Зергер айылдык кеңеши 

  Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы  кезексиз  тогузунчу   сессиясы

“27”апрель  2022-жыл                           №41                         Кайрат айылы.

  Жергиликтүү бюджетке түшкөн кошумча каражаттын эсебинен  кээ бир статьяларды  каржылоого алуу  жөнүндө

 

   Зергер айылдык кенешинин кезексиз  тогузунчу  сессиясы “Финансы,экономика,бюджет экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери”  боюнча туруктуу комиссиясынын  жана айыл өкмөтүнүнүн   жергиликтүү бюджетке түшкөн кошумча каражаттын эсебинен  кээ бир статьяларды  каржылоого алуу  жөнүндө сунушун угуп талкуулап  чыгып  токтом кылат:

1.Зергер айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы жергиликтүү бюджетине  кошумча киреше салыгынан 272,4 мин сом,    КБФнын аренда акысынан 100,0 мин сом жергиликтүү бюджетине кошумча каражат түшкөндүктөн жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 6-декабрь 2021-жылдагы №547 жарлыгында айыл чарба багытындагы алынуучу жер салыгынан бошотуу каралгандыктан,алты айдын жыйыынтыгы менен  163,0 мин сом жер салыгынын эсебинен кыскартылсын.Баардык кошумча киреше 209,4 мин сомго белгиленип,төмөндөгү тармактарга каржылоого алынсын.башкаруу тармагынын 2214 статьясына 14,7 мин сом,2215 статьясына 194,7 мин сом.                                                       2.Токтомдун аткалышын көзөмөлдөө жагы  “Финансы,экономика,бюджет экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери”  боюнча туруктуу комиссиясына  милдеттендирилсин.

 

         

 Төрага                                    Б.Келдибаев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Зергер айылдык кеңеши

Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы  кезексиз  тогузунчу   сессиясы

“27”апрель  2022-жыл                           №42                        Кайрат айылы.

Зергер айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы    жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү   жөнүндө

   Зергер айылдык кенешинин кезексиз  тогузунчу  сессиясы “Финансы,экономика,бюджет экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери”  боюнча туруктуу комиссиясынын,айыл өкмөтүнүн  ФЭБ бөлүмүнүн Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары,Ош,Жалал-Абад жана Баткен  областары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн  2022-жылга иш планына ылайык Зергер айыл өкмөтүнүнүн 2020-2021-жылдарга жергиликтүү бюджетинин түзүлүшү жана аткарылышынын   жыйынтыгында бекитилген каражат максатсыз жумшалгандыктан   2022-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү  жөнүндө сунушун угуп талкуулап  чыгып  токтом кылат:

1.Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары,Ош,Жалал-Абад жана Баткен  областары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн  2022-жылга иш планына ылайык Зергер айыл өкмөтүнүнүн 2020-2021-жылдарга жергиликтүү бюджетинин түзүлүшү жана аткарылышынын   жыйынтыгында бекитилген каражат максатсыз жумшалгандыктан 2022-жылдын жергиликтүү бюджетиине төмөнкүдөй өзгөртүү кииргизилсин. Башкаруу тармагынын 221 статьясынан  3,8 мин сом,2215 статьясынан 15,0 мин сом,2824 статьясынан 0,2 мин сом, баардыгы 19,0 мин сом  кыскартылып,2111 статьясына 9,1 мин сом,2721 статьясына 9,9 мин сом баардыгы 19,0 мин сом каржылоого алынсын.

2.Токтомдун аткалышын көзөмөлдөө  “Финансы,экономика,бюджет экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери”  боюнча туруктуу комиссиясына  милдеттендирилсин.

 

         

 Төрага                                    Б.Келдибаев

 

 

 

 

 

 

Зергер айылдык кеңеши

Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы  кезексиз тогузунчу   сессиясы

“27”апрель  2022-жыл                           №43                          Кайрат айылы.

 Айдоо аянтындагы  эгиндерге,көп жылдык өсүмдүктөргө жана чөп ормолорго түшүп зыян келтирген  кароосуз мал жандыктардын ээлерине чара көрүү  жөнүндө

      Зергер айылдык кенешинин кезексиз  тогузунчу  сессиясы  айыл тургундарынын жалпы элдик жыйындарында түшкөн протоколдук суроо талаптарын, айыл өкмөтүнүн  жайкы жайытка мал жандыктарды өз мөөнөтүндө көчүрбөй, эрте көчүрүп келип   дыйкандардын айдоо аянтындагы  эгиндерге,көп жылдык өсүмдүктөргө жана чөп ормолорго түшүп зыян келтирген  кароосуз мал жандыктардын ээлерине чара көрүү     жөнүндө сунушун угуп талкуулап  чыгып  токтом кылат:

1.Жайкы жайытка мал жандыктарды  өз мөөнөтүндө көчүрүү көчүрүп келүү иш чараларын аткарууга алуу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.                                                                                                                             

2.Белгиленген мөөнөттө көчүрүлбөй  же көчүрүлүп  келип дыйкандардын эгиндерине зыян келтирген  мал жандыктардын ээлерине:                                                                                                                                             

-бир баш жылкыга 1000(мин) сом,                                                                                                                                                                                                                        -бир баш кара малга  1000(мин) сом,                                                                                                                                        

 -бир баш торпоко  500(беш жүз) сом,                                                                                                                                                        

-бир баш кой, эчкиге  100(жүз) сом, жазана салуу  айыл өкмөтүнүн  “Бузуулар жөнүндө иштерди кароо комиссиясына”жана айыл өкмөтүнө  милдеттендирилсин. 

3.Токтомдун аткалышын көзөмөлдөө жагы «Айыл суу чарба өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика маселелери» боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

 

         

 Төрага                                    Б.Келдибаев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Зергер айылдык кеңеши

Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы  кезектеги онунчу  

ТОКТОМ

“24” август 2022-жыл           № 44                     Кайрат айылы.

  Зергер айыл өкмөтүнүн  2022-жылдын алты айында жергиликтүү  бюджетинин кирешелер  чыгашалар боюнча аткарылышы  жөнүндө

Зергер айыл өкмөтүнүн  2022-жылдын алты айында жергиликтүү  бюджетинин кирешелер  чыгашалар боюнча аткарылышы  жөнүндө  “Финансы,  экономика,  бюджет,  экономикалык  жактан  өнүгүүнүн  болжолдуу  багыттарын  аныктоо  жана  инвестиция  маселелери” боюнча  туруктуу  комиссиясынын,Зергер айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу  Р.Жуманалиевдин маалыматын угуп талкуулап чыгып  Зергер айылдык кеңешинин кезектеги   10-сессиясы токтом кылат:

1.Зергер айыл өкмөтүнүн  2022-жылдын алты айында жергиликтүү   бюджетинин кирешелер  боюнча  аткарылышы  канааттандырарлык деп  табылсын.

2.Зергер айыл өкмөтүнүн  2022-жылдын алты айында жергиликтүү   бюджетинин  чыгашалар боюнча  аткарылышы канааттандырарлык эмес деп  белгиленсин.

3.Ушул токтомдун аткарылышын   көзөмөлдөө “Финансы,экономика,бюджет экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери” боюнча   туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин. 

                                                         

Төрага                                         Б.Келдибаев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Зергер айылдык кеңеши

Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы  кезектеги онунчу    сессиясы

ТОКТОМ

“24”август  2022-жыл              №45                           Кайрат айылы.

Кутурган айылына мектепке чейинки билим берүү мекемесин ачуу жөнүндө  элдик жыйындын  сунушун кароо жөнүндө

      Зергер  айылдык кеңешинин кезектеги онунчу   сесссиясы Кутурган  айылынын 2022-жылдын “24” июлундагы  Кутурган айылына мектепке чейинки билим берүү мекемесин ачуу жөнүндө элдик жыйынынын протоколдук сунушун карап талкуулап чыгып  токтом  кылат:

  1. Кутурган айылына муниципалдык мектепке чейинки билим берүү мекемесин ачууга макулдук берилсин.
  2. Мектепке чейинки билим берүү мекемесин ачууга байланыштуу документтерин даярдоо жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика» боюнча туруктуу    комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага                                      Б.Келдибаев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Зергер айылдык кеңеши

Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы  кезектеги онунчу    сессиясы

ТОКТОМ

“24”август  2022-жыл              №46                           Кайрат айылы.

Кайрат айылына мектепке чейинки билим берүү мекемесин ачуу жөнүндө  элдик жыйындын  сунушун кароо жөнүндө

      Зергер  айылдык кеңешинин кезектеги онунчу   сесссиясы Кайрат  айылынын 2022-жылдын  24- июлдагы  Кайрат  айылына мектепке чейинки билим берүү мекемесин ачуу жөнүндө элдик жыйынынын протоколдук сунушун карап талкуулап чыгып  токтом  кылат:

  1. Кайрат айылындагы айыл өкмөтүнүн имараты менен катталган 4000 чарчы метр жер аянтынан 1700 чарчы метр жер аянтына муниципалдык мектепке чейинки  билим берүү мекемесин курууга   макулдук берилсин.
  2. Мектепке чейинки билим берүү мекемесин ачууга байланыштуу документтерин даярдоо жагы Зергер айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика» боюнча туруктуу    комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага                                      Б.Келдибаев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Зергер айылдык кеңеши

Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы  кезектеги онунчу    сессиясы

ТОКТОМ

“24”август  2022-жыл              №47                            Кайрат айылы.

Зергер айылынын Тосой участкасындагы   трансформатордук подстанцияны документтештирүү сунушун   кароо жөнүндө

      Зергер  айылдык кеңешинин кезектеги онунчу   сесссиясы Зергер айылынын Тосой участкасына трансформатордук подстанцияны документтештирүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер турак жай маселелери боюнча башкы адиси М.Каракозуевдин  сунушун карап талкуулап чыгып  токтом  кылат:

  1. Зергер айылынын Тосой участкасындагы чарбасыз трансформатордук подстанцияны айыл чарбасына жараксыз жерге жайгаштырып, жер аянтын бекитип, АПЗ документтерин даярдоого макулдук  берилсин.

2.Зергер айылынын Тосой участкасындагы  чарбасыз трансформатордук подстанцияны      айыл чарбасына жараксыз жерге жайгаштырып,  жер аянтын бекитип, АПЗ документтерин даярдо жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  «Айыл суу чарба өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика маселелери» боюнча туруктуу комиссияга боюнча туруктуу    комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага                                      Б.Келдибаев

 

 

 

 

 

 

 

Зергер айылдык кеңеши

Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы  кезектеги онунчу сессиясы

ТОКТОМ

“24”август  2022-жыл               №48                            Кайрат айылы.

Зергер жайыт комитетинин  2022-жылдагы  бюджетине  өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

   Зергер айылдык кенешинин кезектеги  онунчу  сессиясы «Айыл суу чарба өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика маселелери»  боюнча туруктуу комиссиянын сунушун жана Зергер жайыт комитетинин төрагасы Маматалиев Келдибайдын билдирүүсүн угуп,талкуулап чыгып    токтом кылат:

1.Зергер жайыт комитетинин 2022-жылга бекитилген  бюджетинин чыгашалар статьясынын  резервдик фондунан 20,0 мин сом,жайыт инфраструктурасын жакшыртууга бөлүнгөн акча каражатынан 10,0 мин сом кыскартылып,жалпы 30,0 мин сом мал чарба кызматкерлеринин алты айлык жыйынтык майрамын өткөрүп берүүгө  макулдук берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөл  кылуу  жагы, Зергер жайыт комитетинин төрагасы Маматалиев Келдибайга   милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткалышын көзөмөлдөө жагы «Айыл суу чарба өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика маселелери» боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

         

  Төрага                                  Б.Келдибаев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Зергер айылдык кеңеши 

Зергер айылдык кенешинин жетинчи -чакырылыштын кезектеги 10-сессиясы

ТОКТОМ

  24-август 2022-жыл                                    № 49

Зергер айыл өкмөтүнө  караштуу  Кайрат участкасында,   Тосой-Кызылжар участкасында, Ничке-Сай айылынын Топ-Жанак    учаскасындагы куураган,сынган  жана илдетке учураган  кара жыгач,алма,алча дарактарды санитардык тазалоо,бутоо жүргүзүүгө  макулдук берүү жөнүндө

    Зергер айылдык кеңешинин   кезектеги  10-сессиясы токойчу К.Караевдин  Зергер айыл өкмөтүнө  караштуу  Кайрат участкасындагы,   Тосой-Кызылжар участкасындагы, Ничке-Сай айылынын Топ-Жанак    учаскасындагы куураган,сынган  жана илдетке учураган  кара жыгач,алма,алча дарактарды бутап санитардык тазалоо жүргүзүү жөнүндө   билдирүүсүн  угуп талкуулап чыгып токтом кылат:

  1. Зергер айыл өкмөтүнө караштуу Кайрат участкасындагы, Тосой-Кызылжар участкасындагы, Ничке-Сай айылынын Топ-Жанак учаскасындагы куураган,сынган жана илдетке учураган  кара жыгач,алма,алча дарактарын  бутап санитардык тазалоо  жүргүзүүгө  макулдук берилсин.

2.Айыл өкмөткө   Кайрат участкасындагы, Тосой-Кызылжар участкасындагы, Ничке-Сай айылынын Топ-Жанак    учаскасындагы куураган,сынган  жана илдетке учураган  кара жыгач,алма,алча дарактарын  бутап санитардык тазалоо  иштерине   көзөмөл  жүргүзүү милдетттендирилсин.

3.Ушул токтомдун аткарылышын къзъмълдъъ жагы “Айыл -суу чарба, өнөр-жай,курулуш, транспорт, энергетика маселелери” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 Төрага                                            Б.Келдибаев  

 

 

 

 

 

Зергер айылдык кеңеши

Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы  кезексиз он биринчи  сессиясы                                                                                                                                                

ТОКТОМ

“16”сентябрь  2022-жыл                                 №50                           Кайрат айылы.

Зергер аймактык жергиликтүү жамааттарынын   курултайын чакыруу жөнүндө

       Зергер айылдык кенешинин кезексиз  он биринчи   сессиясы Кыргыз Республикасынын Биринчи элдик курултайын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы №2 чечими менен  бекитилген нускаманы жетекчилике алып, ушул маселеде Зергер аймактык жергиликтүү жамааттарынын   курултайын чакыруу жөнүндө  айылдык кенештин төрагасы  Б.Келдибаевдин  билдирүүсүн угуп,талкуулап чыгып    токтом кылат:                                                                                                                                                              

1.Зергер аймактык жергиликтүү жамааттарынын   курултайы 2022-жылдын  5-ноябрына Кайрат айылына, айылдык маданият үйүнүн имаратына саат 10-00 чакырылсын.                                        

2.Зергер аймактык жергиликтүү жамааттарынын   курултайын  уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссия төмөнкү курамда бекитилсин:                                                                                                                                                                          

Келдибаев Б.-Зергер айылдык кенешинин төрагасы,комиссиянын төрагасы.                                                                                                                         

Сапарали уулу А.-айылдык кенештин төрагасынын орун басары,комиссиянын төрагасынын орун басары.                                                                                                                                               

 Адилбеков А.-айылдык кенештин жооптуу катчысы,комиссиянын катчысы.                       

Кочкоров С.-айылдык кенештин депутаты,комиссиянын мүчөсү.                                         

 Сагынбаев М.-айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, комиссиянын мүчөсү.                                                       

Айтбаев М.-ардагерлер кенешинин төрагасы, комиссиянын мүчөсү.                                                                                          

Жаанбаева С.-аялдар кенешинин төрайымы,комиссиянын  мүчөсү.                                                           

Апышов К. комиссиянын мүчөсү.                                                                                                                                                                                 

 Айыл башчылар-комиссяиын мүчөлөрү.                                                                                                                                                                            

 3.Жергиликтүү курултайдын  делегаттарынын  жалпы саны 100 делегатка бекитилсин.Анын ичинен айылдардагы калктын санына жараша Токтогул айылынан -14,Жаны-Айыл айылынан 11,Кайрат айылынан -16, Аюу айылынан -12,Зергер айылынан-13,Кутурган айылынан -16,Ничке-Сай айылынан -18 делегаттын өкүлчүлүктүү ченеми бекитилсин.                                                                                                                             

 4.Зергер аймактык жергиликтүү жамааттарынын   курултайына делегаттарды шайлоо боюнча айылдарда өтүүчү  элдик жыйындардын графиги жана аны өткөрүү  боюнча  жооптуу депутаттар томөнкүдөй бекитилсин.Токтогул айылында  - 15-октябрда жооптуу депутаттар Султаназаров А.,Кайыев С.,Джилкинчиева Ж.,Жаны-Айыл айылында  15-октябрда.жоопту депутаттар Сапарали уулу А.,Терекбаева С.,Кайрат айылында  16- октябрда жооптуу депутаттар Кадыров М.,Кочкоров А.,Нуруева Б.,Аюу айылында  17-октябрда жооптуу депутаттар Орозбаев М.,Абдывали уулу М.,Тешебаева Р., Зергер айылында  18-октябрда жооптуу депутаттар Орозбаев М.,Абдывали уулу М., Абдуллаева С., Кутурган айылында  19-октябрда жооптуу депутаттар Келдибаев Б.,Байдолотова М.,Каратаев И.,Осмонова К.,Ничке-Сай айылында  19-октябрда жооптуу депутаттар Калыев У.,Муратов И.,Мусурманкулова Н.,Абдырахманова С.                                                                                                

5.Курултайды уюштуруу, өткөрүү иш чараларына акчалай материалдык көмөк көрсөтүү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

6.Токтомдун аткалышын көзөмөлдөөнү өз жоопкерчилигиме калтырам.

 

 

Төрага                                  Б.Келдибаев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Зергер айылдык кеңеши

Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы  кезексиз он биринчи  сессиясы     ТОКТОМ

“16”сентябрь  2022-жыл                                №51                           Кайрат айылы.

Зергер айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин кошумча каржылоо жөнүндө

Зергер айылдык кенешинин кезексиз  он биринчи   сессиясы      Зергер айыл өкмөтүнүн  2022-жылдагы бюджетине  киреше салыгынын эсебинен 800,0 мин сом,жайыт салыгынан 230,0 мин сом, КБФнын аренда акысынан 150,0 мин сом, ата-энелерден алынуучу төлөмдүн эсебинен 30,0 мин сом  акча каражаты түшкөндүктөн,ушул акча каражатын каржылоого алуу жонүндө  жана лицензиядан алынуучу салыктын эсебинен 513, мин сом акча каражаты түшпөгөндүктөн  ушул акча каражатын бюджеттен кыскартуу  жөнүндө “Финансы,  экономика,  бюджет,  экономикалык  жактан  өнүгүүнүн  болжолдуу  багыттарын  аныктоо  жана  инвестиция  маселелери” боюнча  туруктуу  комиссиясынын,финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу  Р.Жуманалиевдин маалыматын угуп талкуулап чыгып   токтом кылат:

1.Зергер айыл өкмөтүнүн  2022-жылдагы бюджетине  лицензиядан алынуучу салыктын эсебинен 513,0 мин сом акча каражаты түшпөгөндүктөн  ушул акча каражаты  бюджеттен кыскартылсын.  Киреше салыгынын эсебинен 800,0 мин сом,жайыт салыгынан 230,0 мин сом, КБФнын аренда акысынан 150,0 мин сом, ата-энелерден алынуучу төлөмдүн эсебинен 30,0 мин сом кошумча  акча каражаты түшкөндүктөн   ЖКХ тармагынын 3111 статьясына 166,5 мин сом,  2215 статьясына 160,0 мин сом,   башкаруу тармагынын 2214 статьясына 40,0 мин сом,2215 статьясына 80,0 мин сом, билим берүү тармагынын 2215 статьясына 220,0 мин сом,атайын каражаттын эсебинен бала бакча тармагынын 2218 статьясына 10,0 мин сом,2215 статьясына 20,0 мин сом каржылоого алынсын.

2.Ушул токтомдун аткарылышын   көзөмөлдөө “Финансы,экономика,бюджет экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери” боюнча   туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага                                         Б.Келдибаев

 

 

 

 

 Зергер айылдык кеңеши

Зергер айылдык кеңешинин (7- чакырылыштагы)  кезектеги он экинчи  ТОКТОМ

“28” ноябрь 2022-жыл           № 52                     Кайрат айылы.

  Зергер айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджетинин 2022-жылдын тогуз   айында  кирешелер  жана чыгашалар боюнча аткарылышы  жөнүндө

Зергер айыл өкмөтүнүн  2022-жылдын тогуз айында жергиликтүү  бюджетинин кирешелер  чыгашалар боюнча аткарылышы  жөнүндө Зергер айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу  Р.Жуманалиевдин маалыматын угуп талкуулап чыгып  Зергер айылдык кеңешинин кезектеги   12-сессиясы токтом кылат:

1.Зергер айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджетинин 2022-жылдын тогуз  айында  кирешелер жана чыгашалар  боюнча  аткарылышы   канааттандырарлык деп  табылсын.

2.Зергер айыл өкмөтүнүн  2022-жылдагы бюджетине Республикалык бюджеттин эсебинен бөлүнгөн 500,0 мин сом максаттуу трансферт акча каражаты  ЖКХ тармагынын 2215 статьясына  архитехтуралык жумуштарга каржылоого алынсын.

3.Ушул токтомдун аткарылышын   көзөмөлдөө “Финансы,экономика,бюджет экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери” боюнча   туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин. 

                                                         

Төрага                                         Б.Келдибаев

 

 

 

 

 

 

 

Зергер айылдык кеңеши

Зергер айылдык кеңешинин  (7-чакырылыштагы)  кезектеги он экинчи   сессиясы                                                                                                                                                  

ТОКТОМ

 “28” ноябрь  2022-жыл      № 53                     Кайрат айылы.

Зергер айылдык  кенешинин (7-чакырылышынын) айрым депутаттарынын  ыйгарым укуктарын  мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

     Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын  3-статьясынын 10-пунктуна ылайык Зергер айылдык Кеңешинин (7-чакырылышынын)  «Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын  16-сентябрындагы протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп  жана талкуулап чыгып Зергер айылдык кеңешинин  кезектеги 12-сессиясы токтом кылат:

1.Зергер айылдык кенешинин  Зергер-Дыйкан шайлоо округунан шайланган  депутат  Абдуллаева Санамбу Борончуевна айылдык кенештин сессияларына  себепсиз  сегиз жолу катарынан  катышпагандыгы  жана Кайрат шайлоо округунан  шайланган  депутат Нуруева Бактыгул Мамасабыровна  айылдык кенештин сессияларына себепсиз беш жолу катарынан катышпагандыгы  үчүн  депутаттык  ыйгарым укуктарын  мөөнөтүнөн мурда токтотуу Өзгөн  аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.                                                                                                  

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө   «Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

                   

 Төрага                              Б.Келдибаев

 

 

 

 

 

 

Зергер айылдык кеңеши

Зергер айылдык кеңешинин ( 7- чакырылыштагы ) кезектеги    12-сессиясы

ТОКТОМ

“28”ноябрь  2022-жыл                № 54                          Кайрат айылы

Календеров Улукбек Ибраимовичке Зергер айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө

 

   Кутурган  айылынын  2022-жылдын  26-октябрындагы    жалпы элдик жыйынынын    Календеров Улукбек Ибраимовичке Зергер айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу  жөнүндө сунушун  карап,талкуулап чыгып  Зергер айылдык кенешинин кезектеги    12-сессиясы  токтом кылат:

1.Зергер айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өсүп  өнүгүүсүнө   кошкон салымы  үчүн    Календеров Улукбек Ибраимовичке   Зергер айыл аймагынын «Ардактуу атуул» наамы ыйгарылсын.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 Төрага                                      Б.Келдибаев

 

 

 

 

 

 

 

 

p class=params-