Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XII сессиясынын отурумунун

                                     

ТОКТОМУ                     

                   

    2018-жылдын 9-августу               № 12/1                                  Өзгөн шаары

 

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 24-майындагы №107 токтому жөнүндө

           

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XII  сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 24-майындагы №107 токтомунун негизинде

 

                                     

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 24-майындагы №107 токтомунун негизинде КСДП саясий партиясынан  Абдурахманов Хатамжан Номанджановичтин Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланганы эске алынсын.
  2. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 24-майындагы №107 токтомунун негизинде КСДП саясий партиясынын тизмеси боюнча шайланган Хоринов Мухаммадаюб Якубжановичтин өз арызынын негизинде депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгы эске алынсын.
  3. Жаңы шайланган депутат Абдурахманов Хатамжан Номанджанович Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Социалдык маселелер, гендер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясынын мүчөсү болуп бекитилсин.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага                                                 А. Джалилов

 

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XII сессиясынын отурумунун

                                      

ТОКТОМУ    

                                    

    2018-жылдын 9-августу               № 12/3                                  Өзгөн шаары

 

Өзгөн шаарынын 2018-2022-жылдарга карата стратегиялык  өнүгүү программасын бекитүү тууралуу

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап,                                       

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Өзгөн шаарынын 2018-2022-жылдарга карата стратегиялык өнүгүү программасы бекитилсин.

(Программа тиркелет).

 

  1. Өзгөн шаардык мэриясы:

-Өзгөн шаарынын 2018-2022-жылдарга карата стратегиялык өнүгүү программасында белгиленген милдеттерди турмушка ашыруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана анын аткарылышынын жүрүшү боюнча отчеттук жылдын жыйынтыгы менен шаардык кеңешке маалымат берип турсун. 

- Өзгөн шаарынын 2018-2022-жылдарга карата стратегиялык өнүгүү программасын турмушка ашыруу боюнча ар жылы деталдык планды иштеп чыксын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» жана «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

 

                  Төрага                                                               А. Джалилов

 

 

 

                                                     Өзгөн шаардык Кеңешинин

                                                     2018-жылдын  9-августундагы № 12/3

                                                     токтому менен   бекитилди

 

ӨЗГӨН ШААРЫНЫН

2018-2022-ЖЫЛДАРГА РЕГИОНДУК ӨНҮГҮҮ САЯСАТЫНЫН КОНЦЕПЦИЯСЫ

 

Өзгөн шаарынын 2018-2022-жылдар мезгилине  карата аймактык  өнүгүү  саясатынын концепциясынын максаттары жана милдеттери

 

Өзгөн шаарынын 2018-2022-жылдар мезгилине  карата аймактык  өнүгүү  саясатынын ушул концепциясы (мындан ары – Концепция) орто мөөнөттүү мезгилге жана узак мөөнөттүү келечекке Өзгөн шаарын өнүктүрүүнүн деталдаштырылган программаларын даярдоо үчүн базистик конструкцияны  түзүү максаты менен иштелип чыкты.

Өзгөн шаарынын  экономикасынын мындан ары да туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн, шаардын экономикасынын бүгүнкү күндөгү абалын, жаратылыш шарттарын, географиялык жайгашуусун жана материалдык-сырьелук базасын эске алуу менен узак мөөнөтүү, реалдуу иш-чараларды иштеп чыгуу бүгүнкү күндүн негизги талаптарынын бири болуп эсептелет.

Өзгөн шаары үчүн аймактагы ар түрдүү тармактарды, иштин чөйрөлөрүн жана инфратүзүмүн өнүктүрүүгө багыт алуусу коомчулукка, жеке ишкерликке жана инвесторлорго  жагымдуу жагдайды жаратат.

Өзгөн шаарынын 2018-2022-жылдар мезгилине  карата аймактык  өнүгүү  саясатынын негизги максаты - калктын жашоо деңгээлин жана бакубатчылыгын жогорулатуу үчүн Өзгөн шаарынын тездетилген социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу болуп эсептелет.

Өзгөн шаарын өнүктүрүүнүн көп факторлуу экенин эске алып, функционалдык багыттарга байланышкан максаттар аныкталды. Социалдык максаттар калктын бакубатчылыгын жогорулатууга жана жашоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталат, демографиялык максаттар - ден-соолугу чың адамдардын төрөлүшүн көбөйтүүгө, экономикалык - калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга жана анын мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга, экологиялык - курчап турган чөйрөнүн туруктуулугуна жана калыбына келип турушуна жана маданий максаттар - аймакта жашоонун маданий формаларынын көп түрдүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган.

Башкы максатка жетишүү үчүн төмөнкүдөй негизги милдеттерди чечүү керек:

- шаардагы ресурстардын негизги түрлөрүн кайра өндүрүү: жаратылыштык, адамдык, инфратүзүмдүк, маданий, экономикалык;

- бирдиктүү экономикалык рынокту түзүү, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, бирдиктүү инфратүзүмдү колдоо, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү аркылуу аймактын интеграциясы;

- жалпы ишкердик климатты жана инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү;

- шаарды адистештирүү, экономикалык атаандаштыкка жөндөмдүү кластерлерди түзүү, инвестициялык долбоорлорду, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн (мындан ары – МЖӨ) алкагында ишке ашыруу аркылуу шаарды  өнүктүрүүгө өбөлгөлөөчү механизмдерин ишке киргизүү;

- келечектеги өнүгүүнү калыптандыруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, аны ишке ашыруу, өнүгүүнүн булактарын жана механизмдерин издөө максаты менен региондогу потенциалды жогорулатуу;

- башкаруунун ар бир обьектисин өнүктүрүүгө жеке мамилелерди түзүү;

- улуттук коопсуздукту (аскердик, экономикалык, өзгөчө кырдаалдардагы коопсуздукту, экологиялык, маалыматтык жана коопсуздуктун башка түрлөрүн) камсыздоо механизмдерин аймакта интеграциялоо. 

           

  1. Өзгөн шаарындагы учурдагы кырдаалды талдоо

 

2.1. Өзгөн шаарын өнүктүрүүнүн кыскача баяндамасы

            Өзгөн шаарынын 2018-2022-жылдар мезгилине  карата аймактык  өнүгүү  саясатынын концепциясын турмушка ашыруу боюнча Өзгөн шаар мэриясы тарабынан атайын иш-чаралар иштелип чыгылуу менен анын механизмдери кошо аныкталат. Иштин жүрүшүндө түзүлгөн жагдайларга жараша өз убагында түзөтүүлөрдүн киргизилип турулуусу  зарыл.

            Өзгөн шаары райондун административдик борбору болуу менен, облустун борборуна чейин 60 км аралыкта болгондуктан, стратегиялык мааниге ээ, республиканын региондоруна жана коңшу өлкөлөргө товарларды экспорттоого, туризимди өнүктүрүүгө шарты бар экендиги көрүнүп турат.  

Өзгөн шаары негизинен соода жана кызмат көрсөтүү багытындагы шаар болгондуктан чекене товар жүгүртүүнүн көлөмүн,  акы төлөп кызмат көрсөтүү, тейлөөчү  кичи ишканалардын санын көбөйтүүгө ички резервдер бар.

            Өзгөн шаарында кайра иштеп чыгаруучу кичи ишканалардын   болгону менен, шаар мэриясынын алдында заманбап, жаңы технологиялардын жетишкендиктерин пайдалануу менен экспортко багытталган өнөр жай  продукцияларын чыгаруучу ишканаларды ачуу  жана алардын санын көбөйтүү милдети турат, анын натыйжасында шаардын бюджетинин киреше бөлүгү 10 пайызга жогорулайт.

Өзгөн шаары Борбордук Азия өрөөнүндө тарыхый шаарлардан бири болуп эсептелинет. Шаарга келген туристтерди кабыл алуу багытында  эс алуучу мейманкана-жатаканаларды куруп, туристтерди тартуу менен бирге шаардын экономикасын жана шаар тургундарынын кирешесин көбөйтүүгө жагымдуу шарттар түзүлөт.

            Шаардын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө  инвестиция салуу, тартуу - кабыл алынуучу концепцияны турмушка ашыруудагы  иш-чаранын аткарылышынын негизги шарттарынын бири  болуп эсептелет.

            Шаардын өнүгүү концепциясынын иш чараларын жүзөгө ашыруу аркылуу шаардын көйгөйлүү маселелринен болгон  жумушсуздукту кыскартуу, жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү, инвестициялык-бюджеттик салымдардын көлөмүн жогорулатуу жана шаардын экономикасынын туруктуу өсүүсүнүн камсыздалышы эсептелет.

            Концепциядагы милдеттерди чечүү үчүн конкреттүү аракеттер жана иш-чаралар белгиленген, алар төмөнкүлөрдү жүзөөгө ашырууга багытталган:

            - шаар аймагында саясий жана экономикалык туруктуулукту сактоо;

            - улуттар аралык мамилелерди чыңдоого, калктын арасында ынтымакчылыкка, биримдикке  жетишүү;

          - ички ресурстарды жана тыштан тартылган инвестицияны натыйжалуу    пайдалануу;

          - жумушсуздуктуу кыскартуу;

          - эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана энергия, жаратылыш ресурстарын  пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу аркылуу өндүрүштү көтөрүү;

          - экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу;

          - жаштардын билим денгээлин көтөрүү;

          - бюджеттин киреше бөлүгүнүн өсүшүн камсыздоо;      

          - жаңы ишканаларды ачуу менен, жаңы иш орундарды түзүү;

          - коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү;

          - экономикалык потециалды жогорулатуу менен шаардын  экономикасынын өсүү  деңгээлин сактап калуу;                                   

 

Өзгөн  шаарынын инвестициялык саясатынын көйгөйлөрү

Өзгөн шаарындагы эң негизги көйгөй-бүгүнкү күнгө чейин канализациянын жоктугу болуп келген. Аталган көйгөйдү жолго салуу боюнча долбоор жазылып өткөрүлүп, анын натыйжасында 2017-жылы шаардын жалпы канализациясынын  курулушу боюнча техникалык-экономикалык негиздери (ТЭО) даярдалган.  Европалык Өнүктүрүү банкынан 11,0 млн евро каралып, Жогорку Кеңеште ратификацияланды, мыйзам кабыл алынды. Учурда долбоордун биринчи этабындагы иштер башталуунун алдында турат. элдин социалдык багыттагы көйгөйлөрүн чечүү боюнча Эл аралык уюмдарга долбоорлорду жазып өткөрүү менен  элдин социалдык багыттагы көйгөйлөрүн чечүүнү шаар мэриясы  колго алууда. Жыйынтыгында, Өзгөн шаарындагы  «Жаныбек-Казы» кварталына коомдук ажаткана жана «Таштак» кварталындагы ичүүчү суу скважинасына хлораторный куруу үчүн БУУӨПсы аркылуу 684,5 сомдук инвестиция тартылды.

БУУ ДАТПсы аркылуу 5446,8 миң сомдук инвестиция тартылды  жана анын ичнен: шаардагы аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн  бирден мүчөлөрүн  башкача айтканда 590 адамды кесип үйрөтүү боюнча  кыска мөөнөттүү   курстарга окутуу үчүн 2018,4 миң сом  каржыланса,  Шаардын инфраструктурасын жакшыртуу багытындагы иштерге катышкан  503 кишиге 3428,4 миң сом каржыланып берилди.

         Россия Инвестициялык фондунун 3141,0 миң сомдук каржылоосу менен Жаныбек-Казы кварталында жаңы полиэтилендик пакет чыгаруучу «Ал-Муфрат» ЖЧК ишканасы ачылды.

2017-жыл ичинде ички инвестиция  салымы 5653,5  миң сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 108%га өскөн.

Өзгөн шаарынын 2018-2022-жылдар мезгилине  карата аймактык  өнүгүү  саясатынын негизги максатынын бири - жагымдуу инвестициялык климатты түзүү жана аймакка финансылык ресурстарды тартууда жогорку инвестициялык активдүүлүк экономиканы өнүктүрүүнүн зарыл шарты болуп саналгандыктан Өзгөн шаар мэриясы тышкы инвестицияны   тартууну активдештирүү менен өндүрүштү көтөрүүгө мүмкүнчүлүк алат жана шаардын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө чоң түрткү болот.  Өндүрүштүү өнүктүрүү максатында бизнес-пландардын долбоорлору  даярдалып, эл аралык уюмдарга, потенциалдуу инвесторлорго сунушталат.

Чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнүн көйгөйлөрү

 

Өзгөн шаарынын аймагындагы кичимаркеттерде,  супермаркеттерде жана базарларында кыргыз жана чет өлкөлүк өндүрүштөгү ар кандай товарлар сатылат. Өзгөн районунун аймагындагы айылдардын калкы  социалдык кызматтын басымдуу бөлүгүн жана күнүмдүк турмуш-тиричилик муктаждыктарынын көпчүлүгүн Өзгөн шаары менен чечип келишүүдө. Чекене баада соода кылуу катмары абдан өнүккөн - тамак-аш азыктарын, кийим-кече, уюлдук телефон, үй-тиричилик буюмдарын жана курулуш материалдарын сатуу болуп саналат. Товарлардын диапазону өтө ар түрдүү. 2017-жылдын январь-декабрь айларында Өзгөн шаарында 12 тейлөө, кызмат көрсөтүү багытындагы кичи ишканаларлар ачылып, 41 жаңы жумуш орундары түзүлдү. Өзгөн шаарын да банктардын 15 филиалдары жана 5 кредиттик союздар иштеп, жеке ишкерлерге ыӊгайлуу шарттарда насыяларды берип жеке ишткерлерди колдоого багытталган иш чараларды алып барышат. Өзгөн шаарында коомдук бирикмелер тарабынан бизнес өкүлдөрүнүн кызыкчылыгын коргоо багытында иш алып барылат жана жеке ишин ачуу жана ишкердиктин активдүүлүгүн өнүктүрүү үчүн баштапкы жагымдуу шарттарды түзүү шаар мэриясынын милдети болуп эсептелет.  Жеке ишкерлерди колдоо коомдук бирикмеси, Өзгөн  шаардык мэриясы  жеке ишкерлерди колдоо максатында  мэриянын алдында «Ишкердүүлүктү өнүктүрүү» коомдук бирикмесин түзгөн. Өз кезегинде коомдук бирикме бизнес өкүлдөрүнүн кызыкчылыгын коргоо багытында иш жүргүзөт. Өзгөн шаар мэриясынын экономика бөлүмү шаардагы бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушууларды  өткөрүп, ар кандай көйгөйлөрдү чечүү боюнча иш алып барат, бирок чакан жана орто ишканалар негизинен соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө орун алгандыктан, өндүрүш тармагында  алардын саны аз жана шаардын экономикасынын жогорулашына көп таасир көрсөтпөй келет. Ошондуктан шаардын аймагында өнөр жай жана кайра иштетүү ишканаларын ачуу үчүн тийиштүү шарттарды түзүү шаар мэриясынын келечектеги милдеттеринин бири катарында каралат.

Ошону менен катар шаар мэриясынын алдында ишкерлерге колдоо көрсөтүү, жеке ишкерликти өнүктүрүүгө багытталган гарантиялык фонд ачылат.

Өзгөн шарында өзгөчө  кырдаалдарга  кабылуу мүмкүндүгү өтө жогору.

Өзгөн шаары - өзүнүн географиялык  жайгашуу абалынан улам табигый кырсыктарга кабылуусу мүмкүн. Анткени, Өзгөн шаары Жазы жана Кара-Дарыя дарыяларынын ортосунда жайгашкан. Жайгашышы боюнча шаар жогорку жана төмөнкү болуп бөлүнөт. Шаарда учурда 128 үй бүлө кооптуу деп табылган жерлерде жашашат. Шаарды кеңейтүүнүн эсебинен аталган көйгөйдү чечүү зарылдыгы бар.

Шаардын төмөнкү бөлүгүндөгү 17 миңден ашуун калкты суу ташкынынан , сактоо максатында Кара-Дарыя дарыясынын жээгине дамба  куруу маселеси актуралдуу болуп саналат.

, “Жаңы-Өзгөн” кварталындагы жашоочуларды  суу ташкынынан сактоо максатында “Жазы” дарыясынын жээгине 2017-жылы 800 метр аралыгына ӨКМ тарабынан пландаштырылган болсо, анын 80 метр аралыгы гана бүткөрүлүп, коркунуч сакталып калууда.

Өзгөн шаар мэриясы сел коркунучунун алдын алуу жана жоюуга байланышкан иштерди Кыргыз Өкмөтү аркылуу чечүү боюнча иш чараларды алып баруусу зарыл.

 

  1. Өзгөн шаарында региондук саясатты тандоо

3.1. Саясатты түзүү принциптери

Өзгөн шаарынын региондук саясаттын калыптанышын жаңы принциптерге жараша жүзөгө ашыруу керек. Ушул концепцияда негиз катары сунушталган негизги принциптер болуп төмөнкүлөр саналат: 

Биринчи. Саясатта тармактык мамиледен шаардын өзүнчөлүгүнө, өзгөчөлүгүнө жана адистештирүүгө негизделген, аларды өнүктүрүүнүн  комплекстүү моделине өтүү.

            Экинчи.  Социалдык тармакты өнүктүрүү.

Биринчи кезекте турмуштун оор кырдаалына кабылган үй бүлөлөр жана балдар менен иш алынып барылат. 2020-жылга чейин турмуштун оор кырдаалына кабылган балдарга жана үй бүлөлөргө өзүнчө кризистик борбор ачуу пландаштырылган. Өзгөн шаарындагы жеке ишкерлер менен социалдык кызматташуу ыкмасынын алкагында турмуштун оор кырдаалына кабылган үй бүлөлөргө жана балдарга жардам көрсөтүү максатында кайрымдуулук фондусу уюштурулат. Аталган фонд Камкорчулар кенешинин башкаруусунда иштеп, камкордук кенешинин мүчөлөрү болуп демөөрчүлөр, донорлор, социалдык тармакта эмгектенген коомдук уюмдар кирет. Өзгөн шаарында социалдык долбоорлорду колдоо боюнча ыӊгайлуу шарттар түзүлөт. Шаарды өнүктүрүүнүн көп максаттуу мүнөзүн эске алыы менен социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык аспекттерин эсепке алууга жетиштүү көңүл буруу зарыл.

Үчүнчү. Өзгөн шаарында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иш-чараларын милдеттүү түрдө киргизүүнү эске алуу менен өнүгүүнү пландоо, стратегиялык программага киргизүү зарыл.

 

3.2. Өзгөн шаарын аймактык өнүктүрүүгө болгон мамилени тандоо

Өзгөн шаарынын экономикалык потенциалын көтөрбөстөн, аларды туруктуу өнүктүрбөстөн  социалдык, саясий, коомдук көйгөйлөрдү чечүү мүмкүн эмес. Өзгөн шаарынын аймактык өнүгүү саясатынын максаттарына экономикалык жактан келечеги бар долбоорлорду ишке ашыруу менен гана  жетишүүгө мүмкүн. Өзгөн шаарын 2018-2022-жылдарга карата өнүктүрүү программасына  киргизилген обьекттердин деталдуу пландарын, болжолдорун, долбоорлорун иштеп чыгуу талап кылынат.

Ушул Концепцияны ишке ашыруу эки этапта жүргүзүлөт.

Биринчи этап пилоттук болуп саналат, бул мезгилде пилоттук Өзгөн  шаарынын калктуу пункттарды өнүктүрүүнүн программаларын-бизнес пландары иштеп чыгылып, колдогу резервдер жана пайдаланылбаган мүмкүнчүлүктөр караштырылуу менен шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсү талдалат. Жергиликтүү сырье менен иштеген токтоп турган же иштеп жаткан ишканаларды жандандыруу жана диверсификация мүмкүндүгү изилденип чыгылат.

Экинчи этапта Концепцияны толук масштабдуу ишке ашыруу жүзөгө ашырылат.

 

  1. Концепциянын жалпы көрүнүшү жана күтүлүүчү натыйжалар

 

Өзгөн шаары - өнөр  жайды, орто жана чакан ишкердикти динамикалуу өнүктүргөн, күчтүү экономикалык дараметке ээ болуу менен туризм тармагын өнүктүрүү аркылуу шаардын жашоочуларына жагымдуу шарттарды түзө алат.

Өзгөн шаарынын региондук өнүгүү процессинде  тургундардын кесипте, чыгармачылыкта, ишкердикте, маданиятта жана билим алууда өзүнүн ордун  табууга умтулуусу  колдоого алынуу менен жашоочулар жана шаарга келген туристтер үчүн улуттук маданиятты жарнама катары жайылтууда бардык шарттары бар, жашоого жана эс алууга ынгайлуулукту, жагымдуулукту жана коопсуздукту камсыздоо жагы колго алынат.

Ушул концепциянын алкагында Өзгөн шаары  маданий көп түрдүүлүктүн жана полиэтникалык толеранттуулуктун үлгүсүн көрсөткөн шаарлардын катарында болот. Кыргыз маданиятынын кызыкчылыктары жана баалуулуктары шаардын бардык жарандары тарабынан колдоого алынат.

Өзгөн шаары - өзүнүн бизнес идеяларын ишке ашыра алган, шаар мэриясы тарабынан жергиликтүү ишкерлерге  колдоо көрсөтүлүп,  жаш ишкерлердин катарын толуктаган, жакынкы аймактар үчүн өнүгүү чекити катары өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын топтоочу жана кайра иштетип сапаттуу, экологиялык жактан таза продукция  менен элди камсыздоого багыт алат.

Күтүлүүчү көрсөткүчтөрдүн системасынын интегралдаштыруу багыттары  болуп төмөндөгүлөр эсептелет:

- жашоо сапатын жогорулатуу (автожолдордун узундугу, ичүүчү таза суу менен камсыздалышы, калктын иш менен камсыз болуусунун деңгээли, реалдуу кирешенин деңгээли, билим берүү жана медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын деңгээли);

- экономикалык потенциалды чыңдоо (инфратүзүмдүн капиталдашуу деңгээли, ишканалардын капиталдашуу деңгээли, продукциянын жалпы экспорту, региондук өндүрүштөгү биргелешкен үлүш,  тартылган инвестициялардын көлөмү);

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын чыңдоо (чөйрөнүн коопсуздук деңгээли, коомдук ишенимдин жана кабыл алынып жаткан чечимдердин ачыктыгынын жогорку деңгээли, жогорку социалдык мобилдүүлүк жана долбоорлорго коомчулуктун катышуусу, ар түрдүү социалдык топтордун кызыкчылыктарынын балансы).

Аймактык өнүктүрүү концепцияларын, стратегияларды, программаларды иштеп чыгууда белгиленген индикаторлорду  топторго бөлүү.

 

5.Өзгөн шаарынын өнүгүү багыттары

Финансылык ресурстар чектелген шартта бардык региондорду бир убакта өнүктүрүү мүмкүн эмес болгондуктан Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын Концепциясында региондордун өсүшүнүн базалык түйүндөрү катары  20 калктуу пунктту бөлүп чыгаруу сунушталып, алардын катарына Өзгөн  шаары киргизилген.

Өзгөн шаарын тандоодо – шаардын келечектеги өнүгүүсү үчүн көп пландуу мүмкүнчүлүктөрдүн көп экендиги эске алынган жана өнүгүүгө карай бет алуу үчүн керектүү шарттар - мыйзамдык база, бюджет, мамлекеттик башкаруу системасына камтылган, иштеп жаткан бизнес жана экономикалык жактан активдүү калк бар.

 Шаарды максаттуу өнүктүрүүдө аймактардагы ишканалардын жана чарбалардын тарамын шаар өзүнүн экономикалык өнүгүү чөйрөсүнө автоматтык түрдө тартат, алар үчүн жергиликтүү бизнести кеңейтүү жана чыңдоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берип, алардын базасында өсүү борбору Өзгөн шаары болуп калат да, анын негизинде  перспективалуу жана ийгиликтүү шаар катары өз алдынча иштелип чыгылган программаларга ылайык шаар бардык тармактар боюнча өнүгүүсүнө кенен жол ачылат.   

Шаарды өнүктүрүүнүн негизги артыкчылыктуу багыттарын аныктап, анын негизинде Өзгөн шаарынын өнүктүрүүнүн программалары, бизнес-пландары иштелип  чыгылат. Кабыл алынуучу программада аймактын, Өзгөн шаарынын өзгөчөлүгүн, анын артыкчылыктарын жана мындан ары өнүгүү үчүн потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрүн толук көлөмдө эске алынат. Өзгөн шаарынын аймагында керектүү социалдык, экономикалык, коммуникациялык инфратүзүмдөрдү тездетип түзүү, бардык өнөр жай жана кайра иштетүү өндүрүштөрү жергиликтүү сырьену жана жергиликтүү айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн продукциясын пайдаланууга багытталат.

 

5.1. Өзгөн шаарынын аймактык адистештирүүсү

Региондун адистешүүсү жаратылыш ресурстары жана өнүгүүнүн экономикалык шарттары менен шартталат.

Өзгөн шаары батыш  тарабынан Баш-Дөбө  айыл аймагы менен, чыгыш тарабынан Дөң-Булак айыл аймагы менен, ал эми түндүк тарабынан Кароол айыл аймагынын Шералы айылы менен чектешет. Ошол эле учурда Өзгөн шаарынын 26 миңден ашуун калкынын жер үлүштөрү жогоруда аталган айыл аймактарында жайгашкан. Аталган айыл аймактарынын өзгөчө климаттык шарттары, суу ресурстары жана сугарылган жер тилкелери менен айыл чарба продукциясын өстүрүүгө ылайыктуу жакшы шарттары бар. 

Ошондуктан аталган айыл аймактарында өндүрүлгөн айыл чарба продукциясын кайра иштетүү үчүн Өзгөн шаарында кайра иштетүү ишканаларын ачууга мүмкүнчүлүктөр бар. 

Аталган 2 айыл аймагынын жана  Шералы айылынын бүгүнкү күндөгү калкынын саны 30151   кишини түзөт. Райондун 19 айыл аймактарынан  күнүнө Өзгөн шаарына болжол менен 25 мин адам кирип чыгат, келечекте бул көрсөткүч 2 эсеге көбөйөт. Бул үч айыл аймагы келечекте Өзгөн шаары менен экономикасы, социалдык-саясий турмушу, көрүнүктүү маданият очогу бириккен борбору Өзгөн болгон өзүнчө аймак катары өнүгөт.

Шаарда туризм тармагынын өнүгүшү менен  мейманкана, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө  бир топ алдыга карай өнүгүүсү күтүлүүдө.

            Өзгөн  шаарынан 70 км аралыкта  жаратылышы кооз, дары минерал суусу менен республикага белгилүү болгон Кара-Шоро жайлоосу жайгашкан, 1000 жакын туристтер келип эс алышып, ден соолугун чыңдашат. Жакынкы аралыкта туруктуу иштөөчү, туристтерди кабыл алуучу ден соолук чыңдоочу жайлардын курулушу күтүлүүдө, жана ал туристтердин агылып келүүсүнө өбөлгө болуп, бизнес чөйрөсүнүн өнүгүүсүн шарттайт.

 Мындан сырткары, Салам-Алик айыл аймагында бардык шарттары бар туристтик база жайгашкан, туристтер үчүн күлүк аттар менен саякаттоо уюштурулган.

 

5.3. Өнүгүүгө карата кластердик мамиле

Өзгөн шаарынын өндүрүштүк кластерлер чакан жана орто бизнести колдоонун жана интеграциялоонун формасы болууга тийиш. Чакан жана орто бизнести өнүктүрүүдө салттуу макроэкономикалык жана тармактык ыкмаларды, аймактык өндүрүштүк кластерлерин түзүүдө көрүнүп турган региондук ыкмалар менен толуктоо зарыл.

- аймакта маалыматтык-коммуникациялык инфратүзүмдү өнүктүрүү;

- аймактык экономикалык кластерлерди өнүктүрүү үчүн белгилүү чөйрөнү түзүү.

Кластердик саясатты ишке ашыруунун негизги максаты ишканалардын, жабдууларды жеткирүүчүлөрдүн, комплекттөөчү, адистештирилген өнөр жай жана сервистик кызмат көрсөтүүчүлөрдүн эсебинен экономикалык өсүштүн жогорку темптерин жана өндүрүштүн жаңы эффективдүү түрлөрүн ишке киргизүү менен экономиканын көтөрүлүшүн камсыз кылуу болуп саналат.

Кластерлер чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүшөт, анткени ири компаниялар алардын технологияларына ылайыкталган чектеш көп өндүрүштөргө муктаж, бул чоң эмес фирмалар  үчүн сыйымдуу рынокту түзөт. Шаарда кластерлер канчалык жакшы өнүксө, калктын жашоо деңгээлинин жана ишканалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү ошончо жогору болот.

Жалпысынан алганда, локалдык кластерлерди түзүү чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн чоң импульс берет жана калкты иш менен камсыздоо көйгөйүн чечүүгө мүмкүндүк түзөт.

 

  1. Стратегиялык күн тартип

                           6.1. Өзгөн шаарын  өнүктүрүүнүн булактары

Өзгөн шаарын өнүктүрүү булактарынын негизин бюджеттик каражаттар жана шаар мэриясы тарабынан тартылган жеке инвестициялар түзөт. Келечекте шаарды өнүктүрүүнүн атайын фонддорун түзүү зарыл.

Өзгөн шаарын ар тараптан өнүктүрүү үчүн  түз инвестицияларды тартуу милдети турат.

Ошону менен катар, шаарда чакан жана орто ишкердик чөйрөсүн  өнүктүрүүгө да нвестицияларды тартуу аркылуу колдоо көрсөтүүнү ишке ашыруу зарыл.

Концепцияда белгиленген  бир катар иш-чараларды аткаруу жүзөгө ашырылуучу долбоорлордун алкагында Эл аралык уюмдардын, Кыргыз-Россия өнүгүү фондунун донордук жардамын тартуу менен жүргүзүлөт.

Ошол эле учурда, финансылык ажырымды кыскартуу үчүн түз инвестицияларды жана кошумча донордук жардамды тартуу боюнча активдүү иш жүргүзүлөт. Шаардагы өнүгүү процесстерин бюджеттик колдоону жогорулатуу боюнча ички мүмкүнчүлүктүн баары колдонулат.

 

  1. Өзгөн шаарындагы региондук саясаттын функциялык багыттары

 

7.1. Социалдык саясат

Социалдык саясатта активдүү социалдык колдоого муктаж болгон жана экономикалык жактан иш менен камсыз кылууну жогорулатууга багытталган кошумча чаралар керек.

Өзгөн шаар мэриясынын бул багыттагы милдеттеринин бири - бардык социалдык, биринчи кезекте билим берүү жана социалдык чөйрөдө көрсөтүлүүчү кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапаттуулугун  камсыз кылуу болуп эсептелет.

Коопсуздук чөйрөсү менен байланышкан көбөйүп бараткан тобокелдиктер өзгөчө чараларды талап кылат. Ошондуктан коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоо боюнча чаралар масштабдуу болуу менен адамдардын турмуш-тиричилигинин бардык деңгээлин камтууга тийиш.

Гендердик чөйрөдөгү маанилүү маселелердин бири аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү болуп саналат. Шаарда аялдардын эмгектенүүсүн үй-бүлөлүк милдеттери менен айкалыштыруунун ар түрдүү моделдерин иштеп чыгуу жана жайылтуу зарыл.

Өзгөн шаарында аялдардын ишкердиги шаардын экономикасынын басымдуу бөлүгүн түзөт. Шаарда аялдардын бизнесин колдоо инфратүзүмүн түзүү боюнча иштер жүргүзүлөт.

   

7.2.  Демографиялык аспекттер

Шаардын  демографиялык абалын,  ошондой эле миграциялык процесстерди жана социалдык чөйрөдөгү ички тенденцияларды болжолдоо жана аларга туруктуу мониторинг жүргүзүү, учурда жана келечекте шаардагы өндүрүштүк күчтөрдүн  реалдуу жайгашуусун баалоого мүмкүндүк берет. Бул багытта жергиликтүү калктын сапаттык-сандык курамына таянуу зарыл жана чарбакер субьекттердин тарыхый адистештирүүсүн эске алуу керек.

Эмгекке жарамдуу калктын санын жана ар бир конкреттүү аймактагы алардын кесиптик курамын так билүү келечектеги өндүрүштүн масштабын жана иш менен камсыз болгон жумушчулардын санын аныктоого жардам берет. Ошондуктан, шаардын өнөр жай комплексинин орто жана узак мөөнөттүү жайгаштыруусун пландаштыруу өндүрүш күчтөрдүн мониторингине жана баалоосуна негизделиши керек.

Калктын курактык категорияларынын санын билүү шаардын аймактык социалдык инфратүзүмдөрүн - мектептерди, балдар бакчаларын, ооруканаларды, маданий-спорттук обьекттерди жана башкаларды кеңейтүү-өнүктүрүү үчүн негиз болот. Бул маалымат калктын аялуу катмарын тейлөөчү социалдык коргоо системасынын абалын жана аларды колдоо үчүн финансылык каражаттардын өлчөмүн аныктоого мүмкүндүк берет.

 

7.3. Эмгек рыногу

Шаарда адамдык ресурстарды натыйжалуу пайдаланууда, Концепциянын максаты шаарда жумушчу кадрларды даярдоонун заманбап системасын түзүү болуп саналат жана ал экономиканын, коомчулуктун керектөөлөрүнө ылайык жүргүзүлөт. Калктын ар кандай категориядагы катмары өзүнүн эмгек жолунда зарыл болгон кесиптик квалификацияларга ээ болуусу маанилүү болуп эсептелет.

Эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн технологиялык инновацияларды ишке киргизүүдө тез ылайыкташканга жөндөмдүү, жогорку квалификациялуу жумушчуларды даярдоо маселелери  да  шаар мэриясынын милдети болуп саналат.

 

7.4. Өзгөн шаарындагы экономикалык саясат

Өзгөн шаар мэриясы өндүрүш үчүн  атайын шарттарды (инновацияларды, квалификациялуу жумушчу күчтөрүн,) түзүү менен инновацияларды камсыз кылышы керек.

Экономикалык саясаттын чаралары шаардагы иштин реалдуу абалына негизделип, экологиялык, социалдык жана саясий өзгөчөлүгүн эске алуу менен рыноктук адистештирүүгө, аймактар аралык соода-сатыкка ылайыкташышы керек. Аталган багыттар, шаарды туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүүдө жолунда маанилүү шарттардан болот.

Ушуга байланыштуу, шаарда экономиканы башкаруу жаатындагы Концепциянын стратегиялык максаты- бул адамдык капиталды түзүүгө, калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга, натыйжалуу экономиканы түптөөгө жардам берген туруктуу өнүктүрүүнүн шарттарын түзүп берүү саналат.

 

7.5. Өзгөн шаарындагы экологиялык саясат

Шаардын калкынын саламаттыгы жана гүлдөп өсүшү түздөн-түз айлана-чөйрөнүн сапатына көз каранды.

Калктын жашоо сапатын, саламаттыгын жакшыртуунун жана өмүрүн узартуунун негизги жолдорунун бири болуп экологиялык факторлордун жагымсыз таасирин азайтуу, айлана-чөйрөнүн экологиялык көрсөткүчтөрүн жакшыртуу саналат.

Айлана-чөйрө жана саламаттык жаатындагы шаардагы аймактык саясатты ишке ашыруу аркылуу шаарды туруктуу өнүктүрүү, жагымдуу чөйрөнү түзүү, экологиялык системадагы деградацияны жок кылуу, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, энергияны жана ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды ишке киргизүүнүн эсебинен жетишилет.

Айлана-чөйрөнү булгоо деңгээлин төмөндөтүү иштери эң мыкты технологияларды ишке киргизүүнүн эсебинен каралашы керек. Жаратылыш чөйрөсүнүн компоненттерине – жер үстүндөгү жана жер астындагы сууларга, жер кыртышына, атмосферадагы абага, өсүмдүктөр жана айбанаттар дүйнөсүнө тийгизген таасирин азайтуу зарыл. Биологиялык жана ландшафттык түрдүүлүктү сактоо жана калыбына келтирүү стратегиялык милдеттердин бири болуп саналат.

Муниципалдык мекемелерде энергияны жана ресурстарды үнөмдөө үчүн аларды мотивациялоо зарыл. Ошону менен оң экологиялык натыйжадан тышкары, жергиликтүү бюджеттин каражаттарын үнөмдөө камсыздалат. Жаңы энергиялык натыйжалуу жана ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды ишке киргизүү үчүн шарттарды түзүү керек.

Экологиялык аспекттер менен катар, шаардагы калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо маселеси өзгөчө маанилүү.

 

7.6. Инвестициялык саясат

Экономикага салынуучу инвестициялар экономикалык өсүшкө түрткү берүүдө чоң мааниге ээ. Өзгөн шаарынын аймактык саясатынын алкагында бүгүнкү күндө инвесторлорду тынчсыздандырган актуалдуу маселелерге көңүл буруу өтө маанилүү. Бул жергиликтүү коомчулук тарабынан коопсуздукту камсыз кылуу маселелери жана аны  чечүүнүн жолу катарында, тараптардын ар биринин бирдей милдеттенмелерин жана жоопкерчилигин эске алган жана бекиткен инвестициялык макулдашуулардын алкагында инвесторлор менен жергиликтүү коомчулуктун натыйжалуу жана ишенимдүү өз ара аракеттенүү механизмдерин иштеп чыгуу керек. 

Башка дагы маанилүү нерсе, шаарда инвестициялар үчүн жагымдуу жана ыңгайлуу режимди түзүп берүү зарыл.

 

7.7. Инфратүзүмдү өнүктүрүү

Ирригациялык системаларды куруу жана реабилитациялоо, суу түтүктөрүн калыбына келтирүү жана түнкү жарык берүүнү камсыздоо маселелри жергиликтүү бюджеттин эсебинен колдоого алуу зарыл.

Өзгөн шаарынын экономикасы өнүккөн транспорттук инфратүзүмсүз натыйжалуу өнүгө албайт. Жүктөрдүн жана адамдардын жүрүү мүмкүнчүлүгү аймакты өнүктүрүү үчүн өтө маанилүү жана аларды байланыштыруу бөлүгү болуп саналат. Жолдор транспорттук инфратүзүмдүн курамдык бөлүгү болуп саналат, аны куруу жана оңдоо ири көлөмдөгү капиталдык салымды талап кылат.

Учурда Ош-Бишкек трассаынын Өзгөн шаарынын борбордук бөлүгү аркылуу өтүшү шаардын ичинде автотыгынды, жүргүнчүлөр, жалпы эле автоунаа айдоочулар үчүн ыңгайсыздыктарды жаратууда.

Өзгөн шаарын 2018-2022-жылдар мезгилинде карата өнүгүү программасына аталган трассаны шаарды айланып курулуусу Өзгөн шаары үчүн өтө актуалдуу, анткени айланма жолдун курулушу менен  шаарда негизги 3 көйгөй чечтилет: Кара-Дарыя дарыясынын жээгине дамба курулат жана 300 гектар ыңгайсыз жер өздөштүрүлүп, шаардын калкынын турак жайга болгон муктаждыгы чечилет.

Өзгөн шаарында 2022-жылга чейин жыл сайын жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3-4 км жолдун асфальтталышы  жана 5 км аралыктагы ирригациялык тармактардын курулушу стратегиялык программага киргизилди.

 

7.8. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу саясаты

Өзгөн шаарын туруктуу өнүктүрүү өзгөчө кырдаалдарда калктын жана аймактын комплекстүү коопсуздугунан түздөн-түз көз каранды, ал   тиричиликти камсыздоо системасынын нормада иштөө жөндөмүн  социалдык-экономикалык, экологиялык жана демографиялык кырдаалдын стабилдүүлүгүн сактоо менен калкты коргоо максатына жетүүгө мүмкүндүк берет.

Эң кооптуу коркунучтарды аныктоо жана мүмкүн боло турган жоготуулар жана зыян келтирүү болжолун иштеп чыгуу максатында (өсүү түйүндөр жана кластерлер үчүн)  чараларды кароо милдети турат.

Жапа чеккендерге өз учурунда жардам көрсөтүү максатында болжолдоонун, алдын-алуунун жана эрте билдирүүнүн бирдиктүү башкаруучу системасын ишке киргизүү аркылуу башкаруу системасын өркүндөтүү, ыкчам чара көрүү кызматынын ишин өркүндөтүү, анын ичинде муниципалдык куткаруучу түзүлүштөрдү түзүү механизмдерин иштеп чыгуу зарыл.

 

  1. Өз ара аракеттенүү процессинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ролу

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу элдин эркин түздөн-түз билдирген элдик бийликтин маанилүү формасы. Жергиликтүү бийлик калкка эң жакын болгондуктан ар бир адамдын кызыкчылыгын коргоп, алардын көпчүлүк көйгөйлөрүн чечет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун социалдык ролу, бир эле убакта жарандардын өзүн-өзү уюштуруу формасы болуп, өзүнүн аймагында татыктуу жашоо-турмуш шартын иштеп чыгууга жарандардын акыл-эстүү катышуусу жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүдөгү алардын жоопкерчиликтүү мамилесин  түзүүгө көмөктөшөт.

 

9.Анализ жана баалоо

            Алынган оперативдүү маалыматтардын негизинде пайдаланылбай калган резервдерди ишке киргизүү жана керектүү чараларды кабыл алуу.  

            Ар бир кварталдын жыйынтыгы менен 2018-2022-жылдардын мезгилине карата Өзгөн шаарынын региондук саясатынын концепциясы боюнча шаардык  Кенешинин депутаттарына  шаардын экономикасынын өнүгүүсү жана инвеститция тартуунун көлөмдөрү боюнча маалыматтарды жана сунуштарды даярдоо .        

Ар бир тармактар боюнча негизги көрсөткүчтөрдү статистикалык отчетко киргизүү.

Бул концепциянын аткарылышына коомдук жана мамлекеттик эмес уюмдарды тартуу менен коюлган максаттарга жетүү.                                                 

Инвестициялык проектилердин сөзсүз аткарылышын камсыз кылуу, инвеститциялык проектилерди аткаруунун каржы булактары негизинен чет элдик инвеститцияларды тартуу менен, ошондой эле жеке ишкерлердин каражаттарынын, республикалык жана шаардык бюджетин эсебинен болот. Бул концепциянын аткарылышынын натыйжасында шаарыбыздын экономикасы жогорулап өнөр жай продукцияларынын өндүрүлүшүнүн көлөмү көбөйөт, калкты тейлөө жакшырат, айыл чарбасында мал чарбасынан алынуучу продукцияларынын өндүрүлүшүнүн көлөмү көбөйөт, билим берүү тармагында окуучуларга жакшы шарттар түзүлөт, калк таза суу менен камсыз болуп ден соолугу чың болот.

 

Корутунду

 

            Жыйынтыктап айтканда, Өзгөн шаарынын социалдык-экономикалык артыкчылыктарын, материалдык базасын, географиялык өзгөчөлүктөрүнүн негизиндеги келечектеги өнүгүүсүнүн натыйжасында  күтүлүүчү жыйынтыктар:                                                                    

1.Өзгөн шаары- өнөр  жайы, орто жана чакан ишкердик динамикалуу өнүккөн, күчтүү экономикалык дарамети бар, туризмдин, байланыштын, экономикалык  аймактык өнүгүүнүн башкы чордонуна  айланат.

  1. Өзгөн шаары-маданий көп түрдүүлүктүн аймактык борбору болуу менен, технологиялык-техникалык жанылануулар жайылтылган өнүккөн шаарга айланат.

3.Өзгөн  шаары –кошуна айыл аймактары менен башкы уюшумдуулук катнашта өнүгөт жана тыгыз байланышты көздөйт. Ош-Бишкек трассасынын шаар аркылуу өткөн бөлүгүн, Өзгөн шаарын айланып өткөн жолдун курулушу менен кооз эс алуучу зоналары курулат.

  1. Өзгөн шаарында канализация тармагынын долбоору толук ишке ашып,экологиялык, санитардык абал жакшырып, жашыл, гүлбакчасы көп шаарга айланат.
  2. Өзгөн шаары - тийиштүү социалдык жактан билим берүү, саламаттыкты сактоо жана улуттук маданиятты чет элдик туристтерге жарнама катары жайылтууда өнүккөн шаарлардын катарына кирет.

 

 

 

                                    

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XII сессиясынын отурумунун

                                     

ТОКТОМУ                     

                         

    2018-жылдын 9-августу               № 12/4                                  Өзгөн шаары  

 

БУУӨПнын 2018-жылга пландаштырылган долбоорлорун ишке ашыруу үчүн МММБ департаментинин атайын каражаттар планына тактоо киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

 Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Өзгөн шаарынын «Жаңы-Турмуш» кварталында курулган Үч-Дөбө АКБ реконструкциялоодо негизги магистралындагы 264 пм суу түтүгүн капиталдык оңдоого 488 122 сом, «Таштак» кварталынын жаңы конуштарына 1269 пм суу түтүгүн тарттырууга 487 200 сом, Улукбек кварталындагы А.Навои көчөсүнө түнкү чырак орнотууга 486 499 сом, «Жаңы-Өзгөн» кварталындагы Заречная, С.Акматов, Кара-Шоро көчөлөрүнө түнкү чырак орнотууга 484 107 сом, жалпысынан 4 долбоорду ишке ашырууга БУУӨПнын каржылоосу менен берилип жаткан каражаттардын эсебинен МММБ департаментинин 2018-жылдагы сметасынын атайын каражаттар планына 1 945 928 сомго тактоо киргизүүгө макулдук берилсин.

 

  1. Жогорудагы долбоорлорду ишке ашырууда МММБ департаментинин 2018-жылдагы сметасынын атайын каражаттар планына тактоо киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Өзгөн башкармалыгынын начальниги С. Сартбаевге тапшырылсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага                                  А. Джалилов

 

 

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XII сессиясынын отурумунун

                                     

ТОКТОМУ                     

                   

      2018-жылдын 9-августу               № 12/5                                  Өзгөн шаары

 

                                                       

Өзгөн шаары үчүн таза суу тармагын реабилитациялоо жана саркынды сууларды тазалоочу курулманы курулушуна насыяларды алууда  шаардык мэриянын кепилдик берүүсүнө макулдук берүү жөнүндө

 

                Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 17-июлундагы №643 катынын жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 18-июлундагы №6 протоколунун негизинде

                                                

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Европалык Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкынан 2750000 доллар, Европалык Инвестициялык Банкынан 2500000 евро акчаны кредит эсебинде, Борбордук Азиядагы Инвестициялык фондунан 5000000 евро жана Техникалык грант катары берилүүчү 1000000 евро гранттык акча каражатын алууда шаардык мэриянын кепилдик берүүсүнө макулдук берилсин.
  2. Шаар калкын ичүүчү суу менен камсыз кылуу системасын реабилитациялоо жана канализация тармагын жаңыдан куруу долбоорунун алкагында бөлүнүп берилүүчү акчанын максаттуу пайдаланышына көзөмөл жүргүзүү жагы Өзгөн шаар мэринин милдетин аткаруучу Р. Атаджановго милдеттендирилсин.
  3. Шаар калкын таза ичүүчү суу менен камсыз кылууну жакшыртуу максатында Европалык Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкы менен тыгыз байланышта иштеп, алар тарабынан каржылануучу долбоорду толук турмушка ашыруу жагы «Өзгөн Таза Суу» муниципалдык ишканасынын директорунун милдетин аткаруучу К.Норозахуновко милдеттендирилсин.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

                                

                     

                                 Төрага                                    А. Джалилов

 

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XII сессиясынын отурумунун

                                      

ТОКТОМУ                     

                   

2018-жылдын 9-августу               № 12/6                                  Өзгөн шаары

 

Өзгөн шаарынын балансында турган кургак учукка каршы поликлиникасынын (туб. диспансердин) имаратын Өзгөн «Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна» ыкчам (оперативдүү) пайдаланууга берүү жөнүндө

 

            Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги XII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 25-июлундагы №7 протоколунун негизинде,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. 1. Өзгөн шаарынын муниципалдык менчигине караштуу Манас көчөсүндө жайгашкан кургак учукка каршы поликлиникасы пайдаланып жаткан имарат жана 0 м2 жер тилкеси Өзгөн райондук «Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна» ыкчам (оперативдүү) пайдаланууга берилсин.

 

  1. Мыйзамга ылайык ал жердин тийиштүү документтерди тактоо, даярдоо жана ал жерди максаттуу пайдаланууну көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Н. Абдурахмановго жана Өзгөн шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы Э.Нишанбаевке милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага                                                          А. Джалилов

 

 

 

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XII сессиясынын отурумунун

                                     

ТОКТОМУ                     

                   

    2018-жылдын 9-августу               № 12/7                                  Өзгөн шаары

 

Манас көчөсүндө жайгашкан имаратты КР Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча башкармалыгынын Өзгөн жана Кара-Кулжа райондор аралык бөлүмүнө ыкчам (оперативдүү) пайдаланууга берүү жөнүндө

           

Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги XII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 25-июлундагы №7 протоколунун негизинде,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Өзгөн шаарынын муниципалдык менчигинде турган Манас көчөсүндө жайгашкан имарат КР Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча башкармалыгынын Өзгөн жана Кара-Кулжа райондор аралык бөлүмүнө ыкчам (оперативдүү) пайдаланууга берилсин.

      

  1. Мыйзамга ылайык ал жердин тийиштүү документтерин тактоо, даярдоо жана ал жерди максаттуу пайдаланууну көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Н. Абдурахмановго милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» жана «Бюджет, салык жана экономика саясаты» боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

                                      

                                 Төрага                                                А. Джалилов

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XII сессиясынын отурумунун

                                       

ТОКТОМУ                     

                 

2018-жылдын 9-августу               № 12/8                                  Өзгөн шаары

 

Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндөгү №74 көп кабаттуу үйдүн 1-кабатындагы «Өзгөн-2», «Жаныбек Казы» кварталындагы «Өзгөн-3» байланыш бөлүмдөрү жайгашкан имараттарды «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XII сессиясынын отуруму шаардык кеңештин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 25-июлундагы №7 протоколунун негизинде

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. 1. Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндөгү №74 көп кабаттуу үйдүн 1-кабатындагы «Өзгөн-2», «Жаныбек Казы» кварталындагы «Өзгөн-3» байланыш бөлүмдөрү пайдаланып жаткан имараттар Өзгөн шаарынын муниципалдык менчигинде калтырылсын.

 

  1. Мыйзамга ылайык жогорудагы имараттарга тийиштүү документтерди даярдоо жагы Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Х. Абдурахмановго жана Өзгөн шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы Э.Нишанбаевге милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага                                              А. Джалилов

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XII сессиясынын отурумунун

                                     

ТОКТОМУ                     

                   

    2018-жылдын 9-августу               № 12/9                                  Өзгөн шаары

 

Жаныбек казынын айкелин орнотууга көмөк көрсөтүү жөнүндө

           

Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги XII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 25-июлундагы №7 протоколунун негизинде,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Жаныбек казынын айкелин орнотууга көмөк көрсөтүүгө 2018-жылда Өзгөн шаарында аткарылуучу иштердин титулдук тизмесиндеги “Долбоорлор менен иштөө” үчүн каралган акча каражатынын эсебинен 100,0 миң сом бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

      

  1. Бөлүнгөн каражатты мыйзамга ылайык каржылоо жагы Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Н. Абдурахмановго милдеттендирилсин.

 

  1.   Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» жана «Бюджет, салык жана экономика саясаты» боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

                                       

                                 Төрага                                                А. Джалилов

 

  

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XII сессиясынын отурумунун

                                     

ТОКТОМУ                     

                    

    2018-жылдын 9-августу               № 12/10                                  Өзгөн шаары

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Бахмал-2”, “Дөң-Булак-1”, “Пайзабад” жана “Төөлөс” айылдарындагы Өзгөн шаарынын элине суу берүүчү скважиналар жайгашкан жерлер жөнүндө

           

Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги XII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин “Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча” туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 23-майындагы №4 протоколунун жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 25-июлундагы №7 протоколдорунун негизинде,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1.   “Доң-Булак” айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Бахмал-2”, “Дөң-Булак-1”, “Пайзабад” жана “Төөлөс” айылдарында Өзгөн шаарынын элине суу берүүчү скважиналар жайгашкан жерлердин мамлекеттик актылары Өзгөн шаардык мэриясында калтырылсын.

      

  1. Жогорудагы жерлердин документтерин мыйзамга ылайык келищин тактоо Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Н. Абдурахмановго милдеттендирилсин.

 

  1.   Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» жана “Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча” туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

                                      

                                 Төрага                                                А. Джалилов

 

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XII сессиясынын отурумунун

                                      

   ТОКТОМУ                     

                   

      2018-жылдын 9-августу               № 12/11                                  Өзгөн шаары

 

Кабырстандардын жайгашкандыгын маалымдай турган жарнамалык көрсөткүч калканын орнотуу жөнүндө

           

Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги XII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 25-июлундагы №7 протоколунун негизинде,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1.   МТС аймагында жайгашкан мусулмандардын, православтардын кабырстандарынын кире бериш жерине “Кабырстандардын жайгашкандыгын маалымдай турган жарнамалык көрсөткүч калканын орнотуу” иштерин 2018-жылы Өзгөн шаарында аткарылуучу иштердин кошумча титулдук тизмесине киргизип, Өзгөн шаарынын бюджетинин 2018-жылдын 6 айында ашыкча аткарылышынын эсебинен 16580 сом каржылоого макулдук берилсин.

      

  1. Ал каражаттарды мыйзамга ылайык каржылоо жагы Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Н. Абдурахмановго милдеттендирилсин.

 

  1.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» жана «Бюджет, салык жана экономика саясаты» боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

                                      

                                 Төрага                                                А. Джалилов

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезексиз XIII сессиясынын отурумунун

 

ТОКТОМУ                     

                   

    2018-жылдын 30-августу               № 13/1                               Өзгөн шаары

 

Өзгөн шаарында таза сууга болгон тарифти өзгөртүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамына ылайык, Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 17-июлундагы таза сууга болгон төлөмдөрдү көтөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү №643/1, Өзгөн Таза-Суу муниципалдык ишканасынын 2018-жылдын 3-апрелиндеги таза сууга болгон төлөмдөрдү көтөрүп берүү жөнүндөгү №04-60 каттары жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссияларынын 2018-жылдын 18-июлундагы  отурумунун №6 протоколунун негизинде, 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

 

  1. Калк пайдаланып жаткан ичүүчү суунун 1м3 баасы 15,30 сом, бюджеттик мекемемелерге 1м3 баасы 21,60 сом, коммерциялык ишканаларга 1м3 баасы 60,12 сом өлчөмүндө белгиленсин.

 

  1. Тариф саясатынын өзгөргөндүгү боюнча элге так маалыматтарды жеткирүү жана бекитилген тарифти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги менен макулдашкандан кийин колдонуу Өзгөн Таза-Суу муниципалдык ишканасынын директорунун милдетин аткаруучу К.Норозохуновго милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

            Төраганын милдетин аткаруучу                                      М. Халматов

 

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезексиз XIII сессиясынын отурумунун

 

ТОКТОМУ                     

                    

    2018-жылдын 30-августу               № 13/2                                  Өзгөн шаары

 

Өзгөн шаарында муниципалдык-жеке өнөктөштүк ыкмасындагы балдар бакчаларын ачууга макулдук берүү жөнүндө

           

Өзгөн шаардык кеңешинин кезексиз XIII сессиясынын отуруму күн тартибине Өзгөн шаар мэриясынын 2018-жылдын 28-августундагы №768 катынын негизинде киргизилген маселени угуп жана талкуулап,

           

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Өзгөн шаарынын “Жаңы-Өзгөн”, “Таштак” кварталдык комитеттеринин аймагында жана “Бахмал-2” участкасында муниципалдык-жеке өнөктөштүк ыкмасындагы балдар бакчаларын ачууга макулдук берилсин.
  2. Балдар бакчаларынын тийиштүү документтерин мыйзамга ылайык даярдоо, жергиликтүү бюджеттин эсебинен мыйзамга ылайык каржылоо Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Н.Абдурахмановго жана балдар бакчаларын ачуу боюнча мыйзам чегинде тийиштүү иштерди жүргүзүү Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н. Шамаматовго милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

                                  

    

             Төраганын милдетин аткаруучу                               М. Халматов

 

 

 

 

 

 

 

p class=params-