

4.1.14. жергиликтүү кеңештин, анын органдарынын абройун, депутаттардын ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо жана сактоо боюнча чараларды кабыл алат;

4.1.15. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө, Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу тууралуу сунуштайт;

4.1.16. ушул Регламентке жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык башка маселелерди чечет.

4.2. Жергиликтүү кеңештин төрагасы өзүнүн компетенциясынын чектеринде тескеме чыгарат. Төраганын тескемеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карма каршы келген учурда, ал жергиликтүү кеңештин сессиясында депутаттар аркылуу жокко чыгарылышы мүмкүн.

 

            5-глава. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары

5.1. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары жергиликтүү кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүнө төраганын альтернативалык түрдө берген сунушу боюнча жергиликтүү кеңештин сессиясында депутаттардын ичинен жашыруун добуш берүү аркылуу депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат.

Жергиликтүү кеңештин төрагасынын _ орун басары болот.

5.2. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна талапкерлерди шайлоо тартиби жана добуш берүүнүн башка жол-жоболук маселелери жергиликтүү кеңештин төрагасы үчүн белгиленген тартипте ишке ашырылат.

5.3. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары өз ишин коомдук башталышта аткарат.

Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары жергиликтүү кеңештин төрагасын алмаштырган учурда Мыйзамда каралган учурларда жергиликтүү кеңештин төрагасына төлөнүүчү компенсациянын суммасынан 50 пайыз өлчөмүндө компенсация алат.

5.4. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары:

5.4.1. жергиликтүү кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат;

5.4.2. жергиликтүү кеңештин төрагасы жок болгон учурда же ал өзүнүн иш-милдеттерин аткарууга мүмкүн болбой калган учурда жергиликтүү кеңештин төрагасынын иш-милдеттерин аткарат, ошондой эле жергиликтүү кеңештин төрагасынын тапшыруусу боюнча жергиликтүү кеңештин сессияларын алып барат;

5.4.3. жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссияларынын ишин уюштурат жана багыттайт, алардын өз ара аракеттерин координациялайт;

5.4.4. жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлгөн убактылуу комиссиялардын ишине жетекчиликти ишке ашырат же координациялайт;

5.4.5. аймакта (шаарда) жайгашкан жергиликтүү коомдоштуктар жана башка юридикалык жактар менен тыгыз байланышты жүргүзөт;

5.4.6. жергиликтүү кеңештин, анын комиссияларынын компетенциясына кирген маселелерге арналган иш-чараларга катышат;

5.4.7. жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагалары менен бирдикте жергиликтүү кеңеш кабыл алган чечимдердин, жергиликтүү коомдоштуктун Уставынын аткарылышын контролдоону камсыз кылат;

5.4.8. ушул Регламентте жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген башка иш-милдеттерди аткарат.

 

            6-глава. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу

6.1. Жергиликтүү кеңештин төрагасы жана анын орун басары алардын жеке өтүнүчү боюнча, ошондой эле алар өздөрүнүн милдеттерин аткара албай калган шарттарга байланыштуу ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотот.

6.2. Өз каалоолору боюнча жергиликтүү кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселе алардын өздөрүнөн арыздар келип түшкөндө, ошондой эле депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин демилгеси боюнча каралат.

6.3. Өз каалоолору боюнча жергиликтүү кеңештин төрагасынын же анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом ачык добуш берүү (же депутаттардын каалоосу боюнча жашыруун добуш берүү) аркылуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

6.4. Өздөрүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда жергиликтүү кеңештин сессиясында жашыруун (же ачык) добуш берүү жолу менен жергиликтүү кеңештин төрагасы, төрагасынын орун басары ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн. Жергиликтүү кеңештин төрагасын, төраганын орун басарынын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу маселе жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча киргизилиши мүмкүн.

6.5. Жергиликтүү кеңештин төрагасын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу чечим жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиси добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелинет. Жергиликтүү кеңештин төрагасын мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча жашыруун (же ачык) добуш берүү ушул Регламентте белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

6.6. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басарын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу чечим, жергиликтүү кенештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгу добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелинет. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басарын мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча жашыруун (же ачык) добуш берүү ушул Регламентте белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

 

            7-глава. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары

7.1. Кеңештин карамагына кирген маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо үчүн, ошондой эле кеңештин чечимдерин жүзөгө ашырууга катышуу, аймагында жайгашкан мекемелердин жана уюмдардын ошол чечимдерди аткарышын контролдоо үчүн жергиликтүү кеңеш туруктуу комиссияларды түзөт.

7.2. Туруктуу комиссиялар жергиликтүү кеңештин түзүмдүк бөлүгү болуп саналат жана жергиликтүү кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүнө жергиликтүү кеңештин токтому менен түзүлөт.

7.3. Туруктуу комиссиялардын тизмеси жана алардын сандык курамы жергиликтүү кеңешке шайланган депутаттардын сандык курамын эске алуу менен жергиликтүү кеңеш тарабынан белгиленет жана депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бекитилет.

7.4. Ар бир туруктуу комиссиянын сандык курамы жергиликтүү кеңештин депутаттарынын санынан: 5 тен кем болбоого жана 5 тен көп болбоого тийиш.

7.5. Туруктуу комиссиянын мүчөлөрүн жергиликтүү кеңештин депутаттары шайлашат.

7.6. Жергиликтүү кеңештин депутаты бир гана туруктуу комиссиянын мүчөсү боло алат (Өзгөчө учурларда 11 депутат курамындагы жергиликтүү кеңештер депутаттардын эки туруктуу комиссияга мүчө болуу укугу жөнүндө чечимди кабыл алышы мүмкүн).

7.7. Туруктуу комисиялардын мүчөлөрү бирдей укукка ээ. Жергиликтүү кеңештин төрагасы жана анын орун басары туруктуу комиссиялардын курамына кире алышпайт.

7.8. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү өздөрүнүн курамынан алардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен комиссиянын төрагасын шайлашат. Туруктуу комиссиялардын төрагалары жергиликтүү кеңештин сессияларында бекитилет.

7.9. Комиссиянын төрагасы өзүнүн милдеттерин аткарбаган учурда комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрүнүн чечими боюнча жаңыдан шайланышы мүмкүн.

7.10. Туруктуу комиссиялар жергиликтүү кеңештин алдында жоопкер жана ага отчет берет. Кезектеги жыл аяктагандан кийин туруктуу комиссиялар өзүнүн иши жөнүндө жергиликтүү кеңешке отчет беришет.

7.11. Ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн аралыгында, зарылчылыкка жараша, жергиликтүү кеңеш жаңы туруктуу комиссияны түзүүгө, мурда түзүлгөндөрдү жоюуга жана кайра түзүүгө, алардын курамына өзгөртүү киргизүүгө укугу бар.

(Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын орто курамын эске алуу менен жергиликтүү кеңеште төмөндөгү маселелер боюнча туруктуу комиссиялар түзүлүшү мүмкүн:

- регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча;

- жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча;

- бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча;

- мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча;

- жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча.).

 

            8-глава. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары

8.1. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары өздөрүнүн компетенцияларынын чектеринде:

8.1.1. иш планына ылайык туруктуу комиссиялардын карамагына кирген маселелерди даярдоону жана алдын ала кароону ишке ашырат, тийиштүү корутунду же чечим менен аларды жергиликтүү кеңештин кароосуна киргизет;

8.1.2. кийинки жылга туруктуу комиссиянын иш планын иштеп чыгат;

8.1.3. жергиликтүү кеңештин кароосуна аймактын экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүүсүнө байланышкан маселелер боюнча сунуштарды жергиликтүү кеңештин сессиясынын кароосуна киргизет;

8.1.4. өзүнүн аймагынын экономикалык өнүгүүсүнүн планынын жана бюджетинин долбоорлорун, пландардын жана бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетторду алдын ала карайт, алар боюнча өзүнүн корутундусун даярдайт, керек болгондо аларды кеңешке сунуш кылат;

8.1.5. жергиликтүү кеңештин төрагасынын тапшырмасы боюнча жергиликтүү кеңештин кароосуна келип түшкөн жарандардын арыздарын, кайрылууларын жана даттанууларын карайт;

8.1.6. өз ишинин уюштуруу маселелерин чечет;

8.1.7. жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин, жергиликтүү коомдоштуктун Уставынын жоболорун аткаруу боюнча контролду жүзөгө ашырат;

8.1.8. каралып жаткан маселени башка комиссияга өткөрүп берүү тууралуу сунушту жергиликтүү кеңештин төрагасына киргизет;

8.1.9. башка комиссиялар карап жаткан маслелер боюнча пикирин билдирет;

8.1.10. ушул Регламентке жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык башка ыйгарым укуктарды аткарат.

8.2. Туруктуу комиссиялар төмөндөгүлөргө укуктуу:

8.2.1. өзүнүн ишине илимпоздорду, адистерди, практикалык кызматкерлерди жана башка адамдарды тартууга;

8.2.2. өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин жана адистерин, ошондой эле аткаруу органынын башчысын жана анын аппаратынын тийиштүү адистерин угууга;

8.2.3. өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын, аткаруу органынын аппаратынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүн, ошондой эле адистерди, көз карандысыз эксперттерди жана илипоздорду тартуу укугу менен жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ичинен убактылуу комиссияларды түзүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;

8.2.4. туруктуу комиссиянын кароосуна берилген маселени иликтөө үчүн маалыматтарды, материалдарды жана документтерди кызмат адамдарынан, аткаруу органдарынан, мамлекеттик органдардан, уюмдардан, ишканалардан жана мекемелерден, аймагында жайгашкан башка уюмдардан суратып алууга, алар суроо-талапта көрсөтүлгөн мөөнөттө же суроо-талап берилген күндөн бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен аларды туруктуу комиссияларга берүүгө милдеттүү;

8.2.5. өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча жергиликтүү кеңештин төрагасына жана аткаруу органынын башчысына каралып жаткан маселени кеңири талкуулоо жана коомдук пикирлерди эске алуу максатында коомдук угууларды өткөрүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;

8.2.6. башка туруктуу комиссиялар менен кошмо жыйын өткөрүүгө.

8.3. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары аймагында жайгашкан уюмдардын жана мекемелердин оперативдик-чарбалык жана финансылык-чарбалык иштерине кийлигишүүгө укугу жок.

 

            9-глава. Туруктуу комиссиялардын жыйындары

9.1. Туруктуу комиссиялардын жыйындары комиссиянын иш-планына ылайык чакырылат.

9.2. Туруктуу комиссиялар алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча тийиштүү чечимдерди же корутундуларды кабыл алат.

9.3. Туруктуу комиссиялардын жыйындары коомчулук үчүн ачык болуп саналат, кызыкдар болгон бардык тараптар туруктуу комиссияларлардын жыйындарына ушул Регламентте белгиленген тартипте катышууга укуктуу.

9.4. Эгерде мыйзамдарга ылайык каралып жаткан маселе мамлекеттик сырга тийиштүү болгон учурда туруктуу комиссиянын мүчөлөрү комиссиянын жашыруун жыйынын өткөрүү тууралуу чечим кабыл алат.

9.5. Комиссиянын төрагасы жыйынды өткөрүү датасы жана анда каралуучу маселер тууралуу 3 жумушчу күндөн кеч эмес комиссиянын мүчөлөрүнө, жергиликтүү кеңештин төрагасына жана анын орун басарына кабарлайт, ошондой эле жарандарга, чакырылган адамадарга алдын ала маалымдоо боюнча чараларды кабыл алат.

9.6. Эгерде жыйынга комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымынан ашыгы катышса, анда ал укукченемдүү болуп эсептелет. Комиссиянын чечими комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын добушу менен кабыл алынат.

9.7. Туруктуу комиссиянын төрагасы өзүнүн демилгеси менен, ошондой эле, комиссиянын мүчөлөрүнүн үчтөн биринин, жергиликтүү кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын талабы боюнча да комиссиянын жыйынын чакыра алат.

9.8. Туруктуу комиссиянын жыйынына кеңеш берүүчү добуш укугу менен ошол комиссияга мүчө эмес депутаттардын, ошондой эле жергиликтүү кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын, аткаруу органынын башчысынын катышууга укугу бар, алар талкууланган маселе боюнча сөз сүйлөөгө жана талкууланган маселе боюнча өз пикирин билдирүүгө укуктуу.

9.9. Комиссиянын чечимине, корутундусуна туруктуу комиссиянын төрагасы кол коет, ал жокто анын орун басары кол коет. Кабыл алынган чечимдер маалымат тактайларында чечимдердин көчүрмөлөрүн жайгаштыруу жолу аркылуу элге маалымдалат.

9.10. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссияларынын иштерин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу (орун-жай, эмеректер, кенсе товарлары ж.б. менен камсыз кылуу) аткаруу органдарына жүктөлөт.

 

            10-глава. Туруктуу комиссиялардын кошмо жыйындары

10.1. Бир нече туруктуу комиссиялардын карамагына кирген маселелер комиссиялардын демилгеси менен, ошондой эле жергиликтүү кеңештин төрагасынын тапшырмасы боюнча туруктуу комиссиялар тарабынан биргеликте даярдалат жана каралат.

10.2. Бир нече туруктуу комиссиялардын карамагына кирген маселелерди иликтөө жана кароо кошмо жыйындарда жүргүзүлөт.

10.3. Эгерде кошмо жыйынга ар бир комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымынан ашыгы катышса, анда ал укук ченемдүү болуп эсептелет. Кошмо жыйынды өз ара макулдашуу боюнча ошол комиссиялардын төрагалары алып барышат.

10.4. Кошмо жыйында каралган маселелер боюнча чечим туруктуу комиссиялардын мүчөлөрүнүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана ошол комиссиялардын төөрагалары тарабынан кол коюлат. Кабыл алынган чечимдер маалымат тактайларында чечимдердин көчүрмөлөрүн жайгаштыруу жолу аркылуу элге маалымдалат.

 

            11-глава. Туруктуу комиссиянын төрагасынын ыйгарым укуктары

Туруктуу комиссиянын төрагасы:

11.1. комиссиянын дарегине келип түшкөн документтер жөнүндө комиссиянын мүчөлөрүнө түздөн-түз же жооптуу катчы (же айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкери) аркылуу маалымдайт;

11.2. комиссиянын мүчөлөрү, жооптуу катчы, жергиликтүү кеңештин төрагасы, аткаруу органынын башчысы же анын орун басары менен бирдикте бир жылга туруктуу комиссиянын иш планын түзөт;

11.3. туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү менен бирдикте комиссиянын жыйынынын күн тартибинин долбоорун түзөт;

11.4. комиссиянын жыйынын чакырат жана зарыл документтерди жана башка материлдарды даярдоону уюштурат;

11.5. комиссиянын ишине байланыштуу материалдар жана документтер менен комиссия мүчөлөрүн тааныштырат;

11.6. убактылуу комиссиялардын ишине комиссия мүчөлөрүнүн катышуусун сунуш кылат;

11.7. айылдык кеңештин жооптуу катчысынын жардамы менен жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүн, мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүн, адистерди, эксперттерди жана илимпоздорду туруктуу комиссиянын жыйындарына катышуу үчүн чакырат;

11.8. комиссиянын жыйындарына төрагалык кылат:

11.9. жергиликтүү кеңештин төрагасы жана төраганын орун басары менен туруктуу байланышта болот, комиссиянын жыйындарында каралган маселелер, ошондой эле чечимдерди жана комиссиянын сунуштарын жүзөгө ашыруу үчүн кабыл алынган чаралар тууралуу маалымдайт;

11.10. жергиликтүү кеңештин, туруктуу комиссиялардын чечимдерин аткаруу боюнча ишти уюштурат, тапшырылган милдеттердин аткарылышы тууралуу жергиликтүү кеңештин төрагасына, комиссиянын мүчөлөрүнө маалымдайт;

11.11. жыл сайын жергиликтүү кеңештин сессияларында туруктуу комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчет берет, отчетто камтылган малыматтарды кеңири жайылтуу үчүн чараларды көрөт.

 

            12-глава. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү

12.1. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү төмөндөгүлөргө укуктуу:

12.1.1. туруктуу комиссиялардын жыйынында кароо үчүн сунуштарды киргизүүгө;

12.1.2. комиссиянын иш планы, комиссиянын жыйындарынын күн тартиби боюнча, талкуулануучу маселелерди кароонун тартиби жана анын маңызы боюнча сунуштарды жана сын-пикирлерди киргизүүгө;

12.1.3. комиссияда каралып жаткан маселелер боюнча кызмат адамдарынын жана башка адамдардын маалыматтарын угуунун зарылдыгы жөнүндө сунуш киргизүүгө;

12.1.4. комиссиянын чечимдеринин, корутундуларынын долбооруна сунуштарды жана сын-пикирлерди киргизүүгө;

12.1.5. өзүнүн сунуштарын негиздөө менен чыгып сүйлөөгө, маалымат берүүгө;

12.1.6. комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча маалымат алууга.

12.2. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү төмөндөгүлөргө милдеттүү:

12.2.1. ушул Регламенттин жоболорун сактоого;

12.2.2. өзү мүчөсү болуп саналган туруктуу комиссиялардын бардык жыйындарына катышууга. Комиссиянын жыйынына жүйөлүү себептерден улам катышууга мүмкүнчүлүгү болбой калган учурда комиссиянын төрагасына билдирүүгө;

12.2.3. жергиликтүү кеңештин жана анын комиссияларынын компетенцияларына кирген маселелерлерге арналган иш-чараларга катышууга;

12.2.4. ал кабыл алган чечимдерди жүзөгө ашырууга активдүү катышууга, комиссиянын тапшырмаларын аткарууга.

12.3. Комиссия тарабынан каралаган бардык маслелерди чечүүгө активдүү катышуу үчүн комиссиянын мүчөсүнө шарт түзүлөт жана керектүү материалдар берилет.

12.4. Комиссиянын мүчөсү комиссиянын тапшырмасы боюнча комиссиянын карамагына кирген маслелерди жеринен иликтейт, өзүнүн тыянактары жана сунуштары тууралуу комиссияга билдирет.

12.5. Сунушу комиссияда колдоого ээ болбогон комиссиянын мүчөсү ошол маселе жергиликтүү кеңештин сессиясында талкууланган учурда, аларды жазуу же оозеки түрүндө киргизүүгө укуктуу.

 

            13-глава. Убактылуу комиссия

13.1. Жергиликтүү кеңеш зарылчылыкка жараша убактылуу комиссияларды түзүүгө укутуу.

13.2. Убактылуу комиссиялар жергиликтүү кещешинин төрагасынын, анын орун басарынын, туруктуу комиссиялардын төрагаларынын сунушу, ошондой эле жергиликтүү кеӊештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча түзүлөт.

13.3. Убактылуу комиссиялардын иши төмөндөгү учурлар менен чектелет:

13.3.1. убактылуу комиссия түзүлгөн тийиштүү мезгил менен;

13.3.2. убактылуу комиссия чечүү үчүн түзүлгөн тийиштүү тапшырма менен.

13.4. Убактылуу комиссияны түзүү жергиликтүү кещештин токтому менен жол-жоболоштурат, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

13.4.1. убактылуу комиссиянын аталышы;

13.4.2. убактылуу комиссиянын мүчөлөрүнүн сандык жана жеке курамы;

13.4.3. убактылуу комиссия чечүү үчүн түзүлгөн тапшырма;

13.4.4. убактылуу комиссиянын ыйгарым укугунун мөөнөтү.

13.5. Убактылуу комиссиянын мүчөлөрү жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат. Добуш берүү ошондой эле убактылуу комиссиянын курамы боюнча да жүргүзүлөт. Добуш берүүнүн жыйынтыгы алардын курамын шайлоо тууралуу жергиликтүү кеңештин токтому менен бекилет.

13.6. Өзүнүн курамынан убактылуу комиссиянын мүчөлөрү өздөрүнүн жалпы санын көпчүлүк добушу менен комиссиянын төрагасын шайлашат.

13.7. Өзүнүн ишинин жыйынтыктары боюнча убактылуу комиссия жергиликтүү кеңешке отчет берет. Өзгөчө пикири бар комиссиянын мүчөсү аны жергиликтүү кеңештин сессиясында жарыялоого укуктуу.

13.8. Убактылуу комиссия төмөндөгү учурларда өзүнүн ишин токтотот:

13.8.1. өзү түзүлгөн мезгил аяктаганда;

13.8.2. убактылуу комиссия чечүү үчүн түзүлүп, чечүүгө тийиш болгон тапшырмалар аткарылган учурда;

13.8.3. жергиликтүү кеңештин чечими боюнча башка учурларда.

13.9. Зарылчылыкка жараша адистер, эксперттер, демилгечи топтор жана башка кызыкдар адамдар убактылуу комиссиянын ишине тартылышы мүмкүн.

13.10. Каралып жаткан маслеле боюнча убактылуу комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен убактылуу комиссия чечим же корутунду кабыл алат.

13.11. Убактылуу комиссиянын жыйынын өткөрүүнүн тартиби туруктуу комиссиялар үчүн белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

13.12. Жергиликтүү кеңештин убактылуу комиссияларынын иштерин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу (орун-жай, эмеректер, кенсе товарлары ж.б. менен камсыз кылуу) аткаруу органына жүктөлөт.

 

 

III БӨЛҮМ. ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТИН ИШИН УЮШТУРУУ

   21-глава.  Жергиликтүү кеңештин биринчи (уюштуруу) сессиясы

 

21.1. Жаңы шайланган жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясы мурдагы чакырылган кеңештин төрагасы тарабынан жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодон кийин эки жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен чакырылат. 

  1. Биринчи сессияны даярдоону шаардык кеңештин аппараты жүргүзөт.

21.2. Жергиликтүү кеңештин аппараты (мындан ары - Аппарат), жооптуу катчысы  (мындан ары - катчы) биринчи сессияга 3 күн калганга чейин депутатка төмөнкүлөрдү жиберет:

21.2.1. жаңы шайланган депутаттар жөнүндө маалыматты;

21.2.2. аппаратын кызматкерлеринин, катчынын байланыш телефондорун;

21.3. Жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясын тиешелүү жергиликтүү кеңештин жаш курагы боюнча улуу депутаты ачат, кеңештин төрагасы шайланганча сессияны алып барат.

21.4. Жергиликтүү кеңештин сессиясы депутаттардын жалпы санынын кеминде жарымы катышса, укук ченемдүү болот.

21.5. Төрагалык кылуучу жергиликтүү кеңешке шайлоонун натыйжалары жөнүндө маалыматты жарыялоо үчүн аймактык шайлоо комиссиянын төрагасына сөз берет.

21.6. Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы  жергиликтүү кеңештин депутаттарына белгиленген үлгүдөгү мандатын ырастоочу күбөлүк жана төш белгини тапшырат.

21.7. Жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары мандат тапшырылган күндөн тартып башталат.

21.8. Жаңы чакырылыштагы жергиликтүү кеңештин депутаттары ыйгарым укуктарына киришкенден кийин төмөнкү маселелер биринчи кезекте каралуусу тийиш:

21.8.1. Төраганы жана анын орун басарын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясын түзүү;

21.8.2. Төраганы жана анын орун басарын шайлоо;

21.8.3. Жергиликтүү кеңештин чечими боюнча биринчи кезекте каралуучу маселелердин катарына жана башка маселелер киргизилиши мүмкүн.

21.9. Жогоруда көрсөтүлгөн маселелерди кароонун ирети сессиянын күн тартибинде аныкталат.

 

  22-глава. Жергиликтүү кеңештин жана анын органдарынын ишин пландаштыруу

22.1. Жергиликтүү кеңеш, анын туруктуу комиссиялары жана фракциялары планын бир жылга түзөт. Жергиликтүү кеңештин планы тууралуу маселе биринчи сессия өткөрүлгөн соң кийинки сессиянын күн тартибине киргизилет.

22.2. Жергиликтүү кеңештин иш планы жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары/орун басарлары, туруктуу комиссиялардын төрагалары, фракциялардын лидерлери, жооптуу катчысы жана аткаруу органынын башчысы менен бирдикте жергиликтүү кеңештин төрагасы тарабынан түзүлөт, зарылчылыкка жараша аймагында жайгашкан уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин жетекчилери чакырылат.

22.3. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиясынын иш планы жергиликтүү кеңештин иш планынын негизинде туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү, жооптуу катчысы, жергиликтүү кеңештин төрагасы жана аткаруу органынын башчысы менен бирдикте түзүлөт.

22.4. Иш планына бир жылдын аралыгында жергиликтүү кеңештин сессияларында, туруктуу комиссиянын жана фракциялардын жыйындарында кароого чыгарылган маселелер киргизилет.

22.5. Шаардын мэриясы тарабынан даярдалган маселени иш-планга киргизүүдө, шаардык кеңеш шаардык кеңеште маселени кароо үчүн жооптуу депутатты (эреже катары, фракциянын жетекчисин, шаардык кеңештин профилдик туруктуу комиссиясынын төрагасын) аныктайт.

22.6. Жергиликтүү кеңештин жана анын туруктуу комиссияларынын ишин пландаштыруу жергиликтүү кеңештин жана анын туруктуу комиссияларынын кароосуна иш планына киргизилбеген башка маанилүү маселелерди киргизүүго чектөө койбойт.

22.7. Жергиликтүү кеңештин курамы, туруктуу комиссиялардын курамы, ошондой эле иш пландары аймактагы маалымат тактайларында документтердин көчүрмөлөрүн жайгаштыруу аркылуу маалымдалат.

 

23-глава. Жергиликтүү кеңештин сессиясын даярдоонун жана өткөрүүнүн тартиби

23.1. Жергиликтүү кеңештин сессиясы жергиликтүү кеңештин карамагына кирген маселелерди коллективдүү талкуулоону жана ал боюнча тийиштүү чечим кабыл алууну камсыз кылган жергиликтүү кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук түрү болуп саналат.

23.2. Жергиликтүү кеңештин сессиясы жергиликтүү кеңештин дептуттарынын жалпы санынын жарымынан аз эмеси катышканда укук ченемдүү болот.

23.3. Депутаттарды каттоо башталгандан кийин ____мүнөттүн аралыгында кворум жок болгон учурда төрагалык кылуучу ____ мүнөткө тыныгуу жарыялайт. Эгерде ___мүнөттүн ичинде кворум камсыз кылынбаса, анда сессия болбой калды деп эсептелинет.

23.4. Жергиликтүү кеңештин сессиясын жергиликтүү кеңештин төрагасы чакырат:

23.4.1. өзүнүн демилгеси боюнча;

23.4.2. жергиликтүү кеңештин дептуттарынын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин демилгеси боюнча;

23.4.3. аткаруу органынын башчысынын – айыл өкмөтүнүн башчысынын, мэрдин сунушу боюнча;

23.4.4. жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин сунушу боюнча.

23.5. Жергиликтүү кеңештин сессиясы кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Белгиленген мөөнөттө чакырылуучу жергиликтүү кеңештин сессиясынан тышкары, кезексиз сессиялар өткөрүлүшү мүмкүн.

23.6. Жергиликтүү кеңештин сессиясы коомчулук үчүн ачык болуп саналат. Сессияга аткаруу органынын башчысы, анын орун басары, жергилктүү коомдоштук мүчөлөрү, каралуучу маселе боюнча чакырылган адамдар, ошондой эле ушул Регламенте каралган тартипте бардык кызыкдар адамдар катышууга укуктуу.

23.7. Эгерде каралып жаткан маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик жашыруун сырга тийиштүү болсо, жергиликтүү кеңеш жабык сессия өткөрүү боюнча чечим кабыл алышы мүмкүн.

23.8. Жергиликтүү кеңештин сессиясын чакыруу тууралуу жарыя сессия башталганга чейин 10 календардык күндөн кечиктирилбестен, аймактарда жалпы жашоочуларга жеткиликтүү жерлерде көрүнүктүү болуп илинет.

23.9. Жергиликтүү кеңештин сессиясына катышуучулардын саны каттоонун натыйжалары боюнча аныкталат. Дептуттарды каттоону жооптуу катчы жүргүзөт, каттоо ар бир сессиянын алдында жана каттоонун убактысы көрсөтүлүү менен сессия аяктаганга чейин жүргүзүлөт. Депуттарды каттоо журналы жооптуу катчыда (же жергиликтүү кеңештин төрагасында) сакталат. Сессияга катышкан депутат өзүнүн катталуусун жокко чыгарууну талап кылууга укуксуз.

23.10. Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык документ түрүндө тастыкталган ооруу, иш сапары жана башка себептер жергиликтүү кеңештин сессиясына депутаттын катышпай калышынын жүйөлүү себептери болуп саналат. Мындай учурда депутат жергиликтүү кеңештин төрагасына жергиликтүү кеңештин сессиясына депутаттын катышпай калышынын жүйөлүү себептерин тастыктаган документти тапшырат.

23.11. Сессияларга катары менен төрт жолудан ашык жүйөлүү себептерсиз катышпай калган депутаттарга карата жергиликтүү кеңештин депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу жергиликтүү кеңештин чечими кабыл алынат. Мындай чечим күчүнө киргенден кийин (жарыяланган күндөн баштап) ыйгарым укуктарын токтотуу үчүн аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт.

 

            24-глава. Жергиликтүү кеңештин кезексиз сессиясы

24.1. Кечиктирилгис маселелерди чечүү үчүн жергиликтүү кеңештин төрагасы өзүнүн демилгеси же аткаруу органынын башчысынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин сунушу боюнча жергиликтүү кеңештин кезексиз сессиясын чакырууга укуктуу.

24.2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин, аткаруу органынын башчысынын же жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин, кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу боюнча сунушу кезексиз сессияда каралуучу маселелерди көрсөтүү жана аны чакыруунун зарылдыгынын кыскача негиздемеси менен жазуу жүзүндө жергиликтүү кеңештин төрагасына берилет.

24.3. Жергиликтүү кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу боюнча жергиликтүү кеңештин төрагасынын сунушу каралуучу маселелерди көрсөтүү жана аны чакыруунун зарылдыгынын негиздемеси менен маалымдама аркылуу жол-жоболоштурулат жана жергиликтүү кеңешти депутаттарына жөнөтүлөт.

24.4. Кезексиз сессия сунуш келип түшкөн күндөн тартып 5 календардык күндөн кеч эмес убакытта чакырылат.

24.5. Кезексиз сессиясын чакыруу жөнүндө жергиликтүү кеңештин депутаттарына маалымдоо кезексиз сессияны чакыруу тууралуу чечим кабыл алынган күндөн баштап       4 календардык күндүн ичинде жүргүзүлөт.

24.6. Жергиликтүү кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу боюнча жарыяда кезексиз сессияда каралуучу маселелер көрсөтүлүп, кезексиз сессия башталганга чейин                     4 календардык күндөн кечиктирилбестен, аймактарда жалпы жашоочуларга жеткиликтүү жерлерде көрүнүктүү болуп илинет.

24.7. Өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда жергиликтүү кеңештин төрагасы депутаттарды, чакырылуучу адамдарды жана жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүн маалымдоонун мөөнөтүн милдеттүү түрдө сактабастан эле кезексиз сессияны чакырууга укуктуу.

24.8. Кезексиз сессиянын күн тартиби жана зарыл каралуучу маселелердин материалдары депутаттарга жана чакырылган адамдарга кезексиз сессиянын ____ календарлык күнүнө чейин, калган бардык катышуучуларга кезексиз сессия өткөрүлөр алдында таркатылат.

24.9. Өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда кезексиз сессиянын күн тартиби жана материалдары депутаттарга жана бардык чакырылгандарга жана катышуучуларга кезексиз сессия өткөрүлөр алдында таркатылат.

 

            25-глава. Сессиянын күн тартиби

25.1. Сессиянын күн тартибинин долбоору жергиликтүү кеңештин иш планынын, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын, депутаттардын, аткаруу органынын башчыларынын сунуштарынын негизинде жыйын өткөрүүгө чейин жергиликтүү кеңештин төрагасы тарабынан 10 күн мурда жана кеңештин кезексиз сессиясына чейин 5 күн мурда түзүлөт. Өзгөчө кырдаал жаралган учурларда кечиктирилгис түрдө түзүлөт.

25.2. Күн тартибинин долбоорунун маселелери алар туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында алдын ала каралгандан кийин жана алар жергиликтүү кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларынын төрагалары менен макулдашылгандан кийин төрага тарабынан киргизилет.

25.3. Өткөрүлүүчү убактысы жана жери көрсөтүлүү менен төрага тарабынан аныкталган сессиянын күн тартибинин долбоору, сессияда каралууга тийиш болгон токтомдордун долбоорлору жана башка документтер менен материалдар сессия башталганга чейин 3 календардык күндөн кеч эмес депутаттарга жана чакырылган адамдарга жөнөтүлөт. Күн тартибинин долбоору бир эле учурда маалымат тактайларына жайгаштырылат, ошондой эле жергиликтүү калктын таанышуусу үчүн аймактагы көрүнүктүү жерлерге илинет.

25.4. Эгерде жергиликтүү кеңештин депутаттары зарыл деп эсептешсе, сессиянын күн тартибинин долбоору жергиликтүү гезиттерде, телекөрсөтүүдө жана радиода жарыя кылынат.

25.5. Сессиянын күн тартибинин долбоору сессияда төрагалык кылуучу тарабынан негиз катары кабыл алуу үчүн добушка коюлат.

25.6. Сессияда негиз катары кабыл алынган күн тартибинин долбооруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизлиши мүмкүн.

25.7. Сессияда негиз катары кабыл алынган күн тартибинин долбоорун жаӊы маселе менен толуктоо тууралуу сунуш, эгерде сунуш кылынган маселе мурда жергиликтүү кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларында каралган болсо гана, катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен киргизилет.

25.8. Күн тартибинин долбооруна киргизилген маселелерди алып салуу же сессиянын күн тартибиндеги маселелерге өзгөртүү киргизүү (техникалык маанидеги) тууралуу сунуштар жергиликтүү кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларында каралбастан эле катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

25.9. Сессиянын күн тартибинин долбооруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу чечим кабыл алынгандан кийин төрага тарбынан сессиянын күн тартиби жалпысынан кабыл алуу үчүн добушка коюлат, сессиянын күн тартиби жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

25.10. Жергиликтүү кеңештин сессиясында кошумча материалдар жергиликтүү кеңештин төрагасынын кол коюусу болгондо гана таркатылат.

 

            26-глава. Сессияга төрагалык кылуучу

26.1. Жергиликтүү кеңештин сессиясын сессияга төрагалык кылуучу алып барат. Сессияга төрагалык кылуучу жергиликтүү кеңештин төрагасы болуп саналат, ал жокто жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары болот.

26.2. Сессияга төрагалык кылуучу төмөндөгүдөй укуктарга ээ:

26.2.1. жергиликтүү кеңештин сессиясын алып барууга;

26.2.2. маселелерди талкуулоого катышууга;

26.2.3. депутаттарга жана кызмат адамдарына маалым-кат алуу үчүн кайрылууга;

26.2.4. эгерде депутат Регламентти бузуп жатса, күн тартибинен башка маселе боюнча сүйлөсө, кемсинтүүчү сөздөрдү пайдаланса, чыгып сүйлөөчүнү эскертүүгө, эгерде кайталап мындай бузууларга жол берсе, чыгып сүйлөөчүгө сөз бербөө жөнүндө добушка коюуга;

26.2.5. чечим кабыл алынган учурда көпчүлүгүнүн добуш берүүсү ачыктан-ачык белгилүү болуп турганда добуштарды саноого убакыт кетирбөөгө;

26.2.6. сессияда пайда болгон пикир келишпестиктерди четтетүү жана маселелерди чечүү максатында депутаттар, адистер менен кеңешүүлөрдү өткөрүүнү жүргүзүүгө;

26.2.7. ушул Регламентте белгиленген тартипте сессияга катышуу тартибин бузган депутат болуп саналышпаган адамдарга сөз бербөө, жыйындар залынан чыгарып жиберүү тууралуу сунуштарды киргизүүгө;

26.2.8. залда өзгөчө кырдаалдар, ошондой эле коомдук тартипти одоно бузуулар жаралган учурда сессияны токтото турууга.

26.3 Сессияга төрагалык кылуучу төмөндөгүлөргө милдеттүү:

26.3.1. ушул Регламентти сактоого жана аны ушул жыйынга катышуучулардын баарынын сактоосун камсыз кылууга;

26.3.2. чыгып сүйлөө убактысын сактоону камсыз кылууга, белгиленген убакыттын бүтүп жаткандыгы тууралуу өз учурунда эскертүүгө;

26.3.3. сессиянын күн тартибине ылайык келип түшкөн сунуштардын ирети боюнча сөз сүйлөө үчүн сөз берүүгө;

26.3.4. сессиянын күн тартибинде турган маселелерди добушка коюуга;

26.3.5. келип түшкөн дептуттардын сунуштарын иретине жараша добушка коюуга;

26.3.6. депутаттардын жазуу жүзүндөгү суроо-талаптарын жана кайрылууларын жарыя кылууга, суроо-талаптар үчүн сөз берүүгө, аларга суроо-жооп, маалымкат, билдирүү, жарандардын кайрылуулары, жарыялар үчүн, ошондой эле жыйынды алып баруу боюнча сын-пикирлер, жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоору боюнча сунуштарды жана түзөтүүлөрдү киргизүү, добуш берүүнүн түрү боюнча чыгып сүйлөө үчүн сөз берүүгө;

26.3.7. сессиянын протоколун жүргүзүүнү уюштурууга, жергиликтүү кеңештин сессияларынын протоколдоруна жана токтомдоруна кол коюуга;

26.3.8. сессиянын катышуучуларына карата сый мамиле жасоого, сессиянын катышуучуларына жекече сын-пикирин билдирүүдөн жана алардын сөздөрүнө баа берүүдөн, комментарий жасоодон карманууга;

26.3.9. сессияны алып баруунун эрежелери жана жол-жоболору боюнча билдирүүлөрдү жана түшүндүрмөлөрдү эске алууга;

26.3.10. эгерде жергиликтүү кеңештин төрагасы каралып жаткан маселе боюнча баяндамчы болсо же аны жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордунан бошотуу тууралуу маселени жергиликтүү кеңеш караган учурда, сессияны алып барууну орун басарына берүүгө.

            27-глава. Жергиликтүү кеңештин сессиясындагы депутаттын укугу жана милдети

27.1. Жергиликтүү кеңештин депутаты төмөндөгүлөргө укуктуу:

27.1.1. жергиликтүү кеңештин органдарын шайлоого жана аларга шайланууга;

27.1.2. жергиликтүү кеңештин жана анын органдарынын кароосу үчүн маселелерди сунуш кылууга;

27.1.3. жергиликтүү кеңештин жана анын органдарынын жыйындарынын күн тартиби, талкуулануучу маселелерди кароонун ирети жана алардын маңызы боюнча сунуштарды жана сын-пикирлерди киргизүүгө;

27.1.4. токтомдордун долбоорлорун, жергиликтүү кеңеш же анын органдары кабыл алуучу документтерди жана аларга түзөтүүлөрдү кароо үчүн демилгелөөгө жана киргизүүгө;

27.1.5. жергиликтүү кеңеш түзүүчү туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жеке курамы жана жергиликтүү кеңеш тарабынан шайлануучу, дайындалуучу же бекитилүүчү кызмат адамдарынын талапкерлиги боюнча пикирин билдирүүгө;

27.1.6. жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлүүчү органга, алардын курамына кирген адамдарга, ошондой эле жергиликтүү кеңеш тарабынан шайлануучу, дайындалуучу же бекитилүүчү кызмат адамдарына ишеним көрсөтпөө жөнүндө маслени коюуга;

27.1.7. жарыш сөздөргө катышууга, суроо-талап менен кайрылууга, баяндамачыга сессияга төрагалык кылуучуга суроолорду берүүгө;

27.1.8. жергиликтүү кеңешке отчет берүүчү органдын же кызмат адамынын кеңештин сессиясында отчетун угуу, ошондой эле жергиликтүү кеңештин, аймагында жайгашкан башка органдардын жана кызмат адамдарынын компетенциясына кирген маслелелер боюнча маалыматтарын угуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;

27.1.9. өзүнүн сунуштарын негиздөө менен жана добуш берүүнүн түрү боюнча чыгып сүйлөөгө, маалымат берүүгө;

27.1.10. жергиликтүү кеңештин сессиясында, анын органдарынын жыйындарында жергиликтүү кеңеш тарабынан белгиленген тартипте жарандардын же алардын бирикмелеринин кайрылууларынын, билдирүүлөрүнүн, петицияларынын текстерин, эгерде алар коомдук мааниге ээ болсо, жарыя кылууга;

27.1.11. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Регламентте ага берилген башка укуктардан пайдаланууга.

27.2. Жергиликтүү кеңештин депутаты төмөндөгүлөргө милдеттүү:

27.2.1. ар бир сессиянын алдында каттоодон өтүүгө жана сессиянын ишине катышууга;

27.2.2. регламентти, сессиянын күн тартибин жана сессияга төрагалык кылуучунун укук ченемдүү талаптарын сактоого;

27.2.3. колун көтөрүү аркылуу сөз сүйлөөнү суранууга;

27.2.4. сессияга төрагалык кылуучунун уруксаты менен гана чыгып сүйлөөгө;

27.2.5. жүрүм-турум этикасынын эрежелерин сактоого;

27.2.6. чыгып сүйлөгөндө катышып жаткандардын ар-намысына жана кадыр-баркына акарат келтирген орой, мазактоочу сөздөрдү колдонбоого, мыйзамсыз аракеттерге чакырбоого, көзкөрүнөө жалган маалыматтарды пайдаланбоого, сессиянын катышуучуларына алардын чыгып сүйлөгөн сөздөрүнө баам бербөөгө, кимдир бирөөнүн дарегине карата негизсиз жалаа жабууга жол бербөөгө;

27.2.7. сессия учурунда төрагалык кылуучунун уруксаты менен чыгып кетүүгө.

27.3. Өзүнүн милдеттерин аткарбаган учурда депутат мыйзамдарга ылайык жооп берет.

27.4. Жергиликтүү кеңештин депутаты анын жеке кызыкчылыгына байланыштуу, башкача айтканда ал үчүн, анын жубайы, алардын ата-энелери, балдары, бир туугандары үчүн материалдык жактан пайдалуу маселелелер кеңештин сессияларында каралган учурда катышууга жана добуш берүүгө тийиш эмес.

27.5. Жергиликтүү кеңештин депутаттары жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси менен төмөндөгү маселелерди демилгелөөгө укуктуу:

27.5.1. өздөрүнүн милдеттерин аткарбаган же тийиштүү деңгээлде аткарбаган учурларда жергиликтүү кеңештин төрагасын, төраганын орун басарын мөөнөтүнөн мурда бошотууга;

27.5.2. жергиликтүү кеңештин сессиясын кезексиз тартипте чакырууга;

27.5.3. мурда кабыл алынган жергиликтүү коомдоштук уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө.

27.6. Жергиликтүү кеңештин сессиясында депутаттар тарабынан айтылган жана жазуу жүзүндө төрагалык кылуучуга берилген сын-пикирлер жана сунуштар жергиликтүү кеңеш тарабынан же анын тапшырмасы боюнча туруктуу (убактылуу) комиссиялар тарабынан каралат же тиийштүү мамлекеттик органдардын же кызмат адамдарынын кароосуна жөнөтүлөт, алар жергиликтүү кеңеш тарабынан башкача каралбаса, ошол сунуштарды жана сын-пикирлерди бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен кароого жана кароонун жыйынтыктары боюнча сунуш жана сын-пикир киргизген депутатка, ошондой эле жергиликтүү кеңештин төрагасына билдирүүгө милдетүү.

27.7. Сессияларда, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында депутаттарга жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышынын, депутаттардын сунуштарынын жана сын-пикирлеринин, шайлоочулардын сууроо-талаптарынын жүзөгө ашырылышын жүрүшү жөнүндө, ошондой эле жергиликтүү кеңештин жана анын органдарынын иштеринин башка маанилүү маселелери мазгил-мезгили менен маалымдалат.

 

28-глава. Депутаттык этика

 

28.1. Жергиликтүү кеңештин депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарган учурда жеке жана коомдук кызыкчылыктардын  кагылышуусунан (мындан ары – кызыкчылыктардын   кагылышуусу) качууга   милдеттүү.

28.2. Кызыкчылыктардын кагылышуусу жаралган учурда депутат өзүн депутаттык этиканын кодексине ылайык алып жүрүүгө милдеттүү. Депутат өзүнүн ак ниеттүүлүгүнө коомчулукта шектенүү пайда кылбашы үчүн жана коомчулукка гана ишенүүгө мүмкүнчүлүк  алышы   үчүн   баарын   жасоого   тийиш.

28.3. Жергиликтүү кеңештин, туруктуу жана убактылуу комиссиянын жыйналыштарында кандай гана маселе болбосун, аны караганга чейин же аны карап жаткан учурда депутат ошол маселеге жеке кызыкчылыгы бар болсо, кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө жыйналышка төрагалык кылуучунун эсине салууга милдеттүү жана маселени андан аркы талкуулоодон   жана  добуш   берүүдөн  өз  алдынча четтөөгө  тийиш.

28.4. Мындай жоболор депутат тарабынан бузулган учурда караштуулугунда регламент маселелери болгон туруктуу комиссия тиешелүү корутундуну жергиликтүү кеңештин кароосуна  сунуш   кылууга   милдеттүү.

28.5. Сессияларда, жыйналыштарда чыгып сүйлөгөн депутат өтө орой, кемсинткен,  уят жана сөгүнгөн сөздөрдү   колдонууга, кимдир бирөөнүн дарегине негизсиз   айыптоолорду айтпоогого, ар-намыс, кадыр-барк жана ишмердик беделин мазактоого жол бербөөгө, жалган маалыматтарды   пайдаланбоого, мыйзамсыз   аракеттерге   чакырбоого тийиш.

 

29-глава. Депутаттарга карата колдонулуучу чаралар

 

29.1.Эгерде депутат өзүнүн жүрүм-туруму менен жергиликтүү кеңештин сессиясын өткөрүүгө жолтоо  кылса, төрагалык  кылуучунун  эскертүүсүн эске албаса, башка депутаттар же сессиянын катышуучулары менен  кайым  айтышса, талкууланган маселеден башкага өтүп кетсе, ушул Регламенттин жоболорун бузса, ага карата    төмөнкүдөй    чаралар колдонулушу    мүмкүн:

29.1.1. эскертүү;

29.1.2. Сессиянын   аягына   чейинки    мөөнөткө    сөз    бербөө.

29.2. Ушул  главанын  жоболорун  биринчи  жолу  бузганда, төрагалык  кылуучу  эскертүү берет жана ушул Регламент менен белгиленген тартипти сактоо талабы  менен  кайрылат. Кайрадан жана андан кийин да тартип  бузуулар  болсо, ага карата ушул  главанын 29.1.бөлүгүндө   каралган   чара  көрүү   колдонулат.

29.3 Эгерде  депутат башка  адамдарга карата кемсинткен сөздөрдү айткан жана кесөө көрсөткөн, күч колдонгон учурда ал залдан чыгарылат, мындай аракеттери боюнча  материалдар  тиешелүү   органдарга   берилет.

29.4.Депутатка жана жергиликтүү кеңештин сессияларына катышкандарга карата колдонулууган   чаралар    сессиянын     протоколунда    белгиленет.

29.5.Караштуулугунда регламенттин маселелери болгон туруктуу комиссиялардын төрагаларынын, Аппараттын тиешелүү бөлүмдөрүнүн маалыматтарынын негизинде жергиликтүү кеңештин сессиясына жана туруктуу комиссиянын жыйналыштарына депутаттардын катышуусунун жыйынтыгын  ар бир сессия  сайын   чыгарат.

Талкуулоонун жыйынтыктары боюнча турукту комиссия жүйөлүү себептерсиз жыйналыштарга  катышпаган депутаттардын тизмесин Төрагага берет.

29.6 Туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жыйналыштарында тартипти сактоо  максатында алардын төрагаларынын жергиликтүү кеңештин сессияларына төрагалык кылуучу сыяктуу эле укуктары бар жана ушул  главанын 29.1.бөлүгүндө каралган чараларды колдонушу мүмкүн. Туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жыйналыштарында депутаттарга карата колдонулуучу чаралар комиссия тарабынан жыйналыштардын протоколунда белгиленет жана ошол депутаттар мүчөсү болуп саналган фракцияларга карап чыгуу үчүн берилет.

29.7. Караштуулугунда регламенттин маселелери болгон туруктуу комиссиянын мүчөлөрү фракциялардын мүчөлөрүнүн жүрүм-турум этикасы боюнча фракциялардын жыйналыштарына катышууга укуктуу.

 

30-глава. Жергиликтүү кеңештин сессияларына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына жергиликтүү кеңештин депутаты эмес адамдардын катышуу тартиби

30.1. Аткаруу органынын башчысы, райондун акими, анын орун басары, ошондой эле тиешелүү аймакта иш жүргүзгөн башка кызмат адамдары, аппарат кызматкерлери, жергиликтүү коомдоштук мүчөлөрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана башка кызыкдар адамдар жергиликтүү кеңештин ачык сессияларына жана анын органдарынын ачык жыйындарына атайын уруксат алуусуз катышууга укуктуу.

30.2. Жогоруда аталган адамдар ачык сессияга жана/же анын органынын жыйындарына катышууга ниеттенишсе, сессиянын же жыйындын катчысы атайын каттоо журналына аларды каттайт жана алар жөнүндө маалыматтарды сессиянын же жыйындын протоколуна киргизет.

30.3. Жергиликтүү кеңештин депутаты болуп саналбаган адамдардын маалыматтары (ф.а. а., жашаган жери, иштеген орду) катчы тарабынан аларды катышып жаткан депутаттарга маалымдоо үчүн төрагалык кылуучуга берилет.

30.4. Жергиликтүү кеңештин депутаттары болуп саналышпаган адамдар катталган учурдан тартып сессиянын, жыйындын катчысы аларды ушул Регламенттин 22-главасында белгиленген жергиликтүү кеңештин сессияларына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышуунун тартиби жана жергиликтүү кеңештин Регламентин бузган учурда анын жоопкерчилиги тууралу тааныштырат.

30.5. Жергиликтүү кеңештин төрагасы жергиликтүү кеңештин сессиясын ачар алдында, сессияга катышып жаткан жергиликтүү кеңешке депутат болуп саналышпаган адамдардын сессияга катышып жаткандыктары жөнүндө депутаттарга маалымдайт.

30.6. Сессияларга, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышып жаткан адамдар үчүн жыйындар залында атайын орун бөлүнөт. Эгерде сессия, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындары өтүп жаткан жыйындар залы катышууну каалагандардын баарын батыра албаса, төрагалык кылуучунун тапшырмасы боюнча жергиликтүү кеңештин сессиясына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындары аталган адамдардын өкүлдөрү киргизилиши мүмкүн. Өкүлчүлүк бир көчөдөн, бир кварталдан, бир райондон, бир айылдан, бир уюмдан, бир мекемеден, бир бирикмеден бир өкүл (эки же үч) болушу мүмкүн.

 

            31-глава. Депутаттын жана жергиликтүү кеңештин сессиясына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышып жаткан адамдардын тартиби жана этикасы

31.1. Өз ишинде жергиликтүү кеңештин депутаты жалпыга таанылган моралдык нормаларын кармоого, өзүнүн наркын сактай билүүгө, башка депутаттардын, кызмат адамдарынын жана жарандардын ар-намысын жана кадыр-баркын ызаттоого, жергиликтүү кеңештин, шайлоочулардын жана жалпысынан мамлекеттин беделине шек келтирген аракеттерден, билдирүүлөрдөн жана жосундардан алыс болууга тийиш. Депутаттык мандатты жеке кызыкчылыктары үчүн колдонууга жол бербөөсү керек.

31.2. Депутат төмөндөгүлөрдү жасоого тийиш эмес:

31.2.1. жергиликтүү кеңештин саясий максаттар үчүн жана жеке пайда табуу үчүн конфиденциалдуу маалыматтарды колдонууга;

31.2.2. жергиликтүү кеңештин жабык сессияларында, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында өзүнө белгилүү болгон маалыматтарды, ошондой эле шайлоочунун же башка адамдын жеке турмушуна тийиштүү маалыматтарды жарыя кылууга, анткени алар депутатка аларды жайылтпоо шартында ишенүү менен айтылат;

31.2.3. өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөздөрүндө чечим мыйзамдуу күчүнө кире элек жазык жана жарандык иштер боюнча фактылар жөнүндө айтууга;

31.2.4. жергиликтүү кеңештин мүлкүн жеке максаттары үчүн пайдаланууга;

31.2.5. депутаттык милдеттерин аткарууга байланыштуу жеке жана юридикалык жактардан белек, акча каражаты жана аракети жана аракетсиздиги үчүн кызмат түрүндө сый акыларды алууга.

31.3. Депутаттар, жергиликтүү кеңештин сессияларына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышып жаткан адамдар жүрүм-турумдун этикасынын эрежелерин сактоого милдеттүү, чыгып сүйлөгөндө орой, мазактаган сөздөрдү колдонууга, мыйзамсыз аракеттерге чакырууга, кимдир бирөөнүн дарегине негизсиз күнөө жабууга жол берүүгө, талкууланып жаткан темадан чыгып кетүүгө укугу жок.

31.4. Ушул жоболор бузуган учурда сессияга төрагалык кылуучу сүйлөп жатканга эскертүү берет, Регламенттин талаптарын кайталап бузуулар болгон учурда төрагалык кылуучу сыгып сүйлөөчүгө сөз бербөө жөнүндө маселени добушка коюуга укуктуу, талкууланган маселе боюнча ага кайталап сүйлөөгө сөз берилбейт.

31.5. Сессия учурунда депутаттар чыгып сүйлөөчүнүн жана катышуучулардын сөз сүйлөөсүнө жана угуп олтуруусуна жолтоо болгон аракеттерди (кыйкыруу, кол чабуу, тура калуу, комментарийлерди берүү ж.б.у.с.) жасоого тийиш эмес.

31.6. Сессияга чакырылган жана катышып жаткан адамдар жергиликтүү кеңештин, анын органдарынын ишине сессиянын, жыйындын төрагалык кылуучунун уруксатысыз кийлигише албайт (сөз сүйлөө, билдирүү жасоо, өз пикирин билдирүү, комментарий жасоо).

31.7. Сессия учурунда залда катышып олтургандардын баары, депутаттарды кошуп алганда, түйүндүк байланыш аппараттарын өчүрүп коюуга (же үн чыкпас режимге коюуга) милдетүү.

31.8. Эгерде депутат ушул Регламенттин талаптарын бузса, сессияга, жыйынга төрагалык кылуучу анын жеке өзүн эскертет жана тартипке чакырат.

31.9. Жергиликтүү кеңештин сессиясына төрт жолу катары менен жүйөлүү себептерсиз катышпаган, ошондой эле туруктуу (убактылуу) комиссиялардын иштерине, жергиликтүү кеңештин иш-чараларына туруктуу катышпаган, шайлоочулардын алдында отчет беришпеген депутаттар жөнүндө маалыматтар жергиликтүү кеңештин сессияларында жарыя кылынат жана тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн этика жана мандат боюнча туруктуу комиссияга берилет.

 

IV БӨЛҮМ. ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТИН ЧЕНЕМ ЖАРАТУУ ИШИ.  ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТИН ТОКТОМДОРУН ДАЯРДООНУН, КИРГИЗҮҮНҮН, КАРООНУН ЖАНА КАБЫЛ АЛУУНУН ТАРТИБИ

 

32-глава. Токтомдун формасына жана түзүмүнө коюлуучу жалпы талаптар

32.1. Жергиликтүү кеңештин ченем жаратуу иши жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарынын, эркиндигинин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышы, мыйзамдуулук, негиздүүлүк, максаттуулук, адилеттүүлүк, ачыктык принциптеринин негизинде жүзөгө ашырылат.

32.2. Жергиликтүү кеңеш өзүнүн компетенциясынын чектеринде токтомдорду жана буйруктарды кабыл алат.

32.2.1. Жергиликтүү кеңештин токтому - ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аткаруу үчүн жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынуучу жана айыл аймагынын (шаардын) аймагында милдеттүү юридикалык күчү бар ченемдик укуктук акты. Жергиликтүү кеңештин токтому Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте күчүнө кирет.

32.2.2. Жергиликтүү кеңештин буйругу - ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аткаруу үчүн жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынуучу жана айыл аймагынын (шаардын) аймагында милдеттүү юридикалык күчү бар уюштуруу-тескөө мүнөздөгү акт. Жергиликтүү кеңештин буйругу актылардын өзүндө башка нерсе каралбаса, кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

32.2.3. Оперативдүү, уюштуруу жана кадр маселелери боюнча анын ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган жергиликтүү кеңештин төрагасынын чечимдери, ал тарабынан жекече буйрук формасында кабыл алынат. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын буйруктары актылардын өзүндө башка нерсе каралбаса, кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

32.3. Жергиликтүү кеңештин сессиясынын чечими менен төраганын буйруктары өзгөртүлүшү, толукталышы жана жокко чыгарылышы мүмкүн.

32.4. Өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган жергиликтүү кеңештин токтомдору аймагында жашаган бардык жарандар, мамлекеттик бийликтин аймактык органдары, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чектеринде ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан аткарылууга милдеттүү.

32.5. Жергиликтүү кеңештин токтому менен таанышуу ачык болууга тийиш. Көчүрмөсү маалымат тактайларында жайгаштыруу аркылуу жана «Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган башка каражаттар аркылуу жалпыга маалымдалууга жатат.

32.6. Жергиликтүү кеңеш белгилүү бир маселе боюнча өзүнүн көз карашын билдирүү үчүн жергиликтүү кеңештин кайрылууларын жана билдирүүлөрүн кабыл алат.

 

33-глава. Жергиликтүү кеңештин токтомун жол-жоболоштуруунун тартиби

            Жергиликтүү кеңештин токтомунун түзүмдүк элементтерин, текстин жол-жоболоштуруунун, жергиликтүү кеңештин токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби, аны күчүн жоготту деп таануу «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 12 жана 17-беренелеринде белгиленген талаптарга ылайык ишке ашырылат.

 

            34-глава. Жергиликтүү кеңешке токтомдун долбоорун киргизүүнүн тартиби

34.1. Жергиликтүү кеңештин сессиясына киргизилүүчү документтердин пакетинде төмөндөгүлөр камтылууга тийиш:

34.1.1. тийиштүү туруктуу (убактылуу) комиссиялардын төрагалары менен макулдашуу боюнча жергиликтүү кеңештин төрагасы тарабынан жактырылган, айылдык кенештин жооптуу катчысы даярдаган токтомдун долбоору;

34.1.2. токтомдун долбооруна маалымкат-негиздеме (маалымат);

34.1.3. салыштырма таблица (колдонуудагы токтомго өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилген учурда);

34.1.4. тийиштүү туруктуу (убактылуу) комиссиялардын корутундусу же чечими;

34.1.5. токтомдун долбоорун мамлекеттик органдардын тийиштүү бөлүмдөрү, уюмдар, мекемелер, ишканалар, жергиликтүү жамааттар (зарылчылыкка жараша) менен макулдашылганы жөнүндө маалымат камтылган документтер;

34.1.6. экспертиза жүргүзүүнүн (зарылчылыкка жараша) натыйжасында даярдалган эксперттик корутундулар.

34.2. Жергиликтүү кеңештин токтому мамлекеттик жана расмий тилдерде киргизилет жана кабыл алынат.

Аймагында жашаган мамлекеттик тилди билгендердин саны басымдуулук кылган шартта жана жергиликтүү кеңештин токтомун мамлекеттик тилде киргизүү жана кабыл алуу тууралуу жергиликтүү кеңештин чечими болсо, жергиликтүү кеңештин токтомун мамлекеттик тилде гана кабыл алууга жол берилет.

34.3. Регламенттин жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу менен даярдалып кароого киргизилген токтомдун долбоору белгиленген тартипте бузуулар четтетилгенге чейин кайтарылып берилүүгө жатат.

34.4. Жергиликтүү кеңештин кароосуна киргизилген токтомдун долбоорунун текстинде:

34.4.1. беттин оң жактагы жогорку бурчуна «Долбоор» деп жазылат;

34.4.2. «Долбоор» деген сөздүн алдына долбоорду киргизген демилгечи (же кимге тапшырылганы) жана долбоор киргизилген дата көрсөтүлөт;

34.4.3. төмөнүрөөктө, беттин ортосунда документтин аталышы берилет «________________________ЖӨНҮНДӨ ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ»;

34.4.4. андан ары «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 12, 17 жана 30-беренелеринде белгиленген тараптарды сактоо менен токтомдун долбоорунун тексти баяндалат;

34.4.5. андан ары токтомдун күчүнө киришинин мөөнөтү такталат;

34.4.6. органдарга жана/же кызмат адамдарына конкреттүү тапшырма берилет жана төрагалык кылуучунун колу коюлат;

34.4.7. токтомдун аткарылышы үчүн кызмат адамына жана /же органга контроль жүктөлөт;

34.4.8. токтомдун текстинин алдында төрагалык кылуучунун фамилиясы жана колу көрсөтүлөт.

34.5. Токтомдун долбоорунун маалымкат-негиздемесинде (маалыматында) мына бул маалыматтар камтылууга тийиш:

34.5.1. ушул токтом кабыл алынгандан кийин жетишилүүчү же чечилүүчү максаттар жана милдеттер;

34.5.2. кабыл алынган токтомдон кийинки болжолдонуучу социалдык, экономикалык, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттер;

34.5.3. эгер ал өткөрүлсө, коомдук талкуулоонун натыйжалары тууралуу маалымат;

34.5.4. мыйзам долбоорунун өлкөнүн мыйзамдарына ылайык келишин талдоо;

34.5.5. эгерде токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл финансылык каражаттар керек болсо, аны каржылоонун булактары.

34.6. Тикеден-тике жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыгын козгогон токтомдун долбоору, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салган токтомдун долбоору аткаруу органынын, жергиликтүү кеңештин маалымат тактасында жайгаштырылуу же коомдук угууларды, чогулуштарды өткөрүү менен коомдук талкууланууга жатат.

34.7. Талкуулоонун жүрүшүндө коомдук талкуулоонун катышуучуларынан түшкөн сунуштар кабыл алынат, каралат жана жалпылаштырылат.

Коомдук талкуулоонун натыйжалары боюнча аларды токтомдун долбооруна киргизүүнүн же киргизбөөнүн себептерин негиздөө менен келип түшкөн сунуштар тууралуу жыйынтыктоочу маалымат даярдалат.

Жыйынтыктоочу маалымат токтомдун долбооруна тиркелген маалымкат-негиздемеде чагылдырылат.

34.8. Коомдук талкуулоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча финансылык чыгымдар жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка каражаттардан ишке ашырылат.

34.9. Токтомдун долбоору боюнча коомдук талкуулоонун мөөнөтү бир айдан кем эмес болот.

34.10. Ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен каржылоону талап кылынган токтомдун долбоору, ал боюнча каржылоо булагы табылганга чейин каралууга жатпайт.

 

35-глава. Жергиликтүү кеңештин сессияларында маселелерди кароонун тартиби

35.1. Жергиликтүү кеңештин сессияларында күн тартибине киргизилген жана сессиянын ишинин башталышында жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан бекитилген маселелер каралат.

35.2. Күн тартибине киргизилген маселелер боюнча маселенин демилгечиси же маселени алдын ала кароо тапшырылган туруктуу (убактылуу) комиссиянын төрагасы баяндама менен чыгып сүйлөйт, эгерде органдын же кызмат адамынын отчету болсо отчет берүүчү адам, эгерде уюмдун, мекеменин, ишкананын, бирикменин иши жөнөндө маалымат болсо, анда анын жетекчиси (мындан ары-баяндамачы) чыгып сүйлөйт, баяндамачы жок болуп калган учурда анын эмне үчүн жок болгондугун аныктоо менен маселе кийинки сессияга жылдырылат.

35.3. Жергиликтүү кеңештин депутаты, сессияга катышкан адамдар каралып жаткан маселе боюнча баяндамачыга суроо берүүгө, каралып жаткан маселе боюнча токтомдун долбооруна жазуу жана оозеки түрүндө сын-пикирлерин жана сунуштарын (өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду) берүүгө укуктуу.

35.4. Маселени жана токтомдун долбоорун караган учурда туруктуу (убактылуу) комиссиялардын корутундулары, ошондой эле депутаттардын жазуу жана оозеки түрүндө сын-пикирлери жана сунуштары (өзгөртүүлөр жана толуктоолор) угулат, алар талкууланып добуш берүүгө коюлат.

35.5. Талкуу (жарыш сөз) бүткөндөн кийин баяндамачы корутунду сөз сүйлөөгө укуктуу. Андан ары депутаттар добуш берүүнүн түрү (ачык, жашыруун) боюнча сунуш берүүгө укуктуу.

35.6. Талкууланып жаткан маселе боюнча токтомдун долбоорунун текстине депутаттардан сунуштар (өзгөртүүлөр жана толуктоолор) келип түшсө, төрагалык кылуучу депутаттардын бардык сунуштарын (өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду) түшкөн ирети боюнча добушка коет. Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгү добуш берген депутаттын сунушу кабыл алынды деп эсептелинет жана токтомдун долбоорунун текстине кошулат. Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун ала албаган сунуш четке кагылды деп эсептелинет.

35.7. Токтомдун долбоору добуш берүү аркылуу киргизилген сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен жалпысынан добушка коюлат. Эгерде токтомдун долбоору жалпысынан кабыл алынбаса, ал четке кагылды деп эсептелинет. Четке кагылган токтомдун долбоору жергиликтүү кеңештин кезектеги сессиясында каралышы мүмкүн.

35.8. Жергиликтүү кеңештин депутаттары талкуулоонун жыйынтыктары боюнча, эгерде берилген суроолор боюнча баяндамачынын жоопторуна канаатанышбаса, же каралып жаткан маселени баяндамачы жетишерлик эмес иликтесе, же мыйзамдардын нормаларына карама каршы келсе, депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алып, жергиликтүү кеңештин кийики сессиясына киргизүү укугу менен маселени жеткире иштеп чыгууга жөнөтүү тууралуу депутаттардын жалпы санын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алууга укутуу.

35.9. Талкуулоонун жүрүшүндө баяндамачы каралып жаткан маселени кийинки сессияга жылдыруу тууралуу билдирүү менен төрагалык кылуучуга расмий түрдө жазуу же оозеки түрүндө кайрылууга укуктуу. Мындай учурда талкуулоо токтотулат, каралып жаткан маселе кийинки сессияда каралууга жатат.

35.10. Төрагалык кылуучунун, туруктуу (убактылуу) комиссиянын төрагасынын же депутаттардын үчтөн биринин кем эмесинин сунушу боюнча жергиликтүү кеңеш кыскартылган жол-жобо боюнча маселелерди кароо жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.

Кыскартылган жол-жобого төмөндөгүлөр кирет:

35.10.1. негизги баяндамачынын баяндамасы;

35.10.2. ар бир дептутаттан эки суроо жана аларга жооптор;

35.10.3. 5 мүнөттөн ашык эмес жарыш сөз (талкуу);

35.10.4. баяндамачынын корутунду сөзү;

35.10.5. токтомдун долбоорунун текстине келип түшкөн депутаттардын сунуштары боюнча добуш берүү;

35.10.6. токтомду жалпысынан кабыл алуу боюнча добуш берүү.

 

36-глава. Жергиликтүү кеңештин сессияларындагы жол-жобо маселелери

36.1. Жол-жобо маселелерине сессияны алып баруунун тартибине байланышкан төмөндөгү маселелер кирет:

36.1.1. сессияда тыныгуу, аны жылдыруу, жабуу же узартуу жөнүндө;

36.1.2. добуш берүүнүн жолун өзгөртүү жөнүндө;

36.1.3. чыгып сүйлөөлөрдүн кезегин өзгөртүү жөнүндө;

36.1.4. кошумча каттоону жүргүзүү жүнүндө;

36.1.5. кворумду тактоо жана добуштарды кайра саноо жөнүндө;

36.1.6. талкууланып жаткан маселе боюнча жарыш сөздөрдү жылдыруу же токтотуу жөнүндө;

36.1.7. маселени кароону туруктуу же убактылуу комиссияларга өткөрүп берүү жөнүндө;

36.1.8. чыгып сүйлөөлөрдүн убактысын чектөө же узартуу жөнүндө;

36.1.9. күн тартибинин башка маселелерине өтүү (кайрылып келүү) жөнүндө;

36.1.10. сессияда маслелелерди кароонун жана талкуулоонун ирети жөнүндө;

36.1.11. добуш берүүнүн түрүн белгилөө жөнүндө;

36.1.12. маслени кароону кийинки сессияга жылдыруу жөнүндө;

36.1.13. маселелерди талкуулоонун жалпы узактыгын белгилөө жөнүндө;

36.1.14. күн тартибине маселелерди киргизүү жана алып салуу жөнүндө;

36.1.15. чыгып сүйлөөлөрдүн жана маселелердин санына чектөө белгилөө жөнүндө;

36.1.16. суроо жооптордун убактысына чектөө киргизүү же узартуу жөнүндө;

36.1.17. каралып жаткан маселе боюнча адамдарды жыйынга чакыруу жөнүндө;

36.1.18. чакырылган адамдарга сөз берүү жөнүндө;

36.1.19. күн тартибинин маселесин талкуулабай туруп добушка коюуга өтүү жөнүндө;

36.1.20. добуштарды кайра саноо жөнүндө;

36.1.21. жол-жобого кирген башка маселелер.

36.2. Жол-жобо маселелери боюнча жергиликтүү кеңештин чечими катышып жаткан депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана токтом менен тастыкталбайт.

 

37-глава. Чыгып сүйлөөлөрдүн түрү жана алардын узактыгы

37.1. Сессияларда төмөндөгүдөй чыгып сүйлөөлөрдүн түрү жана алардын убактысынын узактыгы каралат:

37.1.1. баяндама - 10 мүнөткө чейин;

37.1.2. баяндамаларды жарыш сөздөрдө талкуулоо үчүн - 5 мүнөткө чейин;

37.1.3. күн тартибин талкуулоо үчүн – 2 мүнөткө чейин;

37.1.4. талкууланып жаткан маселе боюнча корутунду сөз үчүн - 2 мүнөткө чейин;

37.1.5. шайлануучу кызматка талапкердин чыгып сүйлөөсү үчүн - 5 мүнөткө чейин;

37.1.6. талкууланып жаткан талапкер боюнча жарыш сөзгө чыгып сүйлөө үчүн -3 мүнөткө чейин;

 37.1.7. добуш берүүнүн жүйөсү боюнча чыгып сүйлөө үчүн - 1 мүнөткө чейин;

37.1.8. жыйынды алып баруунун тартиби боюнча чыгып сүйлөө үчүн - 1 мүнөткө чейин;

37.1.9. сунуштар, маалыматтар, билдирүүлөр, кайрылуулар үчүн - 2 мүнөткө чейин;

37.1.10. кайталап сөз сүйлөө үчүн - - 2 мүнөткө чейин;

37.2. Катышып олтурган депутаттардын макулдугу менен төрагалык кылуучу чыгып сүйлөөлөрдүн убактысын 3 мүнөткө чейин узартууга укугу бар.

37.3. Бир эле маселе боюнча бир депутаттын экиден ашык сөз сүйлөөсүн жол берилбейт.

37.4. Шайлануучу кызматка талапкердин баяндамасы, чыгып сүйлөөсү трибунадан жүргүзүлөт, калган чыгып сүйлөөлөр – трибунадан же олтурган ордунан жүргүзүлөт.

37.5. Депутат жыйында төрагалык кылуучу тарабынан өзүнө сөз берилгенден кийин гана сөз сүйлөйт.

37.6. Сөз берүү жөнүндө сунуш төрагалык кылуучуга жазуу түрү сыяктуу эле, оозеки түрүндө да берилет.

37.7. Аткаруу органынын башчысы, райондун акими жана анын орун басарлары каралып жаткан маселе боюнча сөз сүйлөө үчүн кезексиз түрдө сөз алууга укуктуу.

37.8. Сессияны алып баруунун тартиби, добуш берүүнүн түрү, маалымат, түшүнүк берүү боюнча сөз сессияга төрагалык кылуучу тарабынан берилиши мүмкүн, анын узактыгы 2 мүнөттөн ашпайт.

37.9. Депутаттардын билдирүүлөрү жана кайрылуулары күн тартибинин «Ар канадай маселелеринде» каралат. Жергиликтүү кеңештин сессиясынын же төрагалык кылуучунун чечими боюнча «Ар канадай маселелерге» 5 мүнөт убакыт берилиши мүмкүн.

37.10. Күн тартибинин кезектеги маселесин кароого өтүү же бүтпөй калган мурдагы маселелердин бирине кайрылып келүү, ошондой эле маселелерди кароонун иретин өзгөртүү сессияга төрагалык кылуучу тарабынан жүргүзүлөт.

37.11. Сессияга төрагалык кылуучу тарабынан сессиянын ишине 20 мүнөткө чейинки кезексиз тыныгуу (добуш берилбей туруп) жарыяланышы мүмкүн.

37.12. Баш аламандык пайда болгондо жана аны токтотууга мүмкүн болбой калганда төрагалык кылуучу 40 мүнөткө чейин тыныгуу жарыялоого укуктуу. Эгерде сессия өз ишин кайрадан баштаганда баш аламандык улана берсе, төрагалык кылуучу сессияны жабык деп жарыялоого жана/же аны белгилүү убакка же күнгө которууга укуктуу.

 (Чыгып сүйлөөлөрдүн жана тыныгуулардын убактысы ар бир жергиликтүү кеңештин депутаттарынын өз каалоолору боюнча аныктала тургандыгын белгилөө зарыл).

 

            38-глава. Жарыш сөз (талкуулоо)

38.1. Төрагалык кылуучунун уруксаты жок жергиликтүү кеңештин сессиясында эч кимдин сөз сүйлөөгө укугу жок.

38.2. Жарыш сөзгө чыгып сүйлөөчүлөр талкууланып жаткан маселенин темасын карманууга тийиш. Чыгып сүйлөөчү темадан чыгып кеткен учурда, төрагалык кылуучу ага эскертет, ал эми Регламенттин талаптарын кайталап бузган учурда төрагалык кылуучунун чыгып сүйлөөчүгө сөз бербөө жөнүндө маселени добушка коюуга укугу бар.

38.3. Төрагалык кылуучу жарыш сөздөрдү токтотуу тууралуу сунуш келип түшкөндө депутаттарга чыгып сүйлөөнү каалагандардын, бирок сөз жетпей калгандардын саны жөнүндө баяндайт, кимиси чыгып сүйлөөнү талап кылып жатканын аныктайт жана ушуларды эске алуу менен жарыш сөздү токтотуу тууралуу маселени добушка коет.

38.4. Жарыш сөз токтотулгандыгына байланыштуу сөз сүйлөй албай калган депутаттык топтун өкүлүнүн, депутаттардын төрагалык кылуучуга сүйлөөчү сөздөрүнүн текстин сессиянын протоколуна тиркеп коюу үчүн берүүгө укугу бар.

 

39-глава. Чечим кабыл алуу үчүн кворум

39.1. Жергиликтүү кеңештин чечимдери төмөндөгүдөй кабыл алынат:

39.1.1. жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добуштары менен;

39.1.2. жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добуштары менен;

39.1.3. жергиликтүү кеңештин депутаттарынын сессияга катышкан санынын көпчүлүк добуштары менен.

39.2. Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добуштары менен төмөндөгү маселелер боюнча чечимдер кабыл алынат:

39.2.1. жергиликтүү кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо;

39.2.2. жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басарын ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу;

39.2.3. жергиликтүү коомдоштуктун уставын бекитүү.

39.3. Депутаттардын жалпы санынын үчтөн эки добуштары менен төмөндөгү маселелер боюнча чечимдер кабыл алынат:

39.3.1. жергиликтүү кеңештин төрагасын ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу;

39.3.2. жергиликтүү кеңештин дептутаттарынын демилгеси боюнча жергиликтүү кеңешти мөөнөтүнөн мурда таркатуу;

39.3.3. мурда кабыл алынган жергиликтүү коомдоштуктун уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү.

39.4. Депутаттардын сессияга катышкан санынын көпчүлүк добуштары менен жол-жобо маселелери боюнча чечимдер кабыл алынат.

 

          40-глава. Добуш берүү жана анын түрлөрү

40.1. Ушул Регламентте добуш берүүнүн натыйжаларын аныктоо үчүн колдонулган төмөндөгүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:

40.1.1. жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы саны -21

40.1.2. жыйынга катышкандардын саны – каттоодон өткөн жергиликтүү кеңештин депутаттарынын саны.

40.2. Жергиликтүү кеңеш сессияларда ачык жана жашыруун добуш берүү жолу менен чечимдерди кабыл алат. Добуш берүү жергиликтүү кеңештин депутаттарынын кол көтөрүүсү аркылуу жана төрагалык кылуучунун добуштарды саноосу аркылуу (ачык добуш берүү) же депутаттар атайын кабинада бюллетендерди толтуруп, аларды чапталып бекитилген үкөккө салуу (жашыруун добуш берүү) аркылуу жүргүзүлөт.

40.3. Тийиштүү чечим кабыл алуу үчүн жетиштүү кворум жок болгондо төрагалык кылуучу кворум камсыз кылынганга же кийинки сессияга чейин добуш берүүнү жылдырат.

40.4. Бардык маселелер боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы жергиликтүү кеңештин сессиясынын протоколуна түшүрүлөт.

40.5. Жергиликтүү кеңештин депутаты добуш берүүгө өзүнүн укугун жеке өзү ишке ашырат. Депутаттын добуш берүү укугун башка депутатка ишеним кат же башка жол менен өткөрүп берүүсүнө жол берилбейт.

40.6. Бир маселе боюнча добуш бергенде жергиликтүү кеңештин депутаты чечим кабыл алуу үчүн “макул” же “каршы”, болбосо чечим кабыл алууда “калыс” добуш берүү менен бир добушка ээ.

40.7. Добуш берүү учурунда жок болгон жергиликтүү кеңештин депутаты добуш берүү аяктагандан кийин өзүнүн добушун берүүгө укугу жок. Жыйындар залында катышып олтурган шартта депутаттын добуш берүүгө катышпай калышы добуш берүүнүн жыйынтыктарын кайра кароо үчүн негиз болуп саналбайт.

40.8. Добуш берүүнүн башталгандыгы жарыялангандан кийин эч кимдин аны үзгүлтүккө учуратууга укугу жок.

 

41-глава. Ачык жана жашыруун добуш берүү

41.1. Ачык добуш берүү – ар бир депутаттын жооптун варианттарынын (“макул”, “каршы”, “калыс”) бирөөсү боюнча өзүнүн эркин билдирген добуш берүү ыкмасы.

41.2. Ачык добуш берген учурда добуштарды саноо төрагалык кылуучу тарабынан жүргүзүлөт.

41.3. Добуштар саналгандан кийин сессияга төрагалык кылуучу чечим кабыл алынгандыгын же кабыл алынбагандыгын жарыялайт.

41.4. Добуш берүүдө жол-жоболук ката кетирилген учурда (же төрагалык кылуучунун катасы) жергиликтүү кеңештин депутаттары кайталап добуш берүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.

41.5. Жашыруун добуш берүү – добуш берүүгө катышкандардын жашыруун жүргүзгөн добуш берүү ыкмасы, бул учурда жооптордун варианттарынын (“макул”, “каршы”, “калыс”) бири боюнча добуш берүүчүнүн эркин контролдоо жокко чыгарылат.

41.6. Жашыруун добуш берүү милдеттүү болгон маселелер, ошондой эле жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушунун чечими боюнча жашыруун добуш берүү жүргүзүлөт.

41.7. Бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү, бюллетендерди толтуруу аркылуу ар бир депутаттын жеке өзү тарабынан ишке ашырылат, бюллетендер депутаттардын тизмесине ылайык ар бир депутатка берилет жана депутаттын өз эркин жашыруун билдирүүнү камсыз кылган атайын кабинада толтурулуп, эсептөө комиссиясы мөөр басып бекиткен добуш берүүчү үкөккө салынат.

 

42-глава. Эсептөө комиссиясынын иши

42.1. Жашыруун добуш берүүнү өткөрүү жана анын натыйжаларын белгилөө үчүн жергиликтүү кеңештин депутаттары ачык (же жашыруун) добуш берүү менен эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүн шайлашат, эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн саны так сандардан турат.

42.2. Эсептөө комиссиясы өзүнүн курамынан эсептөө комиссиясынын төрагасын жана катчысын шайлайт, ошондой эле эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн ортосундагы милдеттерди бөлүштүрөт.

Эсептөө комиссиясынын төрагасын, катчысын шайлоо жөнүндө, ошондой эле мүчөлөрүнүн ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү тууралуу эсептөө комиссиясынын чечими анын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол менен жол-жоболоштурулат, протокол жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бекитилет.

42.3. Жашыруун добуш берүү үчүн бюллетендер жергиликтүү кеңештин чечими менен сунуш кылынган жана бекитилген форма боюнча эсептөө комиссиясы тарабынан дайындалат, анын саны жергиликтүү кеңештин депутаттарынын санына барабар болот. Добуш берүү үчүн бюллетенде “макул”, “каршы”, “калыс” деген жооптордун варианттары турат. Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү бюллетендин ар биринин арткы бетине кол коюшат.

42.4. Эсептөө комиссиясы жашыруун добуш берүү үчүн кабинаны орнотуу менен депутаттар өз эркин жашыруун билдирүү үчүн шарттарды түзөт.

42.5. Добуш берер алдында эсептөө комиссиясы жергиликтүү кеңештин бардык депутаттарынын катышуусунда добуш берүүчү үкөктү бекитет.

42.6. Депутат жашыруун добуш берүү үчүн бир бюллетень алып, жашыруун добуш берүү үчүн бюллетендерди берүү ведомостундагы өзүнүн фамилиясынын тушуна кол коёт жана жашыруун добуш берүү үчүн кабинага келет. Добуш бергенден кийин депутат добуш берүүчү үкөккө бюллетенин таштайт.

42.7. Добуш берүү бүткөндөн кийин эсептөө комиссиясында калып калган бюллетендер эсептелинет жана депутаттардын катышуусунда эсептөө комиссиясынын төрагасы тарабынан бюллетендин оң бурчун кесүү аркылуу жок кылынат.

42.8. Депутаттардын добушун саноодо белгисиз формадагы бюллетендер, ошондой эле депутаттардын эркин билдирүүнү аныктоого мүмкүн болбогон бюллетендер жараксыз деп табылат. Бюллетенге киргизилген толуктоолор добуштарды саноодо эске алынбайт.

42.9. Жашыруун добуш берүүнүн натыйжалары жөнүндө эсептөө комиссиясы протокол түзөт, ал эсептөө комиссиясынын бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюлат жана сессияда эсептөө комиссиясынын төрагасы аны жарыя кылат.

42.10. Эсептөө комиссиясынын протоколунун негизинде сессияга төрагалык кылуучу чечимдин кабыл алынгандыгы же кабыл алынбагандыгы тууралуу жарыя кылат. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол жергиликтүү кеңештин токтому менен бекитилет.

 

43-глава. Кабыл алынган токтомдордун күчүнө киришинин тартиби

43.1. Жергиликтүү кеңештин катчысы (айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы) баяндамачы менен бирдикте жергиликтүү кеңеш чечим кабыл алган маселе боюнча кабыл алынган токтомду ал кабыл алынган күндөн баштап 5 жумушчу күндүн аралыгында жол-жоболоштурат.

43.2. Жергиликтүү кеңештин төрагасы жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган токтомдун долбоорун четке кагууга укугу жок жана ага кабыл алынган күндөн баштап 5 жумушчу күндүн аралыгында кол коёт.

43.3. Документти жол-жоболоштурган учурда грамматикалык мүнөздөгү түзөтүүлөрдү кошпогондо, ага оңдоо киргизүүгө жол берилбейт. Сессияда кабыл алынган жергиликтүү кеңештин токтомунун мазмундук бөлүгүнө оңдоо киргизген адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык документти бурмалагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылат.

43.4. Жергиликтүү кеңештин токтому күчүнө кириши үчүн расмий жарыяланууга тийиш:

43.4.1. тиешелүү аймакта кеңири жайылтылган басылмалардын ичинен жергиликтүү кеңеш өзү аныктаган тийиштүү басма сөз басылмасында;

43.4.2. жергиликтүү кеңештин расмий веб-сайтында;

43.5. Токтомду расмий жарыялоо мамлекеттик жана/же расмий тилдерде жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик жана (же) аскердик жашыруун сырды камтыган токтомдорду кошпогондо, толук эмес баяндамадагы токтомдорду жарыялоого жол берилбейт.

43.6. Ченемдик укуктук актынын расмий жарыяланышынын датасы ошол акт жарык көргөн басылма жарыкка чыккан күн эсептелинет.

43.7. Эгерде токтомдун өзүндө башкача каралбаса, токтом расмий жарыяланган күндөн баштап он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Ишкердик ишти жөнгө салган токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн эрте эмес күчүнө кирет.

43.8. Жергиликтүү кеңештин токтомдорун каттоону төмөнкү реквизиттерди көрсөтүү менен жергиликтүү кеңештин токтомдорун каттоо жөнүндө журналга жазып түшүрүү аркылуу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы ишке ашырат:

43.8.1. актынын түрүн көрсөтүү;

43.8.2. ошол ченемдик укуктук актыны жөнгө салуу предметин билдирген аталыш;

43.8.3. кабыл алынган жери жана датасы;

43.8.4. каттоо номери.

43.9. Расмий жарыяланган күнү жергиликтүү кеңештин токтомунун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин тийиштүү аймактык бөлүмүнө эки нускада, мамлекеттик жана/же расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түшүрмөлөрдө жарыяланган булагын көрсөтүү менен ченемдик укуктук актыларын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлөт.

43.10. Жергиликтүү кеңештин токтомунун көчүрмөсү кабыл алынган чечимдер жөнүндө коомчулукту кеңири маалымдоону камсыз кылуу үчүн тиешелүү аймактын маалымат илинүүчү тактайларына милдеттүү түрдө жайгаштырылат.

 

44-глава. Жергиликтүү кеңештин сессиясынын жана анын органдарынын протоколу

44.1. Жергиликтүү кеңештин сессияларында, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында протокол жүргүзүлөт, ага катар номери берилет.

44.2. Сессиялардын жана жыйындардын протоколдорун жүргүзүү жана жол-жоболоштуруу протоколдорду жүргүзүү жана сактоо үчүн жооптуу болгон жооптуу катчы тарабынан жүргүзүлөт. Зарылчылык болгон учурда аткаруу органынын башчысы менен макулдашуу боюнча жергиликтүү кеңештин төрагасынын тапшырмасы менен туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйналыштарынын протоколдорун жүргүзүүнү жана жол-жоболоштурууну аткаруу органынын аппаратынын кызматкери жүргүзөт.

44.3. Протоколдун тексти киришүү жана негизги бөлүктөрдөн турат:

44.3.1. жергиликтүү кеңештин сессияларынын жыйындарынын протоколунун киришүү бөлүгүндө номери, датасы, өткөрүлгөн убактысы жана орду; жергиликтүү кеңештин чакырылган жылы, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы саны, катышкан депутаттардын саны жана тизмеси, чакырылгандардын тизмеси (эгерде 10дон ашык адам чакырылса, чакырылгандардын тизмеси тиркелет), баяндамачынын фамилиясын көрсөтүү менен күн тартиби, эгер түзүлгөн болсо эсептөө комиссиясынын курамы чагылдырылат;

44.3.2. негизги бөлүгүндө сессияны алып баруунун жүрүшү, каралган маселелер, баяндама менен чыгып сүйлөгөндөр жана жарыш сөзгө чыгып сүйлөгөндөр, добушка коюлган маселелер жана сунуштар, аларды кабыл алуунун жолдору; добуш берүүнүн натыйжалары жана кабыл алынган чечимдер, сессиянын жүрүшүндө берилген кошумча материалдар чагылдырылат.

44.4. Депутаттардын фамилиялары алардын фамилияларын жана аттарын, атасынын аттарынын баш тамгасын көрсөтүү менен, башка адамдардын – фамилияларын, аттарын, атасынын аттарынын баш тамгасын көрсөтүү менен, кызмат ордун жана иштеген ордун, эгерде иштебеген болсо жашаган жерин көрсөтүү менен коштолот. Жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрү катышкан учурда алардын фамилиялары жана жашаган жери көрсөтүлөт.

44.5. Сессиянын протоколу сессиянын иши аяктагандан кийин 5 жумушчу күндөн кеч эмес жол-жоболоштурулат, ага жергиликтүү кеңештин төрагасы жана айылдык кеңештин жооптуу катчысы тарабынан кол коюлат. Туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарынын протоколу алар аяктагандан кийин 5 жумушчу күндөн кеч эмес жол-жоболоштурулат жана комиссиянын төрагасы жана айылдык кеңештин жооптуу катчысы тарабынан кол коюлат.

44.6. Жабык сессиялардын материалдарын кошпогондо, жыйындардын протоколдорунун көчүрмөлөрү ачык кол жеткендей болууга тийиш. Жооптуу катчы жергиликтүү кеңештин депутаттарына жана башка кызыкдар адамдарга протоколдордун жана токтомдордун көчүрмөлөрүн берет, алардан көчүрүп алууларды жүргүзөт.

44.7. Жергиликтүү кеңештин сессияларында жана туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында видео-аудио жазып алуулар жүргүзүлүшү мүмкүн, алар жергиликтүү кеңештин депутаттары үчүн жеткиликтүү болот.

44.8. Протоколдордун, видео жазып алуулардын түп нускалары жооптуу катчыда сакталат. Жыйындардын жана сессиялардын протоколдору, алардын тиркемелери тийиштүү жергиликтүү кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүнүн аралыгында сакталат. жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктары аяктаганда жыйындардын, сессиялардын протоколдору жана алардын тиркемелери туруктуу сактоого архивге тапшырылат.

44.9. Жергиликтүү кеңештин жабык сессиясынын материалдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жол-жоболоштурулат.

 

45-глава. Жергиликтүү кеңештин токтомдорунун аткарылышын көзөмөлдөө

45.1. Токтомдо аны жүзөгө ашыруунун тартиби белгиленилет, атап айтканда:

45.1.1. жалпысынан токтомдун же анын пункттарын же колдонууга киргизилишинин конкреттүү мөөнөттөрү жана жолдору;

45.1.2. токтомду жүзөгө ашыруу боюнча органдарга жана кызмат адамдарына конкреттүү тапшырмалардын, аткаруу органынын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн (зарылчылыкка жараша) кызмат адамдарына карата таасир этүү чараларынын кабыл алынышы, аткаруу органынын башчысынын актыларынын жергиликтүү кеңештин токтомуна ылайык келтирүү;

45.1.3. аны аткаруу үчүн мөөнөттөр белгиленилет.

45.2. Жергиликтүү кеңештин ар бир токтомунда токтомдо көрсөтүлгөн тапшырмаларды аткаруу жүктөлгөн кызмат адамы же орган, ошондой эле токтомдун аткарылышын контролдоо жүктөлгөн кызмат адамы же орган көрсөтүлөт.

45.3. Токтомдун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат угулгандан кийин, жергиликтүү кеңеш төмөндөгүлөргө укуктуу:

45.3.1. аткарылган катары токтомду контролдон алып коюу;

45.3.2. аткарылган катары токтомдун айрым пункттарын контролдон алып коюу;

45.3.3. ошол токтом боюнча аткаруу мөөнөтүн жылдыруу;

45.3.4. башка кызмат адамына же органга контролдоо ыйгарым укуктарын жүктөө;

45.3.5. токтомду жокко чыгаруу;

45.3.6. токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;

45.3.7. кошумча токтомду кабыл алуу.

45.4. Контролдоо боюнча отчёттун мөөнөтү токтомдун өзүндө көрсөтүлөт. Жергиликтүү кеңештин төрагасы токтомдун аткарылышы үчүн контрол жүктөлгөн кызмат адамына же органга жергиликтүү кеңештин сессиясында анын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат берүүнү тапшырууга укуктуу.

 

V БӨЛҮМ. ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТИН АЙРЫМ ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫН ИШКЕ АШЫРУУНУН ТАРТИБИ

  46-глава. Жергиликтүү бюджетти киргизүүнүн жана бекитүүнүн тартиби

46.1. Бюджеттик процесстин ачыктыгын жана айкындаган, жергиликтүү бюджетти түзүүгө жарандардын катышуусун жана жергиликтүү бюджетти аткаруунун натыйжалары тууралуу отчетту кароону камсыз кылуу максатында жергиликтүү кеңештин төрагасы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы бюджеттин долбоорун ошондой эле жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча очетту бюджет боюнча жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиясынын кароосуна киргизгенге чейин бюджет боюнча коомдук угууларды демилгелөөгө жана аны уюштурууну жана өткөрүүнү аткаруу органынын башчысына тапшырууга укуктуу.

46.2. Бюджет боюнча коомдук угуулардын натыйжалары жергиликтүү бюджеттин долбоорун жана анын аткарылышынын отчетун караган жана бекиткен учурда бюджет боюнча туруктуу комиссиялардын мүчөлөрүнө, жергиликтүү кеңештин депутаттарына маалымат булагы катары кызмат кылат.

46.3. Жергиликтүү кеңештин төрагасы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы аткаруу органынын, мамлекеттик салык кызматынан жана юридикалык жактардан жергиликтүү бюджеттин долбоорун өз учурунда жана сапаттуу түзүү үчүн керектүү болгон бардык маалыматтарды суратып алууга жана өзүнүн жыйындарында ошол органдардын жетекчилерин, коомдук угуулардын активдүү катышуучуларын, демилгечи топторду, коомдук бирикмелерди жана башка кызыкдар адамдарды чакырууга жана угууга укуктуу.

46.4. Жергилиликтүү бюджеттин долбоорун түзүү үчүн зарыл маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.

46.5. Бюджет боюнча туруктуу комиссия бюджеттин долбоорун алдын ала кароону жүргүзөт жана аткаруу органынын отчетун угат, коомдук угуулардын катышуучуларынан жана башка кызыкдар жактардан түшкөн сунуштарды эске алуу менен жергиликтүү кеңештин сессиясына бюджеттин долбоору боюнча корутундусун берет.

46.6. Жергиликтүү кеңештин сессиясында жергиликтүү коомдоштуктун жана башка кызыкдар жактардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жергиликтүү бюджеттин такталган долбоору ачык-айкын каралат, ошондой эле коомдук угуулардын натыйжалары боюнча бюджеттин аткарылышы тууралуу аткаруу органынын отчету каралат.

46.7. Тийиштүү жылга жергиликтүү бюджетти бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышы тууралуу жергиликтүү кеңештин токтому жергиликтүү ЖМК гезити аркылуу жалпыга жайылтууга жатат жана документтердин көчүрмөсү маалымат тактайларына жайгаштырылат.

 

47-глава. Жергиликтүү кеңештин жарандарынын мыйзам чыгаруу демилгесин кароо

47.1. Мыйзамдардын жана жергиликтүү коомдоштуктун уставына ылайык жарандар мыйзам чыгаруу демилгесине ээ.

47.2. Жергиликтүү коомдоштук тарабынан жергиликтүү кеңештин кароосуна киргизилген жана ушул Регламентте белгиленген тартипте жол-жоболоштурулган ченемдик укуктук актынын долбоору (токтомдун долбоору) демилгечи топтун катышуусу менен тийиштүү туруктуу комиссия тарабынан каралат.

47.3. Жергиликтүү кеңештин кароосуна киргизилген ченемдик укуктук актынын долбоору туруктуу комиссиянын корутундусун эске алуу менен демилгечи топтун, жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда жергиликтүү кещештин кезектеги же кезексиз сессиясында каралат.

47.4. Жергиликтүү коомдоштук тарабынан демилгеленген ченемдик укуктук актынын долбоорун кароонун жыйынтыктары боюнча кабыл алынган жергиликтүү кеңештин чечими аны киргизген демилгечи топко, жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнө расмий жазуу түрүндө жеткирилүүгө тийиш.

 

48-глава. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысына - шаардын мэрине, айыл өкмөтүнүн башчысына

ишенбестик билдирүү

 

48.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысына ишенбестик билдирүү жергиликтүү кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси менен өткөрүлөт.

48.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысына ишенбестик билдирүү жөнүндө чечим жашыруун добуш берүү менен жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин добушу менен кабыл алынат.

48.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысына ишенбестик билдирүү жөнүндөгү жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоорунда анын 1-2 жылдан кем эмес аралыктагы ишмердүүлүгү терең талданып, документтер менен тастыкталган кемчиликтери, укук бузуулары көрсөтүлүүгө тийиш.

48.4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысына анын ишмердүүлүгүндөгү кемчиликтер жана укук бузуулар тууралуу сессияда маселе карала тургандыгы бир жума мурда кабарланууга тийиш.

 

49-глава. Жергиликтүү кеңеш тарабынан көзөмөлдөөчү ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу тартиби

 

49.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы, анын түзүмдүк бөлүктөрү өз ишинде жергиликтүү кеңештин алдында отчет берет жана көзөмөлүндө болот.

49.2. Жергиликтүү кеңештин көзөмөлдүк иши Кыргыз Республикасынын мыйзамына, бул регламентине ылайык жүзөгө ашырылат.

49.3. Жергиликтүү кеңештин көзөмөлдүк ишин жүзөгө ашыруучу субъекттер болуп депутаттар, фракциялар, туруктуу, убактылуу жана жумушчу комиссиялар эсептелет.

49.4. Көзөмөлдүк иши төмөнкү формада жүзөгө ашырылат:  жергиликтүү кеңештин сессиясында отчетторду угуу; фракциялык сурамаларды жөнөтүү; маалыматтарды угуу.

49.5. Текшерүүлөрдү жүргүзүү жергиликтүү кеңештин төрагасынын буйругунун негизинде жүзөгө ашырылат.

49.6. Көзөмөлдүк иш-чараларды өткөрүү мөөнөтү 10 календардык күндөн ашпоосу керек. Финансылык олуттуу тартипти бузуулар, бюджеттик каражаттарды жана башка ресурстарды мыйзамсыз жана натыйжасыз чыгымдоо фактылары табылган, ошондой эле жергиликтүү кеңештин көзөмөлдүк функциясын жүзөгө ашыруучу субъекттерге жолтоо болгон учурларда, баяндама каттын негизинде жергиликтүү кеңештин төрагасы комиссиянын иштөө мөөнөтүн узартат. Текшерүүлөрдү жүргүзүү текшерилип жаткан субъекттин негизги ишине жолтоо болбоосу керек.

49.6.  Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча маалыматтык кат даярдалат, ал жергиликтүү кеңештин төрагасына жөнөтүлөт. Текшерүүлөрдүн жыйынтыктары тиешелүү туруктуу комиссияда, фракцияда, зарыл болгон учурда сессияда каралат.

49.7. Текшерилген ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилеринин дарегине табылган тартип бузууларды четтетүү боюнча сунуштар, жумушчу же туруктуу комиссиялардын чечимдери, маселе сессияда каралган учурда  жергиликтүү кеңештин токтому жөнөтүлөт.

 

50-глава. Жергиликтүү кеңештин мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракети

50.1. Жергиликтүү кеңеш Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык мамлекеттик бийлик менен өз ара мамилелерин жүзөгө ашырат.

50.2. Мамлекеттик бийлик органдары жергиликтүү кеңештин компетенциясына кирген маселелерди чечүүдө кийлигишүүгө укуксуз.

50.3. Жергиликтүү кеңеш бийликтин аткаруу органдарынын компетенциясына кирген маселелерди чечүүдө кийлигишүүгө укуксуз.

50.4. Аймактын кызыкчылыгына тийиштүү маселелер боюнча сессияга тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун шаардык жана райондук бөлүмдөрүнүн, шаардын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн, айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү чакырылат.

50.5. Аймакты өнүктүрүүнүн эң маанилүү маселелери боюнча шаардын мэриясы, айыл өкмөтү консультацияларды өткөрөт жана жергиликтүү кеңеш менен өз чечимдерин жазуу түрүндө макулдашууларды жүргүзөт.

50.6. Жергиликтүү кеңештин сессиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды өкүлдөө жөнүндө келишимдерди бекитет.

 

51-глава.  Жергиликтүү кеңештин жарандык коомдун уюмдары менен өз ара аракети жана кызматташтыгы

 

51.1. Жергиликтүү кеңеш айыл аймагын жана шаарды өнүктүрүүнүн маанилүү маселелерин даярдоодо жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү менен консультацияларды өткөрөт, сунуштарын жана пикирлерин эске алат, зарыл болгон учурда аларды жумушчу топторго тартат.

51.2. Жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча көтөргөн демилгелерин, кайрылууларын кылдаттык менен алардын өзүн,  башка кызыкдар болгон тараптарды катыштырып талкуулайт, жакшы сунуштар боюнча маселе даярдап сессиянын кароосуна киргизет.

51.3. Сессиянын токтомдорунун долбоорун коомдук экспертизадан өткөрүү зарыл болгон учурларда жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрүн бул ишке тартат.

 

VI БӨЛҮМ. ДЕПУТАТТАРДЫН ШАЙЛООЧУЛАР МЕНЕН БОЛГОН БАЙЛАНЫШЫ. ДЕПУТАТТЫК СУРОО ТАЛАП

 

52-глава.  Шайлоочулар менен иштөөнүн тартиби

52.1. Депутаттардын шайлоочулар менен иштөө тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга кайрылуу жол-жобосу, депутаттын өкүлчүлүк ишинин кепилдигинин маселелери депутаттын статусу жөнүндө мыйзам жана ушул Регламент менен аныкталат.

52.2.    Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсүн камсыз кылуу үчүн мэрия, айыл өкмөтү жолугушуу үчүн атайын жайларды бөлүп берет.

52.3.    Жергиликтүү кеңеш, анын Аппараты, жергиликтүү кеңештин (штат болбосо айыл өкмөтүнүн) жооптуу катчысы сессиялардын ортосундагы мезгилде шайлоочулар менен ишти төмөнкүдөй уюштурат:

52.3.1. шайлоочуларды кабыл алуу;

52.3.2. арыздарды, кайрылууларды, сунуштарды кароо;

52.3.3. шайлоочулар менен жолугушууларды, тегерек үстөлдөрдү, ачык эшиктер күндөрүн жана башка иш-чараларды өткөрүү;

52.3.4. шайлоочулардын арыздары боюнча мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына депутаттык суроо-талаптарды жиберүү.

52.4.    Аппараттын тиешелүү кызматкерлери, жооптуу катчы жыл сайын жергиликтүү кеңештин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсүнө сапаттык жана сандык талдоо жүргүзөт. Шайлоочулар менен иштөөнүн ар жылкы талдоосу жергиликтүү кеңештин сессияларында депутаттар тарабынан каралат.

52.5. Фракция шайлоочулар менен иштөө боюнча өзүнүн мүчөлөрүнүн ишин жана төмөнкү маселелер боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттарынын өкүлчүлүк функцияларын аткарууну уюштурат:

52.5.1. фракциянын дарегине келип түшкөн кайрылуулардын, сунуштардын, арыздардын өз учурунда, обүективдүү жана толук каралышы, алар боюнча зарыл чаралардын кабыл алынышы жөнүндө жана бул маселелер боюнча жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары менен өз ара аракеттенүү;

52.5.2. ошол фракциянын дарегине шайлоочулар кайрылганда, фракциянын мүчөсү болуп саналган депутаттын шайлоочуларды өзү кабыл алуусу;

52.5.3. депутаттын дарегине келип түшкөн кайрылуулар боюнча маселелерди чечүүдө өз учурунда, объективдүү жана толук кароо жана алар боюнча зарыл чараларды кабыл алуу максатында депутатка көмөк көрсөтүү;

52.5.4. фракция мүчөлөрүнүн демилгеси жана катышуусу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, саясий партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен чогулуштарды, конференцияларды, жолугушууларды жана башка иш-чараларды өткөрүү;

52.5.5. жеке депутаттын жана фракциянын атына келип түшкөн кайрылууларды жалпылоо жана талдоо;

52.5.6. фракциянын катышуусу менен өткөрүлгөн өкүлчүлүк функцияларды аткарууга багытталган иш-чараларды жалпылоо жана талдоо;

52.5.7. жарандардын кайрылуусу менен иштөөнүн жана шаардык кеңештеги фракциялардын иштеринин абалы жөнүндө шайлоочуларды жана жалпыга маалымдоо каражаттарын маалымдоого укуктуу.

 

53-глава. Депутаттык суроо-талап

53.1. Депутат жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, айыл аймагынын/шаардын аймагында жайгашкан мамлекеттик менчиктин үлүшү бар, республикалык же жергиликтүү бюджеттен каржылоо алган же мамлекеттик органдын функцияларын же функцияларынын бир бөлүгүн жүзөгө ашырган уюмдарга, мекемелерге, фонддорго, алардын кызмат адамдарына, алардын компентенциясына кирген маселелер боюнча депутаттык суроо-талаптарды жөнөтүүгө укуктуу. 

53.2. Депутаттык суроо-талаптарда жеке мүнөздөгү же юридикалык мүнөздөгү кеңештерди берүүнү талап кылуучу, ошондой эле  айыптоону же мазактоону камтыган маселелерге жол берилбейт. 

53.3. Көзөмөл органдарынын кызмат адамдарына, алардын өндүрүшүндө турган дайындуу иштер жана материалдар боюнча даректелген депутаттык суроо-талаптар, ушул органдардын жана адамдардын өз алдынчалыгын жана көз карандысыздыгын эске алуу менен жүзөгө ашырылууга тийиш. 

53.4. Депутат суроо-талап менен кайрылган ар бир орган же кызмат адамы              14 күндө  жазуу жүзүндө жеке  өзү жооп берүүгө милдеттүү. 

53.5. Депутаттардын жергиликтүү бийлик органдарына жана алардын кызмат адамдарына карата жергиликтүү кеңештин сессиясынын учурунда жазуу жүзүндө же оозеки айтылган суроо-талаптары стенограмманын негизинде жол-жоболоштурулат, депутаттын өзү тарабынан кол коюлат жана аппарат тарабынан тиешелүү органдарга жөнөтүлөт. 

Депутаттык суроо-талаптар атайын бланкта жол-жоболоштурулат жана аппарат, жооптуу катчы тарабынан жергиликтүү кеңештин депутаттарына жеткиликтүү болгон депутаттык суроо-талаптардын жана аларга жооптордун бирдиктүү реестринде каттоого алынат.

 

VII БӨЛҮМ. ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТИН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНҮН АЙКЫНДУУЛУГУ

 

54-глава. Жергиликтүү кеңештин ишмердүүлүгүнүн айкындуулугу

54.1. Жергиликтүү кеңештин ишмердүүлүгүнүн айкындуулугу, жергиликтүү кеңештердеги маалыматтардын жарандарга жеткиликтүүлүгү жергиликтүү кеңештердин ишине коюлган принциптүү талап болуп эсептелет.

54.2. Жергиликтүү кеңештин ишин чагылдыруу сессияларды жана жыйналыштарды телекөрсөтүү жана радио уктуруу, башка мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча берүү жолу менен, ошондой эле Жергиликтүү кеңештин сайты аркылуу камсыз кылынат.

54.3. Жергиликтүү кеңештин, фракциялардын, туруктуу комиссиялардын сессияларын жана жыйналыштарын видео-сүрөткө тартуу, ошондой эле үндөрдү жаздырып алуу белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

55-глава. Жергиликтүү кеңештин сайты

55.1. Башкаруу органдарынын ишин санариптештирүү жана маалыматты кагаз түрүндө алмашууну минимумга түшүрүү жөнүндөгү талапка ылайык Жергиликтүү кеңештин сайты түзүлөт же анда жарыялануучу маалыматтар убактылуу тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын сайтында жайгаштырыдат.

55.2. Жергиликтүү кеңештин сайтында жергиликтүү кеңештин бекитилген иш пландары, кабыл алынып жаткан чечимдеринин долбоорлору жана кабыл алган токтомдору, аткарылып жаткан иштери жөнүндө дайыма жаңыланып туруучу маалыматтарды камтыган “Жергиликтүү кеңештин түзүмү”, “Фракциялар”, “Туруктуу комиссиялар, “Ченем чыгаруу иши”, “Коомчулук менен байланыш” жана башка бөлүмдөр болот.

55.3. Маалыматтык материалдарды сайтка жайгаштырууну аппараттын кызматкерлери, жооптуу катчы жүргүзүшөт, көзөмөлдөөнү жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары жүзөгө ашырат.

 

VIII БӨЛҮМ. ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТИН АППАРАТЫ/ЖООПТУУ КАТЧЫСЫ

 

56-глава. Жергиликтүү кеңештин аппарат жетекчиси/жооптуу катчысы

56.1. Жергиликтүү кеңештин ишин уюштуруучулук жактан шаардык кеңештин аппарат жетекчиси, жергиликтүү кеңештин (штат болбосо айыл өкмөтүнүн) жооптуу катчысы камсыз кылат.

56.2. Аппараттын жетекчиси / Жооптуу катчы жергиликтүү кеңештин ишин уюштуруу жагынан камсыз кылуу боюнча иштерди координациялайт, туруктуу (убактылуу) комиссияларга жана жергиликтүү кеңештин депутаттарына жардам көрсөтөт. Жергиликтүү кеңештин сессияларын уюштуруу жана өткөрүү үчүн керектүү материалдарды даярдоону камсыз кылат.

56.3. Аппараттын жетекчиси/Жоопту катчы жергиликтүү кеңештин жана анын органдарынын ишин камсыз кылуу боюнча төмөндөгүлөргө милдеттүү:

56.3.1. жергиликтүү кеңештин токтомдорун каттоону жүргүзөт (каттоо журналында);

56.3.2. жергиликтүү кеңешке келип түшкөн каттарды кабыл алат жана каттайт, жергиликтүү кеңештин төрагасынын резолюциясына жараша каттарды аткаруучуга өткөрүп берет;

56.3.3. жергиликтүү кеңештин сессияларына материалдарды, анын ичинде жергиликтүү кеңештин токтомдорунун долбоорлорун жана анын туруктуу (убактылуу) комиссияларынын корутундуларынын долбоорлорун даярдоо боюнча ишти уюштурат;

56.3.4. жергиликтүү кеңештин жана туруктуу комиссиялардын иш пландарынын долбоорун иштеп чыгууга көмөктөшөт, бекилгенден кийин алардын өз учурунда аткарылышына көмөктөшөт;

56.3.5. сессияларды, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарын чакыруу жөнүндө жергиликтүү кеңештин депутаттарын маалымдайт;

56.3.6. жергиликтүү кеңештин сессияларынын протоколдорун жүргүзөт, сессияларда, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында жергиликтүү кеңештин депутаттарын катоону ишке ашырат;

56.3.7. чакырылган адамдарды, ачык сессияларга, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышууну каалаган адамдарды каттону жүзөгө ашырат;

56.3.8. жергиликтүү кеңештин иш кагаздарын, анын ичинде келүүчүлөрдү кабыл алуу журналын, депутаттарга кайрылган жарандардын кайрылууларын каттоону жүргүзөт;

56.3.9. жергиликтүү кеңештин токтомдорун жол-жоболоштурат, аларды (күчүнө киргизүүгө) жарыялоону, каттоону, жергиликтүү кеңештин депутаттарына, тийиштү адамдарга, уюмдарга жана аткаруучуларга таратууну уюштурат;

56.3.10. расмий жарыялангандан кийин жергиликтүү кеңештин токтомунун көчүрмөсүн ченемдик укуктук актылардын Реестрине кошуу үчүн Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жөнөтөт;

56.3.11. жергиликтүү кеңештин документтерин, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын документтерин кошуп алганда, сактоону, системага салууну жана тийиштүү абалда кармоону камсыз кылат;

56.3.12. туруктуу, убактылуу комиссияларга, депутаттык топторго уюштуруучулук жагынан жардам көрсөтөт;

56.3.13. башка ченемдик укуктук актыларга, жергиликтүү кеңештин ушул Регламентине ылайык жана жергиликтүү кеңештин төрагасынын тапшырмасы боюнча башка иш-милдеттерди жүзөгө ашырат.

56.4. Аткаруу органынын башчысы менен макулдашуу аркылуу жергиликтүү кеңештин төрагасынын тапшырмасына ылайык туруктуу (убактылуу) комиссиялардын ишине көмөк көрсөтүү боюнча аткаруу органынын жооптуу катчысынын иш-милдеттери аппараттын кызматкерлерине жүктөлүшү мүмкүн.

                                

57-глава. Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн, Регламентти сактоо үчүн көзөмөлдү ишке ашыруунун тартиби

57.1. Жергиликтүү кеңештин Регламентинин жаңы редакциясы, ага өзгөртүүлөр жана толуктоолор жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен жергиликтүү кеңештин сессиясында кабыл алынат.

57.2. Жергиликтүү кеңештин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу депутаттар, фракциялар, туруктуу комиссиялар тарабынан демилгеленген сунуштар тийиштүү туруктуу комиссияларда каралгандан кийин жергиликтүү кеңештин сессиясынын күн тартибине киргизилет жана жергиликтүү кеңештин сессиясында биринчи кезектеги тартипте каралат.

57.3. Жергиликтүү кеңештин Регламентинин жоболорун чечмелеп түшүндүрүүнү жергиликтүү кеңештин төрагасы жана төраганын орун басары ишке ашырат.

57.4. Жергиликтүү кеңештин Регламентинин талаптарынын сакталышына контролдук кылуу жергиликтүү кеңештин төрагасына жана төраганын орун басарына жана тийиштүү туруктуу комиссияга жүктөлөт. жергиликтүү кеңештин сессиясы учурунда жергиликтүү кеңештин Регламентинин талаптарынын сакталышына контролдук кылуу сессияга төрагалык кылуучуга жүктөлөт.

 

 

 

 

 

 

 

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин кезектеги 10-сессиясынын «22» август 2022-жылдын

№ 38- токтому менен бекитилген

 

Жалпак-Таш айыл аймагынын айыл өкмөтү

ЖОБО

 

  1. I. Жалпы жоболор
  2. II. Айыл өкмөтүнүн структурасы

III. Айыл өкмөтүнүн компетенциясы

IV.Айыл өкмөтүнүн негизги функциялары

  1. V. Айыл өкмөтүнүн башчысы
  2. VI. Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктары

VII. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары

  1. IX. Айыл башчысы
  2. X. Айыл өкмөтүнүн финансылык-экономикалык негиздери
  3. XI. Айыл өкмөтү жөнүндө жобосуна толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби

XII.Айыл өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын токтото туруу

 

  1. I. Жалпы жоболор

1.1.Айыл өкмөтү – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун  аткаруу органы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын чечимдерин даярдоону жана аткарууну камсыз кылуу үчүн түзүлгөн орган. Айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ишке ашыруучу, ошондой эле, аймактын жашоо тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштешин уюштуруу жана өнүктүрүү, социалдык-экономикалык пландаштыруу жана калкка социалдык жана маданий кызмат көрсөтүүчү орган болуп эсептелинет.

1.2.Айыл өкмөтү бир айылдык кеңеш – бир айыл өкмөтү принцибинде түзүлөт.

1.3.Айыл өкмөтү өзүнүн ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, Президенттин Жарлыктарын, Министрлер Кабинетинин  токтомдорун, жергиликтүү кеңештин чечимдерин, мамлекеттик администрациясынын чечимдерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат. Айыл өкмөтү мамлекеттик бийлик органдары менен тыгыз өз ара аракеттенүүдө иштейт, Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө болгон конституциялык укуктарын жүзөгө ашыруучу шарт түзүлөт.

1.4.Айыл өкмөтү өзүнүн ишин жергиликтүү жамаат менен коомдук уюмдар менен тыгыз байланышта жүргүзүп, жарандардын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдөгү Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилдикке алынган укугун жана чыныгы жөндөмдүүлүгүн ишке ашырууну камсыз кылат.

1.5.Айыл өкмөтү өзүнүн ишмердүүлүгүн төмөндөгү принциптерде ишке ашырат:

1.Мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-милдеттеринин жана ыйгарым укуктарынын ажырымдоонун;

  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү жамааттын алдында ачыктыгы жана жоопкерчиликтүү жана алардын өз иш- милдеттерин жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарында жүзөгө ашырышы;
  2. Мыйзамдуулук жана социалдык адилеттүүлүк ;
  3. Өзүн -өзү камсыз кылуу, өзүн -өзү жөнгө салуу жана өзүн-өзү каржылоо;
  4. Жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутуму аркылуу, ошондой эле жарандардын жыйындары, чогулуштары жана курултайлары аркылуу эрктерин билдириши;
  5. Жергиликтүү жамааттардын укуктарын жана мыйзамда корголгон кызыкчылыктарын коргоо;
  6. Коомдук ой-пикирдин ачыктыгы жана эсепке алынышы;
  7. Тиешелүү маселелерди чечүүдө коллегиялдуулук, эркин талкуулоо.

1.6 .Айыл өкмөтү юридикалык жак болуп эсептелинет, гербдүү мөөрү, тийиштүү штамптары болот.

1.7.Айыл өкмөтүнүн уюштуруу - укуктук формасы- мекеме

 1.8.  Мекеменин толук аталышы: мамлекеттик тилде – Жалпак-Таш айыл аймагынын айыл өкмөтү, расмий тилде – Жалпак-Ташский айыл окмоту  айилного аймака.

1.9.  Айыл өкмөтүнүн жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Өзгөн району, Курбу-Таш айылы айылы, Абдыкаар көчөсү №33

II.. Айыл өкмөтүнүн структурасы

 2.1.Айыл өкмөтүнүн түзүмү жана штаттык ырааттамасы Министрлер Кабинети бекитилүүчү типтүү түзүмдүн жана штаттык ырааттаманын негизинде айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан бекитилет.

2.2. Айыл өкмөтү айыл өкмөтүнүн башчысынан, анын орун басарынан жана айыл өкмөтүнүн аппаратындагы муниципалдык кызматкерлерден, айыл башчыларынан турат.

2.3. Айыл өкмөтүнүн аппараты айылдык кеңештин депутаттарына өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда, шайлоочулардын алдында отчетторун даярдоодо жана өткөрүүдө көмөк көрсөтөт.

2.4. Айыл өкмөтү өзүнүн ишинде тийиштүү айылдык кеңешине, ал эми өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктары боюнча тийишүү мамлекеттик органдарга отчет берет.

2.5. Өзүнчө жашаган калктуу конуштардын жергиликтүү маанидеги маселелерин оперативдүү чечүүнү уюштуруу максатында айылдык кеңешинин чечими боюнча айыл башчысынын кызмат орду киргизилиши мүмкүн.

2.6. Айыл өкмөтү өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча кабыл алган чечимдерге айыл өкмөтүнүн башчысы кол коет.

2.7. Айыл өкмөтүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде чыгарган актылары тийиштүү аймакта милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.

2.8. Жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарына жана милдеттерине тиешелүү айыл өкмөтүнүн чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирет.

III.  Айыл өкмөтүнүн компетенциясы

3.1. Аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программаларынын долбоорун иштеп чыгат жана алар айыл кеңеши тарабынан бекитилгенден кийин аткарылышын камсыз кылат;

3.2. Жергиликтүү бюджеттин долбоорун иштеп чыгат, ал айыл кеңеши тарабынан бекитилгенден кийин аны аткарат.

3.3. Тарыхтын, архитектуранын жана маданияттын эстеликтерин коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;

3.4. Жаңы жумуш орундарын ачуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат, жүзөгө ашырат;

3.5. Ишканаларды менчиктештирүүгө жана айыл өкмөтүнүн  балансына социалдык маданий-тиричилик жана чарбалык маанидеги объекттерди жана алардын иштешине зарыл жабдуу-шайманды өткөрүп берүүгө катышат;

3.6. Турак-жай фондун, турак жай коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана аймакты абат кылуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгып, жүзөгө ашырат;

3.7. Муниципалдык менчикте турган жерлерди, ошондой эле айыл чарбасына жарактуу жерлерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин акыл-эстүү пайдалануу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат, жүзөгө ашырат;

3.8. Аймака курулуш куруунун башкы планын иштеп чыгып, жүзөгө ашырат, архитектуранын жана шаар куруунун нормалары менен эрежелеринин сакталышына контролду ишке ашырат;

3.9. Жаратылыш кырсыктарынын, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана четтетүү, алардын кесепеттерин жоюу боюнча мобилизациялык жана уюштуруучулук-практикалык иш-чараларды жүзөгө ашырат;

3.10.  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дагы башка иш-чараларды жүзөгө ашырат. 

  1. IV. Айыл өкмөтүнүн негизги функциялары

4.1. Аймактын жашоо-турмушунун тутумунун иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык өнүгүшүн уюштуруу жана калкка социалдык жана маданий кызмат көрсөтүүлөрдү берүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына жергиликтүү маанидеги төмөнкүдөй маселелер кирет:

1) тиешелүү аймактын экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу;

2) муниципалдык менчикти башкаруу;

3) жергиликтүү бюджетти түзүү, бекитүү жана аткаруу;

4) калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу;

5) калктуу конуштарда канализациянын жана тазалоочу курулмалардын тутумунун ишин камсыз кылуу;

6) калктуу конуштардагы муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу;

7) жалпы пайдалануудагы жерлерге жарык берүүнү уюштуруу;

8) көрүстөндөрдүн иштешин жана расымдык кызматтардын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу;

9) жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу;

10) парктардын, спорттук курулмалардын жана эс алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу, бош убакытты уюштуруу үчүн шарттарды түзүү;

11) турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып чыгарууну жана утилдештирүүнү уюштуруу;

12) муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу жана калктуу конуштардын чегинде коомдук транспорттун иштешин жөнгө салуу;

13) жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жагындагы контролдоо;

14) жергиликтүү маанидеги китепканалардын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу;

15) жер пайдалануу эрежелерин белгилөө жана шаар куруу менен архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин сактоону камсыз кылуу;

16) тиешелүү калктуу конуштун аймагында жарнакты мыйзамдарда белгиленген тартипте жайгаштыруу;

17) коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү;

18) элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;

19) балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды уюштуруу жана жүзөгө ашыруу;

20) дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу;

21) өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү;

22) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чаралардын комплексин мыйзамдарда белгиленген тартипте жүзөгө ашыруу.

23) соттолгондорду кайра социалдаштырууга багытталган жазык-укуктук таасир этүүнүн эркинен ажыратуу жана мажбурлоо чарасы менен байланышпаган жазаларды уюштуруу жана аткаруу жана аларга жазык-аткаруу мыйзамдарына ылайык социалдык жардам көрсөтүү;

24) ветеринардык-санитардык жана карантиндик-чектөөчү чаралардын өз убагында өткөрүлүшүн камсыздоого көмөк көрсөтүү.

 

4.2.  Айыл өкмөтүнө  айрым мамлекеттик укуктар таандык кылынышы мүмкүн.

4.3. Айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү, берилип жаткан ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун шарттарын зарыл болгон материалдык жана каржылык каражаттар менен бир эле убакта мамлекеттик камсыз кылуунун тартибин белгилеп, мыйзамдын же келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.

4.4. Мамлекеттик бийлик органдары менен айыл өкмөтүнүн ортосундагы келишимдин негизинде мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген учурда келишимдин шарттары тиешелүү айылдык кеңеш тарабынан бекитилүүгө тийиш.

4.5. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды  берүүгө мамлекет бир эле убакта мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү менен жергиликтүү бюджетке республикалык бюджеттен максаттуу трансферттерди караган же берилген  мамлекеттик  ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон башка каржылоо булактарын аныктаган учурларда гана жол берилет.

4.6. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча айыл өкмөтү мамлекеттик бийликтин ыйгарым укуктуу органдарына отчет берет.

4.7. Айыл өкмөтүнүн берилиши мүмкүн болгон негизги мамлекеттик ыйгарым укуктарга төмөнкүлөр кирет:

1) калктын ишке орношуусунун жана миграциясынын программаларын иштеп чыгуу жана аткаруу;

2) жарандарды эсепке алып каттоо, паспорттук режимдин эрежелеринин аткарылышына контролду жүзөгө ашыруу, белгиленген тартипте жарандарды каттоого тургузуу жана каттоодон чыгаруу, шайлоочулардын тизмелерин түзүү;

3) мыйзамдарга ылайык жарандык абалдын актыларын каттоо;

4) мектептик, мектепке чейинки жана кесиптик билим берүү жана саламаттык сактоо чөйрөсүндө кызмат көрсөтүү үчүн имараттар жана башка объекттер менен камсыз кылуу;

5) мыйзамдарга ылайык нотариалдык аракеттерди жүргүзүү;

6) жарандарга алардын ким экенин, үй-бүлөлүк, мүлктүк абалдарын ырастоочу документтерди жана мыйзамдарда каралган башка документтерди берүү;

7) аскерге милдеттүүлөрдү жана аскерге чакырылуучуларды алгачкы эсепке алууну жүргүзүү, аларды аскердик эсепке алуу жана эсептен чыгаруу, аскердик кызматка чакырууну уюштурууга көмөк көрсөтүү;

8) Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин бөлүштүрүү жана пайдалануу;

9) айыл чарба өндүрүшүн келечектүү өнүктүрүү боюнча материалдарды жалпылоо, айыл чарба продукцияларын өндүрүү боюнча экономикалык божомолдорду түзүү;

10) мал чарбачылыгында ветеринардык-санитардык, эпизоотияга каршы иш-чараларды жана селекциялык-асыл-тукум иштерин өз учурунда өткөрүүнү уюштурууга көмөк көрсөтүү;

11) айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоолорун отоо басышына каршы күрөшүү, токойду коргоо тилкелерин жана токой массивдерин коргоо боюнча талаптагыдай чараларды камсыз кылуу;

12) алымдарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу, ошондой эле салык мыйзамдарына ылайык салыктык укук мамилелери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктар;

13) айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;

14) керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуу;

15) тиешелүү аймакта жылуулук менен жабдууну уюштуруу;

16) аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө даректүү социалдык коргоону уюштуруу максатында аларды табуу;

17) этностор аралык мамилелерди чыңдоо, ошондой эле этностор аралык жаңжалдардын алдын алуу жана болтурбоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу;

18) пробациянын кезектеги милдеттерин чечүүдө жана конкреттүү иш-чараларын аткарууда пробация органдарына көмөк көрсөтүү;

19) мыйзамда белгиленген башка ыйгарым укуктар.

  1. V. Айыл өкмөтүнүн башчысы

5.1. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордун жогорку билими, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жалпы 5 жылдан кем эмес, анын ичинде жетектөөчү кызматтарда 3 жыл иш стажы бар адамдар, ошондой эле иштин башка чөйрөлөрүндө жетектөөчү кызматта 5 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат.

5.2. Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкер кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик тилди кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө билүүгө тийиш.

5.3. Төмөнкү адам айыл өкмөтүнүн башчысы боло албайт:

1) Кыргыз Республикасынын жараны болбогон;

2) башка мамлекеттин жарандыгына ээ болгон;

3) тиешелүү айыл аймагында туулган;

4) ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген талаптарга ылайык келбеген;

5) соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган же болбосо соттун чечими менен муниципалдык кызматчы катары ишти жүзөгө ашырууга же муниципалдык кызматтын кызмат орундарын ээлөөгө тыюу салынган;

6) мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган соттуулугу бар.

  1. Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна дайындоо жана кызмат

ордунан бошотуу тартиби

6.1. Айыл өкмөтүнүн башчысы аким тарабынан дайындалат.

Айыл өкмөтүнүн башчысы кадрлардын муниципалдык резервинде турган адамдардын ичинен дайындалат.

6.2. Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү - 5 жыл.

Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктары кеңештин ыйгарым укуктарынын же акимди алмаштыруунун мөөнөтү менен байланышкан эмес.

6.3. Төмөнкүдөй учурларда айыл өкмөтүнүн башчысы ээлеген кызматынан аким тарабынан бошотулушу мүмкүн:

1) жеке арызынын негизинде;

2) мыйзамдарды, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин актыларын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн;

3) соттун күчүнө кирген айыптоочу өкүмүнүн негизинде;

4) ал сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган учурда;

5) өлдү, дайынсыз жок болду деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген, ошондой эле өлгөн учурда;

6) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарга туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен учурда;

7) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан же чет мамлекеттин жарандыгын алган учурда;

8) эмгекке таптакыр жарамсыздыгынан улам өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда;

9) кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен ишенбестик билдирилген учурда;

10) алардын иши кабыл алган чечимдерге жана саясий жетекчилик жүргүзүп жаткан саясатка шайкеш келбеген учурда;

11) ишеним жоголгондо;

12) тараптардын эркине көз каранды болбогон жагдайлар боюнча (тиешелүү мыйзамды кабыл алуу, мыйзамдарда каралган башка жагдайлар).

6.4. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордунан бошотулган учурда, айыл өкмөтүнүн башчысынын милдеттери айыл өкмөтүнүн жаңы башчысы дайындалганга чейин анын орун басарына жүктөлөт. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын кызмат орду жок болгон учурда башчынын милдеттерин убактылуу аткаруу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына жүктөлөт.

VII. Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктары

Айыл өкмөтүнүн башчысы:

7.1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин актыларын, кеңештин чечимдерин сактоону жана аткарууну уюштурат;

7.2.  айыл өкмөтүнүн ишине жетекчилик кылат жана анын натыйжаларына жооп берет;

  7.3. аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык коргоонун иштеп жаткан программаларынын жолун жолдоочулугун камсыз кылат же кызматка киришкен учурдан тартып 3 айдан кечиктирбестен жергиликтүү мамлекеттик администрация менен макулдашуу боюнча социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларынын долбоорлорун иштеп чыгууну камсыз кылат жана айылдык кеңешке бекитүүгө берет;

7.4. айылдык кеңешке жергиликтүү бюджеттин долбоорун сунуштайт, айылдык аймактагы иштин жалпы абалы, жергиликтүү бюджетти аткаруу жана муниципалдык менчикти пайдалануу, аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү, консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү жана калкты социалдык коргоо программаларын аткаруу жөнүндө жарым жылда бир жолу кеңештин алдында отчет берет;

7.5. берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын талаптагыдай аткарылышын уюштуруу үчүн акимдин алдында жеке жооп берет;

7.6. мыйзамдарга ылайык жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды киргизүү боюнча айылдык кеңешке сунуштарды киргизет;

7.7. мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери өздөрүнүн милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда аларды кызмат ордунан бошотуу жөнүндө маселе коюуга укуктуу;

7.8. мыйзамдарга ылайык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын, айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;

7.9. айылдык кеңештин карамагына кирген маселелерди кошпогондо, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча ыйгарым укуктарды, ошондой эле берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырат;

7.10. айылдык кеңештин сессиясын чакыруу жөнүндө сунуш киргизет, анын ишине катышат;

7.11. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

VIII . Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары

8.1. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан дайындалат.

8.2. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары ал жок учурда аны алмаштырат жана айыл өкмөтүнүн башчысы жүктөгөн милдеттерди аткарат.

Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын кызмат орду жок болгон учурда башчынын милдеттерин убактылуу аткаруу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына жүктөлөт.

8.3. Айыл өкмөтүнүн башчысына коюлуучу талаптар жөнүндө жоболор бирдей өлчөмдө анын орун басарына да колдонулат.

8.4. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын кызмат ордунан бошотуу администрациялык кызмат орундарын ээлеген муниципалдык кызматчылар үчүн каралган негиздер боюнча жана тартипте айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан жүзөгө ашырылат.

8.5. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары өзү аткаруучу функциялар үчүн айыл өкмөтүнүн башчысынын алдында жооп берет.

  1. Айыл башчысы

9.1. Жергиликтүү кеңештин чечими боюнча айылдык аймакта өзүнчө жайгашкан айылдардын жергиликтүү маанидеги маселелерин ыкчам чечүүнү уюштуруу максатында айыл башчысынын  кызмат орду киргизилиши мүмкүн.

9.2. Айыл башчысы калктуу конуштун аймактык өзгөчөлүктөрүнө, калыптанган үрп-адаттарына жана каада-салттарына таянып, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын чечими менен өзүнө берилген функцияларды аткарат.

9.3. Айыл башчысы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчиси тарабынан тиешелүү айылдын тургундарынын жыйынынын макулдугу менен дайындалат жана муниципалдык кызматчы болуп саналат.

9.4. Эгерде тиешелүү калктуу конуштан жергиликтүү кеңешке депутат шайланбаган болсо, айыл башчысы - тиешелүү жергиликтүү кеңештин жыйналыштарына, ал эми тиешелүү айылга тиешеси бар маселелерди кароодо шаардык кеңештин жыйналыштарына кеңеш берүүчү добуш укугу менен катышууга укуктуу.

  1. X. Айыл өкмөтүнүн финансылык-экономикалык негиздери

10.1 Айыл өкмөтүнүн финансылык-экономикалык негизин Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жергиликтүү жамааттарга бекитилген кирешенин салыктык жана бейсалык булактары, муниципалдык менчикти пайдалануудан түшкөн кирешелер, кредиттик жана башка финансылык ресурстар, ошондой эле кыймылсыз жана кыймылдуу муниципалдык мүлк, баалуу кагаздар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өткөрүп берилген жана жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын канааттандыруу үчүн алардын аймагынын чек арасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан пайдаланылуучу жаратылыш ресурстары, ошондой эле тиешелүү аймакта ишти жүзөгө ашыруучу ишканалар, уюмдар жана мекемелер түзөт.

10.2. Айыл өкмөтүнүн мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана башка органдары, юридикалык жана жеке жактар менен финансылык жана экономикалык мамилелери, ошондой эле жергиликтүү бюджетти жана бюджеттен тышкары фонддорду түзүү жан аткаруу тартиби менен принциптери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.

  1. XI. Айыл өкмөтү жөнүндө жобосуна толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби

 

  11.1. Айыл өкмөтү жөнүндө жобосуна толуктоолорду,  жергиликтүү кеңештин чечими менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте киргизилет.

  11.2.Айыл өкмөтү жөнүндө жобо  жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.

11.3.Айыл өкмөтү жөнүндө жобосуна толуктоолор, өзгөртүүлөр киргизилген учурда ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик кайра каттоодон өтүүгө тийиш.

 

XII. Айыл өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын токтото туруу

 

12.1. Айыл өкмөтү жөнүндө Конституцияга, белгиленген тартипте кабыл алынган Кыргыз  Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык келбеген  актыларды чыгарууга, конституциялык түзүлүшкө жана улуттук коопсуздукка тикелей  коркунуч келтирүүчү аракеттерди жасоого, ошондой эле мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн бузууга, улуттар аралык жана диний араздашууну үгүттөөгө жана козутууга багытталган башка аракеттерди жасоого укуксуз.

12.2. Жогоруда көрсөтүлгөн тартип бузуулар жасалган учурда, Кыргыз Республикасынын Президенти, Министрлер Кабинети Конституцияда, өзгөчө абал жөнүндө конституциялык мыйзамда каралган чараларды көрүүгө, анын ичинде буга күнөөлүү айыл өкмөтүнүн ишин токтото турууга жана соттук чечим чыгарылганга чейин ушул аймака тикелей мамлекеттик башкаруу киргизүүгө укуктуу. Тикелей мамлекеттик башкаруу киргизүүнүн тартиби жана мындай башкаруунун режими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Министрлер Кабинети  тарабынан аныкталат.

12.3. Тикелей мамлекеттик башкарууну киргизүү менен анын аткарылышын камсыз кылат  жана зарыл болгондо Министрлер Кабинети  айыл өкмөтүнүн укук ченемдик актыларын жокко чыгаруу учүн сот органдарына кайрылат.

 

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы                                                             Ш.Мамадалиев

 

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи  чакырылыштагы кезектеги 10-сессиясы

ТОКТОМ

Курбу-Таш айылы                                     № 39                          “22” август  2022-жыл

Коомчулуктардагы айылдардын Инвестициялык ассоциациясынын

 (ИАСС) Уставын бекитүү жөнүндө

 

            Коомчулуктардагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын (ИАСС) уставы элдик жыйында талкууланып,жалпы элдин пикирин алуу менен кабыл алынгандыгын жана ушул уставды сессияда бекитип берүү тууралуу маселени угуп жана талкуулап КРнын 2011-жылдын 15-июлундагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” №101-мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 8-пунктуна ылайык Жалпак-Таш айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Коомчулуктардагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын (ИАСС) Уставы каттоого кабыл алынсын. (Уставы тиркелет) 

2.Коомчулуктардагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын (ИАСС) уставы айылдык кеңеште катоого алынсын. 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жер, суу чарба жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура курулуш транспорт экология боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

Төрайым                                                                                                               Г.Матиева

 

 

 

 

 

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2022-жылдын

22-августундагы №39 токтому менен бекитилген.

 

Жалпак-Таш айылдык аймагынын

Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын

У С Т А В Ы

I.Жалпы жоболор

  1. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органы катары түзүлгөнАйылдык коомчулуктун инвестициялык Ассоциациясынын толук аталышы:
  • Мамлекеттик тилде: Ош областынын, Озгон районунун, Жалпак-Таш айылдык аймагынын «Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясы»;
  • Расмий тилде: «Инвестиционная ассоциация селских сообществ» Жалпак-Ташского айыльного аймака Узгенского района Ошской области.
  1. Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын кыскартылган аталышы:
  • Мамлекеттик тилде: Жалпак-Таш айылдык аймагынын АКИА;
  • Расмий тилде: ИАСС Жалпак-Ташского айыльного аймака.
  1. Жалпак-Таш айылдык аймагынын Айылдык коомчулуктун инвестициялык Ассоциациясынын (мындан ары АКИА) юридикалык дареги: КыргызРеспубликасы, Ош областы, Озгон району, Курбу-Таш айылы, Абдыкаар көчөсү №33.
  2. АКИА өз ишмердүүлүгүн Жалпак-Таш айылдык аймагында жүргүзөт.
  3. АКИАнын иштөө мөөнөтү чектелбейт.
  4. АКИА аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы катары өз ишкердигинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин нормативдик укуктук актыларына, тийиштүү кеңештин жана алардын аткаруучу-тескөөчү органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын токтомдору менен буйруктарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-октябрындагы № 625 токтому менен бекитилген Жобого, ошондой эле өздөрүнүн Уставына жана чечимдерине таянат.
  5. АКИА аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы катары өз статусун ал жергиликтүү кеңеште эсептик каттоого алынган учурдан баштап алат. Эсептик каттоого туруу үчүн АКИА айылдык кеңешке өз мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун чечимин (протоколун), Уставын тапшырат.
  6. АКИА өз ишинде аны түзгөн жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрүнө жана аны каттаган айылдык кеңешке отчет берет.
  7. АКИАнын максаттары жана иш-милдеттери
  8. АКИАнын түзүлүү максаттары:
  • Социалдык экономикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө коомчулуктарды тартуу;
  • Кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүүгө, ишкердүүлүктү өнүктүрүүгө коомчулуктарды тартуу;
  • Калктын активдүүлүгүн жогорулатуу жана чечим кабыл алуу процесстерине катышуусун арттыруу.
  1. АКИАнын иш-милдеттери:
  • Жергиликтүү аймактын социалдык-экономикалык программасын иштеп чыгууга, аны жаңылоого жана ишке ашырууга катышуу, көмөктөшүү;
  • Жергиликтүү аймактын социалдык-экономикалык инфраструктурасына байланыштуу көйгөйлөрдү аныктоого жана чечүүгө катышуу, көмөктөшүү;
  • Жергиликтү үкоомчулук тарабынан аныкталган көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган жергиликтүү жамааттын долбоордук сунуштарын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу, көмөктөшүү;
  • эл аралык жана жергиликтүү донордук уюмдар, финансалык институттар менен иштешүү, алардан жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүү үчүн каражаттары/инвестицияларды тартуу;
  • мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарында, соттордо жана башка мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелерде коомдун кызыкчылыктарын, өздөрүнүн укуктарын, ал аймакта жашаган граждандардын мыйзамдуу таламдарынын атынан чыгуу жана коргоо;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын чечимдеринин аткарылышына жардамдашуу;
  • аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аймагында ишканаларды, өндүрүштүк жана социалдык-маданий багыттагы башка ишканалар менен обьекттерди куруу жана кеңейтүү, соода, коомдук тамактануу, тиричиликтик тейлөө ишканаларын жана башка социалдык-маданий мекемелерди жайгаштыруу үчүн жер бөлүү маселеси, алардын иштөө режимдери боюнча маселелерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жардамдашуу;
  • курулуш куруунун, турак жайлык имараттарды пайдалануунун, турак үйлөрдү жана үйдүн жанындагы аймактарды күтүүнүн, өрт коопсуздугунун эрежелеринин жана санитардык нормалардын сакталышына, жердин, суунун жана башка табигый ресурстардын сарамжалдуу пайдаланылышына коомдук көзөмөл жүргүзүү, тийиштүү органдарга аныкталган кемчиликтерди жоюу жөнүндө сунуштарды киргизүү;
  • коомдук турмуштун ар кыл маселелери боюнча демилге көтөрүү, мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарына сунуштарды киргизүү;
  • калкка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын АКИАнын сунушу боюнча же анын катышуусу менен кабыл алынган чечимдери жөнүндө кабарлоо;
  • жергиликтүү жарандардын кызыкчылыгына тикелей таасир тийгизген маселелер боюнча чечимдерди даярдоодо жана кабыл алууда мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жүргүзгөн кеңеш берүүлөргө жана талкууларга катышуу;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген жана айылдык аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган ар кандай башка иш-аракеттерди жүргүзүү.

III. АКИАнын укуктары жана жоопкерчилиги

  1. Тиешелүү айылдык кеӊеш жана анын аткаруучу-тескөөчү органынын, жергиликтүү мамлекеттик администрация, ошондой эле ишканалар, мекемелер, уюмдар, кооперативдер, жамааттар жана башка чарбакер субъекттер менен келишимдик негизде эр иш-аркакаракеттенүүгө укуктуу;
  2. АКИАнын максаттары менен милдеттерин ишке ашыруу үчүн эл аралык донордук уюмдардын каражаттарын жана инвестицияларды тартууга укуктуу;
  3. АКИА жергиликтүү жана эл аралык мамлекеттик эмес коомдук уюмдарга мγчѳ болуп кире алат жана тγз эл аралык байланыштарды тγзγγгѳ жана тийиштγγ макулдашууларды тγзγγгѳ укуктуу;
  4. АКИА мамлекеттик жана жергиликтγγ башкаруу органдарынын милдеттери боюнча жооп бербейт, ал эми алар АИКАнын милдеттери боюнча жооп бербейт.
  5. АКИА өзү кабыл алган чечимдердин мыйзамдуулугу үчүн жоопкерчилик тартат.

IV.АКИАнын башкаруу органдары

  1. АКИАнын башкаруу органдары:
  • Жогорку орган–делегаттардын Конференциясы;
  • Аткаруучу орган – аткаруу комитети;
  • Текшерүүчү орган – текшерүү комиссиясы.
  1. АКИАнын мүчөлөрү жана алардын укуктары
  2. АКИАнын уставына ылайык, жергиликтүү коомчулуктун тиешелүү аймагында туруктуу жашаган, АКИА менен өз ара таламдары боюнча байланышкан, бир үй чарбачылыгынын таламын билдирүүчү адам АКИАнын мүчөсү болот;
  3. АКИАнын уставына ылайык ага мүчө болу жана андан чыгуу ыктыярдуу болуп саналат;
  4. АКИАнын мүчөлөрү АКИАнын анын жалпы чогулушуна катышууга укуктуу;
  5. АКИАнын мүчөлөрү АКИАнын жалпы чогулушунун, анын аткаруучу комитетинин, текшерүүчү комиссиясынын бардык чечимдери,протоколдору менен таанышууга,алардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу ар кандай маалыматтарды алууга укуктуу;
  6. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укутарга ээ.
  7. VI. АКИАнын Конференциясы
  8. Конференция – АКИАнын жогорку башкаруу органы болуп саналат жана анын делегаттары Жалпак-Таш айылдык аймагынын курамына кирген айылдарынын жалпы чогулуштарында атайын бекитилген кворумдун негизинде шайланышат. Ар бир айылдан шайланган делегаттардын 50% аялдар жана 50% жаштар болушу керек; 
  9. Конференциянын делегаттарынын жалпы саны 100 киши, анын ичинен 50% аялдар жана 50% жаштар;
  10. АКИАнын Конференциясы жылына кеминде бир жолу өткөрүлөт. Конференция АКИАнын аткаруу комитетинин чечими менен дайындалган күнү өткөрүлөт;
  11. Кезексиз Конференция АКИАнын аткаруу комитетинин төрагасы тарабынан же текшерүү комиссиянын, Конференциянын жалпы делегаттарынын 50%нан кем эмес мүчөлөрүнүн демилгеси жана айылдык кеңештин сунушу менен чакырылат;
  12. Конференцияны өткөрүү үчүн АКИАнын жалпы мүчөлөрүнүн 60 % катышуусу талап кылынат, анын ичинен 50% аялдар жана 50% жаштар болуусу керек. Кворум жок болгон учурда, АКИАнын аткаруу комитетинин төрагасы Конференциянын жаңы датасын жана ордун белгилейт;
  13. АКИАнын Конференцияларынын ишине айылдык кеңештин төрагасы, анын орунбасары, ар бир айылдан бирден көп эмес депутаты, айыл өкмөтүнүн төрагасы, ал жокто анын орун басары кеңешүүчү добуш менен катышыша алышат;
  14. Бардык Конференциялар даярдык менен ачык, айкын өткөрүлүшү керек;
  15. Биринчи Конференцияны катышуучулардын ичинен эң улуу аксакал башкарат. Ал күн тартибинин алгачкы эки маселеси боюнча: 1) кворумдун болушун аныктайт; 2) Конференциянын төрагасын жана катчысын шайлоону жүргүзөт. Андан ары бул Конференция жана андан кийинки Конференциялар жаңы шайланган төраганын төрагалыгы астында жүргүзүлөт;
  16. Биринчи Конференциянын күн тартибине АКИАнын уставын талкуулоо жана кабыл алуу жана АКИАнын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу башка маселелер кирет;
  17. Чечимдер Конференцияга катышкан делегаттардын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

VII. Конференциянын компетенциясы/укуктары

  1. Конференциянын компетенциясына төмөндөгүдөй маселелер кирет:
  • АКИАнын уставына жана башка ички документтерге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
  • АКИАнын ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо;
  • АКИАнын аткаруучу комитетинин жана ревизиондук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жана ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
  • Жылдык отчету бекитүү;
  • АКИАны өзгөртүп кайра түзүү жана жоюу;
  • АКИАнын уставында жана башка ички документтерде каралган дагы башка маселелер.

VIII. АКИАнын аткаруу комитети.

  1. Аткаруу комитет АКИАнын учурдагы ишмердүүлүгүн башкарат жана Конференциялардын ортосундагы аралыкта АКИАнын ишмердүүлүгүн башкарууга жооп берет. Ушул уставга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Конференциянын компетенциясынан тышкары, аткаруучу комитет АКИАнын бардык функцияларын жана милдеттерин аткарат;
  2. Аткаруу комитетинин мүчөлөрү Конференциянын делегаттарынын арасынан шайланат;
  3. Аткаруу комитетинин мүчөлөрү Конференция тарабынан бир жылдан кийин кайра шайланышы мүмкүн. Аткаруу комитетинин бардык мүчөлөрү өз ыйгарым укуктарын мөөнөтү аяктагандан кийин токтотушат;
  4. Аткаруу комитетинин ыйгарым укуктары:
  • АКИАнын Конференцияларын уюштуруу;
  • Жергиликтүү аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын иштеп чыгууга катышуу;
  • Айылдык кеңеште аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын бекитүүгө катышуу;
  • Донорлорго долбоорлорду тандоо жөнүндө маалымат берүү, тандалган инвестициялардын техникалык өнүгүүсү боюнча донорлор менен макулдашуу;
  • Донорлорго сатып алуулардын абалы жөнүндө маалымдоо (тендердик документтерди макулдашуу, конкурстун мөөнөттөрү жана жыйынтыктары);
  • Подрядчиктерге (жеткирүүчүлөргө) көмөк көрсөтүү, алардын ишине мониторинг жүргүзүү;
  • Бүткөрүлгөн долбоорлорду эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө (ЭТТ) боюнча пландарды түзүү;
  • Социалдык мобилизациялоону жана дараметти жогорулатууну жүргүзүү жана жүргүзүүгө көмөктөшүү;
  • АКИАнын мүчөлөрүнүн, климаттын өзгөрүшү боюнча коомчулуктардын элчилеринин, коомдук кабарчылардын дараметин жогорулатууга көмөктөшүү;
  • Социалдык отчеттуулук боюнча иш-чараларды координациялоо;
  • Конференциянын/Жалпы чогулуштун чечимдерин ишке ашыруу.
  1. Аткаруу комитети өзүнүн ишмердүүлүгү боюнча Конференцияга, эсептик катоодон өткөзгөн айылдык кеңешке отчет берет;
  2. Аткаруу комитети өзүнүн иш-милдеттерин жүзөгө ашырууда төмөнкүдөй принциптерди карманат: ыктыярдуулук, мүчөлөрдүн тең укуктуулугу, ачыктык, чынчылдык, мыйзамдуулук, айкындуулук, өз алдынча башкаруу жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарын сактоо;
  3. Жаңы түзүлгөн аткаруу комитетинин уюштуруу отуруму Конференциядан кийин өткөрүлөт, аткаруу комитетинин биринчи отурумунда анын катчысы шайланат жана кийинки отурумдун датасы аныкталат;
  4. Аткаруу комитетинин мүчөлөрүнүн отурумунда аткаруу комитетинин төрагасы жана анын орун басары шайланат.Аткаруу комитетинин курамы төрагадан, төраганын орун басарынан жана башка мүчөлөрдөн турат;
  5. Аткаруу комитетинин төрагасы бир жылга шайланат. Аткаруу комитетинин мүчөлөрүнүн саны так болушу керек. Аткаруучу комитетинин жалпы саны 19 адамдан ашпайт, анын ичинен 50% аялдар жана 50% жаштар;
  6. Аткаруу комитетинин кийинки отуруму кеминде 5 (беш) күн мурун бардык мүчөлөрүн кабардар кылуу менен аткаруу комитетинин төрагасы тарабынан чакырылат. Кезексиз отурумдар АКИАнын аткаруу комитетинин кеминде үч мүчөсүнүн жазуу жүзүндөгү талабы боюнча чакырылышы мүмкүн;
  7. Аткаруу комитетинин отуруму анын мүчөлөрүнүн 2/3 катышуусунда гана өткөрүлөт. Аткаруу комитетинин мүчөлөрүнүн кворуму жок болгон учурда, төрага жыйынды жокко чыгарып, кийинки жыйынды 10 (он) күндөн ашпаган мөөнөткө жылдырышы керек;
  8. Аткаруучу органынын мүчөлөрүнүн чечимдери добуш берүү жолу менен кабыл алынат, б.а. катышкан мүчөлөрдүн көпчүлүк добушу менен. Добуштар тең болуп калган учурда, төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат;
  9. Айыл өкмөтүнүн башчысы ээлеген кызматтына ылайык автоматтык түрдө аткаруу комитетинин мүчөсү болуп эсептелет жана аткаруу комитетинин бардык иштерине активдүү катышат;
  10. Аткаруу комитетинин төрагасынын (төрайымынын) компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
  • АКИАнын уставына кол коет;
  • Бардык мамлекеттик, жеке, коомдук уюмдарда жана бирикмелерде АКИАнын атынан өкүлчүлүк кылуу;
  • Аткаруу комитетинин отурумдарын өткөрүү;
  • Конференциянын жана аткаруу комитетинин тапшырмаларын аткаруу;
  • Конференцияда өзүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө отчет берүү;
  • АКИАнын атынан келишимдерге кол коюу;
  • Аткаруу комитетинин компетенциясына кирген жана ушул Уставга карама-каршы келбеген башка ыйгарым укуктарды, функцияларды аткаруу.
  1. Эгерде АКИАнын аткаруу комитетинин төрагасы (төрайымы) өзүнүн иш-милдеттерин аткараалбаса, кайрадан аткаруу комитетинин төрагасы аткаруу комитеттин отурумунда көпчүлүк добуш менен шайланганга чейинтөраганын милдеттерин төраганын орун басары    аткарат;
  2. Аткаруу комитетинин мүчөсү иш мөөнөтү аяктаганга чейин Конференциянын чечими менен кайра чакыртылып алынышы же алмаштырылышы мүмкүн. Ага себеп бул же тигил мүчөнүн өз милдеттерине кайдыгерлик кылгандыгы же аларды аткарбагандыгы же өз ыктыяры менен арыз жазышы болушу мүмкүн. Аткаруу комитетинин жаңы мүчөсүн шайлоо кийинки Конференцияда айылдарда өткөрүлгөн жалпы чогулуштардын чечимдерине ылайык өткөрүлөт.
  3. IX. Текшерүү комиссиясы
  4. Текшерүү комиссиясы АКИАнын Конференциясында бир жылдык мѳѳнѳткѳ АКИАнын мγчѳлѳрγнѳн 3 кишиден турган курамда шайланат. Текшерүү комиссиясы ѳз ишин акысызт γрдѳ аткарат;
  5. Текшерүү комиссиянын мүчөлөрү АКИАнын аткаруу комитетинде кандайдыр бир кызматтарды ээлеген адамдар болбоосу керек;
  6. Текшерүү комиссиясы АКИАнын аткаруу органынын жана анын башка структураларынын финансылык-чарбалык иштерин көзөмөлдөйт;
  7. Текшерүү комиссиясы жыл аягында отчетун берет жана ал отчет Конференция тарабынан бекитилет;
  8. АКИАнын бардык кызмат адамдары текшерүү комиссиясынын өз милдеттерин аткаруусуна көмөктөшүүгө милдеттүү;
  9. Текшерүү комиссиянын мүчөлөрүн кайра шайлоо Конференциянын делегаттарынын төрттөн биринин талабы боюнча мөөнөтүнөн мурда өткөрүлүшү мүмкүн;
  10. Текшерүү комиссиясынын төрагасы анын мүчөлөрү тарабынан мүчөлөрдүн ичинен шайланат.

Х. АКИАны жоюу жана реорганизациялоо

  1. АКИАнын ѳз ишин токтотуу АКИАны реорганизациялоо же болбосо жоюу жолу менен Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинде каралаган тартипте жγргγзγлѳт.

 

 

 

 

Жалпак-Таш  Айылдык аймагынын

АКИАнын аткаруу комитетинин

Төрагасы                                                      _______________          Исламидин уулу Руслан

                                                                                                   (колу)                                                           

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи  чакырылыштагы кезектеги 10-сессиясы

 

ТОКТОМ

Курбу-Таш айылы                                     № 40                               “22” август  2022-жыл

 

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн “Жарандык коргоонуу” комиссиясынын 17.08.2022-жылдагы №01 протоколун бекитүү жөнүндө

 

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн “Жарандык коргоонуу” комиссиясынын 17.08.2022-жылдагы №01 протоколунун негизинде кооптуу аймакта жашаган үй-бүлөөлөргө жер участогун сунуштоо жөнүндө Жалпак-Таш айылдык кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ 

  1. Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн “Жарандык коргоонуу” комиссиясынын 17.08.2022-жылдагы №01 протоколу бектилсин. (протокол тиркелет).

 

2.Протоколдун негизинде кооптуу участкада кооптуу участкада жашаган зарыл деп табылган төмөнкү атуулдар жер участкасын алууга сунушталсын:

-Паизов Талантбек                                                            Үч-Каптал айылы

-Мажитова Айгерим                                                         Курбу-Таш айылы

-Жорупов Абдилаз                                                           Үч-Каптал айылы

-Эргешов Тарель                                                               Ак-Терек айылы

-Бакиров Бектемир                                                           Кара-Тарык айылы

-Көчкөнбаев Мирбек                                                        Ак-Терек айылы

-Исаев Чыныбек                                                                Кара-Тарык айылы

-Төрөева Чынаркан                                                           Кара-Тарык айыл

-Эшбаев Камбарбек                                                          Курбу-Таш айылы

-Калдыбаев Талантбек                                                     Кара-Тарык айылы

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана турак жай боюнча маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Төрайым                                                                                                                Г.Матиева 

 

 

Жалпак-Таш айыл аймагынын Жарандык коргонуу комиссиясынын отурумунун ПРОТОКОЛУ №01

 

17-август 2022-жыл                                                                                 Курбу-Таш айылы

 

Комиссиянын төрагасы: Ш.Мамадалиев

Катчысы:      О.Жакыпбаев

 

Катышкандар: Жарандык коргонуу комиссиясынын мүчөлөрү:

 

Күн тартибинде:

1.Айыл аймагында Өзгөчө Кырдаалдар министрлтигини мониторинг департаменти тарбынан кооптуу аймакта жашагандыгы анык деп корутунду чыккан  жарандарга жер тилке берүү жөнүндө.

   

            Угулду: Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жарандык комиссиясынын төрагасы Ш.Мамадалиев Жалпак-Таш айыл аймагында Өзгөчө Кырдаалдар министрлигинин мониторинг департаменти тарбынан кооптуу аймакта жашагандыгы анык деп корутунду чыккан, кооптуу участкада турган турак үйлөрдө жашап жаткан жарандарга райондун башка аймагынан 10 жаранга жер тилке  бериле тургандыгы боюнча маалыматты айтты.Ушул маалымат боюнча сунуш, пикирлерди айтуу боюнча комиссия мүчөлөрүнө кайрылды.

Жарыш сөзгө: Өзгөчө кырдаалдар боюнча иш алып баруучу адис, комиссиянын төрагасынын орун басары  О.Жакыпбаев төраганын маалыматы боюнча 10 жаранга гана жер тилке сунушталып жаткандыктан, мүмкүн болушунча айыл аймакта коркунучтуу участкада жашагандарга жакшы анализ берип, ошолор сунуштасак жакшы болот эле деген сунушун айтты.

Комиссиянын мүчөсү айыл башчы К.Амиров менин айылымда кооптуу участкада жашаган Эшбаев Камбарбек, Мажитова Айгерим, Калдыбаев Талантбек ушул жарандарды сунуштайт элем.

Комиссиянын мүчөлөрү Үч-Каптал, Кара-Тарык, Ак-Терек, айылынын айыл башчылары  биздин оюбузча бардык айылдарда эле кооптуу участкалар бар. Ошондуктан ар бир айылдан сунуш берели Паизов Талантбек, Жорупов Абдилаз, Төрөева Чынаркан, Бакиров Бектемир, Исаев Чыныбек, Мажитова Айгерим, Калдыбаев Талантбек, Эшбаев Камбарбек, Көчкөнбаев Мирбек, Эргешов Тарель деген жарандарды сунушташты.

Күн тартибиндеги маселе талкууланып, Жарандык коргонуу комиссиянын мүчөлөрү бир добуштан төмөндөгүдөй

ЧЕЧИМ  КЫЛАТ

1.Жалпак-Таш айыл аймагында кооптуу аймакта жашаган төмөндөгү жарандарга жер тилке берилсин:

-Паизов Талантбек                                                            Үч-Каптал айылы

-Мажитова Айгерим                                                         Курбу-Таш айылы

-Жорупов Абдилаз                                                           Үч-Каптал айылы

-Эргешов Тарель                                                               Ак-Терек айылы

-Бакиров Бектемир                                                           Кара-Тарык айылы

-Көчкөнбаев Мирбек                                                        Ак-Терек айылы

-Исаев Чыныбек                                                                Кара-Тарык айылы

-Төрөева Чынаркан                                                           Кара-Тарык айыл

-Эшбаев Камбарбек                                                          Курбу-Таш айылы

-Калдыбаев Талантбек                                                     Курбу-Таш айылы

 

2.2022-жылдын 17-августундагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнун Жарандык коргонуу комиссиясынын №01 протколун бекитип берүү жагы Жалпак-Таш айылдык кеңешинин сессиясына сунушталсын.

 

3.Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам

 

 

Комиссиянын төрагасы                                                                       Ш.Мамадалиев

 

Катчысы                                                                            О.Жакыпбаев

 

 

 

 

 

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи  чакырылыштагы кезектеги 11-сессиясы

 

ТОКТОМ

Курбу-Таш айылы                                     № 42                          “03” ноябрь 2022-жыл

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын 2022-жылдын 9 ай ичинде аткарган иштери жана жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесинин

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүу администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине жана финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын жана Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 9 ай ичиндеги жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча алдын ала караган маалыматтарынын сунуштарынын негизинде, ошондой эле айыл өкмөтүнүн 9 ай ичинде аткарган иштеринин маалыматын угуп талкуулап, Жалпак-Таш айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. 2022-жылдын 9 ай ичиндеги Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелери 23252,4 сомго, ал эми чыгашалары 20956,2 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.

 

  1. Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын 2022-жылдын 9 ай ичинде аткарган иштери канаатандыраарлык деп табылсын.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

Төрайым                                                                                                               Г.Матиева

 

 

 

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи  чакырылыштагы кезектеги 11-сессиясы

ТОКТОМ

Курбу-Таш айылы                                         № 43                                       “03”  ноябрь 2022-жыл

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын  3-4-кварталындагы жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 109-115-беренелерине ылайык, Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүмдөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвистиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын алдын ала караган сунуштарынын, маалыматтарынын негизинде, Жалпак-Таш айылдык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 9 ай ичиндеги жергиликтүү бюджетинин киреше    бөлүгүндөгү роялти салыгынан 230,0 мин сом, бала бакчанын ата-энелер төлөмүнөн 100,0 миң сом, жалпысы 230,0 миң сом акча каражаты пландан  кемитилип, чыгашалар бөлүмүнө төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин;

-бала бакчанын (атайын каражат)  2218-беренсинен-100,0 миң сом;

-айыл чарбанын 2221-беренсинен-25,0 миң сом;

-башталчыч мектептин 2224-беренсинен-4,0 миң сом.

-турак-жай,коммуналдык чарбанын 2221-беренисинен -201,0 миң сом.  

2.Ал эми жыл жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн жана пайдаланылбай калган 293,0 миң сом акча   каражаты, учурдагы иштерди аткаруу үчүн беренелерге жылдырылып, 2022-жылдын 4-кварталындагы чыгаша бөлүгүнө төмөндөгүдөй  өзгөртүүлөр киргизилсин:

-аппараттын 2211-беренесинен-27,0 миң сом;

-турак-жай,коммуналдык чарбанын 2221-беренинен-190,0 миң сом;

-турак-жай,коммуналдык чарбанын 3111-беренинен-55,0 миң сом;

-орто мектептин 2224-беренесинен-21 миң сом:

-турак-жай,коммуналдык чарбанын 2215-беренесине +277,0 миң сом;

-орто мектептин 3112-беренесине+10,0 миң сом;

-аппарттын 222-беренесине+6 миң сом.

  1. Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2022-жылдын жыйынтыгы менен 2763,9 миң сомго пландан  ашыкча аткарылгандыгы белгиленип, 2022-жылдын                                                  4-кварталына карата кошумча план алуу жагы айыл өкмөтүнө сунушталсын.
  2. Бала бакчанын (ата-энелердин атайын каражаты) планга чыкпай калгандыктан, 2022-жылдын жыйынтыгы менен 260,5 миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин кирешелеринен жана чыгашаларынан кемитилсин.
  3. Бекитилген пландан ашыкча аткарылган 2763,9 мин сомдук акча каражаты,  кошумча           иш-чараларды аткаруу үчүн,  2022-жылдын 4-кварталындагы бюджеттин  чыгышалар бөлүгүнө №1-тиркемелерге ылайык бөлүштүрүлүп, бекитилсин.

6.Акча каражатын жергиликтүү бюджеттин чыгаша, киреше бөлүгүнө бөлүштүрүү, өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Төрайым                                                                                                                Г.Матиева

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи  чакырылыштагы кезектеги 11-сессиясы

ТОКТОМ

 

Курбу-Таш айылы                                         № 44                “03”  ноябрь 2022-жыл

 

“Жалпак-Таш таза суу, тазалык жана көрктөндүрүү” муниципиалдык ишканасынын кызматкерлеринин эмгек акысынын өлчөмүн

белгилөө жана алардын эмгек акысына жергиликтүү

бюджеттен акча каражатын бөлүү жөнүндө

 

“Жалпак-Таш таза суу, тазалык жана көрктөндүрүү” муниципиалдык ишканасынын кызматкерлеринин эмгек акысынын өлчөмүн белгилөө жана алардын эмгек акысына жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүү жөнүндө, Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн сунушун угуп, талкуулап Жалпак-Таш айылдык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.“Жалпак-Таш таза суу, тазалык жана көрктөндүрүү” муниципиалдык ишканасынын кызматкерлерине төмөндөгүдөй эмгек акы өлчөмү бекитилсин.

-ишкананын жетекчисине-12,0 миң сом ;

-бухгалтерине-10,0 миң сом;

     -инженерине-8,0 миң сом;

-жумушчусуна-7,0 миң сом.

2.Жогорудагы кызматкерлердин 2022-жылдын 4-кварталына карата эмгек акысы, 17,25% социалдык чегерүүлөрү жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып, акча каражаты бөлүнсүн. 

3.Акча каражатын мыйзам чегинде бөлүп берүү жагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. 

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комисияга жүктөлсүн.

 

Төрайым                                                                                                                Г.Матиева

 

      

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин жетинчи  чакырылыштагы кезектеги 11-сессиясы

ТОКТОМ

 

Курбу-Таш айылы                                         № 45                “03” ноябрь 2022-жыл

 

Имараттар, курулмалар жана жайлар, айыл чарба багытындагы эмес жерлерге мүлк салыгынын зоналык коэффициентин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Салык Кодексинин” 388-404-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын2022-жылдын 18-январындагы “Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө”№4 Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна таянып,имараттар, курулмалар жана жайлар айыл чарба багытындагы эмес жерлерге мүлк салыгынын зоналык коэффициентин бекитүү максатында, Жалпак-Таш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.Айыл чарба багытындагы эмес жерлерге таандык болгон жер участогунун зоналык коэффициентти 1,2 ге бекитилсин.

2.Имараттар, курулмалар жана жайлар үчүн зоналык коэффициенти 0,3 гө бекитилсин

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы,экономика,бюджет,экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Төрайым                                                                                                                Г.Матиева

 

 

p class=params-