Салам-Алик айылдык кеңешинин 7- чакырылышынын кезексиз 26-сессиясынын

 

                                                      ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 27-декабрь                   № 183                                Салам-Алик айылы                                              

“АБКЕ” ЖЧК көмүр ишканасына Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Дөбө участкасынан жеңил конструкциядагы курулуш курууга жана көмүр сактоочу жай үчүн жер аянтын убактылуу бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө    

                                         

                                                                    

     “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, “АБКЕ” ЖЧК көмүр ишканасына Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кара-Дөбө участкасынан жеңил конструкциядагы курулуш курууга жана көмүр сактоочу жай үчүн жер аянтын келишимдин негизинде убактылуу бөлүп берүү боюнча Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыевдин маалыматына ылайык Салам-Алик айылдык кеңеши

 

                                                    ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

  1. “АБКЕ” ЖЧК көмүр ишканасына Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кара-Дөбө участкасынан жеңил конструкциядагы курулуш курууга жана көмүр сактоочу жай үчүн убактылуу 1,0 (бир) га жер аянтын келишимдин негизинде бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

     Жогорудагылардын негизинде Кара-Дөбө участкасынын 1(бир) га жер аянтында көмүр сактоочу жерге уруксат берүү менен бирге төмөнкү шарттарды аткарууну милдеттендирет:

  1. Долбоордун (проекттин) негизинде экологиялык, суу жана жаратылыш коопсуздугун сактоо менен иш жүргүзүлсүн.
  1. Уруксат берилген жер аянтына тиешелүү кызматтардан корутунду алып, иш алынып барылсын.
  1. Жер салыктарын өз убагында төлөө, келишимдин негизинде соц.пакеттерди жана башка төлөмдөрдү төлөп туруу милдеттендирилсин.  
  1. Иштерди жүргүзүү убагында тиешелүү техникалык жана экологиялык эрежелери так сакталсын.
  2. Айыл аймагында өтүлүүчү коомдук иштерге активдүү катышуу жана көмөк көрсөтүү иштерин алып баруу жүктөлсүн.

 

  1. Бул токтомдон келип чыккан иш-аракеттерди камсыз кылуу жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер жана жерге жайгаштыруу, турак жай, комуналдык менчиктери боюнча башкы адиси Ж.Нуралиевке тапшырылсын.

3.Токтомду аткарууну көзөмөлгө алууну Салам-Алик айылдык кеңешинин экология, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, транспорт, энергетика тармактары боюнча

туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 Төрайым                                                                                                        Б.М.Калмурзаева

                                                        

 

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 26-сессиясынын

 

                                                   ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 27-декабры             № 184                                             Салам-Алик айылы                                              

            15 жаш айылындагы маркумдарды коюучу мүрзө жайга машина 

                              баруучу эски жолду калыбына келтирүү жөнүндө

 

  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык,  15 жаш айылындагы маркумдарды коюучу мүрзө жайга машина баруучу эски жолду калыбына келтирип, жаңылап жол салуу жөнүндөгү 15 жаш айылынын элдик жыйынынын 2023-жылдын 13-декабрындагы № 7-токтомуна ылайык, Салам-Алик айылдык кеңеши

 

                                                    ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

  1. 15 жаш айылынын Жылтыркан участкасындагы маркумдарды коюучу мүрзө жайга баруучу 600 (алты жүз) метр аралыктагы машина баруучу эски жолдун нугун калыбына келтирип, жаңылап жол салууга уруксат берүү жагы тиешелүү мамлекеттик кызмат органдарынан суралсын.
  2. Бул токтомдон келип чыккан иш-аракеттерди аткарууну камсыз кылуу жана мыйзам талаптарына ылайык келтирүү жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, комуналдык менчиктери жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Ж.Нуралиевке тапшырылсын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш,  энергетика тармактары боюнча Салам-Алик айылдык кеңешинин туруктуу  комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрайым                                                                                                         Б.М.Калмурзаева

 

 

 

 

 

 

p class=params-