Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги

XV сессиясынын отурумунун

      

ТОКТОМУ                         

2018-жылдын  20- декабры  № 15/1                                          Өзгөн шаары

 

Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы Джалилов Азамжан Абдуллажановичтин  2018-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген «Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы А. Джалиловдун 2018-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндөгү» маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы А.Джалиловдун отчетун угуп жана талкуулап,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы А. Джалиловдун 2018-жыл ичинде жүргүзгөн иштери депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштарды эске алуу менен канаттандыраарлык деп табылсын.

  

  1. Отчетту талкуулоонун жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштарды аткаруу боюнча иш-чара түзүү жана анын аткарылышын камсыз кылуу жагы Өзгөн шаардык кеңешинин аппаратына милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

         

 

         Өзгөн шаардык кеңешинин

         төрагасынын орун басары                                                 М. Халматов

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңеши тарабынан 2018-жылда  аткарылган иштер жөнүндө маалымат

 

       Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) депутаттары тарабынан 2018-жылдын 1-январынан 20-декабрына чейин 6 жолу сессия өткөрүлдү.

      Өткөрүлгөн сессиялардын отурумдарында 33 маселе каралды, анын ичинен 7 бекитилген иш планына ылайык маселе, 26 ар түрдүү маселелер каралды.

      Өзгөн шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-январында өткөн кезектеги IX сессиясынын отурумунда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 27-декабрындагы №560 токтому жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 27-декабрындагы №132 протоколу, Өзгөн шаарынын 2017-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана Өзгөн шаарынын  2018-жылга карата бюджетин бекитүү, “Өзгөн-Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2017-жылдын 21-ноябрындагы муниципалдык базардагы ишкана пайдаланып жаткан жерден ишкананын ишмердүүлүгүн толук жана жетиштүү даражада жүргүзүү үчүн пайдалануу жөнүндөгү №80 кайрылуу каты каралды.

     Өзгөн шаардык кеңешинин 2018-жылдын 1-февралында өткөн кезексиз X сессиясынын отурумунда Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) 2018-жылга карата иш планын бекитүү, «Өзгөн шаарынын ардактуу атуулу» наамын  ыйгаруу  жөнүндөгү маселелер каралды.

     Өзгөн шаардык кеңешинин 2018-жылдын 14-апрелиндеги кезектеги XI сессиясында Өзгөн шаар мэринин 2017-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндөгү отчету, Өзгөн шаарынын 2018-2022-жылдарга карата социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасынын стратегиялык планынын долбоорун жана Өзгөн шаарынын 2018-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасын бекитүү, Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү, Долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын каржылоого макулдук берүү, Өзгөн шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-январындагы №9/токтомуна өзгөртүү киргизүү, Өзгөн шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-мартындагы №23/токтомуна өзгөртүү киргизүү, Н. Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багын чарбалык эсепке өткөрүүгө макулдук берүү, Өзгөн шаарынын 1-вице-мэрин дайындоого макулдук берүү  жөнүндөгү маселелер каралды. 

      Өзгөн шаардык кеңешинин 2018-жылдын 9-августундагы кезектеги XII сессиясында Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 24-майындагы №107 токтому, Өзгөн шаарынын 2018-2022-жылдарга карата стратегиялык  өнүгүү программасын бекитүү, БУУӨПнын 2018-жылга пландаштырылган долбоорлорун ишке ашыруу үчүн МММБ департаментинин атайын каражаттар планына тактоо киргизүүгө макулдук берүү, Өзгөн шаары үчүн таза суу тармагын реабилитациялоо жана саркынды сууларды тазалоочу курулманын курулушуна насыяларды алууда  шаардык мэриянын кепилдик берүүсүнө макулдук берүү, Өзгөн шаарынын балансында турган кургак учукка каршы поликлиникасынын (туб. диспансердин) имаратын Өзгөн «Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна» ыкчам (оперативдүү) пайдаланууга берүү, Манас көчөсүндө жайгашкан имаратты КР Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча башкармалыгынын Өзгөн жана Кара-Кулжа райондор аралык бөлүмүнө ыкчам (оперативдүү) пайдаланууга берүү, Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндөгү №74 көп кабаттуу үйдүн 1-кабатындагы «Өзгөн-2», «Жаныбек Казы» кварталындагы «Өзгөн-3» байланыш бөлүмдөрү жайгашкан имараттарды «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын балансына өткөрүп берүү, Жаныбек казынын айкелин орнотууга көмөк көрсөтүү, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Бахмал-2”, “Дөң-Булак-1”, “Пайзабад” жана “Төөлөс” айылдарындагы Өзгөн шаарынын элине суу берүүчү скважиналар жайгашкан жерлер, Кабырстандардын жайгашкандыгын маалымдай турган жарнамалык көрсөткүч калканын орнотууга макулдук берүү жөнүндөгү маселелер каралды. 

          Өзгөн шаардык кеңешинин 2018-жылдын 13-августундагы кезексиз XIII сессиясында Өзгөн шаарында таза сууга болгон тарифти өзгөртүү, Өзгөн шаарында муниципалдык-жеке өнөктөштүк ыкмасындагы балдар бакчаларын ачууга макулдук берүү жөнүндөгү маселелер каралды.

Өзгөн шаардык кеңешинин 2018-жылдын 27-октябрындагы кезектеги XIV сессиясында Өзгөн шаар мэринин 2018-жылдын 6 айы ичинде аткарган иштери жөнүндөгү отчету, Өзгөн шаарынын бюджетинин 2018-жылдын 6 айы ичинде аткарылышы, Өзгөн шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2018-жылда ашыкча аткарылышынын эсебинен кошумча каражат бөлүү, Өзгөн шаарынын бюджетинин 2019-жылга долбоорун бекитүү, Өзгөн шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция жөнүндө, Долбоорду ишке ашыруу үчүн МММБ департаментинин атайын каражаттар эсебинен акча каражатын каржылоого макулдук берүү, 2018-жылдагы титулдук тизмеден жана башка иштерден үнөмдөлгөн акча каражаттарын каржылоо жөнүндөгү маселелер каралды.

Өзгөн шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-декабрындагы кезектеги XV сессиясынын бүгүнкү күн тартибине Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасынын 2018-жылда аткарган иштери жөнүндөгү отчету, Өзгөн шаардык билим берүү мекемелеринин жүргүзүп жаткан иштери, Өзгөн шаардык кеңешинин Регламентине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү, “Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу” жөнүндө Жобого өзгөртүү киргизүү, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 11-октябрындагы, 2018-жылдын 30-октябрындагы  “Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу” наамына сунушталган Салиев Бахтияр Усманович, Станбаев Өзгөнбай Тиллабаевич, Бекташев Төрө Бекташевичтин талапкерлигин кароо жөнүндөгү №932, №933 жана №1002 сунуш каттары, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 4-сентябрындагы аксакалдар сотунун курамын бекитип берүү жөнүндөгү №784 каты, Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттарынын этика кодексин бекитүү, Аксакалдар сотунун ишинин Регламентин бекитүү, Өзгөн шаарында бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия тууралуу жобону жана бузуулар боюнча комиссия курамын бекитүү жөнүндөгү маселелер комиссия тарабынан сунуш кылынган.

     Шаардык кеңештин токтомдору “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндөгү” мыйзамына ылайык «uzgen.org.kg» сайтына жарыя кылынып барылып, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынан толугу менен каттоодон өткөрүлүүдө.

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) депутаттарынын 2018-жылда болуп өткөн сеесияларга катышуусу боюнча

МААЛЫМАТ

 

 

 

Ф.А.Ж.

Сессиянын номери

Жалпы сессиянын саны

Анын ичинен

 

Эскертме

IX

X

XI

XII

XIII

XIV

 

катышканы

катышпаганы

 

1

Гүрөңов Мирбек Мамасалиевич

+

+

+

-

+

-

6

4

2

 

2

Каримов Отабек Тохтасинович

+

-

+

+

+

-

6

4

2

 

3

Абдурахманов Хатамжан Номанджанович

манд.кийин алган

+

+

-

3

2

1

 

4

Эргешева Патиля Алибаевна

+

-

+

+

+

-

6

4

2

 

5

Абдукаймов Анварбек Абдукаймович

+

-

+

-

-

+

6

3

3

 

6

Кахаров Алишер Абдулхалилович

+

+

+

+

+

-

6

5

1

 

7

Джалилов Азамжан Абдуллажанович

+

+

+

+

отп

+

6

5

1

 

8

Ахмедов Хосилжан Садыкович

+

+

+

+

+

-

6

5

1

 

9

Шамиева Бурал Насировна

+

+

+

+

+

-

6

5

1

 

10

Мирюсупов Миролим Мирсабирович

+

-

+

+

+

+

6

5

1

 

11

Мамадалиев Ильхамжан Умаржанович

+

+

+

-

-

-

6

3

3

 

12

Рызакулов Марифжон Панайдинович

+

+

+

-

+

+

6

5

1

 

13

Имьяминов Йулчибой Таджимахаматович

-

+

+

+

-

+

6

4

2

 

14

Абдурахманов Махмуджан Машрапжанович

+

+

+

-

+

+

6

5

1

 

15

Халматов Мухтаржан Маматжанович

-

-

+

+

+

+

6

4

2

 

16

Тажибаев Иброхимжон Юлдашбаевич

+

+

+

+

+

+

6

6

-

 

17

Артиков Абдулвахид Нуманжанович

+

+

+

+

+

+

6

6

-

 

18

Азимжанов  Бахтиержон Ганижанович

+

+

+

+

+

+

6

6

-

 

19

Мамазайитов Арапжон Жомолдинович

+

+

+

+

-

+

6

5

1

 

20

Турсунбаев Санжарбек

+

+

+

+

+

+

6

6

-

 

21

Рахманбердиев Мадаминжон Маматкаримович

+

+

+

-

+

+

6

5

1

 

22

Мирзажанов Бахтиержон Камилжанович

+

+

+

+

+

+

6

6

-

 

23

Моминов Кобылжан Таджимаматович

+

+

+

-

+

+

6

5

1

 

24

Купахунов Розувай Сулайманович

+

+

+

+

+

+

6

6

-

 

25

Матишев Туратбек Чолпонбаевич

+

-

-

-

-

-

6

1

5

 

26

Шаробидинов Абзалидин

+

-

+

+

+

-

6

4

2

 

27

Маматкасимов Сарвар Маматсадыкович

+

+

+

+

+

-

6

5

1

 

28

Хурулбаев Мансуржон Мухтарович

-

+

+

+

+

-

6

4

2

 

29

Дадажанов Исакжан Исраилович

+

+

+

+

-

-

6

4

2

 

30

Талипов Абытжан

+

+

+

+

+

-

6

5

1

 

31

Джакыпов Алмаз Назармаматович

-

+

+

+

+

-

6

4

2

 

 

Жыйынтыгы:

26

23

29

23

24

16

 

 

 

 

 

2018-жылда туруктуу комиссиялар тарабынан 21 отурум өткөрүлүп,  анын ичинен:

          - «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясы 3 жолу отурум өткөрдү. Ал отурумдарда Өзгөн шаар мэриясынын 2017-жылдын 19-декабрындагы бюджеттин 2018-жылга долбоорун бекитүү жөнүндөгү №969 каты, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 12-январындагы бюджеттин 2017-жылда аткарылышын бекитип берүү жөнүндөгү №10 каты, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 4-октябрындагы бюджеттин 2018-жылдын 6 айында ашыкча аткарылышынын эсебинен кошумча аткарылуучу иштердин титулдук тизмесиндеги иштерге каражат бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү №894 каты, Өзгөн шаардык кеңешинин 2018-жылдын 5-июлундагы жетектөөчү адис Д.Турдахуновго эмгек стажына үстөк кошууга бюджеттин 2018-жылдын 6 айында ашыкча аткарылышынын эсебинен кошумча каражат бөлүүгө макулдук берүү жөнүндөгү №73 каты, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 19-июлундагы бюджеттин 2018-жылдын 6 айында ашыкча аткарылышынын эсебинен БӨДТДКга кошумча каражат бөлүүгө макулдук берүү жөнүндөгү №652 каты, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 8-октябрындагы бюджеттин 2018-жылдын 6 айында аткарылышы боюнча маалыматы, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 28-августундагы Өзгөн шаарынын 2019-жылга карата бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндөгү №768 каты, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 9-октябрындагы таштанды чыгаруу тарифин көтөрүп берүү жөнүндөгү №923 каты каралды.

          - «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясы 7 жолу отурум өткөрдү. Ал отурумдарда Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 19-февралындагы 2018-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесин бекитип берүү жөнүндөгү №113 каты, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 23-апрелиндеги Манас көчөсүндө жайгашкан тубдиспансердин жер тилкесинин корутундусу жөнүндөгү №341 каты, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 25-апрелиндеги суу төлөмдөрүнүн тарифин көтөрүү боюнча өткөрүлгөн жыйындардын протоколдору жөнүндөгү №360 каты, Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты А. Шарабидиновдун Мажрум-Тал кварталдык комитетиндеги З. Космодемянская, Ленинград көчөлөрүн асфальттоо боюнча 2018-жылдын 16-апрелиндеги арызы, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 25-апрелиндеги суу төлөмдөрүнүн тарифин көтөрүү боюнча өткөрүлгөн жыйындардын протоколдору жөнүндөгү №360 каты, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 27-июнундагы Өзгөн шаарынын 2018-2022-жылдар мезгилине карата аймактык өнүгүү саясатынын концепциясын бекитип берүү жөнүндөгү №588 каты, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 17-июлундагы таза сууга болгон төлөмдөрдү көтөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү №643/1 жана Өзгөн Таза-Суу муниципалдык ишканасынын 2018-жылдын 3-апрелиндеги таза сууга болгон төлөмдөрдү көтөрүп берүү жөнүндөгү №04-60 каттары, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 17-июлундагы насыяларды алууда  шаардык мэриянын кепилдик берүүсүнө макулдук берүү жөнүндөгү №643 каты, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 23-апрелиндеги Манас көчөсүндө жайгашкан тубдиспансердин жер тилкесинин корутундусу жөнүндөгү №341 каты, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 7-майындагы Өзгөн шаарынын балансында турган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы пайдаланып жаткан (Манас көчөсү №93) имаратты аларга оперативдүү башкарууга берүү жөнүндөгү №394 каты, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 5-майындагы Өзгөн шаарынын аймагында жайгашкан “Өзгөн-2”, “Өзгөн-3” байланыш бөлүмдөрүнүн имараттарын “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын балансына өткөрүп берүү жөнүндөгү №494 каты, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 15-майындагы “Доң-Булак” айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Бахмал-2”, “Дөң-Булак-1”, “Пайзабад” жана “Төөлөс” айылдарында Өзгөн шаарынын элине суу берүүчү скважиналар жайгашкан жерлерди айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү  маселесине шаардык мэриянын позициясын эсепке алуу жөнүндөгү №422 каты, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 26-июнундагы “Жаныбек казынын айкелин орнотууга” көмөк көрсөтүү  жөнүндөгү №581 каты, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 26-июнундагы шаардын МТС аймагында жайгашкан мусулмандардын, прославтардын кабырстандарынын кире бериш жерине жарнамалык көрсөткүч калканын орнотуп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү №579 каты, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 4-октябрындагы бюджеттин 2018-жылдын 6 айында ашыкча аткарылышынын эсебинен кошумча аткарылуучу иштердин титулдук тизмесин бекитип берүү жөнүндөгү №894 каты, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 25-июлундагы Жаңы-Өзгөн кварталындагы жеке менчик үйдү балдар бакчасына өткөрүү үчүн ПСД даярдоого каражат бөлүп берүүгө макулдук  берүү жөнүндөгү №673 каты, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 9-октябрындагы таштанды чыгаруу тарифин көтөрүп берүү жөнүндөгү №923 каты жана башка маселелер каралды.

            - «Социалдык маселелер, гендер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясы 1 жолу отурум өткөрдү. Ал отурумда туруктуу комиссиянын 2018-жылга карата иш-планы бекитилди.

         - «Өнөр жай, транспорт, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, байланыш жана энергетика боюнча» туруктуу комиссиясы 1 жолу.  Ал отурумда туруктуу комиссиянын 2018-жылга карата иш-планы бекитилди.

         - «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясы 5 жолу отурум өткөрдү. Ал отурумдарда  Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 31-январындагы  “Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу” наамына Асанов Курсан Сатаровичтин талапкерлигин сунуштоо жөнүндөгү №54 каты, Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине талапкерлерди көрсөтүү, Өзгөн шаардык мэриясынын 2018-жылдын 15-майындагы Дөн-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы скважиналардын мамлекеттик актыларын айыл өкмөткө берүү жөнүндөгү №422 каты, Өзгөн шаардык кеңешинин Регламентине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө, “Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу” жөнүндө Жобого өзгөртүү киргизүү, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 11-октябрындагы, 2018-жылдын 30-октябрындагы  “Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу” наамына сунушталган Салиев Бахтияр Усманович, Станбаев Өзгөнбай Тиллабаевич, Бекташев Төрө Бекташевичтин талапкерлигин кароо жөнүндөгү №932, №933 жана №1002 сунуш каттары, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 4-сентябрындагы Аксакалдар сотунун курамын бекитип берүү жөнүндөгү №784 каты, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 22-сентябрындагы шаардын аймагындагы көчөлөрдүн аталыштарын өзгөртүүгө, алмаштырууга мораторий киргизилгендигин маалымдаган №850 каты, Депутаттардын сессияларга, туруктуу комиссиялардын отурумдарында катышуусу боюнча маалымат, Депутаттардын этика кодекси, Аксакалдар сотунун Регламенти, Бузуулар жөнүндө кодекс, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 10-декабрындагы Бузуулар боюнча комиссия курамын бекитип берүү жөнүндөгү №1149 каты, МММБ департаментинин Жобосу жөнүндөгү маселелер каралып сессиянын күн тартибине сунушталды.

     «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиялары 5 жолу биргелешкен отурум өткөрдү. Ал отурумдарда Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 7-февралындагы шаардагы  “Төрт-Көчө” жана “Таштак” муниципалдык аймактык башкаруу аймактарында БУУӨП тарабынан аткарылуучу 4 долбоорду ишке ашыруу максатында  жергиликтүү бюджет эсебинен акча каражат бөлүү жөнүндөгү №88 өтүнүч каты, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 14-февралындагы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын союзуна мүчөлүк акы төлөөгө макулдук берүү жөнүндөгү №107 каты, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 22-февралындагы шаардын аймагындагы жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып жаткан мекеме-уюмдардын штаттык бирдигин бекитип, Өзгөн шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-январындагы №9/2 токтомуна толуктоо киргизип берүү жөнүндөгү  №123 каты,   Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 28-февралындагы Өзгөн шаарынын 2018-2022-жылдарда социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө багытталган стратегиялык программасын бекитип берүү жөнүндөгү №144 каты, Өзгөн Таза Суу муниципалдык ишканасынын суунун тарифин көтөрүү боюнча 2018-жылдын 20-февралындагы №02-37 каты, МММБ департаментинин 2018-жылдын 28-февралындагы муниципалдык жер аянттарынын ижара акыларын бекитип берүү жөнүндөгү №139 каты, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 19-февралындагы 2018-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесин бекитип берүү жөнүндөгү №113 каты, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 4-октябрындагы бюджеттин 2018-жылдын 6 айында ашыкча аткарылышынын эсебинен кошумча аткарылуучу иштердин титулдук тизмесин бекитип берүү жөнүндөгү №894 каты, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 25-июлундагы Жаңы-Өзгөн кварталындагы жеке менчик үйдү балдар бакчасына өткөрүү үчүн ПСД даярдоого каражат бөлүп берүүгө макулдук  берүү жөнүндөгү №673 каты, Өзгөн шаардык кеңешинин 2018-жылдын 5-июлундагы жетектөөчү адис Д.Турдахуновго эмгек стажына үстөк кошууга бюджеттин 2018-жылдын 6 айында ашыкча аткарылышынын эсебинен кошумча каражат бөлүүгө макулдук берүү жөнүндөгү №73 каты, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 19-июлундагы бюджеттин 2018-жылдын 6 айында ашыкча аткарылышынын эсебинен БӨДТДКга кошумча каражат бөлүүгө макулдук берүү жөнүндөгү №652 каты, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 9-октябрындагы бюджеттин 2018-жылдын 6 айында аткарылышы боюнча №916 каты, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 28-августундагы Өзгөн шаарынын 2019-жылга карата бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндөгү №768 каты, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 9-октябрындагы таштанды чыгаруу тарифин көтөрүп берүү жөнүндөгү №923 каты каралды.

«Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» жана «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиялары 2 жолу биргелешкен отурум өткөрдү. Ал отурумдарда Өзгөн Тазалык муниципалдык ишканасынын 2017-жылдын 21-ноябрындагы муниципалдык базардагы ишкана пайдаланып жаткан жерден ишкананын ишмердүүлүгүн толук жана жетиштүү даражада жүргүзүү үчүн пайдалануу жөнүндөгү №80 кайрылуу каты, Өзгөн шаардык мэриясынын 2018-жылдын 23-мартындагы Өзгөн шаарынын муниципалдык менчигиндеги “Кургак учук диспансеринин” имаратын Өзгөн үй-бүлөөлүк дарыгерлер борборуна оперативдүү башкаруу укугу менен пайдаланууга берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү №220 каты, Өзгөн шаардык мэриясынын 2018-жылдын 26-мартындагы Өзгөн шаарындагы көчөлөрдүн бирине Өзгөндүк окумуштуу Мирзо Абдуррахим Тасбехчи Бобо жана Ибрагим Хамрабаевдин аттарын ыйгарып берүү жөнүндөгү №227 каты, Өзгөн шаардык мэриясынын 2018-жылдын 6-апрелиндеги Н.Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багын чарбалык башкарууга (хозрасчетко) өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү №299 каты, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 10-апрелиндеги Өзгөн шаардык мэриясынын муниципалдык менчигиндеги Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын Өзгөн жана Кара Кулжа райондору боюнча бөлүмү убактылуу ээлеп турган имаратты жана Кургак учук диспансерин имаратын оперативдүү башкарууга берүү жөнүндөгү №301 каты каралды.

    Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) 2018-жылга карата бекитилген иш-планында каралган маселелерден Н.Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын шаар тургундарына эс алууга шарт түзүүдө жүргүзүп жаткан иштери жана борбордук стадиондун ар түрдүү спорттук мелдештерди өткөрүүгө түзүлгөн шарты, «Өзгөн Таза Суу» муниципалдык ишканасынын шаардын калкын таза суу менен камсыз кылууда жүргүзүп жаткан иштери, Өзгөн шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын шаардын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртууда жүргүзүп жаткан иштери  “Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча” туруктуу комиссиясы тарабынан, Өзгөн райондук паспорт виза бөлүмүнүн шаардын калкын тейлеп, кызмат көрсөтүүдө жүргүзүп жаткан иштери «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссия, РЭТ ишканасынын шаардын калкын тейлөөдө жүргүзүп жаткан иштери «Өнөр-жай, транспорт, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, байланыш жана энергетика боюнча» туруктуу комиссиясы тарабынан каралган, бирок материалдар толук даярдалып сессиянын күн тартибине киргизилген эмес. Андан сырткары туруктуу комиссиялардын 2018-жылга карата иш-планында каралган маселелер да туруктуу комиссиялардын отурумдарында каралган эмес.

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) 5 туруктуу комиссия мүчөлөрүнүн 2018-жылда болгон  отурумдарга катышуусу боюнча МААЛЫМАТ

 

 

Ф.А.Ж.

Отурумдардын номери

Биргелешкен отурумдар

Жалпы отурумдардын саны

Анын ичинен

 

Эскертме

 

1

 

2

 

3

 

4

 

5

 

6

 

1

 

2

 

3

 

4

 

5

 

катышкан

катышпаган

 

1.

«Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясы

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1

Мамазайитов Арапжан Жомолдинович 

+

-

 

 

 

 

 

+

+

 

+

5

4

1

 

2

Мамадалиев Ильхамжан Умаржанович

+

+

 

 

 

 

 

+

+

 

-

5

4

1

 

3

Каримов Отабек Токтасинович

+

-

 

 

 

 

 

-

+

 

-

5

2

3

 

4

Турсунбаев Санжарбек Авазханович

+

+

 

 

 

 

 

+

+

 

+

5

5

1

 

5

Шарабидинов Абзалидин

+

+

 

 

 

 

 

+

+

 

-

5

4

1

 

6

Мирзажанов Бахтиержон Камилжонович

+

+

 

 

 

 

 

-

+

 

+

5

4

1

 

7

Артиков Абдулвахид Нуманжанович

+

+

 

 

 

 

 

+

+

 

+

5

5

-

 

 

2.

 

«Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссия

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1

Купахунов Розувай Сулайманович

+

+

+

+

+

-

+

+

+

+

+

11

10

1

 

2

Шамиева Бурал Насировна

+

+

+

-

-

+

+

-

+

+

+

11

8

3

 

3

Джакыпов Алмаз Назармаматович

+

+

+

+

+

+

+

+

+

+

+

11

11

-

 

4

Рызакулов Марифжан Панайдинович

+

+

-

+

+

+

+

+

-

+

+

11

9

2

 

5

Тажибаев Иброхимжон Юлдашбаевич

+

+

+

-

+

+

+

-

-

+

-

11

7

4

 

 

3.

«Өнөр жай, транспорт, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, байланыш жана энергетика боюнча» туруктуу комиссия

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1

Ахмедов Хосилжан Садыкович

+

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1

1

-

 

2

Имьяминов Йулчибой Таджимахатович

+

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1

1

-

 

3

Матишов Туратбек Чолпонбаевич

+

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1

1

-

 

4

Талипов Абытжан

+

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1

1

-

 

5

Рахманбердиев Мадаминжон Маматкаримович

+

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1

1

-

 

4.

«Социалдык маселелер, гендер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты жана спорт боюнча» туруктуу комиссия

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 1

Азимжанов  Бахтиержон Ганижанович

+

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1

1

-

 

2

Абдукаимов Анварбек Абдукаимович

+

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1

1

-

 

3

Маматкасимов Сарвар Маматсадыкович

+

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1

1

-

 

4

Абдурахманов Махмуджан Машрапжанович

-

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1

1

-

 

5

Кахаров Алишер Абдулхалилович

+

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1

1

-

 

6

Абдурахманов Хатамжан Номанджанович

-

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

-

-

-

 

 

5.

«Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссия

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1

Моминов Кобылжан Таджимаматович

+

+

+

-

+

 

+

 

 

+

 

7

6

1

 

2

Дадажанов Исакжан Исраилович

-

+

+

+

+

 

-

 

 

+

 

7

5

3

 

3

Гуронов Мирбек Мамасалиевич

+

+

-

-

-

 

-

 

 

-

 

7

2

5

 

4

Хурулбаев Мансуржон Мухтарович

+

+

+

+

+

 

+

 

 

+

 

7

7

-

 

5

Мирюсупов Миролим Мирсабирович

+

-

-

+

+

 

+

 

 

+

 

7

5

2

 

 

         Өзгөн шаардык кеңешинин токтому менен бекитилген Өзгөн шаарынын 2018-2022-жылдарга карата социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасынын стратегиялык планына жана Өзгөн шаарынын 2018-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасына ылайык шаардын  инфраструктурасын  жакшыртуу,  шаардын  калктуу  конуштарында  элдин  турмуш  дээңгелин  оңдоо  максатында 2018-жылда шаарыбызда аткарылган иштер боюнча кыскача маалымат берип кетсем.

Шаардагы Маллабеков көчөсүнө асфальт төшөлүп, Борбор жана Жаныбек-Казы кварталдарында асфальттоо иштери башталды.  Жалпысы 2734 метрге төшөлөт, суммасы 10530910 сом.  Шагыл төшөөгө 1000000 сом бөлүнүп.  5030 метрге жерге төшөлөт.

     Жолдорду ондоп түзөө (ямочный ремонт) иштери Маллабеков жана Амир-Темур көчөсүнөн Манас көчөсүнө чейин 516 кв метр (суммасы 490200 сом), Мукуми, Гагарин, Ленин, Фархад көчөлөрүнө 319 кв метр (суммасы 318500 сом) аянтта жүргүзүлүп, иш толугу менен аткарылган. 

   Райондук мамлекеттик администрациянын жана мэриянын айланасын 209 метр жерин тосмолоого 545 000 сом каржыланып, иш толугу менен аткарылган.

Шаардын жаны конуштарына 200 000 сомго таза суу түтүктөрү орнотулган.

Шаардын ирригация тармактарын оңдоо үчүн 350 000 сом каралып, азбест трубалар орнотулган.

     Шаардын ирригация тармагын оңдоого 18 тонна цемент, 2076 куб шагыл   1000000 сомго сатылып алынган.  

Манас көчөсүнө 150 даана кобра 448 500 сомго сатып алынып түнкү жарыткыч орнотулган. 

      Жаны-Өзгөн кварталы жана Алишер-Навои көчөсүнө түнкү жарыткыч орнотуу улантылып жатат.

Таштак, Мажурум-Тал, Мажурум-Тал-2 кварталдарынан Гагарин, Манас көчөлөрүнөн Өзгөн-Арык каналына чейин суу тармактарын оңдоого 3003104 сом каралып, азыркы учурда иш жүрүп жатат.

      Шаардын аймагын жашылдандыруу, көрктөндүрүү максатында 178 даана мажевенник, 359 даана сосна, 305 даана береза көчөттөрү сатып алынып шаардын кварталдарына, мекеме уюмдарына жана мектептердин аянтына эгилди.  3420 даана ар түрдүү гүл көчөттөрү жана 40кг газон уругу шаардын борбордук аянттарына эгилди. Көчөт, гүл көчөт жана газон уругун сатып алууга жалпысынан 358800 сом акча каражаты  жумшалган. Алардын көгөрүп өсүшү үчүн тийиштүү шарттарды  көрүү жагы кварталдык комитеттердин төрагаларына тапшырылган.

      Өзгөн шаарынын Мырза-Аке айыл өкмөтү менен чектеш жериндеги Өзгөн жазуусун оңдоп түзөө жана ал жерге 2 желек орнотууга 120000 сом каражат бөлүнүп, азыркы күндө иш толугу менен аткарылган.

    Өзгөн шаардык Маданият үйүнө 289800 сомго музыкалык аппараттар сатып алынган жана аларга пайдаланууга өткөрүп берилген.

     Шаар куруу жана архитектура башкармалыгы менен ар түрдүү багытта жасалган иш кагаздары үчүн 503725 сомдук  келишим түзүлүп, иш аткарылып акча каражаты толугу менен каржыланган.

   Шаардык билим берүү бөлүмүнө электр товарларын, курулуш материалдарын сатып алууга жана котелдерду оңдоого 472928 сом каражат бөлүнүп, иш толугу менен аткарылган. А.Темур мектебинин ашканасын оңдоп-түзөөгө 395844 сом каржыланып, иш аткарылып бүткөн.

   “Бахмал-2” участкасында ачылып жаткан балдар бакчасын оңдоп түзөө үчүн 450000 сом каражат бөлүнүп, азыркы күндө иш аткарылып  бүткөн. Ошол эле “Бахмал-2” участкасында ачылып жаткан балдар бакчасынын мебелдерин сатып алууга 242000 сом жана инвентарларын сатып алууга 294600 сом акча каражаты которулуп берилген.

    Шаардагы  Алишер Навои атындагы №6 орто мектебинин чек арасында жайгашкан балдар бакчасын куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 21 599 392 сом акча каражаты бөлүнүп,  иш толугу менен аяктаган жана акча каражаты которулуп берилген, ал бакчанын ашканасына керектелүүчү килем, жалюзи сатып алууга 642685 сом каражат бөлүнгөн.       С.Шарипов атындагы мектептин кошумча бөлмөлөрүн куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 16 404 479 сом акча каражаты бөлүнгөн жана иш аяктап, акча каражаты которулуп берилген.

     Өзгөн шаарынын ирригациялык тармагын оңдоп-түздөө үчүн апора сатып алууга 689400 сом каралып, иш толугу менен аткарылган. 500000 сом которулуп берилген. Кошумча 103410 сомго келишим түзүлүп иш толугу менен аткарылган. Жалпысынан калган 292810 сом карыз 2019-жылда төлөнөт.

     Бирдиктүү терезе курууга тендер жарыяланып, 707204 сомго утушка ээ болгон иш аткаруучу ишти баштады.

      “Жаныбек-Казы”. “Төрт-Көчө”, “Улукбек” кварталдарында кошумча  92 даана түнкү жарыткычтарды орнотуу иштери азыркы күндө аткарылууда.

     “Таштак”, “Жаңы-хаят” кварталдарында 2 көпүрө курулуп бүткөн жана “Жаңы-Өзгөн” кварталында 2 көпүрө курулууда.

      Шаарга аялдама куруу боюнча  тендер жарыяланып утуучу табылып, азыркы күндө 2 аялдама курулууда жана 3 аялдаманын тендери жарыяланды.

      Бюджеттин 6 айдын ичинде ашыкча аткарылышынын эсебинен “Ай-Шоола” балдар бакчасынын алдындагы аянтка брусчатка орнотулду.

    “Төрт-Көчө” кварталындагы балдар ойноочу жайды ремонт кылууга 33000 сом каражат бөлүнүп, иш аткарылып бүткөн.

     2018-жылдын 15-декабрына чейин Өзгөн шаардык кеңешине шаардагы мекеме-уюмдардан 117 кат менен, шаардын жашоочуларынан 500 ашык оозеки кайрылуулар болду, кат ээлерине жана оозеки кайрылгандарга өз убагында жооптор берилди. 2018-жылда Өзгөн шаардык кеңешинен кеңештин токтомдорунун аткарылышы, депутаттык суроо-талап, туруктуу комиссияда, сессияларда кароо үчүн тиешелүү материалдарды сурап, шаардагы мекеме-уюмдарга 123 кат менен кайрылдык. Өзгөн шаардык кеңешинин токтомдорунун аткарылышы аппарат кызматкерлери тарабынан көзөмөлдөнүп турулду, токтомдордун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссияларга милдеттендирилген, бирок токтомдордун аткарылышы алар тарабынан көзөмөлдөнбөй жатат (токтомдордун аткарылышы боюнча маалымат тиркелет).

 

      2018-жылда шаардык кеңеш тарабынан төмөндөгү иш-чаралар өткөрүлдү:

  • Нооруз Эл аралык майрамына карата мэриянын мызматкери шаардык кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланды,
  • 25-май акыркы коңгуроо күнүндө шаар мектептеринин алдыңкы мугалимдери жана окуучулары ардак грамоталар менен сыйланды,
  • Кыргыз Республикасынын Медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата элдин ден-соолугун чындоого, Өзгөн шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Өзгөн үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматчылары шаардык кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланды,
  • Өзгөн шаарынын мугалимдеринин 2017-2018-окуу жылында жетишкен ийгиликтери үчүн жана август кеңешмесине карата Өзгөн шаарынын мектептерин мугалимдери шаардык кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланды,
  • 2017-жылдын жыйынтыгы менен Өзгөн шаардык кеңешинин туруктуу комиссиялары жана депутаттары шаардык кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланды,
  • Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата Өзгөн шаарындагы орто мектептеринин мугалимдери жана Өзгөн медициналык коллежинин окутуучулары Ардак грамоталар менен сыйланды,
  • 17-ноябрь студенттердин эл аралык күнүнө карата Ош технология университетинин Академик Б. Мурзубраимов атындагы Өзгөн технология жана билим берүү коллежинин студенттери шаардык кеңештин Ардак грамоталары менен сыйланды
  • Кыргыз Республикасынын Билим берүү тармагында жаш муундарга татыктуу таалим-тарбия берүүдө жетишкен ийгиликтери үчүн 2018-жылдын жыйынтыгы менен Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери шаардык кеңештин Ардак грамоталары менен сыйланды,
  • шаардык кеңештин депутаттары Кара-Көл шаарында 2018-жылдын 14-16-сентябрында Кыргыз Республикасынын шаардык кеңештеринин депутаттарынын арасында өткөрүлгөн кичи-футбол боюнча турнирге катышып келди,
  • шаардык кеңештин төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы жана Өкмөт мүчөлөрү менен жолугушууга 2018-жылдын 19-22-декабрында Бишкек шаарына барып катышып келди,
  • 2018-жылдын 5-декабрында Ош шаарында “ДИА” коомдук фонду тарабынан “Гендердик көндүм, религия жана маданият: зомбулукка аңо жок” темасындагы конференциясына (алты) депутат катышып келди,
  • 2018-жылдын 10-декабрында Эл аралык Республикалык Институту тарабынан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруудагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ролу” аттуу темадагы окуу семинар уюштурулду. 

 

  

    Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы                              А. Джалилов

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги

XV сессиясынын отурумунун

                              

                                                             ТОКТОМУ                          

                         

2018-жылдын  20- декабры           № 15/2                                                    Өзгөн шаары

 

Өзгөн шаардык билим берүү мекемелеринин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө

                                  

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Социалдык маселелер, гендер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты жана спорт боюнча»  туруктуу комиссиясынын   төрагасы Б. Азимжановдун  маалыматын угуп жана талкуулап,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Өзгөн шаардык билим берүү мекемелеринде жүргүзүлүп жаткан иштер канаттандыраарлык  деп белгиленсин.
  2. Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н. Шамаматовко:

       -окуучуларга сапаттуу билим берүү, бүтүрүүчүлөрдү жалпы республикалык тестирлөөдөн өткөрүүдө  максималдуу жогорку баллга жетишүү;

      - сабактар боюнча жетишпеген адистерди тактап, тез арада кадр менен толуктоосу;

 - окуучулардын сабактарга толук катышуусу боюнча ата-энелер, кварталдык комитеттердин төрагалары жана коомчулук менен тыгыз байланышта иштөө боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу, аны көзөмөлгө алуу; 

       - билим берүү багытында реформа жасоо боюнча перспективалык пландарды иштеп чыгуу;

       - окуучуларды окуу китептери менен толук камсыздоо боюнча конкреттүү чараларды көрүү;

       -  башка шаарлар, шаардагы мектептер, балдар бакчалары менен тажрыйба алмашуу боюнча иш жүргүзүү;

       -1-4 класстардын окуучуларына берилүүчү шашке тамактын сапатын дайыма көзөмөлдөп турууну тийиштүү кызматкерлерден талап кылуу жагы;

       -шаардык билим берүү мекемелеринин тазалыгын сактоону, айланасын көрктөндүрүүнү уюштуруу жагын мектеп директорлорунан, балдар бакчаларынын башчыларынан талап кылуу;

      - шаардык билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, мектеп окуучуларына, балдар бакчаларынын тарбиялануучуларына жетиштүү шарт түзүү боюнча изденүү жана тийиштүү жерлерге кайрылуу милдеттендирилсин.

  1. Шаардык билим берүү мекемелериндеги көйгөйлөрдү тактоо, инфраструктурасын жакшыртуу максатында жумушчу комиссия түзүп, мыйзамга ылайык жергиликтүү бюджеттин эсебинен аткарылуучу иштерди титулдук тизмесине киргизүү Өзгөн шаар мэринин милдетин аткаруучу Р. Атаджановго сунушталсын.  
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешини «Социалдык маселелер, гендер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

                         

 

  Төрага                                                      А. Джалилов

 

Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу мекемелердин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маалымат.

 

        Өзгөн шаардык кеңешинин (IV чакырылышынын) 2018-жылга карата түзүлгөн иш планына ылайык 2017-2018-окуу жылында Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу мекемелердин жургүзүп жаткан иштери «Социалдык маселелер, гендер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясы  тарабынан каралды.

       Өзгөн шаарындагы билим берүү мекемелеринин педагогикалык кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана «Билим берүү жөнүндө», Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамын реализациялоо, «Мугалимдин статусу жөнүндө» мыйзамдарга ылайык, балдарды окутуп тарбиялоо иштеринде бир топ иш аракеттерди жүргүзүп жатат.

        Шаар боюнча 2018-жылга 8 мектепте 10262 окуучу билим алып, анда 890 педагогикалык кызматкерлер эмгектенишүүдө.

        Кыргыз Республикасынын Конституциясын үйрөнүү жана Конституция тарабынан билим берүү тармагына коюлган талаптардын мектептин иш-чараларынан орун алуусу, Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын мектепке реализациялоо боюнча маалыматтар, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тил жөнүндө», Кыргыз Республикасынын «Мугалимдин статусу жөнүндө» мыйзамдарын мектепке реализациялоо, мектептин администрациясынын жана мектептин коомдук уюмдарынын бул мыйзамдарды мектепке аткаруу боюнча түзгөн жана аткарган иштери боюнча маалыматтар менен тааныштык.

       Мектеп педагогикалык коллективинин мамлекеттик ыйгарым укуктуу, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен байланыштары жана анда мектептеги коомдук уюмдардын ролу, мектеп директорунун мамлекеттик нормативдик укуктук актылар менен иштөөсү жана анын сапаты боюнча маалыматтар шаар билим берүү бөлүмүнөн карап чыгылды. Мектептерде иш-кагаздары менен иштөөнүн жүрүшү, педагогик кеңештердин пландары жана алардын аткарылуусу, педагогикалык кеңештердин протоколдору, алардын аткарылуусу, маселелерди көзөмөлгө коюу жана көзөмөлдөн алуу, кабыл алынган чечимдердин мааниси жана күндүн талабына туура келүүсү, эфффективдүүлүгү, билим берүү кызматкерлеринин өздүк делолору, буйруктар, эмгек  китепчелерин сактоо жана өз убагында каттоо карап чыгылды.

  Өзгөн шаарында  8 орто мектеп анын ичинен 1 мектеп-гимназиясы,  3 мектепке  чейинки, 2 мектеп алдындагы жана 3 мектептен сырткаркы  окуу-тарбия  мекемелери бар. Окутуу негизинен 2 мектепте  кыргыз тилинде,   1 мектепте  орус тилинде,  1 мектепте орус-өзбек тилинде, 4 мектепте өзбек  тилинде алып  барылат. Алардан 4 өзбек тилинде окутула турган мектептердин 1-9-класстарында 19 класс комплектинде 474 окуучуга окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт.    

 Кыргыз  Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү» Мыйзамын аткаруу үчүн шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан төмөндөгү иш-чараларды аткаруу талап кылынат:

  -окуу-тарбия мекемелеринин педагогикалык кадрларынын сапат даражасын жогорулатуу боюнча  иш-чараларды  белгилөө,  алардын  билим  деңгээлин  жогорулатуу  үчүн  конференция,  семинар,  өз ара тажрыйба алмашуу,  педагогикалык  конкурстарды  уюштуруу,  алардын  арасында  уюштуруу  иштерин  жүргүзүү;

-мугалимдердин педагогикалык чеберчилигин  жогорулатуу  максатында алардын  курстан өтүү маселелерин эффективдүү чечүү, окуучуларды окуу  китептери менен  камсыз  кылуу  үчүн  ата-энелер  жамааты  менен  иш  жүргүзүүнү   күчөтүү;

  -окуучулардын  сабакка  катышуусун  жана  билим  денгээлин  жогорулатуу     үчүн  окуу-тарбия  процессин  уюштурууга  педагогикалык  жоопкерчиликти  жогорулатуу  жана  окуучуларга  кошумча  билим  берүүнү  керектүү  денгээлге көтөрүү;

   -олимпиадалык  борборлордун  ишин  күчөтүү;

   -окуу-тарбия  мекемелеринин материалдык  базасын  чыңдоо  максатында кошумча  акча-каражаттарын  табуу  үчүн  Эл  аралык  фонддор  менен иштөөнү  күчөтүү.

 Өзгөн шаарындагы билим берүү бөлүмдөрүндө 890 мугалим  тарификациядан  өткөн,  алардан  548 (63,7%)  мугалим жогорку, 113 (13,1%)  мугалим  атайын орто  билимге  ээ болуп,  учурда  жогорку  окуу  жайларында  сырттан  билим алып жаткан мугалимдер да бар. Билим берүү мекемелеринде вакант эсебинен 3 мугалим (химия, музыка, дене тарбия предметтеринен) жетишпейт.

  2017-2018–окуу жылында окуучуларды тест суроолору менен иштөөгө үйрөтүү максатында  Бабур атындагы    орто мектептин базасында 9-10-11-класс окуучулары үчүн октябрь, февраль, апрель айларында ыктыярдуу көнүгүү тест сынагы  өткөрүлүп, алардын ар бирине 270 тен 293 ге чейин окуучу  катышкан.

   Мындан сырткары  Бабур жана Амир Темур атындагы орто мектептердин базасында март, апрель айларында 84 окуучуга кошумча окуу уюштурулган.

   2017-2018-окуу жылында мектептерде  жалпы 340 бүтүрүүчү болсо, анын ичинен 217 (63,8 %) бүтүрүүчү жалпы республикалык тестке катышуу үчүн каттоодон өтүп, тестке катышып,  жыйынтыгы төмөндөгүчө болгон:

  1. Салижан Шарипов атындагы орто мектепте: тестке катышкан 41 бүтүрүүчүдөн 18 бүтүрүүчү;

  2.В.И.Ленин атындагы орто мектебинде тестке катышкан 30 бүтүрүүчүдөн 5 бүтүрүүчү;

  3.Бабур  атындагы орто мектебинде  тестке катышкан 21 бүтүрүүчүдөн 4 бүтүрүүчү;

   4.Чынгыз Айтматов атындагы орто мектебинде  тестке катышкан 26 бүтүрүүчүдөн 4 бүтүрүүчү;

  5.Амир Темур атындагы орто мектебинде  тестке катышкан 23 бүтүрүүчүдөн 6 бүтүрүүчү; 

  1. Алишер Навои атындагы орто мектебинде тестке катышкан 24 бүтүрүүчүдөн 3 бүтүрүүчү;
  2. №7 мектеп-гимназиясында тестке катышкан 14 бүтүрүүчүдөн 6 бүтүрүүчү;
  3. Курманжан датка атындагы орто мектебинде тестке катышкан 38 бүтүрүүчүдөн 23 бүтүрүүчү босого баллдан өткөн.

 Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2018-жылдын 24-январындагы “2017-2018-окуу жылында мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасын өткөрүү жөнүндөгү” № 72-1  буйругунун жана Жобосунун негизинде олимпиаданын мектептик жана шаардык этабы  өткөрүлүп, анын жыйынтыгы менен  облустук олимпиадага Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүнүн мектептеринен 24 окуучу катышып, жыйынтыгы төмөндөгүчө болгон:

-Информатика сабагынан Курманжан датка атындагы №8 орто мектептин 11-классынын окуучусу Маматазимов Амантур ээлеп, олимпиаданын республикалык этабына катышкан;

-Орус тили жана адабияты сабагынан В.И.Ленин атындагы №2 орто мектептин 10-классынын окуучусу Абдулхамид кызы Зилола 3-орунду;

-кыргыз тили жана адабиятынан Бабур атындагы №3 орто мектептин 11-классынын окуучусу Хусанова Севара 3-орунду ээлешкен.

 Мындан сырткары 2018-жылдын апрель айында Казахстан Республикасынын Алма-Ата шаарында 25 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан “Информатик-Азия-2018» сынагына Курманжан датка атындагы орто мектептин 11-классынын окуучулары Маматазимов Амантур менен Калмаматов Нурбек активдүү катышып, 3-орунду ээлеп коло медалга жана сертификаттарга ээ болушкан.

  Окуучулардын китеп  менен камсыз болушу шаардык билим берүү  бөлүмү   боюнча  84,6 %ти түзүп, окутуунун тили боюнча төмөндөгүчө: 

        - окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектепте      -80 %

        - окутуу  кыргыз  тилинде жүргүзүлгөн мектепте    - 90 %

        - окутуу өзбек  тилинде жүргүзүлгөн мектепте  - 84 %

         Билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чындоо, мугалимдерге жана окуучуларга шарт түзүү максатында 2018-жылдын январь айынан май айына чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги аркылуу  мектептерге 299 мин 24 сомдук  стол, стул, шкаф, доска ж.б инвентардар алынган. Мындан сырткары, «Эл аралык толеранттык фондунун «Камера балдардын колунда» аттуу доолбор аркылуу В.И.Ленин атындагы орто мектепке 216 мин 317 сомдук оргтехника алынган.

 Мектептерде жалпы  149 даана компьютер бар. Окуучунун жалпы саны боюнча  эсептегенде 0,016  % ти, информатика сабагы окутула турган (7-9-класс) класстардагы  окуучунун саны боюнча эсептегенде  0,062 % ти түзөт.

  Башталгыч класстарынын окуучуларынын тамак-ашы боюнча:

  Өзгөн шаарындагы мектептерде 2017-2018-окуу жылында 1-4-класстагы 54693 окуучуга шашке тамак берилген. 2017-2018-окуу жылынын 1-жарым жылында  3 млн 42 миң 83 сомдук тамак-аш берилген болсо, 2-жарым жылында  2 млн 289 мин 675 сомдук  шашке тамак берилген.                 

    Билим берүү мекемелерин жаны  2018-2019-окуу жылына  сапаттуу даярдоо  боюнча мектептердин ремонту үчүн мамлекет тарабынан  шаардык билим берүү бөлүмүнө 941,1 миң сом бөлүнүп, өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгы менен 747 миң 596 сомго түзүлгөн келишимдин жана эсеп-кысаптардын негизинде, мектептер тийиштүү курулуш-ремонт жана лак-краска материалдары менен камсыз кылынган. Андан тышкары, билим берүү мекемелерин күз-кыш мезгилине даярдоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 500,0 миң сом акча каражаты каралып, ремонт иштери жүргүзүлгөн.

2017-2018-окуу жылынын эс алуу мезгилине карата, балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 150,0 миң сом акча каралып, №7 мектеп гимназиясынын базасында 2 патокто ар биринде 60 тан, жалпы 120 балага, мектеп окуучуларынын жайкы эс алуусун уюштуруу иштери пландалып, 2018-жылдын июль айынан баштап ал иштер аткарылган.

Өзгөн шаарындагы билим берүү мекемелеринин курулуш иштери боюнча, республикалык бюджеттин эсебинен 71 млн сомдук, 525 орундуу Алишер Навои атындагы орто мектептин жаңы имаратын жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен 18 млн сомдук 100 орундуу Салижан Шарипов атындагы орто мектебинин кошумча имаратын куруу иштери аягына чыгып, пайдаланууга берилүүнүн алдында турат. Учурда Алишер Навои атындагы орто мектептин курулушунун 70 пайызы бүткөрүлгөн.

2017-2018-окуу жылында мектеп бүтүрүүчүлөрүн жалпы республикалык тестке сапаттуу даярдоо максатында шаар мэриясынын резервдик фондунун эсебинен 51,0 миң сом акча каражатын бөлүп, тесттер боюнча атайын китептерди алып, мектептердин баарына таратылып берилген.

Ошону менен катар, келечек муундарынын сапаттуу билимге ээ болуусу үчүн мугалимдердин билимин өркүндөтүүнүн үстүндө иш алып баруу менен, жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша мугалимдерге материалдык колдоо көрсөтүү жагы пландаштырып жатат. 

Мындан сырткары, Өзгөн шаарында балдарга билим берүү борбору, 3 балдар бакчалары бар, балдар бакчаларындагы орун 420 балага эсептелгени менен, учурда  660 бала тарбияланат. Шаарда мектеп жашына чейинки балдардын жалпы саны 6254 баланы түзүп, алардын ичинен балдар бакчасы менен камсыздалганы 14 пайызды түзөт. 2018-жылы “Таштак” кварталында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 90 орунду балдар бакчасы курулушу бүткөрүлүп, комиссия аркылуу пайдаланууга кабыл алуунун алдында турат. Мындан сырткары жергиликтүү бюджеттин эсебинен «Бахмал» участкасына балдар бакчасын ачуу пландаштырылып, жеке турак жайдын  имараттын балдар бакчасына ылайык реконструкциялоо  боюнча 1,0 млн сом акча бөлүнүп, учурда реконструкция  иштери иштери жүрүп жатат.   Ал эми муниципалдык жеке өнөктөштүк ыкмасында “Жаңы-Өзгөн” кварталдык комитетинин аймагында 60 орундуу балдар бакчасы 1-октябрда балдарды кабыл ала баштаган.Ушундай ыкма менен мектеп жашына чейинки балдардын балдар бакчасында тарбия алуусуна шарт түзүү иштери улантылып жатат.

        Азыркы учурда инвестиция тартуу жолу менен мектеп окуучуларын ысык тамак менен камсыздоо боюнча иш аракеттер жүргүзүлүп, 2 мектептин окуучулары жаңы окуу жылына карата ысык тамак менен камсыздалган. Калган 6 мектептин окуучуларын ысык тамак менен камсыздоо боюнча долбоорлор даярдалып, тийиштүү шарттар түзүү боюнча иштер алып барылууда.

        -А. Навои мектебинде окуучулардын саны 1273, мугалимдердин саны 78 алардын ичинен 12 пенсионерлер эмгектенет. Ата-энелер взносу айына 50 сомдон. Мектепте 11 компьютер иштейт, бир интерактивдүү доскасы бар бирок ал иштебей турат. Спортзалын капиталдык ремонттоо жана айланасын тосмолоо зарыл. Ашканасында жылуулук системасы иштебейт. Мектепте китептер жетишпейт. Китеп ала тургандардын журналы жок. Класстардын абалы начар, ажатканасы да авариялык абалда.

        - Гимназия мектебинде окуучулардын саны 536, мугалимдердин саны 36 алардын ичинен 3 пенсионерлер эмгектенет. Взнос топтолбойт. Мектепте 13 комплект компьютер болсо алардын 10 жаңы 3 эски, бир интерактивдик доскасы бар. Таштандыларды таштоочу кутулары жетишпейт, кательнийине 500 кыш коюп, эшик орнотуу керек. Даттануу китебтери ачылган эмес, кол жуучу жери, коридорларунда жарыткычтар жок. Ажатканасы начар абалда. Китептери жетишсиз.    

          - А. Темур мектебинде окуучулардын саны 1325, мугалимдердин саны 58 анын ичинен 13 пенсионерлер. 9 компьютерлери жана 2 телевизору бар. Стол-стул, интерактивдүү доска, компьютерлер керек. Жылуулук системасынын трубаларын алмаштыруу керек, жакшы иштебейт. Идиштерин жуучу кызматчы жок. Класстарда китептер жетишпейт.

- С. Шарипов атындагы орто мектебинде мугалимдердин саны 70 алардын ичинен 6 пенсионерлер, окуучулардын саны 2057 түзөт. Компьютерлердин саны 15 комплект, интерактивдүү досканын саны 3. Ашканасында эмеректер жетишсиз, Спорт залынын абалы жакшы, бирок эмеректер жетишсиз. Стадионун абалы жаман. Китептери жетишсиз.  

            - К. Датка атындагы №8 орто мектепте мугалимдердин саны 48, анын ичинен 9 пенсионер. Мектепте фондко акча топтолбойт. Спорт залынын абалы жакшы эмес, спорт эмеректери жетишсиз, ашкана эмеректери жок. Сырт жагын баардык жери чөп басып жатат, суулар агып жатат.

        - В.И. Ленин атындагы №2 мектепте  мугалимдердин саны 90, пенсионер мугалимдердин саны 14. Окуучулардын саны 1910. Мектепте фонд жок. Акча топтолбойт. Компьютерлердин саны 19, телевизор 2. Мектеп окуучуларынын сабакка катышуусу боюнча 11 “А”, “Б” класстарында 54 окуучу болсо аныгында 30 окуучу сабакка катышып олтурушканын көрдүк. Спорт эмеректери жетишсиз. Мектептин сыртында кылына турган иштер көп мисалы каналдын четин тосмолоо керек, бала бакча ачуу боюнча долбоор жазса болот, аянтчасы (площадка) начар абалда каралган эмес, башталгыч класстардын окуучуларына ойноочу аянтча кылуу керек. Китептери жетишсиз.  Мектептин Дарбазасын жаңылоо жана мектепке өтүүчү трассага светофор коюу керек.

       - З.М. Бабур атындагы №3 орто мектепте мугалимдердин саны 82, андан 20 пенсионерлер. Окуучулардын саны 1559. Мектепте ремонтко акча топтолбойт. Фонд жок. 10 комплект компьютери, 2 телевизору бар. Математика, информатика, орус тили боюнча окуу китептери жетишпейт. Ажатканасы начар абалда, спорт залын, жыйындар залын полдорун ремонттоо керек, мектептин аянтчасы тегиз эмес. Мектеп окуучуларын катышуусун текшерип көрүү максатында 9 “А” классына кирип көргөнүбүздө 34 окуучунан 17 окуучу сабакка катышканын көрдүк, уул балдары сабак учурунда жок экендиги жана класстагы окуучулардын тийиштүү формалары жок экендиги аныкталды. 700 окуучу тамактана турган жеринде 500 стаканы бар, Стадионуна көчөдөн суу агып кирип жаман абалга келип калат. Эки котельнийден бирин ремонттоо керек. Мектепте китептер жетишсиз.

        - Ч. Айтматов атындагы №5 орто мектепте окуучулар саны 2269, мугалимдердин саны 125 алардын ичинен 12 пенсионерлер. Ажатканасы начар абалда, жаңыдан куруу зарыл болууда. 950 окуучу тамактана турган ашканасында 72 стаканы бар, ашканасында эмеректери жок, кранттарынан суу агып жатат. Котельнийин печкасынын бири начар абалда аны ремонттоо зарыл. Спорт эмеректери, канцелярдык товарлары жок.

         - Ай Шоола (Чебурашка) №1 балдар бакчасында Балдар саны 260. Тарбиячылар 7, поварлар 3.  Балдар бакчасына жардам керек. Мусорго контейнер жок, тратуарлар жаман. Кроваттар жетишпейт. Шкафтар жараксыз, матрастар, постелдер жетишпейт. Бакчага жаңы эмеректерди сатып алуу керек. Бакчага көзөмөлдөө камерасы зарыл.

        - Булбулча №3 балдар бакчасында балдардын саны 185. Тарбиячылар 24. Бала бакчага жардам зарыл. Кроваттар, постелдер, матрастар жетишсиз. Шкафтар, стол-стулдар, вешалка, умывалниктер жана көзөмөл камералары зарыл. Бардык балдар бакчаларына камера зарыл. Тратуарларды жаңылоо керек.

         - Ай-Мээрим №2 балдар бакчасында балдар саны 241. 31 кызматкерлер эмгектенет. Бардык бала бакчаларга жардам зарылдыгы Өзгөн шаар мэриясына билдирилет. Өрткө каршы тактачасы жок.

         - ДОЦто (балдарга билим берүү борбору). мугалимдердин саны 10, алардын 2 пенсионерлер. Окуучулар саны 354. 3-11-класска чейин окуучулар окуйт. Отурган жери шаардык билим берүү бөлүмүнүн имаратында жайгашкан. Окуучулардан 100 сомдон взнос топтолуп, акча банк аркылуу иштетилет. 5 окуу кабинети бар. Окуу кабинети, доска, парта, стулдар жетишпейт. Ремонтко  мэриядан акча берилбейт. Компьютерлери иштебейт. Окуучулар үчүн  шарт түзүлгөн эмес, ажатканасы жок. Мэрия балдарга билим берүү борборуна жардам берүүсү зарыл.

         - ДЮКФПнын (балдар жана өспүрүмдөрдү дене-тарбияга даярдоо клубу) директору В.И. Ленин атындагы №2 орто мектебинин дене-тарбия мугалимдери менен тар бөлмөдө бирге олтурушат. Мугалимдердин саны 14 алардын ичинен 2 пенсионерлер. Окуучулар саны 645. ДЮКФП кызматкерлеринин отурган жери жок. Стол, стул, компьютер жок. Машыктыруу үчүн балдарга спорттук инвентарлар жетишпейт. Кандай шартта балдарды дене-тарбияга даярдайт? Аларга жардам берүү зарыл.

        - БЧБда (балдардын чыгармачыл борбору) мугалимдердин саны 11, окуучулар саны 300, 20 группа бар. БЧБ К. Датка атындагы №7 орто мектебинде жайгашкан. Ийримдердин окуучулары Республикалык, облустук конкурстарга, семинарларга катышып турушат. Имарат маселесин карап жабдыктар менен жардам берүү керек.

        - Өзгөн шаар билим берүү бөлүмүнүн аппаратында 3 кызматчы, бухгалтерияда 7 кызматкерлер иштейт. Ремонтко, инвентарга мэрия тарабынан акча берилбейт.

 

 

«Социалдык маселелер, гендер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусу

 

  1. Шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу мекемелердин жүргүзүп жаткан иштеринде кетирилген кемчиликтерин жоюнун үстүндө иш алып баруу сунушталсын жана жүргүзүп жаткан иштери кетирилген кемчилдиктерди эсепке алуу менен каанаттандырарлык деп белгиленсин.
  2. Окуучулардын сабактарга катышуусу боюнча ата-энелер, кварталдык комитеттердин төрагалары жана коомчулук менен тыгыз байланышта иштөө боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу, аны көзөмөлгө алуу жагы шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н. Шамаматовко милдеттендирилсин.
  3. Окуучуларга сапаттуу билим берүү, бүтүрүүчүлөрдү жалпы республикалык тестирлөөдөн өткөрүүдө максималдуу жогорку баллга жетишүү боюнча изилденүү шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Шамаматовко милдеттендирилсин.
  4. Шаардык билим берүү бөлүмүнө билим берүү багытында реформа жасоо боюнча переспективалык пландарды иштеп чыгуу жагы милдеттендирилсин.
  5. Окуучуларды окуу китептери менен толук камсыздоо боюнча жеткиликтүү иштер алып барылсын.
  6. Предметтер боюнча жетишпеген мугалимдерди даярдоо боюнча иш планы иштеп чыгылсын.
  7. Башталгыч класстар боюнча шашке тамактын сапатын дайыма көзөмөлдөп туруу жагы тийиштүү кызматкерлерге милдеттендирилсин.
  8. Шаардык билим берүү мекемелеринин тазалыгын сактоо, территориясын көрктөндүрүү мекеме жетекчилери тарабынан көзөмөлгө алынсын.
  9. Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н. Шамаматовко окуучуларга татыктуу тарбия, өнөр, сапаттуу билим жана дене-тарбияны чындоо максатында жогорудагы мекемелердин материалдык техникалык базасын чындоо, керектүү жардамдарды көрсөтүүнү изденүү жагы милдеттендирилсин.

- мугалимдердин сабак өтүүсүн, иш кагаздары менен иштөөсүн катуу көзөмөлгө алышсын.

- сабак өтүүнү. машыктырууну үзгүлтүккө учуратпоо үчүн иш чараларды көрүшсүн.

  1. Туруктуу комиссия шаар мэриясына билим берүү мекемелеринин инфраструктурасын жакшыртууну изилденип, мыйзамга ылайык ал иштерди титулга киргизип, жергиликтүү бюджеттин эсебинен аткарууну сунуштайт.

 

 

 

  

«Социалдык маселелер, гендер, билим берүү,

саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар

саясаты жана спорт боюнча»

туруктуу комиссиянын төрагасы:                                            Б. Азимжанов

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги

XV сессиясынын отурумунун

                              

ТОКТОМУ                         

                          

2018-жылдын  20- декабры  № 15/ 3            Өзгөн шаары

 

Өзгөн шаардык кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөр жана  толуктоолор киргизүү жөнүндө

 

       Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XV сессиясынын отуруму күн тартибине Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамына ылайык жана Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 12-декабрындагы №5 протоколунун негизинде киргизилген маселени угуп жана талкуулап,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Өзгөн шаардык кеңешинин Регламентине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
  • 3-бапынын 3.2. пунктундагы "үчтөн экисинен кем эмеси" деген сөздөр "көпчүлүгү" деген сөзгө алмаштырылсын.
  • 5-бапы 5.32 пункту менен “шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары шаардык кеңеште бекитилген иш-планга ылайык жана мыйзам менен белгиленген маселелерди өз убагында аткарууга тийиш, жүйөөлүү себептерсиз аткарбаган учурда тийиштүү туруктуу комиссия тарабынан аларга чара көрүү маселеси сессияга сунушталат” деп аныкталсын.
  • 7-бапынын 7.6. пункту «Шаардык кеңеште көпчүлүк коалиция таратылган мезгилде мурда бекитилген туруктуу комиссиялардын курамы жаңы комиссиялардын курамы сессияда бекитилгенге чейин шаардык кеңештин иш-планында каралган жана мыйзамдарга ылайык каралуучу маселелерди өз отурумдарында кароого милдеттүү» -деп толукталсын.
  • 12-бапынын 12.1. пунктунун алтынчы абзацы «Шаардык кеңештин сессиялары коомчулук үчүн ачык. Сессиялардын күн тартибиндеги маселелер кварталдык комитеттердин төрагалары, массалык маалымат каражаттарына жарыялоо аркылуу сессияга 3 күн калганга чейин коомчулукка жеткирилет. Ар бир жаран сессияга 2 күн калганга чейин жараандыгын тастыктоочу документи (паспортунун көчүрмөсү) менен сессияга катышуусун билдирип арыз менен төрагага кайрылса, шаардык кеңеште катталып сессияга катышууга укугу бар.”-деп толукталсын.
  • 12-бапынын 12.4. пунктундагы "2" деген сан "4" деген санга алмаштырылсын.
  • 14-бапынын 14.4. пунктундагы "үчтөн экиси" деген сөздөр "көпчүлүгү" деген сөзгө алмаштырылсын.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага                                  А. Джалилов

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XV сессиясынын отурумунун

                   

ТОКТОМУ                        

                         

2018-жылдын  20- декабры  № 15/4                             Өзгөн шаары

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин «Өзгөн шаарынын Ардактуу Атуулу» жөнүндөгү жобосуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

  

       Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген «Өзгөн шаарынын Ардактуу Атуулу» жөнүндөгү жобого өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясынын  2018-жылдын 12-декабрындагы №5 протоколунун негизинде киргизилген маселени угуп жана талкуулап, 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. «Өзгөн шаарынын Ардактуу Атуулу» жөнүндөгү жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
  • 3-беренесиндеги "3" деген сан "5" деген санга алмаштырылсын.
  • 7-беренесиндеги "ардактуу наамын тастыктоочу күбөлүк" деген сөздөн кийин "жана «Өзгөн шаарынын Ардактуу Атуулу» деген жазуу түшүрүлгөн куттуктоо тасмасы" - деген сөз менен толукталсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага                                  А. Джалилов

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги

XV сессиясынын отурумунун

                             

 ТОКТОМУ         

                         

2018-жылдын  20 - декабры  № 15/5                                       Өзгөн шаары

 

Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттарынын этика кодексин бекитүү жөнүндө

 

            Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XV сессиясынын отуруму күн тартибине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 24-июлундагы №01-18/89 буйругунун жана Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына 2018-жылдын 12-декабрындагы отурумунун №5 протоколунун негизинде киргизилген маселени угуп жана талкуулап,                                       

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттарынын этика кодекси тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

  1. Өзгөн шаардык кеңешинде депутаттык этика эрежелеринин сакталышын жана депутаттардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

  1. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы шаардык кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага                                          А. Джалилов

 

 

Өзгөн  шаардык кеңешинин       2018-жылдын 20 - декабрындагы кезектеги XV сессиясынын              № 15/5 токтомунун тиркемеси

 

 

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ДЕПУТАТТАРЫНЫН ЭТИКАЛЫК КОДЕКСИ

 

Бул Кодекс Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттарына сөзсүз аткарууга милдеттүү болгон моралдык принциптерин жана жүрүм-турум эрежелерин аныктайт.

Депутаттык этика – бул депутаттардын депутаттык ыйгарым укуктарын  жүзөгө ашыруу учурундагы негизги моралдык жана адептүүлүк жүрүм-турум нормаларынын жыйындысы.

Ар бир депутат өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууда үлгү болууга умтулуп, кынтыксыз кесиптик жана жарандык беделге ээ болуусу керек.

 

  1. ЖАЛПЫ ЖОБО

 

  • Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттары (мындан ары - депутаттар) шаар калкынын өкүлү катары өзүнүн ишмердүүлүгүндө алардын кызыкчылыктары ошондой эле социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүү максаттарын жетекчиликке алуу керек.
  • Депутаттар өз макамын шаардын жана алардын жашоочуларынын кызыкчылыктарына зыян келтирген аракеттерге жумшабаш керек.
  • Депутаттар өз аракеттерин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун Жобосуна,  шаардык кеңештин регламентине жана башка  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде жүргүзүшөт.
  • Депутаттар өздөрүнүн ишмердүүлүгүндө, анын ичинде депутаттык ыйгарым укуктарын аткарбаган учурларда дагы, жалпыга таанылган моралдык жана адептүүлүк нормаларды жетекчиликке алуу керек.
  • Депутаттар депутаттын жана шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аброюна шек келтирүүчү аракеттерден жана жоруктардан алыс болуш керек.
  • Депутаттар өзүнүн кадырын сактоо менен бирге башка депутаттардын, кызматтык адамдардын жана жарандардын кадырын сыйлаш керек.
  • Депутаттар өзүнүн депутаттык мандатын депутаттык ишмердүүлүккө тиешеси жок максаттарга пайдалана албайт.

 

  1. ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТТАРЫНЫН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ ТИЙИШТҮҮ ДЕПУТАТТЫК ЭТИКАНЫН ЭРЕЖЕЛЕРИ

 

2.1.   Депутаттар  шаардык кеңештин ишине өзүнүн позициясын коркутуп-үркүтүү, кескин талаптарды коюу жана башка ушул сыяктуу аракеттерди жасабай иштиктүү жана жөндүү катышууга тийиш. 

2.2. Ар бир депутат шаардык кеңеште иштиктүү кызматташтык жана өз ара колдоо, ак ниеттүү жана жолдоштук чөйрөнү түзгөнгө жардам кылат.

2.3.  Депутаттар өзүнүн жумушун каралып жаткан маселелер боюнча теңчиликтин негизинде жана эркин жамааттык талкуулоо принцибинде чечим кабыл алып, ар түрдүү пикирлерди сыйлоо менен, чыр-чатакка жеткирбей, пикир келишпестиктерди талкуулоо менен чечүү жолдорун табуу менен жүргүзүү керек.

2.4. Депутаттар бири-бирине жана жыйындар өтүүчү залдагы бардык катышуучуларга расмий түрдө кайрылуу керек. Ыгы жок теңтушсунуп жана тоотпостук менен кайрылууларга жол берилбейт.  Шаардык кеңештин сессия жана комиссиялары өтүп жаткан учурларда депутаттар иштиктүү стилде кийинүү керек.

2.5.   Депутаттар чыгып сүйлөөрдүн алдында өзүнүн айта турган сөзүн даярдап анан сүйлөш керек. Талкууланып жаткан маселе боюнча так жана багыттуу, жеткиликтүү тил менен, ар кандай мааниси жок сөздөрдү колдонбой сүйлөш керек. Депутаттарга  шаардык кеңештин жана комиссиялардын иши жүрүп жаткан учурда уюлдук телефон аркылуу сүйлөшүүгө тыю салынат.

2.6. Депутаттар, калктын кызыкчылыктарын көрсөтүүдө башка депутаттардын ынанымына, салттарына, этникалык жана социалдык топтордун, диний конфессиялардын маданий өзгөчөлүктөрүн сыйлоо жана чыдамдуулук менен мамиле кылуу керек. Этностор аралык жана конфессия аралык биримдикке жана тынчтыкка жардам берет.

2.7. Депутаттар  шаардык кеңештин тийиштүү комиссияларынын отурумдарына катышууга тийиш. Депутат  шаардык кеңештин отурумдарына жүйөсүз катары менен 3 жолу катышпаса депутаттык милдетин аткарбагандыгы тууралуу маселе депутаттык этика боюнча комиссияда каралат.

Жүйөлүү себептер менен жыйындарга катышууга мүмкүнчүлүгү болбосо, депутат жыйынга чейин 2 күндөн кечиктирбей  шаардык кеңештин төрагасына маалымдап коюу керек.

Жүйөлүү себептерге депутаттын ооруп калуусу, командировкада жана эмгек өргүүсүндө болуусу, маанилүү үй-бүлөлүк жагдайлар кирет.

2.8.  шаардык кеңештин сессиясында каралып жаткан маселеде катышып жаткан депутаттын, же анын жакындарынын финансылык же кандайдыр бир жеке кызыкчылыктары болсо, токтоосуз түрдө бул жөнүндө маалымдап, бул маселе боюнча добуш берүүдөн баш тартышы керек.

2.9. Депутаттар өздөрү кабыл алган  шаардык кеңештин Регламентин, анын талаптарын жана тартипти сактоого чакырган сессияда төраганын талаптарына баш ийиши керек. Жүйөлүү себепсиз сессияга, комиссиялардын ишине, депутаттык угууларга жана башка  шаардык кеңештин иш-чараларына кечикпей келиши керек.

2.9.1.   Шаардык кеңештин депутаттарына – отурумду үзгүлтүккө учуратып же жөнү жок себептер менен башка шылтоо айтып нааразылык көрсөтүү иретинде отурум өтүп жаткан залдан чыгып кетүүгө, сөз берилбесе деле сүйлөөгө, күн тартибине коюлган маселеден сырткары же мааниси жок сүйлөгөнгө, кыйкырууга жана сүйлөп жаткан адамдын сөзүн бөлүп жарууга болбойт.

2.9.2  Депутат  шаардык кеңештин отурумунда, депутаттык угууларда, туруктуу комиссиянын жана жумушчу топтордун ишине катышып жатканда отурумга төрагалык кылуучуга, башка депутаттарга, аткаруу органынын аппаратынын кызматкерлерине жана  шаардык кеңештин отурумуна катышып жаткан башка адамдарга сылык мамиле кылуу менен адептүүлүгүн көрсөтүп, сый урмат менен мамиле кылуусу керек.

2.9.3. Депутат орой сөздөрдү колдонуп жана одоно мамилелерди жасабашы керек.

2.9.4. Депутаттар депутаттык ишмердүүлүгүн аткаруу учурунда жана аткарбай жүргөн убагында үчүнчү тараптан   белектерди, акча түрүндө акы албашы керек жана алардын кызматынан пайдаланууга болбойт.

2.9.5. Депутаттар  шаардык кеңеште сый акы алып кимдир бирөөнүн кызыкчылыгын сүрөмөлөөгө укуксуз.

 

III. ДЕПУТАТТАРДЫН ШАЙЛООЧУЛАР МЕНЕН ӨЗ АРА МАМИЛЕЛЕРИНДЕГИ ДЕПУТАТТЫН ЭТИКАЛЫК ЭРЕЖЕЛЕРИ

 

3.1. Депутаттар өздөрүнүн округундагы шайлоочулар менен тыгыз байланышта болуусу керек, депутаттар шайлоочуларынын алдында жоопкер жана отчет берип турат. Депутаттар шаардагы бардык жашоочулардын кызыкчылыгын көздөйт.

3.2. Депутаттар менен шайлоочулардын ортосундагы мамиле сый урмат, сылык мамиле жана жарандардын кайрылууларына жана арызданууларына ыкыластуулук менен жасалган мамиледен куралат.

3.3. Депутаттар өздөрүнүн шайлоочуларынын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын  коргоого чараларды көрөт: шайлоочулардан түшкөн кайрылууларды жана арыздарды кароодо өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде чечүүгө милдеттүү.

3.4. Депутаттар шайлоочуларынын алдында жылына 1 жолудан кем эмес  отчет берет, өзүнүн  шаардык кеңештин сессиясынын отурумундагы ишмердүүлүгү боюнча шайлоочулары менен болгон жолугушууларды жалпыга маалымдо каражаттары аркылуу билдирип турат. Шайлоочуларга берилген маалыматтар толук, анык жана обөективдүү болушу керек.

3.5. Депутаттар ай сайын белгиленген график боюнча шайлоочуларды жеке кабыл алууну жүргүзөт.

3.6. Депутаттар дайыма чыдамкайлыкты жана сыпайы, сылыктыкты көрсөтүүсү керек, айрыкча депутаттын ой пикири менен шайлоочунун ой пикири дал келбей калган учурда.

 

  1. ДЕПУТАТТЫН МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАР, ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫ, ЮРИДИКАЛЫК ЖАНА ФИЗИКАЛЫК ТАРАПТАР МЕНЕН ӨЗ АРА МАМИЛЕЛЕРИНДЕГИ ДЕПУТАТТЫК ЭТИКАНЫН ЭРЕЖЕЛЕРИ

 

  • Депутаттар атайын ыйгарым укуктарга ээ болбогон учурда шаардык кеңештин атынан чыгуусуна, анын атынан мамлекеттик аткаруу органдарынын,  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка уюмдардын алдында расмий билдирүүлөрдү жасоого укугу жок.
  • Депутаттар депутаттын макамына байланыштуу мүмкүнчүлүктөрүн мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана физикалык тараптар менен болгон мамилелеринде өз кызыкчылыгына пайдаланбашы керек.
  • Депутаттар шаардык кеңештин расмий бланкаларын депутаттын ыйгарым укуктарынын чегинде талаптарды чечүүдө, расмий каттарды жана документтерди жөнөтүүдө гана пайдаланууга милдеттүү.
  • Депутаттар депутаттык ишмердүүлүгүн аткарууга байланышпаган учурда шаардык кеңештин имаратын, телефондорун, автотранспортун жана башка материалдык-техникалык каражаттарын пайдаланууга болбойт.
  • Депутаттардын ыйгарым укуктарын аткаруу учурунда белгилүү болуп калган маалыматтарды жайылтууга болбойт, эгерде ал маалыматтар:

- мамлекеттик, коммерциялык же кызматтык сыр болсо;

- жарандардын жеке турмушу менен, юридикалык тараптардын ишкердик бедели жана ишмердүүлүгү менен байланыштуу болуп, аны жарыя кылбоо боюнча  депутатка ишеним берилген болсо.

  • Депутат жарандардын жеке турмушу же үй-бүлөгө байланышкан маалыматтарды, юридикалык тараптардын ишкердик бедели жана ишмердүүлүгү боюнча жарыяланбай турган талаптарды атайлап же байкабастыктан олдоксон бузган болсо тараптардан кечирим суроосу керек.
  • Депутаттардын чет мамлекеттерге баруусундагы жүрүм-туруму Кыргыз Республикасынын жаранынын беделин жана депутаттык корпустун кадыр баркын көтөрүүгө багытталыш керек.
  • Депутаттар чет өлкөлөрдөгү сапарларында барган мамлекеттердин өзгөчөлүктөрүн, салт-санаасын жана мыйзамдарын сыйлоосу керек, этиканы сактап, конфликтик кырдаалды болтурбоого милдеттүү.

 

  1. ДЕПУТАТТАРДЫН ЭЛ АЛДЫНДА ЧЫГЫП СҮЙЛӨӨ ЭТИКАСЫ

 

5.1. Депутаттар  шаардык кеңештин отурумунда, депутаттык угууларда, жалпыга маалымдоо каражаттарындагы чыгып сүйлөөлөрүндө, мамлекеттик бийлик органдарынын,  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жана жарандардын ишмердүүлүгү боюнча баяндама жасаганда текшерилген анык фактыларга гана таянышы керек.

5.2. Депутаттар эл алдында чыгып сүйлөгөндө же жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу билдирүүлөрдү жасаганда сылык сыпайы болуп, жарандардын, кызмат адамдарынын абийирин, ар-намысын каралоого, юридикалык жана физикалык тараптардын ишкердик беделин булгоого жол бербеш керек. 

5.3. Депутаттардын эл алдына чыгып сүйлөө учурунда жана билдирүүлөрүндө такталбаган фактылар айтылып калган болсо, ошондой эле жарандардын  абийирин, ар намысын каралоого, юридикалык жана физикалык тараптардын ишкердик беделин түшүрүүгө атайын же кандайдыр бир себептер менен аракеттер жасалса, депутаттын эл алдында кемчилдигин мойнуна алуу менен  алардан кечирим суроого милдеттүү.

Ушул пункт менен белгиленген депутаттын жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алдында ушул бөлүм боюнча тартип бузуу жоопкерчиликке тартуудан бошотпойт.

 

  1. ДЕПУТАТТЫН ЭТИКАЛЫК КОДЕКСИН САКТОО БОЮНЧА КӨЗӨМӨЛ ЖАНА АЛАРДЫ БУЗГАНДЫГЫ ҮЧҮН ДЕПУТАТТЫН ЖООПКЕРЧИЛИГИ

 

6.1. Депутаттардын депутаттык этикасы боюнча Эрежелеринин сакталышын Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясы көзөмөлдөйт.

Комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү депутаттар тарабынан депутаттык этиканын сакталышы боюнча тийиштүү чараларды көрүүгө милдеттүү.

6.2. Депутаттык этиканын эрежелерин бузуу боюнча маселени Комиссия өзүнүн демилгеси менен же  шаардык кеңештин демилгеси боюнча карай алат.

6.3. Депутаттардын этикасын бузуу далили боюнча маселени кароо үчүн Комиссияга шаардын жашоочулары, мамлекеттик бийликтин жана  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, ишкана, уюмдардын жана коомдук уюмдардын, бирикмелердин өкүлдөрү арыз менен кайрыла алат.

6.4. Депутаттардын этиканы бузгандыгы боюнча күнөөлөгөндө депутаттар Комиссияга кагаз жүзүндө документтерди көргөзүү менен негизделген каршылык көрсөтүүгө жана күнөөлөнгөндүгү боюнча оозеки түшүндүрмө бергенге укуктуу.

6.5. Депутаттардын ар намысына, кадыр баркына, ишмердүүлүк беделине шек келтирген негизсиз арыздануу боюнча депутаттар өздөрүнүн укугун мыйзамга каршы келбеген ыкмалар менен коргонууга укуктуу.

6.6. Депутаттардын мамлекеттик бийлик органдарына,  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына же сот органдарына ар намысын, кадыр баркын, ишмердик беделин коргоо боюнча Комиссияга кайрылуусуна аткаруу органдарынын аппараты депутаттын ар намысын коргоо боюнча көмөк көрсөтөт жана керектүү учурда анын кызыкчылыгын сот органдарынын алдында коргоого көмөктөшөт.

6.7. Комиссия депутаттын этикалык Кодексин бузуу боюнча маселени кароодо депутаттын этикалык Кодексин бузулгандыгы же бузулбагандыгы бар же жок экендигин аныктаган чечим кабыл алат.

6.8. Депутаттардын этикалык Кодексин бузуу фактысы Комиссиянын рекомендациясы боюнча гана каралат. Депутаттар тарабынан  шаардык кеңештин отурумунда ушул эрежелердин бузулуусуна карата  шаардык кеңештин Регламентинде белгиленген тартипте жоопкерчилик чаралары колдонулушу мүмкүн.

6.9.  шаардык кеңеште депутаттын этикалык Кодексин бузган адамга төмөндөгүдөй чаралар көрүлүшү мүмкүн:

-депутаттын этикалык Кодексине туура келбеген жүрүм-турумун токтотууну сунуштайт жана кечирим суроону талап кылат.

-депутаттын этикалык Кодексин бузган факты боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу округдун шайлоочуларына жана мүчөлүгүнө жараша саясий партиясынын башкаруу органдарына маалымдайт.

6.9.1. Ушул пунктта белгиленген эрежелерди депутат одоно түрдө бузган болсо, Комиссия тарабынан этикалык Кодексин бузган депутатка чара көрүү маселеси  шаардык кеңештин сессиясына чыгарылат.

 Шаардык кеңеш депутаттын жоопкерчилиги боюнча маселени алдын ала Комиссиянын кароосу жок эле чечет. Этика кодекси одоно бузулгандыгын  шаардык кеңеш аныктайт.

6.9.2. Депутаттын  шаардык кеңеште жана анын органдарында өз милдеттерин системалуу түрдө аткарбай жүргөн учурда,  шаардык кеңештин иштөө тартибин бузган учурда Комиссиянын алдын ала кабыл алган чечими менен  шаардык кеңеш шайлоочуларга депутаттын өз милдеттерин аткарууга болгон мамилеси боюнча билдирет.

 

  

Жооптуу катчы:                                               Н. Мамадалиев

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги

XV сессиясынын отурумунун

 ТОКТОМУ         

                         

2018-жылдын  20-декабры      № 15/6           Өзгөн шаары

 

Өзгөн шаарында бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия тууралуу жобону жана бузуулар боюнча комиссия курамын бекитүү

 

            Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XV сессиясынын отуруму күн тартибине Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндөгү кодексинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 17-октябрындагы №01-18/26 буйругунун, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 3-декабрындагы №1126,  2018-жылдын 10-декабрындагы №1149 каттарынын жана Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына 2018-жылдын 12-декабрындагы отурумунун №5  протоколунун негизинде киргизилген маселени угуп жана талкуулап,                                      

                                    

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Өзгөн шаарында бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия тууралуу жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

  1. Бузуулар боюнча комиссия курамы депутаттардын сунушун эске алуу менен 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

  1. Комиссияга Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексине жана КР башка мыйзамдарына ылайык иш жүргүзүү милдеттендирилсин.

 

  1. Бул жобону Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы шаардык мэриянын аппаратына милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                          А. Джалилов

 

Өзгөн шаардык кеңешинин       

 2018-жылдын 20 - декабрындагы кезектеги

XV сессиясынын №15/6 токтомунун № 1 тиркемеси

 

 

Өзгөн шаардык мэриянын Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча

Комиссиясынын Жобосу

 

  1. Жалпы жоболор
  2. Өзгөн шаардык мэриянын Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Комиссиясынын Жобосу (мындан ары-Жобо) Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 13-апрелиндеги №58 “Бузуулар жөнүндө кодексинин” (мындан ары - Кодекс) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 17-октябрындагы №01-18/126 буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу” Типтүү Жобонун негизинде иштеп чыгылып, бул жобо, Өзгөн шаардык мэриянын “Бузуулар боюнча комиссиясын (мындан ары - Комиссия) түзүүнүн жана анын ишинин тартибин аныктайт.
  3. Комиссия Өзгөн шаардык мэриянын сунушу (мындан ары-мэрия) менен Өзгөн шаардык кеңеши (мындан ары –шаардык кеңеш) тарабынан түзүлөт, б.а. Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана персоналдык курамы шаардык кеңештин чечими менен бекитилет жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет.
  4. Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө кодексин”, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алып, кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
  5. Комиссия жыл сайын, 15-январдан кеч эмес өткөн календарлык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап шаардык кеңешке киргизет.
  6. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо шаардык бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.

 

  1. Комиссияны түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтотуунун тартиби

 

  1. Комиссия так санда, 5-11 адамдан, Комиссиянын төрагасынын, төрагасынын орун басарынын, катчысынын жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.
  2. Комиссиянын курамына төмөндөгүлөр киришет:

- шаардык кеңештин депутаттары;

- мэриянын кызматчылар;

- шаардын чегинде жашаган жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).

Комиссиянын төрагасы комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен, ал эми Комиссиянын катчысы мэриянын муниципалдык кызматчысы болгон Комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен дайындалат (шайланат).

  1. Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн 21 жашка толгон, эң кеминде атайын орто билимге болгон Кыргыз Республикасынын жараны Комиссиянын мүчөсү боло алат.
  2. Соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган; соттулугу бар же мыйзамда аныкталган тартипте алынбаган же жабылбаган соттулугу бар; акталбаган негиздер боюнча соттук куугунтуктоосу (жазык иши) токтотулган, мурда жазык жоопкерчилигине тартылган; медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалы Комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган адамдар Комиссиянын мүчөсү боло албайт.
  3. Комиссиянын иштеп жаткан курамынын ыйгарым укуктары шаардык кеңеш Комиссияны түзүү жөнүндө чечим кабыл алган күндөн тартып башталат жана Комиссиянын жаңы курамы бекитилген учурдан тартып токтотулат.
  4. Төмөнкү учурларда комиссия мүчөсүнүн ыйгарым укуктары токтотулат:

- өз ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу жазуу жүзүндо арыз бергенде;

- муниципалдык кызматын токтоткондо;

         - соттун ага  айыптоочу өкүмү күчүнө киргенде;

-күчүнө кирген соттун чечими менен  жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген, дайынсыз жок болгон же өлгөн деп табылганда;

- медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалы ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылганда;

-  өзүнүн намысын жана кадыр-баркын кетирүүчү жосун жасаганда;

-  комиссиянын мүчөсү өлгөндө;

- Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жерге туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде;

-Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо же чет мамлекеттин жарандыгын алганда;

- шаардык кеңештин депутаты катары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганда;

- жарандык коом жана жергиликтүү жамаат тарабынан өз өкүлүн кайра чакырып алганда.

  1. Комиссиянын жаңы мүчөсү Комиссиянын мурдагы мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан 15 календарлык күндөн кеч эмес бекитилет.
  2. Комиссиянын ыйгарым укуктары Комиссия өз ыйгарым укуктарын аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарганда шаардык кеңештин чечими менен токтотулушу мүмкүн.
  3. Комиссиянын жаңы курамы Комиссиянын мурдагы курамынын ыйгарым укуктары токтотулгандан 5 календарлык күндөн кеч эмес мөөнөттө түзүлөт.
  4. Комиссиянын ишинин тартиби

 

  1. Комиссия бузуулар жөнүндө иштерди Кодекске ылайык отурумдарда карайт. Комиссиянын отурумдары зарылчылыгына жараша (материалдардын түшүшүнө карата) өткөрүлөт. Комиссиянын отурумдарынын мезгилдүүлүгү бузуулар жөнүндө иштерди кароонун мыйзам тарабынан аныкталган мөөнөттөрүн сактоого тийиш.
  2. Комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн үчтөн экиси катышса, Комиссиянын отуруму укуктуу болуп, комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе чечим кабыл алынды деп эсептелет.
  3. Бузуулар жөнүндө ишти Комиссия иштин материалдары келип түшкөндөн баштап, Кодексте аныкталган тартипте он күндүк мөөнөттө карайт.
  4. Мэриянын жетекчилиги өз чечимдери менен бузуулар жөнүндө протокол түзүү боюнча ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмегин аныктайт.
  5. Комиссия чечимди аныктама же токтом түрүндө чыгарат, анда комиссия, ишти карап чыгып, төмөндөгү токтомдордун бирин чыгарат:

1) жаза чарасын колдонуу жөнүндө;

2) туумду кошуп эсептөө жөнүндө (Кодекстин 29-беренеси);

3) иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө.

4) ишти кароо Комиссиянын компетенциясына кирбей тургандыгы ачыкталган кезде, ишти ведомстволук караштуулугу боюнча өткөрүп берүү жөнүндө аныктама чыгарат.

  1. Иш боюнча чыгарылган токтомго даттануу тартиби, жаза чаралары жана кошумча укуктук кесепеттер жөнүндө токтомду аткаруунун тартиби Кодексте каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

 

  1. Комиссиянын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери

 

  1. Комиссиянын ишмердүүлүгүн Комиссиянын төрагасы уюштурат. Бузуу жөнүндө иштерди кароодо Комиссиянын мүчөлөрү бирдей укукка ээ.
  2. Комиссиянын мүчөлөрү төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- каралып жаткан бузуу жөнүндө иштердин материалдары менен таанышууга;

- бузуу жөнүндө иштер боюнча иликтөөгө жана далилдерге баа берүүгө катышууга;

-чечим чыгарып жатканда талкуулоого жана добуш берүүгө катышууга;

- жүрүм-турумдун этикасынын эрежелерин сактоого;

- отурумдун  протоколуна кол коюуга.

  1. Комиссиянын мүчөлөрү төмөндөгүлөргө укуктуу:

- бузуу жөнүндө иштерге катышып жаткан адамдарга суроолорду берүүгө;

- бузуу жөнүндө иштер боюнча кабыл алынып жаткан чечимдер боюнча сунуштарды кийирүүгө жана Кодексте каралган башка укуктарга.

  1. Комиссиянын төрагасы, Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары, төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- Комиссиянын ишмердүүлүгүн пландаштыруу, уюштуруу жана жетектөөгө;

- Комиссиянын отурумдарында төрагалык кылууга;

- Комиссиянын отурумунун күн тартибин бекитүүгө;

-чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго), ошондой эле Комиссиянын башка документтерине кол коюуга;

- Комиссиянын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүүгө.

  Комиссиянын төрагасы, Комиссиянын мүчөсүнүн укуктарынан сырткары, төмөнкүдөй укуктарга ээ:

- өз компетенциясынын чегинде Комиссиянын атынан ишеним катсыз аракеттерди жасоого жана мамлекеттик бийликтин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары жана жарандар менен болгон мамилелерде комиссиянын кызыкчылыктарын билдирүүгө;

- Комиссиянын ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча тапшырмаларды берүүгө;

- ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка укуктарга.

  1. 26. Комиссиянын төрагасынын орун басары Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары:

- бузуулар жөнүндө иштерди комиссиянын отурумунда кароого алдын-ала даярдоону уюштурат;

-  Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;

- Комиссиянын төрагасы жок болгон учурда анын ыйгарым укуктарын ишке ашырат;

- ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка функцияларды аткарат.

  1. Комиссиянын катчысы, Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттерин аткаруудан сырткары:

- бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын кароосуна даярдоону уюштурат;

- өз ишмердүүлүгүн Комиссиянын төрагасынын жетекчилигинин астында ишке ашырат;

- Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;

- келип түшкөн материалдарды, билдирүүлөрдү жана арыздарды, ошондой эле бузуу жагдайы бар экендигин көрсөткөн, массалык маалымат каражаттарында (анын ичинде Интернетте) жарыяланган кабарларды кабыл алат жана каттайт;

- бузуулар жөнүндо протоколдорду, Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорду жана аныктамаларды Кодекстин жана ушул Жобонун талаптарына ылайык даярдоону жана тариздөөнү камсыз кылат;

- Комиссиянын мүчөлөрүн, бузуулар жөнүндө өндүрүшкө катышып жатышкан адамдарды талаптагыдай ишти кароонун убактысы жана орду тууралуу кабарландырат, аларды Комиссиянын кароосуна киргизилген иштердин материалдары менен тааныштырат;

- Комиссиянын отурумдарынын протоколун жүргүзөт жана тариздейт, аларга кол коет;

- Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго) кол коет;

- аныктамалардын жана токтомдордун көчүрмөлөрүн тиешелүү адамдарга белгиленген мөөнөттөрдө тапшырууну же жөнөтүүнү камсыз кылат;

- Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорго жана аныктамаларга даттанууларды кабыл алат, аларды кароону уюштурат;

- Комиссия тарабынан чыгарылган аныктамалардын жана токтомдордун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт;

- Комиссиянын иш кагаздарынын жүргүзүлүшүн жана сакталышын камсыз кылат;

- бузуулар жөнүндө иштерди кароонун тажрыйбасын иликтейт жана жалпылайт, комиссиянын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдайт;

- отчеттуулукту жана статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт;

- Кодекске жана ушул Жобого ылайык башка милдеттерди аткарат.

Комиссиянын катчысы убактылуу жок болгон учурда анын милдеттерин комиссиянын төрагасынын тапшыруусу боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн бири аткарып турат.

  1. Комиссиянын мүчөсү төмөнкү учурда бузуулар жөнүндө иштерди кароого катышууга акысы жок, эгер, ал;

- бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын, жабырлануучунун, анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, коргоочусунун, өкүлүнүн, адвокатынын, ошондой эле күбөсүнүн, эксперттин, адистин, котормочунун туугандары болсо;

- иштин чечилишине тике же кыйыр түрдө кызыкдар болсо.

 

  1. Комиссиянын иш кагаздарын жүргүзүү

 

  1. Иш кагаздарын жүргүзүүгө жалпы жетекчилик Комиссиянын төрагасы тарабынан ишке ашырылат, ал бул иштин абалы үчүн жоопкерчилик тартат.
  2. Эсеп журналдарынын сакталышы, аларга маалыматтардын өз убагында жана анык, так киргизилиши үчүн жоопкерчиликти Комиссиянын катчысы тартат.
  3. Бузуулар жөнүндө иш өндүрүшүнүн катышуучуларына бардык зарыл документтерди жөнөтүү Комиссиянын катчысы тарабынан жүргүзүлөт.
  4. Бузуулар жөнүндө иштер боюнча кабарламалар ишти кароонун датасы дайындалгандан кийинки күндөн кеч эмес жиберилет (кабарлоо формасы белгиленген, 3-тиркеме). Жиберилген кабарлама адресатка тапшырылбай калганы билинген учурда, комиссиянын жооптуу катчысы ошол замат тапшырылбай калуунун себептерин аныктоого, бул тууралуу Комиссиянын төрагасына билдирүүгө, анын көрсөтмөсү боюнча кабарламанын өз убагында тапшырылышын камсыз кылуучу чараларды көрүүгө милдеттүү.

Комиссиянын отурумуна келбеген адамдардын кабарламаларынын айырма бөлүгү ишке тигилет.

  1. Бузуу жасалган жерде айып пул өндүргөн учурда айып пулду төлөө банк картасын пайдалануу менен терминал аркылуу жүргүзүлөт, ал эми төлөөнүн мындай формасы мүмкүн болбогондо, Комиссиянын катчысы бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамга кабыл алынган үлгүдөгү, атайын финансылык отчеттулуктун документи болуп эсептелүүчү жана эки нускада түзүлүүчү айып пул дүмүрчөгүн (квитанциясын) берет. Жоопкерчиликке тартылып жаткан адам салынган айып пулду ыктыярдуу төлөөгө макулдугун билдирип айып пул дүмүрчөгүнүн (квитанциясынын) биринчи нускасына кол коет, экинчи нускасы жаза чарасы колдонулуп жаткан адамга берилет.
  2. Комиссиянын катчысы бузуулар жөнүндө иштерди түзүүнү, аларды төмөндөгүдөй хронологиялык тартипте топтоштуруп тигүүнү камсыздайт:

- бузуулар жөнүндө протокол жана ишке байланыштуу башка материалдар;

- отурумдун процессинде ишке кошулган, келип түшкөн иретинде жайгаштырылган бардык документтер;

- белгиленген тартипте кол коюлган комиссиянын отурумунун протоколу;

- ишти кароонун жыйынтыгында отурумда чыгарылган аныктамалар, токтомдор.

Бардык документтер көктөмөгө алардын тексти көрүнүп тургандай болуп көктөлөт.

  1. Комиссия тарабынан каралган бардык иштер эсепке алынууга жатат. Иштин номуру каттоо журналындагы катар номурун жана келип түшкөн жылды камтыйт.
  2. Бузуулар жөнүндө протокол түзүүчү кызмат адамдары бузуулар жөнүндө каралган иштер тууралуу маалыматтарды Комиссия менен ай сайын салыштырып турушат.
  3. Комиссия ай сайын Комиссия тарабынан салынган айып пулдардын келип түшүшүн казначылыктын райондук бөлүмү менен салыштырып, текшерип турат.
  4. 38. Комиссия төмөнкүдөй эсеп журналдарын жүргүзө алат:

- бузуулар жөнүндо иштерди эсепке алуу журналы;

- айып пул салынган адамдарды эсепке алуу журналы;

- бузууну жасоо үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдарга жиберилген кабарламаларды эсепке алуу журналы (№4-тиркеме).

  1. Журналдардын барактары номурланган, көктөлгөн, мөөр менен бекитилген болууга тийиш,эсеп журналындагы бардык жазуулар окуй алгыдай даана, көк же сыя көк түстөгү сыя (паста) менен жазылат.
  2. Журналдарды сактоо мөөнөтү 3 жыл. Бузуулар жөнүндо иштерди сактоо мөөнөтү 5 жыл. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганда алар тизим боюнча архивге тапшырылат.
  3. Эсепке алуу журналдары ички колдонуунун документтери болуп эсептелет жана мекеме-уюмдарга, жеке жарандарга же кызмат адамдарына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан сырткары, комиссиянын төрагасынын уруксаты менен гана берилет.

 

 

 

 

Жооптуу катчы:                                                  Н. Мамадалиев

 

 

Өзгөн  шаардык кеңешинин       2018-жылдын 20 - декабрындагы кезектеги XV сессиясынын№ 15/6  токтомунун  2- тиркемеси

 

 

Өзгөн шаарынын бузуулар боюнча административдик

комиссиясынын курамы

 

  1. Мамадалиев Шакир Шамшидинович-Өзгөн шаарынын 1-вице-мэри,
  2. Тайлаков Маматбек Капарович – Өзгөн шаар мэриясынын аппарат жетекчиси,
  3. Абдулкасимов Илхамжан Маматкасимович – Өзгөн шаар мэриясынын юристи,
  4. Калбердиев Сабырбек Арыккозуевич - Өзгөн шаар мэриясынын башкы адиси,
  5. Мусажанов Улугбек Тохтасинович - Өзгөн шаар мэриясынын жетектөөчү адиси,
  6. Шамуратов Улугбек Юлдашбаевич – жергиликтүү жамааттын өкүлү,
  7. Закиржан – коомдук уюмдун өкүлү,
  8. Ахмедов Хасилжан Садыкович – Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты,
  9. Мирзажанов Бахтиержон Камилжанович - Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты,
  10. Хурулбаев Мансуржон Мухтарович - Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты,
  11. Джакыпов Алмаз Назармаматович - Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты,

 

 

 

Жооптуу катчы:                                                   Н. Мамадалиев

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги

XV сессиясынын отурумунун

                              

ТОКТОМУ           

                         

2018-жылдын  20-декабры                 № 15/7                      Өзгөн шаары

 

Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы

МММБ департаментинин Жобосун бекитүү жөнүндө

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XV сессиясынын отуруму күн тартибине Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин 2018-жылдын 12-декабрындагы №849 катынын жана Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына 2018-жылдын 12-декабрындагы отурумунун №5 протоколунун негизинде киргизилген маселени угуп жана талкуулап,                

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

  1. МММБ департаментинин Жобосу депутаттардын сунуштарын эске алуу менен тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

  1. Бул Жобону Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Н. Абдурахмановго милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

                       Төрага                                                                     А. Джалилов

 

 

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин

2018-жылдын  “20” – декабрындагы

кезектеги XV сессиясынын

№15/7 токтому менен бекитилген

 

Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчиктеги мүлктү башкаруу департаментинин

 Жобосу

 

  1. I. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
  2. Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчиктеги мүлктү башкаруу департаментинин (мындан ары МММБ департаменти) ушул жобосу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Кодекстеринин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана аларга тиешелүү болгон ченемдик укуктук актылардын негизинде иштелип Өзгөн шаарында муниципалдык менчигиндеги объекттерди жана жерлерди башкаруу жана тескөөгө алуу боюнча Өзгөн шаардык мэриясынын ыйгарым укугун ишке ашыруу максатында түзүлүп, өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен бирге Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун колдонот.
  3. МММБ департаменти Өзгөн шаарында менчиктештирүүнү жана жер мамилелери тууралуу маселелерди экономикалык-укуктук жактан жөнгө салууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткаруучу орган болуп, Өзгөн шаардык мэриясынын түзүмүндөгү ыйгарым укуктуу мекеме катары Өзгөн шаардык мэриясы тарабынан уюштурулат.
  4. МММБ департаменти "Мекеме" деген уюштуруу-укуктук формадагы юридикалык фирмалык жак саналып, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган мөөрү, штампы, бланктары жана көрүнөө жекелештирилген каражаттары болот (имеет другие средства визуальной индивидуализации).
  5. МММБ департементинин өз алдынча балансы, алыш-бериш эсеби жана финансы-кредиттик мекемелерде башка эсептери болот. МММБ департаменти Кыргыз Республикасынын сот органдарында доогер болуп чыгуу менен жоопкер дагы болот.
  6. МММБ департаментти (б.а. анын жетекчилиги жана кызматчылары) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Өзгөн шаардык муниципалдык менчигиндеги мүлктү башкаруу маселелеринде жана  шаардын мүлкүнө болгон кызыкчылыктарын коргоодо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, Өзгөн  шаар мэриясынын тиешелүү документтерине жана ушул жобого  ылайык иш жүргүзөт.
  7. МММБ департаменти өзүнүн иш-аракетин мамлекеттик органдар, юридикалык жана жеке жактар менен байланыштуу болгон кээ бир иш аракеттерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык түзүлүүсү керек болгон келишимдердин негизинде жүргүзөт.                    
  8. МММБ департаменти башка юридикалык жактарды түзүүдө жана алардын иш-аракетин уюштурууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катыша алат.
  9. МММБ департаментинин фирмалык толук аталышы:

- мамлекеттик тилде: "Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчиктеги мүлктү башкаруу  Департаменти».

- расмий тилде: "Департамент по управлению муниципальной  собственностью при мэрии города Узген".

 Мекеменин фирмалык кыскартырылган аталышы:

- мамлекеттик тилде: «Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы МММБ Департаменти».

- расмий тилде: "Департамент по УМС при мэрии города Узген".

  1. МММБ департаментинин жайгашкан дареги: 723600, Кыргыз Республикасы, Ош облусу,  Өзгөн шаары, Ленин көчөсү № 117.
  2. МММБ департаменти өзүнүн ишмердүүлүгү боюнча Өзгөн шаар мэриясынын алдында жоопкер жана мэриянын жетекчилигине маалымат, отчет берүүгө милдеттүү.
  3. МММБ департаментинин жетекчилиги аткарылган иштер боюнча Өзгөн шаардык кеңешке отчет берет.
  4. МММБ департаментинин Жобосу департаменттин жетекчилиги тарабынан иштелип чыгылып, түзүлгөн штаттык бирдиги шаардын мэринин макулдугу менен департаменттин жетекчилиги тарабынан шаардык кеңешке бекитүү үчүн сунуш кылынат.
  5. II. МММБ департаментинин негизги кызмат милдеттери
  6. Департаменттин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

а) Өзгөн шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлктөрдү жана жер ресурстарын белгиленген тартипте натыйжалуу башкаруу жана тескөө;

б) менчиктин түрүнө карабастан бардык юридикалык жана жеке жактар тарабынан өзүнүн ыйгарым укуктарынын жана жарандык-укуктук мамилелердин чектеринде Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин талаптарынын сакталышын камсыз кылуу;

в) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Өзгөн шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик-укуктук актыларынын негизинде Өзгөн шаардык мэриясынын кыймылсыз мүлктөрүн жана башка менчиктин объекттерин менчиктештирүү чөйрөсүндөгү саясатын ишке ашыруу;

г) шаардык жер саясатты, анын ичинде, шаардык жерлерди, жер үчүн акынын өлчөмдөрүн баалоо жана аларды алуу тартибинин методологиясын жана критейрилерин, шаардык жерлерди жогорку денгээлде натыйжалуу пайдаланууну экономикалык стимулдаштыруу механизмин, экологиялык жактан таза жана рационалдуу, жер пайдалануунун механизмин өзүнө камтыган жер мамилелерин жөнгө салуучу экономикалык - укуктук системаны ишке ашырууну иштеп чыгууда жана камсыз кылууда катышуу;

д) Өзгөн шаарында жер участокторун пайдаланууга укуктарды берүү боюнча арыздарды кароо жана жер маселелери боюнча комиссияга тийиштүү материалдарды, анын ичинде Өзгөн шаарында жер участокторунан пайдаланууга укуктарды берүү боюнча иштерди  уюштуруу ;

е) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Өзгөн шаардык жер реформасы боюнча жана архитектуралык-шаар курулушу иш-аракеттери чөйрөсүндө шаардын социалдык-экономикалык программаларын аткарууга алуу.

  1. МММБ департаменти Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Өзгөн шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук-ченемдик актылары тарабынан белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү аткарат:

а) автоматташтырылган маалыматтык тутумдарды түзүүнү жана коштоону, Өзгөн шаардык менчик обьекттерин эсепке алуу боюнча маалыматтык ресурстарды топтоону жүзөгө ашырат;

в) Мүлктү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигинен Өзгөн шаарынын муниципалдык менчигине белгиленген тартипте кабыл алууну, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда муниципалдык менчикти түзүүнү жүзөгө ашырат;

г) Өзгөн шаарынын муниципалдык менчигине тийиштүү болгон кыймылсыз объекттердин реестрин жүргүзүүнү жүзөгө ашырат. Мамлекеттик каттоо органдарында муниципалдык менчик укуктарды каттоодо Өзгөн шаардык мэриясынын тапшырмаларын аткарат;

д) Өзгөн шаарынын муниципалдык мүлкүн чарба жүргүзүүдө, оперативдүү башкарууда, мөөнөттүү (убактылуу) кайтарымсыз пайдаланууда бекитүүнү жол-жоболоштурат;

е) муниципалдык жана мамлекеттик мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын чарба жүргүзүүсүндө жана оперативдүү башкаруусунда турган жер участокторду кошо, Өзгөн шаарынын муниципалдык мүлкүнүн сакталышын жана багыты боюнча пайдаланышына, муниципалдык мүлктөн мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугун, анын ичинде, ижара шартында жана акысыз пайдалануу укугун алган жер участоктор боюнча юридикалык жана жеке жактар тарабынан келишимдердин шарттарынын багыты боюнча пайдаланышына жана сакталышына көзөмөл жүргүзөт жана ага жоопкердикти турмушка ашырат;

ж) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Өзгөн шаардык кеңештин укуктук ченемдик актыларына жана Өзгөн шаардык мэриясынын чечимдерине ылайык Өзгөн шаарынын муниципалдык мүлкүн тескөөнүн жана пайдалануунун белгиленген тартибин бузгандарга тийиштүү чараларды көрүүгө демилгечи болот;

з) жергиликтүү башкаруу органдарынын жетекчилиги менен бирге, же алардын макулдугу менен инвестициялык программаларды иштеп чыгат;

и) Өзгөн шаардык мүлкүн, жер участокторун мыйзамдуу түрдө  ижарага берүү боюнча программаларды иштеп чыгат жана бул багыт жөнүндө сунуштарды берет;

й) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен мүлктүк мамилелерди жөнгө салууну иштерин жүзөгө ашырат;

к) чет өлкөлүк өкүлдүктөр, юридикалык жана жеке жактар менен мамилелерде өзүнүн компетенциясынын чектеринде Өзгөн шаарынын кызыкчылыгын белгиленген тартипте көзөмөлдөйт;

л) Өзгөн шаардык мэриясынын кызыкдар түзүмдөрүнүн жетекчилери менен бирдикте мүлктүк маселелер боюнча эл аралык иш-чараларда, Өзгөн шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк обьекттерин реконструкциялоо менен байланышкан долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвесторлорду, анын ичинде чет өлкөлүк инвесторлорду тандоодо катышат;

м) Өзгөн шаардык мэриясынын жетекчилигинин тапшырмасы жана макулдугу боюнча чыгып сүйлөйт, ошондой эле Өзгөн шаардык мэриясынын кызыкдар түзүмдөрүнүн жетекчилиги менен бирге Өзгөн шаардык мэриясына тиешелүү болгон мекеме-ишканаларды түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө сунуштарды  берет жана аларды турмушка ашырууга катышат;

н) Мэриянын тапшырмасы жана өзүнүн компетенциясынын чегинде  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чарбалык коомдордо, чарба коомдорунун уставдык капиталдарындагы акциялар (үлүштөр) боюнча Өзгөн шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун бекитилген муниципалдык менчик боюнча кызыкчылыгын көздөйт;

о) Өзгөн шаардык мэриясынын тапшырмасы боюнча Өзгөн шаарынын ишканаларын жана уюмдарын менчиктештирүү программаларынын долбоорлорун иштеп чыгат жана бекитүү үчүн шаардык кеңешке сунуш берет;

п) Өзгөн  шаардык мэриясына Өзгөн шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлктүн объекттерине жана жер участокторуна чектелген буюм укуктарды берүүдөн жана менчиктештирүүдөн шаардын бюджетине түшүүчү каражаттардын болжолун даярдайт, бул түшүүлөрдү камсыз кылуу үчүн тийиштүү чараларды көрөт,

р) Өзгөн шаарынын турак эмес жайлар фондунун объекттерин сатуу боюнча ишти жүзөгө ашырат;

с) Өзгөн  шаарынын муниципалдык менчигинде турган турак эмес жайларды, ошондой эле жер участокторун сатуу жөнүндө сунуштарды мыйзамдарга ылайык уюштурат жана жетекчиликке сунуш берет;

т) Өзгөн шаарынын мүлкүнүн наркын көз карандысыз баалоону жүргүзүү боюнча ишти уюштурат;

у) Өзгөн шаарынын муниципалдык менчигинде турган объекттерди менчиктештирүү, башкаруу жана тескөө маселелер боюнча укуктук ченемдик актыларды иштеп чыгууга сунуш берет жана инвестиция тартуу боюнча долбоорлорду иштеп чыгат;

ф) Өзгөн  шаарынын мүлкүн менчиктештирүү, башкаруу жана тескөө маселелери боюнча тескөөчү документтерди өзүнүн компетенциясынын чектеринде кабыл алат;

х) Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөдө Өзгөн шаарынын кызыкчылыктарын жана мүлктүк укуктарын коргоону камсыз кылат;

ц) жер пайдалануучулар менен болгон ижара мамилелеринде  Өзгөн шаардык мэриясынын ыйгарым укук органы жана өкүлү болуп саналат;

ч) Өзгөн шаарында жер участокторуна укуктарды берүү маселелери боюнча мэриянын чечимдеринин жана ижарага берүү, сатуу-сатып алуу жөнүндөгү келишимдердин долбоорлорун даярдайт;

ш) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ижара шартында мөөнөтүү (убактылуу) пайдаланууга берилүүчү жер участокторду пайдалануу үчүн ижара акыларды эсептөөнү жүргүзөт;

щ) юридикалык жана жеке жактардын аларга жер участокторун берүү жөнүндө арыздарын (өтүнүч каттарын) кароо мөөнөтүн бузууларга жол бербөө жана четтетүү боюнча чараларды көрөт;

ы) Өзгөн шаардык мэриясы тарабынан кабыл алынган чечимдердин негизинде турак аянтка тиешелүү документтерди (а.и. ордер) берүүнү белгиленген тартипте жол-жоболоштурат.

III. МММБ департаменттин негизги кызмат укуктары

  1. Шаардын МММБ департаменти төмөнкү укуктарга ээ:

а) өзүнүн компетенциясынын чектеринде Өзгөн шаарынын муниципалдык менчигин башкарууга, Өзгөн шаарынын жерлерине жана мүлктөрүнө карата келишимдерди, контракттарды жана башка бүтүмдөрдү мыйзамдарга ылайык түзүүгө;

б) Өзгөн шаардык мэриясынын тапшырмасы боюнча мүлктү Өзгөн шаарынын ишканаларына жана мекемелерине чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу укугун  бекитүүгө, ошондой эле кандай жүргүзүүнүн чектерин белгилөөгө;

в) жоопкерчилигинде турган мүлктү камсыздандыруучу коргоону ишке ашырууга багытталган иш-чараларды аткарууга;

г) Өзгөн шаарынын муниципалдык мекемелеринин, уюмдардын жана ишканалардын уюштуруу-укуктук формасын түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө сунуштарын киргизүүгө;

д) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда чарба коомдорунун акционери катарында Өзгөн шаардык мэриясынын кызыкчылыктарын көздөөгө;

е) муниципалдык менчикте турган, анын ичинде юридикалык жана жеке жактарга ижарага берилген турак эмес жайларды, жер участокторун сатуу жөнүндө Өзгөн шаардык мэриясынын чечимдерин белгиленген тартипте ишке ашырууга;

ж) Өзгөн шаардык мэриясынын ведомстволук карамагындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда муниципалдык мүлктүн пайдаланышы жана сакталышы үчүн документациялык текшерүүнү (ревизияны, инвентаризацияны, аудитти) жүргүзүүнү, ошондой эле башкармалыктын реестрине алынган негизги каражаттардын өз убагында кириштөө үчүн көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырууга. Тартип бузуулар болгон учурда мыйзамдарга жана ченемдик-укуктук актыларга ылайык тийиштүү чараларды көрүүгө;

з) өзүнүн компетенциясынын чектеринде шаардын муниципалдык мүлкүн менчиктештирүү, башкаруу жана тескөө чөйрөсүндө мыйзам бузууларын четтетүү боюнча тийиштүү аракеттерди жүзөгө ашырууга, аткаруу органдарынын мыйзамга ылайык келбеген чечимдерин жокко чыгаруу жана күнөөлүү жактарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө демилгечи болууга;

и) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн компетенциясынын чектеринде менчиктин формасына карабастан жер пайдалануучулар тарабынан жол берилген мыйзам бузууларды аныктоого жана аны жоюу же жер пайдалануучунун жер пайдалануу боюнча укугун жокко чыгаруу боюнча иш-чараларды белгилөө жөнүндө шаардык мэриянын жана шаардык кеңештин жетекчилиги менен тыгыз байланыш түзүүгө;

й) ыйгарым укуктуу органдардын алдында жер жөнүндө мыйзамдардын талаптарын, ошондой эле жерлерди пайдалануунун белгиленген режимин бузуу жумуштары менен жүргүзүлүп жаткан өндүрүштүк, жарандык жана башка курулуштарды, обьекттерди эксплуатациялоону, агротехникалык жана токой мелиорациялык жумуштарды токтото туруу жөнүндөөтүнүүгө;

к) жер участокторун пайдалануу маселелери боюнча жер пайдалануучуларга мыйзамдуу көрсөтмөлөрдү берүүгө жана тийиштүү органдарга тартип бузууларды жокко чыгаруу үчүн тийиштүү чараларды колдонуу максатында материалдарды жөнөтүүгө;

л) жер участокторун изилдөө, экспертиза жүргүзүү, текшерүү, жерлерди пайдалануу боюнча иш-чараларды аткаруу жана анын жыйынтыктарын үйрөнүү үчүн  адистерди белгиленген тартипте тартууга.

  1. МММБ департаменти шаардык мэриянын түзүмүндөгү мекеме-ишканалардын ишмердүүлүгүндө пайдаланылбай турган мүлктөрдү мыйзамдуу түрдө эсептен чыгарат.
  2. МММБ департаменти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде, бул жободо көрсөтүлбөгөн маселелерди чечүү үчүн кошумча  укуктарга ээ.
  3. МММБ департаменттинин жетекчилиги
  4. МММБ департаменти Өзгөн шаардык мэриясынын түзүмдүк бөлүмү болуп, шаардын мэринин сунушу менен шаардык кеңеш тарабынан бекитилген штаттык-бирдиктердин кызмат орундарынан турат.
  5. МММБ департаментинин укуктук-ченемдик ишмердүүлүгүн анын директору башкарат. Директор шаардын МММБ департаментинин жетекчиси болуп эсептелет.
  6. МММБ депертаментинин жетекчилиги департаменттин компетенциясынын чегинде чечимдер, тескөөлөр, буйруктар ж.б.у.с. документтерди кабыл алат.
  7. Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин техникалык кызматкерлеринен башка бардык кызматчылар муниципалдык кызматчылар болуп саналат.
  8. МММБ департаментинин директору кызматына соттолбогон, жогорку билимдүү, мамлекеттик жарандык же муниципалдык кызматта 5 жылдан кем эмес эмгек стажына ээ болгон Кыргыз Республикасынын жараны, Өзгөн шаардык кеңешинин макулдугу менен, шаардын мэри тарабынан дайындалат.
  9. 23. МММБ департаментинин директору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сыйланат, жазаланат жана шаардын мэринин буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулат.
  10. 24. МММБ департаментинин муниципалдык кызматчылары өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгынын негизинде директордун буйругу менен дайындалат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сыйланат, жазаланат жана мыйзамга ылайык директордун буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулат.
  11. 25. МММБ департаментинин техникалык кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык департаменттин директорунун буйругу менен дайындалат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сыйланат, жазаланат жана директордун буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулат.
  12. 26. МММБ департаментинин директору департаменттин ишмердүүлүгүнө, дебитордук-кредитордук документтерге биринчи кол коюу укугу менен финансалык-отчеттук документтерге кол коёт, департементтин өз алдынча балансын уюштурууга, алыш-бериш эсеби жана финансы-кредиттик мекемелерде башка эсептери ачууга, финансалык операцияларды жүргүзүүгө, финансылык жана эсеп тартибинин сакталышына жоопкер. Директор Кыргыз Республикасынын сот органдарында доогер болуп чыгуу менен жоопкер дагы болот. Директор кызматчылардын функционалдык милдеттерин буйрук менен бекитет жана алардын кызмат боюнча билимин жана квалификациясын өркүндөтүү маселелерин чечет. Департаменттин атынан келишимдерди түзөт. Ижара акылардын эсеп-кысаптарын бекитет.
  13. МММБ департаментинин кызматкерлеринин эмгек акысын каржылоо шаардык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
  14. МММБ департаментинин кызматчыларынын иштөө жана эс алуу режими, аларды социалдык камсыздоо, социалдык камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
  15. МММБ департаментинин мүлкү
  16. МММБ департаменти шаардык мэриясынын мекеме-ишканаларынын ишмердүүлүгүн уюштуруу үчүн шаардык бюджеттин эсебинен сатып алынган, бюджеттик эмес булактардан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилиги, шаардын жергиликтүү жамааттардын демилгеси, демөөрчүлөр аркылуу сатып алынган, топтолгон мүлктөрдүн, маалымат ресурстарынын жана автоматташтырылган маалымат системаларынын менчик ээси болуп саналат.
  17. МММБ департаментинин мүлкүн ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитилген, анын өз алдынча балансында чагылдырылган негизги жана жүгүртмө каражаттар, каржы ресурстардан (интеллектуалдык менчиктин объекттери кошо) түзөт.
  18. Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, МММБ

департаментти кайра уюштуруу жана жоюу

  1. МММБ департаментинин жетекчилиги Өзгөн шаардык кеңешинин иш планына ылайык, кеңештин талабы боюнча талап кылынган мезгилде Өзгөн шаардык кеңешине отчет берет.
  2. МММБ департаментинин Жобосу департаменттин жетекчилиги тарабынан иштеп чыгылып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эсеп-кысап боюнча боюнча түзүлгөн штаттык бирдиги шаардын мэринин макулдугу менен департаменттин жетекчилиги тарабынан шаардык кеңешке бекитүү үчүн сунуш кылынат.
  3. МММБ департаментинин жобосу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүндө катталат. Каттодон өткөн жобо жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын - мэриянын расмий веб-сайтында жарыяланат.
  4. МММБ департаментин кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана анда каралган тартипте ишке ашырылат. Жоюлгандан кийин анын мүлкү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте бөлүштүрүлөт. Анын ишмердүүлүгүнө байланыштуу болгон документтер Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндөгү" мыйзамына ылайык тиешелүү архивге жетекчилик тарабынан өткөрүп берилет.

 

 

 

               МММБ департаментинин

               директору:                                                                     Н. Абдрахманов

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XV сессиясынын отурумунун

 

ТОКТОМУ

                   

2018-жылдын 20-декабры  № 15/8                                                       Өзгөн шаары

 

Өзгөн шаарынын  2019-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгүн, 2020-2021-жылдарга кирешелердин божомолун бекитүү жөнүндө

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XV сессиясынын отуруму Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик Кодексине» ылайык жана Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 18-декабрындагы №1200 катынын негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. 1. 2019-жылга шаардын бюджетинин кирешелерин түзүүчү булактары 1-тиркемеге ылайык 93546,5 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
  2. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2020-жылга божомолу 2-тиркемеге ылайык 104052,7 миң сом, 2021-жылга божомолу 3-тиркемеге ылайык 108785,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
  3. Салык агенти төлөгөн киреше салыгынан эсептеп өткөрүүлөрдөн 70 пайыз, сатуудан алынуучу салыктан эсептеп өткөрүүлөрдөн 50 пайыз шаардын бюджетине түшөөрү белгиленсин.
  4. Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык, милдеттүү патенттин негизиндеги салык, кичи ишканалардан алынуучу бирдиктүү салык 100 пайыз шаардын бюджетине түшөөрү белгиленсин.
  5. 5. Өзгөн шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышынын 2019-жылдын 6 айлык жыйынтыгы боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин сессиясында отчет берүү шаардык мэриясына милдеттендирилсин.
  6. Автотранспортту парковкалоо үчүн жыйым Өзгөн шаарынын аймагында бир парковка орду үчүн эсептик көрсөткүчтүн 5 пайызы өлчөмүндө бекитилсин.
  7. Бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүдө шаар мэриясы менен биргеликте иш жүргүзүү жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
  8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                         А. Джалилов

                                             

 

Өзгөн шаардык кеңешинин

2018-жылдын  “20” – декабрындагы

кезектеги XV сессиясынын

№15/8 токтомунун № 1 тиркемеси

 

2019-жылга Өзгөн шаарынын бюджети

 

катар №

Кирешелер

Суммасы,                      миң сом

1

2

3

1

Киреше булактарынан кармалган киреше салыгы

28000,0

2

Бирдиктүү салык

850,0

3

Милдетүү патенттин негизиндеги салык

3071,8

4

Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык

31073,5

5

Турак-жай эмес мүлккө салык

1245,2

6

Транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык

4050,0

7

Тамарка жана дачалык жер  участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы

2200,0

8

Айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы

5,6

9

Айыл чарбасына жараксыз  жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы

2950,0

10

Сатуудан алынуучу салык

11000,0

11

Жер үчүн ижара акы

2200,0

12

Автотранспортту парковкалоо үчүн жыйым

400,4

13

Атайын каражаттар салыгын кошпогондо кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр

6500,0

 

Жыйынтыгы:

93546,5

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин

2018-жылдын  “20” – декабрындагы

кезектеги XV сессиясынын

№15/8 токтомунун № 2 тиркемеси

 

2020-жылга карата Өзгөн  шаарынын бюджетинин божомолу

 

катар №

Кирешелер

Суммасы                      миң сом

1

2

3

1

Киреше булактарынан кармалган киреше салыгы

42816,0

2

Бирдиктүү салык

850,0

3

Милдетүү патенттин негизиндеги салык

2571,8

4

Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык

32969,0

5

Турак-жай эмес мүлккө салык

1245,2

6

Транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык

3550,0

7

Тамарка жана дачалык жер  участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы

2200,0

8

Айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы

19,7

9

Айыл чарбасына жараксыз  жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы

3030,0

10

Сатуудан алынуучу салык

6551,0

11

Жер үчүн ижара акы

1750,0

12

Автотранспортту парковкалоо үчүн жыйым

500,0

13

Атайын каражаттар салыгын кошпогондо кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр

6000,0

 

Жыйынтыгы:

104052,7

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин

2018-жылдын  “20” – декабрындагы

кезектеги XV сессиясынын

№15/8 токтомунун № 3 тиркемеси

 

2021-жылга карата Өзгөн  шаарынын бюджетинин божомолу

 

катар №

Кирешелер

Суммасы                      миң сом

1

2

3

1

Киреше булактарынан кармалган киреше салыгы

54100,0

2

Бирдиктүү салык

850,0

3

Милдетүү патенттин негизиндеги салык

2571,8

4

Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык

32969,0

5

Турак-жай эмес мүлккө салык

1245,2

6

Транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык

3550,0

7

Тамарка жана дачалык жер  участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы

2200,0

8

Айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы

19,7

9

Айыл чарбасына жараксыз  жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы

3030,0

10

Сатуудан алынуучу салык

 

11

Жер үчүн ижара акы

1750,0

12

Автотранспортту парковкалоо үчүн жыйым

500,0

13

Атайын каражаттар салыгын кошпогондо кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр

6000,0

 

Жыйынтыгы:

108785,7

p class=params-