Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XIV сессиясынын отурумунун

 ТОКТОМУ                   

                  

    2018-жылдын 27-октябры              № 14/ 1                              Өзгөн шаары

  

Өзгөн шаар мэринин 2018-жылдын 6 айы ичинде аткарган иштери жөнүндөгү отчету

     Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XIV сессиясынын отуруму  Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык күн тартибине киргизилген «Өзгөн шаар мэринин 2018-жылдын 6 айы ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндөгү отчету» боюнча Өзгөн шаар мэринин милдетин аткаруучу Р. Атаджановдун маалыматын угуп жана талкуулап,

  

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  

  1. Өзгөн шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууда Өзгөн шаар мэринин 2018-жылдын 6 айы ичинде жүргүзгөн иштери депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштарды жана кетирилген кемчилдиктерди эске алуу менен канаттандыраарлык деп табылсын.

  

  1. Отчетту талкуулоонун жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштардын негизинде кетирилген кемчилдиктерди жоюу боюнча иш-чара иштеп чыгуу жана анын аткарылышы боюнча шаардык кеңештин сессиясында отчет берүү жагы Өзгөн шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Р.Атаджановго милдеттендирилсин.

 

  1.   Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасына тапшырылсын.

  

 

 

Төрага                                          А. Джалилов

 

 

 

 

 

Өзгөн шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Р. Атаджановдун Өзгөн шаарынын 2018-жылынын 6 айындагы социалдык-экономикалык

өнүгүүсүн камсыз кылууда жүргүзгөн иштери боюнча

ОТЧЕТУ

 

Урматтуу депутаттар, урматтуу сессиянын катышуучулары!

  Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, шаардын мэри Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 44-беренесинин 8-пунктунда «бир жылына  эки жолудан кем эмес шаардагы иштердин жалпы абалы, бюджеттин аткарылышы, муниципалдык менчиктин жана бюджеттен тышкаркы фонддун каражаттарынын пайдаланылышы, шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын аткарылышы жөнүндө шаардык кеңештин депутаттарынын алдында отчет берет»,-деп белгиленген.

Мен шаардын мэринин милдетин аткаруучу катарында бюджеттин аткарылышы боюнча, шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча ай сайын тийешелүү мекеме-уюмдардан маалыматтарды алып анализ чыгарып турамын.

Бүгүн Сиздерге шаарда 6 айда жасалган иштер боюнча маалымат берейин.

Менин шаар мэринин милдетин аткаруучу  катарындагы кылып жаткан кызматымдын максаты - шаардын элинин татыктуу жашоо турмушун (камфорттуу жашоосун) камсыз кылуу  болуп саналат.

Урматтуу депутаттар, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2018-жыл-Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялангандыгына байланыштуу Өзгөн шаар мэриясы 2018-жылдын 6 айында шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу багытындагы иштерге, шаардын архитектуралык облигин жакшыртуу, социалдык инфраструктурасын чечүү боюнча иш алып барды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы  №194 «Кыргыз Республикасынын аймактык саясатты өнүктүрүү концепциясынын 2018-2022-жылдарга карата бекитүү жөнүндө» токтомунун негизинде Өзгөн шаарынын 2018-2022-жылдарга карата стратегиялык өнүгүү программасы иштелип чыгылды.

     Өзгөн шаарынын 2018-2022-жылдарга стратегиялык өнүгүү программасынын багыттарын түзүүнүн эӊ башкы негизи болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн региондорду өнүктүрүүнүн Концепциясында Өзгөн шаарынын аймакты өнүктүрүүнүн чекити катары кабыл алынгандыгы эсептелет.

Ошону менен катар Ош-Бищкек трассасынын Өзгөн шаарынын борбору аркылуу өткөндүгүн эске алуу менен, Өзгөн шаардык мэриясы тарабынан шаардын инфраструктурасын жакшыртуу, ишкердүүлүк чөйрөсүнө тиешелүү шарт түзүү жана социалдык коргоо тармактарын өнүктүрүүгө багытталган ири долбоорлорду шаардын өнүгүү старатегиялык программасына киргизүү менен ишке ашыруу жагы пландаштырылды.

Өзгөн шаарынын 2018-жылдын 6 айындагы социалдык–экономикалык өнүгүүсү боюнча:

2018-жылдын 6 айынын  жыйынтыгы менен шаарда  10861977 сомдук  суммада өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, жумуштар жана тейлөөлөр жүзөгө ашырылып, өсүү темпи өткөн жылдын ушул мезгилине  салыштырганда 104,9 пайызды түздү. 

Өзгөн шаарынын бюджетинин 6 айында аткарылышы боюнча: Өзгөн шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү боюнча 2018-жылдын 6 айынын такталган планы 43046,9 миң сомду түзгөн жана иш жүзүндө 45652,2 миң сомго аткарылып, 106,1 пайызды түздү, башкача айтканда такталган планга салыштырмалуу 2605,2 миң сомго, бекитилген планга салыштырмалуу 5455,4 миң сом ашыкча киреше түшкөн.

Ал эми  2018-жылдын 6 айына карата Өзгөн шаарынын жергиликтүү бюджетинин чыгашаларынын такталган планы 46482,7 миң сомду түзүп (3435,8 миң сом эркин калдыктын эсебинен такталган), аныгында 37151,7 миң сомго аткарылган. (Бюджеттин 2018-жылдын 6 айындагы киреше, чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы боюнча таблица түрүндөгү маалымат тиркелет).

Салыктын түрлөрү боюнча анализдеп көрсөк, чогултулуучу салыктын 13 түрүнөн 9 түрү боюнча жеткирилген салык планынан ашыгы менен аткарылды.

Башкача айтканда бирдиктүү салык 77,5 миң сом сомго, милдеттуу патент 93,6 миң сомго, транспорт салыгы 629,8 миң сомго, айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы учун жер салыгы 17,7 миң  сомго, айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн алынуучу жер салыгы 250,0 миң сомго, сатуудан алынуучу салыгы 331,4 миң сомго, жер учун ижара акы 371,9 миң сомго, автопарковка үчүн жыйым 149,3 миң  сомго, акы төлөп кызмат көрсөтүүдөн (атайын каражаттар) 116,9 миң сомго ашыкча жыйналган.

Бирок шаардык бюджеттин киреше бөлүгүнүн ашыгы менен аткарылгандыгына карабастан, салыктын 4 түрүнүн планы аткарылбай калды. Башкача айтканда киреше булактарынан кармалган киреше салыгы  97,1 пайызга аткарылды же болбосо планга салыштырмалуу 315,7 миң сомго аткарылбай калды, ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктан 71,9 миң сомго, кыймылсыз мулк салыгы 367,6 миң сомго,  физикалык жактардан алынуучу жер салыгы 199,8 миң сомго аткарылбаган. Жогорудагы салыктын түрлөрү боюнча план тапшырманын аткарылбагандыгынын себеби Каржы министрлиги тарабынан такталган пландын көп коюлуп калгандыгына байланыштуу болуп жатат.

Бирок бул кемчиликтерге карабай Өзгөн шаар мэриясы жана Өзгөн шаар мэриясынын экономика, инвестиция жана жыйымдар боюнча бөлүмү жалпы салык жыйноо планын аткарышып, райондун экономикасынын жогорулатууда өзүнүн салымынын кошуп келүүдө.  

Бул кемчиликтердин үстүнөн Өзгөн шаар мэриясынын экономика, инвестиция жана жыйымдар боюнча бөлүмү конкреттүү иш алып баруусу зарыл, жыйынтык чыгарышыбыз керек.  

Чекене товар жүгүртүү   боюнча 2018-жылдын 6 айынын жыйынтыгында чекене товар жүгүртүүнүн көлөмү 1 млрд.806 млн.890 миң сомго жетти, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 105,1 пайызга өстү.

      Өзгөн шаарында 2018-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен  313 тонна эт өндүрүлүп, 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 100,7 пайызды  түздү.  1380 тонна сүт өндүрүлүп, 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 100,2 пайызга өстү. 300 миң даана жумуртка өндүрүлүп, 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 100,7 пайызга өстү.

       Соода жана акы төлөп кызмат көрсөтүү багытында шаарда ишкерлик чөйрөсү кеңейип жаткандыгынын баарыңыздар күбөсү болуп жатасыздар. Соода тармагындагы жеке ишкерлик менен эмгектенгендердин басымдуу бөлүгү шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан борбордук базарда соода жүргүзүшөт. Учурда шаардын жетекчилиги укук коргоо органдарынын  кызматкерлеринин катышуусу менен базарлардын ички аймагын иретке келтирүү иштерин жүргүзүп жатабыз, өзүңүздөр көрүп билгендей «Өзгөн базарынын»нын ичи 19 га бөлүнүп, жеке менчикке өтүп кеткен, ошого байланыштуу иретке келтирүү, сатып алуучуларга шарт түзүү иштери бир топ кыйынчылыктарды туудуруп жаткандыгынын баарыбыз күбөсү болуудабыз.Бул проблеманы чечүү үчүн бүгүнкү күнү 19 базардын ээлери менен сүйлөшүлүп, алардын бирикмесин же ассоциациясын түзүүнүн юридикалык жагы тийиштүү адистер тарабынан каралып жатат. Эгерде бирикме же ассоциация түзүлүп калса, базардын ички, сырткы аймагын иретке келтирүү иштери жолго салынып калат деген ойдомун. Ошондой эле шаардын борбордук бөлүгүндөгү Манас, Кошиев көчөлөрүндөгү тротуарларда мыйзамсыз соода кылып жаткан атуулдар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, иретке келтирүү иштери шаар мэриясынын жана ГОМдун кызматкерлери жана ППСтин жоокерлеринин жардамы менен жүргүзүлүүдө, бирок биз каалаган натыйжа боло элек, анткени мыйзамсыз соода кылып жаткандардын ар биринин үй бүлөөсү бар, аларга базардын ичинен атайын орундар менен камсыз кылуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

2018-жылдын 6 айында шаардын аймагында 8 жаңы кичи ишканалар ачылып, 32 жумуш орундары түзүлдү. Кумдук, Кайрагач, Борбор, Жаңы-турмуш кварталдык комитеттеринин аймагында  Акфа пластик ишканалары, Жүзүмзар кварталдык комитетинин аймагында автоунаа жуучу жай, дарыкана ачылды, ал эми  Жаны-Өзгөн кварталдык  комитетинин аймагында азык-түлүк дүкөнү ачылып калкка кызмат көрсөтүшүп иштеп жатышат.

Инвестиция тартуу багытында:

2018-жылдын 6 айында  Өзгөн шаарына 8308,3 миң сомдук  ички жана тышкы инвестиция тартылды. Анын ичинен:

- Тышкы инвестиция:

  1. БУУӨПсына жазылган долбоордун алкагында «Таштак», «/ч-Дөбө» ТОСунун жана «Жаңы-Өзгөн» кварталдарына курулган суу түтүгүн реконструкциялоо, «Жаңы-Өзгөн» кварталындагы Заречная, С.Акматов, Кара-шоро көчөлөрүнө,  «Төрт-Көчө», «Улугбек» кварталынын аймагындагы А.Навои көчөлөрүндөгү жолдоруна түнкү жарыткычтарды  орнотуу үчүн 1556776 сомдук иштер аткарылуунун алдында турат.
  2. БУУ ДАТПсы аркылуу шаардагы аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн, бирден кишини кыска мөөнөттүү окуу курстары уюштурулуп, окуулар жүргүзүлүп жатат.

          -Шаарда аткарылган иштер:

Өзгөн шаарында 2018-жыл ичинде аткарылуучу иштердин титулдук тизмеси түзүлүп, шаардык Кеңеш тарабынан бекитилип берилди. Титулдук тизмеге киргизилген иштерди аткаруу мөөнөтүнүн графиги МММБ департаменти тарабынан түзүлүп, шаардын мэри тарабынан бекитилип берилди. Титулдук тизмеге киргизилген иштерди аткаруу боюнча бир топ иштер жүргүзүлдү. Алып карасак, шаардык кеңештин сессиясынын токтомуна ылайык 2018-жыл ичинде кошумча акча каражаттары менен жалпы иштерди аткарууга 46831500 сом өлчөмүндө бекитилген.

2018-жылдын 6 айдын ичинде аткарылган жумуштар үчүн жалпысынан 19287136 сом которулуп берилди. Ал эми калган акча каражаттары аткарылган жумуштардын сапатына карап, эки тараптуу түзүлгөн келишимдердин негизинде каржыланып берилет.

2018-жылдын 6 ай ичинде аткарылуучу иштер боюнча:

         -Шаардын аймагын жашылдандыруу, көрктөндүрүү максатында жарыяланган 6 айлыктын алкагында 178 даана можевельник, 359 даана сосна, 305 даана береза көчөттөрү алынып шаардын кварталдарына, мекеме уюмдарына жана мектептердин аянтына эгилди.  3420 даана ар түрдүү гүл көчөттөрү жана 40 кг газон уругу шаардын борбордук аянттарына эгилди. Көчөт, гүл көчөт жана газон уругун сатып алууга жалпысынан 358800 сом акча каражаты  жумшалды. Алардын көгөрүп өсүшү үчүн тийиштүү шарттарды  көрүү жагы кварталдык комитеттердин төрагаларына тапшырылды.

      -Ирригациялык тармактарды оңдоо:

Өзгөн шаарынын аймагындагы ирригациялык тармакты оңдоп-түзөө үчүн 1 300000 сомдук ишти аткаруу боюнча учурда тиешелүү иш кагаздары такталып тендер жарыялоонун алдында турат.

         -Билим берүү тармагындагы курулуш иштери боюнча:

Шаардагы  Алишер Навои атындагы № 6 орто мектебинин чек арасында жайгашкан балдар бакчасын куруу үчүн 32 705 000 сомдук смета жасатылып, балдар бакчасын курууга жумуш аткаруучу тандап алуу үчүн тендер жарыяланган, тендерден 21 599 392 сом акча каражатын сунуштап АК“МСПМК-2” утушка ээ болуп, өз ишин баштады, 2017-2018-жылдын эсебинен азыркы күндө балдар бакчаны куруу үчүн 21390392 сом которулуп берилди. Ал эми калган 6609392 сом иштин аткарылышына карап төлөнүп берилет. Бүгүнкү күнгө карата төлөнө турган 209,0 миң сом карыз калды.

      С.Шарипов атындагы мектептин кошумча бөлмөлөрүн куруу үчүн 22 798 008 сомдук смета даярдалып, жумуш аткаруучу тандап алуу үчүн тендер жарыяланган, тендерден 16 404 479 сом акча каражатын сунуштап, “Кубай” ЖЧКсы утушка ээ болуп, өз ишин баштаган. Бүгүнкү күнү каралган акча каражаты толугу менен которулуп берилди.

Архитектура жана шаар куруу башкармасынын жыл ичинде долбоорлоо-сметалык документацияларды даярдатуу үчүн 700000 сом акча каражаты каралып. Шаар куруу жана архитектура башкармалыгына ар түрдүү багытта жасалган иш кагаздары үчүн 30 келишим түзүлүп иш аткарылууда.

-Шаардын ичиндеги жолдор боюнча:

2017-жыл ичинде шаардын аймагындагы ички жолдорду жергиликтүү бюджеттин эсебинен асфальттоо иштери улантылып, жалпысынан 3,5 километр аралыктагы жолдорго асфальт жаткыруу иши карызга бүткөрүлгөндүктөн, каржылоого сарпталган 15051420 сом акча каражаты 2018-жылы төлөнүп берилди.

Урматтуу депутаттар, өзүңүздөргө маалым болгондой, 2018-жыл ичинде 3 километр жолду асфальттоо жагы пландаштырылган.

       -Шаардын тазалыгын камсыз кылуу боюнча:

Шаардагы санитардык абалды жакшыртуу, көрктөндүрүү иштерин жүргүзүүнү «Өзгөн тазалык» муниципалдык ишканасы турмушка ашырат.

       2018-жылдын 6 айында калктуу конуштардагы элден, шаар аймагында жайгашкан мекеме уюмдардын, жеке дүкөн жана тамактануучу жайлардан  чыгарылган  катуу жана суюк таштандыларды ташып алып кетүү жана муниципалдык суроо талаптар боюнча  жалпы пайдалануудагы жайларды шыпырып тазалоо, ички муниципалдык арыктарды  таштандылардан тазалоо, шаарда уюштурулган ишембиликтерде активдуу катышуу, жайкы мезгилде борбордук көчөлөрдү жууп суу сээп туруу, мектеп, балдар бакчалардан катуу  жана суюк таштандыларды  тазалоо боюнча    жумуштар  аткарылды.

 Жалпысынан 2018-жылдын 6 айында шаар аймагынан 16950 м3 катуу таштанды ташылып алып чыгылып, атайын таштандылар  ташталуучу жайга алып барылып көмүлүп тегизделинди.

 Муниципалдык суроо талаптар  боюнча  аткарылган жумуштардын көлөмү  2214819 сомду түздү.

Шаардын жалпы пайдалануусундагы жайларды шыпырып тазалоо, көрктөндүрүү жашылдандыруу үчүн эгилген гүлдөргө кароо багытында  иштеп жаткан 16 көчө тазалоочу, 2 багбан жана 1 мурап, үчүн  шаардык кеңеш тарабынан макулдук берилип,  тастыкталынган штаттык  бирдиктердин негизинде   алар үчүн 1444866 сом айлык акы жана СФ чегерүүлөрү жүргүзүлдү.

2018-жылдын 6 айында калктуу конуштардагы 142 даана  жолбун, дейди ит мышыктар атылып жок кылынды.

2018-жылдын 6 айында калктуу конуштардагы элге, коммерциялык багытта иштеп жаткан соода сатык жүргүзүүчү жеке ишкерлер жана ишканаларга,  мекеме уюмдарга   кызмат көрсөтүүдөн жалпысынан 5065344 сом пландаштырылып, иш жүзүндө план 2348226 сомго аткарылып, 46,4 пайызды түздү.

Ал эми коммерциялык багытта  иштеп жаткан  ишканаларга 1200000 сом өлчөмүндө план жеткирилген болсо, аныгында план 632501 сомго аткарылып,  52,7 пайызды түздү.

  Шаардын аймагындагы  35 мекеме уюмдар, ишканалар  менен  келишимдер түзүлүп, аларга 600000 сом өлчөмүндө план жеткирилген болсо, иш жүзүндө 6 айдагы план 324301 сомго аткарылып, 54,4 пайызды түздү.

Учурда ишканада жалпысынан   8 трактор жана автоунаа катуу таштандыларды ташуу үчүн, 2 даана суюк чыгындыларды ташуучу атайын техника, 1  даана бульдозер,   1 даана МАЗ үлгүсүндөгү,  1 даана  ЗИЛ-130 үлгүсүндөгү суу себүүчү атайын техника иштеп жатат.

.-Шаар элин таза суу менен камсыз кылуу боюнча:

Шаардын калкын таза иче турган суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында «Өзгөн таза суу» муниципалдык ишканасы шаардагы 8449 кожолукту  таза суу менен камсыздайт, анын ичинен үйдөн ичүүчү 5290 кожолук менен,  3159 көчөдөн ичкен абоненттерди,  мындан сырткары Баш-Дөбө округунун Янги-Абад, Бахмал-1, Бахмал-2 айылдарынын жашоочуларын жана 230 дөн ашык коммерциялык мекеме-ишканаларды, 34 чарбалык эсептеги, бюджеттик  мекеме уюмдарды таза суу менен келишимдин негизинде камсыздайт. Негизинен  95 пайыз  калк ичүүчү таза суу менен  камсыз болгон, башкача айтканда бир суткасына 4320 метр куб таза ичүүчү суу жер алдынан 87 метр тереңдиктен тартылып алынып, пайдалануучуларга берилет же болбосо ар бир жанга 82 литр туура келет.

  “Өзгөн Таза-Суу”  муниципалдык ишканасы 2018-жылдын 6 айынын план тапшырмасын  97 пайызга аткарды.

2018-жылдын 6 айында ишкананын финансалык техникалык көрсөткүчтөрү төмөндөгүдөй болду:

“Өзгөн Таза-Суу”  муниципалдык ишканасынын 2018-жылдын  6 айындагы планы 6250000 сом болсо,  аткарылышы 6072100  сомду түзүп, башкача айтканда  97,15 % ке аткарылган, анын ичинен:

          -элден топтоо планы  4550000 сом болсо аткарылганы 5160200 сом же   пландаштырылгандан  113,4 пайызга ашыкча аткарылган.

       - бюджеттик мекемелерден план 350000 сом болсо, аткарылганы 309500 сом  же план 88 пайызга;

       - коммерциялык ишканалардан план 750000 сом болсо, аткарылганы 478600 сом болуп план  63,8 пайызга;

       - техникалык шарттардан план 150000 сом, аткарылганы 113600 сом   75,73 пайызга;

       -  ар кандай киреше 36000 сом болсо, аныгында  10200 сом түшкөн план 28,3 пайызга аткарылган.

 2018-жылдын 6 айында “Өзгөн Таза Суу” муниципалдык ишканасына карыздар:

- элдин карызы 1395681 сом;

-  коммунальшиктердин карызы  341315  сом;

 -мекеме- ишканалардын  карызы 33193 сомду түзүп, жалпы карыз 1770189 сомду түздү.

Өзгөн шаарындагы эң негизги көйгөй-бүгүнкү күнгө чейин канализациянын жоктугу болуп келген. Аталган көйгөйдү жолго салуу боюнча долбоор жазылып өткөрүлүп, анын натыйжасында 2017-жылы шаардын жалпы канализациясынын  курулушу боюнча техникалык-экономикалык негиздери (ТЭО) даярдалган.  Европалык Өнүктүрүү банкынан 11,0 млн евро каралып, Жогорку Кеңеште ратификацияланды, мыйзам кабыл алынды. Учурда долбоордун биринчи этабындагы иштер башталуунун алдында турат.

Капиталдык курулуш боюнча:

Өзгөн шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан  2018-жылдын 6 айына пландаштырылган 2250,0 миң сомдук көлөмдөгү иштин 1953,5 миң сомдук иши  өздөштүрүлүп, план 86,8 пайызга  аткарылды. Шаардын аймагындагы 208 участкага изилдөө жүргүзүлүп, 107 обьекттин топосьемкасы жасалды. Шаардын 31 тургунуна курулуш курууга,  7 адамга ыңгайлаштырып курууга жана 27 адамга жеңил конструкциядагы курулмалардын курулушуна уруксат берүүчү иш кагаздары,   57 адамга жер пайдалануу боюнча корутундулар жасалып берилди. 61 атуул жеке турак жайын куруп  бүткөрүштү.

       Азыркы учурда жеке турак жай салуу үчүн шаар боюнча кезекке турган атуулдардын  саны 5000ди түзөт. Бул маселе албетте биздин көйгөй болуп эсептелет, себеби биз келечекте  тургундарыбызды турак жай менен камсыз кылуу программасын иштеп чыгып, бул маселени көп кабаттуу үйлөрдү куруу жолу менен чечүүнү максат кылуудабыз, бул багытта инвесторлорду караштыруудабыз.

      Билим берүү тармагы:         

Өзгөн шаарында  7 орто мектеп, 1 мектеп-гимназиясы,  3 мектепке  чейинки, 2 мектеп алдындагы жана 3 мектептен сырткаркы  окуу-тарбия  мекемелери бар. Окутуу негизинен 2 мектепте  кыргыз тилинде,   1 мектепте  орус тилинде,  1 мектепте орус-өзбек тилинде, 4 мектепте өзбек  тилинде алып  барылат. Алардан 4 өзбек тилинде окутула турган мектептердин 1-9-класстарында 19 класс комплектинде 474 окуучуга окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт.    

Кыргыз  Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү» Мыйзамын аткаруу үчүн шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан төмөндөгү иш-чараларды аткаруу талап кылынат:

  -окуу-тарбия мекемелеринин педагогикалык кадрларынын сапат даражасын жогорулатуу боюнча  иш-чараларды  белгилөө,  алардын  билим  деңгээлин  жогорулатуу  үчүн  конференция,  семинар,  өз ара тажрыйба алмашуу,  педагогикалык  конкурстарды  уюштуруу,  алардын  арасында  уюштуруу  иштерин  жүргүзүү;

-мугалимдердин педагогикалык чеберчилигин  жогорулатуу  максатында алардын  курстан өтүү маселелерин эффективдүү чечүү, окуучуларды окуу  китептери менен  камсыз  кылуу  үчүн  ата-энелер  жамааты  менен  иш  жүргүзүүнү   күчөтүү;

  -окуучулардын  сабакка  катышуусун  жана  билим  денгээлин  жогорулатуу     үчүн  окуу-тарбия  процессин  уюштурууга  педагогикалык  жоопкерчиликти  жогорулатуу  жана  окуучуларга  кошумча  билим  берүүнү  керектүү  денгээлге көтөрүү;

   -олимпиадалык  борборлордун  ишин  күчөтүү;

   -окуу-тарбия  мекемелеринин материалдык  базасын  чыңдоо  максатында кошумча  акча -  каражаттарын  табуу  үчүн  Эл  аралык  фонддор  менен иштөөнү  күчөтүү.

Өзгөн шаарындагы билим берүү бөлүмдөрүндө 890 мугалим  тарификациядан  өткөн,  алардан  548 (63,7%)  мугалим жогорку, 113 (13,1%)  мугалим  атайын орто  билимге  ээ болуп,  учурда  жогорку  окуу  жайларында  сырттан  билим алып жаткан мугалимдер да бар. Билим берүү мекемелеринде вакант эсебинен 3 мугалим (химия, музыка, дене тарбия предметтеринен) жетишпейт.

  2017-2018–окуу жылында окуучуларды тест суроолору менен иштөөгө үйрөтүү максатында  Бабур атындагы    орто мектептин базасында 9-10-11-класс окуучулар үчүн октябрь, февраль, апрель айларында ыктыярдуу көнүгүү тест сынагы  өткөрүлүп, алардын ар бирине 270ден 293 ге чейин окуучу  катышты.

   Мындан сырткары  Бабур жана Амир Темур атындагы орто мектептердин базасында март, апрель айларында 84 окуучуга кошумча окуу уюштурулду.

   2017-2018-окуу жылында мектептерде  жалпы 340 бүтүрүүчү болсо, анын ичинен 217 (63,8 %) бүтүрүүчү жалпы республикалык тестке катышуу үчүн каттоодон өтүп, тестке катышып,  жыйынтыгы төмөндөгүчө:

  1. Салижан Шарипов атындагы орто мектепте: тестке катышкан 41 бүтүрүүчүнөн 18 бүтүрүүчү;

2.В.И.Ленин атындагы орто мектебинде тестке катышкан 30 бүтүрүүчүдөн 5 бүтүрүүчү;

3.Бабур  атындагы орто мектебинде  тестке катышкан 21 бүтүрүүчүдөн 4 бүтүрүүчү;

 4.Чынгыз Айтматов атындагы орто мектебинде  тестке катышкан 26 бүтүрүүчүдөн 4 бүтүрүүчү;

5.Амир Темур атындагы орто мектебинде  тестке катышкан 23 бүтүрүүчүдөн 6 бүтүрүүчү; 

  1. Алишер Навои атындагы орто мектебинде тестке катышкан 24 бүтүрүүчүдөн 3 бүтүрүүчү;
  2. №7 мектеп-гимназиясында тестке катышкан 14 бүтүрүүчүдөн 6 бүтүрүүчү;
  3. Курманжан датка атындагы орто мектебинде тестке катышкан 38 бүтүрүүчүдөн 23 бүтүрүүчү босого баллдан өткөн. Өзгөн шаары боюнча эң жогорку балл 190 түзүп, аны Курманжан датка атындагы орто мектебинин окуучусу Н.Калмаматов алган .

       Жалпысынан алганда тестке катышкан 217 бүтүрүүчүдөн  69 бүтүрүүчү босого баллдан өткөн. 2016-2017-окуу жылында жалпы республикалык тестке  катышкан 179 бүтүрүүчүдөн 38 бүтүрүүчү босого баллдан өткөн болсо, өткөн окуу жылына салыштырмалуу босого балдан өткөндөрдүн саны 31 окуучуга ашкан.

       Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2018-жылдын 24-январындагы “2017-2018-окуу жылында мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасын өткөрүү жөнүндөгү” № 72-1  буйругунун жана Жобосунун негизинде олимпиаданын мектептик жана шаардык этабы  өткөрүлүп, анын жыйынтыгы менен  облустук олимпиадага Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүнүн мектептеринен 24 окуучу катышып, жыйынтыгы төмөндөгүчө болду:

-Информатика сабагынан Курманжан датка атындагы №8 орто мектептин 11-классынын окуучусу Маматазимов Амантур ээлеп, олимпиаданын республикалык этабына катышты;

-Орус тили жана адабияты сабагынан В.И.Ленин атындагы №2 орто мектептин 10-классынын окуучусу Абдулхамид кызы Зилола 3-орунду;

-кыргыз тили жана адабиятынан Бабур атындагы №3 орто мектептин 11-классынын окуучусу Хусанова Севара 3-орунду ээлешкен.

Мындан сырткары 2018-жылдын апрель айында Казахстан Республикасынын Алма-Ата шаарында 25 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан “Информатик-Азия-2018» сынагына Курманжан датка атындагы орто мектептин 11-классынын окуучулары Маматазимов Амантур менен Калмаматов Нурбек активдүү катышып, 3-орунду ээлеп коло медалга жана сертификаттарга ээ болушту.

  «Жылдын мыкты мектеби-2018» кароо-сынагын  шаардык этабынын жыйынтыгы боюнча 1-орунду ээлегендиги үчүн №7 мектеп-гимназиясынын педагогикалык жамааты жеңүүчү деп табылып, кароо-сынактын облустук этабына катышты. Ал эми Салижан Шарипов атындагы №1 орто мектеп жамааты 2-орунду, В.И.Ленин атындагы №2 орто мектеп жамааты 3-орунду ээледи.

Ал эми «Жылдын мыкты мугалими-2018» кароо-сынагынын шаардык этабынын жыйынтыгы боюнча:

 -1- орунду Курманжан датка  атындагы №8 орто мектептин башталгыч класс мугалими Сыргатаева Салкынай;     

 -2- орунду Амир Темур атындагы  №5 орто мектептин англис тили мугалими Аьзамова Гулафруз;

-3- орунду №7 мектеп-гимназиясынын англис тили мугалими  Мулла-Умарова Ширин ээледи.

 Окуучулардын китеп  менен камсыз болушу шаардык билим берүү  бөлүмү   боюнча  84,6 %ти түзүп, окутуунун тили боюнча төмөндөгүчө: 

        - окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектепте      -80 %

        - окутуу  кыргыз  тилинде жүргүзүлгөн мектепте    - 90 %

        - окутуу өзбек  тилинде жүргүзүлгөн мектепте  - 84 %

         Билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чындоо, мугалимдерге жана окуучуларга шарт түзүү максатында 2018-жылдын январь айынан май айына чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги аркылуу  мектептерге 299 мин 24 сомдук  стол, стул, шкаф, доска ж.б инвентардар алынды. Мындан сырткары, «Эл аралык толеранттык фондунун «Камера балдардын колунда» аттуу доолбор аркылуу В.И.Ленин атындагы орто мектепке 216 мин 317 сомдук оргтехника алынды.

 Мектептерде жалпы  149 даана компьютер бар. Окуучунун жалпы саны боюнча  эсептегенде 0,016  % ти, информатика сабагы окутула турган (7-9-класс) класстардагы  окуучунун саны боюнча эсептегенде  0,062 % ти түзөт.

  Башталгыч класстарынын окуучуларынын тамак-ашы боюнча:

  Өзгөн шаарындагы мектептерде 2017-2018-окуу жылында 1-4-класстагы 54693 окуучуга шашке тамак берилди. 2017-2018-окуу жылынын 1-жарым жылында  3 млн 42 миң 83 сомдук тамак-аш берилген болсо, 2-жарым жылында  2 млн 289 мин 675 сомдук  шашке тамак берилди.                 

           Билим берүү мекемелерин жаны  2018-2019-окуу жылына  сапаттуу даярдоо  боюнча мектептердин ремонту үчүн мамлекет тарабынан  шаардык билим берүү бөлүмүнө 941,1 миң сом бөлүнүп, өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгы менен 747 миң 596 сомго түзүлгөн келишимдин жана эсеп-кысаптардын негизинде, мектептер тийиштүү курулуш-ремонт жана лак-краска материалдары менен камсыз кылынды. Андан тышкары, билим берүү мекемелерин күз-кыш мезгилине даярдоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 500,0 миң сом акча каражаты каралып, ремонт иштери жүргүзүлүүдө.

2017-2018-окуу жылынын эс алуу мезгилине карата, балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 150,0 миң сом акча каралып, №7 мектеп гимназиясынын базасында 2 патокто ар биринде 60 тан, жалпы 120 балага, мектеп окуучуларынын жайкы эс алуусун уюштуруу иштери пландалып, 2018-жылдын июль айында иш  башталуу алдында турат.

Өзгөн шаарындагы билим берүү мекемелеринин курулуш иштери боюнча, республикалык бюджеттин эсебинен 71 млн сомдук, 525 орундуу Алишер Навои атындагы орто мектептин жаңы имаратын жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен 18 млн сомдук 100 орундуу Салижан Шарипов атындагы орто мектепбинин кошумча имаратын куруу иштери аягына чыгып, пайдаланууга берилүүнүн алдында турат. Учурда Алишер Навои атындагы орто мектептин курулушунун 70 пайызы бүткөрүлдү.

2017-2018-окуу жылында мектеп бүтүрүүчүлөрүн жалпы республикалык тестке сапаттуу даярдоо максатында шаар мэриясынын резервдик фондунун эсебинен 51,0 миң сом акча каражатын бөлүп, тесттер боюнча атайын китептерди алып, мектептердин баарына таратылып берилди.

Ошону менен катар, келечек муундарынын сапаттуу билимге ээ болуусу үчүн, мугалимдердин билимин өркүндөтүүнүн үстүндө иш алып баруу менен, жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша мугалимдерге материалдык колдоо көрсөтүү жагын пландаштырып жатабыз. 

Мындан сырткары, Өзгөн шаарында балдарга билим берүү борбору, 3 балдар бакчалары бар, балдар бакчаларындагы орун 420 балага эсептелгени менен, учурда  660 бала тарбияланат. Шаарда мектеп жашына чейинки балдардын жалпы саны 6254 баланы түзөт, алардын ичинен балдар бакчасы менен камсыздалганы 14 пайызды түзөт. 2018-жылы “Таштак” кварталында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 90 орунду балдар бакчасы курулушу бүткөрүлүп, комиссия аркылуу пайдаланууга кабыл алуунун алдында турат. Мындан сырткары жергиликтүү бюджеттин эсебинен «Бахмал» участкасына балдар бакчасын ачуу пландаштырылып, жеке турак жайдын  имараттын балдар бакчасына ылайык реконструкциялоо  боюнча 1,0 млн сом акча бөлүнүп, учурда реконструкция  иштери иштери жүрүп жатат.   Ал эми муниципалдык жеке өнөктөштүк ыкмасында “Жаңы-Өзгөн” кварталдык комитетинин аймагында 60 орундуу балдар бакчасы 1-октябрда балдарды кабыл ала баштайт.Ушундай ыкма менен мектеп жашына чейинки балдардын балдар бакчасында тарбия алуусуна шарт түзүү иштери улантыла бермекчи.

Азыркы учурда инвестиция тартуу жолу менен мектеп окуучуларын ысык тамак менен камсыздоо боюнча иш аракеттер жүргүзүлүп, 2 мектептин окуучулары жаңы окуу жылына карата ысык тамак менен камсыздалмакчы. Калган 6 мектептин окуучуларын ысык тамак менен камсыздоо боюнча долбоорлор даярдалып, тийиштүү шарттар түзүү боюнча иштер алып барылууда.                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                  

Урматтуу депутаттар, Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы «Балдар иштери боюнча” жана  социалдык маселелер боюнча комиссияларынын  ишмердиги боюнча азыраак маалымат бере кетейин.

Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы «Балдар иштери боюнча комиссиясы» учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы №449 токтому менен бекитилген “Балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө” типтүү Жобонун негизинде иш жүргүзүүдө. Типтүү жобонун негизинде Өзгөн шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын /й бүлө жана балдарды коргоо бөлүмү тарабынан, жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы тарабынан келген материалдар комиссиянын кароосуна киргизилет.

2017-жыл ичинде 9 материал каралып, 11 балага бала менен жекече иштөө планы түзүлүп бекитилген. Ал эми 2018-жылдын 9 айына карата, келип түшкөн жана жаңы комиссиясынын короосуна келген 9 материал каралып (анын ичинен 6 материал кайра кароо боюнча, 3 материал жаңы келип түшкөн), 4 балага бала менен жекече иштөө планы түзүлгөн, 2 материал көзөмөлдөн чыгарылып, 1 материал жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясына учетко алуу боюнча жөнөтүлүп, 2 материал мектептин ички көзөмөлүнө өткөрүлдү. Учурда Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы «Балдар иштери боюнча комиссиясынын» көзөмөлүндө  4 бала турат.

Өзгөн шаарынын аймагында жөлөк пул алуучу жарандарды тактоо жана мыйзам чегинде аларга жөлөкпулдун туура чегерилиши боюнча Өзгөн шаарынын мэриясынын алдындагы социалдык маселелер боюнча комиссиясы Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-декабрындагы №318 Кыргыз Республикасында мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөгү мыйзамынын негизинде иш алып барууда.

2018-жылдын башында түзүлгөн иш-чаранын негизинде Социалдык маселелер боюнча комиссиясы ай сайын эки жолудан кем эмес отурум өткөрүп келүүдө. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-сентябрындагы №498 токтомунун негизинде 2016-жылдын 01-октябрынан баштап кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмү 900 сом, ал эми ар бир балага берилүүчү жөлөк пулдун өлчөмү 810 сом деп белгиленген. 2018-жылдын I кварталына карата Өзгөн шаарындагы 394 аз камсыз болгон үй бүлөнүн 1363 балдарына мамлекеттик жөлөкпул чегерилген. Ал эми II кварталына карата 422 үй бүлөнүн 1375 балдарына мамлекеттик жөлөк пул чегерилген.

Шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан кош бойлуулук жана төрөт үчүн 526 адамга 2000200 сом, сөөк коюуга кеткен чыгымдар боюнча 10 адамга 46800 сом акча каражаты бөлүнүп берилди.

Мамлекеттик жөлөкпулдун туура берилиши боюнча тийиштүү буйруктар аткарууга алынып, шаар мэриясынын көзөмөлүндө турат.

Урматтуу депутаттар! Шаардык мэриясынын резервдик фондунун эсебинен 2018-жылдын 6 айында  349450 сом акча каражаты  иштетилди. Анын ичинен: шаардын 8 тургунунун арыздарынын негизинде 60,0 миң сом өлчөмүндө материалдык жардамдар көрсөтүлдү. Шаардын масщтабында ар кандай маданий иш чаралардын (Нооруз, 8-март, Энелер күнү) өткөрүлүшүнө 127200 сом жумшалды жана райондук гезитке материалдык колдоо көрсөтүү, мыкты окуган окуучулардын олимпиадага катышуусуна колдоо көрсөтүүгө, жалпы республикалык тестирлөөгө окуучуларды даярдоо үчүн атайын окуу куралдарын сатып берүүгө иштетилди.

         Дене тарбия жана спорт тармагы боюнча:

Өзгөн шаар мэриясы тарабынан Өзгөн шаарында дене-тарбия жана спортту өнүктүрүү, жаштарды патриоттуулукка тарбиялоо, сергек жашоого үндөө, жаштарды тартип бузуудан, баңгиликтен, терс көрүнүштөрдөн (экстремизм терроризм) оолактатуу жана жаштардын арасындагы  ынтымакчылыкты, биримдикти бекемдөө  максатында  2018-жылдын 6 айында  бир топ иштер жүргүзүлүп, спорттун массалуулук түрлөрүн өнүктүрүүгө, спорт аянтчаларын куруу жана калыбына келтирүү иштерине бир топ маани берилди. 

Алсак, 2018-жылдын 1-2-май күндөрүндө Өзгөн шаарында спорттун бир нече түрлөрү боюнча мелдештер болуп өттү. 1-май күнү «З. Ормоновдун» жаркын элесине арналган спорттун футбол, волейбол, ордо, шахмат жана тогуз коргоол түрлөрүнө шаардын спорчулары катышып алдынкы орундарга жетишити.

Ал эми 4-5 май күндөрү Өзгөн шаардык кеңеши тарабынан спорттун волейбол, кичи футбол жана шахмат түрлөрү боюнча айылдык кеңештердин ортосунда  мелдештер болуп өттү. Бул мелдешке Өзгөн шаардык мэрясынын бюджетинин  ФК жана спорт бөлүгүнөн 44350 сом  акча каражаты  бөлүнүп берилди. Мелдеш убагында талапка ылайык бардык шарттар түзүлүп берилди. Ал эми  3-7 майда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2018-жылдын 6-апрелиндеги № 42.1 буйруктарына ылайык Кара-Балтада,  8-14 майына чейин Бишкек шаарларында Республикалык мектеп окуучулардын арасында финалдык спартакиадага Өзгөн шаарынан стол тенниси боюнча БӨДТДКнын 4 окуучусу жана 2 тренери барып катышып келишти. Барып келүү чыгымы сметага ылайык мэрия тарабынан 4214 сом акча каражаты төлөнүп берилди. 11-май күнү Кыргыз Республикасынын Аралаш Мушташ Түрлөрүнүн Өнөрчүлүк Академиясынын президенти тарабынан уюштурулган Өзгөн шаарында эрежесиз эр мушташ боюнча профессионалдар арасында мелдеш болуп өттү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Спорттук Кыргызстан” программасынын алкагында 2018-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жылына” карата  2018-жылдын 5-12-майында Ыссык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн Кик Бокс боюнча Азия чепионатына Өзгөн шаарынан барып катышып байгелүү орундарды ээлеген спортчуларга, мэрия тарабынан бөлүнгөн бюджетин ФК жана спорт бөлүгүнүн акча каражатынан 25000 сомдук баалуу белектер салтанаттуу түрдө тапшырылды.

2018-жылдын 29-июнь күнү мекеме-уюмдардын ортосунда спорттун футбол түрү жана жеңил атлетика (кросс) боюнча мелдеш «ИКРАР» менчик  кичи спорт сарайында  өткөрүлдү. Мелдешке  ар бир мекеме-уюмдун оюнчулары катышып,  жыйынтыгында алдынкы орунду ээлегендерге диплом жана кубок тапшырылды.

2018 –жыл «Региондорду өнүктүрүү» жылынын алкагында “Жаңы-Өзгөн” кварталдык комитетинин аймагына жеке ишкер Маматалиев Азамат тарабынан жаштар үчүн заманбап кичи футбол аянтчасы курулуп, ишке берилди. Футбол аянтчасынын салтанаттуу ачылыш аземине карата райондогу жаштардан турган футбол командаларынын арасында мелдеш өткөрүлүп, жыйынтыгында биринчи, экинчи жана үчүнчү  оорунду ээлегендер үчүн  3 (үч) даана кубок, үч даана диплом, бир даана ыраазычылык кат,  “Жаңы-Өзгөн” кварталынын жаштарына эки комплект футболдук форма тапшырылды. Биринчи орунду Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн командасы ээледи жана 100 доллар акча каражаты, медал, диплом, кубок менен сыйланды, экинчи орунду ээлеген Жээренчи командасы 5000 сом жана ушундай эле сыйлыктар менен сыйланды, үчүнчү оорунду ээлеген Чымбай командасына 2000 сом акчалай сыйлык, кубок диплом менен сыйланды.

Кыргыз Республикасында «2018-жыл -Региондорду өнүктүрүү» жылына, Эгемендүүлүктүн 27-жылдыгына карата Салам-Алик айыл аймагында өткөрүлгөн спорттук мелдештердин волейбол түрү боюнча  Өзгөн шаарынан балдар, кыздардан түзүлгөн командалар катышып, жыйынтыгында кыздардын командасы 1-орунду ээледи жана аларды спорттук кийимдер менен жол акылары үчүн жергиликтүү бюджеттин дене тарбия жана спорт бөлүгүнүн эсебинен 16400 сом акча каражаты бөлүнүп берилди.

2018-жылдын 7- 22-сентябрь күндөрү Россия Федерациясынын Анапа шаарында спорттун кикбоксинг түрү боюнча өткөрүлгөн эл аралык мелдешке Өзгөн шаарындагы «Як-лотос» спорттук клубунун 6 спортчусунун катышып келүүсү үчүн 10000 (он миң) сом акча каражаты Өзгөн шаарынын бюджетинин ФК жана спорт бөлүгүнөн бөлүнүп берилди.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгына карата, 2018-жылдын 10-августунан 31-августуна чейин  шаардын Мажурум-Тал кварталдык комитетинин аймагындагы жана Ленин атындагы №2 орто мектебинин спорттук аянтчаларында  кварталдык комитеттердин арасында мэрдин кубогу үчүн футбол оюндарын болуп өттү. Кубокту уюштуруп өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттин ФК жана спорт бөлүгүнөн  52250 (элүү эки миң эки жүз элүү ) сом акча каражатын бөлүп берилди

2018-жылдын 22-сентябрында Ош облусунун Алай районунда спорттун «Эрежесиз эр уруш» түрү боюнча өткөн мелдешке Өзгөн шаарынын тургуну, спортун чебери Коноков Эрмектин катышып келүүсүнө колдоо көрсөтүү максатында 10000 (он миң) сом акча каражаты Өзгөн шаарынын бюджетинин ФК жана спорт бөлүгүнөн бөлүнүп берилди.

Шаар мэриясынын иш кагаздары жана арыз каттар боюнча:

2018-жылдын 6 айында шаар мэриясында документ жүгүртүү (документооборот) төмөндөгүдөй болду: баардыгы болуп 612 документ келип түшкөн анын ичинен: Кыргыз Республикасынын министрликтеринен, агенттиктеринен, мамлекеттик комитеттеринен 33 документ, облустук жана райондук мекеме-уюмдардан 107 кат, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан 50 буйрук, 6 токтом, 9 протокол жана 159 кат, шаардык мекеме-уюмдардан 146 кат, сот, укук коргоо органдарынан 68 кат, Өзгөн шаардык Кеңешинен 13 токтом, 21 кат келип түшкөн жана ошол эле убакта шаар мэриясынан 604 кат чыгышталган. Шаар мэриясы тарабынан шаар тургандарынын арыздарынын негизинде жеке турак жайын  мыйзамдаштыруу боюнча 31 токтом кабыл алынды. 

Шаар мэриясына келип түшкөн документтердин өз мөөнөтүндө аткарылышына такай көзөмөл жүргүзүлүп турулууда.

Ал эми отчеттук мезгил ичинде шаар мэриясына 445 атуулдан арыз келип түшкөн, аларды мазмуну боюнча алып карасак: 90 атуул үй салуу үчүн жер участкасын берүүнү суранып, 83 атуул кыймылсыз мүлкүн мыйзамдаштырууну суранган, ижарага жер сурангандар 91, суу, свет, социалдык маселелери боюнча 14 адам, 18 адам материалдык жардам сурап кайрылган, 149  атуул ар түрдүү маселелер менен  кайрылгандар, арыздардын ичинен: 78 арыздын мөөнөтү кечигип аткарылган. Атуулдардын арыз кайрылууларына дагы да болсо  МММБ департаменти тарабынан өз убагында жооп берилбей жаткандыгын белгилеп кетүү туура болот.

 

Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат.

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XIV сессиясынын отурумунун

 ТОКТОМУ                   

                   

    2018-жылдын 27-октябры              № 14/ 2                              Өзгөн шаары

 

 

Өзгөн шаарынын бюджетинин 2018-жылдын 6 айы ичинде аткарылышы жөнүндө

           

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XIV сессиясынын отуруму Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик кодексине» ылайык «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссияларынын биргелешкен отурумунун 2018-жылдын 10-октябрындагы отурумунун №5 протоколунун негизинде,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2018-жылдын 6 айындагы аткарылышы жөнүндөгү маалымат эске алынсын.
  2. Бюджеттин киреше бөлүгүнүн сапаттуу аткарылышын камсыздоо, Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги менен бюджеттин киреше бөлүгүн Мыйзамдарда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө тактоо иштерин жүргүзүү жана бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча ишти дайыма көзөмөлдөп туруу жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Өзгөн райондук башкармалыгынын башчысынын орун басары Р.Мейматкуловго милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                          А. Джалилов

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XIV сессиясынын отурумунун 

ТОКТОМУ                  

                   

   2018-жылдын 27-октябры              № 14/ 3                              Өзгөн шаары 

 

Өзгөн шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2018-жылда ашыкча аткарылышынын эсебинен кошумча каражат бөлүү жөнүндө

 

            Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги XIV сессиясынын отуруму күн тартибине Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексине” ылайык киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссияларынын биргелешкен отурумунун 2018-жылдын 10-октябрындагы №5 протоколунун негизинде,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен 2018-жылда кошумча аткарылуучу иштердин титулдук тизмеси 1-тиркемеге ылайык бекитилсин жана ал иштерге Өзгөн шаарынын бюджетинин 2018-жылда ашыкча аткарылышынын эсебинен 2355,9 миң сомду МММБ департаменти аркылуу каржылоого макулдук берилсин.
  2. Кошумча аткарылуучу иштердин титулдук тизмесиндеги иштердин мыйзамдуулугун тактап, тийиштүү документтерин даярдагандан кийин каржылоо МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Н.Абдурахмановго жана аны көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Р.Атаджановго милдеттендирилсин.
  3. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2018-жылда ашыкча аткарылышынын эсебинен 2-тиркемеге ылайык шаардык кеңешке 6,1 миң сом, шаардык билим берүү бөлүмүнө 98,0 миң сом, МММБ департаментине 40,0 миң сом кошумча каржылоого макулдук берилсин.
  4. Өзгөн шаарынын 2018-жылга бекитилген бюджетинин киреше бөлүгүнүн планына 3-тиркемеге ылайык 2500,0 миң сом өлчөмүндө тактоо киргизүүгө макулдук берилсин. Бюджеттин тең салмактуулук принцибин сактоо менен жогорудагы мекемелердин сметасына өзгөртүү киргизүү жана кирешелер планын Каржы министрлиги менен тактоо жагын көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Р.Атаджановго милдеттендирилсин.
  5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

                                       Төрага                                          А. Джалилов


 

Өзгөн шаардык кеңешинин 2018-жылдын 27-октябрындагы  кезектеги XIV сессиясынын 14/3 токтомунун 1-тиркемеси 

 

Өзгөн шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу жана шаардын калктуу конуштарында элдин турмуш деңгээлин оңдоо максатында 2018-жылдын 1-жарым жылдыгында бюджеттин ашыкча аткарылышынын эсебинен каржылана турган иштердин кошумча титулдук тизмеси.

 

Аткарылуучу жумуштардын аталышы

Жалпы керектелүүчү каражат

(сом)

2018-жылда каралуучу каражат

2019-жылда каралуучу каражат

1

С. Шарипов орто мектебинин кошумча имаратын толук куруп бүтүрүү үчүн

2 545 425

1 119 660       

1 425 765

2

Калма-Кия кварталындагы балдар бакчасынын имаратын толук куруп бүтүрүү үчүн

3 014 429

 1 119 660       

 1 894 769

3

МТС аймагында жайгашкан мусулмандардын, православтардын кабырстандарынын кире бериш жерине “Кабырстандардын жайгашкандыгын маалымдай турган жарнамалык көрсөткүч калканын орнотуу”га

16 580

16 580

-

4

№1 балдар бакчасынын 300 кв.м жерине брусчатка жаткырууга

100 000

100 000

 

5    

Асма көпүрөөнүн кошумча аткарылуучу иштерине

650000

 

650000

 

Баардыгы:

6 326 434

2 355 900

 3 970 534

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин 2018-жылдын 27-октябрындагы  кезектеги XIV сессиясынын 14/3 токтомунун 2-тиркемеси

 

2018-жылдын 1-жарым жылдыгында Өзгөн шаарынын бюджетинин ашыкча аткарылышынын эсебинен каржылана турган кошумча каражаттардын тизмеси.

 

Аталышы

Керектелүүчү каражат

(миң сом)

1

Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментине (ТВГ машинасына күйүүчү май сатып алууга)

40000

2

Шаардык билим берүү бөлүмүнө БӨДТД клубуна эмеректерди сатып алуу үчүн

98 000

3

Шаардык кеңешке (эмгек акы, соцфонд)

6 100

 

Баардыгы:

144 100

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) 2018-жылдын 27-октябрындагы  кезектеги XIV  сессиясынын № 14/3 токтомунун 6-айда пландан ашыкча аткарылган салыктын түрлөрүнүн 3-тиркемеси

  

№ п.п

Аталышы

Күтүлүүчү III-IV квартал 2018-ж. (миң сом)

 

1.

Ыктыярдуу патент

2500,0

 

 

Баардыгы:

2500,0

 

 

 Бөлүм башчысы:                                             Т. Туркбаев

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XIV сессиясынын отурумунун

 

ТОКТОМУ                   

                   

    2018-жылдын 27-октябры              № 14/4                              Өзгөн шаары

 

 

Өзгөн шаарынын бюджетинин 2019-жылга долбоорун бекитүү жөнүндө

           

Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги XIV сессиясынын отуруму күн тартибине Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексине” ылайык киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссияларынын биргелешкен отурумунун 2018-жылдын 10-октябрындагы №5 протоколунун негизинде,

           

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

  1. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2019-жылга долбоорун тиркемеге ылайык 85546,5 миң сом өлчөмүндө бекитүүгө макулдук берилсин.

 

  1. Бюджеттин киреше бөлүгүнүн сапаттуу аткарылышын жана Өзгөн шаарынын бюджетинин 2019-жылга долбоорун Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексине” ылайык белгиленген мөөнөттө Каржы министрлигине берүүнү көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Р.Атаджановго милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

                                 

                          Төрага                                          А. Джалилов

 

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин 2018-жылдын 27-октябрындагы  кезектеги XIV сессиясынын 14/4 токтомунун тиркемеси

 Өзгөн шаарынын 2019-жылга бюджетинин долбоору

 

Кирешелер

Суммасы, миң сом

1

Киреше булактарынан кармалган киреше салыгы

20000,0

2

Бирдиктүү салык 

850,0

3

Милдетүү патенттин негизиндеги салык

2571,8

4

Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык

32969,1

5

Турак-жай эмес мүлккө  салык

1200,0

6

Транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык

3550,0

7

Тамарка жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы

2500,0

8

Айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы

5,6

9

Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы

2650,0

10

Сатуудан алынуучу салык

11000,0

11

Ар кандай төлөмдөр:

2250,0

 

-жер үчүн ижара акы

1750,0

 

-автотранспортту парковкалоо үчүн жыйым

500,0

12

Атайын каражаттар салыгын кошпогондо кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр

6000,0

 

Мектепке чейинки балдардын жыйымы

5300,0

 

Мектеп жана маданият

700,0

 

Жыйынтыгы:

85546,5

 

  

 

 Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XIV сессиясынын отурумунун

 ТОКТОМУ                   

                   

    2018-жылдын 27-октябры              № 14/5                              Өзгөн шаары

 

Өзгөн шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция жөнүндө

           

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын негизинде жана Өзгөн шаардык кеңешинин регламентине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги XIV сессиясынын отуруму күн тартибине сунушталган маселени угуп жана талкуулап,

 ТОКТОМ КЫЛАТ: 

 

  1. Өзгөн шаардык кеңешинде коалиция түзбөстөн иштөөгө макулдук берилсин, сессияларга сунушталган маселелер Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык каралсын.
  2. Өзгөн шаардык кеңеши тарабынан бекитилген туруктуу комиссиялардын курамы өзгөрүүсүз калтырылсын.
  3. Өзгөн шаардык кеңешинин иш-планындагы жана мыйзамга ылайык туруктуу комиссиялардын отурумдарында каралуучу маселелерди өз мөөнөтүндө карап, тийиштүү маселелерди сессияга сунуштоо туруктуу комиссиялардын мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
  4.   Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                              А. Джалилов

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XIV сессиясынын отурумунун

 ТОКТОМУ                   

                   

   2018-жылдын 27-октябры              № 14/ 6                              Өзгөн шаары

 

 

Долбоорду ишке ашыруу үчүн МММБ департаментинин атайын каражаттар эсебинен акча каражатын каржылоого макулдук берүү жөнүндө

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XIV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы МММБ департмаментинин катынын негизинде,

 ТОКТОМ КЫЛАТ: 

  1. Өзгөн шаарынын «Жаңы-Турмуш» кварталында курулган Үч-Дөбө АКБ реконструкциялоодо негизги магистралындагы 264 пм суу түтүгүн капиталдык оңдоо, «Таштак» кварталынын жаңы конуштарына 1269 пм суу түтүгүн тарттыруу, Улукбек кварталындагы А.Навои көчөсүнө түнкү чырак орнотуу, «Жаңы-Өзгөн» кварталындагы Заречная, С.Акматов, Кара-Шоро көчөлөрүнө түнкү чырак орнотуу долбоорлорун ишке ашыруу үчүн Өзгөн Таза-Суу муниципалдык ишканасынын МММБ департаментинин атайын каражаттар эсебине которулган 378306 сом өздүк салымын МММБ департаментинин атайын каражаттар эсебинен жогорудагы долбоорлорго каржылоого макулдук берилсин.
  2. Бөлүнгөн каражатты мыйзамга ылайык жана максаттуу каржылоо жагы МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Н.Абдурахмановго милдеттендирилсин.
  3.   Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

  

Төрага                                          А. Джалилов

 

 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XIV сессиясынын отурумунун

 ТОКТОМУ                   

                   

   2018-жылдын 27-октябры              № 14/ 7                              Өзгөн шаары

 

 

2018-жылдагы титулдук тизмеден жана башка иштерден үнөмдөлгөн акча каражаттарын каржылоо жөнүндө

 

 Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамына ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XIV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап,  

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. 2018-жылдагы титулдук тизмеден жана башка иштерден үнөмдөлгөн 895,1 миң сом акча каражатынын эсебинен 350,0 миң сом акча каражатын Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу балдардын билим берүү борборуна ажаткана куруу үчүн каржылоого макулдук берилсин.

 

  1. Бөлүнгөн каражатты мыйзамга ылайык каржылоо жагы МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Н. Абдурахмановго милдеттендирилсин.

 

  1.   Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага                                          А. Джалилов

 

 

 

 

 

 

p class=params-