Зергер айылдык кеңеши

         Зергер  айылдык кеңешинин (7-чакырылыш) кезектеги     6-сессиясы

ТОКТОМ

24-ноябрь 2021-жыл                                   № 20                                           Кайрат айылы.

Таза суу кампааларына,таштанды таштоочу жайларга жана кичи ГЭСтерди курууга  айыл чарба багытындагы жер аянттарын (трансформациялоо) которуу жөнүндө

   Зергер  айылдык кеңешинин кезектеги 6-сессиясы  Зергер айыл аймагындагы таза суу долбооруна кирген айылдарга суу кампаларын курууга,таштанды таштоочу  жайларды,кичи ГЭСтерди курууга  айыл чарба багытындагы жер аянттарын (трансформациялоо) которуу жөнүндө маселени угуп, талкуулап  чыгып токтом кылат: 

 

1.Токтогул айылынын чөп ормо аянтынын №2743 контурунан 0,50 га   чөп ормо аянты таза суу кампасын курууга,жайыт аянтынын №2740 контурунан 0,50 га жайыт аянты таштанды таштоочу жай курууга, Жаны-Айыл айылынын №2602 жайыт контурунан 0,50 га жайыт аянты таштанды таштоочу жай курууга,Кайрат айылынын №1927 контурундагы жайыт аянтынан 0,50 га жер аянты отун базасын курууга,Зергер айылынын Шамурат участкасынын таштак жайыт аянтынын №1768 контурунан 0,50 га жер аянты кичи ГЭС курууга,Зергер айылынын Эки-Чат участкасынын жайыт аянтынын №523 контурунан 1,0 га жер аянты кичи ГЭС курууга айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан өнор жайлар,муниципалдык  жерлер категориясына которулсун.                                                                                                                                                                                                 

2.Айыл өкмөтүнө которуу (трансформациялоо) иштерине  тийиштүү документтерин даярдоо жагы тапшырылсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөжагы “Айыл суу чарба өнөр жай, курулуш, транспорт энергетика маселелери” боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

 

Төрага                                               Б.Келдибаев

 

 

 

 

                                                                 

Зергер айылдык кеңеши

         Зергер  айылдык кеңешинин (7-чакырылыш) кезектеги     6-сессиясы

ТОКТОМ

24-ноябрь 2021-жыл                                 № 21                                           Кайрат айылы.

Зергер айылдык аймагына караштуу “Замзам-Булак-Зергер-Суу” Муниципалдык ишканасын бекитүү жөнүндө

   Зергер  айылдык кеңеши уюштуруучулардын № 1, №2, №3 протоколдорун талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Юридикалык жактарды , филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө“ мыйзамынын 11- беренесине ылайык Зергер айылдык аймагына караштуу “Замзам-Булак-Зергер-Суу” Муниципалдык ишканасын бекитүү максатында токтом кылат:

1.Уюштуруучулардын № 1 протоколу ,№ 2 протоколу ,№ 3 чечими менен түзүлгөн “Замзам-Булак-Зергер-Суу” мунуиципалдык ишканасы юридикалык жак катары түзүлсүн жана төмөнкүдөй аталсын:                                                                                                                                  Юридикалык жактын толук мунициалдык ишкананын фирмалык аталышы:                                                                  Мамлекеттик  тилде : “Замзам-Булак-Зергер-Суу” муниципалдык ишканасы.                                                         Расмий тилде муниципалдык ишкананын фирмалык аталышы: Муниципальное предприятие “ Замзам-Булак-Зергер-Суу”. Адреси: Кыргыз Республикасы  Ош облусу Өзгөн району Зергер айылдык аймагы Кайрат айылы Алтымыш Кадыров көчөсү-106.                                                                                                                                                                                                       2.Зергер айылдык аймагына караштуу “Замзам-Булак-Зергер-Суу” муниципалдык ишканасынын Уставы бекитилсин (тиркеме).                                                                                                                 3.Зергер айылдык аймагына караштуу “Замзам-Булак-Зергер-Суу” муниципалдык  ишканасынын жетекчисин дайындоо жагы Зергер айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мусурманкуловго  сунушталсын.

4.Зергер айылдык аймагына караштуу “Замзам-Булак-Зергер-Суу” муниципалдык ишканасынын Кыргыз Республикасынын “Юридикалык жактарды , филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө “ мыйзамынын 11- беренесине ылайык каттоодон өткөрүлсүн.

5.Бул токтомдун аткарылышын  аткарууга алуу  жагы  айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мусурманкуловго  тапшырылсын.

 

Төрага                                               Б.Келдибаев

 

 

                                                                                            тиркеме

Зергер  айылдык  аймагынын  «Замзам-Булак-Зергер-Суу»  муниципалдык  ишканасынын  Уставы

 

Ушул  Устав  Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдарынын  негизинде  иштеп  чыгарылган  Зергер  айылдык  аймагынын  алдында  уюшулуучу,  Зергер  айылдык  аймагынын  «Замзам-Булак-Зергер-Суу»  муниципалдык  ишканасынын  юридикалык  статусун,  анын  жалпы  жобосун,  структурасын  жана  ишкананын  башкаруу  тартибин,  куру-оңдоо  жайгашкан  калктарды  ичүүчү  суу  менен  камсыздоо  иштерин  жүргүзүү,  башка  уюмдар  менен  байланышын,  кайрадан  түзүү  жана  жоюлуу  тартибин  аныктайт.

                                                   1.Жалпы  жоболор.

 

    Зергер  айылдык  аймагынын  «Замзам-Булак-Зергер-Суу»  муниципалдык  ишканасы  (мындан  нары  Муниципалдык  ишкана)  Кыргыз  Республикасынын  Юстиция  министрлигинин  тийиштүү  органдары  тарабынан  катталгандан  кийин  юридикалык  жак  статусуна  ээ  болот,  анын  Кыргыз  Республикасынын  Мамлекеттик  герби  түшүрүлгөн,  мамлекеттик  жана  расмий  тилдерде  аталыштары  бар  мөөрү,  башка  мөөрлөрү,  штамптары  белгиленген  үлгүдөгү  бланктары,  өздүк  эсепке,  эсептик  жана  башка  эсептерге  ээ  болот,  сот  бийлигинде  доочу  жана  жоопту  болуп  чыгалат.

 

                             Муниципалдык  ишкананын  уюштуруучулары:

 

        Зергер  Айылдык  Кеңешинин  (VII)  шайланган  кезектеги  VI сессиясынын  2021-жылдын  24-ноябрдагы  №21  токтомунун  негизинде  «Зергер  айыл  өкмөтү»  мекемеси  каттоо  датасы:  2003-жылдын  31-октябры,  каттоо  номери-71841-3306-М-е,  ИУЖК  коду-23352026,  ИСН-03110200310050,  сериясы  ГРЮ  № 0053876  юридикалык  дареги:  Кыргыз  Республикасы,  Ош  облусу,  Өзгөн  району,  Зергер  айылдык  аймагы,  Кайрат  айылы  Алтымыш  Кадыров-106.

 

                     Муниципалдык  ишкананын  толук    фирмалык  аталышы:

 

Мамлекеттик  тилде:- Зергер  айылдык  аймагынын  «Замзам-Булак-Зергер-Суу»  муниципалдык  ишканасы;

Расмий  тилде  аталышы:-Муниципальное  предприятие  Зергерское  айыльного  округа

«Замзам-Булак-Зергер-Суу»;

 

       Муниципалдык  ишкананын  кыскартылгандагы   фирмалык  аталышы:

 

Мамлекеттик  тилде:     - Зергер  айылдык  аймагынын  «Замзам-Булак-Зергер-Суу»  МИ;

Расмий  тилде  аталышы:      -МП  Зергерское  айыльного  округа  «Замзам-Булак-Зергер-Суу»;

 

                               Муниципалдык  ишкананын  юридикалык  дареги:

 

      Кыргыз  Республикасы,  Ош  облусу,  Өзгөн  району,  Зергер  айылдык  аймагы,  Кайрат  айылы  Алтымыш  Кадыров-106;

 

      Муниципалдык  ишкана  өзүнүн  ишмердүүлүгүн  Кыргыз  Республикасынын   Конституциясына, Кыргыз  Республикасынын  Мыйзамдарына,  Кыргыз  Республикасынын  Президентинин  жана  Кыргыз  Республикасынын  Министрлер кабинетинин   указдарына,токтомдоруна  жана  буйруктарына,  жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу  органдарынын  жана  айылдык  кеңештин  токтомдоруна,  буйруктарына  жана  ушул  Уставка  таянып  алып  барат.

      Муниципалдык  ишкана  өзүнүн  Зергер  айылдык  аймагынын  алдындагы  «Замзам-Булак-Зергер-Суу»  уюштуруучуларынын  милдеттенмелерине  жоопкерчилик  тартпайт  жана  уюштуруучулар  Муниципалдык  ишкананын  милдеттенмелерине  жоопкерчилик  тартпайт.

 

  1. II. Муниципалдык ишкананын  негизги  максаты.

 

    2.1. Муниципалдык  ишкананын  негизги  максаты:  тийиштүү,  аймакта  жашаган  жарандарды  гигиеналык  талаптарга  жооп  берген  ичүүчү  суу  менен  камсыздоо.

    2.2. Муниципалдык  ишкананын  негизги  максатын,  иш  жүзүнө  ашырууда  төмөндөгүдөй  иш  аракеттерди  жүргүзөт;

  • Таза суу  менен  камсыз  кылуу  системаларынын  оңдоо  жана  суу  курлушун  куруу  ошондой  эле  чыгаруу  жумуштарын  натыйжалуу  жана  үзгүлтүксүз   иштешин  камсыз  кылуу;
  • Суу түтүктөрүн  калыбына  келтирүү  жана  капиталдык  түрдө  оңдоп  түзөө;
  • Суу топтоочу  кампаларды,  каптаждарды,  диринаждарды,  суу  линиялардын  техникалык  жактан  тейлөө,  оңдоо  жана  эксплуатациялоону  жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу  органдар  (айыл  өкмөт)  менен  бирдикте  алып  баруу;
  • Айыл өкмөтүн  алдында  уюшулгандыгы  үчүн  суу  системаларды  оңдоп  жайгашкан  калкты  ичүүчү  суу  менен  камсыз  кылуу;
  • Суу системаларды  оңдоп  жана  куруп,  аткарылганы  боюнча  акт  менен  айыл  өкмөткө  өткөрүп  берүү;
  • Жергиликтүү өз  алдынча  башкаруу  орган  (айыл  өкмөт)  менен  бирдикте  элди  ичүүчү  суу  менен  камсыз  кылуу;
  • Айылдык Кеңештин  сессиясында  суу  тарифин,  штат  бирдиктерин  бекиттирүү  жана  үч  айда  бирден  элге  жана  депутаттарга  отчёот  берүү;
  • Ичүүчү суу  менен  камсыз  кылуу  үчүн  укук  тастыктоочу  жана  укук  күбөлөндүрүүчү  документтердин  негизинде  суу  түтүгүн  оңдоо  жана  мурда  курулган  суу  түтүктөрдү  калыбына  келтирүү,  менчик  үй  ээлери  менен  келишим  түзүү;

    2.3.  Райондук  муниципалдык  ишкананын  көрсөтүлгөн  жумуштарды  (кызматтарды)  туура  колдону  жана  аларга  колдонулган  тарифтерин  өз  убагында  аткаруу.

    2.4.  Антимонополиялык  комитет  аркылуу  көрсөтүлүп  жаткан  жумуштардын  (кызматтардын)  бааларын  жана  тарифтерин  орноту  (макулдашуу).

    2.5.  Элди  ичүүчү  суу  менен  камсыз  кылуу  үчүн  муниципалдык  ишкана  физикалык  тараптардын  инциативаларын  колдоо,  проблемаларын  чечүүгө  туруктуу  өнүгүүсүнө,  атайын  колдонмолорду,  программаларды  жана  интрукцияларды  иштеп  чыгуу  менен  физикалык  тараптардын  суу  системаларынын  иштерин  жакшыртуу  үчүн  мамлекеттик,  мамлекттик  эмес  уюмдардын,  атуулдук  секторлордун  өкүлдөрүнүн  катышуусунда  атайын  конференцияларды  өткөрүү  жана  жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу  орган  (айыл  өкмөт)  менен  бирдикте  мамлекеттик,  мамлекттик  эмес  уюмдары,  медицина  уюмдары,  эл  аралык  уюмдары  менен  байланышып  алардын  көңүлүн  дайыма  элди  ичүүчү  суу  менен  камсыз  кылууга,  санитардык  абалдын  жакшырышына  буруу  менен  узак  мөөнөттүү  долбоорлорду  иштеп,  грант,  инвестиция  жана  башка  колдоолордун,  мамлекеттик,  мамлекттик  эмес  уюмдар,  медицина  уюмдар,  бала-бакчалар,  суу  пайдалануучулар  менен  келишим  аркылуу  жана  бекитилген  тарифтин,  жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу  орган  (айыл  өкмөт)  жардамдарынын  эсебинен  калктуу  конуштарга  жаңы  суу  системаларын  куруу,  эски  суу  системаларына  реаблитация  жүргүзүүнү,  техникаларды  жана  башка  эмеректерди  алуу.

    2.6.  Муниципалдык  ишкана  максатына  жетүү  үчүн  кредит  алуу,  инвестиция  тартуу  жана  башка  Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдарына  тосколдук  кылбаган  юридикалык  ишкердикти  жүргүзүү.

 

                                      III. Муниципалдык  ишкананын  укугу.

 

    3.1.  Муниципалдык  ишкана  өз  ишмердүүлүгүн  аткарууда  төмөндөгүлөргө  укуктуу:

  • Юридикалык жана  физикалык  жактар  менен  келишимдерди,  контрактарды  түзүү,  жана  башка  Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдарына  тосколдук  кылбаган  юридикалык  иш  аракеттерди  жүргүзүү;
  • Каржы операцияларын  жүргүзүү,  өз  алдынча,  өз  карамагындагы  мүлктөрдү  жана  акча  каражаттарын  колдону;
  • Ижарага мүлктөрдү  жана  имараттарды  алуу;
  • Өзүнүн жүгүртмө  каражаттарына  жана  мүлктөрүнө  ээ  болу;
  • Юридикалык жана  физикалык  жактар  аркылуу  акысыз  жана  акылуу  кызматтарды  көрсөтү;
  • Өндүрүштү өнүктүрүү  жана  материалдык  сый  (дем  берип  кызыктыруу)  фонд  уюштуруу;
  • Айыл өкмөт  жана  мунипалдык  ишкана  бирдикте  иш  алып  баруу,  аткарылган  иштерди  айыл  өкмөткө  өткөрүп  берүү;
  • Өз алдынча  ишмердүүлүгүн  пландаштыруу  жана  келечектеги  өнүгүүсүн  аныктоо;
  • Муниципалдык ишкананын  ишине  тиешелүү  маселелер  боюнча  сот  органдарына  кайрылууга  жана  катышууга  укуктуу;
  • Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарына  туура  келген  жана  башка  иш-аракеттерди  жүргүзүү;

    3.2.  Муниципалдык  ишкана  банктардан  валюталык  жана  башка  эсептерди  ачууга  укуктуу;

    3.3.  Өз  алдынча  чарба  маселелери  боюнча  чечим  алууга,  мекеме  жана  уюмдар  ортосунда  түзүлгөн  келишимдеги  бааларды  аныктоо  жана  түшкөн  пайдаларды  бөлүштүрүүгө  укуктуу.

    3.4.  Курулуш  иштери  (суу  түтүктөрдү,  айылдын  айлана  чөйрөсүн  көрктөндүрүү,  канал  казуу  жана  башка  иштерди)  Кыргыз  Республикасынын  мыйзамына  ылайыктуу  иштер  боюнча  тендерге  катышууга  укуктуу.

    3.5.  Муниципалдык  ишкана  айыл  өкмөт  менен  бирдикте  өзүнүн  тиешелүү  иштери  боюнча  долбоор  жазууга,  инвестиция  тартууга  жана  мамлекеттик  эмес  уюмдар  менен  иш  алып  барууга  укуктуу.

    3.6.  Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдарына  ылайык  Муниципалдык  ишкана  өзүнүн  милдеттенмелерине,  менчик  мүлктөрүү  жана  каражаттары  менен  жоопкерчилик  тартат.

 

  1. IV. Муниципалдык  ишкананын  эсеп-кысабы

 

    4.1.  Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдарына  ылайык  өз  ишмердүүлүгүнүн  жыйынтыгы  боюнча  бухгалтердик  жана оперативдүүлүк  эсептерди  жүргүзөт,  белгиленген  формада  статикалык  эсеп  жүргүзөт  жана  анын  тактыгына  жоопкерчилик  алат.

    4.2.  Муниципалдык  ишкананын  чарбалык  жана  каржылык  иш-аракеттери  уюштуруучулардын  жалпы  чогулушу  жана  башка  ыйгарым  укуктуу  тарабынан  көзөмөлгө  алынат  жана  жооп  берет.

    4.3.  Муниципалдык  ишкананын  балансындагы  мүлктөрдү  эсептеп  чыгаруу  жана  жараксыз  деп  табуу  уюштуруучулардын  жалпы  чогулушунун  чечими,  муниципалдык  ишкананын  мүчөлөрү  жана  кызматкерлери  менен  белгиленген  тартипте  жүргүзүлөт.

    4.4.  Муниципалдык  ишкана  ар  бир  кожолук  менен  жана  айылдарда  жайгашкан  мектеп,  бала  бакча,  ФАП,  комерциялык  ишканалар  менен  келишим  түзүү  жолу  менен.

    4.5.  Муниципалдык  ишкана  суу  системасы  бар  айыл  өкмөттөр  менен  (суу  түтүгүнүн  узундугу,  скважина  санына,  суу  насостун  санына,  суу  алуучу  түтүктүн  санына,  суу  бөлүштүргүчтөрдүн  санына)  жараша  келишим  түзүү  жолу  менен.

    4.6.  Айыл  өкмөт  муниципалдык  ишканага  айлана  чөйрөлөрүн  көрктөндүрүү  жана  тазалоо  боюнча  келишимдин  негизинде.

    4.7.  Муниципалдык  ишкана  долбоор  жазуу  жана  инвестиция  тартуу,  курулуш  иштерине  тендерге  катышуу  жолдору  менен.

 

  1. Муниципалдык  ишкана  менен  айыл  өкмөттүн  аткаруу  милдеттери

 

    5.1.Айыл  өкмөт  муниципалдык  ишканага  суу  түтүктөрүн  оңдоо

    5.2.Айыл  өкмөт  муниципалдык  ишкананын  сунуштарын  кабыл  алуу

    5.3.Айыл  өкмөт  муниципалдык  ишкана  менен  келишим  түзүү  жана  түзүлгөн  келишимдин  негизинде  каражат  бөлүп  берүү

    5.4.Муниципалдык  ишкана  айыл  өкмөтүн  тапшырмасын  өз  убагында  аткаруу

    5.5.Муниципалдык  ишкана  айыл  өкмөтүн  макулдугу  менен  иш  алып  баруу

    5.6.Муниципалдык  ишкана  айыл  өкмөт  менен  бирдикте  инвестиция  тартуу  жана  курулган  объектилерди  биргеликте  көзөмөлгө  алуу

    5.7.Муниципалдык  ишкана  айыл  өкмөт  менен  бирдикте  айылдарда  жайгашкан  калкка  суу  тарифтерин  жана  суу  түтүктөрдү  туура  пайдалануу  баюнча  түшүндүрүү  иштерин  жүргүзүп  туруу

 

  1. Муниципалдык  ишкананы  башкаруу

 

    6.1.  Муниципалдык  ишкананын  жогорку  органы  болуп,  айыл  өкмөтү  жана  анын  уюштуруучуларынын  жалпы  чогулушу  болуп  саналат.

    Уюштуруучулардын  компетенцияларына  төмөнкү  маселелер  кирет:

  • Муниципалдык ишкананын  Уставын  жаңы  редакцияда  бекитүү,  өзгөртүүлөрдү  жана  толуктоолорду  киргизүү;
  • Муниципалдык ишкананын  айыл  өкмөт  башчысынын  сунушу  менен  директорун  жана  анын  орун  басарларын  кызмат  оордуна  дайындоо  жана  бошотуу;
  • Директордун сунушу  боюнча  муниципалдык  ишкананын  штаттык  түзүлмөсүн,  аткарылуучу  жумуштардын  тарифтерин,  иш  пландарын  бекитүү;
  • Муниципалдык ишкананын  текшерүү  жана  талаш-тартыш  комиссиясынын  курамдарын  бекитүү  жана  бошотуу;
  • Муниципалдык ишкананын  филиалдары  жана  өкүлчүлүктөрдү  түзүү  жөнүндө  чечим  кабыл  алуу;
  • Муниципалдык ишкананын  башка  юридикалык  жактарга  катышуусуна жана  мүчө  болуп  кирүүсүнө  чечим  кабыл  алуу;
  • Муниципалдык ишкананын  ишмердүүлүгү  жөнүндө  директордун  жылдык  эсеп-кысабын  бекитүү;
  • Өлчөмү 500 000 (беш  жүз  миң)  сомдон  ашык  болгон  келишимдерди  жана  тарифтерин  (бааларын)  бекитүү;
  • Аудитордук текшерүүнү  жүргүзүүгө,  Муниципалдык  ишкананын  баардык  документтерин  текшерүүгө,  ошондой  эле  ишмердүүлүктүн  мыйзамга  жана  Уставга  берүүсүн,  муниципалдык  ишкананын  ишмердүүлүгү  жөнүндө  маалыматтарды,  баланстык  эсеп  кысабын  талап  кылууга  укуктуу;
  • Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарында  көрсөтүлгөн  башка  ыйгарымдуу  укуктарга  укуктуу;
  • Муниципалдык ишкананын  текшерүү  жана  талаш-тартыш  комиссия  курамдарынын  ишкананын  кызматкерлеринин  уюштуруучуларынын  жалпы  чогулушунун  отуруму  уюштуруучулардын  баары  толук  катышканда  гана  кворумга  ээ  болот;
  • Муниципалдык ишкананы  кайра  түзүү  жана  жоюуга  укуктуу;

    6.2.  Муниципалдык  ишкананын  аткаруучу  органы  болуп  анын  директору  жана  кызматкерлери  саналат,  Муниципалдык  ишкананын  директору  уюштуруучулардын  жалпы  чогулушунун  отуруму  менен  беш  жылдык  мөөнөткө  дайындалат  жана  иш  алып  баралбаса  же  элдин  арызынын  негизинде  мөөнөтүнөн  мурда  бошотууга  укуктуу;

    6.3.  Муниципалдык  ишкананын  директорунун  орун  басарларын,  ишкананын  директорунун  сунушу  боюнча  уюштуруучулардын  жалпы  чогулушунун  отуруму  менен  дайндалып  жана  иш  аткаралбаса  мөөнөтүнөн  мурда  бошотулат.

    6.4.  Муниципалдык  ишкананын  иш  аракетин  уюштуруусу  жана  функциялардын  чегинде  өз  убагында  сапаттуу  жана  тийиштүү  формада  аткарылышына  анын  ичинде  отчёоттук  маалыматардын  тууралыгы  айыл-чарбалык  иштин  нормаларынын  сакталышы  жагында  аткарылышы  үчүн  уюштуруучулардын  жалпы  чогулушунун  отурумунда  муниципалдык  ишкананын  директоруна  баа  берүүгө  укуктуу.

    6.5.  Муниципалдык  ишкананын  директору  төмөндөкүлөргө  укуктуу:

  • Директор өзүнө  берилген  укуктардын,  жүктөлгөн  милдеттердин  жана  функциялардын  чегинде  муниципалдык  ишкананын  иш  аракетин  уюштурат  жана  ага  берилген  укуктардын,  тапшырылган  милдеттерди  аткарууга  жеке  жоопкерчиликке  укуктуу;
  • Өз компетенциясынын  алкагында  буйруктарды  жана  башка  чечимдерди  чыгарат,  алардын  аткарылышын  текшерүүгө  укуктуу;
  • Муниципалдык ишкананын  жылдык  иш-чараларын,  иш  планын  бекитүүгө  укуктуу;
  • Ишеним каты  жок  муниципалдык  ишкананы,  башка  мамлекеттик  муниципалдык  мекемелерде,  коомдук  уюмдарда  өкүлчүлүк  кылууга  укуктуу;
  • Муниципалдык ишкананын  штаттык  түзүмүн,  анын  структурасын  бекитүү  үчүн  жогорку  органына  сунуштоого  укуктуу;
  • Муниципалдык ишкананын  аппаратынын  кызматкерлерин  кызматка  дайндайт  жана  бошотот,  ошол  эле  учурда  контрактык  негиздегилерди  дайндоого  жана  бошотуга  укуктуу;
  • Муниципалдык ишкананын  кызматкерлеринин  эмгек  майанасын  жана  аны  төлөө  формасын  аныктоого  укуктуу;
  • Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарына  жана  Уставка  ылайык  муниципалдык  ишкананын  ишин  жетектөө  боюнча  башка  функцияларды  жана  ыйгарым  укуктарды  ишке  ашырат;

    6.6.  Муниципалдык  ишкананын  текшерүү  комиссиясы:

       Текшерүү  комиссиясы  муниципалдык  ишкана  тарабынан  жүргүзүлгөн  иш-аракеттерди  Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдарына  ылайык  аткарылышын  текшерүүчү  орган.

    6.7.  Текшерүүчү  комиссиясынын  укук-милдеттерин  төмөнкүлөр  түзөт:

  • Муниципалдык ишканасынын  директору  тарабынан  жүргүзүлгөн  өндүрүштүк  жана  башка  чарбалык  иштердин  мыйзам  чегинде  аткарылышын  текшерүү;
  • Үч жылда  бир  жолу  муниципалдык  ишкананын  өндүрүштүк  жана  башка  чарбалык  иштерин  текшерүү;
  • Муниципалдык ишкананын  өндүрүштүк  жана  башка  чарбалык  иштерин  текшерүүдөн  кийин,  уюштуруучулардын  жалпы  чогулушуна  жазуу  түрүндө  бүтүм  берүү;
  • Муниципалдык ишкананын  уюштуруучулардын  жалпы  чогулушунун  отурумуна  текшерүүнүн  ишмердүүлүгү  жөнүндө  отчёот  берүү;

    6.8.  Текшерүү  комиссиясы  үч  кишиден  туруп  үч  жылдык  мөөнөткө  уюштуруучулардын  жалпы  чогулушунун  чечими  менен  шайланат  жана  анын  мүчөлөрү  кайра  шайланууга  укуктуу;

    6.9.  Муниципалдык  ишкананын  талаш-тартыш  комиссиясы;

    Талаш-Тартыш  комиссиясы  муниципалдык  ишкана  тарабынан  жүргүзүлгөн  иш-аракеттеринде  чечибеген,  суу  ситстемаларында  мыйзамсыз  иш  жүргүзүлгөндүгү  боюнча  Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдарына  ылайык  чечүүчү  орган.

  • Муниципалдык ишканасынын  директору  тарабынан  түзүлгөн  келишимдерди  төлөдөн  баш  тарткандар  менен  мыйзам  чегинде  чечүүгө  укуктуу;
  • Муниципалдык ишканасынын  кызматкерлеринин  келишпестиктерин  чечүүгө  укуктуу;
  • Муниципалдык Муниципалдык  ишканасы  менен  бирдикте  иш-аракеттерин  жүргүзүүгө  жана  талаш-тартыш  комиссиясы  үч  кишиден  туруп  төрт  жылдык  мөөнөткө  уюштуруучулардын  жалпы  чогулушунун  чечими  менен  шайланат  жана  анын  мүчөлөрү  кайра  шайланууга  укуктуу;
  • ишканасынын жүргүзүлгөн  иш-аракеттеринде  чечибеген  маселелер  боюнча  жер-жеринен  чечүүгө  укуктуу;

 

                                           VII. Муниципалдык  ишкананын  мүлкү

 

    7.1.  Муниципалдык  ишкананын  чарбалык  ишмердүүлүгүн  жүргүзүү  үчүн  уюштуруучу  тарабынан  өткөзүп  жана  балансында  турган  менчик  жана  муниципалдык  жүгүртмө  каражаттары  ишкананын  мүлкү  болуп  саналат.

    7.2.  Муниципалдык  ишканага  уюштуруучу  тарабынан  өткөзүп  берилген  мүлктөрдүн  иштетилиши  жана  сакталышы  Кыргыз  Республикасынын  Жарандык  кодексинин  230-беренесине  ылайык  жүргүзүлөт.

 

    7.3.  Муниципалдык  ишкананын  мүлктөрүнүн  жана  ишмердүүлүгүнүн  каржыланган  булактарды  төмөнкүлөр  түзөт:

 

  • Уюштуруучулар өткөзүп  берген  мүлктөр  жана  башка  каражаттар;
  • Көрсөтүлгөн кызматтарынан  жана  башка  иш-аракеттеринен  түшкөн  пайдалар;
  • Мамлекеттик, чет-өлкөлүк  мекемелер,  мамлекеттик  эмес  уюмдардан,  инвестиция  тарттуудан,  жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу  орган  (айыл  өкмөт)  келишимдин  негизинен  жана  тарифтерден,  коммерциялык,  демөөрчүлөрдөн,  юридикалык  жактар  тарабынан  материалдык  жардам  каттары  түшкөн  мүлктүк  төлөмдөр,  кайыр-садага  кылып  берилген  акча  каражаттар;
  • Муниципалдык ишкананын  чарбалык  ишмердүүлүгүнөн  түшкөн  киреше;
  • Муниципалдык ишкананын  менчигинен  алынуучу  киреше;
  • Мыйзам тарабынан  тыюу  салынбаган  башка  кирешелер;
  • Муниципалдык ишкана  көрсөтүлгөн  кызматтарынан  жана  башка  иш-аракеттеринен  түшкөн  кирешелерди,  Уставта  көрсөтүлгөндөй  аткаруу  үчүнтийиштүү  фонддорду  түзүү  менен  өз  алдынча  бөлүштүрө  алат.

            VIII.  Муниципалдык  ишкананын  башкы  эсепчиси  төмөндөкүлөргө  укуктуу:

 

    8.1.  Муниципалдык  ишкананын  башкы  эсепчиси  ишкананын  директору  менен  биргеликте  иш  алып  барат  жана  директорго  баш  ийүүгө  укуктуу;

  • Муниципалдык ишкананын  башкы  эсепчиси  директордун  докуметтерде  колу  жок  документтерди  башка  жакка  өткөрүүгө  укугу  жок  жана  директордун  колу  менен  мамлекеттик,  мамлекеттик  эмес  уюмдарга  которууга  укуктуу;
  • Муниципалдык ишкананын  башкы  эсепчиси  отчёот  сураган  органдарга  (статтикага,  салыкка,  соцфондга  жана  башка  маалымат  берүүчүлөргө)  ар  бир  айдын  25-не  чейин  тапшырууга  укуктуу;
  • Муниципалдык ишкананын  кызматкерлерине  ар  бир  айдын  27-не  чейин  эмгек  акыларын  берүүгө  жана  кызматкерлердин  эмгек  акыларын  эсептеп  берүүгө  укуктуу;
  • Мекеме уюмдар  жана  айыл  өкмөттөр  менен  түзүлгөн  келишимдерди  ай  сайын  акт-сверка  жасоого  жана  өз  ара  эсептешүүгө  укуктуу.
  • Келишимдерди төлөбөгөндөр  боюнча  ишкананын  директоруна,  талаш-тартыш  комиссиясына  жана  уюштуруучулардын  жалпы  чогулушуна  маалымат  берүүгө  укуктуу;
  • Муниципалдык ишкананын  кириш-чыгыш  документтерин  жана  башка  документтерди  так  жүргүзүүгө  укуктуу;
  • Муниципалдык ишкананын  директору  (командировкага,  эмгек  өргүүгө,  жана  башка)  иш-аракетинде  жүргөн  мезгилдерде  кызматкерлерди  башкарууга  укуктуу;
    • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына  жана  Уставка  ылайык  муниципалдык  ишкананын  ишин  көзөмөлдөө  боюнча  башка  функцияларды,  ыйгарым  укуктарды  директор  менен  биргеликте  ишке  ашырат;

 

                     IХ.  Муниципалдык  ишкананын  кызматкерлеринин  мамлеси

 

    9.1.  Муниципалдык  ишкананын  кызмат  адамдарынын  жана  ишкананын  кызматкерлеринин  укук  жана  иш  милдеттери  Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдары,  ушул  Устав,  ички  ченемдик  укуктук  актылар  жана  эмгек  келишими  (контракты)  менен  аныкталат.

    9.2.  Муниципалдык  ишкананын  мүлкүнө  кызмат  адамдар  жана  ишкананын кызматкерлери  тарабынан  зыян  келтирилсе  Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдарынын  жана  эмгек  келишимдин  (контракты)  негизинде  материалдык  жоопкерчиликти  тартат.

    9.3.  Муниципалдык  ишкананын  кызмат  адамдарынын,  иш  милдеттеринде  муниципалдык  ишкананын  балансындагы  техникаларды,  суу  түтүгүн  оңдоочу  шаймандарын  дайыма  оң  абалда  иштетүү,  жана  ишкананын  директору  кызмат  адамдарынын  ар  бирине  тапшырган  тапшырмасын  өз  убагында  аткаруу  жана  аткарылган  жумуштардын  жыйынтыгын  ар  бир  кызматкерлери  ар  бир  жуманын  биринчи  күнү  маалымат  берүүлөрү  жана  тапшырма  алуулары  керек.

    9.4.  Муниципалдык  ишкананын  кызматкерлеринин  иш  милдеттерин  ишкананын  директору  тарабынан  бекитилет.

 

                                Х.  Муниципалдык  ишкананын  иш-аракетин  токтотуу

 

   10.1.  Муниципалдык  ишкананын  иш-аракетинин  токтотулушу  Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдарында  көрсөтүлгөн  тартиптердин  негизинде  жоюлу  жана  кайрадан  түзүүлү  жолу  менен  жүргүзүлөт.

   10.2.  Муниципалдык  ишкананын  иш-аракетин  токтоту  жөнүндөгү  чечим  уюштуруучулары  тарабынан  кабыл  алынат.

   10.3.  Кредиторлордун  талаптары  канаттаандырылгандан  кийинки  калган  мүлктөр  Муниципалдык  ишкананын  Уставында  көрсөтүлгөн  максаттарга  жумшалат.

   10.4.  Муниципалдык  ишкананын  иш-аракетинин  токтотулушу  юридикалык  жактардан  мамлекеттик  бирдиктүү  реестрине  жоюлган  тууралуу  тийиштүү  маалымат  киргенден  соң  иш-аракети  токтотулган  болуп  саналат.

   10.5.  Муниципалдык  ишкананын  иш  алып  баруу  процессинде  пайда  болгон  документтер  Кыргыз  Республикасынын  «Улуттук  архивдик  фонд»  жөнүндөгү  мыйзамынын  негизинде  аткарылып  жана  тийиштүү  мекемелерде  сакталат.

 

 

 

 

Уюштуруучулардын  төрагасы                                                 А.Мусурманкулов

 

Катчысы                                                                                         Т.Айбашов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Зергер айылдык кеңеши

Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы  кезектеги жетинчи   сессиясы 

ТОКТОМ

21» анварь 2022-жыл           № 22                     Кайрат айылы.

  Зергер айыл өкмөтүнүн  2021-жылы  бюджетинин киреше чыгашалар боюнча аткарылышы  жөнүндө

Зергер айыл өкмөтүнүн  2021-жылы бюджетинин киреше чыгашалар боюнча аткарылышы  жөнүндө  “Финансы,  экономика,  бюджет,  экономикалык  жактан  өнүгүүнүн  болжолдуу  багыттарын  аныктоо  жана  инвестиция  маселелери” боюнча  туруктуу  комиссиясынын,Зергер айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Р.Жуманалиевдин маалыматын угуп талкуулап чыгып  Зергер айылдык кеңешинин кезектеги   7-сессиясы токтом кылат:

1.Зергер айыл өкмөтүнүн  2021-жылы  бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча  аткарылышы  канааттандырарлык деп  табылсын.

2.Ушул токтомдун аткарылышын   көзөмөлдөө “Финансы,экономика,бюджет экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери” боюнча   туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин. 

                                                         

Төрага                                         Б.Келдибаев

 

 

 

 

 

 

 

 

 Зергер айылдык кеңеши

Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы  кезектеги жетинчи   сессиясы 

ТОКТОМ

21» анварь 2022-жыл             № 23                     Кайрат айылы.

      Зергер айыл өкмөтүнүн 2021-жылы бюджетинин аткарылышы  2022-жылга  бюджетин  бекитүү  жана  2023-2024-жылдарга болжолдуу бюджетин  бекитүү жөнүндө

Зергер айыл өкмөтүнүн  2021-жылы бюджетинин аткарылышы  2022-жылга бюджетин бекитүү жана  2023-2024-жылдарга долбоорун кароо жөнүндө маселе айылдык кеңешинин   « Финансы,  экономика,  бюджет,  экономикалык  жактан  өнүгүүнүн  болжолдуу  багыттарын  аныктоо  жана  инвестиция  маселелери» боюнча  туруктуу  комиссиясында     алдын ала каралып,алардын сунуштарынын негизинде  Зергер айылдык кеңешинин кезектеги   7-сессиясы токтом кылат:                                                                                                                                                            

1.Зергер айыл өкмөтүнүн 2021-жылы бюджетинин киреше бөлүгү 14981,7 мин сомго чыгаша бөлүгү  14760,9 мин сомго аткарылганы бекитилсин. 

2.Зергер айыл өкмөтүнүн 2022-жылга  бюджетинин киреше бөлүгү  10945,2  мин сомго чыгаша 10945,2 мин сомго бекитилсин.          

3.Айыл өкмөтүнүн 2023-2024-жылдарга  жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү  2023-жылга 11125,7 мин  сомго, 2024-жылга  11257,7 мин  сомго белгиленсин.      

4.2022-жылга чегерүүлөрдүн  ченемдери  төмөнкүлөрдөн белгиленсин: 

а) Жалпы  мамлекеттик  салыктык түшүүлөрдүн ,салык агенттиги тарабынан төлөнүүчү киреше салыгынан  жергиликтүү бюджеттерге 100% өлчөмүндө белгиленсин.   

б) Ыктыярдуу  патент негизиндеги салыктан,милдеттүү патенттин  негизиндеги салыктан,бирдиктүү салык негизинде  түшүүлөрдөн айылдардын жергиликтүү бюджеттеринин тескөөсүнө 100% пайыз өлчөмүндө;  

в) Жер казынасын пайдалангандыгы  үчүн салыктан (стратегиялык  пайдалуу кендерди ,алтынды,мунайды,газды  кошпогондо,роялти) алардын иштетилген жери (жайгашкан орду) боюнча айылдардын тиешелүү  жергиликтүү бюджеттерине 50% өлчөмүндө; 

г) Жер казынасын пайдалануу үчүн салыктан (бонустар) республикалык бюджетке 50% өлчөмүндө белгиленсин. 

 5.Жергиликтүү слыктардан жана салыктык эмес жыйымдардан түшүүчү жергиликтүү бюджеттердин башка деңгээлдеги  бюджетке алынууга жатпастыгы белгиленсин.

6.Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө  мыйзамынын 21-беренесине ылайык  айыл өкмөттүн резервдик фонду 100,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин. 

7.Айыл өкмөтүнө 2022-2023-2024-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы ,социалдык фондго чегерүү,тамак аш,дары-дармек милдеттүү медициналык  касыздандырууларга чегерүүлөр) коммуналдык кызматтар (электр энергия,көмүр,суу) боюнча жүзөгө ашыруу сунушталсын.                                                                                                                                                         

 8.Айыл өкмөтү теңдөөчү гранттарды биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды  каржылоого багытталсын.                                                                                                     

 9.Айыл өкмөтү тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алынаары эске алынсын.                                                                                                                                                                                     

10.Казына сметасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыйуу салынсын.Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100 пайызы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине алынары белгиленсин.                                                                        

11.Айланма кассалык калдык (оборотный кассовый наличность) айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаты 2022 -жылга  10,0 мин сомго белгиленсин.                                                  

12.Ушул токтомдун аткарылышын   көзөмөлдөө “Финансы,экономика,бюджет экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери” боюнча   туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

 Төрага                                         Б.Келдибаев

 

 

 

 

 

 

 

Зергер айылдык кеңеши

Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы  кезектеги жетинчи   сессиясы

ТОКТОМ

 

“21”январь  2022-жыл                                 №24                           Кайрат айылы.

 Зергер айылдык кеңешинин 2022-жылга иш планын бекитүү жөнүндө

      Зергер  айылдык кеңешинин 2022-жыл үчүн иш планын карап, талкуулап чыгып Зергер  айылдык кеңешинин кезектеги  жетинчи   сессиясы  токтом  кылат:

1.Зергер  айылдык кеңешинин 2022-жылга карата иш планы бекитилсин (тиркеме).

2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өз жоопкерчилигиме  калтырам.

 

 

Төрага                                      Б.Келдибаев

 

 

 

                                                                                                      тиркеме

Зергер айылдык кеңешинин 2022-жыл үчүн иш планы

1.Айылдык кеңешинин 2022–жыл үчүн иш планын бекитүү (2022-жыл, январь айы. кеңештин төрагасы).                                                                                                             

2.Айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2021-жылы    кирешелер  чыгашалар боюнча  аткарылышы жана 2022-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө (2022-жыл, январь айы, «Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо  жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссия», ФЭБ башчысы).                                                                                                                                                                   

3.Зергер жайыт комитетинин 2021-жылы бюджетинин аткарылышы жана 2022-жылга бюдетин бекитүү жөнүндө.(2022-жыл 1 квартал, Айыл -суу чарба, өнөр жай, курулуш , транспорт, энергетика маселелери » боюнча туруктуу комиссиясы,жер турак жай маселери боюнча башкы адис.)                                                                                                                                  

4.Муниципалдык менчикти башкаруу жана аны максаттуу пайдалануу, жеке менчике аукцион аркылуу түз сатуу комиссиясынын аткарып жаткан иштери  жөнүндө (2022-жыл, 1 квартал, Айыл -суу чарба, өнөр жай, курулуш , транспорт, энергетика маселелери» боюнча туруктуу комиссиясы, түз сатуу боюнча комиссия,жер адис,айыл башчылар).

5.Зергер айыл аймагындагы ветсервистердин ишмердүүлүгү жөнүндө (2022-жыл, 2-квартал, “Айыл-суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия”, айыл өкмөтүнүн ветадиси).                                                                        

 6.Айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 6 айында жетгиликтүү бюджетинин  кирешелер жана чыгашалар боюнча  аткарылышы жөнүндө (2022-жыл 3 квартал, айылдык кеңештин «Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо  жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясы», Зергер айыл өкмөтүнүн  ФЭБ  башчысы)                                                                                                                               

7.Социалдык тармактагы мекемелердин жаңы окуу жылына, кышка даярдыгы жөнүндө (2022-жыл,  3-квартал, «Социалдык маселелер жана дин иштери  боюнча туруктуу комиссия», айыл өкмөт башчысынын орун басары,соц адис)                                                                                                                                                                                                                

 8.Зергер айыл аймагындагы ички жолдорду жергиликтүү  бюджеттин эсебинен оңдоп түзөө иштеринин жүрүшү жана инвестиция тартуу маселелеринин абалы.(Айыл -суу чарба, өнөр жай, курулуш , транспорт, энергетика маселелери » боюнча туруктуу комиссиясы, ФЭБ бөлүмү,жер адис,айыл башчылар,2022-жыл,4 квартал) 

 9.Айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 9 айында жергиликтүү бюджетинин  кирешелер жана чыгашалар боюнча  аткарылышы жөнүндө (2022-жыл 3 квартал,  «Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо  жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясы», Зергер айыл өкмөтүнүн  ФЭБ  башчысы)                                                                                                                                              

10.Социалдык тармакта аткарылып жаткан иштер жөнүндө. (2022-жыл, 4-квартал, «Социалдык маселелер жана дин иштери  боюнча туруктуу комиссия», айыл өкмөтүнүн соцадиси).

 

Зергер айылдык кенешинин                                                                                                              

жооптуу катчысы                                                  А.Адилбеков

 

Зергер айылдык Кенеши

Зергер  айылдык кенешинин   жетинчи чакырылыштагы кезектеги   7-сессиясы

токтом

         21-январь  2022-жыл                           №25                                Кайрат айылы

Зергер   айыл аймагындагы  Ничке-Сай, Кутурган  айылдык фельдшердик  акушердик пунктарын (ФАП) “CASA 1000 ARIS” долбоору тарабынан капиталдык ремонттон өткөрүү  жөнүндө

 

    Зергер   айыл аймагындагы   Ничке-Сай,Кутурган айылдык фельдшердик  акушердик пунктарын (ФАП)  CASA 1000 ARIS” добоору тарабынан капиталдык ремонтко болгон элдин муктаждыгын эске алып,  аймактык КАИАнын аткаруу комитетинин төрагасы Н.Тавакаловдун  билдирүүсүн  угуп талкуулап  чыгып Зергер айылдык Кенешинин кезектеги жетинчи сессиясы   токтом кылат.                                                                                                                                                                                                     1.Зергер айыл аймагындагы Ничке-Сай,Кутурган айылдык фельдшердик  акушердик пунктарынын  (ФАП) имаратын  капиталдык ремонттон өткөрүүгө  “CASA 1000 ARIS” долбоору тарабынан 43200 АКШ доллар өлчөмүндө   камсыздалсын.

  1. “CASA 1000 ARIS” тарабынан аткарылуучу жумуштар Зергер айыл өкмөтүнүн 2022-2025- жылдарга социалдык экономикалык өнүгүү стратегиялык планына киргизилсин. 3. Ничке-Сай  айылдык фельдшердик  акушердик пунктуна   тиешелүү докменттерин даярдоого  38,0 (отуз сегиз мин) сом,  Кутурган  айылдык фельдшердик  акушердик пунктуна 35,0 (отуз беш мин) сом,жалпы 73,0 (жетимиш үч мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

4.Айыл өкмөтүнө “CASA 1000 ARIS” тарабынан аткарыла турган долбоорлорду архитектура,өзгөчө кырдаалдар башкармалыктары менен макулдашуу жагы милдеттендирилсин.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл -суу чарба, өнөр-жай,курулуш, транспорт, энергетика маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын курамына жүктөлсүн.

                                                                                                                                                                                                                                                                      Төрага                                            Б.Келдибаев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Зергер айылдык Кенеши

Зергер  айылдык кенешинин   жетинчи чакырылыштагы кезектеги 7-сессиясы

токтом

21-январь  2022-жыл                                     №26                     Кайрат айылы

Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин узак мөөнөткө ижарага конкурс аркылуу берүү  боюнча комиссиянын курамын  бекитүү жөнүндө

   Зергер айылдык кеёешинин кезектеги 7-сессиясы Зергер айыл өкмөтүнүн Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин узак мөөнөткө ижарага конкурс аркылуу берүү  жөнүндө жобого ылайык  сунушталган  комиссиянын курамын карап ,талкуулап чыгып токтом кылат:

1.Зергер айыл өкмөтүнүн  кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин узак мөөнөткө ижарага конкурс аркылуу берүү  боюнча комиссиясы төмөнү курамда бекитилсин:         

Кайиев С.-айылдык кенештин депутаты,комиссиянын төрагасы;                                                            

Мурзаибраимов Н.-айыл өкмөт башчысынын орун басары,комиссиянын төрагасынын орун басары;                                                                                                                                         

  Зергер айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы,комиссиянын катчысы;  

 мүчөлөрү:

Терекбаева С.-айылдык кенештин депутаты;                                                                                                                                                                                                                        

 Каракозуев М.-жер турак жай маселелери боюнча башкы адис;                                                                                                                        

Сагынбаев М.-ижара бухгалтер;                                                                                                                                      

Осмонова К.- айылдык кенештин депутаты;                                                                                                         

 Өзгөн райондук агрардык өнүктүрүү  башкармалыгынын өкүлү;                                                                                       

Тиешелүү  айылдын айыл башчысы.                                          

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл -суу чарба, өнөр-жай,курулуш, транспорт, энергетика маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын курамына жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                            Б.Келдибаев

 

 

 

 

                                                         

                                             Зергер айылдык Кеңеши

Зергер  айылды кенешинин  жетинчи чакырылыштагы кезектеги 7-сессиясы

токтом

21-январь 2022-жыл                           №27                       Кайрат айылы

Муниципалдык менчикте  турган жер участокторуна менчик же ижара укугун   берүү  боюнча комиссиянын курамын  бекитүү жөнүндө

   Зергер айылдык кеңешинин кезектеги 7-сессиясы Зергер айыл өкмөтүнүн Муниципалдык менчикте  турган жер участокторуна менчик же ижара укугун  берүү  жөнүндө жобого ылайык  сунушталган  комиссиянын курамын карап талкуулап чыгып  токтом кылат:

1.Зергер айыл өкмөтүнүн  Муниципалдык менчикте  турган жер участокторуна менчик же ижара укугун  берүү   боюнча комиссиясы   төмөнкү курамда бекитилсин:    

Мурзаибраимов Н.-айыл өкмөт башчысынын орун басары,комиссиянын төрагасы;                                                                                                                                               

Каракозуев М.-жер турак жай маселелери боюнча башкы адис, комиссиянын катчысы;      

                                       мүчөлөрү::

Кайиев С.-айылдык кенештин депутаты;   

 Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы;                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                              

  Айтбаев М.-ардагерлер кенешинин төрагасы;                                                                                        

Терекбаева С.- айылдык кенештин депутаты;                                                                                                     

Жаманкулов Ш.-башкы салыкчы;                                                                                                                                 

Өзгөн райондук агрардык өнүктүрүү  башкармалыгынын өкүлү;                                                                                   

Тиешелүү  айылдын айыл башчысы.                                         

2.Токтомдун аткарылышын къзъмълдъъ жагы “Айыл -суу чарба, ънър-жай,курулуш, транспорт, энергетика маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын курамына ж\ктълс\н.

 

  Төрага                               Б.Келдибаев

 

 

 

 

                                                            

                                             Зергер айылдык Кеңеши

Зергер  айылдык  кенешинин  жетинчи чакырылыштагы кезектеги 7-сессиясы

 токтом

21-январь 2022-жыл                           №28                       Кайрат айылы

Мыйзамсыз курулган турак жайларды мыйзамдаштыруу  жөнүндө

   Зергер айылдык кеңешинин кезектеги 7-сессиясы Зергер айыл өкмөтүнүн аймагында мыйзамсыз курулган турак жайларды мыйзамдаштыруу жөнүнө айыл өкмөт башчысы А.Мусурманкуловдун сунушун  угуп талкуулап чыгып  токтом кылат:

1.Зергер айыл өкмөтүнүн  аймагында мыйзамсыз курулган турак жайларды мыйзамдаштырууда түзүлгөн комиссияга  кайрак айдоо жерине курулган турак жайга 1500 метр квадрат жер участкасына чейин,сугат аянтына мыйзамсыз курулган турак жайларга 800 метр квадрат жер участкасына чейин  бекитип берүүгө макулдук берилсин.                                                                                                          2.Токтомдун  аткарлышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы А,Мусурманкуловго жүктөлсүн.

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл -суу чарба, өнөр-жай,курулуш, транспорт, энергетика маселелери” боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

  Төрага                               Б.Келдибаев

 

 

 

 

 

 

 

 

Зергер айылдык кеңеши

Зергер айылдык кеңешинин ( 7- чакырылыштагы ) кезектеги    7 – сессиясы

т о к т о м

21-январь 2022-жыл                № 29                          Кайрат айылы

Сайитов Мавланкулга Зергер айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө

 Ничке- Сай айылынын  2022-жылдын  12-январындагы   жалпы элдик жыйынынын   Сайитов Мавланкулга Зергер айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу   жөнүндө сунушун  карап,талкуулап чыгып  Зергер айылдык кенешинин кезектеги   7-сессиясы  токтом кылат:

1.Зергер айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өсүп  өнүгүүсүнө   кошкон салымы  үчүн Сайитов Мавланкулга  Зергер айыл аймагынын «Ардактуу атуул» наамы берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 Төрага                                      Б.Келдибаев

 

 

 

 

 

 

 

 

Зергер айылдык кеңеши

Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы  кезектеги жетинчи   сессиясы

ТОКТОМ

“21”январь  2022-жыл                   №30                            Кайрат айылы.

Токтогул айылынын элдик жыйынынын протоколдук сунушун кароо жөнүндө

      Зергер  айылдык кеңешинин кезектеги жетинчи сесссиясы Токтогул айылынын 2021-жылдын 18-декабрындагы  элдик жыйынынын протоколдук сунушун карап талкуулап чыгып  токтом  кылат:

1.Токтогул айылынын калктуу конуштан сырткары жайгашкан “Развилка” участкасы мындан ары “Анашев Камыт” участкасы деп аталсын.

2.Айыл өкмөтүнө иш кагаздарын жаңы аталышта жүргүзүү милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика» боюнча туруктуу    комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага                                      Б.Келдибаев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Зергер айылдык кеңеши

Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы  кезектеги жетинчи   сессиясы

ТОКТОМ

“21”январь  2022-жыл                   №31                            Кайрат айылы.

Жүндү кайра иштетүүчү “Эл кут чеберлери”жеке ишкана ачууга жер участкасын убактылуу бөлүп берүү жөнүндө

  Зергер  айылдык кеңешинин кезектеги жетинчи сесссиясы  жеке ишкер  жүндү кайра иштетүүчү “Эл кут чеберлери” жеке ишкана ачууга жер участкасын убактылуу бөлүп берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мусурманкуловдун сунушун  угуп  талкуулап чыгып  токтом  кылат:

1.Жүндү кайра иштетүүчү “Эл кут чеберлери” жеке  ишкана ачууга муниципалдык менчиктеги жер участкасынан убактылуу пайдаланууга жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.                                                                                                                                                                   2.Айыл өкмөтүнө  ижара укугун берүү жөнүндө мыйзам талаптарына ылайык иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл -суу чарба, өнөр-жай,курулуш, транспорт, энергетика маселелери” боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага                                      Б.Келдибаев

 

 

 

 

 

 

Зергер айылдык кеңеши    Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы  кезектеги сегизинчи  сессиясы 

ТОКТОМ

“25”февраль  2022-жыл               №32                            Кайрат айылы.

Зергер жайыт комитетинин бюджетинин 2021-жылы аткарылышы,2022-жылга бюджетин  жана жайыт пайдалануу боюнча төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө

   «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинии жетекчилике алып  «Айыл суу чарба өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика маселелери»  боюнча туруктуу комиссиянын сунушун жана Зергер жайыт комитетинин төрагасы Маматалиев Келдибайдын билдирүүсүн угуп,талкуулап чыгып Зергер айылдык кенешинин кезектеги  сегизинчи сессиясы  токтом кылат:

  1. Зергер жайыт комитетини 2021-жылы аткарылган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
  2. Зергер жайыт комитетинин 2022-жылга сунушталган бюджетинин сметасынын киреше булагы 656020 сомго, чыгашасы 656020 сомго бекитилсин. (тиркеме №1,

№2, №3)        

  1. Зергер жайыт пайдалануучулар бирикмесинин ички жана алыскы тышкы жайыттар үчүн жайыт акынын төлөмдөрү төмөндөгүдөй өлчөмдө жүргүзүлсүн:

Жергиликтуу жайыт пайдалануучулар үчүн:

-Кара мал жана топоз(чон) бир башына - 80 сом.

-Кара мал жана топоз(жаш)бир башына - 70 сом.

-Кой-эчкинин бир башына- 16 сом.

-Жылкы,эшек,төөнүн бир башына- 80 сом.

Сырттан келген жайыт пайдалануучулар үчүн:

-Кара мал жана топоз(чон) бир башына - 300 сом.

-Кара мал жана топоз (жаш) бир башына- 250 сом.

-Кой жана эчки бир башына - 50 сом.

-Жылкы,эшек жана төө бир башына- 300 сом .

  1. Зергер жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башка максатка (аарычылык, анчылык жана туризм максатында) пайдаланылган жайыт жерлерине мыйзам чегинде салыктар чегерилсин.

5.Жайыт комитетинин пайдалануусуна  берилген  погрузчик оор техникасынын келишимде көрсөтүлгөн  аренда акысы мыйзам талаптарында  белгиленген тартипте банк эсеби аркылуу жүргүзүлсүн.

6.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу  жагы, Зергер жайыт комитетинин төрагасы Маматалиев Келдибайга   милдеттендирилсин.

7.Токтомдун аткалышын көзөмөлдөө жагы «Айыл суу чарба өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика маселелери» боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

         

  Төрага                                  Б.Келдибаев

 

 

 

 

 

                            Зергер жайыт комитетинин  2022-жылга  карата бюджети

                                     Жайыт комитетинин киреше булагы   № 1 тиркеме

Малдын

 түрү

Малдын саны

Которуу коэф

Шартуу баш

Бир шартуу баштын төлөмү

Малдын башына төлөмү

Жалпы сумма мал башына

Жалпы сумма

1

Кара мал чон

2506

1

2506

80

80

200500

200480

2

Кара мал кичине

920

07

644

70

70

64400

64400

3

Жылкы

 

1185

1

1185

80

80

94800

94800

4

Кой-эчки

 

12271

02

2454,2

16

16

196340

196340

5

Сырткы мал

 

 

 

 

 

 

100000

 

жалпы:

 

 

 

 

 

 

656020

656020

                                                                                                                                                                                            Жайыт комитетинин чыгымдары   № 2 тиркеме

Чыгымдын түрлөрү

Адам саны

Айы

Суммасы

1

Эмгек акы (8000+7000=15000)

 

2

24

180000

2

Ишканадан камсыздандыруучу төлөмдөр 17,25%

 

 

31050

3

Башка чыгымдар: сапар чыгымы,күйүүчү май жана канц. буюмдары

 

 

44970

4

Автомашинанын ремонтоо үчүн

 

 

10000

5

Жайыттын инфраструктурасын ондоо үчүн.

 

 

224000

6

Райондук жайыт ассосациясы үчүн төлөм

 

 

6000

7

Жайыт комитетинин резервдик фонду

 

 

20000

8

Жергиликтүү бюджетке чегерүү

 

 

140000

 

жалпы  :

 

 

656020

                                                                                                                                                                                                     Жайыт комитетинин сметасы     № 3 тиркеме

Чыгымдардын аталышы

Жалпы 2022

                      Квартал

1

2

3

4

1

Эмгек акы

 

180000

45000

45000

45000

45000

2

Соц.фонд төлөмдорү

31050

 

8000

11000

12050

3

Башка чыгымдар: ГСМ,сапар  ж.б

38000

5000

11000

11000

11000

4

Телефон жана конц.чыгымдар

6970

1700

1800

1800

1670

5

Машинаны ремонттоого

10000

 

 

 

10000

6

Жайыт инфраст. ондоо үчүн

224000

 

150000

740000

 

7

Райондук жайыт ассосациясы үчүн

6000

 

 

   6000

 

8

Жайыт комитетинин резервдик фонду

20000

 

 

 

20000

9

Жергиликтүү бюджетке чегерүү

140000

 

 

 

140000

 

жалпы:

 

656020

51700

215800

148800

239720

Зергер жайыт комитетинин төрагасы                              К. Маматалиев

 

 

 

Зергер айылдык кеңеши  Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы  кезектеги сегизинчи  сессиясы 

ТОКТОМ

“25”февраль 2022-жыл                    №33                            Кайрат айылы.

Зергер айыл аймагында ветеринардык кызмат көрсөтүү төлөмдөрүнүн өлчөмүн бекитүү жөнүндө

    «Айыл суу чарба өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика маселелери»  боюнча туруктуу комиссиянын сунушун жана Зергер айыл өкмөтүнүн ветеринария боюнча башкы адиси Жуманалиев Мамадаалинин билдирүүсүн угуп,талкуулап чыгып Зергер айылдык Кенешинин кезектеги  сегизинчи сессиясы  токтом кылат:

1.Мал жандыктардын (бир башына эмдөө) ветеринардык кызмат көрсөтүү төлөмдөрү төмөндөгүдөй өлчөмдө жүргүзүлсүн:

-Кара мал,жылкынын  бир башына - 50 сом.

-Кой-эчкинин бир башына- 20 сом.

-Ит мышыктын бир башына - 100 сом.

2.Мал жандыктардын бир башынан кан алуу  төлөмдөрү төмөндөгүдөй өлчөмдө жүргүзүлсүн:                                                                                                                                                          

-Кара мал,жылкынын  бир башына - 50 сом.                                                                                                                                     

-Кой-эчкинин бир башына- 20 сом.                                                                                                                                                     

3.Жолбун ит мышыктарды,жапайы  жырткыч жан-жаныбарларды атууга  бир башына (ок дары, транспорт чыгымдары ичинде) төлөмдөр төмөндөгүдөй өлчөмдө жүргүзүлсүн:                                                          -Бир баш итке-250 сом;                                                                                                                                                   

-Бир баш карышкырга-6000 сом;                                                                                                                                   

-Бир баш бөлтүрүкө-1500 сом;                                                                                                                                                    

 -Бир аш чөбөрүгө-2000  сом.

4.Жылкыларга чип басуу бир башына 150 сом,анын ичинен :чиптин наркы 80 сом,кызмат акысы 70 сом.

5.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу  жагы Зергер айыл өкмөтүнүн ветеринария боюнча башкы адиси Жуманалиев Мамадаалига  милдеттендирилсин.

6.Токтомдун аткалышын көзөмөлдөө жагы «Айыл суу чарба өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика маселелери» боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

         

 

           

  Төрага                                  Б.Келдибаев     

 

 

 

 

  Зергер айылдык кеңеши   Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы  кезектеги сегизинчи   сессиясы                                                                                                                                                             

ТОКТОМ         

“25”февраль  2022-жыл             №34                          Кайрат айылы.

  Зергер  айыл өкмөтүнүн аймагындагы КБФнын эсебиндеги  жерлердин аренда акысын аныктоо жана таштанды чыгаруу салыгын   бекитүү жөнүндө 

 Зергер айыл өкмөтүнүн киреше салык  маселелери  боюнча башкы адиси  Ш.Жаманкуловдун билдирүүсүн угуп  талкуулап чыгып Зергер айылдык кеңешинин кезектеги  сегизинчи сессиясы токтом кылат:                                                                                                        

1.Зергер айыл өкмөтүнүн аймагындагы КБФ нын эсебиндеги  1,0 га жер  аянттарынын  баштапкы аренда баасы ( жер салыгы жана соцфонд төлөмү ичинде) төмөнкү өлчөмдө бекитилсин:               

-Шалы                        -10 000 сом;                                                                                                                                   

-Сугат айдоо             -2177 сом;                                                                                                                   

-Кайрак айдоо жер    -1200 сом;                                                                                                                               

-Чөп ормо                  -1000 сом.                                                                                                                                    

2.Зергер айыл өкмотүнүн жергиликтүү бюджетинин салык боюнча тарифи:                                                                                       

-Таштанды  чыгаруудан алынуучу салык-25 сомго                                                                                                                   

  -КР салык кодексинин 403 беренсине ылайык айыл чарба  багытындагы  эмес   жер салыгы үчүн зооналдык коефиценти 1,0 өлчөмүндө бекитилсин.                                                                                   3.КР салык кодексинин №410-411- беренелеринин негизинде:                                                                                                

-Улуу Ата мекендик  согуштун катышуучулары,Афган жана башка өлкөлөрдогү согушка катышкан  аскер кызматчылары, Чернобыль АЭСиндеги аварияга катышкандар, бала чагынан майыптар,  1-2 –топтогу  майыптар;                                                                                                                                                                 

-Кызматтык милдетин аткарууда курман болгон же дайынсыз жок болгон  аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин  үй-бүлө мүчөлөрү,анын ичинде эрезеге жеткенге чейинки балдары;                                                                                                                          

-Пенсиялык куракка жеткен  Кыргыз Республикасынын жараны,эрезеге жете элек 4 жана андан ашык балдары бар жеке адамдар үй жанындагы короо жай жана багбанчылык  жер участогунун салыгынан салык кодексинин  негизинде бошотулсун.                                                                         

4.Зергер айыл өкмөтүнүн карамагындагы токойлордон тазалоо маалында отундун, шакчанын бир кубасына  төлөнүүчү тарифи: деловой отундун бир кубасы 1000 сом,  шакчанын бир кубасы -500 сом өлчөмүндө бекитилсин.                                                                                                 

5.Токтомдо белгиленген салык төлөмдөрүнөн бошотулган тургундардын  толук тизмегин тактап чыгып,бекитүү  айыл өкмөтүно тапшырылсын.                                                                                                                                    

6.Токтомдун аткалышын көзөмөлдөө жагы «Айыл суу чарба өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика маселелери» боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

 

Төрага                                   Б.Келдибаев

 

Зергер айылдык кеңеши     Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы  кезектеги сегизинчи   сессиясы

“25”февраль  2022-жыл                           №35                          Кайрат айылы.

  Жайкы жайытка мал жандыктарды көчүрүү,көчүрүп келүү мөөнөтүн бекитүү  жөнүндө

      Зергер айылдык кенешинин кезектеги  сегизинчи сессиясы “Айыл суу чарба өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика маселелери» боюнча туруктуу комиссиясынын   жайкы жайытка мал жандыктарды көчүрүү,көчүрүп келүү  жана дыйкандардын  эгинин мал жандыктардан коргоо   жөнүндө сунушун угуп талкуулап  чыгып  токтом кылат:

1.Жайкы жайытка мал жандыктарды көчүрүү мөөнөтү 2022-жылдын 15-апрелине,көчүрүп келүү мөөнөтү 15-сентябрга белгиленсин.                                                                                   

2.Белгиленген мөөнөттө көчүрүлбөгөн  же көчүрүлүп  келген мал жандыктардын ээлерине  жазана салуу  айыл өкмөтүнүн  “Бузуулар жөнүндө иштерди кароо комиссиясына”жана айыл өкмөтүнө  милдеттендирилсин.                                                                                                         

3.“Бузуулар жөнүндө иштерди кароо комиссиясына” баардык методикалык,юридикалык укуктук иш кагаздары менен  жана алардын толук кандуу иштешине  материалдык,техникалык жактан камсыз кылуу жагы айыл   өкмөтүнө жүктөлсүн.

4.Токтомдун аткалышын көзөмөлдөө жагы «Айыл суу чарба өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика маселелери» боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

 

         

 Төрага                                    Б.Келдибаев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

          

Зергер айылдык кеңеши

Зергер айылдык кеңешинин ( 7- чакырылыштагы ) кезектеги  сегизинчи сессиясы

т о к т о м

25-февраль 2022-жыл                №36                          Кайрат айылы

Султаназаров Арапбайга Зергер айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө

 

   Токтогул айылынын  2022-жылдын  24-январындагы   жалпы элдик жыйынынын   Султаназаров Арапбайга Зергер айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу                                   жөнүндө сунушун  карап,талкуулап чыгып  Зергер айылдык кенешинин кезектеги   сегизинчи сессиясы  токтом кылат:

1.Зергер айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өсүп  өнүгүүсүнө   кошкон салымы  үчүн Султаназаров Арапбайга   Зергер айыл аймагынын «Ардактуу атуул» наамы берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 Төрага                                      Б.Келдибаев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 Зергер айылдык кеңеши  Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы  кезектеги сегизинчи   сессиясы

“25”февраль  2022-жыл                           №37                         Кайрат айылы.

  Жергиликтүү бюджеттин кээ бир статьяларын каржылоого алуу  жөнүндө

      Зергер айылдык кенешинин кезектеги  сегизинчи сессиясы “Айыл суу чарба өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика маселелери» боюнча туруктуу комиссиясынын  айыл чарба багытындагы жерлерди которуу (трансформациялоо) маселеси чечилгенге чейин акча каражатын кармап туруу жөнүндө сунушун угуп талкуулап  чыгып  токтом кылат:

1.Зергер айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2022-жылдын 1-январына  калган калдыгы 612,2 мин сомго белгиленсин.ЖКХ  тармагынын 2215 статьясына 560,0 мин сом жана билим берүү тармагынын 2222 статьясына  52,2 мин сом каржылоого алынсын.                                                                                                                                                                                     

2.Токтомдун аткалышын көзөмөлдөө жагы  “Финансы,экономика,бюджет экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери” жана «Айыл суу чарба өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика маселелери» боюнча туруктуу комиссияларына  милдеттендирилсин.

 

         

 

 Төрага                                    Б.Келдибаев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Зергер айылдык кеңеши

Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы  кезектеги сегизинчи   сессиясы

ТОКТОМ

“25”февраль  2022-жыл                   №38                            Кайрат айылы.

Алтыбай,Токтогул ички каналын областык өнүгүү фондунун эсебинен тазалоого макулдук берүү жөнүндө

  Зергер  айылдык кеңешинин кезектеги сегизинчи сесссиясы  Алтыбай,Токтогул ички каналын областык өнүгүү фондунун эсебинен тазалоого макулдук берүү берүү жөнүндө Зергер айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мусурманкуловдун сунушун  угуп  талкуулап чыгып  токтом  кылат:

  1. Зергер айыл аймагындагы Алтыбай,Токтогул ички каналын областык өнүгүү фондунун эсебинен латок коюп ондоого макулдук берилсин. 2.Айыл өкмөтүнө  Алтыбай,Токтогул ички каналын латок коюп ондоодо  Ош областык өнүгүү фондунун талаптарына ылайык иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл -суу чарба, өнөр-жай,курулуш, транспорт, энергетика маселелери” боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага                                      Б.Келдибаев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 Зергер айылдык кеңеши                                                                                                                                    

 Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы  кезектеги сегизинчи   сессиясы

“25”февраль  2022-жыл                           №39                          Кайрат айылы.

  Жазгы талаа иштерине айыл чарба техникаларынын кызмат акыларын  бекитүү  жөнүндө

      Зергер айылдык кенешинин кезектеги  сегизинчи сессиясы “Айыл суу чарба өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика маселелери» боюнча туруктуу комиссиясынын  жана айыл өкмөтүнүн жазгы талаа иштерине айыл чарба техникаларынын кызмат акыларын  бекитүү  жөнүндө сунушун угуп талкуулап  чыгып  токтом кылат:

  1. Жазгы талаа иштерине айыл чарба техникаларынын кызмат көрсөтүү акылары 1,0 га жер аянтына төмөнкү өлчөмдө бекитилсин: айдап себүү -5530 сом, анын ичинен жер айдоо -3730 сом,малалоо-1800 сом,чөп оруу  -2920 сом,чөп тырмоо -1500  сом,чөп тангактоо  (бир даанасы)  -16 сом,комбайн менен эгин чабуу - 4500  сомго бекитилсин.                                                                                                                                                                  

2.Айыл өкмөтүнө бекитилген  кызмат акысын менчигине карабастан баардык айыл чарба техникаларынын ээлерине жеткирүү милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткалышын көзөмөлдөө жагы «Айыл суу чарба өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика маселелери» боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

 

         

 Төрага                                    Б.Келдибаев

 

 

 

 

 

 

 

Зергер айылдык кеңеши

Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы  кезектеги сегизинчи   сессиясы

ТОКТОМ

“25”февраль  2022-жыл              №40                            Кайрат айылы.

Кутурган айылынын элдик жыйынынын протоколдук сунушун кароо жөнүндө

        Зергер  айылдык кеңешинин кезектеги сегизинчи  сесссиясы Кутурган  айылынын 2022-жылдын 2-февралындагы  элдик жыйынынын протоколдук сунушун карап талкуулап чыгып  токтом  кылат:

1.Кутурган  айылынын  Катар участкасындагы мечит “Хамд Фовад Аббас мечити” деп аталсын.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика» боюнча туруктуу    комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага                                      Б.Келдибаев

p class=params-